5-бөлүм.
Берметтин үйүн үч көтөргөн кыз-келиндер шапар тээп шарактап, дүйне капар оюнтамашанынүстүндө эле. Түшкө жакын аиыларасы уучуу түшуү, чаңдыбосту болду да калды. .— Аттангыл.а эле, аттангыла!
— Жүргүлө эле, жүргүлө!
Тез эле, тез!— Болгула эле, болгула!Союл согууга жараган эр бүлөдөн бирөө да калган жок. Тигил айылдагылар,
үстүнкү, төмөнкү,жогорку жака аркы айылдагылар да кары дебей, жаш дебей арыдан бери аттарын токуй салып жапыртаттанды.
Бирлен союлду чаттарына кыпчып урдуран бойдон жаканы карай жабыла жөнөштү. Чаңызгыды. Иттер алжаны калбай абалады. Өрүштө жаткан мал үркүп, өйдөтөмөн удургуду. Алаканын шаккоюп аялдар кокуй алатты копшонушту.
Майдл балдар чырылдап чыркырады. Айыл арасын каптапкеткен дүрбөлөңдүү дүбүрткө аралашкан ызычуу Берметтин үйүндөгү бейкуттукту да бузду. Кыз-келиндер элеңдеп эшиктен чыгып эки жакты карашты...Айланага алаякарап, аңтаң болуп жарданып турган кыз-келиндерди карай бир бала чимириктейчимирилип келе жатты. Штан сөрөйүнүн багалек болмушун санына чытара түрүп койгон. Жылаң бут,жылаң >баш. Чалдыбары чыккан көйнөк сөрөйүнөн башка үстүндө үйрүп салар эчтеме жок. Араң турганКелин-
кыздардын бири «баягы жетимче экен» дей калды.— Ооба, ошол жетимче эжен,— дешти ар кимиси. Үн жетержетпес аралыкка келтенде:—^о,
эмнеболупкетти?
Эмне болуп жатат?—деп жалпы чуркурады. Бала үнүн чыгара албай колун гана жаңсап коюугажарады.
Энтеңдеп келди да:— Байлап кетиптир!
—деди.— Кимди байлап кетиптир?—дешип Келин-кыздар баланы демитишти.— Бий атамды, болуш абамды, старчын акемди...— Оозуңа кара таш, кан куркур! Калп айтасың,— деди чочуп кеткендер. Жетимче эчтеме айта 1албайжер тиктеди. Келин-кыздар ооздорун ачып томсоро түштү.— Кайдагы эмелер экен? Кайда байлап кетиптир?— деп келиндердин бири жетимчени колдон алды.— Алмабектин жигиттери байлап кетиптир...— Алар эмне үчүн байлап кетишиптир?
— Кыязы өлтүргөнү жүрүшсө керек...— Ок, кара оозуңа кан толгур,— деп чочуп кеткен келин жетимчени муштап жиберди.Тезирээк кабар жеткирип жакшы көрүнүш үчүн тызылдаган бойдон жете желген жетимче бирмуштум жеп деми сууду. Келиндер Алмабегин баш кылып, анын элин, катын, бала, карыжашына чейинмүлдө каргап-шилей берүүгө өтүштү. Ошол учурда Алмабек элинен кимиси болсо анысы болсун, мадесеөлө-сөлү кемпир, чалдардын бирөө колдоруна тийсе тытып жиберүүдөн кайта тартышпайт эле. Ар бириөзүнчө эстүүсүндү.
Тилин тишине кайрап ызырынгандары да, намысына чыдабай мурдунун суусунбулкуп алып, силкип ыргытып жүргөндөр да көп болду. Ошентип Келин-кыздары да, кимиси өз уруусунун намысына канчалык экеңдигин көрсөтүүгө далбаса кылууда болду...Бермет кыз-келиндерден бөлүнүп өзүнчө обочо барды да, көчүгүн жерге коюп, эки тизесин кучактапотуруп ыйлады. Башкаларча алаканын шак «ойбостон, чыркырап чыңырбастан өпкөөпкөсүнө батпай жөнэле солуктап шолоктоду. Көз жашын нөшөрлөтө төктү.Ал эмне үчүн ыйлады? Же ал жерде жүргөндөрдүн бардыгы бирдей ыйлагаңда анчейин шардаанг/акошулуп ыйлап отурабы? Бийди Алмабек өлтүртүп койсо, же ызаакордук көрсөтсө, аны Берметтин аяпыйлай турган эмнеси бар? Кайта табасы «анып каткыра күлбөйбү? Өткөн өчү, кежен кеги бар эмеспи?Же болбосо күйөөсү Сабит болушту аяп ошенттиби? Аны аяй турган кандай жөнү бар? Албанданажыратты.
Зордоп келип аялдьгкка алды.Неси болсо да Бермет а күнү куру жүргөн жок, ыйлап жүрдү. «Бийди, Сабитти Алмабек өлтүртүпкойсо,
Албанга кошулууга жол бошоп калар эле. Бирок, мурдагыдай боло албайбыз го, суук селки болупкалбадыкпы» деген ой уламдан улам анын санаасын ала качып турду.Бир сыйра алекчелөк түшүп ыйлап алгандан кийин «Олжобай» уруусунун аялдарынын жели чыгып,бир аз жеңилденип калышты. Ар бир айылдын аялдары өздөрүнчө чогулуп абалды талкуулоого бет алды.Жаңы кабар күтүп жака тарантан көз алышкан жок. Ошол учурда Сабит болуштун байбиче аялы Ну,руш,салабаттуу бир жемпирди ээрчитип үйүнөн чыкты. Берметтин өргөөсүн курчап жүргөн Келин-кыздардыкарай бет ала басты. Аларды көргөндө Берметтин жүрөгү «шуу» дей түштү.Болпоке «Олжобайлыктардын» жогорку айлындагы бирөөнүн келмпири. Ошо жашка келгиче биржолу да согончогу канабаптыр.
Кара жанын барбайлап, кийимди да дурустап «ийген кыйла салмактуу,оор басырык, салабаттуу байбиче. Мындагылар аны «көзү ачык апа» дешет. Абыщкасын өзү билип, өзүтуят имиш. Болпоке күзгүнү бетине карм.ап кимдин змне болорун «айтып» бергендигинен улам «көзүачык» атка конуптур. «Оту күйүшпөгөн» аял, эркегкти ырайлаштырып бирин-бирине ысык көрсөтөт.«Ашык» кылып коюуга да жарайт. Биринебири ашык болуп жүргөндөрдүн арасын ачып, суук көрсөтупкоюуну да билет. Аялын чанып жүргөн эркектин башын аялына тегеретип да бере коёт» дешет.—Оорукчан болуп кеттим, көзүмө ар түрдүү эмел?р көрүнөт. Ээлүү дартка чалдыккан окшойм, демсалдырам,
дубалатам,— деп Сабиттин улуу аялы Нуруш мындан үч күн мурда үйүнө алдырткан экен.Ооб>а,
аны дартка чалдыктыргандар Бермет менен болуш. Болуштун башын өзүнө тегереттирип коюшүчүн «апаны» алдырып келди. «Каңран жигит лпжип болуп калар бекен» деген сөз ошо күнү эле айыличин аралап кеткен.Нуруш менен «көзү ачык» апа тигине, Берметке жакындап калды. Жакындаган сайын Нуруштунжүрөгү опколжуп алып учту, бүт денесин желпинтти, титиреңдетти,
итиреңдетти.
Кубартыпкумсартты.
Тишин кьгчыратың тиштентти. Эки тизесин кучактап баш көтөрбөй ыйлап отурган Берметти барыпчачтан алып сүйрөп тургузду..— Карл жолтой какмаар, сетер, салбар. Өлүк тиригиңди көрөйүн, кулдун кызы. Тирүүлөй чайнапжутуп жиберейин. Сербейген каракчыны, —деп оозуна ак ит кирип, кара ит чыкты. Жулмалай берди.—Кара жолтой бети жоктун бетин тилип таштайын, бетин,—деп бетине жармашты. Атайы ала келгенмакиси бар экен, чөнтөгүн сыйпалады. Бермет жалтанып жалтайлаган жок, боюн сулк таштап, эркинекойду.
Нуруш колу жеткен жерин аткыды, тиши жеткен жерин тиштеди. Арачалап арага кыпчылган кыз-келиндерден да аянган жок. Ар кимдерине алкынып-жулкуна берип акыры өзү да оң таппай калды, шайыкетип башы тегеренди, келигеси кежеңдеп тырыша түштү да, шалак этип жыгылып, диртилдеп жатыпкалды.
Бетине муздак суу бүркүштү. Колу, бутун ушаллшты. «Үйгө киргизели дешти эле, жок, эс алсаэле бүлүк чыгарат, ушунчасында өзүнүн үйүнө жеткирип тыналы» деп беш, алты келин колдон, буттаналып үйүн көздөй жөнөштү. Кийимдери тытылып, чачы жулмлланган Бермет үрпөйүп үйүнө кирди.Келин-
кыздар «көзу-ачык» апаны шынаардашты.
Ал ынтыга отуруп ж^айбаракат сөзгө киришти.Сүйлөгөн сөздөрүнө караганда кейпи, Нурушту «көзү ачык» апа көкүтүп өзү алып келген көрүнөт.— «Келиндин аягынан, койчунун таягынан» болот. Бу Бермет келиндин аягы ак жолтой боло алганжок.Тууган арасын да бузду. Албанды азгырып жүрүп, аны агайынтуугандан бездирди. Ат жалын тартыпминүугө жарагандан бери эч бир жандан суук сөз укпаган, эч кнм баш көтөрүп өйдө карай албаган Качыбийге Алмабектин жигиттеринин колу тийиши да бекер эмес. Арты эле кайырдуу болсун. Бермет ганаэмес, кавхар болуп кетсе да кара жолтой болуп калды,— деген сөздөрдү айтты. Мындай сөздөрдү башкабирөөлөр айтса ар бири ар кандай түшүнүшү да мүмкүн эле. «Көзү ачык» апа өз оозу менен айтыпотургандан кийин ынанбай коё алуучубу, бардыгы бирдей шыпшынышты.
Көңүлдөрү сууй түштү.Ошентип,
(айланасында жүргөн Келин-кыздардын жүрөктөрүнө суук так салып койду аа:—эмесе менкетейин.
Нуруш балам арууркап калды көрүнөт. Барып эмдеп-домдоп эсине келтирейин,
— деп ордуна«обдулду.
Уйча оонап, эки колу менен жер таянганда эки келин эки колтугунан жөлөп тургузду.«Көзү ачык» апа ;эч ким жок ээн жерде өз этин анчалык деле оордобойт. Кишилердин «өзүнчөошентип салмактанып пейил күтүп калат. Колтуктан жөлөгөн эки келин кошо кетти. Ошол учурда жакатараптан атын бездирип келашан киши Камка апанын үйүнө келип токтоду. Демигип калган атынойдолото бастырып, бирдемелерди баяндады. Жабыла карап турган кызкелиндердин санаасы саңгабөлүнүп,
демдерин ичине тартып демикти. «Жакшы кабар менен келген жакшы киши болгой эле» дешипабыгер чөгишти. Үйүнүн артында жалгыз отурган Камка апа атын ойдолотуп турган кишинин кабарынордунан козгрлбой угушуна карлганда, калпагын капшыра кийип, атын ойдолотуп турган киши жакшыкабар менен келген, жакшы киши болууга тийиш дегенди ойлонушту. Тиги киши өйдөкү айылды көздөйчабагандашына караганда: «ай, жаман кабар менен келген жаман шүмшүктөрдүн бири го» деген пикирдикарай ооп калышты. Баягы жетимче да Камка апанын үйүнө кайта барып калган. Тиги киши жогоркуайылды көздөй жөнөгөндө жетимче кыз-келиндерди көздөй безелене жүгүрдү «Байкуш жетимче кабарайтууга келатат» дешти.Камка апа менен Берметтин өргөөсүнүн аралыгы жарым чакырымдай бар. Жетимче андасандаалаканы менен санын камчылап безген бойдон катуу келатат. Үнү жетержетпес аралыкка келгенде эле —сүйүнчү эле, сүйүнчү!— деп кыйкырды.— А байкуш жетимче. Жакшы кабар менен келат1кан экен,— дешип жарданышты.
Жетимче алаканыменен санын дагы катуу камчылаңып койду да,—ажыратып калыптыр!
— деп чукул кирип келди.— Кимдер ажыратып калыптыр?— Бул жактан оаргандарбы?
—деп жамырата кыйкырышты.
:— Жж, бул жактан баргандар жетпей калышыптыр.
;— Анан кимдер ажырлтып калыптыр?— Бермет жеңемдин атасы Ийгилик куда менен, Албан абам ажыратып калыптыр!
— Оозуңа май, кагылайын жетимче!— деп бүк түшүп мүнакүрөп жаткан Бермет ыргып турду. —Бери жакын келип жакшылап айтчы? Жетимчени езүнө жакындатты.
Маңдайынан сылады. Ары чуркапкелатып күйүгүп, ары жакшы кабар менен келатышына сүйүнүп, анын үстүнө Берметтин уба карапайткан жылуу сөзүнө эрий түшкөн жетимче мурдун шор тартып аптыга калды. Чачы үрпөйүп, үстү-башытытылып турган Бермет:— айта бер, садага болоюн жетимчем, сөзүң жакшы экен!—деп муңая карады.Бирде аптыгып, бирде кекечтене калып, колун жаңсап жогорку айылга чапкан бойдон кеткен кишиденугуп калган кабарды төкпөйчачпай баян кылды.— Жеңемдин атасы Ийгилик куда менен, Албан абам анча жетип ажыратпаганда Алмабек капырөөлтүрүп коймок экен. А Албан абам кууп жетип Алмабектин жигиттерин жыга, жыга чааптыр.—Колунжаңдап,
— жөн элеби, чапканда эле, аттарынан учуп түшө беришиптир.
Бермет жетимчени:—тамак ич. Сүйүнчүңө эртең .көйнөк, штан тиктирип бөрем,— деп үйүнө кирди.Кийим селбип кийип, чачы башын тарап иретке келтирди.Тышта жүргөн келиндердин бири:—О кудай. Мына, келип калышты,— деген кабарды айтты. Дуукоюп бардыгы жарыша тышты карай жүгүрдү.
Чыр-Дөбө. Айткулу Убукеевдин чыгармасы.
#22 03 November 2015 - 11:39
6-бөлүм.
Эки тараптын калкында түн бою тыным болбоду. Уйку бетин көрбөй убайым тартып чабалакташып—намыс, намыс—дешет. Солдаттыкка баруу же барбай каршы көтөрүлүү жөнүндөгү бардык ой эстенчыгып калды. Көз жумуп кирпик ирмегендердин көз алдына эртең Алмабек эли менен боло турган кызылкыргын, сары сүргүндүн, кара комок болуп аттардын аягында тепселип жаткан өлүктөрдүн, башыайрылып, кабыргасы канга боёлуп жан талашып жүргөндөрдүн элеси келет.— Пай, пай! Кандай заман,кандай күн болуп кетер экен!— дешип күңгүрөнүшөт, улутунушат, үшкүрүшөт. Айрымдары кежениптиштерин кычыратат. Азаптуу түндүн агарган таңына араң жетишти. Эки тараптын эр бүлөеү бүгүнкүмайданга жапырт аттанды.Алмабактин калкылдаган калың колу шашке ченде «Чыр-Дөбөнүн» күн батыш тарабын кара таандайкаптап калды. Шарактаган шайдоот, белсенген берендеринин бир тобун ээрчитип Алмабек «Чыр-Дөбөнүн» орой чокусуна бастырып чыкты. Тиэгинди жыя кармап, Качы тараптын колун карай көзжүгурттү, алар даяр турганын байкады:Өңчөй найзакерлер ири алдыга эки катар тизилиптир. Найзаларынын учуна күн нуру чагылышыпжарк- журк этет. Алардан кийин жалаң каакактуулар үч катар тизилиптир, ар бир каскактын учунда колтокмоктой колтойгон түпөктөр жүрөт. Алардын артында союл, чокморлорун сороктотуп л^үргөндөрбытбырдай кайнайт. Жарданып турган колдун эки башында эки топ мылтыкчандар жүрөт. Жекегечыгуучу баатыры да белен көрүндү. Кызыл жоолук менен башын бууп, каракер атын каргытып эңалдыда бирөө турат. «Албан деген кечеки баатыр жигит ошо болуш керек» деп Алмабек аньь сынанкатуу заарканды.Үч киши ээрчитип Ийгилик калың колдон бөлүнүп чыкты. Алар баягы Мантек, Кашкарбай, Чаки элүүбашылар экен. Булар туура тушту бөгөп жаткан Садыр элинин колун карай бастырды. Үч киши ээрчитипал тараптан Шадман аке тигилерди тозооттоп бастыра келди. Саламдаша сүйлөшүп Алмабекти бет алажүрүп калышты. Аларды көргөндөн кийин үч кишисин жанына калтырып, Алмабек башка кишилеринкетирип жиберди. Үч тараптан келип баш кошкондор салам да айтышкан жок, эсендик да сурашпады.Ийгилик атынан түшүп чылбырьш жолдошторунуң— Акыры алыска созулуп кете турган кепти айтыш отурасың го, Алмабегим,— деп Шадман акебашын чайкап, сакалын сылады.— Качыдан кутулсак эле бардык чатак бүтөт. Андаш кийин мени тирүүлөй жесеңер да туруп берем.Ийгилик жөтөлүмүш болуп үнүн жасады. Тигил экөө анын оозун тиктей калды.— Алмабек баатыр, чологураак ойлоп жатат окшобойсуңбу? —деди.Алмабек териге түштү.— Кана эмесе, сен узун оюңду айтчы?— Качы бий сен колду болуп өлсө, чатак дагы кабылдап кетет. «Хандын ханы, каранын төрөеү», чоңуруунун тукуму Качы бийди өлтүрүп коюптур дешет, башка элдин болуш, бийлери. Желколтук болупжелигип араң турган элди барыдан мурда сени карай тукурат. Күңгөй, тескей деги алты болуш элгеАлмабек эли жалгыз туруштук бере алар бекен? Ойронуң ошондо чыгып отуңа жагылбайбы? Чамындыдай чабылбайсыңбы? Талап кетпейби? Аңги намыска абдан уугуп бүткөн турбайсыңбы? Арты,кийниңди байкасаң боло! Эрдигиң бар, эсиң жок кокуй...—деп Ийгилик чаңыра сүйлөп камчы мененжерди бир чапты. Ошондо Алмабектин башы калжаңдай түштү.— Береги Ийгилик кулду кудай ура турган болгон белем. Жер сабашына караганда эч кимди көзүнөилбей турган болуп калган бейм?—деп Шадман акеге моюн бурду.Курулай «кул» демиш болгон менен Алмабек туура айтылган сөздү туура түшүндү. Тек жагынтериштире келгенде өзү деле букарага кошулат. Анын Ийгиликтен артыкчылыгы — майда уруулардынбир канчасынын башын кошуп Качы бийге каршы көп жылдан бери кармашып келаткандыгы. «Бөрүалгандын тукуму, тирүүлөбөй түлкү алат» дешип ички, тышкылар качы бийди колдошот. Канчалыккалыс дегенибиз менен Шадман аке деле ошондой ойдо. Тектүү уруудан чыккан киши дел: уезд да Качыбийге жан тартат. Башка болуштардагы эл бийлегендер да Качы бий менен эсептешет. «Өзүнө чак келбейтурган тонду кийгиси келет» деп Алмабекти кемсинтишет. Эгерде Шадман аке макул болуп Алмабектарапка өтүп берсе, Качы бийдиң сызга отуруп калары көрүнө туртая нш. Бирок Алмабек эрегишкенбойдон Качы бийди өлтүрүп койсо, башка болуштардын эл бийлегендери баш кошо калып Алмабек элинкандуу булоон түшүрүп талар кетери да чындык. Ошондон улам Ийгиликтин сөзүнө Алмабек муюшатүшүп отурат.Булар жүйө айтышып олтурганда эки тараптын жекемежекеге чььга турган баатырлары белен болупкалды. Качы тараптан жекеге чыгууга Албан даяр турса да, аны калтырып Каракулдун чыгышын жөндүүтабышты. Анткени, биринчиден Албанды жашсынтышты, экинчиден — мерт болуп калбасьш деп.аяшты. «Опко байлаган кара өгүз» эмне болсо да кул болсун. Өлсө да кул өлсүн де:ген ой менен:—жашың улуу змеспи, жол сеники. Албанга барып жол сура,— деп анын колтугуна суу бүркүшту. Токмокжалдуу тору айгыр минип жүргөн Экен, каокаггын кармай барып:—жашым улуу, жол меники,— деди.— Бары бир эмеспи, Каракул аба. Сиз кайсы, мен ксаисы?— деп Албан кынжылды.— Жашы улуу. Жол Каракулдуку, — дешип бир топ жигит Албанды артты.карай жетелеп кетти. Биртоп житит арыдан бери Каракулду камдапчамдап жиберишти. Каокак ашрип кетпегидей кылып көкүрөгүнө, далысына булпагы тердиктин теминөөрүн таңышты. Аткарып, касжакты колунакарматканда эле, Каракул тору айгырды санга бир салып чу койду. Койайга карабастан ,айгырынатырылтып майданга чыга келди. Аны көрүп аркы тараптын баатыры атына мамчы басып, капкагынсундура кармап тосо чыкты. Ошондо:—кара тумшуктар, эй, жара тумшук бейбаштар! — деп Шадман акеыргып турду. Атына чапачупа мине салып, Качы тараптан Мантекти, Алмабек тараптан ал жерде туртанбирөөң ээрчите жөнөдү.— Койгула эле, койгула! Кайра тарт эле, кайра тарт!— деп кыйкырды. Тикекачырышып калган эр кулдар угуучубу. Тоң моюндук кылып Каракул жаздым сайды. Алмабек тараптынбаатыры карс эттире келип койгондо капкагы корс этип, белинен үзүлүп кетти. Аттарынын башын тартаалбай экөө эки тарапка өтө качты. Кайрылып кагышкыча Шадман экөөнүн арасына түшө калды. Кошобаргаңдар эки баатырды чылбырдан .альш эки тарапты карай коштой жөнөдү.Карагайдын таңындагы калың айыл элүү башы Мантекке караштуу. Эртеден бери кыдырып кымызичкен эр бүлө түш ченде үйлөрүнө тарап уйкуга киришти. Кымызга ныксыраган эр кулдар шондон бери,күн бешим болуп калса да аяк серпише элек. Баятадан бери ооналактап жаткан Мантек элүү башы ганаазыр тура келип чепкенин желбегей жамынды. Кепичин бутуна коңултак салып тышка чыкты. Майпаябасып айылдын четиндеги дөңсөөгө барып отурду. Аны көргөн аялдар:— элүү башы аке жалгыз отурупкалды, — дешип күйөөлөрүн ойготушту. Уйкудан турпандар көздөрун ушалап элүү башынын жанынабарышты. Чаначын көтөрө келген жигит сыр аякка кымызды куя берди. Шымаланган бирөө сакалдуулатааякты сунуп турду. Уйкудан жаңы турган эмелердин тогуз каттары кургап калган болсо керек, колдорунааяк кандай жетсе, ошоидой шып тартып дароо бошотуп жатты. Аяк бир сыйра кыдырып чыккан кездеМантек элүү башы курулай жөтөлүмүш болуп үнүн жасады. Отургаңдар астыртан анын оозуна көзжамыратты. Айлындагыларды кемсинтип кекетемокото, жемелепжекире сүйлөй тургон анын өзунөтаандык адаты бар — ата көйү, жамандар,— деп сөз баштады:— Башка айылдын бары «үлүш» берди. Опурупжапырьт этин жеп, кымызын ичтиңер. Силер качан«үлүш» бересиңер? Же бербейсинерби? — деп манталаңдады. Эриш, аркагы жок узун сабак сөздөрдүайтты. Карыя адамдар отурган жерде жашы кичүүлөр сөзгө сөз уласа, өз бетинче сөзгө катышса,адепсиздик катарында карашат. Сөздү да, ашты да адегенде карыялар башташ керек. Жаштар тимотурду. Карыялар түйшөлүп бирин бири карашты. Кымыз сунулган сыр аякты биринчи алган карыясакалын сылап башын шылкыйтты. Анан бир колун санына таяна отурупүн чыгарды.— Элүү башыбыз жөщдуү кептерди айтты,— деп адегенде Мантектин көңүлүн алып, анан жаратканкудай өзү билбесе эч ким билбейт, замандын түрү бузулуп алды. «Энемдин ашы, согум.дун башы» деп,эл кедейинин бири кышында жалгыз торпогун өлгөн энесине атап союп өлгөн энесинин да,айылапасынын да көңүлүн алган имиш. Анын сыңарындай бир чети «түлөө» өткөрүп жерсуутайыганыңар болуп «алсын. Бир четн «үлүшүңөр» болуп калсын — бергениңер жакшы болор. Бирок бий,болуш, старчыныңар Алмабектен таяк жеп үйлөрүнөн чыга албай турганда, «үлүш» берсеңер алардынкырсыгына калып жүрбөгүлө? «Бай менен байбиче уруш та болсо, кул меңен күң куймакта» болгондойиш болуп жүрбөеүн, аны да эсиңерге салып коёюн. Ойлонуп көртүлө!— деди айыл аксакалы.— Иштин ал жагын тата, өзүмө койгула. Өзүм эле опурупжапырып коёмун,— деп Мантек мактанакетти. Бейшемби күнү бул өрөөндөгү калкты бүт чакырып «үлүш» берүүнү макул көрүштү. Бээ байлаганар бир үй кымыз кордоп, бирден кочкор, же токтогон ириктен сойсун дешти. Ошо күндөн берикымыздарын кордоп, мына бүгүн айланадагы айылдардын калкын «үлүш» тамагына чакырышты.Устукан ороп кете турган дасмалдарын белине курчап бирден балдарын учкаштырып ар кайсы айылдынадамдары убапчубап келе берди.— Кымызын шыпкап ичели. Этин калтырбай жеп уятка калтыралы,— дешип ичерман, жээрмандарынатайылап ала келишти. «Кызыганды кымыз чыгарат». Кымызта кызып алакүү болгон кезде солдаткабаруу, же бузук чыгарып барбай коюу жөнүндө ала жаздан бери айтыльш келген баягы сөздөргө дагыөтүштү. — Колго курал берсе, өз мылтыгы менен өзүн кайта атса болор эле,— дей калды баатырсынаотургандардын бири.— Жинди болуп кетиппи, кыргыздын колуна курал берип. Салдатпалдаты жок эле окоп каздыратимиш, — деген сөздү айтып экинчи бирөө билермансынды. — Окоп каздырып эле кайдан жөн койсун. Согуштун эң алдына айдап киргизе турган көрүнөт,— депүчүнчүсү эстүүсүндү. — Ошентиши да этимал. Аяп коёт беле,— деген сөздү ар кимиси айтып баштарын ийкешти.— Жок. Салдатпалдат, окоп-покопу жок эле, бер жактан сокого кошуп эгин айдата турган көрүнөт.Мен ошондой уктум,— деп уккан сөзүн айтып дагы бирөө, айтыла элек сөздүн башын чыгарды.— Кишиге соко суйрөтүп аштык айдай турган абалга жетсе, анда падышабыз такыр эле итке минип,биротоло мүңкүреп калган го?—делген сөздөр бир кыйлага чейин сүрсүр болууга жарады.— Иштеп бере элек ишибиз соко сүйрөп берүү болуп калган экен да?!— Согушта жүргөндөрүнүн катынбалдарынын аштыгын айдап, сугатын сугарып, орогун оруп көкшилте болуп жүргөнүбүз аздык кылган экен да?!— Күндө төлөп жаткан ыгымчыгым бизди соко сүйрөөдөн, окоң казуудан арачалап калбайт экен го?!Уудуу бир аз сээлдей түшкөн учурду пайдаланып төрдө отурган жанагы аксакал адам,— ээй, нениайтасыңар! —дей калды: «Таш менен Жапалакты урса да Жапалак өлөт, Жапалак менен ташты урса даЖапалак өлөт». Кара букара Жапалак болбодубу? Эмне өйдөчүлүгү калды! Айдаган жагына барсаң даөлдүң. Барбай баш тартып бузукташсаң да өлдүң. Бул калаба деле бейбечара букаранын шору. Байгабалаа жок. Жардынын уулун жалдап жиберсе да өз балдарын аман алып калат,— деди. Күүлдөпотургандардын ындыны өчө калды. Баштарын чайкап шыпшынышты. Жер тиктеп түнөрүштү.— Эл жакшылары салдат бербөө жагында көрүнөт го!—дей калды тунжурап отургандардын бири.— Сенин уулуңду аяп ошентип жатышкандыр! — деп анын сөзүн чыйрыгып отургандардын бирикагып жиберди. Какшык сөзгө тиги киши териге түштү:— менин баламды аябаса, элди аябайбы,жакшылар? — деп каяша айтты. Берки киши жаакташууга бет алды.— Эл жакшылары, ооба, тиги атка минер жемекейлер элди эле качан аяй коюучу эле?— Элди аяшпаса да, өздөрүн аяшпайбы? Элден ажырап калышарын түшүнүшпөйбү? Алар эл мененжакшы, эл менен жемекей экендигин кантип билишпесин? — Ээ, жаакташуу менен эмнени бүткөрмөксүңөр? Койгула! Кайда барсаңар да «Мамайдын» көрү.Акөрөкчө бардыгын эстен чыгарып коюп кымызыңарды ичкиле. Тамагыңарды жегиле!— деп жанагыкарыя дуудууну басып койду. А дегенче кумганын көтөрө кирип, боз бала кол жуудурду. Дасторконжайылып табактабак эт келди. Ар кимиси жашына жараша устукан алып кесии жей баштаганда айылдынаяк жагы дүрбөлөң түштү, уучуу көтөрүлдү.— Жараткан жалгай көрөй! Эмне деген щумдугу болуп кетти!—деп төрде отургак карыя кулак түрдү.Устуканды дасторконго коё салыл колун сүртө баштады. Адегиче айылдын орто жерииен—кагылайынкалайык. Бузукташуу башталып калиптыр,— деген кыйкырык чыкты. Табактардагы тамак, аяктардагыкымыз ордуордуна калды. Кимдиким кердү, бирин-бири жөөлөп тышты карай жөңкүдү. Арыданбериаттарына минипар ким өз айлын карай чапты. Шашылып калгандар учкаштыра келген балдарын даунугуп кетти. «Атакелеп! » бакырып алар да айыл арасын адылдаган аЗанказан чууга бөлөдү...Айылдагы эр бүлөнүн барыгы шашкалактап аттарын токунду. Найза, каскак, юионбаш, шалкэтмелерин колдоруна алып, кылыч сөрөшөрүн байланып аттарына минди.— «Эр жигит элчетинде, жобетинде». — «Жаздыкта өлгөн жамая ат, жоодон өлгөң салтанат».— Кудай бергенжанды куш алат.— Өлсөк шейит, өлтүрсөк казы,— дешип кайраттанымыш болушту. Элүү башыиы ээрчип жаканыкарай жол тартышты. Катын, балдар кан какшап ыйлады. Жапырт жардана ээрчий карап гала берди. Ошобойдон зыркырапсыздап отура бериига Мал эмне болуп жатат деген ой эч кимдин эсине келсей калды.Бээлер саалбай желиндери ташыды. Музоолср байланбастан энелерин эмип кетти, Каш карарганмезгилде картаң аял барыпжеледеги кулундарды агытып жиб^ерди. Анын көргөндөн кийин ганабашкалар да ошентшли. Аялдар да, балдар да үйлөрүнө кирүүдөн айбыкты. Өз үйлөрүнүн ичи өздөрүнөсуук көрүндү. Үйгө кирсе элетыштан бирөө келип, эшигин сыртынан баса калып кайта чыгарбайкоюучудай жазганышты. Ыйлаганы ыйлап, нйлай берүүдөн чарчагандары жөн эле мүңкүрөп үйлөрунөжөлөнө отуруп калды.Жаканы карай жан жабьма кеткен эр бүлө дүрбөпдарбап эл жата кайта келди.Киши сыяктанып сөзкаткан эч ким жок, бардыгы тиден да, сөздөн да ажырап калды. Жылт эттирип үйүнө ог тамызган эч кимболбоду, кийим чечпестен бүк түштү. Кыскасы, калктын калың катмарына «карантүн»түштү да калды.Калайыктын кайгыкапасш көтөрө албай кара жер кайышып, онтолоп тургансыйт, оодарылыпбараткансыйт, жер жүзүн караңгылык каптап, айлана алай-дүлөй, чагылган чартылдап тургансыйт, тоолор томкорулуп урандыга айланып жаткансыйт, агын суулар ташкындап, топон суу толкупкелаткансыйт, мүрзөлөрдүн тынчы кетип арбактар кепинин сүйрөп жапа тырмак жайылып чыккансыйт, жинпери, дөөпери жана азезил сыяктуулар дүйнөгө кара жалын өрт коюп, от менен ойноп алдас уруп,сайран куруп калгансыйт, асман аңтарасынан түшүп калк думугуп, тумчугуп бараткансыйт. Кыйкыргылары, өкүрүп бакыргылары келет. Бирок үндөрүн чыгара албайт.Калайык калктын куурдактай куурулушу, зареңгиреп забыркашы өрүштөгү мал, айылда жүргөниттерге да катуу таасир этти: иттери улупуңшуп оңулдады. Аттары кошкурупбышкырды, делөөрүдү,ичтерин тартып аза күттү.Көз жашын кылгыртып атандары боздоду. Уйлары мөөрөп, койлору чуркурады. Ошентип өрүштүн датүнкү тынчы кетти. Эркечтери чыйтчыйт чүчкүрөт, жер чарпыйт. Кулактарын серейтип түн боютикесинеи тик турду. Акыйган бойдон кепшебестен чыкты.Калайык, кала берсе үй айбандары ошончолук мүңкүрөгөндө, бийдин өтүкчүсүнүн гана көңүлүсергек, санаасы куунак болду. Салдат берүүгө каршы элдин көтөрүлүшүн ал жаздан бери күтүп келаткан.Жоого каршы эрдик көрсөтүүгө, эл көзүнө көрүнүүгө, даңкын чыгарууга ашыгып жүргөн. Бүгүнкүтаңдын тезирззк эле атышын күтүп акыйды. Эч канчалык убайым тартпады. Санаасы менен байый берди.Өзүнчө жатып каскактын учун жапырды, калктан мурда жоону карай өзү жалгыз бет алып, бардыгынкүлдөй сапырды:«Көк кашка атын чуратты, Көшүлгүп чаңын буратты. Көзгө илинген душманды, Көрүнгөн жердесулатты». Мылтыктын огунан да, замбиректин чогунан да жазганып койбоду. Кылаңкылчаңы жок качырып салабергенде жоолашкан жоосу анын айбатынан сүрдөдү. Жапырылып жабыла качып дүрбөдү. Анысын алжерге, мунусун бул жерге жыга сайып жалгыз өзү бардыгынЖеке женип чыкты. 5эн калган кыштактан келишкен бйр үйдү ээледи. Кыздарынан тандап жүрүпбирди токолдукка алды жана башка көп олжолуу болду.Ошентип жата берди. Таң каракчысына аралаша тура келип көк кашка атын отко койду. Табынакелтире таң ашырыптыр, жетелеп откоруп чөп чалдырды. Таң куланөөк болгондо кырыпжышып атынынжүнүн тарады. Таң сүрүп, жер жарылганда токулгасын токуду. «Оп бисмилда! » деп үзөңгүгө бутуңсалып, «ракманын» айтып атына минди. Үйүнө жөлөп койгон каскагын «я алла!» деп эңип алды да,жаканы карай жалгыз жөнөдү.«Ниети казат», «Өлсө шейит», «Өлтүрсө казы» деген сөздөрүн айтып эр бүлөнүн бардыгы күн чыгатүп көтөрө аттанды. Кымыз, айран, сүзмөлөрүн байлана жүрүштү. Баягы ый, баягы ызычуу, баягыкарантүн бардык айылды кайтадан каптады.

#23 04 November 2015 - 13:53
7-бөлүм.
Таң деле күндөгүсүндөй атты. Күн деле демейдегисиндей чыкты. Август айынын алгачкы күндөрүжаанчачыны жок ачык да болду. Бирок бүгүнда кары дебей, жаш дебей, аял дебей калктын баарыулутунуп үшкүрөбышкыра. түндөй түнөрүп кабактарынан кар жаадыра турду.Албанды ээрчитип Ийгилик башкаларга караганда бир аз кеч аттанды. Жол боюндагы айылгакабылышты. Айылдан бир аз обочороок тигилген жалгыз үйдү аттуу-жөөлүү адамдар курчап калыптыр.Үй ичинен: «Коё бергиле, шилисинен мууздап таштайын»— деп бакылдаган үн чыгат. «Кой эле, кой!Жүрөгүн түшүрөсүң», —деп чырылдаган аялдын үнү угулат. Тышта тургандарга саламдашып Ийгиликиштин жөнүн сурады.Нуралы деген балачакалуу, ары жарды, ары момун киши. Тааныш орустарынын малын жай күндөрүжайлоого багып акы алуучу. Каламецев дегендин он алты жашар баласы унаа айдап алыш үчүн эки күнмурда мында келет. Өтүкчү бүгүн эрте аттанганда ошо баланы көздөп аттаныптыр. Нуралынынүйбүлөсүнө ээ бербей адегенде баланын ат турманын тоноптур. Акырында баланын кийимдеринчечинтип алат. Анан бычагын кынынан чыгарып «өлтүрөмүн» деп жулунуп жаткан экен. өтүкчү узунээк, чап жаак, мурду оңкойгон, көзү үңүрөкөй, майланышкан кара киши. Вала анын бычагынан мурдатүрүнөн катуу коркуптур. Нуралы, аны катынбалдары үстүнө үйрүлө түшүп, өтүкчүнү балага жеткирбейкаршылашып жатышыптыр. — Өтүкчү, кеч кутуруп кеткенсиңби, жаш баланын жүрөгүн түшүрөсүң! — деп Нуралы кыйкырат.— Балага тийбе, кет эле, кет,— деп балдары өтүкчүнү тышты карай турткүлөйт. — Шилисинен мууздап таштайын,— деп өтүкчү жулунат. Бала Нуралы менен анын аялынакорголойт. Калчылдап тишитишине шакылдайт. Кубарып кумсарат. Үстүндө көйнөк, штандан башкаэчтеме жок, жылаңаяк, жылаң баш. Коёндой коркуп көзү алаят.— О, өтүкчү баатыр, бери чык! Баатырдыгыңды балапандай болгон балага көрсөтөсүңбү? — дедиИйгилик. Өтүкчү бычагын кынына катып, тышты карай жылып жөнөдү.— О, айланайын, Ийгилик! Бу өтүкчү итинди кой дебейсиңби. Баланын жүрөгүн түшүрүп койду,—деп Нуралы кошо чыкты.Ийгилик алачыктын артына түшүп атын кармап отурду.— Сен андай баатыр, канкор болуп кетсең, баатырдыгыңды салдат алам деп калкты каран түнгөкалтырган уезге көрсөтпөйсүңбү, — деп өтүкчүнү жемеледи.Ийгиликти көргөндө тааный койду да бала бакырып барып жармаша кетти.— Коркпо, коркпо!— деп Ийгилик маңдайынан сылады. Баланын кийимдерин өтүкчү кыңырылыптуруп араң берди.— Аты жакшы ат, мен аны казатка минем,— деп оңурайды. Кыялы чатак урганды айыгыштырбайындеген ой менен балага Ийгилик башка ат токуттурду. Аттап, тондоп Албан экөө ээрчитип кетти.Ортоктун тумшугуна келгенде: «Мындан ары кыргыз жок. Коркпостон өзүң кете бер. Түз эле Тимохегебар. Колумдан келишинче «жылуу булак» мужуктарын сыртынан коргойм. Чабуул койдурбаска аракеткылам. Ээ бербей чабуул коюп баргандар болсо, өз билгениндей тосуп алышсын. Биздин «Үч урук» эликачат. Качып кытай жерине өтөт. Ошентип айтты дегин. Мен эмне дедим? Айтып көрчү? Бала таккайталады. —Түшүнүпсүң. Ошентип айт. Буйдалбастан жөнө,— деди. Араң турган бала тиэгинди жыякармап шукшурулду. Кош айтышууга,. кылчайып кароого чамасы келген жок. Коркуп калган эргулкудуткан бойдон урдурду да кетти.Ийгилик менен Албан канта тартты. «Казатка» аттангандардын алды Ак-Жайыктын баткалышынакелип удургуп калыптыр. Коломолу колдун арты коктулардан, колоттордон, сайсайдан сапырылыпкелип жатты. «Үч уруктун» эли үч жерге топтолушту. Ийгилик менен Албан аларга барбады. Өзайлынын жер арыткан, калк карыткан карыяларын ээрчитип үч элүү башы Ийгиликке келди. Адегендебаштарын ийкеп салам айтышты. Тиэгиндерин кекейте тартып кекчее туруп калышты. Камчысын санынатаянып Ийгилик ат үстүнөн абалды баяндады.— Көптөн күткөн көтөрүлүшүңөр башталыптыр. Чүйлүк тынайлар, ооба атаке, сарбагыш куралжарактартып келаткан солдаттарды Боом капчыгайынан кармап басып алышыптыр. Токмок жана анынайланасындагы кыштактарга чабуул койгон болсо керек. Көл айланасындагы ар бир уруу туштушундагы.
кыштактарды басып алып, анан Каракол шаарына жалпы кол сала турган түрү бар. Кана, чабуулдукандай чабасыңар? Оюңарды айткыла, ойлонушуп көрөлү!..— Баарыдан мурда ойлонуша турган бир ишиңер бар,— деп буурул сакал карыя камчы сабы менен аккаңкы ээринин кашын каккылады.— Айтыңыз. Айта коюңуз,—дешти аламан.— Айта турган болсом. О, бул башка уруунун бардыгы хан көтөрүп алды дейт. О, бу «Үч уруктункалк башкарган ханы ким болот? Чабуулдан мурда хан көтөрүп алгыла. Чабуулду кандай чабууну анансүйлөшкүлө. — Ырас айтат, чын айтат. Ийгиликтен башка жарай турган кимиң бар! Опуруп-жарып, Ийгиликти аккийизге отургузуп, хандыкка көтөрө коёлу — деп, Мантек элүү башы бакылдады. Ал андай сөздү«алыскынын аты озгуча, айылдаштын тайы озсун» деген эсеп боюнча айтты.— Ийгилик!—деген үндөрчыкты. «Алыке» уруусунун карылары да Ийгилик тарапта болду. «Олжобан» уруусунун карыяларыыргылжың болуп жер карашты. «Калк башкарган Качы бийибиз, болушубуз, старчыныбыз Алмабектинкордугуна ызаланып үйдө жатса, букарадан чыккан Ийгилик «Үч урукка» хан болсо — «Олжобай»уруусунун аты өчкөн экен, дегенди ойлонушту. Чабуулдан да чабуулга катышып, олжо алуудан даыкластары кайтты. Кайта барып, кытай жерин бет ала качып кете турууну жөн көрүштү. Сырларынсыртка чыгарууга шылтоо таба албай дүпөйүл болушту. «Алыке», «Жамгырчы» урууларынын карыларыМантектин сөзүн жөнөтө беришти. «Ак кийиз тапкыла! Ийгиликти хандыкка көтөре коёлу!»—дешипэнтеңдешти. «Мына, мына келгиле! Ийгилик ак жолтой, адилет болсун. Жолу шыдыр, жолдошу кыдырболсун! »— деген алкоолор ар тараптан кыйкырылды. Андай үндөр «Олжобай» уруусунун ызасынкелтирди. Жүдөтүп, чүнчүтүп жиберди. Бирин-бири астыртан карап алайышты, элейищти, серейишти.Ошондо Ийгилик атчандарды жөөлөтө бастырып арага кирди.— Калайык! Хан көтөрө турган кишиңердин сөзүн уккула!—деп колун көтөрдү. Жабылажарылдагандар дымырай түштү.— «Үч уруктун» качантан бери келаткан Качы деген ханы бар. Үйдө жатып калды деп анынхандыгын кимге тартып бергени турасыңар? «Олжобай» уруусу турганда букарадан хан көтөрүүгөжулунушуңарга жол болсун? Качы болбосо Сабит, Бекиш бар. Алар болбосо Кашкарбай бар. Каратумшук Кашкарбай, аны кара басыптырбы, «Үч уруктун»үркөрдөй болгон биртике колун башкарбай?Жол да, жөн да Кашкарбайдыкы! — деди Ийгилик.«Олжобай» уруусунун чалдары көтөрүлө түштү, «Сөз эмеспи! Ийгиликтин жалгыз айыбыбукаралыгы. Болбосо, жөн да билет, жол да билет. Канетсе да жол Кашкарбайдыкы. Туура айтат.Туурасөздү туура деш керек»,— дешип кужулдашты. Мантектин да, «Алыке», «Жамгырчы»урууларынын да шагы сына түштү. «Жаманга сый жарашпайт», «Келген сыймыкты кетирди», «Букарабукаралыгын кылбай койбойт белем»—дешип күңкмыңк болушту.— Калкыбыздын капкачантан берки ханы Качы бийдин бул жерде жогун жоктотпой «Үч уруктун»колун Кашкарбай башкарат. Кана, алакан жайып батанарды бергиле!— деп Ийгилик алаканын жайды.«Олжобай» уруусунун чалдары чур дей түштү. Берки эки уруунун чалдары алакандарын анчейин ганажайьзмыш, алкыш айтымыш болду.Алмабектен кордук көргөндөн бери Качы бий калк аралап чыга албай калды. Ийгилик хандыккамакул болсо аны өлгөндүн үстүнө көмгөндөй кылып коёт эле. Анын үстүнө «Үч уруктун» ыркы бузулупкетиши да көрүнөө турган иш болучу.Каран түнгө кабылган калк далбаса кылып көтөрүлүп жатат. Бирок, жеңдирбесе жеңе албастыгынИйгилик жакшы билет. Койгула, көтөрүлбөгүлө дегенде бары бир, жел колтук болуп желигип калганкалк дегеле көнө койбойт. Кармашса жеңилет, кытай жерин карай качат. Акыры сандалып кайта келбейдеги койбойт. Ак пашага каршы көтөрүлүшкө хандык кылган деген сөздөн өмурүнүн акырына чейинөлгөндөн кийин да кутула албайт. Ийгилик ошолорду эске да, эсепке да алып хандыкты Кашкарбайгатүртө салды.Булар хандык маселесин кажылдашыпс турганда ой тараптан чаң уюлгуду. Чаңга аралаш чапкылапкелаткандардын карааны көрүндү. Ат коюп келаткан аскер болсо керек деп дүрбөлөң түшүп калыштьх—Кана эмесе, калкыңды башкар, Кашкарбай! — деди Ийгилик. Кайта тартып карыялар өз топторунакошулду. Капысынан кол башы боло калган Кашкарбай калтаарып калды. Имерчиктеп Ийгиликтенкетпеди. — Караптура бересиңби? Кол башылыгыңа киришпейсиңби? — Киришкенде эмне кылайын!— Барып Мантектин колун оң тараптагы баткалыш менен төмөндөтүп жибер. «Алыкенин» колунортого кой. «Олжобайдын» колу сол тараптагы далдаада турсун. Ат коюп келаткандар аскер болсо«Алыкеликтер». качымыш болсун. Аларды кубалап өтө бергенде эки тарап эки жагынан кол салсын.Жөнө! — деди Ийгили к. Кашкарбай чапкан бойдон кетти. Албанын ээрчитип Ийгилик айры белескайкаңды карай текиреңтаскак менен жөнөдү. Белеске далдалана туруп: — Балам, байкап карачы! Аскерокшойбу, эмне окшойт? Чылбырыңды бери бер. Жөө басып кара.Албанды жумшап жиберип атына өбөктөдү. Белестин кырына чыгып караган Албан — аскер»геокшобогондуктарын айтып кайта басты.— Аттарын ойкутуп — кайкытып чапкылаштарына караганда дендери соо болбосо керек.Колдорунда сороктогон бирдемелери жүрөт,— деди.Ме, балам! Аттан. Бир аз төмөндөйлү. Бөлпүлдөтө бөрү желишке сала бастырышты. Төмөндөй барып кырдан кылтыйып карашты. Ат коюпкелаткандар өтө берди. Аларга көрүнбөстөн тигил экөө аярдап артына түштү. Каракер ооздугун катыратачайнап башын жерге сала коёт, желигип желпинет. Албан кичине ныкыс берсе октой учканы турат.Катуу келаткандардын караанынан заарканып «Алыкенин» колу карагай аралап жите баштады.«Олжобайдын» колу кетенчиктеп артын карай кылчактады. Жакындай бергенде «Жамгырчынын» колужабыла ат койду. Эркул өтүкчү: Жаал да! Жамгырчы! — деп бакырып барынан мурда каскагын суназымырылды. Минген аты чындыгында казатка жарактуу экен, ыргыткан таштай кетти. Капталдатакачырып калгандарды көргөндө эле, берки бараткандар аттарынан жалп-жалп ооп түштү. Аны көрүпИйгилик Албанды карай ормоё күлдү.Ат коюп чыга келгендердин мингендери жайдак, жүгөнсүз. Кай бирлери куру менен, кай бирлериаркан, жиптин үзүндүсү менен миңгичтерин астыңкы эрдинен чалып алган. Ошондуктан түз чаба албайойкупкайкып келатышыптыр. Колдорунда бирден көк союл. Кай бирлери чапанын, бир даары жөн элекендир каптан жайдак көчүгүнө коюп алыптыр. Каракол шаарынан качып чыккан субайсалтаң малайларэкен. Алар аттарынан өздөрү эле топулдап түшө качканын көргөндө «Алыкенин» жана «Олжобайдын»колу кайта тартып катуу качырып жабыла жапырт келишти. Мантек аларды шылдынга алып башкөтөртпөдү. Мурда берки эки уруунун адамдарына ооз ача алуучу эмес. Ийгилик чыйрала баштаганданбери, анысына сүйөнүп Мантек да тең атасынып, чомочосун чоң көтөрүп мантаңдап калуучу болду.Малайлардан калаанын, талаанын ал жайын, көргөн — уккандарын сураштырышты. Алар ошентиптурганда айбалта, шалк этме менен куралданган жалоондой болгон эки жигит сабоолоп жете келди.Жеңдерин коломочтонуп, курларын сыртынан курчанган. Калпактарынын бир капшытын ичине имерипбаса кийген. Күйүп-жанып турушат. Аттары желигип жер баспайт, көкүлдөрүн экчеп баштарын чулгутат.— Ийгилик аке, сизге келдик! — дешти экөө тең жарыша үн чыгарып.— Эмне, байлап алыш үчүнбү? — деп Ийгилик тамашалады. — Жоок, жарыктык! Чакырыкчы болуп келгендигибизди айтып жатабыз. Ар жактан Алмабек баатыр,Садыр элинен Шадман аке КөкБелге келишти. Сизди күтүп турушат. Келсин, келсин, келбей койбосундешти. Ошого келдик...— Андай болсо, жакшы. Баралы.Ийгилик Кашкарбайга назар салды.— Кана, кол башы, кандай дейсиз? Барганыбыз оң го?— Ооба, барганыңыз оң болор.Кашкарбай, Чаки, Мантек кошо бастырды. Алачололоп арт жакта Албан келе жатты. Колдон бөлүнүпбиртике илгерилегенден кийин Кашкарбайга карап: «Бийдин айлында киши калдыбы?» — дей калды.— Киши деле калган жок.— Аныңар болбойт. Жоо жакадан, бөрү этектен алып турганда сагыраак, сергегирээк болбойсуңарбы! Алмабекке ишенчилик барбы? «Кагылышта хан өлет» кылып, айыгышып алган эжаан, эр бүлө жок, ээнкалган бий, болушуңарды байлатып кетсе же майып кылып койсо аргаңар эмне болот? Ойлобойсуңарбы? Ээлигип алган ээн баштарыңа да сак бол. Жаалап жабыла кирип барып ноот болуп калышпасын. Баса,биз менен үч уруудан үч жигит барсын. Албан, о, бастыр балам! — деди Ийгилик.Кашкарбай, Чаки ошо жерден кайта тартты. Мантек Ийгиликти жандай салып ээрчий жүрдү.— Үчтөрт жигит менен барганың жупуну болор. Кыркотуз киши менен шаңдуураак барсаң боло! —деди. Анын ак ниет менен айткан кеңешине Ийгиликтин ичи жылыды.— О, байкушум, байкушум! Канчалык шаңдансам да мен баягы эле букара, аз уруунун, кала берсеМантектин эле Ийгилиги эмесминби. Ансыз да аз айылбыз. Баатырсынабыз деп кыргынга учуратыпжүрбөйлү! Байкагандырсың? Сен ак көнүлдүк кылып жана кудуткан бойдон төмөн карай кирип кеттиң.«Алыке», «Олжобай» качыңкы тартып карагайга далдааланышты. — Ошону байкаган эмес экенмин:— Байкашың керек. Аз болсо да айлыбыздын аркасы менен мен — Ийгилик, сен — Маке болупжүрөбүз. Экөөбүздүн кара башыбыз Качыга керекпи? Жок. Алмабекке керекпи? Жок. Кимге болбосункаралды кылар калк керек. А десе, у деп айлың ашуунун аркы бетине өтө качууга беленби?— Белен. Опуруп-жапырып белендеп койдук. Аны эч кимге билдиргенибиз жок.— Болуптур. Бара кой,— деди Ийгилик. Мантек кайта тартты. «Мени көрдүңбү, Ийгиликке тууганкишимин! » — дегенсип, аркылардын көз алдында атын алчактата, кайкалактап бастырды.
8-бөлүм.
Августтун он бири — ачыкжарык күз эле. Бир болуштун калк карыткан, жер арыткан карылары, элбийлеген эрендери, эстүүбаштуу берендери, акылэске тереңдери, пейли жумшак кенендери, кишисындуу караандары, дүнүйөкөр сараңдары — Көк-Белдин «КиндикДөбөсүнө» чогулду. Аржактагылардан Алмабек, бер жактагылардан Шадман аке, тиги жактагылардан Ийгилик жанашабастырып жай келишти. Жарданып турган калың топко маңдайлаша барып токтошту. Тиэгинин жыякармап Шадман аке үн чыгарды:— Эл башына, эр башына түн түштү. Ажыдаар менен арбашууга, арстан менен кармашууга калкыңаркайыл болуп, бел байлап алды! Атылып турган октон дэ, алоолоп турган чоктон да, түпсүз терең суудан да, чылап берген уудан да, кулап учар жардан да, кыл көпүрө тардан да кайта тартар эмес. Карайлаптурган калайыктын айласы змне болот? Төрөлөр менен төбөлөшө беребиз дегенди айтасыңарбы? Же булжоруктан кайтасыңарбы! ? Кана, ачык айтып ак сүйлегүле! — деди.Толкупкалкып турган калайык түнжурай түштү.Кузгундай көзү кызарган .сакалы белине жете узарган, шалк этмесин кол канжыгасына кыстырып,айбалтасын санына таянган кабелтең карыя киши гана илгери карай жутунду. Теминипкагынып катарданчыкты да, атынын башын кайта бурду. Карыгыча зөөкүрлүгүн койбогон, «жоокерчилик» замандынжоругун айтып тойбогон, өзүнөн башка эч бир жанды сүйбөгөн, бардыжокту жамактата сүйлөгөн,баатырсынып баркылдаган кара жаак Каптагай деген бар эле. Көрсө, тетиги киши ошол Каптагай акеэкен, калкты карап уйкаштыра сүйлөдү:— Элеп алды төрөлөр, атадан калган конушту. Эрке койду болущту, эл кадырын билбеген Качы бийсынды доңузду. Жериңе кошуп сууну алды. Эми, эр бүлөңдү бүт бер деп, эзели эстен кеткис чуу салды.Алышабыз арбашып, кагышабыз кармашып. Көп эле болсо өлөбүз. Айдалып каңгьш жүргүчө, төрөлөрменен төбөлөшүп көрөбүз...Кара жаак Каптагай чал тиэгинин ээринин кашына иле салып алакан жайды:— Ушу сөздөн кайтканды, арбагы урсун атанын Эзели иши оңбосун. Этеги эки болбосун...Ошентип чуулдашты. Кай бир жашык адамдар, жөн эле ботодой боздоп жиберишти.Баталашып бүткөндөн кийин туу көтөрүлдү. Ар бир уруунун колу ар кайсы кокту — колот, тоо —токойлоруна житип жаткан экен, көтөрүлгөн тууну көргөндө коңторулуп келе баштады.Алмабек менен Шадман акенин колу өздөрүнө коңшу селолорго чабуул жасасын; «Үч уруктун» колу«Жылуу- Булак» селосунда топтолуп жаткан аскерлерди ошо тарапка бүгүнчө алагды кыла турсун; эртеңбардыгы биригип «Жылуу-Булак» селосуна чабуул жасап кол салышсын дешти. Коломолу кол туштушкатарады. Кашкарбай менен Албанды ээрчитип Ийгилик эл орунга отура эрөөлгө чыкты. Ошондо ЫсыкКөлайланасы кара жалын өрткө, кызыл жалын отко, мунарланган чокко бөлөнүп калгандыгын көрдү. Тикбагып кароого дитине албай: «О, кара наалат катуу күн, элди кара баскан го! Бу, эгин, чөптө не жазык?..»Ийгилик ошентип атын. моюнга камчы менен бир салды да, кайта тартып бастырып кетти.Бир топ темир-тезек, эски өтүктүн кончторун байланып баягы өтүкчү эртең менен келди. Көрсө, кечээкүнү кечке жуук Алмабектин колу жасаган чабуулга катышыптыр. Алардын чабуулу оңунан чыгыптыр:кыргыздардын кыялы бузулгандыгын сезгенден кийин, кыштак калкы аскер жаткан чоң селолоргосыйлыгышып качып кетиптир. «Иллалла! » айтып чуркурап ээн калган кыштактарга ат коюшат. Ээлеринээрчибей калган ит, карматпай качып калган чочко, тооктон башка көчөлөрдөн эчтеме табышпаптыр. Кыштактардын үйлөрүн аңтар-теңтер кылышат. Олжобунла издешет. Үйлөргө, үймөктөлгөн чөптөргө,бышып турган эгинге оттук чагып өрт коюшат. «Ширеңкенин жоктугу болуп калды. Эгерде, бир бооширеңке болгондо, кыштактарынан да, эгин, чөптөрүнөн да эчтеме калтырбайт элек. Бүт күйгүзүп күлүнсапырып жиберет элек»,— деп өтүкчү баатырсынды. — О, куруп кал, куруп кал! — деди "Ийгилик, атын моюнга чаап. Өтүкчү анын жактырбаганынтуюнду. Бастырып кетти. Темир-тезек, эски өтүктүн кончтору сыяктуу олжого алгандарын карагайдынтүбүнө катып таштады. Алмабектин колкошунун тозоттоп кайта кетти.Алмабектин, Шадман акенин колу кечээ күнү ээн калган кыштакты ээн жайкын аңтар-теңтеркылганга өздөрүнчө эрдемсип, ишке жарагансып, көңүлдөрү көтөрүлүп, согуш жүргүзүүгө такшалыпбүткөнсүп дардаңдап калышыптыр. «Жылуу-Булак» селосунда жаткан аскерлер менен кагылышуу үчүнэнтеңдеп эрте келишти. Түз эле келатат коюуга бет алды. Өңүттүү жерлер менен барып чукул жерденкачырып кирүүнү ойлоруна келтирбеди. Айдарым жайык түз менен текирең таскак урдуруп жүрүпотурушту. Селого тай чабым калганда Алмабек аттын оозун жыя кармап, «я аллаалап» ураан тартты.Аргымак сындуу аты арышын кере алыпучуп жөнөй берди. Кара жаак Каптагай камчы үстүнө камчыурду, айбалтасын булгалап а да жөнөдү. Каскактын учун жапырып айтылуу өтүкчү алардан калышпады.Аларды көрүп арттагылар жапырт көңтөрүлдү. Кай бирлери ар түрдүү чүпүрөк менен баштарын буупкойгон. Көпчүлүтү тебетей, калпактарын баштарына баса кийген. Бардыгы тең оң колдорунколомочтонуп, жеңдерин курларына кыстарган. Кандары качып, өңдөрү кумсарган, кеженип тиштенипкелатышат. Эти кызып калган аттар албууттанып алып учат. Найза, каскактардын учу кагылышат, жарк-журк этет...Кара таандай каптап жөнөгөн калың колдун арт жагына — күн карарып түн болду. Таш, топуракасманга көтөрүлдү... Селодо топтолуп жаткан аскерлер эчак эле камынып, жоо келаткан тарапка бекинип, бугуп калыптыр.Арты кийинин карабастан айгайлап келаткан калың колдун чукул келишин күтүп тура беришти. Өлчөөгөжеткенде пулемёт, беш атарларды ызылдатып ышкырта берүүгө өтүштү. «Аллалап! » бараткан Алмабекалгачкы октордун бирине камгактай учту. Адегиче «жалп» дей түшүп Каптагай чалдын жаагы жапболду." Кандайча бэрып жер кучактаганын өтүкчүнүн өзү да сезбей калды. Мына эми, көзүңжаманчылыкты көрбөсүн, артта келаткан калың колдун алды жагындагылар боо түшө баштады.Тигилер чабуулга өткөндө «Үч уруктун» колу туура туштагы кашаттын үстүндө турган болучу.Аркылар ат коюп калганда, булар да айкырып кошо жөнөмөкчү болушкан. Ийгилик койайлап тыйыптурбаганда, ажалдын огуна өздөрү барып кириптер болмок. Азыр аркы тараптагылардын абалын көрүп,аттарын артын карай кетенчиктете беришти.
9-бөлүм
.— Алмабекке ок жаңылып шейит кетти. Кара жаак Каптагай каза тапты. Арт жагыбыздагы калың колноот болуп койдой жуушады. Азабым бар, ажалым жок экен, сол колума ок жаңылганда сороюпжыгылыпмын. Кандайча, кантип жыгылганымды өзүм да сезбей калыпмын. Кыйладан кийин көзүмдүачтым. Айланамдын бардыгы коршар этет. Көрсө алар окко учуп жаны чыкпай жаткан ат, адамдар экен.АлмабектиН артынан кара жаак Каптагай экөөбүз айгайлап ат койгондугубуз ошондо гана элдир-селдирэсиме келди. Боорум менен жылыштай баштадым. Ат коюп баратканда сол жагыбыздагы чоң өстөндүжээктей чапканыбыз эсимде экен. Ошого жетсем жаным калары оюма келди. Каптап кирген калыңколдун өлгөнү өлүптүр. Өлбөгөнү капкачан качып жоголгон окшоду. Андасанда саамыктап атылыптурган октун ызгаарын кулагым чалып турду. Жанагы «билимот» дегенин ким керүптүр. Жаратканкудайдын өзүнөч да кайта тартпай турган жүзүкара, тажаал эме болсо керек. Жакындатпай эле алдаканча кишини атматы менен аймап күймөп жибериптир. Түү, бети курусун! Берки замбирек дегенименен атса жан коймок эмес турбайбы.Эсучумду жыйгандан кийин өлөтала баягы чбҢ өстөнгө жетип чулп дедим. Жан кургур оңой эмесэкен. Жан талашып жөн эле суу ылдый өрдөктөй сүзүп жүрүп отурдум. Ок жеткис жерге узаганданкийин суудан чыксам ээртокуму бооруна түшкөн бир ат жүрүптүр. Тиэгини эки колуна чалынып узапкете албай турган зкен. Дароо жеттим. Шапашупа жармашып «Я алла, көргөзөр күнүң бар экенго» депсалыпуруп жүрүп отурдум. Бети курусун,— деп эл орунга отура өтүкчү келди.— Карайлаган калк ажыдаардын куйругун басып алды. Чектен өтө качпаса жан калбайт, камыныпкачкыла! — деп «Үч уруктун» колун, ханы Кашкарбайын баш кылып Ийгилик таратып жиберген. Артжактан аскер келсе ар кайсы кырдан бир көрүнүп алагды кыла туралы. Үркүпкоркуп бараткан элгежеткирбестин айла — амалын иштейли,— деген. Үч уруунун субай — салтаң шайдоот жигиттериненондон киши алып жол тосуп жүргөн.— Эсиңе эми келипсиңго! Бешатар, «билимот» чыга электе, найза менен сайышып, союл мененсогушуп жүргөндө гана кыргыз кыйын болучу. Атылган ок «кыргыз экен, келме айтып келатат» депкайта тартпай тургандыгын айтуучу белем? Жаның олжого калыптыр. Аялыңэл менен кошо кача албай,кызыл чие балдарың журтка отуруп калгандыр. Бар. Барып көч ээрчи. Элден калба. Жараатың кандай? —деди Ийгилик.— Оорусу бар. Эчтеме боло койбосмун! — Жараатын оңдоп таңуулап берип жөнөтүп жибергиле! — деп Ийгилик бастырып кетти. Кыргачыгып айланага көз чаптырды. Кечеги түнү ушул убакта кыпкызыл жалынга курчалып жаткан ЫсыкКөлайланасына бүгүн түнөрүп түн түшүп турган экен. Куш өбөк салып тура берди. Алды кийинин карабайалактап үркүп, көчүн айдап кокуйлап коркуп бараткан элдин элеси көз алдына келди. Эки атка кошартып, экөөн чиркештире жетелеп, Кубаткулуна айдатып үрккөн элден калбай кетип бараткан аялыСыпайыны көз алдына элестетти.— Өтүкчүңүз өлө коё турган эмес. Ок сол колунун булчуң этин жырып өтүптүр. Кийиз күйгүзүпжараатына таңдык. Жолго салдык,— деп акырын бастырып Албан келди. Бириндей бастырып беркижигиттер да чогулду. Баятадан ой жүгүртүп өбөктөп турган Ийгилик башын көтөрдү.— Ала-Тоонуконуш кылып калтырган ата-бабанын арбагынан айлансак болот, жигиттер. Эсиңерде болсун. АлакандайАла- Тоосу болбогондо, эбак эле тукум курут болмок экен. Тынчтык боло калса жакатүзүн жердеп, жоожакадан аларда тоосуна чыга качып жан багып келген турбайбы. Аскерлер түн катып кубалабайт. Кубалаганда тоого чыкпайт. Түзгө сала кулабайт. Ошондо да «сактыкка кордук жок». «Олжобай» —жигиттери силер тетиги курбуга баргыла. Ичиңерден бирөөн өзүңөрчө он башы шайлап алгыла. Ананошонун айтканы менен болгула. Кароолчу коюп сак жаткыла! «Жамгырчы», «Алыке» силер даошенткиле. Бир тобуң тиги кайкаңга, бир тобуң аркы ортону ээлегиле. Дагы айтайын сак жаткыла.Кароолчуңар уктап калып капилеттен бастырып койбогула. Албан экөөбүз ушул жерге ат чалдырабыз. Караан-паран көрүнсө дароо кабар кылып тургула...Жалоондой болгон шайдоот жигиттер: — Жакшы болот, куп болот,— дешти. Шартылдата бастырыпжүрүп берди.— Эми, аттарыңды отко кой. Уктап ал, Албан балам! — деп Ийгилик жамбаштап жата кетти. Албанатын жайдактап, ээрин башына коюп берди. «Сакалдуу кишиге ат кайтартып коюп кантип уялбайуктайм» деп Албан уктабай жатууга тырышты. Бирок, кечке атка урунду болгон эме, уйкуга бат элеалдырып койду. Аскер чыгып калса кандай кылып алаксытуунун, илгери жылдырбай матап туруунун аркандай акылайласын ойлоно берип Ийгилик таң атырды.Албан таң сүрө ойгонду. Уялып калды. Тура калып канжыгасындагы бош чаначты чечип сууга барды.Тунук булакка колу, бетин чайыды. Чаначтын колунан суу көтөрүп келди. Ийгиликтин бети-колунчайытты. Эки кишиге ченеп чалап жасады. Чаначтын оозун кайрып «жутуп алыңыз!» деп чалапжуткурду. Алар ошентип турганда «Үч уруунун» жигиттеринен үчөө келди. Жылуу-Булактан кечтен бери жылт этип от чыкпагандыгын, кыштактан тышка чыккан жан болбогондугун айтышты. Үч тараптанкелген үч жигиттин сөзү бирдей болгондугун Ийгилик эске алып койду.— Ийгилик аке! Биз бир ат олжолуу болдук,—деп калды.— Э, ал кайда жүргөн ат экен? — деп Ийгилик ээгин көтөрдү.— Чылбыр, тиэгинин сүйрөп жүрүптүр. Кейпи, кечөө күнү ээсин жуткан аттардын бири го!Ийгиликтин оюнча булар бүгүн да ушу тегеректе болуш керек. Кокустан аскер чыгып калса, качуугажетише албай кечигип калгандарды кырып кетет. Тыяктан көрүнүп, быяктан көрүнүп аскерлерди матайтуруш керек. Бирок, эки күндөн бери жигиттер чалаптан башка эчтеме көрө элек. Кечээ күнү окко учканаттардын этинен үч жигит жибертип алдыруу оюна келбей калгандыгына түндө өкүнүчтө болгон.—Олжолуу болсоңор соогат берерсиңер! — деп тамашалады. Жигит ат кармалганда эле Ийгиликке арнапкоюшкандыгын айтты.— Андан болсо жакшы жигиттер экенсиңер. Ээсин жуткан аттардын бири болсо,барылап бүгүн биз аны жутуп коёлу. Эти кандай экен? Жегенге жарагыдайбы? — Семиз. Ээси ким болсо да, кармап мингенине ары кетсе эле үч-төрт күн болгон. Кейпи, бир-эки таңашкач болсо керек!— Андай болсо, ар бир тобуң экиден кишини кароол карап турууга калтыргыла. Калгандарыңжогорулап карагай арасына баргыла. Адашып жүргөн атты союп этке тойгула,— деди Ийгилик.— Казантулганы кайдан табабыз?— Таш кордо кыласыңар.— Мурда андай эмени көрбөсөк, кантип иштер экенбиз!— Мен көрсөтүп берем. Карагай арасындагы аянтчага барышты. Бир тобуотун алып от жагууга камкорлонду. Бир тобу атты туура тартып бата тиледи. Ийгилик камчысынмойнуна салып, алаканын асмандата жайып бата берди.Арыданбери атты алып урушту: «Умунган, умсунгандарга» дешип башын кесип ыргытышты. Ичинжарып ич зтин жерге оодарып салышты. Бир нече шиш учтап тернни төөнөштү. Анан бир жүк кургакотундун үстүнө таштап коюп, тегерете да, үстүнө да отун үйүп от жагышты. Бир чай кайнамдан кийиналасалдырып алды жагынын чогун калыидап коюшту. Айландыра, үстүнө Отундан үйүп отту жагаберишти. Тамак көзүнөн учуп калган жигиттер союлган аттын боорун, бөйрөгүн, жүрөгүн отко кактап жеп, бир аз напсилерин басышты. «Бышты, бышты!» болгон учурда оттун чогуншилеп таштап сыртын кырышты. Санын сан, колун кол устукандады. «Туздун гана жоктугу. Болбосо,сонун бышыптыр»,— дешип топтопко бөлүнүп кескилеп жей беришти.— «Эр азыгы менен бөрү азыгы жолдон» деген ушу, жигиттер.Кароолдо турган жигиттердин бири бери карай чаап калды. «Карды ачып келатабы, же бирдемекөрүштүбү! » — деди Ийгилик.Анымуну дегиче кароолдон келаткан жигит, мужуктун берки башына, бу тарапты бет алып аскерчыккандыгын, карааны отуздай көрүнгөндүгүн айтып келип калды. Бууга бышкан этке тоюп ныксырапкалган жигиттер дүрбөлөңдөй түштү.— Дүрбөлөңдөбөгүлө, жигиттер! Аттанып экиге бөлүнгүлө. Бир тобуң тиги чокуга, бир тобуң бучокуга чыккыла. Бастырып караан көрсөтүпчокуну тегерене бергиле. Бирде сабоолоп катуу, бирдежайыла жай бастыргыла. Силер оң тарапка, силер сол тарапка. Ошентип, тегеренип караан көрсөтсөңөр: — эки тараптан көп кол убапчубап келип орто жерге чогулуп жаткан турбайбы — дешет. Тарткынчактапкалышат. Балким кайта тартышар. Антишпейт экен, мынабу кысыкка келгенде таш кулатып аргаларынтүгөтүп кайта кетире турабыз. Баргыла, тиги баятан бери кароолдо тургандарды мында жибергиле. Этжешсин! — деди.Жабыла аттанышты. Эки топ эки чокуну экиден тегеренгенде, аскерлер токтоп калды. Анан селонунбашына барып жол тосууга бекиништи.— Амалыбыз ишке ашты. Кечке чейин кезеккезек көрүнүп туруп күүгүм кирер менен алкым жолгосалып кете беребиз. Үркүп качкандардын арты бүгүн кашка сууну ашып кетет. Кууган менен да эртеңжете алышпайт,— деди Ийгилик.

#24 04 November 2015 - 13:57
10-бөлүм.
Ар тарапка көз чаптырып, жер жезеп Албан үч чакырым илгери бара жатты. Ак-Сайлуу булактыноозуна чыгып «Текенин-Кашасы» деле турган таш короонун тушуна келди. Андан жогору үч тоонунаралыгындагы мейкиндикти бир карады да, атынын оозун тыкыйта тартты. Артка кылчайды. Калпагынколуна ала коюп булгалады. Арт жакта жай келаткандар тездете жүрүп жете келди. Албан колун жазгап«акырын, абайлагыла! » деп ишараат көрсөттү. Тигилер караган, бадалдарга калкаланып шыкаалайкарашты. «Текенин-Кашасынан» жогору, Туп суусунун бою, «Сан-Таштын» алды жагындагы мейкин түздө жержайнаган кымкуут, жөө жалаң калың көч баратат. Ошол мейкиндикке жеткенде ойрондош үчүн аскерлерартынан жүрүп отурган болсо керек, пулемёт орнотуп коюп ажал огун аркырата бүрктүрүп жаткан экен.Жүзү курусун, жөөжалаң көчтүн арт жагын боо түшүрүп жибериптир. Тирүү пенде дитбагып карайалбагыдай жорук болуп жатат. Адам дебей, жүкжүктөгөн унаа дебей жуушап калыптыр. Көчтүн алды .
жагындагылар жабыла жандарын ала качып, бытчыты чыгып калган. Корголоорго же коктукблот, жекараган бута жок...Моокум канган көрүнөт, пулемётчу ок атууну токтотту. Көтөрүлүшчүлөрдү жазалоого чыкканотряддын өзүнчө бир тобу окшойт. Башчылык кылган офицер атчан аскерлердин алдына түшүп жөнөпкалды. Ашыкпастан, шашпастан жете барды. Кара башын калкалоого жай таппай качып жүргөндөрдүаралады. Окторун аяды көрүнөт, он алтысы он алты кылычты ойното башташты. Кары, жашынылгашпады. Туш келгенин шылый чаба беришти. Кылыч тийгендер кежигеси кержее түшүп чалкасынанкетет. Мойну жикирее түшүп көмөлөнө жыгылат. Башы кылжыя түшүп кырдана жыгылат. Бирчапкандарын экинчи чаппайт. Жөн эле кылыч чабууга, машыгуу, кол үйрөтүүгө өтүштү.Өңүт издеп турган Ийгилик ат үстүнө эңкейип жөнөп калды. Жигиттер да ошентишти. Баткалышкабаш калкалап кашаттын алдына жетишти: — Албан, аттардын жайы кандай? — деди Ийгилик.— Бардык аттар табында.— Билимотчусу бейкут отуруп калды. Ат коюп анысын шыпыра өткүлө! Ар бириңдин айбалтаңколуңда беленби?— Белен.— Ат койгондо кыйкырбагыла. Билимотчусун жойкоп өтүп, аркыларына чукул жеткенде жер көчүрө кыйкыргыла. Жөнөгүлө! Албандын аты чү дегенде эле октой кетти. Беркилердин аттары да тап этине келип калыптыр,калышкан жок. Аттардын дүбүртүн укканда пулемётчусу да, анын жанындагы жардамчысы да секириптурушту. Катуу чочуган эмелер кайраттан да, аракеттен да ажырап шал боло калышты. Жигиттер аларгаилинбестен зуу коюп өткөндө, берки экөө жер каба түшүп кала берди.— Кылыч ойнотуп жүргөндөрдүн ар бирин экиден көздөгүлө. Бириң чала чаап калсаң, экинчиңдалдап чапкыдай бол. Чукул калдык. Жер жаңырта ураан тарткыла! — деди Албан.— «Олжобай», «Олжобай! » «Жамгырчы», «Жамгырчы! » «Алыке», «Алыке!»Ээнжайкын эрки менен кылыч жумшап, кыргын салуунун кызыгында бириндеп жүргөн аскерлер далболо түштү. Качырып баргандар айбалтасын сермей электе эле, атынан өзү түшө качкандары да болду.Кача берүүгө, же болбосо кол кайтарууга жарагандары болбоду. Аптыгып айласын таппай калганаскерлерди бир мертебе куюндай тийүү менен караандарын өчүрүштү. Калталаңдап качып жүргөн калкэмне болуп кеткенин сезүүгө чамалары келбеди. Ар бири турган жеринде делдейди. Өлүмүш болупөлгөндөрдүн арасында сулап калгандар да көп экен. Андайлар да узакка дейре козголо алган жок.Ийгилик пулемёттун жанына келип атынан түштү. Ойрону чыккан он алты аскердинкылычмылтыктарын, аскер башчысынын тапанча, турнабайын алып Албандар Ийгиликке келишти.Аттан түшүп пулемётту ары сала карашты, бери сала карашты. Тилин биле албай коюшту.Олжого алынганы он алты беш атар, он алты кылыч, бир тапанча, бир турнабай, бир пулемёт. Албанменен Ийгиликти кошкондо булар отуз эки.— Он алтыңа бирден кылыч, он алтыңа бирден беш атар.«Чүчүкулак» кармашкыла, — деди Ийгилик. Он алтысы мылтык, он алтысы кылыч асынды. Тапанчаменен турнабай Ийгиликке калды. Окторун бүт алышты.— Мунусунун тилии өзүлөрү билбесе, биз билетурган эмеспиз,— дешти да, пулемётун Түп суусунун ийрилип аккан иримдеринин бирине кулатты да,бастырып кетишти.Жер жайнаган калың көчтүн алды жагындагылар кыйла жерге узап кетиптир. Он алты жан алгычтынкарааны ечкенден кийин, кызыл кыргынга учураган көчтүн арт жагында тирүү калгандар эсакылынжыйнап, өлгөндөрүнө өкүрүүгө эми гана зорго жарашты.«Эсил кайран атакем, эми кайдан көрөйүн», «Эсил кайран абакем...», «Эсил кайран бир боорум!»Аркырапдаркырашат. Ботодой боздоп зар эңгирешет. Бетин тытып тырманып жүргөн аялдар, чачынжулуп өз башын өзү койгулап жүргөн эркектер, анын бетин ары кылсын, эч бир пенденин башынакелбесин. ..Күйүткө күйгөндөргө жылуужумшак сөз айтса эреркеп ого төтөн күчөп кетет. Муңзардан заманасыкуурулган Ийгилик ошону эске алды.— Ишке жарап койгонсуп силерге эмне жок. Өлүп бүткөн эмелердиыйлап отуруп тирилтип алмаксыңарбы? Биз караалды болуп бүгүнчө ушул жерге түнөп берели. Курулайөкүрүпбакыра бергенден көрө, жер чукуп өлгөндөрдүн жүзүн жашыргыла! Артыңардан дагы аскер келипкалышы мүмкүн. Тезтез кыймылдагыла, — деп бир сыйра аралап чыкты. Бардыгынын жаагы жап болду.Өңгөчүн тартып бышактап, ар кимиси өлгөндөрдү жашыруунун аракетине өтүштү.Алдуукүчтүү айрымдары елүктөрүн жашырууга жарады. Көпчүлүгү «кудайдын өзүнө аманат»калтырып, коркуп калган байкуштар ез баштарын ала качкыча, куткаргыча шашты...
11-бөлүм.
Түп тараптагы — Белек уруулары, Түрген тараптагы — Арык тукуму, Күнгөй-Аксуу, Байсоорун,Чолпон- Ата, Чок-Тал тараптагы саяктар үрккөн бойдон качып отуруп ушул жерге: Үч капкак, Айгыржал,Нарынкөл, Байынколго келип камалды. Бардыгы жалаң от, жайдак кош. Кара таандай каптаган элге жеркайкалайт. Кырк артууга салып кырканы кыркалай качкан элдин да, малдын да турасы түгөнүп бүткөн. Шилекейоору деле турган ылаң жармашып уй баласын тегиз жылдырбай койду. Дан аттуудан эл ичинде эчтемежок жалаң гана этке карап калышкан. Туз жок, эттин татыгы да эчак кеткен. Тамеки, насбай түгөнүпбопоросчу, насбайчылар баштарын көтөрө албайт. Кабарчыкташат, эчтемени кыртыштары сүйбөйт, жокжерден кычык чыгарышат. Колунан келген үйбүлөсүн бөйдөй куурат. «Ач арбактай» арбайганачарчылык малсызалсыздардын жакасына жармашып, этегине эрмешип алды...«Казатка» аттануу, төрөлөр менен төбөлөшүү, өлтүрүп казы, өлүп шейит болуу жөнүндө жаздантартып айтылып жүрүүчү бурканшаркан сөздөр азыр эч кимдин оозуна кирбей да, чыкпай да калган.Эптепсептеп күн өткөрүүнү, тентиптелмирип болсо да кара жанды калкалап, илбийсилбий болсо датирүү жүрө турууну эңсеп калышкан...Мына үч айдын жүзү болду. Чек арачы черүүлөр чектен өткөрбөй кайта айдайт. Замбирегин сүйрөтүпжазалоо отряды такымдап арттан калбайт. Эл бийлегендер бир чети жандарын качырып, бир чети элдегикараманча жардыжакырлардан малдарын жашырып алда кайда, алыска житип жоголгон. Төрөлөр болсокырганын кырып, кырып бүтүрүүгө жетишпей калгандарын кытай жерине сүрүп таштоону, ээнэркинболуп кала берүүнү ойлойт.— Падышага каршы көтөрүлүү кандай болот экен, көздөрүнө көрсөтөлү,эстерине келтирели, акесин тааныталы, тирүү калгандарын өлөрөлгүчө унуткус кылып коёлу,— дешет.Көтөрүлүштөн көңүлү кайткан калың эл ошол учурда «кайта тарткыла. Жайжайыңарга барыптиричилигиңерге киришкиле» деген бир ооз сөз укса, тебетейлерин көккө ыргытып, падышага кайтаданбагынып берүүдөн баш тартпай турган абалга келген эле. Андай сөздү угуунун ордуна мына, бүгүнзамбиректин заңкылдаган үнүн угушту.Замбирек түш ченде, уюлгуп жаткан топко карай атылды. Камалып жаткан калың элдин бытчытычыкты. Кайда качарын билбей калк карайлады. Өйдөтөмөн удургуду. Бирине бири урунуп темселеди.«Качканга кара жер куурулат». Калтаңдап калган элге кең дүйнө тарып супуранын бетинче көрүнбөйкалды. Кимди ким көрдү, «бала белде, аял жолдо». Ар ким кара башын ала качуу аракетине өттү...— Аскерлер Төтөнүн белин ашып түштү. Кырып келатат. Жоюп келатат. Арт жактагылардан дымчыкпай калды. Тыптыйпыл болду. Чектен өтө качпагандарда жан калар эмес. Өлгөнүңдөн калганыңчекти карай тырмала! — деп, арт жактан алдастап келаткандар кыйкырышат. Алардын кыйкырыгыооздон оозго өтөт, ошо замат аңтаңдап алда бараткандардын кулагына шак дей түшөт...Дүрдүгүп баратышат, сүрдүгүп баратышат. Тыгылыша да, сыгылыша да качышты. Качкан элдиналды дигер ченде Музарт дайрасына барып такалды. «Аңгектен качсаң, дөңгөккө» дегендей жорукболду: ноябрь айы, дайрага калдыркан муз каткан, кузгундап илебинен ашып жайнап калган. Кечүүбербей турган кашатка камалышты. Кечүү таап кечүүгө арт жактан шыкап келаткандар буяма бербеди.Сүргү менен сүргөндөй түртүп, карайлап тургандарды кашаттын кырынан дайраны карай уламулам,кайтакайта түртүп түшүрө берди. Алкынажулкуна шар аккан шыргалаң дайра жалмап жута баштады, аласалдыра аңкуштатып агыза берди.Арт жактан сүрдүктүргөндөрдүн күүсү адегенде кашаттын кырына жардана калган жөөлөрдүдайраны карай сүрөп күү түшүрдү. Дайрага жалпжалп урап жыгылгандар этектерин делдейтипэнтигишти. Аңкуштап алга карай жүткүнүмүш болушту. Кай бирлери карайлап кайта тартууга далбасакылды. Биринин этегине бири жармашты. Бары бир, шар аккан дайра арыдан бери бурдапсурдап жутупжиберип жатты. Аны көргөн элдин эки чети кечүү издеп суу бойлоп жөнөдү. Бирок, арт жактагылардынулам кайтоолдогон толкуну, орто жерде тыгылышып калгандарды дайрага кайтакайта уруп түшүрүпжатты. Тигине! Жаш балалуу аял баласын колунан чыгарып жиберди. Кармоого аракеттенип жүткүндү.Суунун шары этегин мойнуна түрдү, тоскоолдук бере албай көмөлөндү. Андамында ар кайсы мүчөсүэреңсерең көрүнө барып карааны өчтү. Берки, бой тартып калган кыздын чачы желбиреп барып суугачабылды. Бир жолу кулачурду, үч, төрт ала салдыргандан кийин көздөн кайым болду. Ыргып түшкөнкундуз тебетейи айланкөчөктөп артынан кетти.«Аксакалын жайкаган, Карыдан канча чал акты. Качкындар кошун жүктөгөн,Карадан канча мал акты. Аңкуштап акты балдары, «Аллалап» — акты чалдары. Акыя караптургандар, калдык экен кантип жандары...»деп ырдагандар да болушту.Арттагылар окко учуп ноот болду. Алдагыларды аймап-күймөп дайра жутуп жатты. Сыгылышып,тыгылышып, турган орто жердегилердин төбөсүнөн көк түтүн уюлгуду. Ошол учурда ар жактан келгенжети киши аткылап келаткан аскерлерди алыстан тозоттой чабышты. Бир канча аралыкка илгерилепкашаттын далдасына жеткенде токтоло калышты. Аскерлер тобун жазбайт, жаматташа жакынжүргөндүктөрүн байкашты. Карааны кырк, элүү чамалуу. Атка сүйрөткөн замбиреги артында келатат.Алтоо эки экиден үчкө бөлүндү. Экөө арт жагынан айланып өтүп аскерлердин аркы тушуна барды.Экөө еңүткө түшүп аскерлердин алдын утурлады. Алар мерчемдүү жерге жеткенде бер жакта калганүчөөнүн экөө кайта тартып кашатты имерилди. Далдоорок жерге жетип аттарынан шыпшып түшө калды.Мылтыктарын ээрге арта салып бирнече жолу топко байлап ок чыгарды. Аларга удаалаш аркылардынмылтыктары үн берди. Аскерлер ийриле келип замбиректи тегеректей калды. Үч тараптуу атылганмылтыктардын үнү, аскерлерди шарактап кайта качып чыга берүүгө аргасыз кылды.«Баягыда алдырып жиберген он алты беш атар ушу жерде экен, пулемёт алды жакта аңдып жатканболуш керек» деген ой менен артка карай чегинди. Андай болбогондо күн баткыча дагы далайды боотүшүрмөк болучу.Жоонун мизин кайтарган алты жигит айлана чаап жалгыз калган кишиге кайта келишти. Тиги кишиайлананы аңтара карап тура берди. Кыйладан кийин качып бараткан калктын артын карай жигиттеринээрчитип жележорто жүрүп калды. Тамтаң уруп качып бараткандарга жоонун кайта качкандыгын кабаркылышты. Туштуштан алкыш айтып: —Оозуңарга май! Өзүңөр ким болосуңар? Айланайындар! — дегенүндөр чуулдады. Жоонун кайта качышына жөн эле ишене коюшпайт эле.Алардын өңөрүп жүргөн мылтык, асынып жүргөн кыльштарын көрүп, ошондон улам ишеништи.Жөөлөр көчүктөрүн жерге койду. Кай бирлери чалкасынан, кырынан түшүп эс алууга жыгылды.— Жоо качты, жоонун мизи кайтарылды. Эсакылыңарды жыйгыла! — деген арттагылардынкыйкырыгы, биринен бирине уланып, алдыңкыларга ошо замат эле жете берди.— Аскерлер элдин үшүн алыш үчүн топко байлап замбирек атышы этимал. Ошондуктан тобуңардыжазгыла. Бириндеп жайыла качкыла. Эми, ошентип кыйкыргыла! Музарт дарыясынан өтүп кетсеңер,тирүү кутулганыңар, — деди Ийгилик. Бул кабарды да чагылгандай учурушту.Тигилер бастыра берерде — о, айланайындар, өмүрдүү болгула! Бооңор чыйрак болсун. Телмериптемтеңдеген ушунчалык калайыккалктын батасы тийсин. Өмүрүңөрдө кор болбогула! Атыжөнүңөрдүайта кеткиле, калк уксун, кагылайындар, — деди ташка көчүгүн коюп демигип отурган киши.— Ийгилик, Ийгилик дегиле! —деп Албан атын алга карай теминди.— Ийгилик болсо кабарын укканбыз. О, Ийгилигинен тегеренейин. Жоонун мизин кайтарганИйгилик экен!— деп тиги киши ордунан тура калып кыйкыра сүйлөдү. Анын сөзү да ооздон оозго учупалда бараткандарга жетти.Тигилер биртике узаар менен Ийгилик айткандай замбирек күрүлдөдү. Кайда түшкөнүн, канчаныталкалаганын ким көрдү, ким эсепке алды,— иштин бул жагын азырга чейин эч ким биле элек.
12-бөлүм.
Иттин жумушу итчилик этиш, андан башка колунан эмне келет. Ээсинен адашып калган иттерталаалап каңгып кетти. Кийинчерээк ээсинен эчтеме артпай калган иттер да аларга барып кошула берди.Тоңуп өлгөндөрдү талап жеп топтоп болуп жол бойлоп калышты. Кабыгына катып калган иттердин тезэле көкүрөгү чыгып, көздөрү кызара баштады. Мурдарак, тирүү кишилерди көргөндө кыйпычыктап, өздөрүн айыптуу сезип жалтайлап качып калуучу. Эми, өлүп жаткандарга алымсынбайт, тирүүкишилерди тооруп акыйышат. Иттерден коркуп адамдар жалгызжарым жолго чыкканды койду.Качкындарды чек арачы черүүлөр ар кайсы жерден териптепчип айдайт. Арыпачкандардын бирканчасы жолдо калып, ит менен кушка жем болот.Качкындарды кайта айдап келип чекке жакын Өртөңдүн токоюна камайт. Бир күн, эки күн андатурумуш болушат да, кайта качышат. Дагы бир канчасы жолдо калат. Карга, кузгун жана кутуруп алганиттерге той түшөт.Малдуулар, алдуулар алда кайда — Кулжа, ЧолокТерек, КөкТерек, Жылдыз, Коңуз тарапка кирипкетти. Чычая качууга кубаты жок малсызалсыздар бирде бери карай айдала берип, карааны суюлашүмүрөйүп, эки ортодо шүмшүк болду. Ары, бери тамтаңдай берип көпчүлүгүнүн тарпы талаада калыпжок болду.Ушу чоң калаба, чоң бүлүнчүлүктө Качы бийдин бүчүбүлдүргөсү үзүлгөн жок, чыпчыргасыкорободу. Жалпы малынын саны ошо жылы арамадалы аралашып бир миңге чаап чыккан. Мурдатан элежылкысы жыл сайын ушу Текес тарапта — калмак арасына кыштап чыгуучу. КалмактардынБайынжыргал деген чоң байы менен алышманчалышман болучу. Анын жардамы менен чек араданшыдыр өттү. Агыяз деген жерге барып жайкалып жата берди. Басташып, касташып жүргөн Алмабегиболсо антип санаасын тындырды.— Атабабамдын арбагы кантип эле Алмабек кулчэ болбосун. Таба эмес, тобо,— дейт Качы бий.Бекиш старчын экиүч киши ээрчитип күндүз эки жакка бастырып эл аралайт, жер чабыттайт. Кечкекөргөнукканын бийге келип баштанаяк баяндап турат.Кадимки Каракул эт бышырууга бүгүн эрте камынды: аркандын үзүндүсү менен сыртынан бүйрөкурчанды. Эки этегин курга каңтара кыстарды да, карсылдатып отун жарды. Чүйгүн эттердибулоолонтуп кайната берди. Кызалак күң казанаяк жакта бүжүрөп өз милдетинде болду. Заңкайган бозүйдүн ичи лапшып жай күнкүдөй саймадирейт. Бийдин атактуу ар бир бүлөсү өз ордунда, калыңтөшөлгөн кийиз, көлдөлөңдө жайбаракат жадырапжайнап отурат.Бекиштинбүгүнкү баяндамасында кызыктуу эчтеме болгон жок. Ийгилик жөнүндө сүйлөйбаштаганда бардыгы кулак түрүп оңдоно отурушту. Каракул да, Кызалак да сөз аңдый отурду.Эл адеп коркупүркүп качып калганда «Жамгырчынын» жакырлары орундарынан жыла албай отурупкалган экен. Мантек элүү башыдан эч кимисине кайыр болбоптур. Малын ала качып бардыгынан мурдажөнөп кетиптир. Ошондо, аял башын эр кылып Сыпайы жеңе башаягын жыйнаптыр. Ийгиликтинкадырын салып бирөөлөрдөн мингич, бирөөлөрдөн кош артууга унаа таап, бардыгын аттаптондоп көчээрчүүгө жараптыр. Бирин бирине учкаштырып, бирин бирине чиркештирип элден калтырбай бардыгынаман алып келиптир. Ийгиликтин айылы азыр жогору ЖамантайБулак деген жерди кыштап жатыптыр,аны айтып берди
«Ок өтпөс бой тумарын» таратып жүрүп Ийгиликтин Жума молдо деген агасы элден бир короогожакын кой, эчки, улак, козу чогултуп алган экен. Анысы эл үркөрдө койлорун айдап Бедел ашуусунунберки түбүнө барып белен туруп, эл качканын угаар замат Турпанды карай кирип кетиптир. БеркиЧеңгелдей деген агасы демейдегисиндей эле эч кимге ыркын кошпостон өзүнчө келе жатып, КанТеңритоосуна келгенде анын бир кычыгына малсалы менен жашырынып жалгыз үй калыптыр. Бекиш муну даайтып берди. Анан жаздан бери Ийгиликтин эл үчүн иштеген акылэстүүлүгүнүн айрым учурларын эскесалды: — Азыр ойго барсаң да — Ийгилик! Тоого барсаң да — Ийгилик! Калайык калктынчоңкичисинин оозуна тегиз кирип калган экен,— деди да Бекиш тим отуруп калды.,Иигиликти мактап сүйлөгөн Бекиштин сөзү Камкага да, анын тестиер болуп калган уулу Бакирге да,Сабитке да, ал гана турсун казан кайнатып отурган Каракул менен ар жакта бүжүрөп отурган Кызалаккада жакты. Бирок, Бийге такыр жаккан жок. Угарын ыклас коюп укса да, ичи тарып, андай мактоонуИйгиликке ыраа көрбөй туталанды, ызаланды: — Ийгилик ошондой кыйын болуп кетиптир дечи? —деди Бекишке алая карап.Бекйш кың эте албады. Сөзгө Камка аралашты.— Киши болсо Ийгиликтей болсун! — деп Камка унүн жасады.— Ийгиликти бир мактоо менен эле, жеңенди ашык кылып койдуң белем, Бекиш старчын? — депчалкасынан жаткан бий оонап кырынан жатты. Баш жагында отурган Камка: — Ийгиликтей кишиге аялмен эмес, такыялуу кыздар да, тастарлуу келиндер да, калдысы эстүүбаштуу эркектер деле ашыкболбойбу, бийим?! — деп жиберди.— Ашык болуп кетсең барып тийип ал! — деди бийи. Бетке чапкандай орой айтылган сөзгөотургапдардынбаары ичиркене түштү.— Бий чанган аялды Ийгилик албайт го! Мейли, андай эле менден кутула жадап калсаңыз, албаса даайлына барып кире коноюн. Келиниңе калың бере элексиң. Калыңга тогоштуруп менден да кутул. Малкоротпой, ошенткениң жөндүү болор,— деп Камка чыйрыттай сүйлөдү. «Сөзүмдү кандай кабыл алыпжатышат экен» деп Сабит менен Бекишти астыртан карады. Таамай айтылган сөзгө экөөнүн кыбасыканып тургандыгын байкады.Бий таш тиштегендей жаагы жап болду. Кайта оодарылып тескери карап жатты. Камка сүйлөнөберүүгө өттү.— «Куда болгуча кулубийиң сураш, куда болгондон кийин кул да болсо сыйлаш». Кызын өзүтаңуулаган жок. Өзүң жармаштың. Күчкө салдырып ала качтырып алдың. «Кылгыдыкты кылын, кылжип менен бууп» коюп, кудаңа бир ооз жылуу сөз айтканың жок,— деген мааниде сүйлөдү.— Анан —бийим чынбы? Чын! — деди.— Дегеле көңүлүндө кири жок кең пейил киши экен. Алмабек атка таңдырып өлүмгө алыпбаратканда көңүлү түтпөптүр, өз башыңды өлүмдөн өзү ажыратып калды. Макул, сөөк болгондон кийинал ошентишке милдеттүү эле дейли. Бирок, сыпгасый болуш керек эле го, бийим? Чынбы? Чын дейбериңиз! Айлыңдагы ага туугандарындын бардыгы өзүңдү ээн калтырып казатка аттанып кеткендиги эсиңде!Эрегишип жүргөн Алмабек «Кагылышта хан өлөт» кылып коёбу деп сенин күтүүңдү күткен киши,ошондо жалгыз эле карачечекей кудаң Ийгилик болбоду беле? Элеңдеп эсибиз чыгып отурганда анынжиберген кишилери келип санаабызды тындырды. Эл четинде, жоо бетинде жүроө да, эсине алыпошенткенин кантип унутабыз, бийим!?«Канын көкөрлөп, башын канжыгалап» калкты калкалаш үчүн, аскерлер менен арбашып, жоо бетиндекалды. Эч болбогондо кудагыйың менен жалгыз эркегине кайрылышпастан өз башыбызды ала качыпжүрө бердик. Мунубуз адамгерчиликке такыр жатпай калды, чынбы, бийим!?Дагы эле кеч эмес, жолун жолдогонубуз жакшы. Ал акылсыздыгынан эл оозуна кирип отурган жерижок. Анда да намыс бар. Минте бере турган болсок Алмабектен көрө албай калганыңды эми как элеошол Ийгилик кудадан көрөсүң. Айттыконду дебегин. Ийгилик сага катылса, эч ким аныкын жөнсүздебейт. «Сооп кылыптыр Ийгилик, намысы бар экен» деп эл анын сөзүн сүйлөйт, бийим!Мени да Ийгиликтин кызынын калыңына өткөрмөк болдуңуз. Тийип ал дедиңиз. Калыңга кете турганкатын болгондон кийин эмнеге аянайын.Тартынбастан айтып коёюн. Тартына турган эмнем калды! Өтө кеткен көксуз, ошо көктүгүңдүнсалакасы балдарыңа, жерге-жээгиңе тийбесе эле болгону. «Чөптү кордосо көзгө зыян болот» имиш. Сизэле лөк, калгандардын бардыгы чөп эмес, бийим...Бий кайта которулду:— Букарама, ооба, тиги кулума барып кулдук урушум керек экен го? — деп башын көтөрдү.— Баруудан намыс кылсаңыз барбай эле коюңуз. Ал эми үйүңүзгө чакыртып алып ырайлашуудан данамыс кыласызбы, жарыктык, бийим?— Букара кулума төрүмдү тепсете албайм...— Андай болгондо, анын кызына уулуңуздун төшөгүн эмне үчүн тебелеттиңиз? — Болду, сөздү көбөйтпө! Этиңер бышса чыгаргыла, — деди да туруп отурду. Эттен күндөгүдөй жейалбады. Төшөгүнө жатканда ооналактады. Кышкы кирген буурадай тишин кычыратты. Ийгиликтикандай кылып басып коюунун, баш көтөртпөй чүнчүтүп таштоонун ар түрдүү амалайласын ойлоду.Начар уктады. Эртең менен Байынжыргалды чакыртып алды. Мейманчылык бүткөндөн кийин узатышүчүн тышка чыкты — Жамантай-Булакта Ийгилик деген жатат. Төрөлөрдүн аскерин кырып, жыйырмабеш атар, кырк кылыч, бир «билимет» менен келген. Ушу баштан анын колундагы куралдарды алыпкойбосоң, түбүндө сенин башыңды да, менин башымды да ошо Ийгилик жейт. Киши кошуп берем.Айлын таап, өзүн көрсөтүп берет. Бирок, бул кабар оозуңдаи башка кишиге чыкпасын,— деди да, узатыпжиберди. Бийдин үйүндөгүлөр мейман күтүп, аны узатып жүргөндө Кызалак Берметке жылып жетти. Бийменен Камка апанын түндө сүйлөшкен сөздөрүн төкпөй-чачпай бүт айтты. Ал сөздү уккандан кийинБермет Камка апасына барды. Бий үйдө экен. Келгенден бери салт боюнча бийге жүзүн да көрсөтө элек,жүзүн да көргөн жок. Ошондуктан үйгө кире да албады. Камка апа өзү чыкты. Бермет жүгүндү, Камкаалкады. Бир аз обочолой басып, эмне жумуш менен келгендигин сурады. Бермет муңая карады. Уккансөзүн айтса Кызалак апа оор алда калат. Үн чыгара албай туталанды.— Балам, чыдаган жаның дагычыдай тур. Эмне угуп, эмне айтайын деп келгениңди билем,— деп мойнунан кыса кучактап койду. Бар,күйөөңө деле эчтеме айтпа. Капа кылба, анын колунан келген иш болсо, мындай болбойт эле.«Чапанчанды чапса, көйнөкчөнгө доо кетет». Мен да букаранын кызымын. Менин көөнүмө деле доокетип жүрөт. Барагой, балам! — деп кайта узатты.Бермет жер карап кайта басты. Албан менен өз атасы бийге кылган жакшылыгын эсине түшүрдү.Ошондо бийди ажыратып калбаганда иш эмдигиче башкача, бир жаңсыл болуп калмак, ошону ойлоду.«Жоо аяган жаралуу» деди да, үйүнө барып кирди. Сабитке сыр алдырбаска тырышты. Бирок, ызакордук,кемсинтүү, илеңсалаң кылып баш көтөртпөдү. — Тер карыштырып алгамын го, чекем эле какшайт.Чекемийчекем, — деди. Сабит да анчалык баёо жигит эмес, чекесин эмне какшатып жаткандыгын тез элетүшүнүп койду. Түшүнгөндө анын колунда эмне турат. «Аталуу уул, кожолуу кул».

#25 07 November 2015 - 11:08
13-бөлүм.
Ай караңгы болгон менен жер бети аппак, кары чилде каарын төгүп какшанып турган кышкытүндөрдүн бири эле. Казыкартага кабалтең тойгон Качы бий дүйнө капар уйкуда жаткан. Тыштан үйгөкирген жигит коломтону көсөдү. Кечке жагылган оттун чогу кызарып жайнай берди эле, үй ичинебиртике шоола түштү. Жигит мылтыгын таяна туруп — бийим, ойгонуп койбойсузбу! ? — деп үнүнкөтөрүнкү чыгарды. Бийи кебелбеди.— Караңгы түндө карайлап кайдан келген кара тумшуксуң? — депКамка байбиче гана жууркандан башын чыгарды. Мылтыкчан жигит «Жамгырчы» уруусунун бирбаласыэкендигин айтты. Ошондо Качы бийдин жүрөгү шуу дей түштү. Эмне себептүү түн жамыныпжүргөндүгүн түшүндүрө баштаганда бий төшөгүнө тереңдеп кирип бүрүшүп калды.— Бийим, Ийгилик акеме тукурган Байынжыргалыңызды ит аткандай атып таштадык. Эми сизгекелип отурабыз,— дегенде бий, караңгы түндө кара жанын кайда корголоторун билбей темселеди.Ажалым анык жеткен экен деп катуу коркту. Чыпчыргасы коробостон «түлкүсү түштө улуп», жыргап-куунап жаткан бий, түн ортосунда, үйүндө, төшөктө жатып мындай ишке кириптер болуу капарынакелиппи, үч уктаса түшүнө да кирген эмес. Эми, түз эле жүк жыйган тактанын алдын көздөй оонайбаштады. Жигиттин «бийим, эми сизге келип турабыз» деген сөзү Камка байбичеге да октой тийди.— Койгула,балдар. Шайтандын азгырыгына кирбегиле,— деп төшөгүнөн суурулуп чыкты.— Сакалдуу башы менен бий акем өзү шайтандын азгырыгына киргенде, биз эмне, азгырылбасболуппузбу, — деп тамыр калмагын бий Ийгиликке, анын айлына тукургандыгын айтты. Ал сөздөр,байбиченин кулагынын сыртынан кетти.— Чоң Калмагын өлтүрүп койсоңор, мында качып келип башыбатпай, балтыры сыйбай жүргөн элдин айласы эмне болот? — деп капаланымыш этин, өзүнчөкүңкүлдөдү. — Элдин убалсообу болсо бийиме, бий акеме болсун, Чоң калмагын биздин айылга, тиги Ийгиликакеме тукурбаганда мындай иш болмок эмес, Камка апа! — деди мылтыкчан жигит.— Чоң калмагын өлтүрсөңөр, эми бийге тап коюп калсаңар, эл ичине батпай каласыңар го? Кайдабарып баш калкалайсыңар? — Кулак уккус, көз көргүс жерге кетебиз...Камка байбиче жармаша кетеби деген сактыгы болсо керек, жигит мылтыгын оңтойлоп, бир азкетенчиктеди. — Колуңдагы эмеңдин түрү суук көрүнөт, көп эле короңдото бербечи! — деп Камкабайбиче эшикти карай бет алды. Ошондо тактанын алдынан: — берки кишини ар жакка ала кет,— дегенүн чыкты. Ал бийдин үнү экен, эчак эле тактанын астына тыгылып алыптыр.Байбиче менен мылтыкчан жигит үйдөн сыртка чыкты. Албан менен дагы бирөө Берметтиаттаптондоп коюп ар жакта даяр туруптур.— Кара тумшук, Албан! Агаңдын канына зобун кылба,— дедибайбиче. Албан анчалыкка барбастыгын, бирок, бийдин жылкысынан өзүнө тийиштүү энчисин айдайкете тургандыгын айтты. Кош айтышып бастыра берерде,. алиги жигит — чоң Калмакты атып таштадыкдеген сөздү, бийди коркутуш үчүн анчейин апырылтып койгондугун байбичеге эскертти да, жолготүштү. Тигилер жөнөп кетер менен байбиче үйгө кирди. Бий тактанын астынан суурулуп чыга албайжатыптыр. — Тигилериң кетиштиби? — деп башын көтөрмөкчү болду эле, чекеси тактанын кырына шакдей түшкөндө, көзүнөн от чагыла түштү.Текес тараптын кышы кандай болорун өз көзү менен көрүп, өз башынан өткөргөндөр гана жакшыбилишет. Үйдөн чыгып биртике тура калган кишинин сырты бир заматта аппак кебезге айлана .түшөт.Кыш чыкканча кең Текестен карарыңкы, эч болбосо — бозоруңку эчтеме көрүнбөйт. Бардыгы акшейшепке чулганат да турат. Тү деген түкүрүк жерге түшпөйт. Атчан бараткан адамдын кирпик,кашына, атынын ар бир түгүнө күмүш күбөк жармашып шаркылдайт да калат. Эгерде сакал, мурутуңузболсо, анда, өзүңүздү төрөп өстүргөн энеңиз да, бир заматта тааныбай калышы этимал. Ал эми Текестинкенендигин, ээндигин сиз сурабаңыз, биз айтпайлы. Тетиги Чекиртинин оюнда, чет капкактын боюндакетип бараткан топ караан Албан, Бермет жана берки эки жигиттин карааны. Бир сапарында иштериоңунан чыкты. Саатсабырдан тышкары болсо, эл тура Жаманбай-Булактагыларга шартылдап жетебарышат, мына, азыр кулан өөк болуп таң сүрөйүн деп келатат.* * *Калмактар атка абдан чыйрак болот, аттангандан тартып жетер жерине жетмейннче желишинжезендебейт. Жамантай-Булгкты өрдөп бараткан тетиги топкалмак да бөрү желиш менен келатышат. Күнулуу шашке болду, Албандардан алигиче дарек жок. Сыпайы жеңе да, Ийгилик да сары санаа болупалачыгында отурганда, калмактар ыкчамдата жүрүп жете келди. Ал жердеги жолум алачыктарга экиден,үчтөн бөлүнө барып тосмолоп калды. Алачыктардан тышка киши чыгарбады, бир алачыктын адамынэкинчисине бардырбай корголотуп коюшту.Тамыр калмагын бий Ийгиликке тукурганын кече күнү Кызалак куңдөн уккандан кийин БерметКаракул аркылуу кимдир бирөөн Ийгиликке жибертет. Ийгилик болсо «бий кагнчалык кара ниет болсода, эми сөөктөшүп калдык, кыянатчылыгын коёр» деген ойдо жүргөн экен. Тиги кабарды укканда төбөчачы тик турду.— Сөөк болуп калды деп ошого ишенип жүргөн мен акмак. Сөөгүн ит жесин,— депсүйлөнүп, — түн катып эки жигит менен бар да, Берметти тартып кел,— деп Албанды жумшаган. Аларкандай келсе, ошондой конуш которуп көчө качып кетүүгө айылын даярдап койгон. Эчки, теке атып жолазык камдаш үчүн төрт жигит жанараак эле аңчылыкка кеткен. Же тыягынан, же быягынан дарек жок.Ал эми бийдин калмактары болсо капыстан келди да, тигинтип камап турат.— Мына, эми кыйын болсоң айласын таап кутулуп көр!..—• деди Ийгилик. Санаа чиркин кандайкүлүк, бир заматтын ичинде алда эмнелерди ойлоп жиберди:— Мылтыктарды тапшыр дешет, тапшыралы, азыр жок дейм. Өзүң биз менен кетесиң. Мылтыктардымындагыларың жеткирип берсе өзүңдү бошотуп жиберет. Кайта келесиң дешет. Кыйыктансамбасмарлап, кордукзордук көрсөтүп байлап кетишет. Кыйыктанбай бара берсем, мындагылармылтыктарды жеткирүүгө аргасыз болушат. Макул, ошентишсин, мен бошоп келейин. Анан эмне болду?Эмне болот эле! Темселеп отурабыз да калабыз. Алты беш атар колдо турса, доңуз атып жесе да бир уруукалк жан багууга жарайт. Ажырап калса, чоңкичине дебестен бардыгы тегиз кырылат. Мейли, опкобайлаган кара өгүз өлсө мен эле өлөйүн. Мага карабагыла, мылтыктарды колуңардан чыгарбагыла депмындагыларга айтайын, айдаган жагына кете берейин. Макул, кете берейин. Жалгыз балам, аялымдынайласы эмне болот? Мени булар айдап жөнөгөндө чырылдапчыркырашат. Ботрдой боздоп эңгирешет.Жаман айтпай жакшы жак, калмактар каарына алып уйпалап таштаса кантишет. Кантишет эле. Сыпайыкара кийип кан жутат. Кубаткулум тирүү жүрсө жетимдин ашын ичет, жетимдин тонун киет. Арбагымдысыйлагандар — байкуш жетим деп маңдайынан сыламыш болот. Арбагымды сыйлабагандар: — кудайурган куу жетим,— деп кулагынан чоёт.Ийгиликтин ошентип санаасы санга бөлүндү. Башкаларын атчан каратып койду да, эки калмак, биркыргыз алачыктардын бардыгын тинтип, эми Ийгиликтикине киришти. Калмактар менен келген кыргыз,качандыр аталары мында, калмак арасына келип жердик болуп калган киши экен, аны тилмечтикке алажүрүшүптүр. Тилмеч аркылуу кайым айтыша башташты:— Ийгилик деген сиз болосузбу?— Ооба, мен болом. Оңол, кыргызсың го?— Ооба, кыргызмын. Силерде бир канча мылтык бар экен, ошолорду тапшырып берсин деп турушат.— Тапшырып бербесек иштери эмне экен, буларыңыздын? — Эмне үчүн тапшырышпайт. Кимдин жеринде, кимдин элинде турганын билет бекен? — дешет.— Билебиз. Татынакай эле билебиз.— Биле турган болсо, эрте күндү кеч кылбасын, тапшыра койсун. Антпейт экен, күчкө салабыз дептурушат. — Сурап көрчү, кыргызым. Эмне, булардын ошончолук ашып-ташып турган күчү бар бекен?— Силердик күчүбүз бар. Сөзгө келбесе өзүн байлапматап алып кетебиз дешет.Ошол сөздү укканда чочуп кеткен Сыпайы жеңе Ийгиликтин сол колтугуна жакындады. Кубаткулуоң тарабына өтүп атасынын этегин баса отурду. Бир тигилерди караса, бир Ийгиликти карап көздөрүалактады. Ичинен катуу корксо да, Ийгилик сыртынан сыр алдырбай омоктуу отурууга, кара күчкөкүлүмүш болуп, курулай болсо да опуза сөздөрдү айтып чаргытып убакыт өткөрө турууга бет алды.— Кыргызым, сен, оңол! Калмактарыңа жакшылап туюндур. Жөнү жок чокчоңдошпосун. Байлапматап алуу колдорунан келбейт. Беш атарын белен кармап бизди сыртыбыздан багып жүргөн көпкишилер бар. Буларың азыр өздөрү кимдин колуна түтлүп калганын билише элек. Айт, түшүндүр. Буларөз элинде, өз жеринде. Барыдан мурда буларга жан керек. Жандарынан тойгон эмелер болсо, жайынакой, өз убалдары өзүнө. Биз жандан аша кечип жүргөңдөрдөнбуз. Бизге теңелишесин. Тынч гана кетебериши өздөрү үчүн жакшы болот. Албетте мен жөн эле, булардын жүр деген жагына ээрчип бербейм.Байлап алабыз дешсе өзүм каршылык көрсөтүп кармашпайм. Мына минтип жатып берем. Ажыратыпала_ тургандарым болгондон кийин убара болуп эмнеге каршылашат элем. Баатыр болсо, байлапалышсын. ..Ийгилик жамбаштап жата кетти. Жан чиркин арзан эмес, бирөө болбосо бирөө, карс эттиремылтыгын кармай береби деп бүткөн бою дүркүрөйт, жүрөгү опкоолжуйт. Күрөө тамыры ыкыл кагат.Күндүз гана эмес, түн ичинде да үйүнө узак отурбаган Ийгилик эртеден бери үйүнөн чыкпай үңкүйүпотуруп калышын жамандыкка жоруду: — ушуну көрмөккө, колго түшүп берип өлмөккө ошенткенэкенмин го. Албандар аман болсо анчалык кечигишпейт эле. Ал жакта алар колго түшүп, бул жактабиздин ойронубуз чыкканы туратко. О, чиркин дүйнө,— деп жанынан түңүлүп койду. Бирок, коркуптурушун аялы менен баласынан да жашырды. Өлсөм да коркокторчо өлбөстөн .адам сындуу абийирдүүөлөйүн деп намыска таянды. Алкымдап турган ажалга айбат көрсөтүп, кебелмексен болуп жата берди.Калмактар өз ара кужулдашты. Бири-бирди, экинчиси экини айтты. Бирөө жалтайлай сүйлөсө,экинчиси чокчоңдоп кайраттана сүйлөдү. Бирок мурдагыдай тыкырлабастан бир аз көшүүн тартыпкалышты. Тигйлерде болгон өзгөрүүлөрдү астыртан байкап жаткан Ийгилик берки кыргызын опузалады:— О, кыргызым! Калмактарыңды жайына калтырып, өз жаныңдын бөгүн бөктөсөңчү, кете берсеңчи.«Кагылышта кан өлөт» болуп бөйдө өлүп калба. Мылтык алып кыркырдан карап тургандар сенинкыргыз экениңднтааный коёбу? Сенде жаман ниет жоктугун, тилмеч кылабыз деп калмактарыңдын алып келгенинтиги кырда тургандар кайдан билишет? Катын, балаң бардыр, каныңа зобун болбоюн, ушунчаңда кет,—деди.— Эмне деп атат? — дешип калмактар такып калды. Тилмеч кыргыз укканын төкпөйчачпай айтыпберди. Калмактар кыйшалактай баштады. Ошол учурда, алачыктардын үстүнөн беш атардын чырылдапөткөн огунун добушу угулду.— О, жараткан. Көрөр күнүбүз бар белем,— деди Ийгилик купуя. Калмактар карайлап отура кетти.Тышта турган калмактар оопооп түшүп аттарына далдаланды; Коркуңуч кезеги эми аларга өттү,жаактары жап болуп жалдырай баштады.— Буларыңыз кетели дешип калды,— деди кыргыз тилмеч. Анын да каны качып, өңү өзгөрдү. Көзүалайып же отурарын, же турарын билбей сендеректеди. — Кетишеби, коюшабы — аны өздөрү билсин. Жоолошо турган болсо, буларыңдын эмне көрөрүнтуюндурдум го, өзүңө! — деп Ийгилик дагы кебелбеди.— Өзү чыгып бизди узатып койсун дешет,— деп кыргыз тилмеч кыңырылды. Мурдагычакаракчакчактан бул турган үчөөндө эчтеме калбады, момурап момун болуп жоошуп калышты.— Бая эле тынч кете берсеңер, же башында эле келбей койсоңор бул кордукту көрмөк эмессиңер.Кырып жиберишпесин, мейли өзүм чыгып узатып жиберейин,— деп Ийгилик ордунан турду. Тигилүчөөн ээрчитип тышка чыкты. Кырда тургандар Ийгиликти .айдап кете турган болду дешти көрүнөт,дагы ок чыгарышты. Тигил үчөө кайта качып алачыкка далдаланышты. — Жөн койгула, кетеберишсин, — деп Ийгилик кырдан баштарын кылтыйтып турган мергендерди тыйып койду. Калмактараттарына өбөктөп кара талашып качып жоголду.Кийик улап чыккан жигиттер калмактардын келатканын көрүп, аңдып калбаганда бүгүн Ийгиликтинкөрөр күнү башкача болмок, абийир болуп иш оңунан чыкты. Жол менен жүрсөк черүүлөргө кезигипкаларбыз деген сактык менен Албандар кокту колотторго жашынып узак жүрүп калышыптыр, күүгүмаралаш бир топ жылкы айдап жете келишти. Ошо түнү конуш которуп кечө качышты.Жөөжалаңдар алдас уруп алга карай жүткүнүшбт, демигишет. Ачыккан карын, бошоп калган муун,чарчаган бут, салмактуу чокой арымдарын арбытпайт. Көтөргөн жүк, аркалаган балдар белден бекембасат, майыштырат. Жетектеги балдар сүйрөлүп салмактарын салышат. Будуңчаң түшүрүп бороонуңулдапуңшуйт. Желпинип жер бетин тыткылайт. Чаңдатып кар чачат. Борошосун боройлотуптооготашка урунат, сүзгүлөп сүрдүгөт. Самсып сандалган жөөжалаңдар анысына кайыл. «Алакайыртүшүрө көр? Аяна көрбө!» дешет. Анткени, боройлогон бороонго жамынып өтпөсө, чек арачы чериктеркармапалат. Жазалап кыйнайт, «балак» урат. Ошон дуктан борбондун алайдүлөй түшүрүп боройлойберишин тилешет...Бороон жөөжалаңдарга боор ооруду белем, бирди бирге кошподу. Чек арачы черүүлөрдү дымчыгарбай камап таштады. Тигилер илкийкалкый жүрүп отуруп «жың пандан» аманэсен өтүштү.Капкактын ашуусун шыкай барып карагайлуу жылгага калкаланышты. Алдыартын жыйнап, ал күнүкарагайдын арасында болушту. Кечтин күүгүмүнө жашырынып ашууну бет ала тырмалашты. Ойрупчайрып баскан болушат, жол арбыбайт, демигишет Күн өтө чыкыроон, ызгаары ырылдайт. Туракалса чыйрыгып, басса жан алекетке келишет.— Оой, куу тумшуктарай! Айгайлаган ач белде, кумсарган куу жолдо каргакузгунга жем болуп калаберер бекенбиз,—дешет, темтеңдептемселеп келаткандар.
Ата конуштун жүзүн көрсөк. Топурагынан чеңгелдеп жыттасак. Ошо замат өлүп кетүүгө кайылболор элек,— дешет.— Падыша тагынан кулагандыгы, жаңы өкмөт болгондугу чындык көрүнөт. Кыязы, төрөлөрдүнбейбаштыгы тыйылып калган болсо керек, — деп да күңкүлдөшөт. — Оозуңда бардыр. Айтканыңар айткандай келгиси бардыр,— дешип таяктарын күчөнөкүчөнөтаянышат. Жердеп жүргөн жерлерин, суулап жүргөн сууларын элестетишет. Өзүнө чакырып күтүптургансышат. Ансайын демеп жүткүнүшөт. Түн. Чыкыроон, катуу суук. Аяктарын эки шилтеп бир тынат, энтигишет. Жакшылык, жамандыкоюна келбей дени өлүп делдейип калгандар да, өзүнүн өлүүтирүү экендигин сезбестен шардаан мененшарга кетип бараткандар да аз эмес. Канчасы жерине жетет, канчасы карайлап жолдо калып жок болот,аны ким билди. Айтор неси болсо да, ата мекенин самап кайта качып баратышат. Бүгүн Капкак ашуусунашып тоо аркасы сыртка — Сары-Жаз бетине ооп калышты. Карандай суугу катуу, бирок, жер кара экен.Алда бараткандарга чоң таштын түбүнөн «энеке! Байыке!» деп безилдеген үн угулду. Үндү уламалапбарышса, эски тонго оронуп отурган чолпондой болгон кичине кыз.— Кимдин кызысың? — деп тегеректей калышты. Алыбай уулу Черикбай дегендин кызы экен.Жашытогузга чыккандыгын айтты. Эл үрккендө атасы окко учуптур. Эл кайта качканда энеси, агасы, эжеситөртөө" кошо качып келатып бутун суукка алдырып коюшат. Аны алмаксалмак көтөрүп жүрүп качыпбараткандарга жете албай артта калышат. Азыктары түгөнөт. Айласы кеткенде: сен ушул жерге отуратур. Биз барып азык таап келебиз,— демиш болуп таштап кетишиптир. Тегеректеп тургандарга кыз эч канчалык көңүл бөлбөйт. «Энеке, байыкелеп» безилдейт.— Оо, куу тумшук ай! Же илгери, же кийин төрөлбөй, ушул заманга туура келип туулганын кара! —деп, баштарын чайкашты. Үшкүрүпбышкырышты. Жер көчүп астынүстүн болгон сыяктанды. Көздөрүмунарыктап, санаалары санга бөлүндү. Бирөө бир үзүм бышкан этти колуна карматты. Кыз жалжал карапаны оозуна салды. Оңчулуктуу чайнай албады. Бир чайнамын эптеп жутту да «Энелеп!» кайтаданбезилдей баштады.Көзүнө жаш албаган киши калган жок. Дагы бирөө кыздын оозуна бир чымчым май салды. Кыз алмайды кыйлага чейин тамшанды. Тезинен жутуп жибербеске, даамын оозунан кетирбеске, оозуна сактаптурууга аракет кылды. Бирок бир чымчым майдын даамы канчага татык болмок! Бат эле умсунуп калды.«Дагы болсо» деген өңдөнүп жалооруй карады. Анын эмнеге тамшанганын карап тургандар түшүнүштү.— Алып кете алар бекенбиз, чолпондой болгон куу тумшукту! Кантип таштап кетебиз? — дешти.— Көзүбүз көрбөсө болот эле, көрүп туруп таштап кетүүгө болбойт? — деди кимисидир бирөө.Ала кетмекчи болушту. Бирок, «кантип көтөрүп жүрөбүз?» деген суроого такалып калышты.Кимисинде болсо да муун жок, күчкубаттан ажырашкан. Бардыгы тең «өлбө жаным өлбө» деп зорго кележатышат. Бара турган жер, баса турган жол дагы эле болсо бир кыйла. Бүркүттүнү ашкандан кийин Улууашуу алдыда турат. Улуу ашуудан ким ашып кетери, ким белде, ким жолдо калары али белгисиз.Алып кетүү жөнүндө айтылган сөздөр орун баспады. Көтөрүп жүрө турган эч ким болбоду. Ь1маныысык, татынакай кызды таштап баса берүүгө эч ким кыйбады, кыйналып отура беришти. Ар кимисиымчып, чымчып аз гана азык чогултуп беришти. Бирок, бул аган канчага дзык болот? Ошол биртикеазык анын^жанын сактап кала алабы, жылытабы, иштин ал жагын эч ким эсине да, оюна да келтиреалган жок.— Жүргүлө, карап отура берүүдөн пайда аз,— деп карайлап отурган жөө көч козголду. Бирок, басыпкетүүгө аяктарын шилтей алышпады. Кыз козголгон адамдарды жалжал карап:— Энекем келип алып кетер бекен? — деп безилдеп ыйлап жиберди.— Алып кетет, алып кетет! — дешти.Жөө көч козголду. Моюндарына таш байлап койгондой баштарын көтөрө алышпады,салаңдапсабыркап жер карашты. Алсыз аяктары тиги кызга чалынып, жармашып алгандай чалыштады.Бута атым узашты да, ийрилип кайта отурушту.— Бечара баланы жалдыратып, кандайча тирүү таштайбыз? — дешти.Ар түрдүү пикирлер болду:— Атаганат, мылтык болсо, акыры өлө турган бала экен, кармай берип жанын тындырса, жалдыратыпташтап баса бергенден көрө абзелирээк болот эле го,— деди айласы түгөнгөндөрдүн бирөө.— Ушул суук, бүгүндөн калтырбай жалмап жутатко, кыйналбай өлүп кетсе болор эле, кыйналатко? — Кыйналат, коркот, корголойт, ылажы барбы?.. Ач бел, куу жолдо чабыттап жүргөн карышкырларда бар. Суук болсо мындай болуп турат. Кыйналатко. .. Дирилдеп отурат. Ушунчалык адамдардыничинде мыкачыраак бир адам жокпу? Акыры өлөт экен, тезирээк бирдеме кыла койсо тумчуктуруппу жеташ менен болсо да...Жок, антүүгө эч ким чыга албайт. Кол барбайт. Таштап кете берүүгө да, жайлап салып бастыраберүүгө да көз кыйбайт...Жөө көч бет алган жагына козголду. Бирине бири сөз айтпастан ойрупчайрып, капчыгайдыкапталдашты. Көпкө чейинкыздын элеси көздөрүнө көрүнүп жүрүп отурушту.Көч узап кетти. Алачыктай таштын түбүндө тишитишине шакылдап 9 жашар кыз бала кала берди.Ошол кезде кумсарган куу булут капчыгайды каптады. Ызгаардуу шамал зоодон зоого соктукту. Ээлигипмөңкүчүктөп, капчыгайды буй кылды. Ашуунун ач карышкырлары жөө көчтү ээрчий карап, жаагынжанып улуду...Сандырактаган жөөжалаңдар самсыган бойдон илгери карай илкипсалкыды. «Падыша тагынанкулаптыр! » деген кабар угулар менен Садыр элинин бейбечаралары карап тура албаптыр. Сапырылыпкайта качышкан экен. Бирок, азы аман кетип, көпчүлүгү жолдо калган көрүнөт. Жол бою куру эмес,ачарчылыктан арыктап бүткөндөр отурган жерине отурган бойдон тоңуп калган, жантайган жериндезыңкыйып сулап жатат. Жаманчылыкты көзүң көрбөсүн...Бороондон жазганып борчуктун ыктоосуна чогулушту. Ошол учурда атчан келаткан үч кишининкараанын көрүп таңыркашты. Сары жаздын өзөнүндө атчан адамдын жүрүшү булар үчүн ары сонун, арыкоркунучтуу көрүндү. Атчандар ыкчамдата жүрүп бат эле жете келишти. Экөө чоң киши. Бирөө бала.Салам айтып тиэгиндерин жыя кармашты. Отургандардын бирөө: — о, айланайын, сен белең! — деди датура калып кол алышты. Келип тургандар — Ийгилик, анын тестиер болуп калган баласы — Кубаткул,үчүнчүсү Албан. Чуулдапчуркурап эсендик сурашкандар «Алыке» жана «Олжобай» урууларынынкедейкембагалдары экен. Ийгилик аларды атайы тосо чыгыптыр. ЫсыкКөл тараптан уккан кабарларынайтып: — Падыша тактан куларын кулаптыр. Анын ордуна «Керинскей» деген падыша болгон имиш.Анысы кандай падыша болорун билген киши жок. Иши кылып бара бергениңер оң,— деди Ийгилик.Айлындагыларды ээрчитип Ийгилик качып чыкканда тоо арасына өтүптүр. Мында бекинип калганагасы Чеңгелдейди тааптыр. Аңысы адам байкабай турган капчыгайда малжаны аман жаткан экен. Бирайдан бери ошондо солушуптур. Жакында ЫсыкКөл тарапка көчө тургандыктарын айтты. Ийрилипотургандардын азыктүлүктөрүнүн жайын сурады.— Тоосулуп калды, тоосулуп — Ийгилик баатыр! Сени көрсөткөн кудай куру койбос деп, ачкурсагыбыз тоюна түштү. Колдой жүргөн эр элең. Дагы бир колдоп коё алар бекенсиң! — дешти.Ийгиликтин ак көңүлдүгү кармады. Келаткандар канча түтүн экендигин сурады. Бир жүз он эки түтүнэкен. Эгерде Чеңгелдей агасы тил алса, ар бир түтүнгө бирден кой карыз алып бере тургандыгын айтыпИйгилик жүрүп кетти.— Эми түтүнгө бирден кой болгондо, ханга салам бербей эле калабыз го! — дёшти, арыпачыпжандарынан күдөр үзүп калгандар.— «Өлбөгөн кулга өлүү балык»...— Чеңгелдей жер карама кудай урган эме эле, тилин албай коёр бекен. Анте турган болсо, кантерэкенбиз? ..— Ийгилик тил алдырат.— Ооба, тил албаса күчкө салып болсо да алып берет.— Бизди Ийгилик көрбөсө болот эле. Көзүбүздү көргөндөн кийин бары бир түтпөйт. Бирдеме кылат.— Ал атайы тосуп чыккан турбайбы. Алабалдарын билейин деп, атайы камкордук кылыш үчүнкелген да!..Борчуктун имерилишине корголоп жата беришти. Башка күндө бир чака сууга бир чыны ун салыпкылаңтыр ичкендер, бүгүн бир жарым чыны ун салып атала сөрөйлөрүн бир аз коюулатып ичишти.Анткени, эртең түтүнгө бирден кой алышат, калган жолго бир койдун эти жетиштүү азык болот...Элдик макалга караганда «Атанын жаман көргөн уулу түк күтөт» имиш. Бу күнгө чейин Чеңгелдейдикимиси адам дептир. Азыр арыпачщгып келаткандарга Чеңгелдей алда кандай алп, кою котолоп.короосуна батпай жаткан кордолуу бай сыяктуу элес берди.— Ущунчалык калайыккалкта акыл тапканжалгыз Чеңгелдей болгон экен, — дешти. Чеңгелдей болуп кад^агандыгына арман кылгандар да болду.Бирок, Чеңгелдейи Ийгиликтин тилин албай кыйнап койду.— Тил алып кой! «Олжобай», «Алыке» уулунун арыпачып келаткандарына карыз бербесең, башкалартеккеталап кетет. Жүз он эки түтүндү бирден койго карыз кылып койсоң качан болсо да аласың. Өлбөгөн,жоголбогон, колуңда турган кой,— дейт Ийгилик.Жер бетегедей кыдыйган Чеңгелдей жер карап унчукпайт. Болот же болбойт дебейт. Ары айтты, бериайтты. Оозунан бир сөз чыкпады.— Бир жүз он эки коюңду карыз берип бир жүз он эки түтүндүн жанын сактап калсаң сенден жакшыким болот? Ойлосоң болбойбу, жарыктык! ?Калктын эмне болуп, эмне коюп жаткандыгы Чеңгелдейдин оюна келип да койбойт. Кою жөнүндөгана ойлонот. Ийгилик калк жөнүндө айтпастан кой жөнүндө, койду дагы кантип көбөйтүү жөнүндөайтса, кулагына элдир-селдир бирдеме кирет эле. Башкалар жөнүндө айткан сөзү бир кулагынан кирсе,экинчи кулагынан чыгып кетип турду. Ийгилик акмокоду. Кой короонун артына басып барды. Бирчөмөлө болуп жаткан эски кийимдерди көрдү. Чеңгелдейдин. аялын чакырып кайдан алгандыктарынсурады. Көрсө, Чеңгелдей эркул жолдо өлгөндөрдүн кийимдерин сыйрып келип чогулта бериптир. Аялы,балдары урушса да болбой коюптур. Аны укканда Ийгиликтин азат бою тик турду. Ачуусу абдан келди.Урупсабап жиберүүнү ойлоду. Бирок, канчалык жаман болсо да жатындаш жакыны, жашы улуулугунэске алды. Чеңгелдейдин өзүн чакырып — бул эмне! — деди. Ал унчукпай ары басты. Өгүзүн жайдакминип жайылып жаткан койлоруна кетти. Ийгилик жардам күтүп отургандардын жайын айтты.Субайсалтаң жигиттердин бир тобун жиберди. — Семизинен бир жүз он экини тандап бөлгүлө. Албан,өзүң баш болуп борчуктун түбүндө отургандарга жеткирип бергиле! — деди.Чекем кантер экен, жарылып өлүп кетип жүрбөсүн! — деп калды Албан.— Өлсө өлөр. Бир жүз он эки түтүн калк карайлап ажалдын алаканында турганда, Чекең канчалыкболуп калыптыр. Баргыла. Аларды акыйтпай тездетип жеткиргиле. Ошондой .болгондо да Чекеңе төртжүздөн ашуун кой калат, жетишпейбиошонусу. Тоңуп өлгөндөрдүн кийимдерин тоноп алса да, эч темеболбойт, — деди Ийгилик. Жалоондой болгон жигйттердин бир тобун ээрчитип Албан ишке киришти..

#26 08 November 2015 - 23:44
14-бөлүм.
КАЧКЫНДАР
Жака-түздөр ала-белек болуп ит жатактап калган. Бирок, карагай арасынын кары чымырай элек,карандай суугу кадимкисиндей какшанып турган учур болучу.Кыргыз баласы башкүнтөдөн башына күч келсе, токойлорго корголоп, төш таяна качып чыгып тоожамынып жан багуучу экен. Тигине, «Көлмө» атала турган капчыгайдын ар бир карагайынын түбү куруэмес. Топтобу менен отко кактанып отурган аял, эркек, бала-бакыра. Өңдөрү азган беттери какачтаныптуурулган. Колдорун кычы басып чырт-чырт айрылган. Көздөрү шоролонуп, кирпик, каш, сакалмуруттаруйпаланган. Чачтары өсүп кабактарына түшкөн. Кийимдери тозгон: тыңыраактарк айрылган, жыртылганжерлерин бүрүп алган. Жамаачылап шырып койгон. Жүүнү боштордун үстүбашы албадалба.Үксөйгөнсаксайган. Ошентип, тоо токоюнун арасында отурушат.Тоо токою демекчи! Тоо токоюнун зору да, алпы да, марты да карагай. Башкалары, маселен, четин,кайың, тал, шилби, терек, итмурун, ыргай жана башкалары карагайдын тушарына де келбейт.Жайдыркыштыр бир түстө, ымырт жашыл, өңүн өзгөртпөй көйкөлөт да турат. Карагай аттуунун да, тегибир фолгону менен, бардыгы бирдей эмес. Шартына4 жараша ар кайсысы ар башка. Бири дардайып жоонболсо, бири кылмыйып ичке. Бирөв узун болсо, бири кыска. Кыңыр, кыйшык, ийримуйру өскөндөру дакөп. Кай бири жащылданып жайкалып турса, кай бири акчамбыл тартып азыңкы. Ошондой болсо дабаары бир бардыгынын аты карагай.Карагайлардын түбүнө сууктан корголоп төштөрүн отко кактай отургандар өлмөсөк ахалаган,охологон болушат. Кыңк эткен добуш, катуурак чыккан үн угулбайт. Учу күйүп бүткөн чычаланыичкерештирип коюу, отко демеп отун жагуудан башка кыймыл да, аракет да, үн да, сөз да билинбейт... Алар не деген, эмне иштеп, эмне бүтүрүп отурган адамдар? Сууктан коргонуу, отко жылынууданбашка эч" бир бүтүргөн жумуштары жокпу? Адам бар жерде аракет болуш керек эмес беле? Эмнегемелтирешет? Түнөрө чөгүп үн катышпайт? Тил, ооздон ажырап, дүйнөдөн түңүлгөн тиричилик кылыпөмүр сүрүүдөн үмүт үзүп бүткөн эмелерби? Тирүү болгондон кийин, акыры термелиш, эч болбогондотелчигиш керек эмеспи?Алар өздөрүнүн же тирүү, же өлүү экендигине көздөрү жетпей темселеп отурган бечаралар. Иштинжөнү мындай:Чымчыктардын эң коркунучтуу жоосу кыргый, турумтай. Аларды көргөндө чырпыры чыгыпчырылдашат. Безе качып караганга корголошот. Кандуу кагылыштан кийин, учурук эли да чырылдапбезе качкан. Медер кылып кытай жерине кирип барып, жансоогалашкан. Аттай арка, тоодой медеркылып барган Кытай өкмөтү качып баргандарга караганча калканчы боло алган жок. Бирок, кытайжеринин Текес тарабы ары кенен, ары ээн экен. Малдуу байларга балаа барбы, баш катып бат эле житипкетти. Ал убактагы кыргыздар «Малдуу киши алдуу, малдыз киши алсыз» деше турган. Андагы доордуношонусу да бүтүндөй чындык болучу. Кедейлер малсыз. Алсыздар «пулуң болсо кулуңмун» дешкен.Кытай өкмөтүнөн күдөр үзгөндөн кийнн, үч уруктун малсызалсыздары кыш капортосунда эле качыпчыгып жөөжалаң жолго салбады беле! Башы бүтүн, боору эсен бүлө калбады. Эңкейген кары, эмгектегенжашты ач бел, куу жолго калтырып, өлгөнүнөн калганы тигине, карагайдын таңында өлүү десе көрдөжок, тирүү десе сандл жок болуп арыпачып, азыптозуп отурушат.Булар кайта качып чыгаарда: — О, кудай! — дешип жакаларын капшыра кармашкан.— Киндик кесипкир жууган ата конушка тирүү жеткир! Топурагына оонайлы. Тунук булактарынан суу жуталы. Анданкийин өлүп кетсек кенедей да арман болбойт—дешипзар иңгирешкен. Тирүү келгендери тигинтиптилектерине жетишти. Ата конуштарына кайта айланып келишти. Сууеунан ичип, топурагына оонашты.Бирок, жан чиркин арзан эмес экен. Эч бири өлүп кетүүгө бел байлаган жок. Өз жанынан аша кечкен бирда киши болбоду. Атүгүл карагайдын таңына баш калкалап, ачыкка чыга албай корголоп отурушат.Мужук кыштагына бириндеп барууга да, чубашып чогуу бррууга да диттери чыдабайт. Ошентип откокактанып отура берүүдөң башка азыр эчтеме колдоруйан келбей калды.Мужуктардын күчкө жараган эр бүлөсү түп көтөрө соЛдатка кеткен, согушта жүрөт. Аялдары айдапалган азыноолак эгиндерин оруп алалбай кар алдына калтырышкан. Баш сала бардыгы кирип барса дабатырат, оордошпойт. Атүгүл жан дешет. Иштөөгө жумуш, ичүүгө тамак да табылат. Бирок, баягы жазалоо отряды кыштактан кеткенби, жокпу — ошону билген эч ким жок. Ошо отряддан заарканып гана,карагайдын таңына камалып калышты.Азыркы бардык иш мужук кыштагынан кабар алууда, жазалоочу отряд кеткенби, жокпу ошонубилүүдө болуп отурат. Андай ишке жарай турган ким? Ийгилик, Албан. Ырыска каршы ал экөөнүнчатагы бар, аны билесиздер. Он алты солдатты баягында офицери менен кошо жойкободу беле!Жүздөгөн адамдын жандарын сактап калыш үчүн ошол ишке барбады беле. Он алтысын антпегенде Түпдайрасынын жээгин адам каны сел болуп каптамак эмес беле!Он алты солдатта Ийгиликтин эч кандай өткөн өчү, кеткен кеги жоктугу белгилүү. Аларды мойсотупташтобну ал керт башынын кереги үчүн иштетпегендиги да белгилүү. Кыргынга учурап жаткан калктынкамы, аларды ажалдан арачалап калыш максатында ошондой ишке барбады беле! Анын пайдазыянынжазалоочулар ылгап отурмак беле. Колдоруна тийсе бир заматта ишин бүтүрөт да коёт. ОшондуктанИйгиликтин орус кыштагына барышына Албан бүтүндөй каршы. Албандын өзүн жиберүүгө Ийгиликтиндити чыдабайт.Ошентип, бүгүнкү күн да батты. Түн ичинде алыстан көрүнөт дешип отторду өчүрүштү. Бирине бирисүйөнүп жатымыш, Жантайымыш болушту. Жөөжалаң жол ,басып, ачарчылыктын, сууктун занкысынаналсыздангандар же уйкудан жок, же ойгоодон жок, эки ортодо жуушады да жата беришти. Ийгиликменен Албан бирде сүйлөшүп, бирде жөн эле өгура бериц түн ортосун оодарды.Өз күтүүлөрүн күтсө Ийгилик менен Албандын кыйнала турган эчтемеси жок. Бүлөсүнүн астындагыаттары тың. Кийимдери жылуу. Жая салып жата коюуга төшөнчүлөрү да бар. Тоо арасынан кайберенатып жешсе да, бүлөсүнүн карындарын ачырбайт. Мылтык бар. Ок, дары да жок эмес. Атбашы аркылууАнжиян тарапта тынч жаткан элге өтүп кетишсе да жан бага алышат. «Үйрүң бирге чубайсың, бооруңбирге бурайсың» дегендей, тигилерге боору бурайт. Таштап коюп өз бүлөсүнүн күтүүсүн күтүп биржакка кетип калса да,бары бир, барган жеринде буларды ойлой берип бейпай болот. Ичкен, жегени ашболбойт. Жамандыкты да, жакшылыкты да көп менен көргөн абзел. Кудай элден, журттанажыратпасын, — дейт Ийгилик. Баягыда Албан өз энчим деп Качы бийдин жайытынан бир айгыр үйрүжылкыны айдай келген. Ошончолук жылкыдан үй бүлөсүнө бирден мингич калтырды. Улам бирденсойдуруп берип отуруп тигилерди ушу жерге зорго жеткирди. Төшөнчүорунчусун артып жүргөн күрөңбээ бир аз эттүүрөк эле. Аны да бүгүн сойдуруп бүлөсү көпкө көптөй, бүлөсү азына аздай — бөлүштүрүпбердирди. Ийгилик ошондой киши. Анын ошондой пейли Албанга да жугуптур. Анысы да, бирөөлөрдөналууга караганда берип турууну, жардамдаш болууну жакшы көргөн киши болуп келатат. Мына эми,таңга бир уйку калды. Жанатан бери башын жерге салБш мандашын жазбай отурган Ийгилик башынселт көтөрдү.— Албан балам кайсыны айтайын! Үч уруктун ойрону чыга турган болду го? Булардын ачкаданкыйналып кырылганын көргөндөн көрө, кыйналбастан, атылган октон мүрт кеткенин көрсөк, ошо жеңилболбос беле, экөөбүзгө?! Барар жер, баш калкалар тоо калган жок. Тыяктан ар бир*и кыштоолорун медеркылып, ар кимиси өз кыштоосуна жетсе эле бардыгы мурдагыдай боло калчудай жакшы кыял, жакшыүмүт менен чыгышкан. Түн жамынып барып кыштоолорун кечеги түнү көрүп көңүлдөр.ү сууп.келди.Орус кыштагы менен кабарлаша албай минтип отурабыз. «Жатып өлгүчө атып өл» деген кеп бар эмеспи!Кудай берген жанды акыры кудай кайта албай тынбайт. Тобокелге бел байлап эртен мен Тумокегежетейин, — деди.— Коё туруңузчу жарыктык, ата! Мен • барайын. Балким жазалоо отряды кеткендир. Жатып алгаңэместир. Биз жөн эле коркуп батынып бара албай тургандырбыз. Эртең менен мен барып кабар кылайын,Тумокеге, — деп Албан чебеленди.— Оңол, Албан балам, оңол. А балким жазалоо отряды жатып алгандыр, кете элек болсочу! — депИйгилик башын шылкыйтып унчукпай калды. Көз алдына жазалоо отрядынын элеси кайта келди. Албаналарга кабылса соо койбойт. Экөөнүн кимисинин барышы оң. Албанбы? Же өзүбү? Ийгилик өзү барса,жазатайып жок болуп кетсечи? Анда Албан бул жердеги башкаларды болбосо да өз бүлөсун коркылбайт. Бир жакка ала качып барса да багып алат. Эгерде Албан барып жазалоочулардын колуна түшсө,жаман айтпай жакшы жок, мерт болуп калсачы? Кубаткул болсо жаш. Анда Ийгиликтин көрөр күнү эмнеболот? Ал азыр Албандын аркасы менен гана Ийгилик. Мүңкүрөп отурат да калат. Кайсы жагынан болсода өзү барганы оң. Ордунан туруп кеп да, сөз да айтпастан ары карай басты.— Ата, кайда барасыз?Ийгилик тык токтой калды. Мукактанып эчтеке айталбады. Биртикеден кийин: — тим эле. Тиги аттаржакка! — Аттардын жанына мен барайын. Балдарыңыздын жанына жантайып жата туруңуз,— деп Албанастын тороду. Ийгилик башын көтөрүп күн чыгыш тарапты карады.— Таң карачкысы сөгүлө турганболуп калыптыр, балам! Сен мужуктарга барып кабарлашам деп турасың. Жата кой. Бир аз болсо дажаның сеп алсын. Оңол, Албан балам,— деди да аттар оттоп жүргөн жакка басып кетти. Албан туткактайалбады. Ыйбаа кылды да, ээрчий карап кала берди.Эртең менен .турушса Ийгилик жок.» Атын миниптир, бир жакка бастырып кеткен го,— дешипэчкимиси анчалык этибар кылбады.Мужуктар эрте жатып, эрте турат. Тандын эресересинде бул кыштактан тогуз жүзгө жакын үйдөнтүтүн булады. Жаз жакшы болордо түнкүсүн асман ала булут болуп, эртең менен ачылып турат дешет. карыя адамдар. Анысы чын болсо, быйылкы жаз жакшы болууга тийиш. Түндө көчөлөрдөгү каркатпаптыр. Күндүн мурду чалганда эле сарысуулар жыбылжый баштады. Бирок, дагы эмнеси болупкетти, жакшылыгынабы, же жамандыгынабы, ким билет. Чиркөөнүн коңгуроолору бей маалкаңгыршаңгыр болду да калды. Кыштак калкы кулак түрүп сестеңдеди. Түтүнгө бирден адамстаростанын канторун көздөй жөңкүлдү. Чиркөөнүн коңгуроосу дин жолу менен эмес, кеп бар, келгиледеген мааниде, бей убак урулгандыктан, кийим кийип бой түзөөгө буямалары келбеди. Үстүндө кандайкийим болсо, ошонусу менен жөңкүлө чыгышты. Карысы барлардын карысы, карысы жоктуң_ өзү кетти.«Өзү» деп кимдерди айтып жатабыз? Күйөөлөрү солдатта жүргөн, тышка чыгып эркектин жумушун,үйгө келип аялдын ишин бүтүрүп калган тирүүлөй жесирлерди айтып жатпайбызбы! Абу дегиче калк чогулуп калды. Чогулгандардын арасында көзгө токтомдуу, баягы ийни кулач,жайык төш, тепсе темир үзүлгөн эр бүлөнүн бири да жок. Таягына өбөктөгөн өлөсөлү абышка,кемпирлер, аялдар, дестиер болуп калган кыздар, өспүрүм боз балдар канторанын каршысына жышургандай шыкалышып калды. Келүүчүлөр келип бүттү деген учурда коридорго ээрчишип эки кишичыкты. Анын бирөө орус, экинчиси кыргыз. Бардыгынын көзү ошо кыргызды карай жалпы жамырады.Булар өткөн жылдын август айынан бери көзгө сүртүүгө кыргыз таппай калган. Сонуркай карап ооздоруачылды. көздөрү алайды. Күбүршыбыр болуп бирин бири түрткүлөштү. — Мынабу турган кишини тааныйсыздарбы! ? — деп тигил орус калкка кайрылды. Калк дуу дейтүштү:— Тааныйбыз. Неге тааныбайлы. Ал киши кыргыз. Ийгилик турбайбы! Кайдан келиптир?..Дуу- дуу сеелдей түшкөндө берки турган орус сөзгө кирди. Ийгиликтин тамыры — Тимохе,кыштактын старрстасы ошо киши экен. Качкындардын ал жайын, Ийгиликтен уккандарын баяндап өттү.Жарданып тургандардын кай бирлери ахалап баштарын чайкашты. Кай бирлери охолоп шыпшынды. Оңколунун сырты менен сол колунун алаканын шак эттире чаап аянычтуу улутунгандар да болду. МындаЯшка деле турган бир кырс, куйту чал бар эле.— Каршылашып качып кеткенден кийин, кайсы беттерименен уялбастан кайта келишиптир? — деп куйтулугун карматты. Анын сөзүн укканда чыдабай кеттикөрүнөт, туйрук Иван деле турган карыя таягын сүйрөп коридорго чыкты. Ийгилик менен кучакташыпкөрүштү. Анан жарданып тургандарга карады. Ийгилик түшүнсүн деди көрүнөт адегендекыргызчалаштыра сүйлөдү.— Яшке, сен сакал киши сакал менен жүрүп атасың. Ушундай жаман сөз айтпаса керек. Уят карасакерек, — деди. Анан орусчалап аны жемелей баштады.— Кыргыздар качканда жөн эле качкан жок.Кыргыздарга да жан керек. Ошону билбейсиңби? Найзанын учунан, кылычтын мизинен, мылтыктыногунан, замбиректен коркуп качты. Ажалдан жан талашып качты. Сен эмне замбиректен коркпойсуңбу? Көрөр элем, курсагыңа бирөө найза такап турса, качпастан уялып туруп бергениңди! Качып барганжерлеринен да жолдору болбоптур. Өлгөнү өлүп, калганы кайтып келиптир. Келгендери жакшы. Августайынан бери кыргыздар жок көргөн күнүңөр эмне болду. Эгиниңердин көбү орулбастан кар алдындакалды. Башка чарбаңар эмне болуп жатат? Кыргыздар барда ошондой болучу беле? Качан ошондойболду эле? Жалгыз бой, күйөөсү согушта жүргөн аялдардын да эгини кар астына калуучу эмес. Согушбашталгандан бери кыргыздар ооруңарды колуңардан, жеңилиңерди жерден алып турбады беле? Үч урукэлинин жакшылыгын көп көргөнбүз. Эч бир жамандыгы боЛгон жок. Чатак башталганда колго түшүпкалган балабызды да аман жеткирип берген. Булардын жакшылыгын унутсак кудайды унуткандайболобуз. Баарыңарга жардамчы керек. Бирден чанаа кошуп, баргыла. Карагай арасында камалыпжаткандарды алып келгиле. Аз күндө таалачылык жумушу башталат. Ага чейин асырап бага тургуладеген сөздөрдү айтты. Шыкалышып тургандар — туура, туура! — дешип чуулдашты.Чогулгандар тарай турган болгондо, он төрт жашар боз бала энтеңдеп чуркап келди. Алактап аркимдердн карады. Ийгилик көзүнө чалдыга түшкендө, атылып чуркоого умтулду. Алдында тургандаргаурунуп жыгылды. Тил укту. Анысына карабады. Алдагыларды жөөлөп илгери карай аптыкты.— Жиндиболгон балабы? Кутуруп кеткен эме го? Кандай баласың? Эмне, аркаңдан кутурган ит кубалап келатабы?— деп айрымдары баланы колунан, этегинен тарткылады. Эч бирине эчтеме айтпастан тырмалап отурупкоридорго чыкты. Жете барып Ийгиликке асылды. Бир нече ирет кучактап, төшүнө бетин такады. Көрсө,ал, баягыда өтүкчү шилисинен мууздап таштайм деп жулунуп турганда, Ийгилик ажыратып алган бала,ошо бала турбайбы! Чогулуштан тарагандар үйлөрүнө жетер замат чаналарын аттарына кошту. Азыктүлүк алыпкарагайдын таңында камалып отургандарды карай убайчубай берди.
Орус тамырларынын малын акыга багып Ийгилик тоодон түшпөдү. Качы бий кытай жеринен онжетинчи жылдын июль айында көчүп келди. Болуш уулу Сабит мырзанын каза тапканы болбосо, малынамал кошулуп, дүнүйөсү түгөл, чыпчыргасы коробоптур. Эски конушуна жайланышкандан кийин, биркүнү Каракол шаарына барды. Алышбериш кылып жүргөн соодагерлери кеп болучу. Үч күн алардамейман болуп дооран сүрдү. Үйүне келер менен бир болуш элдин мурдагы бийлерин, старчын, элүүбашыларын киши жиберип чакырттырды. Болжолдуу күнү бардыгы кадимки Чыр-Дөбөгө чогулушту.Качы бин ыгырала отуруп демиге сүйлөп сөз угузду. Сөзүн: — жаңы үйөзүңөрдүн үйүнө барып үч күнмейман болдум,— деп баштады. Ошентип кара өзгөй, калптарды айтты.— Жаны үйөз жакшы күтүп алды. Өзү да чоң кубанычта болду. Коош! Ак паашанын тактан түшкөнүчын экен. Аны үй өз өз оозу менен айтты. Мен өз кулагым менен уктум. Ошо кудай ушу, бир да жалганыжок. Ак паашанын ордуна «Керинскей» деген пааша болуптур, калышты. Ошондой болсо да Шадман акекудасы бийдин караөзгөйлүгүн жактырган жок. Качы болуш ажыдаар минип, жылан камчыланыпкалыпсың. Бир аз сабыр кыл. Баш кесмек бар, тил кесмек жок эмеспи! Ийгиликтин айта турган жүйөсүбардыр. Укпайлыбы. Угалы! — деди.— Ийгилигиңердин сөзүн да укпаймын. Жүзүн да карабаймын. Кул кутурса кузгунга жем болот.Олжобайдын арбагын сыйлабаган, мени көзүнө илбеген шайтандын жинин ошентип кагамын. Кара башысоо калганына кудай десин. Айтканым айткан. Дегеним деген. Ат тарткыла. Аттанабыз. Башка айтарымжок. Бий ошол сөздөрдү оолуга сүйлөдү. Жер таянып ордунан турду.— Качы бий, бул эмне деген кеп? Журтчулукка сыйбайтко? Кепкеңешке келбей турган болгондонкийин бизди неге чакырттың? — деп Шадман аке козголбоду. Олжобай уруусунан келгендер жабылааттанды да, бастырып кетишти.— Качы бийдин бу кайсы кылыгы? Чакырып урган иттей кылды го? Э,ботом ушундайда караөзгөйлүк болобу? — деп Шадман аке кейиди.— Ачуусу тарар, сөзгө келер.Журттан чыкмак беле? — деп анан Ийгиликке көңүл айтты. Сырттарынан сыр бербеген менен, бары бир,бардыгы бийдин бу жоругунан ичтеринен колоп коркуп калышты.Бий айтканынан кайтпады. Ошол эле күнү Ийгиликке адалдан түк калтырбай аяктуу малын бүтайдатып алды. Аны уккан Жамгырчы уулу Ийгиликке келишти.— Руксат бер. Качы бийден келгендикөрө коёбуз. Жамгырчы уулунун Качы кайнынан алыптырбы? Букара болсо да, бир уруу журт. Качангачейин колдон келди кыла берет. Ар дайым азабын, кордугун көрө бергиче биротоло казысын жарыпташтайлы. Кунун төлөйлү — дешти. Тыюу бербей— болгула. Барабыз.Жылкысына тийебиз. Айлына колсалабыз. Алды менен Качы бийин жайлап таштап биротала туруп берели. Аркачандан бир качанкордугун, зордугун койбос болуп алды...Ошентип оолута беришти. Ошондо Ийгилик камчысып мойнуна салып: — Сабыр кылгыла,туугандар! Кулдугум бар! Тил алып койгула. Ачуу шайтан, акыл дос. Анчалыкка барбайлы. Бийдинкордугуна чыдай келгенбиз. Дагы бир жолу чыдай туралы. Ачуу менен, шайтандын азгырганына кирипкетпейли. Аз айылбыз, тепсерүүндө калабыз,— деп туугандарына жалынып жалбарды.— Бий сөзгөкелер. Келбей турган болсо, ошондо биротала кврүшербүз, — деп Жамгырчы тукумун паспас кылыпзорго тыйды. Ийгилик ошентип караөзгөй Качы бийге да, уруу намысы үчүн өлүмдөн баш тартпагантуугандарына да теңелбеди. Албан менен Берметти бекине тургула деп жана эле орус кыштагынакетирген. Ошентип Ийгнлик жаш бала, аялы менен журтка отуруп калды. Каралашар кишим калбады, өзүмжалгыз бага алгыдай эмесмин деп тамырларынын малын өткөрүп берди. Агасы чеңгелдей баягыдаарыпачып келаткандар алган койлорун ар биринин артына сүрө түшүп жүрүп төлөтүп алган. Ошондо —койлорумду талатып жиберген деп азыр анысы Ийгиликтин изин баспайт. Агасы Жума Аксы, Турфанжакта молдолук кылып жүрсө керек. Бир жолу белекбечкек жибериптир, өзүнөн алигиче.дайын жок.Бийди жандайм деп жүрүп өтүкчү катьшбаласын ачарчылыкка бүт алдырып каңкы башы, кара чокусужалгыз калган. Бийдин балачакасынын аягын бүтүндөп азыр анын айылында жүрөт. Мантек элүү башыжана бий аттанганда алар менен бирге кетти.
Шашке ченде Каракул шырдак көтөрүп чыкты. Анысын үйдөн бир.аз обочо дөңсөөгө жая таштапкайта келди. Кара сабаны карсылдата бышты. Кыйладан кийин бир конок кымызды бир колуна көтердү.Сыр аяктан төрттү экинчи колуна катмарлата капшыра кармап кайта барды. Алып баргандарыншырдактын четине койду да, өзү сыңар тизелеп отура кетти. Ошол убакта кепичин бутуна коңултаксалып, ич кийимчен, кашкар чепкенин желбегей жамынган Качы бий калдая басып кабактан чыга келди.Олчоё тартып шырдакка мандаш урду.— Кош! Куя бер кымызыңдан. Кандай ачыган керүнөт? — деп бий жаргак түспөлденгөн ээгинкурулай сыламыш болду. Каракул толтура куюп бир аяк кымызды колуна карматты. Бий эки колтуктукөтөрө берип шимиргенде аяктын түбү дароо эле шыпкала түштү. АяктыКаракулга кайта узатты да, аны тигиле карады. Анысы жазганып жер тиктеди. Экинчи аяк колунатийгенде дагы бир кере жутту. Анан аякты боюнан обочолото кармап сөзгө кирди: Албан менен Берметорус кыштагына барып бекинип жүргөндүгүн, мындан эки күн мурда соодагерлердин бирине жалданыпАнжыян тарапка кой айдап кетишкендигин айтты. Аны өз көзү менен керген биреө кечинде келип өзоозу менен айтып кетиптир.— Адалдан түк калтырбай айдатып алып Ийгиликке жөөнүн таягын карматтым, кегимди кетиргенимжок. Мындан ары ал кызыталакка жалдуу ат мингизбейм, жакалуу тон кийгизбейм. Анын кызын(Берметти) өзүңө никелеп Албан бачагарды аңыртайын деген элем. Катынын алып аныбыз качып жоголотурган болуптур. Коош, Каракул баатыр! Муну кандай кылуучубуз? .
Бий ошентип Каракулга үңүлө карады. Биринчи көргөн, тааныбаган адамды ошондой караса бакырыпжиберүүгө чамасы келбестен түз эле чалкасынан кетмек. Бийибиз ошончолук сүрдүү жана өтө эле сүрүбузук киши эмеспи!Каракулда эмненин кеңеши! Айдаган жакка басат, айтканды иштейт, тирүү эле жүргөнү болбосо,ийниндеги башы да өзүнүкү эмес. Бийдин эркинде.Ырас Каракул да өнөрдөн куру эмес. Мал сойгонду жакшы билет. Жеке өзү бир бээни арыдан бериулак ордуна будалай салат. Кандай мал сойсо да, бир устукандын этинен экинчисине эчтеме кетирбейт.Этти да табы менен бышырат. Эзилтип жиберипсиң же камкош калтырыпсың — деген сөздү ушунчаболуп эч кимден уга элек. Этке туз хатытууга да, кылкыбыр катыштырбай таза бышырууга да маш. Отуналып от жагууну эч кимге айттырбайт. Каракул кол арага жарагандан бери Качы бийдин коломтосуалашам отунду көрө элек. Бирок Каракулубуз өтө эле тоңтоосун. Колдоюп эч кимге ыркын кошпойт.Айылда эмнелер болуп, эмнелер коюп жатат — ал үчүн баары бир. Мал союу, отун алып от жагуу же этбышыруу жөнүндө сүйлөнгөн сөздөр болсо бир аз көңүл бурат, тыңшайт. Башканын бардыгына дүйнөкапар, кайдигер. Кармаган жеринен кан чыгарат, балбан. Баса, чалма уруп азоо кармаганды да жакшыбилет. Бирок, өтө тоң моюн, домпуш, маңоо. Бийдин: — Берметти өзүңө никелетейин дедим эле —деген сөзүнөн башка кулагына эчтеме илинген жок, илингени болсо түшүнө албады.— Кымызыңдан куй,— деди да бий сөзүн арылатты.— Албан бейбаш, тентек жигит болду. Дос,душмандын алдында кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып жүрөт. Кандай болсо да тең атанын баласы.Коош! Анын көзү тирүү турганда Берметти өзүңө никелей албайбыз. Анте турган болсок, бүткүлОлжобай уруусу экөөбүзгө каршы турат. Туугандардын токонаалат сөзүнө калабыз. Коош! Алыс узапкете элегинде артынан кууп жете бар. Албанды өз колуң менен жайлап ташта. Берметин байлапматапалып келе бер. Менин өчүм кансын. Сен катындуу бол.Бийдин кымыз ичип отурушун көргөн айылдын аксакал, көксакалдары бириндеп кымызга келүүгө беталды: — бул ишти экөөбүз гана билебиз. Эч кимге оозуңдан чыгарбайсың. Камка байбиче да билбесин.Күүгүм талаш жылкыга аттанган киши болуп, эч кимге билинбей жөнөп кет. Коош! Чалма уруп азоокармай турган кыл арканыңды ала жүр. Байкатпастан сыйыртмак салып санга бас. Бир чакырымдайаралыкка урдуруп барып таштап койсоң жумушу бүтөт. Билдиңби?Каракул башын ийкеди. Келгендердин бири эптүүсүнүп кымыз куюу милдетин өз колуна алды.Каракул үйдү көздөй кетти. Барып үйдүн далдасына делдейип турду. Анын көзүнө Берметтин элесикөрүндү. Анан өзү; нөн өзү корунду. Кийиминин начарлыгын ойлоп ызаламды. Ошого чейин үйлөнүү,кийинүү деген анын оюна анчалык келбептир. Ойлонуш, ой жүгүртүш үчүн албетте," түрткү, шылтооболуш керек. Үйлөнүш үчүн мал керек. Малсызга бирөө кызын бекер бербейт. Бекер бергиси келсе дакулга бербейт. Аны толук болбосо да Каракул боолголоп түшүнүчү. Эми анын оюна келбей тургантаалайды бий өзү айтып, өзү берип жатпайбы! Албанды өлтүрүп, Берметти зордоп алып келсе эле,бардык иш жайжайында, Каракул Берметке эр болуя катынга жетине турган болбодубу! Берметтин элеси Каракулду катуу оолуктурду. Алапайын табалбай отун жарууга киришти. Көңүлүошончолук көтөрүлө түшкөн экен, бутактуу карагайлар да балтасына туруштук бере албады. Арыданбери барчыбурча жарып таштап, кыл арканын издеп тапты. Анын бир учун күрмөдү. Чалма урупсыйыртмак сала койчудай кылып белен койду. Жүрөгү алапжелеп болуп токтоно албады. Кызалак мененбирге барып бээ саашты. Оолугуп калган эркул бээлердин эмчегин жөн эле жулуп коё жаздады. Желебоодон эки көнөк сүттү эки колуна кармап үйгө барды. Чыпкалап сабага куюп күпүлдөтө бышты.Карападай ышталган чоң саба төө терисинен тигилгендиктен гана зорго туруштук берди. Башында элеымт шып жүргөн терчил жан эле, бүгүн боргулданып чокусунан буу чыгып жүрдү. Кабакта агып жаткандайрага барып киринди, жышынды. Андан кийин деле токтоно албай койду. Бүгүн ал үчүн күн да узарыпкеткенсиди. Урунупкеринип кечке чейин аягы жерге тийген жок.— Жылкыга барам,— демиш болупкечинде аттанып кетти.«Кырсык бир айландырбайт. Бир эле айландырып алса, куйруктан алып чыр айландырат». Элдикмакал ошондой дейт. Албан менен Берметти ошентип кырсык дагы чырмай турган болду. «Качкан дакудай дейт. Кууган да кудай дейт». Же каракой же карышкыр өлүшү керек. Антпесе бир тарабынан жанытынбайт. Экинчи тарабынын көксөсү суубайт.Чоң жолдун боюна ак чатыр тигилиптйр, айланасында бир короо кой жатат, карааны беш жүзчө бар.Тышта жүргөн олбурдуу чал тушап койгон көк чологуна барды. Чал жакындаган сайыи көк чолоктуншыйпанышы көбөйдү. Кулагын чунаңдатып качууга камынды. Бирок, сырын билген чал куушуратушаган экен, куткарган жок, жүгөн катты. Көк чолоктун аркасы алты, бели беш жоор экен, тазалоогокиришти. Чунаңдап мөңкүп көк чолок тынч турбады. Чал үстүңкү ээрдин чорболой койду эле, көк чолоктитиреген бойдон туруп берди. Жоордун жайын жакыр киши жакшы билет эмеспи, билген табыптыгыништеди. Жанына катуу күч келди көрүнөт көк чолок көлшал түшүп тердеп берди. Жетелеп келип чийдибуруп байлады. Арыктын боюна барып чал бирэтек бака жалбырак жулуп алды. Анын бир канчасынташка коюп жанчты. Бир тобун бүкүлү алып келди. Жанчылгандарын жоорго жаап, бүкүлүжалбырактарды үстүнө төшөдү да, тердигин салып ээрин токуду. Көк чолок зээри бас жылкы экен, ээримойнун көздөй качып жүрүп куйругун куюшканы кыйып жибергендиктен, чал аньгшалаңдап минипжүрүптүр. Чал азаптанып атын токуп турганда ар жактан бир жигит менен бир келин ээрчише басып келди.Жигит эки колду бооруна алып салам айтты, келин таазим кылды. Чал алкап алик алды. Жөнжайсураштырды. Ак чатырдын айланасында жаткан койлор соодагердики экен. Каркыра ярмаркасынан алып, тиги чалменен койдун ар жагында жүргөн жигит экөөнө айдатып келиптир. Алар мындан ары барбай турганболгондуктан, соодагер кой айдатууга киши издептир. Келип турган жигит менен келин ошо кабарбоюнча келишкен экен.— Олай болсо, шырагым, кожоюнга кире коёлу! — деп чал жаяптады. Келин тышта калды. Чал мененжигит чатырда отурган кожоюнга киришти. Кожоюн чап жаак, кыр мурун, кабагы тик, эти жадоо,карасур адам экен. Кийгендери лампик, бейкасам, намаркен; белине шайы жоодуктан беш, алтыныкабаттап курчаныптыр. Теш чөнтөгүндө чынжыр боолуу сааттама, башына кийгени чаар топу, экиэлидей кундуз кармалган жеңил бөрк. Киргендердин саламын этибар алган жок. Чай куюп берип отурганчалдын чач, сакалы өбкөн. Жыртак көзү шоролонуп алыцтыр. Башына кийе турган эчтемесижоктуктанбы же болбосо такыбасыныппы, айтор башына кирдеген матаны чалып коюптур, селде сөрөйүболууга тийиш. Кожоюну да, чай куюп бирге отурган жыртак чалы да — келиң, алың! — деле тургансөздөрдүн бирин айтууга жараган жок. Чайын ичип болгондон кийин кожоюн жигитке бурулду да,мында ким жибергендигин сурады. Жигит ким аркылуу келгендигин айтып берди.— Жолдошуң барбы?— Ооба, бар,— деди жигит.Кожоюн элпек козголуп чатырдан чыкты. Тышта турган келинди көргөндө тык токтоду, элейекарады. Ошондо да эсендик сурашууга мойну жар бербедиби, жигитке бурулуп: — бу киши сиздинкатыныңызбы? • — деген сөздү айтты.— Ооба, кожоюн!— Чырайлуу жакшы катыныныз бар экенго?— Ооба, чырайы таалайына туштук,— деди жигит.— Катыныңыз өзүңүз менен кой айдашып бирге жүрөбү?— Ооба, бирге жүрөт.Кожоюн келинге имерчиктей берди. Уурдана карай беришинен келин жүдөдү, кырын салыпкымырыла кыйгачтап турду. Келинди көргөндөн кийин соодагердин жигитке мамилеси өзгөрүп кетти.—Кардыңар ачкандыр. Чатырга кирип чай ичкиле — деп эгилипжагыла баштады. Бүгүн шаарга барыпконорун, жолго даярданып эртең түш ченде келерин, казак койчулардан коюн санап алып жигиттинколуна өткөрүп берерин айтып шаарга кетти. Аттанып кетип баратып да келинди кылчаккылчак карады.Келин жигитке көз ымдап ары басты, жигит ээрчиди. Арылап барып арыктын кырына көчүк басышты.—Барбайлы. Ишибиз дагы кыйчалыштаганы турат. Өлсөк, тирилсек да өз элибиздин четинде бололу,—деди келин. Ыйламсырай сүйлөдү.— Мен бейбак, сенин азабың гана эмес, ажалың үчүн жаралып калганмынбы дейм!—деген сөздүтуюк кошумчалады. Анын кыйытып айткан сөздөрүндө — соодагер сорунуп калды. Чоочун жер, чоочунэлге барганда көзүңдү тазалоого аракет кылса, сенин айлаң не болот? Менин айлам не болот? — дегенмаани бар экен, аны жигит айттырбастан түшүндү. Жигит кенемексен болуп курулай күлүмсүрөдү. — Оо, карактарым! Былай келиңдер! —деп чал үнүн каргылдантты. Келин менен жигит ээрчишебасып жанына келди.— Уулым, атың ким болоды?— Карыя, атым Албан!Чал Албанды тиктеп ойлоно калды. Белиндеги кайыш курун чечти, анысына кадалган кисе, оттук,кестиктери менен шалдыратып таштап койду.— Атың Албанба? Калайша Албан боп калган? Анав үш урук элинде Кашы бий дейтун бир дев (дөө)бар эли. Ол оңбагыр тирүүма? Айта отыр шырагым!«Өз атаңды катпай айт. Айлыңдагы жакшыны, атам деп атын сатпай айт», деген мааниде бир топсуроолу сөздөрдү айтты.— Качы бийиңиз бар. Мен ошо бийдин карачечекей иниси Чымырдын баласымын — дей бергенде,—ов, Албаным, не айтып отурсуң? — деп казак чал ыргып турду.— Шырагым, жетимшем, көзүңдү аныккөрдүмбов, төгүн көрдүмбов! —деп Албанды сыга кучактады. Өпкөөпкөсүнө батпай шолоктоп ыйлайберди. Албан да, Бермет да жашыды. Энесинин төркүнү «Албан» атала турган казак уруусунанэкендигин, орус кыштагына качып келип бекинип жүргөндө ошо таякелерине барып баш калкаласакпыдеген оюн Албан Берметке айтып кеңеш кошкон. «Жээн эл болбойт, желке тон болбойт». Анын үстүнө,алар тирүү барбы, жокпу — деген ой менен кайта айнып калышкан. Казак чал таеке экендигин Албаныда, Бермети да дароо түшүндү.Чалдын жүрөгүн уялаган кайгыкапа өтө көп экен.— Төрт бир тууган төрт үйлүү өзүнчө акарчакар бирайыл адам элек, Албаным! Ачарчылык жалмады. Улуу тумоо — келтеси жалмады. Акыры коколой карабашыман бөлөк бирдебирөө калбады,— деп, чал өзүнүн төшүн экибиүчбү муштапмуштап алды. Тирүүболсо өзүн көрөйүн, жолугуш.айын деген максат менен жээнин эриш кармап соодагердин коюн айдашыпкелиптир. Биртике соолугуп, ал жайын кыскарта баяндап Албанды дагы карады. Кайта тура калыпкучактап көкүрөгүнө кысты. Анан арыктагы сууга барып колун жууду, жүзүн чайыды, оозун чайкады. —Өкүнбөйлү өткөнгө, кейибейли кеткенге. Бары бир, Албаным, пайда жок. Ыйдан кирпигим катып,көзүмөн жаш чыкпдй калган эле. Өзүңдү көргөндө өлгөнүм тирилгендей, өчкөнүм тамгандай болуптурам, чырагым, медерим Албан! Эки жашыңда атадан айрылып, энеден жетим калганыңда бир көргөнэлем. Көпбай тукумунун эркегинен как баш чал мен калдым. Кыз тарабынан жалгыз өзүңсүң. Ылайымөмүрдүү бол. Ичерин ичкен, көрөрүн көргөн мен бир чалмын. Азирейил жанымды азыр тартса даыразымын. Өзүңдү бир көрсөм дегенде ак эткенден так этер элем. Акыры тилегиме жеттим. Эгерде ушукөрүп отурушум түшүм болбосо...Чал сөздү үрөй сүйлөдү. Ыйлай берип Берметте а дээрге ал калбады. Бир жагынан таяке чалды аяса,экинчи жагынан ушу чалдай болуп калар бекен — деп өз атасы Ийгиликти аяп ошончолукка барды. Экиортодо бир кыйла сөздөр сүйлөндү. Акырында:—Албаным ушу сапарга чыкпа! Ушу жерден кайтатарт,— деди таяке чалы. Соодагер кожоюндун Берметке тоорула бериши чалдын оюнда калыптыр.Албан аны да түшүндү.— Кечинде бул жерге атам (Ийгилик) келет. Иштин ал жагын бирге отурупошондо кеңешербиз, — деп Албан тим болду.Соодагер кожоюндун чатырындагы жыртак чал сыртка чыкпады. Куржункечелерин чатырдын ортожерине үйүп койду да, кайтарып отура берди. Казак чал анын чач, сакалын кырып берейин, жибит —деди эле көнбөдү. Бирөө чачымды алып жатканда экинчиси куржундарды көтөрө качабы — деген сактыкменен ошентти.

#27 08 November 2015 - 23:50
15-бөлүм.
Кече күнү бир көргөндө эле кожоюн Берметке берилип калыптыр, керели кечке оюнан чыкпады.Шаарга жетер менен башкасын коё туруп Берметке арнап күзгү, тарак, атыр самын сатып алган. Берметанын өткөн түндөгү уйкусун да төрт бөлдү, ооналактап, жата берип зорго таң атырган. Анын кыялыбоюнча бай соодагерден аял киши баш тартпоого тийиш. Койлорду сатып өткөргөндөн кийин айласынтаап Албанды адаштырып жоготууну, Берметти ээлеп алууну ойлогон. Эгерде адашып жоголбой турганболсо, кандай жол менен көзүн тазалоо жагын да болжоп койгон. Ошентип, койлорун эки эсе кымбатсатып, жана орто жерден оңой эле аялдуу боло коюу максаты соодагер кожоюнга түндө уйку бетинкөрсөтпөгөн. Жана, бери чыгарда: — акыры аял өзүмдүкү боло тургандан кийин,— деп, акчанын көзүнөкарабастан башына сала турган жоолук, көйнөк да ала келген. Жол азыгын бир атка артып, мына эмн,апылтапыл келип жетти. Бирок, келе сала чаабайы катуу сууду. Анткени, белек-бечкегин бере турганБермети жок экен. Салам алекке келбестен — катының кайда? — деп Албанга ачуулу карады.— Үйгө кетти, кожоюн! — деди Албан.— Кайта качан келет?— Кайта келбей турган болуп кетти, кожоюн!— Неге кайта келбейт. Кой айдашып өзүм менен бирге жүрөт дебедиң беле?— Ошенттим эле, таксыр! Бирок, катыным айнып калды.Соодагер кожоюн «оозунан алдырган бөрүдөй» комсунду. Атүгүл атынан түшпөстөн селейип кататүштү. Бир аздан кийин: — бар, барып катыныңды алып кел. Акысын бир жарым эсе көбөйтүп берем,—деди. Ошо сөздү айтып атынан түштү.— Чоочун жер, тааныбаган элге кызымды жибербейм,— деп түндөаялымдын атасы келип алып кетти,— деди Албан.— Андай болсо, өзүң да кете бер. Койлорумду башка киши таап ошого айдатам,— деп кожоюнзаарын бетине чыгарды. Калың берип, кара чачып алган өъүнүн аялын Албан башка жакка өткөрүпжибергенсип көзүн чакчаңдатты. — Андай болсо мейли. Жүр, кеттик Бекиш! — деп Албан ар жактаотурган «жигитке» бет бурду. Ойлоно калган соодагер — ал кайдагы эме, эмне үчүн бу жерде жүргөнжигит экендигин сурады.— Бир тууган иним. Аялымды атасы кайта алып кеткендигин угуп, өзүм менен бирге кой айдашыпбарууга келиптир! — Бар. Барып катыныңды кайта алып кел. Мейли акысын эки эсе көбөйтүп берейин!— Акысын он эсе көбөйтүп берсеңиз да, кайын атам кызын кой айдап кошо барууга жибербейт. Аганкадыржан болуп коюңуз, байбача,— деп Албан анын эңсеесүн кесе айтып тим болду.«Бекиш! » деп турган «жигитибиз» Берметтин өзү. Түндө Ийгилик келген. Ага жигиттин кийиминтиктире келиптир. Аны кийгенден кийин Берметибиз жигит кейптенип калды. Бир козунун кардынжыдыттырып, аны жылтыраган кептакыя кыла келген экен. Чачын тебесүнө түйүп, анысын кийгендеБерметибиз «тас» кейиптенди да калды...Берметтен үмүтү үзүлгөн соодагер: — мейли. Иниң экөөң казак койчулардан койлорду өткөрүпалгыла, — деди. Санаганда койлордун туягы түгөл чыкты. Кош атына чатырын бүгүп жүктөттү. Куржун,төшөнчүлөрүн арта салып жыртак чалына жетелетти да соодагер жолго түштү. Конолголуу жеринболжоп айтты.— Койлорду кубалабастан жай айдагыла. Коно турган жерге жеткиче тойгузуп баргыла,—деди да кете берди.
Ошентип, Албан менен Бермет кой айдап сапарга чыгышына, мына бүгүн үчүнчү күн болду. Тигине,Каракул эми шымаланып жете келди. Жеңин коломочтонгон Каракул шукшурулуп кирип барды.—Бермет кайда? — деп Берметке бет алды.— Берметиңиз ким? А кайдагы эме, билбейт экенмин, көрбөптүрмүн! —деди, Бермет.— Тиги Албандын катынычы! — Андай болсо, аны Албаныңыздын өзүнен сураңыз. Биреенүн катыны кайда, эмне иштеп жүргөнүнмен кайдан билем?— Катының кайда? Ыя? — деп Каракул Албанды бет алды.— Каракул аба, жол болсун! Эл аман, журт эсенби? Чабагандап келишиңизге караганда бий атаңызакырет карай сапар чеккенби дейм?Албан ошентип кекээрдүү кептерди айтты. Каракул сөзгө келбеди.— Катының кайда? — депдемитти, демикти. Ээрдин кашына кыстарып койгон кыл арканына колун оңтойлоду. Албан сактанууну, сөзгө алаксыта турууну, опузалап айбат көрсөтүүнү ойлоду.— Эмнеге мынчалык демитесиң? Эмне үчүношончолук демигесиң? Кимди демитип тургандыгыңызды билесизби? Мен Олжобай уруусунун тең атабир уулу экендигимди биле» сизби? Сиз мени өлтүрсөңүз бүтүн олжобай уруусу менин кунумду куупалат. Эгерде, мен сизди өлтүрүп койсом, кунуңду кууй турган кимиң бар? «Кул кутурса кузгунга жемболот». Өзүңүздүн ким экендигиңизди ойлоңуз! Сиз жалгыз эле Качы бийдин кулумун деген ойдожүрсөңүз керек. Жалпы Олжобай уруусунун, ошонун ичинде менин да кулумсуз! ..Каракул ойлоно калды, мизи майтарыла түштү.— Менин катыным кайда экендигинде сиздин кандай ишиңиз бар? Айта коюңузчу! Анан менкатыным кайда экендигин айтып берейин!— Бий атам алып кел деди.— Бий атаңдын меңин катынымда кандай жумушу бар экен?— Анысын билбейм!— Сиз билбесеңиз, биз билебиз. Менин катынымды Сизге алып бергени жүрөт. Туурабы?Каракулдун кежигеси кежеңдей түштү. Мукактанды. Оозуна сөз да киргизе албады. Оозунан сөз дачыгарууга жарабады.— Албанды атка сүйрөткөнүм кандай? Катыны бул жерде жок экен. Жөн эле кайтакете бергеним кандай? — деп купуя деңдароо боло түштү. Бирок: — жайлап кел. Көзүн тазалай албасаң,тирүү келүүчү болбо,— деген бийдин буйругу эсине кылт дей түшкөндө, кыл арканын Албанды карайшилтегенин өзү да сезбей калды. Чалма уруп азоо кармоого адис болгон эркулдун колу жаздым серпкенжок. Албандын мойнуна колдун учу менен сала койгондой чап дей түштү. Анысын көргөндө Берметчыңырып жиберди. Жете барып жардамдашуу, болуша кетүү оюна келбеди. Катуу коркуп кеткенде адамошентип бир сапарында нес боло калат турбайбы! Бир аздан кийин эсин жыйдыбы дейм: — кара басканКаракул, сени кайсы кудай уруп жүрөт? — деп кыйкырып сала берди. Ошондон кийин ганажардамдашуу эсине түштү.Качы бийдин жүздөгөн азоолорун ансыз эч ким кармай да, үйрөтө да алуучу эмес. Кыл аркандынколундагы учун санга басып тура калганда, кандай азоо болсо да, мөңкүчөктөп барып муунуп жыгылатурган, же титиреп туруп берүүчү. Бул сапар Каракул айбанга эмес, адамга чалма ыргыткандыгынэлебеди. Макул, Каракул Албанды атка сүйрөтүп өлтүрсүн. Берметти жигит экен деп тааныбай кайта барсын.Ошондо Каракулдун табары, көрөр күнү кайсы болот? Олжобай уруусунун бир баласын тентитипжоготту деп бийге нааразы болуп жүргөн туугандары жокпу? Катынбала, карыжашына дейре нааразы.Уруу намысы оңойбу? Башка уруулардын бири «Албан» деген сөздү оозунан чыгарса, баштары шылк этетүшүп жер карап жүрүшпөйбү? Эгерде, Албан ушу сапар Каракул колдуу болуп көзү ачык кетсе, аныОлжобай уруусунун кимиси болсо ошонусу эле жеткен жерде шилисинен мууздап таштайт. Баары бир,ошондой болгон күндө да, башка уруулардын шылдыңынан кутула алышпайт.Качы бийге эмне! — кул иттик кылыптыр,— дейт да коёт.Ары кетсе курулай кейимиш болот. Менжумшага» мын демек беле. Бийим жумшаган эле деген сөз өлүп атканда да Каракулдун оозунан кайданчыга койсун.Ошентип Каракулдун чалмасы ыргытканда эле Албандын мойнуна илинген. Бирок санга салып чукоюп кетпестен мыкчыйып тура калды. Азоо жылкыга чалма урганда дайым ошенте калуучу. Албанэкендиги маңоо байкуштун оюна келбесе керек. Учурдан пайдаланып Албан чалманын сыйыртмагынмойнунан алып ыргытты. Каракул арканын кайта тартып экинчи ыргытууга камынды. Чатышын чыгараалбай күймөлдү. Ошол арада Албан жете барып кой айдап жүргөн таягынын жоон башы менен тизегесогуп калды. Каракулдун арканы колунан түшүп, атынын жалын кучактады. Таяктын жоон башы талуужерине таамай тийген болсо керек, оңоло албай далп этип аттан түшүп калды. Эсин жыйса кайта турупкармаша кетерин эске алып, эки колун аркандын бир учу менен аркасына байлай коюшту.
Ээрчише баскан эки жигит Өзгөн шаарына жакындады. Көтөргөн жүктөрү оор эмес: экөөндө эки ээр,анан куржункече. Шаардын четинде калың топ уучуу болуп жатат. Кокус ушулардын арасында болбосун— деди артта келатканы. — Не бар, не жок, бара кетели,— деди алда келатканы. Калың топту карайаяңдашты. Тигилер уй мүйүз болуп ийрилип алышкан. Көчүк басып отурган адам жок. Бардыгы ортожерди карап оолугат. Үндөрү канча болсо, ошончо чыгарып айгайлашат. Барып шыкалышатургандардын арасынан орто жерди шыкаалашты. Эки дөбөт кабышып, кажашып, кармашып жатат.Карыжаш, чоңкичине дебестен эки дөбөттү жапырт айдакташат. Дөбөттөр канчалык катуулап кабышса,беркилер үндөрүнүн бардыгынча айкырышат. Дөбеттердүн кабышуулары басаңдаса, алардынкыйкырыктары да басаңдай калат. Койчу, ал жерде тургандардын бардыгы эки дөбөт менен кошокабышып, бирге кармашып, тиштешип жаткансышат. Эки жакка, эч кимге көңүл бурган бирөө жок.Кездерүн эки дөбөттөн албас^^. внтипш, илгери карай демигишет. Алтыжетөө бирден; дйб^щү ноктолопалыптыр, алкынтып ар жактакоштоп жүрөт. Кокустан колдон бошонсо койайыңа карай турган эмес. Жеткен жерде эле тиш салатурган. Эки жигит кабышып жаткан иттерге көңүл бурган жок, ал жерде турган адамдарга көз чаптыр*ышты: кай бирлери буттарына бирдемени коңултак илип алганы болбосо, бардыгы дээрлик жылаңаяк, жылаңбаш, көйнөк, дамбалчан. Көпчүлүгү баш кийимин же колуна кармап, же колтугуна кысып коюшкан.— Бул жерде жок, көрүнбөйт,— деди алда келген жигит.—Андай эме ит кабыштырган жерге кайданкелсин, — деди беркиниси.Биртике арылап ар жактагы калың топко барышты. Андагылар Кочкор сүзүштүрүп жатышыптыр. Келишкен эки кочкор кыйла аралыкка кетенчиктеп кетет. Кайта катуу жүгүрүп карскурс сүзүшөт.Ошондо берки карап тургандардын көздөрүнөн от чагыла түшөбү, кантет, ар бири өз башын чулгуйт.Кочкорлор мыкчыйса кошо мыкчыйышат. Кекчейсе кошо кекчейишет. Кочкорлор катуу айгышыпкалыптыр. Бирок, иттерче тытыша бербестен, алар оор басырык, сыпаа, карсакурс болуп туруштү. Экижигит кочкорлорго да көңүл бөлүшпөдү. Жаналы калбай кочкорлор менен кошо тоорулушуптургандарга гана көз жүгүртүштү. — Бул жерде да көрүнбөйт. Жок экен,— деди жигиттердин олбурдуусу. — Болсо, ушу жерде болмок экен, ал береке таппагыр,— деди чабалырагы. — Кандай себептүү андай дейсиң?— деди беркиниси.— Биз айдап келген койлордун ичинде он чакты кочкор бар эмес беле? Соодагер кожоюн ошокочкорлорду күн сайын түгөлдөп жүргөнүн байкагамын. Кейпи, анысын ушунтип сүзүштүрүүге алыпкелаткан эме го?— Анысын мен кайдан билейин, жүр, кетели!—деди олбурдуу жигит. Кете беришти. Аржактагыайкырып кыйкыргандар бедөнө алыштырып жатышыптыр. Ал жерге токтолбостон олбурдуу жигитбазарды көздөй баштап жөнөдү. Анысы узун бойлуу тартагай да эмес. Кыска бойлуу мыртыгый да эмес.Туурасы чыккан бөлтөгөй да эмес. Жоон жолпу келтөгей да эмес. Бою ортодон жогору, төшү жайык,далысы кең. Мурду кырдач, чап жаак, аяк алышы салмактуу, басмырт," : Ээрчип жүргөн жигиттиуламулам кылчая карайт. Ийниң талып кеткен жокпу? Адашып калба, бас!— деп коёт. Базаргакиргенден бери анысы көзүнө эмне чалынса, ошону элейе тиктейт. Таңыркап оозу ачыла түшөт.Сонуркап токтой да калат. Майдалап басат, арымы кыскараак.Базарда жүргөн бирөө тигил экөөн ээрчий карады. Аттарын сатып жиберип ээр токумун көтөрүпкалган аркалыктар экендигин айныбай тааныды.— Эки аттын акчасы аз эмес,— деген ой менен тоорупкалды. Акча кимисинде? Албетте, тыңыраак, жол баштап жүргөн тигинисинде. Кейптерине караганда,акчасын алдырып жалкоотой боло элек эмелер,— деди.Эки жигит базарды тигиндей да аралады. Мындай да аралады. Узунунан да, туурасынан да кыдыраберишти. Базарчылар кыжыкыйма. Ар биринин колу куру эмес.— Арзан берем, ала кой!—дешет. — Ал,ал дешип таңуулашат. Жолдорун тороп токтотуп, түз эле бирдемесин колдоруна кармата да коюшат.Кайырчыларынын көптүгүн кантесиң. Таякчан чал, кемпирлер, айрым жаш балдары да алакандарынжайып утурлашат. Биринен бири өтөт. Батадубаларын айтып бабырашат. Базарга кире бергенде биринчикезиккен кайырчыга жети тыйын ырым беришкен. Сурангандардын ар бирине жети тыйындан карматаберсе капчыктары бат эле кагыла турган. Ошону ойлоп эми эч бирине эчтеме беришпеди. Умсунупкалган кайырчылар акысын алдырып жибергенсип акырая ээрчий карашты.Суу сатып жүргөн майда балдар акебай, жөн эле жаактарын жаныйт. Суусунан суза чуркап, аркимдин алдын торошот. Бу жактан чайчылары чайына чакырып кыйкырса, тиги жактан ашпоздору ашынмактап айгайлайт. Ар тараптан азынаган эшектерин кантесиз.Эки жигит ээрчишкен бойдон кыдыра беришти. Баягы киши тигилерди ээрчип калбады. Калың топтуаралап өтө турган болгондо алдыңкы жигит чөнтөгү бүлк дей түшкөнүн сезди. Колун сермеди эле,чөнтөкчүнүң билеги алаканына урунду. Катуу мыжып койду белем, чөнтөкчү тыбырчылап жаналаткекелди. Алаканындагы чака тыйындар чачылып жерге түштү. Чөнтөкчүнү берки жигит жер тиштетесилкип таштады да басып кетти. Жерге түшкөн чака тыйындарды ар кимдер терип жигитке сунду элеалган жок. Алмак турсун карап да койбоду. Эчтеме көрбөгөн, эчтеме билбеген кишидей гана салмактуу,жай баракат басып кетти. Чөнтөкчү чыны менен эле эсинен тандыбы, же анткор док урунгусу келдиби,айтор неси болсо да, боз ала болуп көптөн кийин зорго турду.Кыдыра берүүдөн эки жигиттин буттары, жүк көтөрүүдөн ийиндери талыды. Чайканага барышты.Чөнтөкчүнү бир силкиш менен жер каптыра коюшун, терип берген тыйындары.на карабастан басыпкетишин көргөндөр, жигиттин мүнөзүнө сонуркады. Бир канчасы чайканага ээрчий барды. Терге чиригенэски топу, кир көйнөк, багалегин санына чыгара түргөн карга шыйрак, чачы өсүп кабагына түшкөн карабала чайга келгендерди тызылдап тейлеп жүрдү. Эки нан, бир чайнек чайды эки жигиттин алдынаайттырбастан бере салды. Чай ичип нан жешти:— Эй, айланайын Албан! Ушундай да эл болот экен го?Кудая тобо! — деди чабал жигит.— Болгонун көрүп турбайбызбы! Анын эмнесин айтасың?Албаны ошентип күлүмсүрөдү. Берки жигити—Бермет турбайбы. Өзүнчө сүйлөнө берүүгө өттү:— Кудая тобо. Ушундайда эл болот экен го! Уулдаган, чуулдаган. Аңылдаган, даңылдаган. Бул жергекөнбөгөн кишинин эки күнгө жетпестен кулагы курттап кететко! Бетим ий, бетим. Уялбастан айран,сүтүн да сатышат турбайбы? Арыктарда агып жаткан суудан сузуп келип сатыш эмне деген жакшылык?Суу сатуудан балдары, саттырып коюудан атаэнелери уялбайбы? же бардыгы ата жок, эне жок, суусатууга күнү калган өңчөй жетимдерби? Анын бардыгы жетим болгондо чоң кишилеринин көбүкырылып калган го? Андай дейин десең көчөсүндө кишиден көп эме жок. Алпейимдиктерин кантесиң! Бекер бере койчудан бетер — ала кой, ала кой,— деп асылышат. Атаны кокуй арман күн. Тигинде биртоп эмеси кап кайдагы чөп чарларды жеп отурушпайбы! Бардыгы ушу шаарга үймөлөктөшүп чогулганэмелер белем. Анан тамак жетпей чөпчар жешке көнүп кетишкен змелер го? Чөпчарга колужетпегендери тетигилердей болуп суранып, тиленип кайырчылык кылып калганго? Чындаса бирин-бирисатып жиберүүдөн да кайта тартпай турган калкко дейм. Э кудай! Кайдагы жер, кандай элге келиптушукканбыз? Ой Албан баатыр Бирдеме дебейсиңби? — Ооба, ушундай эл, ушундай жерге тушугуппуз, Бермет баатыр!— деп Албаны күлүмсүрөдү. — Ит кабыштырыштын эмнеси тамаша? Кочкор сузүштүрүштүн эмнеси кызык? Бөдөнөкармаштырыштын кимге сонундугу бар? Ой тобо! Дүйнөдө ар кандай калк болот турбайбы? Мындан арыда эл, жер барбы, кандай? же жердин түгөнгөн, элдин бүткөн жерине келдикпи?— Жөнү жок жөөлүй бербесеңчи, Бермет баатыр!— Баатырына аялдын атын коюп алыптыр дешпейби, тигил отургандар укса. Бекиш баатыр деген сөзоозуңузга кирбейби, Албан абакеси. Булардын бардыгы бизди эле карашат. Биздей киши көрө элекэмелерби? — Бул жактагыларга окшобойт турбайбызбы! — Тетиги чай, нан таратып жүгүрүп жүргөн бечара карга шыйрак кара бала ушу күздөн чыкбайтко! Таманы жерге тийбейт, көчүгү жер жыттабайт. Арыктыгы өтүшүп баратыптыр, байкуш баланын. Кереликечке көргөн күнү ушу болсо, кантип чыдайт? Тетиги чайын чайкап ичип, мурутун кайтакайта сылапжалгыз отурган киши, ушу чайчылардын кожоюнуго? Кудайга колу жеткенсип ого эле болбойт,кербезденишин карап кой! Шордуу баланы жаштайында жайрата турган болуптур. Баса, эки жактаниздеп эми убара болбойлу. Качып кеткен кожоюн эми бизге карматмак беле? Эми кайда барабыз? Эмнеиштейбиз? Башты кандайча калкалайбыз? ..— Аксактын сабырына карай туралы, Бекиш баатыр! Эли менен, жери менен таанышалы. Ананойлонушуп көрөрбүз. Алты саныбыз аман турбайбы, кор боло койбоспуз... Булар ошентип отурганда артынчакүртүнчөгү бар бир кедик чал келди. Сары ити бар экен, анысынмойнунан байлап жетелеп алыптыр. Аны көргөндө чайчылардын кожоюну жакындап жанына барды.—Чал! Атаңды мойнунан байлап жетелеп алыпсыңго?— деди. «Кыргыз кызыл иттен таралыптыр» дегеншылдың сөз боюнча тигинин келечелеп турганын кедик чал түшүнө койду көрүнөт. — Эмнени келжирептурасың, соодагерим? — деп чал кедеңдеди. Соодагер айткан сөзүн кайталап айтты.— Суу сатып пул табыш үчүн, акыйып отура берип көзүңдөн ажырап калган белемсиң соодагерим? — А, эмне дейсиң?— Көзүң көрбөй каганбы дейм?— Эмне үчүн көрбөйт? Көрөт!— Көргөнү кайсы? Өз атаңды тааныбай отурбайсыңбы! Карап көрчү. Кандай ит экен?— Сары ит.— Кызыл болсо кыргыздын атасы болмок. Сары болгондон кийин сарттын атасы болбойбу?Чайчылардын кожоюну сөгүнүп басып кетти.— Тамашалашууну билбегенден кийин тийишнп эмнекылат экенсиң. Барып сары сууңду саттыра бер,— деди да кеңик чал Албан менен Берметтпн жанынакелип отурду. Тигилер орундарынан туруп ызаат көрсөтүштү. — Аркалык туугандардан окшойсуңар го!— Ооба, аксакал.— Мал айдап келгенсиңер го?— Соодагердин малын айдашып келген элек.Өзгөн тарапка келгенден кийин кожоюн койлорун дагы бир соодагерге дүң сатып, тигилердибошотуптур. Бирок, аялын ала жүрбөйт деп Албанга өчөшүп калганбы, же дүпнөкорлук кылганбы, несиболсо да акыларын толук бербестен жылт коюп адаштырып кетиптир. Кокустан колго түшүрөрбүз дегенүмүт менен, кожоюнду базардан издеп келишиптир. Үчөө маектеше баштаганда, кара бала бир нан, бир чайнек чайды чалдын алдына коё салды. Кожоюнбаланы чакырып алды да кулагына бүлкүлдөп бирдеме айтты. Бала тызылдаган бойдон базарчылардынарасына жоголду. Көп узабап күшүлдөп кайта келип, жумушуна киришти. Чай сурагандарга чайнек, нансурагандарга нан жеткирип чуркап жүрдү. Арадан аз убакыт еттү. Чүйлүүсүнөн семирген жоонжолпу балбансынган бирөө келип кожоюн менен сүйлөштү. Кедик чалды карай колун жаңсады. Тигинисибарып чалдын бир этегин баса отурду.— Кантесиң, жөөлеп, жери куурулгансып? — деди кедик чал.Балбан жооп айтпады.— Чай ичип отурупсуң го, чал? — деп букача тоорулду.— Кудай буйруган чайды ичип, нанын жеп отуруппуз! — деп чал боюн оолактатты. — Сарттардын атасы ким? Айтып көрчү чал!Чал куушурула түштү. Эмне үчүн жөөлөй келип кекете баштаганын туюна койду. Чайнектен чайкуюп сунду. Тигиниси пияланы албастан кагып жиберди. Чал жалтайлап кийиндеди.— Качпа. Отур. Арзан атаны тапкан экенсиң го? Көзүңө көрсөтөйүн. ..Чал качууга камынды.— Кайда барганы жүрөсүң? Отур.— Үйүмө кеткенди да билбейимби? — Билесиң — деди балбан. Алаканы менен чалды жаакка бир салды. Албан ыргып туруп арагатүштү. — Кандай абийирсиз эмесиң? Күйкөдөй болгон абышкага күч көрсөтүп! — Ишиң болбосун,— деп балбан кебелбеди.— Абышкада сенин кандай ишиң бар? Атаңды өлтүрүп жибердиби?— Мына. Мындай ишим бар,— деп Албанды да чуу дедире жаакка бир чапты. Албан аны эргүүлгөбир койду. Балбан сендиректей түштү. Ал аздык кылса — деп колтукка бир укуду; Балбан делдее түшүпжүйүртө басты.— Жигит болбосоң коё кал. Бали!—дешти чайда отургандар. Ошол арада «шаардык», «тоолук» дегенэки сезим козголду. Ошол учурда ураан чакырып бирөөнүн оозунан бир эле сөз чыга качса, кимди кимкөрдү. Эки тарап кагылыша кетүүгө белен боло калды.— Жүргүлө балдар, кетели! Тетиги зөөкүр эсинжыйса оңдурбайт,— деп чал чебеленди. Албан менен Берметти жетелеп качып чыккыча шашты.Абу дегиче ал жерде тургандардын бири ар жакты карады.— Келаткандар миң башы экен,— деди.Бардыгы ошо жакты карай бурулду.— Тоолуктардын аш, тою башталып калбадыбы. Балбандарынээрчитип, күлүктөрүн жетелеп, эми кыш капортосуна чейин дарбапдүрбөп жүрө беришет,— деди арадатургандардын бири.Он, он бештей киши шартылдата бастырып атчан келатышат. Жанаша бастырып алда келаткан экөөнтааныгандар бул жерде көп экен.— Мамасейит менен Элмурат миң башы турбайбы. Арстанбап, Ачытарапка барышса керек. Ошо жактан келатышкан го,— дешти ар кимиси.Чайчылардын кожоюну шашып калды. Жууркан төшөп орун жасагыла деп малайларын жумшапкоюп, өзү миң башыларды тосо басты. Экөөнүн атын өзү алып, аларды колтуктап түшүрдү. Орункөрсөтүп отургузду да, чал менен Албандарды: —кеткиле. Жоголгула,— деп ачууланды. Эми эле кетели,качалы— деп шашкалактаган чал тоготпостон керсейип отуруп алды. Миң башылар жайланышып чайгакиришкенде жайбаракат басып барып салам берди. Чайкананын кожоюну зөөкүрүнө урдурганын айтыпдаттанды. Тетиги аркалык жигит ажыратпаганда жанчып коймок эле,— деген сөздү уламулам кайталады.— Ал кайдан келген аркалык экен? Чакырып койгула,— деп Элмурат сакалын сылады. Колундагычайын жерге коюп, чайчылардын кожоюнун акырая карады. Кожоюн үрпөйүп жер тиктеди.— Келгиле, келгиле, аркалык туугандар! — дешти. Эки жигит адеп сактап чөктүштү. Кайдан, кандайжумуш менен жүргөндүктөрүн сураштырышты. Бир аздан кийин:— бу чалды бирөө урдубу? Ким урду?Кандайча ажыраттың?—дешти. Албан кыскача баяндап берди. Бирок. зөөкүр балбанды өзү урупкойгондугун айткан жок. Аны ал жерде турган башкалар айтышты. Албан күлүмсүрөп тим болду.Баятан бери Бермет кандай абалда болгондугун айтууга сөз табыш кыйын. Чалга Албандын болушакетишин жаман көргөн жок. Чалды балбан жаакка чапканда ары аяган, ары чочуган бойдоп ордунансекирип кеткен. Бирок, башыбыз батпай, балтырыбыз сыйбай жүргөндө дагы кандай кырсыкка жолуктукдеп катуу корккон. Азыр деле эсучун жыя албай, санаасы самандай сапырылып эсмас, зорго отурат.Эки сөз: эсирген чайчыны Элмурат зыгырып отуруп эсине келтирди.— Бу кандай кеп? Алсызды алдуулар айыпсыз урупсого берсе, элде элчилик калабы? Сен, чайчы суусатып тапкан пулуңа кутуруп бараткан окшойсуң. Чакыр, жыйна балбаның ошондой эле көп болсо.Салгылашып көрөлү!— деп омуроолоду. Акыры аны кедик чалдын алдына жыгып чапан жаптырды.Ашпоздон алдырып жешкен тамак менен чайдын пулун чайчынын мойнуна салды.
Элмурат миң башы Албан менен анын Бекишин ала кетти. Анысы бекер эмес экен, кийинки күнүбелгилүү болду.Аш, тойлордо күрөштүргөн балбаны, эңиштирген эри алдырып койгон тарап ыза болуп келет. Арбири күрөшкө өзү түшүп жыгылгансыйт. Эңиштен өзү алдырып койгонсуйт. Өкүнөт, тамашанынүстүндө болгондору гана ошентпестен, үйүндө жатып уккандары да намыстанып ээрдин кесе тиштөөгөчейин барат. Аңги намыс деги ушу кыргыздын эмнесин альш жеп койду экен? Намыс дегендекыйсыпыра көтөрүлөт. Колунда турган аштамагында ыргытып жиберүүгө чейин жетет.«Капчыгай» болушундагы Маты деген бай той берип жатыптыр. Өзгөн приставына караштуу бешболуштун миң башы, бий, казыларын тойго мүлдө чакырыптыр. Беш болуштан келгендер үчүн бештарапка беш, алтылап үй тигилген экен. Меймандарды тейлеш үчүн ар бир үйгө үчтөн, төрттөн жигит. коюлган. Аларды ошондой кызматка айлап, жылдап окутуп чыгарганбы, жөн эле колдон суурулуптурушат. Баскан тургандары лыпылдап ошончолук элпек, аны айтпаңыз. Сыпайы сылык, артыкчаадептүүлүктөрүн кантесиз. Жөн эле меймандардын көзүнүн агы менен айланып турушат.Бермет кедейирээк кишинин кызы болсо да, орто жерде бийге келин, болушка аял болгон. Алардындасторконун да көргөн. Ал жактагыларга караганда бул тараптагы кыргыздардын дасторкону кенен, марткөрүндү. Мөмөчөмө, жер жемиш, таттытуттуу дасторконго мол коюлат экен. Тыяктагы кыргыздарандайларды балдар, аялдар үчүн жаралгаң тамак катары көрүшөт. Чоңдору сонундукка ооз тиет, көпжебейт, бул тараптагылар чоң, кичине дебестен бардыгы жакшы жешет экен. Жеп үйрөнбеген тамактаналар азаздап ооз тийишти. Мындагылардай көп жеше алган жок. Сакалдуу башы менен Элмурат минбашынын коон, дарбыз, анар, алма, өрүк жана ошолорго окшогондорду жей бериши Албанга да, анынБекишине да кандайдыр чоочун, комсоо сезпм козгоду. Алар сакалдуулардын тамагын эт, казыкарта,кымыз анан анчамынча нан катыштыруу менен чектешет. Эт келгенде биротала комсунуп калышты. Тойэти абдан көп болду. Тигилер этти идишке салбастан ар кимдин колуна берилишине алымсынбайкомсунушту. Аркалыктар тои, аш эттерин бергенде «Торпок тос жалайт, музоо муз жалайт» деген салттыколдонушат. «Башкы табак», «аяккы табак» дешип отургандардын жашаган жашына, кадыр паркынажараша төрттөн, бештен бир табакка берет. Бул тарапта эт берүу тартиби башкача экендигин байкашты:Чай, нан, мөмөчөмө, жер жемиштеринен кийин куурдак келди. Албаны да, берки Бекиши дабашкаларына караганда андан жакшы жедн. Куурдактан кийин бир кеседен сорпо келди. Анысындачачтай майда тууралган пыяз бар экеи. Үйдө отургандардын ар бири сорпого нан чылап жешти.Аркалыктар тойдо отурган жерде эмес, өз үйүндө да сорпого нан чылап жешти осол көрүшөт.Ошондуктан булардын миң башысы баш болуп сорпого нан чылап жеп отурушу тигилерге өтө эле серткөрүндү. Тигил экеө антпестен жен эле ичип алышты.Нан сорподон кнйин чарачара эт келди. Бир койдун башы менен бир жамбашы адегенде миңбашынын алдына езүнчө жалгыз коюлду. Башка эттерди бир киши устукандай берди. Бирөө табаккасалып уламкысын улам кыдыртып турду. Табак сунулган сайын ар бири бирден устукан, устуканболбосо бир кесек эт алып жегенин жеп, жебегенин алдына коюп жатты. Эт устукандаган адам өте калысболгудай. Биринин шыбагасын бирине кетирбестен тепе тең бөлүштүрүүгө тырыша турган көрүндү.Колуңа тийген эт өзүңдүн менчигиң, анда эч кимдин доосу болбойт экен. Жешиңче жеп, артып калганынкааласаң бирөөнө бересиң, кааласаң оропчулгап алып жолуңа түшөсүң. Иштин ал жагы өзыктыярыңызда. Эч кандай уяты, эрөөнү болбойт экен.Аркалыктар эт болсун, нан жаки башка тамакты идишке салбастан колго берүүнү уят көрүшөт.Ошондуктан эттин колго берилиши тигил экөөнө өтө өөн учурады, алымсынбастан комсунуп калышты.Албан өзүпө тийген бир кесек этти туурады. Отургандар аны астыртан карап күлүмсүрештү. Элденөзгөчө болуунун бул жерде эмне кереги бар эле деп анысын Бекиши ичинен жактырган жок. Үч, төртсугумдай тууралган этке чык куюп, анысын Албан миңбашыга сунду. Миң башы элпек козголуп кошколдоп алдыда кашыктап жеп койду. Анан ыразылык белгиси кылып Албанга алкыш айтты. Аныналкышын ал жерде отургандар бүт кайталады. Алдында турган этти миң башы табагы менен Албангажылдырды. — Бир кесек этин туурап бере коюп бир табак эт өндүрүп ала коюшун кара,— деп Берметиичинен Албанга сын такты да, тим болду.Эртеси беш болуштан келгендер беш тарапка бөлүнүп чыкты. Кара кулжанын мейкин түзү каратаандай каптаган калктын кажыкужусуна жык толду. Аттуусу аты менен, жөөсү жөө. Тай минген,торпок, эшек мингендер да эл катарынан калышпай өз жаргыларын жарып жүрүшөт. Аялдары өздөрүнчөбир тарап, эркектерден окчун, жабыла жарданып турушту. Той башкарып жүргөндөр атчан кыдырыптамаша эр эңиштирүүдөн башталарын айтып чыкты. Ошондо Элмурат миң башы:—Аркалык жигиттердимында чакыргыла,— деди. Чакырышты.Кечеги кедик чал буларды шынаардап артынан калбайт, ээрчип алат. Чайчылардан кийген сый тонунүстүнөн түшүрбөйт. Этек, жеңин сылапсыйпап чаң жугузбайт. Албан менен Бекиш жанаша бастырыпмиң башыга барганда да ээрчий жүрдү. Алар келип чобурларынын башын кекейте тартып туракалганда, ал да ошентти.Өткөн жылдан берки аш, тойлордо Элмураттын жолу болбой жүргөн экен. Кече күнү чайчынынбалбансыган зөөкүрүн Албан бир муштап гана темселеткенин укканда, керекке жарай турган жигитболсо керек деп кым дей түшкөн көрүнөт. Антпегенде аттап, тондоп ала жүрөт беле? Миң башыкамчысын бүктү, эки башынан кармап ээрине басып мыкчыя түштү да, үнүн чыгарды.— Өзгөң болушунан келген калктын наамынан, аркалык тууган, өзүңдү эңишке чыгарсакпы дейбиз.Кандай дейсиң?Албан манчыркап бир азга жер тиктеди. Анан боюн токтотуп:— калкка зп келсе кан төөсүн соётдеген кеп бар эмеспи, миң башы аке! Калкыңызга, калк башкарган өзүңүзгө эп келсе баш тартмакбелек! —деди.— Ооба,— бали! —деп ал жерде тургандар дуу дей түштү. Бекишин ээрчитип Албан элдин сыртыначыкты. Кедик чал бу жолу да тигил экөөн ээрчий барды.— Куржунуңдагы «кйндагайды» алып бересал,— деп Албан сырт кийимин чечинди. — Чоочун жер, чоочун элде мусапыр. болуп жүргөндө абийирбере көр,— деген сөздөрдү айтып Бекиши куржунунан «кандагайын» алып берди.
Ийгилик акенин зайыбы Сыпайы жеңе ургачынын узу. Баягы жылы элик терисин ашатып, ананталдын кабыгын талкалап малмага салып чыгарганда, анысы жөн эле күдөрү болуп калган. Багалегинсаймалап ошондон шым, жеңин саймалап күрмө тигип берген. Албандын «кандагай» дегени ошо болучу.Бекиши анысын алып кийиндиргиче, бер жактагылар эңишке миңгизе турган атын белен кылышты. Аткамиңгенден кийин Албан алаканын жайып элди карады. Эл алкыш айтты. Бул тараптагылардын салтыбоюнча эңишкендер бел кырчоодон төмөн жагына кол тийгизбейт экен. Колун сууруп ыргытабы, башынтолгоп мойнун үзүп алабы — аны эңишке түшкөн жигиттин күчү гана билет—дешип, Албанга иштиношо жагын эскертишти. Аркы тараптан чыккан жигитти адегенде Албан сол тарабынан качырып сол билегин сала берди.«Жигит сологой экен» дешти, жан жабыла карап тургандар. Аркы жигит да абдан күчтүү көрүндү.Чирелеп тартканда экөөнүн аты бирдей аяк серпе албай майышып турду. Аттар майышканда караптурган калк өздөрүнчө кошо майышат. Бекиш элден өзгөчө чебеленет. Оозуна эмне кирсе ошону айтыпыйлактайт. —Мусапырыңды колдо. Жалгызыңды жөлө. Абийир бер.Кедик чал да андан калышпады. Бир жерин майып кылып алар бекен деп Бермет андан да коркот.Эмне айтып, эмнени коюп жатканын элебейт. Астындагы атын максатсыз теминет. Аты алга карайжулунат. Ооздугун кагыпсилкип, өзүнөн кетип жатканын сезбей, аты менен да урушат. Кыскасы бейпайболду. Ал кече күнү иттердин кабышканын, кочкорлордун кагышканын көрбөдү беле! Бүгүн бул жердеадамдардын тытышканын көрдү. Айгышып алса, адамдар деле айбандардан калышпай турган эмелертурбайбы — деген ойго да келди. «Атанын уулу азарында бакшы болот» деген ушу эмеспи? — депАлбандын абалын көрүп туруп намыстанды, ызаланып арданды,кордонду. Бекиштин бейпайланышы болсо бир жөндүү. Берки Элмурат миң башыга эмне жок? Албан тыяктакандай аракет, кандай кыймыл кылса, миң башы аны туурап, белимчи болгон эмедей ахалай да, охолойда .берди. Ошентип жулунажулкуна берип өзүнчө кара терге түштү. Ооба, Албанга абийир, Элмуратканамыс керек, антпегенде кантишет! Албан адегенде сол жагынан качырып билегин тозо беришинде кеп бар окшобойбу. Сол колу менентиги жигиттин колун талытып өзүнүн оң колунун күчүн сактай туруш үчүн ошенткен көрүнөт. Эми оңжагынан чабуул коюп кол салды. Баш сала тике качырып жигитти шаштырып жиберди. Чапачупабилектен алып каңтара тарта турган болуп калды. Ошондо Бекиш — арбаак... Арбаак..— деди. Бирок,үнүн чыгара албай буулукту. Минип турган.чобурун капталга теминип, оозун дагы эле каккылай берди.Жанында турган кедик чал атынын жалына жатаажата калып тамагы айрылгыча чарылдады. Жигиттинкөчүгү ээрден кыйшая баштаганда Өзгөн болушунан келгендер жапырт чуу турду. Кайта оңолуугабуямасын келтирбестен, атынан ажыратты да, Албан булт коюп желип чыга берди. Ызычуу кыйкырыктыуккуңуз келсе, тигине, уга бериңиз. Кара кулжанын талаасын апырык менен сапырыкка айландырыпжиберди. Андан кийин эки экиден алты жигит эңишке чыкты. Эч бири бирин бири алалбады. Эмки тамашабаягы улак, баягы балбандардын күрөшү, дагыдагы ошондойлорго өттү. Калк каш карарганда гана зорготарады.
Эңиштин байгеси (сооруну) аяктуу малдан килем жабуулаган бир төө, төрт тай, төрт торпок жанатогуз бейкасам чапан экен. Элмурат миң башынын жигит жалаңдары Албандын байгесин ачак ээлепалышыптыр. Кедик чал ошондон бери байгеге алынган малдан тап ычкына элек. Албандын кара чечекейез кишиси катары какыйып кайтарып турат. Албан эңишке минген атынан түшкөн жок. Калктан четтеп,арыбери бастырып атты эс алдырды. Өзү да эс алды. Анын жигиттигине сонуркагандар, артынан ээрчипалышты. Андайлардын көпчүлүгү жеө жүрген карга шыйрак, күнгө күйгөн кара балдар.Бекиши кобурашып кошо бастырат. «Өлбөгөн жанга өлүү балык» деп коёт. «Эр азыгы менен бөрүазыгы жолдон» дейт. Байгеге алынган олжо жөнүндө ары бастырып сүйлөштү. Бери бастырыпмаектешти. Кыйла убакыт өттү. Акыры бир пикирге келишти бейм:— бир эсептен ошонуңдун да, ооба,ошенткениңдин да жөнү барго, абакеси! Мейли, биз, быякка мал күтүүгө келдик беле? Баш калкалайтуруш үчүн келгенбиз. Мындагы элге батымдуу боло туруу жагын караганыбыз жакшы,— деди Бекиши.Анан эл катарына барып тамаша көрүштү.Эми тамаша тароого жакындады. Бекишин ээрчитип Албан Элмуратка келди. Өзүнө олуттуу түрберип боюн токтотту да:— тигиндейлеп барып, алган байгеңизди бөлүштүрүп бересиз го, эрте күнжарыкта, — деди.— Болуптур үкем, болуптур. Баралы,— деп анысы элпек кетти. Барышты. Байгегеалынган олжону атчан тегеректешти. Элмурат адаты боюнча камчысын бүктөп ээрге басып мыкчыйды.Анан—намыс Өзгөн болушунуку болду. Аны сен алып бердиң. Байге сеники. Бөлүштүрүп соогабересиңби, бербестен өзүң эле бүт аласыңбы— эрк өзүңдө, үкөм! деди. Биртике ойлоно калды да:— олжобериш деп мен сурай да албаймын. Бербей эле кой деп түрмөктөй да албайм,— деген сөздөрдүкошумчалап тим болду. «Байкасам байтал меники, кыязы кымкап сеники» деген мааниде, кошалкысөздөрдү сүйлөдү. Албан атын теминип бир аз илгериледи. — «Баатыр табат, батман ичет» деген кеп барэмеспи, миң башы аке. Туура, табышын таапмын, жол сиздики». Өзүңүз эле бөлүштүрүп коё бериңиз,—деп мунусу да камчысын бүктөп ээрине басты. Бирок, миң башыдай мыкчыйган жок. Тигиниси ойлонуп калды. Туурасын айтканда ал туюктанып турат. Өзү бөлүштүрсө: — байге башы төө, килем меникиболсун, — деп айтуудан айбыгат. Башкалар бөлүштүрсө аны айтабы, жокпу, ким билет. Иштин ошожагын ойлоп туюктанды. Акыры:—өзүң бил, өзүң эле биле кой үкем,— деген сөздү оозунан кайдигергана бошоң чыгарып тим болду. Өзүнө саласал кылганда, макул, бардыгын өзүм эле алайын десе, сорпомсууй түшөбү деп андан да абыгер чекти.— Эмесе, өзүмө руксат этиңиз,— деди Албан. Бардыгын өзүмө кыйгыла деп жататко деген ойгокелдп тигиниси. Шашкан тейи менен:— руксат, руксат, үкем,— деп жиберди. Кабагы бүркөле түштү.—Эмесе болуптур — деп Албан жер карады. Тигиниси анын оозун карап олурайды.— Ушул олжонунүстүнөн өзүңүз чыгардыңыз. Жол сиздики. Сиз болбогондо бул олжо бизге табылбайт эле. Килеми менентөөнү сизге ыйгаралы! Албан ошондой дегенде Элмурат миң башынын кабагы чайттай ачылып жарк дей түштү.— Ошондойболсун. Болсун дешип ат үстүндө акыйып тургандар жаалдады.— Төөсү эле жететко үкем! Килеминөзүңө калтырарсың, — деп миң башы топуктуу кишисинди.— Бир килемди олжо көрүп жарыктык, тиги, төрттүлүк малдын төрөсү Ойсулатаныжылаңачтаганыбыз осол болор. Килеми деле сиздики болсун,— деп Албан тамашага бура сүйлөдү.— Бали, бали! Бул бекер жигит эмес. Нарктуу кетип жатат. Күч колунда гана эмес, тидинде да баркөрүнөт, — дешти туура жактан сөзгө кыпчылгандар. Албан камчысын бүктөй кармап билер билбесобдулуп койду. Анан анысын жазгап:— тетиги төрт тайды тыяктагы төрт болушка калтыралы. Баса,жайдак, жылаңач бергенибиз жакшы болбос, копол болуп калар. Төрт тайга чапандардан төртөөн жаапкоёлу — дей бергенде, миң башы кыткыт күлдү.— Жөнү бар үкөм, жөнү бар. Өзүң эле бил — деди. Чоңүйдөгү күлсө, кичүү үйдөгүлөр ырсая берет эмеспи, жанагы сөздү уккандар да, укпагандар да, биринбири туурап дуу каткырышты. Албан ат үстүнөн дагы обдулду.— Эңишке атын берген кишинин да акысын жебейли. Чапандардынбирин жаап торпоктордун бирин ат ээсине жетелетели. Муну кандай дейсиздер?—деп калкка карады.— Туура. Ат ээсинин акысы чоң,— дешти, сөзгө кулак тосуп, ооздору ачылып тургандар.— Баса,— деп Албан сөзүн арылатты. Үч күндөн бери бир карыя киши өз атабыз катары артыбызданкала элек, ээрчип жүрөт. Бир торпокту жетелетип, бир чапанды чалыбызга жабалы!Чабалактап тургандар чалдын олжосу жөнүндө сөз болгондо күбүршыбыр сөздөрдү кайдигер айтыпгана жөн болушту.— Эми эмнебиз калды, карап көрөлү. Эки торпок.төрт чапаныбыз бар экен. Мал тапкандын жазы жок деген, тиги эл сөзү бар эмеспи! Эки чапандыиним экөөбүз ийнибизге салып, эки торпокту экөөбүз мурдунан жетелеп эл катары тиричилик кылалы.Калган эки чапан умунган—умсунгандардыкы болсун. Кандай дейсиздер?! — Үкемдин олжо бөлүшүнөн да сөзү мыктай болду. Учу узарып, көшөгөсү көгөрсүн. Илайым экидүйнөдө кем болбосун,— деген алкыштарды айтып миң башы алакан жайды. Калк анын сөзүн кайталапчуу турду. Бул жерде аркы төрт болуштан да адамдар бар экен. Уккан, көргөндөрүн төкпөй чачпайболуш, бийлерине жеткирүүгө шашылышты.Ошентип, бул жерде көзү менен көрүп тургандар да, алардын айткандарын уккандар да Албангаыразы болду. Ошончолук чоң той берген Маты байга караганда, беш болуш элдин калкы Албандыкөбүрөк даңазалашты. Жалгыз гана кедик чал АлбандЫн бу жолку жоругун жактырбастан езүнчө элечабалактап күйүткө түшүп жүрдү.— Жаштык кылып койду. Марттыктын да чеги болбойбу. Төө менен килемди өзүнө калтырып,берешен болсо башкасын бербейби. Эч болбогондо, килемди алып калса боло. Тыякта жүргөн төртболушка төрт тай, төрт чапанды бере салганын кара. Алар малдан, кийимден жутап жатыппы?Эчкимисине эчтеме бербестен бардыгын өзү алса, бай болуп жатып калбайт беле! Жаңылды. Чоңжаңылды. Бу же көөп жүргөн жигит. Же дүнүйөсү ташыган эме. Кайран мал. Кайран олжо. Таратыпжиберди. Талатып жиберди...Ошентип күйкөлөктөйт. Башын чайкайт. Атынын оозун кагып силкет. Дүйнөдөн, малдан тойгон эмеболсо, башкаларды коюп мага эле чогуу берип койсо эмне. Ирденип, эл катарына кошулуп калбайтбелем. Адашты жигит, адашты. Текеберленип койду. Мындан ары мындай олжонун үстүнөн чыгакойбос. ..Аржактан Бекиш бастырып келди. — Аксакал! Тиги үч торпокту кошоктоп айдап алыңыз.Чапандарыңызды бөктөрүнүп кете бериңиз. Бүгүн, бүгүн болбосо эртең сиздикинде болобуз. Абакемошентип айтып кой деди. Ошентиңиз! Ошондой дегенде чал кудуңдай түштү. Тигиндейлеп алгандан кийин жогорку сөздөрүн айтып дагыэле кейип кепчип жүрүп отурду. Миң башы өз оозу менен:— бүгүн да мында болобуз. Бей жооп биржакка кетпегиле, — деген. Анын сөзү боюнча мында калышты. Экөө азыр айылдын сыртында серүүндөпотурушат. —Деги эмне болуп эмне коюп жатат? Же түшү.м же өңүм экенин ажыраталбайм! Деги жаманжигит окшойсуң. Качы билдин сени куугунтуктай турган жөнү бар экен,— деп Бекиши Албанынтамашалапт. Анысы күлүмсүрөп коёт.— Жаткан алдамчы турбайсыңбы, Абаке! Түндө өзүңө тийген бир кесим этти туурап бере коюп миңбашынын бир табак этин алдап ала койдуң. Бүтүн бир жигит менен ары кетсе бир саат тытыша коюптолуп жат. кан олжо өндүрүп ала койдуң. Аныңдын баарын атам тааныбаган болуштарга таратып жоккылдың. Кыздын көөнү кызылда эмеспи, чынымды айтсам, жанагы төө менен кеткен килемге ичимачышып эле калды,— дейт. Жакындап сөйкөнгүсү келет.. Кучактап эркелеткиси, көкүрөгүнө баскмсыкелет. Ар жакта жүргөндөр байкап коёбу деп ийменет. Аял башын эркек көрсөтүп кубулуп жүргөн эме,бирөө болбосо, бирөө байкап коёбу деп ардайым кысылат, жүдөйт. Аял болуп ачыкка чыга келүүнү даойлойт. Андай болгондо эркек болгон жерге жолой албай калат. Эркектердин арасында жүрсө сонунсонун сөздөрдү утат. Кишилерди көрөт.— Ээ Абаке! Бир эсептен Элмурат миңбашыга деле бир тай, бир чапан берип төөнү, килемднөзүбүзгө калтырсак болмок экен—э!—деди. Кыязы килеми эсине кайта келе калды көрүнөт.— Э Бекиш мырза! Суудан алып сууга куйдук. Биздин эмнебиз короду? Элмурат миңбашыныношончолук эмгеги болгон жокпу? Мурда күнү таалайыбызга акиши келип калбаганда, ким билет. Бүгүнтойдон олжо алат белек, же ошо күнү өзүбүз олжого кетет белек? А киши болбогондо ушу тойго кайданкелет элек? Эңишке бүгүн мени ким чыгарат эле? Ойлоп көрчү!— Түшүнөм Абакеси, түшүнөм. Бүгүн тапкан олжоңду беш болушка үрөн чачкандай чачтың. Түшүмүжакшы болгусу бардыр, — деп Бекиш оозун жыйып алгыча, бир жигит лыпылдай басып келди да,болуш, бийлер Маты байдын чоң үйүнө чакырып жаткандыгын айта салды.— Баралы,— дешип экпжигит жер таяна козголушту. — Келиңиздер аркалык үкелер! Куш келипсиздер! — дешти. Төрдө отурган бирөө колун жаңсапАлбанга жанынан орун көрсөттү. Чай сунуп жүргөн жигиттен башкасы жашы улгайып калган, жанаулгайып бараткан адамдар экен. Сакалдуу адамдардын алдын тепсеп төргө өтүүнү Албан ылайыккөрбөдү. .Босого жактан отурууга орун издеди.— Өтүң, өтүң. Казымдын жанына бара калың,— дешти..Албан адеп сактап кыңырылды, жыйрылды. Ошентип турганда аркылардын бири шып эте тура калдыда. колтуктан алып казы көрсөткөн орунга алып барды. Албан кымырылып чөк түштү. Казы —оомийин! —деп кол жайды. Бардыгы алакан жайып дуба кылышты. Казы тоорула карады.— Үкем алжайыңды уктук,— деп сөз баштады. Пейил күткөнүбү же өзү пч маңка адамбы, добушун оозунанчыгарбастан мурдунан киңкилдей чыгарып сүйлөдү.— Үкем, болдуболбоду тектүү атанын кулуну окшойсуң. Бүгүн эңишке чыгып соорун алдың.Анынды оз көзүбүз менен көрдүк. Бей үмүт калбасын деп бул жерде отурган бий, болуш, казыларга жолайтып төрт тай, төрт сый тон жиберипсиң. Тоюндук эмес, кенүлдүк. Ар ким сыйлагандын кулу. Өзүңөкул болуп калдык — дегенде, Албан — кулдугуңуздар кудайга,— деп жиберди.— Бали, үкем, бали!Бардыгыбыз кудайдын кулубуз,— деп казысы түшкүр Албандын сөзүн аласала кубаттап койду.Башкалары келме келтирип жакасын кармашты. —Үкем, эки дүйнөдө кем болбо!—деп казы алаканынжайды. Отургандар анын жолун жолдошту. Анан казысы бул жердегилерди тааныштыра отурууга өттү.— Элмурат миң башыдан алжайыңды уктук. үкем! Үкен экөөң ээрчише жүрүп эл тааныйлы, жертааныйлы деп жүрүпсүнөр. Аныңар дурус. Аты барда жер тааныш, атасы барда эл таанып коюш жаманэмес, жакшы иш. Ошенткиле,—деди да, жер карады. Анан башын эргитип койду. Сөзүн улады.— Өзгөн тараптагы калк азыр беш болуш: «Капчыгай», «Куршап», «Өзгөн», «Ясы», «АкЖар». АларӨзгөн шаарындагы приставга карайт. Анысы Оштогу уезине баш ийет. Уези Ферганадагы областына,анысы Ташкендеги крайына карайт—деди. Беш болуштун миң башы, бий, казылары ушул жердеотургандар экен, тигиниси— тиги, мунусу—бу—деп бардыгынын атыжөнүн, кайсы урууданчыккандыгына чейин териптепчиди. Өзүнүн аты Жаныбек экен аны да айтты. Уруусу «Базыс» экенмунусун да сөзүнө аралжылады. Жаныбек эмки сөздү эмнеден баштарын ойлоно калганда — казым!Куптан намазьш окуп анан сөзгө биротоло баса отурбайлыбы! —дей калды Элмурат миң башы.Намаз окуш үчүн жапырт тышка чыгышты. Даараты сынгандар кайталап даарат алды. Айылдынчетине чыгып бирөө аңгырап азан айтты. Эр бүлөдөн бири калбай сап тартып катарга турду. Казыиймамчылык кылып бардыгын намазга жыкты. Албан менен Бермет өздөрүнчө ар жакта болду. Алачапан, чаарчык топуну өзбектер гана кийет деген ойдо жүрүчү экен.— Бул тараптын кыргыздары делекие берет турбайбы? — деп Албанга Бермет ошону айтты. Көп сөздөрүн түшүнбөйт экен, анысын дасөзүнө кошумчалады. Албанды төргө еткөрүп булардын урматташына көңүлү көтөрүлүп жыргапкалгандыгын эсине салды. Тигилер намазын окуп үйгө киргенде алар« да кошо кирди. Кыйлага чейин үйичи тымтырс болду. Анан кай бирлери «Я—алла!» деп келме келтирди. Кай бирлери күбүршыбыр болуптеспе тартты. Кай бирлери чөктүшүп отуруудан мандаш уруп отурууга өттү. Дагы бирөөлөр селделеринкерегелердин башына илди. Диний салттар ишке ашырылгандан кийин жайланыша жай отурууга беталышты. Мындан аркы сүйлөнгөн сөздөр кудай, куран, байгамбар, бейиш, тозок, күнөө, сооп жөнүндөайтылды. Отурущтары менен айткан кептерине караганда ар бири алажип аттабаган абдан такыба адамсыяктанышат. Бейишке баруунун гана жолун тазалап, башка бардык.дүйнөдөн аша кечкен сопу, койоозунаи чөп албаган момунсунушат. Бирөө сүйлөсө башкалары баштарын чайкап ылаалайт. Же, жакасынсыга кармап «я—алла!» деп улутунат. Көздөрүн үргүлөтүп талмоорсушат. Кейпи, адам гана эмес, үйтүгөт кекчилге да кара санабай турган, эч бир жанга кылча кыянаты жок эмелер болууга тийиш. „Албаны да, Бермети да тигилер жөнүндө ошондой пикирге келди. Соорунга (байгеге) алган төрт тай,төрт чапан, килем жабылган төө өз ээлерин тапкан экен. Туура берилиптир—дешти ичтеринен.Бул жердеги бүгүнкү сөздүн кебүн казы сүйлөдү. Сөздөрүнүн бир жеринде:— үкем, биз силертараптагы кыргыздарды «Аркалык» атайбыз. «Казак» деп да коюшат. Бул тараптагы. кыргыздарды силер«АлайАнжыяндык» дейсиздер. «Сарт» деп да коёсуңар. Өзбек туугандар кыргыздар «кызыл иттен»таралган имиш дешсе, «сарттар» сары иттен таралыптыр дешет кыргыздары. Анын бардыгы адепсизадамдардан чыккан сөздөр. Ит тукуму ит болот, адам болмок беле, үкем? Бул тараптагы кыргыздардыничкери — тоо этеги талаатүздөгүлөрүн «Ичкилик» дешет. Тоо өрөөндөгүлөрүн «тоолук» же «сырттык»деп коюшат. «Анжиян», «арка» деген сөздөн улам мындагылар силерди «Аркалык» деп калышкан. Айылалыс болсо, ара ачылып кетет турбайбы. «АнжиянАлай» менен «Аркалык» туугандардын байланышы, өзара катышы узак убакыттардан бери үзүлүп калган, — деген сөздөрдү да айта кетти.

#28 12 November 2015 - 13:07
16-бөлүм.
Күндөр өтө берди. Жыл эсеби он жетиден он сегизге өтүп, анын кышы да капортолоп калды.Балбанын ээрчитип, күлүктөрүн жетелеп аш аңдып, той тойлоп топурап жүрүүчүлөрдүн аягы датыйылды. Мандикер, чарекер, сугатчы, орокчу, күндүкчүлөр иштөөгө иш таппай эчак эле сандалыпкалышкан. Албан менен анын Бекиши күз башынан бери баягы кедик чалдын үйүнө байыр алып ошондотурушат. Өзүнө караганда чалдын байбичеси төртбеш эсе көлөмдүүлүк кылат. Сырткы көрүнүшүошончолук кенен болгон менен ичине кара таруу айланбаган өтө тар киши. Көрген, укканын бир заматкада ичине батырып тура албаган ачык ооз аялдардын бири как эле ошо кишинин өзү. Калп айткандыбилбейт. Каңырыш уккандарын чындык сыяктуу акылдап айта берме адаты бар. Албууттугу да өзбашына кенен жетишет. Ал эми, сынтаакчылдыгын сиз сурабаңыз, биз айтпайлы. Башка аялдардын бирэле кемчилигин байкап калса, аны айлап, жылдап эсинен чыгарбайт. Айтат да жүрөт. Уга турган кишитабалбаса өзүнчө жүрүп деле ошону сүйлөй берет. Андай кемчиликтер керт башында да жок эмес.Сүйлөгөн сөзүндө, бышырган ашында, үй күтүүсүндө, кийим кийишинде жана башкаларында толупжатат. Анысынын бирөөн эле айтып койсоң, айгышкан жоосу болосуң да каласың. Экинчи сүйлөшпөйг. Атың угулган жерде мурдун чүйрүп терс карайт. Өлүмжитим, ашка, тойго барганда гана бутуна маасыкийбесе, жыл бою багалегин балпылдатып жылаң бут, кепичиби, галошубу, айтор эмнеси болсо дабашытумшугу туюк бирдеме болсо жарайт, бутунун кетменине иле коюп жүрө берет. Чалы кедеңдепбашкаларга кежир. Кемпирине тил алгыч. Ыгы табыла калган жер болсо, кемпирин көтөрө чалып мактаптуруудан да кайта тартпайт. Экөө тең динге бек. Орозо дегенди жыл сайын катыра кармашат. Беш убакнамазды күн сайын жазендешпейт. Бирок, намаз окуп жүрөт деген аты гана бар. Намазда айтылатургандардын жүздөн онун да оңчулуктуу билишпейт. Эптеп шыкка жөлөй салып жүрө беришет.Кедик чалыбыз күндүзү үйүнө байыр албайт. Майдабачек соодагерчилиги бар. Ийне, жип, күзгү,тарак, ширенке, самын сыяктуу көржерлерин артынып алат да, чокчоюп кыдырып кетет.— Торпоктусатам. Байбичеге намаркен маасы, галош алып кийиндирем деп желигип калышына бир жумача болупкалган. Бүгүн таң заарынан турду да торпогун алып базарга кетти. Күндүн мурду тоо баштарын чалганкезде Өзгөн шаарына жете барды. Кире бериштен бирөө жолугуп торпогуна соодалаша кетти.— Канча берейин?Чал мурдагы базар баасына караганда эки эсе кымбат сурады.— Бар береке тап! Зарылып турганэлем, — деди да, тиги киши сураганын санап берди.— Качан болсо да эртең мененки соода жакшы болот— деген сөздү айтып тиги киши торпокту жетелеп жөнөдү.— Зарьглдын пулу күйсүн кылып койдумбу— деп чал алуучуну биртике аяп калды.— Мен аны зордогонум жок. Өз убалы өзүнө. Эми. кемпиримдинкерегин алайын деп боз чологун бойтоңдото бастырып базарга барды. Базарчылар баягысындай көп.Бирок, саткан киши да, алган киши да көрүнбөдү. Дүкөнчүлөрдүн дүкөнү жабык. Ашпоз, чайчылардынбирөө да иштебейт. Ала кой! Бере кой деп акылдап туруучулардын эмнегедир эңсөөлөрү кесилип,демдери сууп калган. Бардыгы тегиз кабарчыктайт. Сөздү эч биринин кыртышы сүйбөйт.— Тигиннсинебирдеме деди эле —ээ, бара берсеңчи — деп кейиди. Мунусуна кайрылды эле,— я кет ары — деди.Буларга эмне болгон. Бүгүн баркгыгынын атасы тегиз өлгөнбү — деп боз чолоктун оозун кекейте тартыптуруп калды. Майдабачегинен алып сатып жүргөн бир соодагери бар эле. Бир аздан кийин ошонусунунүйүнө барды. Анысы эшик алдында үңкүйүп жалгыз отуруптур. Саламдашкандан кийин анысы:—базарга келдиң беле?— дей калды.— Ооба. Базарчылайын деп келген элем!— Эмне. Бирдеме алып келген белең?— Бир торпок алып келгемин.— Саттыңбы?— Шаарга кире берген жерде эле сатып жибердим.— Кире бериште эле сатып кутулган экенсиңго? Канча акча алдын? Көрсөтчү! Чал бышыксынып акчасын бекем катыптыр. Белин чечип буйдалып калды.— Ушунчалык акчага сатыпсыңго! Торпогуң өтө баа болгон окшобойбу. Ким алса да акча дегенэмени аябаптыр. Мына булары Никалайдыкы экен. Мунусу Керенскийдики. Мунусу Ташкен акча. Үйүңөалып барып бек катып кой. Азыр бул акчаларга эч ким соода кылбайт.— Себеби?— Буларың акча катарында кала береби, же эчтемеге жарабай калабы, анысы азыр белгисиз.— Андайболгондо менин торпогум күйүп кетеби? Тигиниси үңкүйүп башын ылаалады. Бир азданкийин — торпогун кеп урат. Угуп тур кыргызым. Никалай падша тактынан түшкөнгө он айбы же тогузайбы — иши кылып ошончо болуп калды. Анын ордуна Керенский дегени келген. Эми анысы да түшүп,анын ордуна башка бирөө болгон көрүнөт. Мындагы пристав жок. Көрүнбөйт. Эч ким билбей калышынакараганда качып кеткенби дейбиз. Баягыда жайнап жүрүчү стражник, полициялары да көчөгө чыккандыкойду. Алары да бирге качканбы, билбейм. Эми жаны өкмөт, жаны кишилер келеби. Же өкмөтү жок элеар ким өз оокатын өзү билеби, аны да айта албайм.Чал анын башка сөздөрүнө маани бербеди.— Кыскасы торпогуң күйүп кетти дебейсиңби? —деп күйкөлөктөдү. — Ооба. Торпогуңду күйгүзүп жиберипсиң. — Ой иттин оокаты ай, иттин оокаты ай. Ит болгон экенминго. Болгондо да ченеп болсомчу.Кедик чал катуу чабалактады. Атын чечип минди. Бир топ жерге барып кайта келди.— Эми ушунтип мен бир торпокко күйүп кетемби?— Күйгөнүң ошо да. Бир эле торпоктун пулу эмес, миң торпоктун пулуна күйгөндөр да аз болбосокерек, досум!— Ушуну көрмөк элем. Ченеп ит болсомчу. Кемпирге эмне деп барам?— Ит болдум деп барабер.— Бара берейин,— деп бастырып кетти. Биртике арылап барып дагы кайта келди.— Баса, эми үчүнчүсү падша болду дедиңби?— Ооба.— Анысы кандай эме дейт. Уккандырсың? — Угушума караганда — ортокчул болобуз. Бардык байлыкты ортого салабыз. Бай, жарды дебестентең көрөбүз — дешет көрүнөт.— Андай болгондо менин торпогум да ортого түшүп кететко?— Бар эми, үйүңө кетпейсиңби? Сенсиз да өз айламды таппай отурам.— Кеткенде эми үйүмө эмне деп барам?— Ит болдум деп ачыгын айтып бара бербейсиңби! Менден чоң ит болгондор да бар окшойт дегин.— Ошентейин. Кетейин,— деп бастырып кетти.— Ошентип барам. Мен бир эле торпокко итболупмуң. Менден чоң ит болгондор да жок эмес экен — деп бара берейин — деп күңкүлдөдү. —Кечинде баягылар келет. Эмне кердүң, эмне уктуң?—дешет. Дагы жаңы падша болуптур дейм. Аты кимэкен дешсе эмне дейм? Кой. Узап кете элегимде кайта барайын да, ошонусунун атын биле кетейин,— депкайта бурулду.— Ой, курдаш[ Жанагы жаңы падшанын аты бар эме бекен? Аты болсо ким деген эме көрүнөт?— Ледин.— Ледин бекен?— Жок. Ледин!— ИЛедин — дечи!— Ооба, ооба. Бара бер.— Ит болдум, байбиче ит болдум. Болгондо да ченеп болсомчу! — деп үйүнө барды.— Ит болгону кандай? Киши эле бойдон турасыңго?— деп байбичеси көзүн акшыйтты.— Торпокту алдатып жибердим. Ме, акчасы мынабу. Катып ташта.— Алдатканың ушубу? Деле көп акча турбайбы! — Ооба, көп акча. Бек катып кой,— деди да, бир жакка бастырып кетти.Бул айланадагылардын бардык аракети эрте жатып эс алыш. Эрте туруп жумуш жасоо. Жан багуу.Жан багыш үчүн кетмени кекеңдеп колдон түшпөө керек. Кетмен чабууга жарабай калса, катарданчыкканы ошо. Айланада эмне болуп жатканын бир укса кедик чалдан угушат. Кыдырып соодасын дакылат, бир жерден көргөнүн экинчи жерге ташып жеткире жүрөт. Азыр аркы кыштоодогуларга барыпбүгүнкү уккандарьга баяндады. Адегенде кандайча ит болгондугун айтты.— Ледин деген падшаболуптур. Бүткүл байлык ортого салынат экен. Бардыгын бай, жарды дебестен чогуу — бирге, теңкөрөбүз дептир. Кедейлер иштеп, пайдасын байлар көрүү жок болсун дептир,— деди. Уккандарын аркимиси ар кандай жоруду.— Андай аттуу күн кайда!— Анчейин бирөөнүн ойлоп чыгарган сөзүго.— Кантип эле ошондой болсун.— Кудайымдын өзүнөн буйрук болсо, неге болбосун.— Андай буйрук бере турган кудай деле калган эмеско.— Кудайга шек келтирбе. Келме келтир.— Кеп эле келмеде болсо, анысын кемите элекмин. Кетменди бир чапсам бир, миң чапсам миң келмекелтирип жүрүп деле оңоло алганым жок.* — Дүйнөдөн түңүлүүгө болбойт. Үмүтсүз шайтан.— Жаңыдан падша болгон кишинин аты ким экен дедиң?— деп угуп тургандардын бири такыпкалды. — Ледин!— деп кедик чал кекирейип койду. Кай бирлери — Ледин — деп кайталады.Кандай деген менен да, бул айланада Лединдин ысмын биринчи уккан киши ушу кедик чал болду.Башкалары андан угушту. Кечинде үйүнө келди. Аттан буту түшө электе байбичеси тамдын аркасынкарай суйрөп башында алты түтүндөн бир киши андай жумушка алынган. Алардын өлгөнү өлүп,өлбөгөнү быйыл жазга сандалып келе берди. Алар жөн келишкен жок. Мурдараак келгендери падышаөкмөтү кулаганын айта ^келишкен. Кийинчерээк келгендери Керенский өкмөтү ойрон болгонун айтыпкелишти. Бул тараптагы калк Большевик, Ледин, азаттык, теңдик, байга жарды тең — деген сөздөрдүошол согуш жумушунан кайта тирүү келгендерден угушту. Албан менен Бермет—андай сөздөр биздинэлге жете элекко. Согуш жумушуна биз тараптан киши кетпей калбады беле дешет.— Качы бий эмикудайдан коркор. Кудайдан коркпосо да элден уялар. Эл элчилигин кылбай койбос. Калыс сөздөрүнайтып арачалап алууга жарай турган адамдар да болор, дешет. Тезирээк эле кете берүүнү эңсешет. Бирок,жол алыс. Анын үстүнө жер ээн, каракчы деген каргыш тийгири да бар. Мынча болду эми, күзгө чейинчыдай туралы. Күзүндө мал айдап келген аркалыктар менен кетели деп калышты.Керим бүгүн кечке чейин эле чикерттеп жүргөн. Кечинде келгендердин сөзүнө да катышкан жок.Жантайып жатып алган. Ар ким укканкөргөнүн айтты. Сүйлөнгөн сөздөрдүн көпчүлүгү кыштактардабай, кедейдин жиги ажырап, кедейлер чыйрала баштагандыгы жөнүндө болду. Ошондон улам, Жоро бултараптагы кыргыз байлары да сүткор, кызыл кулак, ач көз, соодагер болуп кеткендигин айтып кеп салды.— Эл жакырланып кетти. Жер, суунун бардыгы дээрлик байлардын колуна өттү. Чарба күтүш үчүнжалгыз гана жердин болушу жетпейт экен. Унаасы, үрөнү, шаймандары болсо гана жердипайдалангыдай. Бирөөндө жер бар. Ылоо, үрөн, шайман жок. Аларды сатып алыш үчүн пул керек. Ананайласы түгөнөт. Жерин сатып жиберишке мажбур болот. Ошентип, кедейлерде жер кал. ган жок. Сатыпжиберишти. Байлар ылоо, үрөн берет. Өз жерин өздөрүнө кайта иштетет. Жери — бир энчи; ылоосу —бир энчи; үрөнү — бир энчи. Кедейлер иштеп канча түшүм алса, төрттүн үчөө байдыкы. Бири иштегенкедейдики. Ошентип иштеп, төрттүн бирин алган кедейлерди «чаракер» деп коёбуз. Андай шарткачыдабагандар күндүккө иштейт. Андайлар*«мандикер» жумушту чекенелеп иштөөчүтлөр делет.Кедейкембагалдар ошентип жаздан тартып кеч күзгө чейин кара жандарын карч урат, тапкандарытамагына жетпей, кайта банларга карыздар боло беришет. Ким билет. Заман оңолуп бирдеме болбосо,азыр кедей кембагалдардын күнү каран — деп улутунду Жоро. Сөзүн кайта улантууга камынгандатыштан эки аял кирди. Бирөе Керимдин аялы Тилен. Экинчиси чоочун. Отургандар Тилендн коюп, беркижаш келинди тиктеп калышты. Бир оокамдан кийин: — Тилен, бу кайсы келиниң? Тааныбадык! —дейкалды, Жоро.— Бекиш — Бермет деген келиним ушу!— деди Тилен. Экөе бирдей орун алып отура кетишти. Албанкүлүмсүрөп жер карады. «Бекиш» деген сөз кулагына чалынганда Керим чыканактай калып башынкөтөрдү. Шек уруп жүргөн Бекиши жигит эмес, .келин экендигин туюнгандан кийин, Керим кайтажантайды. «Кудай чоң сактаган экен. Арам оюмду айтып койсом абийрим таза кетмек турбайбы» депичмекейин ичине сактады. Эчтеме билбеген, эчтеме ойлобогон, анчейин оорудан чикерттеп жатканкишисинип тим болду.Ошентип, Тилен Берметти ачыкка чыгарды. Керимдин кабагы кайта ачылды. Бирок, ачыкка чыгууданБермети да, Албаны да пайда тапкан жок. Эми аларды Жаныбек казы менен анын уулу тооруп алды.Он сегизинчи жылдын жайында Жаныбек казы Фергана шаарына барды. Андан Маргалан, Коконгодейре кыдырды. Кайта келер менен өз айлындагы тилин алган кишилерди куралжарак менен жабдыйбаштады. Бир күнү бир уулун Албанга жибериптир. — Албан мага жигит болсун. Минерине ат, кийеринетон, үстүнө үй берем. Куралданган бир канча кишиге башчы кылам — дептир. Анысы Албанды четкечыгарып ошо сөздөрдү айтты. Ал жерден Албандын аялын көрүп көзү түшүп калды. Атасынын дартыАлбанды басмачылыкка пайдалануу, анан ал аркылуу аркалыктар менен байланыш түзүп, басмачылыккакөтөрсөм деген максаты бар экен, анысы кийин түшүнүлдү. Уулунун дарты эптеп Албандын көзүнтазалоо, аялын арттырып алыш болуп калыптыр. Анысы— жүр. Баралы. Атам чакырып жатат — деп күнара келе берүүчү болду. Акыркы келишинде:—эгер келбей турган болсо, менден жакшылык күтпөсүн, —дептир, анысын айтып кетти.Бул тараптагы элдин эмки сөзү басмачылар жөнүндө— Басмачы деген ант ургурлар элди жандан да, малдан да түңүлтө баштады. Бу балакетти адегендеМаргалан, Кокондон чыккан улуу Эргеш, Кичүү Эргеш дегендер баштаптыр. Андан кийин Өзгөндүн«Келдүгүнөн» «базыс» Жаныбек казы менен Калыбек дегени басмачылыкка еттү. Жаныбек Кокон,Маргалан, Фергана жакка бир айча жүруп кайткан экен. Кейпи, басмачылыкты ошо жактан үйренүпкелген түрү бар.«Саламалек» багытьшдагы Бөлөкбайлардан Абдылда бек, Кош этер дегендер; «Секелек» тараптагыМоңолдордон Кошбай, Арыкбай; КапчыгайКаманчы тараптагы Теңизбайлардан Ысмайыл; ТыяктагыКарабаргы — Сары баргылардан Алчакыр, Эгемберди; Гүлчөдөгү Тоокелерден Нишанбай; Өзгөншаарынын өзүнө — Эгемберди, Мамажан, Кайып, Мозголов; Өзгөндүн Ачысынан — Домо; Кемпирабаддан Кара багымш, Чомо, Кара кожо; Куршаптан Кара Санке, Сары Санке дегендер басмачылыккаколун курап чыгышты.Оштон — Калкожо; Аравандан — Молдодооран; Ноокат тараптан — Мойдун, Сайыпкары, Токопансат, Жаңыбай Эмин дегендер басмачылык кылып жатат,— деди да Төлөнбай ойлоно калды.— Анын бардыгын кайдан уктуң, кайдан билдиң?— деп калды, үрөйлөнүп отурган Жоро. Төлөнбайшар кетти.— Мен да өзүңөргө окшоп бул кыштактагы орустарга үйүрмүн. Жаздан тартып күзгө чейинсугатчылык, орокчулук кылам. Кыш күндөрү табылган башка жумуштарды жасайм. ӨгүнчөрөөкАстафиев Перикион деген мындагы бир орус мени издеп жүргөнүн айтышты. Кандай жумушу болдуэкен деп бара калдым. Ал жерде Галушков Григорий, Асташков Павел, Хрущев Иван, Чернов Антонжана менин бир жакын жолдошум Мураталы, дагы башкалары отуруптур. Сөз басмачылардан коргонуу,коргоо отрядын түзүү жөнүндө болуп жатыптыр. Кайсы жерден кимдер басмачылык кылып жатканыношол жерде уктум. Ал жерде Ош жактан келген бирөө бар экен, ошол киши айтып берди. Анан,Мураталы экөөбүз батрактардан кырктан ашуун кыргыз таап отрядга киргиздик. Азыр коргонуучараларын көрүп жатабыз. Ал эми, бул эки жигитиңер КөкАрт тарап менен элине кайта кете алышпайкалды. Басмачылар минтиптурганда аркадан мал айдап келүүчүлөр боло койбос. Мында, меникине кала беришсин. Экиүч жигиталып, эртең болбосо бүрсүгүнү түн катып ЖалалАбадга жеткизип коёюн. Анда бара турган өзүбүздүн дажумуш бар. Паизга түшүп Ташкент аркылуу кетишсин,— деди Төлөнбай.Кайтакайта кош айтышып Керим менен Жоро айлына кетишти.

#29 12 November 2015 - 13:15
17-бөлүм
Бир келинчек эки челекке суу көтөрүп келатат. Кыпшалактап майышат,. матала басат. Биртке жергебарып бир тынат.— Суунун алыстыгы ай,— деп андасанда кейип коёт. Анчамынча тыныгып алып кайтажөнөйт. Акыры жалгыз кепенин жанындагы алачыкка жакындады. Асты утур атчан бараткан бирөөжандай салып өтө береринде камчы менен айдалыга басып алды да, кете берди. Келинчек чыңырыптүйүлүп түштү. Эки челек эки жерге кырданды. Камчынын запкысы аркасын сыздатса, алыстан араңалып келаткан суусу жайнап калышы ичин тызылдахты. Жаны кашайган жаш келин «чыр» дей түшкөндө— өлүгүңдү көрөйүн,— деген сөз розунан чыга качты.— Эмне дейсиң, сетердей болгон албарсты,— дептиги киши атынын башын кайра бурду.— Өлүгүмдү көргүң келеби? Мына сага көргүң келсе, эмп чындапкөрсөтөйун. — деп камчысын үйрүп качырып сала берди. Камчы канча тийсе, келинчек ошончочыңырды. Аягы жерге андасанда бир тийип качып баратты. Чырылдап кепени тегерене жүгүрдү.Алачыктан атылып чыккан Шарше:—силерге жин тийип жүрөбү?—деп биртке элее карады. Кубалапжүргөн кишини тааный коюп — бийдин уулу турмак кулайдын уулу болсоң да чеберде эми,— депчылбырына жармашты.— Мунусун кара. Кудайдын уулу болсоң да дейт турбайбы. Кимдин уулуэкендигимди таанытайын, — деп төбө талаштыра камчы менен тартыптартып жиберди.— Кой эми ошончоңдо! — деп Шарше чылбырын коё бербеди. Кепкееөзгө келе коюучу кейпн жок.Башың-көзүң дебестен камчынын астына алып жиберди. Эчтемоденэчтеме жок, айыпсыз келинчегинкейиткендиги аздык кылгансып, эми өзүн сабагаюа күйбы«н жери күл болду.— Деле сенден келгендичогуу көрөйүн, — деди Шарше. Аттан оодара тартыл жыкты. Бут менен да, муш менен да келиштире«эмдеп- домдоду». — эсиңе эми келгендирсиң — деп кыйладан кийин жөлөптаяп кайга тургузду.Көкүрөк жагына тийбестен көчүк жагын келиштире ийлеп жибериптир. Сүйрөлүп зорго козголду.— Койдесе тил албадың. Ушуну көрмөк болчусуң. Мин атыңа мин,— деп атказып койду. Бийдин уулу азырыйлас сөздөр менен сегүнүүдөн башка эчтемеге жараган жок. Шайы кете түшүптүр.—Атаңды таанытаалбасам эле энемди алайын,— деген сөздү айтып жолго түштү.Качы бийдин ортончу аялынан төрөлгөн уландарынын бири ушу Эстебес. Анысын өздөрү «Тентек»деп эркелетишет. Оюна эмне келсе ошону ишгей берген чылгый бейбаш эме. Анын бир эле сапариштеген бейбаштыгын букаралардын бири иштесе, эчак эле элден чыгып калмак. Ал канчалыкбейбаштык кылса «бай баласы байга окшойт. Байланбаган тайга окшойт» дешип тим болушат. Эстебестентек келатканда Букара айылдагылар иттерин кармап үрдүрбөскө камынат. Антпеске болбойт.— Сенэмне үчүн итиңди тукуруп мага үрдүрөсүң?—деп урупсабап үйүнө корголотот. Кылдай эмеден кыйкымтабат. Карысыбы, жашыбы, аялыбы, эркегиби — алдынан чыккан букарага анын айта турган саламы биркамчы. Кимиси болсо да бир чаап өтөт. Тону түзүгүрөгүн, маселен Мантек, Чаки сыяктууларды аярдапакырын чабат. Тону начарларды чапканда кайкалай түшөт. Уулунун андай жоруктарына бий өзү машырболуп турат.— Ал бир жинди эмеспи. Теңелбегиле. Жайына жөн койгула,— деп көкүтүп коёт.— Бир элдин ошондой бир жиндиси болбосо эл бузулуп кетет,— деген сөздөрдү айтыпдаттангандардын эңсесин кесип таштайт.Канткен менен, Эстебес тентектн бир сапар Шарше гана эсине келтирди. Ал дагы андай ишкеачуусуна чыдабай кетип кабылбадыбы! Эсучун жыйгандан кийин жанын катар жай таппай жаманшашты. Караанын көрсөтпөй качып жоголууну ойлоду. Кантип качат? Кайда качат? Кайсы жерге,кайдагы элге барып батат? Баш калкалайт? Билбеди.Шаршенин башынын бир жери, бетинин эки жери айрылып кетиптир. Каньш жууп кебезжабыштырышты. Келинчегинин аркасында тамтык жок. Камчы тийген жерлери жондонуп калыптыр.Башынын да бешалты жери томуюп чыга келиптир. Эти ысыпкүйүп алдастай баштады. Кыңкыстапыйлап сыктады. Эстебес тентекти жаналы калбастан каргапшилей берүүгө күчүн чыгарды.— Бийдин уулуна каргышың өтпөйт. Бол. Эшиктешигиңди бекит. Кетебиз,— деди Шарше.— Кайда?— деди келинчеги.— Ийгилик акемдикине. Эстебес бозочудан бозого тоюп келатып Шаршенин келинчегине жолдон жолугуптур. ЭмиШаршенин таягын жеп алып кайта бозочунукуна барды. Старчын Сары, Мантек, Чаки, Кашкарбай элүүбашы, дагы толгон эмелер бозочунукунда экен. Даттанды. Таяк жедим деп түз айтыштан намыскылды. — Ызалады, кордоду,— деп жандата айтты. Аны укканда бардыгынан мурда бозочу катуутуураланды. — Кудай бетин салбай кал. Бул эмне деген кеп? Заман акыр болуп кеткенго? Ушундайда болобу?Бийимдин уулу бир чаап койгондо жарылып кеткидей анын катыны эмне, жумуртка бекен? Эстебесбарыбызды эле чаап ойнойт. Анын эмнеси бар? Жаман уул атасы өлгөндө бир көбөт. Катын алганда бир көбөт. Ой элүү башы Мантек? Шарше жетимиңер көпкөн экенго? Эстебеске тил тийгизгени, колтийгизгени бийимди сыйлабагандык болбойбу? Кайда жүрүп силердин айылдын уландары мынчалыкээнбаш болуп кеткен?.Бозочу семиз киши болучу. Курсагы салаңдап тизесине түшүп, эки бутун эки жакка тиреп калган.Кырынан жатканда да бутунун эки башы ачекей болуп ачылып туруучу. Эртең менен бети чийкилкөгүштартып турса, бозого тойгондо куду эле көк боорго окшоп көгөрүп кетүүчү. Ал ошентип чагымчылыктынбир топ сөздөрүн үрөп таштады. Анан көкөлөп көөдөнүн кетеруп тим болду. Бозочунун жаагыбасылгандан кийин старчын Сары Мантек элүү башыга бурулду.— Элүү башым, бу Эстебес иниң эмне деп отурат? Бозочуңуз эмнеге туураланып жатат?Түшүндүңүзбү? —деди.— Түшүндүм. Түшүнбөгөндө! — деп Мантек элүү башы түшүнүмдүү кишисинип мантаңдады. — Түшүнген болсоң эмне иштеш керек? Айтпайсыңбы! — Опуруп ташташ керек, Жапырып ташташ керек.— Кимди опурабыз? Кимди жапырабыз? Эмне кылсак опурулат? Канткенде жапырылат? Жондопачыгын айт!— Ачыгын айта турган болсом, бийимдин уулуна кол кайтаргандыгы үчүн жанагы Шарше деген ээнбаш эмени айыпка жыгабыз. Эстебестин астына түшүрөбүз. Ат тартып, чапан жапкыдай кылабыз. Койсойдуруп колун куушуртабыз. Ээн баштардын эңсесин мал кесет. Ошентип анын жиңкинин соолтобуз.Мантек элүү башы ошондой дегенде, бозочу сөзгө дагы кыпчылды.— Ошенткениңер оң. Бүгүнкү ичкен бозоңордун акчасында ошого төлөткүлө. Коюнда мында алыпкелип сойсун. Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет. Силердин аркаңар менен биз да сорпо ууртапкалалы. Ошентип бозого келгендер эмнеси болсо да бир туйтуна турган болду. Шаршени алып келиш үчүнкиши жиберишти эле, анысы таппай келди. Шаршеден өзүң өндүрүп аларсың. Бардыгын азыр өзүңмойнуңа ал. Тууган сеники дешти. Мантек макул болду. Сөз союла турган койго келип такалды. Бозочукым дей түштү, белен турган кою бар экен, айта салды.— Коюңа канча сурасаң ошончону Шаршеден өзүм алып берем. Опурупжапырып сойдуруп жибер,—деп Мантек элүү башы кортолоңдоп март кетти. Бозо куюлган аяктар кыймылга кирди. Бүгүнкү бозосунШаршенин эсебине өткөрүп кутулуш үчүн бозочу, жутунгандардын барына бердирип жатты. От жайнапказан кайнады. Эт бышып чыгарчыгар болгон учурда качы бийдин күйө баласы Малабаш тилмечжорожолдоштору менен келип түштү. Бардыгы өлөрчө мас. Кыязы орто жолдогу орус кыштагынанаракка ойбоорунча болушкан көрүнөт. Тилдерин чайнап булдурукташат. Оолжуп мүргүшөт. Бозо-чунукундагылар орундарынан туруп жарданышты. Тилмеч жайланып отургандан кийин гана көчүкбасышты. Адамдын камчы тийген жери какшап ооруй тургандыгын Эстебес тентек бугүнгө чейин такырбилүүчү эмес. Аны бүгүн гана туюнду. Бозого тоюп турбаганда мындан да жакшыраак түшүнмөк.Ошондой болсо да жакшы эле ооруксунуп отурган. Тилмеч жездесин көргөндө эреркээп чыдабай кетти.Даттанып сала берди. Аны уккандан кийин, мына эми, тилмечти шайтан сайса болобу, кара жиникармады .Мантек элүу башыны акырая карады. Анан колунда турган аяк менен уруп жиберди. Мантеккеаяктын өзү жетти. Бозосу тилмечтин өзүн да, ары жерде отурган Сары, Чаки, Кашкарбайды да булгады.Ажоругу аздык кылгансып алдында турган табакты тээп жиберди. Эт коломтодогу күлгө оонады. Чыгытөгүлүп күлдү буруксутту. Бозочунун үйүндө тыгылышып отургандар күлала болуп тура качышты. Биртарабы ашаткы жыттанса, бир тарабы күл жыттанды да калды.— Тапкыла. Алып келгиле. Ошо Шарше деген суволочту. Мен аны айдап кетем. Акесин таанытам,—деп өрөпкүдү. Жин тийгендей бурканшаркан түштү. Тышка чыгып атына минди. Ал жерде тургандардынаттуулары кошо аттанды.— Шаршеси гана эмес, жалпы Жамгырчы тукумунун көзүнө көрүнөм,— депжүрүп берди.Манапбайлардын балдарына арналып баягы жылдарда орусча окуу ачылган, ошондо уезд Качы бийдибир балаңды окут дептир. Бий өз баласын орусча окутууга ыраа көрбөй, анын ордуна Байшерининбаласын кармап бериптир. Ал бала ушу Малабаш. Ал орусча төртүнчү класс бүтүп тилмечтикке жараган.Уулу тилмечтикке жарагандан кийин Байшери бат эле байып сала берген. Тилмеч жигитти колго алышүчүн бий кудалашып бир кызын берип күйөө бала кылып алган. Ошо Малабаш Жамгырчы уруусуна өзүнтаанытып коюш үчүн, тигине каз канаттаган жоон топ киши менен, колуна түкүрүнүп, камчы сабынтолгой кармап кетип баражатат.Жамгырчылардын көпчүлүгү орус кыштагында, жыйырма чакты түтүнү ушу өрөөндө жаматташ, эки,үч үйлүү болуп ар кимиси ар кайсы коктуколотто. Малабаш бир четинен баштады. Кеч кирип калган.Адегенде кабылган эки үйдүн биринен бир аял баш багып карады да кайта качты. Экинчи үйдөн ортожашап калган киши чыгып манырайып тура калды. Ысмыска келбестен Малабаш аны камчы менен чакэткизе бир салды. Тиги киши башын сыйпалап кетенчиктеди. — Шарше кайда? Тап!— Кайда жүргөнүн көрбөсөм.
Көрбөй кайда жүрдүң?— деп Малабаш дагы чапты. Тиги киши башын качырып далысын тособерди.— Тап өлө элегиңде! — Э ботом. Кайда жүргөнүн же көрбөсөм же билбесем...— Тап дегенди укпайсыңбы? — деп камчысын үйрүдү. Тиги киши жазганып үйүнө кире качты.— Түшкүлө. Түшүп тыяк, быякты тинткиле. Үйүнүн ичин антаргыла. Тентергиле. Катып коюшту...Табылган жок. Аркы колоттогу үч үйгө барышты. Берки эки үйдүн кейпин тиги үч үйдөгүлөргө дакийгизди. Ошентип Жамгырчыларды жапырт кыдырды. Алдынан кимиси чыкса, ошонусун сабайт.Тилдейт, сөгөт.— Тап. Жаныңан үмүт кылсаң Шаршени тап, — дейт. Кыдырып кыйсыпыра сабапкелатат. Акыры Ийгиликтин үйүнө барышты. Быяктан таяк жегендер тыягынан барып ушунда чогулабериптир. Аттуу, жөөлү тургандардын карааны отуз чамалуу көрүндү. Био аз жазгандыбейм, Малабаштилмеч камчысын бүктөй кармап санына таяды.— Ийгилик барбы? — деди, Малабаш короздонуп. — Бар,— деди кимисидир, бирөө.— Чакьтрып койгула. Быякка чыксын.— Чакырбайбыз. Чыкпайт,— деди баягы киши.— Эмне үчүн чыкпайт?— Ийгиликте жумушу бар киши өзү барсын,— деди, дагы тиги киши. Ал жерде тургандардын арбиринин колундагы бакан, союлду көргөндөн кийин Малабаш мурдагьгсындай болбой, бир азжумшарьгп калды. Чаргьгта сүйлөдү.— Бу кандай? Ар кимин биоден баканга сөөнүп калыпсынар. Эмне, киши өлгөнбү? Өкүргөнүтурасыңарбы? Күүгүм кирип көз байланьгп калган. Аркы тургандардын арасынан:—Малабаш дегендин атасыБайшери деген өлүптүр. Ошо кишиге өкүрөлү деп турабыз, таксыр!— деген үн чыкты. Ошону менентирелишип турган эки тараптын бир азга жаактары жап боло түштү. Анан Малабаш атын моюнга бирчапты да, бура тартып жүрүп берди. Жолдоштору ээрчип алды. Үн жок, сөз жок кетип баратканда артжактан — табылды. Мында экен. Быякка жүргүлө — деп айкырган үн угулду. Ошо тарапты бет алааттарынын оозун коё берип, урдурган бойдон кетишти.Шаршени ар жактагы үйлөрдүн бирине катып коюшкан. Баягы өтүкчү чыккынчылык кылбагандатабалмак эмес. Өтүкчүнүн шыбышы боюнча Малабаштын тыякта жүргөн жигиттери катынып жатканжеринен экөөн бирдей сууруп алышыптыр. Келинчегин бирөө, Шаршени бирөө учкаштырып алган. Алжердегилер аздык кылып алдырып жибергендиктерин Ийгиликке кабар беришет. Ээндетип алып экөөнбирдей жанчышат дегенди ойлоп Ийгилик аттана чапты. Ал жерде союлдарын сүйрөп жүргөндөр кошожөнөдү. Алар кашатчанын кырына чыга бергенде — жалгыздыгы курусун — деп боздогон үн бир, экисапар Ийгиликтин кулагына таш ургандай шак дей түштү да, жок болду.— Жалгыздын үнүн кутурганиттер өчүрдү белем? Аянбагыла! —деп атына камчы басты. Чукул кирип барганда экөөн бирдей оонатыпкийиздей тепкилеп жатышыптыр. Тиги экөө онтоого да жарабай калыптыр. Келаткандардын дүбүртүнукканда атчан тургандары жайыла качты. Берки экөөн тепкилеп жүргөндөр аттарына жете албайтамтаңдашты. Күүлөнүп келаткандар бирден чабуу менен жөө калгандарын мойсоп өтүштү. Атытыңдары качкандарынын артына түштү. Шашып калган эр кулдарды куткарышкан жок. Бир жерденкатынбалаңдан айланайын Ийгилик! Жансоога! — деп бакырган үн чыкты. Ал үн тилмечтики экен. Бирөөмойнуна миниптир. Үчөө көчүгүн түрүп камчы менен ийлеп жатыптыр.— Айланайын Ийгилик аке, жан соого! Тезирээк жете көр! — деп Малабаш кыйкырып жатат.— Коё тургулачы! — деди Ийгилик жете барып, беркилер таштап коюп чыга беришти.— Жан соого, айланайын Ийгилик!— дейт, ичигине чалынып, будаланып тураалбай жатканМалабаш. — Ушу кордуктан кийин жандын кандай кереги бар, сага? Элдин бетин кантип карайсың? Өлүпалганың абзел эмеспи?— дейт Ийгилик. Малабаш кеп жебейт.— Жан соого!— дан башка сөз оозуна"кирбей калыптыр.— Муну тирүү коюп айбын тарткандан көрө, өлтүрүп кунун бериш абзел,— дешет аркы тургантөртөөнүн бири. Малабаш ан сайын жалынат.— Иттик өзүмдөн кетти. Жан соого! Бир бутум сындыокшойт. Бир колум да соо эмес. Көзүм өткүчө изиңди баспайын. Кулуң болоюн, Ийгилик, жан соого!—дейт. — Малабаш, сен жансооголабастан өлтүрүп кой дебейсиңби? Азыр өлсөң бир эле өлөсүң. Күн сайын,ар кимдерди көргөн сайын өлө бергенден көрө, эми эле чогуучаран бир эле өлүп тынганың абзел.Ойлонгун! — дейт Ийгилик.— Анте көрбө, катынбалаңдан айланайын Ийгилик. Тигил төртөө араң эле турбайбы?—деп Малабашооналактайт. — Намысы жок киши өлүмдү да, өлгөндү да билбейт,— деди Ийгилик.Шарше менен анын келинчегин атка өңөрүп Ийгиликтикине жеткиришти. Экөө тең сулк жатты.Жүрөктөрү соккону болбосо, кылайган кыймыл жок. Адегиче ар жактан дүпөдүп дүбүрт чыкты. Дүрбөпчыга калышса, үч киши өтүкчүнү тайтайлап келатыптыр. Бети башы кызыл жаян. Эчак эле энтиктирипкоюшуптур. Аны көргөндө Сыпайы байбиче:— олдо каранкатүкүн кишиай! Качанда болсо, душманга колтук ачасыңарда жүрөсүңөр—деп тура калды. Кумгандагы сууну куюп бети, башын жууду.—Тууганга кгграсанаган туура жарыбайт. Куйтулугуңуздан көрүңүз. Бир эсептен сооп болуптур. Чала.Тетиги тулуп болуп жаткан экөөнүн убалына көз көрүнө калбадыңарбы — деди. Өтүкчү энтигет. Эчтемеайтпайт. Ийгилик карап да койгон жок. Аркы жаткан экөөнүн колтугуна колун салып көрөт. Тыякбыягынкымтыйт. Жарданып тургандардын бири:— мынабу онтологон арбак ургурду мында эмне алыпкелгидей? Бийине баш оту менен жеткирип таштабастан, — деп туураланды. Ийгилик унчуккан жок.Башкалары да мелтирешти. Кыйладан кийин Ийгилик* оңдоно отурду.— Мелтиреп тура берүүдөн пайда жок. Барып үйжайларыңарды калтыргыла, биринэки малынардыайдап мында келгиле. Чогуу ушу жерде болгула. Бирөөң мужуктагы туугандарга кабар айтып, мындагыал жайды билгизип келгиле. Бул эки бечаранын абалы оор. Кулайдын орто жолунда жагышат. Не бар, нежок, белинерди бек курчанып белен тургула. Жалгьпжарым эки жакка чыкпагыла! —Түшүнүпатасынарбы? деди. Бул жерде турган туугандары анын сөзү эмнелер жөнүндө айтылганлыгын тууратуюнушкандыктарын баш ийкөе менен туюндурушту.
Качы бий дагы эле болушсунушун койбойт. Сары болсо бийдин сөзү боюнча старчынсынып жүрөт.Мантек, Чаки, Кашкарбайлар кадимкисиндей элүү башысыныштарын таштай элек. Кече күнкү чатактарон жетинчи жылдын ноябрь айынын алгачкы күндөрүндө болгон. Бозочунун үйүндө моюндарына бозотөгүлгөндөн кийин тиги төртөө башка жакка барып жуунупчайканышкан. Кийим селбип кийиптилмечтин тобун издеп жүрүп Ийгиликтикине барышты. Бул ереөндөгү Жамгырчы уулунун буту мененбасып, мурду менен тынгандары ушу жерде экен. Бардыгынын каны ичине тартып кумсарган. Бакан.союл дегендерди үйдүн сыртына жөлөп коюшуптур. Эч биринде үн деген, сөз деген эмеден эчтеме жок.Бир да бирөө келдинерби, койдуңарбы деп көнүл бурбады. Тиги төртөө делдейип туруп калды. Кыйладанкийин Сары атынан түштү. Берки үчоө да анын жолун жолдоду. Бнрок. мурдагыдай ат алган, курулайболго да алдастамыш болуп ат байлаган, чебеленимиш болуп сыпайылык көрсөткөн ошончо кишиденжалгыз жарым жан ботбоду. Аттзрынан өздөрү туштү. Өздөрү байлады. Эшик ачып эчкимеыпайыгерчилик этпеди. Эшикти да өздөрү ачып, өздөрү киришти. Салам айтышты. Ийгиликсаламдарын да атик алган жок. Кире бергенде гана бир караган,*анлан кийин киши келдиби же иткелдиби— кылайтып кылчайбай койду. Үйдүн капшытында өлү, тирүүнүн аралыгында жаткан аркыэкөөнүн колтугуна кол салып көрдү. Анан алардын баш, аягын кымтьгп жылуулады. Кайта келди датөртөөнө сыртын сала терс карап отуруп алды.Тыштан көргөндөрү тиги, үйдөи көргөндөрү бу болгондон кийин, төртөө бирдей тиштикти.Ооздоруна сөз кирбеди. Ал гана турсун бирин-бири астыртан карашка да жарай алышкан жок. Аркимиси өз кайгысын жеди. Ушу жерден аманэсен кайта кете алабызбы деген убайымга бастырыпкоюшту. Нес болуп катып калышты. Сыпайы жеңеде да мурдагы кыялжоруктан бирөө жок. Местейгенбойдон месирейди да калды. Атигүл, коломтодо өчүп бараткан отту да ичкерештирип коюуга козголупкойбоду. «Бул балаага кайдан келип кабылдык» дешип, тертөө төрт жерде тымызын бушайман болушту.Эгерде, Ийгиликтин оозунан бир эле сөз чыкса, бороонго моюн бербей тышта жүргөндөр төртөөн төртжерге баса жыгылуучудай сокур сезим жүрөктөрүн өйкөлөй берди. Тыштан добуш чыкса жалт карашат.Жүрөктөрүнүн согушу, кулактарына тышта аттын дүбүртү келаткан тарыздуу угулат. Көздөрүнөкимисин канча киши тепкилеп, уруп жанчып жатышынын элеси келет.Ошентип чай кайнамга жакын отуруп калышты. Кете берүүнү да ар кимиси өзүнчө болжоду. Тышкачыкса эле, жанагы көргөн бакан, союлдар баштарына жамырап калуучудай жазганышты. Бир кезде —иттер итчилик кылып койгон окшойтко,— деген сөз Сарынын оозунан чыгып кетти. Ал сөз оозунанчыкканын Сары өзү да сезбей калды. Берки үчөө да тиги сөз менин оозуман чыгып кеттиби деп ар бириөз оозунан шек санады. Кейпи адам катуу сүрдөсө, өзүн да тааныбай калжырап кала турган болсо керек.Сарынын тиги сөзү Ийгиликти кебелте алган жок. Сыпайы жеңе тескери карады да:—иттери итчиликкылып жатканда, киши сөрөйлөрү кайда жүрдү экен?— деди. Тигилер кайта таш тиштегендей болду.Жаактары мурдагыдан да катуулап карышты. Тескери караган бойдон Сыпайы жеңе өзүнчө сүйлөндү.Кейип кепчиди.— Иттери итчилик кылганда, эч болбогондо кишилери киншчилик кылса боло? Көп көргөнү берегиэптеп жандарын багып жүрген эки жетим болсо, жанчып таштаптыр. Жандары тынышсын. Кудайдынорто жолунда жатышат. Көпкек эле чанач. Киши кейиптери кеткен. Бул экөө кокустан ары карап кетсе,бул атанын балдары тыюу бере турган эмес. Колүбуздан келишинче, ооба, күчүбүздүн жетишинчекырабыз да, кырылышыбызча кырылып беребиз дешип дүүлүгүп алышты. Тетиги экөөнүн гана же ары,же бери болушун күтүп турушат. Эн обол бийине кол салабыз, казысын жарабыз, анан тыптыйпылболгуча кырылыша беребиз дешет. Мейли, ошентсе, ошентишсин. Деги эле жандан аша кечирипжиберишпедиби. Бийи бийсинет. Мейли бийлигин иштей берсин. Биймин деп эле жеткенче көбүгүн,жетпегинче сийдигин чача берсе, ошо да бийлик болобу? Ал айылдын эркектери гана эмес, катындары дабийсинип, чомочосун чоң көтөрүшөт. Балдары балдарга күн алдырбайт. Жада калса жанагы Каракулдеген эмеси да өзүнчө бий. Кимисиникин көтөрүүгө болот? Кимисинин бейбаштыгына чыдоого болот.Башкалар эмне, адамдан төрөлбөй иттен төрөлүппү? Кишинин кулагын кессе, кийиз кескендейкөрүшпөйт. Ошо сөздөрдү айткандан кийин Сыпайы жеңе бир аз кыйгач карап отурду. Тигилер дагы эле башкөтөрө албай, сенек болгонсуп, сенейген бойдон отурушат. Ар биринин эсидарты аманэсен кутулупкетүүдө. Башка эчтеме ойлоруна келбейт. Ийгилик өз санын мыжыгыпмыжыгып коёт. Оң карабайт.Сыпайы жеңе кайта сүйлөндү:— Кубаткулдун атасы тигине, өзү бул жерде отурбайбы. Туугандарына эмне деди, өзүнүн көзалдында өзүңөргө айтып берейин. Угуп койгула: эгерде тетиги экөө ары карап кетсе, жалпы Жамгырчытикеңерден тик туруп, аруу жуугула. Ак кепиндеп жайына койгула. Анан мүрзөдөн чыкканда элеөкүргөн бойдон бийдикине түз баргыла. Бийди өлтүрүп жибербестен, өлөрчө кылып алып жөнөгүлө.Чыр- Дөбөнүн чокусуна казык кагып байлап койгула да, Олжобай болгон жерин ошо жерден тосупалгыла. Анан кырылыша бергиле. Бий өз көзү менен көрүп турсун,— деди. Эки тараптын кырылышынынчаласы калса, Садыр эли менен Алмабек эли «канталамай» кылып акырына чыгат. Ошону да бий өз көзүменен көрүп туруп анан өлсүн. Ошону менен үч уруктун аты өчөт. Бийдин да жаны тынат—деди. Ошогобардыгы макул болушту. Баталашты. Бул сөздү оң кулагыңар менен да, сол кулагыңар менен да угупкойгула. Катындык кылып калп айтып кайраштырып жатат дебегиле. Ишенип койгула.Баса, катын демекчи. Өз катынын урупсоккон эркектер аз эмес. Бирок, башка бирөөнүн катынынакамчы көтөргөн эркекти көргөнүңөр барбы? Тетиги чыканактай болгон бечара келинди тигинчеликжанча турган кандай жөндөрү бар? Бу мыкачылык эмеспи. Бий тукуму эмне болуп баратышат? «Түгөнөруй түгүн жейх, түгүнөн кийин өзүн жейт». Акыры үч урук элин жеп бүтпөсө бий тукумунун, өзү башболуп жаны тынбай турган болду го? Кубаткулдун атасы бийиңердин көп эле кордугун көргөн, аныөзүңөр деле билесиңер. Бардыгын эле көтөрүүчү, чыдачу, кечирүүчү. Ушу жолкудай кара жаныкакшаганын эч качан көргөн эмесмин. Айтты, койду дебегиле. Тигил экөө ары эле карап кетсе,тигйниңер бирдин ичинен теги эле чыкпай койбойт. Бийиңерди да бирдин ичинен чыгарбай койбойт.Ынанып койгула. Карайлап эле катынбала калар бекен, кантер экенбиз...Ошо сөздөрдү айтты да Сыпайы жеңе эки тизесин куушура кучактады. Анан солк этпестен отурупкалды. Бир аздан кийин көзүнөн жаш кетти. Жоолугунун учу менен сүртүп коюп, эки тизесин кайракуушура кучактады. Ошондо старчын жөтөлүмүш болуп ордунан турду.—^О Ийгилик! Э Ийгилик!Мынабу отурган төртөбүз кишибиз го? Эч болбогондо бир оң карап отурсаң боло?— деди. Ийгиликкозголгон жок.— Сары, сенин өз башыңдын киши экендигин билем. Көзүм жетет. Ар кандай учурда,Жамгырчынын балдары өзүңө союл да көтөрбөйт. Атүгүл өйдө да карабайт. Сени билишет,— деди.Бирок, оң караган жок.— Өзүң айткандай оңол, Ийгилик, оңол! Оң кара!— Мен оң карап отура албайм. Мен бийдин, анын тентектеринин азабынан жалпы үч уруктунаялдарына кара кийгизейин, кан жуткузайын, кара бет болоюн, бийиңердин канын ичип жанынтындырайын деп карарып отурган кишимин. Ошентип отурган киши оң карачу беле?— Ийгилик мындай эмес элең го? Деги декиң сообу?— Эмне иштегени карарып отурганымды жеңең айтпадыбы! Ошондой иштерге беленденип отурганкишинин дени соо болмок беле? Мынабу жаткан эки жетимче бери карабастан ары карап кетсе, ишенебергиле, кара ашына эле бийиңердин өз башын сойдурамын. — Ошо сөздөрдү айтты да, Ийгилик ордунантурду. Барып тиги экөөнүн колтугуна колун салып көрдү.— Биз, аттаналы. Эки жетимиңе кудай жакшылык бергиси бардыр. Аягыбыз жеңил болсун,— деди даСары эшикти карай бет алды. Берки үчөө араң эле отурган экен. Сарынын артынан жөнкүлгүчешашышты. Тышка чыгып чылбырларын өздөрү чечти. Колтуктап койгон бирөө болгон жок. Өздөрүаттанды. Ошо бойдон түз эле бийдин аплына келишти. Тилмечти Эстебес тентектин үйүнөтүшүрүшүптүр. Экөө тен төшөктө жатат. Ичкен арак. бозолорунун мастыгы тарап калыптыр. Бирок,жеген таяктарынын запкысынан катуу кыйналып турушкан көрүнөт. Кабактарын чытып ырмайышат.Чырмайышат. Кыңкысташат. — Өтө эле катуу мас болуп калганбыз го. Эмне болуп, эмне койгонун менда билбейм. Эстебестин да эсинде калбаптыр. Бир кезде көзүмдү ачсам ушул үйдө, ушу төшөктөжатыптырмын. Бүткен боюмда тамтык жок. Козголсом эле кокуйлатат. Эстебес деле оң таппаганкөрүнөт. Кейпин көрүп турасыңар го!—деди тилмеч. Анан кыңкыстап кабагын чытыды.— Деги өлө турган эмессинерби? —деди Сары. От жагып отурган аял сөзү суук кандай киши дедикөрүнөт. Жактырмаксан болуп акшыя карады. Төшөктө ж^аткан экөөнөн — өлө койбосбуз,— деген үнээрчише чыкты.— Бир эсептен өлүп калсаңар да болор эле. Өзүңөр да ит болдунар. Өзгөлөрдү да ит абалынакалтырдыңар, — деди Сары. Отурган ордунан козголуп кетүүгө бет алды. От жагып отурган картаң аялгааның кийинки сөзү да суук учурады. Тигил экөөнө болушайын дегени го, Сарыны ээрчий карапкүнкүлдөдү: — О ботом, өлгөнү курусун. Андай сөздү айтпасаң. Экөөн эки киши өңөрүп келди. Тилсүйлөп биртике жакшы эле келишкен. Тилдерин чайнап биртке бирөөлөргө сөгүнүшкөн. Эпкиндепкалышкан го, бечаралар дегемин. Ошентип ойлогомун. Төшөккө жатып биртке уктап кетишти.Бирткеден кийин, бирткекокуйлай башташты. Бүткөн бойлорунда биртке тамтык жок. Кара тумшуктарзоодон кулашкан го дедим. Эми эле, бирткеден арак деген эмесинен жутушту. Анысынын дарылыгыбиртке чоң эме го. Ошондон бери жандары биртке жай алып калды. Өзүмдүн да белим биртке ооруйкоюп жүрөт. Жанагынысынан биртке беришип коюшса, биртке жакшы болуп калар беле дейм.Тигинчелик жанчылган эмелердин оорусун бирткеде эле сеп алдыра койгон дары оңой эмес го. Менинбелимдин оорусун бирткеден кийин эле биртке айыктыра койбойбу. Менин белимдин ооруп жүргөнүналар кайдан билишсин.Билишсе эле өздөрү бере коюшар деген үмүт менен отурам. Белимий, белим...Сары эчак эле чыгып кеткен. Берки үчөө от жагып отурган аялдын сезүнө айланышып калышкан.—Отура бересиңерби? Чыкпайсыңарбы? — деген үн тыштан угулганда шашып калышты.— Кемпирдүүжерден кеткиңер келбей эле мемиреп каласыңар,— деп кекээрлеп койду да,— Мантек, сен бул айылданкет, ушунчаңда. Бейбаш туугандарыңдан кордук көрүп каласың,— деди. Анан тигил экөөнө карап,—силер Жамгырчы уулунан таяк жеп кайткандарды жапырт көрүп чыккыла. Канчасы өлүп, канчасыкалгыдай билип келгиле. Мен бийдин үйүндө болом. Айыл арасын айыгыштыра турган сөздөрдү өзүңөрсүйлөбөгүлө. Өзгөлөрдү да сүйлөтпөгүле. Билдиңерби? Баргыла. Мен бийдикинен кийин үйүмө барам.Мени үйүмден тапкыла,— деди.Мындай узагандан кийин Кашкарбай камчысы менен санын чаап, кытылдап күлүп койду. Чаки анынэмне үчүн күлгөндүгүн сурап, такып калды. Тигиниси, бий бүгүн ортончу аялына конуп калгандыгынайтты да:— оңбогон старчын оңбойт. Жеңеси менен маектешүүгө калбадыбы,—деп мурдагыдан дакатуурак күлду.—Анысын бий билип калса, старчыныңдын эки бутуң өтүгүнүн бир кончуна катар эле!Андан көрө айтып коём. Оозбасы•рык бер деп эртең коркут,— деди да, Чаки өзүнчө күлдү.Алар арылап кетер менен старчын бийдин үйүнө кирип,— Камка байбиче үйдөсүңбү?— деп үнсалды.— Үйдө болбогондо кайда болор элем. Сен кимсиң? Старчынсың го? Жети түндө темселеп эмнебүтүргөнү жүрөсүң?Бийдин билерман токолу ошентип төшөктөн башын көтөрдү.— Кенеше турган кеп бар. Чатак чоң,—деп Сары беркинин төшөгүнүн аяк жагын баса барып отурду.— Чеберде. Бутумду сындырып коюпжүрбө. Кеңеше турган кебиң болсо, эртең күн жарыкта келип кеңешпейсиңби? Старчын кандай чатактар болгондугу жөнүндө кеңешүүгө келгендигин айта берди. Сөзүнүнакырын: — ошентип, Ийгилик бирдин ичинен чыкпай тим болучу түрү жок. Андай киши эмес эле. Катуукөшөрүп алыптыр. Демейде теңтуш катары жүргөн кишиге тнтңнип карай албай, жөн эле катып калсакболобу! Такыр оң карабай койду. Чатактын ушунчалыкка барып калышынБийиме бүгүн эле айтсакпы? Же бүгүнгө жөн эле коё туралыбы?— деген сөздөр менен токооруду.Бийдин билерман токолу жуурканга ороно отуруп:— айткандарың чын болсо, караңгыда карайлапкелер жөнүң барэкен,— деди. Анан:—бийиңердин асмандан күткөн чатагын кудайы жерден бергентурбайбы! Ийгиликке дагы бир жармашуунун ыгын табалбай жүргөнүн мага сездирин койгон. Мунуукса, эми эле төшөгүнөн тура калып дүрбөтөт. Түндүн кайсы убагы болду?— Таңга дагы бир уйку бар.— Колдон келсе, бийге бүгүн турмак эртең да айтпай коё тургула. Эгерде, жанагы келин менен беркижигит ары карай кете турган болсо, өзүң алдын ала камын. Бул айылдын аксакалкөксакалдарын ээрчитебарып өкүрүп түш. Өлүк көмүүгө чыккан чыгымдарды өз мойнуңарга алгыла. Айылдын бир топкатынкалачын ээрчите барып Ийгиликке мен да жолугуп көрөйүн. Ал анык адам эмеспи. Экөөбүздүнийибизди жандыра койбос. Тилге келер. Таңга жакындап калса кет эми. Кете гой— деди.— Таңга жакын калды. Караңгыда карайлап кайда барат элем. Эртең менен эрте кетермин,— дедистарчын. Андан ары эмнелерди сүйлөштү. Эмнелер болду, анысын билгенибиз жок. Бирок, билермантокол ошо күнү эрте туруп жуунупчайынып боюн сууга салган экен. Ал сөз кайсы күнү кызалак күңдүноозунан кокустан чыгып кеткенин уктук.
Ортончу аялына түнөп бий ошо күнү жай турду. Камканын үйүнө кечирээк келди. Эрке токолунункылыкжоругу ордунда экен.— Ортончу байбичеңиздин сыйы жарашкан го? Кабагыңыз ачык, санааңызкуунак көрүнөт!—деп жайдаңдады, жакшы кабыл алды. Кайдигер сөздөрдөн сүйлөшүп болгондонкийин, Камкасы бир жумуш менен үйлөрдүн бирине кетти. Бир оокумдан кийин кайта келсе бийдинкашында өтүкчүсү отурат. Үстү башы албадалба. Бийдин кабагына кар жаап каарданып калыптыр.— Коёбер орус колумду... Коё бер орус колумду...— деп ары карап да оолугат, бери карап да оолугат.Камкасын капарына албайт. Өз санын өзү мыжыгыпмыжыгып коёт.— Коё бер, орус колумду! Коё бер орус колумду! Камка байбиче аңтаң калды. Старчындын түндө булүйдө болгонун биреө айтып койгонбу, ошого оолугуп отурабы... «Кандай кара оозуңа кан толгур айтакойду экен» деп дароо эле санасы бөлүндү. «Арам ой менен ортончу катынына түнөмүш болуп түндө өзүкелип аңдыганбы, көрүп койгонбу. Андай болгондо эртең менен кечикпей эрте келет эле. Камка аны даойлоду. Эмнеси болсо да бий жайында эмес. «Ишиң кара болгондон кийин, кара күчкө ыйдапсыктайберүүдөн башка айла жок» деп бел байлады.— Бийим, бир заматтын ичинде эле эмне болуп кетти? Эмиэле бардыгы жайында, акылэсиңиз ордунда эмес беле? Бул жерде эки колуңузду коё бербей куушуракармаган эч кандай орус деле жокко? Сөзгө келиңизчи, жарыктык! — деди. Жанына жакын барып отурду.Бий ары жүр—деп какмалап койду. «Старчын экөөбүз колго түшкөн экенбиз. Оңойлук менен оңоло да,оңдура да койбос» дегенди ойлоп, бир аз оолактап отурду.— Коё бер орус, колумду. Коё бер орус колумду... Камка үңкүйүп албадалба болуп отурган өтүкчүгөкарады. Эмне үчүн бий минтип отурганын сурады. Анысы башын да көтөрбөдү. Үнүн да чыгарганжок. «Түндөгү ишти ушу какмар көрүп калып, бийге шыбыш берип койбосун» деп өтүкчүдөн да арамсанады. Кейпин көрүп жанатан бери боор ооруп турду эле. Эми ага итиркейи келе баштады. •—Айтарынайтып коюп, эми эмне кыларын билбей эси кетип отурбайбы. Шүмщүк. Алды менен мунусун кууп чыгатурайын, — деген ойго берилип кабаарчыктады. — Өтүкчү, кейпиңиз бузулуп, кебетеңиз кетип калыптыр. Бащка үйгө барыңызчы! Бийим мененөзүмчө калып сүйлөшөйүн. Өтүкчү жылып чыкты.— Бийим, эмнеге мынчалык жулунупжулкунуп калгансыз. Бирдин ичиненчыгарда ушундай болуп арууркап калмаңыз бар эле. «Сүйүнгөндөн маңдай жарылбайт, корккондонжүрөк айрылбайт». Ачыгын айтыңызчы! Түрүңүздөн коркуп отурам. Ылайым жакшылыгына болсун.Деги акылэсиңиз" ордунда, ден соолугуңуз жайындабы? Же чемендеп, бирдеменин эпкини тийипкеттиби? Коркуп отурам. Жүрөгүм жарылып кетип жүрбөсүн. Бул эмне деген жорук? Эмне дегеншумдук? Акыры бпрдеме айтыңызчы! — Ары жүр. Коё бер орус колумду. Коё бер орус колумду...«Сөзгө келүүчү тейи жок. Муну башка обонго салып коркутуп көрөйүн» деди. Ордунан турду да аржакта турган кыныракты колуна алды. Анан:— бийим бери кара! Сенин дениң соо эмес. Абдан чоңдартка чалдыккан окшодуң. Сенин жамандыгыңды көрбөстөн жарынып өлүп тынайын,— деп кыңарактыжогору көтөрдү. Учун жүрөгүн карай бет алдыра кармады. Ошондо бий:— кой, катын! ургаачылыккылба, — деп шашып калды.— Айт ачыгыңды! Сенин жамандыгыңды көрүп кара кийип, кан жутуудан көрө өлүп тынайын.Жүрөгүм түшүп калды. Жин тийдиби, эмне болду?— Айтайын байбиче, айтайын. Кыңарагыңды ыргыт. Көзүм көрбөсүн.Жайында, Чыр-Дөбөгө бир болуш элдин атка минерлерин чакыртып, өзү болуш, өзү бий экендигинугузбадыбы! Анан Ийгиликтин азыноолак аяктуу малын бүт айдатып кетпедиби. Ошондо, Шадман акебий жөнүндө бир нече кызык сөздөрдү айткан эле. Ошо сөздөр азыр эсибизге кылт дей түштү. Тигилэкөөн жайына калтыра туруп, унутуп коё элегибизде ошо сөздөрдү эскере кетели. Ошондо Шакем,мындай деген:— Ыйкытыйкысы жок үч урук тьшч эл болучу. Кайсы күнү Камкага үйлөндү, ошо күндөн тартыпбийдин жорукжосуну өзгөрө баштады. Кийинки чырчатактардын да башкы себеби, билген кишиге—Камка. Камка кандайча себеп болот эле. Бийдин өзүнүн эле пейли бузулгандыктан эмеспи? — дейсиздер.Анын пейлин өзгөртүп жиберген да как ошо Камка! Камка акылэс жагынан да, адамгерчилик жагынан дабийден үч эсе десем артыгыраак кетермин, кеминде эки эсе жогору турат. Жалгыз айыбы ургаачылыгы. Аны өзүңөр деле билесинер. Бий болсо, жаш жагынан да, акылпарасат жагынан да Камкага түгөйэместигин билет. Ошондуктан, анын көзүнө каарман, катуу, кыскасы «Мапас» болуп көрүнгүсү келет.Чыгып жаткан чырчатактын бардыгын Камкага гана мактаныш үчүн атайы чыгарып келатат. Мунумдукандай дейсиңер. Айткандарымдын жөнү бар бекен? Же жок окшойбу?— Бали, бали! Кеп бар экен. Сөз ошонусунда жаткан окшобойбу! Жөнү бар, жөнү — Шаке! — депАлмабек элинин бийи Бексырга ошондо башын ийкеңдеткен болучу. Ал кишинин ошо сөздөрү даэсибизде калыптыр. Анан, тиги киши — Качы бийиңер кандай себептен Ийгиликке кара күчкө элеакидей асыла берет? Анын себеби эмне? — деген. Анын башкы себеби да Камка. Айтпадымбы? — Айттың. Уктук. Түшүнбөй калдык. Түшүндүрө айт!— Андай болсо түшүндүрөйүн! — Түшүндүр. Түшүнүп коёлу!— Адамдар ургаачыларды көйрөң дешет. Көйрөңдүк жагынан эркектер аялдардан алда канча ашыптүшөрүн айтышпайт. Артыкча жактырып калган ургаачысы жанында турганда, мактаныш үчүн эркектероттон да, суудан да, ал эмес, өлүмдөн да жазганбай калышат. Жаштар эле эмес, андай көйрөңдүк ар биркарынын да башында бар. Муну да жок дей албайсыңар. Жакшы көргөн зайыбы эринин көзүнчө башка бир эркекти мактап койчулук кылбасын. Зайыбымактап койгон киши менен жоо болот да калат. Жашырбай эле койгула. Ар кимиңдин башыңда бар.Аялдар күнүчүл. Эркектер кенебейт. Кең пейил дейсиңер. Калп. Эркектен ичи тар эчтеме жок.Эми, Ийгиликке бийдин ысык боткодой жармаша беришинин себебин айтайын. Камканы катындыккаала электе бий Ийгилик менен майдай, сүттөй ынак болучу. Дагы эле эсимде. Кийинчерээк менинкөзүмчө Ийгиликти Камка катуу мактап койду. Өзүңөр билесиңер, Ийгилик мактоого арзырлык элекиши. Жалгыз айыбы букаранын баласы болуп калгандыгы. Камка Ийгиликке ашык болгондугунан анымактады дейсиңерби? Жок. Анчейин эле жөн салды сөз катары мактаган. Ошо кудай ушу. Калпайткандай башыма бирөө кылыч кармап жатабы! Ошо күндөн тартып мактаган Ийгилиги кыйын бекен.Же мен кыйын бекемин, Камканын көзүнө көрсөтөйүн, — деген ич тарлык менен Ийгиликти кодулады дакалды. Асыла берип акыры айыгышып кетишти. Ийгилик бийдин итчилигине теңелгиси келбейт. Калыстууган баарыбыз аны жакшы билебиз. Айтты, койду дебегиле. Аман болсо көрөрсүңөр. Акыр түбү же
Ийгилик бий колдуу болот. Же бий Ийгилик колдуу болот. Антпей деги эле койбойт. Иши кылыпбирөөнүн ажалы экинчисинен. Кимиси ким колдуу болорун азыр ачык айталбайм,— деген эле.Булардын чырчатагынын агымы деги ошондойлоп баратат. Азыркы башталган чатак кандай бүтөрэкен. Мүмкүн Шадман акенин ошондо айтканы ушу чатак менен чындыкка чыгып калабы, бүгүн болбосода эртең көрөбүз го! Эми, жаңы козголгон чатакка кайта баралы.Чакырыкчы болуп келген бала — бий аке сизди чакырып жатат,— дегенде старчындын жүрөгү болкдей түштү. Колундагы чыны ыргып кете жаздады. Шашкан тейде — мениби? :— деди.— Сизди, ооба!— Мени элеби?— Жок, элүү башыларды да!— Отур. Отуруп чай ич.— Тез кел деген.— Ошончолук эмне болуп кетиптир.— Билбейм. Анысын айткан жок.— Отуруп нан ооз тий.— Ошонтейин.— Жөнө эмесе.— Ооба, жөнөйүн.Чакырыкчылыкка келген бала жөнөп кетти. Санаадан күлүк эмне бар. Шаршесиби же келинчегиби, же экөө бирдей ары карап кетти бекен дегенди бир ойлосо, Камка жөнүндө экини ойлоду. Старчындынаялы тыңчыйрак киши.— Эми эле келбедиңиз беле? — деп сөзгө аралашты.— Ооба. Эми эле келгемин! — Бийдин сиз менен киндиги туташпы?— Ооба. Киндиги туташ!— Сагынып турабы?— Кичине эле көрбөй калса сагынып кетет!— Көчүгүңүздү жер жыттатпайт экен го?— Ошентип жүрөт.— Эрте кетесиз. Кеч келесиз!— Ошентип жүрөм!— Акыры балдарыңыз өзүңүздүтааныбай баратат го?— Ооба. Тааныбай баратат!— Бир жагынан балдар. Бир жагынан бирин эки чарба...— Ооба. Отун, суусун айтканьщ жок.— Аны өзуңүз айттыңыз. Кыйналып жүрөм.— Билем. Ошентип жүрөсүң.— Отунсууга каралашар киши таап бериңиз!— Антпейм.— Эмне үчүн?— Корком!— Эмне үчүн коркосуз?— Экөө биригип көзүмө чөп сала коёбу деп.— Мени өзүңүздөй көрбөңүз! — Мен кимдин көзүнө чөп салып жүрүпмүн?— Көзүм менен көрбөсөм, ким экенин кайдан билем!— Билбесең андай сөздү айтпай жүр!— Билсем деле айтпай эле коёюн.— Билгениң болсо айта кой!— Болбогон сөздөрдү айтып отура беребизби? Бийиңизге кетпейсизби? — Кетейин.— Атыңдын ээри үстүндө. Алган эмесмин. Белен турат. Жүр эми. Аткарып коёюн.Аялы атына колтуктап аткарды. Камчысынын түшкүнүнөн кармап тура калды да: — баса, тигиЖамгырчы уулу кырылышабыз дешип жатышат дешет го?— Ошентип жатышат.— Баарынан мурда өзүңдү талпактай сабашса экен.— Ошентип каргап туруп узатасыңбы? — Эчтеме эмес. Катын каргышы эрге жетпейт. Бар. Кет жөнө!— Кубалайсыңбы? — Кубалайм.— Эмне үчүн?— Жумуштарымдан калтырасың. — Кутула жадап турсаң мына кеттим.Өз башыңа сак бол. Сактана жүр.Старчын барганда Карагул тышта турган экен, атын алды. Үйгө кирейин дейт, киргиси келбейт.Кирбейин дейт, кечигип эмне кылып жүрдүң дейт. Үйгө кирбестин айласын издеп жоотколоду. Тыяккабасып, тыякты карамыш болот. Быякка басып, быякты карамыш этет. Карагул жай кыймылдаган жанэмеспи. Атты байлап коюп, кайта келйп үйдүн эшигин ачкаида кирйп барды. Бийдин кейпин көргөндөжүрөгү шуу дей түштү. Же жогору басып отурарын билбей, же кайта качып чыгарын билбей турупкалды. Үйүндө отурганда кой терисинен тигилген малакайын кийип алуучу. Мурда байкачу эмес экен.Бүгүн бийи көзүнө бопбоз эле моло тарыздуу көрүндү. Камка түтпөй кетти көрүнөт.— Жогору өт,старчын мырза,— деп күлүмсүрөп койгондо гана «иш жайында окшоит» деп жаны ордуна келди.Камкасы да, старчыны да «Шектүү шекинет» болуп бөйдө коркушуптур. Бийдинкутурупжаңырышына өтүкчүнүн келиши себеп болгон экен. Урупсабап коюшту деп өз туугандарынынүстүнөн арызданып келиптир. Эстебес тентек менен Малабаш тилмеч баштаган чатакты, алардын жегентаягын, келинчеги менен Шаршенин өлүм алдында жатышын, Ийгиликтин үйүндө болгон бардыксөздөрдү төкпөйчачпай үйө төгүп айтып таштаптыр. Анын баарын укканда бий сүйүнбөсө, күйүнбөгөнкөрүнөт. Көрсө: — кудай берип таштаптыр. Ийгиликти шылып таштоого дагы бир шылтоо табылыптыр. Кандайча барып, кандайча жөөлөшөйүн, — деп ошону ойлоп оолугуп отурган окшобойбу.«Коё бер орус колумду!» деп жулуна беришинде башка маани бар экен. Камка байбичесинин үшүналып, анан мактанып да коюунун өзүнчө бир жосуну турбайбы. Коркутуп алыш үчүн ошенткен менен,анысы кыңарагын алып өлөм дегенде, кайта өзү катуу шашыптыр.— Колумду орус эле кармап турат. Орус болбогондо Ийгилик менин кулак кести кулум эмес беле?Ачуума тийсе таманын тилип туз салып, кой кайтартып койбойт белем? Орус болбогондо, жалгызЖамгырчы уулу эмес, айаалам, кулпейишти каратууга акылайлам да жетмек. Колумдан да келмек. Мынаминтип орус деген эме колумду байлап отурбайбы,— деп токолуна мактаныптыр. Ошентип, эркетоколун жоошутуп коюп, старчын, элүү башыларын чакырткан экен.— Элүү башыларың кайда? — деди эсине эми гана келген старчынга.— Азыр келишет.— Шадман аксакалга киши чаптыр. Старчын, элүү башыларын алып кечке калбай мында болушсун.Бексыргага да бир киши чаптыр. Ал да ошондой кылсын.Коош! Эки элүү башыңа айт. Экөө эки үй тигишсии. Барып Жамгырчы уулу болгон жерден экөө экибээ жетелеп келип, тиктирген үйлөрүнө союп ташташсын. Эки тараптан келгендерди ошо эки үйгөкиргизип сый көрсөткүлө. Уктуңбу?— Уктум! Бирок, Жамгырчы уулу катуу бекинип калышты. Алардан бээ ала коё алышпас!— Андай болсо, эки элүү башы эки бээни өздөрү таап союшсун. Семиз болсун. Уктуңбу? Коош! Барэмесе. Бара бер.Старчын чыгып кетти. Бий эрке токолун астыртан маашырлана карады. Токолу тоотмоксон болду.

#31 14 November 2015 - 21:53
Кыргыз улутунун орус падышасы аркылуу болгон 1916-жылкы уркуну б.а кырылып геноцид болуусу,ушул чыгармада баары баяндалыптыр.
1916-жылдары 16минден ашуун кыргыз улутундагы,
биздин бейкуно мурдагы муун ата бабаларыбыз,
орустар тарабынан кырылып,кырылгандан калганы 130минден ашууну кытайга урко качып,ашуу белде тайгак жолдо ач калып ток калып ар кандай оору менен, кыйынчылык менен,олгондон калганы кытайга ото качкан. Ошондуктан оз тарыхыбызды унутпоо менен бирге,1916-жылдагы уркунду,орустардан коркпостон уялбастан, потхалим кылбастан, ГЕНОЦИД деп атообуз керек,анткени бул биздин ата бабаларыбыздын кимдир бироолор аркылуу,же кайсы бир улут аркылуу кырылып жок болуусу эмеспи. Бул биздин тарыхыбыз. Авторго чон рахмат,убактысын болуп откон тарыхыбызды чагылдырып жазып берип жатканына
#33 19 November 2015 - 20:01
Бул темада жаз эле жаз деген эчким болбой жатат го. Кирип окугандар болсо жаз деп койгулачы? Бул автор да качан жаз деп айтышат деп кутуп журот окшойт.
#34 19 November 2015 - 23:06
Теманы булгабайлы деп жаз эле жаз дебей жатабыз,сураныч убактыныз болсо уландысын жазып бутуруп салынызчы?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#36 21 November 2015 - 04:50
18-бөлүм.
Бийдин үйүндө төрт киши отурат. Шадман аке, Бексырга, Качы бий, эрке токол Камка. Берки үчөөнтааныйбыз. Бексырганы жаңы көрдүк. Жапалдаш бойлуу кара тору киши. Сөз ошонун оозунда экен. Бийарызданыптыр. Анын арыздарын бирден санап тактап чыкты.— Карачечекей инимден калган керез Албанымды азгырып жүрүп Ийгилик көзүн тазалады. Тирүүболсо таап берсин. Өлтүрүп койгон болсо кунун алып бергиле — дедиңиз го? Дедиңиз! Биринчи дооңузбир кишинин куну экен. Киши болгондо да жөнөкөй эле киши эмес, Качы бийдин тукумжураты, аксөөкасылдардан дедиңиз. Туура. Олжобай тукуму кишиси эмес, итин да букарадан жогору көрүшөт.Демек, жөнөкөй кун эмес, асылдын куну. Найза бойлобой турган кун. Мындай ишке бийлик кылышкыйын. Шадман аке экөөбүздүн чаркыбыз жете коёр бекен? Муну да ойлонушалы. Экинчи дооңуз — Үйөздүн тилмечинин дооматы. Жөпөкөй киши болсо бир жөндүү. Мунуңузүйөздүн өзү аркылуу бүтө турган доо эмеспи? Үйөздүн тилмечи, болуштун күйөө баласынын доосунабийлик жүргүзүүгө Шадман аке экөебүз бойлой алар бекенбиз? Ар ким өзүнө чак тонду кийиш керек.Бул жумушуң бизге же кеңдик, же тарлык кылып жүрбөсүн? Алды менен ошону тактап алалы.Үчүнчү дооңуз — Эстебестин дооматы. Болуштун өз уулунун, ак сөөк асыл жигиттин букарадан таякжеп калышы. Мунуңуз да аркан салса бойлобой турган иш. Ак сөөктөрдүн ишине аралашууга Шадманаке экөөбүздүн жөнүбүз барбы? Же жокпу? Муну да өөнөп бычып алалы! Кандай дейсиз, урматтууболушум? Эмне дейсиз, ардактуу аксакалыбыз, Шадман аке! Менин чамаачагымда — бул айтылгандаргабир эле өзүбүздүн болуштагы бийлердин кулачы жетпейт го! Дубандын бийлеринин карамагына берсекоң болуп жүрбөсүн? — Шадман аке, болсо, өзүңүздүн кара чечекей кудаңыз? Калыстыгынан тайыпкетсе, сороюп эле мен жалгыз калсам, кара кылды как жара албай карайлап отуруп калып жүрбөйүн.Бийлер бийлигин иштейт. Кайсы бийдин кандай экендигин карап отурган калк деген бар. Калыстыктанажырап калып, калк алдында кадырыбызды кетирип албайлы? Бул да алды утур ойлоп коё турган кеп —деген сөздү кайтадан кошумчалады. Ошентип иштин баарын тиги отурган экөөнө саласал кылды да, тимболду. Үйдө отурган берки үчөө ооз ача албай ойлонуп калышты.— Бексырганын
«Кылыйы турат көзүндө, Кылтыңы турат сөзүндө. Чалымы турат көзүндө, Чалгырты турат сөзүндө!—деди, Шадман аке, өзүнчө ойлонуп. Анан: — Бексырга бийим, айткандарыңдын бардыгынын жөнүбар. Болушубуз эмне дээр экен. Болуштун сөзү эле сөз болот эмеспи! Бир дубандын бийлеринебергенибиз кандай болот? Жамгырчы уулун дубандын бийлерине жем кылып коюп жүрбөйлү?Ошонубуздун өзү эле адилетсиздик мындай турсун, акылсыздык болуп калбасын? Байкап көргүлөчү! «Ичегиси үзүлгөн ичинен жалганса» жакшы болуучу эле. Болушка эп келсе дубанды коюп ич арабүтүшкөнүңөрдү оң көрүп отурам. Болуш эмне дээр экен, ошону укпайлыбы! — деди эле,— угалы,угалы! — деп Бексырга бапалактады. Иш дубандын бийлерине калтырылса созулуп кетет. Бексырга ал сөздү бекер айткан жок. Создуктураберип иштин изин суутмакчы. Кытмыр «болуш» аны жаземдебей кармады. «Эртеңки куйруктан бүгүнкүөпкө» абзел. Олжобай уруусун бүгүнэртең эле олжого туйтундура туруу максатын көздөдү.—Жамгырчытукумун бир дубандын бийлерине берсек тамтыгын кетирип коёрбуз. Биз аябаганда алар аямак беле? Өзара, өзүңөр эле эсине келтиргениңер, эсикөөнүнөн калгыс кылып койгонуңар абзел болор деп Качы бийары бооркер, ары адилетсинди. Анан ушуларга алдатып жибербейин деген арам ойго келди.Түкшүмөлдөп сынап көрүш үчүн: — макул, өзүбүзчө бүтүшөлү. Силер эле бүткөргүлө. Кантипбүткөрөсүңөр. Болжолдоп болсо да оюңарды айтып көргүлө. Өөнү болсо баштаарбыз. Келкиси болсокесип ыргытарбыз. Бир ооздуу болуп алып анан жалпыга жая салалы,— деди Качы. Биртикеден кийинШадман акеге, Бексыргага бет бурду.— Сен болушту кудаңдап маа ишенич бербей турасың.Чындыгында бирөөбүз доочу, бирөөбүз доочунун кудасы. Касапта, бычакта өзүң болуп калдың. Кесип,бычып көрчү. Угуп туруп анан бирдеме дейли,— деди Шадман аке.— Эгерде, мени касапчы кылып койсоңор, мен Жамгырчы уулунун мойнуна беш тогуз айыпкесемин, — деп анысы мукактанбастан шар кетти.— Кана, кантип, кандайча кесесиң? Жөнүн жөндөп, атын айтып кой! — деди мунусу.— Сетердей болгон бир келинчегин камчы менен чаап койгондугу үчүн, кандын каны, каранынтөрөсү Качы бийдин уулун жалпы Жамгырчы чогулуп өлөрчө кылып сабаптыр. Мунусу пенде гана эмес,жасаган кудайдын өзү да кечирбей турган айып, кылмыш. Бул айыбы үчүн үч кесим (үчөө тай, үчөөкунан, үчөө бышты) бир тогуз айыпка жыгамын.Андан кийин кылча кылмышы жок оёздун тилмечи, Качы болуштун кара чечекей күйөө баласыМалабаш мырзаны иттей сабашыптыр. Тилмечин сабаганы оёздун өзүн сабагандыкка жатпайбы? Улуккудаа эмес, кудаадан жудаа эмес. Улукту сабаш кудайды сабагандыкка барабар. Анын үстүнө уулун,күйөө баласын сабап коюш Качы болуштун өзүн сабагандык болбойбу? Жамгырчы уулунун бул айыбыүчүн үч кесим экинчи тогузду төлөтөмүн.Качы болуштун кара чечекей уулун сабап, күйөө баласын уруп, ызакордук көрсөткөндүктөрү үчүн, үчкесим үчүнчү тогузду Качы бийдин өзүнө ыйгарамын. Үч кесимден үч тогуз мал болду. Эми экөөбүзкуру келип, куру эле кетмек белек? Жакшы үмүт менен олжолуу болобуз деп келбедикпи? Андайболбогондо жөн эле келе коёт белек? Экөөбүз эки уруу элден келдик. Эки урууга — эки тогуз.Ошентип, баш аягы он беш тай, он беш кунан, он беш бышты — бардыгы кырк беш жылкы болот.Менин бийлигим ушу. Мына ушундай кылабыз. Оё бычып, тоё жейбиз...— Баса, карачечекей инин Албандын куну жөнүнде, анын өлгөндүгү аныкталса, ошондо башкачасүйлешөбүз. Качы «болуштун» кыбасы кана түштү — борс, борс күлүп жиберди. Шадман аке жактырган жок,жыйрыла карады да,— Бексыргам, бул ойнунбу? Же чыныңбы? Туура. Бардыгынын атын атадың. Жөнүнжөндөдүң. Шылтоолорун таап жакшы айттың. Андай болгондон кийин Жамгырчы уулун аты жакшыОлжобай тукумуна таратып бөлүп берип .тынганыбыз абзел болуп жүрбөсүн? — деди.— Эмне? Катуу кетип койдумбу? Көп болуп калдыбы?— Көп эмегенде. Кырк беш жылкы талаада жайылып жүрүппү?— Мен өз калыстыгымды айттым. Жөнүн таап өз калыстыгың болсо айт!— Макул, калыстыгыңды кабыл алалы. Төлөй алышабы?— Телөгөн, төлөбөгөнүндө биздин кандай ишибиз бар. Болушуңуз кесип бер, айыпка жыгып бер депотурат. Менин бийлигим кырк беш жылкыга жыгып бериш. Аны өндүрүп алабы, же кечип жибереби —ал болуштун өз иши. «Арстан алганына кубанбайт, чалганына кубанат». Болуш арстандык кылар. Жыгыпалгандыгына тоопук кылып балким албай коёр. Кечип жиберер. Анысын экөөбүз кайдан билели? Кана,сен өзүң эмне дейсиң, болуш? Кырк беш жылкыга ыраазы болосуңбу?— Бийлигиң бийлик. Соодалашып отурат белек!— деди «болушу». Шадман аке башын чайкап тимболду. Аркы, берки сөздөр айтылгандан кийин: — кана эмесе. Отура беребизби? Доону баса барыпөндүрөт. Айлына баса баралы. Аттанбайлыбы! — деди Бексырга.— Аттаналы,— дешти.Тигилер кетүүгө бет алган учурда Камка байбиче бирдеме айтууга камынды.— Шүк, шүк отур,— депбий тыйып койду. Тигилер кеткенден кийин,—кудайдан үмүт кылбай эле, доочырдан үмүт кылыпакыйып калган агатуугандарыңды олжого дагы бир туйтундурат окшодуң го, бийим? — деди анысы.— Баатыр табат, батман ичет. Кудайым өзү биздин тукумду ошентип койгон турбайбы? Элден алат.Элден жейт. Анын эмнеси бар? — деди мунусу.— Кудайым силердин тукумду элден өзгөчө жаратып койгон экен го?— Ошенткен. Олжого туйтундура келгемин. Бүгүн да туйтундурам. Мындан ары да туйтундуражүрөм, — деп бий эргичтеди. Тышта тургандардын бирөөн чакырып: — Айылдын аксакал, көксакалдарына кабар айт. Жапырт аттансын. Олжо алышсын,— деди. Тиги эки тараптын кишилери эки топ,бий өзүнчө бир топ болуп Ийгиликтин айылына барып оопооп түшүп калышты. Ийгиликти обочолотоалып барып эки бий ортого алып, Качы бийдин төрт доосун айтып беришти.— Үчөө жөндүү сыяктуу: Бирөөнүн жөнү жок го? — деди Ийгилик.— Кайсынысынын жөнү жок?— Албан жөнүндөгүсүнүн. Анысын болуш уулунун калыңына чегерип маа бербеди беле? Калыңгаберген кулун өлтүрөмбү, бирөөнө сатып жиберемби, анда болушуңардын кандай иши бар? — деп күлдү.Сандарын чаап, күлкүлөрүнө чыдабай экөө эки жакка жыгылды. Көздөрүнүн жашын сүртүп көптөнкийнн кайта турушту.— Аны кой. Берки үчөөнө кандайсың? — дешти.— Макулмун! Мен бере албагандай, болуш алалбагандай жакшы бийлик болуптур.— Эми түшүнбөдүмбү! Көрсө, Бексыргам, сен болушуңду сайга аркандаганы жүрүпсүң! — депШадман аке, тигинин кесимине эми макул болду. Ийгилик барыи өз айлынын тобуна кошулду. Беркиэкөө Качы бийдин тобуна барды. Кырк беш жылкыга баш тартпастан макул болгондугун угузду.Өздөрүнө ыйгарган эки тогуз жылкыны Ийгилик үчүн кечип жибере тургандыктарын айтып,—өзүңөрдүн жыйырма жети жылкыңарды кандай өндүрүп алсаңар, ошондой өндүрүп ала бергиле,— дедиБексырга. — Болуптур. Болуптур. Иш бүткөн турбайбы! — дешти Качынын агатуугандары. Бирок, бийИйгиликтин дароо эле макул боло коюшунан шекшиди. Тигил экөө өз тобуна кетти. Олжого кулкулдапотургандардын бирөө,— кана эми, отура беребизби? Барып аласаңарды албайсыңарбы? Бар, Кашкарбай.Сен барып береселерин өндүр,— деди.— Бересеңерди бергиле! — деп Кашкарбай барды.— Жан бергенге жай бер деген эмеспи. Аласаңарды жайыраак, табатута, табылганда аларсыңар,—деди Ийгилик.— Баарын болбосо да анчамынч.асын азыр бергиле. Куру кетпейли?— Бириндетип жүрөсүңөрбү? Чогуучараан бир эле алгыла.— Кече күнү тигилерге эки бээни карыздап сойдук. Эч болбогондо эки семиз бээ тапкыла. Берипкутула туралы.— Жок болсо кайдан табабыз.— Мантектин жана башка байларыңардын колунда бар эмеспи? Ошолордон алып бергиле. Беришиптурушар. — Алар силерге бербесе, бизге бербейт.— Анан эмне? Куру эле кетебизби?— Кетпесеңер табылгыча мында жата бергиле.— Деги берериң чынбы?— Табылганда дебедимби?— Табылбасачы? — Табылгыча күтө турасыңар да!— Бышпаган иш турбайбы?— Неге бышпайт. Бийлер оё кесип, тоё бычып бербедиби?— Түшүнбөдүм. — Эмнесин түшүнбөйсүң. «Табар айы» дегенди билесиң го? Ошол айда аласыңар.Кашкарбай этекжеңин күбүп, өзүнүн тобун карай .басты. Ошол учурда КачьГбийдин бир уулу келдида,— Ийгилик, бери басчы!—деп ар жакка алып барды. Элден обочолотуп барып өзү жүйүртө басты.Айта турган сөзү бар экен го деп, Ийгилик да жүйүртө басты. Ал отурар менен бийдин уулу ыргып туракалды. Колунда бүктөй кармаган камчысы бар экен. Ийгиликти төбө талаштыра басып алды. Аныбардыгы көрүп турду.— Жарады ;бийимдин ушул уулу. Аман жүрсө бийимдин ордун ушул уулубасат,— дешип, бий тараптагы чалдар маашыр болушту.Ийгиликке алысыраак тууган, Албан менен алышман Борбук деген жигит бар эле. Алдагандай жайболот десе керек. Орус кожоюнунун атын минип ар жакта турган экен. Качырып барып — чабыш андайболбойт. Мына мындай болот,— деп бийдин уулун бир чапканда, акебай, чокусунан үкү чыга түшсөболобу! — Мына. Чабыш андай эмес, мына мындай. Бийдин уулу бийдин тобун карай безе качты. Бирок,узаткан жок. Үчтөрт чабуу менен узунунан салды.— Чабыш деген андай болбойт, мындай болот,—деп бийинин өзүн да чоку талаштыра салыпсалып өттү.— Кыйын болсоңор чыккыла!— деп ат ойнотту.— Жарады жигит. Сооп кылды,— деди Бексырга.— Бий ошону көрмөк эле. Өзү эле эмес, уландары да кутуруп кеткен тура,— деди Шадман аке.Аттарына миништи да кете беришти.
Бая эртең бийлер жамгырчы уруусун айыпка жыгып олжо алыш үчүн аттанбады беле! Ошондо Качыбий старчыныңар жок го? Кайда кеткен?—деген. Олжо алууга бараткандардын бири, старчын төшөктартып жатып калгандыгын айткан.— Суук жеп калса керек. Эти ысып, калтырап титиреп жатат. Атка жүрө ала турган эмес.— Суук жеп калса, кудай сактасын. Кечинде кемпирлердин бирине учуктата койсо эртең элекуландан соо болуп калат. Туруп кетет,— деген эрте барып олжого туйтунганы шашып жүргөндөрдүнбири. Старчын оорурун ооруптур. Бирок, оорусу башкача, мындайча айтканда, бир ок менен эки коён ататурган, өз башына пайдалуу оору экен. Антип үйдө калбаганда, бийдин чокусун торсойто чабууданжазганбаган Борбук анын башын соо коё берет беле, ким билет! Башы аман калды. Анан бийдинбайбичесинин сыйын көрдү. Анысы мындай болду:Камка байбиче шашкеде эмес, эл жатарда да өз колу менен төшөк жайлап көргөн киши эмес. Белентөшөккө жатып турууну гана билүүчү. Түшүнөн чочугандай болуп мына эми, бийлер жөнөп кетер мененөзү төшөк жайлады. Чечинип жатты., Көшөгөсүн түшүрүп алды. Анан кызалакка төмөнкү сөздөрдүайтты: — Аркы үйлөрдүн биринде Старчын ооруп жатса керек. Чакырып кел, жакшылап чай бер. Бийимкетеринде Старчынга берип кой деп аманат калтырды эле. Ошонусун берип коёюн. Үйгө бей жооп кишикиргизбе. Өзүң айлананы акмалап тышта бол. Түшүнгөндүрсүң? — Түшүнбөгөндө. Түшүндүм. Старчынды чакырып келип чай берем. Бийимдин аманатын өзүңүзбересиз. Мен айлананы акмалап тышта турам.— Түшүнүпсүң. Иштериңди иштей бер. Чайды жөн эле койчу. Ачка жүрдү дейсиңби. Чакырып үйгөкиргизип кой.Кызалак ошентип койду. Анан акмалап өзү тышта жүрдү. Кейпи, аманатты бий көп калтырганкөрүнөт. Алыш, бериш болжолу аш бышымча созулду. Старчын кетер менен Камка байбиче кайта турупсуу жылыттырды. Жакшылап жуунуп чайынып алды. Суу куюп берип жатканда «ушу жуунушу дашектүү болуп калды» деди Кызалак, тымызын, өзүнчө бүшүркөп. Анысын сезе койгон эмече, байбиче —оозуңа сак бол,— деп зекип таштады.— Андай эмени айтсам кара оозума кан толбойбу,— дедитигиниси. — Кана эмесе. Тамак бер, чай бер. Тойгуз,— деди мунусу.Тамак жеш, чай ичиш көвкө созулду. Көп жеп, көп ичти. Кымыңдап да койду. Жымыңдап да койду.Күлүмсүрөп туруп, өзүнчө шыңк этип күлүп да жиберди. Ти гиниси анын бардыгын байкаса да,байкамаксан болду. Мунусу өзү менен өзү. Өзүнчө кубанат. Кубанчысы жүзүнө чыгып жаадырапжацнайт. Келбеттүү келишкен аял эмеспи, каңдай обонго салып кубулса, бардыгы өзүнө жарашып турду.Бийдин маңдайында отурганда мындай кубулуштун бири да болучу эмес. Астыртан байкап отурупмунусунун назданышына, тигиниси жөн эле эсип калды. «Байбичемин түлкүсү түштө улуду». Арты элекайырдуу болсун деп тигиниси тышка чыкты. Бир оокумдан кийин:—опей байбиче! Бийиңиз келипкалды, — деп Кызалак тышта туруп үи берди.— Өзүм тосуп алайынчы,— деп байбиче тышка чыкты. Келатышыптыр. Тозооттоп карап турду.Калың топтун алдында адатынча бийи жалгыз келатты. Эртең менен чакаракчапчак болуп аттанган бийжок. Ындыны өчкөн. Кабагы салыңкы. Түспөлү «Самандан сары, чөптөн куу» болуп кетиптир.— Оо, жараткан, жалгай көр! Эмне шумдук болуп кеткен?— деп, байбиче атынан колтуктап түшүрдү.Кызалак эшик ачты. Өзү колтуктап киргизди. Жанагы жайланышкан төшөнчүнү жыйнап коюш эстеринекелбептир. Анысын көрө койгондо байбиченин жүрөгү шуу дей түштү. Өңү да өзгөрүп кетти. Анткенменен белен төшөктүн шылтоосун оңой эле таба салды.— Коркуп кетип кимиси айтканын да билбей калдым. Бийиңиз кыйналып келатат деди. Төшөкжайлата коюп, өзүм тышка чыгып карап турбадымбы! Деги эмнеңиз ооруйт, жарыктыгым. Башыңызбы?ичиңизби? Оозу сүйлөй берди. Колу бийди чечинтти. Жылуусу кете элек белен төшөккө жаткыра койду. Жаныкейип турган бий, анын жылуу экендигин байкаган жок. Бийдин төшөккө кие жатуучу малакайы барэмеспи! Ошонусун кийгизейин деп тебетейин ала койсо, чокусунун үстүнөн экинчи бир чоку көрүндү.—Шумдугуң куруп калиий!—деп байбиче ичиркенип жиберди. Чыйрыгып кетти.— Коркпо, коркпо, Камка балам! Аңдыдөңдү карабаган бир акмагы бар экен. Катуураак чаап койгонокшоду, — деди кошо кирген карылардын бири. Малакайын чебердеп кийгизди. Аяк жагына барыпбийдин бутун койнуна катып колу менен ушалай баштады. Үй ичинде үн да жок, сөз да жок. Үндөрүөчкөнсүн үңкүйүштү. Дымырады да калышты. Алар айыпка жыгабыз. Олжого туйтунабыз, — депайбаттуу барышкан. Олжо ордуна таяк жешти. Салаңдап салбырап куру кол келишпедиби. Алар бийдинкайгысын тартышпайт. Өз баштары аман, оорубайт. Алынбай калган олжонун кайгысын тартыпотурушат. Кече күнү союлган эки бээден эт калгандыр. Ошондон жеп кетсек дешип эт аңдып отурушат.Камка анын бардыгын түшүнөт. Жыйналып жүргөн ичинде кэп сөздөрү бар экен. Азыркы абалгабайланыштыра тышка чыгарып кагыныпсилкинди. — Деги эле эл эмес экенсиңер. Журт эмес турбайсыңарбы? Кара улак алып келип садага кагыпжиберсеңер боло? Ошого да жарабайсыңарбы? Же акылыңар жетпей турабы? Баятадан бери күтүлотурам. Күтүп отурам. Эчтеме жок. Айтьш турбаса оюңарга эчтеме кирбейг. Каранын каны, кандынтөрөсү бийиңерди башка чаптырып коюп кантип жаныңар чыдады? Же бир тобун өлтүрүп, же биртобуңарды өлтүртүп туруп анан келбейсиңерби? Же жөн жүрбөйсүңөр. Күндө бирөөң чокчоңдоп, биреөнчойт эттирип чапкан болосуңар. Анан бетибашыңарды жардырып аласыңар. Ишке жарап койгонсупкайта келесиңер. Чабыша кетүүге жарабагандан кийин, тийишпестен шүк жүрбөйсүңөрбү? Же таяк жешүчүн, анан ошону шылтоо кылып айып алып эт жеш үчүи ошентесиңерби? Кейпи ошентет окшойоуңар. Эсидартыңар эле эт. Жегениңер да эт. Тирүү эле жүргөнүңөр болбосо, өзүңөрдүн деле эттенөйдөчүлүгүңөр жок. Бу жерге отуруп бүжүрөгөн болосуңар. Бүжүңдөгөн болосуңар. Бийиңерге, ооба,бийиме бооруңар ооруп жаткандыр? Силерде боор жок. Бооруңар таш. Качандыр, атабабабыздан бирөөмаңап болгон экен деп, манапсыган болосуңар. Жөнү жок чыйрыттап чычайымыш болосуңар.Издегениңер чырчатак. Эптеп айып таап эт өндүрүп жеш. Кудайдан үмүтүңөр үзүлүп, акыйыпаңдыганыңар башкалар. Бирөөңөр барып аркыларга айтып койгула. Кече күнү союлган эки бээден калганэт болсо, буларга кайнатып беришсин. Умсунуп калса эмчектери шишийт. Тышта канча киши жүрөт?— Бул чөйрөдөгү олжобайдын бардыгы эле жүрүшөтго! — Бардыгы жүрсө жакшы болуптур. Ишке жарашыптыр. Бүгүн жакшылап туруп этке тойсоңор, эртеңэл катарына кошулуп калгыңар бардыр. Үйдө отурганда баарыңар эле баатырсыңар, куру намыс, куучиренсиңер? Бу заманда намыс деген эмени тил менен албайт. Билектин күчү, союлдун учу менен алат.Ким союл сокконду билсе, намыс ошонуку. Карагул деген эмеси кайда жүрөт? Анысы да бир казансорпого жеке өзү жалгыз тойбойт. Эч болбогондо ошонуң колуна союл берип коё тЗербейсиңерби? Өлсөөлөт экен. Анын өлгенүнөн пайда таппасаңар зыян тартпайсыңар. Кун алып, олжого туйтунасыңар. Өлбөсө, бир тобунун башын айра чабууга жарайт го? Бийим даярдап берген белен олжого гана тапсыңар.Көрсө барымта, көрбөсө сыйрымта, эт бышкыча барып эч болбогондо мал тие качып алууну даойлобойсуңар. — Бийибиз бар, ырысыбыз бар,— деген үн чыкты.— Ырысыңардын чокусун ойдура чаптырып коюп жыргап отура бергиле!— Алар жан кечти эмелер турбайбы! Кантип теңелебиз?— Теңеле албасаңар, тийишпей шүк жүрбөйсүңөрбү? Жандарынан аша кечирбегиле. Өз башынаябагандар гана өзгөнүн башын далдал кылат. Жылкыңарга ченеп ышкыргыла. Коркокту кубалай берсебаатыр болуп кетет. Аларды кубалай берип, кордопзордой бернп баатыр кылып алган өзүңөр. Өзүңөрдөнкөргүлө! Баягы жылы Алмабектин жигиттери бийди байлап баратканда, артынан Албан кубалай жетипажыратып калганда, бий как ушу азыркыдай келип бүк түшпөдү беле? Ошол окуя эсине келе калдыокшойт. Албан жок. Кодулап жүрүп жоготподукпу. Атаганат, Албан колдон чыгып кетпегенде, мынчалык жер каратпайт эле го? Бизге чала болот. Бизге сооп, бизге убал жок,— деп бийдин бутункойнунан чыгарып таштап койду. Кагыныпсилкинип тышка барып кайта келди. Эмнеси болсо да,кулактарын жапыра отуруп бул үйдөгүлөр да, аркы үйдө отургандар да этке тойгондон кийин тарады.Төөнүн чуудасынан кара казанга бир канчага кайнаттырды. Анан кайта чыгартты. Анысын муздак суугачылатып сыктырды. Анан бийдин жараатына жаап туруп таңып койду. Эртең менен бий дурус болупкалыптыр. Шашке ченде уулдарынын бири келди.— Баягы старчын ооруп калган окшоду эле. Андан кабар алалдыңарбы? — Барып келдим.— Оорусу кандай көрүнөт?— Оорусу жаман оору го!— Оорунун жакшысы да болмок беле? Эмне деген оору көрүнөт?— Өзүнөн сурасам айткан жок. Жашырып катынынан сурадым. Астынан сезгенип жүрөт дсйт.— Качантан бери?— Дулайдай болуп шишип кеткенине бир айча болду. Ооруга чыдамдуулугунан эле жүргөн дедикатыны. Камка байбиче «кече күнү эле таза болучу, калп»—деп жибере жаздады. Чочуп кеттн да күлүпжиберди. — Кара тумшук, ошондой сөздү да айтабы? Атандан уялбайсыңбы? — деп сөз чаргытты.— Улуу сөздө уят болмок беле? Басалбай калган го?— Ооба, басалбай калган окшойт. Түн ичинде тышка чыгып заара ушатса, асманда турган айга удулкелип калыптыр. Ошондон тартып ооруптур.— Уйкулу көзү менен байкаган эмес экен го, бадрек.— Ошенткен го.— Төмөнкү жаман айылдан кабар уга алдыңбы?— Уктум. Тиги Чаки элүү башы барып келиптир.— Эмне угуп, эмне көрүптүр?— Мужуктагылары араба менен Ийгиликтерди көчүрүп кетүүгө келиптир. Бардыгы ошо жерде чогууэкен. Ийгилик малдуу байларын конуш которуп алыстап кеткиле. Антпесеңер көрсө барымта, көрбөсөсыйрымта кыла берет дептир.— Конуш которгондо кайда баргыдай? Чаки айгтыбы?— Айтты. Бир бээ жетелеп барып бир тобуң Шадмаи акеден конуш алгыла. Бир тобуң, бир бээ алабарып Бексыргадан жайыт сура дептир. Кейпи, ошентүшө турган болгон го— Күң өлөмүн деп коркутса, кул качамын деп коркутат деген ошо. Тиги Алыке уулунун пейликандай көрүнөт, байкай алдыңбы?— Алардын пейли деле оң эмес го.— Маселен?— Маселен, бийдин айлы аша кечирип жиберди деген сөздү күңкмаңк кылып көп сүйлөшөт экен.Алардын да үч абышкасы Бексыргага, Шадман акеге барып келишкен го!..— Баса, жанагы биздин балдардан таяк жеген Шаршеси менен келиндин абалы кандай деди. Аныбилиптирби? — Билиптир. Тил сүйлөөгө жарап калышкан окшойт. Камка байбиче сөзгө кыпчылды.— Атайы кол булгалаганга жараша киши өңдүүсүнө, Ийгилигиби, Мантегиби, ошолоргоокшогондоруна булгалашпайбы. Жоктон тапкансып жанын бага албай жүргөн эки жетиминжанчышыптыр. — Сөздү бөлбө, байбиче, шүк отур!— Мына шүк болдум. Маа эле таисыңар.— Баягы өтүкчү кайда? Мындабы. Же кетип калды беле?— Мында болучу. Кече күнү сиздер келгендеи кийин жылып жоголгон.— Мантек элүү башыны көрө алдыңбы?— Өзүм көргөнүм жок. Чакиге жолугуптур. — Жолукканда бирдеме айтыптырбы? — Айтыптыр.— Эмне айтыптыр?— Иттер иттик кылып, бийиме жер каратып коюшту. Башкалары кетсе кете берсин. Элүүбашылыгымды таштасам да,»бийимди таштай албайм деген го!— Аны элүү башылыгыңды ташта деген бирөө жок го! Эмне үчүн элүү башылыгын таштайт эле?«Элинин бардыгы кетип калса, аның кимге элүү башы болот?» деген сөздү айтууну уулу да, Камка даойлоду. Бирок, ызаланып отурган эменин кыжыры кайнап кетер. Кагуу жеп каларбыз деген ой менен шүкболушту. Дагы биртике турду да, бий унчукпагандан кийин уулу чыгып кетти. Бай, байбиче алымсабаксөзгө өтүштү.— Бийим, ушинтип жата бересизби?— Жатпаганда нетет элем?— Жаман айылдын жазасын бербейсиңби? — Кантип? Билгениң болсо айтчы!— Оёзум, оёзум дей берүүчү элеңиз. Өзүңүз да оёзсунуп коюучу элеңиз. Аныңызга барбайсызбы? Жаман айылдын кордугуна качанка чейин чыдайбыз? Барыңыз. Салдатыбы, балисесиби — ошондойэмелерин ээрчитип келип эч болбогондо эки бий кесип берген малды өндүрүңүз. Ошолорго урдуруп,ошолорго сабатып өч алыңыз. Антиш үчүн семиз бээден бирди жетелете барып Малабаштыкынатүшүңүз. Кайридиниңиз кандай окуп жүрөт экен, аны да көрүңүз. Сагынып жүргөндүр. Өзүң менен жаныбирге эмес беле? Сиз деле сагынгандырсыз? — Сагынбаганда. Сагындым.— Сагынсаңыз ошондой кылыңыз. Бээни сойдуруп оёздоруңузду жакшылап меймандаңыз. Арак,шарабын бердириңиз. Анан жанагы эмелерин алып келсеңиз, жаман туугандардын ойдогусун ойдон,тоодогусун тоодон кызыл ала кылып берет. Ошентиңиз, эртецден калбай жөнөңүз.Баргандан эчтеме чыгара албасына көзү жетет. Ошондой болсо да, үчтерт күн тилмечтикине түнөп,анан оёздун атынан бардыжокту айтып келип, туугандарынын көңүлүн көтөрө турууну ылайык көрдү.— Байбичем, айткандарыңдын изи бар. Ошентейин,— деди. Жуурканынын жакасын жогору тартыпчүмкөнүп алды. Бийдин калаага барып эчтеме бүтүрө албасын байбиче да жакшы билет. Иши кылыпүчтөрт күн болсо да көз далда кете турушу, ээнэркин кала бериши керек.Эртеси калаага жөнөй береринде:— атка жүрө ала турган болсо, старчыныңызды да ала кетиңиз.Анда барганда кол араңызга жарабайбы! —деди байбиче.— Басалбай калган эме эмнеге жарайт?— деди да жөнөп кетти.Мурдагы күнү байбичеден бийдин аманатын алгандан кийин үйүнө барбады беле. Аялына болупжаткан чырчатакты баяндаган. Чатактан башымды ала качып оорумуш болуп келе бердим. Ушу чатакбүткүчө ушу бойдон оорумуш боло берейин. Күйөөңдүн оорусу эмне деген оору дегендер болсо минтипайт! Тигинтип айт— деп жана бийдин уулу барып айткан «ооруну», анан кандайча кантип«ооругандыгын» үйрөтүп койгон. Аялы андай сөздөрдү айтуудан жаңыла турган эмес. Бая эртең бийдинуулунун сыноосунан мыкты өткөн турбайбы! Ошентип, эри мурдаа күндөн бери үйүндө. Дагы бир топкүн үйдөн чыга турган эмес. Мунусу өзүнүн аялы үчүн дурус эмеспи!Ошо түнү эл бир уйкуга киргенде Старчын чочуп кетип тешөктөн башын көтөрө койду.— Эмне болуп кетти?— деди аялы.— Катын мени кудай урган турбайбы?— Ал эмне деген сөзүңүз?— Чоң улуктун бир жумушун унутуп коюпмун.— Кандай жумуш эле?
— От жарык кылчы. Азыр өзүңө көрсөтөйүн. Аялы тура келип от тутантты.— Мына! Мынабу мөөрдү көрдүңбү? Орусча жазылган. Мурда күндөн бери кара башымды калкалаймдеп жүрүп унутуп коюпмун. Бу кагазды орус кыштагынын старчынына жеткирип, андан алдым дегенкагаз алышым керек эле. Күндүз барсам эл көрүп коёт. Түн катып жеткирнп, алдым дсген кагазын колума албасам башым кетип калат. Мен кепеден атты алып чыгайын.Ээртокумду бере кой. Бол батыраак, таң ата электе келип жата калайын.— Эстей койгонуң ырас болгон турбайбы. Кудай сактаган экен. Тез жөнө! — деп аялы да алдастапкалды. Бир аз төмөндөп барып бийдин үйүн көздөй бура тартты. Атын далда жерге байлап коюп өзү бийдинүйүнө кирди. Ошо бойдон өз үйүнө таңга жакын калганда барды. Качан келер экен деп аялы уктабаптыр. Аттын дүбүртү угулганда тура жүгүрдү.— Барып келдим. Сактачу кудай өзү бир сактады. Бүгүн жеткирбегенде башым кетмек экен. Ырасболбодубу. Үйгө кирип жылуу төшөккө жайланышты. — Катуу чарчаган окшойсуң го!— Кантип билдиң?— Атың тердеп, ыкшыйып калыптыр.— Анчалык деле катуу теминип кагынганым жок.— Эмнеси болсо да түн жамынып барып жумушуңду бүтүрүп алдың.— Түн бакырдыкы эмеспи?— Жок. Түн бакырлардыкы эмес, баатырлардыкы. — Болсо болор.— Уктайлы. Тыныгып ал.Старчын эртеси да күндүз эч кайда барбады. Кечке тыныкты. Келип ал сурагандарга аялы үйрөтүпкойгон сөздөрүн айта берди. Кечинде эрте жатып укташты. Эл уйкуга кирип калган маалда ит абалады.—Жүрбөсөңүз иш болбой кала турган,— деп өзүнүн чабарманы келди.— Эмне болуп кетти? Тынчылыкпы? — Кайдан болмок эле. Бачымыраак жетиңиз.— Кайда?— Оёздун орунбасарына! — Эрте жатып чарчап калдым эле.— Аны өзүнө айтыңыз.— Эмне иштеткидей? — Кейпи, өзүңүздү таң аткыча бир топ тердетип, бир топ каргатат го!— Анте турган болсо барбай эле коёюнчу!— Оёздун орунбасары чакыртып жатса, кантип барбай коёсуз?— Барайынбы?— деп жанында жаткан аялына карады.— Чыгынып бара калганын оң го! Түн баатырдыкы эмеспи?— Мейличи,— деди старчын. Кийинип тышка чыкты.— Айыл арасы жуук эмеспи. Учкаша эле коёбуз го? —Учкаша эле коёлу.Учкаша барып старчын бийдин үйүнүн жанына түштү.— Таңга жакын кел. Үйгө учкаштырыпжеткирип кой,— деди да, кирип кетти. Чабарманы кайта старчындын үйүнө кирди. Ошентип, учкашып,чиркешип жүрө беришти.

#37 21 November 2015 - 04:58
19-бөлүм.
Мал көктөтүп Мантектин өз айлы Сүттүү-Булактын босогосунда экен. Улак, козулары торолуп,кулундары оюн салып, музоолору сайгактап жүрүп берүүгө жарап калыптыр. Салыктарын салыпжайлоого көчүүгө эл белендешип калган учур болучу. Күн чайыттай ачык, түш ооп калган. Айылдыниттери туура тушту карай бириненбири өтүп, «абалап» жапырт жөнөдү. Иттердин дүрбөөнүн уккан аркимдер үйлөрүнөн чыгын ээрчий карашты.— Эмне, киши келетабы?— деди үйүндө жаткан Мантек.— Ооба!— Ким экен?— Бай. Тиги байым экен!Адегиче шапалагы менен атын башка, көзгө койгулап, кыйкырып-өкүрүп байы айылга кирипкелди. — Талап кетти, Таратып кетти. Барымтабыз бар. Башка жамгырчы уулунан албасак да сенденалабыз. Сен байсың дешти. Мен Малды Жамгырчы уулунун барымтасын төлөп туруш үчүн багыпжүрүпмүнбү? О Мантек! Чык бери. Түбүмө жеттиң. Сенин тилиңе ишенип ушу күндү көрдүм. Меналжыптырмын. Сенин тилиңди албай эле тигилер менен көчө качып кетсем болмок экен...Ошондой көп сөздөрдү айтып атын ары ойдолотту. Бери ойдолотту. Анан айылдын жанындагыдөнсөөгө барып атынан түштү. Чылбырын кармап чөк түшүп олту« рун калды. Тери шымынын түгүнтышын каратып аңтара кийиптир. Көөнөрүп калган тери тонун өрө кийиздин өөнү менен сыртынан бүрөкурчанын алыптыр. Башына кийгени тери малакай. Бою ортодон жогору. Сакалы ачакей. Мурду кырдач.Эки көзү чанагына житип турат. Ача сакал атынан түшүп жерге отургандан кийин иттердин жаактарыжап болду. Алыстан аңдый карап жата кетишти. Мантек ич кийимчен, чапанын желбегей жамынып,кепичин бутуна коңултак илип, бай агасына басып барды.— Байым, келип калыпсыз! — деди да, чепкенинин этегин бутуна төшөдү.— Байың келип калды,— деп кеженди тигиниси.— Кепкелече болсо опурупжапырып айта отуруңуз! Анысы айтып берүүгө камынды. Жамгырчыуулунунбайлары Бексырга менен Шадман акеге көчүп кеткенин айтты да — алар туура кылыптыр. Жадырап-жайнап жаңы тууган болуп жатып калышыптыр. Сага ишенип, сенин Качы бийиңе ишенип, мени карабасыптыр — деди. Насыбай салган кумулдугун чыгарды. Муунта байлаган боосун чечип насыбайынан, чымчып алды. Эки жолу эки таноосу менен шуу эткизе жыттады. Анан — мен калжырапмын — деди.Айтайын деп келген датын бир баштан айта берди.— Кече күнү Качы бийдин жакын туугандарынан жети абышка келди. Кулкуну куруган иттеркулкулдап келип калышкан тура. Кыш тууган күрпөңдөрдөн бирди союп бергиле — дедим балдарга.Союп беришти. Балекет жегендей жешти. Этке тойгондон кийин бир абышкасы тай сурады. Суук оорусубар экен. Жаздан бери кармап жүрүптүр. «Ысыктанайын» дедим эле — деп анысы оорусун шылтоокылды. Берки алты абышкасы бирден кой сурады. Бирөөнүн келини төрөптүр, «жентек» бермекчи экен.Бирөөнүн баласы «май ичме» болгон көрүнөт. Бирөөнүн кемпири еууктап төшөгүнөн турбай калганимиш. Бирөөнүн бересеси бар экен, кысталып калыптыр. Иши кылып ар бири бирден шылтоо таапайтты.— Карызга берип тур,—дешти. Алар алганын кайта берүүчү беле. Бере албайм дедим. Сурагандажөн бере албасаң, биз жөн эле өзүбүз алабыз дешти. Эмне үчүн жөн эле ала бересиңер? Барымтагаалабыз дешти. Кайдагы барымтага? Эмпс деген барымта? Бийди, бийдин уулу менен тилмеч күйөөбаласыи урупсабагандыгыңар үчүн айыпка жыгылгансыңар. Үч тогуз мал төлөмөр болгонсуңар. Төлөпбербестен кедейлериңер орус, кыштагына, байларыңар Шадман менен Бексыргага көчө качып кетишти.Биз сенден барымта кармайбыз. Сен туугандарыңдан өндүрүп аласың дешти. Барымтага бере турганмалым жок деп мен ачуулащым, ошо бойдон кете беришкен. Мына азыр бир топ эмеси келип, эки энегетел кысыр эмди бир тайымды баш кылып, он иригимди айдап кете беришти... Насыбайынан дагышуушуу жыттады.Тери шымын тескери кийип келип даттанып отурган ача сакал абышка Мантектин бир тууган агасы.Малга бай киши. Кою миңден, жылкысы жүздөн ашат. Ондогон төө, кыркэлүү ую бар. Аялы — үчөө.Уланушактуу. Бирэкөө коюн бакса, бир экөө уй, жылкысын багат. Өзү да, уланушагы да өтө эле караборчо. Айланадагылар аларды «Сасыкбай» дешет. Эч канча эгин эгишпейт. Чөп да чабышпайт.Жайыкышы дебестен малын жайытка багышат. Үйлөрүнө кирсеңиз теритерсектен башканы аз көрөсүз.Кийгендери кементай, тери тон, таар. Казаны чоюн, тулгасы темир. Идиш, аяктары мүлдө жыгач.Көөкөр, көнөк, көнөчөк, чанач, саба. Кырма аяк, саптуу аяк, аштама кашык, сузгу, чөмүч. Эт, кымыз,айран, сүттөн башка тамакка маани беришпейт. Беттери майланышып, уурттары салаңдап турат.Өздөрүнчө отурганда малга байланыштуу сөздөрдү гана сүйлөшөт. Малга байланышпаган сөздөркулактарына кире бербейт. Өздөрү мал болбогон менен, мал киндиктүү болуп калышкан.Мантегинин аялы—экөө. Ар биринен төрттөн, бештен уул, кызы бар. Үй жасалгалоо, тазалык күтүү,тамакаш белендөө жагынан аялдары биринен-бири өтүүгө жан талашат. Мантектин өзу болсо сүткор,майда соодагеркызыл кулак. Коюнун саны тиги отурган ача сакал агасыныкынан аз. Өз балдарын койбактырууга ыраа көрбөйт, койчу жалдайт. Жылкысы кырк-элүү, уйлары да ошончо. Бодо малдарынөзүнүн уланушагы багат. Жыл сайын беш, алты теше жерге эгин эктирет. Чөптү да арбын жыйнатат.Талаачылык жумуштарын башкалардын күчүн жалдоо менен жүргүзөт. Кыштоосуна эки бөлмө үйкурдурган. Анысына кыш күндөрүндө да кирбейт, ар дайым арпа, буудай шыкалып турат. Элүү башыболгондон бери Качы бийдин ун, талканын Мантек өз мойнуна алган, керек дегенде жеткиртип турат.Чоочун мейманга кантсыз чай бербейт. Бүлөсүнүн өрүдө кийгендери бир башка. Көчкө кие тургандарыөзүнчө. Төшөнчүлөрүнүн асты, үстү ар дайым ак шейшеп. Чайды самоордон ичишет. Бүлөсү бүт дээрликчайкор. Күн сайын үч маал ичпесе баштары ооруйт.Жамгырчы уулу ата конушун таштап башка урууларга баш калкалаш үчүн көчө качканда, Мантекэлүү башы өзүнүн жакын туугандары менен козголбостон кала берген. Тиги отурган ача сакал агасыМантекке ишенген. Мантек Качы бийге берип турган ун, талканына ишенген. Анын үстүнө алдыйканчылыкка да байланып калган киши эмеспи. Бир тууган агасынын өрүшүнө Олжобайдынабышкалары кол салганын укканда коркуп кетти. Менден жазганышса бир тууганыма күч көрсөтүшпөйтэле. Бүгүн болбосо эртең Деле өзүмдү ошондой абалга калтырышат го деп көбүнчө өзүнүн чарбасы үчүнчочуду. Жабыркап отурган агасынын көңүлүн көтөрө турган сөздүн жөнүн табалбай тыгылып калды.Ошентип шаштысы кетип отурганда убактылуу болсо да оңдой берди болду. Бир бала тигил экөөн чайгачакырып келгендигин айтты. Ошондо, араң отурган Мантек—байым! Чайга баралычы! —деп жиберди.Байы мурда деле азаздап келиш, кетиш кылуучу. Бардык түшүп аттанышы Мантектин улуу аялынын— байбиченин үйүндө болучу. Бу жолу Мантектин кичүү аялы—токолунун чайы белен экен. Байбичеденозунуп чакыртыптыр. Кейпи, эшиктөрүн көрсөтөйүн деген окшобойбу! Ача сакал кайнагасы кирипбарганда келини эки колун бооруна алып жүгүндү.— Бай бол. Кудай тилегиңди берсин, балам!—деди ача сакал акеси. Ошентип алкады. Келинининсырткы сыпатына суктана бир карап токтоло калды.— Төргө өтүңүз! — деп Мантек бөйпөндөдү. Терге терт бүктеп төшөлгөн баркыт көрпөчөнү көргөндө ача сакал корунуп чүнчүй түштү. Таза болдубекен деди көрүнөт, сорпонун майы менен чылпылдата майлаган булгаары өтүгүн эңкейип карап койду.Анысын берки кошо киргендер байкап калгандыгын сезе койду.— Өтүгү жаман төргө өтө албайт депанткор акчыланымыш болду. Жайланып отургандан кийин үй жасал* галарына бир сыйра көз агыгыпчыкты. Анан өзүнчө күңкүлдөдү: — Килемкилче. Дурус, дурус... Башайымакмал. Жууркан, төшөк. Куш жаздык. (ооба, ошондойлор). Сойсо эт болбойт. Кайнатса сорпо чыкпайт. «Тогуз кабат торкоңдон токтучагымдын териси артык»...Ал ошентип отурганда Мантек—кана, катын! Опурупжапырып кант, чайыңды жайната бер,— депкортоңдоду. Дастаркон жайылып чай келди. Колуна тийген чыныны боюнан обочолото кармады да,—бу, сары суу ичкениңерди алигиче коё элексиңерби? !— Сары сууну уй гана жакшы көрөт. Уй болупкетесиңер бейм!— деди. Чайдан экиүч ууртады да,— оозумду күйгүзүп азаптайт белемсиңер! — депчынысын жерге койду. Дасторкондо жаткан калай кашыкты колуна алды да,— «жесе дагы май жакшы.Жебесе да май жакшы» деп тарелкада турган майдан чолуп алып каба сугунду. Анысын шимипжуткандан кийин «берсе дагы, бай жакшы, бербесе да бай жакшы» деди. Шилекей болгон кашыктытарелкада турган сарымайга сайып койду.— Күшүлдөп үйлөп отурбастан дароо жутуп жибергендейбирдемеңер жок беле?— деп самоордон чай куюп отурган келинин карады. Анысы астыртан жылмаякарап — кымыз бар эле!—деп күлумсүрөдү. — Бая эле ошонунардан бербейсинерби, балам!—деп келинин дагы карады. Ошондо перизатпы, эмнекөзүнө чалдыга тушкөндөй болду. Тиктей калды. Карап эле отура бергисикелди. — Мына минтип опурупжапырып жесе токтунун этинен да тогонок болот,— деп ача сакал агасынынчынысына Мантек кашыктап кант, май салды. Нан сындырып чылады.— Мына эми, опурупжапырыпжеп көрүңүзчү! —деп бөйпөңдөдү. Агасы маймандап жей баштады. Бир кезде босого жакты карапжыйрыла түштү. Анткени, раматыльтк атасы өзүнө окшоп чыныдагы чайга чыланган нандан жепотуруптур. «Кудая тобо» деп жакасын кармады. Чанагына житип турган көзү алайып сыртына чыгатүштү. «Өңүмбү, же түшүмбү? же көзүмө көрүнчү көрүнүп турабы? Ыраматылык атам типүүкезиндегидей чай ичип, нан жеп отурганы кандай?» Ошо сөздөрдү ичинен айтып чайынан ууртады. .Босогодо отурган атасы да ошентти. Чынысын жерге койсо, атасы да жерге койду. Аңтаң болуп отурупкалды. Атасы да ошентти. Сакалын сылады. Атасы да сакалын сылады. «Жарыктык атамдын арбагыбелимчи кишидей болуп мени туурай бериши кандай?— ...» деп жер карады.Мантектин атасынын төрт уулу болуптур. Улуусу тиги киши. Кичүүсү Мантек экен.— «Ашыкойногон азар. Топ ойногон тозор. Кой багып моюн мүлжүгөн озор». Ушул уулум өзүмдү тартат.Өрүшүнөн мал, короосунан кой өксүбөс,— деп ушу уулун атасы жакшы көрүчү экен. Атасынын айтканыайткандай, дегени дегендей келиптир. Өзү кандай болсо, бу уулу да как эле ошондой. Кийинип кийиши,ыркын кошпой элден четтеп өзүнчө жалгыз айыл жүрүшү, түнкүсүн койлору менен кошо түнөп, күндүзүжайытка кошо кетиши — бардыгы ыраматылык атасындай. Кыскасы, атасынын терисин сыйрып каптап,кийимин сыйрып кийгизип койгондой. Атасынан бир өзгөчөлүгү үч аял алгандыгы. Атасы бир эле аялменен өткөн экен. Дагы бир айырмасы «Уйга чөп берүүнүн, катынга эт берүүнүн эмне кереги бар» депаялдарын барктабагандыгында дешет.— Андай болгондо неге үч аял аласыз? — дегендерге, — катын көпболсо, балабакыралуу, уланушактуу болосуң. Койчу да, жылкычы да, уйчу да, отунчу да өзүңдөн чыгат.Анын үстүнө үйүндө көптү талаада киши ура албайт. Кабелтең жүрөсүң. Бирөөдөн кордук, зордуккөрбөйсүң. Кызың кеп болсо ада жаман эмес. Ар бири накта кырк жылкы. Малыңа мал кошот,— дечүэкен.Атасы ыраматылык уландарына ачуусу келгенде—бетимди жууп жиберермин — деп коркутуучудешет. Бетимди жуубагандыкта. н гана ушунчалык мал күтүп жүрөм деп билүчү экен. Ача сакал уулуатасынын ошол адатын күтпөй коюптур. Тамак ичерде колун жакшылап жууйт. Тамак ичкенден кийинда жууйт. Дагы бир өзгөчөлүгү толтосу жок бычак менен союлган малдын этин такыр жебейт. Дин күтүүмаселеси боюнча сөз болсо,— орозо, намазың менен жумушум жок, кудай деген гана бир жанмын дейтда коё салат. Мусулманчылык тууралу сүйлөшкөндөргө — ушак айтпаса, ууру кылбаса, бирөөнүнакысын жебесе, кыянат ишке баспаса болбодубу? Андан артык бусурманчылыктын кимге кереги бар?—деп чулгуп коёт. Шарият сөзгө кулак салбайт. Азыр Мантектин босогосун да өзүн туурап отурган ыра-матылык атасынын «арбагын» көргөндө шаштысы катуу кетти.Мантек манталаңдап балачагында чыйрак чыгыптыр. Ат жалын тартып минүүгө жараганда эле,атасына ээ кылбай бой жасап, ат жабдын минүүгө камыныптыр. — Бул уулум ырыс кесер болот,— депатасы жаман көрөт. Бир нече ирет урупсабап да коёт. Мантеги ан сайын күчөйт. Соодасатык жүргүзүүгөкиришет, «Боло турган уулунду Жибербегин базарга, Болбой турган уулунду, Коё бергин казанга» ——, деп, акыры жайына коёт. Мындан эртелеп кутулайын десе керек. Үйлөнө электе эле,— эмнекылсаң, ошо кыл,— деп бир жүз кой, он жылкы энчи берип бөлүп чыгарат. Мантеги жүз коюн Анжиянгабүт айдап барып жалаң акчага сатат. Кайта келип акчасын кызыл козуга өткөрөт да, бир жыл ичинде жүзкоюн миңге жакын койго айландырат. Акчага кысталгандар ар дайым Мантекке келип турат. Анысын көргөндө, «ыраматылык атасы, атанын жаман көргөн уулу түк күтөт» — деген ушу деп коючу экен.Кийин Качы бийди жандайт. Акыры элүү башылыкка жетет. Ошо элүү башы иниси, тигине, ыраматылыкатасын жазбай тарткан ача сакал агасын самоордон чай берип сый көрсөтүп отурат. Бирок, агасыыраматылык атасынын өзүнбү же арбагынбы көрүп, чайга пейли чаппай эси кетип эндиреп калды.— Опуруп-жапырып ичип-жебедиңиз го!— деди иниси Мантек.— Кудая тобо!— деп агасы босого жакты караса ыраматылык атасы өзүнө окшоп дагы элебаягысындай отурат.— Ырыс кесерим, тетиги ким? Ыраматылык атама окшойбу? — деди инисине.— Жарыктык. Өзүңүз эмессизби?— Өзүм бул жерде, төрдө отурбаймынбы? — Ооба, төрдө отурасыз! — Тигн босогодо отурган ким?— Сиз!— Канданча мен болом? Мен бул жерде отурбаймынбы? — Сиз өзүңүздү тиги босогодо турган чоң күзгүдөн көрүп жатпайсызбы! — О кесилип кал, кесилгир. Жанагы күзгү дегениңер ошобу?— Ошо!— Ошонуңардан көрүнүп турган менминби?— Сизсиз!— Мен ошондой кишиминби?— Ооба. Ошондой кишисиз!— Ушундай киши экенмин го?— Ооба!— Мунуңар шайтан колдуу жасалган эме го?— Жок. Адам колдуу жасалган эме.— Шайтан деген эме деле адамдан чыгат эмеспи?— Кандайча?— Ушунча жашка чыктым. Күндүз деле, түндө деле жалгыз жүрөм. Шайтаны турмак албарстыдегенин да учуратканым жок. Шайтандуу кишилерди көп эле көрүп жүрөм.— Маселен!— Маселен, Качы бий, кыйды сары, сен, Кашкарбай, Чаки. Шайтандан кандай өзгөчөлүгүңөр бар?!Сөздү кой. Баса, кой демекчи, кою ээн калды го. Мен кетейин.— Шашпаңыз. Кетерсиз! Сизди атказып коюп, мен. бийиме барам. Бейбаш туугандарыңыздыопурупжапырып тыйыңыз дейм. Акемдин тайын, ириктерин кайтартып бердириңиз дейм.Опурупжапырып. Барып бийиңе айтсаң, койсоң, өзүң бил. Баары бир эчтеме чыкпайт. Аныңдын эмне айтарын билем.Иттер иттик кылыптыр. Бирдеме кыларбыз демиш болот да коё салат. Эсебин өзүм башкача табам.Барымтамды башка жол менен алам.— Кандайча?— Түн бакырдыкы эмеспи? Көрүп калганы болсо барымтама тооштурам. Көрбөгөнү сыйрымта болотда, ,кала берет.Мантек үн чыгарбады. Башын ийкеди да тим болду. Аттанып кетип баратып ача сакал акеси —көрүшкүчө аман тургула,— деди.— Бул эмне деген сөзү? Кейпи мунубуз да бир жакка көчө качканыкалганбы? —деп Мантек абыгер чегип кала берди. Агасы айылдан бир аз узай берип кайта келди.— Бирдемеңизди унутуп калтырынсызбы? — Ооба. Акчаң барбы? Болсо элүү сөлкөбай берип тур.— Кайта качан бересиз?— Мал баалап аларсың.— Элүү сөлкөбайга канча кой берёсиз?— Беш ирик аласың.— Соодада достук жок. Онду бериңиз.— Канча алып, канча коёруңду кийии сүйлөшөбүз. Келе, бере сал!Мантек үйүнө кирип акча алып чыкты.— Бергенге жараша күмүш сөлкөбайлардан бербейсиңби! Буларың чай орогон кагазбы эмне?— Ар бири он сомдуктан. Беш кагаз.— Беш кагаз экендигин көрүп турам—деди. Шектүү карады.— Жарабаса өзүңө кайта алып келип, өзколуңа берем,— деди да, асты ачык эндей көйнөгүнүн этегине түйүп алды.
көргөндө, «ыраматылык атасы, атанын жаман көргөн уулу түк күтөт» — деген ушу деп коючу экен.Кийин Качы бийди жандайт. Акыры элүү башылыкка жетет. Ошо элүү башы иниси, тигине, ыраматылыкатасын жазбай тарткан ача сакал агасын самоордон чай берип сый көрсөтүп отурат. Бирок, агасыыраматылык атасынын өзүнбү же арбагынбы көрүп, чайга пейли чаппай эси кетип эндиреп калды.— Опуруп-жапырып ичип-жебедиңиз го!— деди иниси Мантек.— Кудая тобо!— деп агасы босого жакты караса ыраматылык атасы өзүнө окшоп дагы элебаягысындай отурат.— Ырыс кесерим, тетиги ким? Ыраматылык атама окшойбу? — деди инисине.— Жарыктык. Өзүңүз эмессизби?— Өзүм бул жерде, төрдө отурбаймынбы? — Ооба, төрдө отурасыз! — Тигн босогодо отурган ким?— Сиз!— Канданча мен болом? Мен бул жерде отурбаймынбы? — Сиз өзүңүздү тиги босогодо турган чоң күзгүдөн көрүп жатпайсызбы! — О кесилип кал, кесилгир. Жанагы күзгү дегениңер ошобу?— Ошо!— Ошонуңардан көрүнүп турган менминби?— Сизсиз!— Мен ошондой кишиминби?— Ооба. Ошондой кишисиз!— Ушундай киши экенмин го?— Ооба!— Мунуңар шайтан колдуу жасалган эме го?— Жок. Адам колдуу жасалган эме.— Шайтан деген эме деле адамдан чыгат эмеспи?— Кандайча?— Ушунча жашка чыктым. Күндүз деле, түндө деле жалгыз жүрөм. Шайтаны турмак албарстыдегенин да учуратканым жок. Шайтандуу кишилерди көп эле көрүп жүрөм.— Маселен!— Маселен, Качы бий, кыйды сары, сен, Кашкарбай, Чаки. Шайтандан кандай өзгөчөлүгүңөр бар?!Сөздү кой. Баса, кой демекчи, кою ээн калды го. Мен кетейин.— Шашпаңыз. Кетерсиз! Сизди атказып коюп, мен. бийиме барам. Бейбаш туугандарыңыздыопурупжапырып тыйыңыз дейм. Акемдин тайын, ириктерин кайтартып бердириңиз дейм.Опурупжапырып. Барып бийиңе айтсаң, койсоң, өзүң бил. Баары бир эчтеме чыкпайт. Аныңдын эмне айтарын билем.Иттер иттик кылыптыр. Бирдеме кыларбыз демиш болот да коё салат. Эсебин өзүм башкача табам.Барымтамды башка жол менен алам.— Кандайча?— Түн бакырдыкы эмеспи? Көрүп калганы болсо барымтама тооштурам. Көрбөгөнү сыйрымта болотда, ,кала берет.Мантек үн чыгарбады. Башын ийкеди да тим болду. Аттанып кетип баратып ача сакал акеси —көрүшкүчө аман тургула,— деди.— Бул эмне деген сөзү? Кейпи мунубуз да бир жакка көчө качканыкалганбы? —деп Мантек абыгер чегип кала берди. Агасы айылдан бир аз узай берип кайта келди.— Бирдемеңизди унутуп калтырынсызбы? — Ооба. Акчаң барбы? Болсо элүү сөлкөбай берип тур.— Кайта качан бересиз?— Мал баалап аларсың.— Элүү сөлкөбайга канча кой берёсиз?— Беш ирик аласың.— Соодада достук жок. Онду бериңиз.— Канча алып, канча коёруңду кийии сүйлөшөбүз. Келе, бере сал!Мантек үйүнө кирип акча алып чыкты.— Бергенге жараша күмүш сөлкөбайлардан бербейсиңби! Буларың чай орогон кагазбы эмне?— Ар бири он сомдуктан. Беш кагаз.— Беш кагаз экендигин көрүп турам—деди. Шектүү карады.— Жарабаса өзүңө кайта алып келип, өзколуңа берем,— деди да, асты ачык эндей көйнөгүнүн этегине түйүп алды.
Кубаткул үйүнө кирсе, энеси ыйлап отуруптур. Он төрт жашка чыккыча энесинин көз жашын көргөнэмес. эле. Катуу чочуду. Айтууга сөз табалбай алдастаган бойдон — энеке, эмне болуп кетти?— депжиберди. Алапайын табалбай селейип ката түштү. Ойлонуп отура берип Сыпайы жеңе өзүнүныйлаганын да, уулунун кирип келишин да сезбей калыптыр. Селт этип тура калды. Ыйын дароотоктотту. — Келдиңби, тегеренейин! ? Жөн эле, тиги бирдемелероюма түшүп кеткен го. Чарчаганжоксуңбу? — деп мойнунан кучактап өптү.— Ыйлаганыңды көрбөсөм болот эле, энеке!— Ыйлабайм, балам, ыйлабайм. Шүк эле көзүмдөн жаш чыгып кеткен го. Ыйлаш жакшы эмес.Болорболбос эмеге кайраты жок жашык жамандар ыйлайт. Атаң экөөң аман турганда эмнеге ыйлайтэлем. Ый курусун. Ыйдын түбү ый. Жакшы жышаан эмес...Көздүн жашы себепсиз чыгуучу беле? Сыпайы жеңенин ыйлай турган жөнү бар болучу. Мынданмурда деле көп эле ыйлоочу. Бермети, Албаны эсине түшкөндө — тирүү жүрүшөт бскен. Тирүүболушса эмне күндү көрүп. жүрүшөт экен депыйлабай коюучуэмес. Атүгүл ээнчилик боло калсаөксөпөксөп алуучу. Бирок, ыйын эч кимге көргөзбөй турган. Бүгүнкү ыйынын себеби тигил экө^ эмес,башка болуучу. Анысын айткан жок.— Энеке! Эмне үчүн ыйладың? Чыныңды айт. Же атамдын тили тийдиби? Же башка бирөөдөн ызаболдуңбу? — Олдо тегеренейин уулум ай— э! Атакеңден мени ыйлата турган сөз чыкмак беле! Башкакишилердин мени ыза кыла турган эмнеси бар. Бирөөдөн ыза болуш үчүн, ыза көрсөтүш керек. Андайадат менде жок эмеспи?— Анан эмнеге ыйладыңыз?— Жокчулукка ыйладым, балам. Ошо күндөн ушу күнгө чейин атаңдын казаны кайнабай калган күнүболгон эмес эле!..— Ошо күнүңүз кайсы, энеке?— Атаңа катын болуп башыма ак жоолук салгандан бери дегениң го!— Казаны кайнабай калган күнү дегениңизге түшүнгөнүм жок.— Ошо күндөн ушу күнгө чейин атаңды сорпо ууртатпай жаткырганым жок эле. Бүтүн умсунуп калатго, уулум!— Эмне, бүгүн сорполук эчтеме жокпу?— Жок, тегеренейиним. Болсо ызаланып ыйлап отурар белем? Атаң жалгыз өзү келчү беле? Бүгүн даэч болбогондо эки киши менен келер. Чай, нан менен узатсак,— ботом Ийгиликке эмне болгон? Казаныоттон түшүп калганбы?— деп кетишпейби? Күн сайын ала берип касапчыга да бир топ карыздар болупкалдык. Уятты коюп жана басып барсам анысы да бүгүн мал сойбой калыптыр.Баласына чынын айтам деп Сыпайы жеңе сырын айтып жиберди. Анысына өзү да кайта катуу өкүндү.Өкүнө турган иш. Баласына андан оордук болбосо жеңилдик болгон жок. Сыр билгизбей коё турушуабзелирээк болмок.Уулу да жокчулукка ызасы келди. Бүгүн эле эмес, эс тарткандан бери ызаланып келатат. Ошондойболсо да энесин кайратына келтириш үчүн:— жарыктык, ошо да кеппи? Бүгүн болбосо эртең болот.Кысталып жүрүшүңдү атам билеби?— Билеби, билбейби — жокчулук жөнүндө атаңа эчьеме айтпайм. Ар жагында жок да. Болсо аянатбеле. Айтып жанын кейңтким келбейт.— Айтпай эле коюңуз. Бүгүн казаны кайнабай калса — өзү деле туюнат. Бирок, кабагыңыздыбүркебөңүз. — Макул. Өзүң да сыр алдырба.Энесин кайратка чакыргансыган менен Кубаткул тымызын катуу кейиди. Кечирээк төрөлүпкалбагандыгына кайгырды. Балтыр эти толуп, багалчагы катса, ата, энесин кор кылбастын камынойлонду. Атасы Ийгилик элүү төрттө. Кырк жашында көзүн ачып көрүп, бетин ачып өпкөн эле. Азыр кол арагажарап калса да, катуутүлүк жумуш колунан келе элек. Албан, Бермет үйдө болгондо мынчалык арыпазышмак эмес. Аны ар дайым ойлойт. Азыр да ойлоду. Качы бийди дагы купуя каргапшиледи. Ээн жергебарып ыйлап, көк буусун чыгарып алгысы келди. Тигинтип отурган энесин жалгыз таштап кетүүгөкыйбады. Булар ошентип отурганда алты киши менен дүрбөп-дарбап Ийгиликтин өзү да келди. Ашыңжок болсо да кашың жокпу деген ой менен Сыпайы жеңе Кубаткулга отту чоң жактырды. Бирок, казанасылбады. Арыдан бери чай кайнатты да, нан менен чай берди. Казандын кандай себеп мененасылбагандыгын Ийгилик түшүнгөн көрүнөт.— Байбиче, бүгүн жайыңыз жок белем? — деп сөзжүгүрттү. — Байбичеңиздин жайы болсо да, шайы болбой калды. Жалгыз бойчулук. Жетише албай калыпмын.Картайып кеткемин го. Кейпи, экөөбүзгө бир токол керек болуп калган окшойт атасы!— Уйдун токолу сүзөнөк болучу эле. Ургаачыдан токол алсак сүздүрүп коёрбүз!—деди Ийгилик.«Жаман жарасын көрсөтөт». Жокчулугун чукулабастан аялы чаргыта жооп беришине ыраазы болду.Бирге келгендердин арасында Борбук да бар экен. Сыпайы жеңенин казан аспай отурушун түшүнө койдуокшойт. Ордунан туруп тышка чыкмакчы болду.— Борбук, сен кайда барганы камындың?— деди Ийгилик.— Бир жерге барып келсемби дедим эле?— Жети түндө карайлап кайда барат элең? Отура тур. Бир аздан кийин баарыңар кетесиңер.Борбук кайда барууга камынганын туюк айтса да, Пйгилик билип койду. Бир кайнатым эт таапкелмекчи болгон. Анын деле чамаасы чак эмеспи. Жайына койсо колунда бар бирөөнө барып карыздарболмок. Ошону ойлоп, аны кайта отургузду. Тигилер эрмектешип отуруш үчүн келишкен. От жайнаптурса да, казан кайнабады. Ошондуктан Ийгилик аларды сөзгө кармап отургусу келбеди. Аркы, беркисөздөрдү айтып тез эле узатып жиберди. Сорпо ууртабай жатышына өзү көп эле комсунду. Бирок,анысын аялы менен уулуна билдиргиси келбеди. Таң аткыча көп ойлорду ойлонду.Ошо түнү Ийгилик көп ойлорду гана тешөктө жатып ойлосо, Мантектин ача сакал агасы аттантүшпөстен жортуулда жүрдү. Мантектин айлынан аттангандан кийин Качы бийдин айлын алыстанаңдып улам бир кырга чыгып күн батарда гана өз айлына келди.— Чабдар атты кармап кел,— деди уландарынын бирине. Анысы барды да, чабдарын кармап келди.— Менин ээримди току,— деди, токуп койду.— Өзүң кер кашканы токун,— деди. Кармап келиптокунду. Аттан деди. Аттанды, эл ордуна олтура ээрчитип жүрүп кетти. Талдуу колотко барганда —тандап туруп бир кулачтан эки союл кескин деди. Тигиниси кести. Бирөөн өзү алып чатына кыпчыды. Оңколунун жеңин чечип, куруна кыстарып, коломочтонду. Уулу да ошентти. Анан Качы бийдин өрүшүнбет ала жүрүп кетишти. Бир кыйла аралыктан баскандан кийин тиэгинин чоюп чабдарды токтотту. Уулуда токтоду.— Береги баткалышта тушап коё берген он чакты ат бар. Алар бүгүнкү он ирик менен тайдыалып кеткен топ. Абышканын аттары. Бардыгынын тушоолорун кырк. Айдаган бойдон жүрүп олтуруптерме төргө чыгарып жибер да, таң агаргыча кайта кел. Мен сыртыңдан коргоп, арка жагыңда жүрөм.Жөне! — деди.Атасы эмне үчүн минтип жүргөндүгүн уулу айттырбастан эле түшүндү. «Көрсө барымта. Көрбөсөсыйрымта» көз көрүнө алдырып жиберген бир тай, он ириктин ич күйдүсү, күйүтү.— Тушалуу жүргөн аттар канча болсо, ошончосун бүт тие качайынбы?— Ошент.Уулу токтолбостон шып коюп жүрүп кетти. Кокустан туюп калышса, куугунсүргүн болсо,анданмындан бир көрүнүп тескери карай алаксытыш үчүн атасы Бийдин айлын тооруп, ошо тараптыакмалады. Олжолоп келген он ирик менен бир тайды союп кандыбүлөөн болушкан түрү бар. Бийдинайлында аяк серпкен адам болгон жок. Канжинге тоюп, сөөк кажалаган иттери да күндөгүдөй акылдапүрө бербестен тынч жатты. Ача сакал абышканын уулу таңга жуук келди.— Эми, балам, чарчагандырсың. Жатып укта. Болгон нш оозуңдан чыкпасын. Мени сураган кишиболсо, чабдар атты бир оруска сатканбыз. Ошону жеткирип кетти дегин, айтпа,— деди. Башка бир уулунириктерден бирди кармап бөксөлөп жибер — деди. Анысы колуна тийген ирикти кармап келип арыданбери терисин сыйрыды. Ичин жарып, ичегикардын алып таштады. Белин омуруп эки бүктөдү.— Эми эмне кылайын?— деди уулу.— Эми эки чоң чаначка кымыз куйдур. Аны чалкашкага арт. Үстүнө ириктин этин бастыр. Коштопалып мени ээрчи. Мужукка барабыз, — деди.Жолдо келатканда уулу — ата, кайсы орустукуна барабыз?— деп калды.— Ийгилик деген орустукуна, — деди атасы.— Ал орус болуп кетти беле?— Орус кыштагында жүрсө орус болот да!— Орус болуп кеткен эмеге эмне үчүн эт, кымыз жеткиребиз? Ал жалпы Жамгырчы болгон жерининтүбүнө жетпедиби?— Аны ким айтты?— Элүү башы, тиги Мантек акем айтып жүрбөйбү?— Айтып жүрөбү? Ма, сага Мантек акең айтып жүрсө! — деп уулун чоку талаштыра шапалагы мененбасыпбасып алды. — Атаке! Эмне болуп кеттиңиз! Мен эмне, жаман сөз айттымбы? — деп уулу жонунтосуп жазгактады. — Акең Мантек болсо, анын сөзүнө сен ишенип жүргөн болсоң, ошо акең экөөң тең кара жерге кир.Ийгиликтен садага кеткиле. Ийгилигиме ким кылапат айтса, ал менин душманым. Ийгиликтин ким,кандай киши экенидигин бүт үч урук эл билет. Ал элдин кишиси. Эл анын. жакшылыгын көп көрдү.Унутпайт. Качы бийдин кастыгынан чүнчүп жүрбөйбү? Ошентип жүргөндө барып көңүл улабасакболобу, балам. Шапалагым катуу гиидиби? Этиң ооруп калган жокпу?— Этим ооруган жок. Эмне болуп кетти деп коркуп кеттим.Атама жин тийген экен дедиң го? — Ооба. Ырас эле, ошенткен го дедим. Булар барганда Ийгиликтөшөктөн жаңы гана турган экен. Ача сакал кучакташып көрүштү. Жашып кеткен экен, көзүнүн жашынжеңинин сырты менен сүртүп, бир азга жер карап отурду. Эки чанач кымызды көргөн орус, кыргыздебестен Ийгиликтин үйүн көздөй чубады. Борбук да түндө Ийгиликтин казаны оттон түшүп калышынакапа болуп уктабаган көрүнөт. Эртең менен эрге келиптир. Чаначтын оозун чечип келгендерге чоң,кичине дебестен кымыз бере баштады.Ача сакал абышка бир оокумдан кийин башын көтөрүп эртең жайлоого көчө тургандыгын, ошогобайланыштуу шашып жүргөндүгүн айтты. Анан — келин балам бери келчи,— деп Сыпайы жеңенибашкалардан бөлүп ар жакка алып барды. Курун чечип:— тетигинде бирдеме боло турган эле, чечипалчы,— деп көйнөгүнүн этегин көргөздү. Сыпайы жеңе көйнөктүн түйүлүү турган этегин чечти. Кечекүнү Мантектен алган акчасы экен. Алып өзүнө сунду.— Жаныңа салып кой балам. Алганыңды Ийгиликке айтпа. Кишиден бирдеме алганды жаман көрөтэмеспи. Чайпайыңарга жарай турсун. Тиги, чабдар атты калтырып кетем. Минип турсун. Башы да күчүда Ийгиликтики. Карагер аттан айрылгандан бери атка мингенди койду дейтко. Жөө жүрүп кимдикоркутат? Качы бийдиби? Кайта анын табасы канбайбы! Чабдар ат каракеринен калышпайт. Өтсө өтөт.Оруска сатты. Мен күчүн минип жүрөм десин. Антпесе Качы бий бир күн койбойт. Чабдар атты суратыпэки жолу киши жиберди, бергеним жок. Өзүмдү бир жолу чакыртыптыр, барбай койдум. Көрүшкүчөаман тургула. Жайлоодон кайта түшпөстөн башка жакка ооп кетсемби деген оюм бар. Олжобай тукумужалдуу ат мингизбей, жакалуу тон кийгизбей турган болду. Малжанга ээ кыла турган эмес, Жамгырчытукумуна. Кудай бирөө, кезек экөө дечү эле. Кезеги келер, өлбөгөн кишиге. Баса жарды болуп калдыкдеп көңүлүңөрдү чөгөттөтпөгүлө. Керек болсо жалпы Жамгырчы уулунун жыйгантергени силердики,Ийгиликтики, — деди. Кайта келип,— учураштык. Мен кетейин — деди Ийгиликке карап.— Атайы келгенден кийин бир күн болсо да конуп кетпейсизби? — Аманчылык болсо конок болуш качпас. Сыпайы балам бирдеме ооз тийгис! Уулум сен отурба.Тур. Чабдар ат мында калат. Күчү да, башы да Ийгиликтики. Минип алсын. Анын үстүндөгү менинээримди чал кашкага току — деди. Бир аяк кымызды шып тартып, нан сындырып оозуна салды. Анысынчайнап жута электе эле козголуп кош айтышты да, шарт коюп жөнөп берди. Байлоодо калган чабдар аттигил экөөн ээрчий карап кишенеди. Жер чарпыды. Тыбырчылады. Чабдардын үнүн угуп ача сакалшапалагы менен санын чаап кайта тартты.— Ийгилик! Эсиңде болсун. Чабдардын сырын айткан эмес турбайымбы. Өзүбүздүн балдарданбашканы ченине жолотуучу эмес,— деди. Атынан түшө калып чабдардын чылбырын чечти.— Ме,жетелеп арыбери бас. Өзүңө үйүр кыл. Мен бирге басайын, чылбырын башка кишиге карматпа. Өзүңбайлап, өзүң чечип минип жүр. Баса. Бир жума бир жерге байлап койсоң да, турган жерине заараушатпайт. Заңдабайт. Үйүр болгондон кийин бош коё берсең өзүңдү таштап эч кайда кетпейт.Мындайлап барып заңдайт. Менин көзүмчө маңдайын сыла. Эки кулагынын түбүн кашылап кой.Сыпайы балам! Ийгиликтин колуна бир сынык нан бере сал. Өлүм жан үстүнө аял чыкпасын. Майыпкылып коёт. Тиги нанды жедир,— деди.Чабдар ат Ийгиликтин колундагы нанды бир карады. Өзүн бир карады. КЬшкурду. Анан ача сакалдыискеди. Биртике башын кетөрүп турду да, Ийгиликтин колундагы нанды карай тумшугун созду.Сугунтуп жиберди.— Эми чылбырын сүйрөтүп коюп жибер. Коё берди.— Эми чылбырын алып балаңа — Кубаткулга бер. Арылап барып оонады. Туруп заара ушатты.Экөөңдөн башка эч бир киши үстүнө да чыкпасын. Чылбырына да тийбесин,— деди да, атына минип ачасакал жүрүп кетти.Үйүнө кирип отургандан кийин, Ийгилик өзүнчө күңгүрөндү: «Ай сени, ай сени! Арыкты семиз кылган май сени! Семизди арык кылган май сени! Ал сени, ал сени!Жаманды жакшы кылган мал сени! Жакшыны жаман кылган мал сени!..»

#38 21 November 2015 - 05:04
20-бөлүм.
Жаргак шым, куур тон, кийиз калпак жыртак абышка күрөң өгүзгө жайдак минди. Бийдин айлынанчыгып Чаки элүү башынын өрүшүн бет ала каалгыды. Ошол учурда Чаки элүү башы айылдан алыстапбарып аялы экөө сүйлөшүп отурган.— Башка чукак боло турган окшодук. Экини гана төрөдүң. Анан төрөтүң токтоп калды. Ыраазылыкбер. Токол алалы.Элүү башы сөздү ошентип токол алуудан баштады. Бул азыр эле козголгон сөз эмес. Көптөн бериордунан чыкпай келаткан сөз. Аялы — менин төрөтүм токтолгон жок, — деген жоопту кайтарды даоңдонуп отурду..— Токтолбосо төрөй бербейсиңби? — Теретүүгө бычымың жок болсо кантип төрөй берем? Элүү башы ызаланды. Унчукпай калды.— Ызаланбай эле кой. Башка эркектердин бирөө менен бир түнөсөм эле бир балалуу боло калганытурабыз. — Андай болсо ошенте бербейсиңби? ? Сен төрөсөң болду, бала биздики болот да кала берет.— Тиги дүйнөнү да ойлой жүрүш керек. Анте турган болсом кудай алдында жүзү кара болбоймунбу? — Кудайдан корком дечи!— Коркпогондочу! — Кудайдан коркоруң чын болсо, токолго макул бол. Же токолдон коркосуңбу? — Токолдон да корком.— Эмнесинен коркосуң?— Күнүлөштүн күйүтүнөн корком.— Күнүлөшпөй эле койбойсуңарбы? — Коё албайбыз.— Эмне үчүн?— Бирден санап айтып берейинби?— Кана, айтып көрчү.
— Айтып көрсөм мындай: Ак никелүү эриң Сарып адашып келген бирөөнүн койнунда жагканынкөрсөң жаның күйөбү? Он эки таш болсоң да күйбөй койбойт. Күйөсүң. Бир эле эмес, күн сайын,саатсайын күйсө бересиң.Күйүттүн күчүнө чыдабай токолуңа мен күн кезрсөтпөйм. Менин күйүтүмө чыдабай аның дакүйүпбыила берет. Байбичеге караганда токол ысык керүнөт. Анан сен токолуңа болушасың. Ансайынайыгышаберебиз. Эркексинип сен чокчоңдоп экөөбүздү урупсогосуң. Анда да калыстык кыла албайсың.Аны аяп акырын чабасың. Анын өзү да күйүткө күйүт кошот. Туурабы?Анысы ал болсун. Алган токолуң сенден төрезбөйт. Ал балалуу болгусу келет. Ар кимдергеөзүбарыпс асылууга аргасыз болот. Ошентип төрөй берет. Анан анын ар кимден төрөгөн балдары өзүңдөнтөрөгөн менин балдарымдын ырыскешигине, жыйгантерген чарбабызга энчилеш болот. Аны көрүпбилип туруп канткенде күйүп бышпайсың. Күйө бересиң, өмүрүң өткүчө изадан банхыбыз чыкпайт.Ырды күйөө, чырдуу кыз болобуз да отурабыз. Өзүң айтчы. Же антпейбизби? — Сөз тапкан колко бербейт. Сени менен сүйлөшүүнүн өзү да кыйын. Кандай дегениң менен, барыбир, бир токол мага да, сага да экөөбүзгө бирден керек. Качанга чейин тышка чыгып эркектин жумушуништеп, үйггө келип катындын жумушун иштей бересин? Кудая шүгүр мал бар. Жан жыргатып убайынкөрсөкболо. Кан^аалык акылдуу болсо да, ургаачынын иши ургаачы. Ург а ачылык кылып жатасың.Антпе. Мен сага карап, сениьа түйшүгүңдү азайтайын деп ошентип жүрбөйүмбү. Түшүнбөйсүңбү? Түшүнсөң боло!— Түшүндүргөнүң ошо болсо, чооң ыракмат. Хоколун аласыңбы, же мүйүздүүсүн аласыңбы, ал өзжешиң. Кандайын алсаң андайын ал. Бирок, эки баламдыжн энчисин бөлүп бер. Мен өзүмчө бир айылболуп башк а жүрөм. Ошондой кыл. Акыры токолсуз күнүн өтпөй турган болду. Тилегиңе жет,— деди дааялы басып кетти. Элүү башы кыйлага чейин башын катырып, жанаарак келип уктап калган. Мына, эми,жанагы жайдак өгүз минген жыртак абышка жете келип өгүзүнүн чүлүгүн каңтара тартты да — о, элүүбашы! Үйдө барсыңбы? Болсоң бери чык!— деп үнүн айбаттуу чыгарды. Букара айылдын бүлөсүнө үнүнары жоон, ары көтөрүңкү чыгарып буйрук кыла, жумшай сүйлөш Олжобайлыктардын ар биринин адаты.Үйдөн үн чыкпады. Аркы алачыктан чыга калган жигит утурлай басып салам берди.— Элүү башыңар үйүндө жок беле?— Бар болучу. Уктап жаткан го!— Бу кандай уйку? Же эрте эмес, же кеч эмес. Ушундайда уйку болобу? Же уйкусун кандырыпалтүндө жылкыга аттануучу эмеби? Элүү башы киши жылкы кайтарбайт эмеспи?..Тиги жигит: — анысын биле албайт экенмин карыя! — деп куушурулуп тим болду. Жыртак абышкаүйдөн бир аз обочолоп барды. Өгүзүнөн кош аяктап түштү. Жигит өгүздүн мурунтугун алды.—Мурунтугун сүйрөтүп коё бер. Өгүз эч кайда кетпейт. Бул айылдагы эр бүлөнүн бардыгын мында чакыр.Элүү башыны ойготуп кой. Киши келди дегин. Уктуңбу? Бар.— Уктум карыя. Макул.Жыртак абышка компоё тартып мандаш урду. Сакалын сылап бой түзөжү. Өрө кийизден өөнөптиккен калдагай калпак сөрөйү бар экен, анысын оңдомуш болуп алчыланта кийди. Дагы ошондойэмелерди иштеп өзүнө олуттуу түр бере отуруу аракетинде болду. Аңгыча ар кайсы алачыктан, үйлөрдөнбирден, экиден киши чыгып келе баштады. Көчмөн, ар кимиси ар жерде жүргөндөргө башка айылданкиши келсе соңуркай карашат. Сонун сорпо кепсөз уккулары келет.Чаки элүү башы Олжобай уулунун жыртак абышкасын теңсинбедиби же уйкуга карамыктыбы, көптөн кийин келди. Качы бийдин айлындагы абышкалар мингич аттарын кечинде тушап коё берипэртең менен таппай калышыптыр. Көргөн билгенинир барбы?— деп жыртак абышка суроо салыш үчүнкелиптир, ошону айтты. Бул айылдагылардын көзүнө андай эме чалынбаптыр. Мантектин ача сакал агасынын бир тай, он иригии барымтага айдап келген чалдардын бири ушужыртак абышка экен. Келер менен тайды арыдан бери соё тартып жибергендиктерин, тайдын семизчыкканын, бир салым чүйгун этин Качы бийдикине киргизип беришип, калганын бу жердеги мүлдөОлжобай белүштүрүп алгандыктарын айта отурду. Кезүнүн шоролонгон кычыктарын кайтакайта сүртүпкоюп апраңдай берди.— Жакшыныкын сатып же жамандыкын басып,—деп берки абышкаларды мен сүрөдүм. Менантпегенде алар антишмек эмес. Эртең абышкаларды ээрчитип Мантегине барам. Анын бир бээсин башкылып он беш иригин барымтага айдатып. келем. Жамгырчы уулу үч тогуз— жыйырма жети бодоайыпка жыгылбады беле. Ошентип, мында калгандарынан барымталап ала бербегенде, кимисин кайданиздеп жүрөбүз? Кудайым Олжобай уулун артыкча жаратып койгон турбайбы! Чындаша келгенде, жаманайылдын урунуп жүргөн малы Олжобай уулунуку эмеспи? Кезеги келгенде жаман айылдын бүлөсүношентип эсине келтирип басмырлап койбосо болбойт...Улам арылаган сайын абышка катуулай берди. Олжобай уулу букара айылдагыларды «жамандар»дешет. Жыртак абышка өздөрүнүн адаты боюнча айта берип,. Алыке уулун да Жамгырчы уулуна кошо«жамандар» деп отурганын байкабады. Беркилердин ызаланып отурушу менен иши болгон жок.Чомочосун чоң көтөрө .сүйлөп, ал жерде өзүн ээн-эркин сезди. Чаки элүү башы жыртак чалдыкагыпсилкеби дешип берки тургандар анын оозун тиктешти. Анысы жыртак абышкага сөз кайтарбады. Бир кезде: — бирөөңөр барып аксакалга ак алып келгиле,— деди. Ошентип коюп ордунан турду дабасып кетти. Алиги жигит аркы үйлөрдүн биринен барып бир аяк айран көтөрүп келип сунду.
Айран ичкидей эмне, мен букара киши же катын белем? Кымызыңар жокпу?—деп жыртак чалчыйрыга сүйлөдү.— Кымыз эч бир үйдө калбаптыр, аксакал! — деди алиги жигит.Кымыз үмүт этип отурган экен, жыртак абышка оозунан алдыргандай умсунуп шагы сына түштү.Туйтуңдай баштады.— Берерге бешимде кымыз. Бербеске эртең менен да жок. Кайдан калбай калсын.Бергиңер жок,— деп, кончунан мүйүз чакчасын сууруп алып насыбай атты. Жанында отурган Акматдейди колун сунду эле, чакчасын кармата берип мурчуйду. Тыгынын сууруп Акмат чакчанын ичкебашын алаканына бир-нече ирет силкти. Насыбай түшпөй койду. Кепкегин ачып караса насыбайкалбаптыр. Чакчасынын кепкегин чыгарганын көрдү да жыртак абышка туураланып Акматты тилдейбаштады: — Ой акмак. Акмат ал эмне кылганың? Кандайча менин чакчамдын көчүгүн бей жооп, суроосопкутужок ачасың? Мени жардысынтып отурганыңбы? же жамаңсынтып отурганыңбы? Жаман десе арыңаргакелесиңер. Жөн билбеген жаман, акмактар. Эси жок. Шайтан...Ошентип обдулуп туруп өгүзүн көздөй басты. Алиги жигит ээрчий барып аяктап өгүзүнө мингизипкайта басты.— Шашпагыла, жамандар. Акеңерди эртең эле тааныта албасам ушу сакалым кыркылып калсын.Борбодой атым өчүп кетсин,— деп барактады. Кермек даамдуу кычкыл сөздөрдү кекетемокото айтыпкете берди.— Мунусунун өнөрү да бир Олжобайча бар экен го!— деди ал жерде отургандардын бири.— Ушу абышкасынан келгенди эрте көрдүм. Коё бергилечи, мени!— деди алиги элпек жигит.— Коё берели. Бүтүрөрүң эмне?— Жете барып өгүзүнөн тоголото тартам. Анан өгүзүнүн куйругуна байлап сүйрөтүп коё берем.— Андай кылсаң Олжобай уулунун чыргагына май куйбайсыңбы? — Кандайча?— Жоголгон бычактын сабы алтын кылышат. Ыргыткан сөөк башына тийбеген ырысы жокабышкасынын бака башын баага батырышпайт. Алыке уулун бүт бойдон чаап алышат.— Эр өлтүргөн айылды чаап алууга азыр мыйзам жок эмеспи? Мына, ушу жигит өлтүрүптур депмени кармап берип кутулбайсыңарбы? — Өлөсөлүү абышканын кунуна башыңды байлап бергиң келип турабы?— Өлтүргөнгө жараша киши еңдүүлөрүнүн бирин өлтүрүп, анан башыңды байлап бер.— Мыйзам жок дейт тура! Олжобай уулуна мыйзам барбы? Алардын ар бири өзүнчө мыйзам.Билбейсиңби: Сөзгө аркы отурган карыя адам кыпчылды. Сөзүн «өзүң кудай болбогонсоң, көрөр күнүң ошо да»деген элдик макал менен баштады. Байы чоңдун кулу чоң. Алардын атабабалары чоң экен. Алардынбардыгы чоң. Бийиңер да ошолор. Болушуңар да ошолор. Үйөзүңөр да ошолор. Өлө жаман да —өзгөлөрдөн өзүн жогору санайт. Ата-бабаңар букара экен. Өзүңөр да букарасыңар. Букаранын көрөр күнүошо. Көрө бергиле. Канчалык ызалансаңар да бары бир. Жыртак чалына да жыгылыштуу болупкалдыңар. Тамашаны эртең дагы көрөсүңөр,— деген сөздөрдү айтып капаланды.— Кандайча эртен тамашаны көрөбүз?—деп отургандардын бири карыяны карады.— Тиги кимчи. Аркы отурган эмненин атын унута калганымды кара! Ооба, Акмат. Ошонуңар жыртакэмесинен насыбай ата коём деп, чакчасынын кепкегин суроосопкуту жок ача койбодубу! — Чакчасынын кепкегин руксатсыз ачыш айып болобу?— Салт боюнча сакалдуу кишинин чакчасынын кепкегин сурабастан ачыш айып болот.— Анысын мен кайдан билдим,— деп жер карады, тиги айыптуү боло калган Акмат.— Мындан ары билип жүрөсүң. Билгизет. Эртең барынар билесинер.— Коюңузчу жарыктык! Кантип эле чакчамдын кепкегин ача^ын леп чыо чыгапоын. Уят эмеспи!— Уят дейт түрбайбы. Манап тукүмунда уят болмок беле? Уялганды билсе манап боло алабы?Алапдын уятсыйыт менен иши болбойт. Шылтоо менен иши болот. Шьтлтоо табылса болду. Жыртакчалы шылтоону азыр бул жерден таап кетти. Аны жөн калтырбайт. Эртең эле көрөсүңөр... Сөздөн улам сөз чыга берди. Отургандардын бири ушу жазла бозочунун уйүңдө болгон окуяны эскетүшүодү. Ал мьтндай болгон экен:Олжобай уүлунүн Касымбек деген дагы бир абьтшкагы бап. Анькы күн сайын бозолон калбаган эме.Таңазанда барат. Сакалдуу киши дешип бозого баргандардын ар бири бир чыныдан бозо сунушат. Канчакиши келсе күн сайын ошончо чыны бозону 6ркрп ичип турат. Ошентип, күз башынан тартып элжайлоого көчкүчө анысынын иче турган бозосу көп жылдан бери башкалардын жонунан болуп келди.Бозочу Алыке уулунун абышкасы болучу. Тиги Касымбек чалдын пейлин жактыруучу эмес. Жазындабир күнү сары кар жаап калды. Адаты боюнча Касымбек чал эрте келди. Кийимине жуккан кардыкүбубөстөн жөөлөй барып бозочунун жанына отурду. Мурдатан жаман көрүп жүргөн бозочужактырбастан—тебетейиңди силкип ал!—деди. — Тебетейди силкээр чакта силкээрбиз, — деп Касымбек аны акырая карады. Адаты боюнча аркимдер берген бозого тоюп алып кете берди. Эчтемеден эчтеме жок бейкут жаткан бозочунукуна ошолэле күнү кечке жуук онон беш киши келип аттарынан оопооп түштү. Алардын арасында жанагыКасымбек, азыркы жыртак чал баш болгон Олжобайдын он чакты абышкасы жүрөт. Мантек, Кашкарбай,Чаки элүү башы да тигилер менен кошо келишти. Олжобай уулунун жаш жагынан аксакалыКасымбектин бозочуга капа болушу, карыя кишиге бозочунун тили тийгендиги жөнүндө сөздөр болду.Бардыгы ахалапохолоп кейишти:— Капырай, бу заман кантип баратат?— Ошону айтсаң!— Олжобай уулунун аксакалы Касыкеме ошо сөздү титинип айтканын көрбөйсүңбү! — Баса десең! Тебетейиңди силкип ал,— деп.— А көрөкчө өзү ала коюп силкип бербейби! — Букара да. Антишти кайдан билсин.— Бозого семирген. Көпкөн дебейсиңби! — Туура. Ошенткен. Андай кишинин Олжобай менен, Олжобайдын карыясы менен иши болмокбеле? — Иши эми болот. Болтурабыз. Уук, керегесин ойрондоп отуна жакса эсине келет. Таанытабыз. Ошондой сөздөрдү сүйлөп күпүлдөштү. Аларды Качы бий өзү көкүтүп коюптур.Касымбек чал бекер бозого бүгүн да күндөгүсүндөй тоюп алгандан кийин бийге барыптыр. Бозочу —тебетейинди силкип ал,— деп мени ызалады. Тебетейди силкээр чакта силкээрбиз деп мен аңы кекеттим.Астыма жыгып айып алып бер. Антпей турган болсоң, өзүңдү Олжобайдын арбагына коём.Туүгандыктан кечем. Топүрагынды түйүп берем да кете берем дептир. Качы бий Мантек, Кашкарбай,Чакини чакыртып алып, бозочудан бир тогуз айып алып бергиле дептир. Тигилерди көкүткөндө ошентипкөкүтүптүр. — Бозочунун жалгыз атынан башка эчтемеси жоктугун айткан бирөөн Качы бий өз эле оозуменен бозочунун малы жок болсо, башка Алыке уулунун малы түгөнүп калыппы?—деп кекетипкоюптур. Ошондон кийин тигилер бозочуну шылтоо кылып, жалпы Алыке уулун айыпка жыгыш үчүнкелишиптир. Олжобайдын абышкалары адегенде жогорку сөздөрдү айтып Алыке уулунун үшүн алды. Анан тигиүч элүү башы бөлүнүп чыгып өздөрүнчө сүйлөштү. Өз ара бир ооздуу болгондон кийин бозочунучакырышты. — Коюңду сой. Колуңду куушур. Касымбек абышканын тизесин кучакта,— дешти.Абышкалардын жаасы катуу келгенин көрүп бозочу эчак эле тилооздон ажырап дел болуп калган,—болуптур, — деди. Коюн жетелеп келип бата тиледи. Ишиң оңолсун дешти алакан жайгандар. Сойгонкою семиз чыкты. Сенже, менже болуп абыщкалар бирин-бири катуу сыйлашты. Эт желип кол жуулду.Аз айып, көп кунөөмдү кечирип коюңуз! деп бозочу тура келип Касымбек чалдын тизесин кучактады,жалбарды. Чал аны чалкалата тээп жиберди.— Сооп болот, бозого семирген, итке,—деп ңүүлөндү жанагы жыртак чал. Ар ким аркандай сөздөрдүжамыратты. — Сунган моюнду сууруган кылыч кеспейт.— Какем кечиримдүү. Ачуусу бир тебүү менен тарады. Кек сактабаган кенен киши эмеспи. Кечет.— Бозочу букарадан чыккан бир ит эмеспи. Дакем итине теңелмек беле.Каке, алтын шилекейиңизди чачыратып жибериңиз.— Жеке бозочу эмес, ачууңузду мобу отурган кары, жаштын бардыгы сурап отурат.— Ооба, ушу отурган барыбыз сурап отурабыз.Касымбек чалдын оозунан «кечтим» деген сөз чыккан жбк. Кеженип отуруп алды. Анын жанындаотурган чал бардыгын бийлей сүйлөдү.— Бозочу коюн союп колун куушурду. Айыбын мойнуна алып тизесин кучактады. Андан башка эмнекылат эле? Өлүп кетсинби? Олжобай уулу менен Алыке уулу биргелеш коншу, ирегелеш тууган.Туугандын азары болсо да безери болбойт. Касикеңер бозочуну сыйлабаса да, жалпы Алыке уулунсыйлоого тийиш. Кеп айыптын көпазында эмес, мойнуна алышында. Айыпка бере турган бир тогузмалыңарды камдагыла. Кетебиз. Касыкеңер кечпесе жалпы Олжобай уулунун кары жашынын наамынанмен кечемин. Иш бүттү. Жаман бүткөн жок.— Отура беребизби? Козгололу,— деди.Алыке уулу эт бышкыча үч тай, үч кунан, үч бышты — бардыгы тогуз жылкыны камдап жибериптир. Бозочунун үйүнөн алыстап барып олжо бөлүштү. Эки элүү башыга бирден тай калтырышты да калганжети жылкыны абышкалар айдап алып жолго түштү.Эми жыртак абышканын чакчасынан чыккан чатактын акыры да как эле ошондой болуп бүттү.—Сакалдуу кишинин чакчасын антиш чоң айыптуу иш. Штанын зордоп чечкенге тете,— деген Качы бий.Абышкаларын ээрчитип эртеси өзү барган. Алыкеликтер дагы бир тогуз малга жыгылып бериптынышкан. Ырас, бийдин өзү катышкандыктан элүү башыларга олжо тийбей калды. Башкалар аябаса даөз айлын Чаки элүү башы аяшы керек эле. Бир чети олжолу болоюн, бир чети Качы бийге жакшыкөрүнөйүн деп кайта ошо Чакинин өзү катуу кетсе болобу! Чара көрүш үчүн келгендерге бир тай, биркой сойдурду. Айыпка бериле турган жылкылардын саны, өлүп кетпегидей жаны болсо эле жарайберүүчү. Бу жолу — бийим өзү келгенден уят эмеспи деди. Айыпка бериле турган жылкылардыдандуулатып чогулттурду. Бий Чакинин ал кызматын эсине алса алгандыр. Бирок, эсепке алган жок.Чаки элүү башыны да куру таштап катуу умсунтту.Ошентип сары эсептигинин салакасын Чаки элүү башы бу жолу да өз айлына тийгизди. Келгендергебир койдун этин берип, жыртакка ат тартып, чапан жаба койсо эле бүтүп кала турган иш болучу. Аны онжылкы, бир койго түшүрдү. Алыкеликтер анысын көрүп деле, билип деле турушат. Качы бий андыкболуп турбайбы! Колдорунан эмне келет?—туура. Сеники эп. Ошенте бер—дешти да тимтим болушту.Жыртак чалдын чакчасынан чыр чыгарып бүт Алыке уулун айыптуу кылган наспайчы Акмат да аялда жок. Биздин Алыке уулу— деп сүйлөсө тандайынан чаң чыгат. Тили буудай куурат. Анын өзү кайсы,сөзү кайсы,— дешип Алыкеликтер адам катары санабайт. Кандай дешсе да Алыкенин бир уулу. Кайсыүйдүн тамагы эрте бышса Акмат ошол үйдө. Кийими албадалба болгон менен, өңү кара көк тартыпмайланышып турат. Бопоросчуну көрсө бопоросуна орток. Наспайчыны көрсө алаканын тосуп «кичи!»дейт да турат.— Жыртак чалдын көзүнө көрүнбөй кете тур,— дешип Акматты Алыкенин башка айылынакетиришкен. Берки айылга кеч барды. Ал айылдын иттерине да таанымал эмеспи, эч бирөө кың этипүргөнү жок. Биринчи кирген үйү казанын аса элек экен. Эсендик айтып коюп экинчи үйгө кетти. Алүйдөгүлөр отун да жага элек экен, биртике отуруп ал үйдөн да чыкты. Бул үйдөкү болбосо тигил үйдүнтамагы бышып калгандыр деген үмүт менен үйдөнүйгө кыдыра берди. Бышылуу тамакка тушуккан жок.Бир баштан кайта кыдырмакчы болду. Биринчи кирген үйүнө барса тамагын жеп коюшуптур. Бир чөйчөксорпо ичти. Экинчи үйгө барса аялы түндүгүн тартып турган экен, кайрылбастан үчүнчү үйгө барды.Андагылар төшөк салууга киришип калыптыр. Кайта чыгып башка үйлөрдү караса бардыгынын отуөчкөн, жатып калышыптыр. Мурдун көтөрүп биртике турганда, короонун четинде жаткан төөнүнжабуусу көзүнө чалдыкты. Барып оронуп жата кетти. Көпкө чейин тамак аңдыштын оңтойлуу жолунойлоду. Күндүз айылдын четине жатып алып кайсы үйдүн түтүнү качан чыкканын байкап, белен болдугодеген кезде шып кирип барыш оңтойлуу сыяктанды. Түн ичинде тамак аңдуунун оңтойлуу жолу тушкелди кире бербестен, сыртынан шыкалап, белен болсо кирип, белен болбосо башка үйлөрдү шыкалапакмалап жүрө туруш окшоду. Ошентип тамак аңдысам жаза каба койбосмун, деген ишенич менен уйкугакетти.
Айыпка жыгып Алыке уулунан алган тогуз жылкыны айдатып келди да Качы бий айлынынжанындагы дөңсөөгө түштү. Олжону бөлүштүрүү жөнүндө өз оюн ошол жерде айтты. Ата аксакалыКасымбек чалдын кемпири катуу сыркоолоп, жөнүкпөй турганын эсине алды. Жамандыгы болсо ычым-бычымына тыгынчык кылсын деген ой менен бир жылкыны Касымбек чалга ыйгарды. «Өгүз өлтүргөнбалта» өзү болбодубу деген пикирге келди да, жылкылардын бири Жыртак абышкага тийешелүүболушун жөн көрдү. Бийлиги үчүн өзүнө бирди чыгарып койгула деди. Башка жакта жүргөн Олжобайуулунун аксакалдары угушса үмүт санашарын эске алып, аларга бир жылкы койдурду. Калган бешжылкыны старчын Сарыңар, элүү башы Кашкарбайыңар келгенде өзүңөрчө эптешип аларсыңар дегенсөздү айтты. Адегиче айылда жаткан эр бүлө тегиз бийдин жанына келишти. Эмки сөз кечеги түнүжоголгон аттарга өттү. Жок издегендердин бири ача сакал байдын айлын түкшүмөлдөп барыптыр. Бийошо киши менен сүйлөштү.— Сен бардың беле?— Ооба!— Эр бүлөсү айлында түгөл бекен!— Үйдөгүсү үйүндө, малдагысы мал четинде жүрүптүр! — Сасык байдын өзү да үйүндө бекен?— Бир уулун ээрчитип эртең менен мужукка кетиптир! — Кандай жумуш менен кеткен окшойт. Сурамжыладыңбы? — Ооба. Сурамжыладым. Баягы чабдар атын орустун бир мужугуна сатыптыр. Бир уулуна жетелетипжеткирип бериш үчүн кетиптир.— Оңбогон Сасыкбай чабдар аттын көзүн боёгон экенго? Канчага саткан окшойт? — деди. Биндинжүзү түктөйө түштү. Бармагын тиштеп ойлоно калды.— Кейпи кымбат саткан окшойт! Анысын такып сураганым жок.— Ким деген мужукка сатыптыр. Биле алдыңбы?— Ийгиликтин бир тамыр орусу бар экенго. Ошого сатыптыр.— Ийгиликтин тамыр орусунабы?— Ооба. Ошондой дешти.— Түшүнүктүү. Чабдар атын суратып эки жолу арага киши салдым. Бербеди. Бир жолу өзүмсүйлөшөйүн деп үйүмө чакырттым келбей койду. Көңүлүн оорутпай алармын деп жүрүп чабдардыколдон чыгарып жибериппиз. Баса, байдын айлында түн катып тердеп кургаган аттар көрүндүбү? Байкайалдынбы? — Байкадым. Айлында токулуу турган аттарында сыртынан абайладым. Жылкыларын да аралапчыктым. Түн катып тердеп кургаган ат көрүнбөдү.— Шек санагыдай белгибете таба алганым жок дечи?— Ооба!— Алыстан атайылап ууру келген жок. Он бир атыңар он ирик менен бир тайдын барымтасынакеткен болууга тийиш,— деп бий ыңгыранды— Орус кыштагына барып сыйлыгышкан Жамгырчы уулунун томаяктары колдуу болуп жүрбөсүн! —деп сөзгө жыртак абышка кыпчылды.— Алар уурдаса өрүштөгү эттүү жылкылардан уурдашат элего. Кактооч аттарды алганда алардынтабары не? — деп жыртактың оюн бий жөндүү көрбөдү. Адегиче ал жерде тургандардын бири—тетигикелаткандар Старчын менен калаага кеткендер болсо керек деп төмөн жакты тиктеп калды. Келаткандарошолор экен. Старчындын аттан буту түшөр менен бий суроо жүргүзүп сала берди.— Өкмөт тарапта канДай сөздөр бар окшойт?— Ак баашанын ордуна бааша болгон Керинскей дегени качып кетиптир дешет. Анын тажы тактасынболчойбек, менчейбек деген экөө талашып жаткан окшойт.— Коош. Аты уйкаштыгына караганда экөө эгиз же удаалаш төрөлгөн эмелерго! Болчойбеги күчтүүбекен же менчейбеги күчтүү дешеби?— Болчойбегин күчтүү айтышат. Кимиси ак баашанын таажысын кийип тактына отурса ошонусукүчтүү болотко!— Бизге бары бир. Кимиси жеңсе ошонусуна букара болуп беребиз да коёбуз. Кандай эмеси болсо даанысына болуш керек. Бий керек. Акырын аткара беребиз. Керек кылбаса өз оокатыбыз өзүбүздө. Кишикөзүн карабайбыз. Коош. Андан башка кандай сөз уктуңар?— Башка эч кандай сонунсорпо сөз деле жок көрүнөт. Бир кагаз бар. Аны өзүңүзгө жалгызкөрсөтөмүн, — деди Сары.— Ал кайдан келген, эмне деген кагаз экен? Жүр. Тигиндейлеп барып көрөлү,— деп бий жер таяныптура келди. Беркилерден обочолоп барып ээн отурушту. Сары кагазды кайдан, кантип алганын баяндады.Жолдоштору менен базарды аралаптыр. Бир киши «үч урук» элинен киши барбы — деп ар кимдерденсурамжылап жүрүптүр. Тааныгандардын бири үч уруктун старчыны тиги киши деп Сарыны көрсөтүптүр. Ал Ташкен тараптан келген эме экен. Силердин элде Ийгилик деген киши барбы? Бар болсо жакшытааныйсыңбы? — дептир.— Тааныбаганда, жакшы тааныйм.— Андай болсо ушу катты берип кой,— деп тиги кагазды бериптир. Калаадан чыгып ат чалдырганжерде кагазды ачып Сары өзү окуптур.— Ал эмне деген кагаз экен? — деген жолдошторуна — бийимеТашкенден келген дубай салам кат турбайбы,— деп чынын айтпаптыр. Кат кандайча колго тийгендигиношондой баяндады. Анан окуй баштады. «Ийгиликке». «Албандан». «Кеңеш өкмөтүнүн жолжобосунокуп жатабыз». «Кат таанып калдык». «Эми үч айдан кийин барабыз» деген сөздөрдүн ар бири бийдинкулагына ыргыткан таштай тийип турду.— О байкуш тентегим, Албаным. Бар турбайбы! Тирүү жүргөнэкенго, жалгызым. Тулпардан калган туягым. Болсун, болсун. Олжобайдын арбагы колдоп дагы бирбаласы эл сурап, журт сурай турган болуп калган белем! «Туугандын азары болсо да безери болбойт».Деги Олжобай уулунун ырысы бар экен,— деп Качы бий жашып, сүйүнүп кеткенсиди. Бул катты Сары Ийгиликтин өзүнө бербестен бийге келип окуп беришинде башка кеп, башка маанибар болучу. Албанга да, Ийгиликке да Сарынын башынан бери пейли түз. Бирок, бийден чыга алуучуэмес. Сыр алдырбаска аракет кылуучу. Бий кырданып кетсе Ийгилик менен Албанга таянсам «үч урукту»езүм колго албайымбы дегенди көп ойлонуучу. Тиги катты окуп берип бийдин үшүн качырып коёюн.Ийгиликтин өзүнө анан тапшырайын деген пикир менен алып келген. Каттагы сөздөрдү окугандан кийинбийдин тигинтип отурушуна аңтаң болду. Үшү качмак турсун сүйүнүп, жашып кетиши кандай? Бирэсептен катты Ийгиликтин өзүнө берип бийди кабарсыз калтырсам болмок экен,— деп тымызын өкүндү.Кандай болсо да бийге Албан бир ата жакындык кылат. Өзүнүн инисинин баласы. «Туугандын азарыболсо да безери болбойт» дегени ошого. Албанга менден жакынсып айтканы го — деп деңдароо болду.Эмнеси болсо да өтөр иш өттү. Кетер иш кетти. Эртең катты жеткирип Ийгиликти сүйүнтөйүн дегенойго келди. Ошол арада бий: — коош, кагазыңды кайта бир окуп көрчү. Бышыктап дагы бир угайын,—деди. Сары салмактуу окуп чыкты.«Алыста жүргөн уулуңар Албан, кызыңар Берметтен. Ардактуу жан барабар көрүүчү атабызИйгиликке, энебиз Сыпайыга, инибиз Кубаткулга дубайдан дубай салам. Биз азыр Ташкендебиз. Алтыайлык окууга киргенбиз. Үч айы өттү. Актан кара таанып кат жазууга жарап калдык. Ушу катты өзколубуз менен жаздык. Топурактан тышкары болсок үч айдан кийин жүз көрүшүп каларбыз. Бу тараптазаман өзгөрдү. Улуу Лединдин жол башчылыгы менен большевиктердин партиясы падыша өкмөтүнжана убактылуу өкмөттү да кулатты. Кеңеш өкмөтү орноду. Өкмөт элдики, эл ичинде эзилген жумушчу,кедей дыйкандардыкы болду. Биз кеңеш өкмөтүнүн жол жобосун окуп үйрөнүп жатабыз. Биздинаманэсендигибизден бийимди да кабардар кылып койгула!.. Көрүшкүчө эсен болгула!Албан, Бермет. Февраль. 21жыл. Ташкент»— Окуп бүттүңбү?— Ооба!— Сөз калтырбастан окудуңбу?— Калтырбастан окудум!— Келе эмесе, катты маа берчи. Карап көрөйүн. Бий катты колуна алды. Төрт бүктөп туруп чөнтөгүнөсалып—бийимди да кабардар кылып койгула — дешкен турбайбы. Тууган деген ошондой болот.Канчалык кыркылышса да түтүшпөйт.Баса, каттын сөзүнө караганда болчойбеги жеңип чыккан го?
Ошенткен окшойт.— Болчойбек деген атына караганда, анысы бусурманбы дейм.— Болчойбеги бир кишинин аты эмес, партиясынын атыго! Жол башчысынын аты Лелил деп жазгантурбайбы! — Ледин дептирби?— Ооба, Лелил дептир.Бий катты чөнтөгүнөн алып: — ме. Жанагы жол башчысынын атын тактап окучу. Не бар, не жокбилип коёлу.Сары катты ачып карады. Эжелеп өзүнчө окуду да, ЛелеЛедин турбайбы,— деди.— Ледин деп мен туура айтыптырмынго? — Жок, сиз деле туура айтпапсыз. Ледин эмес, Ледин экен.— Мен деле ошону айтып жатпайымбы. Ледин. Келе. Катты маа берип кой.— Ийгиликтин өзүнө бербейбизби! — Эмне үчүн Ийгиликке беребиз?— Ошо кишиге арнап жазган турбайбы! — Тууган меники. Албан менин карачечекей инимдин баласы. Анын катын мен эмне үчүн Ийгиликкулга берем? Бул кат колуна тийсе Ийгилигиң кекүп кетет. Катты сен кимден алдың? Ал кайдагы эмеэкен? Кандай эме көрүнөт?— Казак болсо керек. Казак дейин десем чач койдуруп алган. Ногойбу дейин десем казакча сүйлөйтэкен. Неси болсо да соо киши эмес. Чокунган эмеби, кандай. Оңчулуктуу түшүнбөдүм. Катты табыштапберди дедиртип кагазга кол койдуруп, атыжөнүмдү жазып калган. Алдагы катты берип коюңуз.Тапшырып кутулайын. Кокустан башым кетип калбасын...— Бир барча кагаз үчүн кеткидей эмне, сенин башың, ошондой эле баасы жок башпы? Олжобайуулунун өлө жаткан кишисинин башы башкалардын жүз башына татыйт. Аны билбейсиңби? Сары унчуккан жок. Орундарынан туруп экөө эки жакка кетти. Күүгүм кирген кезде бий Каракулдуээндетип барып төмөнкү сөздөрдү айтты.— Коош, Каракул баатыр! Албан иниң Ташкенге барып чокунуп кетиптир. Кат келди. Каты мына.Көрдүңбү? Аз күндөн кийин келет экен. Чокунганда ал жөн эле чокунду дейсиңби. Экөөбүздүнбашыбызды жеш үчүн чокунбадыбы? Келгенде жөн келбейт окшойт. Өкмөтчү болуп келе турган түрүбар. Ушу баштан эле экөөбүз келмебизди келтирип, ыйманыбызды айта берели. Тоң моюндук, энөөлүккылып койбодуңбу. Болбосо баягыда сыйыртмак салып атка сүйрөткөнүңдө экөөбүзгө бул балаа жокболмок. Сен Берметке үйлөнүп, кудай берсе, балким балалуу да болуп калат болчусуң. Эми айлабыз эмнеболот? Маа караганда сенде өчү көп. Неткен менен да тууган эмеспизби. Мени жамандыкка кыя койбос.Бу сенин айлаң эмне болот? Мен көбүнчө сени аяп отурам,— деди.— Кош, Каракул баатыр, унчукпадыңго? Жатып өлгүчө атып өл деген кеп бар. Жатып бербейли. Жанбакмак парс. Аракет кылып жан багалы. Бүгүн эл жуп жаткандан кийин сен мужуктардын кыштагынажөнө. Эч ким билбесин. Ийгиликтин үйү турган орустун короосуна кир. Чабдар аттын кардын жара тарт.Ат тыбырчылаганда Ийгилик үйүнөн чыга келет. Жашынып туруп өзүн да жара тарт. Экөөн бирдейжайлагандан кийин кел да жатып кал. Эч бир жан туйбасын. Жаман айтпай жакшы жок. Кокус колготүшүп калсаң, Ийгиликте жесир доом бар. Өч алайын деп өзүм келгемин де! Түшүндүңбү? Мени эчкандай сөзгө кошпо. Андан аркысынан кам санаба. Барып өзүм бошотуп алам. Билдиңби?— Билдим!— Билсең ошондой кыл. Бул ишти бүгүнкү түндөн калбай бүткөр. Аны бир мен билейин. Бир сен бил.Экөөбүздөн башка жан билбесин. Бар. Жолуң шыдыр болуп ишиң оңунан чыксын...Каракул башын ийкеди. Барып жортуулга азырланды. Мал союп жүрүүчү Сары саптуу толтолуубычагын кайрады да кынына катты. Бий үпүнө барып жайланып отурду: — Бу биздин айылдынөрүшүнөн мал жоголуучу эмес эле. Кандай болуп кетти. Кечеги түнү жоголгон он бир аттын бүгүнгөчейин дареги чыкпаптыр. Коош. Жылкыга сак болбосо, болбодуго. Каракул деген эмеси кайда жүрөт.Айтып койгула. Тамак ашын ичип жылкыга барсын. Сак болушсун, — деди. Эртеси бий эрте турупайылдын четине чыгып отурду. Айылдын абышкалары барып тегеректей отуруп кымыз ичишти. Шашкеченде—баягы Каракулуңар көрүнбөйтко. Ал кече кечке оолугуп жүргөнүн байкап калдым. "Кээдеошентип калмасы бар. Күүгүмде ээн жерге чакырып катуу урушуп, жылкы кайтарыш деп айдапжибергемин. Жылкычылар келишти окшойт. Ал керүнбөйт. Түндө жылкы кайтарууга барыппы, бирөөңбарып билип келчи, — деди.— Каракул жылкы кайтарышууга барбаптыр, — деп барган жигит бат эле кайта келди.— Бир жерге барып жатып алганго. Кул качамын деп, күң өлөмүн деп коркутат эмеспи. Кара мүртөскапыр же качып жоголду бекен...Ошентип койду да, кымыз жупу. Колундагы аякты бошотуп жерге койду. Анан оозун аарчып, Сарыгабурулду. — Сен бүгүн мужук жакка барасыңго! Алиги кишигекезиксең бир кагаз келди эле, жоготуп коюпмун, — деп ксё сал. — Илгери, кийин доодоомайыболбосун, — деди.Сары унчуккан жок. Адегиче мужук тараптан бирөө келди. Чөк түшүп атын кармай отурду. Бир аяккымыз ичирип туруп кайдан келатканын, кайда баратканын, кайсы элден, кайсы жерден экендигин, аты-жөнүнө чейин сураштырышты. Бардыгын айтып берди. Анан эмне көрдүң, эмне уктуң? — дешти.— Эчтеме деле угуп, көргөнүм жок. Бери келатсам Ийгилик деген киши отурган короого орус,кыргыз дебестен бир топ киши чогулуп турган экен. Бул жерде эмне бар экен? — дедим.— Короого түндө ууру кириптир. Уурдамак болгондо, ат жыга тээп бир бутун сындырыптыр дешти.— Кайда жүргөн, ким деген ууру экен, — дей калды отургандардын бири.— Аты Каракул. Бийимдин кулак кести кулу дештиго...Ал жердегилер таңыркап бирин-бири карады.— Кече күнкү кейпине караганда ал ит бирдин үстүнөн чыкмак. Чабдаг^ атты Ийгиликке ыраатартпайм. Же алып келем. Же жарып таштап жүрө берем деген. Антип иттик кылба деп мен ошо сөзүүчүн урушкамын, ал итти. Башкалар укса, кулун уурулукка жиберип сакалдуу башы менен бийди кудайурган экен дешпейби! Кулдун бейбаштыгын кайдан билишсин. Ай, ит ай. Иттигин кара мунун! Менинжүзгө жакын жылкым көзүнө көрүнбөй, Ийгиликтин мужуктан күчүн минип жүргөн жалгыз аты көзүнөкөрүнгөн экенго! Бутун сындыра тээппи? — деп бей тааныш жолоочуну карады.— Бутунун жилигичи туурасынан чорт сыныптыр дешти.— Бутун ат тээп сындырыппы же өзүлөрү тээп сындырышыптырбы? — Ат тээп сындырыптыр. Чабдар ат Ийгилик менен баласы экөөнөн башканы жанына жолотпогонмал дешти.— Өздөрү да ызалап уруп-соккондур? — Ийгилик дегениңер асыл киши турбайбы. Анттирбептир. Кудай урган эмени антип эмнскыласыңар деп тыйып коюптур.— Жабыр көрсөтпөптүр дечи? Ийгиликтин өзү да менин кулум. Менин кулума кол тийгизе алабы, —деп бий көөдөнүн көтөрүп короздонуп койду. Анан Сарыны карады... — Элүү башыларды ээрчитип өзүңбар. Ал кайсы атты минип барды экен. Атын «Сасык этке» калтырып өзүн алып келе бергиле. Ийгиликда Каракулдун аркасы менен аттуу болуп калсын, —деди.— Буту сынып калган эме атка жүрө албайтко, — деген үн чыкты.— Кулду кудай алмак беле. Ит жандуу эмеспи—калтырбай алып келгиле, — деди да бий жантайыпжатып калды.
Ошо күнү Алыке уулунун карыя үч адамы түш ченде Ийгиликтикине барышты. Алар өтө олуттуукепкеңеш менен келишиптир. — Бизге Качы бийдин зордукзомбулугу бир тең болсо, өзүбүздөн чыкканЧаки элүү башыныкы эки тең болуп жүрөт. Малыбызга да, башыбызга да ээ кылбай жүрөт. Барып башкалкалагыдай конуш таап бер. Шадманыбы, Бексыргасыбы, башка элге болсо да мейли, кете беребиз, —дешиптир.Ийгилик аларга: барып киренди кирип букара болуп беребиз десеңер Шадманы да, Бексыргасы да бирсапар кудай деп эле конуш берет. Бирок, азыркы күндө «кайда барсаң да мамайдын көрү». Бары бир,алардан көрөр күнүңөрдүн акыры деле баягы көрө жүргөн күнүңөр. Шадман аке ак пейил калыс киши.Картайып да баратат. А кишинин айлынан да азабыцарды окута тургандар табылат. Залимдик жагынанБексырга Качы бий, Чакиден калышпайт. А көрөкчө чыдай келген жаныңар чыдай тургула. Заманөзгөрөт. Эркиндик, теңдик болот. Жаңы тартип, жаңы мыйзам болот. Ичкер жакта эл менен кеңешипиштей турган кеңеш өкмөт түзүлүптур. Ал өкмөт бизде да болот. Бизге да келет. Кеңеш өкмөтүнүнадамдарынын алды калаага келип калды. Мына, бир жума болду, мени чакыртышыптыр. Барыпжолуктум. Ошондон бери эртең менен барып кечинде келип үйгө түнөп жүрөм. Кеңешөкмөтүнүн жолжобосун айтып түшүндүрүп жатышат. Качы бийи менен да, Чакинер менен да азкүндөн кийин орой көздөрү чарай, бетмебет отуруп эсептешебиз. Жылуу ордуңарды суутпай тынч жататургула, — дептир.Тигилер— андай аттуу күн кайда! Оозуңа май! Ийгилик баатыр, — дегенде тыштан дүбүрт угулду.Дүбүрөп келаткандар старчын, берки үч элүү башы экен. Чаки элүү башыны көргөндө үч карыякыйпычыктап биртике турду да, анан жылт коюп жок болушту.Ийгиликти өзүнчө бөлүп чыгып старчын кечеки каттын жөнүн айтты. Эчтемени жашырган жок,болгонду болгондой ачык айтып ак сүйлөдү. Ийгилик анын пейлинин түздүгүнө ыраазы болду.Чөнтөгүнө колун салып: — мынабу кат да ошолордон — Албандан келген. Муну да жеткирип бер. Бийиңтумар кылып мойнуна тагып алсын, — деп тамаша кылды. Сөз эми Каракулга өттү.— Аштан ачка, аттан жөө эмесмин. Жетелете барып атын өзүнө — бийиңе бер. Тебетейди силкерчакта силкээрбиз деп баягы Касымбек чалыңар айткандай, ат керек болсо, алар чакта аларбыз. Каракулдане жазык? Айыбы кул болуп калгандыгы. Сыныгын таңдырып койдум. Токоруганда өзү кетер. Азыр аныордунан козгошко болбойт! Калган сөздү Каракулуң менен өзүң сүйлөш. Калаага бара турган зарылишим бар, — деди Ийгилик. Качы элүү башыдан качып кеткен үч карыяга айткан сөздөрүнүн бирин дастарчынга айткан жок. Аттанып кете берди.

#40 22 November 2015 - 22:55
21-бөлүм.
ЖАҢЫ БАГЫТ.
Элүү башы, он башыларын ээрчитип Бекиш старчын Качы бийдин айлына келди. Башкаларынобочороок калтырып, бийдин үйүнө өзү жалгыз барды. Үйүндө Эстебес тентек отурган экен: — а, кел,кел старчын, кел! — деди бий.— Бийим, шашылып келдим!— Шаштыра турган жумуш чыгып калдыбы?— Ооба,. бийим! Рипком дейби, эмне деди, эмнеси болсо да ошонусунан буйрук келди. Улук барат,эл ортолой үй тиктиргиле. Эртең түштө эркек-ургаачы дебестен бир старчын калк тигилген үйдүнжанында болсун, дептир. Сиздин өзүңүзгө кеңешели деп келдик!..— Жыйынга ургаачылар да барат бекен?— Он сегизден жогорку катын, эркектен калбасын,— дептир.— Бул эмне деген мыйзам?— Жаңы улуктун жаңы мыйзамы го!— Ушу мыйзамы жакшы эмес.— Кайдан билейин.— Келе турган эмне деген улук экен? Үйөз бекен, же Жандыралы бекен. Үчөчкөбай дейби? Кандайжумуш менен келатыптыр, анысын биле алдыңбы?— Кабарга келген киши анчалыгын айткан жок! Жанагы сөздөрдү айтты да, жумушу такыр болсокерек, чапкылаган бойдон тыяктагы старчынга өтүп кетти. Кейпи, сөз угузууга келаткан улук болуугатийиш! — Кандай улук экендигин билсек болот эле. Чоңураак болсо, чоңураак даярдык, кичирээк болсо —кичирээк даярдык көрөт элеңер! — деп бий ойлоно калды.Бир аздан кийин башын көтөрүп — эмнеси болсо да, ар бир элүү башыга экиден үй тиктир. Коош!Союла турган союшту өзүңөр ойлонушуп көргүлө. Анан бир жакшы ат, бир бөрү ичик болсун. Коош!Кетеринде же сенин үйүңөн, же бул үйдөн атты мингизип, ичикти кийгизип чыгарабыз. Чыкканчыгымды түтүнгө бөлүштүрөсүңөр, коош! Калганын келген улуктун жумушуна жараша дагыкеңешербиз! ..— Андай болгондо алты үй тигебизби?— Алты үй болгондо көп болуп кететко! Үч элүү башы бирден үй тигишсин. Улук түшө турган үйгөкилемкилче төшөтүп кой. Шааншөкөтү көбүрөөк болсо, келген улук ошончолук ыраазы болуп калат. Барэмесе, эртелеп камына бергиле.— Үй тигилген жерге эртең өзүңүз эртерээк байбичеңиз менен келерсиз?— Эрте барам, барамын! Бирок, уйга чөп берүүнүн, ургаачыга эт берүүнүн кереги эмне? — деген кепбар. Анын сыңарындай катындарды жыйынга алып баруунун кереги эмне?— Келүүчү улуктун буйругу ошондой турбайбы?— Сенин катының кайда? — десе жообун өзүм айтам. Камка байбиче андай жерге барбайт.— Улугуң сокур болсо көзүңдү кыс — деген сөздү өзүңүз айтчу элеңизго?— Көзүм турмак көчүгүмдү да кыспайм. Бар, барып ишиңди бүтүр.Старчын барып элүү башы, он башыларына буйрук айтты: тигиле тургаи үйлөр күн чыга даяр болсун.Кишилериңер ургаачы, эркек дебестен шашкеге чейин келип жетпесе мага тарынбагыла. Төбөңөргөкамчы ойноп калганын билбей каласыңар. Аттангыла! — деди. Он башьтлар аттарынын мойнуна минечаап, туштушка бытырап кетти.Элүү башыларын алып калды да, келген улукту жөнөтүүгө байланыштуу боло турган чыгымдыбөлүштүрдү. — Мага чогултуп берериңер ошол. Анын үстүнө канчаны кошуп, канчаны бүкмөлөпарттырып аласыңар, ал өз ишиңер. Баргыла! — деп элүү башыларын кубалады.— Жарым бааша, жандыралы келет экен. Ургаачы, эркек дебестен шашкеден калбай барасынар, —деген кабарды таратып, он башылар ойду ойлоп, тоону тойлоп түн бою дурбөп жүрдү. Айтылган уч үйдүкүн чыга тиге салышты. Ойдон. тоодон чубагандардын акыры шашкеге чейин келип жетти. Мантек элуүбашынын тобу өзү менен он бир гана кпши болду. Төмөнтөн келаткан үч кишинин карааны көрүнгөндөстарчын калкты катар тигилген үч үйдүн артына сүрүп өткөрдү. Үч уруу үч тарапка бөлүнүп, алдынаэркектери, артына аялдары отурду. Старчын, элүү башылар менен өзүнчө бир топ болуп бий орто жердиээледи. Айланага көз чаптырып, карады да, адатынча буйруп:— Эстебес экөөнөр барып келаткан улугуңарды тосуп алгыла. улукка урмат керек! — деди бий.— Бийим, жарыктык, туура айтат, ошенткиле! — дешти бийдин жөкөрлөрү.Старчын менен Эстебес келаткандарды тосо барьтп, жакындаганда аттарынан түштү. Колдорунбооруна алып тура калышты.Үчөөнүн бирөө кыргыз экен. Асынганы беш атар, анын үстүнө бир колунун жеңинде билерикчебайланган кызыл чүпүрөк жүрөт. Анын артында жанаша бастырып келаткан экөө опус экен. «Кыргызыболсо жол баштап келаткан экен. Улугу арткы экөөнүч бири болууга тийиш» дегенди ойлошту, жолтосуп турган экөө.Ошентип, кыргызга көңүл бурбастан арткы экөөн утурлай басып кулдук кылышты. Тигил экөө эчтемеайтпай өтө берерде: — таксыр, кулдугубуз бар! Акбаашанын амырын ак ниети менен аткарган «үч урук»элинин старчынымын. Атым Бекиш. Бул жигит «үч урук» элинин урматтуу бийи жана болушу Качынынбаласы Эстебес! — деди старчын. Тигилер баштарын ийкешти да кете берди. Тигил экөө аттарын минипээрчий жүрду. Бир убакта,— э, айланайын, тиги бараткан Ийгилик турбайбы? — деп Эстебес камчысыменен Бекишти капталга бир чапты. — Баса, ошо турбайбы! — деди Бекиш.Тигилген үйлөргө тигилер жакындаганда: — элүу башыларым тургула! Улукка изаат кылалы! — депордунан турду. Дайындуу үйдун босогосуна барып өзү алды жагына төштү жайып, тебетейин колунаалып топучан карап турду. Үчөөтөртөө келгендердин аттарын алууга чуркашты. Жол баштап жүргөнбирөөдүр деген ой менен Ийгиликке бий да назар салбады. Берки экөөн карап колун бооруна алды.Тигилер байкабаган түр менен басып үйгө киришти. Биидин шагы сынып, мурдагы ордуна кайта барыпотурду. — Улук деп дүрбөп тосуп жатканынар жөн эле мужукко! Андайын билгенде мен келбей да коёт элем.Тиги алдында жүргөн кыргызы кайдагы эме экен? — деди бий, Эстебес жанына келгенде.— Баягы Ийгилик экен!Бийдин өңү өзгөрө түштү.— Улукка жетинген турбайбызбы? — деди кекээр менен.— Теңимеалмаксан болуп аттанып кетип калсам кантер эле? Ошентсем, калк көзүнө кайратым көрүнө түшпөсүн,— деп бий ордунан козголду. Мынча болгондон кийин сабырдуурак болоюн деп кайта отуруп калды.— Эл чогулуп күтүп турат. Айта турган буйрук жардыгы болсо айтсын, угалы. Экөөң кирип айтыпчыккыла! — деп Эстебес менен Бекишке карады. Баруудан жазганышса да, калкка сыр алдырбас үчүнтигил экөө басып барып үйгө кирди.— Келгиле ак паашаньтн амырын адал аткарып келген эр кулдар! —деди Ийгилик. Тигилер беттерине суу бүрккөндөй муздай түштү.— Жакын жердеги айылдан узун түндүк бакан алдыргыла! — деди Ийгилик.— Куп болот, таксыр! — дедида старчын тышка чыгып бирөөн бакан таап келүүгө чаптырды.— Мен эмне иштейин? — деди Эсебес.— Сен барып атаңдын жанына отура бер! Ийгилик тышка чыкты. Үйдүн тышына «үч урукСелревкому» деген сөз жазылган кызыл чүпүрөктү иле баштады. Кошо келген экөөнүн бири кошо чыгыпжарламдашты. Калк моюндарын созуп таныркай карашты. Бир аздан кийин бакан келди. Анын учунакызыл сатин байланды. Алып чыгып боз үйдүн босогосуна туу кылып көтөрүп койду. Калк антаң болду.— Ак башаамдын туусу аппак болучу эле. Буларыңдын түрү бузулдуго! — деди кытмыр бий. Адегичетигилер калк алдына чыгышты.Ошентип, ээн талаага тигилген үч үйдүн арка жагына жалпы чогулуш ачылды.Келген эки орустун бири Волревкомдун председателиСоколов, экинчиси тилмеч Щербинин экен. Соколов орусча сүйлөдү. «Үч урук» айлына Селревкомуюшулгандыгын, председателдикке Ийгилик Эрназаров бекитилгендигин айтты. Щербинин кыргызчаайтып түшүндүрдү. Анан Ийгилик сүйлөдү. Он күндүк окуу көзүн кыйла ачып, сезимин да ойготупташтаган экен. Өзүнүн сөзүн— жардыжалчыга, кедейкембагал, жана жалпы букарага ата турган таң,чыга турган күн бар экен. Азаттык, теңдик болду! — деп баштады. Падыша бийлиги, жана убактылууөкмөт кулагандыгын жумушчудыйкан бийлиги орногондугун алы жетишинче айтып берди. Бийкөкүрөгүн жайып тура калды да, — андай эмеңерге мен макул эмесмин! Биз «Олжобай» уруусу өзүбүзчөболобуз. Букара, киши өлтүргүч Ийгиликке баш ийгенден көрө, өлгөнүбүз жакшы эмеспи! — деди.— Андай кылыш, азыр сиздин колдон келбей калдыго, бий аке! Сиздин заман ак башааңыз мененкошо кеткендигин жолдош председатель Ийгилик айтып өтпөдүбү? Курулай тыраалай берүүдөн эчтемечыкпайт, — деди Щербинин. Эл көзүнчө бел алдырбай катуу туурайын, беделимди түшүрбөйүн дегеннамыс менен бий чыйрала сүйлөдү.— Буйругуңду коё туруп деги өзүң кимсиң? Жарым бааша, жандыралысыңбы? Эң оболу ошонуайтчы? — Өзүм болсом жумушчу кишимин. Большевиктик партиянын, орус жумушчуларынын өкүлүмүн,түшүнгөн чыгарсыз?Бий өңгөчүн тартып анткорлоно күлүмүш болду. — Мунуңар орустун мужугу—букарасы турбайбы! Букарадан чыккан кишинин иштей турган иши да ошондой букара болот! — деп жажалады. Бирок,анысы да бекерге кеткен жок. Атаңдын көрү, тартынбай айтышып жатканын кара! — деп бийдин омуроокактысынан өзүнчө колоп отургандар да болду.— Ким букара, ким ак сөөк, аны учуру келгенде териштире жатарбыз. Азыр ревкомдун буйругунорундай бериңиз! — деди Соколов.Анын көшүүн сүйлөгөн сөздөрүнө алымсынбагандар да болду: улук болгондон кийин опуражапырасүйлөбөйбү. Коркута эле айтпайбы. Мурда улук болуп көрбөгөв мужуктугунан ошентип жататко. Акбаашанын эң жаман деген улугу калкты калтылдатып жиберүүчү эмес беле.Түбү бошко? Болбосо зиңгирик ойнотуп жибербес беле? — деген ойдо калгандарда болду.Орусуна көп эле асыла бергеним болбос деген ойго келди да, бий Ийгиликке жармашты.— Риком, риком эле дейсиңер, анынар эмне? Жарым баашабы, аныңар? Жандыралыбы? Үчөчкебөйбү? Алды менен, сен ошону бизге түшүндүрүп койчу. Кыргыз эмессиңби! Тил билесиңго? —деп айбагтанды. — Пай, пай, пай! Бийибиз болжолдо жок кайраттуу, баатыр киши турбайбы! Тартынбастачсалгылашып жатат дешип кээ бирөөлөр тамшана отурду. Берилген суроого Ийгилик шашып калды.Жооп айталбаса эл көзүнө бедели түшөт. Анын андай абалга калышы алда турган милдеттердинаткарылышына тескери таасир кылышы көрүнө турган коркунучу. «Эмне деп айтыш керек? «Ревком»деген сөздүн маанисин кандайча түшүндүрүш керек?!» Он күндүк окуудан оюнда калган бир топ сөздөрбар эле. — Тобокел, кайдан чыксаң андан чык, — деди да бел алдырбас үчүн салмактуу туруп жоопайтты.— Рибком деген сөздү билгиңиз келеби, бийим? Ал, өзгөрүш кемийтаты. Төңкөрүш кемийтаты! Эскини төңкөрүп таштап, жаңыны жарата турган кемийтат. Сиздин ак баашаңызды алып ыргыткандаошол өзгөрүш, ошол көңтөрүш! Кара таман батрак, жардыжалчы кедейлерге азаттык, теңдик берген даошол төңкерүш, ошол көңтөрүш, ошол рибком! — деди.— Айткан сөздөрүңө өзүң гана түшүнбөсөң, мен эчтеме түшүнгөнүм жок! — деп бий кемсинтесүйлөп, өңгөчүн тартып анткор күлдү. Ийгиликтин капкайдагы ачуусу тилинин учуна чогула калды.— Бий аке, сиз менен акый айтышуу үчүн келген эмеспиз! Биздин ишибиз эл менен, элдинжардыжалчы, кара таман, чор алакан батрагы, кедейи, кала берсе орто чарбалары менен! Бийлигиңиздиак башааңыздын артынан барып иштеңиз! Манап-байларыңызды ээрчитип алып азыр арадан жоголуңуз! Эл ишине кийлигишкенди мындан ары такыр коюңуз. Бул сөздү оң кулагыңыз менен да, сол кулагыңызменен да жакшылап угуңуз.Бий обдулуп бирдеме дей турган болду эле: — сөздү коюңуз. Кетиңиз! көп сөз эшекке жүк болбойт!»— деди, Ийгилик.— Кетип калмакка эмне? Олжобай болгон жериң жүргүлө! Өзүбүзчө болобуз! Жогорку чоңдоруменен сүйлөшөмүн. Аттангыла! — деп чаңыра кыйкырып бий ордунак турду.— Бий, эми ушунчаңда бузукулугуңду токтот! — деп Ийгилик кекенди.— Токтотпогондо иштээриң эмне? Жеп жибересиңби? Жутуп жибересиңби? — Азыр айдатып жиберем.— Мени айдатып жибериш үчүн сага анчалык күчтү ким бере койду? Кайдан алдың, анчалык күчтү?— Анчалык күчтү мага кенеш өкмөт берди. Рибком берди! Өзгөрүш, төңкөрүш берди.— Олжобай болгон жериң түгөл аттан! Кетебиз! — деп бий дагы кыйкырды. Алар дүрбөп калды.— Сен бара турган жерге бирге барууга макул болгон Олжобай болсо, бара берсин! Кыйын болсоңээрчитип кетип көрчү! Кеңеш өкметүнө каршы болуп, бийди ээрчип кеткен Олжобай болсо, андайОлжобай менен башкача сүйлөшөбүз! Дүрбөп калгандар дымый түштү.Чатак ырбап баратканын байкаган бийдин жөкөрлөрү өз баштарынан коркушту. — Кэюнуз бийим,коюңуз! Ийгилик сиздин теңиңиз эмес. Ага теңелбеңиз! Кетсе кете коёлу! — дешти. Аны көтөрө чалып,Ийгиликти кемсинткен болушту. Бийди колтуктап ала жөнөштү. — Силер кала бергиле. Сөзү болсо угупкелерсиңер! — деп куугунтук жегендердин бири эстүү кишисинди. Ээрчип кете тургандардын жоктугун,болсо да аздыгын билип атайы ошентти.— Ата, жайыма коё турсаңар болот эле! Моокумдан чыгып алайын дедим эле! — деп бий, тигилердинтилин алган кишисинди.— Бийимдин атын тарткыла! — дешип аткарып алып кете берүүгө ылаажысыз болушту.— Бекиш старчын үй тиктирип калкты жыйнап коюпсуз. Кызматына ракмат! Эми сиздинкызматыңыз да бүттү. Сиз да кете бериңиз! — деди Ийгилик.Старчын эчтеме айта албады, эл арасынан чыга жөнөдү. Бий, старчын, каршылашып кала береалбастан, качып чыга бериши калкка кадыресе таасир этти.«Ревкомдо күч бар экенго!» деген корутунду ар кимдин акылына кирди. «Эми эмне айтар экен»дешип Ийгиликтин оозун аңдып демигишти.«Жарыктык Совет болбосо, Бизге кайда бу теңдик? Төбөдөн басып байларды, Кууп чыгып бийлердиИттей кылып бир жеңдик!».Калк дуу күлдү. — Жарадың Ийгилик. Өлбө! Ылайым өлбө! — деген үндөр көтөрүлдү.Ошентип, чогулуштун башталышы чыр, чатактын каарына бөлөнүп, айлана бүркөлө түшкөн болсо,азыр бейпилчиликтин мээрими төгүлүп калктын кабагы жаркырай түштү.— Эми Волревкомдун пристатили жолдош Соколоп сөз айтат! — деди Ийгилик. Калк түйшөлүпкекиртектерин созо карашты.— Кеп угалы! Тынч отур! — дешип бирин-бири капталга түртүштү. Ошентип бирибиринеэстүүсүнгөн сөздөр кобурсобурду кайта көбөйттү.— Тынчыраак отуруп кеп уккула! — деп Ийгилик калкты тартипке үндөдү. Соколов сөзгө кирди.«Союз кошчу» уюмун түзүү, «кедей тобун» уюштуруу, «карыз шериктигине» кирүү аркылуума\ >лекеттен унаа, үрөн, сокошайман алуу жөнүндө сүйлөдү. Комсомол ячейкесин уюштурууга айрыкча токтолду. Калк үчүн бардык сөзү бир тең, «карыз шериктиги» аркылуу бериле турган жардам бир теңболду. Кимге эмне керек: — ат, өгүз, үрөн, сокошайман, акча...Щербинин тизме жасап, каттоо жүргүздү: Калк дүрбөпдарбяп күн батарда тарады. Ийгилик, Соколов,Щербинин кезектеги иштерди сүйлөшүп кыйлага чейин отурушту.Бүгүнкү чогулушта манапбайлардын малын канфискалап батрак, кедейлерге таратуу жөнүндө сөзболот деген үмүт менен отурган экен. Ошол оюн айтты да, — кудай бар, мен ошондой ойлогон! — дедиИйгилик. — Уруулардын батраккедейлери өздөрүнүн манапбайларына каршы чыгууга жарагыдай болгучасабырдуурак боло турабыз!— деп Соколовко түшүндүрө отурду.— Куу тумшук батрак, кедейлер баш көтөрүүгө бат эле жарап беришер бекен?— Ал биздин большевиктик үгүтнасыятыбызга, алардын таптык сезимин ойгото билүүгөжарамдуулугубузга байланыштуу. Уруучулук шартта жашаган батрак, кедейлердин азыр таптык сезимитөмөн. Бизди ээрчибестен уруу аксакалдарын ээрчип кетүү коркунучу да азырынча жок эмес. Сиз, бүгүнманапбайларга эгинден тапшырма бериңиз. Эртең алар өз уруусун жыйнап алат да, «журтчулук» сурайт.Түтүнгө бөлүп жиберет. Ошентип, алар кедейлерди кыйнап коёт. Кедейбатрактардын караңгылыгынанпайдаланып, көчө качып көчмөн калкты убара кылып коюу коркунучу да жок эмес. Ушулардынбардыгын ар дайым эсепке ала жүргүлө! — деди.— Сиз, отурукташуу жумушун көбүрөөк айттыңыз. Андан таба турган пайдабыз кайсы, ошону дамаган жакшылап туюндуруп коюңуз!— Бул жердеги үч урууну бир жерге отурукташтырабыз. Анан алар жанаша, аралаша жашашат.Уруучулукка чектелүүлөр акырындап жоюла берет. Азыр уруулар өрөөндөр боюнча чектелишсе, отурукташканда көчө, кварталдар боюнча чектелишет. Анан аралашып кетүүгө, баарыдан мурда чарбажактан тез өнүгүүгө жол бачым ачылат. Түшүнүп жатасызбы, предревком? !— Толук болбосо да божомолдоп! — дейт Ийгилик. Алар ошентип отурганда бий да бекер жатканжок. —Эртең менен Олжобай уруусу бүт келсин,— деп түн бою кабар таркаттырды. Эмне максат мененанткенин эч ким билбеди. Ийгиликке кастык уюштуруш үчүнбү, же көчүп бир жакка качыш үчүнбү, жекозголоң чыгарыш үчүнбү, — анысы белгисиз болду.— Эртең менен Олжобайдын бардыгы ушул жерде болсун — деген сөздөн башка эчтеме айтпастанкеженип, түн бою уктаган жок.
Орус кыштагы. Анын орто жериндеги ачык аянтка калдайыңкы тартып калк чогулган. Трибунадатургандардын арасында Ийгилик да жүрөт. Ал апкаарыган адамдарча тебетейин бирде колтугуна кысакойсо, бирде башына туш келди кийе салат. Өзүнчө бирдемелерди айтын күбүрөйт. Көөнөрүп калганкара булгаары күрмө кийген, тапанча асынган, узун бойлуу чап жаак орус калкка карап сөз айтып жатат.«Тройка» мындагы кулактардын артык баш буудай, унаа, сокэшаймандарын канфискалаганын, аларбатырак, кедейлерге бериле тургандыгын туюндурду. Сөз бүткөндөн кийин бериле турган жардамдарбөлүштүрүлө баштады. Ийгилик ошол учурда жанагы тапанчачан менен тилмечти четке алып чыкты да,тигил экөөн алмаксалмак карап төмөнкү сөздөрдү айтты:— Орустуку ат, өгүз, соко, араба, буудай — биз алса болмойду. Кудай бар, болмойду. Биз орустукутуз ашады. Нан ашады. Бир тууган окшош болду. Кудай бар, бир тууган окшош болду. Уят караса керек,божолуста! — деди. Андан кийин да бир катар сөздөрдү айтты. Алардын арасында мындай сөздөр да барэле. — Кыргыздыкы бай көп. Манап көп. Кулак көп. Мал көп. Кудай бар биз алардыкы алады — депчебеленди. Тилмеч орусчалап антып бергенден кийин — эмне үчүн алышпайт экен? деди тапанчалуукиши. Алгылары келбей туруштарын Ийгилик мындайча түшүндүрдү: — Биздики маржа,баранчукбарым орустуку туз ашады. Нан ашады. Орустуку нан ашабаганда барым «здөх» болгонскей! —деп тилин оозунан чыгарып, жаагын алаканына таяды. Көзүн аңтарып койду.Орус кыштагына келбегенде биз ачкадан кырылат элек. Нанын жеп, тузун таткан орустун малынолжолоп ала албайбыз. Тузга карасанабайбыз — деген мааниде айтылган анын сөзүн тиги киши бу жолутилмечсиз эле түшүндү. — Силерге тройка берип жатат. Ала бергиле!— деп буйра сүйлөдү.Ийгилик жогоруда айткандарын кайталады. Орус байларынан конфискалангандарды орустун батрак,кедейлери алсын. Биз кыргыз байларьшан алалы «—уят караса керек!» деген сөздөрүн айтып чабалактайберди. Акыры ээрчише басып көпчүлүктүн ортосуна келишти. Жанагы тапанчачан киши — мындагыкыргыз батрак кедейлер тройка бергендерди албайбыз. Орустардан уялабыз дешет. Силер кандайдейсиздер? ! — деген суроо менен кайрылды. Көпчүлүк Ийгиликти карап ойлонуп калды.— Биз орустуку туз ашады, нан ашады! Уят караса керек! — деп Ийгилик да көпчүлүккө бет бурду.Аркы турган Мата көйнөк, чач, сакалы үрпөйгөн, кийимдери жупуну, өтүгү майрык орто жашар орус жертиктеп Ийгиликке басып келди да — сен сакал кнши сакал менен жүрүп жатасын, туурабы? Анан өзүбаланыкы сөз айтасың! Тройка берип жатады, Закон берип жатады. Алса керек. Орус, кыргызбатракбарым бир тууган. Сен өзү ойлосочу! — деди.— Туура айтат! — дешти көпчүлүк.«Баса, тройкасы, закону берип жатпайбы. Ала бериш керек экенго» — деген пикир эсине келди. —Болуптур, ала берели! — деп Ийгилик тебетейин оңдоп кийди.Батырак, кедейлердин издегени эркин эмгек, өзүмдүкү дешке мал, чарба. Малайлыктан башыбыз азатболсо, элдемей чарба күтүп өз колубуз эз оозубузга жетсе дешет. Андай болууну алар кудайдан ганакүтүшө турган. Азыр болсо, эч качан ойго келбеген, келсе да ишенбей турган иш болуп жатат. Тройкадеген келиптир. Орус кулактарынын артык баш унааларын, буудай, сокошаймандарын кыркып алыптыр.Батырак, кедейлердин кай бирине азынаган ат берди. Каалагандардын колуна кош өгүз тийди. Эгүүгөсоко, себүүгө үрөн таратты. Мунусу жакшы. Бир сапатында аягыбызга жыгач улады. Кудайдан сурапалалбай жүргөндөрүбүздү тройкадан алдык. Албайлы деген ойго да койгон жок. Зирок, эмне үчүн берипжатат? «Тройка» менен энчибиздин бирге жыйнадык беле? Кайсы кылыккызмагыбыз үчүн мынчадүйнөнү бекер берет?Ошентип айран таң калышат. Өздөрүнө да, көрүп турган көздөрүнө да ишенишпейт. «Тооктунтүшүнө таруу кирет» дегендей, мунубузуйку арасында көрүнүп жаткан түш болуп жүрбөсүн — депшектенишет. Кандай заман, кандай күн болуп кетти? «Кудайдын ал деген үнү угулбайт. Берген колукөрүнбөйг» дечү эле. Же тройкабыз муну кудайдын буйругу боюнча иштеп жатабы? Андай болгондо,мурда бербей жүргөн кудай эми бергени кандай? Же намазын окубасак, же орозосун тутпасак, жемекесине барып ажы болбосок, эмнебизге ыраазы болуп мынчалык март кеттй? — дешет.— Эмнеси болсо да кудай берди. Кудай бербегенде ким берет эле. Кийинкисин кийин көрөрбүз. Бекерберип жаткандап кийин албай койсок кесири болор. Кусуру болор. Текеберленбейли. «Иче турганашыңа, какырбада, түкүрбө» деген кеп бар. «Кожоңдун бергенин койнуңа сал» дешти. Ар бири атаконуштарын бет ала көчүп жөнөдү. Баягыда Качы бийдин тэбөсүн томуйта чапкан Борбукта ошолордунбири болду. Ошондо кожоюндан күчүн сурап минип барган сур кызылы тигине, арабага чегип айдапбаратат. Андасанда — ноо! — деп тиэгинин чоюп коёт. Мурдагыдай кагыпсилкип антаңдатпайт. Андасур кызыл кулактыкы болучу. Азыр өзүнүкү болду. Эми эчкимден аттын күчүн сурап жалдырабайт. Азаматтын уча турганканаты ат. Эми Борбукка канат бүттү. Бир ат, бир арабага жетиш үчүн малайлыккакирген. Андай эмелерди болтура албастыгына көзү жетип, кийин ат жөнүндө, араба жөнүндө ойлогондуда койгон.— Кудай чын бердиби же төгүн бердиби. Ноо! — деп тиэгинди чоюп коёт. Шагы ийилген көпжакшы кыялдар менен кетип баратат.Быйыл канча теше жерге эгин эгет. Канчасы буудай, канчасы арпа, сулу болот. Болжолу боюнча биртеше жердин буудайы өздөрүнө бир жылга жетет. Жарым теше арпа, жарым теше сулу эксе сур кызылыбир жылга жемден өксүбөйт. Кимдер менен алголошот. Иркектешип иштөөгө, шериктешип чарбакүтүүгө кимдер жакшы, аны да ойлоду. Атын тездетип айдагысы, эртерек жетип ата, энесин, бөбөктөрүнсүйүнткүсү келет. Бирок, атын кыйнагысы келбейт. Өзүнүкү эмеспи. Кулактыкы болгондо адраңдатаайдап бая эле үйүнө кирип барбайт беле!Эгин эгилип бүткөндөн кийин ат, араба менен кандай жумуштар бүткөрүү керек? Жакшыраак үйжайкуруу аракети бар. Үйбүлөгө кызыл жабар кийимкече табууну да эстен чыгарбоо керек. Анан күзкүндөрүндө боло турган аш, тойлордун таңтамашасына өттү: Сур кызылы астында аман турганда улаккатүшүүгө да, эңишке катышууга да эч кимден ат сурабайт. Ошентип, сур кызылы менен арабасы теңболуп кыялын асманга учуруп келе жатса, алды жагында өтүкчү бара жатыптыр. Камыт, догосунчыгарып арабасына салып коюптур. Агловдун эки башын чылбыры менен тушап, курсагына илип,жайдак аттын үстүндө арабаны өзү сүйрөп баратыптыр. — Апей, абаке! бул эмнеңиз? — деди Борбук.— Эмне болгону куруп .калсын! Ат, араба алмагымдан артыгым чыкты.— Кандайча артыгыңыз чыгат?— Улам эле шыпырыла бергенинен ушинтип алдым.— Минтип отуруп качан жетесиз?— Арабасын калтырып, тиги эки кап буудайды артынып кете берсемби дейм.— Антпеңиз. Мурда арабага ат кошуп көрбөгөнсүзго? — Жок. Кошмок түгүл арабасына отуруп да көргөн эмесмин.— Токтодуз! Аглобду тушаган чылбырын чечип колуна берди. Камыт, догону алып атты арабага кошту.—Эмитиги дүйнөгө чейин айдасаңыз да шыпырылбайт. Менин артыман жүрүп отуруңуз — деп арабасынаотургузду. Бир аз жүргөндөн кийин өтүкчү ормоё карап күлүңдөдү. Сур кызылды жолго өз бетинче коёберип Борбук өтүкчүнү жандай басып сүйлөшө жүрүүгө өттү.— Ошентип, эгин экпейсизби? — Экпейм.— Эмне үчүн?— Кайсы катын, балам ачка калып жатты эле?— Өзүңүзгө да тамакаш керекко?— Эл бар. Элдүү түлкү ачка өлмөк беле!— Кайсы үйдүн тамагы эрте бышса, орток болуп отуруп калам деңизчи!— Меники ошо да.— Кылып ичкен кыйын аш. Кыдырып ичкен оңой иш дейт экенсизго?Ооба. Жалгыз башыма тамак жокпу?— Качанка чейин ошентесиз. Кокустан оорупсыктап калсаңыз кантесиз? Ким каралашат?— Мен үчүн болбосо да, намыс үчүн Жамгырчы уулунун бирөө каралашар.— Эч кимиси карабай койсочу?— Кантип карабай коё алат? Карабай коюп мен талаада өлсөм, бүт Жамгырчы уулу башка уруугашерменде болбойбу?— Анысы бар. Ошондой болсо да, катын алып үйжай күтүшүңүз абзелго?— Талаада жаткан бекер катын бар бекен? Калыңыпа бере турган мал кайда туруптур?— Дыйканчылык кылсаңыз мал табылатко?— Дьшканчылыкты мендсн башкаңар кылып жырган тургулачы.— Сиз эмне, дүйнөдөн түңүлгөнсүзбү? — Менин дүйнөм жанымды кыйнабастан бага туруш,— Жан кыйнабасаңыз карабашыңызды кандайча багасыз?— Элдүү тулкү ачка өлбөйт дебедимби?— Тамагы эрте бышкан үйдүн түтүнүн аңдып калгапыңызда көп жыргай албайсызго? — Жыргай албасамда жаным кыйналбайт. — Жаныңыз кыйналбаган менен өзүңүз кыйналасызго? — Өзүм кандайча кыйналам?— Тамак аңдуудан,уялгандан. — Тамак аңдыгандын уяты болмок беле?— Ананчы?— Өз урууңдун тамагын аңдып калуунун уяты болбойт. Кудай башка уруунун тамагын аңдытпасын. — Бир уруунун тамагы жалпысына орток деңизчи?— Чынчынына келгенде тамагы эле эмес, малы да, жаны да намысы да жалпысына орток.— Андай боягондо, өз урууңузду таштап, тиги бийдин тамагын аңдып жүрүүдөн намыскылбайсызбы? — Бийимдики башка. Ал үч уруктун бардыгына тең. Башка Олжобайдын эч биринин тамагынаңдыбайм. — Алты саны аман туруп тамак аңдып жүрүш уят эле иш. Жакшы эмес.— Мен үчүн жаман эмес.— Ал жоругуңуз өз башыңыз менен кетсин! Жумуш жасагандан корксоңуз кош бүткүчө атыңыздынкүчүн берип туруңуз. Жарым теше жерге буудай эгип берейин. Күзүндө оруп аласыз.— Атымды бере албайм. Айыл арасына минем.— Айыл арасынан тамак аңдыш үчүн ат минип жүрүүнүн кереги эмне?— Мен үчүн керек.Ошол күнү бийдин айлы төш таяна, бөксөнү карай көчүп калган экен. Уландары куш кондурган.Мылтык асынган. Тайган ээрчиткен. Жылкы айдашып келе жатышыптыр. Арабанын калдыршалдырынанжылкылар бышкырыпкошкуруп үркүп калды.— Жетинип калгансып, муну көрсөң. Жылкыны үркүтүп,—деди да бийдин бир уулу Борбукту камчы менен төбө талаштыра салып өттү. Ошондо Борбуктун оозуыржая түштү. Кайрат кылып кайсалады, колуна эчтеме урунбады. Сур кызылды токтотуп арабаданчыгарууга, кууп барып чокуга чабуу кандай болот экен, көрсөтүп коюуга камынды. Аны көргөндөбийдин тигил уулу качкан бойдон караанын үзүп кетти.— Жөн кой эми. Кубалашып жүрөсүңбү? Жеткирбейт. Эмне, катуу чаптыбы?— Кеп катуу же жумшак чабышында эмес. Колдон келет кылышында, кордошунда болуп жатпайбы?Кордук деген эмне экен, мен алардын көзүнө көрсөтөйүн. ..— Кой. Антпе. Бийдин балдарына теңелгени жүрөсүңбү?— Бийиңиздин балдары эмне, ыйык эмелерби?— Ыйык болбогондо. Алардын укум-тукумуна кудайым өзү бак берип койгон турбайбы! — Андай болсо, мен ошолоруңуздун багын кыйратайын. — Кантип кыйратасың? — Кантип кыйратканды көрүп туруңуз.Борбук арабадан атын чечти. Темир айрыдан бирди арабага сала келатыптыр. Сур кызылга жайдакмине салып арабада жаткан темир айрыны эңкейип илип алды. Ошондо өтүкчү чылбырдан алып коёбербеди. Жылкы айдагандар узап кетти. Эми көңтөрүлүп бийдин көчү келди. Камкадан төрөлгөн Айнекдей турган кызы бой тартып калыптыр. Кайруусу кере карыш кундуз тебетейдин чокусуна бир тутам үкүтагыптыр. Ат жабдыктары андан сонун. Жасалганын жаркыны мененби, не болсо да сулуу көч,суйсалган кызды кара жер калыңдыгынан көтөрүп бараткансыды. Жанжөкөр кыз, келиндери да бир топэкен. Шаракшурак, жарк-журк этет.— Адам, тетигиниси биздин өтүкчү окшойт. Ал кимдин арабасын айдап алган? — деп Айнектаңыркай карады.— Беркиниси баягыда бий атама камчы чапкан Борбук деген канкускур турбайбы! — деди келиндинбири. — Ошо жигит ушу бекен?Башка жигитко!— Жок. Мен ал жигитти тааныйм. Ошонун эле өзү. Күчтүү улакчы жигит эмеспи.— Анын күчтүү, улакчы экендигин сен капда жүрүп көрө койдуң эле?— Көрбөгөндө эмне! Улак тартылган жерге барып эле жүрчү эмес белек. Баягы Албан экөө бир тарапболгондо эчкимге улак алдыруучу эмес. Анысы тентип жоголбодубу, кайран жигит. Тигиниси орустунарабасын айдап малай болуп калган турбайбы, байкуш.— Атама камчы чапкан Борбугу ошо жигитпи?— Мен тааныйм. Ошо жигит. Чечекке кеткир.— Дээринде оту бар жигитко. Болбосо атама титинип камчы чаба алат беле!— Өрттөй күйгөн жүрөктүү жигит дешет. Кандай болсо да бий атама колу тийген эме оңот дейсизби.Кусуру урар. Бир күн болбосо бир күн арка мойну астында калат. Бооруңа келгир.— Калп эле каргамыш болгонуң менен, ээн жерде кезиксең андай жигитке эмне айтарыңды билем,ойкуштаган сойку!Кыз, келиндер күлөкүлө узап кетишти. Конушка жеткиче алардын сүйлөгөн сөзү Албан менен Борбукжөнүндө болду. Кай бирөө курулай каргамыш болгон менен, кай бирөө «жигит болсо шок болсун, шокболбосо жок болсун» деген пикирди айтты. Ар бир башта бир кыял болот эмеспи. Аты айтылган экижигиттин шоктугун Айнек сыртынан жактырмаксан болгону менен, тымызын жаман көргөнү жок.Көрктүү көчтү көргөндө Борбук дагы ызаланды. Орус кышТагындагы байларды «тройка» эсинекелтирди эле. Кыргыз байларынын чыпчыргасы корой злек турбайбы — деди. Анын болжолунда кыргызбайларына да чек коюлуп калган болуш керек эле. Бирок, бийдин көчүнүн сөөлөтү, уулдарынынтентектиги мурункусундай болушу анын шагы ийилген көп санаасын сабыркатып таштады. Камчыменен бирди берип өткөндө бий тукумунун бейбаштыгы дагы эле тыйыла электигин түшүндү.Көч артынан бир короо кой келди. Тескери жайылган койлорго — чой! Ээңди жуткур! — деп койчубала таягын ыргыта сөгүп, ыйлактап келе жатат.Бул Курумшу дегендин Чокмор деген баласы экен. Бийдин коюнун арасына төрөлгөн, Эс тартабаштаганда козу кайтарып, эми койчулукка жарап калыптыр.Этине кийген куур шымынын багелеги далдал болуп андаалап кетиптир. Тигишинен сөгүлүп кеткентаар бешмантын кийиздин өөнү менен сыртынан бүрө курчанып алыптыр. Бир аз калканчысы бар дебесе,башына кийген калпак сөрөйүн эчак эле ыргытып жиберсе, акысы коромок эмес экен.Бийдин көчүнүн көркү, балдарынын бейбаштыгы, кыз-келиндеринин сөөлөтү Борбуктун көтөрүнкүкеле жаткан көңүлүн ошентип бүлдүрдү да койду. Бирок, бийдин өтүкчүсүнө сыр алдырган жок.— Но,сур кызыл! — деп атын жолго салып, өзү барып өтүкчүнүн арабасын дагы жандай баеты.— Орустунбайларынын эсебин тапкан жаңы өкмөттүн «тройкасы» кыргыз байларына алы жетпейт дейсизби?Эсебин табат. Аман турсак бийиңиздин малында бөлүштүрөбүз, — деди.— Бийиме анын балабакырасына тийишип эмне кыласың. Кусуруна каласың. Бийимди кудайымартыкча жараткан жан. Кудайымдын өзүнүн алы жетпесе, башка нын алы жетпейт,— деди өтүкчү.— Андай болсо, өкмөттөн алгандарыңызды жеткирип берип батасын алыңыз да, баса бериңиз.— Ошентсе, ошентип да коём. Ат, араба менин атамдан калды беле. Бийимдин батасын алыш жаманэмес.— Эс тарткандан бери бийдин бир айылдуу бүлөсүнүн аягын бүтөп жүрүп алган батаңыз этегиңиздиузарта албадыго?— Этегим узарганда эмне, эки киши болот белем? Билбейсиң. Билгендер мени Качы бийдин өтүкчүсүдешет. — Бийдин өтүкчүсү дедиртем, батасын алам.деп жүрүп катын, балаңыздан бүт айрылдыңыз. Өтүкчүсүнө тийбеген бийиңиздин батасы кимге тие коёт эле? Ойлобойсузбу! Ноо, сур кызыл!— Анын эмнесин ойлогудай. Бардык иш кудайдын буйругу менен болот. Катын, балам ачкачылыктанкырылды, аделе кудайдын буйругу.— Кудайыңыздын да калыстыгы жок турбайбы. Аныңыз деле бийиңизге окшогон бирдемего? Ноо,сур кызыл!— Ошондой да сөз болобу? Ал эмне дегениң?— Бийдин бир айыл болгон катын баласын көрбьс 1өн, өтүкчүнүн катын, баласын ачка калтырыпкырганын айтам?— Не кылса да жараткандын өз эрки.— Өз эрки болгондо, кудайыңыз да Олжобай уруусунанбы? Бийди эле колдоп, анын өтүкчүсүнколдобостон катын, баласын ачкадан кырып жибергени кандай?— Өз эрки дебедимби. Бар өз арабаңа отур. Кейпи, динден безип кеткен болсоң керек. Кудайга,кудайым жакшы көргөн бийге жөөлөшүп эмне кыласың.— Бирөөн жакшы көрүп, бирөөн жаман көрсө, ошонун өзү жакшы деле кудай боло албайтко?— Келме келтир. Кудайыма тил тийгизбе! — Кудайыңыз, балачакаңызды келме келтирбегениңиз үчүн ачка калтырып кырды беле? Ноо, суркызыл..— Мен кудайымдын бергенине .сүйүнсөм да, алганына күйүнбөйм. Пейлим ошондой.. — Бийиңизге да пейлиңиз ошондойго?Ооба. Бийиме да ошондой.— Мына, келип калдык. Сиз кайда барып токтойсуз? Бийиңизди ээрчип артынан кетесизго?— Баса мен кайда барам?!— Бара жүргөн бийиңиздикине эле барбайсызбы? — Баса, ошентемго.— Ошентесизби? — Ошентейин.— Ошенте турган болсоңуз, арабадан түшүнүз.— Эмне үчүн түшөм?— Ат, арабаны бийине тартуу кылсын деп бердирген эмеспиз. Өзү пайдалансын деп бердиргенбиз. Арабадан түшүп, жөө кете бериңиз. Төрт жагыңыз кыбла.— Ат, арабаны сен бердиң беле? Ийгилик алып бербеди беле?— Ийгилик бийине берсин деп бердирген эмес.— Маа берилгенден кийин, аны эмне кылсам өзүм билбейимби? — Сиз бийим, кудайым дегенден башка эчтемени билбейсиз. Барыңыз да, бийиңиздин жамачысынжамай бериңиз. Аттан, арабадан айланасызбы! Пайдалана билген кедейлердин бирине беребиз.Борбук барып өз арабасына отуруп — Ноо, сур кызыл! — деди. Үйүнө барса, энеси ыйлап отуруптур.Бөбөктөрүм же атам бирдеме болгонбу деп коркуп кетти.— Ээ тегеренейин уулум! Эки араба менен келипсиң. Көчүрүп кетмекчи болдуңбу? Өлсөм да мужукарасына барбайм,— деп безеленди, энеси.— Ээ, энеке! Бербей турган кудайдан башка берүүчү кудай да бар экен. Ат арабалуу болдум. Атамкайда? Балдарың кайда кетишкен?— Атаңды ээрчип отунга кетишкен.— Биз эми отунду жөө көтөрүп жүрбөйбүз. Бизде бирөө болсо да ат бар. Арабада бар. Мен барыпалардын отунун да, өзүлөрүн да арабама салып жетип келейин. Атамда, бебөктерүм да сүйүнсүн.— Кудай сүйүнтсүн балам, ошент. Ошонте кой! Тиги арабадагы баягы өтүкчүбү? Ал арам какшаалмында эмнеге келди? Көрөйүн деген жөзүм жок.— Ал ошо өтүкчү. Сиз эмнеге ыйладыңыз эле?— Ээ, балам! Ыйлабай турганжорукпу? Малдуулар жайлоого көчө баштады. Биз жайлоо бетинкөрбөгөнгө деги канча жыл болду? Жайлап жүргөн жайлоону д» сагынат турбайбы. Бала чакта конупжүргөн конуштар эсиме түшүп ыйлаган окшобоюмбу. Ыйлайын деген деле оюм жок эле. Бара кой.Атаңды, бөбөктөрүңдү алып келе кал! Ат, араба өзүмдүкү дедиңби?— Ооба, энеке, өзүмдүкү! — Кут болсун балам. Ат, араба берген кудай башкасын да унута койбос. Баса ким берди, кимденалдың? — Жаңы өкмөттөн, энеке!— Жаңы өкмөтуң кайда жүргөн жакшы эме экен?— Аны атамдарды алып келгенден кийин жай отуруп шашпай айтып берем, энеке! Ноо, сур кызыл!

Супер-Инфо
super.kg
видео