27 октябрь:
Алга - Кей Джи Юнайтед
Бишкек ш., ФЦ ФФКР ст., 15:30
28 октябрь:
Дордой - Абдыш-Ата
Бишкек ш, "Дордой"
ст, 15:30
29 октября:
Кейджи Юнайтед - Ала-Тоо
Бишкек ш, ФЦ ФФКР ст, 15:30
31 октябрь:
Кейджи Юнайтед - Абдыш-Ата
Ала-Тоо - Дордой
Алай - Алга
Кыргыз Премьер-лигасы Кыргызстан чемпионаты
#464 28 Октябрь 2015 - 14:00
16 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн улуттук курамабыз 2016-жылы Индияда өтө турган Азия чемпиондугуна бармай болду. Мындай чечим тайпада 2-орунду ээлеп, жолдомо алган Непалдын жаш куракка байланыштуу эрежени бузганынан улам кабыл алынган. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, Бишкекте сентябрда өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру орун алган. Анда өспүрүм курактагы футболчуларыбыз Оман, Непал жана Иордания курамалары менен беттешип, тайпада 3-орунду ээлеп калган. Анда команда 2016-жылы Индияда өтө турган өспүрүмдөрдүн Азия чемпиондугуна мелдешке жолдомо албай калган эле, эми Непалдын бардык оюндары жокко чыгарылып, калган 3 команданын упайлары эсептелинген. Буйурса Кыргызстандын оспурумдорун Индиядан коробуз))
Кошумчалай кетсек, Бишкекте сентябрда өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру орун алган. Анда өспүрүм курактагы футболчуларыбыз Оман, Непал жана Иордания курамалары менен беттешип, тайпада 3-орунду ээлеп калган. Анда команда 2016-жылы Индияда өтө турган өспүрүмдөрдүн Азия чемпиондугуна мелдешке жолдомо албай калган эле, эми Непалдын бардык оюндары жокко чыгарылып, калган 3 команданын упайлары эсептелинген. Буйурса Кыргызстандын оспурумдорун Индиядан коробуз))
Жашоомдогу эң чоң жетишкендигим бул сен .....
#465 28 Октябрь 2015 - 19:32
Алай өлкө чемпиондугун мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Ош мэриясына караштуу Алай футболдук клубу, 2015-жылдын футбол боюнча өлкө биринчили ТОП-ЛИГАны мөөнөтүнөн мурда жеңип, чемпион аталышты. Чечүүчү оюнда 25-октябрда оштуктар, Нарындык Ала-Тоону өз талаасында 3-2 эсебинде жеңип алды. Бул жеңиш менен түштүк борборунун баардык Алайга жан тарткан жашоочуларын жана легендарлуу "Алай" футболдук клубун куттуктайбыз!
Алдыда АФКнын кубогу үчүн күрөштө чоң жеништерди кутобуз.
Alhamdulillah
#466 28 Октябрь 2015 - 19:34
Кыргызстан эмне үчүн Бангладешке куйормандык кылыш керек? Азия чөлкөмүнөн,
2018-жылы Орусияда өтүүчү Дүйнө биринчилигине тандоо оюндарынын 2-баскычы дээрлик ортосунан өтүп калган чак. Кыргызстан "В" тайпасынан өз ордун табууга жетишип 6-турдан соң, 5 оюн өткөрүп тайпада 8 упайы менен 3 орунда келүүдө, алдыда 5 оюнда 13 упай чогулткан Иордания жана 4 оюнда 9 упай топтогон Австралия курамалары келе жатса, артта биз менен тең оюн өткөрүп 2 упай топтогон Тажикстан жана жалгыз упайы бар Бангладеш курамалары бар. Ооба мундиалга илинүүгө бизде азыр мүмкүнчүлүк бар, бирок ал үчүн биз тарыхый жеништерге муктажбыз, 12-ноябрда конокто Австралияны жеңүү жана 17-ноябрда үйүбүздө Иорданиядан 3 упай жасообуз кажет. Бул нерсени практикалык жактан ишке ашыруу чынында кыйын ээ, бирок биз кереметтин болушуна ишенебиз жана Кыргызстан курама командасынын,
тандоо оюндарынын 3-баскычына чыгып 2019-жылы БАЭде өтө турган Азия чемпионатына түз жолдомо алышына үмүтүбүз чоң. Бул материалыбызда биз, эмне себептен Кыргызстан курама командасына практикалык жактан дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын кийинки баскычына өтүү шансы төмөн экенин же ар тараптуу факторлого таянуу менен кандай болгондо Кыргызстан кийинки баскычка өтө аларына баам салып көрмөкчубуз.
3-баскычка чыгууга реалдуу эки себеп бар. Биринчиси жана биз айтып өткөндөй тайпа лидерлерин утуубуз кажет, ал эми экинчиси тууралуу кененирээк алдыда айтып берели. Азия континентинен ДЧ-2018дин тандоо оюндарынын,
экинчи баскычына 40 улуттук курама чыгып, 5тен 8 тайпага бөлүнгөн эле. Эреже жөнөкөй: кийинки баскычка 8 тайпанын жеңүүчүлөрү жана эң мыкты көрсөткүч менен 2-орунду ээлеген 4 команда өтмөк. Экинчи баскыч башталаар алдында, ФИФА Индонезия футбол федерациясын айыптап, аталган өлкөнүн курама командасын тандоо оюндарынан четтетип салган эле. Бул окуядан соң Индонезия курамасы жайгашкан F тайпасында 4 эле команда калып калган. Мындан бир нече күн мурун 17-октябрда ФИФА Кувейт футбол федерациясын дагы жөөлү себептер менен айыптап, тандоо оюндарын эми Кувейт дагы уланта албайт а "G" тайпасында да эми бар болгону 4 команда калып отурат. Негизи эми эч кандай деле коркунуч жок жана калганы бирөөсүн күтпөйт. Бирок эми баары бир аз катаалдашты.
Мурда белгилегендей эле 8 тайпанын жеңүүчүлөрү түз кийинки баскычка бет алат. Бирок эң мыкты көрсөткүч менен 2-орунду алган 4 команданы белгилеп алуу бир аз маселе жаратат. Эми элестетиңиз бир да оюн орун ала электе 4 команда калган F тайпасынан экинчи орунду ээлеген команданын,
5 команда орун алган тайпалардын вице лидерлери менен упай топтоосу кандай болот, албетте аз болотта. Себеби 8 оюн менен 6 оюндун айырмасы 6 упай. ФИФА баардык командалардын мүмкүнчүлүгүн теңөө максатында,
5 команда ойногон 7 тайпадан, эң жаман көрсөткүч көрсөткөн команданы атайын тизмеден алып коёт (мыкты көрсөткүч менен экинчи орунду ээлеген 4 команданы аныктоо үчүн). Мисал катары "В" тайпасын ала турган болсок, анда ушул тапта эң начар жыйынтык көрсөтүп жаткан Бангладеш курама командасын тизмеден чийип коёт. Анда Кыргызстан 6 турдан соң 8 ка упай эмес, 2 гана упай ээлик кылып калат. Себеби 6 упайды Кыргызстан дал ушул Бангладештен алган эле. Анда Бангладешти кошпой, учурдагы турнирдик жадыбалдагы абалды карап көрөлү: 1)Иордания 4 оюнда 10 упай 2) Австралия 3 оюнда 6 упай 3) Кыргызстан 3 оюнда 2 упай 4) Тажикстан 4 оюнда 1 упай Ооба бул боюнча кетсе анда биздин команда үчүн жакшы көрсөткүчтөгү 2-орунду алуу дээрлик мүмкүн эмес. Бирок бизде башка вариант бар, кандай дейсизби? Бул вариантта тайпада акыркы орунду Бангладеш эмес Тажикстан ээлеши керек, мына ошондо гана биз жоготкон упайлардан оңой кутула алабыз. Ал үчүн бизге 12-ноябрда Душанбеде болчу, Тажикстан - Бангладеш оюнунда конокторго куйормандык кылуубуз кажет жана Бангладеш төртүнчү упайына кол жеткизүүсү керек, ал эми катарлаш өткөн Каннберадагы оюнда Кыргызстан жеңишке жетише турган болсо, анда бизге жада калса биринчи орунга ээ болуу мүмкүнчүлүгү да чоңойот. Эми карап көрөлү эгер 7 турдан соң Тажикстан акыркы орунду ээлеп калса кандай болот: 1) Иордания 3 оюнда 7 упай 2) Кыргызстан 4 оюнда 7 упай 3) Австралия 3 оюнда 6 упай 4) Бангладеш 4 оюнда 0 упай Бирок дагы бир ирет эскерте кетели, бул тек гана мыкты көрсөткүчтөгү 2-орунду таап алуу максатында эле жүзөгө ашыра турган схема. Эгерде эле Тажикстандын акыркы орунду ээлеп калуусу жүзөгө аша турган болсо, анда биз үчүн жыйынтыктоочу келерки жылдын 29-мартаында боло турган оюнда, биздин курама команда үчүн тең чыгуу да жетиштүү болот.
Alhamdulillah
#467 05 Ноябрь 2015 - 22:39
Бүгүн, 5-ноябрда ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) рейтинги жаңыланды. Октябрь айындагы көрсөткүчтөр эсепке алынып жаңыланган рейтингде улуттук курамабыз 22 орун алдыга жылып, 124-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, октябрь айында Бангладеш курамасын 2:0 эсебинде утуп, Тажикстан менен 2:2 эсебинде тең ойногон улуттук курамдын карамагында 277 упай бар.
Буга чейинки рейтингдерде дайыма мамлекетибиздин улуттук курамасынын алдында жайгашып келген Казакстан курамасы бул жолу 11 орун алдыга жылып, рейтингде 131-орунду ээледи.
Алдынкы ондукта Бельгия, Германия, Аргентина, Португалия, Чили, Испания, Колумбия, Бразилия, Англия жана Австрия сыяктуу командалар бар.
Маалыматка ылайык, октябрь айында Бангладеш курамасын 2:0 эсебинде утуп, Тажикстан менен 2:2 эсебинде тең ойногон улуттук курамдын карамагында 277 упай бар.
Буга чейинки рейтингдерде дайыма мамлекетибиздин улуттук курамасынын алдында жайгашып келген Казакстан курамасы бул жолу 11 орун алдыга жылып, рейтингде 131-орунду ээледи.
Алдынкы ондукта Бельгия, Германия, Аргентина, Португалия, Чили, Испания, Колумбия, Бразилия, Англия жана Австрия сыяктуу командалар бар.
Жашоомдогу эң чоң жетишкендигим бул сен .....
#468 06 Ноябрь 2015 - 13:04
oho emi noyabrdagy oyundan kiyn kanday ozgorot boldu eken reyting dekabrdyn 5de bilinetgo
#469 07 Ноябрь 2015 - 00:03
алдыда кучтуу соперниктер Австралия мн Йордания кутуп турат.Ушуларды бир жансыл кылса алдынкы жуздукко кирет элек. Буюрса утат ийгилик курама командабызга.
#470 10 Ноябрь 2015 - 21:53
Кыргыз футболчулары Австралия менен ойноочу "GIO Canberra" стадиону 25 миң күйөрманга ылайыкташкан 12-
ноябрда кыргыз футболчулары Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Австралия курамасы менен беттешет. Беттеш "GIO Canberra" стадионунда өтөт. Оюнду утурлай,
аталган стадион тууралуу кыскача маалымат берүүнү туура көрдүк. "
Canberra" стадиону, же болбосо демөөрчүлөр менен түзүлгөн келишимден улам "GIO Canberra"
деп аталып жүргөн стадион 1977- жылы ишке кирген. Стадион 25 011 күйөрманды батыра алат. Футбол майданынын узуну 108 метр, туурасы 72 метрди түзөт. Кошумчалай кетсек, жакында бул стадиондо эки команда тең ачык машыгууларды өткөрүшмөкчү.
Ага журналисттер жана күйөрмандар катыша алышат.
Alhamdulillah
#471 10 Ноябрь 2015 - 21:56
Көрүнүктүү футболчуларыбыз Антон Землянухин,
Мирлан Мурзаев жана Дениэл Тего Австралияга каршы оюнга чыгышпайт 12-
ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары конокто Австралия курамасы менен беттешет. Бул беттеште көрүнүктүү футболчуларыбыз Антон Землянухин,
Мирлан Мурзаев жана Дениэл Тего улуттук курамага жардам бере алышпайт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлайт. Маалыматка ылайык, "Раднички"
клубунда ойногон жарым коргоочу Антон Землянухин Сербиянын лигасынын 17-турунда жеңилжаракат алган. Ошондой эле машыгуу учурунда алган жаракатынан улам коргоочу Дениэл Тего Австралияга бара алган жок.Чабуулчу Мирлан Мурзаев болсо документтерге байланышкан маселелерден улам курамга алынган жок. Федерация бул 3 футболчу 17-ноябрда Иордания менен болчу беттешке Бишкекте даярдык көрөрүн билдирет.
Alhamdulillah
#472 11 Ноябрь 2015 - 19:46
Kyrgyzstanda Azamat Baymatov Farhat Musabekov Temirlan Kozubaev Ildar Amirov
#474 12 Ноябрь 2015 - 10:40
Бугунку оюнда Кыргызстанга ийгилик татыктуу оюн корсоткуп женип алгылачы бир кубанайын чиркин
#475 12 Ноябрь 2015 - 13:19
Аз калды башталышына чыдамсыздык менен кутуп отурамго ким бар биргелешип колдоп туралычы туугандар ушул умутту акташса экен канча кундон бери кутуп журот элем эхх
#476 12 Ноябрь 2015 - 13:21
Тел корсонор жазып тургулачы а то мен бул жакта окуп эле отурайын
#480 12 Ноябрь 2015 - 14:23
Биринчи эреже - жеңилбеш керек.
Экинчи эреже - биринчини унутпаш керек..)
Экинчи эреже - биринчини унутпаш керек..)