ЧҮЙ ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ АЙМАКТЫК БАШ ИМАМ ХАТИБДЕРДИН БИР ЖЫЛДЫК ОТЧЕТУН КАБЫЛ АЛДЫ
Бүгүн Чүй облусунун мусулмандар казысы Танабаев Нурлан ажы баш имам хатибдердин бир жылдык ишинин отчетун кабыл алды. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Баш имам хатибдер Чүй казыятынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жана Чүй облусунун казысына каттоодон өткөн мечиттер, медреселер боюнча маалымат беришти. Ошондой эле ар бир райондук хатибиятта канча кызматкер бар экендигин жана КР Коргоо Кеңешинин чечими менен баш имам хатибтердин иш алып баруусу, садака-фитирлердин чогулушу, таратылышы,
2015-жылдагы ажылык жана ар бир айылык имамдардын аткарган кызматтары боюнча маалымат беришти.
Исламий жаңылыктар...
#281 05 December 2015 - 18:09
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#282 05 December 2015 - 18:26
АЛАЙДА МЕЧИТ ИМАМДАРЫНА ОБЛУС КАЗЫСЫНЫН КАТЫШУУСУНДА ЖЫЙЫН БОЛДУ
Бүгүн Алай районунун “Алай-Гүлчө” борбордук мечитинде Ош облусунун мусулмандар казыяты менен КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү КРнын Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу максатында Алай районунун аймагындагы мечит имамдары менен жыйын өткөрүштү. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйынга Ош облус казысы Самидин кары Атабаев, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Канатбек Абдыраимов, Алай районунун баш имам хатиби Тиллабай кары Кадыров жана казыят кызматкерлери катышышты.
Жыйында негизги маселе катары райондогу мечиттердин каттоодон өткөрүлүшү, жаш муундарга туура тарбия берүү, коомчулуктагы аш-тойлордо кездешкен ыксыз чыгымдарды азайтуу, түрдүү агымдарга кириптер болуу коркунучтарынын алдын алуу маселелери каралды. Облус казысы Самидин кары Атабаев имамдардын жоопкерчилигине токтолуп, айыл жашоосундагы болуп жаткан ашыкча чыгымдар, ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алууда мечит имамы биринчи орунда болуп, идеологиялык лидерликти камсыз кылуусу керектигин белгиледи. Анткени, бир тууган мусулмандар жана келечек ээлери болгон жаш муундар имамды өрнөк тутуп, анын айтканы менен көп тарбия алаарын белгилеп, имамдарды имам аль-Матуридий акыйдасын, Ханафий мазхабын бекемдөөгө жана экстремизм, радикализмдин алдын алууда алгылыктуу иш алып барууга чакырды.
Андан соң дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Канатбек Абдыраимов мечиттерди каттоодон өткөрүүнүн жол жоболорун түшүндүрүп, тоолу райондун аймагында жаңы мечиттерди курууда техникалык жана экологиялык шарттарды да эске алып, бардык эрежелерди сактоо менен талапка ылайыктоо маанилүү экендигине басым жасады. Мындан сырткары Диний концепциянын алкагында түзүлгөн иш пландын отчетун даярдоонун жол жоболорун үйрөтүп, ар бир квартал сайын отчет тапшырууну милдеттендирди.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Алай районунда 47 мечит өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

#283 05 December 2015 - 18:38
ЖАШТАР КОМИТЕТИ МЕНЕН КАЗЫЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АРАСЫНДА ФУТБОЛ ОЮНУ ӨТТҮ
Кечээ 2-декабрь күнү Жалал-Абад шаарында жаштар комитетинин курама оюнчулары менен Жалал-Абад казыят курама командасынын ортосунда футбол оюну болуп өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады. Оюндун ачылышында КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн атайын өкүл жана УКМКнын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башчысы Бокоев Канжарбек, Жалал-Абад областынын ИИБнын башчысы Джоробеков Жеңишбек, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Закиров Абдулазиз кары катышып, сөз сүйлөп, оюнчуларга ийгилик каалады.
“Оюндун максаты улуттар аралык ынтымакты, достукту чыңдоо жана экстремизмдин алдын алуу максатында уюштурулду”, -деди казыяттын басма сөз кызматы.
Таймашта жаштар комитети эки-бир эсебинде казыят курама командасын жеңип, оюн спорт күйөрмандарына кызыктуу өткөн.

#284 05 December 2015 - 18:49
БАТКЕН ШААРЫНДА ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА «ДИНИЙ СЕПАРАТИЗМГЕ КАРШЫБЫЗ» АТАЛЫШЫНДА ИШ ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
Баткен шаарындагы “Сыдык Айматов” атындагы орто мектебинде “Диний сепаратизмге каршыбыз” темасында иш чара болуп өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган иш чарага Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары Кожояров Каразак ажы, БШИИБнын 10-бөлүмүн кызматкерлери, Баткен облустук админстрациясынын, Баткен шаарынын мэриясынын, жана мектептин эмгек жамааты, окуучулар катышышты.
«Өткөрүлгөн жыйындын максаты окуучуларга туура маалымат берүү жана туура эмес агымдарга азырылып кетпөөсүн алдын алуу»,- дейт уюштуруучулар. «Ким бир элдин келечегин билгиси келсе анын жаштарына карасын, мына ошондо гана жаңылышпайт» аттуу ураан менен мектеп окуучулары тарабынан даярдалган доклад окулду жана туура эмес агымдарга азгыруу кандай жол менен болуп жаткандыгын сахналаштырылган көрүнүш менен көрсөтүп беришти. Ал эми казыят кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуучуларга туура эмес агымдар боюнча маалымат беришип, аларды адашпоого, мекенди сүйүүгө жана татыктуу билим алууга чакырды. Иш чара соңунда катышуучулар өздөрүнүн суроолоруна адисдерден жооп алышты.

#285 05 December 2015 - 18:53
ОШ ШААРЫНДА ЭКСТРЕМИЗМ,
ТЕРРОРИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ ИШ ЧАРАСЫ ӨТТҮДӨ
Ош шаарында «Фетченко» орто мектебинин жыйындар залында «Экстремизм жана терроризмдин» алдын алуу боюнча иш чара болуп өттү.
Иш чарага Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, КР дин иштери боюнча комиссиясынын түштүк аймактык жетекчиси Мурзабеков Исакбай, Амир-Темир кичи шаарчасынын төрагасы Исмаилов Хамидулло, Амир-Темир кичи шаарчасынын имамдары, жергиликтүү жашоочулар жана окуучулар катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев экстремизм жана терроризмге ислам дини каршы экендигин айтып, динибиз жалпы адамзатты тынчтыкка чакырат деди өз сөзүндө. Ошондой эле исламдагы жихад-бул ата-энеге кызмат кылуу экенин баса белгиледи.
Ал эми КР дин иштери боюнча комиссиясынын түштүк аймактык жетекчиси бүгүнкү күндөгү диний абалга кеңри токтолуп, айрыкча диний эксремистик уюмдардын жүгүзүп жаткан иш аракеттеринин коомчулукка тийгизген терс жактарына токтолду.
Акырында жыйынга катышуучулар тарабынан ар кандай суроолор берилип, Ош шаарынын казысы тарабынан тийиштүү жооптор айтылды.
Маалымат: Ош шаардык казыятынын басма сөз кызматы.

#286 12 December 2015 - 10:03
ОШ ШААРДЫК МУСУЛМАНДАР КАЗЫЯТЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫНЫН АЧЫЛЫШ САЛТАНАТЫ БОЛДУ
Бүгүн жаңыдан курулушу аяктаган Ош шаардык мусулмандар казыятынын идарасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Идаранын салтанаттуу ачылышына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Равшан ажы Эратов, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош шаарынын вице-мэри Эргешов Иличбек, Азирети муфтийидин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Арзыкулов Мухаммаднаби, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дин иштери боюнча кеңешчиси Абдужапаров Токтосун ажы, КР ДИМКнин түштүк аймактагы жетекчиси Исакбай Мурзабеков, ИИМдин Ош шаардык башкармалыгын башчысы Жолдошов Кылычбек, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Жалал-Абад облусунун касызы Закиров Абдилазиз, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султаматуратов, Өзбек улуттук марказынын жетекчиси Рашитхан Ходжаев, Ош облусунун аймагындагы баш имам хатибтер, ОшМУнун теология факултетинин мугалимдери, аксакалдар жамааты, шаардагы жалпы имамдар жана коноктор катышышты.
Азирети муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов Ош шаардык казыяты бир канча жылдар аралыгында казыят имараты жок мечитте иш алып барып келгендигине токтолуп, эми минтип Ош шаарынын казысынын чечкиндүү демилгеси менен жана жалпы мусулмандардын колдоосу аркылуу заманбап казыяттын имараты курулгандыгына токтолду. Равшан ажы Эратов Ош шаарынын казысына ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын атынан 18 миң сом акча каражатын тапшырды.
Ош шаардык казыятынын имаратынын ачылыш салтанатында келген конокторго да куттуктоо сөздөрү берилип, Ош шаарынын вице-мэри Эргешов Иличбек, КР ДИМКнин түштүк аймактагы жетекчиси Исакбай Мурзабековдор казыят келечекте ислам дининин өнүгүшүнө чоң салым кошооруна тилектештигин билдиришип, казыяттын имаратынын түптөлүшүнө эбегейсиз салым кошкондугу үчүн шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевге ыраазычылыктарын билдирүү менен белек-бечкектерин тапшырышты.
Шаар казысы идаранын ачылышында казыяттын курулуш тарыхына кеңири токтолуп, ушул күнгө чейин жалпысы болуп 1.500миң сом акча каражаты сарпталгандыгын айтып, өз салымдарын көшкөн мекендештерге алкышын айтты.
Эскерте кесек, Ош шаардык мусулмандар казыяты буга чейин борбордук Имам аль Бухарий Алай атындагы мечитинде өз иштерин улантып келген.

#287 12 December 2015 - 10:11
КАРА-СУУ РАЙОНУНУН БАШ ИМАМ ХАТИПЧИЛИГИ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
Бүгүн, Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаевдин жетекчилигинде Кара-Суу районундук хатипчилигинин 2015-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылды. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган иш чарага Кара-Суу районундагы бардык мчеиттердин имамдары жана жергиликтүү тургундары катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө Кара-Суу районунун баш имам хатиби Сүйүнбай ажы Калыков 1 жыл ичинде аткарылган иштери боюнча маалымат берип, райондо диний саясатты ишке ашырууда айылдык мечит имамдарынын орду чоң экендигин баса белгиледи. Мындан сырткары 2015-жылы КРнын Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруунун алкагында радикализм жана экстремизмдин алдын алуу жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдү болтурбоо максатында Кара-Суу районунун 17 айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте атайын жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле агартуу жана түшүндүрүү багытында 20га жакын чоң мектепттерде атайын жолугушуулар жана жөө жүрүш акциялары өткөрүлгөн.
Ал эми Имам аль-Матуридий акыйдасын жана Ханафий мазхабын жайылтуу боюнча быйылкы жылы Түркиядан жана Сауд Аравиядан атайын аалымдар чакырылып, райондун жалпы имамдары менен диний-илимий багытта семинарлар өткөрүлдү.
Жыйын соңунда казынын орун басары Нурбек кары Орунбаев райондо диний иш аракеттерди жүргүзүүдө, мечиттерди каттоодон өткөрүүдө, имамдардын билим деңгээлин жогорулатууда жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алууда жетишпеген кемчиликтерди жоюп, эффективдүү иш алып баруу тапшырмаларын берди.

#288 12 December 2015 - 10:13
.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#289 13 December 2015 - 11:20
АЗИРЕТИ МУФТИЙ БАКАЙ-АТА РАЙОНУНУН АК-ДӨБӨ АЙЫЛЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы иш сапары менен Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында болуп кайтты.
Иш сапардын алкагында Азирети муфтий Бакай-Ата районунун аксакалдары, имамдары, Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы жана жергиликтүү жашоочулары менен жолугушуп, өлкөбүздөгү бүгүнкү күндөгү диний кырдаал, экстремизмдин жана терроризмдин алдын алууда имамдар менен укук коргоо органдарынын алгылыктуу иштерин айтып, жалпы жашоочуларды туура динди үйрөнүп, ар кандай терс диний агымдардан алыс болууга чакырды.
Иш чарага Талас облусунун мусулмандар казысы Бапиев Таалайбек ажы жана казыят кызматкерлери катышышып, облус аймагындагы жүргүзүп жаткан иш аракеттерин айтып өтүштү.
Ушул эле күнү Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ак-Дөбө айылындагы жаңы мечиттин ачылыш салтанатына катышты.

#290 13 December 2015 - 11:21
БАЗАР-КОРГОНДО МЕДРЕСЕЛЕР АРАЛЫК ФУТБОЛ ОЮНУ ӨТТҮ
Бүгүн Базар-Коргон районунда медреселер аралык “Спорт - ынтымакты бекемдейт” деген ураандын астында футбол оюну Жалал-Абад областтык мусулмандар казыяты тарабынан уюштурулду. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Оюнга Аз-Захра, Имам-Аъзам, Имам-Тирмизий медреселеринин, Амир-Хамза ислам институтунун жана Сузак кайрымдуулук мекемесинин курама оюнчулары катышышты. Оюндун максаты медреселер арасында достукту чыңдоо жана экстремизмдин алдын алуу. Ошондой эле ден-соолукту чыңдоо менен биргеликте окуу жайлар менен тыгыз байланышып, бирге кызматташуу.
Футболдук командалар ортосунда таймаш кызуу жүрүп, ойунчулар күйөрмандардын купулуна толоорлук таймаш көргөзүштү. Бул оюнда 1-ге “Имам-Тирмизий” медресесинин футбол курамасынан түзүлгөн команда, 2-ге Амир-Хамза ислам институту, 3-гө Сузак кайрымдуулук мекемеси озуп чыкты. Жеңүүчүлөргө областтык казыят тарабынан даярдалган кубок жана сыйлоо баракчалары тапшырылды.
Эскерте кетсек, мындай ден-соолукту чыңдоо иш чарасы 2016-жылы Сузак кайрымдуулук мекемеси тарабынан уюштурулат.

#291 13 December 2015 - 11:22
БИШКЕК ШААРЫНДА “ИСЛАМДА ТЕРРОРИЗМГЕ ЖОЛ ЖОК” АТТУУ ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ
Бүгүн Бишкек шаарында “Расул Акрам” Ислам институту тарабынан уюштурулган “Исламда терроризмге жол жок” аттуу тегерек стол болуп өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган тегерек столго Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Ракиев Замир кары, Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитов, “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, Молдо Сабыр ажы Досболов жана журналист Мыктыбек Арстанбек катышты.
Уюштурулган иш чаранын алкагында туура динди жайылтууда массалык маалымат каражаттарынын орду чоң экендиги, ислам менен коркутуу, динди туура эмес көрсөтүүдөн сактануу тууралуу лекция, баяндар айтылып, пайдалуу маалыматтар берилди. Ал эми шаар казысы Садридин ажы Маджитов ислам дининин тазалыгына, аруулугуна жана ислам динини улуттар аралык ынтымактын бекемделишине кошкон салымы чоң экендигин айтып өттү.
Уюштурулган тегерек столдук катышуучулары мындай иш чараларды тез-тезден өткөрүп туруу учурдун талабы экендигин айтышты.

#292 13 December 2015 - 11:23
ЫСЫК-КƟЛ ОБЛУСУНУН АК-БУЛУН АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕЧИТ ЭЛ КЫЗМАТЫНА БЕРИЛДИ
Кечээ 11-декабрь күнү Ысык-КƟл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булун айылында «Ажыбек Ата» атындагы жаңы мечиттин курулушу толук аяктап, ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Иш чарага Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын даават, үгүт-насаат бƟлүмүнүн башчысы Сайпиев Билалидин ажы, облус казысы Сагындыков Алмазбек ажы, райондук баш имам хатиби Абдрахманов Асантур ажы, райондук акимчиликтин ƟкүлдƟрү, айыл активдери, аксакалдар, райондук имамдар жана айыл жаштары катышышып, мечиттин ачылыш аземи жогору деңгээлде өттү. Мечитти аталган айылдын чыгаан уулдары салып, жалпы журтчулуктун ак батасын алышты. Мечит учурдагы талапка жооп берип, заманбап шарттары менен курулган.
Ачылыш салтанатка келишкен коноктор өздөрүнүн куттуктоолорун айтышып, мечит Алла Тааланын үйү жана береке менен тынчытык төгүлгөн ыйык жер экендигин айтышып, айыл тургундарын ар кандай терс диний агымдардан оолак кылууда өзүнүн эбегейсиз чоң салымын кошооруна ишенебиз деген пикирлерин билдиришти.

#293 13 December 2015 - 11:24
БАКАЙ-АТА РАЙОНУНДА ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ АКЦИЯ ӨТТҮ
Бүгүн Талас облусунун Бакай-Ата районунун райондук акимиятында мектеп окуучулары жана жалпы имамдардын катышуусунда акция болуп өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Иш чаранын алкагында Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Касым Сыдыков, экстремизм жана терроризм жөнүндө катышуучуларга түшүндүрүп, ислам дини терроризмге эч кандай катыштыгыы жок экендигин, кээ бир топтор өз максаттарына жетүү максатында исламды жамынып пайдаланууда жана динди түшүнбөгөн адамдарды өздөрүнө тартып, азгырууда деген оюун айтып өттү.
«Ар кандай уюмдардын пикирине азгылылбоо үчүн динибизди жакшы билүүбүз зарыл»,-деди Касым Сыдыков.
Ошондой эле уюштурулган иш чарада райондук акимияттын жыйындар залында уланып, Бакай-Ата районунун баш имам хатиби Сагынбаев Абдумажид баштаган жалпы имамдар менен баарлашуу уюштурулду. Ал эми Талас ОИИБ 10-бөлүмүнүн кызматкерлери бүгүнкү кырдаалды түшүндүрүшүп, экстремизм жана терроризм багытындагы көз караштарды айтышып, бул жаатта биргеликте кызматташууну күчөтүү учурдун талабы экендигин баса белгилешти.

