Копчулук кыргыз кыздары сыяктуу ала качуунун курмандыгы болгонум ырас. Тааныбаган бейтааныш жигиттердин колу-бутундан ала, машынага буктой салып, уйго судуроп киргизип зордоп жоолук салып, кошого тартып отургузуп койгон козго конгон адаттагы салттан менда кур калбай башымдан откордум.
-Бироонун эшигин аттап ата-эненди жер каратпай, баланчанын кызы дедирбей турмуш арабанды кылдыратып кет!- деген, апамдын октом созу менен чечилген менин келиндик доорумдун башааты ушинтип башталды. Албетте апамдын чечими эмес экенин сезип, билип эле турам, бул деген эчен кылымдан берки уланып келе жаткан кыргыз калкымдын салты, намыстан жаралган чечим. Озго элде жок, озгочо салтындан айланып кетсемчи!
)) Кыргыз, кыргыз болуп тукум улап келе жаткандан бери эчендеген кочот кыздардын тагдыры ушинтип эле чечилип келген экенго корсо! Кантип тааныбаган,
бейтааныш адамга баш байлап 8-9дан бала тороп коломто отун очурбой жашап келишти экен тансын. Озгону коюп озунду эпте деген адам жок турду ушу жерде. Чоочун уйбулону булом деп кантип жашайм, тигил немеге кантип жар болом деген суроолорго чырмалганымда козумдон жаш ээ-жаа бербей кошогонун ичинде, капаска тушкон куштай туйлап турдум. Омурумдо мынчалык коп ыйлабасам керек. Балким ушу бугун жамгырдай тогулгон жаш менен жарым омурдук коз жашымды тогуп алдымбы билбейм. Мындан кийинки жашоонун соккуларында таптакыр ыйлай албадым, ушунчалык могдоп, азап чеккендеда бир тоголок жаш чыкпады. Жон гана коодонум ыйлап, жан дуйном оксуп, бороон-чапкын болуп турсада сыртымдан мелтиреп гана туруп берээр элем.
Кутуусуздон бурулган тагдырыма таарындымбы,
бактылуу откон бейкапар балалыгым мени менен кошо бейтааныш уйго кире албай жатыркап, же менден алыстап кете албай сыртта акмалап, мени айланчыктап турганына ыйладымбы, же чоочун адамдарга келечек тагдырымды тапшыралбай,
тапшыруугада аргасыз болуп отурган акыбалыма арданып ыйладымбы, же мени алып кетет деп ишеним арткан энекем, оз наристесинин болочок жашоосун озгого тобокел кылып салып бергенине таарындымбы,
айтоор барына, баарына таарынып ыйлап жаттым.
Ыйлап отурганымды сырттан коз салып турганбы, мага куйоо болчу жигит кирип жуз аарчы таштап чыгып кетти.)) Мунусу менен мени аяганын билгиздиби,
соороткусу келдиби, же чынында эле мурдуму шыр тартып, башымы жерге салып отурган кейпиме боор толгодубу белгисиз.Жон гана колума плоточекти карматтыда унчукпастан чыгып кетти.Ким билет, бир нерсе айткысы келгендир, балким айта албагандыр,
анысы мага карангы эле.
Кагылайын кайын эне, менде очунуз бар беле? Турмуш суртумдору.
#1 27 November 2015 - 20:55
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#7 27 November 2015 - 22:30
Ушул эже созд,у коркомдоп жеткирип жазганы жагат.Уландысын кутобуз......
[color="blue"]Салам[\
blue]
#8 27 November 2015 - 22:47
Мен да жазгандарын окуп алып тан калам да пай пай дееп. Канча жашта болду экен кызык да мага.
#11 28 November 2015 - 00:27
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#12 28 November 2015 - 00:33
#14 28 November 2015 - 00:56
Уландысын кутобуз,бирок сиздин баштан откон эмес экенине 100% ишенбейим деп эле)))).
#15 28 November 2015 - 01:38
Артымдан копко куттурбой женемдер келип, болгон салттын баарын жасап, барган жеринде дандай осуп-он деп, этегиме жугору-дандан чачып, турмуштун ойдо-ылдыйында салмактуу, оор бол деп балта-тешесин(чот) коюп, айтоор оз милдеттерин аткарып жоноп кетишти. Кетээринде уч кундон сон тошок жыйдысын келип жасайбыз дедида коштошуп кете беришти. Мына эми мен кимдир бироого жармын, мойнума очойгон туйшук, анданда оор келиндик милдет илинди. Эми ошол милдетти олсомда, тирилсемда мудурулбой аткарышым керек. Туйшукторду которуп ашуу ашып, бел ашып отушум керек. Анткени мен келинмин!
Ооба келинмин, келин деген чарчоону билбеш керек, ошол уйдун оту менен кирип, кайра кулуно айланып чыгыш керек. Баш которуп суйлобош керек, Кыскасы ак жоолук салып улпулдоп отурган илберинки жандын астында жазылбаган мыйзамдар толтура. Аны кылчактабай аткарыш керек. Бул турмуштук фронттогу келин деген солдаттарга жуктолгон милдет. Ошондо гана сен кайын журтка жагасын.))
Женелерим кетти. Эшикте кирип-чыккан жан жок, негедир тынч. Кызык келин алган уйдо оптур-топур болуп шаан-шокотту улпот той болбосода, келин келгендеги шаанисин кылчылего, жок дегенде эки-уч кун колу-коншу, тууган-урук кирип чыгып, азда болсо жаны келген келин учун толкундоо болчу эмес беле? А бул жерде мен келгенден бери бир гана тыпылдап жаш кыз кирип-чыгат, мага тамак-аш ташыйт. Анда-мында бирдемелерди суйломуш этип чыгып кетет. А эшикте карыган аял куйполоктоп эле кыбырап журот. Андан башка эч бир жан жок. Улам-улам эшикке моюн созуп карап коем. Тигил кемпирден башка эч кимди коро албайм. Акыры чыдамым кетти. Сыртка чыктым. Каары кишини эмне деп аташымдыда билбейм, кайненем сыягы.
-Келиниз мен жасайын,-деп жанына барсам чочуп кетти окшойт. Шашкалактай,
-Кокуй, кайдан чыга калдын, тез кир! Женендер келип оздору сыртка алып чыгат. Ырым-жырымын жасап кетишсин. Кирип отур нары!-деп куйполоктой калды.
-Уйдо олтура берип зериктим, мен жасайын-дедим уялынкы.
Ар бир региондун озунчо салттары бар эмеспи, кайненемда ошол чолкомго тиешелуу жоролгосун жасап, короо-жай, там-ташка айланта салам салдырып, жугунтуп колума кепкирди карматты.
Мына кызматка даярмын)) Женди туруп, жумуш жасоого дитимди коюп кириштим. Ал ортодо кайненемди 'Апа' дешим керек экенин билдим. Бирок, чоочун адамды дароо эле апалап кете албадым. Ар дайым озумду даярдайм. Мына азыр апа дейм деп, тилимди таптап даярданып жоноймда, жанына келгенде эле бир ооз 'апа' деген соз сыртка чыкпай комокоюмо кептелип калат. А баса, болочок жолдошумдун аты Мурат экен. Анын жумушу бар учун кундуго эртен менен эрте кетип, кечинде кеч келмейи бар экен, бул нерсе мен учун майдай жагып турду. Ал уйдо жок болсо негедир озумду эркин сезем. Убактылуу бул уйго келип, мына аз кундо оз уюмо кайра кетем деген конок сыяктуу сезимдер курчаганы курчаган. Кундо ишке кетип, кеч келсе экен деп тилейм.)) Бир эле ага эмес, дээрлик уйбуло мучолоруно суйлобойм. Уйдо канча жан жашайт, канча бир тууган анысында билбейм. Негизи сураганга деле кызыкдар эмесмин. Мен учун кызыгы жок сыяктуу. Эч кимге суйлобойм, эч нерсе дебейм, кыбырап казан-аякты айланчыктап журом. Билбейм бул адатым балким алар учун оон учурап жаткандыр, бирок менин суйлобос мунозумо менин бул жоругума коно тушкондой, мага кыйратып эч кимиси деле суйлобойт. Мен суйлошторун деле каалабайм. Дудук кишиче унчукпай жумуш жасап журо берем. Мен учун ушул жол эн женил, эн эле ынгайлуудай туюлду. Бир кун келип бул жерди таштап кетчуудой, озумду дале конок сезип туруп алдым. Кызык, башкалар деле мен сыяктуу кыйналышты бекен? Же дарооле аралашып бапырап-тапырап баарысы менен суйлошуп, тил табышып кетишет бекен? Кайдаан, менчелик дулдубайстыр эчким! Бироого ачылып суйлобогон адатым, онойчулук менен бироонун ичи-койнуна кире албаган токтоо мунозум ушул жердеда тушап турду.

#16 28 November 2015 - 02:06
Ошоо бекерчилик экенин тушунуп атам... Бирок баарын оз башыныздан откон окуяларды жазып атасызбы? деп сурайын дегем... Эгер ошондой болсо шарт беле жазыш? деген ойлор кыжаалат кылып журду эле качан сурайсын деп... Жаман кормой жок эже, туура эле ойдо...
Ойлоруна айтып кой, сени кыжаалат кылып сура дей бербесин, боодо жерден кыжаалатчылыгына себепкер болуп журбоюн.))
www.super.kg/superstan/ index.php?showtopic=91158& st=40
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#17 28 November 2015 - 08:07
Чолпон айымдын оз башынан откон тагдыры го сыягы. Анткени уйдун кенже келинимин дечуле го.....
#18 28 November 2015 - 08:25
Kimdiki ekeninin kandai kyzygy bar??!!! Unchukpai ele okui berbeisinerbi?!

Супер-Инфо
super.kg
видео