Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#921 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Октябрь 2015 - 01:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Мен 20-ноябрь га чейин жаза албайм себеби кызымды турмушка берем кыргызтанга кетип атамын капа болбой кутуп тургула, болбосо кимде китеби бар болсо жазып тургула мен келгенче.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#922 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Октябрь 2015 - 01:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Менин колум бошобой журду капа болбой жаман кон калтыра турган создорду жазбагыла сураныч , чыдап кутсонор 20нан кийин бат бутурушко аракет кыламын , урушпай жаман корбой капа болбой туура тушуносунор деп ойлоймун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#923 Пользователь офлайн   mega777   11 Ноябрь 2015 - 23:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Просмотр сообщения aytunuk (11 Ноябрь 2015 - 00:43) жазган:


Эмне жазбайсыз сизди кундо кутчу болдум

Просмотр сообщенияNyrjamal. Teshebaeva (25 Октябрь 2015 - 01:22) жазган:


Мен 20-ноябрь га чейин жаза албайм себеби кызымды турмушка берем кыргызтанга кетип атамын капа болбой кутуп тургула, болбосо кимде китеби бар болсо жазып тургула мен келгенче.



Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 11 Ноябрь 2015 - 23:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#924 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   22 Ноябрь 2015 - 01:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Жакшы дарыларды алып келдим, ата. Кудай буюруса, жакшы болуп каласыз, -деди кайнатасынын билегин кармап олтурган Жайнагул, журогунуз жакшы экен ата, каныныздын басымы томон болгону менен нормага жакын.
Мансур мыйыгынан кулгон болуп минтти::
-Мейли ошондой эле болсун, жашоону ким эле жаман корсун. Ырахмат сага, балам, эки дуйнодо ыраазымын. Кемчиликти кечирип, кемтигимди толтурдун. Кудайым сага омур берсин, учун узарып, оркунун оссун. Сенин журогуно тушуном мен. Укум-тукумун осун, жамандык корбогун, балам, -деп бата берди.
Карыя оюнда келининин калп эле:: "Журогунуз жакшы экен" -деп орулуунун конун жубатуу учун айтып жатканын дароо билди. Анткени Мансур жеринен тамырды жакшы билген киши болучу. Сыягы, ал киши оз тамырын озу очооруно саналуу гана кундор калганын билген болуш керек.
Анан тээ бир окумга чейин жумган козун ачпай, унсуз жаткан калыбында оор улутунуп алып байбичесинен минтип сурады::
-Ыя, байбиче, барган жумушун эмне болду, буттубу?
Кына эмне деп айтарын билбей, буула тушуп, жер тиктеген калыбында алдында салынып жаткан шырдактын оюсун алаканы менен сылай берип кук этти::
-Жок, бай, бутуро албадым. Сыягы, мындай татал тагдырды чечип, ажат ачуу менин колумдан келбоочу татаал неме турбайбы. Эгерде, "жабылуу казан, жабылуусу менен кала берсе" эмне болот?
-Ошондой болоорун билгем. Отуму жок, жалтаксын да. Колундан келбей турганын билгенден кийин бекер эле барыптырсын убара болуп. Эми келип алып Кудай арбакты унутуп "Жабылуу казан жабылуусу менен кала берсин" дейсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#925 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   22 Ноябрь 2015 - 01:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Байы менен байбиченин созуно башкасы тушунгону менен Толкунбек тушунгон жок. Ал атасы менен энесинин алмай-термей карай берип минтип сурады:
-Мен сиздин созунуздорго тушунбой турам, ата, энем эмнеге барды эле бизге?
Мансур жаздыктан башын котором деп которо албай, оту очкон коздору менен уул-келинине бирдеме айтуучудай болуп чымырканып баратып эриндери когоруп, тамагына бирдеме туруп калгансып кардыга тушуп башы жаздыкка шылк дей тушту.
-Кокуй катыгун бул эмнеси? -Кына алактай тушту.
-Ата-а-а! -Толкунбек Мансурду басып жыгылды. Атакебай!
Жайнагул куйоосун тартты.
-Сен эмне болуп жатасын? Кун мурун адамдын журогун тушурбой, мага жол берчи, коройун.
Жайнагулдун созун угуп, Толкунбек менен Кына кетенчиктей беришти. Келин кайнатасын кош билегин алмай-термей кармап, оо бир окумга чейин унсуз тургандан кийин, Мансурдун коздорун ачып карап, каректери жайыла тушконун коруп, журогу болк дей тушуп, митти::
-Азыр жакшы болуп каласыз. Кичине чыдап сабыр кылыныз ата, -ордунан учуп туруп жанында турган оздук аптечкасынан дары-дармектер менен кошо шпристи алып чыгып уколго камына баштады.....
Оорулунун отунучу боюнча Мансурду бооз уйго алып чыгышкан. Кына балдарына карап минтти.::
-Касымбекти коруп келсек болбойт беле. Турат оорулу атасын таштап, Мансурда жургонуно тан калам да, . "Жакшыда жалуу жок" деген ошол.
-Атам жакшы болуп калды дебедиби жана Турат.
-Жакшы болсун.
Ушул маалда аттын дубурту чыгып, кимдир бироо тыштан ун салды.
-Уйдо киши барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#926 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   22 Ноябрь 2015 - 01:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Бар, -Толкунбек атып чыкты. -Келиниз аба, -атасын коргону келген адам экен деп ойлоп, тушурууго жандап, атын жылоодон алды, -Тушунуз.
-Жок тушпойм. Мансур абам кандай жакшы болуп калдыбы?
-Жакшы.
-Тиги Тургазынын атасы каза болду. Ошону айтып журом.
-Качан? Жакшы болуп калды деп жатышпады беле?
-Азыр эле.
-Кап, жаман болгон тура. Ыйманы жолдош болсун. Толкунбек Касымбекти угуп, ал кишинин олгонуно кайгырбай эле, дароо Зыйнатты эстеди. Ал кудаасына сосуз келет. Кантип корушоор экенбиз.! Ою ушул жерге келгенде, уйдон Мансурдун уну чыкты.
-Эмне Касымбек дуйно салыптырбы?
-Ооба, ата.
-Мм. Кайраным каза болуптур дечи. -Оорулу тунжурай тушту. Касымбек менен Мансур жаш кездеринен жакшылык менен жамандыкты бирге коруп, бир жургон, кадыр-конулдору калышпаган жакшы тентуштар эле. Курдашынын олуму Мансур атага каттуу тасир берди. Ошол кишинин жамандыгын уккан минутадан баштап, Мансур карыя тез эле ылдыйлоонун ичинде болуп калды.
Туну бою оозу менен дем алып, тилден калган немедей жумган козун ачпай, сунган бутун тартпай сулк жаткан Мансур бой тузодубу, же куйган дары тасир этиби, озу да, озу да оноло тушту. Ал жанында олтурган келинине карап минтти::
-Секет кетейин каралдым, элде жок дарыларды ала келген турбайсынбы. Толкунбек кайда?
-Мен мындамын, ата, жанында олтурбаймынбы.
Мансур кайрадан козун жумду.
-Ата козунузду ачынызчы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#927 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   22 Ноябрь 2015 - 01:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Кичине эс алайынчы. Силерге айтайын деген жумушумду жакшы эстей албай жатам.
-Эмне айтайын дединиз эле? Анчалык зарыл болбосо, катуу ойлонуп кыйналбанызчы. Бугун болбосо эртен деле айтарсыз, ата, -деди Толкунбек.
-Атан секет кетсин, -Мансур кайра унчукпай калып, оо бир окумдан кийин козун ачып, эки жагын айланта дыкатык менен карап алып, колун аста которуп сакалын сылаган болуп минтти::
-Айтайын деген аманатым орчундуу иш, балам. Орундатабыз деп убада берсенер айтам.
Ошол самда Толкунбек оз оюнда Жайнагул экоонун келечекки ынтымагы жонундо айтат экен деген ойдо атасына минтти::
-Кагылайын атакебай, сиздин бизге айткан аманатынызды, сиздин отунучунузду кантип аткарбай коёлу, аткарабыз. Мына, баардыгыбыз торт козубуз тугол жанынызда олтурабыз. Айта бериниз.
-Касымбекти качан коёт экен?
-Бурсугуну, ата.
-"Дунуйо жыйнап нетесин, бир куну таштап кетесин" деген дунуйо ушул. Омур ушунчалык аз экен го, чиркин. Менин сапарымдын акырында да аз эле убакыт калды. Жалган дуйнодон чын дуйного кетер алдындагы аманатым бирине оор, бирине женил болоор. Ошондой болсо да айтпай коюга акым жок. Зыйнат Касымбекке келер бекен? Кудачасы эмеспи, кабар берсе керек. Билген жоксунарбы?
Мансурдун Зыйнатты эмне учун сурап жатканын тушунгон Жайнагул куйоосун томсоро карап, ону очкон калыбында эч нерсе тушунбогон кейипте ийнин куушуруп койду. Ал эми Кына менен Тумар бирин бири жалдырай карап очту да калды.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#928 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   22 Ноябрь 2015 - 01:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Буларды мындай коё туруп, бир аз артка чегинели.
"Жети олчоп бир кес" дегендей, Толкунбек менен ажырашуу жонундо Зыйнат канча кун, канча айдан бери оз кабыргасы менен озу кенешип, акыл калчап журуп акыры ойлогон оюн Москвага учар алдында ишке ашырды. Анткени бул иш Толкунбек экоонун турмушу туболуктуу болбосун тушунгон акылдуу Зыйнаттын оз суйуусун озу курмандыкка чалгандыгы тобокели болучу.
Самолётко тушор алдында мурункудай жанга жагымдуу жароокер мунозун, жайдары кулкусун бироо урдап кеткенсип, кандайдыр кош карагин убайым чалып, жашка толгон коздорун коруп, Толкунбек аялды имере кучактап кулуп жиберди.
-Эмне, ыйлагын келип турабы?
-Ичим кооп, бук болуп турам. Мени унутпайсынбы?
-Кызык суйлойсун, эмнеге унутмак элем.
-Ишенбейм.
-Эмне учун ишенбейсин? Азырынча ишеничинден чыга элекмин го.
-Мен озум, озумо ишенбей турам. Сагынып куса болом го.
-Кой, андай ашык создун кереги эмне. Пасадка аяктап калды.
-Толкунбек Зыйнатты кучактап турган калыбында чекесинен опту.
-Аман барып, аман кел. Ак жолун ачылып, ишин ийгиликтуу болсун. Менден эч кабатыр болбо.
Эки жаштын кучагы кучагынан болунуп. Зыйнаттын коз жашы тогулду.
-Кош, Толкунбек, аман бол.
-Жетээрин менен званда, кутом. Кош.
Зыйнат Толкунбекке алаксып жатып, Москвага озу менен кимдер учуп жатканын да байкабаптыр.
-Саламатсызбы Зыйнат Эсеновна! -деди кимдир бироо.
Келин ун чыккан жакка жалт карады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#929 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   22 Ноябрь 2015 - 01:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Оо, саламатсызбы, Шерхан Мусурепович! Ырас, сиз экообуз сапарлаш турбайбызбы.
-Ордунуз кайсы экен?
-Оо, менин ордум сиз менен катарлаш тура.
Мусурепов ордунан туруп калды.
-Озунуз. Кандай сонун кубаныч, тим эле атайын сиз экообуз суйлошуп алгандай катарлаш алган турбайбызбы билетти. "Балыкчы балыкчыны алыстан корот" дегендей, талантты талант озу табат деген ушул. Сиз менен сапарлаш болгонума кубанычтуумун. Тундо он жамбашым менен жаткан экемин.
Зыйнат оз ою менен алек болуп жатып Мусуреповду да, узатуучунун зозун да жакшы укпай калды. Анын кулагы чалганы биро гана болду. Ал болсо экипаждын озуно таныш комондиринин фамилясы эле. "Бул сапар да Кубат Садыкович менен учкан экемин" деп ойлду. Кубат, Зыйнаттын иниси Эмирдин группалаш досу. Азыр ушул минутта Зыйнаттын эки козу да, конулу да тышта болучу. Ал айнекке жабыша калып, трассанын тээ ары жагында озун узатып келген адамдардын ортосунда колун булгалап турган, бой десе бойлуу, он десе ондуу, озунун суйуктуу жарын коруп журогу мыжылып жатты. "Ай байкушум, уйго барып менин катымды окуганда суйуноор бекенсин, же куйуноор бекенсин" деген ойду ойлогон Зыйнат самолоттун жерден кандай которулгонун да билбей калды. Качан гана кат-кат болгон ак булуттун устундо баратканын коргондо гана озогу орттоно бир ушкуруп алып ордуна ондонуп олтурду.
Мусурепов Зыйнатты жалт карады.
-Ии, ушкуругунуз таш жарып, эмне болуп кетти? Эсенова кайда барса, Мансуровду колтугуна кыса журот деп уктум эле. Бул сапар, кантип жалгыз таштап учуп бараттыныз экен? Тушунгон адамга абал кыйын го.
Зыйнат кулгон болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#930 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   22 Ноябрь 2015 - 01:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ким айтат ошону? Кээде эле отпуска убагында чогу болуп калбасак, дайым эле жалгыз кетем комондировкага. Шарт болуп, ал жетсе эрди-катын ээрчишип журуп эл аралап, бир жургонго не жетсин.
-Дегинкиси. "Эркек кушу менен, катын иши менен" болгону дуруско дейм. Сизди угуп суйууго кароо, кызганчаак аял болсо керек деп ойлоп койдум эле.
Тобо, чыгармачыл адамдар да ушинтип суйлошот экен ээ. Башкалар тушунбосо да, жазуучулар тушунуш керек эле го. Сиз кандай, чыгармачылык комондировкага барганынызда аялынызды озунуз менен чогуу алып чыкпайсызбы?
-Айтымго сизге,: "Эркек кушу менен, катын иши менен" -деп. Ал мени менен салпактап кошо журсо, уйдогу балдарды ким карап, ким тарбиялайт?
Зыйнат балдарды укканда оозуна соз кирбей мукактана тушту. Бул киши менин баламдын жогун билип алып, атайын айтып жатат деп гана ойлоду. Анан келиндин эсине баякыда Жакандын атасынын "Туубаган аялдан, улактуу эчки ойдо" деген созу эсине кылт дей тушту.
"Тобо, баласыз аялдын канчалык даражасы даркан, атагы аалам аралап, тобосу кокко жетсе да созго солтук, кепке кемтик болучу неме турбайбы. Кудай башка аялдарга берген баланы мага да берди. Бирок ошол Кудай озу каалап, озу суйуп берген баланы, мен озум олтуруп албадымбы. Мендей малгунга экинчи баланы кантип берсин. Тигил дуйнонун бар экени чын болсо, балам мени кара эшек кылып минет. Ага мен татыктуумун, -деп бир заматта кыялы менен далай сананы сапырып, далай ойдун ой-чункурун антарып чыкты. Арманына арман, мунуна мун кошулуп, коздорунун чарасына кандай жаш айлана тушконун да билбей калды. Ошол саамда Мусуреповдун кыз баланыкындай болгон шадылуу шок манжалары Зыйнаттын он колун кармаганда аялдын кареги жалт дей тушту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#931 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   22 Ноябрь 2015 - 01:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ошол самда келиндин коз жашын коруп, эч нерсеге тушунбогон Мусуреповдун кирпиктери ирмелбей, Зыйнаттын козу менен козу тиктеше тушуп тайыды.
-Сиз! -деди жигиттин оозуна башка соз кирбей. -Менин созумо капа болуп калган жоксузбу?
-Жок, жок, сиз мага капа боло турган соз айтпасаныз, эмнеге капа болот элем.
-Ошондой эле болсун. Тамашалайм деп таарынтып алдымбы деп коркуп кетпедимби. "Ойноп суйломуш болуп, оюндагысын айтат" дегендей, мага караганда, жылма соз менен кан чыгарбай мени сиз сойдунуз. Чын сырымды айтсам аялым жок.
Зыйнат тан кала карады.
-Аялым жок! Ал киши эмне болду эле?
-Кайтыш болгон.
-Оо, кечиресиз, мен уккан эмес экемин. Коп болдубу?
-Эки жылдан ашты.
-Уйлонгон эмес экенсиз да.
-Уйлоно элекмин.
-Аялынызды жакшы корсонуз керек.
-Жаман корчу эмесмин. Бирок жакшы коруунун баары эле суйуу эмес деп журушпойбу. Дегеле оту очпогон туболуктуу суйуу болбосо керек.
-Кечиресиз, бар да андай суйуу!
-Кулкуну келтирбенизчи, кайдан кордунуз экен андай суйууну! Романданбы, же Шекспирдин трагедиясынанбы?
-Чыгармалардан эмес, чыныгы адам, чыныгы турмуштан билем.
-Балким! -Шерхан ишенимсиз бир ийнин куушуруп койду... Булар ушинтип суйуу жонундо суйлошуп олтурушуп Москвага кандай жеткендерин да билбей калышты.
-Сиз кайда токтойсуз, Зыйнат Эсенова? -деп сурады Шерхан.
-"Россияга" бронум бар. А Сизчи?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#932 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   22 Ноябрь 2015 - 01:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Шеркан Зыйнаттын "Россияга" тушоорун угуп Казакыстан элчилигинин меманканасына баруучу багытын дароо озгортту.
-Ырас дагы ондой берди болду. Мен дагы "Россия" мейманканасына барам.....
Экоо тен "Россиянын" жетинчи кабатынан катарлаш номерден орун алышты. Оз болмосуно бурулган келинге Мусурепов минтти::
-Зыйнат Эсенова , мындан ары планыныз кандай?
-План эле эс алыш. Эртен болсо жекшемби. Жумуш куну эмес. А дегенде жаткан жайыбызды коруп, анан бир аз дем алалы. Андан кийинкисин коро жатарбыз да.
-Ооба, дем алалы. Кийин сизге звандайм.
Мурда Толкунбек менен кайда барбасын, кандай шаарда болбосун ар дайым тушкон мейманканасында люкустан башкага баш бакпаган Зыйнаттын ичи сыйрыла тушту.
"Мурдагы таз кебетеме тушмок болдум" -деп ойлоду. Жакында Зыйнатты коштой келген санитарка эшикти ачып ачып жатып минтти::
-Бул люкустан айырмасы жок, чыгармачыл адамга ылайык жакшы номер. Ошон учун сунуш кылды зизге, Толкунбек Мансурович бул сапар келген эмес экен да.
-Ооба, келбей калды, -деди оор улутунуп. -Сиздерге, баарыныздарга салам айтты.
-Ырахмат, саламат болсун. -Аял жарк этти.
Москвага жубайы менен коп келип журуп, бул жай оз уйу, олон тошогундой болуп калгандыктанбы, айтор, бул жерде Зыйнаттан мурда Толкунбекти коргондо жайнап, жуздорунон нур тогулуп, айтарга соз тапай толкундап кетишчу. "Маданияттын жогорку, келбети келишкен, коргон адамдын коз жоосун алган куйоонуз бар" -дешип, Эсенованын махабаттуу конулун ого бетер толкутуп коюшчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#933 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   22 Ноябрь 2015 - 01:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Чындыгында эле тогорогу топ келген жакшы жар аялдын сыймыгы жана мактанычы эмеспи.
Зыйнаттын аялзаадалык жароокер мунозу, жаркылдаган шайыр кулкусу бар экенин билген бул жердеги тааныштары оздорунчо кыялга батып::
"Бул аял омурундо кабак буркоп, капалануу дегенди билбесе керек" -деп ойлонушчу. Чындыгында эле Зыйнат, энеси Аккыз олуп, как жутуп, кара кийип турган кезде да мынчалык кайгы тартып саландаган эмес.
"Олуунун жузу ары, тируунун жузу бери" дегендей, топурак кимди суутпайт дейсиз. Анын устуно акыл-эси толук токтоло элек баёо журок балапан кезде адамдын оз журогу озуно баш ийбеген кучко ээ болгон учур окшобойбу. Анын устуно бардык жокчулук менен олумдун мизин кайтарып, конулун кокко серпип турган бир чон куч Толкунбекке болгон оту очпогон махабаты болучу. Келечекте аны менен бактылуу омур сурооруно ишеними кучтуу боло турган. Бирок тагдыр деген татаал нерсе тура.
Акыры минтип оз акылы, оз чечими менен Толкунбекти тордон бошотуп, томогосун шыпырып "оз уянды тап" деп коё берди.
Калп айткан менен болобу, бирге жашаган ушунча кун, ушунча жылдын ичинде ажырашуу жонундо Толкунбек озу бир жолу да соз козгоп маселе которгон жан эмес.
Бирок Зыйнаттын журогун сыздатып, конулун кок таштай ойуп, ар кун сайын кан чыгарбай тымызын мууздап, ажырашууга аргасыз кылган мушкул, анын баякы бирде балдарын, бирде аялын чакырып уктап жатып уйкусурап суйлогон создору болду.
Зыйнат самолёт эмес эле, машина менен куну-туну жол журуп алыска барган мезгилдерде да, чарчап-чалыгуу дегенди билип коргон жан эмес. Ал азыр озун озу алаксытуу максатында, эмелики алдына тушуп сатып келген газета-журналдарды барактап коюп тек гана Толкунбекти эстеп эмне кылаарын билбей ой басып олтурду. Мурда болсо кайсы шаарга барып, кандай орун алса ошол замат эки жагын карабай туруп куйоосуно телефон чалып, аман-эсен жеткенин, кайсы мейманканадан кандай орун алганын айтып, телефонун беруучу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#934 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Ноябрь 2015 - 00:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Азыр келиндин кулагына::
"Жетерин менен званда" -деп кучактап оозунан опкон куйоосунун уну кулагына угулганда журогу удургуй тушуп, минтип ойлоду "Телефон чалсам куноо болмок беле" Зыйнат турубканы рычакдан которойун дегенче болбой, телефон чыр дей тушту. Зыйнат селт этти:
-Алоо!
-Зыйнат Эсеновна, кандайсыз?
-А Шерхан Мусурепович, сисизби? Тузук, Ырахмат.
Мейли, чыгабыз десениз чыгабыз да. Жарайт.
Зыйнат самолётто келатып Толкунбек жонундо Шерханга айтуучудай болуп, бугу ичине батпай турганда, анын аялынын каза болгондугун угуп "кокуй" деп эрдин кесе тиштеп тим болгон. Азыр Мусуреповдун: :
"Кочоого чыгып келели" деген сунушун Зыйнаттын илгиртпей кабыл алышынын себеби, Толкунбекти ойлоп эзилип олтурганча алаксып, Москванын кечинде Шерхан менен бирге басып аба жутуу болду.
Зыйнат биринчи кабатка тушкондо Шерхан фойеде кутуп турган. Аялды коруп жарк этти.
-Кандай эс алдыныз? -Ал Зыйнатты кыраакы, баамчыл коздору менен тиктеди.
-Ырахмат, тузук эле эс алдым. -Келип жигиттин откур, бажырайган сулуу коздорунон жалтана тушту.
-Дем алганыныз байкалбайт го. -Жанаша басып тышка чыгышты.
-Билесизби, мен олгондой уктап калыптырмын. Ойгонорум менен дароо туруп муздак душ алдым. Анан сизге звандадым. Эртен кайда болосуз?
-Шерхан Зыйнатты колтуктады.
-Художниктер союзуна барам. Озунузчу?
-Мен дагы чыгармачылык иштерим боюнча келгем. А дегенде Жазуучулар союзуна барып, калемдештер менен жолугушуум керек. Жумушум кобунчо басма менен байланыштуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#935 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Ноябрь 2015 - 00:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Китебиниз бар го чыгуучу.
-Ооба, роман болучу. Союз тарайелекте терууго кеткен. Толук терилип бутуп, даяр болуп басылшы калганда токтоп калды. Редакторум менен суйлошсом озунуз келбесениз болбойт дегенинен келгемин.
-Чон жумуш экен.
-Ооба, чон жумуш. Мындан ары китеп чыгыш кыйын болуп калды. Сиздин чыгармаларыныз катышкан коргозмолорду корсом жакшы болот эле, ал жакка качан барасыз? Чогу барсак эмне болот?
-Барыныз, -деди Зыйнат оор улутунуп.
Шерхан аялды жалт карады.
-Чарчадынызбы?
-Жок, чарчаган деле жокмун. Кичине басалы. -Зыйнат Шерханды кыя карап кулумсуроп минтти::
-Азыр сиз берген суроону, кичине басып-баспай эле Толкунбек да: "Чарчадынбы? " деп сурай беручу, дагы улутунду. -Эмне кылып жатат болду экен.?
-Аа, эми тушунукту болду Зыйнатжан, сиз куйоонузду ойлоп келаткан турбайсызбы. Ооба, уккамын чала-була Мансуровду суйоорунузду. "Озунуз суйгонго уйлонбой, озунду суйгонго уйлон" -деп акылмандар бекер айтпаган экен. Сиздей аялдын махабатына татыган ал бактылуу жигит экен да.
-Толкунбек экообуз Москванын кочолорун далай таптаганбыз. Адамдын изи калбай турат. Эгерде калган болсо, Толкунбектин изин даро таныйт элем го корорум менен. Билесизби, бир кезде, анда корком сурот окуу жайында окуп жургон кезим. Биздикинде жашоочу Толкунбек. Кар тушкондо анын изин, мин кишинин баскан изин ичинен жаздым детирбей болуп таныр элем. Анан ошол Толкунбекти аягы тийген из менен басчумун.
-Оо, сиз Мансуровду наристе кезинизде суйгон экенсиз да. Мына, накта таза суйуу, таза махабат деп ушуну айтыш керек. Сиз жонундо роман, же поема жазса болчуудай тура.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#936 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Ноябрь 2015 - 00:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Жазыныз. Толкунбек экообуздун басып откон жолубуз да, суйубуз да романтикалуу, Шерхан Мусурепович.
-Ооба, ошондой экен....
Казак менен кыргыздын жигиттери жакшы, сулуу аялдарды коргондо коздору куйуп, журоктору дукулдоп кетет эмеспи. Мусурепов Зыйнатка козу тушуп, конулу бузулуп, канчалык кол салгысы келгени менен, тобокелге баралбады. Ага даап, оз махабаты жонундо ачык айтууга да кудирети жетпеди. Зыйнаттын сурунон даай албай оз ичинен озу тутоп, оз кудуретин озу олчоду. "Тобо, -деди ичинен, аял эмес такыялуу кыздар ундой элегимде чыргага оздору келип тушуп беруучу касиетимди Эсенова басып салды го!" деген ойдо Зыйнатка тымызын сыр билгизбей, ичинен сызып турду. Бирок Мусурепов, Зыйнаттын ичин ийдилен жаткан бир орду толбос кайгы-капасы бар экенин айтпаса да билип койду.
Экоо суйлошуп олтуруп, создон соз чыгып минтти Шерхан.
Зыйнат Эсеновна, менин туюмумда сизди кандайдыр бир журогунузду ойуп турган иш болуп турат. Эмне арман, эмне капаныз бар? Мен укпай эле коёюн, сиз айтпай эле коюнуз. Бирок ушул доолот, ушул бактыныз менен армандай турган акыныз жок.
Зыйнат оо бир окумга чейин унчукпай калды. "Тобо, жазуучу - адам жаныныне инженери" -деп бекеринен айтылбайт экен да. "Адамдын созунон, малды козунон тааны" дегендей, мени билип койду. Кыраакы кыйын киши экен, -деп ойлоп Мусуреповду конул бура бир карап алды.
-Каттуу ойлонуп кетиниз! -Шерхан тийише суйлоду.
-Мансуровдон сананыз тынбай жаткан кебетениз бар. Жолдошунуздун ал жакта жалгыз калганына катуу тынчызданат окшобойсузбу. "Кой деген кожо, ай деген ажо жок" сиз барганча ээн-эркин чардап алсын, бечара.
Эгерде Зыйнат Мусуреповдун аялынын жогун билбегенде, карындагы капасын, журоктогу дартын бул жакшы адамдан жашырбай ачык айтып, комускодогу коксоосун бир суутуп, ичин ачып алууга мажбур болуп турган учуру болучу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#937 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Ноябрь 2015 - 00:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Бирок, "Бардырбасын бардырбас" дегендей, бул кишинин аялы жок жесирлиги сыр айтууга богот болду.
Зыйнат жигитке сыр билгизбей минтти::
-Ошентип ойлойсузбу? Жок, Мусурепович, биз андай бири-бирибиздин козубузго чоп салган ишенимсиз адамдардан эмеспиз.
-Ала жипти атташпайбыз денизчи?!
-"Кудай уктап жатканда, шайтан эмнелерди кылбайт" деген созду уктунуз беле?
-Мына бул созунуз мага жагат. Туура созду туура деш керек.
Зыйнат саатына карады.
Даалай убакыт болгон тура.
Шерхан Зыйнатты угуп, билегиндеги саатты тиктей берип минтти:
-Ой, койунузчу, мен дагы далай убакыт десениз, чочуп кеткенимчи. Саат аран эле жети экен. Журунуз, обол мурун тамактаналы. Калган соз ошондон кийин болсун. Кана, сиз айтыныз, кайдан барып оокатаналы?
-Кайда бармак элек, бул эле озубуз жаткан мейманканадан ичебиз оокатты. Бул жердин буфеттери, мурда биз коруп жургондой болсо, башка жактан ашкана издеп убара болуштун кереги жок.
-Ошол кантип болсун, давай буфети жок эле ресторанга киребиз.
-Жок, жок ырахмат, ресторанга барсаныз озунуз барыныз, мен барбайм.
-Эмне учун? Жок, андай болбойт, жолдош Эсеновна.
"Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсан бир киши" дегендей, сиз экообуз сыртыбыздан билишкенибиз менен жакындан таанышкан жок элек. "Кудайдын бир куну бар, мин жылга бергис" дегендей, мен учун бугунку кун эн жакшы кун болуп турат. Тамак ичебиз, музука угабыз, бийлейбиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#938 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Ноябрь 2015 - 00:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Курсакты тойгузуп, эрте жатып алгандай картайып кетелекпиз.
Сыртынан сыр билгизмемиш болгону менен, кантип алаксуунун жолун ойлоп турган Зыйнат Шерхандын сунушуна макул болду. Экоо эрчише басып ресторанга киришти. Залда киши кооп болучу. Кай жерде орун бар экен дешип кире бериште эки жакты айланта карап токтоп калышты. Ошол саамда залды тейлеген аял булардын жанына келип минтти.:
-Тигил он канатта орун бар, ошол жакка отунуздор.
-Ырахмат.
-Эчтеке эмес, отунуздор.
Экоо столго келип олтурар-олтурбастан эле Шерхан менюну карап туруп Зыйнатка карады.
-Сиз танданызчы. Эмне ичебиз?
-Эмнеси бар экен?
Экоо кенешип олтуруп салаттан баштап, жакшы, даамдуу оокатардын биринчисинен да, экинчисинен да тандап келип, ичимдикке келгенде буйдала тушушту.
-Мынча болду ачык суйлошолу, Зыйнат Эсеновна, эмне ичесиз?
-Эч нерсе ичпейм.
-Кантип эле?
-Ошентип эле. Эмне шегиниз барбы?
Жигит Зыйнатты ичет деп уккан. Бирок ал жонундо уктум деп айтуу жигит учун муноздуу эмес болучу.
-Шегим деле жок. Мен ичпейм. Бирок шартка жараша бир аз шайтан моюн сындырып, бири-бирибизге болгон жакшы саналаштык каалобузду айтып койсок деген эле тилек. Биз эмне мас болгончо ичмек белек.
Зыйнат Толкунбекке кат жазып, ага руксат берип ажырашуу жонундо тобокелге салган мезгилде, озу жонундо ойлоп олтуруп озуно озу ичкилик ичпоо жонундо убада берген болучу. Эми минтип, ойлогон ойду кыстаган турмуш женет болуп, Шерхан га окшогон даанышман жазуучунун отунучун аткарбай коюу Зыйнат учун куноо сыяктуу сезилип турду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#939 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Ноябрь 2015 - 00:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ансыз деле кийинки учурда Зыйнат ичкиликке ото этият мамиле кылып калган. Бир демге ойлонуп туруп минтти::
-Болуптур Шерхан Мусурепович, сиз озунуз эмне ичсениз, мен да ошондон ооз тиейин.
-Мына мунунуз мага жагат.....
-.....Зыйнат, Толкунбек жанында болуп кыялына туура келген олтуруштарда болгондо ичпесе да ичкендей болуп жарпы жазылып, ыр баштап олтуруштун коркун ачып жиберуучу. Ал эми азыр болсо, ал кыялдын бири жок, улам уртап таткан сайын Толкунбекти ойлоп, санасы сандап, озунон озу ыйлагысы келип, эзелки дарты эсине тушуп, "Иттен жок, же ит байлаган жиптен жок" дегендей, ушинтип эле "эрден жок, же баладан жок жалгыз калам бы?" деген ой мээсине кирип алып, айласын алты кетирип, жанын жай алдырбай тытып жатты. А Шерхан болсо Зыйнаттын конулу бузулуп олтурганын байкап, озунчо бушайман.
"Тобо, тубаса таланттын Умай энеси колдогон бул аялдын корунушу кантет, ыя катыгун. "Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында" деген ушундай болот экен да. Эми бул чуроктун кыялын таап, конулун ачалбасам, менин Мусурепов болгонум кайсы?!" -деп ойлоп, алдындагы рюмканы колуна алды.
-Зыйнат Эсеновна, отуном сизден, ушуну алып коёлучу. Сиз эмне учундур мени капа кылып жатасыз.
Зыйнат Шерханды угуп, жаш толгон армандуу коздору ачыла тушту.
-Кечиресиз, мен сизди капа кылган жокмун го, Шерхан Мусурепович.
-Капа кылдыныз.
-Коюнузчу.
-Койбой эле.
-Качан?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#940 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Ноябрь 2015 - 00:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Качан дейсиз да. Экообуз сомолётто жанаша олтуруп Москвага келгенге чейинкини айтпаганда да, сиз мени азыр да кан чыгарбай мууздап жатасыз.
-Жок, Жанылышасыз, сизди кантип капа кылайын деген кенедей ниетим жок. Бир аз табым болбой турат.
-Суук тийип калган жокпу?
-Билбейм.
-Дары болуп калгысы бардыр. Сиз мага ишенесизби, бул ичкилик деген "ашты" ден соолугума байланыштуу ичпей калгамын. Бирок ушул рюмканы, биринчиден, сиз менен жакындан таанышкандыгым учум, экинчи жагынан Сиздин ден соолугунуз учун алгым келип турат.
-Болуптур, Сиз менин ден соолугум учун алсаныз, анда мен дагы Сиздин ден соолугунуз учун алайын.
-"Сокурдун тилегини эки коз" дегендей, андай созду угалбай турбаймыбы. Ылайым ошондой тилекте болсок экен.
-Анан экоо бирдей рюмкаларын аста которуп, колдорунун сырты менен бири-бирине тийиштирип койду.
Зыйнат башка аялдарга окшоп ичкиликти шар жутуп жибербей кылкылдата ээмп иче турган адаты бар болучу.
Азыр да озунун кондуму боюнча, соруп ичип жатып рюмканын устунон Шерханды карады. Деги Зыйнаттын ушинтип ичкени кандайдыр озуно жарашып жагымдуу да, нааздуу да корунуучу. Ушул саамда жигиттин жайнаган откур коздору озуно суктана тиктелип, кулумсуроп турганын коруп, Зыйнат козун тартып кетти.
Шашпай тамактанып, жарым саат, бир саат музыка угуп олтуруп чыгабыз деген экоо, улам бир аздан жутуп коюп, суйлошуп олтуруп ресторандан оо тундун бир оокумунда аран чыгышты. Лифтиде которулуп баратышып, Шерхан Зыйнатты каруудан кыса кармап, кучактай калып минтти.
-Эмитеден эле жатабызбы?
-Анан эмне кылабыз. Эс алалы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 00:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: