Салам достор!
- (2 )
-
- 1
- 2
Жүрөктүн түпкүрүндө калган издер! Бакытка чейинки жол!
#2 01 December 2015 - 23:36
Адам баласынын эсинде,эки эле нерсе эсинде калат дешет.Биринчиси жакшы кундор,экинчиси жаман кундор...Менин эсимде,кобунчо жаман кундор калган.Соз башынан болсун.Апам уй-булодо жалгыз кыз.Уч акеси бар.Тайнем журок ооруусунан,
апам 7 ге чыкканда дуйно салыптыр.Тайтам болсо,апам 13 ко чыкканда кызамык ооруусу мн ооруп калат.Тайтамын экинчи аялы жуунтуп салып,бул дуйно мн кош айттышыптыр.
Ал кезде эн чон тагам уйлонгон болот.Огой апасынан запкы жегенби билбейм,бирок айтканына караганда,тайтамын олумуно себепчи экен.Тайженем дуйно салганына бир жыл болду,жер жеткирбесинго!
(эн чон тагамдын аялы)Бирок мен баарын айтууга,ушул жакка жазып женилдоо учун,озумду коптон бери даярдадым
#5 03 December 2015 - 00:35
Бироонун олумундо бироонун куноосу жок. Ажалы жеткен болсо ар нерсе себеп болуп олот.
Жаңы жолго түшүү үчүн, эски жолдон чыгуу керек!
#6 03 December 2015 - 01:14
Апам ошентип женесинин колунда бойго жетет.Ал убакта кандай кун кечиргенин билбейм.Апам 18 ге чыгып чыга электе,бир жашы улуу эле бироого турмушка беришет.Апамдын тоскоолдугуна карабай.Апам байкуш,тагдырына баш ийип жашап калат.Билинбей арадан беш жыл отот.Бирок балалуу болуша албайт.Кайни журтунда туубас аял атка конот.Жаш бала корсо,коздон жашы кылгырып.Куйоосу канча тоскоол болсода,ажырашам деп туруп алат.Бала багып алабыз дегенине карабай.
#8 08 December 2015 - 08:55
Окубадымго бирок тезраак жазын,бутсонуз окуп чыгалы.
Уят жети кундон бери эки билдируу жазыпсыз)
Уят жети кундон бери эки билдируу жазыпсыз)
#10 08 December 2015 - 10:53
Апамын ал кишиге конулу жоктугунун себеби,мурун жигити болгон.Ал баланын ата-энеси жок болот.Ошол себеп болуп,апамды беришпейт жигиттине.Ошентип апам озу эле уйуно кеттип,эки айрым жолго тушушот.Арадан канча отконунун билбейм,бирок апамды кайра турмушка беришет.Кадимкидей той кылып.Узбекистандын так ортосуна,жана озбек балага турмушка беришет.Кудайга уну жеттип апамдын боюнда болот,апамдын суйунчундо чек жок .Апамын ичиндеги ымыркай мен болом.Мен торолуп апама бакыт тартуулаптырмын.
Кандай жашады билбейм.Арадан уч жыл откондо апам синдимдимди жарык дуйного алып келет.Жакшы эстей албайм. Бирок синдим басып калганда кечке жеттелеп журчум.Эсимде калганы,эгин кыла турган жерибиз чон болчу.Апам кечке пияз оточу ошол жакта.Уйубуз болсо бутпогон,кара шыбак эле.Тандыр жок эле.Апам камырын коптуруп,башына котторуп алып ,бизди эрчиттип чон энемдердикинен жаап келчу.Уйубуздун жанында чоон арык бар эле,устундогу копуродон отот элек.Бир куну синдимди ошол сууга,туртуп жиберипмин.
Аны озум эстей албайм.Апам азырга чейин айтат.Апама келип синдимди туртуп жибердим деген экем.Апам барып туттуп келген экен.Элес булас эстейм ал кунду.Синдимди апам кучагына кысып келе жатканын.Шымы жок,ак кара аралашкан фудболка эле ,синдимдин устундо.Атама болсо жашоо тегиз болчу.Кызыл мотоцикли бар эле,эки адамдык.Ошонусун айдап кетчу тан атпай.Кээде мени кошуп алчу.Менин койногум бар эле,сиреньдин суроттору мн.Дайыма ошону кийгизип,ак калготки туфли кийгизип, атама кошуп берчу.Дагы дэле бар.Бир жакка барат элек,алар карта ойночу.Мага марожна алып берчу,аларды карап оттурчумун.
Азыр ойлоп корсом,алар кумар ойночу экен.
#11 08 December 2015 - 11:24
Бир куну атам мн апам урушуп кетишти,неге урушуп кетти билбейм.Андан кийин апам мени больницага алып келди.Апам экообуз чоон асфальтта,жетелешип баратканыбыз дагы эле эсимде.Мен секирсем секкирбе деген эле,корсо мен сары ооруусуна кабылып калган экем.Ошентип больницага жаттым.Атам карап жатты.Ал жакта дагы атам карта ойночу.Мен жакшы болуп чыктым.Канча оорууганымды билбейм.Ошентип атамдын бир иниси,армиядан келди.Ал кездида эстейм.Жамгыр жаап,туман тушкон эле.Кеч уйго келип тортообуз жатабыз каттар болуп.Апам синдим экообуз эки жагына алып жаткан.Бир маалда,атам бир нерсе корсотту.Эсиниздерде болсо керек,очургуч болот элего усту жылтырак.Суроттун ылдый-ойдо кылса жылтыраган.
Ошондойду корсотту.Чуркап баратсам,апанды чымчып кел деди.Апамды чымчып,барып алдым.Кундор оттуп жатты...Бир куну тагамдардыкына бардык.Кайра келдик.Келсек уй ачык,ичине кирсек чачылган.Корсо аттам апамдын ,биздин кийимдерибизди алып,саткан экен.Дагы уйдогу майда-чуйдолор жок эле.Аны эстей албайм.Атам келди апам экоосу уруша баштады.Бир маалда эле апамды уруп,олтуром деди.Апам олтур деп,башын жерге салып олтурат.Чачы жазылып кеткен.Чачынан тартат улам.Ызы-чуу,
жашмында не-кыларымды билбей коркуп турам.Синдим ызылдап ыйлап жатты.Бир маалда эле,атамдын уну угулду,"балта алып кел!!!
"-деген. Мен алып барган жокмун.Апам ошондо эле жашоодон тойгонбу,билбейм.
Эч бир аракет кылбады озун сактоо учун.Корсо атам кумар ойноп,уурулук дагы онору болгон экен.
#12 08 December 2015 - 13:45
Ошондой кундордун биринде,биздин уй-було чачырап кетти.Себеби атамдын кемчиликтериненго,
деп ойлойм.Эки ажырым жолго тушушту.Биз апам мн кеттик.Атам талашса керек,бирок апам алып кеттип калган.Бир билгеним биздин куболукторубузду бербей,кийин алган экенбиз кайрадан.Биз апамдын авасынын баласын,тайта аялын тайне деп калганбыз.Ошолор барып,жуктору мн атам жокто бизди алып келген экен.Ал убакты эстей албайм.Ошентип апам байкуш тагдырына таарынсада,
мандайга жазылгандарын баарын котторуп келе жатты.Ал кезде мен беште,синдим эки жашта элек.Бизди тайженем баттырбаганбы билбеймгоо,
бирок биз тайнемдердикинде жашачук.Арадан канча отту билбейм,бирок апама жуучулар келди.Ошентип апам учунчу ирет турмушка чыкты.Бизди бир айдан кийин алып кетпей болду.Апамын карегинен бир гана кайгы- мун байкачумун.
Ойлоп корсом бироодун уйуно, эки балан мн батуу отто кыйында.Мин тууганын болсода.Апамын ажырашканын уккан биринчи куйоосу,эки кызын мн кел дес,апам болбой койгон экен.Апамды алып кетишти.Мени алдап аттышты,апан больницага кетти деп.Бирок мен билген элем.Синдимди кечке жетелеп журо берчум.Биз тайнемдикинде журдук,кандай карагандарын билбейм деле.Бирок бир нерсени так эстеп калдым.Атамдын кылыктары мендеда бар эле.
#13 08 December 2015 - 14:40
Ал кезде апам бизди алып кете элек болчу.Ал убакта элдер конфеттин сыртындагы кагазын,ташка бастырып,таш мн уруп тийсе женип,кыскасы ушундай(билсениздер керек).Андай кагаздары кооп кыздар бар эле.Менинда ошончо кооп кагазым болушун каалайт элем.Мен кичинекей болгондуктан,
таккыр жене алчу эмесмин.Синдим жанымда.Тайтамдын менден эки жаш улуу кызы бар эле.Бир куну ошол эжем болуп,алысраак тууганыбыздыкына барып калдык.Коншу кочодо турушчу.Барсам алардын кагаздары бир чоон пакетте экен.Толого коёт экен,аны кордум.Эртеси синдимди эрчиттип алып,ошол жакка бардым.Барсам Эч ким жок экен,толого тушуп жанагы кагазды алып чыктымда,синдимди алып уйго бардым.Жашмынбы,
же не кылып атканымды билбеймби,кыскасы коркподум деле.Же канымда бар беле.Уйго алып барсам Эч ким сураган жок,кайдан алдын деп.Балким апам болсо сурайт беле?.Ким билет..Кагазын издеп келишти,бирок тан албай койдум.Бир -куну бизди апама алып бара турган болушту.Суйундум.
..Тууган уруктар болуп бардык,бир унаага тыгылып.Озбекстан тараптан,Кыргызстанга келе жатабыз,бир саат дегенде жеттик.Алыстан эле апамды кордум,нан жаап жургон экен.Барып бир караанды байкадым.Ал караан менин экинчи атам экен корсо.Кен далылуу,толмоч,
кара тору киши эле.Бизди жактырбагандай карады.Апам ал кишини корсоттуп,ошол силердин атанар болот,аке дегиле деди.Жашмында макул дедим.Озбекче суйлочумун анда.Ошентип биз озубуздун уйго келдик.Акемдин мурун эки уйбулосу болгон экен.Биринчи уйбулосунон торт кыз бир уул,экинчисинен бир уул.Ошентип жашоо башталды,бизди баары озбектер([moderated]) дей баштады.Азырда ыйлап жаттам ал кундорду эстеп.Апама келип ыйлайм.Неге бизди антип жаттышат деп.Бир кыз болсо,аябай уйротот болчу кыргызчаны.
Акем ичет экен.Мас болуп келет болчу.Бир-куну апам жок эле.Камыр кыла турган чарага синдимди салып ойноттуп аткам,капыстан акем келип-калды,
Коркуп туруп калдык.Колун дип бар экен,уй байлай турган.Ошол мн артыбызга урду.Апана айтпа деди!Апама айтпадык,корктук.
Ошодон кийин коркуп,коргондо карашынан коркот болчум.
#14 08 December 2015 - 14:57
Арадан бир жыл отту,мен мектепке бара турган убагым болуп калды.Жетиге жашым толуп, коп нерсеге акылым жете баштады,кыргызчаны уйрондум.Мен мектепке бара турган жылы апам бизге дагы бир синди алып келди.Жокчулукта чонойдук!
Мектепке барарыма аз эле калды,мага кийим кылганы бизде каражат жок эле,Акеме баарибир болчу.Айласы кеткен апам,тигуучу машинасын бир аялга беш жаз сомго сатты.Тайнемдики болчу.Апам саткысы келбеседа мажбур эле.Ошентип мага кийим кылып келдик.Мектептин босогосун аттадым,мен аябай кубандым...
#15 08 December 2015 - 15:20
Ошентип окуй баштадым.Тууган уруктар баарибир бизди болушот эле.Чонойуп атасын таап кетишет деп.Мектептеги журналда,озумун атамын фамилиясындамын,
жашаган жерим башка.Баарын тушундум.Кээбиркилер билип туруп сурайт,кимдин кызысын деп.Апам байкуш болсо,уйдун тирилиги учун,бироолордукуно иштегени барат эле.Кунуно эки жуз сомдон.Менда кошулуп барат элем,мен синдимди карайт элем.Кээде классташтарымдыкына барып,уялат элем.Себеби эртеси мектепте айттышат эле Апасы экоосу иштегени барды деп.
#17 09 December 2015 - 01:05
Ушул окуя жакты. Башкаларды окусам оюнан чыгарып жазгандай эле боло берет. Эми жазын тездетип
#19 10 December 2015 - 10:16
Апам мн акем урушчу болушту.Себеби акем коп ичет эле.Ичседа жон келип жаттып албай,ар нерсени бир суйлоп уруш чыгарчу.Башка эле бир нерседен уруш чыксада,соз бизге барып такалат эле.Апам соз айтса эле,мен эки [moderated] кызынды багып аттам,дагы не керек сага деп,апамды коп басынтчу!
Андай уруштун кобун кордум,кобун уктум.Чонойгон сайын создун маанисине жеттип,мурункуданда коп эзилчу болдум.Бир жетишсе,бир жетишпей жашачук.Чон атамдардыкына барсак,дастаркону толо болот эле.Жашмында жегим келет эле.Кобунчо ошол жакка барам дей берчум.Уйдо бирде жегенге эч нерсе калбай калды,курсагым ачып болбой калдым.Апам байкуш эмчек эмизет эле,синдим эмип атат.Сыягы апам эч нерсе жебегенге,синдимеда сут барбай, тойгонун билбей эмгенго дейм.Апам алсырап эле уктап атат.Мен паттырап апа,бироодон болсода сурап турбайсыздарбы деп,нары-бери чуркайм.Ал убакта акем кайда экенин деле билбейм.Ал кунду отту.Бир жактан карызга ун алып келишти.Мектепке кыздар турлуу кийинишип барат эле.Менда кийингим келет эле.Бирок,жашоо-
турмушубузда ага таккыр мумкунчулук жок эле.Мени ар ким [moderated] деп кемсинткени учун,коркок коп нерсени айта албай турган кыз болдум.Жаныбыздагы коншу кыз, менден бир жашка кичуу болчу.Ойногону барат элек.Кийин эле урушуп кетет эле,ал чачыман кармап [moderated] десе ыйлап уйго келет элем.Апам кээде болушат эле,кийин алардында апалары келип апамды кошуп [moderated] дейт эле.Апам озу кыргыз!!
!Мектепке чогуу барып келген уч досум бар эле.Экоосу жакшы жашаган уй-булондун кыздары эле.Дагы бир кыз экообуз бирдей.Мектепке бир кун нан алып бардым,кара ундан болчу.Баары тыныгуу учурунда нандарын жешет эле.Бир маалда тепкичтен тушуп баратсам,бир кл кызым келип.Нанын мынча капкара,комурдой деди.Меники ак деп.Ишин болбосун десем,сарт сартстанына жогол деди.Ыйлап эжекеге айтсам,экинчи антпе деп койду.
#20 10 December 2015 - 10:24
[Озбек] деп жазган жерлерим [moderated] деп жазылып калтат,ондосомда болбойтат.Тууралап окуйсуздар ж.а тушуносуздор деген ойдомун
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео















