Себеби ар бир окуяны, ар бир майда-чүйдөнү Аллах билип турат. Ар бир окуя өтө кылдат бир план менен Аллахтын чексиз акылы жана даанышмандыгы менен жаратылган.
Адамдын бутуна чачыраган бир ылай тамчысынан жарылган бир дөңгөлөккө,
теридеги бир бырыштан, бир ооруга же оңунан жүрбөй жаткандай көрүнгөн бир ишке, жазылган бир тексттен кичинекей бир сөзгө чейин бүт баарын атайын бир план менен Аллах адамдын алдынан чыгарат.
Адам бул дүйнөгө келгенден баштап анын башына келген жакшы же жамандай көрүнгөн бүт окуяларды Аллах жаратууда. Жашоону толугу менен жер жүзүнүн жалгыз өкүмдары болгон Аллах контрольдоп турат. Аллах кемчиликсиз, терең максат менен жана эң сонун кылып жаратуучу. Бул – Улуу Аллах жараткан тагдыр; Аллах жараткан тагдырдагы окуялардын арасынан бир бөлүгүн бөлүп бир тарапка коюп, аларды жакшы, калгандарын болсо жаман дегенге болбойт. Демек адам бул кемчиликсиздикти көрүп түшүнүп, Аллахтын акылынын эң кемчиликсиз натыйжаларды жаратаарын билип, ар бир окуяны жакшылыкка жорушу зарыл. Себеби Аллахка ыйман кылган жана ыйманы менен ар бир окуяны жакшылык көзү менен карап, жакшылыкка жоруган бир адам дүйнөдө да, акыретте да дайыма жакшылыктарга жолугат.

Пайдалуу маалыматтар экен! Бирок Аллахтын акылы деп айтканга болбойт! Аалымдар минтип айтууну куфр дешкен. Мисалы имам ан-Насафий өзүнүн тафсиринде ошентип айткан. Андан башка да аалымдар ушинтип айтышат. Акыл инсанга тиешелүү сыпат. Аллах Таала махлуктардын сыпаттарынан аруу! Анын эч бир сыпаты махлуктардын сыпаттарындай эмес жана махлуктардын эч бир сыпаты Аллахтын кайсы бир сыпатына окшобойт!
Ошондуктан Аллахка карата акылдуу деген сөздү эмес, илимдүү, баарын билүүчү деген сөздөрдү колдонуу керек. Анткени акыл - бул, бир канча нерсени анализдеп, анын туурасын билүүгө же туура түшүнүүгө аракет кылуу жөндөмдүүлүгү. Аллах Таала антип анализдөөгө муктаж эмес, Ал ансыз деле баарын билет!

Супер-Инфо
super.kg
видео