Суперстан: АКШ доллары эмне себептен кымбаттап жатат? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

АКШ доллары эмне себептен кымбаттап жатат?

#121 Пользователь офлайн   jetinur90   25 Ноябрь 2015 - 21:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

мен ушул темадан гана окуй албадым ушуга да Бакиев куноолуу дегенди))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   jetinur90   25 Ноябрь 2015 - 21:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

негизи ушул балекет долларды дуйно эли биригип таптакыр алууну токтотуп ордуна башка акча бирдигин киргизип,же дуйно эли ортодо долларды америкадан сатып алып,болбосо куч менен тартып алып озубуз басып чыгарсак мынчалык экономикалык каатчылык болмок эмес. Согуштар да балким азайышына оболго тузмок. Ким кандай ойлойт,ой болушо кетиниздер. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   AlbertEnshtein   26 Ноябрь 2015 - 16:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 57
  • Катталган: 19 Июнь 15
  • Соңку аракети: 30 Дек 2016 22:24

Озубуз эле башы жок койго окшобой алды саттыны сомдо жасасак эле тушот кр да доллардын курсу. Уй жай, машина, илибой кымбат нерсени долларда сатып жатып берип жатабыз го озубуз америкостордун астына кул болуп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   sensei   27 Ноябрь 2015 - 00:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 599
  • Катталган: 17 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2020 12:40
  • Жынысы:Эркек

Доллардын өсүшү - дүйнө экономикасынын түшүшүнүн таасири эмеспи.
Ушул саналуу банкир - финансисттердин түзүп кеткен системасын бузалбай эсибиз оодуго.
Нефтиге байланган кагаз дүйнө элинин ээсин оодармай болду акыры. Тың чыкма державалар алтын стандартына эртелеп өтүп кетишсе жакшы болот эле.
Ушул доллардын айынан Мунай зат өндүрүп чыккан өлкөлөр да, биринин аркасынан бири талкаланып бүтмөй болду...
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   Kirgizjigit   27 Ноябрь 2015 - 02:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 486
  • Катталган: 26 Май 09
  • Соңку аракети: 13 Янв 2016 05:54
  • Жынысы:Эркек

Orus uchagynyn atyp tushuruluusu, jana Turkiya menen bolgon soodalarynyn solgundashy orustardyn rublinin baasy keskin tomondoit. Al bolso somgo taasirin beret. Domino menen ketip jatat. Jakynky uchurda olkobuz Baji birimdiginen chykmaiyn somdun barky tomondogondon tomondoi beret. Biz duinonun elderi menen emes, butuna aran turup baratkan, orustardyn ailanasyndagy elder menen chyrdasha berip ekonomikasyn olturup jatkan olko menen bir sooda uiumundabyz. Taktap aitkanda duinonun 3% ke jetpegen VVPsy bar olkolor menen(rubl barkyn jogottu 2%ke da jetpei kaldy desek da bolot) je 97% bashka olkolor menen nalogdu koboitup soodany solgundatyp saldyk.
97% ti syrtka turtup 3%ke jetpegen olkolor menen sooda kylyp jatabyz. Tilekke karshy jashaasyn kelesooluk, akylduular jogolsun degen zamanga okshoshup kalgandai

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: gdp by countries.png

Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizjigit: 27 Ноябрь 2015 - 02:12

Сырыңды айтпа досуна, досундун да досу бар айтат досуна !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   sport_alga   28 Ноябрь 2015 - 20:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 508
  • Катталган: 07 Май 14
  • Соңку аракети: 12 Июл 2025 18:19
  • Жынысы:Эркек

Бажы биримдиги мигранттарга эле пайда болду. Бирок омур бою мигрант болуп журбойбузда . Эртен эле МЕКЕНге кайтабыз. Ал эми доллардын тушушу кыйын болуп калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Kontinent   28 Ноябрь 2015 - 21:07

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 787
  • Катталган: 11 Август 15
  • Соңку аракети: 08 Дек 2015 11:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кажети жок.

