Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#681 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ар дайым жакшы ойдо бололу

Карыган адам 25 жаштагы уулу менен үйүнө баруу үчүн поездге түшүштү.Уулу вагондун терезесине барып олтурду. Поезд жүрө баштаганда, уулу колдорун терезеден абага чыгарып, бир кезде суктануу менен кыйкырып жиберди.

- Ата, карачы, биз алдыга баратсак, дарактар артты көздөй баратат!

Атасы уулун карап жылмайды. Алардын жанында бараткан жубайлар 25 жаштагы жигиттин жаш балача кыялын көрүп уялышты.

Уулу кайрадан сүйүнүү менен кыйкырып жатты.

- Ата, карачы, көлдөр, жаныбарлар, булуттар, баары биз менен бирге баратат.

Тиги жубайлар жаш жигиттин таң калыштуу жоруктарын, атасынын уулуна кадимкидей эле жасаган мамилесин байкап баратышты. Бир убакта жамгыр себелеп кирди. Жаандын тамчылары колдоруна себелегенин көргөн уулу көздөрүн жумуп, толкундануу менен кайрадан атасына кыйкырды.

- Ата, көрдүңбү? Жамгыр жаап жатат. Менин колдорума жаандын тамчылары себелеп жатат.

Абышканын жанында олтурган жубайлар кандайдыр бир жардам бергиси келип, жаш жигиттин атасынан сурашты.

- Уулуңузду эмне үчүн ооруканага көрсөткөнү алып барбайсыз?

- Биз ооруканадан келе жатабыз. Ооруканадан эми гана чыктык. Бүгүн менин уулум биринчи жолу бул дүйнөнү көзү менен көрдү...
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#682 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кудай бар болсо...

Бир киши чачын кырктырып, сакал-мурутун алдырганы чачтарачканага барат. Чачын кырктырганча чачтарач менен ар нерсени сүйлөшүп, Кудай жөнүндө да сөз козгошот. Анда чачтарач: "Мага Кудай жөнүндө айтпаңыз, мен Кудайдын бар экенине ишенбейм" деп анча жактыра бербейт.
-Эмне үчүн?
-Ансыз деле түшүнүктүү!
Кудайдын жок экендигин билүү үчүн көчөгө чыгуу жетиштүү. Карасаңыз. Эгер Кудай бар болсо, анда эмнеге оорулуу адамдар абдан көп? Эмне үчүн кароосуз калган балдар абдан көп? Эгер чын эле Кудай бар болсо, кыйналган, ооруган адамдар болмок эмес! Мындайлардын баарына жол берилип жатса, кантип анан Кудайды сүйөм?”- деп өзүнө ишенимдүү түрдө айтат. Тиги киши талаш менен эч нерсе чечилбейт экенине ынанып, унчукпай калат. Чачтарач ишин бүтүп, чачтарачканадан чыгып бара жатып, көчөдөн чачы кыркылбаган, сакал-муруту алынбаган, жүдөө адамды көрүп, кайра кирет да “Билесиңерби, чачтарачтар бул дүйнөдө жок окшойт" – дейт.
-Кандайча? - чачтарач таң кала карайт. -Менчи? Мен чачтарачмын да!
-Жок! Чачтарачтар жок.. Эгер алар бар болсо, көчөдөгү тиги кишиге окшогон чачы өскөн, сакал-муруту алынбаган адамдар болмок эмес!"- деп үнүн жогорулатты тиги киши.
- Ой, маселе чачтарачтарда эмес! Адамдар өздөрү чачтарачка келбейт,
ошону үчүн алардын сакал-муруту, чачтары өсүп кеткен.
- А маселе ошондобу?! Сиз өзүнүздүн сурооңузга өзүнүз жооп бердиңиз. Кудай бар, болгону адамдар Аны издешпейт жана Ага жакындашпайт. Ошон үчүн дүйнөдө ушунча кыйынчылыктар ... ушунча оорулар...
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#683 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 19:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жашоонун 5 сыры

Чоң энесинин кат жазып жатканын көргөн небереси: "Чоң эне, мен жөнүндө жазып жатасызбы?” деп тынчын алды. Чоң эне небересине жылмайып, “Ооба, тентегим. Сен жөнүндө жазып жатам. Бирок менин жазганым эмес, эмне менен жазып жатканым маанилүү. Качан сен чоңойуп, эр жеткенде ушул калемдей болушуңду каалаймын” деп, башын сылады.
Небереси калемди ары-бери тегеретип карап, өзчөлөнгөн эч нерсени байкабайт.
-Башка калемдерге окшош эле экен го!
-Буюмду кандай карап жатканыңа байланыштуу. Сенин татыктуу жашап өтүүңө шарт түзүп бере турган беш сапатка бул калем ээ.

Биринчиден: Сен акылдуу болушуң мүмкүн, бирок эч качан Багыттоочу Колдордун бар экенин унутпашың керек. Биз ал колдорду Жогорку күч деп атайбыз. Ал күчкө ишен жана аны сезе бил!

Экинчиден: Жазыш үчүн калемди учтоого туура келет. Калем үчүн бул бир топ ооруну жаратат, бирок учталгандан кийин калем ичке жана сулуу жаза баштайт. Ошондуктан, ооруга чыдай бил жана ал сага жагымдуулук тартуулаарын эстен чыгарба!

Үчүнчүдөн: калем менен туура эмес жазып алгандарды өчүргүч менен тазалап, оңдоого болот. Өзүңдү оңдоо-дайым эле жаман боло бербейт. Көпчүлүк убакта бул туура жолдо жүрүүнүн жалгыз ыкмасы болуп калат.

Төртүнчүдөн: Калем дегенде анын жыгачтан жасалганын же формасын эмес, ичиндеги графитти түшүнүү керек. Ошондуктан, ар дайым сенин ички дүйнөңдө эмнелер болуп жаткандыгын ойло!

Бешинчиден: Калем менен жазгандан кийин ар дайым из калат. Ошол сыңары сен да өзүңдүн жасаган иш-аракеттериң менен артыңа из калтырасың! Ошондуктан, ар бир кадамыңды ойлонуп жаса!
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#684 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жакшы сапатты көрөлү

Бир күнү мугалим өзүнүн окуучуларын чакырып, ортосунда кара чекити гана бар таза баракты көрсөттү да, “бул барактан силер эмнени көрүп турасыңар” - деп сурады. Чекит... Кара чекит... Кара чекит... деп жооп беришти. Ошондо алардын сүйүктүү мугалими бурчка отуруп алып ыйлап баштады.
-Айтыңызчы, эмнеге сиз мынчалык катуу ыйлап жатасыз? - деп аябай таң калды окуучулары.
- Менин окуучуларым бир гана кара чекитти көрүп, ак баракты көрбөгөнүнө ыйлап жатам - деди мугалим.
Биз дайыма адамдын жетишкендиктерин эмес, кемчиликтерин гана көрөбүз.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#685 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эмнеге тилегибиз орундалбайт?

Күндөрдүн биринде Ибрахим ибн Адхам Басра шаарындагы базарлардын биринен өтүп баратып. Адамдар ага кайрылып : "О Ибрахим! Чындыгында Алла Таала: «Мага дуа кылгыла, Мен силерге жооп беремин»** - деп убада кылган эле . А биз Аллага дуа кылып келебиз, бирок эмнеге дуаларыбыз кабыл болбойт?" – деп сурашат. Ал мындай деп жооп берди: «Анткени силердин жүрөгүнөрдү он нерсе өлтүрүп салган:

1) Алланы билип, бирок Анын буйругун аткарбадынар

2) Куранды окуп, бирок ага амал кылбадынар

3) Пайгамбарды жакшы көрөбуз деп, Суннөтүн таштадынар

4) Шайтанды анык душман деп, аны ээрчидинер

5) Бейишке кирүүнү энсеп, ага татыктуу иш кылбадынар

6) Тозок азабынан коркуп, өзүнөрду андан куткарбадынар

7) Өлүм анык деп айтып, ага эч даярдык көрбөдунөр

8) Адамдардан айып издеп, оз айыбынарга көнүл бурбадынар

9) Алланын берген ырыскысын жеп, Ага шугур кылбадынар

10) Өлгөндөрдү көмүп, алардан улгу-насаат албадынар

Анан кантип силердин дуанар кабыл болсун?!»

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#686 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Беш жыл сүйлөбөгөн эр

Эри жумуштан кеч келет. Сыналгы көрөт, гезит окуйт. Күйөөсүн кечке күтүп зериккен аялы күйөөсүн сөзгө тарткысы келет. Бирок күйөөсү "кийинчерээк, кийинчерээк" -деп уктап кала берет. Бул абал беш жылга созулат. Ошондо аялы бир даанышман дарыгерге барып кеңеш сураса, дарыгер ага бош кассетаны сунуштайт. Аял дарыгер айткан кеңеш менен үйүнө келип күйөөсүн күтөт. Күйөөсү келгенде ага: «Кымбаттуум, сага бир жакшы кассета алып келдим, уксаң абдан пайдалуу экен», - дейт. Күйөөсү кассетаны магнитофонго коёт. Беш, он , он беш мүнөт өтөт. Эч бир добуш жок. Күйөөсү: «Бул кассета бош окшойт»,-дейт.
Анда аялы: «Азыр , азыр башталат».
Жарым саат өтөт, үн жок. Күйөөсү кыжаалат боло баштайт.
Акыры ачууланып: «Сен , мени шылдыңдап жатасыңбы?! »
Аялы: «Жок, жок менимче кассетанын экинчи бетинде окшойт», - деп экинчи бетине которот. Ошентип бир саат өтөт. Дагы деле үн жок. Ошондо күйөөсүнүн ачуусу келип: «Сенин айыңан бир сааттан бери сүйлөбөгөн кассетаны күтүп отурам!» –десе, аялы: «А мен болсо беш жылдан бери сүйлөшпөгөн эр менен жашап келатам», -деп жооп айтыптыр.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#687 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Kыйынчылыктан кантип кутулам?

Хасан Басрийге бир киши келип кургакчылыкты айтып даттанат. Анда ал: “Аллахтан кечирим сура!”-деди. Башка бирөөсү жакырчылыкты айтып даттанды, ага ал : “Аллахтан кечирим сура!”-деп жооп кылды. Дагы бирөө: «Балалуу боло албай жатамын» - деди. Ага да “Аллахтан кечирим сура!”-дейт. Дагы бирөө бактарынын куурап калгандыгын айтып даттанды. Ага дагы: “Аллахтан кечирим сура!”-деп айтты. Биз андан «Ар бири ар кандай суроо менен келди, а сиз бир эле жооп менен кайтардыныз? » -деп сурадык. Хасан Басрий: «Мен жеке өзүмдөн эч нерсе айтпадым. Аллах “Нух”( 10-14) сүрөөсүндө: “Жараткандан кечирим сурагыла, анткени Ал – Баарын Кечирүүчү. Ал силерге асмандан мол жамгырды жаадырат, силердин мүлкүңөрдү жана балдарыңарды коргойт, силер үчүн бактарды өстүрөт жана силер үчүн дарыяларды жаратат”, -деген деп жооп берди.»
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#688 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Барар жерибизге кайдыгер болбойлу! !!

Бир даанышман молдо жаназа намазын окуганы барат. Жаназанын алдында адамдарга кайрылып эскертүү жасайын деп, өлүм жөнүндө эскертип баштайт. Ал жердеги адамдар сөз бербей, “Молдоке, ошондойуңду токтотчу! Ансыз деле мына адам өлүп жатат го!” - дешет. Бул сөздү уккан даанышман алардын кайдыгерлигине аябай капа болуп, көзүнө жаш толуп, мындай дейт: “Айылынарда өлүм жок болсо, атанар кайда? Элиңерде өлүм жок болсо, эненер кайда? Ар бир нерсенин алгандан кийин бермейи бар. Ар бир адамдын келгенден кийин кетмейи бар. Жашоо канча узак болсо да, бүтө турган күнү бар. Түн канча узун болбосун, баары бир таң атаар! Жашоо болгондон кийин өлүм бар....»- деп ыйлаган экен.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#689 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Өзү казган аңга түштү

Бир күнү Абу Жахил Пайгамбарыбызга «саллаллаху алейхи ва саллам» бир тузак даярдамакчы болуп, үйүнүн алдына чуңкур кылып аң каздырат. Кийин Алланын элчисин үйүнө чакырат. Пайгамбарыбыз бул чакырыкты кабыл алып, Абу Жахилдин үйүнө карай жолго чыгат. Абу Жахилдин үйүнө жакындаган кезде Жабраил алейхис салам Пайгамбарыбызга келип, Абу Жахилдин үйүнүн алдына тузак кылып, аң каздырганын айтат. Бул кабарды алган Пайгамбарыбыз өз үйүнө кайтат. Абу Жахил болсо, Пайгамбардын артка кайтып кеткенин түшүнбөй калат. Себебин сурамакчы болуп, үйүнөн жүгүрүп чыгып, эшиктин алдына бутун басар замат өзү каздырган аңды унутуп калып, өзү аңга түшүп кетет.

Анын аңга түшүп кеткенин көргөндөр аны чыгарыш үчүн жип узатышат. Абу Жахил жипке жете албайт. Жипти узартышкан сайын чуңкур тереңдей берет. Абу Жахил аңдын ичинде акылынан адашаарлык абалга жетет. Айласы кеткенде адамдар Расулуллахка кабар беришип, Абу Жахилди аңдан чыгаруусун өтүнүшөт. Пайгамбарыбыз САВ аңдын жанына келип айтат:

- Сени чуңкурдан чыгарсам ыйман келтиресинби?

Абу Жахил кабыл кылат.

Пайгамбарыбыз мубарек колдорун узатып, Абу Жахилди чуңкурдан чыгарат. Абу Жахил чуңкурдан чыгар замат: “Өмүрүмдө сенчелик күчтүү сыйкырчыны көргөн эмесмин” – деп ыйман келтирбей жүз буруп басып кетет.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#690 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жаш бойдон калуунун сыры

Үч бир тууган болгон экен бири 70 жашта,экинчиси 80 жашта, үчүнчүсү 90 жашта.Үчөө тең сыртынан 60 жаштагы үч эгиздер сыяктуу көрүнүшчү экен. 70 жаштагысынан жаштыкты сактоонун сырын сурашат. Ал болсо: "80 жаштагы агаман сурагыла, менден он жаш улуу болсо да, мен сыяктуу 60 жаштагы адамдай жаш болуп турат”-дейт. 80 жаштагы агасына барышат. Ал болсо. 90 жаштагы агасын көрсөтүп: "Менден улуу болсо да 60 жаштагыдай жаш болуп турат, ошондон сурагыла”-дейт. 90 жаштагы жигит аксакалга барышат. "Анда эмесе келгиле силерге түшүндүрүп берейин. Алгач бир нерсе жеп алалы, андан кийин айтып берем” - дейт.

Тамактан кийин өзүнө окшогон тың кемпирине дасторконго дарбыз алып келүүсүн өтүнөт. Кемпири үстүңкү каттагы чатырдан бир дарбыз тандап келет. Жигит аксакал дарбызды жактырбай, мындан да жакшыраагын алып кел дейт. Кемпири барып кайра дарбыз алып келет. Биздин жигит аксакал аны да жактырбайт, кайра башка дарбыз алып кел дейт. Кемпири дагы бир дарбыз алып келет, бирок, аны да жактырбайт.

Конокторго: "Кемпир жакшысын тандай албады, келгиле бирге дарбыз тандайлы”, - дейт. Чатырга барганда карашса бир эле дарбыз турат. Кемпирдин бир эле дарбызды кайра-кайра алып кетип жүргөнүн түшүнүшөт.

Жигит аксакал конокторуна: "Эми жаш бойдон калуунун сырын түшүндүңөрбү? ” – деп сурайт. Алар да түшүнгөн жокпуз дешет. Аксакал: "Чатырда дарбыз бирөө эмес беле? Кемпирим мени уялтпаш үчүн ар келген сайын башка дарбыз алып келгендей болуп көрүндү. “Чатырда башка дарбыз бар беле, болгону бирөө”-деген жок. Ал мени эч капалантпады, мен дагы аны эч капалантпадым. Үй-бүлө ичиндеги эч бир нерсени сыртка, башкача айтканда өз эне-атабызга да, башкаларга да эч качан билдирген жокпуз. Бири-бирибизди башка бирөөлөрдүн алдында жаман абалда калтырган жокпуз, уялткан жокпуз. Ошону үчүн экөөбүз тең жаштыгыбызды сактадык” - деп жаштыктын сырын түшүндүргөн экен.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#691 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Менин колумдан эмне келет эле дебеңиз!

Бир күнү Немрут падыша Ибрахим алейхис саламды отко ыргытууга чечим чыгарат. Ушунчалык чоң от жаккандыктан, өзү дагы отко жакындай албайт. Бир убакта бир кумурска оозуна суу алып, отту өчүрүш үчүн алыстан алып келаткан болот. Бирок, жакын бара албайт, отко жакын бир жерге алып барып таштайт.

Соолих киши сурайт экен:

- Сен эмне кылып жатасың?

Анда кумурска айтат:

- Ошону сураба! Аллахтын Пайгамбарын өрттөгөнү жатышат. Отту өчүргөнгө аракет кылып жатам.

Олуя зат сурайт:

- Сен көтөрүп келген бир тамчы сууң менен бул тоодой болгон от өчмөк беле?

- Аллаху Таала ар кимден күчүнө жараша эсеп сурайт. Менин күчүм ушунчалык.

Аркы тараптан бир жылан токтобостон отту тутандырып жаткан болот. Айтат:

- Сен эмнеге минтип жатасың?

Жылан айтат:

- Бүгүн майрам! Бир Пайгамбар өрттөнөт.

Жылан дагы күчүнүн жетишинче колунан келген жамандыкты кылууга аракет кылууда.

Демек, айбандар дагы эки топко бөлүнсө, адамдар дагы эки топко бөлүнөт экен: бири отту тутандыргандар, экинчиси отту өчүргөндөр.

Аллах Таала бизди отту өчүргөндөрдөн кылсын!
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#692 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Күйөөсүнөн аялына кат

Мен сен үчүн бейпилдик менен тынчтыкты ар дайым орнотоормун. Сыноо жолунда Аллах мага жардамчы кылган адамга, жашоодогу менин таянычыма, менин балдарымдын энесине! Мага Аллах андан адилеттүүлүктү жана жакшы мамилени парз кылган адамга!
Менин жүрөгүмдүн берметине арналат.
Сен менин үйүмдүн атмосферасына сүйүүнү жана назиктикти толтурган, жыргалчылыкты жана бейпилдикти орноткон адамымсың!
Сен менин балдарымдын кең пейил мусулмандардан болуп чоңойушун каалап, Исламдын духу менен тарбиялап жаткан адамымсың!
Аллахтын Элчиси Мухаммад САВ “Аялыңарды баалуу алмаздай сактагыла”, - деп айткандай, мен сага караганда менин көздөрүм сүйүнөт.
Сен менин жубайымсың, жан дүйнөмдүн кулпурган гүлүсүң!
Менин ар бир күнүм кандай гана болбосун, үйүмө куш сыяктуу учуп келгенге шашам. Анткени, үйүмдө ар дайым кечки же түшкү тамак, жуунганга жылуу суу, намаз окуганга таза жайнамаз жана жаркыраган күлкү күтүп турарын билем. Мени үйүмдөгүлөр ар дайым күтөөрүн, сүйөөрүн, түшүнөөрүн жана сыйлаарын сезем. Сенин мага назик үнүң менен тынчтандырып айткан сөздөрүң мендеги үйүлгөн оор көйгөйлөрдү аябай жеңил кылып, менин жалгыз эместигимди түшүндүрөт.
Мен кандай гана жагымсыздыктарга учурабайын, кандай гана үмүтсүздүк курчабасын, сен ар дайым үмүт менен кадам таштаганга, эргүү менен иштенге, коркпостон иштегенге дем берген сөздөрүңдү айтасың!
Мен көп убакыт үйдө жок кезде сен Аллахтын буйругун аткарып, бардык күчүң менен аракет кылып менин урматымды жана мүлкүмдү сактаганга аракет кыларыңды билем.
Кээде мен себепсиз эле кыйкырып, урушкан күндөрүм болот. Сен болсо жөн гана жер карап, менин ачуумдун тарашына мүмкүнчүлүк берип башка бөлмөгө кирип кетесиң. Мен себепсиз эле ачууланганымды, сени себепсиз эле таарынтканымды түшүнөм. Сенден кечирим сураганы кирип, ыйды женген баягы эле назик жылмайууну көрөм жана сен мени кечиргенге күч табасың!
Сен менден бийиктиктерди талап кылбаганың үчүн ыраазымын. Эгер кандайдыр бир ашыкча акчаң болсо, өзүңө майда-чүйдө жасалгаларды сатып албастан, мени жана балдарымды кубантканга шашасың. Кандайдыр бир себептерден улам сени жана балдарымды тамак-аш менен камсыз кыла албай калсам, ал милдетти сен өзүңө алганыңа ыраазымын. Кээде сенден кандайдыр бир нерселерди сурансам, менин ыраазычылыгым үчүн чын көңүлүңдөн кылганга аракет кыласың! Анткени, сен Аллах күйөөсүн ыраазы кылган аялдарды ыраазы кыларын билесиң! Менин балдарыма кылган камкордугуңду көрүп, сенин чыдамкайлыгыңа ыраазы болом, менин балдарымдын ушундай энеси бар экендиги үчүн Аллахга шүгүр айтам. Мага ар дайым көңүл бөлүп, сүйүү, назиктик тартуулап турасың.

Мен сенин жолдошуң, балдарыңдын атасы, сенин Жаннатыңдын ачкычымын, Иншааллах! !!
Аллах менин күбөм болсун: мен сенден ыраазымын, мен сенден ыраазымын,
мен сенден ыраазымын!!!
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#693 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Аялынан күйөөсүнө кат

Жараткан менин турмуштук тагдырлашым кылган адамга!
Жараткан менин тагдырымды байлаган, жүрөгүбүзгө сүйүү берген, бизди Өзүнүн эркинде кылган, бири-бирибизге урмат жана боорукердик жасаган адамга!
Сурак күнүндө мен үчүн Аллах алдында жоопкерчилик алгандан коркпогон адамга!
Иншааллах, сен менин өмүрлүк жолдошумсуң, сен менин бейишимдин ачкычысың!
Сенин үйүң бейпилдик жана тынчтыкта жашаган, өзүмдү корголгон адам катары сезген, таарынычка, уруш-талашка орун жок менин сепилим! Мен кайда болбойун, бирок сенин сепилиңе келгенге шашам.
Ар бир таңда сенин жаныңда уйкудан ойгонуп, Аллахка сени мага жолуктурганына ыраазычылык билдирем.
Ар бир күнү сени менин балдарыма тамак таап келүүгө жөнөтүп жатканда, мүмкүн, бул менин сени акыркы жолу жөнөтүп жатканымдыр деп жүрөгүм кооптонот.
Ар бир күнү сен эшикти жаап, сыртка чыгып кетериң менен сени сагынам жана кечинде сен кайрылып келип, мен сени кайрадан көргөнчө күтө албайм.
Сен менин бул жашоодогу таянычымсың, менин тайгак жолумдагы жолоочумсуң! Эгер мени менен саламдашпасаң, сенин көздөрүңдө тынчсыздануу пайда болуп, үнүң сенин мага кайдыгер эмес экениңди айтып турат.

Эгер мага жардам же кеңеш керек болсо, мен сага кайрылам, себеби менин көйгөйүмдү жоопсуз калтырбашыңды, менин көйгөйүм сенин да көйгөйүң экендигин билем. Эгер мен туура эмес иш жасасам, сен ачууң келгенин байкатпай, мени жумшак гана жазалап, катамды оңдоого жардам бересиң жана Кудайдан менин күнөөлөрүмдү кечирүүсүн суранасың!
Убакытың аябай аз болсо да, сен аны үй-бүлөң үчүн арнайсың! Ар бир адамдын көйгөйүн укканга, түшүнгөнгө жана жардам бергенге аракеттенесиң! Сенин бул кылгандарың мен үчүн аябай маанилүү!

Эгер кокусунан сени нааразы кылсам, сен мени кечиргенче менде тынчтык жок жана ар качан сен мени кечиргенге өзүңдөн күч табасың.
Ар дайым кичинекей уулуңду көтөргөнүңдө же кичинекей кызың менен ойногонуңда мен эрксизден сенин назик, жылмайыңкы көздөрүңдү сүйөм, менин балдарыма ушундай атаны насип кылгандыгы үчүн Аллахка шүгүрлөр келтирем жана өзүмдү аябай бактылуу эне сезем.
Ар дайым сен менин көздөрүмө тигиле карап, “Сени Аллах үчүн сүйөм” деп айтканыңда, мен Аллах бизге ырайым менен карап тургандыгын эстейм.

Мени колумдан кармаган кезиңде, мен биздин күнөөлөрүбүз манжаларыбыз аркылуу суу сыяктуу агып кетип жаткандыгын эстейм.
Мен сенин жубайыңмын, балдарыңдын энесимин жана Аллахка ырайымдуулугу үчүн миллион жолу шүгүрлөрдү келтиремин!

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#694 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кишини таануунун ченеми

Бир адам Хазрети Умардын жанында бир маселе тууралуу күбө болгон эле. Хазрети Умар андан: "Мен сени тааныбайм, сени тааныган бир адамды алып кел”-дейт.

Ошол жерде тургандардын бири: "Мен аны тааныйм”-дегенде, Хазрети Умар: "Ал кандай адам?” – деп сурайт. Ал: "Ишеничтүү жана адилеттүү адам”-деп жооп берет.

Хазрети Умар кайра сурайт:

- Күндүзү дагы, түндө дагы кандай экендигин билгидей жакын кошунаңбы?

- Жок.

- Адамдын такыбалыгын белгилүү кыла турчу нерсе мамилеси болуп саналат. Бул адам менен бир нерсе алышып-бериштиң беле?

- Жок.

- Аны менен адамдын ахлагынын жакшы же жаман экендигин билүүгө мүмкүндүк берчү кандайдыр бир сапарга чыгып көрдүң беле?

- Жок.

- Ошондо Хазрети Умар: "Сен аны тааныбайсың”- деп, тиги адамды карап: "Бар, сени тааныган бир адамды алып кел”-дейт.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#695 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бар нерсенин баркын билүү

Сууда жашаган бир балык суунун кадырын билбейт, суудан чыгарып койсоң, кайра сууга жетиш үчүн жан алакетке түшөт. Адамдар дагы ушундай. Колунда турган жакшылыктардын шүгүрүн анык биле албайт, жамандын жаманын көрмөйүнчө, башынан өтмөйүнчө анча түшүнө бербейт.

Бир падыша кулу менен бирге кемеге түшөт. Кул эч качан деңиз көрбөгөн жана кеме машакатын тартпаган эле. Онтоп ыйлап баштайт. Калтырап титирейт. Сооротуш үчүн канча аракет кылышса да басылбайт. Падышанын тынчы кетет.

Кемедегилер эмне кылууну билбей турган кезде карыя бир адам падышанын алдына чыгат, уруксат берсеңиз, мен анын үнүн басайын дейт. Падыша мунун сунушун жактыруу менен кабылдайт.

Карыянын буйругу менен кулду деңизге ыргытышат. Кул бир нече жолу сууга чөгүп, кайра чыгат. Кийин чачынан кармап, кеме тарапка тартышат. Кул кемеге жакындаганда эки колу менен жипке бекем карманат, ошентип кемеге чыгып, бир бурчка кадалып энтигип отуруп калат.

Карыянын кылган жоругу падышаны таң калтырат. "Бул ишиңдин сыры эмне?” - деп сурайт.Карыя адам жооп берет: "Кул алгач сууга чөгүү, тумчугуп өлүү коркунучун башынан өткөргөн эмес. Ошондуктан кемедеги жан саламатынын кадырын билбеди. Мына, тынчтык жана бакыт ушундай болот, бир жамандык көрбөгөн адам көңүл тынчтыгынын кадырын биле албайт.”
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#696 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Акылмандыктын акыйкаты

Күндөрдүн бир күнүндө Византия башкаруучусу Багдатка чабарманын жөнөтүүнү чечип, мусулмандарга үч суроону берүүнү буйрук кылат. Шаарга жетип келген элчи башкаруучунун кабарын алып келгенин айтат. Мусулмандардын падышасынын сарайына кирип, үч татаал суроосун жарыя кылат. Багдат халифи шаардагы аалымдарды чогултат. Чабарман бийик трибунага чыгып:

-Мен силерге үч суроо менен келдим, эгер жооп таба алсаңар Византия башчысы ченемсиз байлыкка бөлөйт -, дейт да суроону айтат.

-АЛЛАХ жаралганга чейин эмнеге жаратылган?

-АЛЛАХ кайсы тарапты карап турат?

-Азыркы учурда АЛЛАХ эмне менен алектенип жатат?

Бул соболдорду укканда акылмандар үн жыңсыз тыным алып калышат. Жымжырттыкты жамааттын арасынан чыккан ичке добуш бузат:

- Ата, бул суроого мен жооп берсем болобу? Менин жообумдан тиги чоочун жерден келген адам унчукпай калар.

Бала суроого суроо менен жооп кылып:

-Санакты билесиңби?

-Ооба, -деди тиги чабарман.

-Анда, ондон артты көздөй саначы-деди бала. Тиги санап кирди: - он, тогуз, сегиз......бирге чейин санады.

-Кана, бирден мурда да сан барбы?

-Жок, бул акыркы сан-деп тан калды.

Эгер арифметикалык бирдиктен мурда эч нерсе жок болсо, Жалгыз, Түбөлүктүү, Абалкы жана Акыркы, Белгилүү да, Жашыруун болгон ЗАТтан мурда эмне болушу мүмкүн?! –деп өктөм жооп кылды. Мындай жоопту күтпөгөн чабарман четке кага алган жок. Ал кийинки суроосун кайталады:

-Кана айтчы, АЛЛАХ азыр кайсы багытты карап турат?

-Шам алып кел да, жартчы-деди бала. Шамдан чыккан жарык кайсы тарапты карап турат?

- Баардык тарапты, түндүктү, түштүктү, батышты да чыгышты да карап турат,- деди чабарман тан калып. Муну уккан бала:

-Эгер физикалык жарык төрт тарапты карап турса, АЛ кайсы тарапты карап турат жана асман, жердин нуру АЛЛАХтан эмнени күтүп жатасың?! АЛЛАХ баардык учурда баардык тарапты карап турат. Чабараман чындап тан калып, көргөн көзүнө ишенбеди. Ушул абалында акыркы суроосун берүүгө аракет кылды. Бирок, бала сөзүн бөлүп :

-Токто, сен суроо берүүчүсүң, мен ага жооп берүүчүмүн. Сенин суроолоруң элге жакшы угулгандай, менин жоопторум да жакшы угулсун. Эгер экөөбүз ордубузду алмаштырып турсак адилеттүү болмок.

Чабарманга ордун бошотту, бала анын ордуна трибунага чыкты. Тиги адам үчүнчү суроосун кайталады.

-АЛЛАХ азыр эмне кылып жатат?

Бала көкүрөгүн көтөрө:

- АЛЛАХ исламды мыскылга алган, калпычыны (трибунандан) ылдый түшүүгө мажбур кылып карап отургандардын алдында басмырлап койду. Ал эми ким АЛЛАХтын жалгыздыгына ишенсе, анын тилинен чындыкты сүйлөтүп, көтөрүп койду. «Асмандардагы жана жердегилердин баарысы Андан тилешет. Ал күн сайын иретке келтирүүдө» (Ыйык Куран, Ар-Рахман, 29)

Чабарман кыларга эч нерсе калган жок. Ал уят болгон абалда өзүнүн шаарына кайтты. Бала эр жетип, исламдагы белгилүү аалым болду. Кудуретүү АЛЛАХ ырайымына алып, ага өзгөчө акылмандыкты жана динди терең түшүнүүнү насип кылды. Ал баланын атын Абу Ханифа (АЛЛАХ андан ыраазы болсун) деп чакырышчу. Ал кадимки улуу устат жана ислам аалымы Имам Аъзам сыяктуу атакка жетти.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#697 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Хадис чындыгы

Пайгамбарыбыз Мухаммад (сав) хадистеринде өткөндү да, келе турган окуяларды ачык, даана айтып койгон. Анын айткандарына кээ бирлер таң калышат. Ооба, аны АЛЛАХ ушундай үйрөттү, ал эми пайгамбар (сав) аны бизге жеткирди. Геология боюнча америкалык окумуштуу профессор Пальмар мындай дейт: «Менин изилдөөлөрүм АЛЛАХтын жиберген пайгамбарына болгон ишенимимди бекемдеди».

АЛЛА Хтын элчиси (сав) баардыгын өзүнөн өзү эле билип калган эмес, боло турган олуттуу окуяларды ЖАРАТУУчу улам толуктап үйрөтүп турган. Ошондуктан анын айткандары турмуш чындыгында далилденди. Буга тарых күбө. Мисалы, Фердинандонун Андалузияга болгон жортуулундагы адамдардын зөөкүрлүк менен өлтүрүлүшү, китептерди өрттөгөн жапайычылыгы . Монголдордун жортуулдарын, Константинополду алуу сыяктуу тарыхый окуялардын урунттууларын алдын ала айткан. («Муснад», 4/335).
Пайгамбарыбыз (сав) биздин күндөгү боло турган окуяларды сүрөттөп мындай деген эле: «Соода– сатык ушундай абалга жетет, соода иштеринде аялдар күйөөсүнө жардамдашып калат. Тууганчылык мамиле үзүлөт. Жалгандан күбөлүк берүү менен чындыкка күбөлүк берүүнү жашырып коюшат. Калем кеңири тарайт». ( «Муснад», 1\407, 408). Биз бул хадистердин турмушта ырасталганына толук күбө болуп жатабыз. Соода–сатык кеңири тарап, жарнамага эле канча деген миллиарддаган каражаттар жумшалып жатат. Соода иштеринин басымдуу бөлүгүн аялдар жоопкерчилигине алышкан. Жарнаманы да аялдар аркылуу кылып калдык. Тууганчылыктагы мамиле солгундап барат. Ата–энелер картайганда, камкордукка, көңүл бурууга муктаж болгондо карылар үйлөрүнө жеткиргенге шашып калдык. Калемдин кеңейгенин учурдагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын көбөйүшү, жазмакерликтин кеңири жайлышы деп кабылдоого болот. Эсепсиз гезит–журналдардын, китептердин чыгарылып жаткандыгы дагы бир жолу далилдейт. Жалгандан күбөлүк берүү чөйрөнү курчап, коом жалганды өндүргөн фабрикага айланып калгандай. Алдамчылык, саткынчылык кулач жайып барат. Бул көрүнүштөр канча кылым мурда эле айтылса да, бүгүн, ушул окуяны көрүп туруп айткандай кыяз калтырат.

Биздин күндөн кабар берген дагы бир хадиске назар салсак, «Баш аламандык болот. Адамдар бузукулук кылгандай, окуган намаздары үчүн уялып калышат». Мунун баары биздин муундун жашоосунда болуп жаткан көрүнүштөр. Адамдарды ибадат кылгандары үчүн башка бир туура эмес, ыплас иш кылган сыяктуу басмырлашат. Диндарлар каардуу, кесепеттүү күчтөрдүн үстөмдүгүндө калган сыяктуу.

Башка дагы бир хадисте мындай деген маани айтылат: «Сүткорлук кылбаган бир дагы адам калбай калган учур келет. Ким бул иштен качса да, ага чалынып калат». («Муснад», 2\494). Чынында, учурда сүткорлук менен шугулданбаган эч бир коммерциялык уюм жокко эсе. Түздөн түз, же кыйыр түрдө болсо да пайызга байланышы бар. Бүткүл дүйнөдөгү соода–сатык ушул механизм менен иштеп жатат. Бул көрүнүш кадимкидей эле кабыл алынып калды. Эми дагы бир биздин заманды чагылдырган хадиске назар салсак, Пайгамбар (сав) белгилегендей ар кандай деңгээлдеги мектептерде бардык катмардагы жана урук–уруудагы адамдар кудум жарышка түшкөндөй жарыша окуп калышы. Турмушубузда көптөгөн окуу жайлар ачылып, илимдердин дүйнөгө кеңири тарашы, байланыш жана маалыматтын өсүшү, илимдин тез ылдамдыкта өнүгүшү менен убакытты кыскартуучу каражаттардын пайда болушу тууралуу чындык- учурларды канча кылым илгери эле эскертип кеткен.

Пайгамбар (сав) дагы бир хадисте мындай дейт: «Мейкиндик менен убакыт жакындашмайын Кыямат келбейт». («Маджмау-завид»). Аалымдар бул хадистеги «мейкиндик менен убакыт жакындашмайын» деген сөздүн маанисин– ачуу керек дешет. Астрономдор жана астрофизиктер убакыт өткөн сайын жердин жогорку катмары эллипс формасына окшошуп бара жатат деген тыянактарды айтышат. Бул өзгөрүү убакыттын өзгөрүүсүнө таасирин берет. Акыйкатын АЛЛАХ билет. Заманбап илимий ыкмалар бүгүн 1400 жыл илгери Пайгамбарыбыздын (сав) айткандарын тастыктап, моюндап турат.

профессор Альфред Кронер, Германия, Майнца университети
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#698 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Үч адамдын сыналышы

Бани Исраил коомунда үч жөөт жашаган экен. Бири башы таз,экинчиси сокур,үчүнчүсү денеси ала була котур болгон. Аллах аларды сыноо максатында периштени жөнөтөт. Денеси ала-буласы бар котур жөөткө келип периште сурайт:
-Сенин бардык нерседен жогору турган каалооң кандай?
- Жылмакай тери жана сулуу денени каалайм. Себеби, оорума байланыштуу бардык адамдар менден жийркенип качышат.
Периште денесин сылаар замат тактар кетип, дене мүчөсү келишимдүү болот. Периште кайра суроо берет:
-Кайсы жаныбар сага абдан жагат?
-Төө
Туутуна аз калган боз төө менен сыйлайт да, “Аллахтын тартуулары берекелүү болсун” деп көздөн кайым болот.
Андан соң башы таз жөөттүн жанында пайда болот да, ага да суроо берет:
- Сенин бардык нерседен жогору турган каалооң кандай?
-Менин таздыгым жоголуп, элдер шылдыңдабай калуусун суранат элем.
Периште башын сылаары менен коюу, жылтыраган чач пайда болот.
Кайрадан сурайт:
-Кайсы жандыкты барынан жакшы көрөсүң?
-Уй
Аллах аны да боз уй менен сыйлайт. “Ушул уй сага берекелүү болсун!” деп коштошуп, периште сокурдун жанына барат да андан да сурайт:
-Сенин бардык нерседен жогору турган каалооң кандай?
-Аллах мага көрүүмдү берсе, мен адамдарды көрөт элем.
Периште сокурдун көзүнө тиери менен анын көздөрү көрө баштайт. Андан да периште кайсы жаныбардын бар болуусун сурайт.Жөөттүн “кой”- деген жообуна периште боз кой тартуу кылат.
Бир канча мезгил өткөндөн кийин белекке тартууланган төө, уй жана кой ээлерине тукум алып келишет. Алар ошентип отуруп көбөйүп отуруп, ар биринде үйүр-үйүр төө, уй жана койлордун ээлери болушат. Периште Алланын буйругу менен алардын ар бирине кезигүүгө жана сынап көрүүнү чечет. Алгач денесинде ала тагы бар котур болгон жөөткө келет.
-Мен чет жактан келген бактысыз кедеймин. Жолдо акчамдын барын сарптап, эми ата мекениме кайта албай калдым. Менин үйүмө жетишимди Аллахтан жардам сурап жатам. Ушундай сулуулукту жана келбетти тартуулаган, байлыкты тартуулаган Аллах үчүн бир төөңдү мага берчи.
Ала-тагынан айрылган жөөт кыжырданат:
- Бул жакта бекер байлыкты каалаган жакырлар көп. Сурагандын барына бирден төө бере берсем эмнем калат!?
-Сени эстеп жатам. Кебетеңен адамдар качкан сен белең? Кедей болуп, Аллах бай кылган сен белең?-деп периште эскерди.
-Жок, бул байлыктын бары ата-бабаларымдан мурас болуп калган-деп жалган сүйлөйт.
-Эгер сен алдасаң Аллах бардыгын кайра ордуна кайтарып коёт.
Мындан соң периште мурдагы таз болгон жөөттү сынайт. Ал да бербей коёт. Периште “Эгер сен алдаган болсоң Аллах сени мурда кандай болсоң, ошол абалыңа кайтарсын”, -деп коштошот.
Акырында периште баягы колун тийгизүү менен көрүү мүмкүнчүлүгүн берген сокурга келет:
-Мекенимден алыс жүргөн бактысыз жакыр адаммын. Үйүмө кайтууга акчам жок. Жалгыз Аллах мени үйүмө кайтарат,сен мага жардам берет деген ишенем. Сага көрүү мүмкүнчүлүгүн берген Аллах Таала үчүн, жолумдун акысын берүү үчүн бир кой берчи.
-Чындап мен сокур элем. Аллах менин көздөрүмө жарык берди. Мен кедей элем, Аллах мени бай кылды. Сага кой керекпи-каалаганча ал. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн эч нерсемди аябайм.
-Сенин байлыгың сенде эле кала берсин. Аллах үчөөңөрдү сыноону каалаган. Ал сага ыраазы. Ал эми башы таз жана денеси ала өзүлөрүнүн жазасын алышты,-деп периште көздөн кайым болду. Калган экөөбү денеси ала-була менен башы таз бардык мал мүлкүнөн кол жууп,абалкы ала-була менен тазга айланышкан экен. Ошондуктан жашообуздагы ар бир бизге берилген неемат- жакшылыктар Алладан берилген сыноо болуп эсептелет.Ал жакшылыктарды туура колдонолу.Байлыгыбызга чиренип Алладан келген экенин унутуп калбайлы!
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#699 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Имам Ахмад жана Наабайчы

Имам Ахмад күндөрдүн биринде саякатка чыгат. Ал барчу жерине жете электе түн кирип калгандыктан, аны эч ким тааныбаган бир айылда туруп калат. Имам Ахмад ал айылдан кичинекей бир мечитти көрүп намазга барып, андан кийин ошол мечитке уктап алууну чечет. Уктайын дегенде алдынан мечиттин кароолчусу чыгат.

- Эй, сен эмне кылайын деп жатасың?

- Уктайын деп жатам.

- Бул жер уктоочу жай эмес! Кароолчу Имам Ахмадты тааныбады. Имам Ахмад да ким экендигин айтпады. Эгер кароолчу Имам Ахмадты тааныганда, сөзсүз аны мечитте калтырмак. Бирок Имам Ахмад өзүнүн аты, кадыры менен мактанчу эмес.

Кароолчу:

- Мечиттен чыгып кет!

Имам Ахмад:

- Бир аз уктаганга уруксат берчи.

- Жок, сен бул жерде уктабайсың! Бул жерде уктатканга бизге тыюу салынган. Чыгып кет! Кароолчу имамды мечиттен чыгарып жиберди. Имам Ахмад мечиттин дарбазасынын жанында жерге жатып уктай баштайт. Кароолчу кайрылып келип, мечиттин дарбазасынын жанында уктаганга болбостугун айтып, имамды жолдун ары жагына түртүп чыгарып салат. Ошол кезде эрте менен нан бышыруу үчүн камыр жасап жаткан наабайчы кароолчу Имам Ахмадты көрүп калат да, имамга келип, “Жүр, менин наабайканама барып эс ал. Наабайканам ысык жер. Бүгүн менин коногум болосуң” - деп, наабайканасына чакырат. Имам ордунан туруп, наабайчынын артынан жөнөйт. Наабайканага кирип, наабайчынын камыр жууруганын байкап, наабайчынын камырды ар бир ийлеген сайын "Астагфиру Ллах" деп айтып жатканын көрөт. Наабайчы да имамды тааныбайт эле. Наабайчынын ар бир кыймылына көз салып олтурган имам, ордунан туруп, “Көптөн бери ушинтесиңби”- деп сурады.

- Ооба. Көптөн бери.

- Сураган дуаңдын жемишин көрдүңбү?

- Ооба.

- Кандай жемиш?

- Мен кудайдан эмнени сурабайын, барын берип келет. Бир эле дуамды кабыл кыла элек.

- Ал кандай дуа эле?

- Мен кудайдан Ахмад ибн Ханбаль имам менен көрүшүүнү суранып келем.

- Аллаху акбар! Аллах сенин суранычыңа жооп берди. Мен Ахмад ибн Ханбалмын. Мени Аллах сенин наабайканаңа түртүп алып келип койгон Ахмад ибн Ханбалмын!
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#700 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 20:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Зулкарнайн падышанын осуяты

Зулкарнайн падыша өлүм алдында “Мен өлгөндө мени жуугандан кийин кепинге ороп, табытка салып, менин колдорумду эки тарапка ачып койгула. Кызматчыларым көрүстөнгө менин байлыктарымды качырларга артып алып барышсын. Менин эки колумда эч нерсе жок экенин, ачык экенин жана артымдагы кызматчыларым менен байлыктарымдын бул дүйнөдө калганын адамдар көрүп, бул дүйнөдөгү байлыктардын баары бул дүйнөдө каларын, адам оо дүйнөгө колу бош кетерин көрүшсүн. Бул жалган дүйнө эч кимди алдабасын”- деп насаат калтырып кетет. Зулкарнайн падыша өлгөндөн кийин анын насааты өзү айткандай аткарылат. Бул насаатты окумуштуулар төмөнкүдөй түшүндүрүшкөн: “Мен аскерлерим менен Батыш менен Чыгышты багындырдым, менин кол алдымда көптөгөн аскерлер жана кызматчылар болгон. Алардын баары мага баш ийип турушкан. Мен бардык дүйнөнү башкарып турдум. Мен сан жеткис байлыктарга ээ болдум, бирок силер көргөндөй мен мүрзөгө колдорум бош баратам, байлык түбөлүктүү эмес! Байлыктын баары бул дүйнөдө калат. Ошондуктан, бул дүйнөдө чыныгы дүйнөдө силерге ырахат алып келе турган иштерди жасагыла! ”.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 15 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 15, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 17:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: