Суперстан: „Хадис” . - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 56
  • 57
  • 58
  • 59
  • 60
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.

#1141 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   27 Сентябрь 2015 - 18:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

  • Ибн Шимаса Махри (рахматулоохи алайхи) ден риваят: «‘Амр бин ‘Ас (разияллооху анху) өлүм төшөгүндө жатканда биз анын алдында элек. Ал жүзүн дубалга буруп алып көпкө чейин ыйлады. Анын уулу: «Оо, атаке! Сизге Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) сүйүнчүлүү андай мындай кабарларды айткан эмес беле? (Башкача айтканда, сизге зор сүйүнүчтүү кабарларды айткан эле го)» – деп айтып жатты. Амр (разияллооху анху) бул сөздү угуп дубалдан бурулуп айтты: «Акыретке эң чоң даярдыгыбыз – Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) Аллахтын элчиси деп күбөлүк берүү» – деп сөзүн улап: «Мен үч доорду басып өттүм, анын бирөөсү мындай: Пайгамбарды (саллаллооху алайхи ва саллам) мендей жаман көргөн киши болгон эмес жана ал менин колума түшсө өлтүрүп салсам деген үмүтүм бар эле. Ушул менин жашоомдун эң жаман доору болгон. (Кудай сактасын) мен ошол акыбалда өлгөнүмдө сөзсүз тозокко түшөт элем. Ушундай доордон кийин Аллах Таала менин жүрөгүмө исламды салды. Мен Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын алдына келип: «Колуңузду бериңиз, келишим кылайын», — дедим. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) колун (мага) сунду эле мен колумду артка тарттым. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Сага эмне болду?». Мен айттым: «Мен шерт кошойун» Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Сен эмнени шерттешесиң? ». Мен айттым:«Менин күнөөмдүн кечирилүүсүн». Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Ислам өзүнөн мурдагы нерсени жок кылаарын, көчүү (хижрат кылуу) өзүнөн мурдагыны жок кылаарын, ажылык өзүнөн мурдагыны жокко чыгараарын билбейсиңби? ». Мына ушул доор — менин Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) ды мендей эч ким сүйбөгөн жана аны менден да аша улуу тутпаган доорум. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын улуулугунан мен ага тике да карай алчу эмесмин. Эгерде бирөө менден Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын келбети жөнүндө сураса айтып бере албайт элем. Себеби мен аны толук карай албайт элем. Ошол бойдон өлгөнүмдө бейиштик болуума үмүтүм болмок. Ошол доордон кийин бир топ иштерге башчылык кылдык, бирок, билбеймин ал иш жөнүндө (Кыяматта) бизге кандай кабар берилет. (Ушул жашоомдун үчүнчү доору) мен өлсөм жаназама өкүрүп жулунуп кошок ыйлоочу аял жана от кошо болбосун. Мени көмгөнүңөрдө мүрзөмө топуракты жакшы салгыла, андан кийин мүрзөмдүн жанында төө союп этин таратканчалык убакыт токтой тургула. Силердин себебиңерден менин жүрөгүм тынчтансын жана да мен көрөйүн: Роббимдин периштелеринин суроосуна кандай жооп бере алам». (Муслим).

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1142 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   27 Сентябрь 2015 - 18:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

  • Майз (разияллооху анху) дан риваят: Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дан кайсыл амал абзел деп суралынды? Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): Аллах Тааланын жалгыздыгына ишенүү андан кийин, Аллах жолунда күрөшүү, андан кийин кабыл болгон ажылык. Бул амалдар менен башка амалдардын айырмасы күн чыгыш менен күн батыштын ортосунчалык. (Ахмаддын «Муснады»).

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1143 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   27 Сентябрь 2015 - 18:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

  • Суфян бин Абдулло Ас-сакафи (разияллооху анху) дан риваят: «Мен Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дан «Исламдагы жыйынтыктуу сөздү айтып бериңиз, аны мен сизден кийин эч кимден сурабайын» — деп айттым. Ал айтты: «Сен: «Аллахка ишендим» деп айт, андан кийин ошого бекем тургун». (Муслим).
Түшүндүрмө: Биринчи Аллах Тааланын зат жана сыфаттарына чын жүрөктөн ыйман келтирип, Аллах Тааланын жана Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын өкүмдөрүнө үзгүлтүксүз бекем туруу.(«Музаахир хак»).


لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1144 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   27 Сентябрь 2015 - 18:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

  • Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Лаа илааха иллалох» деп күбө берүүнү көп айткыла» аны менен силердин ортоңор (өлүм, оору менен) тосулуп калаардан мурда. (Абу Я‘лаа, Таргиб).

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1145 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   27 Сентябрь 2015 - 18:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

  • Макхул (рахматуллоохи алайхи) айтат: «Кашы-көзүн жапкан картаң киши Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын алдына келип: «Оо, Аллахтын элчиси, бир киши убадага каршы аракет кылат, күнөө иш кылат, дурус жана дурус эмес иштерди жасайт, анын күнөө иштери ушунчалык көп, анын күнөөлөрүн жердегилерге таратса алардын баарын жок кылат. Ушундай кишиге тообо жолу барбы?» – деп сурады. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) «Сен мусулмансыңбы? » – деди. Ал айтты: «Ооба, жападан жалгыз Аллахтан башка кудай жок жана Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берем». Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты:«Сен ошол күбөлүгүңө бекем турсаң Аллах Таала сенин күнөөлөрүңдү жакшылыкка алмаштырат». Ал киши айтты: «Оо, Аллахтын элчиси, менин убадаларды бузгандыгым жана жаман иштерим кечирилеби? » Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Сенин убадаларыңды бузгандыгың жана жаман иштериң кечирилет». (Ал киши Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын бул сөзүн угуп алып) «Аллоху Акбар», «Лаа илаха иллаллох» деп айттып кетти». (Тафсир ибн Касир).

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1146 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   27 Сентябрь 2015 - 18:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

  • Абдуллох бин Амр бин Ас (разияллооху анху) айтат: «Мен Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын мындай деп айтканын уккам: «Кыямат күнү Аллах Таала менин үммөтүмөн бир кишини элдин алдына чакырып, ага токсон тогуз амал китебин ачат. Амал китебинин чоңдугу көздүн жеткен жерине чейин. Андан кийин ал кишиге айтат: «Ушул амал китептериңди жазуучу периштелерим кемчилик кетиришкенби? ». Ал киши айтат: «Жок, оо, Роббим». Аллах Таала айтат: «Ушул күнөөлөрүңдү кылганыңа үзүр же себеп барбы?». Ал киши «Себеп жок» — деп айтат. Аллах Таала айтат: «Менин алдымда сенин бир жакшылыгың бар. Бүгүн сага эчким зулум кылбайт»- деп бир кагаз алып чыгат, анда «ашхаду аллаа илааха иллаллооху ва ашхаду анна мухаммадан абдуху ва росуулуху» деп жазылган болот. Аллах Таала: «Муну таразага тарт» – деп айтат. Ал пенде «Оо, Роббим! Ушул барак мынча көп китепке кантип тең келмек эле» деп айтат. Аллах Таала айтат: «Сага эчким зулум кылбайт».Ошентип баракты таразанын бир жагына коюп, экинчи жагына китептерди койгондо ошол барак оордук кылып басып кетет. Аллах Тааланын ысмынан ашкан салмактуу эч нерсе болбойт. (Тирмизи).



لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1147 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   27 Сентябрь 2015 - 18:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

  • Абу Катада (разияллооху анху) атасынан риваят кылат: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Кимде-ким Аллах жалгыз жана Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) Аллахтын элчиси деп, анын тили ушул менен алек болсо жана көп айткандан жүрөгү тынч болсо, аны тозоктун оту жебейт». (Байхаки).

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1148 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   27 Сентябрь 2015 - 18:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

  • Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Лаа илааха иллаллох» келимесин калыс жүрөктөн айткан, Кыямат күнү менин шафаатымдан көбүрөөк пайдалануучу киши». (Бухари).



لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1149 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   27 Сентябрь 2015 - 18:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

  • Абу Зар (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты:«Кимде- ким жүрөгүн ыйманга калыс кылса, (куфр жана ширк)тен таза тутса, тилин чын кылса, жүрөгүн (Аллахты эстеп, Анын ыраазычылыгына умтулса), өзүн оңдосо (күнөөгө барбаса) кулагын чын сөздү уга турган кылса, көзүн (ыйман жолун көрө турган) кылса чындыгында мындай киши бактылуу». (Ахмаддын «Муснады»).

