22-бөлүм.
Олжобай уулунун байы Байсары той берди. Тойго тоодон да, ойдон да, чакырылгандар да,чакырылбагандар да келип адам арбын чогулду. Эл бийлеген жемекейлер,
маселен, Качы бий, Бекишсары, Кашкарбай, Мантек, Чаки жана ошолорго окшогон дагы бир тобу өздөрүнчө башка үйдө болду.Чай үстүндө ошо кездеги абалды өз билишинче Качы бий онтолоп, жулма сакалын курулай сыйпаламышболуп айта отурду.— Айыл арасын адам, мал аралабай эле сөз аралап калды. Утуртетир сүйлөнгөн сөздөрдөнайылдагылардын башы маң болду. Бирөөдөн бир сөз укса экилентип экини кошуп баш катыруучуларкөбөйүп кетти. Оо, жараткан, жалгай көр!—деп жакасын куушура кармады.— Жолдон өткөн жолоочуларда жөн өткөнүн койду,— деп челкегей бышалак семиз бийдин сөзүнөсөз жалгап тим болду. Анын сөзүнө көсөөдөй кара киши — сүйлөгөндөр өз көзү менен көрүп, өзүнүнкулагы угуп билип келгенсийт,
оо ботом,— деген сөздү улаштыра салды. Сөзүнө сөз, үнүнө тигилэкөөнүн кошумча болгондон кийин Качы бий чыйрыга түштү бейм,— акпааша жана анын ордунаотурган эменин аты эсимен чыгып кеткенин кара! Анысы да, экөө бирдей таажы, тактан ажыраганы чынокшойт. Ак паашасыз элибиз баш аламан болор бекен. Күчтүүнүн күнү тууп, карылуунун карды тоюпжурт бүлүнөр бекен! Өзү бек, өзү кан заманы орноп чоң айыл кичүү айылды канапбутап жеп коёр бекен,алда кандай болуп кетер экен. Оо жараткан жалгай көр! — деп бий катуу жетимсиреди.
— Оо шумдугу курусун. «Болчойбек» дегени чыгыптыр — деп сөзүн кайтадан улады.— Акпаашамды тактан кулаткан ошо «болчойбек» окшойтко!
Анысын укмуштуу айтышат. Меники, сеникидедирбестен бардык дүйнөнү ортого салдырат экен. Он үйлүүгө бирден казан берип бир жердентамактандыра турган көрүнөт. Анысы да эчтеме эмеско. Жазылыгы сексен кез жууркан жасатып,карыжаш,
эркек, уургачы дебестен ошо бир казандан тамак ичкендерди бир гана жерге, жанагы энисексен кез жууркандын астына чогуу жаткырат экен! Кандай заман, кандай күн болоруна көз жетпейкалдыго!
Оо жараткан жалгай көр! — деп улутунду. Бир аздан кийин,— Чүй багытындагы бий,болуштарды иштен бошотушуптур.
Кайсы күнү Ийгилик айткан «рипкому» шайланыптыр,
— деп сөзүнкайта улады.— Элинин бир канчасы «Бадирекке»,
жаштары «Молодожко» катталыптыр.
Бир канчасы «кошчу»дегенине кирип жазылыптыр.
Элинин тынчы кетип турасы түгөнгөн окшойт. Өзүңөргө окшогон элжакшыларынын үстүнөн «Матрал» берип жатышыптыр.
Ал жакта да биздин Ийгилик окшогондор көпболсо керек. «Поломочун» үстүнө «поломочун» келе берип, күндө жыйын, күндө топ кыла берип элининкулагы сөздөн жадап кеткен окшобойбу!
О куурулган заманай. Бөлүнгөндү бөрү жейт. Бир ооздууболгула.
Баталашалы.
Тыштан келгендерге колтук ачкандар болсо ак бата, кызыл канга коёлу. Жанагыайткан эмелерине кирсек чогуу кирип чогуу катталалы. Кирбесек чогуу кирбей коё берели.«Болчойбегинин» кишилери бизге да келе баштабадыбы.
Байкагандырсыңар,
езүлөрүнчөсүйлөшкөндө «болчойбегинин» сөзү менен сүйлөшөт турбайбы!
Чачтары узун, кийимдери тар. Этектерикыска.
Тебетей деген такыр жок, Баштарына кийгендери өңчөй шапке... Ошондой кишилер элдинэлчилигин,
журттун журтчулугун билеби? Ойлоп көргүлөчү өзүңөр!— Бийимдин сөзүндө кенедей да калет жок,— деди челкейген бышалак сары.— Бийим, бекер сөздөн бирди да айтпайт,— деди көсөөдөй арык кара. Той этине тоюп бий айлынакелди.
Эки кишини жанына алып айылдын жанындагы дөңсөөдө калды.— Бүгүнкү түндөн калтырбайИйгилигин да, жанагы Борбук деген эмесин да дым чыгарбай мойсоп таштагыла. Жанагы «трайка» дегенэмесинен алган аттарын айдап барып орус кыштагына киргизип жибергиле. Ошондой болгондо булишиңер силер колдуу эмес, тиги аттардын ээси колдуу болуп калат. Жаныңарга экиден киши алыпэкөөңөр экөөнө барып түн бою ишиңерди бүтүрүп койгула,— деди.Ошо түнү түн ортосу болгондо Борбуктун үйү менен Ийгиликтин үйүн үчтөн, төрттөн киши тоорупкөпкө жүрдү. Борбуктун сур кызылын бирөө айдап ар жакка кетти. Ийгиликтикине барган киши чабдаратка жолой албады. Берки жүргөндөр аттарын кабакка байлаштырып,
эки бөлүндү. Үчөө Ийгиликтинүйүн бет алганда, берки үчөө Борбуктун үйүн бет алды. Билектерин шымаланып, бычактарынконторунан сууруп кирип кетишти...Арадан аз күн өттү. «Агитаторбуз» деп эки киши келип Сарыга жолукту. Сары аларды ээрчитипбийдин үйүнө алып барды. Үйдөгү шаңшөөкөттүү жасалгаларды бир азга карап турушту да өз ара башкатил менен сүйлөшө кетишти. Ошентишти да, кете тургандыктарын айтышты. Бий кетирбеске тырышты.Жаш эмелер экен, көрө калышса азгырылып айнып калышар деген үмүт менен, эбин таап Айнаны жанабашка келин, кыздарын да үйүнө киргиздирди.
Тигил экөө бийдин кайнап жаткан чайына да, келин,кыздарына да назар салган жок. Аттанып жолго түштү. Бийинин да, Сарысынын да шагы катуу сынды.Узап мындай чыккандан кийин:—бул айылда Ийгилик деген болсо керек эле. Анын үйү кайда? —деди тигил экөөнүн бири. Бекиш сары туура түштү карай колун жаңсады. Ээрчише бастырып жеткенденкийин—биз ушул үйдө, Ийгиликтикинде калабыз. Сиз кете бериңиз,— дешти да Бекишти аттантүшүрбөй кайта айдады. Ал кайта бастырып бийдикине келди. Мантек, Чаки, Кашкарбай, дагы бир тобуанда экен.— Жанагы келген экөө кержейген кежир эмелер окшодуго!
Байдын үйүнө конбойбуз деп кетипкалышты.
Алары да букарадан чыккан эмелер болууга тийиш. Тектуү жерден чыккан эмелер болсо, таштүшкөн жеринде оор дешип кала берет болучу. Ийгиликтин үйүндө эмне бар дейсиңер. Начар түнөпкалса «үч урук» эле жаманатты болот. Ийгиликке эмне шаң. Союш жибертип койгула,— деди бий.— Байды керексинтпеген эмелер " этти керектемек беле? Эт деген тамак байдыкында болот. Байболсо гана эт болот,— деди алиги челкегей бышалаксары.
Көп сөздөрдөн кийин союш жиберүүгө, эртең тигил экөө жөнөй бере турган болгондо экөөнө эки атмингизип,
канжыгаларына бирден карышкыр ичик бөктөрүп коё турган болушту.— Малды көргөндө байгамбарымда азгырылган турбайбы. «Акытатырыңар» байгамбарымдан кыйынболуп кетти дейсиңерби!
Азгырылат. Ийгиликти өзүнчө чакырып анын да көөнүн таап алдап койгула. —Мындан ары келгенкеткендер сеникинде болгону турат. Союшун элден алып берип турабыз десеңердардаңдап калат,— деди бий.— Ошентет. Ошентпей коймок беле,— деди көсөөдөй болгон арык кара.Элдин бири ойдо болсо, бири тоодо. Ар кимиси ар кайсы жылга, жыбыт, коктуколотто.
Жыйналышкачакырууга кечинде туштушка чабармандар чапкылап кеткен. Ошондой болсо да калктын арты бүгүнтүшкө жакын зорго жыйналды. Агитатордун бирөө агитациясын айтты: жардыжалчы,
каратаманкбдейлер көтөрүлгүлө,
баш кошкула. Бийлик силердики деп абдан кагуу сүйлөдү. Агитациясын угупкоёлу деп бий жөкөрлөрү менен чакыртпастан келген. Ындыны өчүп ыңкыйып отурду.— Эгерде мындан ары Ийгилик менен Борбуктун үйүнө түн балаеында бей жооп бирөө барат экен,Качы бий, Мантек, Кашкарбай, Чаки узак жолго сапар тартышат. Азыктүлүгүн белендеп,кийимкечелерин жуудура беришсин,— деп тике, басабаса айтты.Жыйналган калк кеч тарады. Агитатордун сөздөрүнөн запкы көргөндөр уй мүйуздөп көпкө чейинотура беришти. Анан киши жиберип Ийгиликти чакыртып келип ортого алыщты.— Эси жок балабакырадан экиүчөө тамашалап коркуталы дешип түн ичинде үйүңө барган окшойт."Аны сен ырбатып чоң чатакка айландырганы жүргөн окшойсуң. Ошондой болсо да, анчалык ачууң келипкалгандан кийин сени куру койбойлу. Алдыңа ат тартып, чапан жабалы. Үйүңө конгон тиги экимейманыңды да куру узатпайлы. Экөөнө эки ат мингизип, бирден ичик бөктөрөлү. Ал деле сага көңүлболуп калат,— деди алиги челкегей чийкил сары.— Суу кечирбей турган сөздү койсоңорчу,
— деп Ийгилик кетип калды. Бир аздан кийин ИйгиликтинКубаткулун чакыртып келишти.— Баласың. Бала болсоң да сенден үмүтүбүз чоң. Үч урукта киши боло турган бала сен экендигиңдиугуп жүрөбүз. Атаңды тилге келтир,—дешип апкөй тилге салышты.— Атама андай сөз менен менижумшай көрбөгүлө,— деп баласы да эңсөөлөрүн кесип койду.«Же Ийгиликти жөнгө келтирбесек,
же Борбугуна кошуп тыптыйпыл кылбасак жаныбыз тынбайтко»деген пейил менен тигилер да тарады.Кайсы күнү ИйгиЛик менен Борбуктун аман калышына мындай себеп болуптур: ошо күнү кастыкниет менен баргандардын бирөө, бийден тапшырма алгандан кийин астыртан Ийгиликти кабарландырыпкоюптур.
Ошондуктан үйлөрүн таштап өздөрү бекинип аман калган турбайбы. Жанагы — агитаторбуз —деп келген экөө ошо окуяга байланыштуу келишиптир.
Батрак жаштардын кыска мөөнөттүү курсунаКубаткулду ала кетишти. Борбук да бармак экен, сур кызылы табылбай эртеңке калган. Аты табылбады.Бүгүн жөөжалаң жолго чыкты. Анын кетишин укканда бийдин чокусу зыр дей түштү көрүнөт. Эстебестичакыртып алды.— Ал жөн кеткен жок. Бул жерде болгон сөздөрдү жеткириш үчүн кетти.Ишепичтүү жнгиттен бирдн жапыца ал .Жалгыз алыц жетпёйт. Күчтүү эме окшогон. Акмалапартынан жүрүп отургула. Ээн жерге барганда эбин таап жок кылгыла да, буйтап барып башка жак мененкайта келгиле. Алдап туруп сыйыртмак салбасаңар кармаша кетсе өзүңөрдү майып кылып коёр.Ошентип,
ошо жигиттен өткөн өчүмдү алып бергиле,— деди.Борбук жер мойнокко жеткенде арт жагында келаткандардын караанын көрүп калды. Оюна эч кандайжамандык кирбеди. Темтейип жөө келатышына арданды да, өтүп кетишсин деген ой менен бадалчагадалдаланды.
Тигилер кыйгач өтө бергенде бирөөнүн оозунан:— сен сөзгө алаксыт. Мен сыйыртмаксалып сүйрөтүп кетейин,— деген сөз кулагына шак дей түштү. Тигилердин эмне үчүн келаткандыгындароо түшүнө койду. Жүрөгү алып учуп аптыгып кетти. Өлө турган болсом бирөөн жаздана жатайын —деп биртикеден кийин боюн токтотту. — Оорсунбай ала жүр. Жоо жакадан, бөрү этектен алып турат. Сакбол,— деп атасы жөнөрүндө колуна четин таяк берген. Ичке башын толгой кармап карап турду.Куугунчулар көп узабай кайта тартышты. Көрүп да коюшту. Качса кутулбасын билет. Көрүнөгө чыкты.— Максатыңарды билем. Жакын келбегиле. Соо калбайсыңар,
— деп айбат көрсөттү.— Ээрчитип алып келгиле деп жиберишти,— деди тигилердин бири.— Кайда ээрчитип барарыңарды азыр эле айтып өттүңөрго?Жакын келбегиле!
— Сени албай кетпейбиз.— Анте турган болсоңор,— деди да атырылып барып бирөөн тизеге кагып өттү. Анысы аттынүстүнөн калпактай учуп түштү. Беркинисинин аты да үрктү. Өзү да жазганып кача берди. Бош калганатка чапачупа мине салып,— кана, беттешүүгө кандайсың? — деп беркинисине тап койду. Анысы чычаякачты.
Борбук жолго түштү да атынын оозун коё берди. Качып кеткен жигит кайта келгенде, жыгылыптүшкөнү тизесин ушалап отурган экен.— Атам кара мүртөс киши. Атайы ат жеткирип бериш үчүн барсаңар керек деп, терибизди тескерисоёрбекен,
— деди Эстебес.— Апылга кайта барбайлы. Бир жакка жоголо туралы,— деди тизесин кучактап отурган жигит. Арысүйлөштү.
Бери сүйлөштү. Төмөнкү сөздөрдү айтып келе бере турган болушту: Бизди алыстан көрүпкалса керек. Бекинип аңдып туруптур. Өтө берерибизде карпкурп качырып Жапарды жыга чапты. Менинатым үркүп тескери ала качты. Буйдалып калдым. Жапардын атын мине качып кутулуп кетти.Жапар айылга жакындаганча учкашып, айылга жакындаганда тилооздон ажырап өңөртүп бармакболду.
Ошентип кайта барышты. Жапар көптөн кийин тил сүйлөдү. Бий окуянын башын башка жолгосалды.
Айылдагы ар кимдерди чогултуп — ботом, жанагы Борбук деген жигит басмачы болгону жүргөнэмего.
Жапарды жыга чаап жер Мойнокто өлтүрмөкчү болуп жаткан экен. Жок карап жүрүп Эстебесүстүнөн чыгып калыптыр. Аны көргөндө Жапардын атын мине качыптыр,— деген сөздү айтты.Жапар баягы жыртак чалдын ууду экен. Ошо жерден тура чуркап Ббрбуктун үйүнө жетти. Кепке,сөзгө келбестен Борбуктун атасына бир тийди. Эки чал мушташып,"
эстери ооганда гана экөө эки жергекүшүлдөп отурду.
Чепкенин желбегей жамынып бий үйүнүн жанындагы дөңсөөгө чыгып отурду. Туш тараптанбириндеп келген Олжобайлар бийден айбыгып абийир сактап адептүү отурушту. Келүүчүлөрдүнбашаягы тегиз чогулган кезде бий ээгин сылады. Башын чайкап шыпшынды. Денкейип турган казысынсылапсылап койду.— Кайсы күнү эл жакшылары тыйып коюшпадыбы!
Болбосо Ийгилигиңердин көрбөгөнүн көркылайын дедим эле!—деп сөздү салмактуу баштады. Майы түгөнгөн карындай болгон ээгин көтөрүпкойду.
Башын чайкап, анан кейиничтүү үн менен сөзүн улады.Кудайы өзү бербеген байлыкты тиги чолок этек Ийгиликтен алганы, ошентип бат эле бай болокойгону жүргөн окшойсуңарго!
Ат, өгүз, үрөн, сокошайман,
акча бергенде силерге бекер береби? Коош!Бекер алганы жүрөсүңөр го? Башыңарды байлап альий үчүн берил жатпайбы? Коош! Ошону билбестеназат башыңарды азапка салган отурбайсыңарбы?
Алгандын бергени болот! Акыл жок. Ооба, силердекылайган акыл жок!— деп улутунду.— Анысын биз кандан билдик! Батрак, кедейлерге карыз иретинде берилет дешти! Катталыпкойгонубуз чын,— деди артта отургандардын бири.— Мына, айтпадымбы!
Жанагы «карыз» деген жеринде кеп бар эмеспи? Ошону түшүнгөнэмессиңер!
— деп бий өзүнүн кыраакылыгын көрсөтүүгө аракет кылды.— Өзүңүздүн аркаңыз менен эптеп күн көрүп жүргөн эмелер эмеспи! Жайына койсо, туугандарыңызбир күндө эле бет бетинен азып-тозуп жоголор эле? — деп, бийге катар отурган көсөөдөй кара сөзгө сөзулады.— Катталып коюпсуңар, барып алгыла! Бай болуп сала бергиле! Кийин азабынарды тарттырыпотурбасаңар болду! — деди да бий жер тиктеп күңгүрөндү.
— Андай арты чуулу жардам болсо, анысын албайбыз!
—деди кимисидир.—«Катка түштүң, отко түштүң» деген кеп бар. Катталып койгондон кийин албаган оюңарга коёбу?—деди бий.— Андай болгондо, кандар айла кылабыз?— дешип катталып койгон кедейлер мөгдөй түштү.— Жаман туугандарыңыздын айласын өзүңүз таппасаңыз,
булардын колунан эмне келет! Булардаакыл жок эмеспи?— деди жанагы чымкөй кара.— Мындай балекеттин далайынан эби менен өзүңүз куткара жүрчү эмес белеңиз! Мунун да айласынтабыңыз!
— деди, бийдин экинчи колтугунда отурган таңыракай семиз сары. Бардыгы тегиз телмирипжер тиктешти.— Ишиңерди кыйындатып койгонсуңар!
