Суперстан: Жүрөк сырлар жыйнагы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөк сырлар жыйнагы

#61 Пользователь офлайн   aizada15   29 Ноябрь 2015 - 21:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 195
  • Катталган: 17 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 03 Авг 2017 10:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Мынча кайгылуу окуя,ушундай чыдамдуу аялдар да бар экен да ээ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Nurmatova   01 Декабрь 2015 - 12:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 219
  • Катталган: 29 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

jurok oorутаарлык окуя экнн:(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Nurmatova   01 Декабрь 2015 - 12:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 219
  • Катталган: 29 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

Просмотр сообщения Ibragim06 (24 Ноябрь 2015 - 15:23) жазган:

Соц.тармактарга ашыкча берилген адам жашоодон артта калат "пауза" басылып калгандай эле кеп.интернет чон бир супер маркет. озуно керектуусун алып кайра тезинен чыгуу керек.ансыз деле керексиз нерселер убактыбыздыда алат зыяныда коп.жашоодон артта калуубуздун себептеринен бири озубузго тиешеси жок анан керексиз нерселер менен алек болуп керектуу нерселерди унутуу.керексиз сайттардан чыгалы сыртта бизди таза аба суйуктуу жакындарыбыз ширин созубузду куткон аялыбыз озуну керексиздей сезип бара жаткан балдарыбыз кутуп турат

:) +100%
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   nishatau   01 Декабрь 2015 - 15:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 07 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 01 Авг 2016 20:27

Турмушта ушундай чыдамкай аялдар коп эле журот го менимче. Куйоолору баркына жетпей уруп, кызганып, кемсинтип жургондор бар. Ушул чыгармадагыдай кайгылуу окуя болмоюнча кадырына жетпей эле карып кетет бекен ээ адамдар?
Сабак болчу чыгарма экен. Кана эми элдин баары окуп ушундан сабак алып пейилдерин оносо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   01 Декабрь 2015 - 21:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

:капамын:
:капамын:
:капамын:
:cray: :cray: :cray:
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   emilbek1   01 Декабрь 2015 - 23:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 376
  • Катталган: 02 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 20 Окт 2016 10:15
  • Жынысы:Эркек

Коздон жаш кылгыртат го атаганат бул окуя... Ото таасирлуу экен. Акыл еси жайындагы эркектин жашоого болгон коз карашын 360 градуска озгортчудой сыйкыры бар корунот аттин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   macho90   01 Декабрь 2015 - 23:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 20 Январь 15
  • Соңку аракети: 27 Окт 2020 04:56

Абдан окунучтуу окуя экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   venchik   03 Декабрь 2015 - 12:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 27 Август 07
  • Соңку аракети: 21 Дек 2018 15:23

Эркектер социалдык тармакта жашайт дегиче курбумдун окуясы эсиме түшөт. Ал да жигити менен жакшы эле сүйлөшүп жүргөндө жигити интернетте жашап эле калбадыбы. Көрсө, ошол жактан бир кызды таап алыптыр. Аны подружкам билип калып катуу чыр чыккан эле. Анысы менен жолугуп да көрдү. Бирок бети жок кыз экен, жигитин тартып алды кийин. Менимче интернетке кирип алган эркектердин иши эмес. Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Нуркыз Курманбек кызы   03 Декабрь 2015 - 12:06

  • Момун
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 18 Июнь 13
  • Соңку аракети: 25 Фев 2022 10:18

Менин бир тааныш кызым социалдык тармакка ушунчалык берилип журду. Бир жолу эсимде ошонун айынан бир туугандары менен чатакташкан эле. Чындыгында уй-булолуу эле келин козун телефонго такап отурса кыжырын келет экен. Анан да бир суроо берсен жарым сааттан кийи "а? эмне дейсин?" деп сурагандачы куйоосунун тобо чачы тик турса керек эле биздин ушунча кыжырыбыз кайнаса. Кыскасы социалдык тармактан классташтарын, мурунку жигитин таап алар менен суйлошуп журду. Азыр эмне болду билбейм, бирок жолдошу менен жашап эле жатат. Бирок алардын ортосунда алыстык пайда болуп жатканын коптор эле айтышчы. Эми кыргыздарда интернеттен улам алысташып кетишти дебейт да. Келин бузулуп баратат, кыялы озгоруп кетти деген создор айтылып эле журот. Менимче койгойдун тупкуру интернеттелего, балким башка да проблемалар бардыр. Ушу кыскасы. Астындагы кенештер аябай жакты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   mani   04 Декабрь 2015 - 00:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 09 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 17 Сен 2016 02:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош Узген

Просмотр сообщения zaika.tvo9.1990 (24 Ноябрь 2015 - 02:56) жазган:

Жок нерсени жок дейби омей? Эркек кылчу жумуштарды кылынбады десе да жаманбы? Анда силер төрөп үйдө бала карап, тарбиялагыла өзүбүз эле жерге, сууга тийгизбей багып алабыз! Айрым аялдар багып эле келе жатат үй бүлөсүн эри иштебей.



