Суперстан: Үйүбүздөгү тынчтыкты сактоо – ар бирибиздин ишибиз - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Үйүбүздөгү тынчтыкты сактоо – ар бирибиздин ишибиз Согуш – жакшы жашоонун белгиси эмес

#1 Пользователь офлайн   Nadya_90   06 Ноябрь 2015 - 17:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 339
  • Катталган: 04 Февраль 13
  • Соңку аракети: 15 Сен 2018 22:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:SUPER.KG-->>Соңку кабар

Согуш – жакшы жашоонун белгиси эмес

Сириядагы абал бүгүн бүткүл дүйнөнү тынчсыздандырган жана жаңы кесепеттерге кептеши мүмкүн болгон негизги окуяга айланып кетти. Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топ согуштук башаламандыктардын чегин улам кеңейтип отуруу менен, өздөрүнүн тарапкерлеринин санын арттыруу менен алек болушууда. Тилекке каршы, алардын алдамчы азгырыгына алданган жаштар, болгондо да кыргызстандык жаштардын саны аз эмес.

Мисалы, тастыкталган расмий маалыматтар боюнча бир гана Жалал-Абад областынан 84 адам Сирия мамлекетинде болуп жаткан согушка барып, 14ү каза болгон. Ал эми 6 жаран Кыргызстанга кайтарылып келген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери Эржан Чокоев Жалал-Абад шаарынын жаштары менен болгон жолугушуулардын биринде билдирген.

Анын айтымында, жаштар ар кандай азгырыктарга азгырылып, Сирия согушуна барып калып жатышат. Ал эми жаштарга Сирияга болгон чакырыктар негизинен Интернет булактарынан жана атайын жаштар арасында иш алып барган атайын адамдары аркылуу жиберилет. Алар интернет булактары аркылуу Сириядагы жагдайдын жаш адам үчүн канчалык “маанилүү” экенин көрсөтүшүп, ал жакта сонун жашоо, жаркын келечек барлыгын айтып азгырышууда. Бирок, иш жүзүндө андай эмес. Согуш болгон жерде, бейкүнөө кишилердин массалык өлүмүнө себеп болгон жерде эч качан жакшы жашоо, жакшы көрүнүштөр болгон эмес.



Агымды кантип токтотобуз?


Адегенде Сирия мамлекетиндеги согуштук аракеттерге аттанып кетип жаткан жарандардын басымдуу көпчүлүгү эркектер болсо, кийинки убактарда кыздар, жаш балдар, бүтүндөй бир үй-бүлөлөр да ушул жолго түшүп бара жатышат. Алардын айрымдары акчага, айрымдары диний сабаттуулуктун жетишпегенинен интернет булактары аркылуу террористтердин жарыялаган жихад чакырыктарына азгырылышууда. Ал эми айрым жаштык романтика менен ал жакка жол алган жаштар да болбойт койбойт.

Бирок, кептин баары, ал алданган, алдамчы чакырыктарга, иллюзияларга азгырылган жарандарды кантип токтотуп калуу керек, мына ошондо турат. Бул жагынан алганда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, расмий дин жамааттары, коомчулук өкүлдөрү жаштар менен аялдардын арасында экстремисттик идеологияны жайылтуунун алдын алуу боюнча кыйла аракеттерди көрүп жатышканы бизге маалым. Ошондой эле Кыргыз Республикасында кабыл алынган 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын диний экстремизмди болтурбоо боюнча мааниси зор.

Ошол туура эмес маалымат, чакырыктарга азгырылып жаткан жаштарды токтотуп калуу жолун биргелешип чечкенде гана оң натыйжа берет жана бул багытта коомчулуктун ролу жогору. Сирия согушуна кеткен жарандардын көпчүлүгүн жаштар түзгөндүктөн Жалал-Абад шаарында «Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы» деген темада жаштар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ислам дининен билими тайкы же динге жаңы аралашып, мечиттерге жаңыдан гана барып жаткан жаштар көз караштары туура эмес адамдардан билим алып, тагдырларын талкалап гана тим болбой, башкаларга да терс өрнөк көрсөтүп жатышат. Ошого байланыштуу бул иш-чараны уюштуруучулар динге жаңыдан аралашып жаткан жаштар мечиттерде атайын казыят тарабынан дайындалган гана имамдардан же медреселерден билим алуулары керектигин айтышып, диний билим алууда этияттык талап кылынарын эскертишти.

Эгер жаштардын арасында Сирияда жүргөн кыргызстандыктар менен ким-бирөөнүн байланышы бар болсо, анда тийиштүү жактарга билдирүү зарылдыгы да айтылды. Уюштуруучулар андай адашкан адамдарды кайтарып алып келүүгө мүмкүнчүлүк барлыгын, эгер жаштардын арасында кандайдыр бир туура эмес адамдар менен интернет аркылуу сүйлөшүүлөрдү, чакырыктарды байкап калган учурда аларды терс жолдон сактап, туура жолго багыштоого да болорлугун билдиришти. Ошондуктан, мындай маалыматтар болгон кезде дароо чогуу аракет кылып, башка жолго түшкөн жарандарга жардам көрсөтүү зарылдыгына көңүл бурушту.



Мындай фактылар бар


Деген менен, мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар тарабынан болгон аракеттердин натыйжасында жарандарды туура эмес кадамдардан сактап калган фактылар жок эмес. Жалал-Абад областынан азгырылып, Сирия мамлекетине барганы жаткан кыздар тууралуу кабар алардын тааныштары аркылуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) жетип, алар алып калынган. Ошондой эле Сирия жергесинде жүргөн 1995-жылы туулган кыз Кыргызстандагы тааныштары менен байланышы бар болгондуктан, аны кайра Кыргызстанга алып келүүгө мүмкүн болду.

Кайтарылып алып келинген кыздын УКМКга берген маалыматы боюнча, ал кызга бир жигит билет алып берип, өзү менен чогуу алып кеткен. Ал жакка баргандан кийин экөө турмуш курушуп, 1-1,5 ай жашагандан кийин жигит каза болуп калат. Ал эми ал жактагылар кызды кайра эле башка бирөөгө никелетип коюшкан. Ага никелешкен террорист кыз менен бир аз убакыт жашап, кайра тажаган соң “мен башка аял алам” деп, талак берип коёт. Ошентип, баягы кыз 8 айда үч жолу никеден өткөн. Тилекке каршы, мындай фактылар көп учурап жатат.



Кой терисин жамынган террорчулук


“Ислам мамлекети” жана башка да террордук топтор элдин башын айландыруу жана өздөрүнүн арам ниеттерин ишке ашыруу максатында Ислам динин жамынып алышкан. Бирок, алардын Ислам динине бир дагы тиешеси жок экени бүгүнкү күндө ачык болуп калды. Мисалы, 2014-жылдын ноябрь айында дүйнөдөгү эң көрүнүктүү жана мартабалуу 126 Ислам аалымдары “Ислам мамлекети” деп аталган террордук топтун жетекчиси Аль-Бадриге ачык кат жазышып, анын ниеттери жана кылган аракеттери Исламдын маңызына караманча-каршы келерин ачык, так далилдер менен жар салышкан.

Мисалы, алардын, аялдарга, жаш балдарга, элчилерге, Исламды кармабаган башка элдерге, журналисттерге карата жасап жаткан мыкаачылык аракеттери буга далил боло алат. Исламда аялды буюм катары кароого тыюу салынса, террорчулар аялдарга дал ошондой мамиле жасашууда. Ошол эле кезде Ислам динин тутунбаган, бирок илгерки убактан бери эле Ислам дүйнөсү менен өз ара келишимдер аркылуу тынчтыкта кошуна жашап жаткан элдерге кысым көрсөтүү жана аларды өлтүрүүгө тыюу салынат. Бирок, террорчулар аларды аёосуз өлтүрүп жатканын бүткүл дүйнө көрүп турат. Ошондой эле Исламда элчилер менен кошо журналисттерди да өлтүрүүгө тыюу салынат, себеби алар акыйкаттыктын элчилери деп саналышат. Бирок, акыркы кездерде эле террорчулардын колунан он үч журналист курман болгону тууралуу кабар таркатылды.

Ислам аалымдары Ислам дини тынчтыкты куруучу, аны сактоочу дин катары ушул кезге чейин жашап келгенин, эч ким динге жамынып, жамандык иштерди жасаганга укугу жоктугун билдиришкен. Бирок, ошого карабастан террорчулар өз аракеттерин токтотпой, согуш аракеттерин жүргүзүп келатышат. Анын натыйжасында дүйнөдө коопсуздук маселелери дагы биринчи орунга чыгып, аймактар кризисин жаратууда.

Тилекке каршы, азыр террорчулук алыскы Сирияда эмес, Афганистан менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чек арасына жетип келди. Азыркы кезде Тажикстан, Түркмөнстан өлкөлөрүнүн чек арасынан алыс эмес жерде “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери тургандыгы ачык. Бул да болсо, биздин аймакта алардын терс идеяларынын таркала беришине жана аймактын коопсуздугуна реалдуу коркунуч жаратышына алып келери бышык.

Ошондуктан, террорчулук, экстремисттик идеялардын таркалышына катуу бөгөт коюунун, бул процесске жалпы коомчулуктун активдүү катышуусунун мезгили келип жетти. Биздин үйүбүздөгү тынчтык – мамлекеттик органдардын же дин уюмдарынын гана иши эмес, ал баарыбыз жана ар бирибиздин ишибиз.



Наргиза МУЗУРМАНОВА,

Жалал-Абад шаары.

Билдирүүнү түзөткөн: Nadya_90: 06 Ноябрь 2015 - 17:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   anya   18 Январь 2016 - 23:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 17:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: