Суперстан: Жаңылыктар, имиштер сыяктуу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаңылыктар, имиштер сыяктуу. Чын же калп экенин талкуулайбыз.

#321 Пользователь офлайн   osh93   31 Октябрь 2015 - 11:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Талибдер КМШ мамлекеттеринин чегарасын көздөй чегинип жатышат
Афганстандын өкмөттүк күчтөрүнүн кысымы менен "Талибан" кыймылы Тажикстандын чегарасына жакындап келген
30.10.15 15:38
Гүлнур Жумалиева
Афган бийлиги ""Талибан" кыймылы өкмөттүк күчтөрдүн кысымы менен буга чейин өздөрү ээлеп алган Тахор провинциясындагы Даркад менен Ходжагор уездерин таштап, Тажикстандын чегарасын көздөй чегинүүдө" ,-деп маалымдайт.

Даркад менен Ходжагор уездери Тажикстандын Хатлон областынын Фархор району менен түздөн-түз чектешет.

Тахор профинциясынын башчысынын басма сөз катчысы Суннатулло Темур кечээ конфликт болуп жаткан аймакка кошумча күчтөр келгенин маалымдады. Бул операцияда ага чейин "Талибандар" тарабынан барымтага алынган Тахор провинциясынын жетекчиси Мухаммадясин Зиё бошотулду.

Маектештин пикиринде, кечээ күндөн тартып болгон согуштарда "Талибандын" . жыйырмадан ашык жоочусу жок кылынган. Алардын арасында Тажикстан менен Өзбекстандан барган жоочулар дагы болгон.

Даркад уезди дагы деле болсо талибердин көзөмөлүндө турат.

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#322 Пользователь офлайн   osh93   31 Октябрь 2015 - 11:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

. Эки буттуу күчүк интернеттин жылдызы болду
Секирип же жылып жүргөн майып күчүктүн интернетте 50 миңден ашык күйөрманы бар
30.10.15 10:20
Гүлнур Жумалиева
Бонсай аттуу бульдог ит интернеттин жылдызы болду. Бул тууралуу The Daily Telegraph булагы жазууда.

Бул ит 6 ай мурун омуртка тутумунун жарымы жок туулган. Бонсай ит багуучу жайда жашайт. Анын сүрөтүн жана видеосун кызматкерлер интернетке чыгарып коюшкан. Ошондон кийин Бонсай ушунчалык популярдуу болгондугун өзүнүн баракчалар Facebook жана Instagram соиалдык тармактарда ачылганынан эле байкасак болот. Азыр анан Facebook түйүнүндө 50 миңден ашык күйөрманы бар.

Ит сейрек кездешүүчү оору менен ооруп арткы буттары дээрлик жокко эсе. Ит негизинен секирип же жылып жүрөт. Бирок, анын радио менен башкарылган унаасы бар. Бонсайдын өзү жеке басууга атайын коляска даярдатууга элдер интернет аркылуу каражат топтошууда.

Билдирүүнү түзөткөн: osh93: 31 Октябрь 2015 - 11:35

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#323 Пользователь офлайн   osh93   31 Октябрь 2015 - 11:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Америкада ит кожоюнун атып салды
АКШда мергенчини ити атып кеткени баардыгын таң калтырууда

29.10.15 09:49
Гүлнур Жумалиева
АКШнын Индиана штатында лабрадор ити ээсин атып алды. Бул тууралуу lenta.ru булагы жазууда. Маалыматка ылайык окуя Индиана штатынын түндүгүндөгү мергенчилер комплексинде болгон. Ал жерге 25 жаштагы Элли Картер итин ээрчитип алып, куштарга аңчылык кылууга барган.

Мергенчилик учурунда аял бытыра мылтыгын бекиткичин жапканды унутуп,жерге коюп коет. Эс алып жатканда ит чуркап жүрүп,кокустан мылтыкты аткычын басып алат. Ошондо мылтыктан жаңырган ок кокустан кожоюнуна тиет. Жыйынтыгында аңчы аялдын бутуна ок тийип,дароо жакын жердеги ооруканага жеткирилген. Ага медициналык тез жардам көргөзүлүп, жараты жеңил экендиги билдирилди. Полиция кызматкерлеринин билдиргенине караганда Элли Картер мергенчилердин атайын курстарынан өткөн эмес. Индиана штатында 1986-жылдан кийин төрөлгөндөргө атайын курстардан өтүү жана милдеттүү түрдө лицензия алуу талабы коюлган.

Бул окуядан кийин мыйзамчылардын баары жергиликтүү калктарга мергенчиликтеги коопсуздук эрежелерин үйрөтүп,эч качан мылтыкты өзүнө каратпоону жана бекиткичти дайыма жабык алып жүрүүнү түшүндүрүп киришти.

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#324 Пользователь офлайн   admiral   01 Ноябрь 2015 - 00:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 650
  • Катталган: 14 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Мар 2024 05:37

Укмушко
Өлүм бул жашоонун бүтүшү эмес, балким жаңы жашоонун башталышы!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#325 Пользователь офлайн   AZIK01   02 Ноябрь 2015 - 18:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Иконки сообщения 

Иттер хит болуп жаткан экен, менда соц сеттерде хит болуп жургон ит жонундо жаза кетейин.
"Кээ бир адамдар бар айбандан жаман, кээ бир иттер бар адамдардан жакшырак" - деп бир атам жазып кеткен экен. Рио-де-Жанейро, Бразилияда дүйнөнү дүңгүрөткөн окуя болду. Бирөө жаңы төрөгөн наристесин таштап качкан, аны көргөн ит көтөрүп алып, жакынкы үйдүн эшигинин алдына алып барган. Анан, ал наристе тируу калган имиш!.

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#326 Пользователь офлайн   AZIK01   02 Ноябрь 2015 - 19:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Имиштер дегендей, дагы да болсо эл оозунан тушпой макталып жаткан эстакадалык копуро жонундо.
"Ой, Мелистин копуросу, Мелистин идеясы. Кокуй ошонун копуросу" -деп мактап жаткан копуросу бир кундукпу?
Атамбайдын эле копуросу. Бир нече эле кун отпой шашылыш бутурулгон копуро урай баштаптыр. Тратуардагы тошолгон таштар жерге кире баштаптыр. Лестницага коюлган кафелдер сынган суроттор сайттарда журот. Эми жаны мэр кандай чара корот азырынча карангы.
Айтмамат тагабыз болбой эле астына тушуп алды эле, аны устун караш керек экен.
Ар ураган сайын жамап турабы же кайрадан тошойбу убакыт корсотот.
Эмнеси болсода элге кызмат кылсын!

Билдирүүнү түзөткөн: AZIK01: 02 Ноябрь 2015 - 19:44

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#327 Пользователь офлайн   admiral   03 Ноябрь 2015 - 00:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 650
  • Катталган: 14 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Мар 2024 05:37

Просмотр сообщения AZIK01 (02 Ноябрь 2015 - 18:15) жазган:

Иттер хит болуп жаткан экен, менда соц сеттерде хит болуп жургон ит жонундо жаза кетейин.
"Кээ бир адамдар бар айбандан жаман, кээ бир иттер бар адамдардан жакшырак" - деп бир атам жазып кеткен экен. Рио-де-Жанейро, Бразилияда дүйнөнү дүңгүрөткөн окуя болду. Бирөө жаңы төрөгөн наристесин таштап качкан, аны көргөн ит көтөрүп алып, жакынкы үйдүн эшигинин алдына алып барган. Анан, ал наристе тируу калган имиш!.


Мен да окуп алып тан калдым

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG_20151102_201440_0.jpg

Өлүм бул жашоонун бүтүшү эмес, балким жаңы жашоонун башталышы!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#328 Пользователь офлайн   Shanson   03 Ноябрь 2015 - 18:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения AZIK01 (02 Ноябрь 2015 - 18:15) жазган:

Иттер хит болуп жаткан экен, менда соц сеттерде хит болуп жургон ит жонундо жаза кетейин.
"Кээ бир адамдар бар айбандан жаман, кээ бир иттер бар адамдардан жакшырак" - деп бир атам жазып кеткен экен. Рио-де-Жанейро, Бразилияда дүйнөнү дүңгүрөткөн окуя болду. Бирөө жаңы төрөгөн наристесин таштап качкан, аны көргөн ит көтөрүп алып, жакынкы үйдүн эшигинин алдына алып барган. Анан, ал наристе тируу калган имиш!.



Аргентина деп бир окудум, Дагестан деп бир окудум. Деги каякта болуптур?
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#329 Пользователь офлайн   medina.   03 Ноябрь 2015 - 22:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Саламаттыкты сактоо министрлигинен
“Азаттыкка” билдиришкендей,
Кыргызстан акушерлер менен 60%
гана камсыз болгон. Өлкө боюнча бул
багытта жыл сайын 1,5 миң студент
бүтсө, алардын 0,2 % гана жумушка
орношот. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү айлык
аздыгына байланыштуу өз кесиби
менен иштешпейт. Учурда алардын
орточо айлыгы 4,5 миң сомду түзөт.
Ушул тушта төрөт багытында иштеп
жаткандардын теңинен көбү пенсия
курагындагылар. (КЕ)
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#330 Пользователь офлайн   Shaa-82   04 Ноябрь 2015 - 12:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 925
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2024 15:30
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения AZIK01 (02 Ноябрь 2015 - 19:41) жазган:

Имиштер дегендей, дагы да болсо эл оозунан тушпой макталып жаткан эстакадалык копуро жонундо.
"Ой, Мелистин копуросу, Мелистин идеясы. Кокуй ошонун копуросу" -деп мактап жаткан копуросу бир кундукпу?
Атамбайдын эле копуросу. Бир нече эле кун отпой шашылыш бутурулгон копуро урай баштаптыр. Тратуардагы тошолгон таштар жерге кире баштаптыр. Лестницага коюлган кафелдер сынган суроттор сайттарда журот. Эми жаны мэр кандай чара корот азырынча карангы.
Айтмамат тагабыз болбой эле астына тушуп алды эле, аны устун караш керек экен.
Ар ураган сайын жамап турабы же кайрадан тошойбу убакыт корсотот.
Эмнеси болсода элге кызмат кылсын!



Сүрөт Ошондо кой дегем озучу он камазды бекер чыгардын али жакшы кургай элек копурого, эми жарака кетет анан бир кунле кетип атсан тарс деп кулап кетет депчи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#331 Пользователь офлайн   medina.   05 Ноябрь 2015 - 00:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

“Вечерний Бишкек” гезити
Нина Ничипорованын
“Ыймандын дефицити” деген
макаласын жарыялады. Автор
өлкө чынчыл жана ыймандуу
адамдарга муктаж экендигин,
карапайым адамдар күн
сайын бийликтеги
аткаминерлердин биринин
талап-тоноп, пара алып
жаткан жеринен
кармалганын, бирин-бири
чала өлүк кылып сабап
салганын, кызматка келери
менен эле ичип-жеп
киргенин, биринин да
башына “Эртең Мекенибиз
эмне болот?” деген суроо
келбестигин жазды.
Журналист андан ары Улуттук
коопсуздук комитети Коргоо
министринин кызмат
абалынан кыянаттык менен
пайдаланып келгендиги үчүн
кылмыш иши козголгонун
жар салганын, мындай бардак
Жазаларды аткаруу
мекемелеринде да толтура
экенин, Генералдык
прокуратуранын сайтын ачсаң
мыйзамды сактайт дегендер
өздөрү мыйзам бузуп колго
түшкөн фактыларды окуруңду,
мисалы түрмөдөгү
колониянын начальниги
жазасын өтөп жаткан адамга
машинасына магнитофон
саттырып алганы аз
келегенсип, машинаны
оңдойсуң деп ороңдоп
турганын кантип түшүнсө
болорун, Мамлекет деген
мыйзамдын темирдей тартиби
менен күчтүү экендигин,
тилекке каршы, бүгүн өлкөгө
Кыргызстанды ойлогон,
балдардын бактылуу
келечегин ойлогон ак ниет
жана ыймандуу таза адамдар
жетишпей жаткандыгын
жазды. Аталган гезиттеги
Евгений Денисенконун
макаласы “Ооган коркунучу”
деп аталып, жакында
Москвада КМШ өлкөлөрүнүн
Коопсуздук жана атайын
кызматтарынын жетекчилери
чогулуп жыйын
өткөрүшкөнүн, анда КМШ,
өзгөчө Борбор Азия
өлкөлөрүнүн чек араларын
кайтарууну күчөтүү аракети
каралганын, бүгүн
Ооганстанда 25-30 аймагында
"Ислам мамлекети" деп
аталган бандиттик түзүлүштүн
жанкечтилери бар экенин,
буга байланыштуу Жамааттык
коопсуздук кеңешинин күчүн
бардык жагынан чыңдоо
маселеси коюлганын жазып
чыкты.
Бүгүн кыргыз тилдүү
гезиттердин ичинен “Искра”
гезити жарык көрдү. Бишкек
шаардык кеңешинин
депутаты Жамалбек Ырсалиев
“Башкарманы алдаган Акун
ата же балкондо өскөн
Кулматов тууралуу” деген
макаласын тартуулап,
шаардын жетекчилигине
чарбаны мыкты билген адам
келмейин балкондо олтуруп
чоңойгон Кулматов сыяктуу
“парник балдар” шаарды
оңдой албастыгын, Нариман
Түлеев түрмөдө жатса элдин
эсинде чарбаны мыкты билген
адам катары калганын,
революциядан кийин келген
Иса Өмүркулов да чарбаны
мыкты билгендиктен, шаарды
бир топ оңдогонун, ал эми
азыркы элге жакпаган шаар
башчысы Кулматов бир кезде
чоң болуп иштеген атасынын
баркы мененби же ажонун
баркы мененби, айтор,
бийликке келген күндөн бери
эле колунан иш келбеген
жүдөө мэр катары келатканын,
Бишкек болсо иленди
катындын үйүндөй чачылып,
кебетеси кетип бүткөнүн,
жадагалса күндүз Түштүк
магистралды бойлогон
жарыкты өчүрүп койгонго
колу бошобой жаткандыгын,
кечээ чак түштө андагы жарык
өчпөй күйүп турганын,
карапайым элдин накта
турмушун көрбөй, билбей,
помидор менен бадыраң
балкондо өсөт деп ойлогон,
жалаң шоколад жеп чоңойгон,
аталарынын кадыры менен
тайраңдаган жетекчилерден
арылмайын оңолбой
тургандыгыбызды дагы бир
жолу эске салды. Гезит ошону
менен бирге эле
“Келдибековду эмес, Салянова,
Усманов жана алардын
тергөөчүлөрүн камаш керек!”
деген макала басты.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#332 Пользователь офлайн   AZIK01   05 Ноябрь 2015 - 10:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Просмотр сообщенияShanson (03 Ноябрь 2015 - 18:43) жазган:

Аргентина деп бир окудум, Дагестан деп бир окудум. Деги каякта болуптур?


Анык маалыматым жок. Бул ушак кептерди, ушак сеттерден окудум эле. Адамдардын акылы менен, айбандардын акылы алмашуу кубулушу жуз берип жатабы, ал жагы...
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#333 Пользователь офлайн   admiral   05 Ноябрь 2015 - 12:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 650
  • Катталган: 14 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Мар 2024 05:37

Просмотр сообщения medina. (03 Ноябрь 2015 - 22:25) жазган:

Саламаттыкты сактоо министрлигинен
“Азаттыкка” билдиришкендей,
Кыргызстан акушерлер менен 60%
гана камсыз болгон. Өлкө боюнча бул
багытта жыл сайын 1,5 миң студент
бүтсө, алардын 0,2 % гана жумушка
орношот. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү айлык
аздыгына байланыштуу өз кесиби
менен иштешпейт. Учурда алардын
орточо айлыгы 4,5 миң сомду түзөт.
Ушул тушта төрөт багытында иштеп
жаткандардын теңинен көбү пенсия
курагындагылар. (КЕ)

4,5 мин бир озуно да жетпейтко бир айга
Өлүм бул жашоонун бүтүшү эмес, балким жаңы жашоонун башталышы!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#334 Пользователь офлайн   medina.   12 Ноябрь 2015 - 21:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Украинанын парламенти
Крым татарларынын 1944-
жылкы депортациясын
геноцид деп таануу боюнча
резолюция кабыл алды.
Документте ошондой эле 18-
май курмандыктарды эскерүү
күнүн катары белгинелери
айтылат.
Крым татарларынын
активисттери украин
бийлигин бир канча жылдан
бери депортацияны тукум
курут деп расмий атоого
көндүрүп келди.
1944-жылдын 18-майында
Сталиндин буйругунун
негизинде нацисттер менен
кызматташкан деген күнөө
тагылган татарлар жарым
аралдан айдалган. 180 миңден
көп киши Борбор Азия жана
Сибирге депортацияланып, 40
пайыздайы жолдо же сүргүндө
каза тапкан. Крым
татарларына мекенине
кайтууга уруксат 1980-
жылдардын этегинде, СССР
ыдыраарга жакын берилген.
Крым татарларынын көбү
былтыр мартта жарым
аралдын Орусия тарабынан
аннексияланышына каршы
чыгышкан.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#335 Пользователь офлайн   medina.   14 Ноябрь 2015 - 10:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Кыргызстанда быйыл жыл
башынан бери 48 аял
төрөттөн көз жумду.
Коомчулук буга
дарыгерлердин
шалаакылыгы, ал эми ак
халатчандар ден соолукка
кайдыгерликтин кесепети
катары баа беришет.
Өкмөт былтыркыга
салыштырмалуу энелердин
өлүмү 30 пайызга азайганын
айтканы менен Дүйнөлүк
саламаттыкты сактоо уюму
Кыргызстанды төрөттөн ажал
тапкан келиндер көп
катталган өлкөлөрдүн
тизмесинен түшүрбөй
келүүдө.
Света...
Света Дауталиева Бишкек
шаарында жашачу. Быйыл 9-
июнда, 39 жаш курагында
төрөттөн каза болду.
Курсактагы баласына 17 апта
болуп калганда ден соолугу
начарлап, 2-июнда Эне жана
баланы коргоо улуттук
борборуна барган. Бир апта
ажал менен алышып, тилекке
каршы өзү да, боюндагы бала
да жарык менен кош
айтышты. Светанын артында
алты жаштагы уулу апалап
боздоп кала берди... Эжеси
Анара сиңдисинин мезгилсиз
өлүмүнөн дагы эле өзүнө келе
элек:
- Мына беш ай болду. Сиңдибиз
Света жок. Аны эки күндө эле
жоготуп алдык. Бир
туугандан ажыраган жаман
экен. Күндүз жумуш менен
алаксып, билинбейт. Кечинде
аалам тарыгансыйт. Той-
топурга барсам, жүрөгүм
ооруйт. Эмне үчүн Света?
Эмне үчүн мен эмес?
Миргүл...
Дагы бир каарманыбыз –
Миргүл Жумалиева. Бир жыл
мурун, 39 жашында
төрөтканада көз жумган.
Нарындын Ак-Кыя айылында
жашачу. Артында алты баласы
жетим калды. Жолдошу Белек
Садыбакас уулу ал күндү
мындайча эскерет:
- Аялың өлдү деп айтканын
укканда, жакшы ниет менен,
жакшы кабар күтүп турганым
үчүн нес болуп калдым. Оюма
заматта ар нерсе келди...
Миргүлдүн өмүрү кыйылган
каргашалуу окуя 2014-жылдын
17-апрелинде болгон. Өлөрдөн
бир күн мурун алты айлык
кош бойлуу келин ден соолугу
начарлап, Нарындагы облустук
төрөтканага барган. Анын
саламаттыгын текшерген
дарыгерлер курсактагы бала
чарчап калганын айтышкан.
Бирок ымыркайды операция
жолу менен алып салбай, аял
өзү төрөгөнү оң деп корутунду
чыгарышкан. Миргүл алты
саат азап чегип, акыры эс-
учун жоготкондо гана
операцияга алып киришкен.
- Мен Саламаттыкты сактоо
министрлигине чейин бардым.
Атайын эрежелерди карадым.
Эреже боюнча, аялдын
ичиндеги баласы чарчап
калганы аныкталса, 30 мүнөт
ичинде операция жасап, алып
салыш керек экен. Дарыгерлер
чогулуп, кеңешме өткөрүшү
керек эле. Менин аялым түнкү
саат 11-12лерде кыйналып
баштаса деле таң атканча,
алты саат карабай коюп
атышпайбы... Ушуга нааразы
болуп жатам.,- деп кейиген
Белек жубайынын өлүмүнө
ошол күнкү дарыгер
Барчынай Темированын
шалаакылыгы себеп болду деп
эсептейт. Андан бери күч
органдарына кайрылып,
дарыгерди жоопко тартуу
талабынан майнап чыккан
жок. Иш Жогорку Сотко чейин
жеткен. Сот дарыгерди
күнөөлүү деп тапканы менен
окуянын мөөнөтү өтүп
кеткенине байланыштуу
камак же башка жазадан
бошотулган. Андан бери
Барчынай Темированын
кызмат даражасы өсүп, иштеп
жүргөнүнө маркумдун
жакындары нааразы. Жашы
80ден ашкан кайненеси
Осуйпа эненин андан бери
ыйлабаган күнү жок:
- Өкмөткө арызданып жатып,
барбаган жерибиз калбады. Бир
жыл өткөндөн кийин
дарыгерди куткарып коюшту.
Балдарымдын кээде кири
жуулбай калат, кыздарымдын
чачы өрүлбөй калат... Же мен
эптей албайм.
Күнөө кимде?
Дүйнөлүк саламаттыкты
уюмунун эсебинде Кыргызстан
эне өлүмү көп катталган
мамлекеттердин тизмесинен
түшпөй келүүдө. Өткөн жылы
66 аял төрөттөн өлсө, быйыл
жыл башынан бери 48 зайып
жарык менен кош айтышты.
Саламаттыкты сактоо
министрлиги эне өлүмү
былтыркыга салыштырмалуу
30 пайызга кыскарганын
белгилейт. Ага карабай,
дарыгерлер маселеге олуттуу
көңүл бурулбаса, абал мындан
да начарлашы мүмкүн экенин
эскертишет.
Саламаттыкты сактоо
министри Талантбек
Батыралиев көйгөйдүн
себептерине мындайча
токтолду:
- Мен Совет доорунда
чоңойдум. Ал кезде ден
соолукка арналган
телеберүүлөр болор эле. Элге
жеткиликтүү тилде маселе
көтөрүлүп, адамдар телевзиор
көрө турган маалда эфирге
берилчү. Азыр болсо, маанилүү
маселени адамдарга жеткирүү
үчүн телевидениеге акча
төлөш керек. Ага биздин
каражатабыз жок. Карап
көрсөк, баарыбыздын
милдетибиз бир. Ошол эле
телевидениеде иштегендердин
да милдети...
Дарыгерлердин изилдөөсүнө
ылайык, төрөт учурунда каза
болгон аялдардын көбү кан
кетүүдөн жантаслим болот.
Андан сырткары,
инфекциялык же өнөкөт
оорусу бар аялдарда да кош
бойлуу кезде, төрөт учурунда
өлүмгө дуушар болуу
ыктымалдыгы жогору.
Серепчилердин баамында, эне
өлүмүн азайтууга жогорку
бийлик даражасында кам
көрүүгө жетишерлик көңүл
бурулбай келүүдө. Мурдагы
вице-премьер- министр
Дамира Ниязалиева бул
маселени Жогорку Кеңеште
көтөрүп чыккан жайы бар.
Бирок андан ары кандай
кадамдар болгону коомчулукка
маалым эмес...
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#336 Пользователь офлайн   medina.   14 Ноябрь 2015 - 10:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Кыргызстанда быйыл жыл
башынан бери 48 аял
төрөттөн көз жумду.
Коомчулук буга
дарыгерлердин
шалаакылыгы, ал эми ак
халатчандар ден соолукка
кайдыгерликтин кесепети
катары баа беришет.
Өкмөт былтыркыга
салыштырмалуу энелердин
өлүмү 30 пайызга азайганын
айтканы менен Дүйнөлүк
саламаттыкты сактоо уюму
Кыргызстанды төрөттөн ажал
тапкан келиндер көп
катталган өлкөлөрдүн
тизмесинен түшүрбөй
келүүдө.
Света...
Света Дауталиева Бишкек
шаарында жашачу. Быйыл 9-
июнда, 39 жаш курагында
төрөттөн каза болду.
Курсактагы баласына 17 апта
болуп калганда ден соолугу
начарлап, 2-июнда Эне жана
баланы коргоо улуттук
борборуна барган. Бир апта
ажал менен алышып, тилекке
каршы өзү да, боюндагы бала
да жарык менен кош
айтышты. Светанын артында
алты жаштагы уулу апалап
боздоп кала берди... Эжеси
Анара сиңдисинин мезгилсиз
өлүмүнөн дагы эле өзүнө келе
элек:
- Мына беш ай болду. Сиңдибиз
Света жок. Аны эки күндө эле
жоготуп алдык. Бир
туугандан ажыраган жаман
экен. Күндүз жумуш менен
алаксып, билинбейт. Кечинде
аалам тарыгансыйт. Той-
топурга барсам, жүрөгүм
ооруйт. Эмне үчүн Света?
Эмне үчүн мен эмес?
Миргүл...
Дагы бир каарманыбыз –
Миргүл Жумалиева. Бир жыл
мурун, 39 жашында
төрөтканада көз жумган.
Нарындын Ак-Кыя айылында
жашачу. Артында алты баласы
жетим калды. Жолдошу Белек
Садыбакас уулу ал күндү
мындайча эскерет:
- Аялың өлдү деп айтканын
укканда, жакшы ниет менен,
жакшы кабар күтүп турганым
үчүн нес болуп калдым. Оюма
заматта ар нерсе келди...
Миргүлдүн өмүрү кыйылган
каргашалуу окуя 2014-жылдын
17-апрелинде болгон. Өлөрдөн
бир күн мурун алты айлык
кош бойлуу келин ден соолугу
начарлап, Нарындагы облустук
төрөтканага барган. Анын
саламаттыгын текшерген
дарыгерлер курсактагы бала
чарчап калганын айтышкан.
Бирок ымыркайды операция
жолу менен алып салбай, аял
өзү төрөгөнү оң деп корутунду
чыгарышкан. Миргүл алты
саат азап чегип, акыры эс-
учун жоготкондо гана
операцияга алып киришкен.
- Мен Саламаттыкты сактоо
министрлигине чейин бардым.
Атайын эрежелерди карадым.
Эреже боюнча, аялдын
ичиндеги баласы чарчап
калганы аныкталса, 30 мүнөт
ичинде операция жасап, алып
салыш керек экен. Дарыгерлер
чогулуп, кеңешме өткөрүшү
керек эле. Менин аялым түнкү
саат 11-12лерде кыйналып
баштаса деле таң атканча,
алты саат карабай коюп
атышпайбы... Ушуга нааразы
болуп жатам.,- деп кейиген
Белек жубайынын өлүмүнө
ошол күнкү дарыгер
Барчынай Темированын
шалаакылыгы себеп болду деп
эсептейт. Андан бери күч
органдарына кайрылып,
дарыгерди жоопко тартуу
талабынан майнап чыккан
жок. Иш Жогорку Сотко чейин
жеткен. Сот дарыгерди
күнөөлүү деп тапканы менен
окуянын мөөнөтү өтүп
кеткенине байланыштуу
камак же башка жазадан
бошотулган. Андан бери
Барчынай Темированын
кызмат даражасы өсүп, иштеп
жүргөнүнө маркумдун
жакындары нааразы. Жашы
80ден ашкан кайненеси
Осуйпа эненин андан бери
ыйлабаган күнү жок:
- Өкмөткө арызданып жатып,
барбаган жерибиз калбады. Бир
жыл өткөндөн кийин
дарыгерди куткарып коюшту.
Балдарымдын кээде кири
жуулбай калат, кыздарымдын
чачы өрүлбөй калат... Же мен
эптей албайм.
Күнөө кимде?
Дүйнөлүк саламаттыкты
уюмунун эсебинде Кыргызстан
эне өлүмү көп катталган
мамлекеттердин тизмесинен
түшпөй келүүдө. Өткөн жылы
66 аял төрөттөн өлсө, быйыл
жыл башынан бери 48 зайып
жарык менен кош айтышты.
Саламаттыкты сактоо
министрлиги эне өлүмү
былтыркыга салыштырмалуу
30 пайызга кыскарганын
белгилейт. Ага карабай,
дарыгерлер маселеге олуттуу
көңүл бурулбаса, абал мындан
да начарлашы мүмкүн экенин
эскертишет.
Саламаттыкты сактоо
министри Талантбек
Батыралиев көйгөйдүн
себептерине мындайча
токтолду:
- Мен Совет доорунда
чоңойдум. Ал кезде ден
соолукка арналган
телеберүүлөр болор эле. Элге
жеткиликтүү тилде маселе
көтөрүлүп, адамдар телевзиор
көрө турган маалда эфирге
берилчү. Азыр болсо, маанилүү
маселени адамдарга жеткирүү
үчүн телевидениеге акча
төлөш керек. Ага биздин
каражатабыз жок. Карап
көрсөк, баарыбыздын
милдетибиз бир. Ошол эле
телевидениеде иштегендердин
да милдети...
Дарыгерлердин изилдөөсүнө
ылайык, төрөт учурунда каза
болгон аялдардын көбү кан
кетүүдөн жантаслим болот.
Андан сырткары,
инфекциялык же өнөкөт
оорусу бар аялдарда да кош
бойлуу кезде, төрөт учурунда
өлүмгө дуушар болуу
ыктымалдыгы жогору.
Серепчилердин баамында, эне
өлүмүн азайтууга жогорку
бийлик даражасында кам
көрүүгө жетишерлик көңүл
бурулбай келүүдө. Мурдагы
вице-премьер- министр
Дамира Ниязалиева бул
маселени Жогорку Кеңеште
көтөрүп чыккан жайы бар.
Бирок андан ары кандай
кадамдар болгону коомчулукка
маалым эмес...
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#337 Пользователь офлайн   medina.   14 Ноябрь 2015 - 20:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Соңку күндөрү Бишкекке
келип акы төлөнгөн
сабактарды өтүп, өз
тажрыйбасы менен
бөлүшкөн дүйнөгө белгилүү
адамдардын катары
калыңдап барат.
Америкалык белгилүү
психолог жана жазуучу Жон
Грей Бишкекте алгач ирет
9-10-ноябрда болуп, үй-бүлө
мамилелери боюнча сабак
өттү. Алгач Улуттук
филармонияда өткөн
семинарга миңден ашык адам
катышып, кирүү акысы 50
доллардан 100 долларга чейин
жетти.
Грей 10-ноябрда Борбор
Азиядагы Америка
университетинин
студенттерине акысыз
баарлашуу өткөрдү. Ал
психология, аял-эркек
мамилеси боюнча 17 китеп
жазып, алар 40 тилге
которулган. Анын “Мырзалар
Марстан, аялдар Венерадан”
аттуу бестселлер китеби
кыргыз коомчулугун да
кайдыгер калтырган эмес.
Жон Грэйдин гонорары 35
миң доллар...
Атактуу психологду Бишкекке
Борбор Евразиялык лидерлер
альянсы алып келген. Аталган
компаниянын өкүлү Алина
Касенова Грейди чакыруунун
башкы максатын мындайча
түшүндүрдү:
- Акыркы учурда бир айда эле
700-800 ажырашуу катталып
жатат. Көптөгөн балдар ата-
энесиз өсүүдө. Ошондуктан
Жон Грейди чакырдык. Бул
киши үй-бүлө маселесинде
чебер. Акыркы убактарда
жалаң эле бизнес боюнча
спикерлер келди. Ошол
себептүү үй-бүлө
баалуулуктарын, аял-эркек
маселесин да көтөргүбүз
келди.
Жон Грей өз сабактарында
араздашкан үй-бүлө бири-
бирин угуп, сүйлөшкөндө гана
ажырашуу болбосун айтып
келет.
Буга чейин ушул эле
компания демөөрчүлөрдүн
каржылык колдоосу менен
бизнес боюнча дүйнөлүк
эксперт Брайан Трэйсини,
лидерлик боюнча Майкл
Кулини чакырышкан. Алдыда
канадалык жазуучу Робин
Шарманын, австралиялык
жазуучу Аллан Пиздин ,
израилдик жазуучу Ицхак
Адизестин келери күтүлүүдө.
Лидерлер альянсы дүйнөгө
аты чыккан адамдардан
тажрыйба бөлүшкүсү келген
бишкектик жаштар көбөйүп
баратканын белгилейт.
Атактуу коноктордун баары
каалоочулардын талабына
жараша чакырылат. Алар
оңбогондой сый акы, эң аз
дегенде 25 миң доллар
гонорар талап кылышат.
Маселен, Жон Грей 35 миң
долларга макул болгон. Дүйнө
атактууларын чакырган
компания өкүлү Алина
Касенова:
- Сый акылар 25 миң
доллардан өйдө. Атактуу
адамдардын иш планы бир
жыл алдын ала түзүлөт. Анан
алар бир жерге барганда бир
нече шаарды кыдырууга
аракет кылышат. Биз Грейди
алгач Алматыга чакырып,
анан Бишкекке алып келдик.
200 долларлык тренинг
ийгиликке ачкычпы?
Байкоочулардын баамында,
белгилүүлөрдүн акыл
үйрөтүүсү жаштар үчүн өтө
пайдалуу жана келечекке чоң
түрткү болот. Ошол эле учурда
мындай тренингдер ортомчу
ишканаларга гана пайда
түшүрбөсө, жаштарга анчейин
пайдасысыз дегендер да жок
эмес. Жарандык активист
Айбек Баратов Фейсбук
баракчасы аркылуу акча
коротуп тренингдерге баргыча
өз алдынча иштөө ийгиликке
жеткирерин жазды.
- Менимче, бул тренингдер
спикерлердин өзүнө гана пайда.
Анткени гонорар алышат. 200
доллар төлөп эки саат лекция
укса эле ийгиликтүү болуп
калбашыбыз айныгыс факт.
Ийгиликке жетүү үчүн өз
алдынча эмгектенүү керек.
Алар жатталып калган
фразаларды эле айтышат. Ага
баргандар эптеп эле белгилүү
адам менен сүрөткө түшүп,
соцтармакта мактангысы
келишет.
Жакынкы күндөрү Бишкекке
орусиялык саясатчы Ирина
Хакамада, тележылдыз
Ксения Собчак келип,
тажрыйба бөлүшөрү күтүлүп
жатат. Мындан мурда "Россия
сегодня" телеканалынын
башчысы Дмитрий Киселев
журналисттерге акыл
үйрөткөн болчу. Буга чейин
Фейсбуктун негиздөөчүсү
Марк Цукерберг жана теле
алып баруучу Андрей
Малахов да Бишкекте болору
айтылганы менен, азырынча
алар келе элек.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#338 Пользователь офлайн   medina.   08 Февраль 2016 - 13:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Eurasinet басылмасы өкмөт
башчы Темир Сариевге кат
жазган Кошмо Штаттарынын
тургуну Тим Линин ким
экенин иликтеп көрдү.
Америкалык окуучунун каты
узаган аптада кыргыз
массалык маалымат
каражаттарына
жарыяланган.
Өзүн 14 жаштагы Нью-Йорк
штатынын Миннеола орто
мектебинин окуучусумун деп
тааныштырган бул өспүрүм
чын эле барбы, же жокпу,
эгер бар болсо эмнеге мындай
"шоктук" кылат деген
суроону койот аталган
басылма.
Тим Ли өз катында кыргыз
өкмөт башчысынын
иштермандыгы
шыктандырарын,
Кыргызстанга келүү ниети
барын жазган. Ошондой эле
Сариев тууралуу көп окуп,
2009-жылы президенттик
шайлоого катышканын
билерин баяндаган.
"Мен кытай
каллиграфиясына жана сүрөт
тартканга кызыгам. Сиздин
өлкөгө барып сүрөт
көргөзмөмдү уюштургум
келет. Сиз мага жооп берип,
кол тамгаңыз коюлган өз
сүрөтүңүздү жибересиз жана
мен тарткан сүрөттөрдүн
көргөзмөсүн уюштурууга
жардам бересиз деп
үмүттөнөм" деп аяктаган
катын Тим Ли.
Eurasinet басылмасынын
иликтөөсүнө караганда, Тим
Ли Темир Сариевден башка
да дүйнө лидерлерине кат
жазган учурлары болгон.
Маселен, Гамбиянын
президенти Яхия Абдулазиз
Ямехке да кыргыз өкмөт
башчысына жазгандай
мазмунда кат жиберген экен.
"А балким бул "тентек"
ушинтип дүйнө
лидерлеринен "кол тамга"
чогултуп жүргөндүр.
Гамбиянын төбөлдөрү
америкалык баладан
президентибизге кат келди
деп мактанышып, "шок"
баланын "тамашасын"
расмий веб сайтына
чыгарышкан. Тим Линин
фейсбуктагы баракчасында
өзү тууралуу жарытылуу
маалымат жок экенин
көрдүк. Демек бул ушинтип
жогорку кызмат
адамдарынын тынчын алган
"тентектердин" бири", - деп
жазат Eurasinet.
Европадан көңүлү калган
мигранттар мекенине
кайтууда
Былтыр Ирак, Сирия,
Ооганстандан качкан
миңдеген мигранттар
Европада өз жайын таба
албай, быйыл кайрадан
мекенине жүздөп кете
баштаганын кабарлайт New
York Times гезити. Алардын
көбү оңой оокат, жеңил
киреше табабыз деп Европага
барышкан. Бирок Париждеги
террордук чабуулдардан
кийин Европанын мусулман
качкындарга карата
мамилеси кескин өзгөрүп,
айрыкча Ирактан баргандар
кайра Багдадга кайтышууда.
Алардын бири Жабири аттуу
жигит Европадан эңсеген
окуусуна кире албай, жумуш
да таба албай, эми Багдадга
барып, оңой эле окууга
кирип, жумуш табам деген
ишенимде кайтууну чечкен.
Былтыр социалдык
тармактарда ирактыктар
Европадагы бакубат жашоону
көп жазышчу. Быйыл,
тескерисинче, Европага
барууну кааалагандарга ал
жактагы оор турмуш
тууралуу эскертишүүдө. Эл
аралык миграция уюмунун
маалыматында 3 500
ирактык качкын мекенине
кайтып келген. Ал эми жыл
жаңыргандан бери Европадан
жалкып калгандардын саны
кескин жогорулаганын
Ирактын миграция министри
Сатар Навруз New York
Times басылмасына
билдирген.
Орусияда теке менен
жолборстун достугу
териштирилет
Британиянын The Guardian,
The Independent гезиттери
дүйнөлүк маалымат
каражаттарына кеңири
тараган жолборс менен
текенин достугуна тиешелүү
видео Орусиядагы
кумсалыкты үгүттөөгө каршы
мыйзамга туура келбейт
деген негизде иликтөөгө
алынганын жазышты.
Приморск крайынын
прокуратурасына
новосибирсктик адвокат
Алексей Крестьяновдон Амур
аттуу жолборс менен Тимур
деген текенин достугун
медиадан көрсөтүү
"кумсалыкты үгүттөйт" жана
мыйзамга каршы келет деген
арыз менен кайрылган.
Ыраакы Чыгыштын
зоопаркындагы бул эки
жаныбардын жакындыгы
кумсалыкты тымызын
үгүттөө катары бааланууда.
Амур менен Тимурдун
достугу - жолборско текени
жесин деп бергенде жебей
коюп, экөө чогуу оттогон
видео дүйнөдө кеңири
тараган. Крестьянов муну
салттуу эмес жакындык,
башкача айтканда "кумсалык
достук" деп эсептейт. Эми
теке менен жолборстун
"мамилесин" сот органдары
териштирмей болду дейт The
Guardian .
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#339 Пользователь офлайн   medina.   08 Февраль 2016 - 13:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

БУУнун Коопсуздук кеңеши
Түндүк Кореянын ракета
учурганын катуу айыптап,
“мындай кооптуу жана
олуттуу” кадамга жооп
катары санкциялар
киргизилерин эскертти.
Улуттар Уюму Пхеньяндын
ракета учурганына жооп
кайтара турганы боюнча
билдирүүнү 7-февралда
чукул жыйынга чогулган
Коопсуздук кеңешинин 14
мүчөсү жана Пхеньяндын
өнөктөшү Кытай колдоду.
Жабык жыйын өткөрүүнү
Түндүк Корея космоско узун
аралыкка учуучу ракетасын
жөнөткөндөн кийин АКШ,
Түштүк Корея жана Жапония
өтүнгөн.
Коммунисттик Кореянын
мамлекеттик телеканалы
өлкө лидери Ким Чен Ындын
буйругу менен космоско
сателлит учурулганын, ал
ийгиликтүү өткөнүн
маалымдады.
Маалыматка караганда,
Kwangmyongson-4 деп
аталган жабдык Жер
орбитасын 94 мүнөт сайын
айланууда жана келечекте
Пхеньян сателлиттерди
учурууну улантууну
көздөөдө.
Бирок Түндүк Корея иш
жүзүндө ядролук дүрмөт
ташыган баллистикалык
ракетаны сыноодон
өткөргөнүн жаап жашыргысы
келет деген божомолдор да
айтылууда. Андай
сыноолорго Коопсуздук
кеңешинин резолюциялары
жол бербейт.
Пхеньян январда суутек
бомбасын сыноодон
өткөргөнүн билдирген. Бирок
эл аралык коомчулук чын
эле суутек бомбасы
жарылганынын далилдери
жоктунун айткан.
БУУнун баш катчысы Пан Ги
Мун 7-февралдагы ракета
учурууга камтамасын
билдирип, Түндүк Корея
бийлигин “провокацияларды”
токтотууга үндөдү.
Москва Пхеньян “дагы бир
жолу эл аралык мыйзамдын
нормаларына көңүл кош
мамилесин көргөздү” деп
сындады.
“Мындай аракеттер Корей
жарым аралындагы жана
Түндүк-чыгыш Азиядагы
кырдаалдын курчушуна алып
келүүдө жана региондогу
өлкөлөрдүн, биринчи кезекте
Түндүк Кореянын өзүнүн
коопсуздугуна залкасын
тийгизүүдө" - деп айтылат
Орусиянын тышкы
мекемесинин билдирүүсүндө.
Кытайдын тышкы иштер
министрлиги “эл аралык
коомчулуктун каршылыгына
карабай, Түндүк Кореянын
көшөрүп ракета учурушуна
байланыштуу өкүнүчүн”
ортого салды.
Австралиянын тышкы иштер
министри Жюли Бишоп
жергиликтүү телеканалга
интервью берип:
- Түндүк Корея регионго, бүт
дүйнөгө, тынчтыкка
кооптонуу жаратууну
улантууда. Австралия
өкмөтү эл аралык
коомчулукка кошулуп, Түндүк
Кореянын чагымчыл, кооптуу
жана кырдаалды
дестабилдештирген
аракеттерин айыптайт.
Өлкөнүн бийлиги андан көрө
көптөн бери азап чегип
келаткан элинин
муктаждыктарына көңүл
бурса, - деп айтты.
Француз президентинин
кеңсеси Коопсуздук кеңеши
аркылуу мындай ачык
провокацияга жооп
кайтарууга чакырды.
АКШ мамлекеттик катчысы
Жон Керри Вашингтон
Жапония жана Түштүк Корея
алдында коргонуу жаатында
алган милдеттенмелерин
жактаарын кайталады.
Вашингтон Пхеньянды
Улуттар Уюмунун
санкцияларын бузгандыгы
үчүн жоопко тартуунун
үстүнөн Коопсуздук кеңеши
менен биргелешип иштеп
жатканын кошумчалады.
Ал тапта Кошмо
Штаттардын стратегиялык
командачылыгы алардын
системасы болжол менен
Түндүк Корея жаңы учурган
ракетанын изин тапканын,
ал АКШга коопсуз экенин
билдирди.
Жапониянын улуттук
телеканалы ракета Окинава
аралынын үстүнөн учуп
өткөн деген Токио өкмөтүнүн
чукул билдирүүсүн
тартуулады. Ошондой эле
аралдагы Patriot коргоо
системасы кореялык
ракетанын ыктымал зыянын
алдын алууга даяр турганын
көргөздү.
Ал эми кошуна Түштүк
Кореянын Коргоо
министрлиги Сеул жана
Вашингтон заманбап
ракетадан коргонуу
системасын жайгаштыруу
боюнча сүйлөшүүлөрдү
башташканын билдирди.
Маалыматка караганда,
Terminal High Altitude Area
Defense (THAAD) деп аталган
система Түштүк Корея менен
АКШга Пхеньян жараткан
коркунучтан коргонууга
багытталмакчы.
Бээжин менен Москва болсо
ал системаны жайгаштыруу
стабилдүүлүккө көлөккө
түшүрүп, аймакта жарыша
куралданууга жем ташташы
мүмкүн деп ырасташат.
Кытайдын тышкы иштер
министрлиги расмий
сүйлөшүүлөрдү баштоо
чечимине “терең
камтамасын” билдирди.
Орусия Мамлекеттик
думасынын коргоо
комитетинин төрагасы
Владимир Комоедов
"АКШнын Кореяда ракетадан
коргонуу системасын
жайгаштыруу убадасы бизге,
асыресе атомдук
күчтөрүбүзгө коркунуч болуп
калмакчы” – деди.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#340 Пользователь офлайн   jetinur90   08 Февраль 2016 - 13:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 01:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: