Женишбек,сизге жаратканым кайрат берсин,келинчегинизге бейишинен орун берсин,кыздарыныздын омурун берсин.Сиздин журогунуз аябай сезимтал,назик экен,жазгандарынызды окуп алып ыйладым,анча мынча эркек аялы отсо мынчалык кайгырбайт,
демек аялыныз сизге жакшы жар болгон экен.Тируу кезинде баркына жетпейт экенбизда.Кыздарыныз канча жашта?Аларга кобуроок конул буруп,суйлошунуз,
себеби эч ким ата-эне ордун баса албайт,кыздар чунчуп кетпесин,сырттан карасаныз кийими бутун,курсагы ток эле журот,а бирок ичинен куса болуп кыйналып журушот байкуштар,озунуз менен кобуроок алып жургонго аракет кылын,дагы сизге сабыр тилеп калам....
Азап
#102 20 Ноябрь 2015 - 22:16
Сабыр берсин сизге жараткан,кыздарыныздын сыйын коруп,тайата болунуз.
Окуган сайын ыйлай берем((
Окуган сайын ыйлай берем((
#103 21 Ноябрь 2015 - 12:17
Сизге да жарык кундор келсин! Ыйлата турган окуя экен, жайы жанната болсун, сизге сабыр берсин. Жакын адамды жоготуш кыйын экен, журок эзиле берет
#104 21 Ноябрь 2015 - 13:00
Женишбек кудайым жакшы коргон пендесин сынайт экен. Аялындын жайы жаннатта болсун. Пендесинин колунан эч нерсе келбейт экен. Олгондун артынан кошулуп оло албайт экенбиз.Кудайым сага сабыр берсин. Андан коро аялындын арбагына багыштап куран окуп тур. Бизден алар куран умут кылышат экен.
#105 21 Ноябрь 2015 - 13:25
Сабыр кылыңыз.Бул да болсо АЛЛАХТЫН сыноосу.Кыздарыңыз бар экен,ошолодун өмүрүн тилеңиз.Убакыт даарылайт.Аты жаман арака азгырылбаңыз.
#106 27 Декабрь 2015 - 07:02
Унутулбай сени менен өткөн күндөр
Өмүрүм жай алалбай жашап өтөөр
Жүрөктүн тилингени бүтөлбөстөн
Карааныңды издеп жүрүп анан өчөөр.
Өмүрүм жай алалбай жашап өтөөр
Жүрөктүн тилингени бүтөлбөстөн
Карааныңды издеп жүрүп анан өчөөр.
#107 08 Март 2016 - 08:02
Билем жаным мени чындап сүйгөн элең
Көңүлүмө кир жугузбай күйгөн элең
Бийиктигиң билбептирмин кечир жаным
Биротоло кетти бактым сени менен
Сүйгөм жаным мен да сени сүйгөмүн
Аз өмүрлүү менин асыл түгөйүм
Алмаштыргыс экениңди билбепмин
Айтчы жаным эми кантип күлөйүн
Болоор бекен бул армандын акыры
Күйөөр бекен шул күйүттүн чатыры
Күндөр өтүп, айлар өтүп кетсе да
Күчөдү го кусалыктын жаш-ыйы
Билесиңби бул дүйнөнүн жарыгын
Сезесиңби тирүүлөрдүн кайгысын
Апакелеп издеп калса наристең
Сооротууга таппай калам айласын
Ошондо ай-ааламды кезгим келет
Азабы көп бул өмүрдөн кетким келет
Кызуулука алдырып жазган болом
Кечир аллаа мен жанына кетким келет
Жашообузга жакшылык берип кеттиң
Мээримиңди аябай төгүп кеттиң
Ырыңдын аягына чыга албай
Өткүн сымал бир тийип өтүп кеттиң
Унутулбай сени менен өткөн күндөр
Өмүрүм жай алалбай жашап өтөөр
Жүрөктүн тилингени бүтөлбөстөн
Карааныңды издеп жүрүп анан өчөөр
Күнү келет мен да барам жаныңа
Жалгыз койбойм, кошуламын сабыңа
Арманы жок түбөлүктүү жашоодо
Сени менен бирге болом дайыма
Кысылып жан дүйнөмө батпай келем
Кымбатым сени дале издей берем
Жетелеп ажал сени калган экен
Оо дүйнө толоор бекен сени менен
Коштошуу экөөбүзгө буюрбады
Караңгы түн мен үчүн суюлбады
Жолуң болбой кырсыка кабылыпсың
Какшатып сени менден алып салды
Колуң кармап коштошуп калалбадым
Кечир жаным ошол мүнөт бара албадым
Күткөндүрсүң көзүң жумуп бара жатып
Толгондур көөдөнүңдө миң арманың
Көңүлүмө кир жугузбай күйгөн элең
Бийиктигиң билбептирмин кечир жаным
Биротоло кетти бактым сени менен
Сүйгөм жаным мен да сени сүйгөмүн
Аз өмүрлүү менин асыл түгөйүм
Алмаштыргыс экениңди билбепмин
Айтчы жаным эми кантип күлөйүн
Болоор бекен бул армандын акыры
Күйөөр бекен шул күйүттүн чатыры
Күндөр өтүп, айлар өтүп кетсе да
Күчөдү го кусалыктын жаш-ыйы
Билесиңби бул дүйнөнүн жарыгын
Сезесиңби тирүүлөрдүн кайгысын
Апакелеп издеп калса наристең
Сооротууга таппай калам айласын
Ошондо ай-ааламды кезгим келет
Азабы көп бул өмүрдөн кетким келет
Кызуулука алдырып жазган болом
Кечир аллаа мен жанына кетким келет
Жашообузга жакшылык берип кеттиң
Мээримиңди аябай төгүп кеттиң
Ырыңдын аягына чыга албай
Өткүн сымал бир тийип өтүп кеттиң
Унутулбай сени менен өткөн күндөр
Өмүрүм жай алалбай жашап өтөөр
Жүрөктүн тилингени бүтөлбөстөн
Карааныңды издеп жүрүп анан өчөөр
Күнү келет мен да барам жаныңа
Жалгыз койбойм, кошуламын сабыңа
Арманы жок түбөлүктүү жашоодо
Сени менен бирге болом дайыма
Кысылып жан дүйнөмө батпай келем
Кымбатым сени дале издей берем
Жетелеп ажал сени калган экен
Оо дүйнө толоор бекен сени менен
Коштошуу экөөбүзгө буюрбады
Караңгы түн мен үчүн суюлбады
Жолуң болбой кырсыка кабылыпсың
Какшатып сени менден алып салды
Колуң кармап коштошуп калалбадым
Кечир жаным ошол мүнөт бара албадым
Күткөндүрсүң көзүң жумуп бара жатып
Толгондур көөдөнүңдө миң арманың
#108 08 Март 2016 - 09:21
Кайгырбаныз,
кайрат кылыныз эми. Озунуздун тагдырынызга кош конул мамиле жасабаныз кыздарыныз учун.
Адам сырткы дуйнону озгортуудон мурун озун озгортууго тийиш.
#109 08 Март 2016 - 15:56
Женишбек коп аялынызды ойлой бербен, кыздарынызды кобуроок ойлон, аялыныздын жайы жанаттан болсун, чыныгы дуйнодо бейишинен берсин, энесиз уйдун ичи жарык, энесиз уйго кирсен конул толбойт, башкалар канча мээримин тогуп турса дагы, оз энендин мээриминдей мээрим болбойт дегендей, кыздарынызга эненин мээрими кобуроок керек, ата тышкы кийим, эне ички кийим дегендей сиз коп убактынызды кыздарынызга коротун, кыздарыныздын омуру узун, ден соолуктары чын болсун, ыймандуу кыздардан болсун, кыздарыныз чонойсо сизди багат. Сиз сабырлуу болун. Бул да болсо аллахымдын сыноосу. Башыбызга келген сыноону айла жок которуп жене билишибиз керек, аялыныз эч эсинизден кетпейт. Ошондой болсо да азыраак ойлон. 5 убак намаз окуп аялыныз учун. аялынызга чыныгы дуйносуно кичине болсо да жардам кылыныз, кайгынын артында кубаныч да бар ал кундорду да сизге насип кылсын бактылуу болун.
#110 08 Март 2016 - 18:08
Женишбек ырларын журокту эзип ыйлатат го ...... Сабыр, сабыр, сабыр башка соз жазганга дарманым келбеди. Бейишин берсин Алаххым озуно жаккан пендесин алат дейт.
#111 10 Март 2016 - 08:13
Маашаллах сизге Женишбек.сиздей эркектер бул дуйнодо дагы деле бар экен.аялынын кадырына жеткен.азыркы замандын эркектери аялы бар туруп ойнош ойногон.чалдарда байбичелери отсо кыркына жетпей аял издешет.Суйгон жарыныздын жаткан жери жаннаттан болсун.кыздарыныз сизге медер болуп.омурлору узун болушсун.жанагы жинди сууну ичкендин ордуна намаз окуп.дуа кылын.аялынызга дуаларыныз гана жардам берет.
#112 24 Май 2016 - 07:48
Медина кандайсың жаным? Жүрөгүмөн кетпес болуп орун алган турбайсыңбы.
Мен сени бир күн да унута албай койдум. Кыйналдым, сагындым, көргүм келди. Бирок болбойт. Мен сени бүгүн да түшүмдө көрдүм. Экөөбүз бир тойдо жүрүптүрбүз.
Сен аябай сонун кийинип, сулуу болуп калыпсың. Көзүм албай тиктеп турдум. Жүрөгүм жарылчудай согуп жатты. Эмне үчүн экенин түшүнбөй жаттым. Бир убакта мага жакын басып келип, шолоктоп ыйлап жибердиң. Мен да өзүмдү кармана албай ыйладым. Тегерегибиздеги адамдар көрбөсүн деп жашынып алыптырбыз.
Ошол күн сен экөөбүздүн акыркы күнүбүз экен. Анткени сага врачтар ошол күнү жүрөгүң токтоорун айтышкан эле. Билесиңби жаным мен сени өзүмүн жаныман артык жакшы көрөм. Сенден башка бул дүйнөдө сенин ордуңду басаар аял жок.
#114 24 Май 2016 - 13:11
Ухххх коздорумо жаштар келип, тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болдум. Сизден да, апасынан айрылган наристелерди элестеткенде муунум бошошуп кетти. Тугойлорду бири биринен, эне баланы ажыратпасынчы шум ажал. Айтканга оной болгону менен, кайраттуу болунуз Женишбек мырза. Алдыда жакшы кундорунуз бар экенин унутпаныз. Кыздарынызга мээрим тогунуз, атасы да, энеси да жалгыз сизсиз!!
!
#115 24 Май 2016 - 22:06
Окуган сайын ыйлайм сабырдуу болунуз,кыздарыныздын омуру узун болсун!
#116 24 Май 2016 - 23:25
Жараткан Аллах сизге сабр берсин. Медина эженин жаткан жери жайлуу болсун.. Кыздарыныздын бактына бар болунуз...
Альхамдулиллах мен бактылуумун.
#117 25 Май 2016 - 14:43
Сабыр берсин! Жубайыныздын арты кайрылуу болсун. Бейишинен берсин. Кыздарыныздын жакшы кундорун корууну сизге насип этсин!

Адамдарга дайым эле кенеш керек эмес. Кээде жолоп-таяй турган кол, уга турган кулак, тушуно турган журок керек...
#118 03 Июнь 2016 - 23:39
Кудайым ай ушул пенденизге сабыр бере корун озунуз колдон.Жубайынвн жаткан жерин жайлуу кылын.томондо айтып кеткендей ырларыныз кадимкидей шолоктотуп ыйлатты айрыкча чырактай эки кызынызды эстегенде.мен да сизге сабыр тилештен башка эчнерсе дей албайм озунуз кыздарыныздын бактысына бар болун.
#119 06 Июнь 2016 - 03:44
Баарыбыз бир куну отобуз бул дуйнодон автор сабыр сабыр сабыр сиз ичсениз кыздардын келечеги эмне болот эркек адам кайраттуу болуп балдарды ойлош керек кийин анан кепке кемтик созго сол тук болбой ээн жерге барып кыйкыр ыйла болгон сырынды сууга ток
#120 22 Август 2016 - 07:10
Ыйладым апа бүгүн көөп ыйладым
Көргөзбөй сенден качып ээн ыйладым
Көөдөнүм жашка толуп муңга толуп
Көлүнө кусалыктын чөгүп калдым
Сыздадым апа бүгүн мен сыздадым
Сырымды айта албай буулуп калдым
Сагынып бул жашоодо жок адамды
Саргайып күтө-күтө уктап калдым.
Көргөзбөй сенден качып ээн ыйладым
Көөдөнүм жашка толуп муңга толуп
Көлүнө кусалыктын чөгүп калдым
Сыздадым апа бүгүн мен сыздадым
Сырымды айта албай буулуп калдым
Сагынып бул жашоодо жок адамды
Саргайып күтө-күтө уктап калдым.