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1150 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 15:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Абдулла ибну Умар, радыяллаху анху, айтты: «Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир адамдын жанынан өтүп баратып, анын өз инисин уялгандыгы үчүн урушуп жатканын көрүп калат. Ошондо Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага мындай деп айтты:

«Аны жөн койгун! Чындыгында, уялуу да ыймандан». (Имам аль-Бухари; Имам Муслим)

Абу Хурайра, радыяллаху анху риваят кылды, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

«Ыйман жетимиштен ашуун бөлүктөрдөн турат. Алардын эң жогоркусу – “Лаа илааха иллаллах” келмеси жана эң төмөнкүсү – жолдогу зыяндуу нерсени алып таштоо. Ал эми уяттуулук – ыймандын бөлүктөрүнүн бир бөлүгү». (Имам аль-Бухари; Имам Муслим)
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1151 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 15:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Абу Хурайра, радыяллаху анху риваят кылды, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

«Ыйман жетимиштен ашуун бөлүктөрдөн турат. Алардын эң жогоркусу – “Лаа илааха иллаллах” келмеси жана эң төмөнкүсү – жолдогу зыяндуу нерсени алып таштоо. Ал эми уяттуулук – ыймандын бөлүктөрүнүн бир бөлүгү». (Имам аль-Бухари; Имам Муслим)

Арап тилинде “аль-хая” уяттуулук – деген сөз “аль-хаят” жашоо – деген сөздөн алынган. Мына ошондуктан адамдын жашоосу ал үчүн канчалык маани-маңызга ээ болгон сайын, анын уяттуулугу да күчөйт. А эгер анын жашоосу маани-маңызын жоготсо, анда уяттуулугу да кетет.

Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, уяттуулук туурасында мындай деп айткан:

«Кимдин уяттуулугу кетсе, таквалыгы да кетет. Ал эми кимдин таквалыгы кетсе, анын жүрөгү өлдү дегенге барабар».
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1152 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   11 Октябрь 2015 - 19:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ибн Аббас р.а.дан риваят: Пайгамбар (САВ) айтты:"Ким Аллахка эчбир нерсени шерик кылбай жолукса ж.а бирөөнү өлтүрбөй жолукса ,ал Аллах Тааланын алдында (ушул эки күнөөнүн оордугу) жок болгондуктан өтө жеңил абалда жолугат". (Табарони,Мажмауз Завааид)
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1153 Пользователь офлайн   aruuzat88   26 Октябрь 2015 - 21:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

Просмотр сообщения konfetka_love (18 Февраль 2014 - 19:34) жазган:

Ибн Масьуд баяндаган хадисте, Пайгамбарыбыз (с.а.в.): "Мусулмандын каны үч абалда гана адал болот:
1. Ойноштук кылган үй-бүлөлүү адам;
2. Бирөөнү (айыптап) өлтүргөн адам;
3. Дининен чыгып, (мусулман) жааматтан бөлүнгөн адам".


Тооба кылдым,бул эмне деген хадис,жалган хадис тараткандарга Аллахтын азабы болсун.Жазган хадисиңизди кайсыл жерден алдыңыз?
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1154 Пользователь офлайн   Meruet84   26 Октябрь 2015 - 23:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения aruuzat88 (26 Октябрь 2015 - 21:10) жазган:

Тооба кылдым,бул эмне деген хадис,жалган хадис тараткандарга Аллахтын азабы болсун.Жазган хадисиңизди кайсыл жерден алдыңыз?

Бул жерде бир создон адашуу эле болгонго ""арам" "деген созду ""адалга ""алмаштырып алганго .Менин жеке оюмча .
Бирок бул хадистин бар же жалган хадис экенин билбейт экем.

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 26 Октябрь 2015 - 23:09

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1155 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   31 Октябрь 2015 - 21:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ХАДИСТЕРДИН САНЫН БИЛЕСИЗБИ?


Хадис, сүннөт жана кабар деген үч сөздүн мааниси бирдей деп айтсак да болот. Пайгамбарыбыздын (ага Алланын салам-салаваты болсун) айткан сөздөрү аткарган амалдары сүннөт же хадис болуп эсептелет. Ошондой эле кээ бир сахабалардын аткарган амалын көргөн пайгамбарыбыз аларды ал амалдан тыйбай, ыраазы болуп кала берсе ал да сүннөт болот. Кыскасы, пайгамбарыбыздын 23 жылдык жашоосу толук бойдон биз үчүн сүннөт же айкын жол деп айтсак жаңылышпайбыз. Кээ бир динге карасанатайлык кылган адамдар, кантип эле ушунча көп хадис болсун, бул сөздөрдүн көбү ара жолдон пайда болгон сөздөр деп айтышат. А чындыгында хадистер анча деле көп эмес. Жөнөкөй мисалды карап көрөлү, пайгамбарыбыз 23 жыл пайгамбар болду. 23 жыл болжол менен 198 миң саатка туура келет. Мындан күнүмдүк уйкуга 8 саат ажыратып салалы. Болжолдо 134 миң саат калат. Эгерде бир саатта, тагыраак айтканда, 60 мүнөттүн ичинде бир хадис айткан болсо, анда 134 миң хадис айтылмак. Ал эми хадис китептеринде жазылган хадистердин кайталанып айтылгандарын эсепке албаганда 134 миңге да жетпей калат. А эгер "Аллага ыйман келтирдим деп айткын да, туура жолдо жүр" деген сыяктуу кыска хадистерди эске алсак жана бир саатта беш хадис айтылды деп эсептесек, анда 500 миң хадис болот.
Хадис китептерине келсек, эң үлкөн болгон Бухаринин китебинде 7275 хадис бар. Ошондой эле Муслимдин китебинде да 7275 хадис камтылган. Бул хадистердин көбү окшош б.а. кайталанган хадистер.
Хадистерди айтып жеткирген сахабаларга келсек,
Абу Хурайра: 5375
Абдулла бин Умар: 2630
Анас бин Малик: 2230
Айша энебиз: 2210
Жаабир бин Абдулла: 1540
Абу Саьид Худри: 1170
Абдулла бин Масьуд: 848
Али бин абу Талиб: 586
Умар бин Хаттаб: 500
Умму Салама энебиз: 378
Абу Муса Ашари: 360
Бароо бин Азиб: 305
Абу Зар: 281
Саьид бин Абу Ваккас: 270
Абу Дарда: 174
Катада: 170
Убай бин Каььб: 164
Усман бин Аффан: 146
Хузайфа бин Яман: 100
Адий бин Хатим: 66
Аммар бин Ясар: 62
Хафса энебиз: 60
Салман Фарси: 60
Саид бин Зайд: 48
Майиуна энебиз: 46
Абу Бакр Сыддык: 42
Аббас бин Абдулмуталлиб: 35
Бардыгы: 19 855
Мындан башка да көптөгөн сахабалар хадис риваят кылышкан, бирок алар аз санда гана риваят кылышкан. Мындан сырткары, бир эле хадисти бир канча сахаба риваят кылган, кутбада, жыйында айтылган хадистерди жүздөгөн сахабалар риваят кылган.
Кандай болгон күндө да, пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) өзүнө аманат болгон динди бизге толук жеткирип кетти. Биздин милдет динге амал кылып, дин менен жашап, аны кийинки урпактарга жеткирүү гана. Анткени, эми пайгамбар келбейт. Динди жеткирүү ар бирибизге милдет экенин билүүбүз зарыл.

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1156 Пользователь офлайн   FCMUKG   03 Ноябрь 2015 - 14:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 197
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2023 04:55
  • Жынысы:Эркек

Бир күнү Умар ибн Хаттаб кечинде адамдардын тиричилигин көрүү үчүн шаар аралаганы чыгат. Көчөдөн өтүп баратып, сүт сатып күн өткөргөн аялдын үйүнө кирет. Ал келген убакта аял кызы менен сатканга сүт даярдап жатышкан эле. Кокусунан эне менен кызынын сүйлөшүп жатканынугуп калат.
Апасы:- Кел, сүткө суудан кошуп коелу.
Кызы:- Апа, буга башкаруучу тыюу салган эле го!
Апасы:- Кошконубузду башкаруучу кайдан билмек эле!
Кызы:- Апа, башкаруучу көрбөгөнү менен Аллах көрүп турат.Кыздын бул сөзүн уккан Умардын жүрөгү жылып, уулу Асимди ушул кызга үйлөндүрүүнү чечет. Булардын урпагынан адилеттүү башкаруучу Умар ибн Абдулазиз төрөлөт

Alhamdulillah
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1157 Пользователь офлайн   FCMUKG   03 Ноябрь 2015 - 14:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 197
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2023 04:55
  • Жынысы:Эркек

«ООЗ АЧЫРУУ б-ча»«Пайгамбар ﷺ мындай деди: Конок дасторконго отургандан туруп кеткенге чейин Периштелер үй ээсине дуа кылышат.»(Табарани)
Alhamdulillah
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1158 Пользователь офлайн   FCMUKG   03 Ноябрь 2015 - 14:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 197
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2023 04:55
  • Жынысы:Эркек

Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Эгерде аял беш маал намазын окуса, Рамазанда орозосун кармаса, абийирин таза сактаса жана күйөөсүнө баш ийсе, анда ага: «Бейиштин каалаган эшиктеринен кире бер»,– деп айтылат». {Сахих Ибну Хиббан}

Билдирүүнү түзөткөн: FCMUKG: 03 Ноябрь 2015 - 14:12

Alhamdulillah
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1159 Пользователь офлайн   FCMUKG   03 Ноябрь 2015 - 14:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 197
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2023 04:55
  • Жынысы:Эркек

Бул хадис Канзул Уммал китебинен алынган, Бул хадисте бардык суроолоруна жооп табасын. Бул хадисти бекем карман,аныменен жаша, окунучто калгандардан болбойсун!
Мени куноолорумдон эмне тазалайт?-Коз жаш,баш ийуу жана ооруКайсы жакшылык Аллах алдында жогору?-Жумшак муноз,жонокойлук жана кайгыларга кайрат кылуу,тагдырга ыраазы болуу.Кыямат куну Аллахтын каарынан коопсуз болгум келет.-Аллахтын жараткан нерселердин бирооно да ачуунду келтирбе.Дуаларымдын кабыл болушун каалайм.-Арам тамактан алыс бол,дуаларын кабыл болот.Куноолорумдун азаюусун каалайм.-Куноолорундун кечирилуусун тиле,куноолорун аз болот.Адамдардын арасында мартабалуу болууну каалайм.-Иштерин тууралуу адамдарга даттанба.Ыйманым толук болуусун каалайм.-Мунозунду жетиштир,ошондо ыйманын толук болот.Куноолордон таза абалда Аллахтын алдына баргым келет.-Гусулунду (толук жууну) кемтиксиз ал.Адамдардын эн жакшысы болгум келет.-Адамдар учун пайдалуу бол,эн жакшысы болосун.Эн адилеттуу болгум келет.-Озуно каалаганды озгого да ыраа кор, баарынан да адилеттуу болосун.Адамдардын арасынан эн билимдуу болгум келет деди бадави.-Аллахтан корк,ошондо эн билимдуулордон болосун деп жооп берди Аллахтын элчиси. Адамдардын арасынан эн бай болгум келет.-Аллах берген нерселерге канаат кыл, баарынан бай болосун.Аллахтын алдында озгочо болгум келет.-Аллахты кобуроок эсте,Анын алдында озгочо болосун.Шугур кылгандардан болгум келет.-Аллахка Аны коруп тургандай ибадат кыл,Аны сен корбосонда Ал албетте сени коруп турат Кыямат куну Аллах мени нур ичинде тирилтуусун каалайм.-Эч кимге зулум кылба жана басынтпа нур ичинде тирилесин.Кыямат куну Аллах мага мээримдуулук кылуусун каалайм.-Озуно жана Аллахтын кулдарына мээримдуу бол.Аллахтан ырыскымдын кобойуусун каалайм.-Дайыма дааратын бар абалда бол.Аллах жана Пайгамбарыбыздын суйуусуно татыктуу болгум келет.-Аллах жана Пайгамбарыбыз суйгон нерселерди суй.Аллах жана Пайгамбарыбыз жаман коргон нерселерди жаман кор.Кыямат куну Аллах калайыктын арасында мени уят кылбоосун каалайм.-Озунду зынакордуктан сакта.Аллах менин кемчиликтеримди кыямат куну жашыруусун каалайм.-Диндеш бир туугандарындын кемчиликтерин жашыр.Аллахтын алдындагы эн жаман жорук кайсы?-Кырс муноз менен ач коздук.Бул дуйно жана Акыретте Аллахтын каарын эмне азайтат?-Садаганы жашыруун беруу жана туугандык ка -тнаштарды жандандыруу. Кыяматта тозоктун отун эмне очурот?-Орозо тутуу. *** Озуно каалаган жакшылыкты озгого да каалап, бул Хадистерди башкаларга да тарат.

Alhamdulillah
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1160 Пользователь офлайн   jakshylyk   23 Ноябрь 2015 - 08:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 07 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2018 11:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:OSH


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 56
  • 57
  • 58
  • 59
  • 60
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 16:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: