БАКЫТИЗДЕП.
..
(повесть)
Май айынын аяк чени. Күн ысык.Үйүндө улам тынчсыздана келинчегин күткөн Жусуп каардана баштаган. Дал ушулучурда шашыла бөлмөгө Айжан кирип эле жолдошунан кечирим сурады.
- Азыр саат канча болду? – дегенЖусуп анын сөзүн бөлдү.
- Билем, беш жарымга бармакпыз,эстен чыгып кетиптир…
- Азыр саат канча болду? – деп жолдошу ачуулу кайталады.
- Алты кырк – деген Айжан күнөөнү мойнуна алган кичинебаладай жер тиктеди.
- Анан... – деди Жусуп тиштеринкычырата,
- сен ушул убакытка чейин аны менен болдуңбу?
- Жусуп...
-Кыйнабачы мени Айжан.Үй-бүлөбүздү бузбачы, ыдыратпачы.
.. Сага эмне жетишпеди? Мен жакшы эле аракеткылдым.
Айтчы эмне керек сага? - деп ызырына дубалды уруп калды.
- Жусуп мен сени эч качан алдаганэмесмин,
суранам башымды бошот, ажырашабыз,
бири-бирибизди кыйнабай, тоскоолболбой.
..
- Жыйырма төрт жыл бирге өмүрсүрүп тоскоол болуп калган экенбиз да...
- Түшүн мен аны сүйөм, дагы делесүйөм!
– дегенде жинденген Жусуптун ою уйгу-туйгу боло колуна тийген нерсениалып ыргытканда чоң күзгүгө тийип, ал майдалана түштү. Коркуп кеткен Айжан селтэтти. Жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү кулагына угулду. Шарактаган күзгүнүн дабышын укканкызы да бөлмөгө чуркап кире апасын кучактай калды. Күнбийке атасынын мындайабалын биринчи көрүшү. Ошон үчүн Жусуптун «апаңа кол көтөрбөйм, өзүңө бар» депайткан сөзүнө ишенип-ишенбей айласыз бөлмөдөн чыкты.
- Башка чыдай албайм! – деп Жусупсөзүн улантты. – Мен акмакмын. Ушунча жылдан бери сени..., мен акмакмын...Башка кармай албайм, жолуң ачык! Сен бошсуң! Бирок бир нерсени билип ал! Магабакыт тартуулап, ошол бакытты да, мени да бактысыз кылган сенсиң! – деди ЖусупАйжандын көзүнө тике карап. Ал көздөрдө сүйүү да, таарыныч да, кайгы да, өкүнүчдагы бар эле… Алар дагы жаш сыяктуу агып кетсе гана?! Чыдай албады Жусуп мынданары, көңүлү майышып. Мурдагы Айжанды караган көз караштын жалындуу оту даөчкөндөй сезилди.
Эртеси окуудан жаңыдан келгенКүнбийке кире бериш жердеги чемодандарды байкап атасына тигиле карады:
- Кызым биз апаң экөөбүз өзүнчөжашайлы деп чечтик. Бирок, бил, бул чечим дароо кабыл алынган жок – деп баштадыЖусуп сөздү, Айжан экөөнүн ажырашуусун ушинтип түшүндүрүүнү туура көрүп.
- Кече урушсаңар, бүгүн жарашыпалбайсыңарбы?
– деди Күнбийке атасына акыл айткандай, алардын жылуу мамилесичыны менен үзүлгөнүн сезбестен.
- Азыр бизди түшүнүшүң кыйынболот,
кийин... Бийигим менин! Биз апаң экөөбүз акыркы күндөрү тил табыша албайкалдык.
- Эмне апам башка тил үйрөнүпалыптырбы?
!
- Кызым атаңды кыйнабачы.
- Азыр кетсеңиз, мен сиз мененбашка эч качан сүйлөшпөйм,
барбайм дагы.
- Бийигим, сен барын түшүнөсүң.Сен менин акылдуумсуң!
– деп атасы кызынын чекесинен өбүп чыгып кете бергенде,ары жакта тыңшап турган апасы Күнбийкени чакырды:
- Күнбийке отурчу кызым жаныма.Мени бактылуу болсо экен дейсиңби?
- Албетте,
апа!
- Анда мени ук. Сен мени түшүнүшүң керек. Сендей кезимде мен бирадамды абдан жакшы көрүп калгам. Тилекке каршы биз бирге боло алган жокпуз. Эмиарадан ушунча жыл өтсө дагы мен аны унута албадым. Ал кайрадан... Биз...
- Эмне дейсиз? Кулак уккус нерсе!Атамдын кетишине сиз күнөөлүү турбайсызбы!
- Ушул убакытка чейин мен силердеп жашап келгем, эми өзүм үчүн уруксат бергиле. Сага көп нерсе түшүнүксүзболуп,
бардыгы тез арада чечилип жаткандай сезилсе керек. Бирок, андай эмес менаны көп жыл күттүм. Көп...
- Сүйлөбөгүлө!
Башка уга албайм!– деди Күнбийке көзүнө тегеренген жашы көз ирмем менен ылдый түшө. – Демек, -деди кайтадан сөзүн уланта, - менин түшүнүгүм боюнча бакыт сиз үчүн үй-бүлөнүнбузулушу!
- Андай эмес.
- Анда бакыт-
бул сиз үчүн менин бактысыздыгым!
- Күнбийке эмне деп сүйлөпжатасың?
- Сиз сурадыңыз бактылууболушумду каалайсыңбы деп. А сиз менин бактымды каалайсызбы?
Менин бактым - булбиздин бирдиктүү үй-бүлө!
- Гүлкыял турмушка чыкты, сендагы өзүнчө үй-бүлө курасың. Ушул учурга чейин силер деп келдим. Дагы делеэмнеге өзүмдү курмандыкка чалышым керек? Өзүм үчүн дагы жашагым келет! МенТаалай менен бирге болууну каалайм...
- Мынаке, сиздин сырдуу сүйүүңүз!
Таалай! Атамчы? Атам менен өкүнүчтүү өмүр сүрдүңүзбү?
! Кантип ушунун барын магаайтып жатасыз? Кантип? Ошончолук сүйүүңүз күчтүү болсо дагы жашыңызга карап ишкылбайсызбы?
! Кырк үчкө чыгып деле атам замандагы сүйүүңүздү эстебей!
- Кызым…
- Болду башка эч нерсе уккумкелген жок – деп Күнбийке сыртка чуркап кетти. Башы айланды. Үңүлдөп, кыйкырыпыйлап алгысы келди, бирок, ыйлай албады. Жашы тамагына кысылып катып калгандай.Буга бир жагынан ишенгиси да келбеди. Үйдө болсо апасы бир аз убакыт өтсөкөнөр, Таалай менен тааныштырсам кабыл алаттыр деген ойдо калган. Алүй-бүлөсүнүн астында күнөөлүү экенин сезсе дагы экинчи жолу, эңсегенмахабатынан айрылгысы келбеди. Бул оюн шашыла бир жума өтүп-өтпөй ишке ашырганыаракет кылды. Айжан Таалайды үйгө чакырды. Ал экинчи кабаттан түшүп келе жатканкызын көрүп:
- Мына бул менин кызымКүнбийке - дегенде негедир катуу толкундана жакындай келген Күнбийкеге Таалай:
- Кандай? - деп колунсуна койду.
Күнбийке аны баштан аяксыноо менен карады да:
- Майга бышкан нандай! -деп сыртка чыгып кете берген. «Шайтан кыз» деди Айжан ичинен, эч нерсе дейалбай, ыңгайсыздана туруп калган Таалайды көрүп.
Кечке жакын Күнбийкеүйүнө көңүлү көтөрүңкү кайтты. Ал кыңылдай ырдап ашканага кире өзүнө тамаксалып отурду. Артынан кирген апасын көрүп:
- Айсулуу жокпу? – дедиүй жумушчусун сурап. Айжан жини келгендей:
- Ал кетти. Башка эчнерсе айткың келбей элеби?- деди.
- Эмнени айтайын? Тамакиче элексизби? Мени аябай карадыңыз го! Сизди Таалай менен ичкен чыгар дедим.
- Эч нерсе болбогондойжүрөсүң!
- Эч нерсе болбогондойсиз жүрөсүз атамды кетирип коюп! Башка айтар сөзүңүз жок болсо мен тамакичейин.
- Таалайдын машинасынэмне кылдың?
- Эмне кылыптырмын?
??
- Билбемиш болбо,айнегине боёк чачып, дөңгөлөктөрүн жарып салганыңар эмне? Азамат экөөңөрдүн кылыгыңарбы?
Дагы алдынкы айнегине «желмогуз!
» деп жазып койгонун мунун!
- Мен экенимди далилдейаласызбы?
Анан дагы Азаматты кийлигиштире бербесеңиз - деп Күнбийке өйдө турупапасына жакындады.
- Сенин мамилең магаөзгөрүп,
чектен чыгып баратасың. Анан улуу киши кол сунса жооп бербегениң эмнедеген тарбиясыздык?
!
- А эмне тарбиялуу адамапасынын ойношу үйгө келгенде күлүп жайнайбы? - дегенде Айжан аны жаактан арыбир чапты. Күнбийке чымырай кызара түшкөн бетин кармап апасына тике карады да,- Мен атам менен жашайм! - деп бөлмөсүнө жүгүрүп кирип эле кийимдерин жыйнайбаштады.
– Калпычы! - деп жатты, - калпычы! Үй-бүлө барынан алдыда туруш керекдеп коёт! Алдамчы, жек көрөм сени! - деди эми гана көздөн аккан жашы менен...Айжан кызын өзүнө күтүүсүздөн чаап алып, оозун колу менен беките титиреди. Бирнече мүнөттөн кийин чемоданына кийимин ныгыра салган Күнбийке, апасы тараптыкарабастан эшикти тарс эттире жаап чыгып кетти. Көп убакыт өтпөй көзүн шишикалган кыз атасынын маңдайында турду:
- Кечирчи мени ата! Мен сүйлөшөберейинби?
- Бийигим менин атаңдын жүрөгүноорутпачы!
– деген Жусуп мойнуна асылган кызын кучактады. Ал дагы кызын абдансагынган эле. Жусуп адатынча Күнбийкени чекесинен сүйүп, мурдунан чымчыйэркелетти.
Аңгыча аркы бөлмөдөн саламдаша бир аял чыгып келди.
- Катчыңыз бул жерде эмне кылыпжүрөт?
– деди Күнбийке аны дароо таанып. Атасы жооп бергиче, - аа, билдим үй -жумушчусу кылып жалдадыңызбы?
– деп Күнбийке сүйүнө кетти. Бул сөзгөнамыстанган Марина:
- Мен атаң менен жашап жатам,экөөбүз үйлөнөбүз - дей салды.
- Түшүңүздөбү?
- деп Күнбийкежанына келе калган аялдан атасын алысыраак өзүнө тартты да, - сиз канчадасыз?
–деди.
- Отуз алты – деди Мариначачтарын кулагынын артына тарта Жусуптан жаш экендигине мактангандай.
- Аии, бир топ улуу көрүнөт экенсиз,кырк жети десеңиз дагы ишенбейт элем!
- Кызым...- деди Жусуп.
- Жөн кой Жусуп, бала да – деди Марина ызырынса да.
- Анан күйөөгө чыктыңыз беле?
- Жок.
- Хм, таң калыштуу эмес!
- Бийигим! – деди атасы кайрадан.
- Жөн кой ата, баламында!
-дегенде Жусуп Маринага бара турчу дегендей белги берди. Ал чоюла басып, Күнбийкенижактырбагандай карап башка бөлмөгө өттү.
- Бийигим, бул эмне кылганың?Апаң экөөбүз ушинтип үйрөтпөдүк эле го.
- Апам экөөңөр үйрөтпөсөңөртурмуш үйрөтүп жатпайбы ата! – деди Күнбийке олуттуу сүйлөп өзүн чоң киши сезе.- Ата мен билем сиз апамды сагындыңыз,
кайтыңызчы.
Бирге жашайлы. Мен бары бирсиз тараптан дагы, апам тараптан дагы бөлөк адамды кабыл албайм. Апамдыкечириңизчи.
Мен билем мунун баарына ким күнөөлү...
- Жок кызым, апаң...
- Апам эмес, Таалай күнөөлү ата! – деген кызынжылмая карап кучагына бекиткен Жусуп үндөбөдү. Бир нече саат өтүп, Күнбийкеүйүн айланып чыга, бөлмөсүнөн эски чоң курчагын ала кайра атасына келди. - Ата,бул үйдөгү дубалдарды бат-бат сагынып турамын. Гүлү экөөбүз улам жыйнаганыкелип турчук эле, ал кеткенден бери жалгыз келген эмесмин. Бул жерде экөөбүздүнбала чагыбыз өттү. Апамды алып келбейлиби!
Мүмкүн апам барын эстеп бизгекайтат.
Ал дагы сагынгандыр бул үйдү – деди Күнбийке бардыгы өзү ойлогондой оңойсезиле.
Аңгыча Марина тамакка чакырды. Бардыгы столду тегерене отурушту.
Бакыт издеп Автору;Айдана Эрмекбаева
#2 22 November 2015 - 19:24
Күнбийке Маринаны жек көрүүсүнжашырбагандай алдына коюлган шорпону кашык менен улам сапыра үйлөдү. Анантамактын даамын көрө, - Бул эмне деген шумдук?! – деди мурдун чүйрүйтө оозунаалган тамагын жийиркене табакка түкүрүп.
- Тузун көбүрөөк салыпкойгонсуңбу Марина - деди Жусуп дагы табагын ары жылдырып, чынысындагы чайынжутуп жибере.
- Ошондой де, Күнбийке буга дажетишкен экенсиң! – деди Марина ушул маңдайында отурган кыз атайлай кылганынсезип.
- Шордуу тамак жасаганыңызга менкүнөөлүмүнбү? Ата ресторандан барып тамак ичпесек мен ачкамын – деп ордунантурду. Жусуп макул боло, аркы бөлмөгө киргенде артынан бараткан Маринага, - Сиздагы биз мененби? – деди Күнбийке күлүмсүрөп.
- Мен Жусуп менен, сиз мененэмес! - деди кызды акырая караган Марина бир жагынан бул жаш кыздын кылыгынаызалана.
Бир күн өтүп көптөн бери камдапкойгон белегин Жусуп кызына тапшырды. Анткени дал бүгүн Күнбийкенин туулганкүнү. Атасы он сегизге чыкканда машина алып берем деген сөзүн унуткан жок. Күнбийке сүйүнгөнүнөн дароо Жусупту кошо отургузупалып бир көчө айланып келишти. Бирок, кечкете чөнтөк телефонуна апасынын чалыпжатканына көңүл бурбады. Атасынын алып жооп берип кой дегенине да көнбөдү.Машинасын эшиктин алдына токтотуп, Күнбийке шашыла даярдана баштаганда жигитиАзамат үйүнө келди.
- Кел уулум бул жаккаотур – деди Жусуп алек айтып кирген Азаматты көрүп. - Марина чайыңды алып кел.Күйөө балам келген турбайбы.
- Рахмат, жөн эле коюңуз,биз азыр эс алганы барып, анан тамактанабыз – деди Азамат атасынан уялгандай.
- Анын үстүнө биздетамактын баары өтө туздуу Азамат, ичпесең арманда калбайсың – деди Күнбийке Маринанышылдыңдай бөлмөсүнө кирип баратып. Атасы башка сөзгө бурууга шашыла Азаматкакарап сүйлөй кетти:
- Балам, негизи Бийкенисага ишенгенимден көп жерге жиберем. Абайлап жүргүлө! Кечинде машинаны алганыуруксат бербедим. Барып алып кетем десем болбой койду, такси чакырып келебергиле. Бирок түн жарымдан өтүп жүрбөгүлө. Он–он бирлерде келип калгыла –деген Жусуптун сөзүнө макул болгон Азамат башын ийди. – Сен төртүнчү курс болупбүтөрүңө аз калган турбайбы. Тажырыйба алып иштей турган убакыт келген экен.Менин фирмама келип такшала бербейсиңби, өзүңө жакшы – деп сөзүн уланткан Жусупкызы чыкканча Азамат менен сүйлөшүп отурган. Бир нече саат өткөн соң Жусупкасөз бергендей өз убагында ал Күнбийкени үйүнө жеткирип койду. Дарбаза алдындатурган машинаны тааныган Күнбийке эшигин ачып апасынын жанына отурду. Эртеденбери кызын күткөн Айжан сүйүнө, кечирим сурап Күнбийкени кучактап калды.
- Кечирдим апа, сагыныпда кеттим! – деди кызы апасына эркелей, чекесин сылаган колунан өбүп.
- Убакыт ушунчалыкзымырап өтөт экен. Сенин он сегизге чыгып калганыңа ишене албай жатам.
- Ишене бериңиз!Билесизби? Атам мага машина белек кылды. Мен алган айдоочунун күбөлүгү бирнерсеге жарады - деп күлдү Күнбийке.
- Баса мына менинбелегим! - деген Айжан кызына кооз оролгон кутучаны сунду.
- Эң чоң мен күткөн белекатам экөөңөрдүн жарашууңар. Бул кутучада каалоомду аткара турган сыйкырдуу бирнерсе барбы? Андай болсо, мен апам менен атам дайым бирге болсун демекмин.
- А менин дагы бирбелегим бар - деди апасы башка сөзгө өткөндөй. - Бүрсүгүнү Москвадан келгенИгорь Шаляпин деген дизайнердин көргөзмөсү болот. Мына үч билет.
- Анда сонун болгонтурбайбы, атам үчөбүз барабыз! – деп сүйүнө билеттерди чөнтөгүнө салды. - Менбилгем сиз кайра жарашкыңыз келип жүрөбү? - деп апасынын унчукпай калганынкөрүп, - эмне мени Таалайыңыз менен мода көргөнү барат дедиңизби? – деди.
- Күнбийке ал жакшы адам,бир гана сени менен жакшылап таанышса деген аракетим бул. Аны сен билгендемамилең өзгөрөт. Сен бардык чындыкты билбейсиң...
- Үй-бүлөбүздүн бузулупбаратканынан башка чындык жок туурабы? Дагы кайсы чындыкты айтып жатасыз?!
- Таалай мени үйүнө алыпбарганда апасы жоолук да салбай койгон. Жада калса бир айдан кийин кууп чыккан.Ошол бир айдын ичинде да күн көргөзгөн эмес. Анан биз бөлүнүп өзүнчө турупкалдык. Бирок, анда да калган жок. Ал курбусунун кызын алып берейин деген оюнишке ашыра албады. Ошентип, өзүбүзчө жашап жүргөнүбүздө Таалай жумушта кезиндедагы кууп мени үйдөн түртүп чыгарган. Андан кийин апам менен атам артыманкелген Таалайды киргизбей «кызыбыз оюнчук эмес» деп мени бербей коюшкан. Ошондоүч ай боюмда бар болчу. Таалай жини келип апасы оюндагы кызды алып берердеатайы башкага үйлөнүп алат. Жусупту Таалайга турмушка чыкканчакты эле билчүмүн.Анын жакшы көрөрүн дагы. Таалайга эрегишип мен дагы Гүлүнү төрөгөндөн кийинЖусупка турмушка чыгып алдым.
- Гүлү...?
- Ооба, Гүлү Таалайдынкызы. ..
- ...Гүлү? – деди дагыкыздын көзүнөн жаш кетип.
- Кызым...
- Жетишет!
- Мени уксаң Бийке…
- Гүлү билеби?
- Билбейт... - деп бир азунчукпай калышты да, апасы кайра, - Бийке түшүн... Ошон үчүн мен мурун жетпейкалган махабатымды азыр алаканга салып коргогум келет – деди.
- Уккум келген жок! - депбая ачып келе жаткан белегин ошол бойдон ачпастан, - муну да алаканыңызгасактап Таалайыңызга берип коюңуз! - деп апасына кармата машинадан чыгып кетти. Ыйлагандамурду кызара түшчү Күнбийкени атасы үйгө кирери менен байкады.
- Кооой, эмнеге ыйлап жатты экенменин кичинем? Келчи жаныма - деди ал кызынын жашын алаканы менен сүртө.
- Эмнеге апам биздибактысыз кылды? - деди Күнбийке башын диванда отурган атасынын бутуна коюп.
- Бийигим «бактысыз » деген бул кайгылуунерсе. Сен бактысызмын деп айтпашың керек. Сен бактылуусуң! Күндүн батканын,таңдын атканын көргөн, ал дагы бакыт. Жаңы күн, бул жаңы өмүр деп бил... Сенинжылмаюң дагы мен үчүн бакыт кызым! Ал эми апаңдын күнөөсү бир гана сүйгөнжүрөгүндө болбосо, башка күнөөнү мойнуна иле албайбыз.
- Сүйсө эмне үй-бүлөсүнбузуш керек бекен?
- Азыр биз эч нерсениөзгөртө албайбыз. Болгондо апаңдыкы чын сүйүүдүр. Аралыкка, өткөн убакыткакарабастан. ..
- Апамдыкы анда жамансүйүү! – дей салды Күнбийке атасынын сөзүн бөлүп.
- Сүйүү жаман болчу беле?- деп күлдү атасы.
- Болот адамдынжакшы- жаман сапаты барбы?! Сүйүү да ошондой. Сиздики мисалы жакшы сүйүү, апамсизден кетип калса дагы болушуп отурасыз.
- Болушкан жокмун.
- А эмне кетип калганынынсебебин издеп жатасызбы? -деп башын өйдө кыла атасын карады да, жоопболбогондуктан кайрадан башын коюп сөзүн улантты. - Себеп жок ата. Бир ганаапамдын башкага, сиздин апама болгон махабатыңыз. Бирок бир нерсени түшүнбөйм,Марина- бактерия менен эмнеге жашайсыз? Апамды унутуш үчүнбү же эрегишиппи? .. -деп дагы деле атасынан жооп күтө албады. Бир аз унчукпай калган соң, - бизАзамат экөөбүз үйлөнөбүз деп чечтик - деди таарынычы тарай элек кыз. Бир жагынан ата-эненсине өчөшүп айтканыэле. - Анын үйүндөгүлөрү дайын. Эки жумадан кийин келип сөйкө салып кетебиздептир. Анан той болот. Сиз макулсузбу? – деди Жусуптун жообун күтө.
- Мен сен каалаган адамгатурмушка чыгышыңа каршы эмесмин. Бирок, азыр эрте деп ойлойм. Дагы бир эки жыланы коё тургула. Жаңы эле биринчи курсту бүтүп, эмне кыласың башыңа чоңжоопкерчиликти илип. Үй-бүлө курганга жетишесиң кызым.
- Ата коркпоңуз! - дедикыз өйдө тура калып, - биз Азамат экөөбүз ажырашпайбыз. Жакшы үй-бүлө болобуз.Чоо- оң той болот.Тойдо кудалар келгиле деп сөз бергенде, апам экөөңөр ушинтипколдон ала - деп кыймылы менен көрсөтө, - ээрчише чыга сүйлөйсүңөр - деди. Менболсо төр жактан силерди карап абдан кубанам. Бийлейбиз... Экөөбүз бийлейбизата! Апам Азамат менен бийлейт. Анан сиз микрофонду аласыз дагы, чики-чики тумдеген биздин ырыбызды ырдап бересиз ээ ата?!
- Ырдап берем Бийигим,ырдап берем - деди каткыра күлгөн атасы, кайрадан келип бутуна башын койгонкызынын чекесинен өбө. Күнбийке ошонун барын элестете кеттиби бир топко чейинүндөбөдү. Андан кийин ал уктап калды. Атасы кызынын уйкусун бузбоо аракетиндеакырын башынан сылады. «Кечир мени Бийигим, эч качан сага ушунча азаптарттыртам деп ойлогон эмессмин. Кечир... Сен берген суроолорго жоопту өзүм дабилбейм... Өзүм...» деп ичинен ойлоно отурган атасы ушинтип кызынын уйкусун кайтаратаң аттырды.
Эртең менен Жусуптунжумушка жөнөп баратканын көрүп Күнбийке жакындай келди да оюна бир нерсекелгендей жылмайып:
- Ата бүгүн россиялыкдизайнер Игорь Шаляпиндин көргөзмөсү болот, ошого барып келеличи. Апам кечеүчөбүзгө билет алып коюптур – деди.
- Апаң менен барып келБийигим. Мени билесиң да андай нерселерге кызыкпайм дагы, жактырбайм дагы.Модада мага эмне бар?! – дегенде кызынын таарына бултуйуп туруп калганын көргөнЖусуп, макул болууга аргасызданды. Күнбийке атасына эки билет карматып, өзүкечигип барарын айтты. Жусуп эшикти ача чыгып бара жатканда кызынын «Ата, менсизди миң жолу аябай жакшы көрөм» дегенин угуп, Күнбийкени жылуу жылмая карапишине жөнөдү. Бул кызынын атасы ишке кетээрде күндө айтчу сөзү болчу.Кичинесинен эле ал апасы менен кошо таң атпай тура Жусупка ийгилик каалапжумушка узатчу. Кайран! Ал күндөр дагы көз ачып жумганча зуулдап өтүп кетпедиби...
Күнбийке апасы жашаганүйгө келип, анын үйдө жок экендигин билген соң дароо үй жумушчусу Айсулуугакайрылды:
- Айсулуу эже өтүнүч бар,аткарасызбы? Атам менен апамды жарашсын десеңиз Таалай бузукуга чалып Апамдынтамагы ооруп, туралбай жатат. Бүгүн көргөзмөгө бара албайт десеңиз. Эгерде булжакка келем десе, жолдошу жанында кереги жок, андай-мындай деп кошо берсеңиз -деди шашыла сүйлөп. Балалык кыялы менен ата-энесин жараштырууга аракет кылганКүнбийкеге Айсулуу боору ооруду. Калп айтып чалууга макул болбогон Айсулуугакыз колундагы күмүш билеригин чечип кармата салды.
- Кеп билерикте эмес. ТүшүнсөңКүнбийке! – деди Айсулуунун да айласы кетип.
- Түшүнөм. А бирок, сизмени түшүнбөйсүз! Апам менен атамдын ажырашканы дагы бары бир. Жардам бергиңизкелбесе ошентип эле айтыңыз! Өзүм чалат болчумун, билесиз ал мага ишенбейт.
- Макул чалам, ушул менинчалганымдан үй-бүлөңдүн биримдиги чечилсе чалайын. Бары бир, көп нерсениүмтөтпө, сен дагы деле баласың, түшүнбөй турасың.
- Мен билгем! Айсулуу эжесиз бир сонун адамсыз да! - деп бетинен өпкүлөп жиберди.
- Болду эми кошоматкылбай - дейт ал дагы тамашалай.
-Рахмат! Ммм... апама айттым.Эми номерин алмаштырамын. .. Анан Марина-бактерия калат – деген кыз шашылыпкалды.
- Сен кайда? Күнбийкетокто!
- Мен апамдын паспортуналам. Кол телефонун урдатып жиберди деп, номерин алмаштырамын.
- Күнбийке койчу деги,дагы эмнени ойлоп таптың?! Өзүнүн номерин өчүртүп эмне кыласың?
- Таалайды апама чалбасындеп. Апама дароо эле көргөзмөгө кел, мен ушул жерде болом деп айтам – дегенКүнбийке Айжандын паспортун таап сумкасына салды.
- Ай, Бийке!!! Бийке!!! –деп артынан басып жетпей калган Айсулуу чуркаган кызды көзү менен узатып калаберген. Муну менен Күнбийкенин иши бүткөн эмес. Анын алдында өзү айтмакчы«Марина- бактерия» менен олуттуу сүйлөшүү турду. Ошон үчүн кечке жакын шашылаүйүнө келген Күнбийке Маринаны көргөндө биринчи жолу сүйүнгөндөй болду. Алзалда отура кофесин жутуп, колундагы журналдын кийинки бетин ачты. Күнбийкенибайкамаксанга салып башын көтөрбөстөн отура берди. Ал б босогодон аттары замат:
- Сиз үйдө жүргөнүңүзжакшы болбодубу – деди Маринаны жылмайынкы карап.
- Билесиң да эми... Менфирманын бир бөлүмүнүн директору болгондон бери буйрук берип коюп, качанбарышты, качан келишти өзүм билем!
- Аныңыз туура. Менсизден кечирим сурайм Марина эже! Ооба, Марина эже дейм сизди мындан кийин.Бардык кылгандарыма өкүнөм – дегенде Марина Күнбийкени таң калыштуу карады. -Билем, - деди Күнбийке сөзүн улантып, - сиз ишенбей жатасыз. Чын айтыпжатканымды далилдеш үчүн мынаке бул билетти алыңыз, атам экөөңөр мода көрүп эсалып келгиле.
- Бүгүн таң эртеден беримодага барам деп тытынып жатпадың беле!
- Мен кечке ойлонупотуруп көп нерсени түшүндүм. Атам кече мага апам менен жараша албагандыгын, сизди жактырарын айтты. Мурдакы күнөөлөрүм үчүн сизден кечирим сурайм - депбилетти сунду.
- Чын элеби? - деп Маринасүйүнгөнүнөн билетти ала элек жатып, сенчи? –деди.
- Кечээ апам мененсүйлөшүп, билдиңиз го кандай акыбалда келгенимди, апамды көргүм келген жок! Алмени абдан таарынтты. Каалагандай жашай берсин. Атам менен сизге дагытоскоолдук кылбайм. Анын үстүнө сиз мага жагып баратасыз. Өткөндө айткан сөздөрүмкалп, сиз абдан сулуусуз, жашсыз. Ошол үчүн атам сизди тандады - дегенКүнбийкенин сөзүнө алдандыбы жүзү күлүп, Марина сүйүнгөнүн жашырган жок. - Атамсизди бир сааттан кийин келип алып кетет, даярданыңыз - деди Күнбийке.
- Рахмат. Сени ушундайэле акылдуу кыз деп ойлогом.
- Анда биздинжарашканыбызды белгилебейлиби! Ии, атам келгенде жарашканыбызды билсе сүйүнөтго. Суусап кеттим, сизчи? Сок ичесизби?
- Ооба, азыр алып келем.
- Жок, жок отура бериңиз,өзүм алып келем. Мен кичүүмүн - деп Күнбийке ашканага чуркап кетти.
- Эсиңе келген экенсиң! -деди ичинен Марина. - Атаң мени, апаң ойношун таштабасына көзүң жеттиби?!Ошондой. .. Мени менен тең тайлашпаганың туура. Кошомат кыла баштаганын! Мурдагыкылыктарың жөн эле кечирилет дейсиңби - деп ашканадан чыга келе жатканКүнбийкени Марина күлүмсүрөп карады.
- Билесизби, мен сизгеатама эмнелер жагат экенин айтып берем. Ошондо атам дайым сиз менен болот - депКүнбийке Маринаны андан да ишендиргиси келип, аны жибите, ичинен дароо «оозума таш!» - деди.
- Эмнеге ушунчалык бирзаматта өзгөрдүң?
- Себеби, барынойлонуштурдум. Сиз айткан сөздөрдү эстедим. Чынында, ата-энеси ажырашкан балдараз эмес. Кимдин башына келбесин көтөрүш керек.
- Көрдүңбү, мен сагабашында эле айткам, убара болбо деп!
Күнбийке аны карап «өзүнаябай кыйын сезип алганын, кичине маанайын түшүрүп коёюнчу» деди ичинен.
- Ооба, анан дагы атамсизге айткан эмеспи? Мен сизди «Марина-бактерия» дечүмүн, башка антип айтпайм.
- Балакет кыз! - дедиМарина ичи будуң чаң боло түшө, сыртынан билдирбей, - барын унуталы - деп көзүуйкуга илингендей үлбүрөп, жумуп ачып сүйлөп жаткан Маринаны карап отурганКүнбийке «Анда эмесе жакшы укта!» - деди шылдыңдай, ага колун булгалап.
Кеч кирип, бүгүнкү болгонкөргөзмө бүтөрү менен Жусуп үйүнө келди. Түрү ойлуу.Марина ага даттанганы жетишкен. Жусуп кызынын бөлмөсүнө кирейин деди да, эшикоозунда токтоп калды. Ал орто жерде турган диванга отура кетти. Дивандын аркыбурчундагы Марина бая жашылданган көзүн сүртүп Жусупту таарынгандай карады.Жусуп кайрадан ордунан турду да Күнбийкенин бөлмөсүнө кирип барды. Жылмайыптосуп алган Күнбийке:
- Ата?! Кандай барып келдиңер? –деп сурады. Ал апасы менен атасын жолуктурууну ойлоп тапканына абдан кубанычта.
- Бийигим жаныма отурчу. Апаңэкөөбүз сени аябай кыйнадык, билип турам. Бирок, Маринага уктатуучу дары берипкойгонуң эмне?
- Сонун ойлоп тааптырмынбы? ! –деди Күнбийке дагы деле сүйүнүп.
- Ал туура эмес иш кызым. Кокусанын аллергиясы бар болсочу? Же ченемден көп кошкон болсоңчу эмне кылат элең?
- Марина-бактерия аман соо отуратго! Андан көрө айтыңызчы апам экөөңөр жараштыңарбы? Ажырашпайбыз депчечтиңерби?
- Турмушта бардык нерсесен ойлогондой боло бербейт Бийигим. Азыр Маринадан кечирим сура.
- Менби??? Жо-ок бул агаөтө эле оордук кылат.
- Кызым күнөөңдү сезбейжатасың. Маринадан кечирим сура! Болбосо сенин ордуңа дагы бир жолу менсурайынбы?
- Марина-бактерияныналдында сиз ошончолук басынгыңыз барбы?
- Адам кечиргенди да,кечирим сураганды да билиш керек. Анан кечирим суроо басынуу эмес, ал адамдынжакшы сапаттарынын бири. Сен менин эстүүмсүң да. Маринага Жусуптун кандайакылдуу кызы бар экенин көргөзүп койчу - деп чекесинен өбө, - сени залдакүтөбүз, сага ишенем - деп бөлмөдөн чыкты. Ызаланган кыз жаздыгын ала ыргытыпжиберди. Бирок, айла жоктой Маринадан кечирим суроо кыйын болсо дагы атасынкөпкө күттүргөн жок. Марина Күнбийкени жек көрөрүн билгизбей, сыртынанкечиримдүү карап жылмайып күлсө, ичинен «шашпа сен да бирди көрөрсүң» дептурду.
Күндөр өз огу менен өтөберди. Ал күндөрдү тынч өттү десе дагы болот. Бирок, Күнбийкенин мүнөзүн жакшыбилген Жусуп кызынын акырын жүргөнүнө шектенди. Жаңы эле ушуну ойлогон Жусуптун телефону шыңгыр этип кызы милициядаотурганын укту. Ал жумушунан шашыла чыга жөнөдү. Атасы Күнбийкенин:
- Сиздин куткарууңуз магакереги жок! - деп жаткан кезде кирип келди. Анын келгенин көргөн милициякызматкери:
- Ассалооом алейкум! Сиз ушукыздын атасы болсоңуз керек.
- Алеки салам! Ооба.
- Бул адам арыз жазуудан баштартты - деп Таалайды көрсөтө, - андыктан кызыңарды коё беребиз - деди. -Кызыңыз сиз келмейинче чыкпайм деп ызы-чуу салды. Бир суткага алып калалы дедиэлек ырас келип калбадыңызбы.
- Кызым сени куткарган адамгарахмат айт - дегенде Күнбийке шашпастан Таалайга так маңдайына жакындап келип:
- Эч нерсе эмес! - деди даатасынын колунан тарта, апасы тарапты карабастан чыгып кетишти. Жолдо атасыменен кызы көпкө үндөбөй баратышты. Жусуп бир убакта борс этип күлүп жиберди. -Эмне болду? – деди кызы таң кала, атасы себепсиз күлгөндөй.
- Эч нерсе эмес! - деп анданборсулдай кызы экөө күлүштү.
- Ата мурдагыдай сейилдепкелеличи, бал муздак жеп. Апам, Гүлү болуп чыкчык эле го!
- Албетте, сейилдейбиз кызым!Айтчы эми, дагы эмне кылып жибердиң?
- Көп деле эч нерсе кылганжокмун. Биз бир жолу Азамат экөөбүз аны аңдып кайсыл жакта жашай турганын билипкелгенбиз. Анан бүгүн бардык дагы машинасынын айнегин таш менен сындырдык.Азамат кетти, мен качканы жетишпей калдым. Анткени Азамат болду дегенинекарабай жиним келип машинасына ар нерсе ыргыта бердим.
- Эх, кача - ан токтолосуң кызым?
- Тигине ата, жүр бал-муздакжейбиз! - деп кандай болсо дагы өзүнүн ишине сүйүнгөн Күнбийке атасын дүкөндүкарай тартат. Жусуп кызынын кылыгына бир жагынан күлкүсү келсе, бир жагынан агаичи ачышты. Болгон күчүн жумшап, колунан келген нерсени жасап апасы экөөнүжараштырууга кылган аракети кандай гана аянычтуу. Муну ойлогондо атасынынжүрөгүнө муң толот. Күнбийке болсо бал муздагын жеп кичине чагын эстепбараткандай. Ооба, анда чынында үй-бүлөсү менен сейилдечи эмес беле. Кыздарычоңойгон учурда деле бул адат бүлөсүндө салт болуп калгандай. Бирок, алар азырэкөө гана баратышты...
- Аа, мына эми бир отурупжакшылап тамактаналычы – деди Жусуп үйүнө жетишкен соң дүкөндөн алган оокаттыстолдун үстүнө толтура коюп.
- Албай эле койсоң болмок, менсонун дымдама басып койдум – деди Марина Жусуптун келгенине өзүнчө кубана.Көпкө жок болгондуктанбы ал кызын алып аялына кетип калгандай сезилген.
- Баягы шордуу тамактан кийинсонун экенине кантип ишенсек болот?! - деди Күнбийке өткөндөгү Маринанын туздуутамагын эстетип.
- Бийигим сен апаңдан, Айсулууданүйрөнгөн тамактарыңан бизге жасап берчи элең го!
- Ооба ата, албетте биздин толукүй-бүлөбүзгө жасап берчимин – деди Күнбийке тасмал даярдап жаткан Марина уксаэкен дегендей үнүн бийик чыгара. Анан анын эсине бир нерсе келип, - атабилесизби мен кичинекей кезимде ыйлаганда өзүңүз түзүп алган ырды кечке ырдайберчиңиз? – деди жайдары.
- Ооба, бир жолу апаңды ээрчипыйлаганда, кечке сооротсом болбойсуң, анан ырдасам басылып калгансың.
- Ошол ыр кандай эле? Ырдасаңыз!
- Эмесе алып чынжырды
Байлайлы ага чымынды
Кана кызым кармачы
Чымчыйбыз азыр чымынды... - деп атасы ырдаган обонго келиштирип Күнбийкетактайды колдору менен каккылады. Боору эзиле күлүп:
- Ооба ата ушул ыр мааниси жок!
- Мааниси жок болсо дагы кийинбул ырды ырдаганда эле сен басылып калчусуң. Калганын унутуп коюптурмун.
- Ааа, жашынмак ойногондогуырыңыз эсиңиздеби? Биздин ыр ата?!
- Ооба - деген атасына Күнбийкеда кошулуп ырдады:
-Чики чики тум
Канаменин бултуюм?
Азыр издеп барамын
Кызымды өзүм табамын
Чики чики тум
Чики чики тум
Бешке чейин санасам
Кызым турат карасам - депкаткыра күлүштү.
- Ошон үчүн бул үй мага абданжакын ата!
- Ооба. Бир күнү - деди Жусупдагы бир нерсени эсине түшүрө. - Сен эшикте жүргөнсүң, биз үйдө. Бир убактааябагандай катуу бакырдың эле жүрөгүбүз түшкөнүнөн барыбыз чуркап чыкканбыз.Мен бутума да эч нерсе кийбептирмин. Гүлүм менин, Гүлкыял, коркуп кеткен окшойтал дагы сени көрүп ыйлай бериптир. Гүлүм анда он жашта болчу. Көрсө, сенин бирбутуңдун учунда байкуш кумурска жөргөлөп баратыптыр. Ал дагы шашпайт - депборсулдайт.
- Ким шашпайт?
- Кумурска... Сен ошондон коркупыйлаптырсың - дегенде күлгөндөрүнөн көздөрүнөн жаш кетти. - Гүлүм ушунчалыкбоорукер, сезгич. Сагындым аны...
- Тез келишсе экен. Жездемэкөөнүн Франциядагы бал айы бүтпөй койду го! Гүл кызыңды мен дагы сагындым! Атаушунчалык сонун күндөр өтүптүр, ал күндөрдү да, ошол убакытты сагындым. Абданбактылуу жашачубуз ээ ата? Кайрадан үй-бүлөбүздү куралычы, жүрүңүзчү апама -дегенде баятан же күлө албай же сүйлөй албай отурган Марина, анын бары жогумаанисиз болгонун сезип, отургучту каңгыр эте туруп кетти. - Ооба ата - дедиКүнбийке ага көңүл бурбастан, - дагы бир аракет кылалычы...
***
Таң атып Жусуп жумушунажөнөп калды. Кечеги кызарып баткан күнгө караганда бүгүн ысык болчудай.Булуттарынан арылган асман дагы көк мелтиреп, чыгыш тарабынан күн нуруначагылды. Атасынын артынан Күнбийкенин камданып кетип бара жатканын көргөнМарина ага жакындай келе:
- Сен бул үйдөн кетишиң керек –деди көзү аңтарылчудай жек көрүү менен карап.
- Кетем дейсизби, кудай жалгасын!
- Болду ойноп сүйлөгөндөрүңбаштан өтүп кетти! Сен жокто ушунчалык жакшы жашап жаттык эле.
- Көпкө чейин жок болдумбу?
- Сен бир заматта тозокко айландырыпжибердиң. Кандай түшүнбөйсүң? ! Сен эле эмес башка миңдеген балдардын ата-энесиажырашканда жөн гана кийлигишпей жүрүшөт.
- Мен миңдеген башка балдарэмесмин!
- Тилиңдин узундугун кантейин!
- Ченеп көрдүңүзбү?
- Атаң бары бир мага үйлөнөт!
- Сиз атам менен апамдын урушупкеткенинен пайдаланып, атамдын жаракат алган жүрөгүн майлап алам депойлогонуңуз көрүнүп турат. Сизге акча керекпи? Алыңыз да, кетиңиз!
- Хм...Сага керек эмеспи? Сенинокууңа канча акча кетип жатат? Жогорку окуу жайда окуйт экенсиң, окууңду окупжөн жүрө бербейсиңби эл аралык мамилелериңди. Окууга дагы атаңдын акчасы мененөттүң да, акылы жок!
- Ошонун ба-арын билип алгансиздин акылыңызга тобо!
- Сен! Секелек кыз! Сага Жусуптутартырттып коё тургансып, мени ким деп ойлоп жатасың?
- Бактерия деп! – каткырган кыз сыртка чыкты. Эшикте болсо атасыкетпей дагы деле айдоочусун күтүп турган эле. - Мен алып барам - деп тырышканКүнбийке Жусупту өзүнүн машинасына отургузуп чогуу жолго түшүштү. Бул учурда жинденген Марина телефон менен сүйлөшүп жаткан:
- Ооба, ал чыкты жакшылап коркут.Эмне? Номерин кайталап... Сага канча жолу айтыш керек? Тактаганың укмуш экен!Кара ВМW в 0318 у. Ооба, ишиңди аткар, анан экинчи жарымын аласың - деп коюпсалды. Бул сүйлөшүүдөн кийин эки саатка жетпей суук кабарды уккан Айжан эсинжогото жыгылды.
***
Үч айдын тегерегиндеубакыт өттү. Бул үч ай Күнбийкенин үй-бүлөсү үчүн үч кылымга теңелсе керек.Алар оор күндөрдү баштан кечирип жатышты. Аларга боору ооруган жаратылыш дагыбүгүн кабагын түйүп, асманды кара булут каптады. Мына, мына дегиче болбойнөшөрлөп төгүп жиберчүдөй чагылган чарт-чурт эте күн күркүрөдү. БүгүнКүнбийкени ооруканадан чыгарып келгендерине болгону эки-үч күн. Бөлмөдө коларабасында отурган кыз терезеден көз албастан атасын күтөт. Эжеси Гүлкыял бөлмөсүнөкирер замат ал кайра:
- Атам качан келет? – деди дагыкүндө көп ирет берчү суроосун. Гүлкыял мурдагыдай эле жооп кылып, атасынынГерманияда дарылануусу бүтө электигин айтты. Ал башка сөзгө өтүүгө аракеткылып:
- Күнбийке кучактачы, мен сениабдан сагындым. Келгенден бери мени кучактай элексиң го – деди сиңдисинежакындай.
- Эмнеге барыңар ушул жердеотурасыңар ? Эмнеге атамдын жанында эч ким жок? Барыңар чыккынчысыңар! Атамдыташтап койдуңарбы? Апам Таалайга кетип, сенин атаң бөлөк экенин билип... Силератамды таштадыңар! !! Чыккынчылар! !!
- Антип айтпачы Күнбийке суранам!Ал эмнени өзгөртөт? Эмне экөөбүздүн аталарыбыз бөлөк болсо, бир тууган болбойкалабызбы? Мен бир гана мени баккан атамды билем. Эч нерсе өзгөргөн жок!
- Сен аны ата деп айтпайсыңбы? -деди Күнбийке көздөрүнөн жаш тамыза.
- Айтпайм! - деген ГулкыялдыКүнбийке ыраазы болуп карады. Анан:
- Жездем каякта? - деди.
- Ал азыр атамдын ишин жүргүзүп,фирманы иштетип жатат. Эртеден кечке жумушта. Кечегидей кеч келсе керек.
- Атамчы качан келет? Барып алыпкелиш керек!
- Атам...
- Сен атама айттыңбы? Жанагыкишини ата дебей турганыңды айттыңбы?
- Менби?... - деп бозоро түшкөнГүлкыял өйдө турду да, - жок, айткан жокмун.
- Атам келгенде айтасыңбы?Кубансын, айтасыңбы?
- ...Ооба... - деди айланып келгенжашты кармай. Бирок, көпкө чыдай албай, - мен азыр... - деп бөлмөдөн чыкканГүлкыял апасына келип көз жашын агызды. - Каргыш урсун! Каргыш урсун... Урсунжанагы аялды!!! Түрмөдөн чыкпас болот! Эч качан, эч качан чыкпайт!
- Акырын Гүлү, суранамкыйкырба!
- Апа туура эмес кылыпжатабыз. Айтышыбыз керек. Күнбийке улам атамды айткан сайын дене боюм дүркүрөпжатат.
- Оозум барбайт Гүлкыял,азыр болбойт. Өзүң доктордун айтканын уктуң. Күнбийкени көп капа кылбаш керек.Айтканда дагы кантип айтам? Атаң аварияда каза болуп калган деп кантип айтам? -дегенде көзүнө толгон жаш ылдый томолонду. Эшик босогосунда кол арабасындаотурган Күнбийке угуп дем ала албагандай, көз жашы шар куюла катуу бакырыпжиберди. Жүрөккө учту кылкан сыяктуу сайылгансыды. .. Анын демин кысты. Аталаганчаңырык үнүн титиретип, калтырап кол арабадан турууга аракет кылган кыз эсинжогото жыгыла түштү...
Жыйырма мүнөттөн кийинөзүнө келген кыз көзүн ачып, жаңы эле суук кабарды кулагына илгизгенинэстегенде аталаган чаңырык кайрадан тегерегинде тургандардын кулактарынсайгылай тилип жибергендей болду. Күнбийкенин муңдуу үнүндөгү кайгы ичинкүйгүзүп сыртка ысык жашка аралашкан кыйкырык менен чыгып жатты. Муун-жүнүкалчылдай аптыгып дем алып, дем албайт. Колдору менен керебетти чапкылагандан башкаэч нерсе кыла албады. Күнбийке атасын алып келчүдөй жулуна баспай калганбуттарына наалат айтып, үнү калтырай «атамды чакыргыла, чакыргыла калпычылар! Калпычылар! Ата..., атама барам...» - деп жатты. Апасы менен эжеси, алардынжанында турган Айсулуу да эмне кыларын билишпей улам Күнбийкени сооротуп,жаштарын тыя алышпады. Алар дагы атасынын өлгөнү калп, жалган түш болушунаишенгилери келди. Доктор чакырта ийне аттырып жаңыдан басылгыдай болду эле,тердеп тепчип чыккан кыз түшүндө атасын көрүп жаттыбы:
- Ата келдиңби? Келдиңби,ата? Ата... - деп ары-бери оонап кыйнала, улам атасын чакырат. Ооба, Күнбийкеатасын күндө чакырат. Эртеси дагы кыйналып жаткан кыздын дени ысып, терикуюлду. Угулар-угулбас үнү менен, - Гүлү - деди жанында отурган эжесин карап.
- Оу, айтагой!
- Гүлү атамды чакырчы,кайда жүрөт? Мен болду жашынбак ойнобойм, айтып койчу атама. Мени бөлмөсүндө, башка жашынбак ойнобойт экен десең. Айтсаң бар, таппай жүрсө керек! Кайрадан«Гүлү! »– деди унчукпай отурган эжесин чакырып.
- Азыр… - деген Гүлкыялэрдин тиштей жашылданды
- Чакырдыңбы? Мына үнүугулат. Атамдын үнү угулат… Мен бул жерде ата! Ата мен ойнобойм! Мен жашынбакойнобойм башка. Атам мени таппай жүрөт... Бийигим деп чакырып жатат. Ата менбул жерде... Ата… ата … ата… - деп чаңыра баштаган Күнбийкени Гүлкыял колунанкармап: «Апа, Айсулуу келгилечи. Эмне кылам ? Апа!» - деди жүрөгү зирилдей.Мындан бир нече күн өтсө дагы Күнбийке төбөсүндөгү тамды тиктей кыймылсыз жатаберди. Бир убакта тегерегиндерди карап буркурап ыйлап жибергиси келди. «Кеткиле! »деп кууду аларды Күнбийке ичине толгон ызасы менен үнүн бийик чыгарып.
- Кызым - деп апасыколунан алганда Күнбийке тартып алды. Алар чыгар замат, Күнбийкенин эги тырыша,көзүнө толгон жаш ылдый куюлуп:
-Чи ки.......чи ки.........тум
Ка на.... ме нин ......бул туюм - депжуурканды кучактай мөлтүр жаштары жүзүнөн ылдый жарыша жүгүрдү.
***
Күн күндү кууп айжаңырды. Аба ырайы ысык, эртең мененки саат тогуздар чамасы. Ушунчалык коларабасын жек көргөн кыз күндө ушул арабага айласыздан отурат. Бир дубалдытиктеп, бир терезе карап кылгыр эткен жашты сүртө отура берет. Ал кээде ганадоктору менен машыкансыйт.
- Кызым массаж жасагандокторуң келди - деди дагы бир ушундай күндөрдүн биринде Күнбийкенин бөлмөсүнөкирген апасы ага жакындай келе. - Чырагым сен кече дагы машыккан жоксуң,бүгүн. ..
- Бүгүн дагы, эртең дагыкелбей эле койсун. Бары бир баспайм, бары бир мен баса албайм! - деп кыйкырабуттарын ургулады.
- Күнбийке антпечи кызым,басасың. Басасың сен!
- Эмнеге калп айтыпжатасыңар? Кетсин докторуңар! Кетсин! – деген Күнбийкенин үнү катуулагандаАйжан унчукпастан бөлмөдөн чыкты. Ал сыртта жаңыдан докторду жөнөтүп үйгөкирерде Таалай Айжанды колдон алды. Ал кызы көрбөдү бекен деген ою менен дарооТаалайдын кетишин суранды. Ал «кет» дегенине көнбөстөн Айжанды машинагаотургузду.
- Келбе дегем сени! –деди Айжан Таалайды карабастан башын тескери буруп.
- Эсиңдеби экөөбүзсейилдеп жүргөндө айдын толгон кезин?! Мен ошондо биринчибиз кыз болсо атын«Айдай» коём деп тилегем.
- Токтот Таалай, анын барыөткөн кеткен.
- Жок Айжан, Гүлкыялменин кызым. Ал менин Айдайым! Жусуптун келгени эсимде, «Үй-бүлөмдү жөн кой!Гүлүмө да жакындаба, аны мен баккам» деген. Ооба, Жусуп келген мага. Билемантип айтышка Жусуптун толук акысы бар болчу, бирок мен күнөөлүмүнбү? Айдайымдыбербейт элем... Ошондо тагдыр бизди кошпогонуна мен күнөөлүмүнбү, айтчы?Сенден, кызымдан ажыраганыма күнөөлүмүнбү? ! Айдайымды Жусупка берет белем?!
- Өз жайыма койчу мениТаалай! Үй-бүлөмдү өз колум менен буздум. Түшүнүп жатасыңбы? Келбе, келбе депжатам сага! Азыр менин кызым гана оюмда.
-Эмнеге тагдыр ушундай?Мурун ата-энебиздин каршылыгынан бирге боло албасак, эми…
- Ата-энебиз? Менин ата-энем сени биринчи күндөн тартып өзбаласындай кабыл алган. О кудай! Анын барын азыр эстегенде эмне? Ал эмненичечет?
- Бул дүйнөдө экөөбүзбарбызбы? Биз дагы тирүү жанбыз Айжан!
- Өткөндү кайрып алаалбайсың!
- Өткөн эмес, азыркыменен жашайбыз…
- Кантип? Токтот Таалайсуранам. Көрүп турасың Жусуп жок, Күнбийке эмне болгонун. Анын барына менкүнөөлүмүн! Мен… - деп эмне кыларын билбей Айжан ысык көз жашын Таалайдынийнине тамызды. Ал кайрадан башын көтөрө, -ушул бойдон бул жакка кайрылба, кетсуранам! Кет, артыңды карабай кет! - деп машинадан чыкканга шашылды. Мындан экисаат өтүп Күнбийке эшикке чыкты. Көчөдө аркы терки өткөн адамдарды карап:«кандай гана бул адамдар бактылуу! !! Алар басып жүрүшөт, басып... Тигинекичинекей бала кубанып чуркап жүргөнүн. Апасы жанында, атасы...» деди ичинен. Аңгыча алдына келип токтогон машина аныноюн бузду. Машинадан узун бойлуу, мурутчан, элүүлөр чамасындагы киши чыгып:
- Саламатсыңбы кызым, булЖусуптун үйү болду бекен? – деди.
- Ооба.
- Аа, мына келиптирбизчык - деди машинанын ичиндеги аялына карап, -келдик. Сен кызысыңбы? - депсурады кайрадан Күнбийкеге кайрылып. – Окшош экенсиң. Биз Турцияда элек кабардыэми уктук. Атаңдын арты кайрылуу болсун.
- Эмне дейсиз? - дедиКүнбийке маңдайында турган кишинин акыркы сөздөрү кулак кесип. - АтамГерманиядан келе элек, дарыланып жүрөт. Жакында келет, атам келет! Жакындакелет, аз калды! - деди үнү титирей. Тигил адам түшүнбөгөн бойдон нес болуптуруп калды.
- Ка-ка-кандай? - дедибеттери чырмалыша кеткен кишинин. Анан кызына айткан эмес го же бул баягыАкимдин болбогон тамашасыбы, тирүү адамга арты кайрылуу болсун деп келгеним курусундеген да ой келди, айла издеп, - Бул Сатыбалдиев Жусуптун үйүбү? – деп сурады.
- Жок, ЖанболотовЖусуптуку!
- Аа, кызым кечирип кой!Биз адашыптырбыз. Бизге керек үй ушул тегеректе болуш керек. Кечирип кой кызым- деди чекесинен өбө, -көңүлгө алба, адаштык. Сенин атаң келет - деп экөөмашинага шашылышты. Бирок ичинен бул киши, - ооба, Жанболотов Жусуп, ай Акимсен туура эмес түшүнгөнсүңбү - деп кайгыра, кыздын алдында айласын тапканынабир аз эс алгандай болду. Алар кетер замат бая толо түшкөн кыздын мөлт-мөлтэткен үнсүз жашы ылдый кулады. Күнбийке алардын машинасынын артынан чуркап ташыргытып салгысы келди. Мурун Азамат экөө ошентип Таалайдын машинасынталкалашпады беле. Ал экөөнү Күнбийке биринчи көрсө дагы, эмнегедир алар душмансыяктанды. Бул учурда апасы Күнбийкенин бөлмөсүндө кызын күтүп, аны менен дагыбир ирет сүйлөшүүнү туура көрдү. Жаздыгын оңдоп жатып Күнбийкенин дептеринтабып, андагы кошок ырын окуду:
Атасыз калат кызым деп,
Ойлободуң атаке.
Атакем алыс кетти деп,
Көнө албадым атаке.
Кайрадан сени кайтат деп,
Ишенемин атаке.
Кайгырып сени күтөмүн,
Ооручу бооруң атаке.
Көрө албай сени сагынам,
Көрүнсөң боло атаке.
Күтүлбөгөн арманым,
Көмүлдүң жерге атаке.
Азабым менин аз беле,
Артыңда калдым атаке.
Жүрөгүң сенин таш беле,
Жүрөмүн сенсиз атаке.
Барайын сенин артыңан,
Кучагың жайчы атаке.
Болбосо өткөн күндөрдү,
Кайтарып берчи атаке.
Түбөлүк таштап кеткенге,
Жок эле акың атаке.
Түнөрөт көзүм жаштанып,
Жүдөдүм сенсиз атаке.
Бул кошок апасынын көзжашын агызбай койгон жок. Аңгыча кол арабасын айдаган Күнбийке келип апасынынколундагы дептерди жулуп алды.
- Менин буюмдарымдыэмнеге аңтарасыз?
- Кокустан көрүп калдым.
- Кокустан көрүп калсаңызордуна коюп кете бериш керек болчу.
- Бийке каалайсыңбыатаңдын мүрзөсүнө барып куран окутуп келели?
- Кайсы мүрзө? Эч кандаймүрзө жок! Атам келет! Келет..! Сиз кетиңиз менин бөлмөмдөн, көргүм келген жок!Көргүм келген жок сизди!
- Бийке сага эч качанжаман каалабайм. Эмнеге мени ушунча түртөсүң өзүңдөн? Билем, кыйын болуп жатат.Түшүнчү алтыным мага дагы күндөн күнгө оор болууда.
- Эмне болуп? Үй алдындаойношуңуз менен жолугуппу?!
- Эмнеге? Эмне үчүн магаушундай мамиле кыласың?
- Бутум баспаса дагыкөздөрүм жакшы көрөт.
- Мен мурун элекоштошком. Ага башка келбе деп айттым.
- Кеч... Кеч айттыңыз -деп арабасын жылдырып чыгып кетти. Апасы керебетке отура кетип башын кармады.Жыйрмадан ашык жыл өтүп, кайрадан Таалайга жолугуп калган күндү тилдеп,Айжандын өкүнгөнү бүгүн болду. Ал бир аздан соң өзүн колуна алып кызынынартынан келди. - Эмнеге ушул убакка чейин Азамат көрүнбөйт? Сиз киргизбейжатасызбы? – деди Күнбийке апасына.
- Азамат бир дагы жолукелген эмес.
- Дагы калп айтыпжатасыз. Сиз дайыма ага жаман мамиле кылчуңуз. Таанышкандан кийин кантип кабылалганыңыз эсиңиздеби?
- Чын сөз, ал мага башынанжакпайт. Сени жакшы көргөн эмес, унут аны.
- Жакшы көргөн эмес?Ооба, сүйүүнү сиз жакшы билет эмессизби!
- Кызым…
- Сиз ага менин артымантыюу салып жатасыз.
- Андай эмес. Азыр келсемен даярмын сен каалагандай кабыл алам - деп жаткан апасын көргөн Гүлкыял сөзгөаралаша:
- Эмнеге бардык нерсеүчүн апамды айыптайсың? Эмнеге ушунчалык кыйнайсың? Азамат бир дагы кайрылыпкелген эмес, келбейт дагы. Түшүнөсүңбү? Өзүң билесиң эмне үчүн экендигин!
- Калп! Калп... - дедибашын чайкаган кыз дагы да томолок жаштарды кулатып.
- Жап оозуңду Гүлкыял! -деди апасы кызын карап.
- Эмне кыйнайсың? АпамАтамды бул жактан ыйлап узатып, сага билгизбейин деп сени карап жылмайып. Ошолоңой болду дейсиңби? Мен анте алган жокмун. Ошон үчүн сага бейтапканага бараалбадым! Азамат ким болуп калыптыр? Көрүп жатасың келмектен ары, чалып дагыкойгон жок.
- Оозуңду жап деп жатамГүлкыял!
- Ичим, ичим....
- Эмне болду? Айсулуудоктор чакыр... Айсулуу.... - деп ызы-чуу болуп жатканда Күнбийкенин көчөгөчыгып кеткенин байкабай калышкан.
***
Түз жол менен өйдө чыкканмашина кайрылып үй имараттары курчалган жакка токтоду. Күнбийкени көтөрүпарабасына отургузган такси айдоочусуна кыз жанында акчасы жок болгондуктаналтын сөйкөсүн берди. Анан ал кол арабасына отурган бойдон Азаматты эшикалдында күттү. Бир аздан кийин Азамат дагы көрүндү. Бирок, көзү алая чоочупКүнбийкенин «кандайсың? » деген суроосуна жооп бере албай кекечтенди. -Эмнегемага келбедиң? – деген суроого да кыз жооп ала албады. - Таңыркап караганыңтүшүнүктү. Мен баспайм. Бирок, бул убактылуу. Мен машыгып жатам, мен кайрабасам, мен басам…
- Алдаба! Мен өмүр боюсен отурган арабаны түртүп өткүм келген жок. Өзүм барып докторуң мененсүйлөштүм. Ал сени эч качан баспай турганыңды айтты – деди Азамат «басам» дегенкыздын үмүтүн өчүргөндөй. Күнбийке жер тиктеп, денеси чымырап таптакыр үндөйалбады. Азамат баштаган сөзүн уланта берди, - Аны жашырганда эмне ? Эч нерсеөзгөрбөйт. Үй-бүлөм дагы буту баспаган кызды алууга макул болбос. Өзүң делетүшүнсөң керек – деди анда аёо сезими жоголуп. Азыр уккан сөздөрдүн баарынАзамат айтканына Күнбийкенин ишенгиси келбеди. Анын «Сени үйүңө алып барыпкоёюнбу? » дегенин дагы кыз кулак илген жок. - «Макул анда, мен кете берейинби?»- деди кайра Азамат. Күнбийке үндөбөдү. Азамат болсо тезинен баса үйүнө кирипкетти. Күнбийке ушундай акыбалда көпкө отурду да, эч нерсени карабастан арабаныкатуу жүргүзүп жолду көздөй баратты. Араба колдон чыгып, дөңгөлөктөрү чарт -чурт этип зуулдады. Дал ушул учурда түз келе жаткан машина кыздын арабасынбылчырата тебелеп, токтоно албай кайрыла арты менен четте турган машинаны дакоюп калды. Кызды арабасынан алып калганга жетишкен бала:
- Жакшысыңбы? - депсурады Күнбийкеден. Аңгыча баягы айдоочу:
- Бул эмне деген шумдукбалдар? ! Амансыңарбы ? -деди эс-учу чыга, муун-жүнү калчылдай чуркап келип.Көчөдөгү эл чогула тегеректеп аларга жардам беришти.
Бир нече саат өтүп, баябейтапканага барбайм деп кыйкырган кыз бул учурда өзүнүн бөлмөсүндө жатты. Агажездеси:
- Уруксатпы? – дедибөлмөсүнө кирер алдында. - Эч жериң ооруган жокпу?
- Ооруду деп айткандаэмне, мени эч ким түшүнбөйт.
- Мен сага бир сырайтканы келдим. Сен аны эч кимге айтпа макулбу?! Гүлкыялга дагы. Билесиңби,эгерде бизде уул төрөлсө атамдын атынан коём.
- Жусуп деппи?
- Ооба, эч ким билбесин.Бул экөөбүздүн сырыбыз болот. А эгерде кыз болсо сен коёсуң!
- Мен?!
- Сен дагы жети айойлонсоң болот. Анда ошондой деп сүйлөштүк! Анан дагы бир нерсе...
- Жанагы бала жөнүндөайткан жатасызбы?
- Ооба, ал Медер дегенжигит экен. Чекеси, сол бутунун капталы сыйрылып, колу сыныптыр. Бирок азаматжигит экен гипс салып жатканда бир дагы кыңкэткен жок. Ал төрт күн ооруканада жатат. Барып ден-соолугун сурап койгон оңболотко.
- Өзүңөр барып сурай бергиле.
- Ал сени аман алып калды...
- Мен андан суранган эмесмин.
- Күнбийке сен акылдуу кызсың,ага барышың керек. Барам дегенде мага айтып кой. Мен сага ишенем - дегендеКүнбийкеге атасы элестеп кетти. Жездеси аны бетинен өбүп, эжеси киргендебалдызына жылуу жылмая бөлмөдөн чыкты.
- Мени кечирчи Күнбийке,жаман эжеңди кечирчи! - деди Гүлкыял башын жерге сала көзүнөн жаш кетип. Дайымасиңдисине болушуп, аны коргоп жүргөн Гүлкыял бүгүнкү мүнөзүнө өзү өкүнүп турду.
- Кучактачы мени... Катуукучактачы Гүлү! - дегенде ал жанына отуруп экөө кучакташты. - Сагындыңбы? Сагындыңбы атамды?
- Ооба, абдан сагындым.
- Айтып берчи мага, атамжөнүндө. ..
- ...Эсиңдеби, кышындаатам экөөбүздү мектептен чана менен алып кетчи. Ошондо менде колтоюп эмне жокдесең. Сегизинчи класста окуп алып сенин артыңа учкашып алчумун.
- Өзүң суранчың элең гочана менен алып кетчи деп. Анан барып аяз жасап, кар менен атыша ойнопкелчик. .. Аязга атам шарфын ороп, ошо бойдон унутуп кетпедик беле. Апам: «Жусупсен дагы кичинекей бала болуп кетесиң, эмнеге шарфты көчөгө таштайсыңар? !» депурушканда, атам болсо: «Кечирчи, башка шарфты көчөгө таштабайм» деп апамдыкучактап бизге көзүн кысып койгон.
- Ооба, анан эртесикелсек шарф жок. Сен аяз үшүп калды деп ыйлабадың беле...
- ...Ооба...
- Бир жолучу мен атамдынтизесинде отурсам ичиң күйүп, мени апам чакырып жатат деп алдап, өзүң отурупалгансың.
- А сен ошондо аябайыйлагансың!
- Куу болчу экенсиң -деди экөө тең көздөрүнөн жаш агызып...
***
Кызды өлүмдөн сактаганМедер эки-үч күндөн бери ооруканада жатты. Күнбийке ага барбады. Бирок, албаланы күн сайын ойлойт. Эмнегедир анын баягы алаңдай чочуп караган көздөрүэлесинен кетпегендей. Барына «барбайм, аны ким мени сакта дептир» деп жоопкылганы менен ошол көздөр тынчын алып жүрдү. Ал баланын күндө абалын сурапкелчү Айжан гана. Айжан бүгүн дагы Медердин палатасында олтурду:
- Бул сувенир Жусуптун эң жакшыкөргөн буюму - деди алтындан чегилген жылкыны балага сунуп жатып. – Ал, алакой! Карма! Муну Жусуптун айылдаш бирге чоңойгон жакын досу туулган күнүнөбелекке берген. Жусуп абдан жылкыларды жакшы көрчү. Ал досу кийин рак оорусунанказа болуп, аны жолдошум оор кабыл алган. Муну иштер менен алыска кеткенде даала жүрчү.
- Мен...
- Кабыл алып койчу. Жок дегендеушуну алып койчу. Кызынын өмүрүн сактаган адамдан Жусуп эч нерсесин аябайт эле.Эстелик үчүн деле алчы – деген Айжан аны Медердин колуна карматты. - Сен бүгүнчыгасыңда. Кызыма келбей койду деп таарынба. Ал сага биздей эле ыраазы, мүнөзүошондой.
- Таарынган жокмун.
- Атасы айтса келмек - деп Айжанойлоно кетти.
- Кабатыр болбоңуз, таарынганжокмун.
- Анда мен сени сыртта күтүптурайын, кийинип ал. Биздин үйгө конок бол.
- Убара болбоңуз! Өзүм жетипалам, үйүмө барам.
- Бийкеге окшош көк бет окшойсуң- деп Айжан бир аз жылмайды да, -макул көп сени кыйнабайын, жакшы жүр. Эгердежардам керек болсо, мага кайрыл. Колумдан келген жардамымды бере турганымдыунутпа! - деп бетинен өбө кете берди. Бир нече убакыттан кийин жыйналып,бейтапкандан чыгып бараткан Медерди сырттан Күнбийке тосуп алды:
- Саламатсыңбы?
- Саламат! Кандай болуп калдың?
- Жакшы. Өзүңдүн колуң кандай?
- Бары жакшы.
- …Сенден кечирим сурайм.
- Эч нерсе эмес. Сен аманболгонуңа мен кубанычтамын. Ким менен келдиң?
- Жездем менен. Анда мен барайын,ал мени күтүп жатат.
- Келгениңе рахмат, бирок анчалыкделе мага кам көрүүнүн кажети жок эле.
- Жакшы кал!
- Сага бир суроо берсе болобу?Эмнеге өзүңдүн өмүрүңө кол салдың?
- Ишиң болбосун! - деп Күнбийкеарабасын кайрып алып айдап баратканда
- Өмүрдүн ар бир көз ирмемикымбат! - деген баланын сөзүн кулак иле кыз артты карабастан токтоду да:
- Ошончолук өмүрдү бааласаң,эмнеге мени куткарууга түштүң? - деди катуу үнү менен.
- Себеби, сенин өмүрүң, сүзүпкеткен машинанын ичинде адам бар болсочу анын өмүрү, анан сени коюп кетежаздаган Азим байкенин өзүнүн өмүрүчү? Үч баласы бар экен, алар атасыз калсажакшыбы? – дегени жүрөккө катуу тийдиби...
- Мен… мен деген кыз көз жашынтегерете, - мен бир гана үй-бүлөмдүн бирге болушун каалагам, апам мененатамдын. .. Ошону гана... - деп арабасын ургулайт. Медердин жүрөгү түшө, ылдыйболо кечирим сурады. - Мен бир гана үй-бүлөмдүн бактылуу болушун каалагам -деген кыз алдында отурган Медерди бекем кучактады...
***
Күн бир топ өйдөлөп калсадагы, салкын жел уруп турду. Теректердин учтары кыймылдап, жалбырактардыншыбыр- шыбыр эткендери угулат. Айтор, алар дагы өздөрүнчө сүйлөшүп жаткандай.Бир маселени талкуулап жатышабы улам шыр-шур этишет. Күнбийке алардын сөзүнтүшүнгөндөй андан бетер кыжаалат. Ал көк дарбазанын жанына жеткенде жүрөгүбаягыдан катуу сокту. Колдорун учтады. «Ал жетти» дегенсип, теректер дагыкыбыр-шыбырын токтотушту.
- Коё турчу – дедиМедерге шыңгыракты басарда. Бир терең дем алган кыз, - эми бас...
- Ассалоом алейкум!- дедиМедер, баягы Күнбийкени коюп кете жаздаган Азим дарбазаны ачканда.
- Алеки салам! - деп колалышып кызды карады ал, - кандайсың Күнбийке? – деди.
- Саламатсызбы, Азимбайке!
- Киргиле! Жок депайтпагыла, мага конокко келгенден кийин киргиле. Таңсулуу коноктор келди! -дегенде келинчеги тыпылдай келип алар менен учураша тосуп алды да үйгөкиргизишти. - Мына ушул менин үйүм - дегенде ар жактан, «ата!» - деп чуркайкелген үч жашар бала бутуна жабыша калды. - Бул менин уулум Аман. Аманчик депэркелетебиз. Аман учураш коноктор менен - дегенде кичинекей бала атасынынартына жашына кол булгалап койду. - Айтчы уулум чоңойгондо ким болот элең?
- Чабанчик! - дей секирекубанган баланын сөзүнө бары күлүп калышты.
- Эмнеге чабанчикболосуң, коюң аз болобу? - деди атасы ансайын.
- Төрт жарым, беш жарым –деген бала ойной чуркап кетти.
- Мына азыркы убактабалдар президент, элчи болом десе менин балам чабанчик болот. Ал дагы жакшыокшойт.
- Аман улуу балаңызбы? -деди Күнбийке жүгүрүп жүргөн баланы карап.
- Улуу балам он жашта,чоң апасынын үйүнө айылга кеткен. Аны да ким болосуң деп сурасам, директордейт. Эмненин директору болосуң десем, жөн эле директор деп коёт. Ошондо - оой!Баса! Кызым менен тааныштырам деп унуткан турбайынбы. Жүргүлө бул бөлмөгө, ообабул жакка - деп жол көрсөттү. - Бир кызым бар. Болгондо да уйкучу ии-ий!Эртеден кечке көзүн ачпай уктайт - дегенде Күнбийке менен Медер бешиктегинаристени көрүшүп бири-бирин карап күлүп коюшту. Бул ымыркайдын атын сураганКүнбийкеге, - Каныкей! Чоңоюп калды кызым, мына бүгүн кырк төртүнчү күн – дедиАзим өзү да кубанып. Күнбийке кичине наристени карап, көз жашы толо түштү:
- Кечириңиз, кечириңизмени Азим байке суранам! Сиздин алдыңыздан чыкканыма кечириңиз! - деди.
- Билесиңби Күнбийкеменин кызым да сага окшош жылдыздуу, таза, назик, жаракөр болсо деп тилейм! -деди кызды жылмая карап. Бул учурада Таңсулуу босогодон башын сала алардытамакка чакырды.
Кандай болсо дагы,Күнбийке алардын үйүнө барып келгенине абдан сүйүндү. Жүрөгү тынч алгандайсезилди. Медерге да ыраазы. Ал күнү Медер кызды үйүнө жеткирип келгенде,Азаматтын ачуу үнү угулду. Ооба, бүгүн Күнбийкеге анын үнү эмнегедир жагымсызсезилди. Азамат алардын биринин бутун, биринин колун карап «Табышканэкенсиңер! » деп жылмайды.
- Медер! Коё бер! Соо адамгатеңелбей эле коёлу - деди Күнбийке бая аны жакадан алган Медерди токтотуп. АлАзаматты силке коё берди:
- Жогол! Болбосо гипс катуутийет.
- Корктум сизден аябай, бир колдубаатыр экенсиз! - деди Азамат колун ойното айландыра. - Мен сен мененсүйлөшкөнү келгем Күнбийке.
- Бошсуң! - дегенден башка эч бирсөз айтпастан Күнбийке үйгө кирди.
Ал күндөн кийин Медер мененКүнбийке кайрадан жолугушту. Алар чогуу көлдүн жээгине келишти. Чачтарын желпипөткөн шамал бир сыйра чаңды ызгытып барып токтоду. Бая чогулган булут эмитаркап, күндүн бети көрүнө түштү. Бирок көл дагы деле толкуп жатты. Толкунойноп жаткандай улам бери чуркап, карматпаймын дегенсип кайра артка кайтат.
- Кызык! – деди Медер таңкалып, - бул кичинекей көл ушунчалык катуу толкуганын көргөн эмесмин. Шамалтаасир эттиби... Негизинен мен ушул көлгө келип, майда таштарды колго алыпалыс-алыс ыргыта берем. Канчалык алыс ыргытсам ошончолук кайгым алыстагандайсезилет. Ушул жерге келип ойлонгонду да жакшы көрөм – деди Күнбийкенин жанындатурган Медер, анын ойго түшкөнүн байкап.
- Анда ичине таштар толупкалса керек – деди кыз бир аз жылмая.
- Мүмкүн - деди Медер дакүлүп. - Сенин да ичиңе бугуң толсо ушу сууга айтып ал, агып кетсин. Меналысыраак барып турайын.
- Кетпечи... Мен барынанжалгыз калгандан корком. Бары мени таштады. Атам кетти... Мен аны машинага отурдебесем, эгерде мен антип айтпасам... Атам бул убакта жумушунда отурмак... Менмашинаны айдап, жолго чыктым. Бир убакта күтүүсүздөн көк жүк ташуучу машинакелип катуу түрткөндө атам экөөбүз силкий түштүк. Эсим чыга, колдорумкалчылдады. .. Ал болсо улам келип катуу - катуу коюп жатты. Атамдын «бери айда,четке чык, бери, бери» деген сөздөрү кулакка дагы деле угулат. Мен рулду даколдон чыгардым, коркконумдан буттарым дагы иштебей калды. Ошентип машинатоголоно коңторулду. Атам... Атам болсо машина коңторулуп жатса да мени бирколу менен кучактай тосуп «коркпо!» деди. Андан кийин эмне болгонун эсимдежок... - деген Күнбийкенин көздөрү жашылданып, үнү каргылдана, эриндерититиреди. Медер Күнбийкенин колун алып алаканына кысты. - Кечиргенди, кечиримсураганды да бил деп атам дайыма айтчу. Бирок, мен Маринаны эч качан кечиреалбайм, эч качан... Машинада мен гана болушум керек болчу, мен атамдын...
- Эгерде атаң сенинордуңда болсо, дал ушул сөздөрдү айтмак - деди ал Күнбийкенин колуна таштардыбекитип. - Күчүң менен болушунча алыс ыргыт! – деген Медердин сөзүнөн кийин кыздынколундагы таштарга жаш тамды. Күнбийке аларды бирден алып алыс, алыс ыргытыпжатты. ..
***
Убакыт өтө берди...Күнбийкенин сагынычы күч алып, күндө Медерди көрүүнү каалап турса да, мында алкелгенде эмне ойлосо барын тескери айтты. Медердин башка келбешин суранды.
- Убакыт деген ушунчалык тез өтөт. Ошол убактыңды туураколдон. Мага бооруң ооруп, менин жанымда жүрүүнүн кереги жок – деди Күнбийке.
- Мен сага боорум ооруганжок, сен антип ойлобо.
- Анда эмнеге, эмнегеулам мага келесиң? Ушул мен отурган арабаны сүйрөш үчүнбү ?
- Сезбедиңби? Сен эчнерсе сезбедиңби? Мен сени сүйөм! Ар дайым жаныңда болгум келет! - дегендеКүнбийке сүйүнгөнүнөнбү же Медер менен бирге боло албасмын деген ой мененби:
- А мен ... мен - дедибир аз турган соң, - мен Азаматты сүйөм! - деп көзүн ылдый кыла, башын оңгобурду.
- Мага ишенбей жатасыңбы?Мен сүйөм сени Күнбийке! Мага турмушка чыгасыңбы? - деди Медер ылдый отуракыздын колун назик алып алаканына кыса.
- Укпай жатасыңбы? МенАзаматты сүйөм... Кечир! Сен өз бактыңды табасың.
- Табасың?! Мен жоготупжатам!
- Суранам токтот.
- Макул, сүйбө мени.Бирок, мен сенин жаныңда болгум келет. Ушул кичинекей бакытты да менден тартыпаласыңбы?
- Мени... Буту баспаганкыз сага эмне кереги бар?!
- Сен өзүңө ишен.Басасың! Бутуңдун ооруганын сезип жатасыңбы... Демек сен басасың! Жакында элеордуман өзүм турдум деп көздөрүң күлүп айтпадың беле! Азыр эмне болду? Чөкпө!Оңой жеңилгиң барбы?! Анда эмнеге ушул учурга чейин күрөшүп келдиң?! Бир секундордуңан турсаң дагы ал сенин жеңишиң! Сен дагы машыгышың керек. Азыр дагыэкөөбүз машыгабыз – деди Медер Күнбийкенин «болду!» дегенине карабай. - Экиколуң менен бекем кучакта - деп, өзү белинен ала акырын кызды бутуна тургузуп,- эми кадам шилте – деди арабасын ары тээп салып.
- Отургуз мени, отургуздейм! Күлүп жатасыңбы? – деди кызкыргылданган үнү менен.
- Сен басасың! Мен ишенемсага! Күнбийке басасың! Угуп жатасыңбы? Өзүңө ишен, басасың! Кадам шилте! Ишен!– деген Медердин сөздөрү кызга эмнегедир ызы-чууга аралаша угулуп жатты. Жүрөгүдүкүлдөп катуу сокту. Ал Медердин демин дагы сезип турду. Анын бекем колдорубелинен назик кармап алдыга тарткансыды. Ал дагы ишенич туудурду. Күнбийкеболгон аракети менен бир бутун чекесинен тер куюла алдыга жылдырды...
***
Бүгүн чоң кубаныч,Гүлкыялды кичинекей ымыркайы менен төрөт үйүнөн чыгарып келишти. Чыдамсыздыкменен үйүндө күткөн Күнбийкеге жездеси наристени колуна карматты. Күнбийкебаланы колго алып, «Сени биз көпкө күттүк Жусуп!» деди кучагына бекем кысып.Анан акырындап бутун жерге коюп, ордунан өйдөлөгөндө бардыгынын эси чыга баланыжыгытып алчудай тура калышты. «Коркпогула, мен басам! Басам...» дегенКүнбийкени апасы, жездеси, Гүлкыял, Айсулуу кубанычтын жашы менен баары жабылакучакташты. ..
***
Бир топ күндөн кийин тааныштарыаркылуу Күнбийкенин буту басып калганын уккан Азамат бүгүн гүлүн көтөрүп эшикалдына келди. Ошондо дагы бул кабарга толугу менен ишенген эмес эле. Бир азубакыт өтүп сыртка чыккан Күнбийкени көргөн Азаматтын тили чулдурап сүйлөйалбады. Ал суроолуу «Сен? Сен???» дегенден башка эч нерсе айталбай таңыркады.Мындан жети ай мурун кол арабада отурган Күнбийкени чыны менен эч качан баспайтдеп ойлогон Азамат азыр эс-учун жоготкон кези.
- Мен! - деди Күнбийкежай гана.
- Экөөбүз сүйлөшүп биржерге отурбайлыбы? Кандай болгондо да, көптөн бери сүйлөшө элекбиз.
- Азамат сен мениташтаганда дүйнө жүзүндө өзүмдү жалгыз сезгем. Сени сүйгөм, сени сагынгам.Кайрадан бутума турсам, сенин жаныңда баратканымды элестетчимин. Бирок, сагаболгон сезимим да өчтү... Мени менен жолугуу издебе, ал ашыкча болот. Башкаайтар сөзүм жок.
- Билем, барын түшүнөм...Мен акмакмын... – деди Азамат дагы бир-эки сурансам макул болор дегенсип. АлКүнбийкенин мурдагыдай назик көз карашын үмтөтө колундагы гүлүн суна коюп, -Мага бир кичине убакыт бөлүп койчу – деп кайра суранды. Күнбийке анын гүлүналган жок. Ага Азаматтын колундагы бажырайган кызыл гүлдөр дагы соолугансыяктанды. - Экөөбүз жолукпай калгандан бери сени ойлоп жүрдүм. Анан көпнерсени түшүндүм, сени мурдагыдай эле жакшы көрөм Күнбийке. Мүмкүн аракеткылсак, бир нерсе болор. Атаң дагы жакшы адам болчу, ал экөөбүздүн жүргөнүбүзгөкаршы болгон эмес. Мени айтчы, фирмама келип иштеп тажырыйба ала бер деп,карабайсыңбы эми Жусуп байкенин дагы өтүп кеткенин.
- Азамат экөөбүздүнортобузда эч нерсе болушу мүмкүн эмес. Кыйын болгон учурда да, жакшы нерсеникөргөндү үйрөн, ошондо жеңил болот деп атам айтчу. Ошондуктан экөөбүз жүргөнкезге мен сага рахмат айтам. Сени түшүнөм. Мен сенин ордуңда болсом сениташтамак эмессмин деп айтууга болот, бирок ал чындыкка туура келеби, аны азырөзүм билбейм. Ал эми азыркы убакта сен жумуш таппай кыйналып жүргөн болсоң,атамдын айтканын аткарам. Кел, жездем менен сүйлөшүп ишке орноштурам. Өзүм дагыиштейм. Мага дагы тажырыйба керек.
-Чын элеби?! Рахмат! Менбары бир экөөбүз бирге болорубузга ишенем – деген Азаматтын сөзүн Күнбийкеаягына чейин укпастан үйүнө кирди. Күнбийке менен Азамат сүйлөшүп турганда,Медер да гүлүн көтөрүп келе жаткан эле. Бирок, экөөнү көргөндө кызганычтанбыалар көзүнө бактылуу көрүндү. Тоскоол кылбайн деген ою менен артка кайтыпаларды алыстан карап турган. Бир нече убакыт өткөн соң, Медер Азаматты жолдонтосуп алды.
- Ии баатыр, колуңжакшыбы? ! Мен Күнбийкеден келе жатам. Сүйүү деген унутулбайт! – деди АзаматМедерди көрөрү менен.
- Сүйүү менен боорукерликтинайырмасын билбейт экенсиң!
-Ха- ха- ха. Мага боору оорудудечи. Ал мени жанында болушун каалап атасынын фирмасына чогуу иштөөнүсунуштады.
- Күнбийке сени көрүпсүйүнгөнүнөн гүлүңдү колго албадыбы?
- Ишиң болбосун! Бул убактылуунерсе!
- Күнбийкени сүйөм ошол үчүн жолторобойм. Эгерде сен башынан бир тал чач түшүрө турган болсоң таарынба! - депкетип баратканда Азамат:
- Бечара, маңдайыңа ошентипжазылгандыр сүйүшкөндөрдү кошуп, өзүң кыпчылбай кой! – деген сөзүнөн кийинАзамат Медердин күтүүсүз муштумунан ыргый түштү.
- Сени колумда гипс турганда урушкерек болчу, мүмкүн ошондо эле эсиңе келе түшмөксүң – деп, Медер анын жанындажаткан гүлдү алып бетине ыргыта басып кете берген. Ал эми үйүндө баятан бериолку-солку ойдо отурган Күнбийке телефонду алып Медерге чалды. Ал болсо көпкөчейин телефонду көтөрбөдү. Бир нече сааттан кийин гана кабыл алынбаганчалуулардан Күнбийкенин атын көрүп кайра өзү чалды. Бул учурда Медер үйүндөкийимдерин чемоданга салып, узак жолдун камын көрө даяр болуп отурган. Күнбийкетелефонду алары менен экөө тең бир биринин атын атап токтоп, кайта экөө тең«мен» деп күлүп калышты.
- Сен айта бер - деди Күнбийке.
- Жок сен биринчи айт.
- Мен эмнегедир ушунча кубаныптурам. Бул кубанычымды сен менен бөлүшкүм келди. Жүрөгүм толкуп, сүйүнүчүм ашыпжаткансыйт. Суу толгон идишке болбой эле куя берсең четинен ага берет го, ошолсыяктуу менин кубанычым ашкансыйт. Мен бүгүн сага бир нерсе айтышым керек -деген сөздөрүн угуп Медерге дагы ушунчалык Күнбийкенин кубанып турганы сезилди.Анын сүйүнүчүн Азаматка байланыштуу деп ойлоду да:
- Сен бактылуусуңбу? – деди.
- ...Ооба...
- Мен бүгүн кечинде Бельгиягакетем, билет алып койгом. Ал жерден окуйм, иштейм, мүмкүн болсо ошол жактакалганга аракет кылам – деди Медер Күнбийкеге бир нече мүнөттөн кийин.
- Биз бүгүн жолукпайбызбы?
- Кажети жок, мени эжем узатат.Айта турган сөздү айттык. Коштошконду жактырбайм. .. – деди Медер чынында ичиненөртөнүп жатса дагы. Күнбийкенин көзүнө толо түшкөн жаш ылдый кулады да, тамагыкысылып эч нерсе үндөй албады. Ал «кош бол» дегенден кийин телефондун кулаксоккон тыңылдагын угуп кала берди. Күнбийкеге жанагы толуп турган кубанычы бирзаматта түгөнгөнсүдү. Бул сөздөрдү айткан Медерге да оңой болбоду. Ал колундагымыкчып турган телефонду катуу ыргытып жиберди. Аны көргөн эжеси жакындай келипкөздөрүнөн жаш кеткен инисин өзүнө тарта бекем кучактады. Тамга сөйкөнө отуракеткен Күнбийке шашыла туруп сыртка жөнөп кетти. «Кайда барасың?» дегенАйсулууну да байкабады. Күнбийке баягы подъездин алдына келип, мурун мындатурган машинаны Азамат экөө таш менен ургулап талкалаганы эсине түштү. Алшашпастан төртүнчү кабатка көтөрүлдү. Он тогузунчу номериндеги эшиктин тушунабир аз туруп, колун көтөрүп бирок шыңгыракты баса албады. Үчүнчү кабатка түшүп,кайрадан өйдө көтөрүлдү. Жаңыдан баягы эшикке жакындаганда ал ачыла түштү.Тушунда турган Таалайды көргөн Күнбийке :
- Саламат-сыз- бы! - дедитолкундай.
- Апаң бул жерде жок -деди Таалай колун жая.
- Билем, мен... сизге...келдим. ..
- Мага? «Үйдөн чыкпаңыз,кокус апама жолугуп каласыз» деппи?
Күнбийке башын ылдыйкыла:
- Кечиресиз! - деп артынкарай кетип бара жатканда,
- Күнбийке! - дедиТаалай, - мага келсең... кир.
Таалай кызды отургуза,ага тигилди. Күнбийке сөз баштай албай туруп, басып келе кайра отурду:
- Мен... кечирим сураймсизден. Апам экөөңөргө бут тосконума өкүнөм. Мен..., мага эң негизкиси атамтирүү болсо... Өзүм күнөөлүмүн. Чынында эле сизди кабыл алгым келген эмес,сизди жек көрчүмүн, азыр деле жакпайсыз... Эмне деп жатам - деди ал кайра. - Кечиресиз... - деп кыз өйдө турайын дегенде
- Түшүнөм - деди Таалай.
- Мен сизден апамакайтышыңызды суранам. Кет дегенде кетип, кел дегенде келип, мен сага кимэкенмин дебеңиз. Мен эми каршы чыкпайм. Апам өзгөрдү абдан, карып кетти. Азырдагы сизди күтөт – деди кыз башын жерге сала. Эч нерсе дей албаган Таалай,унчукпастан отура берди. Өмүр бою ушул кызды күтүп жүргөндөй болду. Эми ганамахабатына эшик ачылгандай. .. Тушунда отурган кыздын илмерилип аккан көз жашыушунчалык тунук көрүндү. Бир убакта ал:
- Чынында сени түшүнөм.Сага дагы кыйын болду. Ким эле атасынын ордунда башка адамды көргүсү келсин? Эчким. Билесиңби? Сен азаматсың! Сен өз үй-бүлөң үчүн күрөштүң. Мен болсо тез элеберилгем, баары тагдырдын колунда деп, тагдыр адамдын колунда. Жусуп бары бирбактылуу адам экен. Сендей кызы болгондугуна. Эки кызды тарбиялап өстүрдү. Менжөндөп да үй-бүлө кура албадым. Көздөрүңдүн жанып турганын! Сен дагы бирөөнүжакшы көрөсүң. Коё бербе, өз бактың үчүн күрөш! Мага окшоп бакыт издеп өмүрүңдүөткөрбө! Мага окшоп бакыт издеп алыс барба! Азыр карма! – дегенде Медер оюнатүшкөн Күнбийкенин жүрөгү дүр эттип:
- Жетишпейм! – деди демикысыла.
- Убакыт өтүп кийиношондо мүмкүн жетишмекмин дегендей эмессиңби? Кийин, азыр жетишпейм деп ушулжерде тура бергениңе өкүнбөгөндөйсүнбү? ?? – деп айтканда Күнбийке үйдөн шашыла чуркапчыкты. Такси кармап Медердин үйүнө келип, шыңгыратып эчким ачпагандыктан эшиктикатуу каккылады:
- Суранам Медер аччы. СенАзамат жөнүндө сураганыңда мен калп айткам. Сага айта турган сөзүм көп, аччыМедер. Медер... - деп жатканда ар жактан кошунасы чыгып:
- Ай кыз, баланыойготосуң анча эмне ызы-чуу кыласың, тоодо жүргөнсүп?! Алар үйүндө жок – деди.
- Качан кетишти? Канчаболду?
- Эмне мени канчадачыгышты, канчада келишти деп жазып турат дейсиңби?! Тобо кылдым! Элди аңдыпотургансып!
- Балаңызды ойготупкойгон болсом кечириңиз! - деп ылдый түшүп баратканда кошунасы кайра:
- Чоң кыз! Алар бир саатмурун чемодандарын көтөрүп чыгып кетишкен.
- Рахмат! - деген бойдонКүнбийке чуркай машина тосуп аэропортко жөнөдү. Бирок ал жерден учак Бельгиягаон мүнөт мурун учуп кеткенин билди. Эми эмне кылмакчы?! Медер экөө бирге жүргөнжерлерди кыдыргысы келди. Басып жүрүп, ойдун тереңине түшүп башынан өткөндөрүкайрадан көз алдынан жүгүрдү. Кулагына апасынын «Мени бактылуу болсо экендейсиңби? », атасынын «Күндүн батканын, таңдын атканын көргөн, ал дагы бакыт»дегени угулду. Өзүнүн буту баспай кол арабада отурганда «Кандай гана бул адамдар бактылуу! !! Алар басып жүрүшөт,басып. ..» деп айтканы дагы эсине түштү. Күнбийкеге Таалайдын «Мага окшоп бакытиздеп алыс барба» дегени менен Медердин «Сен бактылуусуңбу? » деген суроосу уламкулагына угулуп турду. Бир топ убакыттан кийин үйүнө жеткен кыз кире беришжерге отура калды. - Айсулуу эже мен бактылуумунбу? – деп сурады аны көрөрүменен.
- Албетте, бактылуусуң! Тур ордуңан! Муздак жерге отурба!
- Эмнеге мен азыр ошентипөзүм айта албайм? Эмнеге жакын адамдарым, мен жакшы көргөн адамдар мени таштапкетишет? - деген кыздын жанына Айсулуу да отура кетти:
- Күнбийке Жусуп байкедайым жаныңда, жүрөгүм менен сезем дебедиң беле. Апаң, эжең…
- Медерчи?! Ал мениташтап кетти го! Алыс...
- Медер?! Уятсыз десе!Сени таштап анан үйдө отурганын кантейин!
- Үйдө?! Кантип үйдө?Медер! Эмнеге жанатан бери айтпадыңыз? Медер! - деп конок бөлмөгө чуркап киргенКүнбийкеге Медер:
- Күнбийке, мен... сенденалыстап кете албадым – деди.
- Эч нерсе айтпа, билем!
- Сен дагы сездиңби?
- Ооба...
- Ар дайым сени менен биргеболгум келет!
- Мен дагы.... Медер - депкалганын экөө көз караштары менен сүйлөшүп бири-бирине жылмайышты. Айланадакурчалган дубал дагы жоктой өздөрүн гүлдөгөн ээн талаада, ачык асман алдындатургандай сезишти. Жада калса Күнбийкенин артынан чочуркай чуркап келгенАйсулууну да байкашпады. Алар экөө гана көпкө чейин эч ким түшүнбөгөн, эч кимукпаган тилде сүйлөшө беришти.
***
Үч жыл өттү... Бүгүн баары шашыладаярданып жөнөп калышты. Анткени бүгүн Күнбийке менен Медердин аракетининалдында «Жанболотов Жусуп» атындагы балдарга жардам берүү фондусунун ачылышаземи. Ал кичинекей Жусуптун кызыл лентаны кесүүсү менен башталды. Күнбийке жакындарынынжана бул фонтто кызмат өтөй тургандардын алдында сөз сүйлөдү. Сөзү узак болду.Анткени ал атасы тууралуу айтты. Жусуптун элеси Күнбийкенин көз алдынатартылдыбы бир аз толкундана унчукпай калды, ал кайрадан сөзүн улантты:«Атамдыжоктогум келбейт. Атам бизди канаты менен калкалап көп нерседен коргоп келди.Атам.. . Бардыгыбыз үчүн чоң жоготуу болду. Ошондо атамдын жанымда эмес алысэкени аябай сезилди. Ошол учурда жездем, уулду болсом атамдын атынан коём дегенсөзү мага кадимкидей дем берди. Кайрадан атамды көрө тургандай, кичинекейжээнимдин төрөлүшүн күттүм. Болбосо, жашагым келген эмес. Эми анын бары артта.Биз барыбыз үй-бүлөбүз» деп ал апасы менен Таалайды, эжеси менен жездесин,алардын жанындагы кичинекей Жусупту, кызын көтөрүп турган жолдошу Медердикарады. Бир убакта алардын арасында атасы да тургандай сезилди. Күнбийкенинкөзүнөн жаш кетип, «мен атамды унутпайм, атамдын атын өчпөс кылам!» дедисөзүнүн аягында. Бул ачылыш аземинен кийин үйүнө баратышкан Медер мененКүнбийке отура калышып жаңыдан басканы үйрөнгөн кызын «Мага кел, Айдай магакел!» деп жатышты. Кичинекей кыз тай-тайлап атасына барды. Медер кызын эркелетекөтөрө, жанына келген Күнбийкени да кучагына алды. Анан экөө Айдайын ортогоалышып, тегерек чети жашылданган узун аллеяга түшүштү. Аларды чет жакаданжылмайынкы карагансыган Жусуптун карааны да улам алыстап баратты...
Аягы

#4 22 November 2015 - 21:18
Сонун чыгарма экен,авторго ыраазычылык,
калеминиз курчуй берсин.Бир дем менен окуп чыктым.
#6 22 November 2015 - 23:11
Журок оорутатго.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#9 23 November 2015 - 00:46
Чыгарма кызыктуу экен . бугун выходнойдо бир сериял кино коргондой болдум .
#10 23 November 2015 - 00:54
Карегимде катып калган жашты агызды го чиркин.Сонун чыгарма экен.Авторго рахмат куттурбой жазганына.
УМУТТУН ШООЛАСЫ ОЧПОЙТ.
#11 23 November 2015 - 02:28
Roman kitebi bolooruna az kalgan eken.
Сырыңды айтпа досуна, досундун да досу бар айтат досуна !!!
#13 23 November 2015 - 20:46
Жакын адамынды жоготуу ото оор болот озгочо атаны мен да атамдан айрылганыма али кунчо ишенбейм 5 жыл болсо да атам дайыма жанымда жургонсуйт

Супер-Инфо
super.kg
видео