Күнүмдүк жашоодо тамакка же салаттарга кошуп жеп келген ашкөктөрдүн канчалык деңгээлде пайдалуу экенин көпчүлүгүбүз биле бербейбиз. Ал эми анын пайдалуулугу жогору экенин билгендер кышка тоңдуруп сактап жыл бою аларды колдонуп келишет. Үзгүлтүккө учуратпай колдонулган ашкөктөрдүн канчалык деңгээлде пайдалуу экенине токтололу.
Көк пияз рак клеткаларынын өсүшүнө тоскоол болот
Жакында эле окумуштуулар көк пияздын курамындагы кверцетин оорулар менен күрөшөрүн жана алардын алдын
аларын изилдеп чыгышкан. Ошондуктан онкологиялык шишиктери барлар көк пиязды көбүрөөк жеши керек. Көк пияздын курамындагы цинк иммунитетти жана эркектердин бел кубатын көтөрсө, фитонцид организмге кирген инфекцияларды
өлтүрөт.
Курамы: Көк пияздын курамынан калий, кальций, цинк, темир баш болгон микроэлементтерди,
С, В, РР, А витаминдеринен тышкары эфир майын, фитонцидди кезиктирүүгө болот. Пияздын курамындагы калий жүрөк-кан тамыр системаларынын ишин жакшыртып аларды жөнгө салып турат. Адистер адам бир жылда 10 килограмм көк пияз жеш керектигин айтышат. Ал эми дарыгерлер витамин жетишсиздик оорусун дарылоодо көк пиязды колдонсо болорун айтып, сунуштап келишет. Мындан тышкары көк пияз кандагы холестеринди азайтып, пайда болгон атеросклероздун жолун тороп оорулардын алдын алат. Адам оорубай, ден соолукта жүрүүнү кааласа, күнүгө таң эртеден кечке чейин бир баш пияз же бир байлам көк пияз жеп жүрүү керек.
Простатит оорусунда эркектер күнүгө кечинде жатар алдында бир байлам көк пияз же бир баш пияз жеп алышы керек. Эгер көк пияздын өзүн жей албаса, анда аны шорпого же салаттарга кошуп кабыл алуу зарыл. Бул ыкманы сасык тумоолоп калганда да колдонсо болот.
Кимдерге сунушталбайт?
Ашказанында жарасы барлар, гастрит илдетине кабылгандарга сунушталбайт.
Укроп ашыкча салмактан арылтат
Укроп - өзгөчө жыты бар бир жылдык ашкөктөрдүн бири. Байыркы египеттиктер укроптун тундурмасы муундарды бошотуп, баш ооруну айыктырарын билип дары катары колдонушкан.
Ал эми байыркы грек дарыгери Гиппократ укропту ашказан оорулары үчүн колдонгон.
Курамы: Укроптун курамынан В6, В9, Е, Р, РР, В1, В2, өзгөчө жалбырагынан С витаминин кезиктирүүгө болот. Ал эми уругунда калий, марганец, жез, цинк, кальций жана натрий баш болгон микроэлементтер бар болсо, сабагында фосфор менен темир бар. Кошумчалай кетсек, зат алмашууну жакшырткан флавоноид дагы укроптун курамында. Укроп нерв, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын системаларына таасирин тийгизип, алардын жакшы иштешине көмөктөшүп,
организмдеги ашыкча суюктуктарды айдап чыгып ашыкча салмактуулуктан арылтат. Мындан тышкары диабет оорусу менен күрөшүп, организмдеги уюп калган туздарды да жоготот. Укроптун курамындагы бета-каротин көздүн көрүүсүн жакшыртып, тамакка болгон табитти ачкандыктан дарыгерлер аны тамактануу рационуна аралаштырып колдонууну сунушташат.
Кайсы ооруларды айыктырат?
Тамгалар көрүнбөй калганча көз тунарып чарчаганда 1 чай кашык укроптун уругу жардамга келет. Аны дакиге ороп ысык сууга 3-4 мүнөт тындырып алып туруп суудан чыгарып муздатуу керек. Даки жылуу болуп калган соң жумулган көздүн үстүнө 5-10 мүнөт кармап туруу шарт. Бул ыкма көздүн чарчоосун басат. Ушул ыкманы көздүн тегерегиндеги майда бырыштарды жок кылуу үчүн дагы колдонсоңуз болот. Мындан тышкары бул ыкма эмчек эмизгендерге да пайдасын тийгизет. Эмчегинен сүт чыкпай кыйналгандар укроптун кайнатмасын ичүү зарыл.
Ашказанында жарасы барларга оору катуу кармаган учурда укроптун кайнатмасын ичүү сунушталат.
Ал үчүн алгач 2 чай кашык укроптун уругуна 2 стакан ысык суу куюп 5-10 мүнөт демдеп коёсуз. Даяр болгон соң аны ичүү керек. Бул ыкманы эркектер импотенция оорусунда колдонсо болот. Демделгенин ичкиси келбегендерге укропту майда туурап, каймакка аралаштырып салат кылып жеш сунушталат.
Кант диабети, ашыкча салмактуулук,
кан басымы жогорулар 1 аш кашык майдаланган укропко 1 стакан ысык суу куюп, 1 сааттан соң тундурманы 2 аш кашыктан бир күндө төрт маалдан тамактанарга жарым саат калганда ичүүлөрү керек.
Жара, шишик, псориаз жана безеткиде жаш укропту майдалап эзип алуу керек. Эзилген укропту дакиге салып жаранын же шишиктин үстүнө компресс сыяктуу байлап, 3-4 саат кармоо зарыл.
Кимдерге сунушталбайт?
Кан басымы төмөндөр колдонсо, көздүн көрүүсү начарлайт, баш айлантып кустурат.
Сельдерей уйкусуздуктан арылтат
Сельдерей элдик медицинада бөйрөктү, подагра, ревматизм ооруларын айыктырууда кеңири колдонулуп келет. Ал картаюу
процессин жайлатуучу касиетке ээ. Мындан тышкары кант диабети менен ооругандарга дайыма колдонуп жүрүү сунушталат.
Курамы: Сельдерейдин жалбырагы менен тамырынан баалуу делген каротин, аспарагин, никотин кычкылы, аскорбин кычкылы, тирозин, эфир майы жана В, А, К, Е витаминдери менен бирге темир, магний, кальций баш болгон микроэлементтерди кезиктирүүгө болот. Сельдерейдин курамындагы кальций, темир жана магний кан айланууну жөнгө салуу менен кан басымын калыбына келтирип, иммундук системалардын ишин жакшыртат. Мындан тышкары кандагы гемоглобиндин деңгээлин жогорулатып,
эркектин бел кубатын көтөрүп простатит оорусунун алдын алат.
Кайсы ооруларды айыктырат?
Айыз оорутуп келгенде, климакста сельдерейдин тамыры жана жалбырагын эмес, уругун колдонуу керек. Анын уругун 35-40 жаштан ашып калган мезгилден тартып жылына бир айдан ичип турса, климакс кеч болот жана убагы келгенде тез өтүп кетет. Ал үчүн 1 чай кашык сельдерейдин уругун термоско салып, үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп 5-6 саат демдеп коюңуз, эч убакта кайнатпаңыз.
Даяр болгондон кийин 2 аш кашыктан бир күндө төрт маал тамактанарга жарым саат калганда ичип турасыз.
Ич катканда сельдерейдин ширесин жарым стакандан сабиздин ширесине аралаштырып ичүү керек. Ушул эле ыкманы аллергия оорусу менен ооругандар сабиздин ширесин кошпой бир күндө 3 маалдан тамактанарга жарым саат калганда 2 аш кашыктан ичип туруу сунушталат.
Муун ооруларында бир аш кашык сельдерейдин ширесине 2 аш кашык кайнаган сууну аралаштырган соң оозун жаап бир саат коёсуз. Даяр болгон соң 2 аш кашыктан бир күндө 3 маал тамактанарга жарым саат калганда ичип туруу керек. Дарыны ичердин алдында гана даярдап алуу шарт.
Уйку качып уктай албай жатканда 35 грамм сельдерейдин тамырын бир литр муздак сууга аралаштырып 8 саат коюп коюңуз. Даяр болгон соң дакиден өткөрүп алып бир күндө бир аш кашыктан 3 маал ичиңиз.
Кимдерге сунушталбайт?
Кош бойлуу айымдарга сунушталбайт.
Себеби сельдерейди жегенден кийин ашказанда газ пайда болот да, түйүлдүккө терс таасирин тийгизет. Мындан тышкары варикоз, бөйрөгүндө ташы барлар жана талма оорусу менен ооругандарга сельдерей жегенге болбойт.
Петрушка организмдеги уюп калган туздарды тазалайт
Байыркы мезгилде петрушканын баасы алтындын баасы менен салыштырылып келген. Петрушканын жалбырагы тамакка болгон табитти ачса, уругу менен сабагы организмде уюп калган туздарды заара аркылуу тазалайт. Курамындагы минералдардын көптүгү боюнча петрушка башка ашкөктөрдүн жанында биринчиликте турат.
Курамында С жана В9 витаминдери бар болгондуктан аны кан айлануу процесси начарлагандарга сунушташат.
Мындан тышкары курамында В, А, РР, Е, бета-каротин,
минералдардан калий, фосфор, кальций, магний, натрий, темир, цинктер бар. Кошумчалай кетсек, петрушканын курамындагы инулин кандагы глюкозаны көзөмөлдөп,
аны нормада кармап турат. Демек, кант диабети менен ооругандар петрушканы көбүрөөк колдонуулары керек. Ал эми ширеси калкан безин, бөйрөктү жана кан айлануу системасын бекемдеп, алардын иштерин жөнгө салгандыктан аны жүрөк ооруларында сабиздин ширеси менен аралаштырып ичүү сунушталат.
Кайсы ооруларды айыктырат?
Жүрөк ооруларында:
1 чай кашык майдаланган петрушканын уругуна бир стакан сүт кошуп 8 саат жылуу жерге коюп коёсуз. Эгер сүт жок болсо, бир чай кашык таза бал менен жарым стакан кайнаган сууну кошсоңуз болот. Даяр болгон соң бир стаканды төрткө бөлүп төрт маал тамактанарга жарым саат калганда ичесиз.
Бөйрөк же бооруңузда таш бар болсо, петрушканын ширесин 3 маал жарым стакандан тамактангандан жарым сааттан кийин ичиңиз. Эгер петрушканын ширесин иче албасаңыз, жалбырагын айранга чылап ичиңиз.
Жүрөк оорусунан улам шишип кеткендерге петрушканын тамыры жардамга келет. 1 аш кашык майдаланган петрушканын тамырына 1 стакан ысык суу куюп 10 мүнөт жай отко кайнатасыз.
Эми аны жарым стакандан бир күндө эки маал тамактангандан соң ичүү сунушталат.
Ушул ыкманы колдонуу менен кычкылдуулугу жогору болгон гастрит оорусун айыктырууга болот.
Циститте, простатитте жана айыз каны катуу келгенде: 2 аш кашык майдаланган петрушканын тамыры менен жалбырагын термоско салып, ага 1 стакан кайнаган суу куюп 5 саат коюп коёсуз. Даяр болгон соң бир күндө 2 аш кашыктан 4 маал тамактанарга жарым саат калганда ичесиз.
Кимдерге сунушталбайт?
Кош бойлуу айымдарга сунушталбайт жана өз өлчөмүнөн ашыкча колдонгондо зыяндуулугун көрсөтөт.
Кайсы чөп-чарды (специя) тамакка көп кошосуз?
#230 18 December 2015 - 12:24
Укроп,петрушка,
кок пияз,зире,мурч,
коп учурда ушуларды колдоном.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#231 18 December 2015 - 22:34
Укроп,кок пияз анан петрушка(кашнич).
уйдо соонун болуп осуп турушат кундо иштен келгенде кашничти озунле жей берем ары бери басканча олло жагатта

Супер-Инфо
super.kg
видео















