"
Чычкандай кыз экен... Эми кырсык болуп кетиптир..."
Мага ушул эле сөз жетиштүү болду. Телефон аркылуу эмес, бетме-бет сүйлөшүп отурганыбызда мен ошол өзү айткандай "Х.айылынын кемпиринин"
көзүнө тигиле карагым келди. Жашы 60тан ашып калган байбиченин оозунан чыгып жаткан сөз ушул: "Чычкандай кыз экен... Эми кырсык болуп кетиптир..."
Бул сөздүн артында "эмнеле, силер (балким, улуулар, орто муундагы, же жаш журналисттер) дүрбөп жатасыңар?"
деген суроо да турат.
"Чычкандай кыз" болсо, мектеп босогосун да аттай элек. Ошол "чычкандай кызды" "букадай"
болгон, 30 жаштан озуп калган эркек зордуктап (!) койгон. Сот ишине балким, тиги кемпир барып алып "эми балабыз мастыгына салып, ушул кенедей кыз экен... эми кырсык болуп кетиптир"
деп айткысы деле бардыр. Мен окуянын дал ушинтип өнүгөрүнө таң калбай деле калдым.
Баарынан да ашатып туруп сөккүң келгени бул - кемпирдин өз жынысындагы эле адамга карата тилектештигинин жоктугу. Аялдын аялды аягысы келбегендиги!
!! Алтымышка чыккан кемпирдин жеке жашоосун талкуулагым келбейт, бирок ачык сөз: ал ичерин ичти, көрөрүн көрдү. Ал ким да, 6 жаштагы кыздын тагдырын калчай алат?! "Чычкандай"
кыздын так секирип ойночу секелектиги,
жигиттер менен шынарлаша баса турган бийкечтиги,
көшөгө артында отурчу ак келиндиги, балдарын колуна алчу энелиги, неберелерине сүйүнчү чоң энелиги алдыда турат!!!
Бирок анын баарынын быт-чытын бир зөөкүр бузду!!!
Ал кыз канча айда калыбына келет, ал кыз канча жыл дегенде эркек аттуулардан коркпой калат, ал кыз нике түнүн канча кылымдык азап менен күтөт? Мен кыз деп жатам, бирок канча деген оозу бош ал "чычкандайды"
кыз деп айтпай да калат?!
Зөөкүр - мейли уулуң, бир тууганың, жолдошуң, кошунаң, алыс тууганың болсун, кылмышкер - кылмышкер бойдон калат. Аны актоого эч бир аргумент түккө турбайт! Посттун башынан бери педофил деген сөздү клавиатурада тергим келбей кайсалактадым,
бирок, педофилдер эч бир түшүнүүгө мүмкүн болгон окуялардын катарына да кирбейт. Ал талкуу да болбошу керек, ал түз жазаланууга жөнөтүлүшү шарт!
Ачуум менен ушунун баарын апама айтып отурдум. Анан суроо салдым: "Апа, мурун ушундай окуялар болсо, басты-басты эле кылып коюшчу окшойт. Жаным кашайды, тиги кемпирдин сөзүнө. Ал кыздын чычкандай экенине шылтагысы келип жатат, балким, унутуп калат деп жатса керек. Бирок ушул кантип туура болсун?!"
Апам айтты: "Эсиңдеби,
илгери жолдун башында бир киши жашачу. Кийин асынып өлүп алган. Тизеси жерге тийип турган жеринен чечип алышкан болчу. Ал мындайча болгон: ошол киши коңшусунун кичинекей кызын зордуктап коет. Ал окуя үй-бүлөсүнө белгилүү болгон соң, милиция кызматкерлерине арыздануудан уялышат. Тагыраагы, элдин сөзүнө калуудан. Зордукталган кыздын атасы тиги кишини өлтүрүп, анан даракка алып барып, асып койгон экен... Элдин баары беш колдой билип турса да, дым-дым, басты-басты болуп калышты. Милицияга деле эч ким арызданып барган жок... Милиция өзү деле шекшинип, ишти андан ары уланткан жок. Менимче, анын ошондой жаза алуусуна баары макул болушту окшойт".
Кыздын абийири - бул баарынан кымбат. Кыз - чычкан эмес, ал болочоктогу эне. Зордуктоо - бул кырсык эмес. Бул кылмыш жана анын аткаруучусу ошого тете жазасын алышы керек. Зордуктоого баруу бул - намыстын иши, ал эми эркек үчүн намыс, уят - бул өлүмгө тете. Кылмышкерлерди куткарып калуу максатында аң-сезими жете туруп, баарын биле сезип, курулай актоо жана жактоо бул кылмышкердин кылмышынын үлүшү менен бөлүшүү. Менимче, мындай адамдарды кошо соттоо керек. Антпесе, көптү жашаса да, көптү билбеген, жашы 60тан ашып калган алжымайлар "чычкандай кыз экен... кырсык болуп кетиптир..."
дегенин токтотпойт!
Учурга анализ... Сиздин оюнуз?
#42 27 October 2015 - 16:50
Педофилдер кундон- кунго тамыр алып осуп жатабы эмне? Буларды олтурбой эле "эркектик баалуулугунан"
ажыратып, омурунун акыркы минутасына чейин турмодо олтургузуш керек. Олум булар учун эн эле женил жаза болуп калат.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#43 28 October 2015 - 16:55
Педофилдер кундон- кунго тамыр алып осуп жатабы эмне? Буларды олтурбой эле "эркектик баалуулугунан"
ажыратып, омурунун акыркы минутасына чейин турмодо олтургузуш керек. Олум булар учун эн эле женил жаза болуп калат.
Омур бою мамлекет эсебинен багуу олумго караганда кыйын жазабы?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#44 28 October 2015 - 18:48
Омур бою мамлекет эсебинен багуу олумго караганда кыйын жазабы?
Мен олум жазасына деле каршы эмесмин.
Бирок олум алар учун эн женил жаза болуп калат. 1-2 минутта кыйналбай олуп кете берет тук кыйналбай. "Бычуу" жолуна барыш керек менимче. Мамлекеттин каражаты кетип жаткан болсо, бычылган педофилге 5 жылдан кийин олум жазасын бериш керек.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#46 22 November 2015 - 21:08
Olum jazaasyna karshymyn. Adamdardy biz jaratkan emespiz janyn da biz aluuga mildettuu emespiz.
Pedefilderdi bychuu degenge da karshymyn sebebi bizdin biylik biylekke karshy chykkan erkekterdin baaryn pedofil dep bychyp je bashka kunoo oilop taap olum jazasyn berishi mumkun. Misaly atambaevdi sokkonun uchun ketpeisin birok fashisttik orusiya koshmo olkolorunun baji birimdiginen chygysh kerek dep mitingge chyksan ertesi je pedofil degen kunoo chygat je inostrannyi agent dep kunoo koiulat anan repretsiya bashtalat. Anan alarga kaira och aluular bashtalat. Kyskaasy butpos dastan bolot da.
Birinchi presidentter kelgen saiyn almashtyra algys sot sistemasyn kirgizuu kerek. Sot sistemasy onolmoiun men karshymyn. Bolboso kun karamadai ele prezidenttin buirugun atkargan sistemada bolgonu al tandaluu menen biyliktin kamchysy gana bolo alat

Сырыңды айтпа досуна, досундун да досу бар айтат досуна !!!
#47 22 November 2015 - 21:17
Baji birimdigine da karshymyn. Elder oz kursagyn ozu toiguzup jatkanda kancha mindegen adamdardy ishsiz kaltyrdy. Egerde bul temp menen kete bersek achka kalgandar 3-revolutsiyany da kylbait dep ech kim kepildik bere albait. Eldin kursagyn toiguzuunu oiloboi ele orustardyn buirugun atkargandy toktotup biylik esine kelip janylyshtyktaryn tuzotushu kerek. Baji birimdigin reklamalap janyn urop eline kalp aitkan Sariyevderdin jana alardyn komandasy otup ketken deputtardyn baarynyn mal mulku konfiskatsiyalanyp okmottun kazynasyna berilishi kerek, jana omur boiu chet olkogo chykkanga ui buloosu menen tiyuu salynyshy kerek. Bolboso elin satkan akchaga bashka olkolordo jyrgap jashai berishet. Egerde elin satkandarga myndai chara korulboso ar bir ish uchun birden primer shailap al ish butkondon kiyin any alamashtyruu adatka ailanyp joop beruuchu ech kim bolboi kalat. Oshol kelishimderge kol koigon prezidenttin da mal mulku konfiskatsiyalanyshy kerek
Сырыңды айтпа досуна, досундун да досу бар айтат досуна !!!
#48 23 November 2015 - 09:57
Жылдан жылга,кундон кунго жаш наристелерди зордуктоо кучодо.Окуган сайын журогубуз ооруйт башка колдон эч нерсекелбейт.
Атса,кесе бычып салса дейбиз бирок ач кыйкырыктан башка эч нерсе колубуздан келбейт.Жогоруу жактан умут кылабыз.Аларга эмне кресло болсо,акча бийлик,байлык болсо...
Адам тагдыры,жаш наристелердин коз жашы,коргон азабын,омур бойуу тарткан азабычы муну эчким ойлоп да койбойт,кызыкпайт дагы...
Карапайым эл озубуз которушубуз керекпи деп да ойлонуп кетем.Ошол жеп ичерлерге атуу окумуну чыгар,антпесен кыргыз элимди атын очкон педофил деген наадандар,эне сутун эмес,эшектин сутун эмген акмактар кобойуп кетип атат деп кол топтоп,закондуу турдо кайрылсак окшойт.Наристени зордогондорго олумдон башка сот жок.Алар олуш керек.Жашоо кызык экенин коз ирмемде олуп баратып деле арманы ичинде болуп сезет.Бычса эле андай акмак жон жатабы?Менимче андай киши маняка айланат.Аты туболукко очкур педофилге ОЛУМ деп чыгышыбыз керек,кол топтошубуз керек,законго киргизип беришин талап кылышыбыз керек болбосо токтобойт.Кана эми законду билген чыгаан уул кыздарыбыз чыкса бизге окшогон энелер,чон энелер,студенттер, баары баары колдоп кетет деп ойлойм...
Коруп деле окуп деле атабыз 2-3-5 7 -8 жашар наристелер, аташка оозун барбайт,окуп журогун сыздайт башка арга жок...

Супер-Инфо
super.kg
видео