Эми жакынкы арада УКК же башка күч органдары сырттан (РФ, АКШ же Европа Биримдиги ж.б.) "Терроризмдин алдын алуу, ага каршы туруу" деген сыяктуу аталыштагы программанын алкагында жүрүүчү иш-аракеттерге каражат алынуусу болот. Ушул жагын журналисттер иликтеп,
жарыяласа жакшы болмок. Акылы ордунда болгон адамга көрүнүп эле турбайбы мунун баары илгертен эле пландаштырылганы.
- (2 )
-
- 1
- 2
"Жайшуль Махди" - бул эмне?
#22 02 November 2015 - 08:53
Эми жакынкы арада УКК же башка күч органдары сырттан (РФ, АКШ же Европа Биримдиги ж.б.) "Терроризмдин алдын алуу, ага каршы туруу" деген сыяктуу аталыштагы программанын алкагында жүрүүчү иш-аракеттерге каражат алынуусу болот. Ушул жагын журналисттер иликтеп,
жарыяласа жакшы болмок. Акылы ордунда болгон адамга көрүнүп эле турбайбы мунун баары илгертен эле пландаштырылганы.
Акча үчүн ушунча адамды кыюу керек беле? Бир аз логикага сыйбайт... Биз анчалык деңгээлге өсүп жете элекпиз.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#23 03 November 2015 - 23:37
Акча үчүн ушунча адамды кыюу керек беле? Бир аз логикага сыйбайт... Биз анчалык деңгээлге өсүп жете элекпиз.
Негизи биздин мамлекеттин жасаганын логика менен ченеп болбой калды сыяктанат. Бул ата-энесинин кайрылуусун окусаңыз качкан балдардын бирөөсүнүн:
Айланайындар окугулачы журок ыйлайт,сыздайт.
Кыргыз Республикасынын ажосу
Урматтуу Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке, жаны чогулган депутатарга, Башкы прокурор Индира Жолдубаева айымга,жалпы калайык Кыргыз элибизге:
КАЙРЫЛУУ! !!
Урматуу Алмазбек Шаршенович!
Сизди терен урматтап ушу карангы тун башыбызга тушкондо бир сизге гана болгон ишенимди алаканыбызды салып сизге кайрылып турган кезибиз.Сиз ажоо болгондо,сиз менен кошо карапайым элге ырыскы келди деп суйунуп уй булобуз менен кошо кубанып чуркадык эле.Бугун журогубуз автоматтын 2 магазин огуна толуп баш которо албай турган кезибизде,Эл атасы катары сизге таазим кылып кайрылабыз.
Биз кармоо учурунда окко учкан курмандыкка чалыган жападан жалгыз кучугубуз,эзилип турган боорубуз, тал чыбыктай сынган таалайыбыз Мусуралиев Азаматтын ата энеси, Каракол шаарынын тургунубуз. Сизге белгилуу болгондой 2015жылдын 11-12 октябрга караган туну
Ылдыйкы-Норус айылында жайгашкан СИЗО-50дон кылмышкерлердин качуусу болгон. Алардын арасында менин да балам Мусуралиев Азамат болгон.20 октябрь куну милиция кызматкерлери тарабынан кармап колго тушуруу операциясында балабызды карап турган карапайым эл алдында атылып мыкаачылык менен олтурулду. Азаматыбыз балдардын мыктысы деп картан чон апасын багып чонойткон.Ал Орусияда жана да жакшы жерлерде иштеген ак конул кулунубуз эле. Бизге анын камакка алынганын бир да адам жеткизген эмес.Эгер уксак келип камалган жеринде озубуз куну туну турбайт белек.Каргашалуу кабар болгон окуяны телевизордон коруп журогубуз жарылды.
Биздин билишибиз боюнча аргасыз, жадакалса курсагын тойгуза албай жарадар болгон Азамат жергиликтуу элден нан сурап жургон.Коргон элдин айтуусу боюнча биздин балабыз Мусуралиев Азаматты кармоо жана колго тушуруу операциясында АВТОМАТТЫН 2 МАГАЗИН ОГУН кетиришкен. Анын тогузо биздин балабыздын дал жагына тийген.Он бири журогуно кирген.Балабыздын бир дагы мумкунчулугу тируу калууга болгон эмес,анткени аны кармаган
канкор укук коргоо органдары тируу кармап алууга максат койгон эмес.Анча ок эмес бироо болсо да алмак жанын.Коргон элдин айтуусу боюнча балам бочканын ичинде бекинип жаткан, озу колго тушуу аракетин кылган,колун ойдо которгон, бирок баары бир атып ташташкан «СОБР»кызматкерлери. Анысы аз келгенсип балабызды ок атып тийбей, жерге
жыгылган сон дагы ок атышкан. Денесинде он бир атылган октун тешиги турат. Биз анын баарын телевизордон, интернет булактарынан коруп дене боюбуз орттонуп,эмнеге балабыз мене кошо оо дуйного кетпедик деп кейип отурабыз.Азамат биздин уй-булообуздун жалгыз уулу, жалгыз жанып
турган чырагы эле, чырагыбыз очуп томсоруп карыганда эмне
кыларыбызды билбей олтуруп калдык. Бул омурду балабыз учун суруп келдик, эми бей куноо соттоло элек , кылмышкер деген чечими жок балабыздан да айрылдык, жок дегенде бир жыттап,жараттарын колубуз менен сылап, чачыраган балабыздын денесин акыркы сапарга узатсак
деген гана тилекте алдынарга жыгылып жатабыз, куноосу болсо да болбосо да. Биз учун балабыздын соогу гана эмес, ошол жерде канга малынып жерде жаткан балабыздын футболкасы да,каны синген кара жер да баалу. Жалгыз БОТОБУЗДАН артык эмне бар эле?20 октярбрь кунуно
чейин Азыр биздин кыйрылбаган, барбаган, умуттонгон бир дагы жерибиз калган жок. Биз Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына да, ички иштер министрине да, улуттук коопсуздук комитетине да, жада калса кошконул оз жарандарын атып жатканда бир эле соз токтоткула, ошолордун ата энеси бир туугандары , жолоктору бар беле.чакыргыла чыркырап теле ден суранышып жатат, деги соттолгону эмнеде? деп сурабаган премьер министрге да ишеничибиз калган жок.
Бир гана ишенич сизде, анткени сизди адилеттуу, мыйзамды
коргогон, карапайым элдин коргоочусу деп билебиз. Кылмыш ишинин материалдарынан белгилуу болгондой менин балам Чуй облустук соттун имаратынан кирип номер 71-11-62 мародерлордун сандуу кылмыш ишин уурдады деп айыпталган. Алгач менин баламды Свердлов райондук соту
камакка алуу чарасын колдонуп СИЗО-1 камака чыгарып алыптыр,негедир бизге белгисиз себептер менен СИЗО-50 которулуптур. Балабыздын кармалганын, камака алынуусун, СИЗО-1ден СИЗО-50 которгонун бизге билдируу берилген эмес. Балабыз буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес, 5 августта биринчи жолу абака
камалыптыр. Менин баламдын иши боюнча соттун кунолуу же кунолуу эмес деген чечими чыга элек болгон. Азаматтын экстримисттик жана террористтик уюмдарга тиешеси бардыгы жонундо эч бир маалыматмжок .Эрматов деген бала тергептир. Ошо тергоочуну козуно карап бир коргубуз келет, энесидеги бар бекен?Балабыздын соогун бергиле деп бир нече жолу укук коргоо органдарына кайрылдык.
Кыргыз Республикасынын «терроризмге каршы аракеттенуу
жонундо» мыйзамынын 36 беренесине ылайык «Террористик актыга бөгөт коюу учурунда өлгөн террористтерди көмүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. Мында алардын сөөгү көмүү үчүн берилбейт жана кайсы жерге көмүлгөнү тууралу маалымат билдирилбейт» соогун бербей жатышат. Мыйзамдын маани-мазмунунан
адвокаттар корсоткондой террористтик акт - кылмышты түздөн-түз жасоо же болбосо төмөнкү түрдө чогуу же өз-өзүнчө көрүнгөн террористтик мүнөздөгү кылмыштар:
жардыруу, өрт коюу, жардыруучу түзүлүштөрдү, радиоактивдүү,
биологиялык, химиялык жана башка ууландыруучу заттарды колдонуу же колдонуу коркунучу;
жер, суу жана аба транспорттук каражаттарын басып алуу, айдап качуу, зыян келтирүү, жок кылуу;мамлекеттик жана коомдук ишмердин өмүрүнө кол салуу, адамдарды
туткундап алуу жана (же) барымтада кармоо;
техногендик мүнөздөгү авариялар жана кыйратуулар үчүн шарт түзүү жолу менен белгисиз чөйрөдөгү адамдардын өмүрүнө, саламаттыгына же мүлкүнө зыян келтирүү коркунучун түзүү, болбосо мындай коркунуч түзүүнүн
чыныгы опурталдуулугу; кандай гана формада жана кандай гана каражаттар болбосун террористтик мүнөздөгү коркунучтарды таратуу;Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана эл аралык
укуктун ченемдери менен жалпы таанылган террористтик мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо; - деп тушунсо болот деп жатышат .Бул мыйзмада корсотулгон кылмыштуу кыймыл аракеттирди жасаган эмес. Менин балам
СИЗО-50до абакта отурган кезинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 336 беренесине ылайык Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу кыймыл-аракетин гана жасаптыр.Биздин балабызды буткул кыргыз элине экстремист, канкор-террорист кылып корсоттуу бул накта кылмыштын ишин туп тамыры менен жоготуу,жана да милиция кызматкерлердин айласыздан башчыларын чечими аткарган
мажбур болгон изди жабуу гана кылып жаткан жалган аракет . Менин баламдын жасаган аракети террористтик деп табылган жок. Кайсы жерде жардыруу болуп жатканда атылды.
Урматуу Алмаз Шаршенович, сиздин Манас атабыздын туусун
которуп айколдук ото бийик бааларынызды терен урматтап, койнунузда кучактап жаткан балдарыныздын жытын эстеп, туптон чыккан аталык сезиминиз менен бизге таянып тура турган куч болуп берсе деген тилегибиз менен гана ойдодо келтирилген фактылардын негизинде, сизден жалгыз ботодой боздоткон карегим ботом, балам Мусуралиев Азаматтын жараланган денесин гана беруусун суранабыз. Олгону олду, эчкимди куноолой турган алыбыз калган жок.Жараткан Алла ар бири бизди озу кечирсин!
Мусралиев азаматтын
80деги Чон Энеси жана
Атасы,Апасы
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#24 04 November 2015 - 01:15
Жайшуль Махди бул террористтик уюм. Кенжегулов Бакыт жана Эдил Абдрахманов ушул уюмдун активдуу мучолору экенине далилим бар. Бул экоо тен мага Док Умар жана Саид Бурятский жонундо и жихат туурасындагы видеоматериалдарды флешкадан корсотушкон.
Анан оло беррилип даават кылышкан. Мы войны Аллаха деп аташат оздорун. Булардын башчысын Амир деп аташат экен атын сурасак айтпай коюшкан. Экоо тен 2013-жылы 18-июлда омур бою эркинен ажыратылышкан.
Жалпысы 16 террорист бир кундо соттолгон. Учоо пожизненно.
#25 04 November 2015 - 02:31
Жайшуль Махди бул террористтик уюм. Кенжегулов Бакыт жана Эдил Абдрахманов ушул уюмдун активдуу мучолору экенине далилим бар. Бул экоо тен мага Док Умар жана Саид Бурятский жонундо и жихат туурасындагы видеоматериалдарды флешкадан корсотушкон.
Анан оло беррилип даават кылышкан. Мы войны Аллаха деп аташат оздорун. Булардын башчысын Амир деп аташат экен атын сурасак айтпай коюшкан. Экоо тен 2013-жылы 18-июлда омур бою эркинен ажыратылышкан.
Жалпысы 16 террорист бир кундо соттолгон. Учоо пожизненно.
Жайшуль Махди деген бул шииттердин уюму деп мамлекет маалымат берип жатат, биздин муфтият да ошентип жатат. Токон Мамытов бир интервьюсунда "булар жада калса суннизимден шииттерге кетип келесоо болгон" деген сынарда айтканы бар. Сиз болсо алар Саид Бурятскийдин жактоочулары болгон деп жазып жатасыз. Ушул жерден бир нерсе такыр окшошпой жатат да. Саид Бурятский шииттерди каапыр деп алардан катуу эскертип келген адам болгон. Кавказга кеткенге чейин ал илим талап кылгандардын арасында Саид Абу Саад деген ат менен таанымал болуп шииттерге каршы көп макалаларды жазып, дарстарды өткөн. Интернеттен Саид Абу Саад "Шииты и их преступления" деп издесеңиз анын шииттерге каршы болгон белгилүү дарсын уга аласыз. Анан кантип Саид Бурятскийдин жактоочулары шииттик уюмдун мүчөсү болуп алышкан? Ушу нерсе мени абдан кызыктырып жатат. Түшүнүктүү болусуу үчүн Россиянын белгилүү оппозиционери болгон Навальныйдын жактоочулары путиндик "Единая Россиянын" мүчөсү болуп алган дегендей кеп болуп жатат. Навальный болсо ар кайсы жерде Единая Россияны "партия воров и жуликов" деп кыйкырып жүргөнү жүргөн.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#26 06 November 2015 - 21:09
Юсуф Муслим. Менин жазган билдируумдо жактоочусу деген жерим жок го. Флешкадан корсотту видеоматериалдарды деп жаздым.Террорист эмес дегени турасызбы буларды созунуздон байкашымча?
Спорт сарайдын жанын жардырган,паспортун текшерген учурда участковыйларды атып олтургон,колго тушуруу маалында Арашанда спецназды олтургон,американецти тоноп ренж роверин угондоп ага бомба орнотуп УВД нын алдына койгондо кинологдор таап жок кылды.Эми сизге кандай далил керек?Случайно Жайшул Махдинин мучосу эмессизби???
#27 07 November 2015 - 11:50
Юсуф Муслим. Менин жазган билдируумдо жактоочусу деген жерим жок го. Флешкадан корсотту видеоматериалдарды деп жаздым.Террорист эмес дегени турасызбы буларды созунуздон байкашымча?
Спорт сарайдын жанын жардырган,паспортун текшерген учурда участковыйларды атып олтургон,колго тушуруу маалында Арашанда спецназды олтургон,американецти тоноп ренж роверин угондоп ага бомба орнотуп УВД нын алдына койгондо кинологдор таап жок кылды.Эми сизге кандай далил керек?Случайно Жайшул Махдинин мучосу эмессизби???
Айтайын дегенимди жакшы түшүнбөй калыпсыз. Алар эгер Жайшуль Махдинин мүчөсү болсо анда Саиддин шакирти болбошу керек. Эгер алар Саиддин шакирти болсо алар Жайшуль Махдинин мүчөсү болбошу керек. Ушул эки, алар, тууралуу айтылып жаткан аныктаманын бирөөсү чындыкка коошпогонун айтайын деп жатам.
Ал эми террорист дегениңизге алардын ошол соттологон кезиндеги адвокаты болгон Акин Токталиевдин жазган сөздөрүн жаза кетейин
"СОТТОЛГОНДОР ЭКТРЕМИСТ ЖАНА
ТЕРРОРИСТ ДА БОЛГОН ЭМЕС!
Он чакты адвокаттар, укук коргоочулар Бишкек шаарынын Октябрь районунун сотуна жана Бишкек шаарынын сотуна катышып, бизде так маалымат болгон, кимиси кандай бандиттик кылмыш иш жазагандарын.
Соттор мыйзам чегинен чыгышып, саясий заказ аткарышып, адилетсиздик менен соттоп коюшту диний экстремизм, терроризм деген беренени колдонушуп.
Булардын арасында бир дагы экстремист жана террорист жок, жардурууну да уюштурган эмес, булар жөнөкөй эле бандидтик жана каракчылык кылмышкерлер эле болушкан.
Бул бандиттер "Жайшул Махди" террордук уюмунун активдүү мүчөлөрү болгон да эмес, болгону капысынан уюшкан бандидтик гана топ болушкан, киши өлтүрүп - тоношуп.
Эгер алар "Жайшул Махди" уюмда турган болсо, анда сот залынан эле "достору" күч колдонуп бошотуп алышмак, себеби кайтарган милициясы да өтө аз эле болучу, сот залынан жайбаракат алып кетип, кетип турушкан.
Жада калса, бул уюшкан кылмышкер тобу, адвокаттарга эмгек акысын да толоп бере алышкан жок, кайта биз адвокаттар үй бүлөсүнө колубустан келишинче жардам көрсөтүп бердик.
Буларды эчким сыртан каржылап, абактан качырган жок жана качырбайт да, себеби "Жайшул Махди" террордук уюмунун активдүү мүчөлөрү болбогондуктан, алар бандит - каракчыларды колдобойт.
Качып кеткендердин эң чоң себеби, түрмөдө тартип жоктугунан жана кызматкерлер өз иштерине шалакылык мамиле жазандыктан гана болгон окуя.
Бийлик көрүнгөндөрдү түрмөнүн жетекчилигине билимине, тажрыйбасына карабай коррупция жолу менен алып келишип, ушундай жыйынтыкка кептелди."
Мен болсо эч убакта Жайшуль Махдинин мүчөсү болобойм, себеби биздин бийликтегилерге ишенсек алар шииттик террористик топ, а мен болсо сүнөт элдеринин мүчөсүмүн жана шииттердин уюмуна мүчө болуп каапыр болгум келбейт.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#29 09 November 2015 - 19:26
Юсуф Муслим мен сизге окшоп маанилуу кылып же коркомдоп жазалбашым мумкун бирок мен эч убакта далили жок жазбайм. Алар менен бир сапка туруп да намаз окуп коргонмун ошндо кордум такыр башкача окушат экен. Мен аларды террорист деп айткан оюмдан эч качан кайтпам.
#30 09 November 2015 - 19:49
Юсуф Муслим мен сизге окшоп маанилуу кылып же коркомдоп жазалбашым мумкун бирок мен эч убакта далили жок жазбайм. Алар менен бир сапка туруп да намаз окуп коргонмун ошндо кордум такыр башкача окушат экен. Мен аларды террорист деп айткан оюмдан эч качан кайтпам.
Кайсы бири менен намаз окуп коргонсуз?
Намазды кантип окушун суроттоп бере аласызбы?
#31 09 November 2015 - 19:59
Юсуф Муслим мен сизге окшоп маанилуу кылып же коркомдоп жазалбашым мумкун бирок мен эч убакта далили жок жазбайм. Алар менен бир сапка туруп да намаз окуп коргонмун ошндо кордум такыр башкача окушат экен. Мен аларды террорист деп айткан оюмдан эч качан кайтпам.
Сизди эч убакта кайт дей албайм, өз эркиңиз кайтасызбы жокпу. Мен болгону бул окуядагы коошпогон кээ бир учурлары тууралуу гана сөз кылдым. Ал эми намазда имам Шафии мазхабы башкачаарак, имам Малик мазхабындагы адамдар кичине бизден, ханафиттерден, башкачарак окушат. Кокус аларга мечиттен жолугуп калсаңыз аларды "террорист" деп чочуп жүрбөңүз. Намаз окуп жүргөн адамдар бул айырмачылыктарды жакшы билишет, ошол себеп ага маани бербейт, ким кайсы мазхабдын тартибине ылайык намаз окуп жатканына.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#32 20 November 2015 - 16:07
Бирөөлөр бул иштин ачыкталышын такыр каалабай жатат. Көп нерсени билген жана көп маалыматты ачыктай алган №50 СИЗОнун мурунку начальниги бүгүн асынып өлдү деген маалымат кетти. http://www.super.kg/
kabar/news/130001/ Демек бирөөлөр абдан кызыкдар, жабылуу аяк жабылуу бойдон калуусун.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео













