Суперстан: Китепке каткан сырларым. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Китепке каткан сырларым.

#1 Пользователь офлайн   Lady_90   04 Ноябрь 2015 - 16:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 76
  • Катталган: 02 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 19 Май 2018 23:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал-Абад.

Саламатсынарбы форумчулар. Мен бул теманы жазганымдын себеби, азыркы учурдагы Москвачылык, алданган кыздар, саясат, уй-булоодогу чыр-чатактардан алыстап, тынч жашап жатканыбызга шугур кылалы деген ойдо, артта калган, каардуу согуш жылдарына баш баккым келди. Алдын ала катачылыктар учун кечирим сурап кетем.
Атам уйдун кичуусу болгондуктан биз чон энемин колунда остук. Мен чон энем мн бир болмодо уктачубуз. Кечинде сандыгын ачып, ичинен мага таттууларды алып берчу. Сандыгында эмне бар экенине кызыкпайт экенмин эле. Бир куну кокустан эле чон энемин козу отуп кетти. Ыйладым, оксудум. Ар куну чон энеми сагынчуу элем. Энемин козу откондон кийин сандыгынын ачкычын апамдар мага беришти. Бир куну кызыгып ичин ачтым. Эски ак кара тустогу суроттор, сырты бир аз эскирген дептер бар экен. Кызыгып дептерди барактай баштадым. 1970-жыл, 1-январь деп башкы бетке датасы жазылыптыр. Энемиин баштан откон окуялары экенин дароо эле сездим.
Быйыл кыш оор келди. Кун да суук. Же мен жалгызсырап ушуп жатамбы?! Сенин жоктугун менин конулуму чоктурот. Бирок уулдарыма алаксыйм. Ошол шум ажал коп уй-булоону азапка, кайгыга салды. Бири балам деп зар какшайт, бири атам деп. Согуш жылдардагы азап кем беле мага. 6 жашыман ач калып, бир узум нанга зар болду, уйдо сегиз жан элек. Кийим кече да бирибизге жетсе,бирибизге жетпей, тузук эле кыйналдык. Ал арада согуш болот деген имиштер таркап, уу-дуу болуп, журокту тушурчу кабарлар чынга айланды. Ишке жараган эркек аттуунун баары согушка аттанды. Оорукчан карыялар, жаш балдар гана калдык. Менин агаларым, атам да кетти. Мына ошондо гана чыныгы армандуу, ачуу, азап кундорум башталды. Атам кеткенинен бир ай откон сон кара кат алдык. Торт агаман биринин да дайыны чыкпады. Апам бечара балдарын ойлоп, атам каза болгонун уккандан кийин эле чунчуп, катуу оорудан улам коз жумду. Мен жетим болдум, жаштайыман бутум ылайга батты. Уруштан бир жыл отсо да, токтоор ою жок. Кара кат келгендердин саны арбын. Ачаарчылык, дан эгиндерине кара коо тушуп, тушуму аз. Эжемдер тылда иштеп, таруу тазалап, аштап, талкан жасап согуштагыларга жиберишчу. Эчендеген кан тогулуп Согуштун 3-жылы башталды. Конушу эжеге уулунан кара кат келгенине ишенип ишенбей,жер тырмалап, фашисттерди каргап ыйлап жатты. Кана эми энелердин коз жашын менен эле тынчтык орноп калса. Бир куну бир агамын дайыны чыгып, бутунан ок жеп ооруканада жатканын айтышты. Ошондо гана мен озумду жалгыз сезбей, конулум которуло тушту. Бирок дагы эле жакшы кун болбоду. Менден эки жаш улуу эжем катуу ооруп калды, жанында отурдум, улам кусат, канча аралаш суу гана чыгат. Аш казаны бош, тамак жебеген экен. Таару аштап тамак жасап жегизсем баарын кусуп салды да, оозунан ак кобук чыгат. Мен болуп калат окшойм,бирок жашагым келет, тынчтык кундорду коргум келет деди да кете берди. Ыйладым козумон жаш да чыкпады,карегим соолуп бутуптур. Кундор айга,айлар жылга алмашып кубанычтуу кабар таркады. Тынчтык музыкалары жанырып баары кол чабышат. Арт жака эч ким кылчайгысы келбейт. Кундор ото берди. 15 жашка толуп, Кадырбек менен тааныштырып женемдер куйоого узатты. Эки уулдуу болду. Эми бактылуу жашайм дегенимде жолдошуман айрылдым. Ал согушта колунан жараат алып, соокко зака кетип, соогу чирип кеткен деген диагноз коюшту. Олгондун артынан олмой жок, балдарым учун жашап келем-деген жазууларды окудум да, озуму энемин ордуна коюп кордум. Мындай азап тарткан жалгыз Энем эмес. Мен суйуп жетпей калып азап тартып атам деген убагым эле, меники жыргализм заман экен дедим. Бактылуу Адам экенмин. Ата-энем, бир туугандарым жанымда, курсагым ток, кийимим бутун, заманыбыз тынч.
А сиздер БАКЫТ-дегенде эмнени тушуносунор?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   ailam14   04 Ноябрь 2015 - 16:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 300
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 25 Июл 2016 17:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бакыт-деп мен алты саным аман, 12 мучом толук,алтындай болгон ата-энем, боор тартаар бир туугандарым, омурлук жарым, Аллахым берген кичинекейимдин бар экенин тушуном.Ар бир минутта Аллахыма шугур деп турам. Кыргызстанда болбогонум учун мекенимди аябай сагындым,кыргыз элимде тынчылык болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   jass00   04 Ноябрь 2015 - 17:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 939
  • Катталган: 06 Июль 13
  • Соңку аракети: 08 Апр 2016 14:27
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Keremettuu ow jergesinde

Тарбиялык мааниси абдан кучтуу,рахмат автор,мага окшогондорго сабак.
Адилет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   guju9389   04 Ноябрь 2015 - 17:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 112
  • Катталган: 11 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2020 15:10
  • Жынысы:Белгисиз

тарбиялык мааниси чон
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Akyn_jurogu   04 Ноябрь 2015 - 21:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 30 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2015 22:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек 312

Аябай жакшы, маанилуу жазылган...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   mani   05 Ноябрь 2015 - 01:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 09 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 17 Сен 2016 02:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош Узген

эки дуйно бактуулугу ислам дининде деп тушуном.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 17:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: