Суперстан: Зынданга түшкөн кыздар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Зынданга түшкөн кыздар

#61 Пользователь офлайн   sasik   26 Ноябрь 2015 - 23:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Ибрагим эч нерседен шек санабай баягыдай эле бакытка тунуп турду.Асел байкатпай, ага болгон мамилесин озгортподу.
-Жакында узак моонотко чет олкого кетемин.
-Эмне учун?
-Дарыгерлердин кенешмесине окмот жонотуп жатат.
-Копко журосунбу?
-Бир айдай боломун го, сен аптекаларды козомолдоп тур.Жума сайын кыдырып чыксан болгону.Калган жагын иш башкаруучу озу билет.
-Макул жаным, сен айтканды жасаймын.
Ибрагим кеткенден кийин Абу менен Асел кун сайын жолугушуп журушту.
-Дагы эки ай чыда Асел, анан сенин Кыргызстанына кетебиз.Кийин бизге эч ким тоскоол болбойт.
-Ошол кун тезинен эле келсе экен.
-Бугун мен сенден ажырагым келбей жатат.
-Менин дагы.Андан коро меникине журбойсунбу?
-Бироо коруп калсачы.
-Эч ким корбойт.Ким кормок эле, арткы эшиктен киресин.Мен жашаган болмого кызматчылар уруксатсыз кирбейт.
Асел уйго бир аз мурда келип, тамдын артындагы эшикти ачып койду. Ал жакта да кочо болгону менен арт тараптан анда-санда чыгышып, дайыма ичинен илип коюшар эле. Калган мезгилде эч ким отчу эмес.
-Мына эми Ибрагим келгенче журо берсен болот.
Асел сыртка чыгып, чон дарбазаны бекиттирип,
-Менден уруксатсыз эч кимди кийирбегиле, -деп катуу дайындады.
Фарида келип дарбазаны какты эле кузотчу Аселдин созун айтты.
-Мен анын алдына кирбеймин, анча-мынча буюмдарымды алып кетишим керек.
Ал чон тамдан обочо жайгашкан кампага кирип, ынгайлуу учурду кутуп турду.Кызматчылар оз иштери менен алек болуп жатканда мышыктай чуркап уйго кирип, идиштеги сууга колундагы дарысын салып, кайра чуркап кампадан бир нерсе алган болуп, кызматчыларга дарбазаны бекитип алгыла деп чыгып кетти.Эринин тийсе адам мурт кете турган уу заматта сууга аралашып билинбей калды.
Тун бир оокум болгондо Абу
-Мен кетейин, жумушка барышым керек.
-Келе турган болсон телефон чал, мен арткы эшикти ачып коёмун.
-Созсуз чаламын.
Эртеден бери Абу менен болгон Асел эшикти илип келгенден кийин аябай чарчап, заматта козу илинип кетти.Эрте менен уй жыйнаган кызматчы аял кечээ куюлган сууну токту да, ысык суу менен чайкап, кайнатылган суудан куюп, муз салып койду.
Фарида《тошогундо олуп жатса ким байкамак эле》деп акырын келип, дарбазаны какты.Бул учурда Асел короодо турган.Куландан соо турганын коруп, ону бузулуп, ошол эле учурда жылмайып Асел менен жылуу саламдашып, ал-жайын сурап, ичиндеги арамдыгын билдирбоого аракет кылды.
Экоо бир аз суйлошкондон кийин Фарида келген жолуна тушту.Ал озунчо кобуранып бара жатты, башта неге ойлободум дегендей башын ургулады.Уйуно кирбей, туура Шакирдин алдына жоноду.
-Сулуу келиндин кучагына киргизем, ага кошо акча берем.Ошол шуркуяны экинчи эркек карагыс кылып бетин, ага кошуп тылагын тилип ташта.
-Канча бересин?
-Сураганынды, ишти бугун тундо баштайбыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   sasik   27 Ноябрь 2015 - 00:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Туну уктабай, керели кечке иштеген Абдукарим Аселдин тизесинде уктап калды.Асел анын башын жаздыкка коюп, акырын турду да, балконго чыкты.Бийик мунаралардын устунон асман башталгансып, жылдыздар дагы эле кокто жымындап турат.Ободо чекиттей юулут жок. Мейкиндик копкок асыл таш менен капталгансып, ото эле тунук.Ошол калыбында Асел бир аз турду да, эс алуу керектигин ойлоп, ичкери кирип Абдукаримдин алдына кыйшайды.
Шакир Фариданы ээрчитип, ар дайым кылмыш ишине барганда кошо барчу Исаны алып алды.
-Уйдун артындагы эшиктен киресинер,-деди Фарида,-Бирин дубалдан ашып тушуп, ичинен илгичти чыгаргыла.Акчаны силер кирип чыккандан кийин беремин.Мен машинада олтуруп турам.
Иса Шакирдин желкесине чыгып, дубалдан секирип тушуп, эшикти ачты.Уйдун эшиги да ичинен илинуу экен.Шакир белине кыстарып жургон жан балтасын алып, эшикти керип ачып, ичкериге киришти.Бул мезгилде Асел да катуу уктап калган.Шакир тошокто эки адам жатканын коруп аябай тан калып, Ибрагим болсо чыгып кетейин деп турганда Иса карангыда столго урунуп, Асел чочуп ойгонуп, кыйкырып жиберди.Шакир дароо Аселдин оозун басып, чачынан кармаганда кол жуучу чоюн чоогун менен аны баш талаштыра алынын барынчп берип калды. Бул учурда Абу да ойгонуп, эмне болгонун тушунбой, уйкусурап турганда Иса аны тамагынан муунтуп жатты.Козунон от чагылып жерге кулаган Шакирдин ойдо болууга дарманы келбей жатты.Асел жарыкты куйгузуп, колундагы чоогун менен Исаны да далыга чапты.Абу дагы эле эч нерсеге тушунбой Исанын ким экенин билмекке жузун карап жатканда Шакир балта менен башына уруп, Аселди бет талаштыра муштап, Иса экоо которуп машинага чыгышты.
Абу ошол бойдон копко чейин ордунан тура албады.Акылы ордунда болгону менен турууга дарманы келбеди.Эмне болсо да ушул жерден чыгып кетейин деген макматта боору менен сойлоп жатты.
-Адебинди гана колуна карматам шуркуя! Сениби шашпа азыр, -тишин кычыраткан Шакир машинаны зуулдаткан бойдон Фариданы уйуно таштап, акчаны алды да заматта шаардан чыгып, ээн талаага карай жол тартты. Колу артына танылып, оозуна чупурок тыгылган Асел бут баарын Фарида уюштурганын билди.Озун ойлобой, Абуга кыжаалат боло баштады.Олуп калбады бекен?...
Шакир Аселди ээн чалдыбардын арасына алып келди.Бир козу тостоюп шишип, тиштери зыркырап ооруп жатты.Ошондуктан Аселди зордогонго шашылбады.Асел эптеп колун бошотуунун аракетин кылды.Иса оозуна чупурок тыгып жатканда Фарида анын колун озунун жоолугу менен шашылыш эле арыдан бери байлап салган эле.Ошондой болсо да чыгаруу кыйын болуп жатты.Колун эле чыгарса качып кетерин сезип турду. Бир топтон кийин колун чечип, ынгайлуу учурду кутту.Бул учурда Иса Шакирдин козун койногунун четинен айрып танып жаткан.
-Шуркуяны бери алып кел, колун сындырып, бутун жерин койбой талкалаймын. Асел курч тырмактарын карыштырып, Иса жакын келгенде манжаларын Исанын бетине матырып, аймап-аймап жиберип, жерден кум алып, Исанын да Шакирдин жузуно чачып жиберип, бет алган жагына качып жоноду.Бир топ жерге барып, артына караса эч бир дабыш билинбейт. Эгер кетишсе кайра жолго чыгайын деп турду.Жакын эле аралыктан《Жердин тубунон болсо да табабыз》деген Шакирдин уну чыкты.Асел дагы чуркады.Бутунун астынан кум сапырылып, тикен-шыбактарга чалынып жатты.Ажалдан коркконунан эле калам шилтейт, болбосо алдан тайып баратты.Бир оокумда тик кыяга кез келип, онкосунан тушуп, донголоктой кулап баратты.Токтой турган эмес, башы тегеренип, токтоп калууга кубаты жок. Акыры куу менен барып, катуу нерсеге урунуп эстен танып жатып калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   sasik   27 Ноябрь 2015 - 00:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

-Кайда житип кетти шуркуя? Созсуз козун тазалоо керек.
Ангыча тан агарып келе жатты.
-Таппайбыз Шакир, ал колоттогу бир бурчка кирип кетти да.Кайдан тапмак элек.Дагы эле жузунун сол капталы ооруп жаткан Шакир Исанын созун макул коруп, келген тарабына кайрылышты.
Асел таптакыр акыл-эсин жоготкондой, эч нерсе конулун кыжалат кылбай мемиреп жатты.Алматыдан башталып, ушул жерде уланган кундорунун бир элеси да жоктой жаны торолгон наристече уктай берди.Жан дуйносун жыргаткан мындай жагымдуулукту омур бою сезген эмес болчу.Копто барып козун ачты.Дагы эле эч нерсе эстей албай жатты. Мандайында арбагансып, тилин соймондоткон, эбегейсиз жоон жыланды коруп да чочубады.Жан жагын караса бут эле быжырап, уймолоктошкон жыландар.Омур бою ошолор менен жашагансып жата берди.Кашында турган чон ак жылан бутунан баштап, белине чейин чырмалып алыптыр. Асел жыландын козун карады.Чын эле ошондрйбу, же ага ошондой сезилдиби, жыландын козунон мээримдуулуктун оту жанып турду.Он-он бештей чон жыландар ар кайсы жерде куйругуна тегеренип, чыканактай башын которуп туруптур.Ал турган жыландардын ордосу экенин байкады.Мында кантип келип калганына таныркап, ордунан турмакчы болгондо оролуп турган жылан кучагынан Аселди бошотуп, алга карай соймондоп жоноду.Асел анын артынан жарыкты кууп бара берди.Артын караса чон жыландардын баары ээрчип келатыптыр Ункурдун оозуна жеткенде ийненин козундой чачырап, таштын устунон колмоктогон булакты коруп, суудан моокуму канганча шимирди.Асел сыртка чыкканда жыландар ошол жерде кала беришти.Аселге бут баары туш сыяктуу сезилип, мына-мына ойгонуп кетчудой болуп турду. Андан кулаганын билет, бирок ункурго кайдан келип калды.
Ал кумдуу талаа менен алга карай баса берди.Ункурдон жан дуйносу, сезими, кан жаны тазаланып чыкканын баамдап турду.
Конулу которулуп, алга карай жарык маанайда баратты.Бир топтон кийин кум тугонуп, адырлуу такыр жерге тушту.Тээ алыстагы колоттун тор жагында дарак корунду.Ошол жерде суу бар чыгар деп кыялап бет алды.
Исхак карыя эчкилерин камап коюп, дарактын колокосундо олтурган.Озун коздой келе жаткан жыланбаш, ич койнокчон аялды коруп《Я Аллах》деп келме келтирип алды.Жинби, шайтанбы деген ойдон да четте калган жок.Жакындап келгенде кыздын бетинен нур тогулуп, Исхакка кызыр жолуккандай алдастап калды.
-Суусундук барбы ата?
-Айран бар кызым.
Асел чон кесеге куюлган эчкинин даамдуу айранын рахаттана ичти.
-Рахмат ата.
-Кызым каршы болбосон мынабу чупурокту оронуп ал.
-Кечириниз, , ушундай жургонумо, атайлаган жокмун.
-Тушуном кызым, онуно караса биздин элден эмессин.Жон жайынды сурайын дедим эле.

-Мен Орто Азиядан? Кыргызстандан келгенмин.Мурдагы СССРдин курамында болчу.
-Укканмын кызым.
-Ата шаарга чейин коп барбы?
-Коп бар кызым, бугун жете албайсын.Андан коро мага конок болуп кет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   sasik   27 Ноябрь 2015 - 13:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Карыя жана эле жакага берип жиберем деп сойгон улагын бут бойдон казанга салып, от жагып жиберди.
-Кана кызым, тамак бышканча жайынды айтып олтур.
Асел карыяны алдагысы келбеди.Алматыдан тартып, бул жерге келгенин, , кылган жоруктарын, Абуну, Умарды, акыркы окуяны, , жана эле коргон жыландарды, бут баарын эт эзилип бышканча айтып берди.Аселдин кебин тыншаган карыя кеч киргенче отурган калыбында тыншады.
-Алла кечирсин кызым, коп азаптарды башындан откорупсун.
Короонун оозун ачып, эчкилерди чыгарып келип,казандагы этти Аселдин алдына койду.
-Эми кызым, мен эчкилерди жайып келгенче сен шашылбай тамактана бер.
Асел соогунон ажырап бышкан улактын сорпосунан ууртап, этине туз сээп, рахаттана жей баштады.Канча жесе да тое турган эмес.Табактын тубун тушуруп, оотурган жеринде уктап калды.
Асел ошол бойдон эртеси ойгонду.Исхак карыя эбак эле эчкилерин короодон чыгарып, кундолук тиричилигин жасап жатыптыр. Асел шаарга эртерээк кетуу керектигин ойлоду да, карыянын алдына келди.
-Кызым, озун жалгыз адашып каласын.Кечээ сен уктап жатканда уулум келип кетти.Эми эртен келет. Ага чейин ушунда туруп тур.Бул жер коопсуз.Уулумдан сага кийим алып келуусун отундум.
Асел Исхак карыяга карап олтуруп, анын жашоосуна суктанды.Айылда, ата-энесинин кашында калбаганына окунду.Балким айылда жургондо алиге чейин турмуш куруп, бала чакалуу болуп калышы да мумкун эле.Мал менен бир аз оокатын болсо айылда жашаганга не жетсин.
Исхак карыя чон кара кумганга чай кайнатып, Аселдин алдына дастаркон жайды.
-Ата-энен, бир туугандарын бар беле кызым?
-Баары эле бар.
-Анда сен ырыскылуу кыз экенсин.Келечекте бактын ачылат.Анча- мынча адашкан экенсин.Ал эч нерсе эмес. Алланын айткандарын кылып, ниетинди ондосон эле тещ жолдуу болосун. Аллах баарына тегиз карай.Биз копчулук учурда пендечилик кылып, оной оокат издеп ойдо-томон болобуз. Эсинде болсун кызым, тогороктун торт бурчун кыдырсан да оной оокат таппайсын.Аллах ак менен караны кошо жараткан.Экоонун айырмасын билсин деп, адамга акыл-эс берген. Дуйнону Аллах тен салмакта сактап турат.Жер жузундо бут пенделер жакшыга айланып, жаман калбаса заматта акыр заман болот.Ошондуктан пенделер туз жолдон адашат, шайтандын тилине кирет.Бирок анысын убагында сезип, жараткандан кечирим сураса, Аллах куноосун кечет.Ал озу чексиз ырайымдуу жана боорукер.Эгер жамандыгынан кайтпай, куноо артынан куноо жасаса, анысын озу билип турса андайларга жараткан эгебиз жан чыдагыс тозок отун камдаган.
-Намаз окуйсунбу кызым?
-Жок.
-Намаз оку кызым.Ыймандын диндин тиреги-намаз. Бул жерде баарын ташта да, тилегине жетууго аракет кыл.
Исхак карыя бир нерсени эстегендей копко ойлонду да, дастарконго кейиштуу карады.
-Уй-було бала чаканыз барбы ата?
-Мен дагы бактысыз кудайдын кулумун кызым.Аялым он беш жашында тороттон каза болгон. Андан бир уулум калды. Кийин уйлонбодум. Элге жек корунбойун деп, ошондон бери ушул жерде эчки кайтарамын.
-Эмне учун уйлонбодунуз?
-Ыраматылык аялым экообуз антташкан элек.Мен ага сенден башка аял албайм деп соз бергенмин.Анын ажалы мага аябай катуу сокку болду. Аны чексиз суйот элем.Кудайдын каалосу ошол экен.Азыркыга чейин анын элеси менен жашап жатам.
-Чыныгы суйуу бар деп эч качан ойлобоптурмун.
Асел карыяга унуло карап, анын жаш кезде ото сымбаттуу болгонун баамдап, капысынан оюна Абу тушту《Эмне болду экен байкушум, аман эле болсунчу》Кетем деди Асел чын дилинен.Кетемин, айылга барамын да коп четинен уй куруп, так ушул карыядай жашаймын.Абу кааласа мени менен кошо кетсин, каалабаса жок.Баарынан жададым.Откондо Роза менен кете берсем болмок экен.Каап.... жок эми бул жерде бир саат да турбаймын.Венераныкына барам да, паспортумду алып жолго чыгам.Ибрагимге да,Абуга да жолукпаймын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   sasik   27 Ноябрь 2015 - 13:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Ошол куну эптеп уйуно жеткен Абу окуянын кандай болгонуна ткшунбой копко ойлонду. Жумушка тумоолоп калыптырмын деп, озу озу дарылады.Аселдин уйуно кайра-кайра телефон чалса да, эч ким жооп берген жок.Буга ал аябай кыжаалат болуп, Аселди издеп чыкты.Эн мурда тиги эки зоокурду табуу керек. Абу жумушка жолугуп коёюн деп ооруканага келгенде дарбазадан бети-башы когоруп чыккан Шакирди жазбай тааныды.Дарыланууга келсе керек, кан талаган козун жоолук менен танып баратыптыр. Эми Абу анын артынан тушуп, изинен жазбай журду. Абу Асел темир менен куп гана келиштире чапкан экен.Мээсине доо кетип, доктурлардын жатып дарыланасын дегенине болбой уйдо дарыланам деп баратты.Эч ким жок ээн кочого келгенде Абу аны кууп жетти да, капысынан соо козуно таамай муштады.
-Айт, акмак! Кыз кайда?! Айтпасан ушул жерден жанынды сууруп аламын!
Муштумдун заары жанын оорутуп айласын кетиргенде Шакир койдон жоош болуп, Аселди кайда алып баргандарын толук айтып берди.Абу ошол замат такси жалдап, Шакир айткан жерге келип, Асел кеткен тарапка из кууп жоноду.Ай талаада олуп калбагай эле деп Абу кыжаалат болуп баратты.Аселдин ээн чолдо калганын ойлоп, чындап боору ооруду.
Бул кезде Асел Исхак карыя менен коштошуп, анын уулу экоо жолго чыгышкан.
-Кызым менин айткандарымды журогуно бекем туй.Эч качан ботон жерде бактылуу болбойсун.Мыкты уй, корком кийим арбын акча, оокаттуу жашоо кокуроктогу оксукту толтурбайт. Намаз окуп, мусулманчылыктын эрежесенин кармоону унутпа.Кош эми, жолун шыдыр болсун!
-Рахмат ата, мен сизди эч качан унутпаймын.
Машина журуп, ордунан козголуп, бир топ жерге барганга чейин Асел карыяга кол булгап баратты.Алыстан коргон машинаны токтотуп сурамакчы болгон Абу аны утурлай жоноду.Асел откон тундогу табышмактуу ункурдун жанына келгенде Исхак карыянын уулун токтотуп коюсун суранды.Ал озу туногон жерди эч бир таппай койду. Акыры табышмактуу жердин сурунон коркуп, кетууго шашты.
-Бул жерге даарат ушатканга болбойт эле.
-Мен даарат ушаткан жокмун.
-Анда эмне учун токтоттун?
-Жыландарды издедим.
-Кайсы жыландарды?
-Алар мага эки кун мурда жолуккан.
-Билесинби, бул жер абдан касиеттуу.Илгери ушул жерде кудайдын суйгон жыландардын падышасы жашаптыр.
-Анан эмне болуптур?
-Бул озунчо ото кызыктуу уламыш.Атам айтып берген жокпу?
-Жок.Билсен сен айтып бер.
-Ото эле узун уламыш.Шаарга барганда айтып берейин.
-Сенин атын ким?
-Абдушукур.Сеникичи?
-Асел.
Абдушукур ээн чолдо жолуккан Абуга токтогусу келген жок. Ар кандай адам бар эмеспи.Машинанын артында олтурган Асел Абуну байкаган да жок.Ал касиетту жердин уламышы кандай болду экен деп кыялданып бараткан болчу.
-Абдушукур эртен экообуз менин жердеш кызымдыкына барып келели.Паспортум ошондо эле.Анан самолетко билет ала берсек болот.
-Акча барбы?
-Акча жетиштуу.
Жаш экенине карабай, Абдушукур эки аялдуу болгон.Тун аялы тамаша кепти жакшы коргон, ачык конул, ар бир созуно азил кошуп суйлогон аял экен.
-Ой эй, ой эй, Маликанын атасы, мындай сулууну ээн чолдон кантип таптыныз? Колдон учуп кете электе никенизге байлап койбойлубу?
-Тамашалаба байбиче, бул кыз биздин тилди мыкты билет.
-Ой эй, ой эй, анда ырас болбодубу.Котормочунун да кереги жок болот.Молдону чакырып, тойдун камын коро берейинби?
-Андай болгон кундо куйоонузду биротоло тарттырып коёсуз.Биздин салтта эркек бир эле аял менен жашайт.
-Ой эй, бир эле аял менен жашаса, ой эй, калган ургаачылардын коргон куну кандай болот?
-Эркек жетпеген учун силерге чейин келип талашып журобуз.
-Ой Аллах, бекер тамашалаган турбаймынбы.
Алар кулку менен уйго киришкенден кийин кечки тамакты ичишип, Аселдин отунучу боюнча Абдушукур уламышты айтууга киришти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   sasik   27 Ноябрь 2015 - 14:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

-Илгери ушул чолкомду мекендеген чакан эл болуптур. Аларды Исмаил аттуу падыша башкарып, бири-бири менен ото ынтымактуу экен.Бут баары беш маал намаз окуп, шарыяттын жол жобосун бекем карманышкан дейт.Эл ушунчалык мээримдуу болгондуктан, жапайы айбанаттар, канаттуулар коркпой-уркпой эл менен аралашып журчу экен.Ишке жарамдуу эркек аттуунун баары жылына бир ирет соодагердик сапарга чыгышып, ошону менен жан сактачу тура.Калп суйлоо, уурулук деген такыр эле болбоптур.Эн эле кызыгы аялдар жузун жашырып жургондуктон, агасы инисинин, иниси агасынын аялын тааныбайт экен.Исмаил падышанын эки аялынан уч уул, эки кыз болуп, баарынан эн кичуу уулу Сейитти аябай жакшы корчу экен.Тун уулдары баатыр чыгып, кун-туну айылды каракчылардан коргошчу дейт.Ошондой кундордун биринде падыша эрке уулу Сейиттин урматы учун калкына той берууну ойлойт.Оболу ага оз элинин ичинен ылайыктуу кыз табышат.Той шандуу болсун учун падыша алыстан ырчылар менен бийчилерди чакырат.
Сейит менен болочок келинчегинин никеси кыйылгандан кийин тамаша башталып, падышанын баласынын уйлонуу тоюна буткул эл чын дилинен кубанат.Тойго келген бийчи кыздардын арасында Назира аттуу ото сулуу кыз да бар экен.Ал чимирилип бийлеп, буткул элди тан калтырат.Исмаил падыша да онордун кереметтуу азгырыгына тан берип, Назиранын талантына суктанат.Ал эми уйлонуп жаткан куйоо бала Сейит Назираны коргондо жанындагы колуктусун да тойду да унутуп, бийчи кызга болгон суйуусу ойгонот.Бир коргондо Назира анын журогунон орун алып, туболуко кеткис так болуп синет.Назира да Сейитти ошончолук суйуп, бут дитин коюп бийлейт.
Той таркап, эл аягы суюлганда ортомчу келин аркылуу Сейит Назираны озуно чакырып, экоо бири-бирине кыяматка чейин бирге болууга ант беришет.Ошол куну алар туну бою бирге болуп, бири-биринен ажырагысы келбей, суйуунун кайыгында термелишет.
Бирок Сейит Назира менен баш кошууга атасы эч качан уруксат бербешин,бугун ажыраса омур бою аны кайра коро албашын ойлоп, жан дуйносу сыздап, терен ойго чомулот.Назирадан ажыраса тободон асман тушуп, алдында жер кочорун сезет.Омур бою боздоп оторун ойлойт.Назира ага кыз эмес эле асиандан тушкон периштедей туюлат.Журогу жалгыз гана Назира деп согуп, эс дартынын баары кызда болот.Ошондуктан, Назираны айылдан анча алыс эмес жердеги ункурго алып келип, экоо ар дайым жолугушуп журушот.
Сейит ошол кундон баштап ондон азып, жузунон кызылы тамган чырайы саргая баштайт.Оз колуктусуна чечилип сыр айтпайт.Назирага жеткенге чейин эртеден кечке ойлонуп, аны коргондо гана чери жазылып, конулу которулот.Ал эми Назира баарына кайыл болуп, эртеден кечке озу ырдап, озу бийлеп ункурдо жашай берет.
Акыры жан дуйносу кыйналган Сейит колуна чоор алып, кокурогуно толгон арманын обон кылып чыгарып, озун алаксытат.Журогунун теренинен чыккан куйутту чоордун куусуно айлантып, кен талаага жанырып, жан-жаныбардын баары мемиреп, жыландар куйругуна туруп бийлей баштайт.Най унунон жаралган обон ушунчалык мукамдуу болгондуктан, аны оз баласы тартканын билбей Исмаил падыша да козуно жаш алып, калкын чон жыйынга чакырып чоор тарткан адамды тапкыла деп буйрук берет. Букаралары бири-биринен шектенип, чоорчуну копко издешет.Эч ким таппаган сон Сейиттен коптон бери кумон санаган жесип кемпир анын артынан сая кууп тушуп, андып барып, Назира менен жатканын коруп, бут баарын Исмаил падышага айтып келет.Адатта Исмаил падыша никеден сырткары ойноштук кылып, шарыятты бузгандарды олум жазасын тартчу.Табиятынан адилдикти бекем туткан карыя кабыргасы кайышып, канынан жаралган балага дили ооруп турса да Сейит менен Назираны дарга асууга буйрук берет.Экоону байлап келип, дар секисине чыгарганда казы аларга акыркы созунорду айтып калгыла деп мумкундук берет.Ошондо Сейит《Олор алдыбызда мен чоор тартып, Назиранын бийлегенин акыркы ирет коруп калайын》деп суранат.
Ошондо Сейит баштагыдан ого беш бетер кайгылуу кууну тартып, Назира сооксуз жаралгандай бийлей баштайт.Айылдан айланасы эрме чол, ээн талаа экенине карабай най уну алыска угулат.Эл чогулган дар секиге жыландар сойлоп келип, айбанаттар каз катар тизилет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   sasik   27 Ноябрь 2015 - 16:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Когучкондор Назираны тегеректеп учуп, жыландар Сейиттин тулку боюна оролуп, калгандары куйругуна туруп бийлей баштайт. Эреже деген эреже, шарыят деген шарыят. Бул аянычтуу абалды копко узарткысы келбеген падыша жасоолдоруна жазаны аткаргыла деп буйрук берет.Ошондо жашы токсондорго барып калган карыя алар учун олум жазаны токтотушун отунуп, Сейит менен Назираны журтту таштап, коз корбогон тарапка кеткиле дейт.Эл дагы аларды олумго кыйбай, падышадан карыя айткан акылды суранышат.Исмаил падыша элдин айтканын жасаса эртен эле дагы бироо чыгып, куноо жасаган кобойо береби деп коркот. Буйругун аткарайын десе эли суранып, тузулгон жагдайдын абалы аябай аянычтуу.Ал копко ойлонуп, оз буйругун озгортпоону ылайык коруп, жазаны аткаргыла деп окум суйлойт.Алдыдагы алааматты билбей калат.Жасоолдор экоонун башына кыл аркан салып, тартмакчы болгондо уулуу жыландар буга нааразы болуп, аларды чагып алат.Эки жасоол тилге келбей мурт кетет.Ошондо адамдар менен жыландардын ортосунда кармаш башталып, аёосуз согуш журот.
Кайдан кобойгонун ким билсин, жыландар уйур-уйуру менен келип, адамдарга кол салышат.Алардан эч качан мындайды кутпогон эл аябай тан калып, жыландардын аракетине каршы туруп, бир четтен олтуро башташат.Адам деген адам эмеспи, тез эле уйулгон чопко орт коюп, казандагы кайнак сууну чачышып, жыландарды кырып жиберишет.Шаштысы кеткен жыландар айылдан чыгып, алыскы талаага сойлошот.Ошондон ушул кунго чейин адамдар менен жыландар очогушуп калган экен.
Учурдан пайдаланып, Назира менен Сейит кен талаага качып кетет. Копко журуп олтуруп, бир дарактын тубуно келишип, аябай чарчагандыктан катуу уктап калышат.Сейит ойгонуп, Назиранын устундо уймолоктошкон жыландарды коруп, чочуп кетет. Муну сезген Назира
-Жыландардан коркпо жаным, булар ото эле мээримдуу, мыкаачылыкты, адилетсиздикти жек корот.Андан коро чоор тартчы.
Сейит Назира экоонун махабатын, кечээги кыргынды, бут баарын кууго салып ойнойт.Бир саамдан кийин Сейит омурундо корбогон тири укмуш жыландар келе баштайт.Алардын арасында сары, кызыл, ак, чаар, бозомук жыландар бар эле.
-Жыландар аябай бийлегенди жакшы корот.Адамдар бийлегени жыландар учун чон майрам,-дейт Назира.
-Кызык эч качан уккан эмес экенмин.
-Эми булар ар дайым биз менен болушат.
-Койчу, булардын бизге эмне кереги бар?
-Жыландар бизди коргошот.
Сейит залалы жок болсо журо берсин дегендей Назиранын эрки менен болот.Бирок кундон-кунго жыландардын Назирага чырмала бергени жакпайт. Тун ичинде да алардын устуно уймолоктошуп, кыймылдаганы сарсанаага салат.Ал эми Назира керээли кечке жыландар менен бийлеп, , эч бир жадабайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   sasik   28 Ноябрь 2015 - 01:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Сейит тескерисинче ондон азып, жыландарды коргусу келбей калды. Айылдагы бир туугандарын, энесин сагынат. Эч кимге байкатпай, барып келууну ойлойт да, тун ортосунда Назира менен коштошуп, жолго тушот. Дербиштин кийимин кийип, эл арасынан атасынын сокур болуп калганын, энесинин куйуттон тошокто жатканын угуп катуу капаланып Назирага айтып келет.
Ата - эненди айыктыруучу дары кылып беремин.Бирок бир гана шарт менен.Сен экообузду кечирип, ээн-эркин жашай турган болсок, -дейт Назира.
Ошол убакта падыша туш тарапка чабармандарды жиберип, дарыгердерди алдырат.Бирок аялына да, , озуно да эч бир шыпаа болбой ахывалы начарлай берет. Ошондо Сейит жашыруун келип, увазирге Назиранын талабын айтат.Увазир ары ойлонуп, бери ойлонуп, жакшыларды чогултуп падышага《Сизди жана энебизди айыктырса куноосун кечебиз》 дешет.Падыша копко ойлонуп, акыры макул болот.Бир гана талабым, менин уйумдо эмес, менден оолак жашасын.Бийчи кыз козумо чалдыкпасын дейт.Сейит бул созго тобосу кокко жетип, Назирага келет.
-Мен дары жасап буткончо сен башынды чумконуп жат, даяр болмоюнча мени карабагын, касиети бузулат деп катуу эскертет.Сейит Назиранын созун бек сактап, жатып уктап калат.Бир оокумда Назира аны ойготуп, колуна дарыны карматат.
Падыша дарыны ичер замат сокур козу ачылып, кадимкидей айыгып кетет.Аялы да уйкудан ойгонгондой ордунан туруп, муну коргон калк мандайы жарыла кубанат.
Айылга келип жашаганына, баары оз жайына келгенине Сейит жетине албай кубанып, Назираны алып келет.Чыр-чатактан арылган калк мурдагыдай турмуш кечирет.Падыша уулуна эки кызматчы аял болуп, оокатына кам корот.
Кундордун биринде Сейит уйдо жок мезгилде кызматчы аял Назиранын болмосуно баш багып, журогу оозуна тыгылат.Назиранын мойнунан ылдый жагы кадимкидей жылан кейпинде болуп бийлеп жаткан экен.Аял коркконунан жанынын барынча кыйкырып, сыртка чыгып, экинчи кызматчы аялды алып келип, уйго киришсе Назира тынч гана уктап жаткан болот.Кызматчы ошол кундон баштап, Назирадан шек санап, аны андыганга отот.Сейит экоонун уктаган болмосуно кундуз кирип, айнек парданы четинен шыкаалаганга ынгайлуу кылып ачып коёт. Кечки тамак ичилип, эл уйкуга жаткандан кийин аял терезенин тубуно келип, кайрадан коргон козуно ишенбейт.Назиранын бут тулкусу эбегейсиз жыланга айланып, тандайындагы заары шекердей кайнап, Сейиттин бутунан моюнуна чейин оролуп, жузуно тиктеп туруптур.Эми кызматчы аял демин ичине алып, элдерге кабарлаганга качып жоноду.Муну уккандардын эч кимиси ишенбей, кызматчы аялды келекелеп кулгондор да болду. Акыры аял безилдеп каргана бергенден терезеге келип шыкаалашып, баарынын тобо чачы тик туруп, алар бут айылды дурботушуп, болгон тири укмуш окуяны падышага айтышат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   sasik   28 Ноябрь 2015 - 01:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Булардын баарын алдын ала сезген Назира Сейитти ойготуп, озунун табышмактуу сырын ага баяндай баштайт.
-Кечир мени Сейит, омур бою сага байкатпаймын деген оюм ишке ашпады.Эми бут баары ойрон болду. Сен мени дагы бир жолу кечир.Акыйкатта мен жыланмын.Кыз болуп кубулганыма таныркаба.Мен сенин жанында наристе кезинден бери журомун.Сен жаны гана торолуп, сууга чомулуп жаткан кундон бери сен деп жашар келдим.Коп жыландын ичинен мени байкабайт элен.Адам козуно жыландын суук корунгонун мен адамга айланганда билдим.Бирок силердин элинер жыландарга тийбейт эле.Башка жактарда адам менен жылан очогушкон душман болду. Ал жактарда адамдар жыланды корор замат олтурушот.Казанга кайнатып жеп да атышат. Коптогон ордолуу жыландардын тукуму курут болуп бара жатат.Аргасыздан жер которуп, пендеси жок тараптарга ооп, жыландардын жашоосу кыйындай баштады.Жыландар баарын сезип, баарын баамдап турган менен адамдардай акыл-эске ээ эмеспиз.Адамдардай айлакер эмеспиз.Ошондуктан, кээ бир учурларда адамдар бизди тебелеп-тепсеп алганда байкабай чагып алабыз.Дал ошол озубуз сезбей тил матырып чакканыбыз оз башыбызга жетип, адамдар бизге очогушуп жоо болду. Бир жолу сени эки кун удаасы менен корбой тамдын тубу менен босогого сойлоп келсем атан устумдон кырча тепсеп туруп алды. Денем жыйрылып, жаным козумо корунуп, оозума кара кан келип туйлап жаттым. Чагып да алат болчумун.Бирок мойнумдан тепсегендиктен кыймылдоого дарманым келбей тоголонуп копко жаттым. Ордого келгенимде жыландардын падышасы коп кун дарылап айыктырган. Мен адамга айланар алдында копко ойлондум.Бирок жашоом сенсиз дайыма карангы тун болоорун элестеткенимде бир орунда туралбай жай дуйном чогуп, бир канча кун ийнимде жатар элем.Жылан адамга айланса боло турганын укканымда туз эле таш ункурду мекендеген муйуздуу жылан энеге жонодум.Мага чытырман токойлорду, кумдуу талааларды, шаркыраган сууларды кечууго туура келди.Муйуздуу жылан эне менин бул кадамым ото опурталдуу экенин бир нече жолу эскертти.Бирок когоруп болбодум.Ал мага мен сыяктуу коп болгонун, алардын баары окунгонун, жылан эч качан толук кандуу адам боло албастыгын, бир гана карышкыр адам болоорун далай жолу эскертти.Ошондо да сени ойлоп, когоруп болбодум.Анын устуно сенин уйлонуу тоюн жакындап калган эле.Ошол куну мен сенин тоюна бийчилер менен бардым.
Кош бол эми Сейит, мен кетейин сенден бир гана суранаарым ар дайым чоорунду тартып жур.Мен терен жанылышкан экенмин,- деп заматта жыланга айланат да, карангы тундо кумдуу талаага сойлоп кетти.Ал эми падышанын уулу Сейит омуру откончо Назираны жоктоп, чоор тартып баягы сен коргон жайда жашап жаткан экен.Омурунун акырында жыландар аны оздоруно падыша кылып, жыландардын дарысынын касиети менен эки кылым омур суруптур.Азыр да ошол жерден анда-санда чоордун уну угулуп, жыландардын бийлегенин коргондор бар экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   mega777   28 Ноябрь 2015 - 12:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Автор менен тең жарышып теманын ашмалтайын чыгарбагыла. Эскертүү!
Тема тазаланды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   briliant87   28 Ноябрь 2015 - 13:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 201
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 19:05
  • Жынысы:Эркек

Тема тазаланды уурулар жазаланды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   sasik   28 Ноябрь 2015 - 14:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Алган жары сойку экен, куп гана болду, чындык эми мен тарапта деген Фарида Ибрагим кайда кеткенин билген мекемеге келип, аны менен шашылыш суйлошушум керек деп, байланыш телефонду алды да, уйго келип Ибрагимге тезинен жетип кел, келбесен болбойт. Уйун арамга айланды.Суйуктуу жарын козуно чоп салып, тошогунду булгап жатат,-деп долуланды.Бир канча кундон бери Аселдип телефондон жооп бербей жатканын шектенген Ибрагим Фаридага бугун эле жетип барамын деп соз берди.Фарида ошол замат Шакирди уйуно чакырып, Ибрагим келгенде аны кубого отуп беруусун суранды.
Венераныкына эртен менен келишкен Асел менен Абдушукур уйдун бек турганын коруп, эшик алдында туруп калышты.Венера ар дайым уйдо болчу эле, кайда кетти экен деген Асел аларды коншуларынан сурамак болду. 《Абуталиб уй-булосун алып, узак моонотко аялынын торкунуно кеткен》деди кошунасы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   briliant87   28 Ноябрь 2015 - 17:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 201
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 19:05
  • Жынысы:Эркек

Анан!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   jany-aryk   28 Ноябрь 2015 - 18:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 111
  • Катталган: 10 Июль 15
  • Соңку аракети: 25 Авг 2018 11:09

azgoo koopton ele jaz4y avtor
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   mekenchil_jigit   28 Ноябрь 2015 - 21:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 25 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Авг 2018 01:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Садага болуп кетейин чыгарманын авторун айтып койчу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   maks1980bishkek   28 Ноябрь 2015 - 22:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 258
  • Катталган: 14 Март 15
  • Соңку аракети: 21 Сен 2020 11:17

Айланып кетели автор жаза гойчу гуто берип каарып кете турган болдук
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   sasik   28 Ноябрь 2015 - 22:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Достор уйдо конок бар, анын устуно кызым ыйлап. ..Кичине колум бошосо эле жазып жатамын.
Чыгарманын автору:Келдибек Назиров-Зынданга тушкон кыздар.
Урушпай тургулачы бат бутконго аракет кылам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   sasik   28 Ноябрь 2015 - 23:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Кап, эми эмне кылам деген Асел нес болуп туруп калды. Акчанын баары Венерада эмес беле. Абдушкурдукуно копко тура албайт. Ибрагимдикине баруудан башка айла калбады.Ибрагим келгенче туруп турайын, калганын коро жатармын деп озун сооротту.
Фарида менен Шакир бир топко чейин тошокто жатып:
-Откондогу жигит соо эмес экен, мен кубо отпоймун,-деди Шакир.
-Эмне учун отпойсун? Эмнеден коркуп жатасын?
-Сенин тилине кирип, арзыбаган акча учун козумдон ажырап кала жаздадым.Анын устуно ошол жигит мени таанып калыптыр.
-Эркек имиш, суу журок турбайсынбы, менин койногумдун ичине кире калчудай божуройсунго.
-Кубо отсом куйоон экообуздон да шек санап калышы мумкун.
-Оо Аллах ай, сенин алын жардамсыз бей-бечараларга жетет турбайбы.
-Кереги жок, сен учун башымды тобокелге салгым келбейт. Откондо бекер кылган экенмин.
Ошондо туталанган Фарида озун кармана албай, Шакирди жаакка чаап жиберди.
-Эненди!-деди Шакир,-эми озуно кубо отом.Катынын мени азгырып журот деп айтам.
Шакирдин бул созун уккан Фаридада жан калбады.Кандай болбосун анын оозун басуу керектигин ойлоп:
-Кечир мени, кубо отпосон отпо, анда-санда келип турсан болгону.Мен бир аз кызууланып кеттим, кечир деп жойпуланып моюнунан кучактады.
Бул кезде Асел да озун калкалоо учун жол издеп жатты.Эн жакшысы билбеймин дейм.Тундо уктап жатсам бироолор келип, уруп-сабап талаага алпарып таштады дейм.Эгер Абу бир нерсе болуп таанылып калса, аны да тааныбайм дейм.Баары бир мага куноо коё албайт. Фаридадан бетер долуланганга алым жокпу. Учоо тен озунун ойноштору дейм.
Асел уйго келгенде кызматчылар эч нерседен бейкапар экенин билгенден кийин аларды чогултуп алып бир топко чейин тилдеди.Алар болгон окуяны угушуп, жакаларын кармашып куноолудой жер карашты.Ибрагим келсе баарынарды кызматтан кетирем деп коркутту.
Так ошол учурда Фарида дарбазаны ачып, , кирип келди эле Асел алынын барынча ага жулунуп жузуно тырмагын салып, чачынан суйроп жерге жыгып тээп таштады.Кызматчылар экоону ажыраткандан кийин бири-бирин сойку деп короону дуу которушту.
-Бийликке арызданам,-деди Асел Фариданы коркутмакка. Сен мени олтуруу учун ойношторунду жалдагансын. Мен баарын таанып калдым!
Таянарга эч нерсе таппаган Фарида эми чын эле корко баштады.Ибрагимди бекер чакырганына окунду.Ал азыр эле келип калышы мумкун. Аселдин моюн бере турган туру жок.
Асел оз болмосуно киргенде телефон шынгырап калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   sasik   28 Ноябрь 2015 - 23:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

-Алло Асел, сенсинби? Мен Абумун.
-Абу мага экинчи чалбагын, мен сага озум жолугам.
-Деги сен барсынбы? Тируусунбу?
-Ооба, тируумун.
-Аллага шугур, мага ушул эле керек болчу.
Кантсе да далай эркекти коргон Асел Ибрагим келсе эмне кылуу керектигин ойлоп жатты.Ичинен бир топ создорду камдап, баарын акыл таразасынан откоргондон кийин конулу жайланды.
Фарида жузундогу тырмактардын издерин дарылап, эми гана чыгып баратып, дарбазаны ачканда Ибрагим кирип келе жатканын коруп журогу шуу деди.
-Кайдагы кудайсыз сойкуну алып,уйдун кутун кетире турган болдун,-деп ыйлап жиберди.
Фарида менен бир топ жыл жашап, анын сырын жакшы билгег Ибрагим ага копко тигилип, Аселдин алдына кирди.Анын кутуусуз келгенине таныркап, бир топ алдастаган Асел дароо озун кармап:
-Мен аялды коргой ала турган куйоого чыктым деп ойлодум эле.Эмне мени аялындын ойношторуна олтуртойун деп алдын беле? Жолуккан экенмин эркекке.Кой айланайын, эсен соомдо мекениме кетейин.
-Эмне болду Асел?
-Эмне болмок эле, баарын Фаридадан сура.Шакир дегенин угуп калдым, дагы эки адам бар эле.Тун ичинде уктап жаткан жеримден кол салышты.Талаага алып барып олтурмокчу болушканда, алардан аран качып кутулуп, уч кун бою талаада журдум. Бугун гана шаарды таап келдим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   sasik   29 Ноябрь 2015 - 00:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

-Ким дейсин? Шакир дейсинби?
-Ооба, ,Шакир, алар мени уйдон алып чыкканда Фарида машинада олтуруптур.
Ибрагим Аселдин мунайым жузун коруп, аны аяп кетти.Анын арыктап, азып кеткени ого бетер сулуу корсотуп, Аселди куноосуз деп эсептеген Ибрагим аны кучагына кысып озуно имерди.
-Капаланба, мындай окуя эми кайталанбайт. Фарида менен ажырашам, жазага тартам.Ал эми Шакир менен тигилердин адебин берчу кишилер бар.Ошол кундон баштап Ибрагим уйдон карыш жылбай Аселдин жанында болду. Кызматчыларына Фариданы жакын жолотпогула деп буюруп, дарбазаны катуу кайтарууга алды.
Ар дайым жакшы камкордук, жылуу соз, кенен жашоо аялзатынын жан дуйносуно жылуулук тунотот.Убакыт баштагы ойлорунду озгортууго аргасыз кылат.Асел да Ибрагимдин Фарида менен Шакирге болгон аракетине ыраазы болуп, ага кун сайын бийлеп берип, конулун алып жатты.Ал эми бул мезгилде Фариданын куйбогон жери кул болуп, эмне кылаарын билбей алоолонду.
Асел эми мурдагыдай ээн-эркин кочого чыкканын койду.Кундордун биринде конулу айланып, кускусу келип кыйнала берди.Озун начар сезип, сыртка чыгып ойлонуп олтуруп боюна бутконун билди.Оо кудай, кимден болду экен, Абуданбы же Ибрагимденби? Азырынча муну Ибрагимге билдирбей турганы жондуу.Антейин десе баары бир билинет да.Ошондой болсо да доктурга корунуу керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 25 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 25, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 21:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: