АК-СУУ РАЙОНУНУН КАЙЫРМА-АРЫК ЖАНА АК-ЧИЙ АЙЫЛДАРЫНДА ЖАҢЫ МЕЧИТТЕР ИШКЕ КИРДИ
Кечээ 28-октябрь күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Кайырма-Арык жана Ак-Чий айылдарында жаңы мечиттер толугу менен курулуп, ачылыш аземдери болуп өттү. Аталган айылдардагы мечиттер «Ихсан Хайрия» фонду тарабынан каржыланып салынган себептен, аталган фонддун жетекчилиги шейх Саид Баюми эмгек жамааты менен келип, расмий ачылышка күбө болушту. Саид Баюми айыл тургундарын аталган жетишкендиктери менен куттуктап, мекенибизге тынчтык жана бакубат жашоо каалап өттү. Мындан сырткары райондук акимчилик өкүлдөрү, айыл башчылары жана коноктор катышып, мечиттин ачылышына күбө болушту. Облус казысы Сагындыков Алмазбек ажы мечиттердин курулушуна көмөктөшкөндөргө казыяттын атынан ыраазычылык дипломдорун тапшырып, жергиликтүү жашоочуларды ынтымакта, биримдүүлүктө жана ата-бабаларыбыз карманып келген Ханафий мазхабын бекем кармоого чакырды.
Маалымат: Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.
Исламий жаңылыктар...
#201 30 October 2015 - 17:00
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#202 02 November 2015 - 17:35
Биздин районго Азирети Шейк Чубак ажы Жалилов Араб эмиратынан келген Шейк менен келди.Жолдошум кетти , мен калып ичим ачышып олтурам.Аялдарга да баруу мумкунчулуугу болгондо бармакмын ....
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#203 02 November 2015 - 17:49
Биздин районго Азирети Шейк Чубак ажы Жалилов Араб эмиратынан келген Шейк менен келди.Жолдошум кетти , мен калып ичим ачышып олтурам.Аялдарга да баруу мумкунчулуугу болгондо бармакмын ....
Жакшы жанылык го, кайсы облуста жашайсыз?
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .

#204 03 November 2015 - 18:01
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#205 03 November 2015 - 18:04
Азирети Шейк Чубак Ажы Жалилов менен келген Араб эмиратынан келген конок Шейх Мухаммад Муса .
Ал Мухаммад С.А.ВПайгамбарыбыздын кызы Азирети Фатима энебизден таркаган 42чи урпагы экен.
Ал Мухаммад С.А.ВПайгамбарыбыздын кызы Азирети Фатима энебизден таркаган 42чи урпагы экен.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#206 03 November 2015 - 20:20
ТҮШТҮК ЖЕРГЕБИЗДЕ САУД АРАБИЯДАН КЕЛГЕН ДОКТОР МУСА ШАРИФТИН ЛЕКЦИЯЛАРЫ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ
2015-жылдын 31-октябрынан тартып Сауд Арабиядан келген Доктор Мууса Шарифтин Кыргызстандын түштүк аймактарына багытталган “Радикализм, терроризм жана эксремизмден сактануунун жолдору жана кесепеттери” аттуу семинар жана лекциялары кызуу жүрүүдө.
Иш-чаранын программасына ылайык доктор Мууса Шариф, шакирти Чубак ажы Жалилов жана Ош облусунун Казысы Самидин кары Атабаев баштаган топ 31-октябрда Ноокат районундагы “Мураталы ажы Жуманов” атындагы мечитте, 1-ноябрда Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” жана Кара-Суу районундагы “Имам Ас-Сарахсий” мечитинде жергиликтүү тургундар жана мечит имамдары менен жолугушуп, лекциялар окулду. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар бүгүнкү күндөгү түйшөлткөн көйгөйлүү суроолоруна тиешелүү жоопторду алышууда.
Программага ылайык күн сайын саат 9:00дөн 13:30га чейин дин кызматкерлери жана илим талап кылгандар үчүн Сулайман-Тоо мечитинде лекциялар уланууда.
Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

#207 03 November 2015 - 20:23
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ ОБЛУСТУК, ШААР, РАЙОНДОРДУН БАШ ИМАМ ХАТИБДЕР МЕНЕН ЖЫЙЫН КЫЛДЫ
Ысык-Көл облусунун казысы Сагындыков Алмазбек Шаршенбаевич облустук, шаар, райондордун баш имам-хатибдерине КМДБнын №328 буйругу жана облустук казыяттын №91 буйругунун аткарылышы туурасында, ошондой эле баш имам хатибдердин иш алып баруусу туурасында толук маалымат алуу максатында казыяттын кенешме залында жыйын кылды.
Жыйында облус казысы райондун баш имамдарынан буга чейин кылынган иштери тууралуу отчёт алып, келечекте кыла турган иштери боюнча, айрыкча мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча катуу талап коюп, ар бири тапшырылган ишти жоопкечилик менен аткаруусу эскертилди.
Ысык-Көл облустук казыятынын маалымат кызматы

#208 03 November 2015 - 20:25
ОШ ОБЛУС КАЗЫСЫ ЭЛЕТ ЖЕРИНЕН КАБАР АЛДЫ
30-октябрь күнү Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Кара-Кулжа районунун айылдарынын тургундары менен жолугушуп, райондогу дин жаатында жүрүп жаткан иштер менен жеринде таанышып кайтты. Жолугушууга облус казысынын жардамчысы Акжол Бакиров, Кара-Кулжа районунун баш имам хатибинин орун басары Дастан Мамаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.
Мындан сырткары жолугушууда КРнын Коргоо Кенешинин чечимдерин ишке ашыруу маселеси талкууланды. Иш сапарынын соңунда облус Казысы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Сай айылында жаңыдан курулуп баштаган жаңы мечиттин пайдубалын түптөө иш-чарасына катышты.
Эскерте кетсек, диний иш аракеттерди жеринде талкулоо максатында облус казысынын иш планына ылайык бардык райондордо жолугушуулар улантылмакчы.

#209 03 November 2015 - 20:28
МОСКВА ШААРЫНДА «ИМАМДАРДЫН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИН КӨТӨРҮҮ» СЕМИНАРЫ ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ УЛАНУУДА
31 октябрь күнү башталган Москва шаарынын М.В.Ломоносова атындагы Москва Мамлекеттик Университетинде «Имамдардын билим деңгээлин көтөрүү» аттуу семинар жогорку деңгээлде өтүүдө. Бул туурасында КМДБнын маалымат бөлүмүнө аталган семинардын катышуучусу Мажитов Абидин кабарлады.
“Семинардын катышуучуларына ислам тарыхы, ислам илими жана Куран илими боюнча сабактарын жогорку квалификациялуу мугалимдер жана дин Аалымдары өтүп жатат” – деди Мажитов Абидин.
Аталган семинардын ачылышында Россия Федерациясынын дин башкармалыгынын жана муфтийлер кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнудин жана Туркия Республикасынын дин башкармалыгынын башчысы профессор Мехмет Гермез катышып семинардын катышуучуларына ийгилик каалашкан.
Белгилей кетсек; «Имамдардын билим деңгээлин көтөрүү» семинарына Кыргызстандан 10 диний кызматкер катышууда.

#210 03 November 2015 - 20:29
ИСФАНАДА “АБДУЛЛА ИБН АББАС” МЕДРЕСЕСИНДЕ ХАНАФИЙ МАЗХАБЫ ЖАНА МАТРУДИЙ АКЫЙДАСЫ БОЮНЧА КОШУМЧА САБАКТАР ӨТҮЛҮҮДӨ
Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу Исфана шаарындагы “Абдулла ибн Аббас” медресесинде Ханафий мазхабын жана Матурдий акыйдасын студенттерге кеңири тушүндүрүү максатында кошумча сабактар өтүлүүдө.
Ал эми шаардагы №47 лицей менен түзүлгөн келишимге ылайык студенттер медреседеги сабактардан сырткары балдар унаа оңдоо жана айдоочулук, устачылык, кыздар болсо ашпозчулук менен тигүүчүлүк кесиптерин кошумча үйрөнүп жатышат деп – аталган медресенин мүдүрү Мухаммадали Мукарамов билдирди.
Маалымат: Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы
Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу Исфана шаарындагы “Абдулла ибн Аббас” медресесинде Ханафий мазхабын жана Матурдий акыйдасын студенттерге кеңири тушүндүрүү максатында кошумча сабактар өтүлүүдө.
Ал эми шаардагы №47 лицей менен түзүлгөн келишимге ылайык студенттер медреседеги сабактардан сырткары балдар унаа оңдоо жана айдоочулук, устачылык, кыздар болсо ашпозчулук менен тигүүчүлүк кесиптерин кошумча үйрөнүп жатышат деп – аталган медресенин мүдүрү Мухаммадали Мукарамов билдирди.
Маалымат: Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#211 03 November 2015 - 20:31
ДОКТОР МУСА ШАРИФКЕ ЖАНА ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВКО КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ТАРАБЫНАН ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ ЫЙГАРЫЛДЫ
Баткен облусунун казысы Султанмуратов Пазыл ажынын жана Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Кожониязов Мукадас ажынын суранычы жана чакыруусу менен Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук “Мураталы ажы Жуманов” атындагы мечитинде Доктор Муса Шариф шакирти Чубак ажы Жалилов менен биргеликте Кыргызстандын түштүк аймактарына багытталган “Радикализм, терроризм жана эксремизмден сактануунун жолдору жана кесепеттери” аттуу семинар жана лекцияларын 31-октябрда Кызыл-Кыя шаарынан баштады. Конокторду облус казы жана шаардын баш имам хатиби баш болуп тосуп алды. Лекцияга Кызыл-Кыя шаарынын мэринин милдеттин аткаруучу Эрмек Топчубаев жана шаардык депутаттар кеңешини төрагасы ошондой эле 1500гө чукул жергиликтүү тургундар катышты.
Лециянын соңунда Доктор Муса Шарифке жана Чубак ажы Жалиловко Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан ыраазылык кат ыйгарылды.
Маалымат: Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы
Баткен облусунун казысы Султанмуратов Пазыл ажынын жана Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Кожониязов Мукадас ажынын суранычы жана чакыруусу менен Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук “Мураталы ажы Жуманов” атындагы мечитинде Доктор Муса Шариф шакирти Чубак ажы Жалилов менен биргеликте Кыргызстандын түштүк аймактарына багытталган “Радикализм, терроризм жана эксремизмден сактануунун жолдору жана кесепеттери” аттуу семинар жана лекцияларын 31-октябрда Кызыл-Кыя шаарынан баштады. Конокторду облус казы жана шаардын баш имам хатиби баш болуп тосуп алды. Лекцияга Кызыл-Кыя шаарынын мэринин милдеттин аткаруучу Эрмек Топчубаев жана шаардык депутаттар кеңешини төрагасы ошондой эле 1500гө чукул жергиликтүү тургундар катышты.
Лециянын соңунда Доктор Муса Шарифке жана Чубак ажы Жалиловко Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан ыраазылык кат ыйгарылды.
Маалымат: Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#212 03 November 2015 - 20:33
БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ БОРБОРДУК “НУЬМАНИ”МЕЧИТИНДЕ БИЙИКТИГИ 25МЕТР БОЛГОН МУНАРАНЫН КУРУЛУШУ АЯКТООДО
Баткен облустук мусулмандар казыяты, Баткен шаарындагы “Нуьмани” борбордук мечитинин алдына бийиктиги 25 метр болгон мунаранын курулушун баштап, учурда аяктоо алдында турат. “30-октябрь мусулмандардын ыйык жума күнүндө мунаранын куполасы койулду, эми куруучулар архитектуралык жана смета-проекти боюнча заманбап, азыркы талапка ылайык мунаранын ички жасалгасын оңдоого өтүшөт” - деди Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат катчысы Авлиёев Фуркат
Маалымат: Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы
Баткен облустук мусулмандар казыяты, Баткен шаарындагы “Нуьмани” борбордук мечитинин алдына бийиктиги 25 метр болгон мунаранын курулушун баштап, учурда аяктоо алдында турат. “30-октябрь мусулмандардын ыйык жума күнүндө мунаранын куполасы койулду, эми куруучулар архитектуралык жана смета-проекти боюнча заманбап, азыркы талапка ылайык мунаранын ички жасалгасын оңдоого өтүшөт” - деди Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат катчысы Авлиёев Фуркат
Маалымат: Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#213 03 November 2015 - 20:38
НАРЫНДЫН КАЗЫСЫ РАЙОНДОРДУН БАШ ИМАМДАРЫ МЕНЕН ЖЫЙЫН КЫЛДЫ
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Нарын шаарында уюштурган “2014-2020-жылдарга дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат” аттуу семинарга катышууга келген райондордун баш имам-хатибдерине семинардан кийин Нарын облусунун Казысы Мамбетасан Ибраев Нарын казыятынын жыйындар залында жыйын кылды.
Жыйында облус казысы райондун баш имамдарынан буга чейин кылынган иштери тууралуу отчёт алып, келечекте кыла турган иштери боюнча, айрыкча мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча катуу талап койду.
НАРЫН КАЗЫЯТЫНЫН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫ
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Нарын шаарында уюштурган “2014-2020-жылдарга дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат” аттуу семинарга катышууга келген райондордун баш имам-хатибдерине семинардан кийин Нарын облусунун Казысы Мамбетасан Ибраев Нарын казыятынын жыйындар залында жыйын кылды.
Жыйында облус казысы райондун баш имамдарынан буга чейин кылынган иштери тууралуу отчёт алып, келечекте кыла турган иштери боюнча, айрыкча мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча катуу талап койду.
НАРЫН КАЗЫЯТЫНЫН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫ
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#214 08 November 2015 - 10:36
ӨЛКӨ АЙМАГЫНДАГЫ ИМАМДАРДЫ АТТЕСТАЦИЯДАН ӨТКӨРҮП БҮТҮШТҮ
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын түзүмүндөгү облус аймагындагы себептүү келбей калган имамдарды аттестациядан өткөрүү ишинин 3 бөлүгүн бүтүштү.
Учурда Бишкек шаарын албаганда жалпысы болуп 641 имам аттестациядан өтүшкөн. Булардын басымдуу бөлүгү жума окулбаган мечиттердин имамдары болуп саналат. Аттестациялык комиссия өлкөбүздүн аймактарынан себептүү келбей калган 186 имамды аттестациядан өткөрүшүп, жалпы ишти жыйынтыкташты. Учурда Ош облусунан 111, Баткенден 23, Жалал-Абаддан 41, Ысык-Көлдөн 2, Нарындан 4, Чүй облусунан 3, Бишкек шаарынан 2 имам аттестациядан өтүштү.
Аттестациялык комиссиянын курамында Асранкулов Абдулла ажы (аттестациялык комиссиянын төрагасы), Абдурахманов Кимсанбай ажы, КР ДИМК өкүлдөрү Маматалиев Каныбек, Осмонов Бактыбек, серепчи Исаков Улан, КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнөн Борочоров Жакшылык ажы жана КМДБнын фатва бөлүмүнөн Токтогазы уулу Бактияр киришти. Эми аттестациялык комиссия өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын мугалимдерин аттестациядан өткөрүшмөкчү.

#215 08 November 2015 - 10:37
СҮЛҮКТҮ ШААРЫНЫН БАШ ИМАМ ХАТИБИ “АБДУЛЛА ИБН АББАС” МЕДРЕСЕСИНИН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Бүгүн Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Муса Жолдошов “Абдулла ибн Аббас” медресесинин студенттери менен жолукту. Жолугушуу учурунда бир топ маселелер боюнча студенттер менен маектешип элибиздин келечеги жаштарга көз каранды экендигин белигеп терең билим алууга чакырды, ошондой эле Сүлүктү шаардык хатибиятын иш аракеттери тууралуу айтып берип, хатибияттын атынан медресе үчүн 3 тонна көмүр алып бөрүүгө убадасын берди.
Маалымат: Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы
Бүгүн Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Муса Жолдошов “Абдулла ибн Аббас” медресесинин студенттери менен жолукту. Жолугушуу учурунда бир топ маселелер боюнча студенттер менен маектешип элибиздин келечеги жаштарга көз каранды экендигин белигеп терең билим алууга чакырды, ошондой эле Сүлүктү шаардык хатибиятын иш аракеттери тууралуу айтып берип, хатибияттын атынан медресе үчүн 3 тонна көмүр алып бөрүүгө убадасын берди.
Маалымат: Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#216 08 November 2015 - 10:38
“МУЬАЗ ИБН ЖАБАЛ” МЕДРЕСЕСИНДЕ СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН СТИПЕНДИЯ БЕРИЛЕ БАШТАЛДЫ
Баткен шаарында жайгашкан “Муьаз ибн Жабал” медресесинде окуп жаткан билими жана адеп-ахлакы боюнча алдынкы жетишкендикке жетишкен студенттер үчүн ай сайын стипендия берилет. Бул демилге жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан ишке ашырылып жатат деп билдирди медресе мүдүрү Султанмурат Исраев.
Бүгүн аталган медреседе билим алып эң жакшы баага окуган, адеп-ахлак, жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнгөн студенттер алгачкы жолу стипендия алышты. Стипендиянын өлчөмү ар бир бала үчүн 600 сомду түзөт жана ай сайын берилип турат- дейт- Султанмурат Исраев.
Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы
Баткен шаарында жайгашкан “Муьаз ибн Жабал” медресесинде окуп жаткан билими жана адеп-ахлакы боюнча алдынкы жетишкендикке жетишкен студенттер үчүн ай сайын стипендия берилет. Бул демилге жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан ишке ашырылып жатат деп билдирди медресе мүдүрү Султанмурат Исраев.
Бүгүн аталган медреседе билим алып эң жакшы баага окуган, адеп-ахлак, жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнгөн студенттер алгачкы жолу стипендия алышты. Стипендиянын өлчөмү ар бир бала үчүн 600 сомду түзөт жана ай сайын берилип турат- дейт- Султанмурат Исраев.
Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#217 08 November 2015 - 10:39
НООКАТТА ИМАМДАРГА ДИНИЙ ЧӨЙРӨДӨГҮ МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТТЫН КОНЦЕПЦИЯСЫ БОЮНЧА ОТЧЕТ БЕРҮҮ ЖОЛДОРУ ҮЙРӨТҮЛДҮ
КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында "2015-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын аткаруу жана тийиштүү отчеттуулукту берүү" аталышындагы жыйын өттү. Жыйынга КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлү Таалай Матенов, Ноокат районунун акиминин орун басары Мамадалы Дүйшеев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылар, мечит имамдары жана мектеп директорлору катышышты.
Жыйында Сирияга азгырылган жаштарга бөгөт коюуу, чет өлкөдөн диний билим алган жарандар, мектептеги жоолук маселеси, жума күндөрүндөгү жумуш убактысы, жарандардын никеге туруудагы мамлекеттик каттоого туруусу, мечиттердин каттоосуз салынуусу тууралуу бир топ курч маселелер талкууга алынды. Жыйында мечит салууну саясатташтырбай, айыл өкмөттөр менен имамдар биргеликте иш алып барып, мечит мамлекеттик органдардын тиешелүү уруксат макулдугу менен салынуусу милдеттендирилди. Мындан сырткары айыл өкмөттөрдүн мечиттерди каттоодо жетиштүү иш алып барбай жаткандыгы айтылды. Ал эми терс көрүнүштөрдү жоюуу боюнча жалпы коомчулук бирге аракеттенип, азгырык оюнуна аралашкандарды ашкерелөө керек экендигин белгилешип, укук коргоо органдары тарабынан Сирия мамлекетиндеги болуп жаткан окуялардын анык жүзүн чагылдырган видео тасма көрсөтүлдү. Жыйын соңунда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адиси Канатбек Абдыраимов тарабынан мечит имамдары менен айыл өкмөт башчыларына Диний концепциянын алкагында түзүлгөн иш пландын отчетун даярдоонун жол жоболору үйрөтүлүп, ар бир квартал сайын отчет тапшыруу милдеттендирилди.

#218 08 November 2015 - 10:40
ОШ ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДА САУД АРАВИЯДАН КЕЛГЕН ДОКТОР МУХАММАД МУСА ШАРИФТИН ЛЕКЦИЯЛАРЫ АЯГЫНА ЧЫКТЫ
Ош облусунда Сауд Аравиядан келген Доктор Муса Шарифтин Кыргызстандын түштүк аймактарына багытталган “Радикализм, терроризм жана эксремизмден сактануунун жолдору жана кесепеттери” аттуу семинар жана лекциялары аягына чыкты. Иш-чаранын программасына ылайык доктор Мууса Шариф, шакирти Чубак ажы Жалилов жана Ош облусунун Казысы Самидин кары Атабаев баштаган топ 31-октябрда Ноокат районундагы “Мураталы ажы Жуманов” атындагы мечитте, 1-ноябрда Кара-Суу районундагы “Имам Ас-Сарахсий” мечитинде, 2-ноябрда Өзгөндөгү “Маккатул Муккарама” мечитинде жергиликтүү тургундар жана мечит имамдары менен жолугушуп, лекцияларды окуду. Калган күндөрү күн сайын саат 9:00дөн 13:30га чейин дин кызматкерлери жана илим талап кылгандар үчүн Сулайман-Тоо мечитинде лекциялар өтүлдү. Эл менен жолугушуу учурунда Муса Шариф Сириядагы азгырык терс көрүнүштөргө басым жасап, Сирияга Жихад деп азгырылып барган жарандарды өз мамлекетин саткан менен барабар экендигин белгилеп, чыныгы Жихад өз мекенинди өнүктүрүп, алдыга жылуусуна салым кошуу деп баса белгиледи. Бардык жерде конокту жылуу маанайда тосуп алышып, жолугушуулар жогорку деңгээлде болуп өттү.
Эскерте кетсек Доктор Муса Шарифтин Оштогу лекциялары жыйынтыкталып, Бишкек шаарына жөнөп кетти.

#219 08 November 2015 - 10:41
АЗИРЕТИ МУФТИЙ БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарынын мэри Кулматов Кубанычбек Кеңешович менен бирге жаңы курулуп жаткан борбордук мечитти зыярат кылышты.
Бул жолугушууга Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Орхан Генч мырза жана КМДБнын кызматкерлери катышышты.
Жолугушууда мэр Кулматов Кубанычбек Кеңешович жана Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев борбор калаабыз Бишкек шаарында курулуп жаткан Орто Азиядагы эң ири мечиттердин биринин курулуш иши менен жеринен таанышып, курулуш жаатында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Андан тышкары мэр өз сөзүндө курулуп жаткан мечит Кыргызстандагы эң ири курулуш болуп саналаарына жана бул кыргыз элинин бирден-бир маданий баалулугу экендигин баса белгиледи.

#220 08 November 2015 - 10:42
БҮГҮН МАМЛЕКЕТТИК КҮЗӨТ КЫЗМАТЫНА “ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ” АТТУУ ЛЕКЦИЯ ОКУЛУУДА
Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин чечимдерин аткаруу жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын тапшырмасын ишке ашыруу максатында, бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын “Даават, үгүт- насаат жана ар кандай агымдар менен иштөө” бөлүмү тарабынан уюштурулган “экстремизм жана терроризмдин алдын алуу” аттуу лекция мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлерине окулууда.
“Ислам дини сабырдуулуктун, толеранттуулуктун дини, экстремизм, терроризм - бул Ислам эмес. Ал эми туура эмес агымдарга кирип жаткандардын көбү, динибиздин баалуулуктарын терең түшүнбөгөндүктөн жана динден толук кабары жоктон пайда болуп жатат. Мындай көрүнүштөргө жол бербеш үчүн биз атайын лекцияларды уюштуруудабыз”. – дейт Даават, үгүт- насаат жана ар кандай агымдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Мурадилов Данияр.
Эскерте кетсек, “экстремизм жана терроризмдин алдын алуу” аттуу лекция мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлерине 3күн окулмакчы.
05.11.2015 10:33

Супер-Инфо
super.kg
видео