Жашоодо эмнеге мынчалык кайгылуу окуялар болот... Автор дайыма ден-соолукта болунузчу!
Жөн гана жакшы сөз айтчы мага
#83 20 Сентябрь 2015 - 23:34
raia (20 Сентябрь 2015 - 08:43) жазган:
Айгул кызым сен журогуно окунучтордуу топтобо.Озун откон турмушунан сабак ал.Ойлонуп тагдырынды таразага сал.Сага жаманчылык кылгандар турмушунда жакшылык кордубу?Жыргап кеткенин кордунбу?Башым ооруйт дейсин денсоолук сага керек.Ден соолугун сага керек.Сен балдарына керексин.Эч качан каргап сага жаманчылык кылган адамдарга кек сактаба.Таш менен урдубу,аш менен,кылып кызматын менен уруп,тепкилеп сал.Сага аллахым озу берет.Мен коп нерсе айтпайын биринчи уулумду колго алганымда.Балам мен сенин аялынды,менин келинимди эч качан коз жашын агызбайм,ушул созумо ишен деп убадамды балам экобузго ант сыяктуу берип бетинен суйгом.Ойлонуп кор акыбалымдын оор болгонун.Кек сактап,жаман ойлободум,каргабадым деле.Ыйлап,ыйлап озумо келип,ишими кылып кете берет элем.Ушунчалык азап корсом да ии деп апама айтпадым.27 жашынан эрсиз калып бизди бактылуу кылам деген бир эненин журогун орутпадым.Чыдадым,
ийилдим сынбадым,чозулдум ризинадай бирок узулбодум.Акыры башым ооруйт эле ал ооруу толгодон да отор эле.Врачка корундум,коп корундум акыры врач.
-Кызым сен дартынды,журогундогу азабынды кимгедир болуш деди.Кимге болушом,апама айта албайм,тентуштарга айтсан соз кобойот.Менде эже синди жок.
Бала кезимде китеп коп окуйт элем,китеп окуй баштадым.Жолдошумдун жанын койбойм природага чыгып кетебиз,кино зоок,драмдарга барабыз.Жер коруп ,чет республикага саякаттап музейлерге, атагы чыкан жерлерге барып журдук.Чындап баш оорудан арылдым...
Ал эми кайын журтардын азабын жакшылык менен жендим.Чыны таш койгонду аш койдум.Жаманчылыктарына жакшылык менен жооп кылдым.Эч жаман болбодум,балдарым эр жетип,убадамды аткарып,келиндеримди раазы кылышка аракет кылам.неберелеримдин асты бой жетип,кыз жандап небере келиндуу кылган турат.Эн негизи чыдап журуп,жаманчылыкты жакшылык менен жооп берип журуп,балдарымдын ата журту бар.Той кылганыбызда калдайып ата журт болуп турганда суйунуп сурдугуп тобо,ушунчасына шугур деп раазы болуп карап турам...
Бир кездерде ээрчип келген аркалык канчык (бейгубар таза келсем да) ,эненди аркалык деген соз менен жашап турмушумду баштасам.Азыр кел,келегой, торго от.келиниз жене,келиниз чон апа,келиниз таэне (мени жек коргон адамдын неберелери таэне дешет,анткени анын апаларын мен окутуп,турмушка мен узаткам да) деп сыйдын устундо чон атам экообуз коруудобуз. Ошон учун айдын жарымы кара,жарымы ак деп бекер айтпайт да балдарым ...
Жаш кезде берсин мээнетти,карганда берсин доолоттуу дешет го.Жаштыгым менен,жаштык кайратым менен, намысым арым деп журуп женгенимди да байкабай калган экем...

Акылыныздан сиздин, сиздей эне бул жашоодо коп болсо кыздар ыймандуу, келиндер ыйбаалуу болмок. Апакемди аяп, мен да к энем менен к эжем тобому шишитип, мойнуму тытып урганда да айтпаган элем, бирок менден мурун актанып корунгонго айта берген экен. Угуп алып апам- эн бактылуу ушул кызым болот десем, эн жайсыз жерге сен тушуп калдын. Чыда кызым, чыда, жунун жалтырак болот деген.
#84 24 Сентябрь 2015 - 23:47
Биринчи турмуш гул турмуш дейт.ысык оордунду суутуп кетем дебе кеткен келинди эч ким жакшы дебейт бешенеге жазганын корбоско айлабыз жок.бул да болсо тагдырынын жазмышы сабырдын тубу сары алтын дейт сабырдуу бол али жаш экенсин кудайым берээрин унутпасын
#85 18 Ноябрь 2015 - 13:51
Салам баарынарга.
Тагдыр турмуш деген ушунчалык таш боор ырайымсыз экен. Кайсы куноом учун ушунун баарын коруп жатам. Мен ишенген жакшы Адам деп турмушка чыккан адамын мени биротоло сатып кетти. Умутум тилегимдин баарын талкалады. Келет мага кайрылат деп сени кутподум беле умутумду очурбой. Мен ушул кунго чейин билбей укпай жургон чон сыр ачылды. Менин тийген куйоо соройум мурда мага чейин бир куйоодон чыккан бир аял мн жашачу экен (гражданский брак). Анысы озунон алты жаш улуу. Ал келинден эркек баласы бар экен. Жакында эле ошол келинди алып алыптыр. Мурда алам десе алдырбай коюшкан экен уйундогулор.
Эми бир катын кетирип алгандагысы экен. А менчи? Кайсы куноом учун менин бактым тагдырым мн ойношту? Менин убал сообум кимге? Мен ага эмне жамандык кылдым? Ушинтип эле оз билгенин кыла берсе болобу? Акыйкаттык кайда? Менин эртенки кунум эмне болот. Бир эрден чыккан деген статусту алдым. Ыйлай берип жаш деле чыкпай калды? Баары билишчу экен. Кайненем деле билчу экен. Ал эне го мени аларда баласына айтпайт беле убал сообун ойло деп. Мен аларга эмне жамандык кылдым? Таптаза барсам да жакпадым. Оокат жайымды алган эмесмин. Мамам чалып алып кетейин десе кыйкырып окуруптур энеси. Кызындын абирин жапкам деп. Достор туугандар айта берип чарчадым мен таптаза баргам. Куран китепти кармап карган десе макулмун. Мен кудайдын алдында акмын. Ушинтип эле бет тырмалык кыла берсе болобу.
#86 18 Ноябрь 2015 - 14:07
Рая Эже сизден кенеш кутом. Сиз энесиз го ушинтип адамдын тагдыры мн ойной берсе болобу? Жакса жашап жакпаса башкасын алып. Ушундай иш кудайга жагабы? Нике кыйылган убактагы берген убадалар эч нерсеге жарабайт экен да. Ал мага талак да берген эмес. Эми эмне болот? Кийинки жашоом. Тажадым баарынан Жан дуйном жалгыз. Сырымды айтканга Адам жок. Эжелериме айтсам кайра мени урушат озундо куноо жанталашпай эрден козун катып турса да кое турбайт Белен. Эки жагын карап тийбейт Белен деп. Мен баары ушундай болуп калсын деп ойлогон жокмун. Ойлор берип санаа да басып кетти. Томпойгон кыз элем. Кундон кунго арыктап жудогон келинге айландым. Келин деген соз мага такыр жаккан жок.
#88 18 Ноябрь 2015 - 15:59
Жок Москвада элемин. Барып элдешкен да жокмун. Кыргызстанда болуп аткан окуялар тааныштар аркылуу жетет да мага.
#89 18 Ноябрь 2015 - 18:39
Aijan06 (18 Ноябрь 2015 - 14:07) жазган:
Рая Эже сизден кенеш кутом. Сиз энесиз го ушинтип адамдын тагдыры мн ойной берсе болобу? Жакса жашап жакпаса башкасын алып. Ушундай иш кудайга жагабы? Нике кыйылган убактагы берген убадалар эч нерсеге жарабайт экен да. Ал мага талак да берген эмес. Эми эмне болот? Кийинки жашоом. Тажадым баарынан Жан дуйном жалгыз. Сырымды айтканга Адам жок. Эжелериме айтсам кайра мени урушат озундо куноо жанталашпай эрден козун катып турса да кое турбайт Белен. Эки жагын карап тийбейт Белен деп. Мен баары ушундай болуп калсын деп ойлогон жокмун. Ойлор берип санаа да басып кетти. Томпойгон кыз элем. Кундон кунго арыктап жудогон келинге айландым. Келин деген соз мага такыр жаккан жок.
Ушунча жакшы кенештер жазылыптыр.
Ажырашыптырсыз, откон отту, аны артка таштоо керек, жук кылып жонго жуктобой. Сеп бул бир буюм, табылат, нервди левый ушактарга коротуунун кереги деле жок. Элдин козу кор эмес, баарын коруп билип турат, ушакка ишенген адам чанда гана азыркы заманда.
Анан дагы бир нерсе, эркекти антип аео менен аялдар аларга да, биринчи кезекте озуно залака тийгизет экен. Сиз аны аяп, кыялынызда ага ото коп кутуу менен ишеним артып, оз фантазиянызда аны менен жарашып жашап калган менен, ал адам реалда кандай болсо ошол эле бойдон журот. Сизди ал саткан жок, ал негизи ошондой адам, сизди оз кыялыныз сатты. Ошого кыял менен реалды аралаштырбоого уйронунуз, аракеттениниз.
Эми эгиздерге келсек, эгиз болуу бул озу озгочо иш. Кээде алардын бироосу торолгончо эн алгачкы айларда жоголуп кетет, кээде экоонун тамактануусу дейли, планцеталары туура эмес оорчуп экоону которо албагандан, кандайдыр бир гендик мучулуштон улам самопроизвольный выкидыш болот. Тоюс, сиз эгиз эле деп башынызга бекем бекитип алып зар какшай бергениниз туура эмес. Берген Кудай качан кааласа ошондо алат. Коп бул нерсеге байлана беруу сизге келчу болочок наристелердин пайда болуусуна жакшы шарт тузбойт. Мезгили келип, даяр болгонунузду сезгенде бул окунучту кое берууго аракеттениниз.
Ырас, туугандарыныз сизди тушунбойбу, болгон бугунузду, таарынычынызды баракка майда- чуйдосунон бери калтырбай жазып тогунуз да, сон орттоп салыныз. Бул болоктор менен сыр болушкондон алда канча пайдалуу.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#90 18 Ноябрь 2015 - 22:01
Эже бул кундор да отуп кетет,сиз да Бактылуу болосуз! Жараткан колдосун, ыйман берсин, мындан аркы жашоонуз озунуздун колунузда, эн негизиси адамга катуу "Эрк" керек, баары отот кетет, жашоо улана берет, алдыга жакшы умут менен кадам таштасаныз , баары жакшы болот!
#91 18 Ноябрь 2015 - 22:07
Маманыз созсуз себинизди алып кетсин, керек болсо бир да мык калбасын, кайынэнениз жузу жок экен тооба андайларга катуу туруш керек, дуйнодо ажырашкан бир сиз эмессиз, эми куйонузду унутуп, оз келечегиниз учун курошунуз!
Негизи Жараткан чымчыктын да уясын бузбаса экен, окунучтуу бирок бир эле жол коруп турам, жаны жашоо баштаныз ийгилик каалайм!
#92 20 Ноябрь 2015 - 12:45
Айжан,азыркы сиздин жан дуйнонуздун ооруп турганы,сизде болуп жаткан сезимдер кандайдыр бир денгээлде мага тааныш.Кыйналып жатасыз.Унутканга аракет кылуу керек!Жаны жашоо баштаныз!
Эч нерсе болбогондой журунуз.Сиздин эч кандай куноонуз жок бул жерде.Оз абийириниз менен тийгенсиз,алар бет тырмачылык кылып жатат.Себиниз азыраак болсо таштап кое бериниз демекчимин.
Коп болсо,эгер мебелдер бар болсо анда алып алыныз.Мындай кийинки жашоонузда эч кайгырбаныз,
жакшы адамга жолугунуз!