Кайын агам эч жерде иштебейт экен. Куну-туну уйдо. Эч жака деле чыкпайт. Мен да жаны келиндин ырымы кылып 1 айдай уйдо болуп калдым. Чан баскан булун-бурчтардын баарын тазалап, уй жумушунан бошобойм. Бекболот жумуштан келээрде тамак жасайм. Мурда кайын агам тамак жасап калчу экен кээ кундору. Эми тамакты да мен жасаганга зээригип калгандай ары-бери басып журо берет. Сыналгы тиктейт, китептерди алып келип окуйт. Мен башында сурдоп тартынып журсом бара-бара конуп деле калдым. Кайын агамдын уйдо бар же жогу кызыктырбайт.
Оз жумуштарым менен алаксып журо берем. Бирок ал телмирип тиктеп калганда озумду коёрго жай таппай кетем. Денеме батпай эшике атып чыгып таза абадан дем алып аран тынчтанам. Анын коздору ушунчалык заардуу, сурдуу, мерез болчу...
Сапырылган сары жалбырак...
#42 30 November 2015 - 21:51
Бекболотко "аган эмнеге антип карай берет?" деп айта албай койдум. Аны да кыжаалат кылгым келген жок. Бирок озум да анын коздорунон тажай баштаган элем. Жумушту шылтоо кылып ал уйдо кайын агам менен калбоонун аракетин коро баштадым. Бирок жаны эле жумушка чыкканда боюмда бар экенин билип кайра уйдо олтуруп калдым. Коптон бери балага зарыгып журуп аран боюма буткондо озуму жакшы карап эсен-аман тороп алууну ойлодум. Бекболоттун тапканы бизге кенири жетет эле. Бир куну Бекболот жумушта болчу. Мен уйкум келип озубуздун уктоочу болмобуздо кыйшая кеттим эле. Эшикти бироо каккылаганы анан кайын агам барып ачканы угулду. Лакылдап каттуу суйлогон бир кайын энемдин синдиси бар эле. Ошол келиптир. Кайын энем озу отуп кеткен экен. Бекболотторго бул тайэжеси апасындай эле болуп калганын айтышкан эле. Анын коп суйлогонун билип калганга чыккым келбеди. Озу деле бат-баттан келе берет тура. Уктамыш болуп жата бердим. Анын кайын агамды урушуп тилдеп жатканы даана угулду. "7 жыл жатып келдин тиякта, чыкканына деле мына кыйла болуп калды. Деги иштейин, тиргилик кылайын деген ой барбы сенде? Уялсан боло инине туйшук болуп жатыштан?!
Алты санын аман деги, жашын болсо 40 тан ашкан. Же уй-булоон жок, же ишин жок! Канча жылдан бери жатканын жаткан Бекке бактырып!
Эртенден чыгып иш караштыр, болбосо жезден менен эт сатып иштеш. Келин да тартынбай кенири жатып тургудай болсун. Атандардын уйуно кочуп бар. Булар дагы тиргилигин кылышсын!
" деп эжебиз токтогудай эмес. Анын "7 жыл тиякта жатып чыктын" деген созу кулагыма кайталана берди. Аскаттын создорун эстеп кеттим негедир. Журогум титиреп кадимкидей аба жетпей баратты...
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#43 30 November 2015 - 21:56
Козумду ачсам ак халатчан киши тамырымды кармалап олтуруптур.
Жанымда ошол эжебиз анан Бекболот карап турушат. Эмне болуп кеткенин билбейм. Аларды суроолуу карап калдым. Бекболот дарыгерди узатып чыгып кеткенде кайын эжем мага куйполоктой:
-ай аябай коркуттун го? Уктап жаткан го деп карап чыгып баратсам дем алганын билинбейт. Жакшы тез жардамды убагында чакырыптырбыз. Бир аз кечиксек жаман болмок экен... пай-пай-пай. .. Кудай бир сактады. Мындайын да бар беле кокуй? деп эле суйлоп бутпой койду. Башымды буруп кеттим. Журогум дале каттуу согуп кайын агамдын кандуу коздору козумо элестелип корко бердим. Бекболот киргенде кайын эжем "мейлигиле, чайды башка куну ичебиз, тынч болгула" деп туруп чай койбогонума какшыктай таарынганын билдире чыгып кетти.
-ай аябай коркуттун го? Уктап жаткан го деп карап чыгып баратсам дем алганын билинбейт. Жакшы тез жардамды убагында чакырыптырбыз. Бир аз кечиксек жаман болмок экен... пай-пай-пай. .. Кудай бир сактады. Мындайын да бар беле кокуй? деп эле суйлоп бутпой койду. Башымды буруп кеттим. Журогум дале каттуу согуп кайын агамдын кандуу коздору козумо элестелип корко бердим. Бекболот киргенде кайын эжем "мейлигиле, чайды башка куну ичебиз, тынч болгула" деп туруп чай койбогонума какшыктай таарынганын билдире чыгып кетти.
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#45 03 December 2015 - 14:01
Кайын эжемдин капа болгонуна деле коп ойлонгон жокмун. Менин журогумдун ушун алган кайын агам эле. Ушунча кун кантип коркпой ал менен бир уйдо жалгыз калып жашап журдум? Кантип ал мага тийбей журду? Эмнеге башында эле сезбедим? деген турдуу ойлор мээмди жеп, коркуу сезимимди кучотуп баратты. Бекболотко ал каргашалуу окуя тууралуу кенен айтпасам да чет-черкесин чыгарып айткан болчумун. Бекболот менин абалыма тушунбосо да аяп, жаныма жатып кучактай:
-Жаным сага эмне болду? деди шыбырап эркелете.
-Аган бар го, мени зордуктаган адам ошол экен. Мен эстедим. Каерден коргонумду эстей албай жургон элем, жана эжем келгенде экоонун суйлошконун угуп калдым... деп ыйламсырадым. Бекболот коздору чакчая ордунан атып турду да мага копко карап туруп озун кармана ары-бери басып эмне кылуу керектигин ойлонуп кирди. Анан болмодон чыгып кетти. Анын бул кылыгын деле тушунсо болот, агасы бир тараптан аялы... Аны аяп жаттым. Кайын агам экоо эмне деп суйлошконун ким билсин, ошол куну туну менен кайын агам кийимдерин жыйнаштырып уйдон чыгып кетиптир. Бир жагынан кубанып, конулум жайлана тушту. Бирок бир жагынан аны аяп кеттим, кайда барат экен эми? деп кыжаалат болуп калдым.

#46 03 December 2015 - 14:08
Ошентип Бекболот экообуз жашап калдык. Кундор отуп акырындап менин ичим чоноюп баратты. Убакыт билинбей отуп мен кыз тородум. Эми ошондогу сезимдеримди соз менен жеткирип буто албайм. Мен эне болдум. Мен эми АПА деген статуска ээ болдум. Кандай керемет сезимдер, бир эле учурда кызыма болгон мээримим ашып-ташып турса, эми аны остуруп тарбиялоо жоопкерчилиги мойнума илинип бакытка балкып турдум. Бекболот да кубанып алган. Торот уйунон бат эле чыктык. Элге чакан жээнтек той берип, женемдер бешик алып келишти. Жашоо оз нугу менен, Жоодарды кээде эстеп, ойго батып калбасам коп деле кыйналбай калганмын. Кызымын ар бир чыккан кылыгына мас болуп жумуш эмне, кочо эмне экенин деле элес албай уйдо олтуруп калдым. Бекболоттун иштери жакшы журушуп, шаардын четине зангыраган 2 кабаттуу чон уй салдык. Мага да кыялымдагыдай сонун машина алып берди. Экообуздун турмушубузга киришээр адам жок, кенен-кесири оз алдыбызча бактылуу турмушубузду баштан кечирип жаттык. Ошондо мен ойлочумун "омур бою жашоом ушундай отот, бактылуумун"
деп. Корсо турмуш биз кутпогон жагымдуу да жагымсыз да сюрприздерди коп-коп кылып даярдап коёт тура. Кызым кулкусу уйго толуп, там-тун басып калды. Дале бакытка балкып, дуйнодогу жалгыз телегейи тегиз аялдай сезип алчумун озумду....
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#47 03 December 2015 - 14:15
"Убакыт-
учкан куш" демекчи, зымырап омурубуз ото берди. Кызымдан кийин балалуу болууга канча аракет кылсак да Жаратканым бизге башка бала берген жок. Анысына деле шугур кылып, жалгыз болсо да перзентибиз бардыгына каниеттенип жашап калдык. Кызыбыздын аты Молтур эле. Атасы озу жактырып ошол атты койгон. Молтурубуз бала бакчага, андан сон мектепке барып эс тартып калды. Келбети келишкен кыз чыкчудай туру бар эле. Анда кызым жаны гана 6-класстын босогосун аттаган. Кайдан пайда болду ким билсин, бир куну уйубузго чоон балээ келди. Ал адамды балээ дебей ким дейин? Дарбаза тынымсыз тарсылдаганынан,
эшикте Албарс итибиз занкылдап токтоосуз ургонунон халатымды кымтылана кызым менен жолдошума деп жасап жаткан тамагымдын алдындагы когултур отту акырындатып коюп сыртка чыктым. Дарбазаны ачып алып буттарым тушалгандай эсим оой туруп калдым. Мандайымда коздору канталаган кайын агам мени акшыя карап турган эле. Артка качып кирип кете албай же "келиниз"
деп бир ооз соз айта албай каттым да калдым...
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#48 03 December 2015 - 14:23
-Кандай жатасынар келин? Тынчсынарбы?
деп коздорун ала кача жудоп калган кайын агам "кириниз"
деп айтышымды кутуп ото ынгайсыз абалда туруп калды.
-жакшы... дегенге аран жарап анан гана озумо келе тушкондой озумду колго алып каалабасам да озумду кыстап "келиниз, кириниз" деп айтып жол бошоттум.
Кайын агам акырын басып короого кирип, короону, уйдун сыртын суктана бир сыйра карап алды да уйго кирди. Шашыла столго чай коюп жаны эле бышып калган тамагымдан куюп келип алдына сундум. Курсагы ачып калган экен, тамакты бат эле ичип, столдо жайнаган даамдардан сугалактана жеп, идиштеримдин кыйласын бошотуп коюптур. Мен болсо корккондон журогум жарылып кетчудой болуп ары-бери уй жумуштарын кылымыш болуп басып журо бердим. Бекболотко чалайын дейм, кыжаалат кылбайын уйго келсе озу корсун деп чалбадым. Бир убакта "Мааам я дома!" деп тунук унун уйго жанырта кызым мектептен келип калды.
-иий садаган кетейин периштем! Келе гой? деп кызымдын алдынан тосуп болмосуно алып кирип кийимин которуп, чачындагы апакай бантиктерин чечип, ваннага алып кирип жузун жуудуруп кухняга алып бардым.
-Таанышып кой, бул сенин аван болот. дедим кайын агама тааныштырып.
-Оо Бекболоттун мончоктой кызыбы? Кел айланайыным! деп кучагына алып мойнунан жыттап кайра тушурду да колуна чонтогунон бырышкан 100 сомдукту алып чыгып карматты. Кызым тыкылдай кулуп коюп ар дайым олтурчу ордуна барып олтурганда сырттан Бекболот келип калды. Ал да кутпогон го, агасын коруп бир аз ону бозоро туруп анан кирип учурашып калышты....

#49 03 December 2015 - 14:32
Тамак ичилип буткон сон ага-ини оз ара суйлошуп алышсын деп кызымды жетелеп устунку кабатка чыгып кеттик. Копко кобурашып олтурушуп тун болуп кетти. Бекболот агасынын эми бул уйдо биз менен жашаарын айтканда тобо чачым тик тура чоочудум.
-Койчу Бека?! Чын айтып жатасынбы? Билесин го мен аган менен бир уйдо жашай албасымды?!
-тушуном жаным, бирок эми ал кундор баары артта калды да. Агамын менден башка ишенгени жок, башка бир тууганы деле жок билесин... Сабырдуу болуп, жашай тур анан бир айласын табаарбыз... Уйлон десек ага конбойт, озу жалгыз жашай албайт ысык тамак ичип бизди караан тутуп жашап турсун. Кантсе да бир тууганым, бир боорум эмеспи... Талаада тентип журсо менин деле санам тынбай кыжаалат болот экенмин... деп Бекболот жалдырагандай карады.
-Койчу Бека?! Чын айтып жатасынбы? Билесин го мен аган менен бир уйдо жашай албасымды?!
-тушуном жаным, бирок эми ал кундор баары артта калды да. Агамын менден башка ишенгени жок, башка бир тууганы деле жок билесин... Сабырдуу болуп, жашай тур анан бир айласын табаарбыз... Уйлон десек ага конбойт, озу жалгыз жашай албайт ысык тамак ичип бизди караан тутуп жашап турсун. Кантсе да бир тууганым, бир боорум эмеспи... Талаада тентип журсо менин деле санам тынбай кыжаалат болот экенмин... деп Бекболот жалдырагандай карады.
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#50 09 December 2015 - 18:23
Аргасыз макул болдум. Анан эмне дей алмак элем? Корксом да, балээ болсом да Бекболоттун конулу дедим. Кухнянын жанында жагашкан чакан болмону даярдап бердик. Кайын агамдын биз менен чогуу жашаганынын бир эле жакшы жагы короодогу бут жумуштарды жасайт эле. Эшиктин алдын тазалап баарын орду ордуна коюп, бузулган эмне болсо ондоп, майда барат эгиндерди карап журо берчу. Иш кылса го колунан коору тогулгон адам. Баарын жасай алат. Ошентип журуп кундор ото берди. Бир куну баарыбызга чон сокку болду. Бекболот жумушка эрте кетет. Кайын агам 1 жума мурун жумуш таптым деп башка шаарга кеткен. Мен кызымды мектепке даярдап узатканы болмосуно баш баксам ордунда жок. Тан кала ваннага кирсем жок, кухняда жок, эч жактан таппай айлам кетти... Халатымы кымтылана короого чыктым.
-Молтур?! Моолтууур?! Оооо Молтууууур? ! деп кыйкырып короону жанырта чакырсам да жооп жок... Уйдун арт жагында чакан сарай бар эле. Ал жака Бекболот курок-кетмен сыяктуу буюм-тайымдарын коё турган. Шашыла ошол жака барып эшикти ачсам, Кудай козуно жамандыкты корсотпосун, кызымдын арык, назик денеси асылып турат........... ...!
-Молтур?! Моолтууур?! Оооо Молтууууур? ! деп кыйкырып короону жанырта чакырсам да жооп жок... Уйдун арт жагында чакан сарай бар эле. Ал жака Бекболот курок-кетмен сыяктуу буюм-тайымдарын коё турган. Шашыла ошол жака барып эшикти ачсам, Кудай козуно жамандыкты корсотпосун, кызымдын арык, назик денеси асылып турат........... ...!
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#51 09 December 2015 - 18:33
Бир чанырып алып эстен тандым. Канча жаттым билбейм, ойгонсом уйдун ичинде уктоочу ордумда жатам. Эл коп. Тапыр-тупур ары-бери басып журушот. Бекболоттун туугандары бут эле. Башымды бурсам озумдун женем бут жагымда ыйлап олтурат. Эмне болуп жатканына тушунбой жата бердим. Бир убакта чыныга суу алып келип башымды которуп жуткурушту.
Дале эчнерсеге тушунбойм. Женеме карап:
-эмне болду? дедим алсыз гана.
-тагдырыныз мынча татаал болбосо кыз! деп женем боздоп окуруп ыйлап жиберди. Башынызда бул кара кун да бар беле?! Неге азаптарыныз коп? Сабырдуу болунуз, кайраттуу болунуз... женем жоолугунун учу менен козун аарчып оксуп-оксуп алды. Ошондо гана коз алдыма Молтурумдун жансыз асылган денеси келди. "Молтурум кана? Кызым кана менин? Айткыла?!" деп жин урган немече ордумдан атып туруп коридорго чыгып тепкичтен чуркап ылдый туштум. Сапсайган чачымы, жоолуксуз башымы, тытылган кийимимди элес алган жокмун. Баары мени кармап кучактап сооротуп тынчтандырышка аракет кылып жатышты. Бирок андан майнап чыккан жок. Айкырып-кыйкыра берип тамагвм кургап унум бутту. Дагы эстен тандым... Улам ойгонуп, кайрадан эле эсими жоготуп жаттым. Бекболот эч корунгон жок. Аялдар мени айланчыкташып ыйлап-сыктап журушот. Эшикте от жагылып казан асылыптыр. Эркектер бут сыртта журушот топурап. Эл ото коп... Молтурумдун кулкусу, апакелеп эркелегени кулагыма жанырат... Козумо асылган денеси тартылат..... ...

#52 09 December 2015 - 18:36
Ошентип 3 кун оозума наар албай, озумо келе албай баарын убара кылдым. "Кыздын денесин жерге бериш керек батыраак, эптеп озуно келтиргиле"
деп бири шаштырса, "байкуш кантсин анан? Чырактай кызынан айрылуу эне учун онойбу?" деп бири аяйт... Уйдо эмне болуп жатканына тушуно албай мен кадимкидей бир жинди болуп бир онолуп жаттым... Акыры эптеп тынчтандыруучу уколдорду беришип, акыл-насааттарын айтышып коптоп жатышып озумо келтиришти.
Баары жаман туш сыяктуу отуп жатты. Жаман туш. Коркунучтуу туш. Азаптуу туш.......
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#53 09 December 2015 - 18:41
Козум тоодой шишип жаш деле чыкпай калды. Башка тушконун коз корот экен, кызымды кара жердин астына бергенге аргасыз болдук. Муздак жердин тубуно комуп салышты... Куноосуз, таза, аруу боюнча кетти да, комгон жери капкара бир да ташсыз топурак экен....... Бутум бугулуп копко томпойгон жерди кучактап боздоп олтурдум. Ошентип жашоомдогу эн эле карангыр кундорду баштан кечирип жаттым. Бекболот менден бетер тунорот... Эл да кундон-кунго аягы суюлуп таркай баштады. Эн жакын деген туугандарыбыз гана куран окутуп келген-кеткендерди тейлеп кызматта журушту. А мен Кыргыз уйдун торундо жапжашыл кийинип, чон жашыл жоолукту жамынып окуруп олтурдум....
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#54 09 December 2015 - 18:53
Олбогон жанга жаз да келет тура. Кызымдын кыркын откоруп боз уйду жыйып кетишти. Уй жымжырт. Тынч. Бекболот да ишине барганга буту тартпай аракты ичип уйго жатып алды. Баш которбой ичип калды. Жайына койдум. Анын дарты меникинен кем эместиги анык. Омур бою бала жытына зарыгып журуп аран молтурогон кыздуу болсо... Кантсин кургурум?!
Мен болсо тируунун олугу. Жанымды кыйып алгым келет, бирок колумдан келбеди. Канча аракет кылдым, болбоду. Молтурумдон айрылганыма толук 60 кун болгондо женем келди. Бир буктом кагазды колума карматып:
-кыз, сизди озуно келип алсын деп бере албай жургом. Бул катты Молтур жазып кетиптир. Ошол куну кийген кийиминин чонтогуно салып алган экен... Сабыр кылыныз. Артка кайрып ала албайбыз эми... деп козунун жашын суртту. Кагазды алышы алып ачканга даабай колдорум калтырап олтуруп калдым...
-кыз, сизди озуно келип алсын деп бере албай жургом. Бул катты Молтур жазып кетиптир. Ошол куну кийген кийиминин чонтогуно салып алган экен... Сабыр кылыныз. Артка кайрып ала албайбыз эми... деп козунун жашын суртту. Кагазды алышы алып ачканга даабай колдорум калтырап олтуруп калдым...
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#55 09 December 2015 - 19:06
Козумдон куюлган жашты аарчыганга алым келбей катты калтырай ачып коз жугурто окуй баштадым. Молтурумдун кол жазмасы сулуу эле. Жаш болсо да сулуу кылып, шурудай тизип жазганга уйронгон эле байкушум...
"Мама! Папа! Мен дуйнонун мынчалык жаман, арам, адилетсиз, ырайымсыз экенин билбейт элем. Балким асылып турган денемди коруп ыйлайсынар, бакырып жер тепкилеп сыздайсынар. .. Бирок мен жанынарда жок болом. Коз жашынарды суртуп соорото албайм. Мени айтпай ушул кадамга барганым учун кечире алсанар кечиргиле! Авам силер тойго кеткен туну мени кордоду. Сандарымын ортосу оорутуп канады. Ыйласам кухнядагы чон бычакты моюнума такап коркутту. Аны силерге айта албай ооруп кыйналсам да силерди аяп мектепке барып келип журдум. Бирок ал мени экинчи жолу кордоду. Мына тундосу туалетке чыксам оозумду жаап унумду чыгартпай учунчу жолу кордоп салды... Артык чыдай албайм. Жаным кыйналып кетти. Менде эмне куноо? Мен авама эмне жамандык кылдым эле? Мама ыйлабаныз. Мен бейиште силерди кутуп алам. Папам китептен окуп берген, жаш кыздар балдар эрте олсо ата-энесин бейиштен кутуп алат экен. Мен силерди чексиз жакшы кором. Папа авамды жазаланыз, суранам! Ал да кыйналышы керек! Мен силерди сагынам...! " деп жазыптыр да числосун коюп, кол коюп, тубуно бир аял эркек ортосуна кызды тартып колдорун жетелештирип коюптур....

#56 09 December 2015 - 19:13
Жапжаш мектеп окуучусунун кызынын мынтип чондорчо акылдуу создор менен жазган каты эчкимди кайдыгер калтырбайт эле... Оозумду алаканым менен жаап оксуп-оксуп алдым. Аркы болмодо аябай ичип конурукту кош тартып уктап жаткан Бекболотко ордумдан атып туруп чуркап кирип барып жулкулдата катты сундум. Ал аран козун ачып саксайып осуп кеткен чачын артка кыла туруп олтурду да кагазга унулду. Анын жузунон заар чачырап, жаактары туйуло тушту. Муштумун туйуп жерди бир муштап бакырып алды. "Сойом!
Кантип болсо да мен аны сойом! Айбан!"
деп бакырып-бакырып алды. Мен калтырап ыйлап тура бердим. Женем кирип мени кучактап ыйлады... Бекболот ордунан темселей туруп сыртка чыгып кетти. Кайра кирип коптон бери очуруп тартмага салып койгон телефонун алып куйгузду. Бир номерди таап чалып уйго чакырды бироону. Коп отпой уйго 3 милиционер кирип келишти. Аларга кагазды берип, ээрчитип бир болмого кирип кетти Бекболот. Женем да кетпей мени аяп жанымда олтурду. Тигилер 2-3 сааттай олтуруп анан чыгышты. Уйго заматта кишилер келе башташты. Кызыбыздын денесин тапканда да милиционерлер келген экен, Бекболот аларды аралаштыргысы келбей суйлошпой койгон экен...
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#57 09 December 2015 - 19:28
Ошентип башка шаардан "жумуш таап" кеткен агасын 2 кундо таптырды. Сотко жеткирбей сураксыз туболук каматты. Эртеси эле агасынын турмонун ичинде оз жанын озу кыйганын уктук. Бирок сенин куйутум кетпеди. Коксоом канбады. Жаным жай ала албай койду. Озумду озкм башкара албай кээде уйда чачып салчу адат таптым. Бара-бара кадимкидей эсими жоготуп, корунгон адамдан Молтурумду сурап тажатчу болдум... Ошентип мени жиндилерди дарылоочу жайга буту-колумду байлап алып кетишти.......
.................
Ал жактан дарыланып 3 жыл дегенде чыктым. Бекболоттун эмне болгону, кайда экенин да билбейм. Кызыгып сураштырган да жокмун. Кимден сураштырмак элем?
Бир убактарда Жоодар экообуз жашаган уйду коздой бактысыз тагдырыма наалат айтып, куздун жузумду аймалай сыдырып откон суугуна карабай, ушугонумду деле сезбей башымдан откон оор кундорумду тасма сыяктуу коз алдыман катары менен откоруп ойлуу бара жаттым. Бут алдымда шамалга туруштук бере албай суука ушуп саргарып кеткен сары жалбырактар сапырылып барып кайра жерге конуп жатышты....... Ушул сапырылган сары жалбырактардай менин жан дуйном да саргайып, сапырылып турду........... ...................... .....

#58 09 December 2015 - 19:29
Конул буруп, убактынарды болуп, кутуп окуганынар учун чооон рахмат баарынарга!
Бул эми чыгарма, жашоодо эчкимдин жан дуйносу саргайбасын да сапырылбасын.
..!
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#59 09 December 2015 - 19:39
Эхх. Аянычтуу болуп бүтүп калды го
Рахмат автор. Даагы кызыктуу чыгармаларды күтөм
Рахмат автор. Даагы кызыктуу чыгармаларды күтөм
Если я вас напрягаю или раздражаю,
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))

Супер-Инфо
super.kg
видео