Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#661 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   09 Октябрь 2015 - 19:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 23 Июл 2025 15:38
  • Жынысы:Аялзаты

"ЭНЕ МЕНЕН БАЛАНЫН КЫСКАЧА ОКУЯСЫ" Бир аял тигүүчүлүк кылып жан бакчу. Анын жалгыз баласы бар эле. Баласын университетке окутуп, элден кем кылбай акча менен камсыз кылып турчу.Баласы университетти аяктай элегинде энеси көз жумуп бул жашоо менен кош айтышты.Күндөр күнгө уланып,айлар айга алмашып, арадан жылдар өтүп, баласы окуусун аяктап иштей баштады...

Студент кезинде: "Окуумду аяктап иштей баштасам, алган маянамдан ай-сайын энеме берип турам"- деп, ниет кылчу. Бирок, Аллахтын каалоосу менен апасы көз жумду. Апасынан айрылганына кайгырып, көпкө көз жашын төгүп жүрдү. Алган айлык-маянасынын төрттөн бирин кедей-кембагалдарга садака кылып, сообун апасына багыштай баштады...
Апасынын көз жумганына 30 жылдын жүзү болгонун жана ар-бир намаздын артынан апасына дуба кылаарын, кудук каздырып суу чыгарып, бир канча мечиттерге суу муздаткычтарды коюп сообун апасына багыштаганын Аллахка ант ичип айтат.

Бир күнү өзү жашаган райондогу мечитке намазга барып бир нече кишилердин мечитке суу муздаткыч коюп жатканын көрүп калды. Ичинен өзүнө: "Чыгыш жана батыштагы көптөгөн мечиттерге суу муздаткычтарды коюп, өзүбүздүн райондогу мечитке койгонду унутупмун" - деп, кайгырып турган кезде мечиттин имамы жанына жакындап келип: "О, Мухаммадтын атасы мечитке суу муздаткыч койдурганыңызга рахмат, Аллах таала кылган жакшылыгыңызды кабыл кылсын!" -деди.
Уккан кулагына ишенбей бир азга таңыркап туруп калып:"Аллахка ант! Аны мен койдурган жокмун"-деди.
имам: "Аны бүгүн сиздин уулуңуз алып келип, сиздин берип жибергендигиңизди айтты"-деп, турган кезде уулу Мухаммад келип,атасынын колун өөп: "О, атаке! Аны мен койдурдум, сообун сизге багыштадым, Аллах Таала анын сообуна сизге бейиштеги "салсабила" ичимдигин ичкенди насип кылсын!" -деди.
Атасы: "О, балам! Өзүң мектепте окусаң, муздаткычка акчаны кайдан таптың?- деди.
Баласы: "Беш жылдан бери мектепке жана айт майрамдарына деп берген акчаларыңызды жыйнап, сиз чоң апамдын атынан кайрымдуулук кылганыңыз сыяктуу мен дагы сиздин атыңыздан кайрымдуулук кылдым"-деди.

Бул окуя эскиден айтылган сөздүн акыйкат экендигин дагы бир ирет тастыктайт:

" Ата-энеге жакшылык кылуу карыз берген сыяктуу, ал карыз сага балдарыңдан кайтат"...

"Ата-энеге жакшылык кулууң өз колуң менен жазган окуяң, аны сага өз балдарың окуп берет".

"Ата-энеңе кызмат кылып, дубасын алып ыраазы кылсаң-анда ата-энең бейишиң...
"Ата-энеңди кордоп, кызматын кылбай нааразы кылсаң-анда ата-энең кейишиң". .. Абдышукур Ажы Нарматов. Жуктогон-Эрназар Таштанбаев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#662 Пользователь офлайн   akzuura   14 Октябрь 2015 - 11:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 546
  • Катталган: 11 Январь 14
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 11:22
  • Жынысы:Аялзаты

Салам форумчулар! жаман нерсеге жолукмайынча жакшынын баркын билбейт деген сөз бар.
ошо сыңары мен баардык нерсеге кыскача мазмундуу камтылып жазылган мисалдарды жаза кетейин.
мүмкүн кимдир бирөөгө пайдаса тийип каалар деген ойдомун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#663 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Октябрь 2015 - 12:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Турмуш сабактары" темасы менен бириктирилди.
akzuura, маңызы окшош тема ачууга болбойт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#664 Пользователь офлайн   able179110   14 Октябрь 2015 - 20:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 04 Июль 13
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2016 16:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Просмотр сообщения Tatli_Melek (01 Октябрь 2015 - 00:38) жазган:

"Мындай айдоочу сыйга татыктуу! !!"

Окуудан үйгө жетүү үчүн Жал кичи районунан 130 чу маршруткага олтурдум, айдоочу байке Нурмухаммад каарынын окуган курандарын катуу кылып коюуп алыптыр, угуп бараттык. Маршрутканын ичинде жоолук салынгандардан мен эле баратам, куран бүтүп "ХИДЖАБ БУЛ ПАРЗ" - деген баян башталды, жанымда музыка угуп олтурган бала наушнигин чыгарып кунт коюуп угуп баштады, баян орто ченине жеткенде ары жакта олтурган эже көзүнүн жашын сүртүп калды. Ушунчалык айдоочу байкеге ыраазы болдум! Ал маршруткада олтурган адамдар жок дегенде бир аз түшүнүккө ээ болушту, ин ша Аллах бул калыбынан жазбаса, акырындап мусулман бир туугандарыбызды Исламга чыкыра берет. Аллах мындай инсандардан ыраазы болсун, билип-билбей кылган күнөөлөрүн кечирген болсун! Аминь!!! (Бул окуяны айтып сиздер менен бөлүшкүм келди....) Автор: Гүлдана Мурзаканова

Мен да тушком ошо маршруткага баяндарды койгон экен
Айгерим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#665 Пользователь офлайн   Kg.lady   17 Октябрь 2015 - 14:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Таасирлуу баяндар экен, дагы кутобуз Мелектай.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#666 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

МАЙМЫЛДАН БОЛГОН КЕРЕМЕТ


Бир сүт сатуучу бар эле. Ал акчасын чогултуп жүрүп, кобойгөн кезде ажыга барууну максат кылды. Кемеде кубанычы койнуна батпай ажылык сапарга баратты. Ал түшкөн кемеде толтура эл ар түрдүү улуттагылар жана ар түрдүү кесиптегилер бар эле. Алардын арасында бир маймыл үйрөтүүчү адам жана анын желкесине чыгып, түшүп ойногон кичинекей маймылы да бар эле.
Сапар уланууда биздин каарманыбыз улам ычкырындагы тыйын салынган баштыгын өз ордунда бекен дегенсип улам-улам кармалап койчу. Бир убакта кеменин бурчунда жатып көзү илинип кетет. Чочуп ойгонуп эле бир шумдукту сезгенсип, баштыгын кармаласа жок. Ал дамам ордунда эс учун жоготуп, ордунда катып калды. Өмүр бою чогулткан тыйыны заматта жок болуп кеткенине кыжалат болду. Бир азга эсин жоготуп кайра өзүнө келди. Ал адам кыялында ууруну тапкансыды. Ал маймыл деп ойлоду. Ошол убакта акчасын жоготкон адам маймылды издей баштады. Ал убакта маймыл болсо эчак эле кеменин парусунун чокусуна чыгып, чочоюп олтуруп алган болчу. Акчасын жоготкон адам маймылдын ээсин тапды да жанынан чон канжарын сууруп чыгарып, анын кекиртегине такады.
Акчасын жоготкон адам:- "Менин тыйынымды сенин маймылын гана алды. А сен болсо ага акчаны урдоого үйрөткөнсүн. Тез менин акчамды кайтарбасан ушул жерде мууздап салам",- деди ал.
Маймыл үйрөтүүчү:- "Тыйынын менде эмес, ишенбесен тинтип көр капчыгымды" ,-деди.
Акчасын жоготкон адам : -" Сенде болбосо маймылында. Айт ага тыйынымды кайтарып берсин",- деп канжарын дагыда кекиртегине батыра такап турду.
Маймыл ээси "Болду болду токтот. Алып беремин анда болсо",- деп жалдырап ийди. Анан чокуда тыйын салынган баштыкты кармап ойноп олтурган маймылга кожойуну ылдыйда туруп дагы бир баштыкты көрсөттү. Чокудагы маймыл да баштыгын кожойуну көрсөткөндөй кайталады. Анткени маймыл, ээсин тууроону үйрөнгөн болчу. Маймылдын кожойуну баштыктан бир акчалык тыйынды чыгарып жерге таштады. Маймылда так ээсиндей кылып баштыктан бир тыйынды алды да кемеге таштады.
"Алхамду лиллаах", - деди муну көрүп турган сүт сатуучу. «Акчам кайра колума тийгидей болду»,- деп кубанды. Маймыл ээси баштыктан экинчи тыйынды алып жерге таштады. Маймыл да баштыктан экинчи тыйынды алды да бирок, аны кемеге эмес, денизге таштады. Таң калаарлык окуя болду. Маймыл бир тыйынды кемеге, бир тыйынды денизге таштай берди. Акыры баштыкта тыйын түгөндү.
Сүт сатуучу адам муну ан-тан болуп көккө карайт эле. "Оо Жараткан кудуретинен айланайын. Ушунчалык адилеттүү белен",- деп көз жашын тыялбай окүрүп ыйлайт эле. Себеби, ал сүткө тең барабар суу кошуп сатчу.
Ал адам: -"Мына эми сууңдуку сууга, сүттүкү жанга калды",- деп боздоп атты.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#667 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Аял жана арстан.



Бир күнү бир Аалымга бир аял келип, күйөөсү өзүнөн башканы сүйбөй турган кылып, уу чөптөрдөн дары жасап беришин сурайт. Аалым айтты:

- Бисмилях! Макул, жасап берейин.

- Чын элеби?

- Ооба, бирок ал дарыны жасаш үчүн мага бир нерсе керек.

- Эмне?

- Мага тирүү арстандын жалындагы кылынан алып кел.

- Мен аны кайдан табам? Тирүү арстандын жалынын кылын кантип алам? Өлүк арстандан болсо, алып келмекмин.

- Жок, тирүү арстандыкын гана алып келишиң керек.

- Макул, алып келгенге аракет кылам.

Аял күйөөсү өзүн гана сүйөрүн аябай каалагандыктан, мергенчилерге барып айтты.

- Арстандын жалынан кылды кантип алууга болот?

- Арстан адамды жанына жакын жолотпойт, кылды арстандын курсагы ток кезинде гана алса болот.

Аял аракет кылып көрүүнү чечет. Мергенчилерден арстандар жүрчү жерлерди билип, эт сатып алып, токойго жөнөдү. Күткөн арстандарга кезигип, эттен аз-аздан ыргытып бере баштады. Ар бир күнү ушинтип арстанга эт берүүсүн уланта берди. Арстан да аялдын курсагын тойгозгонун сезип, ага үйрөнүп калды. Экөөнүн аралыгы күндөн-күнгө жакын болуп баратты. Акыры бир күнү арстандын жанына барды. Жалын колу менен сыйпалады, арстан каршылык көрсөтпөдү. Ошол убакыттан пайдаланып, аял арстандын жалынан бир тутам кыл кесип алып, артка карай жөнөдү. Аалымдын айтканын алып келди.

- Мынаке, алып келдим.

- Субхан Аллах! Мага айтып берчи, кандай айла менен алып келдиң?

Аял болгон окуянын баарын айтып берди.

- Мен арстандын мүнөзүн, адаттарын, өзүн кантип алып жүрөөрүн, баарын үйрөнүп чыктым. Анан мен ага жакындоонун эң жакшы ыкмасын тандадым.

Анда окумуштуу жылмайып, “Эми үйүңө бар да, ушул ыкманы күйөөңө колдон! Бирок ал арстандай жырткыч эмес, ал сени жебейт!”- деди.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#668 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эненин көз жашы.


Жаш кезинде күйөөсү каза болуп калган аял төрт баласын өзү жалгыз тарбиялап чоңойтот. Эң улуу баласы күйөөсү каза болгон убакта араң гана 11 жашта болчу. Күйөөсү аябай камкор эле. Ал дүйнөдөн өткөндөн кийин күйөөсүнүн милдеттери аялына түшүп, бардык убактысын балдарын тарбиялоого, балдарына кам көрүүгө жумшады. Күнү-түнү иштеп, жалгыз көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Күндүзү иштесе, түнкүсүн балдарына тамак жасап, түн жарымда араң уктачу. Кайрадан эрте менен эртелеп туруп, балдарынын тамак-ашын, кийим-кечесин даярдап, аларды мектепке жөнөтүп, кайрадан алардын мектептен келерин чыдамсыздык менен күтчү. Балдарынын эр жетип, мыкты уул болушу үчүн баарына чыдачу эле.

Түйшүктүү күндөр, айлар, жылдар өтүп балдары бой жетип чоңойду. Балдары баралына жетип, өз алдынча турмуш өткөрүп, үй-бүлөлүү болушса деле апасы балдарынын бардык түйшүктөрүн өз мойнуна алып жүрдү. Арадан жылдар өттү. 60 жашка келген апасы бапестеп өстүргөн уулдарына оор жүк болуп, жалгыз калды. Апасын карагылары келбеген балдары бир күнү чогулушуп, апасын кезектешип карай турган болушту. Апасынын ден соолугу начарлап, сүйлөй албай калды. Убакыттар өттү, апасы керексиз буюмдай бир баласынын колунан экинчи баласынын колуна өтүп, күн өткөрүп жатты. Келиндери да жаман сөздөрүн айтышып, орой мамиле жасашты. Ал мындай кордукка чыдады. Унчукпады. Төрөгөндөн үйлөнгөнгө чейин кам көргөн уулдарынан ушундай мамилени көрдү. Уулдары болсо, апасынын жоопкерчилигин алыштын ордуна бири-бирине түртө салышты. Апасын карагандан айынан бири-бири менен урушушту. Кароо кезеги кичүү баласына келди. Ал аялы экөө достору менен конокко бармак болушкан. Бирок апасын ким карайт? Жинденген уулу улуу агасына чалды.

- Байке, бүгүн менин аябай зарыл жолугушум бар, барбасам болбойт. Апамды сеникине алып барам, бүгүн менин ордума сен карап тур.

Агасы ачууланып инисине: “Алып келсең мени эшикти ачат деп ойлобо”-деп кыйкырып, экөө урушуп кетишти. Урушканына карабай иниси апасын агасыныкына алып жөнөдү. Дарбазаны такылдатты. Эч ким ачпады. Дагы такылдатты. Агасы дарбазаны ачмак турсун, кызыгып келип сурап койбоду. Такылдатып тажаган иниси: “Дарбазанын артында апаң отурат. Дарбазаңды ачып, апаңды үйүңө алып кирип ал”-деп кыйкырып, барчу жагына кетип калды. Апасы булардын баарын көрдү. Көзүнүн жашы көл болуп куюлду. Кыймылдаганга алы келбеди. Сүйлөй да албайт эле. Көпкө отурду. Эч ким дарбазаны ачпады. Бир тирүү жан апасын издеп чыкпады. Эч ким апам тамак жейт бекен, уктайт бекен деп ойлободу. Апасы уулдарына жасаган көп жылдык камкордугуна ушинтип таш боор жоопту алды. Уулдарынын жаш кездерин, уулдары үчүн тамак, кийим-кече издеп өткөргөн күндөрү элестеп жатты. Өзүнө-өзү: “Чын эле ушулар менин балдарымбы? !!!.... Мен буларды аздектеп сүйүп, ыйласа кошо ыйлап, сүйүнсө кошо сүйүнүп чоңойттум... . Түнкүсүн суу ичет элем, тамак жейт элем деп түн уйкумду канча бузушту... Ага жинденбедим. ... Оорушса кошо оорудум... Окуттум, үйлөнттүм, үйлүү-жайлуу кылдым, бирок акырында жалгыз калдым, суукта калдым! Ачка калдым. Караңгы түндө жалгыз калдым! Апасы аябай ызаланды. Өткөн күндөрүн эстеп аябай ыйлады. Караңгы түндө кароосуз жалгыз калды.....

Эрте менен жумушка жөнөгөн уулу дарбазасын ачса, апасы дарбазанын артында өлүп калыптыр....

Ыйык Куранда айтылат: “Ата-энеңерге камкор болгула жана аларга эч качан “уфф” деп айтпагыла! Аларга мээримдүү сөздөрүңөр менен кайрылгыла! ”.

Ата-энеңерге жасаган жаман мамилеңер үчүн бул жашоодо жазаланышыңар мүмкүн! Ошондуктан, ата-энеңерге алар мындан ары силерге керек эместей мамилени сездирбегиле! Ата-энеңер менен бирге жашагыла! Аларга жылуулук бергиле, мээрим чачкыла, көңүл бургула! Алар ар дайым силердин жылуу мамилеңерге муктаж экендигин унутпагыла! Ата-энеңерди таштабагыла! Силер ата-энеңерге кандай мамиле жасасаңар, силер да балдарыңардан ошол мамилени көрөсүңөр! Ата-энеңерди карагыла!
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#669 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Имам Абу Ханифа жана атеист


Бир атеист адам: “Кудай жок, эгер бар болсо, аны мага көрсөткүлөчү. Бул ааламды Аллах эмес, жаратылыш жараткан”-деп мусулмандар менен дайыма талашып тартышат. Аллах темасында сүйлөшүү үчүн мусулмандардан чоң мусулман окумуштуусуна жолуктурууну суранат. Мусулмандар атеистке Абу Ханифа имамды жолуктура турган болушат. Атеист менен Абу Ханифа бир күндөн кийин жолугууну чечишет.

Жолуга турган күн да келди. Мусулмандар менен атеист белгиленген убакытка чогулушту, бирок Абу Ханифа кечигип жатты. Арадан бир саат өттү. Абу Ханифа келбеди. Арадан канчалаган сааттар өттү. Абу Ханифа дагы деле келбеди.

- Көрдүңөрбү? Силердин имамыңар корккондугу үчүн келбей койду.

Ушул убакта Абу Ханифа кирип келди. Атеист анын кечиккендигин айтып ачууланды.

- Мени күнөөлөгөндөн мурун менин эмне үчүн кечиккендигимди сура. Менин үйүмдөн экөөбүздүн жолуга турган жерге жетүү үчүн дарыяны сүзүп өтүү керек. Мен жолугушууга камданып, жээкке келгенимде жээкте кайыктар да, эч нерсе жок экен. Мен башка жээкке бардым. Бирок ал жерде да кайыктар жок экен, мен күтүүгө аргасыз болдум. Ошол убакта катуу шамал болуп, бак-дарактардын бутактарын сындырды. Бутактар топтолуп, кайыкка окшоп калганынан мен топтолгон бутактар менен экөөбүз жолугушчу жээкке жөнөдүм. Бирок катуу шамал мени башка жээкке алып барып койду. Ошону үчүн мен кечигип калдым.

Абу Ханифаны уккан атеист аябай күлүп, мусулмандарга кайрылды.

- Карагылачы, силердин имамыңар эмне деп тантырап атат. Ал акылынан адашкан окшойт.

- Эгер сен менин айткандарыма ишенбесең, мындай нерселердин болушуна ишенбесең, анда башкаларга, бул дүйнө өзүнөн өзү жаралган деген сөзүңө кантип ишенесиң?

Абу Ханифа ушул суроосу менен атеисттин пикиринин абсурд экендигин далилдеди.

Билдирүүнү түзөткөн: Tatli_Melek: 01 Ноябрь 2015 - 19:17

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#670 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Күмүш эшик жабылса алтын эшик ачылат



Илгери бир падыша жашап өткөн экен. Анын аябай акылдуу вазири бар эле. Бир күнү падышанын жакшы көргөн аты жоголуп кетет. Падышанын аты аз кездешүүчү породадагы ат эле. Падыша аябай кайгырат. Аны көргөн вазири:

- Көп кайгыра бербеңиз! Болбой калган иштин артында ар дайым андан жакшысы күтүп турат

Менин сүйгөн аргымагым жоголуп жатса, кайдагы жакшысы күтүп турат!

Ошол убакта падышанын аргымагы башка үйүрдөгү жылкылар менен кошулуп кетип калган жактан табылгандыгы жөнүндө кабар келет. Аргымакты тапкан аскерлер падышанын атын бир үйүр жылкылар менен кошо айдап келишет. Аргымагынын арты менен көп жылкылуу болгон падыша туура эмес кылгандыгын айтып, вазиринен кечирим сурайт.

Бул окуядан кийин падыша аңчылыкка барып, бир манжасын оорутуп келет. Натыйжада манжасын кесип салышат. Падыша буга аябай кайгырат. Анда вазири:

- Көп кайгыра бербеңиз! Болбой калган иштин артында ар дайым андан жакшысы күтүп турат

Падыша: “Мейли, аргымагым жоголгондо, кайра таап келишти. Эми манжамды кесип салышты, эми аны кайра таппайбыз. Мындан да эмне жакшылык күтүп турмак эле ! - деп вазирине ачууланып, вазирин түрмөгө каматып салды.

Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин падыша дагы аңчылыкка жөнөдү. Падыша менен аскерлери адам жегичтердин туткунуна түшүшөт. Алар качып кутула албайт эле. Алардын баарын адам жегичтер жеп баштады. Падышанын кезеги келгенде адам жегичтер анын бир манжасы жок экендигин көрүшүп, аны жебей коюшат, себеби адам жегичтердин салты боюнча бир мүчөсү кем жаныбарларды жешчү эмес. Аскерлердин баарын жегенден кийин падышаны кое беришет. Падыша хан сарайына кайтып келип, вазирин өзүнө чакырып,андан кечирим сурап, мындан ары ал менен талашып, тартышпай тургандыгын, камабай тургандыгын айтат. Анда вазир падышанын кечирим сураганынын зарылдыгы жоктугун, андан көрө аны түрмөгө камагандыгы жакшы болгондугун айтат. Себеби, падыша вазирди түрмөгө камабаганда, ал да падыша менен аң уулоого барып, адам жегичтерге жем болмок эле.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#671 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кечирим



Имам Абу Ханифа жолдо кетип бара жатып, жүзүн катып багытын башка тарапка бурган адамды көрдү. Имам өзүн ыңгайсыз сезди. Ал адамды чакырып: -Эмне үчүн мени көрүп башка тарапка бурулдуң?-деп сурады. Тиги адам мукактанып: -Мен сизден 10 000 акча карызга алдым эле, белгиленген убакта төлөй албай калдым. Уялганымдан сиздин көзүңүзгө көрүнбөйүн дедим, -дейт. Улуу имам: -АЛЛАХка мактоолор болсун! Мен ал акчаны сага белек кылдым. Сени жаман абалга калтырганым үчүн мени кечир,- деген экен.

Билдирүүнү түзөткөн: Tatli_Melek: 01 Ноябрь 2015 - 19:17

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#672 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Дүнүйө азгырыгы


Бир күнү кечинде бир адам соода - сатык кылган катарлардан өтүп бараткан. Жакын жердеги мечитте азанчы намазга азан чакырып баштаганда, күтүүсүздөн бир аялга назары түштү. Кара кийимчен жана бетинде пардасы болсо да ага тартылып кетти. Аял көз багып турган адамды байкаган соң, анын карашына жооп катары жалт бурулуп ага башын ийкеп өз жагына жаңсады да, азгырып соода орундуктарын аралатып алып жөнөдү. Тиги адам сыйкырланып калган сыяктуу көз ирмемде акылын жоготту. Ал белгисиз аялдын изине түшпөө керектигин ойлоп ар кандай жоромол кылууга аракет кылды. «Азыр намаз убагы эмеспи?» - деди өзүнө. Бирок, кеч болуп калган, кайрадан аялдын артынан түштү. Аялдын караанын жоготуп албаш үчүн кадамдарын ылдамдатып демиге соода- сатык катарларын аралап баратты. Ал эми аял болсо, жеткирбей басканга аракет кылганы менен кайрыла турган жерлерде бир аз тыным алып, артында келе жаткан адамга жол көрсөтүп келе жатты.
Аял күтүүсүздөн жалт бурулду. Тиктеше калганда анын жүзүнө жабылган чүпүрөктөн да көздөрү мыскыл күлүңдөп турганын байкады. Бирок, мага ушундай сезилип жатат го деп өзүн ишендирди.
Аял эми тиги кишинин ышкысы менен ойноп жетелеп келе жатты. Улам барган сайын аялга жетип аны кармап ала турган болот. Бирок аял ойт берип улам алдыгы жыла берди. Ушинтип отуруп алар базарды артка калтырышты. Жанагы жолуккан жерден бир топ алыстап кетишти. Балким, бул аял акылынан адашкан немедир? Ал минтип ойлонгуча аял белгисиз жакка алып жөнөдү. Ошентип, алар шаардын четине жетип калышты.
Алардын ортосун 20 мерчемдей аралык бөлүп турган. Качан ал аялды караганда менин артымдан жүр деп качанкы табытка алып бара турган чоң коло эшикти ачты жана өзү кирип кетти. Тиги киши ичкери кирип, шашылып баратып бир бөлмөгө туш келди. Эшиктин маңдайында жыйнактуу керебетте баягы азгырып келген аял отурат. «Бери бурул жана эшикке кара! Ачкычты алып кел!» -деди аял өктөм үн менен. Киши болсо бейтааныш аялдан назиктикти күтүп айтканын аткарды. Аял күтүүсүздөн «муну ыргыт!» деп кыйкырды. Тиги киши аялга азгырылып келгенин эми түшүндү. Мындай чечкинсиздикти байкаган аял: « Кана, сен намазыңды калтырып мени ээрчип келбедиңби? » -деп келекелеп күлө баштады. Тиги киши үнсүз турду.
«Кечки намаздын убактысы өттү» - деп кулагына шылдыңдап шыбырады. Сен эмне турасың? Таштабайсыңбы? Сен менин ким экенимди билгиң келбейби? Тиги киши өзүн кармана албай ыргыткан ачкыч кантип түшүп баратканын байкаш үчүн колун кудукка салды. Ушул учурда анын көкүрөгүндө каардуу сезим пайда болуп, кыйкырып, же талкалап салгысы келди. Ал тан калды, коркту, анан барып түшүндү.
«Эми мени көрсөң болот», - деди бейтааныш аял жамынгычын таштап. Тиги адамдын көз алдында ажарлуу, азыткылуу аял эмес эле бети - башынын тамтыгы жок тырык издер, бырыш баскан мастан турду. Мени көңүл коюп кара! Менин атым Дүнүйө. Мен сен издеген дүнүйөмүн! Мен сенин сүйүктүүңмүн! Сен менин артымдан ээрчийм деп акылыңдан адаштың. Мына биз сенин кабырыңдан кезиктик. Сен муну өзүң каалагансың, кош келдиң!

Урматтуу бурадарым келиниз акыретибизди дүнүйөгө алмаштырбайлы. Бул дүнүйө акыретке эгин эгүүчү жай эмес беле? Бул жашоодо акыретке болгон камыбызга кайдыгер болбойлу!
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#673 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ата сүйүүсү


Жаш жигит окуусун бүтүп, диплом ала турган күнүн күтүп жүрдү. Ал көргөзмө залдан бир спорттук машинаны жактырып калып, атасынан диплом алганда ошол машинаны белек кылышын суранды. Диплом аларга аз калганда уулу атасынан машинаны сатып алгандыгы жөнүндө кабар күтүп жатты. Бир күнү атасы ушундай билимдүү уулу бар экендиги менен сыймыктангандыгын, аны жакшы көрөрүн айтуу үчүн өзүнө чакырды.

Уулу атасына барды, атасы белекке окшогон коробканы уулунун алдына койду. Сүйүнүп, бир чети таң калган уулу коробканы ачты. Коробканын ичинде булгаары менен сыртталган Куран китеп бар эле. Куранды көрүп кыжырданган уулу башын көтөрүп, атасына катуу кыйкырды.

- Ушундай абалыңда болгону мага Куран белек кыласыңбы?

Уулу Куранды албай, ачууланып эшикти тарс жаап чыгып кетти, ошол бойдон кайрылып келбеди.

Арадан көптөгөн убакыттар өттү. Уулу аябай таң каларлык карьера жасап, чоң үйлүү болду, үйлөндү. Күндөрдүн биринде атасын эстеп, ага жолугуп, акыбалын сурап келүүнү чечет. Атасы ал кезде улгайып калган эле. Эми гана атасына жөнөп жаткан убакта ага атасынын каза болгондугу жана бардык мал-мүлкүн уулуна таштагандыгы жөнүндө кабар келди.

Уулу атасынын үйүнө келди. Жүрөгү кайгы менен өкүнүчкө толду. Атасынын кагаздарын карап олтуруп, баягы атасы белек кылган Куран китепти көрүп, өксүп ыйлады. Куранды алып, барактап жатты. Бир кезде китептин арасынан конвертти көрдү. Конвертти ачканда ичинен баягы көргөзмө залдагы спорттук машинанын ачкычы жерге түшүп кетти. Ачкычта сатуучунун “Баары төлөнгөн” деген этикеткасында бар эле.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#674 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бузулбай турган үй курам десеңиз

Мамлекеттин башкаруучусу кемчилиги жок шаар курууну чечип, шаарды куруу идеясын ишке ашыруу үчүн дүйнөдөгү эң белгилүү архитекторлорду алып келет. Арадан жыл өтүп, шаардын курулушу аяктайт. Башкаруучу шаарды көрсөтүү үчүн алгач башка өлкөлөрдүн падышаларын чакырат. Падышалардан кийин шаарды карапайым калкка көрсөтөт. Көргөндөрдүн баары шаардын кемчиликсиз курулганын, дүйнөдөгү жалгыз кемчилдиксиз шаар экендигин айтып бүтө алышпай атканда, бир абышка чыгып: “Башкаруучу, эгер сен мага ырайым кылсаң, мен сага бул шаардын эки кемчилигин айтайын”-дейт. Башкаруучу макул болуп, абышка сөзүн баштады.
- Бул шаарды курган куруучу эртеби-кечпи бул дүйнөдөн өтөт. Бул биринчи кемчилик.Бул шаар акыры бир күнү кыйрап, урандыга айланат. Бул экинчи кемчилик.
Хан : Анда мен эмне кылуум керек?
- Сен өзүң үчүн эч качан урабай турган жана эч качан эскирбей турган, өлбөй турган шаар курушуң керек.
- Андай шаарды кантип курам?
- Ал шаар – Бейиш. Ал шаарды сен жакшы иштериң менен гана курушуң мүмкүн!! !
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#675 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кызыктай суроо

Абу Ханифага бир адам келип, менде сенин ишенимиң жөнүндө суроом бар:
Шайтан иблис оттон жаралып, ошол эле убакта Куранда иблис отто күйөт деп айтылат. От оттун зыянына себеп боло алабы?
Абу-Ханифа эки мүнөт күтө тур деп, үйүнө кирип кетти. Үйүнөн колуна кирпич ала чыкты да, тиги кишинин чекесине уруп жиберди.
-Эмне үчүн менин чекеме кирпич менен уруп жатасың?- деп сурады ал.
Абу Ханифа:
- “Кирпич топурак менен суудан турган ылайдан жасалган, эгер мен сага топурак чачып же суу куюп жиберсем сага эч нерсе болмок эмес, бирок кирпичтин өзү менен ургандан кийин сенин чекеңде кандай шишик пайда болгонун кара. Кирпич топурактан жасалган, сен да топурактан жасалгансың, ошондой эле от да отту куйкалай алат.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#676 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Адал ырыскыңызды арамга айландырбаңыз

Мусулмандардын башчысы Али бир күнү өзүнүн кызматчысы менен мечитке намаз окуганы кирет. Мечитке кирип баратып, сыртта турган бир адамга намаз окуп болгуча карай тур деп минип келген атын калтырып кирип кетет. Али менен кызматчысы намазын окуп бүткөн соң сыртка чыгышып, атка көз салып турган киши менен аттын жүгөнү жок экендигин көрүшөт. Жүгөндүн уурдалганына ишенишпейт. Жүгөндү издеп табышпайт. Али атка көз салып турганы үчүн тиги кишиге бергиси келген эки дирхамын кызматчысына берип, базардан жүгөн сатып келүүгө жөнөтөт. Жүгөнгө кеткен кызматчысы базардан өзүнүн атынын жүгөнүн алып келет. Жүгөндү көргөн Али кайдан таап келдиң деп сурайт.
-Мен тиги кишини базардан таап алдым. Ал жүгөндү базарда мага эки дирхамга сатты. Анда Али “Караңызчы, ал арам жол менен акча тапкысы келиптир”-деди.
Эгер Али акча бергенде, ал адал жол менен келген акча болмок! Арам жол менен акча тапса болот, бирок анда адам өзүн арамга айлантат. Баары Жаратуучу тарабынан алдын-ала жазылган болсо да, ач көздүлүгүбүздүн айынан адал менен келе турган ырыскызыбызды шашып, арам менен таап алабыз.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#677 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бүгүнкү байлык эртеңки кедейлик

Бир ыймандуу аял бай соодагерге турмушка чыгат. Ал байдын чоң дүкөнү бар эле жана бул жерде бай кездеме, кийим сатып оокатын кылчу. Ал бай болгону менен абдан сараң адам эле. Күндөрдүн биринде бай кечинде үйүнө бир тоок алып келип, аялына тоок этинен кечки тамак жасаарын суранды. Тамактанып жаткан убакта дарбазанын такылдаганынан улам бай сыртка чыкты. Дарбазанын жанында абдан курсагы ачып, тамаксыз ачка калган кедей турган эле. Ал байдан бир аз тамак сураганда, бай баш тартып, ачууланып, ага кыйкырып, дарбазасын катуу жаап, тамакка кайтып келди.
Аялы:
- Эмнеге кедейге кыйкырып, анын жүзүнө дарбазаны жаап салдын?
- Сен менин эмне кылышымды кааладын эле? Аялы:
- Тоок этинин жарымын же бир канатын бергенинде, байкуш кедей аз да болсо ачкалыктан арылмак!
Күйөөсү:
- “Эмне, бир бүтүн канатты беришим керек беле? Сен акылдан азгансынбы, эмне!” – деп, аялына ачууланды.
Анда аялы: “Жок дегенде жакшы бир жылуу сөз айтып койсоң болмок!”- деди.
Арадан убакыт өтүп бай дүкөнүнө келип, дүкөнүнүн ичиндеги кездеме, кийим-кече баары күйүп кеткенин көрдү. Эми байда эч нерсе калбады. Бай үйүнө капалуу келип, аялына иштин чоо - жайын айтты.
Аялы:
- Маанайынды чөктүрүп, кайгырба! Аллах мунун артынан сөзсүз кубаныч, ырыскы берет. Күйөөсү: “Ээ, аял, ук мени! Ошол кубаныч келгенге чейин сен төркүнүнө кет, мен сага бир нерсе корото тургандай абалда эмесмин”-деп ачуулнды.
Ошентип бай аялы менен ажырашты. Тиги аял өзү айткандай, ак ниет, колу ачык, мээримдүү, кедей ачкаларга жардам берген адамга турмушка чыкты. Күндөрдүн биринде күйөөсү экөө тамактанып отурганда дарбаза такылдап, аялы дарбазаны ачып калды.
- Бир ачка калган кедей адам бир аз тамак берүүбүздү сурап жатат.
-Үйдөгү эки тоок этинин бирөөсүн берип кой. Экөөбүздүн кечки тамагыбызга калганы жетет. Сурап келген адамдын колун бош кайтарган болбойт! –деди күйөөсү.
Аялы: “Сендей колу ачык, ак көңүл адамдар аз!”-деп, тоок этинин бирөөсүн тиги кембагалга алып чыгып берди. Кайрадан кайтып келип дасторконго олтуруп , аялы көзүнө жаш толуп тамагын жеп жатты, күйөөсү аны байкап калды.
- Сенин ыйлашыңа эмне себеп болду?
- Аябай капалануу менен ыйлап жатам.
- Эмнеге капа болдуң?
- Себеби, жана эле биздин дарбазаны кагып, тамак сураган, сен эт берген кедей менин биринчи күйөөм болчу. Бир жолу ал бай кезинде акча калып, тамак сурап келген кедейге тамак бергендин ордуна, катуу кыйкырып сүйлөп, кедейдин сунган колун сумсайтты эле.
Күйөөсү: “Ээ, жубайым! Азыр биздин дарбазаны каккан кедей сенин биринчи күйөөң болсо, ошондогу силердин эшигиңерди такылдаткан кедей мен болчумун”-деди.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#678 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Миң сөзүңөн бир үлгүлүү ишиң артык

Мечиттин имамы Британиянын Лондон шаарына көчүп барып, жашап калат. Ал шаарга чыкканда дайыма бир автобус менен каттачу. Күндөрдүн биринде дайым түшүп жүрчү автобусу менен мечитке жөнөйт. Бул автобусту дайыма бир айдоочу айдар эле. Имам жол билетин алуу үчүн айдоочуга акча берет. Айдоочу имамга 20 пенс ашыкча кайтарым кайтарат. Айдоочунун ашыкча кайтарым кайтарып бергенин көргөн имам ашыгын кайтарып берүүнү ойлойт. Бирок, бир кезде ал: “Кайтарып бербей эле коеюн. Бул Аллахтын мага белеги. Айдоочу менден башкаларга саткан билетинен деле пайда көрөт”-деп ойлонуп, кайтарып бербей турган болот. Автобус имам тушчү аялдамага келип токтойт. Бир саамга ойлонуп туруп калган имам айдоочуга ашыкча акча кайтарганын айтып, айдоочуга акчаны карматат. Имамдын чынчылдыгына ыраазы болгон айдоочу: “Сиз бул райондогу мечиттин имамысызбы? Мен көптөн бери сиз имамдык кылган мечитке кирейин деп жүрөм. Ал эми бул ашыкча кайтарымды сизди сыноо үчүн берген элем”-деди. Айдоочунун сөздөрүнөн кийин имам буттарын араң шилтеп автобустан түштү, алдындагы түркүктү кармап туруп калды да, “Оо, Аллахым! Арзыбаган аз акча үчүн исламды сатып ийейин дедим”-деп ыйламсырады.
Мына, туугандар, биздин жасап жаткан иштерибизди мүмкүн кимдир бирөө артыбыздан байкап жүрөт. Бир эле мусулмандын жаман жоруктарынан улам жалпы мусулмандарга сөз тийип калышы мүмкүн. Ошондуктан, ар дайым жасап жаткан иштерибиз менен башкаларга үлгү, мисал бололу.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#679 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кылганыңды көрөсүң

Аябай карыган, көздөрү жакшы көрбөгөн, кулактары укпай калган, муундары бошогон бир абышка жашаптыр. Ал тамактанып атканда кашыкты колуна кармай албай калган абалга келип, дайым дасторконго тамагын төгүп алчу, кээде оозундагы тамагы оозунан түшуп калчу. Баласы менен келини абышкага жийиркенүү менен карашып, тамак ичү убакта аны мешке көмүр салдырганга отургузуп, эски идишке тамак салып беришчү. Абышка мештин жанында отуруп, тамактанчу столду кайгылуу карап, көздөрү нымдалышат. Бир күнү тамагы салынган идишти колдору кармай албай калтырап, жыгылып түшүп, идишин сындырып алат. Ачууланган келини абышканы уруша баштады, абышка эч нерсе деп үн катпады, ичинде гана кыйналды. Ошондон кийин абышкага жыгачтан жасалган мискей сатып беришти. Бир күнү келини баласынын сарайда эски жыгач идиштерин чогултуп жургөнүн көр.
- Ал эски идиштерди эмне кыласын, уулум?

- Силер да чон атамдай болуп карыганда силерге тамак берем. Уулунун окуясынан кийин абышканын баласы менен келини Аллахга тообо кылышып, абышкадан кечирим сурашат.Абышка менен бирге тамактанышып, ага көңүл бөлүшүп, анын ыраазы кылганга аракет кылышат.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#680 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ажырашууну каалаган аял

Абу-Ханифага бир аял келип, “Эки жыл мурун күйөөм экөөбүздү никеге тургуздуң эле. Эми бизди ажыраштыр. Мен мындан ары күйөөм менен жашаганды каалабайм”- деди.

- Эмне себептен ажырашууну каалап атасың?

- Башкалардын күйөөлөрү үйлөрүнө күнүгө убагында келет. А менин күйөөм болсо, ар дайым кечигип келет. Ошондон улам үйүбүздө күнүгө жаңжал болот.

Абу-Ханифа: “Болгону ошол себеппи?”-деп таң калуу менен сурады.

- Ооба, ошол себеп. Мен мындай кемчилиги бар адам менен жашаганды каалабайм.

- Мейли, ажыраштырса, ажыраштырайын. Бирок, бир шарт менен гана ажыраштырам. Үйүңө барып, чоң таттуу нан бышырып, мага алып кел. Нанга кошула турган туз, суу жана унду үйүңдөн албай, кошуналарыңдан сурап, ошондон кошуп жаса. Аларды эмне кылуу үчүн сураганыңды жана күйөөң менен ажыраша турганыңды кошуналарыңа сөзсүз айткын.

Тиги аял үйүнө барып, нан бышырууга киришти.

- Оо, Марьям, мага бир стакан суу берип турчу?

- А эмне сууңар түгөнүп калдыбы? Кудуктан суу чыкпай калдыбы?

- Жок, суу чыгып жатат. Мен күйөөм экөөбүздү ажыраштыруу үчүн имамга бардым эле.

Сөзүн аягына чейин айтып бүтө электе кошунасы үшкүрүндү.

“Эх! Менин күйөөмдүн кандай экендигин билбейсиң да!”-деп кошунасы арызданды.

Ал кошунасынан суу алып, Асия кошунасынын үйүнө туз сураганы барды.

- Асия, мага бир эле кашык туз берип турчу?

- Үйүңдө тузуң түгөнүп калдыбы? А эмнеге бир эле кашык?

- Туз бар, бирок мен имамга күйөөм менен ажыраштыр деп бардым эле ...

Асия кошунасынын сөзүн угуп бүтө электе кыйкырып жиберди.

- Эх, менин күйөөмдүн кандай экендигин билсеңчи!

Кайсы кошунасына барбасын, баарынын күйөөсүнө болгон нааразычылыктарын айтып, арыздангандарын укту.

Наны даяр болуп, Абу-Ханифа имамга алып барды.

- Сага рахмат! Менин жасап келген нанымды балдарыңа алып барып бер. Бирок мени күйөөм менен ажыраштыруу жөнүндө ойлобо!

- Эмнеге? Сага эмне болду, кызым?

- Көрсө, менин күйөөм баардыгынан жакшы күйөө экен!
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: