Кыскасы, темада Жаңы жылдык корпоративдер тууралуу сүйлөшөбүз!
Форумчу, отуруп алыңыз
Быйыл "Манас" аэропорту Жаңы жылдык корпоративине 1,5 миллион сом жумшайт экен
Айта кетсем, "Манас" аэропортунун акцияларынын ээлери:
- 79,0533 % - өлкөнүкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамкомитетиники.
- 8,4635 % - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда.
Ошондо бул 1,5 миллионду өкмөт берип жатабы деген суроо берилбей койбойт экен. Негизи мамкызматкерлердин корпоративдери өткөрүлсө кызматкерлердин айлыктарынан кармалчу эмес беле же бул жакта дагы ушул эле системабы?
Анан темага кошумчалай билгим келди да. Жаңы жылда сизди кандай корпоратив күтүп жатат? Кандай өткөргүңүз келет?

Супер-Инфо
super.kg
видео


















