Суперстан: Ангемелер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ангемелер.

#181 Пользователь офлайн   bulak   22 Октябрь 2015 - 15:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 16 Май 14
  • Соңку аракети: 31 Дек 2015 17:02
  • Жынысы:Аялзаты

Абдан таасирдуу жазылыптыр. Жумушта отуруп окуп, козумо жаш алдым. Алтын апаларыбыз бар болушсун. Баарыбыздын журогубузду ойготтунуз Сүрөт. Ата-энени козу барда сыйлайлы! !!
Малы жок деп эрден түңүлбө, чөбү жок деп жерден түңүлбө!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#182 Пользователь офлайн   mega777   22 Октябрь 2015 - 16:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

"Унаа айнегине тиркелген сүрөт"темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#183 Пользователь офлайн   arimle90   22 Ноябрь 2015 - 00:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 15 Июль 15
  • Соңку аракети: 14 Июл 2017 23:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

АКЫРКЫ ОК
Бүгүнкү кечки тамакка жалгыз уулу Кайраттын дагы келбегенине Нуржан ичинен сызып, ал отура турган орундукту карагысы келбей мас болуп отурган күйөөсүн үнсүз тиктеп турду...
- Эй, катын!! Эмне жалдырайсың? Апкел жүз граммдан! ,- деп көзү кутурган иттикиндей канталаган Санжар бакырганда Нуржан колундагы кашыгын түшүрүп жиберип кайсалап калды да:
- Болдучу эми жаным! Уулубуз чоң жигит болду. Сенин жолуңду жолдоп милиционер болом деп талыкпай окуп жүрөт. Сенин айыңдан ал дагы үйдөн тамак ичкис болду. Токтотчу арагыңды, суранам!,- деди жалооруп.
Күйөөсүнөн мээрим болбоду. Ордунан тура калып оозго алгыс сөздөрүн агытып, даяр турган муштум көзүнө кадалып жерге учуп түштү...
Кечки машыгуудан кийин балдары менен кармалып калган Кайраттын жүрөгү зирпилдеп апасын ойлоду. Үйдө бир балакет болгон го деп санааркап, арактан башы чыкпаган атасын эстеп тиштерин кычыратты... Балдардын клубга барабыз деген азгырыгына макул болуп келгенине жини кайнап, ордунан туруп үйгө жөнөдү.
- Каралдым, менин! Келдиңби? Курсагың ачтыбы? Жүрү тамактаналы, - деди босогодон тосуп алган апасы. Уулунун эр жетип 2-курстун курсанты болгонуна, жакшы окуп сержант наамын алганына жетине албай Нуржан бардык азабын унутуп салып уулун элжиреп карап отурду...Кайрат тамак ичип атып апасынын көздөрү көгала болгонун жашырып, денеси ооруп турса да болгон окуяны жашырып атканын көрүп жүрөгү тилинди. Жан дүйнөсүнө ак-кара ойлор келип айнек сыныгындай чачырады... Акыркы жылдары атасы аракка катуу берилип күн сайын апасына кол көтөрүп жүргөнүнө ызырынды... Кайраттын көздөрүнө жаш айланып:
- Апаке!! Кечириңиз апаке! Мындан ары кечикпей келем. Атам... Атам качан токтотот? Качанга чейин сизди урат? Апаке болду чыдай албайм...,- деп ыйламсырады. .. Эне-бала көпкө кучакташып ыйлап турушту... Энеси уулунун жытына тойбой кичине кезиндегидей эркелетип, уулу энесинин мээримине бөлөнүп кичине баладай эркелеп турду...
Эртеси шашке ченде көчөнү жаңыртып ырдап келе жаткан күйөөсүнүн добушун угуп Нуржандын таттуу кыялдары бир заматта чачырап, уулунун кубанычына сүйүнүп отурган бактысына суу себилгендей болду.
- Эй, катын! Тамак ичебизби? Ачкадан өлмөк болдум!,- деди аракка тоюп келген Санжар көзү канталап.
- Бүгүн Кайрат жарыштан жеңип чыгып медаль алыптыр. Азыр эле чалды,- деди Нуржан кубанып.
- Урганым барбы ошол темирди! Кана мен канча темир тагынып мүйүз чыктыбы? Уулуң экөөңдү.... Бол былжырабай тамак алып кел,- деди Санжар сөгүнүп. Өзүнүн жалгыз байлыгы, таянычы болгон Кайратка уу сөзүн агытканына чыдабай кеткен Нуржан:
- Уулума асылба акмак!! Аракеч!! ! Канымды ичип бүтмөй болдуң!! ! Шордуу башыыым!! ! Шордуу балааам,- деп Санжарга атырылды. Аялынан мындайды күтпөгөн Санжар дендароо боло түштү да, кайра ичиндеги арам суусу оргуштап:
- Бас жагыңды!! ! Сен ким элең мастан!,- деп орундук менен чабайын дегенде, качам деп мүдүрүлгөн Нуржан мештин кырына башы менен катуу урулуп жыгылып түштү да үн-сөз жок жатып калды. Чекесинен кан оргуштап атып кирди...
- Нуржааааааан! !! Нуржаааан! !! Тууур!!! Тур дейм,- деп эси чыккан Санжар соолуга туштү да аялын кучактап өкүрүп-бакырып, жин ургандай силкилдетип кирди...
Төшүнө жаркыраган медалын тагынып, сыйлыкка деп кошумча,берилген 1000 сомго апасына күмүш шакек алып үйгө жетсем экен деп шашып келе жаткан Кайрат бурулуштан чыга бергенде үйүнөн узап бараткан "Тез жардам" машинесин жана кошуналарын көрүп жүрөгү шуу дей түштү да чуркап жөнөдү.
- Апам кана?,- деди босогодо дендароо болуп отурган атасын карап каны кайнап.
- Кечир уулум!!! Апаң бизди тыштап кетти,- деди шолоктоп. Караса кошуна аялдар тегерек четти иреттеп баштаган экен. Кайраттын көздөрүнө жаш айланып:
- Жоголгула! !! Жоголгула баарыңар! ! ,- деп элдин баарын кой дегенге болбой кубалап чыкты да эшикти бекитип үйдү көздөй чуркады. Үйдө атасы катып койгон мылтык бар эле... Качан болбосун октоп коюп "Ушул акыркы эки ок экөөңө арналган" деп апасы-экөөнү атып салам деп үйдөн кууп чыккан күндөрү жүрөгүндө кыттай уюп калган эле. Ошол коргошун ойлор ээрип мылтыкты колуна алды да атасынын маңдайына келди:
- Эмне үчүн? Эмне үчүн? Кайсы күнөөсү үчүн өлтүрдүң апамды? Айт дейм канкор!! ,- деди Кайрат тиштерин кычыратып ыйламсырап.
- Кечир уулум, кечир...,- деди атасы жер карап.
Айланага мылтыктын үнү жаңырганда көчөдө толгон кошуналар дүргүп дарбазаны ачканга аракет кыла башташты. Аңгыча экинчи ирет мылтыктын үнү жаңырды... Элдер дарбазанын илгичин талкалап киришсе чекесинен кан сызылган атасы жерде, төшүн кармап сулаган уулу бир жакта жаткан экен...
Жаңы эле кеткен "Тез жардам" машинеси кайра ызылдап келе жатты. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эне-бала катар жатышты... Аппараттын экранындагы сызыктар үнсүз жаткан эненин да, оор операциядан жаңы чыккан уулунун да жашоодон үмүтү бар дегендей бир калыпта иштеп турду... Экөөнү аянычтуу көзү менен караган профессор жигиттин көкүрөгүнөн алынган акыркы окту кармалап башын чайкап көзүнөн жаш сызылды...
Шамалга каршы барууга мүмкүн, бирок бакытка эмес. Шамал көп жолу кайталанып келет, бирок бул жашоодо бакыт бир гана жолу берилет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#184 Пользователь офлайн   aqua.94mema   22 Ноябрь 2015 - 02:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 01 Июль 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2020 18:07
  • Жынысы:Аялзаты

Жетпей калган сүйүү.

Соз башынан болсун. Бир армандуу жигит ымандай сырын мага айтып берди эле ошону сиздер менен болушкум келди. Урматтуу менин алтындай досторум. Мен бул чыгармамды жетпей калган суйуу деп атагым келди.

Жетпей калган суйуу 1- болум
Эмесе соз башынан болсун. Ошол жигиттин айтуусу.
Ооба ал убакта 21 жашта элем. Кудайга шугур ата энем бир туугандарым бар. Уйдун кенжеси болгондуктан ата энемин колундамын. Атам апам пенсияга чыгып бактылуу карылыктын доорунда жайында жайлоого чыгат элек. Менден улуу агам уйлоно электигине байланыштуу мен деле уйлонууну ойлобойт элем. Апама жардам берип уй саайт элем. Айтор уйго кирип кыздын ишин. Эшикке чыгып эркектин ишин кылчумун. Мени бир куну эжендердикине кымыз алып келчи деп жонотту. Бардым. Эжемдер кийиз басып жатышыптыр. Эжемин бойго жеткен кыздары бар эле. Арасында бейтааныш кызды коруп журогум бир башкача булкуп алды. Ооба коз карашы уялынкы жылдыздуу жузу, айрыкча эки болуп оруп таштап койгон чачы. Айтор баары мага аябай жакты. Мен неге барганым да эстен чыкты. Кийиз да бутту жээндерим менен тамашалашып отуруп кечтин кандай киргенин да унуттум. Эси дартым баары ошол кызда. Кандай кылсам таанышам кантип созго тартам. Качан эжем чакырып.
- Бакыт акем менен женем кыйналат ко. Саан убагы келип калды. Жонобойсунбу уйуно,- дегенде эсиме келдим.
Себеби эжем атамдын карындашы эле. Кыздын атын да сурабадым. Ордуман атып туруп. Мамыда байлануу турган жээрде атыма жонодум. Жээним келип бурсугуну кечинде келин ак чолмок болот. Конул ачып кетиниз. Жылмайып бейтааныш кызды карап койду. Мен макул эртеге шаарга тушом силерге эч нерсе керек эмеспи дедим. Жайлоого не керек эле зээриктик китеп ала келсениз окуганы деди. Мен дароо ойлонбой. Макул дедим. Оюмдун баары бейтааныш кызда. Саан убака жетип келдим. Апам менен атама куноолу болуп шыпылдап уйду саашып тез эле ишти бутурдум. Эртеси эрте турдум. Атамдын тан калып не болду сага. Эрте турчу эмес элен. Бироого ашык болуп калган окшойсун деп кулуп койду. Мен шек алдырбай шаарга барам да дедим. Ойлонуп ишти кандай эрте бутургонуму да билбейм. Тогуз торо жактан автобус каттачу ал кезде. Автобусту кутуп отурам жолдун боюнда. Куткон автобус жок кашайып. Келди акыры. Жонодук. Жалал абадты коздой. Шаарга чейин эки сааттык жол. Акыры жеттик. Китеп саткан дуконду коздой жонодум дароо. Китеп саткан эжеден суйуу тууралы жазылган китептериниз барбы депмин учурашпай эле. Ал кулуп бироо эле калды суйуп калдынбы деди. Мен уурусун карматкан немедей уялып кеттим. Уч китеп сатып алдым. Ар турдуу. Апам дайындаган нерселерди алып кайра жонодум жайлоону коздой. Алып келген нерселердин арасынан китептерди коруп, кимики кимге алдын деп сурады. Мен сыр бербей жээндерим сурады эле деп койдум. Кечке жолдо болуп чарчаган экем уйкуга кеттим. Тан атып калыптыр ойгонсом. Качан кеч кирет. Кантип айтам атам менен апама. Атам атыны жайыттан кармап кел китептерди жеткиз. Кыздарды куттургон болбойт деди. Апама секин айттым. Апа атама айтынчы кечирээк жеткизейин. Танга маал келем дедим. Апам чоочуп кетти. Себеби мен тундосу эч жакка чыкчу эмесмин. Атаман сурай албайм. Атам ачуулу киши. Мен башымы жерге салып атты коздой жонодум. Атымы кармап келсем эжем отурат. Мамыда аттары байлануу. Салкын учураштым. Китептерди ала кетет дегенсип. Жок ойлогон оюм тетирисинен чыкты. Эжем мага карап жээндерин коркот. Кеч барып жатып ал. Кайра эрте келип каласын. Биз бир жумада кайтабыз барып келип тура аласынбы деп сурады. Мен ооба деп суйунуп кеттим. Шарт тузулду деп ичимен. Атам ии не болду бая эле кабагына кар жаап жатпады беле деди. Мен чоноюп бойго жетсем да аларга али кичинемин да. Убакыт отпойт же кеч кирбейт. Саан убагы келе электе эле музоолорду айдап келип. Уйларды жайыттан эрте айдап келип шыпылдайм. Антсем деле убакыт отсочу. Эптеп кеч кирди. Атымы миндим да зуу койдум. Эжемдердикине. Демейде бир саатта жетчумун. Жарым саатта жетип бардым. Жээндерим уйларын саап бутуп калыптыр. Оюн болбой калды дейт мостоюшуп. Мени алыстан коруп эле бейтааныш кызды бекитип коюшуптур чыкпа дешип.

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 22 Ноябрь 2015 - 03:13

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#185 Пользователь офлайн   aqua-94mema   22 Ноябрь 2015 - 02:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Кошунасынын небереси экен. Менин маанайым чого тушту. Мени карап тага сизге не болду мындай эмес элениз деп кулуп калышты. Артынызды караныз атыныз бошонуп кетти дешти. Артыма карасам бейтааныш кыз турат аттын жанында аттын жалын сылап. Демейде менден башканы жолотпогон атым тынч. Чоочуп кетип аттын жанынан кач тиштейт деп кыйкырып жибердим. А болсо мени карап тиштесе жарым сааттан бери тиштей эле го. Атыныз аябай жоош экен Бакыт аке деп жылмайып койду. Мен башымды жерге салдым ооз ачалбай. Унчукпай барып китептерди алдым куржундан. Чонтогумо сала келген ручканы алып атыныз ким чон кыз дедим. Ал жылмайып Гулнур деди. Мен секин гана боз уйго кирип чырактын жарыгына " Гулнурга Бакыттан" деп жазып койдум. Эки китепти жээндериме берип. Гулнурду чакыргылачы деп сурандым. Алар шынкылдап кулуп чыгып кетишти. Арадан убакыт отпой эле кирип келишти. Колумдагы китеп саткан эжеден алган суйуу жонундогу китепти колуна карматып таанышканыбыз учун Гулнур дедим. уландысы бар ... Автор кыргызмын сыймыктанам.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#186 Пользователь офлайн   aqua-94mema   22 Ноябрь 2015 - 02:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Жетпей калган суйуу 2- болум

Ал куну ак чолмок оюну болбоду. Гулнурду канчалык озумо тартып соз салсам да кыска жооп берип гана китепти окуган болуп конул бурбады. Мен атымы токуп жатканымда жаныма келип секин гана кечинде келесизби деп сурады. Уйду коздоп жонодум. Ойлонуп бара жатып уйго кантип жеткеними билбей калдым. Кечке оюм Гулнурда. Кандай убакыт отконун да билбедим. Кеч апамдарга жардам берип кайра эжемдердикин коздой жол тарттым. Куугум кире жеттим. Издегеним бир гана Гулнурдун карааны. Андан болок эч ким козумо корунбойт. Жээндерим уйларын саап бутуп калган экен. Атымы мамыга байлап шаша боз уйго кирдим. Кирсем жээндеримен болок эч ким жок. Кирип эле Гулнур кана деп сурадым. Сизди тосуп келгени сыртка чыккан дешти. Кайра эле сыртка атып чыктым. Гулнур болсо атымын жалынан сылап жатыптыр.
Сен болбосон Бакыт акем кантип келмек. Мен болсо кутуп отурсам карабай кирип кетти сен болбосон ким менен турат элем. Ээсин сени тыштап кирип кетти. Мени сен гана тыштабайсын ээ деп атым менен суйлошуп жатыптыр. Атым болсо Гулнурду тушунгондой жоошуп тынч кана кызды тыншайт. Аттин тили болсо Гулнурга не демек билбейм. Мен секин аларды тыншап карап турдум. Бир маалда атым мени коргонун билгизейин дедиби кишинеп жиберди. Гулнур не болду тынчтан деп аттын суулугунан кармап артын карап чоочуп кетти. Качан келдиниз Бакыт аке деп. Мен аны карап атым экоон суйлошуп жатканда. Чындап куттунбу десем. Сизди кутом да сизди жаш убагымдан бери тааныйм. Сиз болсо мени назарынызга албайсыз деп мени уяткарды. Мен кандайча сен бул жерлик болбосон деп чоочудум. Ооба Бакыт аке мен бул жерлик эмесмин. Бирок ушул жерде чоноюп ушул жерде окуп жатам. Сиз болсо такыр байкабайсыз. Аттин ошол кундор ошол муноттор. Кайра келсечи Гулнурумду алып эл корбогон жактарга. Адам буту жетпеген аралдарга алып кетпейт белем. Ошол туну экообуздун ортобузда кандай создор кандай арзуулар. Суйлошуп созубуз тугонбоду. Карашып коздорубуз канбады. Кандай тан атып калганын сезбей калыппыз. Атпай койсо болмок ошол тан бизди табыштырган тун менин бактылуу кундорумдун эн жакшысы эле. Тан агарып баштады. Мен Гулнурдан ажырагым келбейт анын ууз жыттанган таза тунук жыты мени мас кылды. Мен аттанып жатып Гулнур дедим колунан кармап. Ал уялынкы карап не болду Бакыт аке деди. Кечинде келем дедим. Ал акырын кутом деди. Мен биринчи жолу кыздын бетин суйдум. Болгондо да журогумо жаккан журогум суйгон ууз тунук махабатымдын бетинен суйдум. Гулнур уялып кызарып кетти. Кеч келиниз сиздиби деп жылмайып карап калды. Аттин ошол кун ошол аткан тан менин жок Гулнурум экообуздун армандуу махабатыбыздын башталышы эле. Мен кайра кайра артымы карап Гулнурума колуму булгалап уйго жонодум
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#187 Пользователь офлайн   aqua-94mema   22 Ноябрь 2015 - 02:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Махабатка мас болуп жургон кундорум башталды. Бир кун корбой калсам сагынам Гулнуруму. Ал убакта телефон жок телефон болсо балким тагдырыбыз болокчо болмок. Атыма рахмат туну минип алып Гулнурума жонойм ал мени тосуп алат. Создорубуз тугонбойт. Антип минтип куз келди окуусу башталды. Бутуруучу класста окуйт эле. Мен жангак бышып калганына байланыштуу жайлоодо калдым. Гулнурума деген сагынычым кучоп туну уйкум жок. Анын уялынкы жылмаюсу эки болуп оруп тыштап койгон узун чачы. Эстеген сайын канатым болсо учуп жетким келет. Жайлоодон кочуп келээр убагыбыз да келди. Кочуп да келдик. Албетте уйуно бара албаймын. Кундо мектепке барам жолун тосуп. Такыр корунбоду. Акыры уйуно бардым чыдабадым себеби анын тайкеси менин классташым эле. Гулнурум менин кордум козундогу кусалык сагыныч азыр дагы коз алдымда. Эптеп женесинен айтырдым кеч келемин деп убакыт болжоп коюп кайттым. Айткан убактымда бардым. Гулнурум айткан убагымда чыкты. Сагыныч кусалык экообуздун ортобузда созубуз тугонбоду. Акыры чыдабадым. Не сабагына барбадын мен сенин жолунду кундо тосуп отурам го десем. Сиздерди кочуп келелек деп ойлодум. Сиз жакка баргым келет сизди куттум. Мектептен нары барып аламбы деп коркуп барбадым Бакыт аке деп тошумо башын жолоп кулуп койду. Ой менин акылсызым десе. Эки саатка сурап чыккан Гулнурум экообуз суйлошуп отуруп кандай тан атканын дагы сезбеппиз. Ошентип суйуубуз кундон кунго алоолоп кучоп барды. Кыштын узак тундору биздин таттуу махабатыбызга кубо болуп жатты. Ошентип жаз да келди мен жайлоону коздоп жонодум. Ал окуусунда. Бутуруу кечесинде жолугуп сурадым Гулнуруман. Окууга тапшырасынбы деп. Жок сизди кутом. Сиздин жайлоодон келишинизди кутом. Ай ошол таттуу кундор. Азыркы акылым болгондо. Гулнурумду алып эл баспаган эл корбогон. Эч ким табалгыз жактарга кетмекмин. Агам уйлонсун анан сени алып кетем менин тунук махабатым деп бетинен суйуп коштоштум. Акыры куркурогон куз да келди. Агам болсо уйлонбоду. Кутууго туура келди. Махабатыбыз кучогондон кучоп барат. Ал шаарга ишке кирди. Мен озбекстанга товар ташып иштей баштадым. Ар жумада жолугуп турабыз. Акыры жаз да келди. Мен жайлоого ата энем менен кеттим. Жайлоодон ар жумада келип суйлошуп келип кетип турчумун. Бир куну келсем иштеген жеринде жок жашаган жерине келсем. Бар экен. Гулнурум мойнума асылып ыйлап жиберди. Не болду десем айталбай ыйлап жатты. Акыры сооротуп сурасам. Бакыт аке сизден уч жаш улуу балдар келип ала качкан жатышат мени. Бир жансыл кылынызчы сураныч. Болбосо артыман барбаныз деп катуу шарт койду. Мен кимдер экендигин сураштырып алдым. Гулнурумдун ыйлаганы козумо элестеп ачуум аябай келди. Акыры уйлончу баланы таптым. Жиним келгенинен эч нерсени карабадым. Жалал абадтын борбордук базарында коргон жерден эле желкелеп жонодум. Ээн жайга алып барып суйлошсом мойнуна албады. Акыры мушташканга чейин бардык. Суйуунун кучу мага кубат бердиби аны тизелеттим. Гулнурумун алдына апарып кечирим сураттым. Ошондон кийин эч бир жан менин тунук махабатыма тийишпеди. Суйуубуз кучогондон кучоп барат. Бир гана жолубузду тоскон агамдын уйлонбогону. Аттин ошол кундор кайра келсечи арман.. Уландысы бар . автор кыргызмын сыймыктанам
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#188 Пользователь офлайн   aqua-94mema   22 Ноябрь 2015 - 02:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Ооба куз да келди биздин махабатыбыздын экинчи кузу. Экообуз жолугабыз сагынчтуу жолугушуулар. Арадан кундор отуп жатты. Бир куну мени кара басты. Гулнурума баралбай калдым. Аппендицит болуп ооруканага тушуп калдым. Байланыш узулуп калды. Гулнурум сураштырган экен. Бир ичи кара неме Бакыт акен уйлонгон жатат ошого жолукканы кеткен дептир. Гулнурду ошол кундору. Мен орууканада жаткан убакта. Атамын эжесинин небереси ала качып кетиптир. Мен ооруканадан чыксам айыл уу дуу Жаркул Гулнурду ала качып келиптир. Отурбай жатат экен дешип. Себеби Жаркул биз жашаган кочодо жашайт эле. Мен ичим ооруганына карабай жонодум. Атам менен апам токто сени менен суйлошолу иш бар. Эгер сен ошол кызды уйго алып келбегин эжебиздин жузун кантип карайбыз. Эгер алып келем десен биз сени балалыктан кечебиз дешти. Мен макул силер айткандай болот дедим. Мен жонодум Гулнурума. Ойлонуп бара жатам. Атам менен апаман ыйык нерсе барбы бул жарык дуйного келтирген кымбат адамдарыман башка кимим бар. Гулнурга не деймин. Козумон жашым токтобойт. Акыры жеттим. Мен астананы аттаганда эч ким тосподу. Алдыман бир адам чыкпады. Бир гана эжем атамдын эжеси Жаркулдун тайэнеси чыкты таягын таянып. Бакыт кантип алып чыгып кетесин. Эгер сен ата уулу болсон мени сыйласан. Отургузуп коюп кеткин деди. Ооба ошол кун мен учун кандай оор кандай кыйын кун эле. Кирдим мен учун кандай оор коз ирмемдер. Арзууларым тебеленген кун. Кошого ичинде мен суйгон коздор ыйлагандан шишиген коздор. Гулнурум мени коруп эле мойнуман кучактап ыйлап жиберди. Неге келдиниз мени алып кетинизчи. Мен бир гана сиздики болгум келет. Ооба колумдан эч нерсе келбеди. Кучактап козумдон жашым токтободу. Биз эми бирге боло албайбыз биздин суйуубуз армандуу суйуу бойдон калат эми. Гулнурум мени десен ушул жерде каласын. Башка созум жок деп артыма кайттым. Кандай кун менин ошол созум Гулнурума катуу тийди. Менин журогум дайыма Гулнурум деп согот. Мен ыйык нерсемди тыштап чыгып кетип жатам. Мен тун суйуумдон айрылып кетип жатам. Тунук махабатым кош эми биз чын дуйно бар болсо жолугаарбыз. Мен козумдон жашым токтободу аалам мен учун ушунчалык тар болду ошол куну. Уйго аран жеттим эч кимге ооз ачпадым. Мурунку Бакыт жок шайыр жургон. Уйго жетип жыгылдым жаздыгыма ошол бойдон уч кун турбадым жаткан жеримен. Акыры кат келди Гулнурумдан Бакыт аке ата эненизди сыйласаныз мени суйсонуз турунуз ордунуздан мен учун сиздин амандыгыныз керек. Сиз бактылуу болушунуз керек. Мен учун сиздин бактылуу болсонуз мен бактылуу жашаймын деген. Ушул созу мени тургузду. Мен турдум сыртка чыгып айылдын таза абасынан дем алдым. Ооба ошол кун дале эсимде мен суйуусуз журогу жарты бир адаммын. Эми ким учун жашаймын. Мен кантип башканы Гулнурумдай суйо алам. Ооба ошол кунго чейин ачуу сууну ооз тийип корбогон жаным. Туура дуконду коздоп жонодум. Арак алдым. Ачууну арманды арак гана эстен чыгарат деп ойлодум. Дукондо Жаркул отуруптур. Достору менен уйлонгонун мактанып. Жууп жатышыптыр. Мен колумдагы аракты ортолорунда турган столго койдум.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#189 Пользователь офлайн   aqua-94mema   22 Ноябрь 2015 - 02:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Жаркул бактылуу бол мен эми Гулнурдун козунон жаш корбойун. Бактылуу кылгын аны. Эгер козунон жаш тамганын корсом же уксам менден капа болбогун дедим да чыгып кеттим. Аракты оозума да алгым келбеди. Бир жыл отту арадан. Эч бир кызга конулум тушподу. Менин Гулнурум кыздуу болду. А Жаркул ичкенин токтотподу. Бир куну жолго чыгып дуконго кирсем. Жаркул ичип олтуруптур. Менин кыжырым аябай келди. Ун чыгарбадым. Достору Жаркулга ушул Бакыттан калган кызга уйлонгонсун да чынбы дешти. Жаркул мага асыла баштады. Мас эле. Мен тенелгим келбеди. Сыртка чыктым. Дукондон мени ээрчий Жаркул да чыкты. Ээй Бакыт сен эми мен жургон жерге келбегин эгерде корчу болсом капа болбо деп опузалай баштады. Мен акыры чыдамым кетти. Мушташа кеттик. Сабап тыштадым. Ага кошулган достору экообузду ажыратмак тургай жаныбызга жолой албады. Агам дагы деле уйлонбоду кычыраган кыш окумун жургузо баштады. Мени атам апамдар агаман мурун уйлобосок болбойт окшойт деп чечим чыгарышты. Ооба мен бир жылда аябай озгоргом. Сигерет чекпеген жаным сигеретти да чеге баштагам. Ачуу сууну ууртабан Бакыт жок кундо ичип алган. Кундо кочодо мушташмай. Уйлончу да мезгил келди. Той менен алып беришти. Той мага татыбады ушул кыздын ордуна Гулнурум болсо болбойт беле деп коз жашым агып жатты. Ак никелеп алган жарым тушунуктуу чыкты аздап болсо да ага тартылып бара жаттым. Менин жок Гулнурум экообуздун махабат дастаныбыздан кабары бар эле да. Жылдар отту жашоо уланып жатты. Гулнурум Жаркулдун муштумуна чыдабады акыры ажырашып кыздарын алып ата журту болгон чуй тарапка кетти. Мен торт перзенттин бактылуу атасымын. Бирок унуталбайм алган жарым табыныз Гулнурду суйуунузду таап жашаныз арманда калбаныз деп дайыма айтып келет. Бирок издедим таба албай келем. Мен уч жылдай издедим. Эми эл жоногон Россияны коздоп жонодум кош менин кыргызстаным. Мен келгиче аман бол. Мен ардайым жетпей калган суйуумду издеп келем. Деп Бакыт созун бутурду. Ош аэропорту 2014-жыл. 26-ноябрь.

Урматуу менин досторум эч качан суйуудон айырбасын мен бул окуяны жазып буткучо козумдон канча жаштар тогулду. Суйуу учун курошкуло кийин окунбогондой болойлу. Конул болуп окуганыныздар учун чон рахмат. Аягы. Автор кыргызмын сыймыктанам
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#190 Пользователь офлайн   aqua-94mema   22 Ноябрь 2015 - 02:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Азаптуу тагдыр.

Ассалоому алейкум досторум. Мен сиздерге тартуулайт турган чыгарма азаптуу тагдыр болмокчу. Бул окуя бир жигиттин башынан откон. Ал мага айтып берди. Мен озунон уруксаат сурап анан сиздерге тартуулоону чечтим. Ал жигиттин айтуусу боюнча жазылат. Каармандардын аттары озгортулгон.


Азаптуу тагдыр 1-бет

1980-чи жылдардан ушул биз жашап жаткан убакытка чейин камтыйт . окуя Жалал абад облусуна караштуу райондордун биринде башталат. Эмесе жигиттин айтуусу менен. Атам апам бирин жактырып уйлонушкон. Биз бактылуу жана элдин алды болуп жашаар элек. Атам россияга жук тартып иштоочу. Менин уч эжем бар мен эн кичуусу жана уулдан жалгызмын. Мен эн кичуусу болгондуктан баары мени эркелетип жакшы корушчу. Айрыкча атам озуно кандай кийим алса ошол кийимдин мага ылайыгын кошо алып берчи эле. Ал бактылуу кундорум копко узабады. Атам акыркы жугун ачыгын айтканда он тонна томат пастасын россия жергесине тартып кеткен бойдон дайынсыз кетти. Кайтпады. Апам бизди мандай тери ак мээнети менен багып чонойтуп жатты. Атамдын иниси артынан издеп барган бойдон ал дагы дайынсыз беш жыл жок болуп кетти. Акыры атамды тапкан экен. Атамы алып кетейин десе кой элдин козуно иштеп акча таап анан барайлы деп конбой койуптур. Экоо камазда чогуу иштешип жакшы таба баштаганда атамдын инисин коро албагандар жугунун арасына банги затын салып менттердин колуна салып берип каматып жиберген экен. Атам озу ойлогондой болбой тируу кеткен бойдон кайра соогу келди арадан коп жылдар откон сон. Апам бизди алып тага журтубуз болгон жангактуу айылга алып кетти. Таятама рахмат. Бизге эки болмолуу уй тургузуп берди. Биз ошол айылдагы мектепте окуп ошол айылда чонойо баштадык. Бирок эр жигиттин бир журту болгон тага журтумда мени эч ким оксутподу. Ал жерден жаны достор куттум. Арадан жылдар отту. Мен тогузчу класска окуп калдым. Менин тун суйуум ошол жерден башталды. Таятам атасын эскерип куран окутуп койуу учун даярдык баштап жиберди. Менин энчиме уйдун сыртын актоо тийди. Таятамды уйу уйлордон бийигирээк донсоодо жайгашкан эле. Мен ишимди баштап жибердим. Таятамдардын уйунун каршысында бир уй жайгашкан эле мен ишимди баштаганда. Мандайдагы уйдон бир кыз чыгып бийлеп баштаар эле. Эсиниздерде болсо керек ошол убакта оспурум курактагы кыздар баары Жадини туурап бийчи болуп кетишкен. Мен ал кызга колуму булгалап салам айтам ал алыстан бийлеп берет. Менин оюм ошол кызда кантип таанышам. Канткенде жолугуп суйлошом. Бассам турсам ошол кыз эсимден чыкпайт. Акыры шылтоо да табылды таанышуу учун. . .

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 22 Ноябрь 2015 - 03:16

которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#191 Пользователь офлайн   aqua-94mema   22 Ноябрь 2015 - 02:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Тагамдын койлору бир нерседен уркуп эки коюнун буту сынып, анын этин кошуналарга таркатуу учун мени жумшады. Алибетте мен биринчи ошол сырдуу кыз жашаган уйго жонодум. Бардым не деп чакырышымы билбейм. Ышкырсам чыкты мен куткон бийчи кыз. Сурдоп кеттим мен ойлогондон дагы сулуу мен куткондон дагы жылдыздуу экен. Ким керек дегенде эсиме келдим. Оба ал менин журогумду уурдап алган биринчи кыз болду. Неге келгеним эсиме келбей ал кызды карап турдум. Канча убакыт откону эсимде жок. Акыры ал соз баштап жиберди. Неге келгенини айтчы жалдырабай. Деп мени карап наздуу жылмайды. Ошондо гана эсиме тушуп. Уйундогулорду айт биздикине барып эт алып алышсын. Тагам койлордун этин таркатып жатат дедим. Сен кимсин тааныбасам. Же уйуну билбесем. Мен кайра ага коно туштумбу. Тамашага оттум. Сен мага бийлеп берген баламын мандайынардагы уй деп таятамдын уйун коргоздум. Ии алыстан тийишип жургон бала сен белен деп дагы кулду. Мен бар кучумду жыйнап таанышып алайлычы атын ким дедим. Менин атымы билиш учун мээнет кылыш керек. Мен ойлонуп уйду коздой кайттым. Арадан уч кун отту. Атын билуу учун дагы убакыт жетти..
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#192 Пользователь офлайн   aqua-94mema   22 Ноябрь 2015 - 02:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Ооба убакыт келди. Эптеп шылтоо таап уйуно бардым. Дагы деле не деп чакырышымы билбей ышкырып койдум. Ышкырыгымы таанып калганбы. Бийчи кыз чыкты. Мен дагы деле анын сулуулугуна суктанып карап тура бердим. Убакыт токтоп калгандай. Атын дагы деле сурасам айтпады. Акыркы кучумду жыйнап. Менин атым Курманбек сеники ким десем. Айтпады. Мен кечинде келемин. Чыксан деп сурандым. Башымы шылкыйтып. Бутум менен куноолуу баладай. Сен келсен кантип чыкпайын ошондо айтамын атымды деп бийчи кыз. Сырдуу жылмайды. Мен ошондогу жылмаюсу кандайдыр омурумдо болбогон жылуулук тартуулады. Азыр да ошол кундогу жылмаюуусу эсимден кетпейт. Келе турган убактымды болжоп коюп артыма кайттым. Кеч кириши мен учун бир кылымга тете болду го чиркин. Ары басам. Ишти баштайм. Кылып баштаган иштерим тез эле бутуп калат. Демейде бутуро албаган иштерим бутконун байкаган тагам оо менин жээним суйуп калганбы. Же убакыт болжоп келген го. Убакыт откозо албай жатат. Деп мени тамашалап койду. Мен анын созуно конул бурган деле жокмун. Менин оюм бийчи кызда ким болду экен аты мен анын журогунон орун табаламбы. Кандай кийинип барсам чыгаар бекен. Же мени тоготпой койобу. Убакыт токтоп калгандай. Кеч кириши мен учун тозок болду го. Бийчи кыз мени толугу менен конулумду бийлеп алгандай. Убакыт да келип калды акыры. Болжогон жерге жетип бардым. Он беш минута мурун ошол жерде болдум. Козум бийчи кыз жашаган уйдо. Качан эшиги ачылып бийчи кыз мен турган тарапты коздой басат. Эшик кыйч деп ачылып мен куткон бийчи кыз басып келе жатат. Оо кандай бактылуу минуталар. Басканы мен учун аябай сонун корунду. Чачтары кулпурат ко озунчо керемет. Мени коруп жаныма жакын басып келип секин гана жылмайып. Кел эми таанышайлы. Сенин атын ким деп сурады билип турса дагы. Мен Курманбек а сеникичи деп сурадым . Акыры айтты меники Карачач. Мен учун ошол тун кандай бактылуу тун болгон экен. Ачык асман жылдыздар толгон. Экообуз канча убакыт суйлошуп отурганбыз билбейм. Суйлошуп озубуздун башыбыздан откондорду.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#193 Пользователь офлайн   aqua-94mema   22 Ноябрь 2015 - 02:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Карачач мага озу жонундо айтып берди. Ал атасынын карындашыныкында жашайт экен. Себеби апасы ааламдан отуп кеткен экен. Огой энесинин запкысына чыдабай калганда эжеси алып кеткен экен. Апасы отуп кеткен сон атасы коп ичкиликке берилип кетиптир. Азыр чон энесиникине келген экен биринчи чейректе эс алганы. Эгер апасы болгондо мурун эле таанышмакпызбы. Агасын тааныйт экемин ал экообуз улуу кичуу дебей ынак достордон элек. Ал эмес атасын да тааныйт экемин. Ошентип биздин махабат дастаныбыз башталды. Карачач айылга келгенде созсуз мени издейт. Ал келээр убактысын билем. Мен да кун санап кутом Карачачымды. Ошентип суйуубуз кундон кунго айдан жылга созулуп бара жатты. Мен озум бир жыл кеч мектепке барганым учун он бирди бутоорум менен армия жашына жетип калдым. Борбор шаарыбыз Бишкек шаарында аскердик кызматка кеттим. Карачачым менен байланыш узулуп калды. Мен служба кылган жерде жакшы кызмат кылганым учун келишим тузуп иштеп калдым. Колума Карачачтын эжесинин баласы кызмат кылганы барып калды. Карачач экоо жашы тен эле. Мен дароо сурадым. Карачач кайда десем казакстанга кеткен иштегени деди. Номерин алып берсен десем мен кайдан билейин деп койду. Ичинде кири бар экенин кайдан билейин Жоомарттын. Жоомарт эмес наамарт экен го. Мен кызматымдан Жалал абадка которулуп кеттим. Карачачымдан дайын жок апамды аяп келин жумшасын деп уйлондум. Бир куну машина базардан Жоомартты жолуктуруп калдым. Уйлондунбу десем ооба номерини берсен досум анча мынча милийсалык иштер болуп калса жардам берип калаарсын деп сурады. Мен эч конулумдо кирим жок берип койдум номерими. Арадан кундор отту билинбей. Карачачым оюмдан кетпейт.Алган аялымын боюнан болуп эле тушуп калып жатты. Ошол убакта мен да аз аздан пиводон иче баштагам. Кызматта отургам. Телефонума звонок келип калды. Карасам бейтааныш номер. Алдым кыздын уну таанышып алайлычы деди. Мен уйлонгом таанышканга болбойт деп коюп койдум. Кайра кайра чала берди. Акыры алдым. Сагындым сени Курманбек мен Карачачмын деди. Ыйлап жиберди. Оо тар дуйно жер мени кантип которуп журот. Менин абалымы ошол убакта кандай болгонун эч ким тушуно албайт эле. Мен озумду кармап Казакстандан качан келдин дедим. Сага Жоомарт айтпадыбы. Мени эжем ошого алып берип койгон. Менин болсо конулум жок журогумдо сен гана жашайсын. Мен сени канча издедим таппадым. Дагы ыйлады. А мен Карачачты соорото албайм. Мен да сени издегем. Аганан сурасам казакстанда деген. Анан уйлондум. Деп айттым. Арман менин журогум дагы жараланды. Жоомарт да ошентип айткан дедим. Ооба сени издей баштаганымда баары каршы чыгышып мени Жоомартка нике кыйдырып коюшкан. Мен гана кыйналып кеттим. Кантип конул коюп бир тошокко жатам конулуму кантип койом. Себеби мен бирге чоноюп бир тууган агамдай болуп калган Жоомарт деп дагы ыйлады. Жоомарт болсо менин жузумо сала берет сен Курманбекти суйосун анын уйлонуп алган. Эми мени суйушун керек деп. Аттин арман бул создорду угуш мен учун кандай гана оор болуп коз жаштарым тыйылбай жатты.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#194 Пользователь офлайн   aqua-94mema   22 Ноябрь 2015 - 02:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Ошол кундор мен учун оор болду. Апамын неберелуу болом деген ойлору ишке ашпай жатты. Алган жарым боюна болбой жатты. Болсо да тушуп жатты. Жубайым аба алмаштырып коройун деп Россия олкосуно кетти. Ооба мен аны озум узаттым. Ал орусияга барганда жакшы эле кабарлашып турчу. Анын кылган иши мен учун оор сокку болду. Ал жактан мени болокко алмаштырып кетти. Турмушка чыгып алыптыр. Карачач менен телефондо байланышып турдум. Кундо армандуу создору мен учун кандай сокку болуп жатты. Мен иштен чыгып арманымды пиводон чыгарып жаттым. Бир куну посто дежурный элем. Телефонума Карачач чалды. Шаарчага болосунукуно келип чалыптыр. Мен ошондогу суйлошконум акыркы суйлошконум болгонун билбедим арман. Суйуубуздун жакшы кундорун эстеп жаттык. Бирде кулуп бирде козубуздон армандуу махабатыбыздын жаштары тогулуп жатты. Ай арман кун ошол акыркы тунубуз экенин билсемчи. Азыр эстесем козумдон жашым куюлуп кетет. Тан аткыча созубуз тугонбоду. Ошол бойдон суйлошподук чалсам номери очук болуп жатты. Айылдан досторум келип сыйлап койоюн деп кафеде отурдук эле. Бир досум Курманбек сен уктунбу жанылыкты. Жок эмне ким жонундо дедим. Карачач дегенде эле мен аны менен эки уч кун мурун суйлошподумбу деп оозунан созду жулуп алдым. Ээ досум ошол сени менен суйлошкондон кийин тортунчу этаждан боюн тыштап жибериптир дегенде мен учун жер антарылып кеткендей болду. Козумон жаш эмес кан агып жатты. Досторум мага эмне дешээрин билбей калышты. Туруп эле баш ооган тарапка басып кетким келди. Мен озумду куноолоп жаттым. Досум чонтогунон кат чыгыптыр. Сени эч кандай куноологон соз жок. Карачач сени аябай суйгонун жазыптыр.
Ошол катта эмне жазылганын билуу учун мен Карачачымдын атасына жол алдым. Мен учун ошол кундор кандай оор кандай азаптуу кундор эле. Карачачымдын соогу чыккан уйго жеттим. Агасы тосуп чыкканда мен кандай ахыбалда болгонум бир озумо жана жараткан аллага гана белгилуу эле. Карачачым мени тыштап кайда кеттин кайда шаштын. Мага эми ким бийлеп берет. Ким мага эркелейт. Ким эми Курманбегим деп эркелетет. Карачачым сага бул дуйно тардык кылдыбы. Айтчы сени ким чакырды ал карангы дуйного. Сенин мага карагандай ким карайт. Ширин создорду ким суйлойт. Неге мени азапка саласынар. Неге мени жакшы коргон адамдар тыштап кетесинер. Бул дуйнодо дагы канча сыноонор бар. Атасынын жанында отуруп куран окудум да туруп сыртка карай жоногондо атасы коз жашын аарчып мындай деди. Уландысы бар... Автор кыргызмын сыймыктанам.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#195 Пользователь офлайн   aqua-94mema   22 Ноябрь 2015 - 02:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Атасы мени бери келчи суйлошойлу деди. Мен азыр келемин шашпай олтуруп суйлошойлу деп айылдагы магазинди коздой бастым. Себеби атасы кызымтал эле. Барып бир ботолко алып кайра кайтып келдим. Мен кайра келгенде уйунон алысыраак жерге баштады да, Курманбек уулум мен адаштым Карачач экоонун бактынарга балта чаптым. Кечир кеч болду. Биринчи бизге жазган катты берейин мен айтып бере албаймын. Деп мага Карачачтын уй-булоосуно жазган катты карматты. Мен барайын саал туруп келем деп козундогу жашын аарчып турду. Мен ала келген ботолкону колуна карматып койдум. Ал кетти. Мен катты ачып окуй баштадым .( Ата сиздерге айтаарым. Мен тагдырыма таарындым. Апам козу откондон сон сиз эжемин колуна бердиниз макул ал жерде оз уйумдой чонойдум. Эжемин балдары менен бир туугандай остум. Айрыкча Жоомартты бир тууган агамдай корот элем. А сиздер не кылдыныздар. Бир тууган агамдай коргон Жоомартка нике кыйдырып койдунуздар. Эн жакшы коргон биринчи махабатым Курманбегимен айрыш учун ошону кылдыныздар. Мени ойлободунуздар мен кантип агам менен бир жаздыкка баш койом. Анысы аз келгенсип Жоомарт сен мага конул койбойсун сен Курманбегини эсинден чыгарбайсын деп жузумо сала берди. Эми сиздерге айтаарым мага кылганыныздарды апам аркы дуйнодон коруп туруп чыдабай калды. Апамдын арбагын чыркыраттынар. Апам мени чакырып жатат. Акырында айтаарым сиздер менин тун махабатым болгон Курманбекти куноолобогуло. Ага катуу айтпагыла. Анын эч кандай куноосу жок. Курманбекке жазган катымды окубай оз колуна тапшыргыла. Кайыр кош. Мага бул жалган дуйнодо жана сиздердин араныздарда оорун жок. Мен апакемдин жанына кеттим. )

Мен бул катты окуп бутуп коздорумдун жашын тыя албай жаттым. Артымдан Карачачымдын агасы келгенин байкабай калыпмын. Мен Карачачтын агасы жашы улуу болсо да экообуз ынак достордон элек. Ал менин жаныма келип Курманбек башка тушконду коробуз досум. Мен оюма коюшканда Карачачты сага берип куйоо бала кылып алмакмын. Эми сага карындашымды эмес акырында сага арнап жазган катын тапшырганы келдим. Акыркы керээзин аткарганы келдим. Деп буркурап коздорунон жаш куюлуп жатты. Мен аны коруп озуму токтото албай армандуу коз жаштарым куюлуп жатты. Ал катты колума тапшырды да козунун жашын куюлткан бойдон уйу тарапка басып кетти. Мен катты ачып окуй баштадым. ( Менин тунук махабатым. Менин таза жана эч кимге алмашкыс суйуум Курманбек эгер кат колуна тийген болсо менин акыркы суранычымды аткар. Жана эч качан башынды жерге салба кайратуу бол. Мен бул дуйнодо бирге болбосок да аркы дуйнодо бирге болоорубузга ишенем. Сен бул дуйнодо мен учун бактылуу болушун керек. Апакенди капа кылбай уйлонуп балалуу болуп небере жыттын жыттатышын керек. Сен кайраттуу жана кучтуу болушун керек. Кайыр кош менин тунук махабатым. Мен апакемдин жанына кетип баратам. Мен сага акырында айтаарым. Эч качан мен учун жашынды токпо. Экообуздун бактылуу кундорубузду эсте. ) Мен бул катты окуп бутуп макул сен айткандай болот. Менин биринчи таза суйуум. Менин тунук махабатым деп коз жашымды аарчып алдыга ишенимдуу кадам таштадым.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#196 Пользователь офлайн   aqua-94mema   22 Ноябрь 2015 - 02:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Мен Карачачымдын керээзин аткаруу учун уйлондум. Экинчи турмушум менен бактылуумун. Эжелерим турмушка чыккан. Эн жакшы жери учоо тен бир айылга жана бир кочого турмушка чыгышкан. Жезделерим менен бактылуу жашашат. Апакем азыр бактылуу чон эне. Кыздуу болдум. Небересин колуна алып суйунучу койнуна батпай жургон убагы. Мен азыр россиянын чон шаарларынын биринде жумуш кылам. Ушул менин башымдан откон окуя. Эгер ушул менин айтып бергендерими ак кагазга тушурсонуз бизден кийинки жаштарга сабак болоор деген умуттомун деп созун бутурду.

Мен сиздерден кечирим сурап кетмекчимин. Анча мынча ката кеткен болсо кечириниздер. Биз бул жарык дуйного артыбызда из калтыруу учун келгенбиз. Перзентерибизди тунук махабатынан айрыбайлы. Биз ата энелерибиз кылган анча мынча каталарды ондоого милдеттуубуз. Ар дайым жузунуздордон жылмаю кетпесин бактылуу болунуздар. Аягы ....автор кыргызмын сыймыктанам.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#197 Пользователь офлайн   aqua-94mema   22 Ноябрь 2015 - 02:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Аягы деп туратго ? ...
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#198 Пользователь офлайн   mega777   22 Ноябрь 2015 - 03:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

"Жетпей калган сүйүү"," Азаптуу тагдыр"темалары менен бириктирилди. Ар бир чакан баян үчүн жаңы тема ача берүүнүн кажети жок!Ушул темага жазгыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#199 Пользователь офлайн   basyz-kaman.   24 Ноябрь 2015 - 17:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2016 11:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтүү Көк-Арт өрөөнү.

Л. Н. Толстойдун "Кымбатка түштү" аңгемесин которгон Э. Долонов.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#200 Пользователь офлайн   basyz-kaman.   24 Ноябрь 2015 - 17:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2016 11:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтүү Көк-Арт өрөөнү.

КЫМБАТКА ТҮШТҮ.
Болумуш


(Моппасандыкы боюнча)

Франция менен Италиянын ортосунда, Орто жер деңизинин жээгинде кенедей өлкө бар. Ал өлкө Монако деп аталат. Бул өлкөнүн калкы чоң кыштактын элинен да аздык кылат, бар болгону жети миң адамы бар, ал эми жеринин көлөмүн ушундан билиңиз — жан башына бөлгөндө бир тешеден да келбейт. Бирок бул өлкөнүн да кадимкидей эле падышасы бар. Ал падышанын ак сарайы сарай кызматчылары, министрлери менен архиерейлери, генералдары жана аскерлери да бар.

Аскери чакан, бар болгону алтымыш адам, ошондой болсо да аскер болуп эсептелет. Падышанын кирешеси деле чеке жылытпайт. Кадимкидей эле салык салынат, тамекиге да, шарапка да, аракка да, жан башына да; ичишкендиктери, тамеки чегишкендиктери менен аз элдин иши аз да, ал эми падыша болсо сарай кызматчыларын, чиновниктерин жана өзүн жансактатууга тийиш. Бирок падышанын өзгөчө кирешеси жок. Анын мамлекетинде өзгөчө киреше кумарканадан — рулетка деп аталган оюндан түшөт. Бири утса, экинчиси уттурат, кумаркананын ээсине болсо дайыма пайда түшүп турат. Кумаркананын ээси падышага көп акча төлөйт. Көп акча төлөгөндүгүнүн себеби азыр бүткүл Европадагы жалгыз кумаркана ушул. Мурда андай кумарканалар немецтик княжестволордо болгон, бирок мындан он жылча илгери аларга-тыюу салынган. Анткени, кумарканаларда ар кандай кырсыктар көбөйүп кетти. Бирөөлөр келет да, ойной баштайт, оюндун күүсүнө берилип кетип, бар мыдырын кумарга сайып жиберет, анан күйүтүнө чыдабай же сууга чөгүп, же атылып өлөт Немецтер өзүнүн княжестволоруна тыюу салып коюшту, ал эми монакандык падышага тыюу сала турган жан болбоду: жалгыз ошондо калды.

Мына ошол күндөн тартып кумарчылар Монакого чогула турган болушту, мунусу ага пайда. Такыбалардын эмгегинен ак сарай курулбайт эмеспи. Мунун жаман иш экенин монаколук падыша да билет, бирок арга канча? Жансактоо керек эмеспи. Арагың да тамекиң да чеке жылытпады. Монаконун падышасы доорон сүрө берди, бийлик жүргүзүп, күрөп-күрөп акча жыйнады, салабаттуу королдорго окшоп, ак сарайындагы бардык тартипке көз салат. Кадимкисиндей таажысын кийип, такка олтурат, көчөгө да чыгат, сыйлыктарды да таратат, өлүм жазасына да тартат, кечирим да берет, парады да, кеңеши да, закондору да, соттору да кадимкидей. Бир гана жери— бардыгы майда.

Мындан беш жыл мурда бул падышанын малекетинде киши өлтүрүлдү. Анын калкы куулук — шумдукту билбеген момун немелер, мындай окуя эч болуп көрбөгөн. Койкоё тартып, судьялар чогулушту, соттой башташты. Судьялар да, прокурорлор да, присяжныйлар да, адвокаттар да катышышты. Ары соттошту, бери соттошту, акыры келип закон боюнча кылмышкердин башын алууга өкүм чыгарышты. Өкүмдү королго алып барып беришти. Король окуп чыгып, бекитти. Жазалай турган болгон соң жазалоо керек. Бир гана жери ал жерде гильотиндер да, баш кесерлер да жок болуп чыкты. Министрлер ары ойлонушту, бери ойлонушту, акыры кылмышкердин башын алуу үчүн француздар убактысынча машина жана мастер жибере алышар бекен, эгерде жибере ала турган болсоңуздар, анда бул ишке сарпталуучу чыгымды кабарлап койсоңуздар экен деп француз өкмөтүнө кат жазмак болушту. Кат жөнөтүлдү. Бир жумадан кийин жооп алышты: машинаны жана баш кесерди жиберүүгө болот, ага кетүүчү чыгым он алты миң франк. Падышага айтышты: Падыша ары ойлонду, бери ойлонду — он алты миң франк! «Алиги шүмшүктүн, дейт ал, куну буга татыбайт. Арзандатса болбойт бекен? Антпесе бу он алты миң франкын,— ар адамга эки жарым франктан ашык чыгым салуу дегендик эмеспи. Оор болот го. Бунт чыгарып жүрүшпөсүн». Кеңеш уюштурушту — ишке кантип жардам берүү керек? Ошондой эле катты италиянын королуна да жибермек болушту. Француз өкмөтү — республика, падышаларды сыйлашпайт, ал эми Италиянын королу канткен менен боордош эмеспи, мүмкүн арзаныраак алар. Кат жазышты: андан көп узабай жооп келди. Италиянын өкмөтү машинаны да, мастерди да жан дилибиз менен жиберебиз, ал эми барып-келишин кошуп эсептегендеги чыгым он эки миң франк болот, деп жазыптыр. Мурдакыга караганда арзан, бирок баары бир кымбат. Каргыш тийгирдин куну буга да татыбайт. Жан башына чачканда ашык— кеми жок эки франктан туура келет. Кайра кеңеш курушту. Ары ойлонушту, бери ойлонушту — чын эле арзандатууга болбойбу? Шаан-шөкөтү жок эле солдаттардын бири башын кыя чаап салып жүрбөсүн.— Генералды чакырып келишти. «Кана, баш кесе турган солдат табылып жүрбөсүн? Баары бир согушта бирин бири өлтүрүшөт да. Солдатты ошого даярдайт да». Генерал солдаттарга кеп салды бул ишке кимиңер жарайсыңар? Эч кимиси жарабады. «Жок, дешти, алар, ал иш биздин колдон келбейт жана үйрөнгөн да эмеспиз».

Эмне кылуу керек? Кайрадан ойлоно башташты, комитетти, комиссияны, кошумча комиссияны чогултушту. Мурдакы өкүмдү бузушту. Өлүм жазасын, дешти, түбөлүк түрмө менен алмаштыруу керек. Ушундан улам падышанын кайрымдуулугу да айгинеленет, чыгым да аз кетет. Падыша макулдугун берди, маселе да чечилди. Азап дагы башталды— өмүр бою камап салууга жарай турган өзгөчө абак жок болуп чыкты. Чакан зындандар бар, ага убактылуу эле камашат. Акыры имарат издеп табышты. Алиги эргулду алып барып камашты. Күзөтчү коюшту.

Күзөтчү күзөтүн да аткарат, кылмышкерге оокат алып келип берүү үчүн ак сарайга да барат. Алиги эргул ушинтип жарым жыл олтурду, анан бир жылга да толду. Жыл аягында падыша киреше-чыгашаларын эсептеп баштады, караса кылмышкерди туткандык үчүн жаңы чыгым пайда болуптур, анысы да бир кыйла. Өзгөчө коюлган күзөтчү, анын да тамагы. Бир жылга айланганы алты жүз франк. Ал эми алиги эргулуң нары жаш, нары лакыйган неме, элүү жылга чейин жашай турган. Анда эми эсептей бериңиз. Чыгым чоң. Минткени болбойт. Падыша өз министрлерин чакырды: «Алиги шүмшүктөн, дейт ал, арзаныраак кутулуунун айласын тапкыла. Болбосо ал бизге аябай кымбатка түшө турган». Министрлер чогулуп алып ары ойлошту, бери ойлошту. Бири: «Бери караңыздарчы мырзалар, менимче, күзөтчүну алып таштоо керек» — десе, экинчиси мындай дейт: «Анда кылмышкер кетип калбайбы» — «Кетмек түгүл житип кетсин». Падышага айтышты. Падыша да эп көрдү. Күзөтчүнү бошотушту. Эмне болор экен деп карап турушту. Түштөнөр убакыт жеткенде кылмышкер сыртка чыгып, күзөтчүнү издеди, аны таппаган соң тамак алып келмек болуп, падышанын ашканасын карай жөнөдү. Бергенди алды да абакка кайтып келди, каалганы ичинен бекитип, ордуна барып олтурду. Эртеси да ошондой болду. Барып тамак алып келет, бирок кетпейт. Эмне кылуу керек? Ойлоно башташты. Сенин бизге керегиң жок деп өзүнө түз эле айтуу керек, дешти. Кете берсин. Муну бардыгы туура көрүштү. Аны юстиция министри чакырып алып, мындай деди: «Сиз неге кетпей жүрөсүз? Кашыңызда күзөтчү жок. Каалаган жагыңызга кете бербейсизби, падыша деле капа болбос чыгар». — «Падышанын капа болбосу чын деңизчи бирок менин барар жерим жок. Кайда барам? Сиздер өз өкүмүңүздөр менен маскарамды чыгарып салдыңыздар, мени эми эч ким албайт, бардык иштен калдым. Сиздер, дейт ал, мага калганда туура эмес иш кылдыңыздар. Анткениңиздер жарабайт. Айталы, сиздер мени өлүм жазасына өкүм кылдыңыздар, мунуңар жакшы. Мени жазаласаңыздар болмок, антпедиңиздер. Муну бир деңиз. Акыйлашпадым. Анан мени өмүрү өткөнчө жатсын деп түрмөгө камадыңыздар, тамак ташып берип турсун үчүн күзөтчү койдуңуздар, кийин аны да алып таштадыңыздар. Муну эки деңиз. Дагы да акыйлашпадым. Тамакты өзүм алып келип жүрдүм.

Эми кеткин деп айтасыз. Жок, эмне кылсаңыз ошо кылыңыз, эч жакка кетпейм».

Кандай арга табабыз? Кайра кеңеш курушту. Эмне кылуу керек? Кептей койду. Ары ойлонушту, бери ойлонушту. Ага пенсия чектеп берүү керек. Антпесек андан кутулбайт окшойбуз. Падышага айтышты. «Арга жок, дейт, андан эптеп кутулуу керек». Ага алты жүз франк чектешти. «Эгерде, дейт, кылтың-мылтыңы жок төлөй турган болсоңуздар кетип деле каламын».

Ошентмек болушту. Үчтөн бирин мурда төлөтүп алды да, бүткүл бардыгы менен коштошуп, падышанып жеринен чыгып кетти. Барар жери темир жол менен болгону чейрек сааттык жол. Чыгып кетти да, жакын эле жерге барып орунтукташты, азыраак жер сатып алды, короо айдап бак сайды, жыргап-куунап жашап берди. Маалында келип пенсиясын алат да кумарканага кирип, эки-үч франк саят, бирде утса, бирде уттуруп коюп, поезд менен үйүн карай жөнөйт. Эч жанга залалы жок бейкапар өмүр сүрө берди.

Адамдын башын кыя чаап салууга, өмүр бою түрмөгө олтургузуп коюуга кеткен чыгымдан качпаган мамлекеттер да бар, анын кылмышы ошолордун биринде жасалбаганы ийги иш болгон экен. АЯГЫ.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июл 2025 02:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: