СТУДЕНТТЕРДИН КАТЫШУУСУНДАГЫ ТЕГЕРЕК СТОЛ
Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Учурдагы ислам дининин эл турмушундагы ээлеген орду» аталыштагы жогорку окуу жайлар арасында тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош мамлекеттик юридикалык институтун ректору, УКК, 10-отделдин өкүлдөрү, теология факультетинин мугалимдери жана студенттер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө элге туура эмес агымдарга азырылбоо, студенттерге экстремизм жана терроризмдин алдын алууда түшүндүрүү иштери, ошондой эле ислам бул тынчтыктын,
биримдиктин,
ынтымактын дини деген темада талкуулар болду.
Ош шаарынын казысы диний окуу жайлардын ортосунда талкууланышы жакшы көрүнүш болуп жатканына токтолуу менен студенттер тарабынан берилген ар кандай суроолорго жооп берди.
Акырында бул сыяктуу тегерек столдор башка жогорку окуу жайларда улана турган билдиришти.
ОШ ШААРДЫК КАЗЫЯТЫНЫН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫ
Исламий жаңылыктар...
#241 14 November 2015 - 21:58
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#242 14 November 2015 - 22:00
МЕЧИТТЕРДЕ КООМЧУЛУКТУН МААЛЫМАТТУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТТАР ИЛИНЕТ
Ош облусунун мусулмандар казыяты дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сунушунун негизинде КРнын Коргоо Кеңешинин чечимдерин аткаруунун чегинде Ош облусунун аймагындагы мечитке келген коомчулуктун маалыматтуулугун жогорулатуу жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында райондук хатипчиликтердин жана бардык мечиттердин маалымат тактайчаларына милдеттүү түрдө эң зарыл деп белгиленген маалыматтарды жайгаштыруу боюнча буйрук чыгарды. Буйрукка ылайык ар бир мечитин маалымат тактайчасында төмөнкүлөр милдеттүү түрдө илинүүгө тийиш.
• Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармасынын Даават (үгүт-насаат) бөлүмүнүн иш жүргүзүү боюнча бекитилген жобосу (13.09.2011-ж.).
• Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан экстремисттик жана террористтик багыттагы уюм деп табылып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө мамлекет тарабынан тыюу салынган уюмдардын тизмеси (жалпы 19 уюм);
• Кыргызстан Мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин «Хизб-ут-Тахрир» экстремисстик уюму жөнүндө чыгарылган №9 токтому (15.10.2002-ж).
Облус казысы Самидин кары Атабаевдин айтуусунда аталган маалыматтарда коомчулук арасында түшүнбөгөн суроолорго толук түшүндүрмөлөр камтылып, ата-энелердин балдарын жана жарандардын бири-бирин өз алдынча контролдоого маалыматтуулугу жогорулаарын белгилейт. Мындан сырткары коомчулуктун маалыматтуулугун арттыруу менен ар түрдүү терс көрүнуштөргө азгырылуунун алдын алууга болот. Мындан сырткары Муфтият тарабынан бекитилген даават жүргүзүүнүн жобосу да илинип, жободо көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо талапка ылайык экендиги түшундүрүлөт. Бул иш-аркеттерди тез арада ишке ашыруу боюнча райондун баш имам хатибдерине жана мечит имамдарына тапшырмалар берилди.

#244 17 November 2015 - 02:07
Ассаламу алайкум уа рахматуЛлохи уа барокатух, урматту мусулман бир туугандар!
Кыштын келээрине саналуу гана күндѳр калды. Ал эми биздин эле арабызда кышкы кийим алууга мүмкүнчүлүгү жок бир туугандарыбыз кѳп. Ушуга байланыштуу демилгелүү топ муктаждарга кышкы кийим, тамак-аш, оюнчук, деги эле муктаждарга жардам болчу нерселерди чогултууда.
Аллах Субхана Уа Таъля Куръанда айтат: آَمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَأَنْفِقُوا مِمَّا جَعَلَكُمْ مُسْتَخْلَفِينَ فِيهِ فَالَّذِينَ آَمَنُوا مِنْكُمْ وَأَنْفَقُوا لَهُمْ أَجْرٌ كَبِير (мааниси) (О адамдар!) Аллахка жана Анын Элчисине ыйман келтиргиле жана Аллах халифа-орунбасар кылган нерселерден (Ар бир адамдын байлыгы чынында Аллахтын мүлкү. Аллах ал адамды Ѳз мүлкүнѳ убактылуу орунбасар кылып койгон) Аллахтын жолуна садака кылгыла. Силерден ким ыйман келтирсе жана садака кылса, аларга чоң сыйлыктар бар!»(Аль Хадид 57/7). Жана да Аллах айтат:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا أَنْفِقُوا مِمَّا رَزَقْنَاكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَ يَوْمٌ لا بَيْعٌ فِيهِ وَلا خُلَّةٌ وَلا شَفَاعَةٌ وَالْكَافِرُونَ هُمُ الظَّالِمُونَ
Мааниси: «О ыйман келтиргендер! Башыңарга алды-саттысы, жоро-жолдошчулугу шапаат-ортомчулугу жок Күн (Кыямат) келип кала электе Биз силерге ырыскы кылып берген нерселерден (бир бѳлүгүн Аллахтын жолуна) сарп кылгыла! Жана каапырлар – ошолор гана заалым кишилер!» (Бакъара 2:254)
Пайгамбарыбыз хадисинде айткан: Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз СалаЛЛаху алейхи уа салам айтты: «Аллах айтат: «эй Адам баласы,садака кыл, ошондо мен сенин ырыскынды кѳбѳйтѳм». Аль-Бухари, 5073; Муслим, 993.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз СалаЛЛаху алейхи уа салам айтты: «Ар күнү асмандан эки периште түшѳт. Алардын бири: О Роббим, садака кылган пендендин мүлкүн толуктап бер» деп айтат. Ал эми экинчиси «О Роббим! Сараң болгонду жок кыл» деп айтат. Аль-Бухари, 1374; Муслим, 1010.
ан-Ну’мана бин Башираден, Аллах ал экѳѳнѳн ыраазы болсун, Пайгамбарыбыз СалаЛЛаху алейхи уа салам айтты: Мусулмандар бири-бирине болгон сүйүүдѳ, мээримдүүлүктѳ жана боорукердикте бир дене сыяктуу: дененин бир бѳлүгүн оору басканда дененин калган бѳлүгү да оору жана ысытмадан сыздайт. (Аль-Бухари; Муслим). Бир туугандарыбыз муктаж болуп жатканда карап отурбайлы, урматтуу мусулман бир туугандар!
БисмиЛлях
Кийим-кечектерди чогултуу ноябрь айынын 16-нан 20-на чейин болот. Чогултулган садака жамааттагы муктаж эже-карындаштарыбызга, жетимдерге, балдар жана карылар үйлѳрүнѳ таратылат. Иш-чаранын аякташы менен сүрѳттѳр тиркелген отчет берилет. Садака кылчу нерселерди Аламүдүн 1 кичирайонуна саат 10-00 дон 18-00го чейин Хадижа ухтиге, Чыгыш-5 кичи районуна Умм Фатимага байланышып алып келсениздер болот. Кимде убактысы же мүмкүнчүлүгү болбосо алдын ала кабарлашсаңыздар ѳзүбүз алып кетебиз. Баардык суроолор боюнча тѳмѳнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
Хадижа Акинова 0770-34-70-36 же 0707-77-27-91
Умм Фатима 0554-74-06-21.

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#245 19 November 2015 - 17:03
БАТКЕНДЕ “ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРОРИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮДӨ ИМАМДАРДЫН КУТБА ЧЕБЕРЧИЛИГИН ӨНҮКТҮРҮҮ” СЕМИНАРЫ БОЛУП ӨТТҮ.
Баткен шаарында жайгашкан “Ак-Сарай” мейманканасында жума намазы окулган мечит имамдарына “Экстремизм жана тероризмге каршы күрөшүүдө имамдардын кутба чеберчилигин өнүктүрүү” семинары болуп өттү. Маалыматка ылайык окуу семинарына 23 имам катышты. Катышуучуларга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Равшан ажы Эратов “Ынтымактуу коом түзүү”, “Тынчтыкты курууда диний лидерлердин ролу”, “Экстремизм жана тероризмге каршы күрөшүүдө кутба чеберчилигин өнүктүрүү” темаларында лекция окулду. Окуу семинарында имамдар билимдүү, акылдуу, даанышман,такыба, сабырдуу,оор басырыктуу, үлгүлүү, айтканына өзү амал кылган, кереметтүү куран жана хадистин чегинде сүйлөгөн адам болушу керек экендиги айтылды. Дин кызматкерлери семинардын соңунда өздөрүнүн сунуш,пикирлерин айтып ушул сыяктуу иш аракеттердин бат, бат уюштуруп турууну белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын айтышты.
Эскерте кетсек окуу семинары Муфтият жана Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн өнөктөштүгү менен уюштурулаган.
Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

#246 19 November 2015 - 17:05
БАТКЕНДЕ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН ТУУРА ЖОЛГО ЧАКЫРГАН МАЕКТЕШҮҮ ЖЫЙЫНЫ БОЛУП ӨТТҮ
Баткен облустук мусулмандар казыяты, Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектеби менен биргеликте 17-ноябрь күнү аталган мектептин жыйындар залында 9-10-11-класстын окуучуларына маектешүү жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат катчысы Авлиёев Фуркат кабарлады. Жыйынга Баткен облустук мусулмандар казысынын орун басары Каразак ажы Кожояров жана мектеп директору Мавлюда Маккамбаева ошондой эле мугалимдер катышты.
Жыйындын максаты окуучуларга туура эмес диний агымдар тууралуу түшүнүктөрдү жеткирүү менен алардан алыс болууга чакыруу жана ата-бабаларыбыз тутунуп сактап келген туура салттуу дин баалуулуктарын жайылтуу дейт уюштуруучулар. Ислам дининде билим алууга чоң маани берген жана ар бир аял, эркекке милдет кылынган. Ал эми бүгүнкү күндө билим жана интеллектуалдык жактан жаштарыбыздын деңгээлин көтөрүүбүз зарыл экендиги бул жыйында басса белгиленди. Жыйындын жүрүшүндө мектеп окуучулары адеп ахлакка, исламга, бүгүнкү күндө көйгөйлүү диний маселелерге байланышкан суроолоруна жооп алышты.
Белгилей кетсек бул багытта жыйын Баткен шаарынын Кызыл-Жол орто мектебинде 18-ноябрь күнү болуп өттү. Ал эми бул максатта жыйындар башка орто мектептерде улантылат дейт уюштуруучулар.
Маалымат: Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

#247 19 November 2015 - 17:07
ОШ ОБЛУСТУК МУСУЛМАНДАР КАЗЫЯТЫНЫН “ИСЛАМ ӨНҮКТҮРҮҮ КОМПЛЕКСИНИН” АЙЛАНАСЫНА КУРУЛУУЧУ АРХИТЕКТУРАЛЫК ПЛАНДАР ТАЛКУУЛАНДЫ
Бүгүн, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Астан Жолдошев менен биргеликте Шарк айыл өкмөтүндө курулуп жаткан Казыяттын Ислам өнүктүрүү комплексинин курулушунун жүрүшү менен жеринде таанышып, курулуштун ырааттуу жүрүшү жана комплекстин айланасына курулуучу иш-аракеттердин архитектуралык планын талкуулашты.
Учурда казыяттын Ислам өнүктүрүү комплексинин 1-кабатынын дубалы толук тургузулуп бүттү. Алдыда 2-3-кабаттарын куруу иш-аракеттери башталууда. Курулуш менен таанышуу учурунда айыл өкмөт башчысы комплекстин айланасын көрктөндүрүүнү калыбына келтирүү, канализация маселелерин чечүү боюнча ой бөлүштү. Мындан сырткары тараптар комплекстин жанындагы мечитти заман талабына ылайык жаңылап, облустун борбордук мечитине айландыруу ойлорун билдиришти.
Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

#248 19 November 2015 - 17:15
2010-ЖЫЛЫ БАШТАЛГАН КЕРЕМЕТТҮҮ КУРАНИ КАРИМДИН ТАФСИР САБАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Бүгүн, Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу “Мирзалим” мечитинде 2010-жылы башталган кереметтүү Курани Каримдин тафсир сабагы аягына чыгып, жыйынтыктоо аземи болуп өттү. Аземге таң эрте багымдат намазына чогулган жергиликтүү жамаат, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош облус губернаторунун дин иштери боюнча кеңешчиси Токтосун ажы Жапаров, Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Астан Жолдошев жана айыл өкмөттөгү мечит имамдары катышышты.
Жыйынтыктоо аземде сабактын акыркы калган бөлүгүн Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев өтүп, Курани Каримдин “Нас” сүрөөсүн тафсирлеп жамаатка кеңири түшүндүрүп берди. Андан соң аталган демилгени көтөрүп, ишке ашырып келген мечиттин имам-хатиби Усманов Мусажан карыга ыраазычылыктар айтылып, ийгилик каалашты.
Эскерте кетсек, аталган мечиттин жамаатына 2010-жылдан тартып Курани Каримдин аяттарын тафсирлеп, багымдат намазынан кийин 15 минуттук сабактар өтүлүп келген.

#249 19 November 2015 - 17:17
ТОКМОК ШААРЫНДА ИМАМДАР ЧОГУЛУШУ БОЛУП ӨТТҮ.
Чүй облусунун Токмок шаарынын баш имам хатиби Касымов Муржан жана 10-бөлүмдүн жетекчиси Эмил Жээнбеков катышуусунда чогулуш болуп өттү. Чогулуштун жүрүшүндө мечиттердин документерин тактоо жана Ясин, Абу-Бакир Садык, Тарифул Рашид мечиттеринин документерин бүтүрүп каттоодон өткөрүү, мечиттин тазалыгын, тартибин көзөмөлдөө, жума баян, бешим баяндарында жана мечитке келген жамааттарга экстремизм жана терроризмдин зыяндулугу тууралуу түшүндүрүү иштери туурасында маселелер талкууланды.
Эмил Жээнбеков өз сөзүндө 400дөн ашык Кыргызстандын жарындары Сирияга кеткенин, анын 22% аялдар экенин айтып, Сириядагы болуп жаткан окуялар турасында маалымат берди жана жыйындын катышуучуларынын суроолоруна жооп берди. Андан соң видео ролик көрсөтүлдү.
Жыйындын соңунда студентерге жана окуучуларга экстремизм жана терроризмдин зыяндулугу тууралуу түшүндүрүү ишин жүргүзүү, мечитке келген адамдарды көзөмөлгө алуу, даваатка келген кишилерди каттоо сыяктуу бир катар тапшырмалар берилди.

#250 19 November 2015 - 17:19
ЧҮЙ ОБЛУСУНДА АК БЕШИМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНӨ ЖАҢЫ МЕЧИТ ИШКЕ КИРДИ
Чүй облусунун казасы Танабаев Нурлан ажы Чүй районунда Ак-Бешим айыл өкмөтүнө караштуу Болшевик айылында жаны мечит ачылыш аземине катышты. “Ас-салам” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен Шейх Мухаммад Рошид Ваълаандын атынан иниси Шейх Жамил Ваълан салып берди. Чүй облусунун казысы Танабаев Нурлан ажы мечиттин имамын дайындоо менен мамлекеттик органдары менен биргеликте иштөөгө чакырды.
Чүй облусунун казасы Танабаев Нурлан ажы Чүй районунда Ак-Бешим айыл өкмөтүнө караштуу Болшевик айылында жаны мечит ачылыш аземине катышты. “Ас-салам” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен Шейх Мухаммад Рошид Ваълаандын атынан иниси Шейх Жамил Ваълан салып берди. Чүй облусунун казысы Танабаев Нурлан ажы мечиттин имамын дайындоо менен мамлекеттик органдары менен биргеликте иштөөгө чакырды.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#251 19 November 2015 - 17:20
ОШ ШААРДЫК КАЗЫЯТЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КУЛАТОВ КИЧИ ШААРЧАСЫНДА ЖАЙГАШКАН «ААЛИ АЛЬ БАЙТ» МЕЧИТИН ЗИЯРАТ КЫЛДЫ.
Зыярат учурунда Ош шаарынын казысынын орун басары Анасхон Ташхужаев мечиттин тазылыгы, жамааттын ынтымагы, илимдүүлөргө сый урмат, улууга урмат-кичүүгө ызат көрсөтүү боюнча маселе айтып, жамаатты ынтымакта, биримдикте ибадат кылуу нематын Жараткандан тилеп өттү.
Акырында кадрлык өзгөрүүлөр боюнча чыккан буйруктар менен жамаатка тааныштырылды. Буйрука ылайык «Аали Аль Байт» мечитинин имам хатиби Таштемиров Акыл мечитте такай кызмат кылууга шарты туура келбей калгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулуп, ошол эле учурда наиб имам болуп дайындалды. Ал эми анын ордуна Турганбаев Нурбек «Аали Аль Байт» мечитинин имам хатиби болуп дайындалды.
ОШ ШААРДЫК КАЗЫЯТЫНЫН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫ
Зыярат учурунда Ош шаарынын казысынын орун басары Анасхон Ташхужаев мечиттин тазылыгы, жамааттын ынтымагы, илимдүүлөргө сый урмат, улууга урмат-кичүүгө ызат көрсөтүү боюнча маселе айтып, жамаатты ынтымакта, биримдикте ибадат кылуу нематын Жараткандан тилеп өттү.
Акырында кадрлык өзгөрүүлөр боюнча чыккан буйруктар менен жамаатка тааныштырылды. Буйрука ылайык «Аали Аль Байт» мечитинин имам хатиби Таштемиров Акыл мечитте такай кызмат кылууга шарты туура келбей калгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулуп, ошол эле учурда наиб имам болуп дайындалды. Ал эми анын ордуна Турганбаев Нурбек «Аали Аль Байт» мечитинин имам хатиби болуп дайындалды.
ОШ ШААРДЫК КАЗЫЯТЫНЫН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫ
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#252 19 November 2015 - 17:21
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНДЕ КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН АЗИРЕТИ МУФТИЙИНИН КАТЫШУУСУНДА ТЕГЕРЕК СТОЛ БОЛУП ӨТТҮ
Бүгүн 18-ноябрь күнү Бишкек шаарында Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин жыйындар залында министр Боронов Кубатбек Айылчиевич жана Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевтин катышуусунда тегерек стол болуп өттү.
Бул тегерек столго Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин кызматкерлери жана КМДБнын Бишкек,Чүй казыяттарынын адистери менен бирге Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Ош,Талас, Жалал-Абад,Ысык- Көл,Нарын обуластарынындагы өкүлчүлүктөрү катышышты.
Тегерек столдо Кырсыктардын тобокелчиликтерин азайтуу жөнүндө калктын малыматтулугун диний кызматкерлер аркылуу жогорулатууда жергиликтүү имамдарыбыздын салымы чоң экенин министр Боронов Кубатбек Айылчиевич баса белгиледи. Андан тышкары “Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги, Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы менен тыгыз иш алып барып көптөгөн чоң жетишкендиктерге жеттик” – деди Боронов Кубатбек.
Жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Кырсыктардын тобокелчиликтерин азайтуу жөнүндө калктын малыматтулугун жогорулатуу үчүн имамдардын окутуу курсуна өзгөчө кырдалдар боюнча сабактарды киргизүүнү сунуштады.
“Тегерек стол абдан жемиштүү өтүп, соңунда эки тарап мындан ары дагы чоогу тыгыз иш алып бараарын билдиришти” – дейт Бишкек шаардык казыятынын пресс кызматы.

#253 19 November 2015 - 17:23
ДИЯСПОРА ӨКҮЛДӨРҮ АРАСЫНДА "УЛУТТАР АРАЛЫК ЫНТЫМАК" АТТУУ СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ
Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында диний лидерлердин уюштуруусу менен "Улуттар аралык ынтымак" аттуу семинар болуп өттү. Семинарга Орус, Курт, Озбек, Казак, Турк дияспораларынын өкүлдөрү жана УКК, ИИБ, айыл өкүмөтүнүн катышуусунда болду. Жыйында докладдар окулукп, ислам эч качан улут улутка бөлүнбөөгө чакырат деп аят хадистерден далил келтирип элди ынтымакка, биримдикке чакырды. Дияспора өкүлдү бизде улуттар аралык араздашууда орчундуу көйгөй жок экенин айтып, алдын алууда бул жакшы иш чара экенин белгилеп өтүштү. Курт дияспора башчысы эгер кайсы бир улуттун өкүлү чыр чыгарса же кылмыш кылса анын жеке өзүн закон ченеминде жоопко тартуу керектигин бир адам учун көпчүлүк залал чекпесе деген оюн айтып өттү. Ар тараптуу сунуштар айтылып орчундуу ишке ашырууга боло турган сунуштарды тандап, анын үстүндө иш алып барууга токтом кылышты. Ар бир улут өз ара ушундай жыйындарды байма бай өткөрүп туруу жана мектеп окуучулары менен ынтымак тууралуу жолугушууларды өткөрүү сыяктуу сунуштар киргизилди.

#254 19 November 2015 - 17:24
МЕДЕРЕСЕЛЕРДИН АРАСЫНДА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
Талас областына иш сапары менен Жалал-Абад областынын медресе мүдүрлөрү «Аз-Захра» медресесинин окуу бөлүмүнүн башчысы Рустамбек уулу Н, Хаджибеков Абдиназар методисти жана имам «Ат-Тирмизий» медресесинин мүдүрү Валиханов Аъзамжан, окуу бөлүмүнүн башчысы Кочконбаев Азат жана мугалимдери келишти. Алгач Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата медресесинин жааматы менен жолугушуп, медресенин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Кийинки иш сапары Талас шаарындагы «Али ибн Аби Толиб» ислам медресесинде уланды. «Али ибн Аби Толиб» ислам медресесинин мүдүрү Сагынбаев Медер ажы медресенин мугалимдери менен келген конокторду тааныштырып. быйылкы жылы биздин медресебиз жогорку медресенин " Институт" макамын алгандыгын жана программасы менен тааныштырып өттү. Андан тышкары келген коноктор сабактардын жүрүшү менен да жакындан таанышышты. Абдусамат уулу Өмүрзак ажы Халима Иная медресесинин мүдүрү жалпы коллективи менен тааныштырып сабактын жүрүшүнө көз салышты. Долбоордун максаты медреселер арасында тажрыйба алмашуу жакындан таанышуу экенин долбоорду демилгелеген Мутакаллимдин төрайымы Жамал Фронтбек кызы айтып өттү. Ушундай эле жолугушуу менен бул жуманын аягында Талас облусунун медресе мүдүрлөрү иш сапары менен Ош, Жалал-Абад облустарына барышат.

#255 19 November 2015 - 17:25
КАРА-СУУ РАЙОНУНДА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ ЧЫГЫШТЫ
Бүгүн, 17-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда мектеп окуучулары экстремизм жана терроризмге каршы жөө жүрүшкө чыгышты. Аталган жөө жүрүшкө Кара-Суу районунун акиминин орун басары болуп Мехринса Жороева, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Сүйүн ажы Калыков, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Канатбек Абдыраимов, райондук укук коргоо органдарынын жетекчилери жана 9 мектептен миңден ашык окуучу катышышты. Жүруштүн башталышында Кара-Суу районунун баш имам хатиби Сүйүн ажы Калыков “Сирия маселесинин алдын алуу жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча” маселе жасап, жалпы жаштарды мекенди сүйүүгө чакырды. Андан соң, окуучулар Кара-Суу шаарындагы көчөлөрдү кыдырып, элди терроризмге каршы үндөгөн лозунгдарды көтөрүп, тургундарды ынтымак жана биримдикке чакырган ураандарды хор айтышты. Иш-чара райондук билим берүү бөлүмү жана РИИБ тарабынан демилгеленип, уюштурулду.
Райондун баш имам хатиби Сүйүн ажы Калыковдун билдирүүсүндө аталган жүрүштөр алдыда Кара-Суу районунун Шарк, Кашкар-Кыштак, Нариман жана Кызыл –Кыштак айыл өкмөттөрүндө да өткөрүлмөкчү.
Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

#256 19 November 2015 - 17:26
“КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛЧИЛИКТЕРИН АЗАЙТУУ ЖӨНҮНДӨ КАЛКТЫН МААЛЫМАТТУУЛУГУН ИСЛАМ АРКЫЛУУ ЖОГОРУЛАТУУ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ
Бүгүн, Өзгөчө кырдаалдар министрилиги тарабынан “Кыргыз Республикасынын аймактарындагы кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо” аталышындагы онлайн конференциянын алкагында “Кырсыктардын тобокелчиликтерин азайтуу жөнүндө калктын маалыматтуулугун Ислам аркылуу жогорулатуу” аталышындагы жыйын өтүүдө. Жыйын онлайн түрундө болуп, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустары түз байланышта жыйынга катышууда. Жыйынга Бишкек шаарында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Ош шаарындагы ӨКМдин кеңсесинен Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек Орунбаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин аймактык жетекчилери менен дин өкүлдөрү катышууда.
Жыйындын башында ӨКМ тарабынан “Өзгөчө кырдаалдарды байкоо жана анын кесепеттерин жоюу” иш-чаралары боюнча презентация жасалды. Мындан сырткары Муфтият менен биргеликте өткөрүлүп жаткан имамдарды окутуу боюнча жалпы маалыматтар берилди. Андан соң кырсыктардын алдын алуу, кырсыктардан сактануу жана алардын кесепеттерин жоюуда калкка түшүндүрүү иштерин ӨКМдин адистери менен дин кызматкерлери биргеликте жүргүзүүсү тууралуу талкуулар уланды.

#257 19 November 2015 - 17:30
ЖАЛАЛ-АБАДДА ДИНИЙ ЧӨЙРӨДӨГҮ МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТТЫН КОНЦЕПЦИЯСЫ БОЮНЧА ОТЧЕТ БЕРҮҮ ЖОЛДОРУ ҮЙРӨТҮЛДҮ
КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмү тарабынан Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясында "2015-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер, планын аткаруу жана тийиштүү отчеттуулукту берүү" аталышындагы жыйын өттү. Жыйынга КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлү Камбаров Абдыллабек Рахманович, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Мурзабеков Исакбай Камалович, Жалал-Абад облусунун казысы Закиров Абдулазиз каары жана райондордун акимдери менен биргеликте укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылар, мечит имамдары жана мектеп директорлору катышышты.
Жыйында облус казысы Закиров Абдулазиз каары элге ханафий мазхабды бекем карманып, келечек жаш муундарга жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз экендигин баса белгиледи. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Мурзабеков Исакбай Камалович: Дин тутуу эркиндиги жана мамлекеттин диний чөйрөдөгү саясатынын Концепциясын ишке тууралуу кенен түшүндүрмө берип, катышуучулардын суроолоруна кенен түшүнүдүрмө берип өттү.
Ошондой эле Сирияга азгырылган жаштарга бөгөт коюуу, чет өлкөдөн диний билим алган жарандар, мектептеги жоолук маселеси, жума күндөрүндөгү жумуш убактысы, жарандардын никеге туруудагы мамлекеттик каттоого туруусу, мечиттердин каттоосуз салынуусу тууралуу бир топ курч маселелер талкууга алынды. Жыйында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адиси Эсенов Бөрүмухаммед тарабынан мечит имамдары менен айыл өкмөт башчыларына Диний концепциянын алкагында түзүлгөн иш пландын отчетун даярдоонун жол жоболору үйрөтүлүп, ар бир квартал сайын отчет тапшыруу милдеттендирилди.

#258 19 November 2015 - 19:01
МЕКТЕП ОУУЧУЛАРЫНА АЧЫК САБАК ӨТКӨРҮЛДҮ
Ош шаарынын Амир Темир кичи шаарчасында «Федченко» атындагы №1 орто мектебинде «Тамак аш тирүүлүктүн негизи» аттуу ачык сабак болуп өттү. Бул ачык сабака Амир Темир кичи шаарчысынын имамдары, аталган орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары катышты.
Ачык сабактын жүрүшүндө учурдагы тамак аш коопсуздугу бүткүл дүйнөдө талкууланып жаткан маселелерден бири экендиги айтылып, эки тараптуу кызуу талкуу болду. Баса белгилеп кетүүчү жагдай ГМО продукциясынын пайдасынан зыяны көп болуп жаткандыгы атайын адистер тарабынан айтылды. Интернеттеги ар кандай таралып жаткан ГМО боюнча видеолор унчыкпай олтура берүү маселе эмес. Ошондуктан ар тараптуу иш алып баруу зарыл деген жыйынтыка келишти.

#259 19 November 2015 - 19:03
БАЛЫКЧЫ ШААРЫНДА КУРАН ЖАРЫШ ӨТКӨРҮЛДҮ
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Куран жарыш өткөрүлүп, жарышка жалпы 31 адам катышып, жаш өзгөчөлүгү чектелбеген. Аталган иш чаранын демөөрчүсү Балыкчы шаарынын тургуну болуп аталган иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Комиссия мүчөлөрү Муса кары, Таштан кары жана Талант карылар болду. Иш чаранын ачылышында облус Казысы Сагындыков Алмазбек ажы уюштуруучуларга, катышуучуларга терең ыраазычылык билдирүү менен ушундай иш чаралар көп-көп уюштурулуп, Ыйык-Куръани Каримди жаттап улам кийинки муундарга өткөрүүчүлөр көп болушуна тилектеш экендигин билдирип өттү.
Аталган иш чаранын журушу негизинен 1 пара, 10 пара, 30 пара жана көркөм окуу багыты боюнча болуп, эң жаш катышуучу 4 жашар Таалайбек кызы Солиха 1 пара боюнча 1-орунга ээ болду. Ал эми 10 пара боюнча Кежебаев Сардар 1-орунга ээ болсо көркөм окуу боюнча Кудайбердиев Иброхимге ыйгарылды.
Мындан сырткары калган орундар боюнча дагы ар кандай кызыктыруучу байгелер жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Аллахым акыретте мындан дагы ажырым соопторун насип кылуусун жалпы катышуучуларга каалоо менен дуба кылып, аталган иш чара аяктады.
Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын маалымат бөлүмү

#260 23 November 2015 - 11:58
Ассаламу алайкум ва рахматуллахи ва баракатуху!
Урматтуу бир туугандар.
Бүгүн биз чогулткан сиздердин аманатыңыздарды жеткирдик. Кыска убакыттын ичинде Кудайга шүгүр жакшы эле топтолду жана Москвадан, Казакстандан да бир туугандар акча салышты, ага азык-түлүк алып, аны менен кошо кийимдер муктаждарга берилди! Ин шаа Аллах, бул ишибизди токтотпойбуз, дагы да улантабыз! Убада кылынгандай, 16-сынан бери чогулткан азык-түлүктөрдүн, кийим-кечелердин чакан сүрөттөрү чиркелген отчету!
Ин шаа Аллах дагы да биз менен бирге болуңуздар, жана кенең маалымат алыңыздар! Байланыш номерлерибиз:
0770-34-70-36 Хадижа Акинова!
0554-74-06-21 Умм Фатима!
Аллахым сиздердин кылган жакшылык иштериңиздердин сыйлыгын эселеп берсин, Амиийн!

Супер-Инфо
super.kg
видео