#294 13 December 2015 - 11:26
ТАЛАСТА ЖАШТАР ЭКСТРИМИЗМГЕ КАРШЫ ЖӨӨ ЖҮРҮШ УЮШТУРУШТУ
Кечээ Талас облусунун Талас шаарынын борбордук аянтында "Экстремизмге жана терроризмге жол жок" аттуу акция болуп өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Акция Талас ОИИБи, Талас шаарынын мэриясы жана Талас облусунун мусулмандар казыяты тарабынан уюштурулду. Акцияга Талас шаарынын бардык мектеп окуучулары жана студенттери катышышып, жөө жүрүш жасашты. Жүрүш Нуржанов аллеясынан аяктап, Талас шаарынын мэри бүгүнкү күндө дүйнөнү кооптондуруп турган жат көрүнүштөрдүн эң кооптуусу диний экстремизм бир эле мамлекеттин же бир эле коомдун көйгөйү эмес, жалпы дүйнө элинин көйгөйү экендигине токтолуп, Талас жергесинин жаштары буга кайдыгер эмес экенин билдирди. Ошондой эле шаар мэри жалпы кеыргыз элин биргеликте тик турууга чакырып, жаштар мындай көйгөйлүү маселелерге өз ойлорун билдирип, бекем турса, биз кандай гана кыйынчылык болбосун жеңебиз деген пикирин билдирди.
Ал эми Талас областык ИИБ башчысынын орун басары Бекболотов Б., бүгүнкү күндөгү акциянын негизги максаты таза ислам менен исламды жамынып алып жүргөндөрдүн айрымасын билүү экендигине жана кээ бир экстримистик топтор өздөрүнүн кызыкчылыктарын ойлоп, динди жакшы түшүнбөгөн адамдарды азгырып, каалаган максатына колдонуп жатышат деген пикирин айтты. Муну менен катар ОИИБтин жетекчиси акцияга катышкандарга ыраазычылыгын билдирип, жаштарды туура эмес агымдардан оолак болууга чакырды.
«Элибиздин биримдиги, тынчтыгы баарынан кымбат. Ислам эч качан жаман жолго үндөбөйт. Ислам дининде бирөөнү өлтүрмөк турсун, намысына тийген сөз айтууга жол бербейт. Бүгүн технологиянын заманы болуп, билим алууга бардык жолдор бар. Бирок билимди интернеттен эмес, дин аалымдарынан алуу керек»,-деди Талас облусунун мусулмандар казысы Бапиев Таалайбек ажы.
Иш чаранын жүрүшүндө Талас шаарынын билим берүү тармагынын жетекчиси Керимбаев Б., жана Талас шаарынын баш имам хатиби Бешкемпиров А., өздөрүнүн пикирлерин билдиришип, бул жаатта биргеликте иштешүү зарылдыгын айтышты.
12.12.2015 04:17

#295 13 December 2015 - 11:27
ОШ ШААРДЫК МУСУЛМАНДАР КАЗЫЯТЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫНЫН АЧЫЛЫШ САЛТАНАТЫ БОЛДУ
Бүгүн жаңыдан курулушу аяктаган Ош шаардык мусулмандар казыятынын идарасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Идаранын салтанаттуу ачылышына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Равшан ажы Эратов, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош шаарынын вице-мэри Эргешов Иличбек, Азирети муфтийидин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Арзыкулов Мухаммаднаби, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дин иштери боюнча кеңешчиси Абдужапаров Токтосун ажы, КР ДИМКнин түштүк аймактагы жетекчиси Исакбай Мурзабеков, ИИМдин Ош шаардык башкармалыгын башчысы Жолдошов Кылычбек, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Жалал-Абад облусунун касызы Закиров Абдилазиз, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султаматуратов, Өзбек улуттук марказынын жетекчиси Рашитхан Ходжаев, Ош облусунун аймагындагы баш имам хатибтер, ОшМУнун теология факултетинин мугалимдери, аксакалдар жамааты, шаардагы жалпы имамдар жана коноктор катышышты.
Азирети муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов Ош шаардык казыяты бир канча жылдар аралыгында казыят имараты жок мечитте иш алып барып келгендигине токтолуп, эми минтип Ош шаарынын казысынын чечкиндүү демилгеси менен жана жалпы мусулмандардын колдоосу аркылуу заманбап казыяттын имараты курулгандыгына токтолду. Равшан ажы Эратов Ош шаарынын казысына ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын атынан 18 миң сом акча каражатын тапшырды.
Ош шаардык казыятынын имаратынын ачылыш салтанатында келген конокторго да куттуктоо сөздөрү берилип, Ош шаарынын вице-мэри Эргешов Иличбек, КР ДИМКнин түштүк аймактагы жетекчиси Исакбай Мурзабековдор казыят келечекте ислам дининин өнүгүшүнө чоң салым кошооруна тилектештигин билдиришип, казыяттын имаратынын түптөлүшүнө эбегейсиз салым кошкондугу үчүн шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевге ыраазычылыктарын билдирүү менен белек-бечкектерин тапшырышты.
Шаар казысы идаранын ачылышында казыяттын курулуш тарыхына кеңири токтолуп, ушул күнгө чейин жалпысы болуп 1.500миң сом акча каражаты сарпталгандыгын айтып, өз салымдарын көшкөн мекендештерге алкышын айтты.
Эскерте кесек, Ош шаардык мусулмандар казыяты буга чейин борбордук Имам аль Бухарий Алай атындагы мечитинде өз иштерин улантып келген.
Бүгүн жаңыдан курулушу аяктаган Ош шаардык мусулмандар казыятынын идарасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Идаранын салтанаттуу ачылышына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Равшан ажы Эратов, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош шаарынын вице-мэри Эргешов Иличбек, Азирети муфтийидин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Арзыкулов Мухаммаднаби, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дин иштери боюнча кеңешчиси Абдужапаров Токтосун ажы, КР ДИМКнин түштүк аймактагы жетекчиси Исакбай Мурзабеков, ИИМдин Ош шаардык башкармалыгын башчысы Жолдошов Кылычбек, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Жалал-Абад облусунун касызы Закиров Абдилазиз, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султаматуратов, Өзбек улуттук марказынын жетекчиси Рашитхан Ходжаев, Ош облусунун аймагындагы баш имам хатибтер, ОшМУнун теология факултетинин мугалимдери, аксакалдар жамааты, шаардагы жалпы имамдар жана коноктор катышышты.
Азирети муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов Ош шаардык казыяты бир канча жылдар аралыгында казыят имараты жок мечитте иш алып барып келгендигине токтолуп, эми минтип Ош шаарынын казысынын чечкиндүү демилгеси менен жана жалпы мусулмандардын колдоосу аркылуу заманбап казыяттын имараты курулгандыгына токтолду. Равшан ажы Эратов Ош шаарынын казысына ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын атынан 18 миң сом акча каражатын тапшырды.
Ош шаардык казыятынын имаратынын ачылыш салтанатында келген конокторго да куттуктоо сөздөрү берилип, Ош шаарынын вице-мэри Эргешов Иличбек, КР ДИМКнин түштүк аймактагы жетекчиси Исакбай Мурзабековдор казыят келечекте ислам дининин өнүгүшүнө чоң салым кошооруна тилектештигин билдиришип, казыяттын имаратынын түптөлүшүнө эбегейсиз салым кошкондугу үчүн шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевге ыраазычылыктарын билдирүү менен белек-бечкектерин тапшырышты.
Шаар казысы идаранын ачылышында казыяттын курулуш тарыхына кеңири токтолуп, ушул күнгө чейин жалпысы болуп 1.500миң сом акча каражаты сарпталгандыгын айтып, өз салымдарын көшкөн мекендештерге алкышын айтты.
Эскерте кесек, Ош шаардык мусулмандар казыяты буга чейин борбордук Имам аль Бухарий Алай атындагы мечитинде өз иштерин улантып келген.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#296 13 December 2015 - 11:32
КАРА-СУУ РАЙОНУНУН БАШ ИМАМ ХАТИПЧИЛИГИ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
Бүгүн, Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаевдин жетекчилигинде Кара-Суу районундук хатипчилигинин 2015-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылды. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган иш чарага Кара-Суу районундагы бардык мчеиттердин имамдары жана жергиликтүү тургундары катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө Кара-Суу районунун баш имам хатиби Сүйүнбай ажы Калыков 1 жыл ичинде аткарылган иштери боюнча маалымат берип, райондо диний саясатты ишке ашырууда айылдык мечит имамдарынын орду чоң экендигин баса белгиледи. Мындан сырткары 2015-жылы КРнын Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруунун алкагында радикализм жана экстремизмдин алдын алуу жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдү болтурбоо максатында Кара-Суу районунун 17 айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте атайын жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле агартуу жана түшүндүрүү багытында 20га жакын чоң мектепттерде атайын жолугушуулар жана жөө жүрүш акциялары өткөрүлгөн.
Ал эми Имам аль-Матуридий акыйдасын жана Ханафий мазхабын жайылтуу боюнча быйылкы жылы Түркиядан жана Сауд Аравиядан атайын аалымдар чакырылып, райондун жалпы имамдары менен диний-илимий багытта семинарлар өткөрүлдү.
Жыйын соңунда казынын орун басары Нурбек кары Орунбаев райондо диний иш аракеттерди жүргүзүүдө, мечиттерди каттоодон өткөрүүдө, имамдардын билим деңгээлин жогорулатууда жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алууда жетишпеген кемчиликтерди жоюп, эффективдүү иш алып баруу тапшырмаларын берди.
Бүгүн, Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаевдин жетекчилигинде Кара-Суу районундук хатипчилигинин 2015-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылды. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган иш чарага Кара-Суу районундагы бардык мчеиттердин имамдары жана жергиликтүү тургундары катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө Кара-Суу районунун баш имам хатиби Сүйүнбай ажы Калыков 1 жыл ичинде аткарылган иштери боюнча маалымат берип, райондо диний саясатты ишке ашырууда айылдык мечит имамдарынын орду чоң экендигин баса белгиледи. Мындан сырткары 2015-жылы КРнын Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруунун алкагында радикализм жана экстремизмдин алдын алуу жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдү болтурбоо максатында Кара-Суу районунун 17 айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте атайын жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле агартуу жана түшүндүрүү багытында 20га жакын чоң мектепттерде атайын жолугушуулар жана жөө жүрүш акциялары өткөрүлгөн.
Ал эми Имам аль-Матуридий акыйдасын жана Ханафий мазхабын жайылтуу боюнча быйылкы жылы Түркиядан жана Сауд Аравиядан атайын аалымдар чакырылып, райондун жалпы имамдары менен диний-илимий багытта семинарлар өткөрүлдү.
Жыйын соңунда казынын орун басары Нурбек кары Орунбаев райондо диний иш аракеттерди жүргүзүүдө, мечиттерди каттоодон өткөрүүдө, имамдардын билим деңгээлин жогорулатууда жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алууда жетишпеген кемчиликтерди жоюп, эффективдүү иш алып баруу тапшырмаларын берди.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#297 13 December 2015 - 11:36
АТ-БАШЫНЫН БИРЛИК АЙЫЛЫНДА ИЧКИЛИК САТУУ ТОКТОТУЛДУ
Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында Ат-Башы районунун Бирлик айылынын жашоочулары, айыл башчысы, айрыкча жаштары демилге көтөрүшүп, айылдагы сатуу түйүндөрүндөгү сатылып келген ичимдикти сатпоого жана дүкөн ээлерине мындан ары пайдасы жок сууну алып келбөөгө чакырышты.
“Бирлик айылында болгону 4 дүкөн болсо, аларда сатылып жаткан ичкиликтин айыл элине, жаштарга келечек муунга такыр пайдасы болбой тургандыгын дүкөн ээлерине түшүндүрүү жолу менен такыр токтотушту”, -деди Нарын казыятынын басма сөз кызматынан.
Мындай саамалык Бирлик айылынын жашоочуларынын эле эмес дегеле кыргыз келечеги үчүн эң жакшы болду. Бул көрүнүш башка айылдар да үлгү ала турган саамалык десек жаңылышпайбыз дешет айыл тургундары.
Бирлик айылынын имамынын, айыл башчысынын чакыруусу менен Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев атайын Бирлик айылына иш сапары менен барып, жакшы саамалыкты баштаган элге ыраазычылык жана ичкилик сатууну токтоткон дукөн ээлерине казыяттын атынан ыраазычылык баракчасын тапшырып, баарына пайдалуу кеп-кеңештерин айтып, өтө ыраазы болгондугун, мындай жакшы саамалыктар башка айылдарга да жугуштуу болсо экендигин билдирген.
Саамалыкка Бирлик айылынын кулуну, Кыргызстанга белгилүү Жыргал кары атайын иш сапары менен Бишкектен келип, чогулган айылдаштарына ыраазычылыгын, кеп-ңештерин айтып өттү.
Эскерте кетсек, Бирлик айылында 270 түтүн эл жашап, Ат-Башы айылынан 14 чакырым алыстыкта жайгашкан.

#298 13 December 2015 - 11:39
БАТКЕН ШААРДЫК ХАТИБИЯТЫ ОКУУЧУЛАР МЕНЕН АТАЙЫН МАЕКТЕШҮҮ УЮШТУРУУДА
Баткен шаардык хатибияты Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеби менен биргеликте аталган мектептин жыйындар залында 9-10-11-класстын окуучуларына маектешүү жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы кабарлады.
Жыйынга Баткен шаарынын баш имам хатиби Юнусов Абдурашид ажы жана мектеп директору ошондой эле мугалимдер катышышты. Иш чаранын максаты окуучуларга туура эмес диний агымдар тууралуу түшүнүктөрдү жеткирүү менен алардан алыс болууга чакыруу, ата-бабаларыбыз тутунуп, сактап келген туура салттуу дин баалуулуктарын жайылтуу дешти уюштуруучулар.
«Ислам "тынчтык" дегенди билдирет. Исламдын маӊызы менен руху мына ушунда. Тилеке каршы бардык илимдерди камтып, аны түшүнүүгө ачкыч болгон тынчтыктын динин бүгүн исламды тынчтыктын эмес, согуш, баскынчылык дини катары түшүнүшкөндүгү шылдыӊ сыяктуу болууда. Ислам тек гана наамы менен тынчтыктын дини болбостон, өзүнүн бардык таалимдери боюнча да тынчтыктын дини жана аны ишке ашырууда. Ошентип, "тынчтык»" деген сөздөр исламды толук сүрөттөп берет. “Пайгамбарыбыз хадисинде “мусулман деген бул башка мусулмандар колунан жана тилинен зыян тартпаган болсо, ошол киши чыныгы мусулман болуп саналат” деген. Ошондуктан ислам дини тынчтыкка моюн сунуу деген маанини билдирет. Момун мусулман ислам динин кабыл алгандан кийин эң биринчи тынчтык деген нерсени бекем карманышыбыз керек”. Ислам дининде билим алууга чоң маани берген жана ар бир аял, эркекке милдет кылынган»,-деди Баткен шаарынын баш имам хатиби Юнусов Абдурашид ажы.
Ал эми бүгүнкү күндө билим жана интеллектуалдык жактан жаштарыбыздын деңгээлин көтөрүүбүз зарыл экендиги бул жыйында басса белгиленди. Жыйындын жүрүшүндө мектеп окуучулары адеп ахлакка, исламга, бүгүнкү күндө көйгөйлүү диний маселелерге байланышкан суроолоруна жооп алышты.

#299 13 December 2015 - 11:45
ТАЛАС РАЙОНУНУН ИМАМДАРЫ БИР АЙЛЫК ОТЧЕТТОРУН ТАПШЫРЫШТЫ
Кечээ Талас облусунун Талас районунун баш имам хатиби Жолдошбек уулу Канат райондун жалпы имамдарына аткарылып жаткан иштер, жетишкенчиликтер жана кемчиликтер боюнча жыйын өткөрдү. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Имамдар менен болгон жыйындын жүрүшүндө баш имам хатиб алардын бир айлык отчетторун кабыл алуудан баштап, имамдардын ишин жакшыртуу максатында мечиттерде болуп жаткан сабактар тууралуу маалымат алды. Муну менен катар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкарасы тарабынан келген 30-күндүк сабактарды ар бир мечитте өтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле Талас районунун баш имам хатиби каттоодон өтө элек мечиттердин документтерин текшерип, бул ишти тез арада бүтүрүү талабын койду.

#300 13 December 2015 - 11:49
ДИМКТИН ТҮШТҮК АЙМАКТЫК ӨКҮЛДӨРҮ ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАТКЕН РАЙОНДУК ХАТИБИЯТЫНДА БОЛУШТУ
Баткенде каттоодон өтө элек мечиттерди каттоо боюнча үстүбүздөгү жылдын 7-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык жетекчиси Исакбай Мырзабеков жана Эсенов Бөрүмухаммед иш сапары менен Баткен райондук хатибиятка келишип, каттоодон өтө элек мечиттердин имамдары менен жыйын өткөрүштү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматына райондук хатибияттан Заирбек Омурзак уулу кабарлаган.
Жыйындын жүрүшүндө Исакбай Камалович мамлекеттик каттоодон өтпөй жаткан мечиттердин себебин угуп, ошол эле учурда кантип мамлекеттик каттоодон өткөрүү керектигин имамдарга түшүндүрүп берди. КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык өкүлдөрү документтери бүткөрүлгөн 3 мечиттин иш кагаздарын жарактуу деп табышып, ишти дал ушундай алып кетүүнү айтышты.

Супер-Инфо
super.kg
видео