Күндөлүк жашообузда кыргыз сомунун долларга же башка чет
элдик валютага каршы курсунун төмөндөөсү же жогорулоосу
дайыма биздин көңүлүбүздү бурат. Себеби, чет жерге эс алууга
чыгуудан жана ар түрдүү товарларды сатып алуудан мурун
алмашуу курсун карап, салыштырып туруу биздин демейдеги
эле адатыбыз.
Кээде алмашуу курстары жогорулап, кээде төмөндөп турат.
Эмне үчүн мындай өзгөрүүлөр болот? Кантип сомдун сатып алуу
күчүн жогорулатса болот (1 сомду = 10 $)? Кантип сомдун сатып
алуу күчүн төмөндөтсө болот (1 сом =70 $)? Эгерде 1 сомду = 40
$ деп туруктуу, эч өзгөрбөгөн алмашуу курсун киргизип койсо
эмне болот?
Алмашуу курсун илимий термин катары карай турган болсок,
анда ал улуттук экономиканын абалын (ден-соолугун) көргөзүп
туруучу көрсөткүч болуп саналат (экономиканын абалы
пайыздык көрсөткүчтөр жана инфляция да көргөзөт). Өзгөчө
рыноктук экономикада алмашуу курсу өлкөнүн тышкы соода
байланыштарында чечүүчү ролду ойнойт. Ал эми ички рынокто
да анын ролу абдан чоң, анткени инвесторлордун киреше
баштыкчасын белгилөөчү эң негизги фактор болуп саналат.
Мына ошондуктан курстук алмашуулардын абалы, принциптери
жана ага таасир этүүчү методдор илимий чөйрөдө ар тараптуу
каралып, үзгүлтүксүз изилденип келет.
Жаңы жолго түшүү үчүн, эски жолдон чыгуу керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Kontinent   28 Ноябрь 2015 - 21:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 787
  • Катталган: 11 Август 15
  • Соңку аракети: 08 Дек 2015 11:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кажети жок.

Кандай гана валюта болбосун ал товар болуп саналат. Демек,
валютанын курсунун жогору же төмөн болуусу ага болгон суроо-
талаптан көз каранды. Тагыраак айтканда, биздин күнүмдүк
сатып алууларыбыз жана келечектеги күтүүлөрүбүз (future
expectation) валютанын курсун белгилейт.
Негизинден улуттук валютанын башка бир валютага болгон
курсу “күчтүү ” же “алсыз” болушу мүмкүн. M:1 $ = 70 сом, бул
сомдун долларга каршы “алсыздыгын” көрсөтөт. Aл эми, 1 $ =
10 сом, сомдун долларга каршы “күчтүүлүгүн” көргөзөт. Эгерде
сиз чет өлкөгө товар сатып, экспорт менен алектенсеңиз, анда
сомдун алсыз болуусу сиз үчүн пайдалуу. Ал эми импорт менен
алектенсеңиз, анда сомдун алсыз болуусу сиздин товарды ички
рынокто кымбат көргөзүп, сиз үчүн пайдасыз болуп саналат.
Акчанын алмашуу курсун белгилеген негизги факторлор:
.
Инфляция
.
Алмашуу курсунун белгиленишинде соодага катышып жаткан
өлкөлөрдүн ички рыногундагы инфляциянын көлөмү өтө чоң
ролду ойнойт. Эгерде өлкөнүн ички рыногунда инфляция
туруктуу же салыштырмалуу төмөн болсо, анда ал өлкөнүн
улуттук валютасынын да сатып алуу күчү жогору бааланып,
алмашуу курсу “күчтүү ” болуп белгиленет.
Кыргызстанда инфляциянын темпи эгемендүүлүктү алгандан
бери жогору болуп келет. Соңку 20 жылдык инфляциянын өсүү
темпинин орточо көрсөткүчү 13.8 % түзгөн. Демек, сомдун
сатып алуу күчүнүн төмөндөп, долларга каршы алсыздануусуна
түздөн-түз таасир болгон.
График 1.1 Товарларга жана кызматтарга болгон баалардын
өсүү темпи (1995-2014).
.
Мамлекеттик карыз
.
Кээде мамлекеттер ар түрдүү социалдык проектерди же
мамлекеттик инвестицияларды каржылоо үчүн эл аралык
кредиттик уюумдарга же чет мамлекеттерге карыздар болуп
калат. Эгерде мамлекеттин карызы көп болсо, ал өлкөгө түз
инвестицияны (direct investment) тартуу татаал болот. Себеби көп
өлчөмдөгү карыз экономикада инфляциянын жогору болушун
шарттайт жана мамлекеттин кредиттерди кайра төлөй албай
калуу рискин жогорулатат. Мына ошондуктан өлкөнүн кредиттик
рейтинги алмашуу курсунун белгиленишинде эң чоң ролду
ойнойт. Кыргызстан эл аралык кредиттик рейтинги
белгиленбеген КМШдагы жалгыз өлкө болуп саналат.
График 1.2 Мамлекеттик карыздын ички дүң өндүрүмгө болгон
пайыздык катышы (2008- 2014)
.
Пайыздык көрсөткүчтөр
.
Инфляция, пайыздык көрсөткүч жана алмашуу курсунун
ортосундагы корреляция абдан чоң. Эгерде ички рынокто
пайыздык көрсөткүчтөр жогору болсо анда бул тыштан жана
ичтен капиталдын келүүсүн күчөтөт жана алмашуу курсун да
жогорулатат. Кыргызстанда банктык депозиттерге болгон
пайыздар жогору. Бирок экономикадагы туруксуздуктан жана
жарандарда жетиштүү сактоо (saving) болбогондуктан узун
мөөнөттүк депозиттер банктарда жетишсиз бойдон калууда.
Мына ошондуктан экономиканы жандандыруу үчүн эң керектүү
болуп саналган кредиттердин пайызы да өтө жогору бойдон
калууда.
.
Спекулянттардын иш-аракеттери
.
Бардык товардык рыноктордо спекулянттардын иш-аракеттери
жагымсыз болгон сыяктуу, валюта рыногунда да алардын
аракеттери жагымсыз болуп калат. Кыргызстанда спекулянттык
кыймылдарды банктардан баштап, кичинекей акча алмашуу
борборлоруна чейин жүргүзүшөт. Өзгөчө алмашуу борборлору
жасалма түрдө доллардын тартыштыгын жаратышат жана ага
болгон талап эң жогору болгон кезде сатууну көздөшөт.
Кошумча валюталык рыноктун башка товардык рыноктордон
айырмасы, анын өтө сезгичтиги болуп саналат. Ошондуктан
спекулянттар алмашуу курсун күндө эмес кээде саатына
өзгөртүп, маржалык пайда көрүшөт.
.
Өнүккөн өлкөлөрдө спекулянттардын кыймылы өтө катуу
көзөмөлгө алынат. Өзгөчө Европанын рыногунда акча алмашуу
борборлорун ар бир көчөдөн эле көрүү мүмкүн эмес. Себеби
өлкөнүн ичиндеги сатып алуулардын баары улуттук валютада
ишке ашат жана банктык эсептер да улуттук валютада ачылат.
Ал эми жеке банктардан акча алмаштыруу ар дайым эле
мүмкүн эмес, көпчүлүк банктар өздөрүнүн кардарларына гана
акча алмашуу кызматын сунушташат (кардардын ал банкта
эсеби болгондо гана).
.
Ал эми туристтер үчүн акча алмаштыруунун кызматын “Рейзе
банктар” сунуштап келет. Рейзебанктан (саякат банкы) кредит
алууга же банктык карточка жасатууга мүмкүн эмес, алардын
бирден-бир көрсөткөн кызматы - бул акча алмаштыруу болуп
саналып, кардарлар дүйнөнүн 150 түрдүү валютасын
алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мына ошондуктан кичинекей
спекулянт акча алмаштыруу борборлорунун ачылуусуна
мүмкүнчүлүк жок.
Жаңы жолго түшүү үчүн, эски жолдон чыгуу керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Kontinent   28 Ноябрь 2015 - 21:14

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 787
  • Катталган: 11 Август 15
  • Соңку аракети: 08 Дек 2015 11:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кажети жок.

Жыйынтык ирээтинде
.
Кыргыз сомунун чет элдик валютага каршы алмашуу курсун
белгилөөчү негизги факторлор; инфляция, пайыздык көрсөткүч,
мамлекеттик карыз, спекулянттардын иш-аракеттери болгону
менен төлөө балансы жана экономикалык өсүш да таасир бере
тургандыгын эстен чыгарбоо зарыл.
.
Кантип сомдун сатып алуу күчүн жогорулатса болот?
.
Ал үчүн акча-кредит саясатындан баштап, экономикада
структуралык реформаларды жүргүзүү керек. Адегенде өлкөнүн
ичиндеги сатып-алуулардын жана банктык эсептердин доллар
аркылуу ачылуусун чектөө керек. Чектөө деген “тыюу салуу”
деген эмес, болгону доллар (же башка чет элдик валютада)
менен жүргүзүлгөн иш-аракеттерге кошумча кызмат наркын
киргизип койсо болот (кээ бир өлкөлөрдө бул сыяктуу
кызматтарга кошумча төлөм 10 % чейин болот).
Экономиканын абалынын жакшырышы, инфляциянын
төмөндөшү, мамлекеттик карыздын оптималдашуусу жана
алмашуу борборлорунун функциясын жеке банктар түздөн-түз
жүргүзгөн учурда сомдун сатып алуу күчүнүн жогорулашы ишке
ашат. Эгерде өлкөнүн ичиндеги алып-сатуулар улуттук валютада
болсо, чет элдик валютага болгон талап түшөт жана акча
алмаштыруу борборлорунун саны кескин түрдө төмөндөйт.
Себеби жеке банктар улуттук банк тарабындан көрсөтүлгөн курс
менен жарандарга кызмат көрсөтө баштаганда кичинекей акча
алмашуу борборлорун иштетүү кирешесиз ишмердик болуп
саналып калат.
.
Кантип сомдун сатып алуу күчүн төмөндөтсө болот?
.
Азыркы биздин өлкөдөгү жогорку инфляция спекулянттардын
иш-аракеттери, мамлекеттик карыздын улам өсүүсү сомдун
сатып алуу күчүнүн төмөн болуусун шарттайт. Негизи улуттук
валютанын сатып алуу күчүнүн төмөн болгондугу экспорт үчүн
абдан жакшы болуп саналат. Кытай мамлекети акыркы 10
жылдыкта йендин долларга болгон катышы төмөндөтүү менен
гана алек болуп келет жана бүгүнкү күндө 1 $ = 118 йен болуусу
кытай товарларын чет өлкөдө болуп көрбөгөндөй арзан
көрсөтүп, экспортту күчтөндүрүүдө. Бирок биздин экономика
импортко көз каранды болгондугу үчүн жөнөкөй жарандарды
дайыма сомдун сатып алуу күчүнүн жогору болуусу кызыктырат
(1 $ = 10 сом).
.
Кантип сомдун күчүн туруктуу кармаса болот?
.
Рынокто айланып жаткан сомдун көлөмүнө карап, тиешелүү
камды (алтын же чет элдик валюта) түзгөндөн кийин мыйзам
аркылуу сомдун чет элдик валютага каршы курсун туруктуу
белгилеп койсо болот. Дүйнөлүк практикада улуттук акча
бирдигин эл аралык акча бирдигине каршы туруктуу кылып
белгилеген бир канчалаган өлкөлөр бар (17 мамлекет өзүнүн
улуттук акча бирдигин еврого жана 13 мамлекет долларага
каршы туруктуу алмашуу курсун киргизген).
Туруктуу алмашуу курсу спекуляцадан коргонууга жана эл
аралык соода байланышында туруктуулулукту камсыздоого
жардам бергени менен анын да терс жактары бар. Мамлекет
туруктуу курсту рынокто кармап туруу үчүн өтө чоң көлөмдөгү
камга муктаж болот жана улуттук акча бирдигинин реалдуу
сатып алуу күчүн белгилей албай калат. Туруктуу алмашуу
курсун көбүнчө мунай затын экспорттогон өлкөлөр, көп жылдык
согуштук абалда жашаган өлкөлөр же спекуляциядан абдан көп
жабыр тарткан өлкөлөр колдонуп келишет.
Жаңы жолго түшүү үчүн, эски жолдон чыгуу керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   jon_jurbos   01 Декабрь 2015 - 19:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 628
  • Катталган: 03 Март 14
  • Соңку аракети: 03 Апр 2017 22:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстанда

Бир аз чыдагы айланайындарым. Бизди кудай колдойт бирок башында бир аз кордойт имиш.Мен ишенем биз да байып президенттерди куубай калабыз деп.Биринчисин Орусияга куудук экинчисин Белорусияга куудук учунчусун кайда кууйбуз? Турциягабы? Жок алтындарым мындай болбойт.Бизди кудай колдойт...деп бир киши айтмакчы бизди Кудай соссуз колдойт достор:)
Доллардын куну буторуно буйурса аз калды.Жазга чейин бардык банктар доллардан отказ кылса доллар кирчу жагына киррррип кеткен бойдон чыкпай койот%)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   01 Декабрь 2015 - 19:57

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Просмотр сообщения jon_jurbos (01 Декабрь 2015 - 19:55) жазган:

Бир аз чыдагы айланайындарым. Бизди кудай колдойт бирок башында бир аз кордойт имиш.Мен ишенем биз да байып президенттерди куубай калабыз деп.Биринчисин Орусияга куудук экинчисин Белорусияга куудук учунчусун кайда кууйбуз? Турциягабы? Жок алтындарым мындай болбойт.Бизди кудай колдойт...деп бир киши айтмакчы бизди Кудай соссуз колдойт достор:)
Доллардын куну буторуно буйурса аз калды.Жазга чейин бардык банктар доллардан отказ кылса доллар кирчу жагына киррррип кеткен бойдон чыкпай койот%)




Олтуросуз да ))))
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Июл 2025 01:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: