Shanson (29 Октябрь 2015 - 23:17) жазган:
Анан да өткөндө атайы Орто-Сайдагы жайма базарга барып он чакты китеп сатып алдым. Илгери окубай калган китептерди окуюн деп. Бир кемпир 150 сом деп калды. Тандап, карап атсам, кайра 100 гө түштү. Жапжакшынакай эле китептер. Башка жагын да караштырып көрөюн деп ар жагын кыдырсам китептер такыр эле арзан экен. Силерге калп мага чын, кээ жерде китептин баасы 20 сом экен!.. Айтор, рюкзакты китепке толтуруп кеттим. Азыр ошолорду чекесинен окуп аткандагым.
Орто-Сайдын жайма базарынан эс алуу күндөрү көп эле китеп тапса болот, ошол эле Киев/Совет, Москва/Совет көчөлөрүнүн кесилиши, Төмөнкү Ала-Арчанын кире беришиндеги Мал базардын жанынан... Жайма базар эмес, мен "орус базар" дегенге көнүп алыптырмын. Көп китеп алып жүрдүм, 20-50-100 сом. Акыркы жылдары албай калганымдын себеби, совет бийлигинин уруксаты менен чыккан классикалык чыгармалардан тажагандыгым болду окшойт) Андай базарлардан тапкан эң жаңы китеп 1989-жылы басылып чыкса керек. Заман агымы дейбизби, жылдын бестселлери, же тренди болуп жаткан чыгармаларды "орус базардан" табуу кыйын...