созду тура кабыл ал карындашым. Уйго келгенде ажылдабай эле айтса жон эле конулун менен кылып койосун да. Ар кыл адам бар баары бирдей деп айтуу кыйын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Patriot...kg   04 Декабрь 2015 - 22:39

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 194
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 05:08
  • Жынысы:Эркек

Адатымча кагаз-калемимди колума алып, балдар ойноочу аянтчанын четиндеги скамейкалардын биринде ойлуу отургам. Бирдеме жаза калчудай болуп, калем кармап алмай көптөн берки көнүмүшүмө айланып калган. Нарыраакта бир келин тамеки чегип отурду. Көчөдө бейкапар гана тамеки чегип отурган кыргыз келинин биринчи жолу көрүшүм. Таң кала карап койдум. Ал да менин карап отурганымды байкадыбы, айтор тамекисин өчүрдү да, жаныма басып келип, эски таанышындай: - Кандайсың?-деп учурашып калды.- Жакшы-дедим таң калганымды жашыра:-Өзүңүз жакшысызбы? - Менби?!.. Мен да жакшы… Жакшы болбосо да жакшы деп коюш биздин адат да-деди да жылмайып койду. Ууртунда жылмаюу болгону менен көздөрүнүн тереңинде кандайдыр бир кайгы жашынып тургансыды. - Отуруңуз.Жанымды көрсөттүм.- Рахмат-деп жаныма отурду да: – Тамеки тарткандарды жаман көрөсүңбү?- деп сурап, туурулган колдорун ушалап койду.- Жок, ар кимдин өзүнүн иши да…-дедим жылмайып:- Таң калганым, адатта жашынып чегишчү эле, сиз ачык эле го…- Жашынгандай эч кимим жок. Жашынсам, жашынбасам да бирөөгө эмес өзүмө да…Эски таанышымдай ал-акыбалымды сурап отурду да, акырында:- Эмне жазасыңбы?-деди колумдагы калем-кагазды карап.- Ооба, анча-мынча жаза калмайым бар…- Жазгандарыңды жарыкка чыгарасыңбы? - Кээде болот. Кээде кагаз беттеринде кала берет… Айтор ойго келгендерди жаза койгон жазмакерлердин биримин да- дедим күлүп.Сөз айтпастан көпкө чейин ойлуу отурду да, эсине бир нерсе түшкөндөй мени жалт карап: -Мен сага бир окуямды айтып берейин, жазбайсыңбы? !-деди да, мени сындан өткөрө тиктеди.Мен берген суроосуна жооп бере албай таңыркай карадым.- Жазбасаң да мейли… Бирок мен сага айтып бергим келип турат. Угуп койсоң мүмкүн жеңилдеп калаармын…Мейли дегендей баш ийкедим. Көпкө чейин үн-сөзсүз отуруп калдык. Бир маалда оор үшкүрдү да аңгемесин баштады:- Кыргызстанга 90-жылдардын башында келгем.- Кайдан?Жаңы эле баштаган аңгемесин суроо берип бузганыма капа боло түшкөндөй болду да:- Таджикистанда туулуп өскөм. Бирок улутум кыргыз эле.. Ал жерде кыргыз улутундагылар көп. Бир айыл бүт эле кыргыз болчубуз. Бирок сөздөрүбүздө кадимкидей эле айырма бар… Мен көп жылдар бою бул жакта жашап калганга так сүйлөп калбадымбы… Кыргызстанга окуйм деп келгем.Анда эмне жапжаш кезим. Чачым уппузун, өзүм супсулуу.Жаш кези көз алдына келди бейм, жылмайып койду. Чындап бир кезде сулуу болгонун айгинелеп, көздөрү балбылдап күйүп турду.- Азыр деле сулуу боюнча экенсиз-дедим көңүлүн көтөрө.- Антип көңүлүмдү көтөрөм десең өз эркиң го, бирок жаш кездегидей сулуулук жок… Сен мага тоскоол болбой, сөзүмдү бузбай уксаң.Негедир мага буйрук бере сүйлөдү.Көңүлү калбасын деп:-Ии-деп койдум.- Ошоол… Анда Бишкек эмес, Фрунзе эмес беле. Окуйм деп келип иштеп калдым. Жигит сүйдүм. Абдан жароокер, сүйкүмдүу эле… Сүйлөшүп жүрүп, бир жыл дегенде баш кошуп алдык. Ата-энелери мени таптакыр жактырышкан жок. Колдорунда бар, жакшы жашашкан немелер болчу.- Сиз неге эле “өткөн чак” менен сүйлөп жатасыз?Мени “тоскоол болбо”-дебедим беле дегендей акшыя карап койду. Бул бейтааныш аялдын менден эмне күтүп, мага неге өмүр таржымалын айтып отурганына бир чети таңыркасам, бир чети жиним келе түштү. Бирок да: “мейличи, айтаарга киши таппай жүргөн неме го”-деп унчукпай отура бердим.- Кыргызга тиешелүү ырым-жырымдарды жасашкан жок, башыма гана ак жоолук салып койгондору болбосо… Куда болуп ата-энелерибиз бири-бирине катташмак түгүл, таанышышкан да жок. А бизге болсо баары бир болчу. Чындап бири-бирибизди сүйдүк. Кол кармашып, ойноп-күлүп гана жүрө бердик. Жолдошум заводдо, мен фабрикада иштейбиз. Өкмөт берген жатаканын биринде жашайбыз. Ошол кез бир сонун кез экен го… Эч кимден жардам албай, өзүбүзчө кичинекей свадьба да өткөргөнбүз. Ошол кездеги бактым… кубанычым… Эх! Кайра келсечи! Арманым!.. Көздөрү жашылдана түштү. Өткөн өмүрү көз алдына тартылдыбы бейм… Мен унчукпай жер тиктеп отура бердим. Чөнтөгүнөн кайрадан чылымын алып чыкты да, күйгүзүп дембе-дем соруп, “өх!”-деп үшкүрүп алды. Көпкө унчукпай отурду да, ордунан туруп кетүүгө камынды.- Эже… Кеткени турасызбы? Аңгемеңизди аягына чыгарбайсызбы? -дедим шашып.Жашылданган, ыза толгон көзүн жашыра:-Мен кетейин, кечирип кой, сенин да убактыңды алдым окшойт. Сага эмне, ушунун баары кызык болуп турат дейсиңби?! Мени да жаман көрүп турат окшойсуң.Менин жообумду күтпөй, бутун араң шилтеп, “кош” дебестен кете берди бейтааныш эже. Аркасынан узата карап: “Ичинде муңу, жүрөгүндө арманы толтура жан го”-деп аянычтуу кала бердим.Ошол окуядан көп күндөр өтсө да, баягы эженин элеси көз алдыман кетпей койду. Көчөгө чыксам эле көрүнө калчудай тегерегимди карай берем.Бир далай мезгил өтүп, андагы окуя бара-бара унутулуп калган кез. Кеч курун адатымча, баягы скамейкада өзүмчө кыялданып, эс алып отургам. Нарыда бирөөнүн карааны көрүндү. Баягы эже… Негедир сүйүнүп кеттим. Алыстан эле:- Эже, саламатсызбы? !-дедим кыйкыра.- Ии, кандайсың?! Ким экен десем, сен белең.Бүгүн кабагы көтөрүңкү. Жакшынакай боло түшкөндөй… Кийимди да дурустап кийип алыптыр.- Оо-уу! Эже! Жашарып алгансыз го,-дедим тийише.- Ооба да…-күлүп койду.-Келиңиз, отуруңуз,-жанымды көрсөттүм- Өткөндө окуяңыздын аягына жетпей кетип калдыңыз го.. Ошондон бери көрүнбөй да калдыңыз.-Эмне, издедиңби?- Издебесем да… Издедим да..Экөөбүз тең күлүп жибердик.- Эмне жөнүндө уккуң келип жатат?Өткөндө өзү сүйлөшкүсү келип турса, бүгүн менин эмне уккум келип турганын сураганына таң калдым.- Билбейм,-дедим, ийнимди куушуруп:- Өткөндө бир нерсе айтып берем деп коюп, аягына чыкпай кетип калдыңыз го… Азыр улантпайсызбы? !Эженин кабагы кайрадан бүркөлө түштү. “Аттиң! Бекер эле эстеткен окшойм.” Өзүмдү өзүм жемелей, ыңгайсыз боло түштүм. Оюмду байкагандай: - Сен кабатыр болбо, сенде эмне күнөө…- деди да, ичинен ойлорун топтогондой үнсүз көпкө отурду.- Ошентип бир жылдан соң уулдуу болдук.Ошол күнү аңгемесинин кайсы жеринен бүтүргөнү али эсинде экенине таң калдым.- Көп өтпөй союз ыдырап, көбүбүз жумушсуз калдык. Жолдошум көпчүлүк эркектердей үйдө отуруп албай, шуулдап, кайсы жерде жумуш болсо, ошол жерде жүрөт. Эмгекчил жан эле го байкушум. Эркектен бөтөнчө жаралган, ыймандуу, сылык да, баарынан жылдызы жайнап турчу. Казакстанга каттай баштады… Ал жакта эмне кылчу, кантип акча тапчу, ишим да жок эле. Мага эмне “мейли” деп отура берчүмүн. Акча алып келсе болду. Курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн… Ичпегенди ичип, кийбегенди кийчүмүн… Тегеректегилердин аялдары базарда, эркектери ичип көчөдө, же үйдө… Мага көз арткан аялдар толтура… “Күйөөң кыйын, сени куурчактай кылып койгон,”-дешип ачык эле суктанышыт. Элдин көзү эле тийип кетти көрүнөт. Айтор, билбейм… Бир күнү кайрадан Казакстанга барууга даярданып калды. Ошол күнү экөөбүз болбогон жерден уруша кеттик. Аңкылдап мен сөз бербейм да… Ошондо биринчи жолу мага колу тийди.- Эмне, сабадыбы?! - Жок, бир чаап жиберди да… Мага ошол эле жетиштүү болчу. Көк бет элем. Тултуюп, ыйлап, отуруп алдым. Эртең менен кеткен жатып, уулунун бетинен өптү да, мага да тийишип: “Кел эми, жаным, сени да өөп коеюнчу,”-десе, баш чайкап басып кеткем. Ошондогу жоругума ушул күнгө чейин өкүнөм. Ошол күн экөөбүздүн чогуу өткөргөн жыргал жашообуздун акыркы мүнөттөрү экен.Эже кайрадан көзүнө жаш ала, оор үшкүрүп алды.- Ошол боюнча Казакстандан кайткан жок. Бир жумадан соң: “Бүгүн, эртең барып калам,”-деп телефон чалган. Андан кийин кабары чыккан жок. Азыркыдай сотка деген болсо не! Күнү күттүм, түнү күттүм… Айлар өттү, жылдар учту… Дайыны билинген жок.- Анан эмне, издөөгө берген жоксуңарбы? - Кантип бербей коймок элек! Кыргызстан эле эмес, Казакстан, Россия телеканалдарына чейин издөө бердик. Казакстан, Россия органдарына чейин кайрылдык. Айтор, тагдыр экен, табылбай калды… Изилдөөлөр боюнча, Казакстандын чек арасынан бери өткөн имиш… Өзүбүздөн эле жоголгон болуп чыкты. Жанында сом, тенге, рубль менен көп суммадагы акча бар имиш… Ошол акчанын айынан эле өлтүрүп коюштубу дейм…- Үйүндөгүлөр эмне дешти?Ойлуу отуруп калган эжени сөзгө тартыштын амалы кылып, оюма келген биринчи суроомду бери койдум.- Эмне дешмек эле?! Менден көрүштү… Көрбөгөн азапты көрсөтүштү… каяктагы тентип келген бирөөнү алып, ушуну көрмөк беле деген да сөздөрдү айтышты го… Мени билет деп ойлошту көрүнөт. Суракка да беришти… Айылга балам менен алып кетишти… Нансыз, суусуз, ачка сарайга камак койгон күндөрү да болду… Кайсы бирин айтайын?.. Курсактын ачына деле кайыл болуп калгам… Балам байкушум, энесинен катып нан алып келип берет, суу берет… Көздөрүн жалдыратып… Байкушум… Күчүгүм ай… Азыр эстегенде өзүмө эмес, уулума жаным ачып кетет…- Сиз ушунун баарына чыдап жүрө бердиңизби? Милицияга арыз жазбайт белеңиз!Эже менин сөздөрүмө шылдың кыла карап, күлүп койду.- Кайдагы арыз?! Менин датымды ким укмак эле? Ошол жердин милициясы деле, эли деле бул окуя тууралуу билишчү болуш керек. Билишкен күндө да мен байкушка ким жардам бермек эле? Мен бир жүргөн селсаякмын да!..- Коюңузчу, каяктагыны айтпай…Туугандарыңыз бардыр… Алар эмне угушкан жок беле?- Алар күйөөмдүн жоголгонун угушканы менен, менин кыйналганым жөнүндө, дегеле көп нерсе жөнүндө угушкан жок… Айтканда не?! Апам байкуштун эле жүрөгү оорумак…Эже кайрадан ыйлап жиберди.- Ыйлабаңызчы, эже! Эми мындан кийинкиңиз жакшы болоор!Кантип сооротушту, эмне деп айтышты билбей, кайсалай түштүм.- Ким билет?..Ойго батып көпкө отурдук… Баягы адатын карматып тамекисин алып чыккан жок. Тек гана жеңинин учу менен көз жашын аарчып коюп отура берди. Бир маалда мурдун шуу тарта:- Күйөөм түшүмөн кетпей койду,-деди алысты ойлуу тиктеп.- Кээде, жатсам маңдайымда жылмайып туруп калат. “Кандайсың, жаным? Кыйналдың го. Мени кечирчи?!”- дейт. Кээде кадимкидей сүйлөшөм. Жинди болуп баратамбы деп өзүмдөн өзүм коркуп кетчү болдум. Айлам жок… Көнүп да бүттүм… Көнбөскө айлам да жок! Өлүп өлүгүн көрбөй, тирүү болсо өзүн көрбөй… Сөөгү да көмүлбөй калгандыр… Ит-кушка жем болуп… Иий! Кудайым ай! Каяктагы сөздөрдү айтып, сенин да мазеңди алып бүттүм окшойт… Кечирип кой, суранам!Эже бетин эки колу менен жаап алып соолуктап ыйлай баштады. Эмне деп, кантип сооротуштун айласын таппай, аны карап отура бердим. Менин да көзүмө жаш тегеренип, “Эх, жашоо!”-деп үшкүрүп койдум. Бир маалда ыйлап отурган эже, көздөрүнүн жашын аарчый, мага тигиле карады да:- Менин айтайын дегеним таптакыр башка,-деди. Таптакыр эсим эки болуп, эжени үн-сөзсүз жалдырадым. Оюма ар кандай нерселер келе түштү: “Жин оорусу бар неме го…”-деп да ойлоп жибердим.- Оюңда эмне турат, билип эле турам. Сенин ордуңда мен болсом деле ошентип ойломокмун, ”-деди мени сынай карап. “Шумдугуң кур, менин эмне ойлоп турганымды биле койдубу?!” Таң калыштуу карадым.- Таң калба,- деди эже:- Менин тегерегимде бир сырдуу нерсе пайда болду. “Айта берейинби?”- дегендей суроолуу карады.- Айта бериңиз, мынча болду окуяңыздын аягына чейин угайын!Өзүмдү токтоо кармап, эжени дагы эмнесин айтып жиберет дегендей отурдум.- Эки айча болуп калды… Жаз жаңы келип, күн жылып калган убак. Азыр жашап турган батирге жаңы эле көчүп келгем. Үйдү актап, тазалап, терезелеримди ачып коюп, ойлонуп туруп калыптырмын. Терезе алма-бакты карап турат… Апаппак болуп гүлдөп, сонун жыт каңылжырды жарат. Бир маалда терезеге жакын бакка бир чымчык келип конду… Мурда мындай чымчык көрбөптүрмүн. Сага жалган мага чын… Укмуштай кооз экен. Безеленип көпкө сайрады… Мен көзүмдү албай тура бериптирмин. Мени карап, мен үчүн сайрап жаткандай туюлду. Кадимки обондой… Менин жашоомду ырдап жаткандай… Көзүмдөн жаш токтобой, муунум бошоп көпкө ыйладым. Ал да мени менен тең жарышып сайрай берди. Бир маалда түптүз эле ачык турган терезенин кырына учуп келип конуп калды. Ишенсең койсоң өзүң бил… Анын көздөрү мени карап тургандай… Экөөбүздүн көздөрүбүз арбашып жаткандай көпкө тиктешип турдук… Негедир ал менен тиктешип туруп, өткөн өмүрүмдү көз алдыман өткөрүп алдым. Тагыраак айтканда жолдошум менен өткөргөн өмүрүмдү… Ошондон бери ошол чымчык айланып, үйдүн жанынан алыс кетпейт. Жумуштан үйгө кадимкидей шашчу болдум. Тереземди ача салып, жем-суу коюп коем. Коркпой учуп келет да, жем-суусун ичип-жеп алып, мени менен сүйлөшөт… Бири-бирибиздин тилибизди түшүнбөсөк да, жан-дүйнөбүз менен түшүнүп турганыбызды сезем.Эже сөзүн токтото жерди тиктеп көпкө отурду да:-Бул эмнеси?! Сен кандай ойлойсуң?- деди мага сырдуу карап… Мен эмне дешти билбей ийинимди куушурдум.- Сен мени соо эмес деп турасың го?! .. Эмнеси болсо да, ушул чымчык пайда болгону жашоого болгон кызыгуум ойгонду… Өткөндө сага биринчи жолу жолукканда ушул окуяга көнө албай кыйналып жүргөн кезим болчу. Азыр кадимкидей көнүп калдым. Көнмөк түгүл чымчыкты өзүм издейм. Аны көргөндө көңүлүм көтөрүлө түшөт. Ал сайраса ыйлачумун… Азыр ал менен кошо обон созом… Билесиңби?! Аны жолдошум жибергендей боло берем. А мүмкүн өзүдүр?! Өлгөндөн кийин жаны чымчыкка айлангандыр ээ? А мүмкүн чымчык жакшы кабар алып келген жарчыдыр… Жолдошум мурункудай жадырап келип калаар?!.Эже мени табышмактуу карап жылмайды. Мен: “Коюңузчу эже, каяктагыны айтпай!”- деп баратып токтодум. Бул сөзүм менен эженин үмүтүн, жан-дүйнөсүн талкалап алмбы деп коркуп кеттим. Неси болсо да бул бейтааныш эженин жашоого болгон сүйүүсү ойгонуп, үмүтү артып турганына чын ниетим менен сүйүнүп турдум.- Кой, – деди бир маалда: – Мен кетейин. Сенин да убактыңды алып койдум окшойт. Жакшы тур! – деди да келген тарабын көздөй бет алып жөнөп калды.- Жакшы барыңыз, – дедим мен да артынан кыйкыра.Эженин карааны көрүнбөй калгычакты артынан карап турдум. “Жакшы барыңыз!”- дедим ичимден дагы кайталай… Көз алдымда чымчык менен сүйлөшүп турган эженин элеси тартыла көпкө отурдум. Чын дилимден эжеге ак жол каалап, үмүтсүз жашоо адам баласы үчүн эң кыйын экенине дагы бир ирет ишендим.. *****************************************************************************************************************
Роналду - бул кайталангыс талант
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Meruet84   04 Декабрь 2015 - 22:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Аягыбы .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Kontinent   04 Декабрь 2015 - 23:06

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 787
  • Катталган: 11 Август 15
  • Соңку аракети: 08 Дек 2015 11:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кажети жок.

Жакшы окуя экен
Жаңы жолго түшүү үчүн, эски жолдон чыгуу керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   anya   05 Декабрь 2015 - 02:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жакшы жазыпсын жазуучу ! Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   anya   05 Декабрь 2015 - 02:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ушунун баарын кантип окуйм деп кыжалат болуп жаттым эле, коз ачып жумганча окуп койдум балиии Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Patriot...kg   05 Декабрь 2015 - 09:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 194
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 05:08
  • Жынысы:Эркек

Мага тиешелуу эмес. Бир сайттан суйроп келдим
Роналду - бул кайталангыс талант
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   05 Декабрь 2015 - 09:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Баласы кайда болду экен?
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Kurmanjan94   05 Декабрь 2015 - 11:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 13 Август 15
  • Соңку аракети: 29 Сен 2018 20:14

жакты
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   poping.dance   05 Декабрь 2015 - 11:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 439
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Дек 2023 01:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

пати Укам жакшы окуя суйроп келипсин азамат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   hanisa   05 Декабрь 2015 - 12:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 222
  • Катталган: 08 Апрель 12
  • Соңку аракети: 04 Дек 2018 18:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Astana

Жакшы жазылыптыр
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Июл 2025 21:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: