Суперстан: Кек - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кек

#1 Пользователь офлайн   baby_k   08 Ноябрь 2015 - 22:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Апапакай үлпөт көйнөгүмдү кийип,улам күзгүнүн алдынан чыкпай,каранып отурган менин жүрөгүм опкоолжуп турду.Ал ансайын убакыт да токтоп калгансып кыбырайт.Улам улам саатты карап,бирде ары бери басып,бирде керебеттин четине отура калып эле жайымды таппай жаттым.Негедир Даниярда кечигип жатты.Махабаттын дайрасында чогуу сүзүп,өмүр жолубузду,ачка ток,күлкү кубаныч,жокту барды бирге өткөрөбүз деп ушул күндү көпкө күткөнбүз.Мына эми ал күн да келип,биз эле эмес бүт жакындарыбыздын да сезимдерин дүрбөлөңгө салып турду.Апам улам кирип чыгып,менин толкундоомду көрүп,же бир сөз айта албайт,эне жүрөгү байкуш чыйпылыктап кетип жатканын сезсем да,араңдан зорго "Менде баары жакшы"деп күлүмүш этем.
Куда тарап болжошкон убакыттан кечигип жатканына атам Касым да жинденип кетти.Дээринен айткан сөзүнө,дегенине так атама бул көрүнүш жат эле."Мен эмне болуп атам.Шашкан шайтандын иши эмеспи,келишээр, акыры"деп өзүнө өзү сабыр тилеген,эшиктеги атамдын сөзүн ачык терезеден угуп калдым.
Бир аздан кийин менин телефонум шыңгырап калды.
-Алло,алло жеңе.....Данияр байкем...,-деген Даниярдын карындашы Толкунайдын ыйлаган үнүн угуп чочуп кеттим
-Даниярга эмне болду?
-Жеңе...Данчик байкем эртең менен кеткен бойдон жок.Күтүп жатып келбегенинен издеп баштаганбыз, таппай жатышат.
-Оо кудайым,аман болсо экен...-деп оозума келген биринчи сөз ошол болду.Көзүмдөн жаш агып отурган менин абалымды кирип келген курбум Нурай көрүп чочуп кетти.
-Айсулуу,эмне болду?Эмнеге ыйлап жатасың?
-Данияр...менин Даниярымды таппай жатыптыр....
Бир заматта эле баары дүрбөлөңгө түшүп,шаарды көтөрүп Даниярды издеп калышты.Менин тилегеним эле аман болсо экен.Эртең менен атайын достору болуп белгиленген жерге барып,тойго деген машиналарды алып келебиз деп кеткен бойдон дайынсыз.Жолугушчу жерге жеткен эмес.Анын кечикенинен достору байланыша албай,үйдөгүлөрүнө чалып,ошондон издөө башталган.
Апамдардын алып келген тамагынан ооз тийбей,бөк түшүп төшөктө үч күндөн бери жатам.Атам өзүнүн кызмат абалын колдонуп,атайын оперативдүү топтордун тызылдап издегенинен да жыйынтык боло элек болчу.Кечке ашканада атам,апам жана байкемдин "Чоң Арык айылы жактан Даниярдын унаасына түспөлдөш унааны көргөн күбөлөр бар"деп сүйлөшкөн сөздөрүн угуп калдым.Мен бир суроого жооп таба албай турдум."Эмнеге Данияр тою болгону жатса Чон арыкка барат?"деген. Санаа,ойлордун кучагында кыйналып,түнү бою Жараткандан менин махабатымдын амандыгын тилеп жатып,таңга жуук көзүм илинип кетиптир.Түшүмдө Даниярым тойго деп костюм шым кийип,колунда бажырайган роза гүлдөрүн кармап алып,жылмая мени карап турат."Сен кайда кеттиң?Мен сени күтө берип кыйналып кеттим"деп сүйлөйүн десем,тилим күрмөөгө келбейт.Колумду сунсам жетпейм." Данияр...Данияр. ..."деп кыйкырып,ыйлап жатып ойгонуп кеттим.Менин кыйкырыгыман атам менен апамда чуркап келиптир.Өзүм кыйналганым аз келгенсип,айыпсыз ата-энемдин кыйналганына боорум ооруп кетти.
-Айсулуу,кызым. ...,-деп жалооруй караган атам мени өзүнө тарта кучактады.
Кичине кезимде жайлоого барып,тоого чыгып кетип,токойдо адашканда,атам мени издеп келип,карагайдын түбүндө бүрүшүп,коркуп жаткан мени кучагына кысканда,ага чейинки болгон коркунучтун баары бир заматта жоголуп кеткен эле.Атамдын ошол жылуу кучагы баардык коркунучту айдап салгандай эле.Азыр да ошол бала кезимдей,көзүмдөн салаалап аккан жашты аарчыган жылуу алаканы менен жаш баладай койнуна кыса кучактаган атамдын кучагы баардык коркунучту айдап салса гана.
Атам менен апам экөө ортосуна отургузуп,алда маанилүү сөз айтчудай,көздөрүн алакачып отуруп калышты.Алардын үнсүздүгүнө чыдабай кеттимби,айтоор
-Ата,апа....бир нерсе болдубу?,-деп сурап кайра жообун уккандан коркуп турдум.
-Кызым,бүгүн таң эрте Даниярдын машинасын табышты.Бирок, ........
Оо,кудайым ай.Жоок,атаке айта көрбөчү аягын.Даниярымды жок дебечи эми атаке....Байкуш тыбырчылаган жүрөктү көп эле азап салып коёбуз э?Тим эле жаш жүрөгүм тымызын тез-тез согуп,азыр эле кабынан суурулуп чыкчудай болуп баратты.Көз алдымда,апамдын көзүнүн жашын сүртүп жатканы элестелип барып,аягы караңгылыкка айланып кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   baby_k   08 Ноябрь 2015 - 22:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

-Менин сулуу кызым....алтыным. ..тура гой
-..............
-Айсулуу.....Тур гой,сабагыңа кечигесиң...
Ооба,ооба,дал сиздер ойлогондой. Мен дагы уйкучу кыздардын катарын толуктайм.Таң атпай сүттөлөгөн чайын,көчөнүн аркы өйүзүндөгү наабайчынын ысык тандыр нанын алып келип,баарын даярдагандан кийин атам менен апам мени ойготууга камданышат. А мен болсо
-Дагы уктай турайынчы,-деп төшөгүмдү кайра оңдонуп жатып алам.Таңкы уйку таттуу болот эмеспи.Беш мүнөттүк уйку мага жетчүдөй,убакыт созо берем.
-Айсулуу,ай уйкучу кыз турбайсыңбы? ,-деген апамдын үнүн кайра уктум.Ал ансайын эркелеп,турайын деген оюм жок.Качан гана атамдын
- Айсулуу!,- деген өктөм үнүнөн гана жай баракат тура баштадым.
-Кийин кантип турасың студент болгондо?Университет деген мектеп эмес го,-деди атам,чекемен өөп жатып,мен тамакка отурганда.
-Кандай эс алдың,кызым? -дейт апакем бир жагыман.
Бир үйдүн жалгыз эрке кызымын,өзүмдөн улуу эки агам бар.Алар өз арабаларын өздөрү согуп жүрөт.Мен мектепте 9-класста окуп жаткан кезим.
-Ата,апа,балким ушул жылы бүткөндөн кийин эле,колледж, техникумдарга тапшырсам кандай болот?
-Койчу,эки жылдан кийин ансыз деле кетесиң.11-классты бүт эле аяктап кет,-деп атам бурк этип койду.
-Биздин класстан көбү эле кетип жатат.Тигине Элмырза да кетет имиш.Анын менден эмнем кем?
-Ал ата-энесинин жалгыз уулу болсо,техникумдарга окутуп,эртерээк үйлөнтсөкпү деп жүрүшөт.Же сени дагы күйөөгө берелиби?,-деп апам менен атам күлүп калышты.
-Мен күйөөгө тийбейм!
-Ок...эмне дейт.Кыздын бараар жери күйөө да.Ич чайыңды сабакка кечигесиң
Чынын да сулуу кызмын.Деги эле аялзаты өзүн сулуу деп эсептеши керек деп ойлойм.Белимден келген узун кундуз чачым келбетиме көрк кошуп турат.Мына,мактанып баштадым.Бирок, сиздер мактанчаак деп ойлобоңуздар, мен чындыкты айтып жатам.
Жаз келип,бак-даракта куштар обон салып,чурулдап жаткан кез кандай сонун э.Мектептин босогосун аттагандан кийин эле 11-класстын жигиттери терезеде жакта турганын көрүп калдым."Уфф, мени көрбөй эле койсо экен"деп жалынып жибердим дегиче эле Урмат чуркап келди.Ушул жигит канча айтсам да түшүнбөйт,аркамдан ээрчигени ээрчиген.
-Салам,Айсулуу. Эс алуу күнүң кандай өттү?
-Рахмат,жакшы, -деп кеткенге шаштым.Ал ансайын ал жолумду тороп алды.
-Жолдон кач!
-Айсулуу,балким сабак бүткөндөн кийин,үйгө узатып коём,кандай дейсиң?
-Рахмат.Өзүм эле жетип алам.Кечигип атам сабакка,турчу мындай бай болгур.
-Турбасамчы, -дегенинде коңгуроо кагылып калып,окуучулар сабакка кире баштады.
Күнүгө ушундай.Алдымдан тосуп чыгат,же сабактан чыгып алып артымдан калбай ээрчийт.Же менин айткан сөзүм ага жетсечи.
Класска кирип,эки курбумдун жанына отура кеттим.Наргиза үйдүн эң кичүү кызы.Кызыгы анын өзүнөн улуу беш агасы жана беш эжеси бар. Ага окшоп Самара да кичүү.Бетке айткан. сапаты бар.Мектептегилер айтмакчы үйдүн эркелери бири бирибизди издешпей табышып алганбыз.
-Айсулуу,эмне маанай жок?
-Баягы Урматтын айынан да,терезеде күтүп турган бекен?,деди Самара.
-Ооба,тажатып жиберди го..Дагы жакшы коңгуроо болуп калды.
-Аскар байкеңе эле айтып кичине тарбиялатып кой да.
-Жок эй.Тили узун экен,агасына айтып барыптыр дебейби.
-Агай келди,агай келди...
Эшиктен кирип келе жаткан физика сабагынын мугалими.Менин сүйүктүу мугалимдеримдин бири.Сабакты дайыма жеткиликтүү кылып өтөт.А баса,Самара тымызын жакшы көрөөр эле агайды...
-Саламатсыңарбы, балдар.Отургула!
Күнүмдүк сабактар менен убакыт кандай өткөнүн билбей калдык.Үйлөрүбүзгө кетмекчи болуп мектептен чыгып баратканбыз.
-Оппа,тиги сенин кароолчуң дагы турат тигинде,-деп Наргиза токтото калды
-Эй бурулдук,кайра мектепке.Ал жанды койбойт-деп мен бурула бергенде артымдан келе жаткан бирөөнү сүзүп алдым.
-Ааай,деген бойдон эле отуруп калдым.
-Кечирип койчу.Сени мындай ылдамдыкта бурула калат деп ой келбеген,-деген бейтааныш үндүн ээсин карасам.Мандайымда, колун сунуп,жаркылдаган, көздөрү капкара болгон жигит туруптур.
-Эч нерсе эмес,мен өзүм күнөөлүмүн, -деп ордуман туруп,кийимдерди күүп жатсам,кыйраткансып Урмат келе калды.
-Эй сен көзүң барбы?Абайлап баспайсыңбы! деп эле тиги жигитти жакалап кирсе болобу
-Урмат,эсиңе келчи.Тарт колуңду деп колуна асыла калдым.
-Айсулуу,сен ушул адамга болушасыңбы?
-деп Урмат мени жекирейе карады.
-Сеники жакшыбы анан,байкоосуздан сүзүшүп кеткен адамды жакалаган.Анан да мага да боор тартканыңды койчу,-дедим тиги жигитти колдон ала мектепке кирип кеттик.А Урмат менен менин курбуларым бул кылыгыма таң кала караган бойдон ордуларында кала берди.
-Сен аны кечирип койчу.Ал кээде ошондой жинди болуп калат-дедим колун коё берип.Сыягы ал дагы мен аны жетелеп кеткениме таң калган окшойт...
-Аа...эч нерсе эмес..жигитиң аябай кызганчаак окшойт.
-Ал менин жигитим эмес,-дедим фоедеги отугучка отуруп жатып.
-Кызык экен...А баса мен Данияр
-А мен Айсулуу.Мм.. .сени бул жактан көргөн эмесмин жаңы келдиңби?
-Жоо..жоок,мен практикага келдим.Программисттин кесибинде окуйм шаарда.
-Аа түшүнүктүү- деп башка сөз таппай,колумду карап калдым.
-Балким,мектебиңерди көрсөтүп чыгасың?
Мен "макул" дегиче аркабыздан "Ээй Айсулуу!" деген үндү угуп калып,экөөбүз тең бурулдук.Курбу кыздарым биз тарапты көздөй келе жатыптыр.
-Ой кечир,мен кетүүм керек.Балким башка күнү,капа эмессиңби?
-Жок,түшүнөм да.Жакшы тур,-деп аны менен кол алышып коюп,Наргиза менен Самараны көздөй.
-Охоо,тиги сулуу жигит менен тааныша койдуңбу
-Деги эле кыйынсың ай,шыпылдап.
-Ооба да эми силерди тарткам да.
-Ой тим эле.Байкуш Урматтын шагын сындырдың.Эмне болуп кеткенин экөөбүз да түшүнбөй калдык.
-Сага не жин тийдиби?
Мен курбуларымдын жаалаган суроолоруна тек гана ийнимди куушуруп койдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   baby_k   08 Ноябрь 2015 - 22:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Эртеси күнү мектепке кирип бара жатып,адаттагыдай 11-класстын балдары турганын байкадым.Жанынан өтүп баратсам.
-Айсулуу,Урматты жетелей келбейт белең
-Койчу эй,жетелемек турсун колун кармабай калсын.
Иши кылса ушундай балдардын сөздөрүнө кулак түрбөй эле класска кирип бардым.
-Кандайсыңар, кыздар?
-Жакшы.Өзүңчү?
-А баса бүгүн бизге биринчи сабак информатика экен.Практикант агай берет экеееен...-деп атайын Самара мага тийише созуп сүйлөдү.
-Аа ошондойбу?Мына кече таанышпай калдык деп жаттыңар эле,бүгүн таанышат экенсиңер.
-Саламатсыңарбы, балдар!деп эле директор агай кирип келди.Жанында Данияр кошо жүрөт.
-Бүгүнтөн баштап информатика сабагын практикант агайыңар Данияр Кеңешбекович берет.Жакшы сөзүн угуп,тартиптүү болгула,-деген бойдон чыгып кетти.
-Кхм..кхм..кана анда таанышып алалыбы биринчи.Мен журнал боюнча чакырып,аты чыккандар ордуңардан туруп тургула...
Данияр чындыгында өз кесибин мыкты билген адистерден болчудай.Бизге сабакты такшалып калган мугалимдердей түшүндүрүп, баарына көңүл бурууга аракет жазады.Сабак бүтүп сыртка чыгып бара жатсам,"Айсулуу, сиз бир мүнөткө кармаласызбы? "деп калды.
Баары чыгып кеткенден кийин:
-Бүгүн мага көрсөтөсүңбү мектепти?-деп жылмаят.
-Макул.Сабактан кийин.Сөзүмө турган эле кыздарданмын.
-Анда сабагың бүткөндө кечеки жерден күтөм.
Сыртка чыксам курбулар күтүп туруптур.
-Ии эмнеге токтотуп калыптыр?
-Эмне деди?
-Эч нерсе.Жөн эле мектеп менен тааныштырам дегем кече..ошол
-Абайла эми,башыңды айлантып салбасын,-деди Самара адатынча бетке айтып.
-Эхх...мынча жакшынакай жигит.Жигитим ушундай болсо арман болбос эле.
-Койсоңчу,биз азыр окууну ойлош керек.Эрте бизге,-дедим мен класска кирип бара жатып.
-Ой ой тим эле...Эрте деп коёт.Урмат жүрөт го аркаңан чуркап.
-Кептин баары ошол чуркап жүргөнүндө да
-Ар бир сөзгө жообуң даяр сенин,-деп бултуңдап барып Наргиза ордуна отуруп калды.Анын бул кылыгы көнүмүш эле адат.Сөз таппай калганда ушинтип калмайы бар.
Сабактар бүткүчө ордумду таба албай,улам саатты карап жаттым.Негедир, Даниярды көргүм келип туруп алды.Анын балбылдаган кара көздөрү дайыма биринчи урунат.Анан да сөздү салмактуу сүйлөп,өзүнүн деңгээлин да билет.
-Силер кете бергиле э.Эртеңкиге чейин,-дедим китептеримди салыштырып жатып.
-Эй кайдан эртеңки,түштөн кийин волейбол оюнга келбейсиңби?
-Оой,аны такыр унутуп коюпмун,Самаш. Келем да сөзсүз.Ошондо жолугабыз анда деп,мен практикант агайды издеп жөнөдүм.Фоедеги отургучтардын биринде отуруптур.
-Кана,кайсыл жактан баштайбыз?
-Мм..жүрү,мен сүйгөн кабинеттердин бирине.
Экөөбүз ээрчише музыка кабинетине кирдик.
-Кичинемден ушул кабинетти жакшы көрөм.Ушул жерден өзүмдү эркин алып,өз дүйнөмө сүңгүп кетем,-дедим кирип келе жатып.
-Музыкага чукулмун дечи..жакшы, -деген Данияр кабинеттин бир дубалын ээлеген күзгүнү,бир жак капталында музыкалык аспаптар илингенин,ал эми төрүндө болсо атакттуу музыканттардын сүрөттөрү илинген кооздуктарды суктана карап жатты.Мен болсо ал алдыга кадам таштап бериле караган сайын,анын артынан улам жылып үнсүз бара жаттым.Бир маалда Даниярдын көзү бүрчта турган пианинону көрүп:
-Ойноп бересиңби,-деди колун коюп.
Мен мындай сунушту күтпөй турган жаным эмне дешимди билбедим.Бирок, өжөрлүгүмө салып үнсүз отургучка отурдум.Сүрдөгөнүмөн, колдорумдун бир аз калтыраганын сезип,денемди муздак аралап кетти.Акырын колумду көтөрүп Моцарттын "Обон ыйын"ойной баштадым.Дал ушул ыргак менен негедир бул дүйнөдөн ыраак кетип,кадимки асманда калкып жүргөндөй,өзүмдү эркиндикти сүйгөн куштардын катарын толуктап кеткенсийм. Эргүү менен көзүмдү жумуп алып,өзүмдү музыканын ноталары менен,пианинонун баскычтарынан чыккан добуштун күч алып,жүрөгүмдү арнайм.....
Акыркы ноталарды ойноп бүтүп,акырын көзүмдү ачып,бир азга өзүмө келип,Даниярды карадым.Ал жанымда менден көзүн албай,ар бир кыймылымды карап туруптур.
-Сен жана музыка....Керемет. ..
Анын айткан сөзү мен дал кулак түбүнөн шыбырагандай, денемди калтырак басып кетти.Көздөрдүн тиктешүүсүнөн мен биринчи көзүмдү алып кеттим.
-Сени комплиментти кабыл ала билген кыз десе.
"Ииий ушул эле жетпей жатты эле.Бетиме кызыл жүгүрүп кеткенин байкап калганын.Эмне мынча мени карайт?Болду эми,карабачы, бай болгур"
-Канча жашыңдан бери ойнойсуң?
-Мектеп босогосун аттаганымдан эле.Музыкадан берген эжей шыгымды байкап калыптыр.Кыязы, пианинону жанынан чыкпай,ар кай жерин кармалап,кызыгып жатканымды көрсө керек.Сабак бүтөөрү менен эле ушул кабинетке чуркап келчүмүн.Эжейдин берилип ойноп отурганын көрүп,мукамдуу музыка бир сыйкырдуу болгонсуп өзүнө тартып тураар эле.Бир күнү мени көрүп "Ойносуңбу? "деди,ии деп эле жанына барсам,эжей алдына отургузуп," бул ноталар" деди маңдайдагы китепчени көрсөтүп," ушуларды көрүп,бул баскычтарды көрүп анан музыка чыгат"дечү. Ал мага атакттуу Бетховен,Моцарт, Шопен,Корто, Шнабель жөнүндө көп айтып берчү."Ар бир чыгармага өзүңдүн жүрөгүңдү берип ойносоң,обон ошончолук элге жетет" дечү.
-Ал эжей азыр жокпу?Менимче, азыр пианинодо сенден башка эч ким ойнобойт окшойт.
-Ал эжей,мен 8-класска келгенде ооруп каза болгон.Азыр башка мугалим,менден башка да бир экөө ойнот кичүү классттарда.
-Мурун пианино,скрипка деги эле музыкага кызыкпачумун. Негедир,сенин ойногонуңдан кийин,музыка дүйнөсүнө кирип жашоого кызыгуу артып калды-деди Данияр адаттагыдай мени тиктегенин койбой.
-Башка жака өтөлү..деп жибердим анын көздөрүнө туруштук бере албай.Анын жообун күтпөстөн сыртка бастым.Ошол маалда кошуна байкенин кичине баласы чуркап келди.
-Айсуш эже,сизди акемдер чакырып жатат.Шаарга кетип жатабыз.Үйгө тез келсин деди
-Макул,баратам- деп коюп эле артыма бурулуп
-Кечиресиң,. ...
-Менин кетишим керек болуп жатат,-деп сөзүмдү ал бүтүрүп күлүп койду.
-Макул.Жакшы тур деп эшикке чыгууга камындым.Эң сырткы эшикке жеткенде
-Айсулуу!- деп чакырып калды.Бурула артымды карасам.
-Сен жана музыка.Керемет, -деп адаттагы өзүнө жарашыктуу жылмаюсуу менен күлүп койду.
"Жүрөгүм. ..жүрөгүм тынч акырын эми.Мынчалык тыбырчылабачы. Сенин мындайың жарабай.Бейтааныш адам үчүн...сен аны биле элексиң....акырын. ..."Таза абага чыгып эле кере-кере дем алып жибердим.Эки колум менен бетимди бассам ысыгы тарай элек экен."Эмнеге мынчалык күйүп бышам...Баардык эле жигиттердей го...Жоок..анын көзү такыр башкача...Капкара. .ошол көздөрдүн тереңинде чумкуп алгың келет....Жоок, Айсулуу,эсиңе келчи!Сага эрте,эрте..." деп демимди басып,кадамымды ылдамдатып үйдү көздөй жөнөдүм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   baby_k   09 Ноябрь 2015 - 00:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

********************

-Шеф,бул эсине келип жатат-деди жигит нарыда чылымын түтөтүп,терезени карап турган бою узун,чымырлуу адамды карап.Тиги адам шашпай чылымын аягына чейин бүтүп,жерге таштап бутунун учу менен өчүрүп койду.Отургучта эки колу артка байланып,кийимдеринин тамтыгы кетип,бети башы канталап,шишип, ооз учунан бир нерсе деп булдуруктап араң эсине келип жаткан жигиттин жанына басып келди.Ээгин куушура кармап:
-Кандай анан,Ромео
Бирок,отургучтагы жигит унчукпады.Тек гана чарчаңкы кебетеси менен бирок ошол эле учурда курч көздөрү менен тиктеп турду.
-Эмне тиктейсиң?Жооп бербейсиңби? Же Жульеттаң жок тил ооздон калдыңбы?-деп ичине согуп жиберди.Тиги байланган жигит бук түшө калды.Нарыда турган эки жигит бул көрүнүшкө мыскылдап турушту.
-Сүйлө.Мен сураганда жооп бергиниң-деп бул жолкусун жаак талаштыра уруп жиберди.Кылып жаткан ишине канааттангансып, жан жөөкөрлөрү күлгөн сайын ого бетер күчөп сокку артынан сокку узатып жиберди.Жигит байланган колун бошотууга аракет жазап,онтоп жиберди.
Бир маалда тиги кара мүртөз жигиттин чачын тартып өзүнө каратты.
-Угасыңбы менин сөзүмдү?Кече эле кыйын болуп жүрбөдүң беле?Бир күнү менин көчөмдө да майрам болот дедим беле а?Жооп бер,иттин баласы!-деп кыйкырып жиберди.
Жигит дале унчукпастан туруп,тигинин бетине түкүрүп жиберди.Мындайды күтпөсө керек.Сөгүнүп эле болгон күчү менен тепкилеп сабап кирди.Кулап калганына да карабады.Бир маалда арыда турган экөө келе калып "Болду..болду. Жетишет"деп ажыратып калды.
Өздөрүнчө нары барып стол үстүндөгү арактан ичип,шарактап отурушту.
Бул илгерки завод фабрикадай болгон кароосуз калган жай,далай жолу баш ийбеген,жолунан чыга калып,каяша берип,сөз укпаган адамдарды бирин тиги дүйнөгө кетирсе,бирин чала жан кылып,мазактап таштап коюшкан,бул кылмышкерлердин "жазалоочу" жайына айланган.Шаардан обочороок жайгашкан бул жерге эч ким деле басып келбейт.Балким, милиция,кылмышкерди издөөчүлөр жакшылап издесе,эмне деген кылмыштардын бети ачылып,бул жазасыз жүргөн эки буттуу айбандар эбак эле темир тор артында отурмак беле...
Арадан бир аз өтпөй,жанагы кара мүртөз эшикти көздөй кетип бара жаткан,жанындагы бир жигит "Тигини эмне кылабыз?" деп жерде жансыз жаткан жигитти көрсөттү." Дары сайып,тиги дарыя жака таштап салгыла"деп коюп чыгып кетти.Эки жан жөөкөрү анын айтканын кылып,алеки заматта эле жигитти дарыяга таштап,Бишкекти көздөй "Ауди" зуулдаган бойдон жүрүп кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   baby_k   09 Ноябрь 2015 - 00:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

*************************

Үйгө келип негедир оюмдан Даниярдын жылмайып турганы жана "Сен жана музыка.Керемет" деген сөздөрү улам улам кулагыма жаңырып,кылып жаткан ишимди да чала бүтүрүп эле өзүмчө олдоксон кыймылдап жаттым.
Эми мындан аркы Данияр менен бет келишүүмдү эстегенде,жүрөк кабынан суурулуп кетчүдөй туйлап жиберип жатты.Анын жанында көп болбоого,алыс жүрүүгө өзүмө сөз бердим.
Эртеси күндөгүдөй эле сабактар өтүлүп кызыктүү эч нерсе деле болбоду.Кызыгы, Даниярды ал күнү,аны эртеси күндөрү да жолуктурган жокмун.Ошонусуна шүгүр кылып,өзүмдү эркин алып,дайымкыдай жүрсөм да,бирок,тээ жүрөк түпкүрүндө анын карагат көздөрүн бир пасталык мүнөткө көрүүгө ашыгып турдум.
Бүгүн негедир жалгыздыкты каалап,баарынан четтеп,музыка кабинетинде баш бактым.Кандай гана бейпилдик... ...тынчтык..... Текчедеги сааттын жебеси гана "чык-чык" этип мемиреген тынчтыкта үн салып турат.Бир азга күзгүдөн карап турган кызды карап,жакында гана жан дүйнөнү арбап алган сезимдерин канчалык күчтүүлүгүн көздөрүнөн окугум келип турду.Акырын мен сүйгөн,менин сырларымды түшүнө билген пианинонун жанына келип,олтура кеттим.Өзүмө абдан жаккан мукамдуу обондордун бири болгон "Айлуу сонатаны" ойной баштадым.Жан дүйнөм алып учуп,көзүмдү жумуп,эргүү менен бийиктикке улам көтөрүлүп бара жаттым.Бул мукамдуу обон дайыма өзүмдүн ички сезимдеримди түшүнүүгө,капа болсом капалыгымды айдоого жардам келет.Ойногон сайын жүрөгүмдүн ар бир бөлүкчөлөрүнө чейин жетип,жеңилдеп алам.
Ойноп да бүтүп,акырын көзүмдү ачсам,пианинонун кырында ээгин таянып Данияр мени карап туруптур.Чочубадым. Мен да аны тиктөөгө өттүм.Бир маалда акырын жылып келип,көзүмдөн аккан жашты колу менен сүртүп койду.Анын колунун учу тийүүсү менен менин денемди майда калтырак каптап кетти.
-Сенин ойноп отурушуң эле бир керемет кооздук.Ал эми ага обондор кошулса баардык көрүнүштү сөз менен айтып бере алгыс.
Мен сүйлөөгө дараметим жетпеди,бирок, анын кара көздөрүн кароону токтотподум.
-Сен жана музыка...Керемет. ...Айсулуу.дегенде дем жетпей кетип терең дем алып алдым.А Данияр болсо адаттагыдай жылмаюсуу менен карап турду.
-Кхм...менин кетүүм керек-деп ордуман козголуп,сумкамды алып,эшикке бет алдым.
-Айсулуу!- деди акырын шыбырай Данияр.Бурулсам, бет маңдайыма келип:
-Акыры төрт күн ичинде шаарда болдум.Практикамды шаарга которуусун ата-энем суранышты,үй бүлөөлүк көйгөйлөр.
-Анын баарысын мага эмнеге айтып жатасың?!- дедим түшүнө бербей.
-Бирок,мен макул болбодум.Мени бул мектепке бир күч тартып турду.Ал күч эң алгачкы күнү болгон күнүмдө эле пайда болгон....Анан. ...бүгүн шаардан келип эле,мектепке кирип пианинонун үнүн уктум.Түз эле бул кабинетке келсем....сен эч нерседен капарсыз баардык оюңду,жүрөгүңдү, өзүңдү музыкага арнап коюп,ойноп жатыпсың.Жадакалса, менин киргенимди сезген жоксуң.Айсулуу. ......ал күч мени сага жетелеп келди.Сага гана тартылып,сени гана көргүм келди...
-Жок,жок...Данияр эч нерсе дебе...Мен..мен сенин сезимдериңди азыр түшүнө албайм...түшүнгүм келбейт-деген бойдон,жашымды корсотпой чыгып кеттим.
Артымды карабай чуркап жөнөдүм.Көзүмдөн аккан жашты да сүртүүгө алым келбей  бара жатканымда, так бурчтан Наргиза менен Самараны сүзүп алдым.
-Айсулуу!?
-Сага не болду?деп таң кала караган экөөнүн суроолоруна мен азыр жооп берүүгө даяр эмес болчумун.Жооп бербестен жолумду уламакчы болгондо аркамдан Даниярдын атымды чакырганын уктум.Бирок, кайрылбадым.
Бөлмөмө кирип эле,төшөгүмө куладым да,жаздыкты кучактаган бойдон ыйлай бердим.
"Мен сенин сүйүүңө жооп бере албайм.Жүрөгүм канчалык тыбырчылап, акыркы бир жума ичинде сага байланып калганын какшаса да,сезимдерим жаш болуп көзүмдөн акса да,өзүң айтмакчы,кандайдыр бир сыйкырдуу күч сага жетелесе да,мен жооп бере албайм.Мен үчүн азыр баарынан окуу,окуу жана окуу.Өзүм гана эмес айланамдагы курбуларыма да акыл айтып,эрте деп мээсине куюп,кыйын болом,мен алардан озунуп махабатыма жол ачып бере албайм.Намыс. Намыс.Ооба,куру намыс...Намыс бар жерде сүйүүгө жол жок....Кечир. ....Данияр"
Кийинки эки күн эс алуу күндөрү болгондуктан, өз бөлмөмдөн чыкпай жата бердим.Өзүмдү китеп окуп же пианинодо ойноп жатам деп алдаганым менен оюмдун баары Даниярдын жалооруп караган көздөрүнө барып такалаар эле.Апам менен атам менин бул кылыгымды түшүнбөй турушту.Алардын дайыма таңдан кечке ар нерсени айтып,күлдүрүп, шайыр шатман жүргөн кызынын бул көрүнүшү жага бербесе керек.А мен болсо,"өзүмдү жаман сезип атам,ооруп калганмын сыягы"деп аларды жайгарып коём.Эне жүрөгү сезет да,баары бир.Мен апамдын берген суроолорунан караманча качып,жооп бербей турсам да,баарын билип турду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   baby_k   09 Ноябрь 2015 - 00:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Түнү бою чабалактап уктай албай жатып,таң эрте уктап кетипмин.Атамдын "Кызым тура гой"деген үнүнөн ойгондум.Негедир мектепке барууга такыр көңүлүм тартпайт турду.Балким, жүрөгүм бир нерсе сезгендир,ким билет...Көңүлсүз тамактанып алып,сыртка чыксам,кошуна Жибек да үйүнөн чыгып калды.Экөөбүз кез келгенде жакшы сүйлөшүп калчубуз.Ал менден бир жашка улуу болсо да,кичинебизден бирге ойноп,бирге өстүк.Ээрчише мектепти көздөй бастык.
-Айиий ай Айсулуу,ушунча сырыңды бек катат экенсиң.Сенин ордуңда мен болсом,күйүп бышып,бакыттан канат бүтүп кетмек болсо керек.
-Эмнени эле айтып атасың?-дедим көп түшүнө бербей.
-Тиги практикант агай менен болгон сүйүүңдү айтам.Же мага ошончолук эле ишенбейсиңби? -деген Жибек таарына карап калды.
-Аны сага ким айтып жүрөт?Бизде эч кандай сүйүү болбойт.
-Койчу ай,тиги жалгыз курбуларың эле айтып чыгышыптыр.
Бирөө жаакка чаап жибергендей дирт этип алдым.
-Эмне?Кандайча? Бирок,эч нерсе болгон эмес да....
-Мурдагы күнү эле мектептен угуп келгем.Сенден үйдөн сурайын десем,аяш энем "ооруп жатат" деди.Эмне чын эле аны менен сүйлөшкөн эмес белең?
Анын суроолоруна жооп кылып менин көзүмдөн аккан жаштар болду окшойт.Ал мени аяп кеттиби..же билбейм мени кучактай калды.
-Кечирип койчу.Мен билбей эле.Ырас,сенден сурашым керек эле.Бирок,тиги курбуларыңдан угуп ишенбей кое албадым.
-Эч нерсе эмес-дедим көзүмдөгү жашты аарчып,дагы да болсо Самара менен Наргизанын мага деген кыянаттылыгына ишене бербей.
Мектепте андан да кыйын экен.Биз кирип баратканда мени караган окуучуларга, күбүр шыбырларга көңүл бурбай кое албадым.Ал ансайын жүрөгүм кысылып,тамагыма буулугуп туруп калган ыйды сыртка чыгарбоонун абалын кылып,эрдимди тиштеп турдум.Данияр экөөбүздү,практикант агай менен окуучу кыздын "сүйүүсү" мектептеги каттуу талкуу болгон сыягы."Эмнеге адамзат бирөөнүн жашоосун билүүгө ашыгабыз..?" .
Мен жалгыздыкты, тынчтыкты каалап турдум.Класска акырын кирип,айланадагы мени кызыгуу менен карап турган адамдардан тезирээк коргонгум келип,эшикти шарт жаба калдым.Пианинонун жанына басып келип,отура кеттим.Бирок, ....эки күн мурун бул жерде мага сезимин арнаган адам менен турганымды эстеп,анын сөздөрү кулагыма жаңырып,жалооруган көздөрүн канчалык эстегим келбесе да ойлор күлүк экен....Мектепте бир гана өзүмдү бейпилдикте сезген жер болсо,ал жерден да баш тартууга туура келди.
Сабактарга катышууга көңүлүм келбеди.Мен азыр "эки курбу"аттуулардын жүзүн көрүүгө даяр эмес болчумун.Түз эле үйгө камынып,мектептин короосуна чыксам,директор агайдын катчысы келе жатыптыр.Бул эже аяш атамдын кызы болгондуктан бири бирибизди таанычубуз.
-Эрке кыз кандайсың?Аяш атамдар жакшы турабы?Ырас, жолукпадыңбы, сага тиги практикант кат таштаган-деп эле сумкасын аңтарып калды.-Азыр, ушул жака эле салдым эле..а мына..-деп эки бүктөм катты сунду.
-Рахмат-дедим да катты алып басып кеттим.
Үйгө келээрим менен эле катты ачтым.
"Саламатсыңбы, Айсулуу!" -деп башталыптыр кат.
"Мен эч качан жан адамга кат жазып көргөн эмесмин.Чынында эле бул биздин заманда башкача нерсе болсо керек.Бирок, ошентсе да өз оюмду,айтылбай калган сезимдеримди толук жазганга аракет кылам.
Эмнеден баштаарымды да билбейм.Сен экөөбүздүн жолугушуубуздан бир жумадан ашык убакыт өтсө да,мен ал күндү такыр унута албайм жана унутпайм.
Бир көрүп сүйүп калууга мурун ишенбесем,сени көрүп ал оюм тескери жактан чыкты.Биринчи көргөн мүнөттө эле жүрөгүм бир башкача болк этип алып,ага удаа эле мурда сезип билбеген кандайдыр бир жылуулук жан дуйномду аралап өттү.Сен коштошуп курбуларың менен кеткен соң,өзүмдүн жарымымды алып кеткендей болдуң.Мен мындай сезимге мурун кабылбагандыктан, эч нерсе түшүнбөй турдум.Качан гана үйгө келип,сен жөнүндө бассам турсам да ойлонуп,жадакалса күлүмсүрөгөн элесиң да мени ээрчип туруп алганда,сени бир көрүп сүйүп калганымды билдим.Сенин күлкүңдү,сенин карагаттай көздөрүңдү, сенин үнүңдү,сени Айсулуу сүйүп калдым.Бир жагынан бул сезимдер коркуу жаратса,бир жагынан жагымдуу эле.Сени көргөн сайын жан дүйнөмдөн бакчасына бакыттын кушу конуп,ал сүйүү жөнүндө обон созуп,мага жылуулук,кубаныч жана үмүт тартуулап тураар эле.
Сага сүйүүмдү билдирип,а сен мага сезим тартуулай албашыңды уккандан кийин көпкө ойлондум." Эмнеге сүйгөн адамым менен боло албайм?Эмне үчүн алгач сүйдүрүп кайра кошпойсуң?Кайсы күнөөм үчүн?"деп өзүмө көп суроо бердим.Анткени, сенде да мендегидей сезимдер бар экенин сезчүмүн,билчүмүн.
Эсиңдеби, "Сен жана музыка.Керемет" деген сөз.Ушул сөздү укканда жүзүңдө кызыл пайда болуп,сенин аруулугуңду билдирчү.
Дайыма бетке айткан кыз экениңди да билчүмүн.А сен менин жанымда такыр башка адамга айланчусуң.
Сен мага биринчи жолугушууда эле ишенгениңди билгем.Анткени сен өзүңдүн тынчтык жана бейпилдикти сүйгөн музыка аралына алып баргансың.
Мен баарын билем,сүйүктүүм. ..
Мен сенин чечимиңди түшүнөм.Жаш болсоң да ушундай акылдуусуң. Азаматсың.Сен албетте окууңду мыкты аякташың керек.Баарына өзүм күнөөлүмүн, сага сезимдеримди айтуу менен алыстатып алдым.
Эч качан капа болбо,анан дагы көз жаш кылба.Адамдардын сен жөнүндө айткандарына эч көңүл бурба.Сен эң мыктыга татыктуусуң.
"Кош"дебейм, кайра кайтып,жолугушчу жолдор бар.Данияр"
Мен катты менимче жуз жолу кайталап окудум окшойт.Дагы да болсо Даниярдын кеткенине ишенбей турдум.Ооба, албетте ал мен үчүн келген,кетээрин деле билгем,бирок, мен аны жүрөгүмдүн түпкүрүндө дагы деле сагынган элем.
Ал кетти.Аны менен кошо жүрөгүмдү жарымы кошо кеткендей болду.

Билдирүүнү түзөткөн: baby_k: 09 Ноябрь 2015 - 00:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   baby_k   09 Ноябрь 2015 - 21:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

*****************

-Өлүп калган болсо эмне кылабыз?
-Ой басчы биринчи барып көрөлү!-деп бою узунураагы жанындагысын тыйып койду.Алар жакын жердеги дөңсөөдө ичип отурушуп,эмелеки "Ауди"машинасы менен келип,дарыя жээгине адамды таштап кеткендерин көрүп калышкан.
Жээкте бети башынан,кийимдеринен тамтык жок жаткан жигитти көрүп,экөөнүн мастык абалдары дароо тарап кетти.Өмүрүндө көп эле жолу уруш талашты көрүшсөдө,мынчалык мыкаачылык менен сабалган адамды көрүшө элек болчу.Жакын келип,бир дабыш болобу дешсе,дем алганы билинбейт.Улуураагы келип,акырын колун тамырын кармап көрдү.Кичинеден жүрөгүнүн согушу бар экенин сезгенде "Тирүү экен"деп сүйүнүп кетти.Тиги жанындагысы дагы да эсине али келе элек болчу.
-Бас,жүрү милицияга кабар берели.Басчы. .-деп жиберди.
Улуурагы көпкө ойлонуп,бир жерде жатканды карап,бир шеригин карап
-Жок,биз айткан күндө да,ичкенибизди билип силер сабадыңар деп кылмышты бизге илип коёт.Тиги Асанбек эле бизди тааныбай калыптырбы, ал бизди адам ордуна көрбөйт,энеңдурайын- деп түкүрүп койду.-Кел,жардам бер андан көрө
-Эмне кылабыз муну?
-Манап табыптыкына алып барабыз.Ошол киши билет эмне кылышты.
Шериги унчукпастан экөө жигитти колтуктан сүйөп,жакын жердеги бирин серин үйлөрдү көздөй көтөрүп жөнөштү.
Алар табыптын үйүнө келгенде,ал эшик алдында өзү жалгыз отурган эле.Бир маалда "Манап акее,Манап акее ач эшикти.."деген үндөн,"Бул ким болду экен мынча кыйкырган" деп сүйлөнө дарбазаны көздөй жөнөдү.Ачып жиберип эле маңдайында турган үчөөнү көрүп жүрөгү түшүп калды.
-Ок..силерге эмне болуп кетти.Э Каныбек бул ким?Ээ Жараткан мынча эмне кордукташкан
-Аке,жүрөгү согуп атат,бир нерсе кыл-деп жиберди бою узунураагы Каныбек.
-Төркү үйгө киргизгиле- деген Манап өзү жол баштап,төрдөн төшөк ала калып алдына каттап сала калды.
-Максат,тиги эшикте чайнекте ысык суу бар,дагара экөөнү алып келе кал.Каныбек, тиги жерде таза шейшеп бара эле,бөлүктөргө бөлө сал.Баарын тазалабасак болбойт-деп өзү,жигиттин кийимдерин чечип баштады.Үчөө тез эле жигиттин кандарын тазалап,астын дагы жакшылап төшөк салып жаткызышты. Мансап өзүнүн дарылар койгон текчесинен кичине бөтөлкөдөгү бир суюктуктан эки кашык жигиттин оозуна куйду.Андан кийин үчөө эшикке чыгып,Каныбек менен Максат болгон окуянын чоо жайын айтып беришти.
-Манап аке,эмне кылабыз эми?-деди Каныбек корккон түрдө.
-Жигитти айыктырыш керек.Милицияга айтсаң эле алар экөөңдү кармап кетет.
-Мына,көрдүңбү айттым беле сага-деп Максатты нукуп койду Каныбек.
-Балким,жигит эсине келсе баарын өзү айтып берет.Силердин бириңердин оозуңардан да сөз чыкпасын.
-Айтпайбыз,аке. Балыктай ооз ачпайбыз.
Максат менен Каныбек табыптын үйүнөн чыкканда,Максатты карап.
-Эй эч ким ооз ачпа.Ооз ачсаң эле өлдүк экөөбуз,уктуңбу- деди.Тиги да "макул" дегендей башын ийкеди.
Күн өткөн сайын Манап табыптын үйүндөгү белгисиз меймандын абалы өзгөргөн жок.Дем алуусу дале билинбейт,бирок, жүрөгү кагып жатканын табып,айыгып кетишине үмүт кылып турду.Таң эрте туруп,намазын окуп,жигиттин тез сакайып кетишин күндө Жараткандан жалынып суранып,дуба кылат. Тоо баштарына чыгып,дары чөптөрдөн чогултуп келет.Кээде Каныбекти ээрчитип алат.Негедир Каныбек менен Максат да ошол белгисиз конокту тапкан күндөн бери ичкендерин да токтотушкан. Ар дайым Манаптын үйүнө келип,жигиттин ахыбалын сурап,үйдөгү жумуштарга жардам берип кетишет.Көбүнчө, Каныбек келип,жигиттин жанында бир топко отуруп алып,жолго түшөт.Балким, анын үй бүлөөсү жок болгондуктанбы, ушул жигитке боор тартып турду.Манап табып да "Ичпесең, сонун эле адамсың.Ошол жинди сууну оозуңа алганда эле башка адамга айланасын.Сен деген жашсын да,иштеш керек,үйлөнүшүң керек.Жашын деле 30дан аштыбы,бейм" деп сүйлөнүп алат.Ата энесинен эрте жетим калып,кийин таекесинин колуна барган.Ал жерден да батышпай,өз арабасын өзү согуп,ушул жашка келип,үйлөнбөгөнү да,аркасында жөлөп таяп турган бир адамы болбогонунда болсо керек.
Жашоо деген өзү көл сыякттуу тура.Көлдүн суусу туздуу,жана ал баарына эле жага бербейт эмеспи.Бирок, ошол туздуу болгону үчүн бизди өзунө тартып турса керек.Дал ошол туздуулугу менен өзүңдү тирүү жан экениңди билдирсе керек.Балким, баары таптаза,тузсуз болсо,башында жагып,аягында тажамакбыз. Таттууну көп жесең деле,аягында жүрөгүбүз айланып жегибиз калбай калат эмеспи.Анысы сыңары жашоонун туздуулугу кээ бирде бизди "куткарып" турат десек да туура болчудай.
Көл ар бир жыл мезгилинде ар башкача болот.Кышында- муздак,жайында- жылуу жана өзүнө тартып турат,жазында- ташкындаган толкундарынан түшүүгө да коркосуң,а күз келгенде капалуу маанай менен андан чыгууга мажбур болосуң.
Жашоодо да ошондой-ар кандай мезгилдер бар.Кээде жашоого болгон көз карашың өзгөрүп,жашагың келип,жан дүйнөңдө кубаныч,бакыт орнойт.А ал эми кээде маанайың түшүп,эч нерсе жакпай,ушул нерсенин баары тезирээк бүтүп калышын каалайсың.Ал эми ызгардуу кыштан кийин дайыма жаркыраган жаз келет.....

Бир күнү,коноктун келгенине эки айдан ашып калган.Адаттагыдай Каныбек жигиттин жанында үнсүз отурган эле.Эми кетейин деп жигиттин төшөгүн кымтылап жаткан маалда,жаткан жигит көзүн акырын ачып,эсине келе баштады.Каныбек сүйүнгөнүнөн үйдү жаңырта "Манап аке,Манап аке..."деп кыйкырып жиберип эшикке жөнөдү.Манап адаттагысындай короо тарапта кичине мал жанын карап жүргөн."Манап акее..Эсине келди..көзүн ачты...Манап акее...."деп күйүккөн бойдон далбактап чуркап келген Каныбекти көрүп чочуп кетти.
-Оо...Жараткан. .эмне мынча кыйкырасың? Жайчылыкпы деги?
-Жигит эсине келди,аке...
-Ок..не дейт?Оо Жараткан,үнүмдү уккан экен да э.....деп экөө кошо жүгүрүп үйгө киришти.
-Уулум,эсине келдиңби?-деди Манап жанына отуруп жатып.
Жигит көзүн ачкан бойдон,биринчи суроосун узатты.
-Мен киммин?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   baby_k   09 Ноябрь 2015 - 21:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Сүйүү....түшүндүрө алгыс....кайталангыс. ...эстен тандырган... ..
Ооба,ал сезимдерди, ал абалыбызды эч качан түшүндүрө албасак керек...
Ошол адамды көрүп калдың...анан. ...анан болду..денеңди майда калтырак басып,сүрдөп, а жүзүңдө болсо жылмаюу,ордуңдан да да кыймылдоого чамаң жетпейт.Жадакалса, дем алууга да алың келбей калат....
Бир учурда ал адамдагы баардык нерсе жага баштайт:жыты, үнү,кыймыл аракети,жылмаюсу. ........баардыгы. Бирок, "бирок" деген жери бар......Аттиң. ...

-Алло,алло,апаке. .Сүйүнчү,апа, мен окууга өттүм-дедим кубанычымды жашыра албай.
-Ии балакетиңди алайын.Жакшы болгон тура.Ошол окууңду мыкты окуп,чоң адам бол,алтыным- деген апамдын менин кубанычыма ортоктош болуп,каргылдаган үнүн уктум.
-Апаке,ыйлабаңызчы. Атам жок беле?
-Жоок,бул маңдайкы Асандыкы чакырып кеткен.Байкеңдер жакшыбы?Жеңең менен тил табыштыңбы?
-Ооба,апа баары жакшы сарсанаа болбоңуз.Мейлиңиз анда мен койдум телефонду.Атама салам айтыңыз.Жакшы тургула,апа- деп телефонду коёрум менен салаалаган жаштар көзүмдөн агып кетти.Бала үчүн да ата-эне үчүн да жанынан алыска кетүү оор экен...Акыркы күндөрү үйдөн чыкпай,курбулар менен маек кылбай,жалаң гана үйдөн китептен башым чыкпай отурган мени апамдар көрүп "Ой кичине алдыгы китепти,өзүңдү эс алдырып эшикке чыгып аба жутсаң боло"деген апамдын сөзүн укмаксанга салам.Ооба,сүйүү деген ооруга кабылып алып,аныма дабаа таппадым...Анын жылмайып турган элеси дайыма мени ээрчип,күндүзү оюмдан,түнү түшүмдөн кетпей койду.Канчалык ойлобоско аракет жазасам да баары натыйжасыз болуп турду.Жүрөгүмдүн бир тарабы жок болгонсуп,жан дүйнөм муздап калды.Кайда барбайын "Сен жана музыка..Керемет. ."деген анын үнү жаңырат дагы турат.Кээде түнү бою аны сагынып,куса болгонумда, "жалгыз курбуларым" деп эсептеген Наргиза менен Самаранын чыккынчылыгына ызаланып жаздыкты кучактап алып түнү бою ыйлап чыгам.Эртең менен шишип калган көздөрүмдү көрүп атам менен апам "Эмне болду?"десе, баш чайкап гана кутулам.Балким, алар да мен жөнүндө кепти укса керек,такып сурап мени беймаза кылышпады.Мен ошонусуна аларга ыраазы элем.Бир күнү,мектептен аттестатымды алып келгенден кийин,тамак үстүндө "Ата,мен шаарга окууга кетем"дедим. Менин кыйналып турганыма каршы чыга алышпадыбы, айтоор,"Мейли, окусаң оку"деп сөздү бүтүрүп койду.Эми минтип мен дагы өзүм сүйгөн окуунун," тергөө жана кылмыш изилдөө факультетинин" студенттеринин катарын толуктадым.
-Кыз,кел тамак ич.Даяр болду-деп ашканадан чакырган жеңемдин үнүн угуп,көзүмдөгү жашымды аарчый,ашкана жака бастым.
-Апамдар кандай жатыптыр?-деди мен дасторконго отурур жатсам.
-Жакшы экен.Байкуш, апам менден өтүп сүйүнүп,ыйлап алды.
-Ананчы мен да көзүмө жаш алдым го.Бирок,кыз мындай кыз кишиге ыйлайыктуу окууга өтсөчү кеч боло электе.
-Жок,жеңе коюңузчу.Атамдын жолун эки агам жолдобосо мен жолдойм.Орган тарапта окуу кыз кишиге ылайык эмес десеңиз жаңыласыз.
-Мейли.Биз не кабатырланганыбыздан эле айтып жатабыз да-деп унчукпай калды.
Эртеси күнү эле атам менен апам айылдан келип,менин окууга өткөнүмө бир койдун этин көтөрө келишиптир. Үй бүлөөлүк кечте отуруп атам "Менин жолдоп,жакшы адамдардын арасынан чыккан кылмышкерлерди жок кылып,эл журтуңдун керегине жараган кыздардан бол,садага" деп батасын берди.Бирок, эч кимибиз кийин ошол жакшы адамдардын арасынан чыккан жамандардын катарына кирип калаарымды билсек гана.....
Негедир мен курбу күтүүдөн заарканып турдум.Балким, башымдан өткөн достукка кыянаттык кылган адамдардан кийин жүрөгүмө коркунуч орноп калса керек.Өзүм менен өзүм болуп,окууга бүт дитимди буруп,аракет кыла баштадым
Ар күн сайын сабактан чыкканда шаар аралап басканды жакшы көрөөр элем.Бир чети таза аба менен дем алып,шаардын элинин жашоосунв кызыксам,бир жагынан алгачкы махабатымды издөөчүмүн. Балким,бир күнү "жарк"этип алдыман чыгып калабы деп күтчүмүн." Сени сагындым,Данияр! Аябай сагындым.Саат жебеси ордунда уктап калгансып,бар үнүм менен аны ойготуш үчүн кыйкыргансыйм. А убакыт болсо адаттан тышкары жай жылат.Бул жай кыймыл менен миң бир түн сени сагынуу менен өткөрөт окшойм...аттиң. ...Зуулдаган машиналардын үнүнөн,туш тараптан чыккан балакайлардын шыңгыр күлкүсүнөн, бороон урган шамалдан,ээ жаа бербей шатыратып жааган жамгырдан бир гана сенин "Айсулуу" деп атыман айтып чакырган,шыбыраган үнүң гана угулгансыйт. Кээде туруп ошол үнүңдү издеп кетким келет...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   baby_k   09 Ноябрь 2015 - 21:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Мен сени сагындым,Данияр! Тумулжуган ойлордун кучагында отуруп,тээ төбөдө калкып жүргөн асмандагы булуттардан сенин жылмайыңкы элесиңди да курап алып,өзүмө өзүм каниеө алып,ыраазы болуп кетем.Колумду көтөрүп,сенин жүзүңө жакындагыи келет,бирок, жетпейм....алыссың. ..

Мен сени сагындым,Данияр! Сени бар күчүм менен бекем-бекем кучактап,эч качан коё бергим келбей кетет.Ошол кучагым менен жаман көздөн,жаман сөздөн сактагым келет сени.Бир гана "Сен"деп тыным албай согуп жаткан жүрөгүмдүн добушу гана угулат....

Кайдасың?Эмне кылып жүрөсүң?"

Атам мени "Окууңа жардамы тиет.Кийин да иштесең тажрыйба алып каласың"деп райондук тергөө иштериндеги иштеген досу менен сүйлөшүп мени жардамчы кылып киргизип койду.Эми мурда окуудан чыгып,шаар аралай басканды жакшы көрсөм,шашкан бойдон жумушка жөнөп жаттым.Ошондой күндөрдүн биринде,окуудан чыгып келе жаткам."Айсулуу" деген үндөн карасам,мен качанкы унуткан,анын кандай экенин да элес албай калган Урмат кучак гүл көтөрүп алып мага утурлай басып келе жатты.
-Сен кайдан адашып?-дедим биринчи эле.
-Сени издеп.А бул сага!Колундагы гүлүн мага астейдил сунуп,албай койбоспу деген тынчсызданууну бар экенин жүзүнөн көрүп,колума алдым.
-Рахмат.Бүгүн кандайдыр майрам бекен?
-Жоок.Жумушка кирген турбайсыңбы, ошону куттуктап эле-деди шашкалактап.
-Жумуш деген эле аты бар,болгону тажрыйба топтоп жатам.
-Негизи эле кыйын кызсың.Тээ мектептен эле баарын тизип койчу элең го.Биздин балдар жалтакташчу.
-Койчу ай...
-Койбой эле...Бош болсоң сейилдеп келбейлиби?
-Жок,Урмат,мен сейилдей албайм.Жумушум бар.
-Мейли анда-деген ал менин аялдамага чейин узатып келип,андан ары өз жолу менен кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   baby_k   10 Ноябрь 2015 - 12:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

-Кандайсыз,Тимур ага?Мен бир аз кармалып калдым.Тыгындар көп бүгүн,кар жаагандан.
-Аа,Айсулуу, кел.Окуулар жакшыбы?
-Мм...жакшы эле.Башты ооруткан Тайсаловдун лекциясын айтпаганда- дедим мурдумду чүйрүп.
-Ал агай кыйын да,өзүн ишин билген..
-Бирок,карып калып кишинин мээсин эзип жиберет лекциясы менен-десем Тимур ага күлүп калды. Ал аңгыча эле,күзөттө турган жигит кирип калды.
-Жолдош майор.Чакыруу түштү.Киши өлтүрүү болуптур
-Макул-деп жыйналыша,кийимдерин кийип жаткан Тимур ага:
-Сен тигил жакта делолор бар ошолорду ирээттей бер.Мен келгенде текшерем.
-Кечке эле дело иреттейминби? !Мен дагы барайынчы.Сизге окшоп мен дагы кылмышкерлерди кармагым келет.
-Жок сен али жашсың,болбойт.
-Суранам,Жолдош майор!
-Ии мейли бас.Шефтен сөз укпасам эле болду.
Кылмыш болгон жер,шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде экен.Биз баргыча эле "Тез жардам" менен "Милициянын машиналары, ага удаа эле топтолушкан элдер жыйналып калыптыр.
Машинадан түшкөндө эле,жаш жигит чуркап келди.
-Милициянын лейтенанты Кошбаев.
-Майор Аскалиев.Бул жерде эмне экен?
-Адам өлтүрүү.Жүрөк тушуна ок жеген.Денесинде ар кандай тактар калган,өлүм алдында кармашууга аракет кылган.Үйдө эч кандай тинтүү,баалуу буюмдардын жоголуусу каралган эмес.Маркумдун аты жөнү:Хасанов Аскар Хасанович.1976- жыл.Кыргыз Республикасынын жарааны.Үй бүлөөлүү.Эки уулу бар.Бишкектеги менчик туристтик агентстволордун жетекчиси.
-Күбөлөр болгон бекен?
-Жок,эч ким эч нерсе көрбөптүр.
Ушинтип талкуулап кетип бара жаткан экөөнүн аркасынан мен ээрчип бараттым.Үйдүн ичине кирип,төркү конок үйүнө кире берген жерде канга чыланып жаткан өлүктүн көрүп,бүт боюм титиреп,азыр эле качып кетким келди.Бирок, ушүл жолду,кесипти тандаганым үчүн гана өзүмдү кармап,чыдап турдум.Майор ары бери басып карап,жанындагы лейтенантка ар нерсени айтып экөө сүйлөшүп жатты. Мен болсо бөлмөлөрдү кыдырмакка бастым.Биринчи эле маркумдун аялы экөөнүн бөлмөсүнө баш бактым.Эки кишилик керебет,кийим салынуучу шкафтар менен өз табиттерине жараша жасалгаланган экен.Акырын басып
ар бир буюмду этияттап,өзүмдүн изимди калтырбоого аракет кылып жаттым.Тимур ага дайыма кылмыш болгон жерде тактыкты,сактыкты биринчи орунга коюш керек деп көп айтчу.Мен да ошол кебин эстеп,аракетимди жасап жаттым.Илинчек таппагандан кийин,бөлмөдөн чыгайын деп артыма бурулганымда каалганын кармагычында илинген эркек кишиге таандык костюмга көзүм түштү.
Кармагычтан албастан,чөнтөктөрүн текшерип жатып,төш чөнтөгүнөн эки бүктөм кагаз таап алдым.Ачып,окуп эле маркумдун ордуна өзүмдү элестетип,ичиркенип кеттим.
Оозгу бөлмөгө чыксам,баары бир нерсени аябай талкуу кылып жатышыптыр.
-Менимче,досторунан эле көрө албаган адамдар кылган-деди чечкиндүү лейтенат.
-Балким.Таанышы болбосо эшик ачмак эмес,чынбы?
-А балким аялы менен көңүлдөшүдүр- деген менин үнүмө экөө тең бурула мени карап калды.Ошондо гана майор Аскалиевдин эсине эми келгениндей
-Аа бул менин жардамчым,Айсулуу. 1-курсттун студенти
-Эмнеге антип ойлойсун?-деди Кошбаев тааныштурууну капарына албагандай, мени сындуу көздөрү менен карап
-Жөн гана ой кетти ошондой-деп ийнимди куушуруп койдум.
-Жөн гана ойлор кетти деп аялынын көңүлдөшүн издейлиби-деди мыскылдагансып. Мен унчукпадым. Дагы эле жерде жаткан өлүктөн көзүмдү ала албай тургам.
Жумушка кайтып келе жаттык.
-Тимур ага токтотчу машинаны!
-Эмне болуп кетти?-деди ал мени таңгала карап.Машина токтой берди дегенде эле,эшикке атып чыгып,окшуп жибердим.Көз алдыма дагы деле үйдөгү сүрөт тартылып турган.
-Мына айттым беле,жашсың, барбай эле койчу деп.Кичине улуунун сөзүн угуш керек да-Мен машинага отуруп жатсам майор сүйлөнүп кирди.
-Мен бир өтүшүп кеткен бир нерсе жеп алган окшойм-дедим корккона абалымды билдиргим келбей.
-Ооба,мени алдап коё аласың.Ээ карындаш мен органда иштеп жүрүп психолог да болуп калгам.Тиги үйдөн эле өлүктү көрүп эле көздөрүң алайыр,коркконуңду байкагаг жок дейсиңби?Намысың күчтүү сенин,ошондон улам эле чыдап турдуң окшойт.
-Ии маакул болуптур,ооба коркуп кеттим.Эми шылдыңдаганы турасызбы?-деп менин жинденгенимди көргөн майор күлүп калды.
-Мен силерге окшобой,бир илинчек таптым да.Балким,ойлогонум туура эмес чыгаар,бирок, аялынын күйөөсүнөн кетип атканын,көңүлдөшү бар экенин жазган катты таап алдым.
Менин колумдагы кармалап турган катты тартып алып окуп кирди.
-Ммдаа...бул жерде бир нерсе жыттангансыйт. Бирок,Айсулуу, оң кулак сол кулагың менен ук,болду ээрчитпейм эч жака.Жанагы кабинеттен чыкпай отурасың да иштейсиң.
-Бирок,....
-Эч кандай бирогу жок эле.Сенин өмүрүңө залал келтире албайм.Тилди уксаң.
Экөөбүз ошол бойдон сүйлөшпөй,жумушка келдик.Мен адатымча делолорду иреттеп,телефон чалууларга жооп берип коюп отурдум.
-Тимур ага?
-Ии..
-Кел сүйлөшөбүз жакшы.Эгер жанагы Хасановду чындап эле аялынын көңүлдөшү өлтүргөн болсо,кээде мени өзүңүз менен алып барасыз,кандай дейсиз?
-Жоок,ушул жакта отурасың дедим го.Жок дегенде 2-курсту бүтүп келчи,анан барасың.
-Жок,мен азыртадан көнүшүм керек.Суранам, Тимур ага,сиз жакшысыз го.Мындан кийин сөзүңүздү угам.Болгону, мен да баарына катышып,баарын көрөйүнчү.Ушул жолду тандагагым соң,баарына көнүүм керек.
-Мээң иштейт сенин-деген сөөмөйүн кесеп койгон майор
-Келиштик-деп колумду кысып койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   baby_k   10 Ноябрь 2015 - 12:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Ошол күндөн баштап Хасанов жөнүндө маалымат чогултууга өттүм.Анын ар бир баскан жолу,эмне иш кылган,ким менен арыздашкан деген толгон токой суроолорго жооп табуу керек эле.Анын жакындарынан сурак алуу мага мумкун болбогондуктан, алардын артынан гана андуу ыңгайлуу болуп турду.Бир күнү дагы адаттагыдай аялынын артынан аңдып жүрсөм,аркаман бирөө ийнимден тартты.Чочуп кетип,карасам, баягы мени акшырайган көздөрү менен караган лейтенант.
-Сен эмне кылып жүрөсүң?
-А сизчи?Досторунан кеткен деп коюп,сиз деле аялынын аркасынан түшүптүрсүз го акыры-дедим
-Ал менин ишим.Мындай жумушту сага,болгондо да студентке тапшырып койгонуна майорго таң калып жатам
-А эмне студенттин колунан эч нерсе келбейт бекен?
-Жашсын,чоң кыз.Ким эле атың?..Айдай. .жоок..Ай..Айсулуу. Таптым.Көп болсо 16-17де болсоң керек.
-Ал менин ишим.
-Өз жолуңа түш,Айсулуу. Бул эскертүү-деген бойдон көчөнүн аркы өйүзүнө өтүп кетти.Денем калтырап,анын кекерлүү сүйлөп,коркутканына жиним кашайып кетти.Ал мени коркуп калат дедиби...ал эмне өзүн ушунчалык кыйын сезеби...ким өзү...Үйрөнөм, кылмышкерлерди кармайм деген жаш кызга да ушунча атаандашабы. .
Жиним менен баштаган ишимди да аягына чыкпай,күбүрөнүп сүйлөнүп жумушка кирип келе жаткан мени Тимур ага.
-Эй сержант(Тимур ага ушинтип тамаша салчу)эмне деп эле ооз учуңан күбүрөнүп келе жатасың?
-Аа...эч нерсе..өз ойлорум менен эле.
-Таптыңбы илинчек?
Баш чайкадым,күнөөлүү адамча.
-Бар анда үйгө кете бер.
"Макул" деген бойдон үйгө жөнөдүм.

Көп өтпөй эле Хасановдун өлүмүнө шектуу деп анын аялы менен көңүлдөшүн кармашты.Көрсө, иштин баарын мындай болгон экен.Хасанов аялынын көңүлдөшү бар экенин байкап калып,текшерүүгө алган имиш.Аялынын артынан аңдып,телефондорун текшерүүгө өтүп,күндө үйдө жаңжал уруш чыгарып,аялына кол көтөрүп,муунтканга чейин алып барган.Ошол күндүн эртеси күнү эле Хасанов жумушка кеткенде,аялы күйөөсүнө "коштошуу катын"жазып, кийимдерин салыштырып, үйдөн чыгайын деп жатканда Хасанов кирип калат.Эч жака кетпейсиң деп,аялынын жазган катын чөнтөгүнө салып коюп,костюмун чечип коюп,жай сүйлөшүп алдамакка өтөт.Ошол маалда эшиктен аялын күтүп турган көңүлдөшү аялдын кечиккенинен ачык турган эшиктен кирип келет.Хасановдун жинине бул көрүнүш каттуу тийип,экөө алышып жатканда,тиги көңүлдөшү колтугундагы тапанчасын коркутмакка эле сууруп чыккан,бирок, кандайча атып алганын билбейм деп көрсөтмө берген.Тапанчаны кайдан алдын дегенге "Сактыкта кордук жок"деп сатып алгам деп айтыптыр.Майор менен келишимиди дагы бир жолу эсине салып,эми ал мага каршылыксыз өзү менен кошо алып жүрүүгө макул болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   baby_k   10 Ноябрь 2015 - 13:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Бул убактарда Урмат менин окуум менен жумушума байма бай каттачу болду.Мурунку мектептегидей жаныман чыккысы келбей,"жок, жолобо"деген сайын күчөчү болду.Кээде андан айланып,жашырынып качып кетем.
Акыркы күндөрү да мурунку Урмат жок башка адамга айланып баратканын көрүп таң калам.Келген сайын жанынан кара мышыктай болуп ээрчип алган,эки баланы көргөн сайын бир башкача жат сезимдер келе берчү болду.
Бир күнү дагы Урмат келгенден
-Жакшы айттым жаман айттым.Кой дегенди угасыңбы?Акыркы сөзүм болсун,болбосо агаларыма айтып,менден алыстатып коюууга кудуретим жетет.Сен менден күткөн сезимдерди мен бере албайм.Жүрөгүм башкада.
-Эмне агаларыңа айтсан эле коркуп калат дейсиңби э?Жүрөгүңдө болсо дале да болсо практикант экен го?Кана андай болсо ошонун?Кана. ..деди эки колдорун жайып.-Чындап сүйгөн болсо келбейт беле?Ушак чыкандан кийин эле эртеси качып кетти го же жалганбы ыя Айсулуу?Ал сени сүйбөйт уктуңбу?!Жок деп койсоң качып кеткен,ошол эркектикке жатабы?Сүйбөйт сени-деп турган жеринен чыдабай кетип,жаагына колум кандай шак тийгенин билбей калдым.
-Эч качан..эч ким ал жөнүндө мындай сөздү айтууга укуктуу эмес,уктуңбу? Сыйың менен жогол жашоомон! Көрөйүн деген көзүм жок-деп кыйкырып салдым.
Урмат бет мандайыма жакын келе жатканында, колум менен түртсөм,билектен каттуу мыкчып кармап.
-Айсулуу,бул кылганың үчүн сен кийин өкүнөсүң! Дагы далай жолугушуулар болот.Даярдан ошого!Сен менин алдыма жалынып келесиң!-деген бойдон басып кетти.Мен болсо көчөнүн так ортосунда селейип,азыр эле Урматтын айтан сөздөрү кулагыма жаңырып жатты.

1-курсту ийгиликтүү аяктап,сагынып, куса болуп,жолуиду карап,саргайып күтүп жүргөн ата-энемди көздөй жөнөп кеттим.Машина эшиктин алдына келип токтогондо эле атамдын короо жактан карааны көрундү.Жуктөрүмдү түшүрүр эле "Атакее... "деген бойдон жүгүрүр барып кучагына бой урдум."Ой чунак кызым,сен эмне айтпай дебей эле келип калдың.Алтын кызым,эрке кызым менин..."деп жалынып да суроолорун да берип жатты атам.
-Силерге айтпай келип калдым,күтүүсүз болсун деп.Сагындым сизди,ата-деп кучактап алып өпкүлөйм.
-Эрке кызым,мен да сагындым.Кана келчи көрөйүн менин тергөөчү кызымды.Арыктап кетипсиң,деги тамак ичип атасыңбы?-дегиче үйдөн апам чыгып калып эле мени көздөй жүткүндү.
-Балакетиңди алайын,каралдым десе.Келип калдыңбы,чырагым- деди саамайымдан өөп жатып.
-Кызың күтүүсүз болсун деп айтпай келген тура.
-Секетиң кетейин.Окуу окуу жеп атып өңдөн азып кетипсиң,садагаң болоюн
-Апа,жакшы элемин.Окуумду да ийгиликтүү бүттүм.
-Азамат кызым,бар бол,ошол билимиңдин үзүрүн көр.
-Ай апасы кызыңды үйгө киргизсең,анан деле сурайсың-деп атам сөзгө аралашып калды.
-Жүрүгүлө,тамак да даяр болуп калган-деген апам үй жака басты.
-Ии садагаң болоюн туруптур ушул жерде-деген бойдон үйдөн чыныга суу куюп чыгып,башыман тегеретип,ырымын кылып артымдан сууну серпип,үйдүн кырына көңкөрүп койду.
-Агаңдар жакшыбы?Иштери кандай?-деди атам дасторконго отурганда.
-Ооба жакшы.Алар да келет го отпуска алса жумушунан.Биз менен эле кет деген болбой койдум.
-Жумушуң кандай?Кыйналбай элесиңби ыя балам?Тамагыңды ичип атасыңбы,ачка жүрбөй?-апам адатынча жайната суроо артынан суроо берип.
-Баары жакшы.Жумуштан майор аябай жакшы киши.Билбесем үйрөтөт,жаш дечү башында азыр ишенип калды.
-Өзүңө эле жакшы,балам. Кийин мыкты капитан,майор, андан кийин генерал болосуң!-деп атам башыман жыттап койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   baby_k   10 Ноябрь 2015 - 13:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Ошол күнү кечинде,бөлмөмдө кийимдеримди жыйнаштырып жатсам,апам кирип калды.

-Кандай жүрөсүң?Жеңең менен мамилең түзүкпү?-деп апам төшөгүмдүн четине отуруп жатып.Мени менен эне-кыздай болуп,сыр чечишип сүйлөшүкүсү келди окшойт.

-Ооба,жакшы мамилебиз.Мен көптө деле көрбөйм аларды,эс алуу күндөрү гана көп убакыт бирге өткөрбөсөк. Эртең менен кетем кечинде келем.

-Жеңеңди сыйлап,сөзүн ук.Ал менден кийинки эле энең ошол болот."Кызы. ..кызы..."деп сага жалынып турганын да көрүп билем.

-Апаке,бизден кам санабаңызчы- деп жанына отуруп алдына башымды койдум.

-Ошент садагаң болоюн.Сен эми бой жетип,чоңойдуң. Аркы теркини көрүп,жашоонун да терс жактарын көрүп калдың,чынбы кызым?

Мен баш ийкедим.

-Өгүнү тиги Эсенбек аялы менен келиптир.Атаң да жок болчу.Ал келгиче күтүп туралы,сөзүбүз бар эле дегенден күтүп калдык.Атаң да келип бир чыны чай ичкенден кийин эле сөз баштады." Көптөн бери тааныбыз бири бирибизди.Сиз менден эки жаш улуу болсоңуз да сиздин кадыр баркыңызды сыйлайм,аке. Жеңе,сиздин да эл керегине жарап,адамдардын оорусунан айыктырган мыкты врач деп билебиз.

Эми мурунтан эле ата-бабалар бири бирин жактырып,кудалашыр тууган болушчу эмес беле.Азыркы заманда эки жаш өздөрү эле бири бирин табышып,үйлөнүп, очор бачар болуп калышпадыбы" дегенде эле атаң "Ээ Эсен ток этээр жерин айтчы"деп жиберди.Эсен сөз таппай,кандай баштаарын билбей,бир азка туруп,анан тамагын кыра сүйлөдү." Аке,менде уул бар,сизде аймончоктой кыз бар.Экөө табышып,сүйлөшүптүр. Уулумдун апасы менен сиздин кызыңызга куда түшүп келдик"дебеспи.

-Магабы?!-деп башымды көтөрө калып,апамды алайган бойдон карадым.

-Ии сага!Сенден башка кызыбыз бар беле?Мен сага таарынып отурам,алардын келээрин эмне айткан жоксуң.Деги баласы менен сүйлөшөт экенсиң.

-Жоок,апа.Мен анын баласына үмүт да берген эмесмин.Аркаман чуркаганы чын,бирок,мен аны менен сүйлөшпөйм

-Анан алар калп айтып келдиби?-деди апам таңкалганын жашырбай.

-Билбейм....Баласы сүйлөшөбүз десе керек да."Оңбогон Урмат,бул эмне кылганың?Жаныма жолотпой койсом ушул жолго өттүңбү э.Шашпа сениби?"деп ичимен сүйлөнүп алдым.

-Анан силер эмне дедиңер?

-Биз эмне демек элек.Кызыбыз өзү чечет.Анын үстүнө жаш.Окуудан башканы ойлобой эле жүрөт деп кетирдик.

-Ии ырас кылыпсыңар. Дагы келсе жок дегиле-деп кайра апамдын алдына башымды койдум.Балачагымдагыдай апам башыман сылап,саамайымдан өөп койду.Бир топтон кийин апам акырын үн катты.
-Сүйлөшкөнүң барбы,чырагым?
Мен жумулуу көзүмдү ачып,апамды карадым.
-Жок,апа.Мен азыр окуумду бүтөйүнчү-дегеним менен оюма дароо Даниярдын күлмүңдөгөн элеси келе түштү."Алтыным, кайда,эмне кылып жүрдүң экен?Мен ойлогондой сен да ойлосуңбу?Мен сагынгандай сен да сагынасыңбы? "
-Кой,эс ал кызым.Мен да жатайын.Жакшы уктай гой,берекем- деп апам чыгып кеткенден кийин,качандыр бир кезде Даниярдын мага жазган катын,кайра кайра окуп,кучактап жаткан бойдон уйкуга кеттим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Rozalia   10 Ноябрь 2015 - 20:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Айылга келгенден бери күнүмдүк үй жүмүштары,тиричиликтер менен күндөр өтүп жатты.
Ата-энебиз бар биз чоңойсок да дагы деле жаш баладай болот экенбиз да.Алар дайыма сага дасторкон толо дүйүм тамагы жайнап турса да,берээрге, коёрго аштарын таппай,баласы үчүн үйрүлүп түшүрэп калышат тура.А бизчи?Балдары алардын бирин билсек да бирин билбейбиз.Көзүбүздүн кареги менен тең айланып жатса,кээде таарынып алмайыбыз бар э.
"Эне-атасына жакшылык кылган бала бейишке кирет"деп көп жерден угуп калчумун.Мен да ата-энемен алыстаган бир жылдын ичинде аларды мурдагыдан жакшы барктоого,сыйлоого, сүйгөнгө үйрөндүм.
Шаардан агаларым келип,үйүбүз көп адамга толуп,шаңдуу болуп калды.Ошондой күндөрдө атам экөөбүз бакчада алма терип жатып,эс алмакка отуруп калдык.
-Жумуш иштеген жагып жатабы?-деп суроо узатып калды.
-Ооба.Окуума да пайдасы тийип жатат.Рахмат, сизге атаке!-деп кучактап,жүзүнөн өптүм.
-Алтын кызым-деп атам көз айнегин алып,мени карады.Дайыма мындай көрүнүштүн аркасы узак сүйлөшүү,барлашуу менен бүтчү.
-Мына тез эле бой жетип он сегиз жашка чыктың.Сен төрөлгөндө апаң экөөбүз,агаларың аябай кубанган элек.Жылдар өтүп,сен чоңоюп жаттың.Аябай тентек кыз элең.Менин жумушум көп болуп,түн бир оокум келсем да,сен мени уктабай күтүп олтурганыңды көрүп,Жаратканыма миң мертебе ыраазы болчу элем.
Кызым,сен менин жашоомдогу эң кымбат адамымсың.Эч качан жакшылыкты түшүнбөгөн адамга жан дүйнөңдү тебелетпегин. Сенин жагымдуу күлкүңдү,кара көздөрүңдү тажабастан көрүүгө зар болгон адамды күткүн.Сени өзүнүн жашоосуна алып келип,андагы жалгыз аңкыган гүлү сен болушуңду каалаган адамды күткүн,кызым. Күчтүү бол,сабырдуу бол.
-Атаке,мен сиздин ишеничиңизди актаганга аракет кылам.
-Ишенем,чырагым. Жүрү эми үйгө кирели-деп ордунан туруп,үй тарапты көздөй басты.
-Ай кемпир,тамагың даярбы?Генерал менен сержант ачка болду-деген атам мени карап көзүн кысып койду


Каникул дагы бүтүп,баарыбыз шаарга жөнөдүк.Атам менен апам кол булгалаган бойдон айылда кала беришти.Мурункудай эле окуу менен кошо жумушта иштей баштадым.

- Сержант,кеттик. Жумуш чыкты-деп шашып кирип келген майор Аскалиевдин аркасынан,столдун үстүндөгү фотоаппаратты алып,чуркап чыктым.Жумуш убактысы бүтүп калаарда анын мени өзү менен кошо эрчитүүсү биринчи жолу болчу.Ишеничине кирген экенмин деп кудуңдап сүйүнүп алдым.
-Эмне болуптур?
-Ломбардды тоноп кетиптир-деп машинаны от алдырып,ордунан козгоду.
-Барганда эле камералар бар бекенин текшер.Компьютерлерден кара.бир илинчек тапканга аракет кыл,макулбу? -деди жинденген Тимур ага.Негедир бүгүн башкача болуп турду.
Мен тек гана башымды ийкеп,анын айткан тапшырмаларын угуп бараттым.
Көп өтпөй кылмыш болгон жерге да келип,түштүк. Мен ломбарддын сыртындагы камераларды сүрөткө тартып,андан кийин түз эле компьютер турган бөлмөгө өттүм.Бирок, канчалык аракет кылсам да бир да илинчек таап чыга албадым.Тилекке каршы бүгүнкү кылмыш болгон саат аралыктарынын видеосун таппай койдум.Тоноочулар ошондон бери өчүрүп кетиптир.Шаабайым сууп эле сыртка чыксам,майордун жанында баягы лейтанант туруптур.
-Таптыңбы бир нерсе?-деди мени караган майор.
-Жок,тилекке каршы эч нерсе калтырбаптыр.
-Иттики..-деп сөгүнүп алган майор машинаны көздөй басты.Мен кайра кирип камера көчүргөн видеолордун топтомун сумкама салып,бурула бергенимде маңдайымда Кошбаев жаныма пайда боло калды.
-Менин эскертүүмдү уккан эмес экенсиң да э,сержант-Адатынча суук көздөрү менен мени сынай карап туруптур.
-Мен сенин эскертүүң менен эсептешпейм.
-Абайласаңчы, сулуу.Бир күнү менин колума да түшүп калба.
-Ким кимдин колуна түшөт убакыт көрсөтөт.А азыр жолуман кач-деп кетүүгө умтулдум.Ал бир азга мени сынай карап,жол бошотуп,бирок, өтүп баратканымда билектен каттуу кармай
-Бул менин ишим,делолоруңду чогултуп гана отурчу кабинетте.
-Сенден биринчи мен келгем.Андыктан сен жолуңа түш-дедим да колумду силкип алып,машинага келип отурдум.Мен каным башыма тээп,жинденип турганымды байкаган Тимур ага.
-Ничего,сержант. Эч нерсе таппадым деп капаланба-деп жонуман таптап койдум.А менин жиним Кошбаевге экенин билген жок.
-Жанагы Шрам деген желмогуз кайтып келген окшойт.Ал экөөбүз тээ мен жаңы милицияга келгенде таанышканбыз. Капитан болгондо ал дагы бир инкассаторду тонойм деп жатканда бир "кулактарымдын" бири билдирип,кармаганбыз. 7жылга эркинен ажыраткан сот.Ал дагы ушундай акча бар жерге магниттей жабышат да,көздөгөнүнө жетмейинче артка кайтпайт.
-А балким башка болсочу?Аны 7жылга эркинен ажыратса толук өтө элек да?Же эмне эрте чыкты дейсизби?
-Жоок,жүрөгүм сезип атат,ошол эле кылды.Андай немелер чыгат тез эле.
-Эмнеге "Шрам"?
-15жашында балдар менен уруша кетип,бирөөсү бычак менен бетин тилип салган экен.Ошондон калган тырыгы бар бетинде.Өз аты Руслан.
Мен көз алдымда "Шрамды" элестетип,анын эмнеге бул жолго түшүп калган деген суроо келип,оз ойлорум менен алышып бара жатканымда майордун үнү бузду.
-Айсулуу,мен сөзүмө турган адаммын билесиң.Сени негизи эле бул кылмыш иликтөөлөргө катыштырбасам болмок,бирок, ушул жолду тандаган соң.....Кыскасы, сак бол.Бүгүн Тимур ага негедир жинденип,өз ордун таппай,бир нерседен тынсыздангансып турду.Мурун мындай абалын көрбөгөн мен,ашыкча сөз айтпай "макул" деп гана тим болдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Rozalia   10 Ноябрь 2015 - 21:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Үйгө келээрим менен эле,тамакка да карабастан дисктерди сумкамдан алып чыгып,видеолорду көрмөккө отурдум.Ошол замат лейтенант Кошбаевдин сөздөрү кулагыма жаңырып,бул кылмыштын бетин андан биринчи ачуу керек экенин билип турдум.Бир себеби анын менден тажрыйбалуу экендиги,аны менен тирешүүгө мага кыйын болмок."Сен жеңишиң керек,Айсулуу. Жеңишиң керек"деген менен ар кайсы ойго чөмүлүп жатып,видеодон эч кандай нерсе таппай,таңга жуук көзүм илинип кетти.

-Аку,кызыке. ..тур сабакка барбайсыңбы? -деген үндөн көзүмдү ачсам,жеңем маңдайымда олтуруптур.
-Саат канча болду?
-Ондон өттү.
-Эмне?-деп төшөгүмдөн секирип турдум-Иий мен сабакка кечикпедимби, Сарымсаковдун лекциясы болчу да
-Сен өзүң эле турчу эмес белең?Таң атканча кино көрсөң уктайсың да-деген жеңем наалып калды.
-Кино көрбөй эле,жумуш боюнча.Телевизордон көргөн жоксузбу ломбардды тоногонду
-Жок,көрбөдүм. Кызы,абайласаңчы. Апамдар күнгө чалып сурашат сени..
-Жеңе,мага азыр сүйлөшчү убак эмес.Мен кеттим-деген бойдон сыртка чуркап чыктым.
Аялдамага келсем автобус жок болгондуктан, түз эле жумушка кетип калдым.
Жумушка кирип келе жатсам,күзөттө турган жигит токтотуп калды.
-Сержант Ма....ой Айсулуу,сени бир жигит издеп келип,таппаган соң мына бул катты берип кой деп таштап кетти-деп колума эки бүктөм катты карматты.
-Рахмат.
Катты ачсам "Сен меники болосуң"деген гана сөз экен.Дайымкы Урматтын колунан келген иш деп,урнага таштап койдум.Кабинетке кирсем майор Аскалиев ордунда жок болуп чыкты.Көтөрө келген дисктеримди кайрадан көрүүгө кириштим.Кызыгы, түндө байкабаган, тасмадан шектүү ак түстөгү машинаны байкап калдым.Кылмыш болгонго чейин бир эмес үч жолу келген бул машинанын номерин жакындаттып карап,илинчек тапканыма сүйүнө,жол кайгуул кызматында иштеген таекеме телефон кактым.
-Инспектор Жумалиев
-Кандайсыз?Ден соолуктарыңыз, иштериңиз жакшыбы?
-Жакшы,бул ким?
-Сержант Маликова.Тааныйсызбы?
-Оо жээнбай кандай?Иштериң жакшыбы?
-Шүгүрчүлүк. Таеке иш бар. В 9062 А мамлекеттик номери менен болгон машина кимге таандык билип бериңизчи?
-Жарайт.Өзүм телефон чалам.
-Макул.Күтөм
Ошол маалда эшиктен майор кирип келип калды.
-Саламатсызбы, жолдош майор.
-Сен кайдан?Эмнеге окууда эмессиң?
-Кечигип калдым,жумушка келе бердим анан.
-Сержант окуш керек,жумуш күтө турат-деп ордуна келип отуруп калды.
-Та-ак,кылмыш болгондон бери он беш саат өттү,а бизде эч нерсе жок.
-Менде бар,бул видеону көрсөңүз...Бир эле машина бир нече жолу ломбардка келген.Андан кийин бул акыркыны караңыз,бул жолу ичине кирген жок,көрдүңүзбү?
-Даа,шектүү көрүнөт.Жакындатып номерин карачы!?
-Номери В 90 62 А,ал эми ээси....-дегиче телефонго чакыруу келип калды-Азыр.. ..Алло,Сержант Маликова?Жазып атам,айта бериңиз....канча айдан бери?.....Макул, таеке,рахмат.
-Тимур ага,машина ээси да табылды.Николаев Виктор Андреевич.Бирок, машина бир айдан бери унаа токтотуучу жайда экен.
-Демек.....
-Демек,кылмышкерлер номерин уурдап алышкан,анткени Николаевдин машинасы кара түстөгү "Мазда" а бул болсо ак түстөгү "Ауди".
-Азамат,сержант. Сен кайрадан ломбардка барып текшер,мен болсо машинаны билейин.
Мен кылмыш болгон жерге келип бир ирээт көргөн билгендерди сураштырып, кайра жумушка жөнөдүм.Чоң көчөдөн өтө бергенимде, бир бала түртүп өттү.
-Кечирип коюңузчу,мен байкоосуздан- деп жердеги кулап түшкөн сумкамды алып жатып.
-Жок,эч нерсе эмес-деген мен эңкейе калсам
-Эки жакты карабай,шек билдирбе.Аркаңда аңдуу жүрөт.Майор жиберди-деген бойдон акырын алдыга басып кетти.Үстүмөн бирөө муздак суу куюп жибергенсип ичиркенип алдым.Аркамды карабастан, аялдамага келгенде көз айнегимди тагынып,эки жагымды карап баштадым.Көп өтпөй эле бактын аркасында,чылым чегип турган жигитти байкап калдым.Улам мен тарапты карап,көп өтпөй тройлейбус келгенде,ал дагы менин артыман түшкөнүн көз кырым менен көрдүм.Шек алдырбаганым менен коркуу сезими күч алып баратты.Бекеринен "Сак бол"деген эмес тура Тимур ага деп ойлодум.Троллейбустан түшүп,качан бөлүмдүн эшигин аттаганда гана оор үшкүрүнүп алдым.
Бир сааттан кийин майор Аскалиев кирип келгенде ордумдан тура калды.
-Охх,Айсулуу сен үчүн коркуп кеттим.Жакшы элесиңби?
-Ооба,жакшы. Ким ал экен,билдиңизби?
-Менин божомолум туура чыкты."Шрам" кайтып келиптир.Сенин аркаңдан аңдыган жигит да анын кишилеринен. Мен машинаны билип,сени жолдон ала кетейин деп келгенимде сен чыгып келе жатыпсың.Ошол маалда аркаңдан шектүү караанды көрүп калдым.Анан бир жигитке айтып,сага айтырбадымбы. Болду болбосо кылмышкерлерден бирөөсү дегем.Эртеңден баштап аңдууга өтөбүз.Кайсыл жерде жүргөнүн билип келдим.Бирок, сен бул ишке кийлигишпейсиң.
-Бирок,...
-Жок,сержант,жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   baby_k   11 Ноябрь 2015 - 02:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Ошол түнү уктай албай таң атырдым.Оюма ар кандай ойлор келип,тынчтык бербей турду.Эртең менен окуума барбай,майор Аскалиевдин аркасынан аңдымай болдум.Дайымкыдан башкача кийинип,бөлүмдүн алдына келгенимде, майордун машинасы кете элек экен.Көп күттүрбөй эле ал дагы чыгып машинасын жолго салды.Мен аркасынан чоң көчөгө чуркап чыгып,жол жээгинде токтоп турган таксиге жүгүрдүм.
-Байке,байке тээтиги машинанын айдаңыз.Болуңуз, тез.
-Акчаң барбы?
-Бар,байке.Болуңуз эми,узап кетти.
-Мына,жетебиз. Эмне күйөөңбү?-деген суроосу жоопсуз калып,тез эле майордун аркасынан жетип бардык.
-Өтө жакындабаңыз, аралыкты сактаңыз,байке. Байкап калбасын.
Шаардын чоң көчөлөрүн аралап,улам бир көчөдөн бир көчөгө бурулуп кетип бара жаткан алдыдагы машина Жумушчулар шаарчасынан бир үйгө кирип кетти.
-Мунуң чыкпайт го -деди тынчтыкты бузуп бир маалда таксист.
-Азыр дагы бир аз күтө туралы-дегиче эле дарбаза ачылып короодон майордун эмес башка машина чыкты да,белгисиз тарапка кетти.Короонун ичинде эмне болуп жатканын билбей,бушайман болгон мен,таксистти кетирип жиберип,үйдүн жанына келдим.Акырын дарбазага келип,ичти тыңшасам жымжырт.Жерден таш алып короого ыргытсам,эч кандай кыймыл болбоду.Короонун ичин көрөйүн десем дубал өтө эле бийик.Дарбазанын жылчыкчаларын карасам,арыда майордун машинасы токтоп турат,бурчта бир уктап жатканын көрдүм.
-Эй сага эмне керек?-деген үндөн чочуп кетип артымды карасам бир орус кемпир туруптур.
-Кечиресиз,бул үйдө ким жашайт?
-Ал майор жигиттин үйү.
Ошондо гана майор амайкөлүк кылып,машинаны алмаштырып кеткенин билдим.Шаабайым сууп эле,жумушка келдим.Делолорду карап олтуруп,бирөөсүнө көңүлүм түшүп калды.Ичин ачып карасам эле,"Шрамдын" мындан үч жыл мурунку жазаган кылмыш иштери,өмүр баяны жана кагаздын бурчунда көздөрү бакырайган, сулуучумак келген,кең далылуу жигиттин сүрөтү мени карап турду.Жүзүндөгү балачагынан калган тырыгы гана болбосо,баары жакшынакай болгон бул жигитти көчөдөн көрсөм кылмышкер деп ойломок эмесмин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   baby_k   11 Ноябрь 2015 - 02:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Аманбаев Руслан Бейшекеевич. 1973-жылы Талас районун Бакай-ата айылында туулган.Беш жашында ата-энесинен ажырап,карындашы экөө Бишкектеги балдар-үйүнө алынып келинген.15-жашында өзүнөн эки жаш улуу балдар менен согушуп кетип,бетине жана санына бычактын мизинен жаракат алган.Көп өтпөй эле кылмышкерлер чөйрөсүндө дагы бир "Шрам"аттуу каймана аты менен аталган уруу пайда болгон.Биринчи убактарда өзү жалгыз иштеп майда дүкөндөрдү тоноп жүргөндө, "Старик" аттуу авторитет-уруунун кол алдында иштеп,андан уруулуктан "сабак" алган.Эки жылдан кийин,"Старик" өлгөндө,анын бүт дүйнөсү "Шрамдын" колунда калат.Бирок, жаш,эч нерсе жетише элек жигитке баш ийгиси келбеген кээ бирлердин ортосунда чыр чыгып,аягы бирөөсүнүн өлүмү менен аяктаган.
Руслан "Шрам" тоноо учурунда эч кандай кан төгүү кылбайт,алчусун алат дагы чыгып кетет.Мына ушул сапаты менен кээ бирлеринен айырмаланып келет.
Ал бир канча банктык инкассаторлорду, ломбарддарды, антиквариаттар, алтын саткан дукөндөрдү тоногон.Анын көлөмдүү уруулугу шаардагы банктын казынасынан 52 миллион АКШ долларындагы акчаны уурдаганы болгон.
Ал классикалык китептерди көп окугандыктан акылдуу,ойчул, инттелегент жигит.Ошол сапаты менен жогоруда отурган адамдар менен бат тил табышып,банктарга кайсыл учурда акча келээринен алардын сөзү аркылуу билип алчу.Анын көптөн көп ийгилиги бул аялзатынын өзүнө имерип алуусу болгон.Чоңдордун аялдары менен көңүлдөш болуп,акырындык менен алардын бизнеси,иш аракеттери менен таанышып,колго түшүрүп,тоноп кетчү.Ал аялдардын кийин милицияга берген көргөзмөсүндө, "Шрамга" алардын байлыгы,ички жана тышкы бизнестери жөнүндө айтып беришкендерин билдирген.
Албетте,сүрөттөгү кылмышкер "Шрам"болсо, ал далай аялдын башын айландырмак жана аялдар мындай акылдуу,интеллигент адамдын жөн гана жүзүндөгү бет кабы экенин,ал бет каптын ичинде авторитет-ууру жатканын билишкен эмес.
Кийин, кезектеги казынага болчу "саякатында" милиция кызматкерлери аркылуу колго түшүп,1998-жылы 7 жылга эркинен ажыратылган.
Жаңы гана окуп чыккан "Шрамдын" өмүр баянын жаап,отургучта шалдайып отуруп калдым.Демек, мен ойлогондон да күчтүү тоноочу экен да.Ал бул кылмыш чөйрөсүндө жүрсө,карындашы кайда?деген суроо пайда болуп,өмүр баянына кайра үңүлдүм,бирок, бир да карындашы жөнүндө сөз болбоптур." Мдааа,Руслан карындашыңды кайда каттың болдуң экен?Чет мамлекеттердин биринде жүрсө керек?"деген ойлордун кучагында жүргөнүмдө, эшиктин бирөө тыкылдатып калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   baby_k   11 Ноябрь 2015 - 02:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

-Кире бериңиз?
-Саламатсызбы? Майор Аскалиев жокпу?
-Саламатсызбы, жолдош майор кылмышкерлерди кармоо менен алек.Сизге кандай жардам керек?-дедим маңдайымда жаш курагы 35-40чамалдаш мырзаны.
-Аа..мейли анда башка күнү келээрмин-деп бурула бергенде
-Балким,мен жардам.Келиңиз, отуруңуз.Сержант Маликова,майордун жардамчысымын.
Мени жаш дедимби же кыз дедиби айтоор,көңүлсүнбөй атып,орунтукка отуруп калды.
-Айта бериңиз,эмне көйгөй менен келдиңиз?
-Мен шаардагы эки жеке менчик алтын,күмүш саткан дүкөндөрүм бар.Кече кечинде товар алып келмекке акчалырыбызды дайындап жатканбыз.Бир маалда бет кап кийген төрт-беш жигит кирип келип эле,бизди коркутуп байлап,болгон акча менен алтындары алып кетишти,иттики. ...деп столду муштуму менен уруп алды.
-А эмне үчүн эшикти бекиткен эмес элеңиз?
-Ой бекиткем,мен өзүм барып ачкыч менен бурагам.Кандай ачып киргенин билбейм.
-Видеокамералар бар беле?
-Ооба ичинде да сыртында жаңы койдургам.Эртең менен сиздерге алып келип көрсөтөйүн десем,дал ошол күндүн видеосу жок,аны да алып кетиптир.
-Дааа,байке жаман иш болуптур.Келиңиз, мына бул кагаз,калем. Арызыңызды жазыңыз,андан кийин экөөбүз кылмыш болгон жерге баралы.
Бир аз өтпөй ишкердин дүкөнүнөн сатуучулар, тегеректеги көргөн билгендер менен сүйлөшүп бүтүп,шаар аралай басууну туура көрүп,жол баштадым.Ошол маалда артымдан бирөө учтуу бир нерсе менен такап "Үнүңдү чыгарбай,алдыга бас,болбосо атып таштайм"деген эркектин коңур үнү угулду. Денемди калтырак басып,ордумдан жылбай туруп калсам,"Алдыга бас"деген үн кайра кайталанды. Эки жагымды карап,алдыга кадам таштадым." Менин байкоосуздугум. Сак бол дебеди беле мени.Айсулуу, ойлон,ойлон эмне кылышты!Бир нерсе тап"деген мен,кантип артымда менин тагдырымды чечүүчү адамдан кутуулунун жолун таппай бараттым.Жол чырактын жанына келгенде,күтүп туруп калдык.Улам жаныбызга чогулган адамдардын саны көбөйүп,маңдайыңкы тарапты карасам да элдер көп экен.Эч кимиси,биз менен иши жок,өздөрүнүн ойлору менен.Аңгыча жол чырактын жарыгы күйүп,элдер жолдон өтмөккө алдыга баса баштады.Сумкамды колума бекем кармап,жолдун так ортосуна жеткенде,бар күчүм менен бурулуп,аркамдагыны уруп жибердим да,элдерди аралап чуркап жөнөдүм.Артымды кароого чамам жетпей,бет алдымдагы адамдарды түрткүлөп чуркап бара жатканымда, каруу кол оозумду бекем жаап,бир имараттын ичине тартып кетти.Каршылык көрсөткөнүмө карабай,бекем кучактаган адам менден да күчтүү эле.Ошол учурда терезеден баягы менин аркамдан троллейбуска чейин аңдып жүргөн адамдын чуркап өтүп кеткенин көрүп калдым.Ал өтүп кетээри менен аркамдагы адам колдорун бошотуп,мени өз эркиме койгондо
-Мени кармаганга кандай укугуңар бар?-деп кыйкырып бурула бергенимде, маңдайымда татынакай,капкара көздөрү бар жигит мени күлүмсүрөп карап туруптур.
-Данияр?!
-Айсулуум-деген Данияр мени кучактап,а мен анын кучагына бой урдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   baby_k   11 Ноябрь 2015 - 02:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

"Сагындым сени,алтыным менин,чүшш.. .ыйлабачы..." деп улам менин көзүмдөн аккан жаштарымдын жашын сүртүп,жүзүмдөн өөп да,кучактап да жатты.
-Мен сени экинчи көрбөйм го дегем-дедим экөөбүз тамактануучу жайлардын биринде олтурганда. Мурункудан да өзгөрүп,бою узарып,чымыр денелүү болуп,көркүнө көрк кошуп калыптыр.Анын дайымкыдай жылмайып караган көздөрүнөн көзүмдү албай тиктей бердим.
-Экөөбүз жолугабыз деп жазбадым беле катта,эсиңдеби?
-Ооба.Мен ал катты дайыма капалуу убагымда окуп,жылмайып алам.
-Чынын айтсам,мен сенин жаныңда эле жүргөм.
Таң кала караган менин көздөрүмдү карап,колумдан акырын кармап,эрдин тийгизип өөп койду.
-Өткөн жылы,23-ноябрда туулган күнүңдө,белгисиз адамдан кучак гүл алдың беле?Ошол белгисиз адам мен

31-декабрь күнү айылга шашып,вокзалга такси менен бардың беле?Ошол таксист мен.

29-январь күнү соода борборунда жеңең экөөң байкеңе белек алгансыңарбы? Ошол сатуучу мен.

14-февраль күнү дагы деле белгисиз адамдан белек алгансың.Дагы деле ошол мен.

8-май күнү сейил бактан шайыр клоун маанайың жокто күлдүрүп көңүлүңдү көтөрдү беле?Ошол клоун мен.

Мен дайыма жаныңда жүргөм,Айсулуу. Дайыма....
Анын айтып жаткандарына бирде ишенсем,бирде ишенбей турдум.Баары туура,мен аны алыстардан издебедим беле...Данияр ордунан туруп,менин жаныма келип тизелеп отуруп:
-Эми эч качан жаныңдан кетпейм,алтыным. Дайыма жаныңда болом.Мурункудай кубалабайсыңбы мени?
Мен анын тамашалаганына күлүп жиберип,мойнунан кучактадым.
-Жок,кубалабайм, кубалабайм.
-А баса,менин сага дагы бир нерсем бар.
Күрмөсүнүн төш чөнтөгүнөн бир кутучаны алып чыгып,алдыма койду.
-Бул эмне?
-Ачсаң,көрөсүң- деп жымыңдаган Даниярды карап,кутучаны ачтым.Анда кичинекей пианиносу бар алтын чынжырча экен.
-Туулган күнүң менен,махабатым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   baby_k   11 Ноябрь 2015 - 17:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Жумуш менен окуунун ортосунда жүрүп,мен өзүмдүн туулган күнүмдү унутуп калган экенмин.Даниярдын кутуктоосу күтүүсүз болгондуктан, аябай кубандым.Ошол күнү экөөбүз,жетелеше шаар аралап,акыры жолукканыбызга сүйүнүп,мындан ары эч качан ажырабоого бири бирибизге сөз бериштик.Кеч киргенде Данияр мени узатып келип,коштошуп кетти.Үйгө кирип келе жатсам эле,атамдын бакылдап сүйлөгөн үнүн угуп эле,төркү бөлмөгө учуп кирдим.
-Атакее....
-Оо мына биздин ымыркай да келди.Кандайсың, кызым?
-Жакшы,өзүңөр кандайсыңар? Апа,сагындым сизди,-деп бетинен өптүм.
-Биз да сагындык,чырагым. А айтмакчы,туулган күнүң менен!Өмүрлүү, бактылуу кыздардан бол!
-Аку,туулган күнүң менен!Мына бул жеңең экөөбүздүн белегибиз!
-Меники элдердикинен кичинекей,бирок, керектүү оокат.Туулган күнүң менен,кичинекейим!
Ата-энем,бир туугандарымдын коштоосунда туулган күнүмдү эң көңүлдуу өткөрүп алдым.Эртеси күнү эле атам менен апам айылга кетишти,а биз болсо күнүмдүк иштерибиз менен кала бердик.Мен болсо үйдөн чыгып,окууга бармакка жаңы гана троллейбуска олтургам.Жаныма бош орундукка бирөө келип олтурган,көңүл бурбаган элем.
-Чоң кыз,адам тааныбайсыз го?-деген тааныш үндөн карасам,жылмайып Данияр олтуруптур.
-Сен кайдан?-дедим тан кала.
-Мен дайыма жаныңда болом дебедим беле-деп акырын колумдан кармады.-Же телефонуң жок.
-Жок,бар.Кече Аскат байкем белек кылды.
-Куттуктайм. Жакшылыкка колдон.Бүгүн канчада чыгасың?
-Түштөн кийин,андан кийин жумушка барам.
-Анда жумуштан чыккандан кийин үйгө жеткирип коём.Ким билет артыңдан дагы ким аңдып жүрөт,-деп күлүп койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 01 Авг 2025 00:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: