Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#941 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Ноябрь 2015 - 00:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Менин комнатама кирип бир аз олтурбайлыбы, суйлошуп.
-Жок Шерхан, мен кызып калдым. Иччу эмес элем, "Бербей турган саран жок, сурагандан бузасын" дегендей, сиздин созунузду кыйбай олтуруп кобуроок ичип койдум окшойт. Башым айланып, мас болуп калдым,
-деди анткор суйлоп.
-Лифтиден Шерхан Зыйнатты кучактаган бойдон чыкты.
-Журунуз эми. "Орозодо кочкон эрмек" дегендей, бир аз суйлошуп олтурбайбызбы. Сиз экообуздун ушул жаш, ушул курагыбызда саат тогузда, токсондогу чал-кемпирден бетер жатып алганыбыз куноо болор дейм.
Зыйнат кыйылып туруп Шерхандын болмосуно кирди.
Жигит Зыйнатты колтуктап барып диванга олтургузду.
-Сиз менен минтип туздаш-даамдаш кылган тагдырыма ыраазымын. Кокустан тушум болуп ойгонуп кетпесем эле болду. Мени кечирип бир демге олтуруп турунуз.
Жигит элпек кыймылдап, дароо дасторкон жайып стол даярдай баштады. Муздаткычты ачып бышкан эт, анан чучук, тоонун суроту тартылган кооз шишелуу коньякты сууруп чыгып столго койду.
-Сиз бекер эле убара болуп жатасыз, буларды ким жеп, ким ичет?
-Сиз экообуз жеп, экообуз ичебиз.
-Мындай болгондо ресторанга бекер эле барыптырбыз.
-Бекер эмес. Ал да туура, бул да туура. "Кундук омурун болсо туштугуно жорго мин" деген экен. Сиз экообуз Москвага кундо эле келип жатык беле. Бир аз конул ачып олтуралы да.
Шерхан чыгып, чай алып келди. "Ичпейм, ичпейм деп жатып, ичмекей катын туготот" дегендей, ичпейм, оозума албайм деп жатып Зыйнат чындап эле кызып калды. А жигит болсо, конулу кополоктой кокко учуп, опкосу кооп, ажары ачылып, делооруй суйлойт::
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#942 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Ноябрь 2015 - 00:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Эгерде экообуз мурда таныш болгондо мен эч кимге уйлонбой, сизди да эч кимге бербей мен озум алмакмын. Арманым сиз болуп турасыз азыр.
-Толкунбек "алагой" деп сизге берип коймок беле мени,-деди Зыйнат, тамашага тамаша менен жооп берип.
-Анда мен Мансуровду эроолго чакырат болчумун.
Зыйнат тамашалай суйлоду.
-Сиз экообуз мурда танышпай, Кудай бир сактаган экен. Болбосо, эргиштен эр олот болуп, экоондун бирин о дуйного кетип жок болмок экенсиздер да.
Экоо тен кулушту.
-Зыйнат Эсеновна, сизге, маанайыныз жаркып, кулуп турганыныз оло жарашат экен.
-Билем, бардыгы ошентип айтышат.
-Ошон учун конулдуу журушунуз керек.
-Конулдуу элемин го.
-Жок, кечиресиз, конулдуу эмес экенсиз. Мен сиз жонундо такыр башкача уккамын.
-Кандайча башкача? - деди мукактана. Бир заматта ою алып учуп, оз башынан откоргон кундору сабалап отту.
-Жайдары, жароокер аял. Эсеновна кабак буркоп, капалануу дегенди билбейт, - деп бир жерде сиз жонундо чон соз болгон.
-Мен деле адамын да, -деди Зыйнат. -Бул жашоодо зымга тарткандай жашоо болбойт экен да. Бул озу, бир куну бетин коргозсо, бир куну артын корсоткон дуйно турбайбы.
-Коюнузчу болбогон созду, сизде эмне арман. Жеттиниз го бардыгына.
-Койбой эле, чын айтам Шерхан Мусурепович, жан дуйнон жанчылып жакырланып турса атак-данк да кеппи. Мени алаксытып конулумду которуп, омурумду узартып турган жалганда жалгыз досум бар. Кудай ошондон ажыратпаса экен.
-Билем Мансуровду суйосуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#943 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Ноябрь 2015 - 01:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Бир кезде Зыйнаттын коз жашы молт деп тогулуп кетти. Шерхан Зыйнаттын жанына жакындай олтуруп колун ийнине коюп чочулай сурады:
-Мансуровду сагына баштадыныз го дейм.
-Тапкан жок суз. Менде болгон дос сизде да бар.
-Тушунбодум.
-Сиз экообуз кен Алматыдан танышпай, ошол достордун аркасы менен Маскоодон таанышып олтурабыз.
Табынызчы ал кандай, эмне деген дос?
Шерхан дароо жооп берди.
-Чыгарма.
-Туура таптыныз. Билесизби, менде бала жок. Бирди тороп анан ал чарчап калган. Ошол бойдон бала торободум. Менин журогумду жарып чыгып, артымда кала турган перизентим да, жан дуйномду жашартып, омурумду узартып турган досум да кыл калемимдин касиеттуу кучунон жаралган чыгармаларым болуп калды. Ошон учун мендеги максат, ой чабытымды кенитип, чыгармачылык дареметимди дагы оркундотуу. Анучун талыкпай изденип иштеш гана керек.
-Жакшы тилегиниз бар экен. Мансуров балам жок деп армандабайбы?
-Ичинен тымызын армандабаса, мага ачык айтпайт.
-Конулу ооруйт деп сизди аяса керек. Кап, бирди тороп алсаныз жакшы болмок экен.
-Аны бир айтасызбы, эки айтасызбы! Мени сыртымдан коргондор "Зыйнатта арман болбосо керек. Бактылуу аял" дешип суктана карашат. Бирок Зыйнаттын толбогон дуйносу баласыздыгы экенин алар кайдан билсин. Армансыз адам болбойт турбайбы, Шерхан Мусурепович. Мына ушундай тагдыр. Деги адамдын башы булутка жетсе да, артында тукум калыш керек экен. Мисалы:: Суриковду дуйного тааныткан оз чыгармасынан кийинки эмгеги, белгилуу акын Наталья Петровна Кончаловскаяныкы.
-Кызыбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#944 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Ноябрь 2015 - 01:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Жээн небереси.
-Таятасы жонундо жазган экен да. Орустар уул балага караганда кыз баланы жакын корот эмеспи. Анда Суранов кызы менен чогу жашаса керек. Ошон учун небереси билет да, ал кишинин кандай адам болгондугун, кандай иштегендигин.
-Жок, чогу жашаган эмес. Наталья атасы Петр Кончаловский да художник болгон. Таятасы Суриков каза болгондо Наталья бар болгону торт жашар кыз экен. Жакшы жазылган чыгарма.
-Коломдуубу?
-Роман.
-Аты эмне ал китептин?
-"Дар бесценный" . Магазиндерде жок ал китеп, Сурпиков атындагы инистиутта чон китепкана бар. Ошол жерден окусаныз болот.
-Окуй турган экен.
-Мен Наталья Кончаловскаянын ушул чыгармасынан кийин бала жонундо, озум жонундо коп ойлончуу болдум. Окунуз окусаныз окунбойсуз. Романды окуп, акыркы бетин жапкандан кийин, сиз дагы озунуз жонундо сосуз ойлоносуз. Анан балдарынызды сын коз менен карап, ойго батасыз.
-Ленинградда да ушундай корком сурот институту бар да.
-Ал институт эмес, академия.
-Корком сурот искусствосу боюнча институттары да сырттан окуу болобу?
Зыйнат кулду.
-Сырттан окуу деген болбойт бизде.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#945 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Ноябрь 2015 - 01:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Булар кызуу созго кирип кетип, алдыларындагы куйулган шарапты ичууну унутуп да калышты.
Зыйнат Шарханды карап жарк этти.
-Ырахмат Шерхан Мусурепович, "кел демек бар, кет демек жок" дегендей эми уруксат бериниз, жакшы чер жазып олтурдук. Суйлошуго соз да калбай калган сыяктанып калды окшойт.
-А дегенде ыйлап жиберип, мени бир чочутуп алдыныз. Бул бечараларды жалдыратып куттуруп койгонубуз болбой калды. Аттанар аяк болсун, рюмкаларды алып туруп, дасторконго бата кылмайынча кетууго болбойт.
-Жок, ырахмат, суранам мени кыйнабаныз.
-Болуптур, алышынызча.
Зыйнат эрдин тийгизип, рюмканы кайра койду. А Шерхан болсо озунукун алып жиберип Зыйнаттын рюмкасын колуна алды. Эч нерсеге тушунбогон келин, Шерханды бир карап алып, колун которду.
-Бата кылалыбы?
Шерхан башын чайкады.
-Бата уй ээсинен келет, карындаш, шашпаныз. Мен мына бу сиздин эрдиниз тийген рюмканы жутуп жибергим келип турат. Озунузго айтым го жана мен коптон "тамакка" орозо болчумун деп. Сизди сыйлайм деп жатып орозомду ачып алдым.
-Анда бекер кылыптырсыз.
-Бекер эмес "мин кунку карангылыктан, бир кундук жарыкчылык артык" дегендей азыр мага он жыл орозо кармап откоргон омурумдон, сиз менен суйлошуп, шарап ичип олтурган бир саатык рахатым артык болуп турат.
Акыркы рюмкадан кийин Мусурепов дароо озгорулду. Зыйнат ордунан туруп, сумкасын ийнине илип митти.
-Ырахмат, Шерхан, жакшы калыныз.
Жигит Зыйнаттын алдын торой басты.

Коктудагы коёнду,
Атып алса не болот,
Кокус барып койнуна
Жатып алса не болот?-

дегендей, мында эле мени менен жатып алсаныз не болот?
Зыйнат селт этти::
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#946 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Ноябрь 2015 - 01:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Коюнузчу ошол кантип болсун.
-Эмне болмок эле? Бары бир кетирбейм сизди.
-Коё бериниз эми. Минтсениз мен таарынып калам.
Мусурепов Зыйнатты коё берип каткырып кулду.
-Ой, антип коркутпаныз. Ортодо тарыныч болбосун Зыйнатжан. Мен сизди чыным менен эле суйуп калдым.
Экообуз туруп эки башка жатабызбы?
-Мындай тамаша болбойт, эшикти тоспонуз....
.....Зыйнат болмосуно киргенде саат он эки болоюн деп калган. Тошогундо жатып алып Шерхандын айткан создорун эстеп ойго батат. Кызык, бул казактын тамашасыбы, же болбосо ойносо да оюндагысын айтып, мени кантер экен деп сынаганыбы? "Сакалдуу киши жоого тушоорбу" дегендей, акылдуу адам да бир коргон сый адамга ушинтип суйлойт экен ээ, -деп бушайман болуп жатып Толкунбекти эстегенде, Шерхан эсинен ыргып кетти.
"Тогуз катар торконун ичинде мен ушуп жатам, баякы бияз байкуш канти экен" ээ, -деп сарымсак кейишке тушкондой, мен го мен, баякы байкуш Толкунбек катты окуса эмне болду экен деп куйоосун эстегенде ичи сыйрыла тушту. Эчен-эчен телефон чалып корсомбу деп ойлоп ордунан туруп турубканы эки-уч жолу которуп, эки-уч жолу кайра илди.
Ошентип кайра баштан санасы сандап, озунон озу тынчы кетип, оо бир окумга чейин, ооналактап жатып уктап кетти. Ал баякы баёо журок балапан кезинде эне-атадан ажырап, бечара болуп, жетимдин кийимин кийип, жетимдин ашын ичип, бир туугандары менен оп-чап турмушта жашап кун откоргон ата конушунда журду. Баякы эле уй, баякы эле окат, баякы эле тиричилик. Бир туугандарынын оздору корунбой, ундору угулат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#947 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Ноябрь 2015 - 02:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Зыйнаттын оюнда алар уйдун кеткен жерлерин ондоп, шыбагы тушкон дубалдарды бир жагынан кум шыбактап, бир жагынан актап жаткандай болот. А Зыйнат озу болсо баягы энеси бардагыдай эле узуун чачын бир оруп, бир жандырып, кузгунун алдында, бир жагынан КУН нуру, бир жагынан АЙ нуру жузуно тогулуп, бирине бири чагылышып турган сулуулуктан дене-бою балкып, озуно озу тойбой эки бети нурданып турду. Ошол саамда колуна буркуттун томголуу темир канат балапанын кондурган Эсен уйго кирип келип минтти::
-Балам, мына бул балапанды атайын сага берейин деп алып келдим. Томогосун алып, озун ундокко келтирип, жакшылап таптап ал.
Эсен балапан буркуттун бутундагы кайыш боосун кызына карматат. -Абайла балам, "Кок чекир кара" деген ушул,. Кадимки Карабарчындын тукуму, алгыр куштун кырааны. Колуна кондуруп алып уйуно кет. Ал жакта сени кутуп жатышат.
"Окубай каламбы?" - дейт Зыйнат.
"Ооба, окубай эле кой", - дейт атасы.
"Биз кетели эми. Отконго окунбой, кеткенге кейибей жакшы жур, - дейт энеси Эсендин артынан баш багып. Ошол замат буйдалбай эрчише басып чыгып кеткен эне атасынын артынан:
"АТА-А-А, ЭНЕ-Е-Е!" - деп экоону алмак-салмак унунун бардыгынча кыйкырып жатып оз унунон озу чочуп ойгонду.
Козун ачса, тан аппак атып, уйго жарык тушуп калыптыр. Оозу кургап, журогу алып учат. Тошоктон туруп, эки бутун саландатып, короватында коргон тушун ойлонуп олтурду. "Кудая тобо, атам менен энем бирдей келип, колума туйгун кондуруп кетти. Сени кутуп жатат, кайра кет дегени эмнеси? Балким, Толкунбек кетпей эле, мени кутуп жатты болду бекен? Чачымды тарап, бир жандырып бир оруп жатыптырмын. Бир жагымдан КУН нуру, бир жагымдан АЙ нуру тогулуп турду. Эмнеси болсо да жакшы туш кордум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#948 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Ноябрь 2015 - 02:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Кимге журутам? Тушту жакшы жоруган адамга айтыш керек дешчу эмес беле. Мусуреповго айтсам жоруп берер бекен! Атам менен энем колдоп жургон экен да мени. Куран окутсам жакшы болот эле, кандай арга кылам эми!
Зыйнат коргон тушуно толкундап жатып, ошол ойгонгон бойдон уктаган жок. Дем алыш болгондуктан, уйкуну кандыра уктап эс алам деген ою тушунон кийин башынып учуп кетти. Азыр эле Шерханды ойготуп, тушун айткысы келип турду. Бирок жакшы тушту дасторкон жайып, мал союп, тамак жасап жорутат деп уккан. Ошон учун магазин ачылса, тамак-аш алып келип, Шерханга айтмак болуп шашып турду. Мурда эле Толкунбекти ойлоп, ичи оттой жанып бирде томсоруп, бирде кантейин деп тобокелге салып турган Зыйнаттын санаасына санаа кошкон бул туш озунчо эле бир кереметтуу аян болду. Бул ажайып тушту Толкунбектен башкага жоругусу да келбеди, ыраа да корбоду. Канаты болсо кайрадан Толкунбегине учуп жеткиси келип турду. Ушул кезде асыл жары озун чыдамсыздык менен кутуп жаткан сыяктуу кайра баштан акыл-эсинин баары баякы эле Толкунбек болду да калды.
Шерхан туралекте эле, Зыйнат камылдык кылып дасторкон жайып, дуйум тамак-ашка стол устун толтуруп, буфет кармаган кыздар менен суйлошуп, ысык тамак буйруп койду.
Мусурепов тураары менен эле, оюнда эч нерсе жок Зыйнатка телефон чалды.
-Зыйнат Эсеновна, кутмандуу таныныз менен! Кандай, жакшы жатып жай турдунузбу? Тушунузго кирдимби?
Зыйнат конулдуу кулду.
-Мени жакшы ойлобосонуз керек. Эгер ойлоп жатып уктасаныз кирет элениз го. Мен кубанычтуу башка туш кордум. Келиниз чай ичели.
Шерхан Зыйнаттын болмосуно кирип, эшик алдына токтоду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#949 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Ноябрь 2015 - 02:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Оо, эрте камынган экенсиз.
-Ооба, ошондой болду. Шерхан Зыйнатка кол сунду.
-Кол алышып коёлу, сен сизди сагынып калдым, -келиндин колун кармап, озун коздой тартты. -Бетинизден ооп коёюн.
Оозун Зыйнатка жакындантты. Ошол замат илебинен арактын жагымсыз жыты бур дей тушту. Келин жигитти кокуроко туртуп, башын чулгуп алды.
-Коюнуз.
-Койбойм. Шагымды сындырбаныз эми. Туртпонуз.
-Тундоку ичкениниз тарай элек го дейм, кызуу экенсиз.
-Аа, мейли оптурбосонуз, оптурбой эле коюнуз. Таа-рын-дым. Эртен менен башым ооруганынан пахмель жасагам, кечирип койунуз.
-Эчтеке эмес, ошол да кеппи. Кечирим суроо оозунуздан айлансын. Иччу эмес элем дегенинизден ойлодум эле, чын эле ичпейт экен деп.
-Сизди сыйлайм деп орозомду ачып албадымбы.
-Бекер убалынызга калган экемин анда, -келин кулду.
Зыйнаттын конулдуу экенин коруп::
"Баса Эсенова ушундай эле жароокер, кабагы ачык аял деп уктум эле да" - деп ойлоп, ары караса артынан, бери караса бет алдынан ээрчий карап ээрип олтурду.
-Шерхан Мусурепович, туш жооруганды билесизби?
-Туш!? Мен жонундо эмеспи? -Тийише суйлоду.
-Тамаша-тамаша, чын айтып жатам.
-Туш жоруганды ар бир казак, ар бир кыргыз билет го, боорум. Эмне туш кордунуз? Айтып корунузчу?
-Атам менен Энем тушумо кирип жатырптып.
-Алар барбы?
-Жок, кайтыш болгон эчак.
-Анда куран окуш керек турбайбы.
-Куран билесизби?
-Билем. Бирок ичип албадымбы.
-Анык мусулман турбайсызбы.!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#950 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Ноябрь 2015 - 02:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Алахамдулла мусулманмын. Анда куранды башка куну окуйлу. Тушту мындай жоруса деле болот. Айтып корунузчу угайын?
-Бир жагымдан АЙ нуру, бир жагымдан КУН нуру тогулуп, мен ортосунда турупмун. Ошол мезгилде атам буркуттун балапанын кондуруп, энем экоо келет. Анан атам оз тууруна кондуруп ал деп кушту мага карматып, озун колума кондуруп кетти.
-Аябай жакшы туш коруптурсуз, Зыйнат Эсеновна. Мындай туш чанда бироонун тушуно кирбесе, оной менен кирбейт. Казак менен кыргыз мындай тушту мал союп, тулоо откоруп, эн жакын жакшы саналаштарын чакырып ошолорго айтып, ошолорго жорутат. "Туш онолбой иш онолбойт" деген созду уктунуз беле.
-Тулоосуз туш жооруга болбойбу?
-Эзелтен туш жоорунун шарты ошондой. Жакшы тушту узартпай убагында жооруткан жакшы дешет. Мен туш жоруп деле коргон эмесмин. Ошентсе да, уйдон алыс жургонго байланыштуу сиздин тушту жоруш керек.
Турунузга туйгун консо, туйгундай уулду болосуз. "Кудай урган онолот, арбак урган онолбойт" деген соз бекеринен айтылган эмес да. Арбактын алганы жаман, бергени жакшы экенин билсениз керек. Ата-энениз колдоп журуптур. Бир жагынан АЙ нуру, бир жагынан КУН нуру тийип ортосунда турсаныз бир жакшылык жылоологон ооматка ээ болот экенсиз. Бул тушунузго караганда даражаныз мындан да которулуп, окмоттук бир чон сыйлыкка ээ болуп калдыныз....
-Айтканыныз келсин, Шерхан Мусурепович. Уулдуу болосун дейсиз, бирок мен торобойм да. Кокустан эле бала багып албасам.
-Тороп аласыз да, торобой багып алсаныз да ал баланыз озунузго куйумдуу, сыймыкттуу адам болот экен.
Коросуз го.
Мусуреповдун созун угуп, Зыйнат каткырып кулду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#951 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Ноябрь 2015 - 02:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Туз эле ал баланыз дейсиз да. Озум деле бала алып багып алсамбы деп коп ойлоном. Бирок ал жонундо айта элекмин эч кимге.
-Багып алыныз. ал баккан баланыз да, озунуз да бактылуу болосуз.
-Айтканыныз келсин.
Зыйнаттын оюнда бала эмес эле Толкунбек турду. "Менин катымды алып окуду бекен, же окуй элек болду бекен?" деген ой конулундо кайталана берет.
-Зыйнат Эсеновна ойго батып кетиниз да. Ойчул окшойсуз.
-Ооба, мен ошондой ар дайым ойго батып, кыялданып турам.
-Ошон учун талант, ошон учун чыгарма болсо керек. Арман коп.
-Коюнузчу , сизде да арман барбы?
-Армансыз адамды кайдан кордунуз эле? Мен сизди коруп, азыр да армандап турам.
-Мени коруппу? -Зыйнат кулду. -Кулкуну келтирбенизчи. Ал кандай арман болуп кетти экен.?
-Кечээ да айткамын, азыр да айтам. Сиз куйоого чыга элегинизде жоолуканда эмне.!?
-Анда эмне болот эле?
-Эмне болмок эле, уйлонот болчумун сизге.
-Туз эле уйлонот болучумун дейсиз да. Эсенова макул болбосо делеби?
Шерхан кулду.
-Макул болбосо деле ала качып кетмекмин.
Зыйнат оюнда: "Бул казактын дымагы кучтуу экен го" -деп ойлоп койду.
-Шерхан Мусурепович, армандап коюп олтура бербей, тышка чыгып эл коруп, ары-бери басып аба жутуп келбейбизби. Бугунку дем алышта пайдаланып калбасак, эртен бири-бирибизди таппай калабызго дейм.
-Ошончолук эле иштериниз коппу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#952 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Ноябрь 2015 - 02:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Эртен Суриковдо чон коргозмо ачылмак.
-Сиздин чыгарманыз да коюлабы?
-Ооба, коюлуш керек. Сураганынан жибергемин. Ал коргозмого мурдагы союздун курамында турган республикалардагы художниктердин эмгектери коюлмак. Алматыдан Сайфидиндин чыгармалары бар. Ал да келиш керек, мен кабарлашалбай калдым. Анткени мен Делиге баруучу художниктердин курамында болгондуктан эрте келдим.
Шерхан тамашалай суйлоду.
-Мени ала кетсениз?
-Барасызбы?
-Сиз менен андай олкого баруу сыймык да. Бирок андай бакыт кушу онойлук менен коно бербес дейм мага.
Экоо тен кулушту.
Шерхан Москвага канча келгени менен бир жолу да Суриковдун музейине кирмек турсун, баш багып коргон жан эмес. Зыйнаттан бул таланттуу адам жонундо уккандан кийин гана ага болгон кызыгуусу арта баштады. Эсенова менен иниститутка келип, коргозмо залына коюлган чыгармаларды коруп, жеке эле Василий Иванович Сураковдун эле эмес, коптогон олбос-очпос чыгармалары менен оздорунун жаркын элесин туболукко калтырган дуйнолук классик художниктер менен бирге Наталья Петровнанын оз атасы Петр Петрович Кончаловискийдин чыгармалары менен да беттешти. Ушул жерден Суриковдун кудасы, жээн небереси Наталья Кончаловсаянын чон атасынын да, оз атасынын да, ал эмес алардан мурда эбак коздору отуп кеткен баба, бубаларынын бардыгынын аттары да, фамилялары да Петр Петровичтер болгонун билди.
-Тобо, - деди Мусурепов, тигилердин портиретинин алдында суктана тиктеп туруп, - адам эмгеги менен оз омурун олбос кылып туболукко калтырып кеткен экен да.
-Булар жонундо Татьяна Петровнанын китебин окусаныз, ички дуйнонузду бир байытып, рахат аласыз, Шерхан Мусурепович.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#953 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Ноябрь 2015 - 02:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Кыл калемдин касиеттуу кучунон жандуйнонуз жашарып, алар жонундо чыгарма жазууну ойлоп кыялданып да кетээрсиз.
-Ооба, анда сиз жонундо жазууну биринчи ойлоном го.
-Бирок мен жонундо билбейсиз да. Жазыш учун ал адамдын ким экенин толук билиш керек.
-Менимче, сиз менен бирге учуп, Москвада бирге жургон кундорубуздун озу эле бир чыгарма болуп калды окшобойбу. Сиздин ким экенинизди чындыгында ушул жерден билип, ушул жерден тааныдым деп турам. "Колдо бар алтындын, баркы жок" дегендей, сиздин даража, барк-баанызды оз эл, оз жеринизде анчалык баалабагандары менен бул жакта кадырыныз чон экен. Аз эле убакыттын ичинде канча корорманга кол тамганызды калтыргандыгынызды эсептей албай калдым. Китеп, альбом, суротторду эске албаганда да, канча блокнотко кол койдунуз. Ырахмат сизге азамат экенсиз.
Шерхан Зыйнатты канчалык кобуроок билип, ага тушунгон сайын ошончолук жан дуйноосуно булук тушуп, суктануусу артып, тынчы кете баштады. Бирок эрлуу аялга даап, коодондогу койгойун айтууга Шерхандын адамдык аброю жол бербей турду.
Коздоп келген оз жумушу ийгиликтуу бутуп, эми бул жерде кылчандай турган кылдай жумушу болбосо да, Зыйнатты кыйбай жургонун озуннон башка жан киши билбеди. Келгенден бери, Зыйнаттын Толкунбекти эстеп, ал жонундо эскерип, бир ооз соз айтпаганы, бир жолу да Толкунбек менен суйлоштум дебегени сезимтал кыраакы Мусуреповду тымызын ойго салып журду.
Экоо мейманканада, биринчи жолку чайда, баласынын чарчап калганын, ошондон кийин тороту токтоп калганын айтып ыйлаганын Шерхан эстеген сайын Зыйнатка боору ооруй берет. Балким, баласы жоктугунан экоонун ортосунда салкындык, келишпестик бардыр. Мансуров бала чакасын таштап, Эсеновага уйлонгонун Мусурепов мурда эле уккан. Ушуларды конулунон откоруп болмосундо Зыйнатты кутуп. Наталья Кончаловскаянын романын суктана кармалайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#954 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Ноябрь 2015 - 00:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Балам жок деп Зыйнаттын мунканары эп экен. Бирок, баланын баары эле Наталья Петровна боло бербейт да. Бизде ата мурасын актап, ата-эненин атын ааламга чыгарып, бул сыяктуу чыгарма жазгандар казак менен кыргызда али чыга элек. Мусурепов ушинтип ойго келбеген ойлорду ойлоп, Зыйнатты куто берип убакыттын кандай отуп, кандай кеч киргенин да билбей калды.
Ал эми Эсенова бул мезгилде озунун кесиптеш курбу-курдаштары менен шатыра-шатман болуп сый устундо олтурду. Ал Мусуреповдун озун кутуп, эч жака да чыкпай, тамак да ичпей кезерип олтурганын билген да жок. Зыйнат мейманканага келип, лифтиден тушуп, Мусуреповдун эшигин бир карап коюп оз болмосуно отуп кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#955 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Ноябрь 2015 - 00:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Эртеси эрте туруп художниктер союзуна кетип жатып, кабаттын дежурный админисрациясынан Мусуреповдун туну бою уктабай кайра-кайра чыгып тынчы кеткенин угуп, ийнин куушуруп коюп чыгып кетти.
Анан ошол кеткен бойдон кечинде бир келди. Зыйнат келгенде оз болмосунун ачкычына илинген катты коруп, Шерхан Мусурепович кеткен экен деп окубай туруп ойлоду эле, бирок андай болбой чыкты. Болмого кирер-кирбестен эле сумкасын коюп, колундагы кагазды ачты. Ыр саптарын коруп, озунон озу дем тарталбай калды.

ЖУРОКТУ ЭЗИП, ЖАНДЫ АЛГАН,
ЧЫКПАСТЫР СЕНДЕЙ АДАМДАН,
КУТУУДОН КУЙУП КУЛ БОЛДУ,
ОЗУНДУ СУЙГОН БИР АДАМ,
БОЗ ТАЙЛАК КЫЛЫП БОЗДОТПОЙ,
БООР ООРУП КОЙЧУ САДАГАН.....

"Ооруну жашырсан олум ашкере кылат" дегендей, сизди куто берип, тан атканча ыр жазып чыктым. Кара созго талантым оогондон бери ыр жазбай калган элем. "Чындап ыйласа сокур коздон жаш чыгат"


дегендей эле болду окшойт. Окуп чыгып, менин акындык дараметимди байкарсыз.

СИЗДИ АША УРМАТЫМ МЕНЕН ШЕРХАН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#956 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Ноябрь 2015 - 01:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Зыйнат катты окуп чыгып томсоро тушту. Эркектердин ушунусу жаман. Куйосу бар аялга коз арткандан уялышпайт экен да булар. Тобо, Мусуреповго окшогон эстуу баштуу, токтолуп калган эр-азаматты, жаш баладан бетер аялдарга уялбай ыр менен кат жазат деп ким айтат деп ойлоп, колундагы кагазды бир окумга чейин тиктеп туруп.

"ЭЧКИНИН МАЙЫН ЖЕБЕГИН,
ТАНДАЙЫНА ЖАБЫШАТ,
ЭРКЕК МЕНЕН ОЙНОБО,
ЧУРАЙЫНА ЖАБЫШАТ"- ---

деген соз ушундайынан улам айтылган экен го, деп катты мыжый кармап келип пепельницага таштады да, сумкасын столго ыргытып, озу диванга жата кетти. Эмне учундур конулу озунон-озу бузулуп, озунон озу ыйлагысы келип, Толкунбекти ойлоп конулу буй болуп турду. Делиге баруудан баш тартып, уйуно эртен эле учуп кетууну самап, санасы санга болунуп, озунон озу колго алалбай козунун жашы тогулуп жатты. Ал эшиктин такылдаганынан улам аккан жашын суртуп, ордунан салмактуу турду.
Эшикти ачып, Шерханды коруп журогу болк дей тушту.
Жигит болмого кирип-кирбестен эле жарк этти.
-Кутмандуу кечиниз менен.
-Ырахмат келиниз......
Мусурепов столго олтуруп жатып, пепельницада жаткан кагаздан корунгон жазуу козуно чоктой урунду. Зыйнаттын ички уйго кирип кеткенинен пайдаланып жигит озунун жазган каты экенин коруп буткон бою жыйрыла тушту. Анан Зыйнатка сыр билгизбей минтти::
-Кечээ келбей калдыныз го.?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#957 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Ноябрь 2015 - 01:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Эмне учун, келгем. Сизге звандайын деп ойлоп, жатып алса тынчын албайын деп кайра чалган жокмун.
-Кайдан жатам. Сизди келип калабы деп копко куттум.
-Ооба, мен ото кеч келдим. Иштериниз эмне болду? Буттубу?
-Буткон жок эртен билинет го . -Жигит буткон ишин Зыйнатка "буткон жок" деп мурда калп айткан созун азыр да кайталады. -А озунуздун ишиниз эмне болду? -деди Мусурепов.
-Кудай буюруса бурсугуну Делиге учмак болуп жатабыз. Баргым келбей айнып да турам..
-Мындай бакыт ар кимдин эле мандайына жазыла бербейт да. Айныбаныз. Мынча болгондон кийин барып келиниз.
-Билбейм, ойлонуп кором го. Эмне учундур конулум чогуп, уйду сагына баштадым.
-Дайым ушундайсызбы, сагынып?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#958 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Ноябрь 2015 - 01:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Шерхан Зыйнатка сыр билгизбей суйлошуп олтурганы менен, ага болгон умуттуу жаркын ойлору кирдеп, ысыган бою сууп, конулу калып, умуту узулуп турду. Бул кесири башынан ашкан копкон аял Мусуреповдун дархан даражасын кордоп, атак-данкын кемсинтип, тенсинбей тургандай болуп сезилди жигитке. "Коргонундон коро элегин коп" деген ушул экенго деп ойлоду. Атайын арнап ыр жазуу эмес, кол тамгамды алалбай артымдан эрчип жетпей жургон кыз-келиндер оздору келип бутума чалынучу эмес беле!? Бул канчыктын дымыгын билбей, ички дуйносуно тушунбой сыр алдырып койдум. Акылдуу, таланттуу адам деп журогумду дароо жарып жибергеним чеки болду. Болбосо, ыр арнагандан эч жерим деле кемип калган жери жок го, -деп туркун-турдуу ойго батып олтурду.
А Эсенова болсо, катынпоз эркектердин олясы болсо да, аялзаттын астында алсыз, сугалак келерин жакшы билуучу. Ушундай жагдайдан улам, кээ бирде мурдунун учунан алысты корбогон жигиттерге иши тушуп калганда, аял болуп жаралып калганына окунуп кетуучу. "Ал кызындан бул кызын шороку" дегендей, Зыйнат коргулукту аял жетекчилерден да, кээде жетекчи эмес эле катардагы катындардан да корду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#959 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Ноябрь 2015 - 01:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Аял туруп аялды аял тушунбой, бирин бири коро албай, ичи тарлыктан ичине ит олгон, оз милдетин озу билбеген, оз кызыкчылыгын озголордукунон жогору койгон, байлык менен мансаптын кулу болуп, козун май баскан аял замандаштарынын туркойлугуно жаны кейип боору оруп кетучу. Алардын тушунугу боюнча, Эсенова озун тузоп-жасап, мансаптуу эркектер менен конул ачып жан жыргатуу, "фигурам бузулат" деп бала торобой жургон женил ойлуу аялдардын бири болучу.
"Бир ит коруп урот, бир ит корбой урот" дегендей Эсеновага берилген бул сыяктуу баалар ага муноздуу эмес эле. Чын-чыннына келгенде анын колунан иш десе иш, аш десе аш келген келин болучу. Зыйнаттын моралдык абийри таза, адамгерчилиги бийик, суйууго туруктуулугу менен башкалардан айырмаланып турган озгочолугу кучтуу, таланттуу суроткер болучу.
Тигил коз алдында кул тушургучто ушаланып жаткан ыр менен жазган каты жонундо Шерхан ооз ачпады. Ушул жагымсыз корунуштон улам Зыйнатка мурункудай батынып бажактап соз айталбай тартынып да, кичиреп да олтурду. Кат жонундо созду Зыйнат озу баштады.
-Шерхан Мусурепович, мени кечирип коюнуз, мага арнаган ырынызды окуп капа болуп калдым. Мен эрлуу аялмын да. Никелуу аялга сиздин минтип кат жазып кадырын салат экен деп ойлогон эмесмин. Сиз жонундо мен башкача пикирде болчумун. Жакшы санаалаш, замандаш катарында, чыгармачылык жактан кептеш-кенештеш болуучу таланттуу жакшы адам менен тааныштым деп ичимден суйунуп калган элем. Сыягы, "Эки кочкордун башы, бир казанда кайнабайт" сыяктуу аял менен эр адам чыныгы дос болуша албайт окшобойбу. Окунуп калдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#960 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Ноябрь 2015 - 01:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Зыйнаттын жуйолуу созун угуп жигит тердеп кетти.
Оо, бир окумга чейин кызарып-татарып шылкыйып олтургандан кийин башын салмактуу которуп, жайнаган алагар коз менен Зыйнатка жалтана бир карап алып ордунан салмактуу которулуп, он колун келиндин далысына коюп минтти::
-Мен сизди капа кылайын, же болбосо кантээр экен деп сынайын деген оюм болсо,ушул мазардай болуп, дооту колдоп, мин-сандаган адам тулок кылып, бири келип,, бири кетип жаткан мейманкананын кусуру уруп, экинчи бул кутман жайга аяк баспай калайын. Чынымды айтсам, сизди коргондон бери, акыл-эсимди аласалдырап, конулумду энги-денги кылган бир куч жанымды жай алдырбган аты жок ооруга чалдыктым да калдым. Калп эле эмнеге актанайын, "Ооруну жашырсан олум ашкере кылат" дегендей, мынча болду ичте балаа, болгончо тышта талаа болсун. Эмне десениз ошол дениз, кандай ойлосонуз ошондой ойлонуз. Мен сизди суйуп калдым. Башка ар кандай ортту очурсо болчудай, ал эми озоктогу ортту очуруу мумкун эмес окшойт. Мен ойдо жок жерден ушундай жаман оору менен ооруп калдым. Мен сизинсуйбошунузду билем. Бирок сизден сурап отунор - отунучум бироо гана.
Ал болсо, мага жаман айтып жанымды кейитпениз Озунуз айткандай сиз менен дос катарында жакшы саналаш болуп журууго аракет кылып коройун. Ушуга макул деп коюнузчу.
Зыйнат Мусуреповдун созун угуп дем тарталбай тээ бир окумга чейин унсуз, жигитти мостоё тиктеп турду. Ал Шерхандын, ашыктыгы артып "Мажнун" болуп кеткенине ишенген да жок. "Баягы, баягы Байгазынын таягы" дегендей, эркектердин аялдарды коргондо делебеси козуп кетмей суйуулорунун" бири катарында баалап, ичинен тымызын кулуп койду.
-Эмнеге жаман айтмак элем. Созунуз эми онолду. Суйуу деген оюнчук эмес экенин деле жазып журбойбузбу, Шерхан Мусурепович.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 19:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: