Суперстан: Кыргыз Премьер-лигасы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Спорт
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (44 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыз Премьер-лигасы Кыргызстан чемпионаты

#461 Пользователь офлайн   MIRlan   26 Октябрь 2015 - 15:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

27 октябрь:
Алга - Кей Джи Юнайтед
Бишкек ш., ФЦ ФФКР ст., 15:30

28 октябрь:
Дордой - Абдыш-Ата
Бишкек ш, "Дордой" ст, 15:30

29 октября:
Кейджи Юнайтед - Ала-Тоо
Бишкек ш, ФЦ ФФКР ст, 15:30

31 октябрь:
Кейджи Юнайтед - Абдыш-Ата
Ала-Тоо - Дордой
Алай - Алга
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#462 Пользователь офлайн   FCMUKG   27 Октябрь 2015 - 02:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 197
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2023 04:55
  • Жынысы:Эркек

Абдыш ата чемпион болдубу
Alhamdulillah
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#463 Пользователь офлайн   Patriot...kg   27 Октябрь 2015 - 16:06

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 194
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 05:08
  • Жынысы:Эркек

Алай чемпион болду
Роналду - бул кайталангыс талант
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#464 Пользователь офлайн   Danel   28 Октябрь 2015 - 14:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 464
  • Катталган: 25 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2023 18:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

16 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн улуттук курамабыз 2016-жылы Индияда өтө турган Азия чемпиондугуна бармай болду. Мындай чечим тайпада 2-орунду ээлеп, жолдомо алган Непалдын жаш куракка байланыштуу эрежени бузганынан улам кабыл алынган. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Кошумчалай кетсек, Бишкекте сентябрда өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру орун алган. Анда өспүрүм курактагы футболчуларыбыз Оман, Непал жана Иордания курамалары менен беттешип, тайпада 3-орунду ээлеп калган. Анда команда 2016-жылы Индияда өтө турган өспүрүмдөрдүн Азия чемпиондугуна мелдешке жолдомо албай калган эле, эми Непалдын бардык оюндары жокко чыгарылып, калган 3 команданын упайлары эсептелинген. Буйурса Кыргызстандын оспурумдорун Индиядан коробуз))

Жашоомдогу эң чоң жетишкендигим бул сен .....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#465 Пользователь офлайн   FCMUKG   28 Октябрь 2015 - 19:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 197
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2023 04:55
  • Жынысы:Эркек

Алай өлкө чемпиондугун мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Ош мэриясына караштуу Алай футболдук клубу, 2015-жылдын футбол боюнча өлкө биринчили ТОП-ЛИГАны мөөнөтүнөн мурда жеңип, чемпион аталышты. Чечүүчү оюнда 25-октябрда оштуктар, Нарындык Ала-Тоону өз талаасында 3-2 эсебинде жеңип алды. Бул жеңиш менен түштүк борборунун баардык Алайга жан тарткан жашоочуларын жана легендарлуу "Алай" футболдук клубун куттуктайбыз! Алдыда АФКнын кубогу үчүн күрөштө чоң жеништерди кутобуз.
Alhamdulillah
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#466 Пользователь офлайн   FCMUKG   28 Октябрь 2015 - 19:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 197
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2023 04:55
  • Жынысы:Эркек

Кыргызстан эмне үчүн Бангладешке куйормандык кылыш керек? Азия чөлкөмүнөн, 2018-жылы Орусияда өтүүчү Дүйнө биринчилигине тандоо оюндарынын 2-баскычы дээрлик ортосунан өтүп калган чак. Кыргызстан "В" тайпасынан өз ордун табууга жетишип 6-турдан соң, 5 оюн өткөрүп тайпада 8 упайы менен 3 орунда келүүдө, алдыда 5 оюнда 13 упай чогулткан Иордания жана 4 оюнда 9 упай топтогон Австралия курамалары келе жатса, артта биз менен тең оюн өткөрүп 2 упай топтогон Тажикстан жана жалгыз упайы бар Бангладеш курамалары бар. Ооба мундиалга илинүүгө бизде азыр мүмкүнчүлүк бар, бирок ал үчүн биз тарыхый жеништерге муктажбыз, 12-ноябрда конокто Австралияны жеңүү жана 17-ноябрда үйүбүздө Иорданиядан 3 упай жасообуз кажет. Бул нерсени практикалык жактан ишке ашыруу чынында кыйын ээ, бирок биз кереметтин болушуна ишенебиз жана Кыргызстан курама командасынын, тандоо оюндарынын 3-баскычына чыгып 2019-жылы БАЭде өтө турган Азия чемпионатына түз жолдомо алышына үмүтүбүз чоң. Бул материалыбызда биз, эмне себептен Кыргызстан курама командасына практикалык жактан дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын кийинки баскычына өтүү шансы төмөн экенин же ар тараптуу факторлого таянуу менен кандай болгондо Кыргызстан кийинки баскычка өтө аларына баам салып көрмөкчубуз.  3-баскычка чыгууга реалдуу эки себеп бар. Биринчиси жана биз айтып өткөндөй тайпа лидерлерин утуубуз кажет, ал эми экинчиси тууралуу кененирээк алдыда айтып берели. Азия континентинен ДЧ-2018дин тандоо оюндарынын, экинчи баскычына 40 улуттук курама чыгып, 5тен 8 тайпага бөлүнгөн эле. Эреже жөнөкөй: кийинки баскычка 8 тайпанын жеңүүчүлөрү жана эң мыкты көрсөткүч менен 2-орунду ээлеген 4 команда өтмөк. Экинчи баскыч башталаар алдында, ФИФА Индонезия футбол федерациясын айыптап, аталган өлкөнүн курама командасын тандоо оюндарынан четтетип салган эле. Бул окуядан соң Индонезия курамасы жайгашкан F тайпасында 4 эле команда калып калган. Мындан бир нече күн мурун 17-октябрда ФИФА Кувейт футбол федерациясын дагы жөөлү себептер менен айыптап, тандоо оюндарын эми Кувейт дагы уланта албайт а "G" тайпасында да эми бар болгону 4 команда калып отурат. Негизи эми эч кандай деле коркунуч жок жана калганы бирөөсүн күтпөйт. Бирок эми баары бир аз катаалдашты. Мурда белгилегендей эле 8 тайпанын жеңүүчүлөрү түз кийинки баскычка бет алат. Бирок эң мыкты көрсөткүч менен 2-орунду алган 4 команданы белгилеп алуу бир аз маселе жаратат. Эми элестетиңиз бир да оюн орун ала электе 4 команда калган F тайпасынан экинчи орунду ээлеген команданын, 5 команда орун алган тайпалардын вице лидерлери менен упай топтоосу кандай болот, албетте аз болотта. Себеби 8 оюн менен 6 оюндун айырмасы 6 упай. ФИФА баардык командалардын мүмкүнчүлүгүн теңөө максатында, 5 команда ойногон 7 тайпадан, эң жаман көрсөткүч көрсөткөн команданы атайын тизмеден алып коёт (мыкты көрсөткүч менен экинчи орунду ээлеген 4 команданы аныктоо үчүн). Мисал катары "В" тайпасын ала турган болсок, анда ушул тапта эң начар жыйынтык көрсөтүп жаткан Бангладеш курама командасын тизмеден чийип коёт. Анда Кыргызстан 6 турдан соң 8 ка упай эмес, 2 гана упай ээлик кылып калат. Себеби 6 упайды Кыргызстан дал ушул Бангладештен алган эле. Анда Бангладешти кошпой, учурдагы турнирдик жадыбалдагы абалды карап көрөлү: 1)Иордания 4 оюнда 10 упай 2) Австралия 3 оюнда 6 упай 3) Кыргызстан 3 оюнда 2 упай 4) Тажикстан 4 оюнда 1 упай Ооба бул боюнча кетсе анда биздин команда үчүн жакшы көрсөткүчтөгү 2-орунду алуу дээрлик мүмкүн эмес. Бирок бизде башка вариант бар, кандай дейсизби? Бул вариантта тайпада акыркы орунду Бангладеш эмес Тажикстан ээлеши керек, мына ошондо гана биз жоготкон упайлардан оңой кутула алабыз. Ал үчүн бизге 12-ноябрда Душанбеде болчу, Тажикстан - Бангладеш оюнунда конокторго куйормандык кылуубуз кажет жана Бангладеш төртүнчү упайына кол жеткизүүсү керек, ал эми катарлаш өткөн Каннберадагы оюнда Кыргызстан жеңишке жетише турган болсо, анда бизге жада калса биринчи орунга ээ болуу мүмкүнчүлүгү да чоңойот. Эми карап көрөлү эгер 7 турдан соң Тажикстан акыркы орунду ээлеп калса кандай болот: 1) Иордания 3 оюнда 7 упай 2) Кыргызстан 4 оюнда 7 упай 3) Австралия 3 оюнда 6 упай 4) Бангладеш 4 оюнда 0 упай Бирок дагы бир ирет эскерте кетели, бул тек гана мыкты көрсөткүчтөгү 2-орунду таап алуу максатында эле жүзөгө ашыра турган схема. Эгерде эле Тажикстандын акыркы орунду ээлеп калуусу жүзөгө аша турган болсо, анда биз үчүн жыйынтыктоочу келерки жылдын 29-мартаында боло турган оюнда, биздин курама команда үчүн тең чыгуу да жетиштүү болот. 
Alhamdulillah
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#467 Пользователь офлайн   Danel   05 Ноябрь 2015 - 22:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 464
  • Катталган: 25 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2023 18:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Бүгүн, 5-ноябрда ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) рейтинги жаңыланды. Октябрь айындагы көрсөткүчтөр эсепке алынып жаңыланган рейтингде улуттук курамабыз 22 орун алдыга жылып, 124-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, октябрь айында Бангладеш курамасын 2:0 эсебинде утуп, Тажикстан менен 2:2 эсебинде тең ойногон улуттук курамдын карамагында 277 упай бар.

Буга чейинки рейтингдерде дайыма мамлекетибиздин улуттук курамасынын алдында жайгашып келген Казакстан курамасы бул жолу 11 орун алдыга жылып, рейтингде 131-орунду ээледи.

Алдынкы ондукта Бельгия, Германия, Аргентина, Португалия, Чили, Испания, Колумбия, Бразилия, Англия жана Австрия сыяктуу командалар бар.
Жашоомдогу эң чоң жетишкендигим бул сен .....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#468 Пользователь офлайн   arman00   06 Ноябрь 2015 - 13:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 878
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 27 Май 2019 19:50

oho emi noyabrdagy oyundan kiyn kanday ozgorot boldu eken reyting dekabrdyn 5de bilinetgo
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#469 Пользователь офлайн   Urmat-1989   07 Ноябрь 2015 - 00:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 421
  • Катталган: 10 Июль 13
  • Соңку аракети: 30 Дек 2020 00:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол

алдыда кучтуу соперниктер Австралия мн Йордания кутуп турат.Ушуларды бир жансыл кылса алдынкы жуздукко кирет элек. Буюрса утат ийгилик курама командабызга.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#470 Пользователь офлайн   FCMUKG   10 Ноябрь 2015 - 21:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 197
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2023 04:55
  • Жынысы:Эркек

Кыргыз футболчулары Австралия менен ойноочу "GIO Canberra" стадиону 25 миң күйөрманга ылайыкташкан 12- ноябрда кыргыз футболчулары Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Австралия курамасы менен беттешет. Беттеш "GIO Canberra" стадионунда өтөт. Оюнду утурлай, аталган стадион тууралуу кыскача маалымат берүүнү туура көрдүк. " Canberra" стадиону, же болбосо демөөрчүлөр менен түзүлгөн келишимден улам "GIO Canberra" деп аталып жүргөн стадион 1977- жылы ишке кирген. Стадион 25 011 күйөрманды батыра алат. Футбол майданынын узуну 108 метр, туурасы 72 метрди түзөт. Кошумчалай кетсек, жакында бул стадиондо эки команда тең ачык машыгууларды өткөрүшмөкчү. Ага журналисттер жана күйөрмандар катыша алышат.
Alhamdulillah
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#471 Пользователь офлайн   FCMUKG   10 Ноябрь 2015 - 21:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 197
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2023 04:55
  • Жынысы:Эркек

Көрүнүктүү футболчуларыбыз Антон Землянухин, Мирлан Мурзаев жана Дениэл Тего Австралияга каршы оюнга чыгышпайт 12- ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары конокто Австралия курамасы менен беттешет. Бул беттеште көрүнүктүү футболчуларыбыз Антон Землянухин, Мирлан Мурзаев жана Дениэл Тего улуттук курамага жардам бере алышпайт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлайт. Маалыматка ылайык, "Раднички" клубунда ойногон жарым коргоочу Антон Землянухин Сербиянын лигасынын 17-турунда жеңилжаракат алган. Ошондой эле машыгуу учурунда алган жаракатынан улам коргоочу Дениэл Тего Австралияга бара алган жок.Чабуулчу Мирлан Мурзаев болсо документтерге байланышкан маселелерден улам курамга алынган жок. Федерация бул 3 футболчу 17-ноябрда Иордания менен болчу беттешке Бишкекте даярдык көрөрүн билдирет.
Alhamdulillah
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#472 Пользователь офлайн   Batken97   11 Ноябрь 2015 - 19:46

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 12 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Окт 2019 12:07
  • Жынысы:Эркек

Kyrgyzstanda Azamat Baymatov Farhat Musabekov Temirlan Kozubaev Ildar Amirov
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#473 Пользователь офлайн   Batken97   11 Ноябрь 2015 - 19:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 12 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Окт 2019 12:07
  • Жынысы:Эркек

Erten Jakshu oiun kutobuz kyrgyzstandan
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#474 Пользователь офлайн   Urmat-1989   12 Ноябрь 2015 - 10:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 421
  • Катталган: 10 Июль 13
  • Соңку аракети: 30 Дек 2020 00:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол

Бугунку оюнда Кыргызстанга ийгилик татыктуу оюн корсоткуп женип алгылачы бир кубанайын чиркин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#475 Пользователь офлайн   kamyr26   12 Ноябрь 2015 - 13:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 22 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 19:25

Аз калды башталышына чыдамсыздык менен кутуп отурамго ким бар биргелешип колдоп туралычы туугандар ушул умутту акташса экен канча кундон бери кутуп журот элем эхх
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#476 Пользователь офлайн   kamyr26   12 Ноябрь 2015 - 13:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 22 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 19:25

Тел корсонор жазып тургулачы а то мен бул жакта окуп эле отурайын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#477 Пользователь офлайн   Patrik   12 Ноябрь 2015 - 13:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 218
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
  • Жынысы:Эркек

Австралия утушун билсем да журок байкуш Кыргызстан дейт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#478 Пользователь офлайн   kamyr26   12 Ноябрь 2015 - 13:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 22 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 19:25

Кыргыз Кенгуру 3:2
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#479 Пользователь офлайн   Patriot...kg   12 Ноябрь 2015 - 14:07

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 194
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 05:08
  • Жынысы:Эркек

Утабыз Аллах насип кылса
Роналду - бул кайталангыс талант
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#480 Пользователь офлайн   musulmanin   12 Ноябрь 2015 - 14:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 533
  • Катталган: 29 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 19 Фев 2022 16:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Биринчи эреже - жеңилбеш керек.
Экинчи эреже - биринчини унутпаш керек..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Спорт
  • Кийинки тема →

  • (44 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 15:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: