Мага ушул эле сөз жетиштүү болду. Телефон аркылуу эмес, бетме-бет сүйлөшүп отурганыбызда мен ошол өзү айткандай "Х.айылынын кемпиринин" көзүнө тигиле карагым келди. Жашы 60тан ашып калган байбиченин оозунан чыгып жаткан сөз ушул: "Чычкандай кыз экен... Эми кырсык болуп кетиптир..." Бул сөздүн артында "эмнеле, силер (балким, улуулар, орто муундагы, же жаш журналисттер) дүрбөп жатасыңар?" деген суроо да турат.
"Чычкандай кыз" болсо, мектеп босогосун да аттай элек. Ошол "чычкандай кызды" "букадай" болгон, 30 жаштан озуп калган эркек зордуктап (!) койгон. Сот ишине балким, тиги кемпир барып алып "эми балабыз мастыгына салып, ушул кенедей кыз экен... эми кырсык болуп кетиптир" деп айткысы деле бардыр. Мен окуянын дал ушинтип өнүгөрүнө таң калбай деле калдым.
Баарынан да ашатып туруп сөккүң келгени бул - кемпирдин өз жынысындагы эле адамга карата тилектештигинин жоктугу. Аялдын аялды аягысы келбегендиги! !! Алтымышка чыккан кемпирдин жеке жашоосун талкуулагым келбейт, бирок ачык сөз: ал ичерин ичти, көрөрүн көрдү. Ал ким да, 6 жаштагы кыздын тагдырын калчай алат?! "Чычкандай" кыздын так секирип ойночу секелектиги, жигиттер менен шынарлаша баса турган бийкечтиги, көшөгө артында отурчу ак келиндиги, балдарын колуна алчу энелиги, неберелерине сүйүнчү чоң энелиги алдыда турат!!! Бирок анын баарынын быт-чытын бир зөөкүр бузду!!! Ал кыз канча айда калыбына келет, ал кыз канча жыл дегенде эркек аттуулардан коркпой калат, ал кыз нике түнүн канча кылымдык азап менен күтөт? Мен кыз деп жатам, бирок канча деген оозу бош ал "чычкандайды" кыз деп айтпай да калат?!
Зөөкүр - мейли уулуң, бир тууганың, жолдошуң, кошунаң, алыс тууганың болсун, кылмышкер - кылмышкер бойдон калат. Аны актоого эч бир аргумент түккө турбайт! Посттун башынан бери педофил деген сөздү клавиатурада тергим келбей кайсалактадым, бирок, педофилдер эч бир түшүнүүгө мүмкүн болгон окуялардын катарына да кирбейт. Ал талкуу да болбошу керек, ал түз жазаланууга жөнөтүлүшү шарт!
Ачуум менен ушунун баарын апама айтып отурдум. Анан суроо салдым: "Апа, мурун ушундай окуялар болсо, басты-басты эле кылып коюшчу окшойт. Жаным кашайды, тиги кемпирдин сөзүнө. Ал кыздын чычкандай экенине шылтагысы келип жатат, балким, унутуп калат деп жатса керек. Бирок ушул кантип туура болсун?!"
Апам айтты: "Эсиңдеби, илгери жолдун башында бир киши жашачу. Кийин асынып өлүп алган. Тизеси жерге тийип турган жеринен чечип алышкан болчу. Ал мындайча болгон: ошол киши коңшусунун кичинекей кызын зордуктап коет. Ал окуя үй-бүлөсүнө белгилүү болгон соң, милиция кызматкерлерине арыздануудан уялышат. Тагыраагы, элдин сөзүнө калуудан. Зордукталган кыздын атасы тиги кишини өлтүрүп, анан даракка алып барып, асып койгон экен... Элдин баары беш колдой билип турса да, дым-дым, басты-басты болуп калышты. Милицияга деле эч ким арызданып барган жок... Милиция өзү деле шекшинип, ишти андан ары уланткан жок. Менимче, анын ошондой жаза алуусуна баары макул болушту окшойт".
Кыздын абийири - бул баарынан кымбат. Кыз - чычкан эмес, ал болочоктогу эне. Зордуктоо - бул кырсык эмес. Бул кылмыш жана анын аткаруучусу ошого тете жазасын алышы керек. Зордуктоого баруу бул - намыстын иши, ал эми эркек үчүн намыс, уят - бул өлүмгө тете. Кылмышкерлерди куткарып калуу максатында аң-сезими жете туруп, баарын биле сезип, курулай актоо жана жактоо бул кылмышкердин кылмышынын үлүшү менен бөлүшүү. Менимче, мындай адамдарды кошо соттоо керек. Антпесе, көптү жашаса да, көптү билбеген, жашы 60тан ашып калган алжымайлар "чычкандай кыз экен... кырсык болуп кетиптир..." дегенин токтотпойт!
Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 27 Октябрь 2015 - 16:30