— деп бий башын көтөрдү,— Бирдемени иштээрде кеңешиптуруп анан иштебейсиңерби?
Жолуңар болсун, туугандарым!
—деп бий ойлоно калып,— эми такыралбайбыз десеңер башыбыз кетип калат. Мунун айласын таптым!—дегенде шылкыйып отургандардынбаштары көтөрүлө түштү.— Ат, өгүз, сокошайманын албайбыз деп түз эле айта бергиле. Үрөн, жана берки акчасын ала беребиздегиле.
Ошентип алгыла да аны мындагы өзүбүздүн байларга таратып бергиле. Келе, бергиле!— депкелгенде байлардын колунда бар эмеспи, дароо бере коюшат. Тилимди алсаңар бул балакеттен ошентипкутулгула.
Башка жол жок!— деди бий.— Ушул акылыңыз туура акыл! Катталып коюп, анан такыр албайбыз дегенде болбойт. Анда өзбашыңар кетип калат,— деп чымкый кара бийдин сөзүн дагы коштоду.— Бу да байларга келген балаа болдуго! Кандай кылабыз, жаман туугандын азабын дагы тартатэкенбизго,
— деп таңыракай семиз сары кейипкепчиди.
Камчысын бүктөп жерди чаапчаап койду.— Баргыла. Барып ошондой дегиле! Бирок, карыз акча, үрөндүк буудайды алып байларыбызгаберебиз деп сырды айтып коюп силерди балакет басып жүрбөсүн? Тилиңерге сак болгула!— деди бий.— Анда кара оозубузга кан толбойбу!
— дешти, Олжобайдын батрак, кедейлери.Ошентип,
аз күндөн бери жардам алабыз дешип жайкактап калгандардын сорпосу сууп, ындыны өчүпкалды. Иленсалаң басып Селревкомду көздөй чубашты. Ошол учурда Чаки элүү башы келди. Аныжалгыз алыпотуруп кеңешин айтты.— Батрак, кедейлер рибжом тарапка ооп кете турган болду. Коош! Ат, өгүз, сокошайман алышсабиротоло колдон чыгып кетишет. Өзүбүздүн айылдын кишилерин айнытып койдум. Алар барып азыр —албайбыз дешип чыр чыгарышат. Сен азыр барып өз айлыңардагыларды да тукуруп кой. Алар да барыпчырчатакка аралашып калышсын. Жөнө!— деди.Чаки элүү башы чапкан бойдон кетти. Андан, мындан аттуу-жөөлү чубап келгендер Селревкомдунбоз үйүн курчап калышты.— Жардам деген эмеңди албайбыз, балакетиңерге калбайбыз. Каттап алган кагазыңды кайта өзколубузга бер!— дешип кыйкырышты.
— Жөнү жок эле кыйкыра бересиңерби?
Сөзгө конок бергиле, сүйлөшөлү,— дейт Ийгилик.— Жоок, жардамыңды албайбыз. Башыбызды куткар!— дешет. Сөзгө келбей омуроолошот.
— Жардам, аламын дегендерге гана берилет. Албай турганың, кете бер!— дейт Ийгилик.— Бардышбыз албайбыз. Тнзмебнздн . бер. «Жардам» деген балакетиңден башыбызды куткар!— Кедейлик, силердин акылэсиңерди да кедейлетип койгон белем!—дент тилмеч Щербинин.—Мынчалык чатак чыгара турган бул жерде эмне бар? Эчтеме жок! Кимге ат, өгүз, сокошайман,
үрөн,карыз акча керек экен — алат. ©з оокатын өзү кылып, байлардын эзүүсүнөн кутулат.— Жардам алганыбыз менен, башыбыз байланып калат турбайбы? Албайбыз, тизме сенде болсокерек,
кайтарып колубузга бер!— Бүгүн жардам да берилбейт. Тизмени да бербейбиз!
Аксакалдары азгырып койгон турбайбы. Биз,ошолор менен сүйлөшөбүз.
Эртең келгиле!—деди Ийгилик.— Ошенткиле!
Аксакалдарыбыз алгыла — десе алабыз. Койгула — десе коёбуз,— дешип кедейлерсоолуга түшүштү. Бириндеп баса беришти.Аксакалдарын Ийгилик Селревкомго чакыртты. Аттарын жигиттерине калтырып, өздөрү бакжаятартып тышка отурушту. Ийгилик менен Щербинин селревкомдон чыгып барды. Эсендик сурашпастанИйгилик түз эле сөзгө кирди.— Аксакалдар,
силерди мен, мында аристовать кылууга, камакка алыш үчүн чакыртып алдым.— Ал эмне деген сөзүң, түшүнө албадым!—деди бий.— Ал, силер абакка камаласыңар деген сөзүм! Аксакалдар бирин-бири элейе карашты.— Эмне үчүн камайсың,— деп бий айбаттанды.
— Кедейлерди тескери карай азгырып, чыр чыгаргандыгыңар үчүн! Ревкомдун кедейлерге беретурган жардамына каршы сөз тараткандыгыңар үчүн!Бий ойлоно жер карап шылк дей түштү. Бир аздан кийин:— жардам алабы, жокпу — ал кедейлердинөз иши эмеспи? Анда аксакалдардын кандай жумушу бар? Кедейлерге жардам берилсе аксакалдар агаэмне үчүн каршы чыгат? Ал бекер сөз,— деп жоош гана, карөзгөйлөнүүгө өттү.— Абак деген түрү суук сөзүңдү коё тур Ийгилик! Кедейлер түшүнбөстүк кылып жүрүшсө керек. Бизайталы. Түшүндүрөлү!
—деди чымкый кара.— Аксакалдарды айдатпа, чыр чыгып " кетет!—деп семиз сары кырданды.— Чырыцыз менен коркутат экенсизго? Чыр чыгьш кетет деп! Чыр чыгарып жүргөндөрдүн бири сенэкенсиңго?
—деди Ийгилик. Семиз унчуга албай калды.— Бийлик ребкомго өттү. Эл ишине аксакалдар,
эми кийлигише берүүнү койгула деп айттым беле?Ооба, айтканмын!
Эмне үчүн айткан сөздү уккуңар келбейт? Салмакташып көрөлү дегениңерго?
Баргыла! Барып, кийимкечеңерди жуудуруп, алыскы сапарга даярдангыла!
Азыктүлүгүңөрдү камдапалгыла!
—деп Ийгилик кайта басып үйгө кирди. Аксакалдар шылкыйган бойдон отуруп калышты.— Ребкомдун ачуусу катуу келген окшойт. Ачуусун таратып жанагы «биртокол» деген эмесин алыпкой. Кедейлер берген жардамды алышат. Албаганда кайда барышат эле! Биз айталы!—деп Щербинингебий жалдырай карады.
Кашаттагы акарчакар кымкуут калың мал менен курчалган айыл бийдин айлы. Жүз баштуу чоң ак үйбайдын өзүнүкү. Эки капшытына оолагыраак тигилген эки ак өргөө эки уулунуку. Берки уй мүйүз тартаконгон көп кара алачык байдын койчуколоң,
саанчы болуп жүргөндөрдүкү.
Аларга сүттөн башкаыргытылган сөөк да жетпейт.Жайдын толукшуп турган мезгили. Кой короого кирип, кулундар агытылды. Мал жайланып өрүшкөтартып кирди. Бирок, короонун четинде сүйлөшүп турган эки боз баланын сөздөрү бүтпөдү. Ал экөөөрүштө болуп жаткан ар түрдүү кыймылдын бирөөнө да көңүл бөлүшпөдү. Ар жагынан жандай салыпшарактап өткөн жоон топ кыз-келиндер да аларды алагды кыла албады. Тикесинен тик туруп сүйлөшөберишти.
Шарактагандар бийдин кыз-келиндери.
Алар тиги эки жигитти атайын жандай салып өтүштү. Экижигиттин бирөөнө бийдин Айнек деген кызы астыртан көз чаптырып, жакын келгенде басар басмаксанболуп,
кылчаңкылчаң карады. Тийишип бирдеме айта өтүүнү ойлосо да, ылайыктуу сөз таба албады. Бираз узай бергенде кан кускур. Жөн эле төрө болуп калган тура,— чеп Айиек кекенгенсиди.
Бирок, ошолэки жнгнттнн жанында өтө эле керектүү бирдемеси калган эмедей ар жакка барганда да кылчаңдайберди.
Келин-кыздар кабакка барып өздөрүнчө ойнопкүлгөн болушту. Сүйлегөн сөздөрүнүн көпчүлүгүКубаткул жөнүндө болду.— Ал бир кан кускур көрүнөт,— деди Айнектин жеңеси, — кайсы күнү барып атасынын экиөтүгүнүн кончун бирөөнө каткандыгын айтты. Малчы малайларына бербей жүргөн акыларын бурабастырбай туруп алып бериптир.— Сегиз сааттан артык иштетпейсиң,
артык иштетсең, артык акытөлөйсүң.
Эгерде батрактарың сегиз сааттан артык иштебейм десе, ал алардын өз эрки — дептир.Ошондон бери малайлары дардаңдашып атамды көздөрүнө илишпей көкүп, көөп калышыптыр,
— депызаланды,
жамандады. Бирок, анын сөзү Айнекке таасир кылбады. Жигиттин " колунан келсе ошондойболгону жакшы деп жеңесинин эңсеөсун кесип койду.Калматай бай бир баласын Айнекке кайчы кудалап калың берип жүргөн. Ал күйөө баласынжактырбай чанып жүрүүчү.— Кеңеш өкмөтү кыз сатууга калыңга каршы, кызынан калың алгандардысотко берет экен — деген сөздөрдү уккан Айнек ичинен комсомолецтердин тилегин тилеп калган. Анынүстүнө атасы Кубаткулдан да коркуп жүргөндүгүн да билет. Кызыңды берсек дагы, ошол баланы колгоалып койсок, тубөлүгү жаман болбос эле деп Камка менен бий сүйлөшкөнүн да угуп калган. Ошондойсөздөр Айнекке таасир кылып Кубаткулга кызыктырып койгон. Ыгын келтирип сүйлөшүүнү көптөн бериойлойт.
Бирок, эбин келтире албай жүрөт. Кубаткул ошо сапар ага назар салып бир ооз сөз айтыпкалганда,
Айнек көп жеңиле түшөт эле. Ойлогон ою ордунан чыкпай көңүлү түшүп кызкелинин ээрчитипкайта кетти. Кайта келе жатканда келиндердин бирөөн бэлүп алып тигилерден окчунураак басыпсүйлөшө келди. Кыязы, эбин таап, ээн жерде жолуктурууга аракет кыл — деди көрүнөт.Кыз-
келиндер кайта келгенде да тиги эки жигиттин сөзү бүтө элек экен.Бий атамдын айтууна караганда Кеңеш өкмөтү анчалык кыйын болбосо керек!—деди Чокмор,кийимкечеси бүтөлүп, өзү да ирденип калган экен.— Кеңеш өкмөтү абдан кынын. Кыйын болбосо тоо арасындагы бизге чейин жетип келе алар беле? —деп Совет бийлигинин келечегине Чокморду ишендирүү үчүн Кубаткул көп сөздөрдү айтты.Акырында,
— башка сөздү кой, комсомолго кирүүгө көңүлүң барбы, ошону айтчы? — деди.Чокмор бир азга чейин жер тиктеп тура калды да — комсомол деген эмне деген сөз? Аган киргендебүтүрөрүбүз эмне? Аныңдын кандай пайдасы бар? Алды менен ошону айтчы! — деди.— Айтпадымбы?
— Айтканыңа мен түшүнбөй отурбаймынбы!
Комсомол уюмунун максатын, аган мүчө болуп кирген жаштардын милдетин Кубаткул билишине жараша дагы бир сыйра айтып чыкты.— Комсомолго кирипсиң деп бий атам башымды жулуп албас бекен?— Музоосунда сүздүрүп коркуп калган байкуш, эми өгүз болгондо деле корко бересиңби? — депКубаткул күлүп калды.— Билбейм, комсомол дегенде эле бий атам тишинтишке урат.— Комсомолду жаман көрсө тигил кичи баласын эмне үчүн комсомол уюмуна кир деп арыз бердирипжүрөт?
— Анысын кайдан билейин! — деп Чокмор жер карады.Байлар балдарын эмне максат менен комсомол уюмуна киргизүүгө аракет кылып жүргөндүгүнтүшүндүрдү.
Эртең ушул жерге бул жайлоодогу элдин баары, кыз-келиндерине чейин келе тургандыгын,
волревкомдун председатели,
волком комсомолдун секретары келип сөз угуза тургандыгын айтты.Күүгүм кирип көз байлана тигил экөө айылга келди. Жанагы Айнек сүйлөшкөн келин тигил экөөн тосочыгып — Ачейке уул, бери басчы! — деп Кубаткул менен жекече сүйлөштү.Батрак жаштардын бир айлык окуусун бүткөндөн кийин Кубаткул ушул айланага «батрачком» болупкелген.
Жатакта калган жарды жаштардын арасына иш жүргүзүп комсомол ячейкасын уюштурган. Өзүкомсомол ячейкасына секретарь болуп шайланган. Ошондон кийин аны көп адамдар «Ачейке» депкалышат.
Жайлоодогуларды кыдырып, баплар менен батрактарга эмгек келишимин түзгөн. Малайларынаакы төлөбөй жүргөн бир байды сотко берип кестирген. Ошондон кийин аны байлар «батраккөм» деп дакоюшат.Эртеси шашке ченде элдин алды бийдин айлынын маңдайындагы чоң өтөккө келип чогула баштады.Кубаткул айылдан чыгып чогула баштаган элди көздөй жөө басты. Аны бир тобу ээрчий жүрдү. Элдинарты түшкө жакын келип жетти.Эл кымкуут, абдан көп чогулду. Кары дебей, жаш дебей Келин-кыздарына чейин келишти.Кедейлеринен байлары ат аябай калган экен, бардыгы атчан келди. Аттарды тушап коё берип байлапкелген айран, кымыздарынан иче отуруп сөз угушту.Сөз сүйлөнүп бүткөндөн кийин комсомолецтер келгендерге дикломация айтышты. Бирөө кыз кийминкийинип «Кыргыз кыздарынын арманы» деген дикломацияны айтты.«Ой кыргыздын кыздары, Ойлоп ичим сыздады. Бнр курсактан төрөлгөн Баласыбыз бнз дагы.Эркегиндей көрбөйт тең Эмнеликтен санайт кем. Бизди сатып калыц жейт, Көп мал берип алыц — дейт.Тойгузган соң курсагын, Бара койгун балам дейт».деп абдан келиштирип айтты эле, Келин-кыздар көпкө чейин кол чаап, үч жолу кайта айттырышты.
Дагы бирөө «Койчунун арманы» деген дикломацияны айтты. Койчулар алакан чаап кыйкыра берип аныда эки мертебе кайталатышты.
Эң акырында Кубаткул «Байманап» деген дикломацияны айтты.Баймании,
Малым санан. Сөз айтуу жок,Байларга карапКазысы кучак,Азуусу бычак.Беш тыйын карыз берсеБербер деп кычап.Эски замандаЭзилген кедей таманда».дегенде,
бай,манаптарга карата каткырыккүлкү көтөрүлдү. Арттагылар мойнун созуп алдыжактагыларды жөөлөй берип, шыкалып короо ордундай жерге гыгылышты.— Айта бер тегеренейин!
— деп кубаттаган үндергө «казысы кучак, азуусу бычак» деп каткырганкыйкырыктар кошулду. Аттар үркүп, чоң өтөктүн чаңы ызгыды да калды. Байманаптар жылдызы ураптүшкөнүн сезди. Баштарын көтөрө албай отура берип, тепсөөрүндө кала жаздашты.— Ачейке, бала эмес бекен, жарады! — дешип чогулган эл көпкө чейин тарабай комсомолецтердиимерчиктеп тура беришти. Ошол күндөн тартып мындагы комсомол ячейкеси революциялык чаралардыишке ашыруу боюнча партиялык уюмдун жеткинчеги болуп өсө берди.
Чыр-Дөбө. Айткулу Убукеевдин чыгармасы.
#42 23 November 2015 - 02:47
23-бөлүм.
Кийинчерээк калк чогулган жерлерге манапбайлар бара албай калышты. Ошого байланыштуу аркандай шылтоолор менен «аш», «тойду» көбөйтүштү. Ошентип, «аш», «тойго» келгендер аркылууазгыруунун ар кандан сөздөрүн тарата берүү жолуна түшүп алышты.Чымкый кара көсөөдөйдүн тоюнда билгизбей отуруп бий азгыруунун бир катар оор сөздөрүн, аркимдердин кулагына кумдай куюп таштады.— Коош! — деди адатынча башын чайкай сүйлөп,— ошентип, учбас тоок күтүп, урабас там салатурган болдуңарго? Жакшы, жакшы! Тамга жатып алып иче турган жарма болсо, жардылык жанга абдантынч болот эмеспи? Ошенткениңер оң. Ошенткиле! Там салып, тоок багып сары талааны сактап отурабергиле! Өзүңөрдөн туулган балдарды солдаттыкка да берерсиңер. Аманчылык болсо аны да көрөрбүз.Отурукташа турган жер жайында эле кесилип берилген. Бирок, бийдин жогорку сөздөрүнөн кийинкалк ыргылжың болуп, өз энчйсине тийген жерине күзүндө айрым адамдар гана зорго келди.Таңыракай семиз сарынын «тоюнда» бийдин сөзү жаңы тартип окуусу жөнүндө болду. _— Мектеп курабыз, балдарды окутабыз деп желигип калгансынарго! — деди.— Ооба, шаардан мугалим дегени келиптир. Балдарды кагазына каттап алды көрүнөт,— деди, тойгокелгендердин бири.Ойлонуп бир аз отурду да, шаарга жакын айылдардын биринде болгон окуя экен деп, бий сүйлөйбаштады. — Эсимде толук калбады, кайсы айылында болгон окуя экендиги. Анысында кеп жок, кеп мынамунусунда: бирөөнүн баласы ошол жаңы тартиби менен окуп жүргөн экен. Анын атасы жан таслимкылып дүйнөдөн кайта турган болуптур. Атаңа «ыйман» угуз дешиптир. Жанагы биздин айылдагыбалдар айтып жүргөн ырын эмне дешет? Баласы атасына «ыйман» айтуунун ордуна ошонусун айтыпырдап жибериптир. Ошентип, бечара киши «ыйман» укпай, ыр угуп дүйнөдөн кайтыптыр. Жаңыокуусунун жайы ошондой экен. Ошондой окуудан балдарыңардын окуганы жакшыбы же окубаганыжакшыбы, аны өзүңөр ойлонушуп көргүлө! — деп бий онтолоду.— Жаңы окуусун «ата», «эне», «ат», «кой», «эчки» дедиртип окутат турбайбы. Анын эмнесинокуткудай? Балдардын тили чыкканда эле ошолорду айтып чыгат эмеспи? — деп таныркай сары бийдинсөзүнө сөз улады.— Өлгөнгө «ыйман» угузууга жарабагандан кийин анын эмнеси окуу? — деп Чаки элүү башытигилердин үнүнө үнүн кошту.Бул сөздү уккандардан үчөө чогулуп Сельсоветке барышты. Шаардан келген мугалим мектеп болотурган эки бөлмөлүү тамдын бүтүшүн тездетүү жөнүндө Ийгиликке келип сүйлөшүп отурган экен. Тигиүчөөнүн бири — Таксыр! — деп колун бооруна алып мугалимге жалдырай карады. Бир кой алыпбаламды окутпай эле койсоңуз! Жалгыз балам окуса алда кандай болот? Кедей элем, аягыла! — депмөгдөп сала берди.— Менин кызымды да окууга каттап коюшуптур. Калыңы бүтүп калды эле. Аманында бир ууч сөөгүнберип кутулайын дедим эле. Бир ат минип тим болбойсуңарбы! —деп экинчиси үлдүрөдү.— Менин эки баламды да бирдей каттап коюшкан экен! Бирөө окуса эле бир үйлүү кишигежетишпейби? Бирөөн жөн эле койсоңор экен! — деп үчүнчүсү үргүлөдү.— Пара берүүгө, балдарыңарды мектептен куткарууга келген экенсиңер го? — деп Ийгилик мурчуюпкойду. — Ооба, айланайын! Ошондой тилек менен келдик эле! — деди үч кедейдин бири.— Кышында балдарыңар гана эмес, өзүңөрдү, аялыңарды да сабатсыздыкты жоюучу мектептенокутабыз! — деди Ийгилик.— Деги түбөлүгү жаман болбос бекен? — дешти тигил үчөө.— Жаман ишти биз иштебейбиз! —*деп кызынын калыңы бүтүп калган кедейге карады.— Кызыңызкалыңга кетпесин. Каалаган жигитине кетсин!— Кызым каалагаң жигити менен басып кетсе менин айлам эмне болот, кагылайын? Калыңын жепбүтүп койбодум беле!— Мындан ары кыздар калыңга барбайт. Каалаганына барат. Калын берген да, аны алган да жоопкотартылат. Аны күн сайын зар какшап айтып келе жатпайбызбы? Кудаңдын берген калыңы аткез. Доолапкелсе мага келип айтып кой! — деди Ийгилик. Тиги кишинин санаасы тына түштү.— Кудай үчүн эки баламдын бирөөн алып, бирин өзүмө калтыргыла! — деп эки балалуу кишижалдырай берди.— Эки балаңын бирин алып, бирин калтырууга болбой жаткан эмелер менин жалгызбаламды жайыма коёр беле деп, жалгыз балалуу киши эчтеме айта албады.Чакинин тоюнда бий — боло турган шайлоо жөнүндө сөз козгоду. Рипком деген эмелери эми жоюлатургап болуптурго? Коош! Эми шайлоо болот экен. Ошонусу жакшы. Кейпи, Ийгиликтин түбү бошопбараткан болсо керек! Андай болбогондо шайлоо болмок беле? Өз билгендерин иштей беришет эле го!«Бөдөнөден бий койсо, кыйгуу кетпейт башындан». Айгайлап жүрүп айыл ичин алакула кылып экигебөлүп жиберди. «Ала койду бөлө кырккан жүнгө жарыбайт» эмеспи? Коош! Ал адашып жүрбөйбү! Өзүкат билбесе, мурда эл бийлеп көрбөсө, анын колунан жакшылыктуу эмне келе коёт эле? Бай, манап депбакырган болот. Каратаман батрак, кедей, орто чарба — деп ураан чакырган болот. Акылы жок урганболбосо — тиги биздин балдардын бирин секлатар кылып албас беле! Анан кеңешип турса, мен аныжамандыкка кыйбайт элемго? Мен ага теңелгим келбей жүрбөйүмбү. «Бөрү карыса бир койлук алы бар»дегендей, чындасам ошондук алым болот элего! Өзүңөр деле байкап жүрөсүңөрго? — деп улутунупкойду. Бул сөзү: — өзүмдү болбосо да, менин балдарымдын бирин шайлагыла — деген кулак кактысы эле.— Бийим туура айтат. Биз бийимди — кой, кой! деп койдуруп жүрөбүз. Болбосо Ийгилигиңерди эчакэле ташын талкан кылып коёт болучу! —деп таңыракай семиз сарысы сыймыктанып койду. Анын тигисөзү бир жагынан бийдин сөзүн кубаттаганы болсо, экинчи жагынан мен да бекер киши эмесмин дегениэле.Семиз сары антип отурганда, бийге жамынып бирдеме айтпаса чымкый кара болбой калат эмеспи! —Биз эле тыйып жүрөбүз бийимди. Болбосо Ийгилигинин да, «рипкомунун» да чаңы эчак эле асмангачыгат болучу!—деп анысы да кошокко кошула калды.— Шайлоо боло калса, Ийгиликти ким ээрчий коёт эле? Өзүнүн аз айлы менен жүктү оодара албайтэмеспи? — деп Чаки да катардан калгысы келбеди. Бирок «шайлоо боло калса өз уулун сүйрөп чыккысыкелип турат» деп бийге ичи тарыды. «Бий олжого кароо киши эле. Алдына ат тартып, үстүнө чапанжапсам, балким мага кыя коёр бекен»,— деген пикирди да онлой отурду.Той тараганда,—шайлоого даярдана бергиле. Бирок, алакула болбостон бардыгын бир гана кишиникармагыла! — деди бий.Ошентип, айыл аксакалдары шайлоого даярданышты. Чаки бир ат, бир бөрү ичик тартуу тартыпбийден Ийгиликтин ордун сурады.— Карып баратам. Көзүмдүн тирүүсүндө балдарымдын бири катаргакошулганын көрөпүн дедим эле. Жалпы үч урукка үч тогуз тартууну мен берейин. Өзүңдүн көөнүңдүбашкача табайын,— деп бийликти бий Чакиге кыйбады.Алар ошентип жүргөндө шайлоо даярдыгы башталды: Шайлоо болордун мурунку күнү Чаки бийдин«тартуусуна» макул болду. «Баталашып» алышты да,—кана эми, Ийгиликтин бетине тике чыгалы. Сызгаотургузуп баса берели! — дешип шайлоо өтө турган жерге шартылдата бастырып, шаңдана келишти.— Э, ботом, берегилерге эмне жок? Аларды мында ким чакырган? — деди шайлоо комиссиясынынпредседатели. — Өздөрүнчө эле келип калышканго! — деди кимисидир.— Келсе келе беришсин. «Аюудан корккон токойго барбайт». «Бөдөнөдөн корккон эгин экпейт»,—деди шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири.Бий шаңдана барып Олжобай уруусунун алды жагына отурду. Чаки Алыке уулунун арасынан оруналды. Ошол учурда шайлоо комиссиясынын председатели — шайлоого, шайланууга, кандай адамдарукуктуу, кандай адамдар укуксуз, — жобо боюнча түшүнүк айтты да, укуксуздардын тизмесин окуду.Адегенде эле бий, көсөөдөй кара, таңыракай семиз сары, Чакинин аты аталды.— Жолуңар болсун, араны бошото бергиле! — деген үндөр көтөрүлдү.Жарыктык созет болбосо, Бизге кайда бу теңдик! Тебедөн басып байларды, Кууп чыгып бийлердиИттей кылып бпр жеңдик —деген Ийгиликтин баягыдагы сөзү ушул жолу дагы антылды.
Аңды-дөңдү карабай атынын мойнуна мине чапкан бирөө келе жатты. Ат өлүп кетеби, жыгылып,тыгылып каламбы дегенди ойлонбосо керек. Этекжеңинин делбиреп кеткени менен деле иши жок,койгулаган бойдон жүрүп отуруп бийдикине барды. Ат үстүнөн:— сүйүнчү! Малабаш үйөз болупкелди, — деп кыйкырды. Үйдөгүлөр жабыла тышка чыкты.— Кайталап айтчы, оозуңа май!— деди бий.— Малабаш күйөөңүз үйөз болуп келди,— деди, сүйүнчүлөп келген киши.— Аксарбашылың азыр, бир козу алып келгиле!— деп бий чабалактады, бир жерге тура албады.Дароо бир козу даяр болду. Кыбылага туура тартып бата кылып жиберишти. Союлуучу малга батакылганда бий — кудайым сенин жолуңа! деп коё салуучу эле. Бул жолу алаканын кенен жайып, батаныузакка айтты. Эң акырында — арбагымды дагы бир көтөргөн экенсиң,— деди.«Бийдин бир кызынын күйөөсү Малабаш үйөз болуптур дейт» деген кабар ошол эле замат айылдынбашынан аягына дуу дей түштү. Бирөөдөн угуп калса керек. Бекиш да атынын мойнуна мине чаапкойгулаган бойдон бийдикине барып түштү. Сары гана эмес, айылдагы атка минерлердин баардыгыкуттуктап келе беришти.— Кудай деле бергенге берет эмеспи!—деп бирөө айтса, — суу ага жүргөн эле арыгынан агатэмеспи, — деп экинчиси жөнөтө берип отуруп, бабединге союлган козунун этин жешти.Кийинки күндөрдө бийдикине келимкетими " азайып калган. Күйөө баласы Малабаш уезд болгондунэртеси эле эшигинде ат котолоп калды. Четтебирээк кеткен куда сөөк, дос, тамыр дегендер курдап кайракеле берди. Орто жерде баркы тушө калган бийдин ташы кайтадан жогору карай кулай баштады. Уезддежумушу барлардын көбү бийдикине келүүчү болду. Күлүктөнкүлүк, жоргодон жорго тандап, уезддин өзүбий сыяктанды. Дүйнөсү дагы бир жолу ташыды. Баш ачуу, жетим акы, кол акылардын көбү кайтаданбий аркылуу чечиле турган болду.Малабаш уезд болгондо жеке гана өзү болбостон, агатууган, жекжаатынын баары эле өздөрүнчө«уезд» болуп кетти. Аньш жекжааттары турганда сотко да киши бастырып барбай калды. Быякта жатканканнатасыныкы мынчалык болуп жатат, өзүнүн үйүндө, анын агатуугандарыныкында эмне болупжатканын ким билди.— Элге пайдамдан башка зыяным тийгенн жок. Кенеш өкмөтүнүн мыйзамын үйрөнүп, элге кызматкылсын деп бир уулумду окууга жибердим. Бир кызымдын күйөөсү болсо уездиңер. Барыңардынбашыңарды кармап турат. Мени да «кошчу уюмуна» алгыла деп бий арыз берди.— Кошчу уюмуна бий,болуш, манап, байлар алынбайт. Бул уюм алар үчүн уюшкан эмес, алардын эзүүсүндө жүргөндөр үчүнуюшулган — деген жооп кайтарылды. .. Ошол күндөрдүн биринде бий шаарга барып келди, аттан бутутүшөр менен «кошчу союзунун» белетин чөнтөгүнөн сууруп алды.— Кошчубуз деген болушат. Ушулкүнгө чейин көбүнүн кошчулук белети жок. Мына, мен барып жаздырып эле ала койдум!—деп, белеттикөргөзүп мактанды.Ошол күндөрдүн биринде, коңгуроолуу фаэтонго түшүп жигитжалаңы менен Малабаш бийдикинекелип калды. Түшөр замат сельсоветке дароо элин жыйнасын, сөз угузамын,— деп киши чаптырды. Бийбажактап, өзү тура чуркап, козу сойдуруп жиберди. Ала келгендери бар экен, «уезддер» ичүүгө киришти.Ичкилик муундарына жүгүргөн учурда, албетте терилерн да кеңип сала берди. Өйдөылдый ала качмасөздөрдүн бир канчасы айтылды. Карта ойношту. Кыз-келиндери менен көз карамаштыргандар да болду.Сельсоветте эл чогулуп отура берди. Козунун эти бышып, ала келген арактар ичилгиче кеч да кирипкалды. — Улуктун улуктай эле болгону жакшы. Эл менен кошо чуркап жүргөн киши улук болоалуучубу? — деп бий күйөө баласынын сөөлөтүнө абдан ыраазы болуп олтурду. «Үйөзүнүн сөзүнугалычы» — дешип чогулган эл зериксе да күтүп отура беришти. Акыры Малабаштын сөзүн угушту.— Кеңеш өкмөтүндө байжарды, ургаачыэркек тең болду. Байжарды дебестен ынтымактуу болгула!Кыжыңкужуңу жок тынч оокатыңарды кылгыла! Ынтымагы жок, кыжыңдаган терсаяк айылкөрүнөсүңөр. Терс аяктарды тыйыш керек,— деп, Малабаш алдында турган төрт шыйрактуу тактайдыбир муштады.— Граждандык согушунда эл чарбасы чабылыпчачылып калды. Чабылган, чачылган элчарбасын ордуна келтириш үчүн чарбаны өстүрүш керек. Чарбаны байлар өстүрөт! — деп элге карадыда,— завод, фабрикаларга чийип заттар керек. Байлар болбосо, байлар бербесе чийки заттарды кпмберет? Кедейлер эмнесин берет? «Келе!» деп оозуп ачкандан башканы билбейт!—деп сөздү эзип отураберди. Малабаш сөзүн бүткөндөн кийин, «Мен сүйлөймүн! » деп, Бекиш сары жулунуп чыкты.— Уезддиң айтканынын баары чын! Биздин айылдын ынтымагынын жогу да чын. Урукурук болупжүргөндө көп ынтымактуу элек. «Кошчу» уюшкандан бери, кедейлерден коммунистгер көбөйгөндөнбери элдин элчилиги, журттун журтчулугу, ынтымагы кетти. Кеденлер коммунист боло алабы? Кедейлер«кошчу» боло алабы? Алар эл бийлигиңди билеби? Билбейт. Атабабасы эл бийлеп көрбөгөн эмелерэмнени билет? Меп иштеп турганда бай, жардысы жок эле, ынтымактуу болучубуз —деп Бекишкүйүттүү, күйүк сөздөрүн тышка чыгарды.Бекиштен кнйин сөздү бий сүйлөдү.— Оёзуңар — Малабаштын айтканы туура! Бир да жалганы жок. Кеңеш өкмөтүндө байжарды теңдейсиңер. Кайда ал теңдигиңер! Келген карыз акча болсо кедейлер алат, байларга эчтеме жок! Налогдубайлар берип жатат, кедейлер берсе да аз берет. Бербегендери да көп. Кошчу болсо — кедейлер болот,ушул да теңдик болобу? Айткылачы? — деп оолугуп,— ой оёз бала! Унутуп кетипмин, бул биздинайылдагы өкмөтчүлөрдүн баарын жаңыртыш керек! Иш билген езүбүздүн балдардан коюп кет!—деди. Мантек, Бекиш, Чаки, Кашкарбай элдин арт жагында ар кайсы кедейлерди колтукка түрткүлеп,айтпайсыңбы, дебейсиңби! Оёоздун көзүнчө айтпаган, качан айтасың? дешип шыбыркүбүр кылыпжүрдү. Кедейлерден чыгып сөз айткандар болбоду, астыртан Ийгиликти карашты. Ушул сүйлөсө, анан анынизипе түшсөк деген ойдо турушабы, же уездден үрөйлөрү учуп калдыбы, ким билет, түнөрдү дакалышты.— Сөз айтуучулар жок болсо жыйналышыңарды жаап, ошентип ынтымактуу болуп оокатыңардыкылгыла! — деди Малабаш.Ийгилик: — Сүйлөөчү киши кайдан жок болот! Уезд элди чогултуп алып партия жолуна каршы сөз таратыптурганда да сүйлөөчү киши жок болучу беле! Мен еүйлөйм,деди. Сөзүн тигиндейче баштап, мындай сөздөрдү айтты:— Угуза турган сөздөрүнүз жанагы айткандарыңыз болсо, береги отурган калкты бекер элечогултуппуз, Бөйдө эле убара кылыппыз, Малабаш жезде! Сиз, кедей тарабын манапбайлартарабындагыларга телиш үчүн буларды чогулттурган экенсиз. Андай максат азыркы күндө суу кечүүгөжарабай калбадыбы? Өзүңүз да бекер убара болдуңуз. Бизди да бөйдө убара кылып койдуңуз.Ийгилик ошондой дегенде, бий:— О жаман атаң эт жегир! Эмне деп былжырап жатат тетиги Ийгилик деген жаманыңар? Оёскокаршы сөз айтып өлөт экен. Акмак болсо керёк! — деп опурулду. Ийгилик анын сөзүнө да, өзүнө дакөңүл бурбастан сүйлөй берди.— Байжарды тең. Ыйкытыйкы болбостон ынтымакта болгула деп буйрук айттыңыз. Бул Сиздин,Сизге окшогон адамдын оозунан чыга турган сөзбү? Башканы коёлу. Тиги отурган кайнатаңыз Качы бийөзүн өзгөлөргө теңейби, теңсинеби? Теңелүүгө, теңдикке көнөбү? Бийдин максаты бийлик кылуу.Манаптын иши — манапчылык. Алар андан ажырагысы келбейт. Манапбайларга көп эле телингенбиз. Кул, букара, жарды, жакыр, томаяк дешип бышкырык атып өгөйлөп жерип келишкен. Алар эми кедейтарабындагыларга ийип кетерин Малабаш жезде, Сиз кайдан биле койдуңуз? .Кедейлер бай болгусу келсе, манапбайлар кудай болгусу келет. Аны биле элек болсоңуз билипкоюңуз, Малабаш жезде!Мына бу биздин айылда да эки тап бар экендигип, алардын оту биздин убагыбызда эле эмес, эзелденбери күйүшпөй келаткандыгын унутпаңыз! Эки тараптын, эзелден бери к\гйүшпөгөн отун. Сиз, араккатоюп алып айткан бир сөзүңүз менен жайгаштырып жибере албайсыз. Ошо оту күйүшпөгөндүктүн өзүбир тарабын өлүмгө, бир тарабын өмүргө жеткирбей такыр тынбайт. Аны башкалар билбесе да, Малабашжезде Сиз билүүгө тийишсиз. Манабу менин башымдын чачы манап кайнатаңа телинем деп жүрүпагарбады беле? Канчалык телинсем да бир жолу ийип койгонун көргөнүң барбы?Манап кайнатаң маа окшогондордун өзү эле эмес, «мүрүнө кастык иштерди иштеди? Анысын көрбөй,билбей жүрдүиүз беле? Биз сиздин өзүңүз ким экендигиңизди да жакшы билебиз, Малабаш жезде!Малабаш ордунан тура калды. Айтууга жүйөлүү сөз таппай,— «тоесть», «значить», «не правда»,каталашасың. Сиз эмнени билесиз? Биз «инкылапчы» — ден бет тырмаар сөздөргө өттү.— Оёско сөйкөнөм деп, Ийгилигиңер койчунун таягына сөйкөнгөн эчки болгону турат бейм? — депбий өзүнчө күңкүлдөп жөн отура албады.— Сиз, Малабаш жезде, «зоот», «бобрикелерге» чийки заттарды байлар гана берет. Кедейлер эмнесинберет? — деп кедей тарабын кемсинтип таштадыңыз, чынбы? Жайдын ысыгында, кыштын суугундакайнатаңыз Качы бий малынын четине барганын көргөнсүзбү? Баккан малай, тапкан малай. Ичкен,жеген; жыргалын көргөн байманап. Манапбайсыз алардын ээлеп жүргөн малы кырылып түгөнуп кетеринСиз кайдан билесиз?— Тигине, Ийгилигиңер башында эле тантык эме эле, тантый бермек болбодубу — деп бий ээгинкурулай сылады.— Сиз, андай кыйын экенсиз, Малабаш жезде! Өзгө манапбайларды мындай коёлу, өзүңүздүнкайнатаңызды эки түнү өз жылкысын, же болбосо өзүнүн коюн төрт күнү кайтарууга көндүрүңүзчү! Эчкачан көндүрө албайсыз.Биз кедей тарабындагылардын ынтымакрашкерде болушун жактайбыз. Иштеген ишибиз да, тилегентилегибиз да ошо. Бирок, манапбайлар менен отубуз эч качан күйүшпөйт. Алар букара кедейлердикандай жектеп, канчалык жерип келген болсо, биз да аларды ошончолук жектей беребиз. Жерий даберебиз. Ошенткенибиз ошенткен. Сиз арачы болбой эле коюңуз!Тигине, кол чабууну көргүңүз келсе көрө бериңиз. Алакандары кызарып кетишине да кайыл болушту.Бийге жакыныраак отуруп калган экен. Кошомат кылганы болсо керек, баягы өтүкчү: Ийгилик андайкыйын, билерман болуп кетсе, барып оёс болуп алса болбойбу! Көөдөк урган. Келип кетип сөз угузупжүргөндөрдүн кайрагына курчуп алган тура! Көөдөк эме, ким менен сүйлөшүп турганын билбесекерек? — деген сөздөрдү бийге да, Малабашка да угуза, угуза айтып алды.Жыйналышты башталышы жай болсо да, тарашы катуу болуп калды. Эл тарай берерде Малабаш —Акенди таанытамын, — деди.— Оёско каршы сез айткан эмелерди азыр эле иштен алып, өздерүн айдай кетиш керек,— депкатуукатуу сүйлөген кошоматчылар да болду.— Ошентиш керек,— деп бий, Мантек, Кашкарбай, Чаки,таңыракай сары, Чымкый кара, Касымбек, Жыртак жана башкалары өздерүнче Кужулдашты. Малабаш коңгуроолу фаэтонго отуруп кайнатасыныкына барды. Арактын калганкатканын шыпкапичишти. Күйөө балам элдин көзүнчө ыза болуп кадыры түшө калдыбы деп бийдин жаны катуу күйүпжүрдү. Малабаш кетүүгө кам кылганда,— эй оёс бала! Тетиги кишиден туулган иттерге каптырып алыпжөн эле кете бересиңби? Намысың жок белемсиң? Ит капса деле башка чабат турбайбы! Аларды айдатыпала кет! Алардын ордуна өзүбүздүн балдардан дайында,— деди.Малабаштын элге ыза болгондугунан да, кайнатасынан ыза болгону катуу тийди. Ошондо да, сыралдырмаксанга салып. — Эй карыя! Саясат керек. Итке да киши теңелүүчү беле? Алардын жазасынколуна жай баракат карматамын. Намыстанбай эле коё туруңуз! — деп бийди жоошутумуш болду.— Атаа, ушуларга бир сыр көргөзүп кетсе болот эле. Намысыма күйүп кеттим!—депбийчабалактады. Күндөр өтө берди.Аңылдак жеңе ары теригип, ары ээлигип кеткенин көрдү да, Сыпайы жеңе жалтайл.аган болуп,— огоэле терикчелсиз, жеңе! Бат эле бузулуп будуңчаң болуп кетесиңер, мен койдум, койгулачы, эл угат! —деп жоошутууга киришти.Будуңчаң түшүрүп жибергени менен, бет алышкан кишиси жалтайлай берсе аңылдак жеңе тез элеоңуна түшө калуучу. Оңуна түшө калды да — э, келин! — деп койду. Сыпайыны өзүнө каратып:— силербий менен куда турбайсыңарбы! — деп, колундагы таш ийикти чимирипчимирип жиберди.— Кудасы кандай?— Какмаардын анткорлонгонун!
Анткорлонгону кандай?— Анткорлонбой эле кой, какмаар! Кубаткул бийдин кызы менен сүйлөшүп жүргөн турбайбы?— Сүйлөшсө жаш эмелер сүйлөшүп жүрүшкөндүр. Куда болсок элден жашырып болмок белек.Көрүнөө эле болбойбузбу! Анын үстүнө бий бизди теңине албайт эмеспи!Бий бизди теңине алмак беле деген сөзгө Аңылдак жеңе муюша түштү да — баса, ар ким, ар кимайтып жүрөт. Бийдин деле көңүлү болсо керек. Камка байбиче да оозунан түшүрбөйт — деди да, ийигинжерге сая коюп кончунан түйүнчөгүн чыгарды, бир чымчып насыбай алып тишинин түбүнө салды.Кийинчерээк, — Кубаткул бийдин кызы Айнекти окууга алып кеткени жүрүптүр, алганы жүрсөкерек, — деген сөздөр, айылда четбучкактап айтылып жүрүлдү. Окууга жөнөөр алдында Кубаткулсабыры суз болуп чүнчүгөнсүп жүрдү. Күүгүм кирди эле болду, үйгө жолобойт. Таңга жуук келет дасалып койгон төшөккө жатып калат. Бийдин кызы Айнекке «ат тезегин кургатпай» ар жерден жуучукелип турду. Уезддик кызматта жүргөндөрдөн келгендер да көп болду. Бий — кызым азыр жаш — дегенжоопту кайтарат. Кубаткул Айнек үчүн бел байлайт. Бирок, белин сындыра басып турган иш бар.Ошондуктан, ишти дагы бир жылга кечиктирди да, өзү окууга жүрүп кетти. Ошо күндөрдүн биринде тазажуулган кара чачты кайкайта тараган, бото көз, кара каш, толмочунан келген ак жуумал жигитбийдикине келди. Такасынын бийиктиги кеңири төрт эли келген, туура тумшук кара өтүктүн кончунчоюп, сунган бутун тартпай, муштекти бир ууртуна тиштеп, экинчи ууртунан түтүндү кол ыштыктайбуркурата чыгарып бийдин төрүндө жатты. Кезеккезек жазылыгы бир укум келген сары кайыш илгичтиоңдоп, жамбаш жагына ооп кеткен тапанчаны алдын көздөй тартып, жоондугу тал чыбыктай болгонөрмө кайыш боону эрмек кылып кармалайт. Бир туруп копшогондой жумуру, аппак колу менен чачынкайракайра сылайт. Бир туруп өсүп жетише элек сыйда кара мурутун сөөмдүн сырты менен жаныпжаныпкоёт. Эч кимге бурулуп назар салбайт. Бирөөн карамакчы болсо, кабакты чытып, каш кирпиктин алдыменен карайт. Кезеккезек тамагын кырып, ырдап жиберүүчү кишиче үнүн жасайт. Үйдүн ичи толтуракиши. Мантек, Бекиш, Чаки, Кашкарбай, ар айылдан куру эмес бирденэкиден киши отурат. Бирок, төрдөжаткан жигитти тике караган киши жок,жалтайлап астыртан, же кыя салып карашат.Камка байбиче да өтө эле зымырапзыңкыйып калган. Кызы менен кайдигер бирдемени сүйлөшкөнболот. Бирок, кыздын көзү отургандардын көзүн жазгыра, мейманга кадала тушөт. Меймандын көзүнөучурай түшкөндө тик карай албай жалтайлап калат. Урматтуу меймандын төмөнкү колтугунда Бакиркитеп окуган болуп ээрдин бүлкүлдөтөт. Чын пейил менен окуп жатса керек. Эч кимге назар салбайт.Кыйлага чейин ойлонуптолгонуп, ооналактап отурду да, мейман жигит, карындаш алып кагазга кагжазды. Не жазса да көпкө жазды, жазганын кайтакайта окуп бышыктады. Кагазды бүктөп тышкычөнтөгүнө салып, тышка чыгууга обдулду. Отургандар баштарын селт көтөрүп алышты. Бий оозункамдап бирдеме дейин деди эле, Бекиш озунду да,— Түнкатар, мейманга эшик ач! — деди. Отко жагуугаыктайлап, камдап турган колундагы отунду таштап жиберди да, тура чуркап эшик ачты.— Эшик караңгы көрүнөт. Аркы иттерге сак бол, Түнкатар! Мейманды каап албасын, ары басыпкарап тур — деп Бекиш мейман кадырын билген кишисинди.Мейман кайта киргенден кийин Түнкатар отту оңдоп жагып коюп, эч кимге байкатпай бүктөлгөнкагазды Айнекке жеткирди. Кагазды алгандан кийин энеси менен бүлкүлдөшө сүйлөштү да, Айнекөргөөгө кетти. Жарыкка салып катты окуду. Бир аздан кийин мырза жигит төмөнкү жоопту алды.«Бир көргөн билиш, эки көргөн тааныш. Билишели, таанышалы. Жакшы атанын баласы экенсиз, сизкол сунсаңыз биз моюн сундук. Ар жагы сиз аркылуу боло турган иш».Айнек кайта келгенде, кош этектеп тигилген кызыл жибек көйнөктүн жерге төг\лө түшкөн этегиненгалош, маасы жылтылдап бирде көрүнсө бирде көрүнбөдү. Кептүү тигилген кызыл дукаба бешманттынжамбаштын урчугуна келген жери билинербилинбсс бүлкүлдөбөсө, башка жери боюна кыналып калган.Духаба тыштаган кыруусу сөөм кундуз тебетейдин үкүсү сеңселип, тебетейдин кайруусуна жабылаберип үлпүлдөдү. Малдын көөнүнө карабай сатып алынган сөйкө, шуру, бермет, топчулар эки омуроодооттун чагылышына кошо жылтылдады. Кыз бурала басып бой түзөйт, сөйкөлөрү шылдырайт,көйнөктөрү шуулдайт.Бакирдин келинчеги эшик ачып Айнекти үйдөн чыгарарда тебетейи башынан түшүп кете турганболду эле, кармай калды.— Эркенин төлгөсү жакшы, тебетейиң эшик талашып калыптыр,— деп күлдү.— Этиңер бышты го, Бекиш! — деп бий сарыны карады.— Бышса түшүрүшсүн, — деди да, Бакирдинкулагына бүлкүлдөп бирдеме айтты. Ал кагазга бирдеме жазып мейманга сунду. Окуп көрдү да кагаздынсыртына — алып келе бергиле,— деген сөздү жазып кайта берди. Алган кагазын окуп, Бекишти карадыда,— алып чыга бериңиз,— деди Бакир. Тигиниси коюнкончунан чыгарып бөтөлкөлөрдү керегенинтүбүнө тизип жиберди.— Сата турган дүкөнүнө эчтеме калтырган эмессиң го!—деп Мантек Бекиштин жөн билгилигинеыраазы боло түшкөндүгүнүн чекесин чыгарды.Алды менен чыныга куюлган аракты мейманга сунду. Мейман алды да — аксакал келиңиз, — депбийге жылдырды.— Бул бизге жарашпай турган тамак! Сакалдуу башыбыз менен ичип отурганыбыз болбос! Булсилердин тамагыңар, силерге жараша турган тамак. Ыйбаа кылып сунганыңа ыракмат балам, иче гой,өзүң иче гой, балам! — деди бий.
Жигит колун тартпай бийге сунган бойдон туруп алды. Отургандар: —Жарыктык киши ай! Атайлапсунгандан кийин алып коюңуз!—деп жаалап жиберишти.Эт желип болгондон кийин суу куюлуп, кол жуулду. Отургандар тиштерин чукуп, тыгылып калганэттерден тазалоого киришти. Эл алды болуп бий тишин тазалап бүтүп, отургандарга бир сыйра көзкыдырата карады да:— Ыраматылык атам бекер киши эмес эле. Бир жакка жолоочу жүргөндө, кара чаар жолборс алдынатүшүп баштап, бири чабыттап артынан жүрүүчү экен — дей бергенде, Мантек,— артындагы жолборсушайтан шабырдан кайтарып жүрсө керек! — деди. Мантектин сөзүнө алагды болбостон,— ошолжолборстор сүйгөн кишилерине көрүнүүчү экен, бейиши болгон атам!—деди да сөзүн кайта баштады.— Бейиши болгон атам «Жакшылык келбейт жамандан» деп көл айтуучу. Көрсө, атамдын сөзүндөкалети жок турбайбы. Жамандардын колунан жакшылык келер эмес. Береги Ийгилик жамандын уулу элбийлеп, журт башкарсам дегенге дама кылат. Дама кылган кишинин баары эле жакшы болуп эл бийлейалбайт, кудай бак айтса гана бирдемеге жарайт.Ийгиликтин баласы жакшы болуп кеткенде да, аларды ким ээрчийт эле? Ар кайсы айылдагы тентек,элденжурттан четтеп калган бир топ бузукуларды ээрчиткенде кайда барат?— деп отургандаргакайрылды. — Кандай кылган менен атанын баласынын гана колунан иш келет. Мына өзүңөр көрүп отурасыңар. Болочогу бар киши Кадырдай болот,— деп аны астыртан карап, отургандарга тааныштырууга кирди.Кадырдын атасы атам менен алышыпберишип жүргөн киши. Атам өлгөндөн кийин арабыз алыстаганөңдөнүп кетти. Кадыр илгери Малабаш менен бирге окуган, көл айланасында орусча4чү бүтүргөнМалабаш менен эле Кадыр. Кадыр болсо өзүбүздүн бала. Малабаштын жан аяшпаган досу. Жанагыпартиялык. белеттерди айылайылдан алам дегендерге таратып бергени туура болуптур. Акыры кишигебериле турган белет болгондон кийин, бер деген кишиге бериш керек да?! — дегенди айтып,— Бакир сенда бирди алдыңбы?— деди.— Алды менен Бакир алат да!—деп Мантек алчыланып койду.Аягында сөздү кыскарта келип,— Кадыр биздин эшиктөрду биринчи көрүп отурат. Өкмөтчүлүгүнөнбашка өтмө катар иликжиликчилигибиз да бар! Минип жүргөн аты чоң болгону менен жүрүмтурумудомпуш көрүнөт. Эл ичинде жүргөн киши болгондон кийин, душман көзүнө да жакшы эмеспи. Сарыжоргону мингизип чыгаргыла! Жанагы белет алгандардын да жол айтканы жакшы болор! — деп Бакирдикарады. — Жанагы партиялык белеттен болсо, маада бирди берип койгула. Колдо турса андайкагаздардын зыяны тийүүчү эмес, — деди.Кадырды мактоо жагын бий түрлүү авенге салды. Отургандар баштарың ийкешип сөзүн жөнөтөберди. Кадыр да мактоо көтөрө турган жигит болсо керек, солк этип аяк серпибеди. Жээрин жеп, ичээриничип, күлө карап отура берди. Кезеккезеги менен сыйда кара мурутун жаныпжанып коёт. Бирде чачынсылайт. Бирде арка жагына ооп кеткен тапанчаны алдын көздөй тартып оңдойт. Тиштеп алган муштегибир уурттан экинчи ууртка которулуп турат. Ичкен тамагы жагымдуу болду көрүнөт. Ымшып тердеп даотурду.— Кадыр чарчап калган окшойт. Журт үстүндө жүргөн кишилердин түйшүгү да көп болот. Жатыпуктап алсын, эшик тарткыла, конок каадасын кылалы!—деп Бекиш ордунан турду. Эшик тартылып, эткетойгон эмелер бетбетинен кетти.Эртең менен чайын берип, жөнөтөр алдында Кадырды үйдөн алыс ээрчитип барып бий сырын айтты.Сөздү баштаганда: — «Кан баласы канга окшойт» деп сен Кадыр, бейиши болгон ажыма окшопкетесиң! Союп каптап койгондой окшош турбайсыңбы! Сенин атаң ыраматылык ажы, баатыр да, кысталакалганда ишке жараган жана март киши эле,— деп айтайын деген сырын чаргыта келип баштады.— Эрге намыс деген эмеспи, сени бир намысыма жарап берер бекен деп отурамын! — деди.— Анчалык жаныңызды кейитип турган кандай ишиңиз бар эле? — деп, Кадыр күлүмсүрөдү. — Мал керек десең, мына. Өрүштө жайылып жаткан малдын баары сеники! Баш керек десең колубузкуру эмес... — деп бий сөзүнүн аягына чыкпай, айтайын деген сөзүнүн акырын жутуп токтоду.Кылмышы бар кишиче Кадыр кызарып жалтайлай түштү да, — деги оюңуздагыны айтыңызчы! — деди.— Оюмдагыны айтсам мына, жакында шайлооңор болот экен. Кыскасы — бийдин баласы болушболуптур деген гана элдин сөзүн уксам деймин! Бакирге белет берип, партия кылдың! Өкмөтүңдүнмыйзам законун билет — деп, баятан бери чаргытып, айта албай отурган оюн айтып калды.— Ал, колдогу иш эмеспи! Малабаш да четбучкактатып ал иштин жайын айтты эле!— деп Кадыр,бийдин санаасы тына турган сөздөрдү айтып, токулуп калган сары жоргого аттанып кете берди.
— Бий болгон ата-бабаңды, ата-бабаң гана эмес, тайган тооң — Малабашыяды! .. Жөлөп турганасманың болсо менин үстүмө таштап жибер, аянба, ошент!— деген Ийгиликтин ачуулу үнү, Чыр-Дөбөдөотургандардын ортосунан катуукатуу чыкты.— Коё берчи, ушул итти, атка сүйрөтүп өлтүрөйүн. Бийимдин ата бабасын уранаак эмени!—депМантек жулунду.— Эмесе сени да кошуп урдум,— дейт Ийгилик. Аянар эмес.Ийгилик тилиңди тартсаңчы, кандай кокуй күн киши элең! — дешип, отургандардын бир тобуИйгиликти тыя албай отурушат.— Тилимди тарта жүрүп оозума да сыйбай турган болду,— деп Ийгилик үйүн көздөй кете турганболду эле, бир-экөө колуна асылды.— Коё бергиле, кете берсин, — деди Бекиш. Ачуусу келип алган Ййгилик оозуна келген сөздүнжаманжакшысын аралаштыра, ылгабастан төгүп, бурканшаркан түштү. Дөбөдө отурган аксакал,көксакалдарды таштап баса берди. Үйүнө келгенден кийин да бир далай оолукту.— Ого эле желигипжелпинип келдиң, сага эмне болуп кетти?—деди Сыпайы жеңе.— Кудайды карашсачы... — Кимди айтып жатасың?— Тогузумду бер дейт турбайбы! — Атыжөнү жок эмне тогуз, ким бере турган, ким ала турган тогузду айтып оолугуп олтурасың?Кичине эсучун жыйыл:— Келе, жарма жуткузчу! — деди.— Тамагың кургап, суусагыча айтышкан экенсиң го!—деген какшыктын четин чыгарды да, туракелип жарма куюп сунду. Сыр аяктагы жармадан каалгый бир жутту да, аякты өзүнөн обочолотокармап, — тогуз кара берип жетим акысынан кутул,— дешет.Аяктагы жарманы кайтадан кылкылдата жутууга кирди. Сыпайы жеңе керегенин көзүндө турганийигин, башына илип койгон түйдөгү менен ала келип, Ийгиликтин жанына сыңар тизелеп отура кетти.— Качы бий — Ийгилик эришимди бузуп, келинимди чыгарып алып, башыма зордук кылды. Жетимакы сураи барсам кыңайып жооп айтпады, — деп тиги күйө баласы Малабашка арызданыптыр. —Доосун бүткөруп бер деп, тиги Сарыга арызын кайтарып жибериптир. Сары уезддин буйругунбүткөзүүчүмүн деп үч уруктун аксакалкөксакалдарын Чыр-Дөбөгө чогултуптур, — дей бергенде, —эмнеге бүтүм кылдыңар? — деп, сөздү Сыпайы жеңе үзө тартты.— Бүтүмгө келишкенибиз жок. Уруша кетип баса бердим.— Ким менен уруштуң?— А дегенде бийди сөгүп кирдим эле, кызыйкызый ал жерде отурган атка минерлерден тилимтийбегени калган жок көрүнөт.— Ээ, кокуй! Сакалдуу киши, тиги бийге да тилиң тийип калдыбы?— Тил тийгенди айтат, бийдин атабаба, тукумжурааты, калаада жүргөн күйөө, кызына чейин жетипбардым көрүнөт.— Бийдин каарына калган киши оң болбойт дешчү эле,— деп Сыпайы жеңе кийине баштады.Оолугарын оолугуп коюп, жарма жутуп боюн токтоткондон кийин Ийгиликтин өзү да чочулапкалды. Бирок, аялынын көзүнө кайраттуурак турайын деген намыс менен,— жөлөп турган асманы болсоташтап жиберсин. Бийден коркуп жүрүп «кой башындай жүрөктөн, кол башындай да калган жок» депкабагын чытып, оңдонуп койду. Сакалынын учун кайрып тиши менен тиштеди. Анан анысын кайта коёберип,— Совет аман болсо болду, — дедн.— Сени күжүлдөгөн баатыр кылып отурган совет эмеспи!—деди ийигинин сабын жерге сайып,—Совет өкмөтү убагында жетим акы берүү жок дейт турбайбы?— Малабаштын өзүнөн буйрук бар дейт!— Эмне деген?— Бүтүштүргүн деген.— Уездден буйрук болсо бёрбей кутула албайбыз го?— Неси болсо да, болуш жактагыларга барайын,— деп атын токунду.— О, Ийгилик, бери кел!— Кайран көкжал келе жатпайбы! — деп бирөө анткорлонду. — Деги эр экен,— деди Ийгиликти атайын уксун деген ой менен келгендердин бири!Ийгилик келгенден кийин, кайдигер сөздөрдү айтышып бир кыйла олтурушту. Ишилик сен тентектиккылып койдуң!— деди Бекиш сары.— Тентектигиң ошол: биринчиден, ошончолук аксакалкөксакалдыкөзүңө илбедиң! Экинчиден, бийге баарыбызга тилиң тийди! Үчүнчүдөн, «өкмөт куда эмес, кудаданжуда эмес» деп, азыркы өкмөтүбүздү, бир уезд элдин башын кармап отурган Малабашка тилиң тийди!Чынбы? !Отургандар: —Туура айтып жатат, сен ошентип койдуң, Ийгилик!— дешти.— Ырас, бир эсептен ошондой да болуп калды! —деди Ийгилик.— Ийгиликтин сөзү кандай чыгар экен,— деп отурган Бекиш,— бир эсеби кандай? — депкаңкуулады. Комдонуп отурду да, Ийгилик — Бекиш мырза, каңкуулабасаң деле бир эсебин айтканы отурам,—деди эле,— айтсын, айтсын! Айтканы жакшы,— деп отургандар Ийгиликти сүрөгөн болуп коюшту.— Бир эсеби ошол! Кишинин жаны карарса бий эмес, жараткан кудайды да сегөт,— деп Ийгиликсөзүн жөнөтүп келе жатканда,— деги, кудайга тил тийгизбей сүйлөчү!—деп Кашкарбай сөздөн өксутүпкетти. — Жан карарса кудайга да кишинин тили тиет,— деп Ийгилик башынан кайта түштү.— Бий аркачандан бир качан жалын болуп өрттөп, чок болуп куйкалап келе жатпайбы? Күйүп кеткенимдентилдегеним ырас...
Ийгилик, сен өтө баатыр болуп кеттиң,— деп Бекиш сөз кезегин ала турган болду эле, Чакетуурадан чыкты.— Ийгилик жаңы өкмөткө абдан азгырылып алган киши турбайбы! — деп кейигенкишинин кейпине келе түштү.— Бекиш, сен мени баатыр болуп кеттиң дейсиң. «Коркокту көп эле кубалай берсе баатыр болот»дегентурбайбы, байыркылар! Баатыр болуп кетсем баатыр кылып жиберген өзүңөр! Анын эмнесинетаңыркагандай? — деп тигиле карады.— Сени эле элден өзгөчө кубалап жүргөн ким? Партия болом, деп балакетти башыңа үйүп жүргөнөзүң эмессиңби! —: деди Мантек.— Ата-бабамдан эчтеме калтырбай сөктү. Өкмөткө акаарат кылды. Уездге барып арызданам,— депбий аттанганынан аке-жаке деп асты үстүнө түшүп аксакалдар араң токтотушту. «Ачуу шайтан, акылдос» деп, Ийгиликтин ачуусу тарагандыр, барып жооптошкула — деп бизди жиберишти. Айта турганжообуң барбы? Жаакташып отура бербестен иштин ошол жагын сүйлөшөлү! — деди, жаагы ачылыпкалган. Бекиш.— Ырас, ошол жагын сүйлөшөлү! — дешип отургандар анын сөзүн дагы жөнөтө беришти.— Тилим тийгени ырас! Жаным күйүп кеткенден кийин тилдедим, андан башка эмне айтат элем!— Тилиң тийсе, бийдин аягына жыгыл,— деди акыраңдай карап Бекиш.— Жыгыла жүрүп чарчадым, эми жыгыла бере албайм.— Мынабу келген аксакалдар сени киши деп, ачуусу менен бир балакетке учурап калабы деп,туугандыгынан, күйгөндүгүнөн келип олтурушат. Оңчулуктуу жообуңду айт! — деп Бекиш алчыланды.Отургандар, — ырас айтат,— деп дагы жөнөтө беришти.— Бекиш ырас айтса, мен да ырасымды айтып отурам.— Жанагы келип жүргөн «ополдомочундордун» сөзүнө курчуп алган эме тура,— деп Чаки кабагынчытыды. — Качанга эле мокоп жүрөм? Өзүңөр ойлогулачы! Бийдин алдына эче жолу басып бердиңер?— Советине сүйөнүп көкөлөп алган эме тура!—деп Кашкарбаи оңдонуп отурду.— Советтен айланайын! Совет болбосо жана эле Чыр-Дөбөдө сүйрөтүп өлтүрбөйт белеңер? Басакалып эле будалай коюучу эмес белеңер?— Сен бекер кежирлик кылып олтурасың, Ийгилик! Советиң азыр биздин бий болуп отурбайбы?Мурун бий болсо, азыр уезд болбодубу? Биз сени кыстабайбыз. Аягында өзүң өкүнүп, бармагыңды тиштеп калбасаң эле болду,— деп Бекиш тескери карады.— Биз сага күйгөнүбүздөн келип отурабыз.— Боор ооруп келгениңерге ыракмат!— Ошентип элде», журттан чыкканы отурасыңбы, Ийгилик! — деп Сары катуу тамылжыды.— Элден, көптөн чыкпаймын. Ошондо да бийиңердин аягына жыгыла бере турган шайым жок.— МунуНар бузулган киши турбайбы? «Башы баш, багалчагы кара таш» Жүргүлө аттанабыз,— депКашкарбай тура жөнөдү.— Тууган милдетинен кутулдук. Көп эле асыла бербегиле, өз убалы өзүнө,— деп, Сары ордунантуруп кетти.
Сельсоветтин наамы «Олжобайдын» атына коюлсун, атагы сакталып калсын,— деп бий дагы чатакчыгарды. Күйөө баласы уезддик советке председатель болгондон бери ал өзүн уезд сезе турган болупалды.— Ар кайсы айылгабирден ат тартуу берейин, сельсоветтин наамы менин атамдын наамынакалсын, — деп Букуй бай да жөн жүргөнү жок.— «Ат тарткан» урууга бере турган болсоңор бирден аттыазыр эле алгыла! Сельсовет менин атамдын наамына калсын,— деп Чаки да өз ара сөз жүргүздү.Айыл атка минерлеринин аңгы намысы айылдын тынчын кетирди. Уруучулук делебесин козгоду.Уруу өкүлдөрү аттан түшпөй делпилдешти. Ар кайсы айыл өзүнчө сельсовет болобуз деп дүүлүгүштү. Үч урууну бөлүндү кылып жиберип өзүнүн аз гана туугандары менен кала берүү бий үчүн комсоокөрүндү. Акырында атасынын атагы калбаса да, берки букара айылдарды колунан чыгарбаска, ошондода кичине эле эби келе калса атасынын атагын калтырууга аракеттене берди.«Сельсоветтин наамы эмне болсун» деген талаш менен «кыштак кайсы жерге түшсүн» деген талашкатар жүрдү. Ар кайсы айылдын байлары өз кыштоолорунан которулгулары келбеди. Алар «атабабаданкалган, өсүпөнгөн оруночогубуз эле» деген жүйөнү айтып тура келишти. Акырында бий Малабашка бирбээсин жетелей барып, тыякбыягы менен сүйлөштү. Сельсоветтин наамы «Олжобай», кыштактынбашы—Олжобай баатырдын кыштоосу болсун,— деген кагазды алып келди. «Ар качандан бир качан бийүстөмдүгүн койбойт»— деп башка уруулардын өкүлдөрү нааразы болду. Жаат куроо күч алды. Ар кайсыайылдын атка минерлери өзү — өзү боло албай калса өзүнүн тилинен чыкпай турган өз кишисинСельсоветке өткөрүүнүн аракетинде болду. «Чоң атанын» атка минерлери — атанын намысынкетирбейли, — деген сөздү ишке салса, качанга эле чоң атанын балдарынын көзүн карап жүрөбүз! —деген «ураанды» букаранын атка минерлери көтөрдү.Акыры, «такалуудан тай калбай», шайлоо чогулушуна бардыгы тегиз келди. Чоңураак көрүнсүндешип жашы жете элек балдарга чоң кишинин кийимин калыңдап кийгизип, караан көбөйткөн урууларда болду. Кол кемип калат дешип төрөгөнү толготуп отурган келинди алып келгендери да болуптур,шайлоо үстүндө, ошол жерде төрөп койду. Анын атын ошо жерде эле «шайлоо» коё салышты.Ар айылдын адамдары өзүнчө, бөлүнөжарыла өздөрүнчө отурушту. Жалпы жону үчкө бөлүндү.Адашып кетип колун башка урууга көтөрүп жибербесин деген кокустуктан сактанышып ар уруу бирденкишиге «боо тагышты», ар ким өзүнүн «боо тагылган» адамына карап кол көтөрмөк болду. «Боотагылган» адамдарды өз тобунун алды жагына көрүнө отургузушту. Шайлоочулардын артыкийини тегиз жыйылган кезде, «Шайлоо жобосун түшүндүрөм» депКадырополномочун сөз сүйлөдү. Отургандардын кулагына сөз деле кире коёр эмес, шайлоонун өзүнбаштоого ашыгып отурушту.Кадыр сүйлөп бүткөндөн кийин сөз сурап алды да, Ийгилик сүйлөдү. Ал сөзүн — жолдош Кадыршайлоо жобосун толук айтканы жок,— деп баштады да, столду ыгыра таянды.— Кечке эле эзип айтабермек беле! Жакшы эле айтты,— деп бий анын сөзүнө тийип өттү. Ийгилик сурдана калды.— Керектүүсөздү кечке айтса да көптүк кылбайт,— деп сөзүн узатты.— Кадыр жолдош шайлоого, шайланууга кандай адам укуктуу, кандай кишилер укуксуз болот, ошолжагын айтпай кетти! — деп Ийгилик атайын аттап өткөн ңегиздерди ачып айтты. Шайлоочулардынарасы дүүлүгө түштү.— Андай болгондо киши калбайт го!— деген үндөр да чыкты.— Түшүнсөңөр шайлоону баштайлы,— деди Кадыр.— Шайлоону баштаардын алдында шайлоого укуксуздарды бул жерден кетириш керек, тизмесимындан 15 күн илгери илинген! Алар бул жерде отурушат. Ошолор менен бирге отуруп шайлоо өтүүчүбеле! — деди Ийгилик.— Туура айтат,— деп Борбук кыйкырып тура калды. Анын бир жакшы жери, ошондой кысталышболо калганда сүйлөп түшүндүрө албаса да, туура сүйлөгөн кишинин сөзүн сүрөп кетүүчү.— Ийгилик өзү эле өткөрө турган шайлоо болсо, элди эмнеге чакырдыңар? — деп Мантек ордунаныргып, турду.— Укуксуздарды чакырган эмеспиз. Кайта алар алыс жүрсүн деп мындан 15 күн илгери тизмелеринкөрүнөө жерлерге илип таштаганбыз, — деп Борбук үнүн дагы катуу чыгарды. Шайлоочулар мененшайлоого укуксуздар жаакташып айтыша кетти.— Бул Ийгиликтин чыгарып жүргөн мыйзамы да! Андай мыйзам жок. Мен Малабаштансураганмын, — деп Малабашынын аты менен соода кылып, бий да катуулады.— Ийгилик эмне, Кадырдан кыйын билмек беле,— деп өтүкчү да бийине жан тарткан сөзүн еүйлөйчыкты. — Байга жарды тең дебеди беле? Андай болгондон кийин бай, жардысы жок эле өткөрө берсек боло?— деп Бекиш да элдин бир четине кутку салды.— Эрте күндү кеч кылбай укуксуздар кеткилечи! — дегенүндөр уламдан улам үстөм боло берди.Укуксуздардын тизмеси окулганда биринчи болуп бийдин атычыкты. Эңсеси кесиле түшкөн бийулутунуп ордунан турду да, жыйналышты башкарып отургандарга карап: — Мен да «кеминисмин». Бакир да «кеминис». Партиялык белетибиз бар. Мына. Карабайсыңарбы? Кантип укуксуз кыласыңар?Натуура! Андай мыйзам жок. Мен тигил уездиңерге, Малабашка барып арызданамын, — деп оңураңдады. Эч ким жооп айтпады. Акыры кежигеси кер тартып, илеңсалаң басып кете беришке лажысыз болду.«Балтыр бит башка чыкты го» — деп шайлоо чогулушунаы куугунтук жеп ардыга, кордуга каарданыпбий үйүнө барды. Кара көк тартып чыңалып, ийни менен демигип үстүүстүнө улутунду. Кадыр кетипкалдыбы? — деп уламулам сурады.Бийдин арданышы Камка байбиченин да, кыз-келиндеринин да ызасын келтирди. Жылдыздары өчөтүштү. Бий күңгүрөнүп, — Ийгилик, Ийгилик,— деди.— Ошончоңор жүрүп бир Ийгиликче болбойт бекенсиңер! — деп Камка байбиченин ыраңы кубулду.Анткени, — Бакириң сельсоветке председателдикке шайланды,— деген кабарды күтүп отурган.— Совети бар экен. Закону бар экен, боло албайт экенбиз...— Колуна бычак берип бирөөн тукуруп койбойсуңарбы? — Ким колдуу болгонун Совет билбей койгону турабы? Ошондой болсо да Малабаш менен кеңешипкөрүш керек, — деп бий дагы демикти.Үй-бүлөсү менен советке, Ийгиликке кекенип отурганда, аттардын дүбүртү угулду. Бий сезденип,түзүн өзгөртүп отургуча тигилер кирип келишти. Алар, баягында бийдин кепилдиги менен Кадырданбелет алган «партиялар» экен. Алар жайланышып отурар менен бий кабагын чытып,— ушунчаң жүрүпбир Ийгиликче боло албадыңарбы? — деп тигилердин намысына тие баглтады.— Кадыр кетип калдыбы?— деди да,— аныңарда ишенчиликти актай албады го? — деп демикти.Келгендер жер карады, отура беришти. Кыйладан кийин Бекиш уучундагы таштарды бир колунанэкинчи колуна чубуртуп, чубуртуп турган таштарына үңүлө карап — Ийгилик баштаган партия,комсомол, кошчулар биз гана эмес, Кадырыңарды да ак мокотушту го! Уялганынан кайрылбастан кетипкалды. Бир сапарында жеңилерин жеңилдик, мындан ары эмне кылышыбыз керек!? —• деп түнөрүпотурган бийди карады.— Чайкаш керек, чайкаш... Айылды айылга, урууну урууга бөлүп кагыштыра бериш керек. Ооба,кагылыштыра бериш керек. Бир уруунун кишиси экинчи уруунун үйүнөн кирип от ала албагандайболсун! Өзүңөр бир ооздо болгула,— деп бий кекенекекене, үнүн да керечоё чыгарды.Кызыйкызый барынын жаактары ачылып, тилдери чыкты. Камка байбиче да бир жагынан жарлыкболо отурду. Олунаолуна сүйлөшүп, кагылыша кармашууга бел байлашты.— Тилиңерден чыкпай тургантетигирээк балдардан комсомолуна да, партиясына да, кошчусуна да өткөрө бергиле,— деген сөздү бийзкиүч кайтарып айтты.Тигилер аттанар менен:— Баягы Кубаткул деген баладан кабар бар бекен, биле алдыңарбы? — депбий Камка байбичеге карады.— Ал баланыкандайча күсөп калдыңыз?— Кыздарың кат алышат бекен?— Анчалык эле эмне такып сурап калдыңыз?— Ошол баланын башын чатып коюш керек эле... Байбичеси түшүндү. Күлүмсүрөп эчтеме айтпайтимболду. ■— Ийгилик менен анын кемпирине аяк, табак катыштырып, бойго үйүр кыла жүрсөң болор эле,—деп эмне максат менен айтып жаткандыгын да бий түшүндүрө отурду.Ошол учурда Букуй байдын бир баласы салам айтып кирип келди. Баланын келишинин жайынсурашты. — Атам Малабаштын агасы Токомо бир бээ жетелеп барып, ошол киши аркылуу той берүүгөМалабаштан уруксат алып келди эле. Байлардын бир тобунун бере турган өлүк карызы — ашы бар экен!Бир тобунун ак тилек тою да бар көрүнөт. Ошолордун баары биздикине чогулуп келишиптир. Бул үйдөназыр аттангандар да биздикине барып түштү. Сизди чакыртып жиберишти эле! — деди бала.— Токого барып, аны жакшы киши кылып Малабашка салбай эле, маа келишсе, бээси жок эле өзүмуруксат алып бербейт белем? — деп Букуй байдын Токого барышын бий жаратпады. «Малабашкаменден Токо кадырлуу деп ойлогондорубу! Букуйдун менсиз өз бети менен кеткени кандай?» деп ичиненойлонду, чакырган жерге аттанып кетти. Ошо түнү Ийгиликтин үйүндө мындай бир, коркунучтуу окуяболду.Түн ортосу ооп калган. Кылыч, мылтыгын асынган үч киши Ийгиликтин үйүнө кирди. Экөө ат кармапкепенин артында турду.— Үй кимдики?— Ийгиликтики? — Ийгиликтики болсо туруп от жарык кылгыла! Сыпайы жеңе туруп от жылтыратты. — Уезддинбуйругу бар, үйүңөрдү, короожайыңарды тинтебиз, уруксат кыласыздар! Уруксат кылар болсоңор,уруксат бердик деп кол коюп бериңиздер! — Тинтүүгө попотойлор да катышат,— деди тургандардынбирөө. — Жакшы болот, уезддин буйругун окуп бербейсизби, угуп коёюн!Өзүлөрүнчө сүйлөшө калды да, анан бирөө окуп берди:«Уездик милициянын начальнигине! Ишеничтүү кишиден алган тыкыр кабарга караганда, Олжобай айлынын адамы Ийгилик күздөн берикамынып, жаракжабдык даярдап, банда уюштурган жана көп апийим камдап кача турган болупкалыптыр. Ушул буйрукту алып барган киши менен бирге бир топ милиция жибер, бандаларды бүгүнкүтүндөн калтырбай кармап айдап келишсин».— Болуптур. Үйөзүнөрдүн буйругун аткара бергиле,— деп Ийгилик төшөгүнөн козголбоду. Понотойлору Кашкарбай, Чаки, Мантек үчөө экен, алары да келди. Тинтүү Ийгиликтин мал короосунунсыртынан, сересинин үстүнөн башталды. Шек санаган жерлерин кылыч менен да, беш атардын сүмбөсүменен да бишкектешти. Тыштан акмокогондон кийин үйдүн ичин аңтар-теңтер кылышты. Супсундарысууп попорос тартышты. Кайта тинтишти. Курал жабдык турсун толтолу бычак да табыш пады. Апийимтүгүл уйдун тезеги да чыккан жок—эми эмне кылыш керек, — дешти. Эриндерин түйрүштү, моюндарынкылжыйтышты, ийиндерин куушурушту. — Айдап кел деген кишисин айдап кете бербейлиби? Калганынүйөз өзү териштирип алар,— деди кылыч асынып турган желки сары. Ал, ашта, тойдо, мейманчылыктаМалабашты ээрчип артынан калбаган, дат баскан чолок кылычты күндүз ийнинен, түн ичинде койнунанчыгарбай кучактап жаткан, күндүртүндүр Малабаштын үйүнөн кетпеген өзүнчө жүргөн бир алман жанэле. Ал милиция кызматында эмес. Керектен чыккан бир кылычты Малабаш бердирип койгон,ээнчиликте анысы да өзүнчө бир Малабаш.— Сени бул жерге ким чакырды? — деп калды аркы тургандардын бири. Желки сары өзүн баагабатырбай жыртаңдады: — сен барбасаң болбойт, кошо баргын деп үйөз өзү жумшады!.. Беркилер анын сөзүнө кулак койгон жок. Эчтеме табылбагандыгы жөнүндө акт түзүп Мантек, Чаки,Кашкарбайдын бармактарын бастырып алышты.— Ийгилик, Кутчу, Борбуктар түндө качып жоголууга камынган экен. Бекиш барып каладан кишиалып келип карматыптыр. Түндө айдап алып кетиптир,— деген сөз таңдын алды менен айылга тарапкетти. — Үйлөрүндө эле жүрбөйбү? — дешсе да болбой,— адам Бекиш өз оозу менен айтпадыбы! Бекиштен кыйынсыңарбы! — деп Аңылдак жеңе да түшкө чейин жогорку ушакты айтып элге моюнбербей жүрдү.Кечээ күнкү шайлоодо куугунтук жеген шылуундар кечинде Букуй байдын тоюна чогулушат.Кеңешежарыша отуруп он кадак апийим, ар кимдердин эски мылтыктарынан алтыны таап Ийгиликтинтамаркасына каттырышат. Аны билип калган бирөө Кутчу менен Борбукка жеткирет. Ийгиликкебилдирбестен тигил экөө апийим, мылтыктарды түн бою ГПУга тапшырып келет. Ийгилик эчтеменибилген жок, тынч кала берди. Кутчу менен Борбук билмексен болушту. Бирок, кастык уюштургандар онкадак апийим, алты мылтык жөнүндө көпкө чейин ыйкытыйкы болушту. Ийгиликке жалаа жабалыдемиш болуп, он кадак апийимди өзү алып койгон болсо керек дешип, шылуундар бийдин өзүнөн шексанап калышты.

#43 23 November 2015 - 22:36
Калганын да жакында илесизби? Кантсе да акырына чыгарып койсонуз экен .
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#44 24 November 2015 - 17:17
24-бөлүм.
«Союз кошчу» уюмунун чогулушу бүтүп, калк тароого баш коюп калган. Кылыч асынган бирөөкелди да:— Ийгилик деген киши бул жерде барбы? — деп четте турган бирөөнөн сурай калды. Тигикиши көрсөтүп койду. Кылыч асынган жигит барып салам айтты. Көзүн ымдап ал жерде тургандарданбөлүп чыкты. Экөө бүлкүлдөшүпсүйлөшкөндөн кийин Ийгилик барды да токулуу турган атына минди. Эч кимге эчтеме айтпастантиги жигитке кошулуп жүрүп кетти. Ал жерде тургандар — өздөрүнчө жумуштары бар го,— деп калаберди. Эч ким эчтеме ойлогон жок. Эч кандай сөздөр да болбоду. Ар кимиси атына минип туш-тушкатарады. Бирок, кылыч асынган бирөө Ийгиликти алып кеткенин укканда Качы бий катуу кудайлады.Мындан үч күн мурда: — Ийгилик он алты солдат өлтүргөн. Тоого катып койгон он алты беш атары,он алты кылычы, бир «милимоту» бар. Көп апийим чогултуп алды. Качууга даяр турат. Андан коркупайыл адамдары кечкисин үйүнөн чыгалбай калды. Же бул жердеги элди жоготкула, же болбосоИйгиликти жоготкула. Экөөнүн бирин тезирээк иштебесеңер эртең болбосо да бүрсүгүнү Ийгиликтинбасмачы болуп кеткенин көрөсүңөр,— деген мааниде бий ГПУга кагаз өткөргөн. Ошо кагаз мененИйгиликти сойгон экемин деди. Бекиш, Кашкарбай, Чаки, Мантек жана башкаларын ээрчитипсельсоветке барды.— Өкмөттүн укуругу узун эмеспи. Ийгилик эле болсо ал кайдан жөн жүрө коймок эле. Бирдиничинен чыкмак. Өкмөттүн тузуна кара санаган эменин «башы баш, багалчагы кара таш», бара берсин. Алэми кайта келбейт. Андаң көрө анын ордуна киши дайындап койгула. Өкмөттүн иши токтоп калбайжүрүп турсун,— деди.— Туура айтасыз. Ал эми жарыкчылыктын бетин кайта көрбөй калды,— деп таңыракай сары бийдинсөзүн жөлөмөлөдү. — Бийим айткандай кылыш керек. Ийгиликтин ордуна ким ылайык, ошону айткыла! — деп дагыбирөө үн кошту.— Бийим өзү эле айта койсун! — деди Чаки. «Оозуна кире калгым бардыр» деген үмүт менен.— Мен билсем — Бакир «Пристетил», Мантек «кентийтат» болгону жакшы болор дейм, өзүңөрбайкап көргүлө! — деди бий.— Бийим айткандай болгону эле дурус! — деп таңыракай сары жайактады.— Өзүңөр жаман болбосоңор, мына бийлик колуңарга өттү. Билгениңердей иштей бергиле! Аражерде калк жаман үйрөнө калды. Камчы менен сүйлөшбөсөңөр болбойт. Камчы кармаган колуңаркайраттуу болсун,— деди бий.— Ошентпесеңер эле болбойт. Кедей тобунда жүргөн эмелер ого эле кудайсып кетишти эле. Алдыменен ошолорду камчы менен «учуктап» эстерине келтире көргүлө! — деп семиз сары далысынкүйшөдү. — Ошолорду чакырталыбы? — деп Мантек бий акесине кайрылды.— Ошентсеңер да болот.Бийдин тобу айылдык Советтин конторасы болуп турган боз үйгө киришти.— Тобу менен айдатып келгенде болбойт. Бирден чакыртып жанчыш керек! — деди чымкый кара.— Жөнү бар сөз. Бириндетип бирден чакырткыла! — деди бий. Мантек айылдык советтин сторожунабарып, — дароо жетип кошчу ячейкесинин башчысы Борбукту чакырып келе кал! — деди.Мурда айткандын буйругун орундоого көнүп алган сторож атына тердик салып мине коюп Борбуккабарды. — Сизди чакырып жатат,— деп кабар айтып кайта тартты. Бийдин тобу — кимден кийин кимдитокмоктош жөнүндө сүйлөшүп алышты.— Бетибаштарын чебердегиле. Көчүк жагын гана ийлеп таштагыла. Бардыгы бир ай суу ичип жатыптургандай болушсун. Аларды көргөндөн кийин башкалары өздөрү келип колуңарга түшүп берет,— дедибий.Эчтемеден капары жок, Борбук саламын айтып кирип барды эле, эч кимиси алик алган жок.Сторождон ким чакырткандыгын сурабаптыр. «Ийгиликтин кетишине байланыштуу жумуш чыгакалганбы» деген ой менен келе калыптыр. Тигилерди көргөндө дароо кайта тартты.— Кармагыла! — деди бий. Мантек, Кашкарбай, Чаки кармап алып түз эле камчынын алдына алабаштады. Чымкый кара менен таңыракай тура чуркап кол жалгап жиберишти. Председателдикти ыраакөрбөдү деп Бекиш бийге тарынып жана эле тескери карай бастырып кеткен. Ар жакта атын токунуптурган сторож окуяны көрө коюп токтоло калды. Анан түшүнө койду көрүнөт, үйүнө чуркап кирди да,мылтыгын ала жүгүрдү.— Бириңди калтырбай кырып жиберемин, зулумдар! Жан керек болсо качкыла! — деп мылтыгынасманды карай бир атты. Мылтык тарс эткенде бийдин башы жергекире түштү. Борбукка жабылып жүргөндөр туштарапка качты. Колу бошой түшкен Борбук бийдикурсакка тээптээп жиберди. Анын тебиши бийге анчалык таасир этпеди. Анткени, шайын кетирипкоюшкан экен. Сторож мылтыгын оозунан кармап кундагы менен ай далыга тартып жибергенде бийдинэтекжеңи далдая түшүп, көмкөрөсүнөн кетти.Мылтыктын үнүн угуп туш тараптан алдастап келгендер окуянын чынбышыгын аныктагыча беркилербийди жөлөптаяп атка мингизип, ала качкан бойдон жоголушту... «Кедей тобунун кишилери «ур токмок» уюштуруп мени сабашты — деп бий арыз жаздырыптыр, —комиссия келди. Чатакты бийдин өзү баштагандыгын аныктады. Аны уккандан кийин комиссиянынжетекчисин мейманга чакыртты. Бирок, ал киши барбай койду.— Ал андай кылса, мен мындай кылайын,— деди бий.Комиссиянын жетекчиси «казак орус» ээр минип жүрүптүр. Анын канжыгасында булгаары куржунубар экен, билдирбестен ага үч таңгак акча салдырып койду. «Жиберген комиссияңар паракор эмелерэкен. Башкалары канча алганын көргөнүбүз жок, жетекчисинин куржунунда үч таңгак акча баратат.Үйүнө жеткирбестен аңтара койсоңор эле чыга келет. Акчага сатылып «ур токмокчуларды» актапкетишти» деген кагаз жаздырып дагы киши чаптырды.Биринчи барган комиссияны текшериш үчүн экинчи комиссия түзүлдү. Алар жолду тосо чыгыпаңтарып көрүшсө, чын эле куржунунан үч таңгак акча чыга келди. Бирок, бардыгы жарабай калганКеренский, Алматыдан чыккан «аргымак» жана Ташкенден чыккан акчалар экен.— Жалаң гана жарабай калган акчадан пара алганы кандай? — деген суроо экинчи барганкомиссиянын башын маң кылды.— Эски акчаларды жыйнап алып, балким чет элге кеткени жүргөн эмеби,— деген шектүү пикирлерда айтылды...Ийгиликти ким чакыртыптыр, эмне үчүн чакыртыптыр жана ал кайда барды — аны айтпастан башкасөзгө түшүп кеттик. Ошондуктан ал сөздү эми башынан кайта айтууга тийишпиз.Чакырыкчы болуп келген жигит жанаша бастырып жай келе жатты. Кебетекешпири өтө эле комсоокөрүндү: «Коросон ата» өз учурунда бүт десең куп келиштирген түрү бар. Жүзү чөйчөк карынтүспөлдөнүп оголе тармалданып турат. Жаагы да, ээги да узун. Кулак дегенди кудайы өлчөөсү жок кененбериптир. Туура бөлүштүрсө төрт кишиге жеткидей. Шинел сөрөйү жышыла берип жаргаккаайланыптыр. Калпагы гана эскинин жаңысы экен. Башына тар келишине караганда бирөөдөн убактылуусурап кийген болсо керек. Өтүк сөрөйүнүн кончу бүтүн болсо да таманы тешилип, жулугу ыдырап,мыктары ырсайып турат.— Ушул эле кейпи менен, ушу жигит жакшылыктын үстүнөн чыгара койбос,— деп Ийгилик катуужазганды. — Ушул эле жигиттин оозунан кайдан эле жакшылыктуу сөз чыга койсун — деген ой мененсүйлөшө бастыруудан да тартынды. Ыркын кошпой жүрүп келатты. Акыры түтпөдү.— Оңол, жигит!Кайсы айылдансың? — деди.— Өйүзгү айылдан. Сөөгүбүз «Белек».— Ата, энең бар чыгар!— Он алтынчы жылы жеп койгонбуз... — Бир туугандарың бардыр!— Бар. Улуусу да, сулуусу да менмин.— Ошондой де. Оңол жигит, оңол! Мени сен чакырып баратасыңбы, же айдап баратасыңбы? Ошонуайтчы! — Өзүңүз айтыңызчы! Айдап баратамбы, же чакырып баратамбы?— Айдакчы киши акылдатып артына түшүп алуучу эле. Сен жанаша бастырып жай баратасың.— Кам санабаңыз. Жайчылык. Артыңызга түшүп акылдатып айдай турган эчтемеңиз жок.— Макул. Жайчылык болсун. Мени эми кайда алып барасың?— Укомпартияга! — Укомпартияга дечи!— Ооба. Уезддик партия комитетине. — Онол балам, онол! Бу кандай чакырык. Билерсиң. , Жакшылыгынабы, же жамандыгынабы? — Укомпартиянын чакырыгы жаман болбойт.— Оозуңда бардыр. Кандай мекеменин чакырыгы жакшы болбойт?— Сот. Прокурор. ГПУ. Милийсе. Алардын жумушу айыптуу, кылмыштуу кишилер менен болоттурбайбы. — Оңол балам, оңол! Жакшы мекемеге, жакшылыкка чакырылып баратасың дечи!— Ооба, бай аке!— Сен эмне оёздук партия кемитетинде жасоол болуп иштейсиңби? !— Жок, бай аке! Партиялык комитет жасоол жумшабайт.
— Баса дейм да. Тиги асынып жургөн кылычыңа карата айтканым го! Кылыч өзүңдүкүбү? Жигит күлүп жиберди.— Күлгөндүн билгени бар. Күлүшүңдүн жөнүн айта жур. Бекер күлгөнүң жок.Жигит дагы күлдү. Жөнжайын бир баштан айтып жүрүп отурду. Шаарга окуу издеп келиптир. Окуугабаруучулар күз күндөрүндө кетерин уккандан кийин, уезддик аткаруу комитетине ат багар болуп калатуруптур. — Оёздун ат багарымын дечи!— Ооба, бай аке!— Оёздун ат багары да кылыч асынып жүрөт экен го?— Ат багуу үчүн кылычтын керегн эмне, бай аке! Сизди чакырып келиш үчүн кылыч асыныш керекболду. — Кандайча? Кылычсыз барсаң мен келбей коёт белем?— Өңүтүсүм ал болсо, кийимкечем бул болсо кылычсыз барсам сиз менин сөзүмө ишенбейт элеңизго, бай аке!— Онол балам, онол! Тууря айтасың. Анан бу кылычты кайдан алып байлана койдун?— Малабаш уездин Жыртак деген жигити бар. Балким көргөндүрсүз. Бу кылыч ошонуку. Мунусунасынбаса ал үйдөн сүйрөсөңүз да тышка чыкпайт. Кабы менен сабы гана бар. Мынакей,— деп суурупалса, анысынын алкымынан төмөнкүсү жок. Сынып жоголуптур. Мултуюп туткасы менен алкымжагында бир карыштай темири жүрөт.— Чыныңызды айтыңызчы, бай аке! Сиз мени ээрчип келатасызбы, же мынабу мултуйган бир карыштемирди ээрчип келатасызбы? — Жигит болбосоң коё кал! Туура айтасың. Ошол кылыч сөрөйүңдү ээрчип келатам. Ошонуңээрчитип келатат,— деп Ийгилик камчысы менен өз санын өзү чаап алды. Каткырып күлдү.— Окууиздей турган жөнүң бар экен. Ак жолуң ачылгысы бардыр,— деди. Жигит «зарыгам», «талыгам»,«жалыгам», «кол кыска» деген сөздөргө сөз жалгап обон салды. Ыр ырдап келе берди. Шаарга киреберерде гана тыйылды.— Жигиттин чырагы кырк. Бири өчсө, бири жанып турат. Жаны барда жабыгыш жаман иш. Дээриңдебар сергек жигит көрүнөсүң. Талпына бер. Маскөөсүнө да, Ташкенине да. Тилегиң кабыл болгусубардыр. ..Кайрат боло турган ошондой сөздөрдүн бир тобун Ийгилик аке айта жүрдү. Акырында «саргаражортсоң, кызара бөртөсүң» деген элдик сөздү кошумчалап тим болду.— Адамдын адамкерчилигисырткы көрүнүшүндө болбостон ичинде, ички мүнөзүндө, пейлинде болот турбайбы дегенди ойлопжигитти тиктеп койду. Биринчи көргөндөгүдөй түрү суук болбостон жылуу көрүнүп калышын байкады.«Айбан искешкиче, адам сүйлөшкүчө» деген ушу турбайбы — деди купуя. Бирок, жигит Малабашуездин атбагары болсо, кылыч сөрөйү анын жыртак жигитиники экен. Көйүтүп отуруп бир жерге —жамандыкка түртүп таштай турган эмеби деген убайым көкүрөгунөн кетпей койду.— Мына, келип калдык, бай аке! — деди жигит.— Келип калсак кантет элек. Болуптур,— деди Ийгилик.Төркү бөлмөнүн кире беришинде бир жигит отуруптур.— Чакырткан кишиңер мына, келди,— дедиберки жигит. — Келсе болуптур, — деди анысы. Тигиниси жылт коюп чыгып кетти. Мунусу төркүбөлмөгө кирип тез эле кайта чыкты.— Чечиниңиз! — деп чепкенин сыйрып алды. Тебетейине кошупилгичке илип койду. Төркү үйдүн эшигин ачып—кириниз! — дегенде Ийгилик аке тула боюымырчымыр боло калгандыгын сезди.— Жанагы түрү бузук шайтан кайда, кандай эмесине түртө салыпжылт койду экен,— деп санаасы сай таппай чочулады.— Неге кы.ңырыласыз. Кире бериңиз.— Кире бергенди коё тур жигит. Кайсы эшиктен кандай тешикке киргизмекчисиң. Кимге, кайдагыэмеге жолуктурмакчысыц? Алды менен ошону айтып койчу!— Партиябыздын уездик комитетинин секретарына. — Ошондой де. Бул жерде Малабаш оёс жокпу?— Жок.Төрдө жалгыз отурган киши тура келип учурашып, отурууга орундук көрсөткөндө гана Ийгилик акеэс учун жыя баштады. Бошон түшкөн боюн токтотуп өзүн өзү колго алууга өттү. Кире бериште отурганжигит тилмеч экен. Бери карап аркынын сөзүн айтып, ары карап беркинин сөзүн айтып орто жердеболду. Кыйла сөздөрдөн кийин секретарь саат тамасын карады. Калган сөздү орой көзү чарай чогууотуруп кечинде сүйлөшөлү дегенди айтты. Кайта чыкканда тилмеч жигит Ийгилик акенин чепкенинкийгизип, тебетейин колуна берди.Кечинде келсе тилмеч жигит ордунда экен. Дароо чепкенин чечтнрип иле сала алып кирди. Он ашуункиши отуруптур. Секретардын бир жагында Малабаш, бир жагында Кадыр отуруптур. Аларды көргөндөжүрөгү шуу дей түшкөнсүдү. Орун алып, көчүк басар замат секретарь тилмеч аркылуу суроо жүгүртүүгөөттү. — Сиз, жолдош Ийгилик, «Үчурук» селосунда үч гана коммунист барбыз деген элеңиз. Көптурбайсыздарбы? Мен үчөөнөн башкасын билбейт элем. Көрбөсөм да керек. Аттары айтылса, балким билермин,—деп ордунан турду.— Олжобай уулу Качыны билерсиз! — Билем. «Үчурук» калкын айдап жүргүзүп, ийрип жаткызып келген. Ары бий. Ары болуш. Тегиманап. Күнү бүгүн да кулу кул бойдон. Күнү күң бойдон. Күйөө баласы оёз — дегенде Малабаштынкежигеси кержеңдеп кетти.— Чынбы? — деп секретарь Малабашты карады. Анысынын оозуна —то есть,значитьтен башка сөз кирбеди. Туталанып тим болду. Бети башы дулдуюп көк боордой көгөрдү.Секретарды коомай карап алды да, кетенчиктей түштү. Анан башын шылкыйтып жер тиктеди.— Шабданбай баласы Бекиш кандай киши? — деп секретарь дагы Ийгилик акени карай көзүн сүздү.— Бекишпи! Кишичилиги жаман эмес. Эс десе — эси, акыл десе — акылы бар. Көп жылдар бою«Үчурук» элине старчын болуп келди. Малай күткөн жок. Теги манап....— Малы көппү?— Малы көп эле. Өзү төрт бир тууган. Бардыгы балачакалуу, малдуу кишилер. Бекиштин малын өзмалдарына кошуп чогуу багышат.— Аялы канча?— Бирөө.— Качы бийдикичи?— Үчөө.— Койлубай баласы Мантек кандай киши?— Мантек кодоңдогон кортук киши. Биздин уруудан. Сөөгү Жамгырчы. Сүткор. Кызыл кулак. Малайжалдайт. — Тууганбай баласы Чакини да билерсиз?— Теги букара. Алыке уулу. Малай жалдайт.— Сооданбек баласы Кашкарбайчы? — Чарбасы орто. Эки катыны бар. Теги букара. Өзү Олжобайсынып калат.— Качы баласы Бакирди да таанырсыв! — Тааныйм. Бийдин кичүү катынынан төрөлгөн. Жашы быйыл он сегизге не чыкты, не чыга элен.— Аты айтылган кишилер жакында өткөн шайлоого катышты беле?— Жок. Бардыгы шайлоо укугунан ажыратылган. — Алардын бардыгында партиялык белет бар экен го?— Анысын мен билбейт экенмин. Баса, бир жолу Качы бий союз кошчуга алгыла,— деп арыз бергениэсимде. — Кабыл алдыңыздар беле?— Жок.. — Бу, Сизди чырчатагы көп бузуку киши дешетко?— Андай сөздөрдү айтып жүргөндөр болсо, бетиме чыгарыңыз. Мойнума коюшсун.— Уездин аткаруу комитетинин председатели Малабашты көпчүлүктүн көз алдында ыза кылыпсыз.Партиялык уюштуруучу Кадырга каршы акаарат сөздөрдү сүйлөпсүз.— Туура. Экөөнө тең каршы сөз айтканым бар. Малабаш баатыр биздин «Үчурукка» күйөө бала. •Ошондуктан жезде деп коёбуз. Жездем калк алдына чыгып байларды мактап, кедейлерди кордопсүйлөгөн. Мен сөзүнө жараша сөз айткамын. Керек болсо азырда бир баштан айтып берем. Тиги отурганКадыр мырза шайлоо жобосун бузуп укуксуздарды катыштырмакчы болгондо, каршы чыгууга аргасызболгонум чын.Секретарь берки отургандарга карап: — Кимде кандай суроо бар! — дегенди айтты. Алар —түшүнүктүү, — деп түйшөлүп коюшту. Андай болсо, деди да секретарь, Эрназар уулу ИйгиликтиБолуштук аткаруу комитетинин председателдигине дайындоо жөнүндө сунуш киргизди. Малабашы да,Кадыры да башкалардан мурда колдорун көтөрүп жиберди. Ийгилик таңыркай карап делдее түштү. Бираздан соң кийинки сөздөргө түшүнбөй калгандыгын айтты.— Эмнени, кайсы сөздү?— Болуштук аткаруу комитетине пристетил деген сөзүңүздөрдү. Аныңар оюнуңарбы же чыныңарбы?— Оюн сөз добушка коюлмак беле, Ийгилик аке! Токтом болбодубу?Ийгилик аке же чыгып кетерин же отура берерин билбей дендароо болду. Эмки сөз Малабаш мененКадырдын жекечеэлкин иштерине өттү
.
Качы бий эреже катары ар дайым улуу шашкеде турар эле. Бүгүн таң ата ойгонуп башын көрдү.— Ойкатын, козгол! — деп Камкасын капталга нукуду. Анысы башын көтөрбөстөн, — эмне болуп кетти,түшүңөн чочугансып, — деп силкинди. Уйкуга карамыкты.— Тур. Кийин. Балдарга айт, мал союп түлөө өткөрүшсүн. ..— Бийим. сизге мынчалык эмне болгон? Демейде оозуңузга кирбеген кудай, бүгүн тан ата электеоозуңуздан түшпөй калыптыр. Сыр бердиби?— Сыр берди. Зоболобуз дагы көтөрүлөт окшойт. Тур. Эртерек, күн чыга электе мал мууздат.Камкасы төшөктөн оонап турду. Кепичин бутуна коңултак илип, сүлөөсүн ичигин желбегейжамынды. Чайпала басып тышка чыгып Каракулду тапты. Бийдин буйругун айтты. Анысы булаланыптура келди. Аксаңдай басып аркы айылдагы кой короого кетти. Камка аны ээрчий карады. Бийгетеңештиргенде мунун кейпи көп эле адам" сыяктуу көрүнөт,— деди тымызын, Дагы бир аз карап турдуда үйгө кирди. Жууркандан көкүрөгүн жыланач чыгарып бий лөкүйүп төшөктө отуруптур. Башында чач,ээгинде же сакал, же мурут жок. Эч болбогондо кирпик, кашьг жөндүүрөк эмес. Молоо десе молоо, айторөзүнчө бирдеме. Тырмап тешкенсип көзүнүн үлүйүп турушун кантесиң! Камкасы кирер менен бийитөшөгүнө жата кетти. Туюк союлган. өгүздүн терисинен жасалган көк чылгый меш сыяктанып көлбөдүда калды. Камкасы жыйрыла карады.— Көөнүм калса да, күнүм калды. Кантет элем, — деген сөздүкупуя айтып жуупканлын астына бутун сунуп отура кетти.Түлөөгө союлган койдун эти бир кайнаган кезде Малабаштын Жыртак жигити келди. Демейдеийнинен түшүрбөгөн кылыч сөрөйү бүгүн көрүнгөн жок. Ошондон улам кытмыр бий анын жакшы кабарменен келбегендигин дароо туюнду.— Кел, кел Жыртак баатыр. Бөйдө кайгыдан тышкары жалпыжайык аман жатасыңарбы? Келипкалышыңа жол болсун!— Жайчылык. Жаман жок, бий аке! Жакшы кабар айтуута келдим.— Жакшы кабар менен келгениң жакшы, Жыртак баатыр. Кана айтчы, угалы!— Күйөө баланыздын зоболосу дагы көтөрүлмөкчү болду. Алматыга барып чоң кызматка турат экен.Ошентип, кыргыз, казактын башын өзү жалгыз кармай турган болуптур. Ичкерден ошентсин дегенбуйрук келиптир. Эртең болбосо да бүрсүгүнү жөнөп кете турган.— Оозуңа май, Жыртагым, оозуна май.Ошентип алкамыш болду. Мунун кылыч сөрөйү жок келишинен эми чындап шек урду. Ээрчитипчыгып айылдан алыс альтп барды да: — Сүйүнгөндөн маңдай жарылбайт, күйүнгөндөн жүрөкайрылбайт. Кептин чынын, болгонду болгондой айта бер Жыртагым,— деди.Чындык сөзду Жыртагы төкпөй чачпай бир баштан эми айтып чыкты.— Партиянын уездиккомитетинин бюросу түндө Ийгиликти болуштук Аткаруу комитетинин председателдигинедайындагандан кийин Малабаштыда, Кадырды да партиянын катарынан чыгарып, кызматтан алыпташтаптыр. Эгерде, Кадыр ар кимдерге өз бетинче берген, тактап айтканда саткан партиялык белеттердиэки күн ичинде жыйнап келип тапшырбаса оор жазага тартыла турган болуптур.— Аяш балаңыз Кадыр аяш атам бийиме дубайдан дубай салам айт. Берилген партиялык белеттердичогултуп өзүңдөн берип жиберсин деп зар какшап калды,— деген сөздү Жыртак жере чоё тактап айтты.— Анысынын, ооба белеттеринин жөнү бирдеме болор. Кейпи, аларын Алматыга ары качыш, арыарызданыш үчүн бара турган болушкан го?— Сыягы ошондой го. Күйөө балаңыз өзүңүздөн жол каражат үмүт кылган окшоду...— Аны өзүм да билип жатам. Бүгүн шаарга барабыз. Алышбериш кылып жүргөн бай соодагерлерденмалга акча которуп берербиз. Сурамжылаган киши болсо сен мурдагы сөзүңдү айта бер. Кийинкисөздөрүңдү оозуңдан чыгарба,— деп бийи Жыртагын катуу зекиди.— Анте турган болсом кара оозумакан толбойбу! — деп анысы катуу жалтайлады. Үйгө кайта келер менен бий:—түлөө тамагынан ооз тийишсин, — деп Бекиш, Кашкарбай, Мантек,Чакилерге бий киши жибертти. Эски оорум кармап калыптыр деп Бекиш келген жок. Башкалары кабаржетер замат чапкылап жете келишти.— Малабаш Алматыга барып кыргыз, казакка чоң болот экен,—деген сөздү чакырыкчылар дароо жеткириптир. Тигилер бийге куттук айтып учурашты. Эт желгенденкийин бий тигилерди ээрчитип айылдан алыс барды. Олчоё отуруп өнөкөтү боюнча — коош,— деп ээгинсылады. — Ошентип Малабаш Алматыга барып кыргыз,казактын башын кармай турган болуптур. Эртеңболбосо, бүрсүгүнү шашылыш жолго чыгат экен. Аке деген көңүлгө жакшы. Бүгүн барып кош айтышып,анан жол каражатын камдап берсекпи дейм. Кандай дейсиңер жакшыларым? — деди.— Антпегенде кантет элек. Ошентели. Ошентпегенде, — дешип жакшылары катуу дуулдашты.—Малабаштын аркагы көп эле тийип жүрөт. Анын жакшылыгын унутсак кудайды унутпайбызбы —дегендери да болду.Иштин бул жагынан санаасы тынгандан кийин бий: —Калыр таратып берген партиялык белеттердинжаргысын жарууга өттү: Малабаш, Кадыр досун ала барып бир жерге чоң кыла турган болсо керек.Андан алган белеттеринердин мөөнөтү бүтүп эскирип калыптыр. Кайсы күнү Бакирге окутуп көрсөмошондой деди. Азыр чогултуп бергиле. Жыртак баатырдан берип жиберели. Кадыр кете элег.инде жемөөнөтүн узартып берсин. Же болбосо, жанысынан жазып алмаштырып берер. Ошондой кылалы. Канабере салгыла,— деп колун тосту. Чогултуп алгандан кийин, өзүнүкүн кымтып катып алды да,башкаларыныкын. Жыотакка берди. — Сен эртерээк бар. Кадырга айтып кой. Жанагы мен айткандайкылып койсун. Биз кечке коноого барабыз. Сен Жыртагым жөнө,— деп аны жолго салды. Иштин булжагын мизмилдирик кыла коюп тынды.Бийдин улуу аялы да, ортончу аялы да түлөө тамагына келишкен. Бий шаарга жөнөгөндө экөөөздөрүнчө сүйлөшүп отурган. Бий бир топ жерге узаган кезде — сен бетпак, сен шерменде дешипжаакташа кетти. Анан бирине бири оозуна эмне кирсе тартынбастан агыта берип, бирине бириызырынды. Андай учурда айтыла турган ыплас сөздөрдү тез эле айтып бүтүрүштү. Анан ызырынууданыкыс берүүгө өтүштү. Кызыйкызый чашташып калды. Элечектер баштан учуп түшүп чубалды.Белдемчилердин боосу үзүлүп, шыпырылды. Көйнөктөр тытылып далдалы чыкты. Жулунган чачтарбойлоруна илээшти. Биринин бетин бири аткышты. Тырмак салып тытышты. Берки үйдөгү артып калгантамакка тоорулуп жүргөндөр алардын тытышып жатышын эми гана көрүштү. Жабыла жетипкойайлашты. Айыгышып калган эмелер арача бербей кажаша берди. Эми биринин ычкырын бири үзүпжыналачтап жиберүүгө камынышты. Ошол учурда бер жактан барган Камка ажыратып экөөн эки жаккаалып кеткиле, деди. Каракул улуу байбичени сыга кучактап ары карай тыбыратып ала жөнөдү. Ортончубайбичени дагы бирөө ошентти. Экөө эки жакта жаактарын жанып какшанды, жедеп чарчаганда ганаэкөө эки жерде үстүбашын жөнгө келтирүүгө киришти. Баары бир, албадалба болуп айрылгандар эпкекелбей койбоду. Муздак суу жуткуруп, экөөн эки топ ортого алып сооротушту. Биртике ыкшыйыпотургандан кийин ызатары эстерине кайта түштү көрүнөт, бышактап өздөрүнчө ыйлап алышты. Беркижүргөндөр эми катыра жулмалашуудан каржалып калган эмелерди чайпай берип тоюндуруу аракетинеөтүштү. Кечке жуук эки байбичени узатып Камка айылдын четине чыкты.— Экөөн эки бөлүп эки жак мененкетирбейби. Күнүлүк кылып экөөн кайта жулмалаштырайын дегениби, — дешип көрүп тургандаркамканын анысын жактырган жок. Бир кыйла жерге барып Камка экөөн токтотуп сүйлөшө баштады.Жулмалашуу эмнеден келип чыккандыгын териштирди. — Бир балаң куду эле Каракулга окшойт. Тимэле союп каптап койгондой. Ошондон төрөп жүрбө?— дептир улуу байбиче. Ортончу байбиче андайсөзгө теригип, оозунан суук сөз чыгарыптыр. Тытыша кетүүнүн башы ошол сөздөн ырбап чыгыптыр.— Жолунар болсун байбичелерим! Мынча болду отургула. Мен силерге сыр айтып берейин, — депКамка көчук басты. Тигилер да ошентишти.Бийге башым байлангандан кийин бир жыл күттүм —боюма бүтпөдү. Эки жыл күттүм — баланынкабары болбоду. Анан бийден бала болбосуна көзүм жетти. Бийибиздин эркектиги бир кишидей бар.Бирок, боюнда уругу жок «акта» киши турбайбы. Анысын билгенден кийин санаам бузулду. Жөн элежүрө берсем согончогум канай турган эмес. Жаш чакта жаштыктын деми менен көп нерсе байкалбайт. Карыганда как баш болуп калам го деген ой санаамды санга, оюмду отузга бөлдү. Анан кайрат кылыпкөз жумдум. Атыжөнүн айтып кереги эмне. Колдон келет, бирөөнө жөн эле зордоп бой коштум. Боюмабүттү, — деп эки байбичени карады. Алардын оозу аңырайып ачылып калган экен.— Ошентип, ошондой ишке аргасыздан бара бердим. Акы бети кайтып балачакалуу болдум,— депсөзүн кайта улады.— Бийибиз ошондой киши экендигин өзү билбейт. Сиз деле, тиги киши деле ошентипбалабакыралуу болдунар. Аны биз кимге айтат элек. Айтсак өзүбүз эле жаманатты болбойбузбу? Антпегенде үчөөбүз тең «туубас» атка конбойт белек. Ооба такыр төрөмөк эмеспиз.Биздин ишибиз бийди балачакалуу кылыш болуучу. Үчөөбүз бийди акарчакар үч айылдуу кылдык.Бизден төрөлгөн балдардын бардыгы бийдики. Өзү деле ошентип ойлойт. Менден бүткөн бала болчу депбалдарыбызга эч ким ээ чыкпайт. Кимдики кимге кетпеген? Бийге окшогон «акта» адамдар эл ичинде азэмес. Алардын зайыптары деле бизчилеп күйөөлөрүн балачакалуу кылып коюшат.Ошентип биз өз ишибизди бүтүрдүк. Сый болуп сыйлаша жүрө турган жерибиз гана калды. Сенортончу байбиче бүгүн улуу байбиченин астына түш. Уруш эки кишиден бирдей болот. Улуулугуңдудоомат кылбастан эртең чайга сиз чакырыңыз. Бирок, балачакага шек бербегиле. Эки ортодо эчтемеболбогондой курулай болсо да жаркырапжайнап калгыла. Силерди узатып чыккандагы айтайын дегенимушу болчу. Алдын ала эсиңерге салып коё турган дагы бир сөзүм бар: замандын түрү өзгөрүп баратат.Ушунчасында бийиңерди экөөңөрдүн бириңерге өткөрүп берсемби деп жүрөм. Кимиңер өткөрүпаласыңар, аны кеңешербиз, — деди. Эки байбиче Камканын мурдагы сөздөрүн тымызын моюндарына, алышты. Бийди өткөрүп берем дегенине ишенишкен жок.Ошо күнү бий Малабаштыкына барып конду. Жолдо баратканда ар бири он койдун акчасын эртеңбийдин колуна берүүгө убадалашкан. Убада боюнча берки үчөө акчаларын бийге берди. Бий өзүнүкүнкымтып калды да, тигил үчөөнүн акчасын Малабашка берип көнүл айтты. Кайта келатканда, — ушулМалабашыңардын Алматыга барып чоң боло коюучу түрү жокко? Ошондой бир сөздү бери аттанаберерде биздин кыздын оозунан кулагым чалып калды. Чынбышыгын түкшүмөлдөп сурай албадым.Кырк койдун акчасын Малабашка алдатып койдукпу деп, чынын айтсам дүпөйүл болуп келатам,— дедибий.Малабаштын эмне болгонун булар бугүн болбосо да, эртең укпай койбойт. Алдын ала ошентипкойсом буларды мен алдабастан, мени Малабаш.алдаган болуп калат — деген ой менен, тиги сөздү атайыкаңкуулаган. Кийин тигил үчөӨ Малабаш бизге кошуп кайнатасын да алдап кеткен деп, аны жаманаттыкылышты. Бары бир зыян тартышкан жок. Мурда андай чыгымдарды түтүнгө бөлүп чогултушар эле.Азыр шарттын өзгөрүшүн, замандын башкача болуп баратышын эеке алып антишкен жок. Угуп калсаошгурбайт дешип көбүнчө. Ийгиликтен жазганышты. Малабашты Алматыга узаткандагы чыгым —дешип байлардан гана жыйнап алышты.
Адам гана эмес, айбанда өзүнүн сергектиги, жүрүштурушу, кылган кызматы, кылыкжоругу аркылуусыймык күтүп, кадырбаркка жетишет тура! Тетиги чабдар аттын жүрүшүнө устүндө келаткан ээси ганаэмес, сыртынан көргөн адамдар да ыраазы боло турган. Оозунан түшүрбөй айта жүргүдөй. Ээси эркинекоюп үстүндө өзүнчө келатат. Чабдар ат аны солк эттирбестен балыктай сызып, жал куйругун төгүлтүп,кызыктуу кыйла кылыкжорук менен, эске кала турган эчен сонун элес берип бара жатат. Анынкелатышын көрүп калган жигит бир сапарында сүйүп калган сулуу кызында, кызыгып калган келбеттүүкелинин да унутуп коё турган. ..Чабдар ат алып учуп төш таянды. Үстүндө келаткан ээси сакадай болгон ары салабаттуу ары ыйманжүздүү адам экен. Тиэгинин бура тартты да, жолдон чыкты. Алыстап барып чабдардын ооздугунчыгарып отко койду. Камчы сабын жерге сайып башына калпагын кийгизди да, мандаш уруп маңдайынаотурду. Биртике ойлоно отургандан кийин: — Кана эмесе жаңы биристетел (председатель) Жаңычагында бардыгы эле жакшы болот. Сүйлөй отур, — деди калпагын карап.— Бу сен, ары жаңы, ары жакшы биристетил жалгыз жүргөнүң кандай? Жигитжалаң менен шаңдуужүргөндү билбейсинби? Бири атыңды токуп, бири колтуктап аткарып, бири отура турган ордуңдубелендеп эгилипжагылып турса беделиңе бедел, паркыңа парк кошула бербейби?— Тегим букара эмеспи! Анын үстүнө жан жеөкөр көп болсо ойлонуп ой жүгүртө албай каласың,азгырып алагды кылып коёт.— Өзүңдөн мурдагы биристетил кандай иштептир? Кызматтан алып ташталышына карагандамурдагы болуштардын жолун жолдоп кеткен го?— Мурдагы биристетилдин кандай иштегендиги жөнүндө Ийгилигиңиз ооз ачпайт. Сын такпайт. Сынтага турган болсо «мурдагысын жамандабаса, кийинкисинин аты чыкпайт» деп кыргыздар жактырбайт. Ооз көптүрмө көйрөң сөздүү кишини көргүсү келбеген эл эмеспи.— Оңол Ийгилигим, оңол! Туура айтасың. Кыргыз ары адептүү, ары мунайым, кең пейил, ары тереңулуу эл. Анын терендигинде жаткан сырын бардык киши байкай албайт. Чала чарпы үстүртөн тушүнөт.— Түзөл Ийгилик, түзөл! Тереңде жаткандарды кое тур. Ишти эмнеден баштамакчысың, ошонуайтып көрчү.— Ийгилигиңиз ишти — айыл арасына кеңеш өкмөтүнүн таасирин күчтөндүрүп, акылман Лениндинулуу жолун ишке ашыра берүүдөн баштайт.Оо байкуш Ийгилик! Саясаттан да аздыркөптүр кабардар болуп калган окшобойсуңбу! Эргий берайыл арасына кеңеш өкмөтүнүн таасирин кантип күчтөндүрөсүң? Камчы саптын башына да оңчулуктуутурууга жарай албай жатпайсыңбы? — деп, калпагын оңдоп койду.— Ооп баратсам оңдоп коё турганым бар. Коммунист партиясы бар эмеспи! Жыгылып баратсамжөлөп коет. Айтып, үйрөтүп турганды иштей албай Ийгилигинизге ок тийиптирби? Айыл кеңештерине/ Советтерге/ эз1<лип келгендердин эстүү, баштууларынан коёбуз. Андай кишилер жок эмес. Көп.Жалгыз гана билим жетишпейт. Сабатсыз. Аттын күчүн бербесе да азырынча тайдын күчүн беретурушат. Ооба. Таяк тайга жеткирсе, тай атка жеткирет эмеспи. Ат табылгыча биз аяк ылоо болотурабыз. — Оо бечара Ийгилик! 26 тамгадан кыргыздын Алиппеси түзүлүптүр. Өзүң анын он сегизин ганаараң тааныдың. Кат билген катчыларды кайдан табар экенсиз? Ошону ойлочу!— Ишиң оңолгончо итиңе кош арт деген турбайбы мурдагылардын бири. Эски. болуш, старчындаргаүккөз /катчы/ болуп жүргөндөр бар эмеспи. Ишибиз илгерилеп алгыча ошолорду ишке кошо турабыз. Аркайсы айылга ачылган мектептерде сабатсыздыгы жолуп калган өспүрүмдөр бар. Ошолордун тетик, тирикарактарынан терип алып секретарларды даярдайбыз. Азырынча ошенте турабыз.— Айыл кеңештеринин отуруп иштей турган дайындуу иш орду жок. Кагаздарын куржунга катышат.Кайда барса артына ала жүрүшөт. Мунун айласы эмне болот? Отурукташа баштагандардьшкыштактарына, отурукташа элек айылдардын болочокто кыштагы орношо турган жерлерге урмалаппыже сокмолоппу айыл кеңештери үчүн эптеп бир-эки бөлмө там курдуруп коюу колдон келбейби? Келет.Келтиребиз. — Оңол Ийгилигим, онол! Жер кестирип алгандар деле отурукташууга баш сала кирише элек.Кышкысын бириндеп эски кыштоолоруна житип жоголушат. Жайында айран, сүт аңдып тоо таянат.Коктуколот, жылгажыбыт, булунбуйткаларга чилче тарап, бөдөнөчө бөгүп калышат. Булар качангачейин ошенте беришет?— Дурус айтасың Калпакбайым! Тилге келгендерин тилге көндүруп, тилге келбегендери болсоартынан сүрө түшүп алабыз. Жарым жыл, бир жыл ичинде кедей жана орто чарбалардыотурукташтырабыз. Кыштакташтырабыз. Карыз шериктиги аркылу үрөн, сокошайман, кала берсе ылооберип, жалпы кедейди талаатүзгө, дыйканчылыкка байыр алдырабыз. Эмгек келишими аркылуубатырактардын акысы байларга кетпегендей кылып, аларды эзүүлөрдөн куткарабыз. Отурукташкандарганалоктон, башкаларынан жеңилдик беребиз. Байларга байдай, орто чарбаларга ортодой налог чыгарабыз.Иш илгерилеген сайын батраккедейлердин тап сезими чыңала берет. Жылажыла чоң чабуулга —манапбайларды тап катары жоюу жортуулуна даярдана беребиз. Ошентебиз, Калпакбайым! — депкалпагын карап койду.— Ооба, Калпакбайым! — деп кайта сүйлөдү.— Ооба, элге билим берүү жөнүндө ооз ачканы жокдегени турасың! Билим бериш маселеси сабатсыздыкты жоюудан башталат. Сабатсыз киши билим делеалалбайт. Кеп маалымдердин (мугалимдердин) аздыгында, жетишпегендигинде болуп жатпайбы! Ооба,маалим табылса, мектепти кайдан табасың дейсиз го? Тутуусу бүтүн чоң-чоң боз үйлөрдөн катарлататиктире койсок убактылуу мектеп болот да калат. Мектептердин курулуп бүтүшүн, ичкер тараптанмаалимдердин даяр болуп келишин күтсөк, ошентип жайбаракат жата берсек жаңылышабыз. Кечигипкалабыз. Сабаты чыгып калган балдарга өзүнүн ата-энесинин жана сабаттуу балдары жокторго жакынкоңшуларын бекитип, алиппе таанытууга киришебиз. Балдарга сабаК берип бүткөндөн кийинмаалимдерге чоңдорду да окутуш милдетин жүктөйбүз. Сабатсыздыкты жоюу жумушуна дин бузар чаламолдолорду да тартабыз.Ошенте беребиз, Калпакбайым! Кече күнү башталып бүгүн түштө бүткөн кеңешимденИйгилигиңиздин уккандары, үйрөнүп алып келаткандары ушулар. Качан болсо башымда бирге жүрөсүң,калган сөз болсо дагы сүйлөшө жүрөбүз. Чабдардын чөп чайнашы бошоңдоп калды, тойсо керек. Жүр,аттаналы, — деп калпагын кийди. Үйүнө келсе Качы бийдин Камка байбичеси келип отуруптур. Айтатурган арызы, даттанарга даты бар экен. Анысы тилинин учунда белен туруптур, ысмыска келбестентөгүп жиберди: Бийден чыгыштык кылам, ажырашам деп келиптир, анысын айтты.Албан менен Бермет бүгүн болбосо эртең анык келерин угуп бий өткөн түнү такыр уктабаптыр, мунуайтты. Бүгүн таңзаарынан туруп Кашкарбай, Мантек, Чакини чакыртып алып, «Туугандын азары болсода, безери болбойт». Катынынын төркүнүнө келбестен Албан өзүнүн төркүнүнө келсин. Күндүк жердентосо баргыла. Мени сыйлабаса да Олжобайдын арбагын сыйласын. Атасынан аманат калган көп энчикоюбар. Анысын алсын. Түз эле менин үйүмө алып келгиле,— дептир. Олжобай уулунун жоон топабышкасын кошуп барын жол тостуруп жибериптир. Камка байбиче төкпейчачпай анын бардыгын бүтбаяндап таштады. Айтууларына караганда Албан жанагы партиянын Кантком дейби, ошонусунун биржерине иштей турган болуп келаткан окшойтко? — дегенди айтып каңкуулап койду.Ошентип, Албандын келишине Качы бий өзүнчө күтүндү. Коломолу кол ээрчиткен каардууколбашчы сыяктанып Албандын элеси бийдин көз алдынан кетпей бейпай кылды.— Түз эле мында келсежакшы. А келбесечи! — дейт. Ыктытып коёт. Оропкуйт. Ушундай күндө жанагы Камкасынын качыпжоголушун кара. Анында менден бирди көргүсү келип жүрсө керек. Чачын кырктырып, бетине көөсүрттүрүп, көк байталга мингизип кементай кийгизип төркүнүнө жеткиртип таштай албасам, менинКачы бий атым өчүп калсын, деп оолугат. Албандын келатышын Ийгилик өзүнчө элестейт. Ташкентараптагы билимден алы жетишинче артынып, партиянын Кантондук комитетинин секретарындай бол-босо да, анда иштеп жүргөн жигиттердин бириндей болуп келататко,— деген кыял менен шаттанат.Кечке күтүштү келбеди. Эл жаткыча күтүштү келбеди.— Карабаскыр кайнатасыныкына кетип калганбейм, — деп Качы бий капаланат. Өз төркүнүнө кетип калбасын деген шекшыбаа Ийгиликти да жөнквйбой тынчсыздандырат. Ит үрсө, кичине эле дүбүрт угулса болду, жүгүрүп чыгышат. Кечикти,келишпеди. — Эже, жездебизди тосуп алабыз,— дешип Борбук менен Кубаткул да кетишкен.Эл жатаар мезгилде Кубаткул жок, Борбук жалгыз келди.— Келишбептирби? Кубаткулуң кайда? — деди Ийгилик. Кабагы бүркөлө түштү.— Шаарда калышты. Эртең келишет.— Атыроосу аман жакшы келишиппи?— Жакшы. Жаман жок.Борбук жаадырапжайнап сүйлөй баштаганда гана Ийгилигинин да, Сыпайысынын да көңүлүчайыттай ачылды.— Тиги куржундагы эмне?— Кезит экен. «Эркин Тоо» дешти.— Бирди алып көрчү. Ошондой да кезит бар бекен? Борбук бирди алып «Октябрдын келген кези»дегенырды окуду. Ал жерде отургандар дым тартпай ыклас койду.— Оңол, Борбугум, оңол! Кыргызга тил бүткөн белем? Нукура кыргызча турбайбы! Өз тили мененсүйлөөгө жараган өзүнчө эл боло турган болуп калганбыз го! Окуй бер, Борбук, окуй бер! Бир сөзкалтырбай оку!Болуштук аткаруу комитетинде иштегендердин көпчүлүгү кечтен бери мында отурушкан. Уйкуларычайыттай ачылды. Кубаныч коюндарына сыйбай ахалашты. Албан «Эркин Тоонун» биринчи санынан 15нуска ала келиптир. Эртен менен эрте кат билген кишиден он төрт айыл кеңешине бирден кишичаптыраЛы. Бирден нуска ала барып калк чогултуп угузаугуза окуп беришсин. Эне тили менен сүйлөөгөжараган өзүнчө эл болгондугун бардыгы угушсун. Бири калбастан билишсин,— дешип дуулдашты. Алартарап тышка чыкканда таң агарып атып, асманда алакандай кир жок, шаңкайып айкын ачык турган экен.
АЯГЫ.

#45 24 November 2015 - 19:51
Бул чыгарманы авторун жазып койсон. Аягына жетпей калды го. Экинчи китеби барбы?
#46 24 November 2015 - 23:19
Экинчи китеби да барбы? Албандын кимдикине келгени,Бай манаптардын кулакка тартылганы да жазылганбы?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!

Супер-Инфо
super.kg
видео