сурала турган суроо, жакшы жооп бергенди уйрениш керек,
Сүннөткө отургузуу тууралуу Пайдалары
#42 07 January 2015 - 23:35
сурала турган суроо, жакшы жооп бергенди уйрениш керек,
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#43 08 January 2015 - 16:07
мен бурбадым иничек, ошол сен айткан гусулдун бул темага байланышы бар да, бирок мечитке киргенге эмес, сен баягы мулулмандарга кийлигишпе деген бала окшойсун, анда жооп берчи, мечит Алланын уйу дейсин, кандайча уйу болот. Алла сен айткан мечитке муктажбы сонда.
Мечит Аллаанын уйу десе, жашай турган уй деп ойлош керекпи?! Кызык...
Жанылышасын, мечит Аллахтын уйу, аны мындай акылга салбаш керек.Ал жерге барып сыйынып Аллаага кул экенинди коргозосун, ибадат кыласын,дуа кыласын тиленесин,мындайча айтканда ошол жерди Аллахтын уйу дейт.
Аллах Таала бир жерге же болбосо уйго муктаж эмес ал чексиз зат.
Динди акылга салып карабайт эгер акылга салып караганда Али(р.а.) айткан масхты маасынын устуно эмес астына тартат эле деген.
Оюбузга эмне келсе ошону айта бериш же ойду келди суроо бериш туура эмес баурум.
#44 09 January 2015 - 09:53
кандай айтсан да мечит Алланын уйу дебей эле койчу, даже Алла арштын устинде дегенди тушиндре албай жатып мечитти Алланын уйу дебей, айта бер мечитке кел оку сыйын а Алла баардык жерде азыр биздин бири бирибизден кыйын болуп атканыбызга кубе, периштелерди айтпаганда онундагы солундагы,
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#45 13 January 2015 - 08:04
мечит бул Алланын уйу деген чын жогоруда Нурмухаммад жакшы тушундуруп кетиптир керакж дин аалымдардан жакшылап сабак алчы динден коп тушунугун жок экен.
анан суннот боюнча Ысыкколдуктор мурда кестирбей эле ырымдап койчу жон гана кан чыгарып, азыр медицина жолу менен кадимкидей эле кестиребиз балдарыбызды.
анан суннот боюнча Ысыкколдуктор мурда кестирбей эле ырымдап койчу жон гана кан чыгарып, азыр медицина жолу менен кадимкидей эле кестиребиз балдарыбызды.
#46 13 January 2015 - 11:02
жигит парен менин колдук досторумдан коргон укканымды айттым эле, азыр кандай экенин точна билбейм, менден ката кетсе кечиреесиз эми, а мечитти лично мен Кудайдын уйу дей албайм болгону ошол, мечит тууралуу эч жаман оюм да жок.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#47 12 September 2015 - 03:38
СҮННӨТ ДЕГЕН ЭМНЕ? ЖАНА МАНХАЖ ДЕГЕН СӨЗДҮН МААНИСИ КАНДАЙ?
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#48 12 September 2015 - 03:38
СҮННӨТ ДЕГЕН ТЕРМИНДИН ТҮШҮНҮГҮ.
Китептерде көп кездешкен “Сүннөт” термини эмнени түшүндүрөт? Бүгүнкү күндө “Сүннөттү” карман дегендик эмне?
Араб тилинде “Сунна” (سُنَّة) сөзү – “басчу жол” же “адамдар карманчу салт” же “мыйзам” дегенди билдирет.
Шариаттык маанисинде “Сунна” бул – Пайгамбарыбыздын ﷺсөздөрү, кылган амалдары же унчукпай макул болгон иштери.
Сүннөт деген сөз Шариаттык терминологияда ар кандай маанилерди берет.
1) Эгер Куран-Сүннөт деген сөз айкашында келсе – анда Сүннөт деп Хадистерди, б.а. Пайгамбарыбыздын ﷺбизге айтып кеткен осуяттарын түшүнөбүз. М: Хадисология илиминдеги аалым “Баланча маселе Куранда келген эмес, бирок Сүннөттө келген” десе Хадистерде келген экен деп түшүнөбүз.
2) Эгер Фарз-Сүннөт деген сөз айкашында келсе – анда Сүннөт деп “милдеттүү эмес сооп амалдар, кылсаң сооп аласың, аткарбасаң күнөө жок”деген Фикх илиминдеги маанини түшүнөбүз. М: Рамазанда орозо тутуу фарз, ал эми Шавваль айында алты күн орозо тутуу сүннөт – десе Рамазандагы орозо милдеттүү, ал эми Шаввалдагы орозо милдеттүү эмес деп түшүнөбүз.
3) Эгер Сүннөт деп эч нерсеге байланбастан жалгыз келсе – анда Пайгамбарыбыздын ишенимин (акыйда) жана карманган жолун (манхаж) түшүнөбүз. Ошондуктан акыйда жана манхажка байланыштуу китептерди аалымдар Сүннөт деп аташкан. М: Имам Ахмад “Сүннөттүн негиздери” (Усуль ас-Сунна), аль-Барбахари “Сүннөттүн түшүндүрмөсү” (Шарх ас-Сунна); о.э. «Сунна» Ибн Абу Ъасым, «Сунна» Абдуллах ибн Ахмад, «Сунна» аль-Маруази, «Сунна» Ибн Шахин, «Сунна» аль-Халляля ж.б.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#49 12 September 2015 - 03:41
СҮННӨТ - БУЛ КУРАНДАН КИЙИНКИ ЭКИНЧИ ВАХИЙ
Сүннөттүн негизи – вахий. Пайгамбарыбыз ﷺ дин тууралуу бир нерсе айтса эч качан өзүнүн оюунан чыгарчу эмес, бирок бир гана Аллах үйрөткөн нерсени айтчу. Аллах Таала кандай Куранды түшүргөн болсо, дал ошондой эле Сүннөттү түшүрдү. Аллах Таала Куранды кандай сактайм десе, дал ошондой эле Сүннөттү сактайм деди.КОШУМЧА ОКУУ: СҮННӨТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
“Ал (Мухаммад Пайгамбар ﷺ) өзүнүн оюунан эч нерсе сүйлөбөйт. (Анын сөздөрү)бир гана түшүрүлгөн вахий” (Куран, ан-Нажм 53:3-4)
“Адамдарга түшүрүлгөн нерсени (б.а. Куранды) сен түшүндүрүп бериш үчүн, жана алар ой-жүгүртүүлөрү үчүн – сага биз Зикр (Суннөт) түшүрдүк ” (Куран, ан-Нахль 16:44)
“Чындыгында, Биз Зикр (Куран/Сүннөт) түшурдүк жана биз аны сактайбыз ” (Куран, аль-Хижр 15:9)
Хадисте келет: “Чындыгында мага Китеп жана аны менен кошо ага окшош нерсе берилди” (Абу Дауд: 4604, Хаким), б.а. Китеп – бул Куран, ага окшош нерсе – Сүннөт.
Сүннөт – Курандан кийинки эле эң чоң шариат булагы. Шариаттын мыйзамдары Курандан кандай алынса, так ошондой эле Сүннөттөн да алынат. Сүннөт – Куранда келген маселелерди тереңирээк чечмелейт, конкретизациялайт. Сүннөтсүз Куранды түшүнүу мүмкүн эмес.
СҮННӨТТӨ АДАМГА ЖАНА КООМГО ПАЙДАЛУУ БАРДЫК КИЧИНЕ-ЧОҢ МАСЕЛЕЛЕР ЭЧАК БАЯНДАЛГАН, ЖАҢЫ НЕРСЕНИ ОЙЛОП ТАБУУНУН КАЖЕТИ ЖОК
Пайгамбарыбыз ﷺ бул дүйнөдөн кайтканда үммөтүнө Шариатка тиешелүү бардык маселелерди калтырып, үммөтүнө бардык жакшылыкты көрсөтүп, бардык жамандыктан кайтарып кетти: адам төрөлгөндөн баштап, тарбиясы, чоңоюшу, жумушу, керек болсо тээ кабырга киргиче - ар бир учурда ага шариат бар. Бир гана жеке инсан эмес, бирок бүткүл коомго тиешелүү маселелер да Шариатта камтылган: саясат, экономика, маданият ж.б.
Тарактукум алаль байдоо... Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: “Мен силерди апакай ачык жолго таштап кеттим. [Анын актыгы ушундай] түнү да, күндүзү да ал бирдей [көрүнүп турат]. Менден кийин андан бир гана өлүүчү адам бурулуп кетет” (Ибн Мажа), б.а. адашууну тандаган адам гана адашат, ал эми акыйкатты издеген адам аны табат.
Абу Зарр (радияллаху анху) айтты “Эки канаты менен учуп жаткан чымчыкка тиешелуу илим бар болсо – ал тууралуу да бизге Расулаллах ﷺ баяндаган. Жана ошол акыбалда гана бизди таштап кетти”, б.а. адамдарга пайда алып келчү кандай гана илим болбосун – ал баяндалган, керек болсо ал илим чымчыктын канаты тууралуу бир шариат маселеси болсо да.
Жана Абу Зарр кошумчалады Аллахтын элчиси ﷺ айтты дейт: “Жаттанка жакындатчу, Тозоктон алыстаткан бардык нерсе силерге баяндалды (буййина лякум)” (Табарани “аль-Кабир”)
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#50 12 September 2015 - 03:44
СҮННӨТТҮ КАРМАНУУНУН МИЛДЕТТҮҮЛҮГҮ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫГЫ (ПАЗИЛЕТИ)
Аллах Таала Сүннөттү (Манхажты) карманууга бизди буюруйт. Бул биздин милдет. Ар бир маселени – акыйдада болобу, фикхте болобу, адепте болобу, дааватта болобу – биз Пайгамбарыбызыдын ﷺ жолунда гана чечишибиз зарыл.Курандын канча деген жеринде “Атыъу-Ллооха ва атыъу-росуула ” (Аллахка баш ийгиле, Элчиге баш ийгиле) деп келет (Куран, ан-Нуур 24:54). Себеби Куран дагы, Сүннөт дагы шариат булактарынан.
Сүннөттү кармануу, Пайгамбарыбызды ﷺ ээрчүү – Аллахка баш ийүү болуп саналат, жана бул нерседе хидаят (Туура Жол) бар. Ким Пайгамбарды ﷺ ээрчисе Аллахтын сүйүүсүнө, мээримине ээ болот, Бейишке кирет.
“Айткын: «Эгер Аллахты сүйчү болсоңор мени ээрчигиле, ошондо Аллах силерди жакшы көрөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах – Кечиримдүү, Мээрим төгүүчү»” (Куран, Аалу Имран 3:31)
“Ким Элчиге моюн сунса Аллахка моюн сунду” (Куран, ан-Ниса 4:80)
“Эгер ага (Пайгамбарга ﷺ ) моюн сунсаңар – Туура Жолго түшөсүңөр (хидаят)” (Куран, ан-Нуур 24:54)
Ушул аят-хадистердин бардыгы мусулман Аллахтын Элчисинин ﷺ сүннөтүн бекем тутунуп, бардык диний иштерде аны ээрчүү милдеттүүлүгүн далилдейт.
КИМ СҮННӨТТҮ КАРМАНБАСА – БУЛ ДҮЙНӨДӨ АГА АДАШУУ, АКЫРЕТТЕ УЛУУ АЗАБ КҮТҮП ТУРАТ
Качан Ислам үммөтү биригет?
КОШУМЧА ОКУУ: МУСУЛМАНДАРДЫН БИРИМДИГИ. МУСУЛМАНДАР КУРАН-СҮННӨТКӨ БИРИКСЕ БИРИГЕТ, АНТПЕСЕ ЭЧ КАЧАН БИРИКПЕЙТ.
Качан алар жеке каалоолорун (хава) ташташып, бардыгы Сүннөттү карманышканда. Эгер мусулмандардын ортосунда пикир келишпестик болуп калса – Аллах буюргандай – алар дароо Куран-Сүннөткө бул талашын кайтарышканда, ынтымак орноп, бардык пикир келишпестиктер жок болмок. Аллах Таала айтат: “Эгер бир маселеде талашып калсаңар аны Аллахка жана Элчиге кайтаргыла, бул жакшыраак жана акыбети сонун иш!” (Куран, ан-Ниса 4:59)
Качанга дейре мусулмандар бул аятка (4:59) амал кылбай, далилге ээрчибей же далил келгенден кийин деле аны көрмөксөнгө салып өзүнүн билгенин жасай беришсе – аларды алсыздык күтүп турат. Аллах Таала айтат: “Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле жана талашып тартышпагыла. Антсеңер, силер утулуп каласыңар жана күчүңөр кетет...” (Куран, аль-Анфаль 8:46)
Кимге Куран-Сүннөттөн далил жетип, ал ага ыраазы эмес болсо, ага каршы чыга турган болсо – аны өтө чоң коркунуч күтүп турат. Ал адашууга, сектага же керек болсо динден чыгып кетүүгө дуушар болушу мүмкүн, Аллах бизди бул балээден сактасын.
“Жок, Раббиңе ант, алар качан өз ара жаңжалдарын жөнгө салуу үчүн сени аким-өкүмдар кылмайынча, кийин ошол сен чыгарган өкүмгө жүрөктөрүндө нараазылык калбай, толук моюн сунмайынча ыймандуу боло алышпайт! ” (Куран, ан-Ниса 4:65)
Пайгамбарыбыздын ﷺ буйругуна каршы чыккан кишиге фитна келет (б.а. жүрөгү хидаяттан тайыйт, ширк же башка адашууга дуушар болот) же жан чыдагыз азап келет, Тозокко кирет.
“Анын (Пайгамбардын ﷺ ) буйругуна каршы иш жасагандар баштарына (бул дүйнөдө)фитна- балээ же (Акыретте) жан ооруткан азап түшүп калуусунан абайлашсын! ” (Куран, ан-Нуур 24:63)
Абу Хурайра риваят кылат Пайгамбар ﷺ айтты: “Үммөтүмдүн бардыгы Бейишке кирет, бир гана баш тарткандардан башкасы”. Сурашты: “О, Аллахтын Элчиси! Ким баш тартат?”. Айтты: “Ким мага моюн сунса Бейишке кирет, ким моюн сунбаса – мына ал баш тартты” (Бухари, Иътисом: 6737)
СҮННӨТТҮ ЭЭРЧҮҮДӨГҮ САЛАФТАРДЫН, ИМАМДАРДЫН МИСАЛЫ
Тээ сахабалардын доорунан тартып, ар бир кылымдын имамдары, аалымдары Сүннөттү урматтап, ага өзүлөрү бекем амал кылышып, башкаларга үйрөтүп келишкен. Сүннөткө каршы келген ар кандай бидааттар менен күрөшүп, китептеринде бидаат жана бидаатка чакырып жаткандарды сынга алышып, алардын адашууларын карапайым элге баяндап, Сүннөттөн ар кандай дооматтарды тазалап келишкен.
Кошумча окуу: Салаф жана салафи деген ким? Салафиттер кимдер? "Салафизм деген эмне" тууралуу далилдүү сөз.
Сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) дайым маселелерин Сүннөткө кайтарып, суроолорун Сүннөт менен чечишет эле. Бул нерсеге мисал көп:
Күндөрдүн биринде Абу Бакрга кемпир келип ал канча мурас алуусу керектигин сурайт. Абу Бакр жоопту өзү билбегендиктен башка сахабалардан бул тууралуу хадистерде эмне айтылгандыгын билгиси келет. Сахабалардын бирөөсү “өлгөн адамдын чоң энесине (же тайэнесине) Аллахтын Элчиси ﷺ мурастын алтыдан бирин чегергенин” айтат. Ошентип Абу Бакр тиги кемпирге алтыдан бирин алуусун буйрук берет.
Мына Ибн Аббас... Ага кээ бир адамдар келип ажылык маселесинде фетва сурайт. Ал Расулалладан ﷺ укканын айтат. Ошондо алар “А бирок, Абу Бакр жана Умар минтип айтып жатышпайбы” деп хадиске каршы пикирлерин билдиришет. Ошондо Ибн Аббас белгилүү сөзүн айтат: “Асмандан силерге таштар түшөйүн деп аз калды көрүнөт – мен силерге Аллахтын Элчиси ﷺ айтты десем, силер Абу Бакр жана Умар айтты деп жатасыңар да!”.
Имран ибн Хусейндин мажлисинде бирөөлөр “Хадисти коё туруп, Аллахтын Китебинен сүйлөсөнөр” дегенде, Имран (радияллаху анхума) ага катуу ачуусу келип “Сүннөт болбогондо Пешим 4 рекет, Аср 4 рекет, Куптан 4 рекет, Шам 3 рекет экенин каяктан билмек элек!” дейт.
Мына Имам Ахмад... Бир топ адамдар хадисти таштап, Суфян ас-Саврийдин пикирин карманышканын укканда, таң калып, айтат “Иснаддын сахихтигин (б.а. хадис Расулалладан экенин)билип туруп Суфяндын пикирин карманышкан коомго таң калам. Аллах Таала айтып жатпайы: «(Пайгамбардын ﷺ ) буйругуна каршы иш жасагандар башына фитна же жан ооруткан азап түшүп калуусунан абайлашсын! »- деп”.
Салафтар сүннөттү ушунчалык урматташкандыктан – сүннөттү сыйлабагандарды көргөндө аларга эскертишип, дароо акыбалын оңдоого шашышат эле.
Күндөрдүн биринде Ибн Умар балдарынын арасында “Аялдарды мечитке барууларынан тыйбагыла ” (Бухари, Жумъа: 849) деген хадис окуп берсе, бир уулу “Жок, Аллахка ант, биз албетте аялдарыбызды (мечитке баруусунан) тыйабыз” деп жиберет. Максаты сүннөттү жокко чыгарыш эмес, жок, бирок “Расулалла ﷺ айткан кездеги акыбал башка, биздин акыбал башка, азыр аялдарды мечитке жиберүү кооптуу болуп калды” деген өзүнүн пикирин айткан эле. Аны уккан атасы Ибн Умар кайрылып келип “Расулалла тыйбагыла десе, сен тыйабыз деп жатасыңбы! ”деп урушуп, ал баласын катуу катуу сөгөт. Андай мисалдар салафтардан көп келет.
Ошондой эле улуу имамдарыбыз эч качан – өзүнүн болобу же башка адамдын болобу – пикирин Сүннөттөн жогору коюшчу эмес. Мисалга алсак:
Абу Ханифа айтат эле: “Эгер мен Алланын Китебине же Алланын элчисинин ﷺ кабарына каршы келген сөз айтсам – менин сөзүмдү таштап койгула! ” (Икъаз аль-химам: 50).
Имам Малик айтты: “Ар бир кишинин сөзү кабыл кылынышы мүмкүн же кайтарылышы мүмкүн, бир гана бул кабыр ээсинин сөзү (эч качан кайтарылбайт) ” деп Пайгамбарыбыздын ﷺ мүрзөсүн көрсөтөт.
Имам Шафиъи айтты: “Менин сөзүмө каршы келген сахих хадис бар болсо – менин сөзүмдү дубалды көздөй ыргыткыла ”.
Имам Ахмад айтты: “Мени сокур ээрчибегиле, Маликти да, Шафиъини да. Бирок биз алган жерден алгыла”.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#51 12 September 2015 - 03:45
Сөз аягында:
«О, Аллахым, бизге пайдалуу илим бер, алган илимибизди пайдалуу кыл жана илимбизди көбөйт /Аллаhумма- нфаънаа бимаа ъаллямта-наа, ва ъаллим-наа бимаа йанфаъунаа ва зид-наа ъильман/»
«О, Аллахым, бизге акты ак деп көрсөт жана аны ээрчишти насип кыл. О, Аллахым, бизге жалганды жалган деп көрсөт жана андан четтешти насип кыл /Аллаhумма арина-ль-хакко хаккон ва-рзукнаа иттибааъаhу. Аллаhумма арина-ль-баатыла баатылан ва-рзукнаа ижтинаабаhу /»
«О, Аллахым, бизге пайдалуу илим бер, алган илимибизди пайдалуу кыл жана илимбизди көбөйт /Аллаhумма- нфаънаа бимаа ъаллямта-наа, ва ъаллим-наа бимаа йанфаъунаа ва зид-наа ъильман/»
«О, Аллахым, бизге акты ак деп көрсөт жана аны ээрчишти насип кыл. О, Аллахым, бизге жалганды жалган деп көрсөт жана андан четтешти насип кыл /Аллаhумма арина-ль-хакко хаккон ва-рзукнаа иттибааъаhу. Аллаhумма арина-ль-баатыла баатылан ва-рзукнаа ижтинаабаhу /»
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#52 12 September 2015 - 04:02
Мадина айым, биз Хизбутская идеологиядан эми кутула баштаганда,
сен Вахабитская идеологияны суйроп келиптирсин.
Жакшысы бул теманды Админге айтип, исчез кылдырып сал...
Вахабийлер, учурда "Салафий, же Салафизм" деп, аттарыны озгортуп алышкан...
Вахабийлер, учурда "Салафий, же Салафизм" деп, аттарыны озгортуп алышкан...
#53 12 September 2015 - 14:05
Баарыбызга туура жолду Аллахым насип этсин.Коп жерлеринде туура эмес келген создор бар экен.
#54 12 September 2015 - 16:58
"СҮННӨТ ДЕГЕН ЭМНЕ? ЖАНА МАНХАЖ ДЕГЕН СӨЗДҮН МААНИСИ КАНДАЙ?" темасы менен бириктирилди.
medina., баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек жана курамы окшош тема ачпаңыз.
#55 12 September 2015 - 17:45
Лазердик жол м.н болгондо,не канабайбы же сразу эле басып кетеби?наркоз берет болду бекен?
#56 26 November 2015 - 21:43
салам жалпыга!менин уулум 5айлык болду чочосу тегерек болуп кесилгендей болуп турат чон уулумдуку мындай эмес болчу бугун бироодон угуп калдым мындайларды мусулманча деп койот экенго жана мусулманча ат койуш керек экен эле,эч ким айтпаптыр кайненем тегерек экенго деп эле койгон эле ал да билбейт окшойт.Ушундай корунуштор болгонбу тушундуруп койгулачы тушунугум аз экен алдын ала рахмат!
#57 26 November 2015 - 22:07
салам жалпыга!менин уулум 5айлык болду чочосу тегерек болуп кесилгендей болуп турат чон уулумдуку мындай эмес болчу бугун бироодон угуп калдым мындайларды мусулманча деп койот экенго жана мусулманча ат койуш керек экен эле,эч ким айтпаптыр кайненем тегерек экенго деп эле койгон эле ал да билбейт окшойт.Ушундай корунуштор болгонбу тушундуруп койгулачы тушунугум аз экен алдын ала рахмат!
Аны динден жакшы кабары бар молдодон сурагыла билип билбей суйлогон куноо
[font="Comic Sans MS"][/font
]
#58 27 November 2015 - 02:30
Мусулмандын баласы болгондон кийин кесилу торолбосода мусулманча ат койсонор болот.негизи жашы жеткенде серовно кесиш керек толук кесулу торолбойт.учу аз гана кесулу торолот.
#60 28 November 2015 - 22:11
меники деле ошондой кесилуу болуп торолгон. иним экобузду кестиргени алып барганда инимдикин кесип меникин кеспей койгон. азыр журом ошол бойдон . не кылыш керек ырым-жырымдары барбы дегендей.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















