Суперстан: Төрөгөндөн кийин калыпка келүү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (39 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Төрөгөндөн кийин калыпка келүү Ким кандай жол менен арыктады?

#241 Пользователь офлайн   DaRhaN.   24 Май 2015 - 00:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Ичти киргизиш кк.Алдынкыларымда ваше ичим жок эле.Мунусунда жакшы танбадым эле ичим чыгып калды эми кантип мурдагы калынына келтиреем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#242 Пользователь офлайн   antiwithin14   24 Май 2015 - 00:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 175
  • Катталган: 21 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Янв 2019 22:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак калпактуу Ала-Тоо

Просмотр сообщения shirinim0817 (23 Май 2015 - 23:20) жазган:

18 кг вес кошкон элем,торогон сон "Качан арыктайм?" деп кыжаалат болгом.Балам 1 ай болгондо поликлиникага барсак "грыжасы бар,коп ыйлатпай карасанар жоголуп кетиши мумкун 3айга чейин"деди. Андан кийин которгонду коро бер да,уну чыкса эле атасы экообуз жугуробуз,себеби биринчибиз да,корктук чынында,ары РФда болгон учун же чонураак эч ким жок.Азыр кудайга шугур жок болду анысы,бирок колдон тушпойт.

. . ошондо оз калыбына келдинби?
Уулунардын омурун берсин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#243 Пользователь офлайн   shirinim0817   24 Май 2015 - 12:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 04 Май 15
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 21:07

Рахмат,ооба эми юбка,шым дегендер бели чон келип калды))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#244 Пользователь офлайн   antiwithin14   24 Май 2015 - 13:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 175
  • Катталган: 21 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Янв 2019 22:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак калпактуу Ала-Тоо

Просмотр сообщения shirinim0817 (24 Май 2015 - 12:38) жазган:

Рахмат,ооба эми юбка,шым дегендер бели чон келип калды))

. . аа жакшы. Эн негизи ден соолук болсун э!?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#245 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 19:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Төрөттөн кийин өзүңүзгө кам көрүңүз
Сүрөт Бул мезгилде аялдын организминдеги бойго бүтүүгө байланыштуу өзгөрүүлөр калыбына келет. Жатын булчуңдары жыйрылып, кичирейет. Экинчи жана андан кийинки төрөгөн аялдарда жатындын жыйрылышы алгачкы күндөрү катуу оору менен коштолот (соңку толгоо). Жатындын ички бети калыбына келип, былжыр чел бара-бара жатындын ичин каптайт. Жатындан суюктук бөлүнөт; алгач кан аралаш, кийинчерээк (5-жумада) былжыр суюктук чыгат. Мында жатын моюнчасынын жана жатын кынындагы айрык, жарааттар айыгат, жатынды кармап туруучу чоюлган байламталар кыскарып, жатын түтүгү жана энелик бези кадимки абалына келет. 3-4-суткада эмчектен сүт чыга баштайт. Айрым учурда эмчекте сүт көп болгондуктан эмчекти сүт тээп, эмчек чыңалып ооруйт. Кээде эти ысыйт. Эгерде төрөттөн кийинки мезгил нормалдуу өтсө, төрөгөн аялдын абалы анча өзгөрбөйт. Төрөгөн аялга алгачкы 2 күнү көбүрөөк жатуу сунуш кылынат. Бирок такыр кыймылсыз жата берсе заңдоо жана заара ушатуу кыйындайт. Жатындын жыйрылуусу көпкө созулат. Ден соолугу жакшы, өзүн жакшы сезген аялдарга 2-суткада туруп басууга (алгач 15-30 мин., андан ары сейилдөө мөөнөтү көбөйтүлөт) уруксат берилет. Төрөттөн кийинки мезгилде төрөгөн аял асептика жана антисептика эрежелерин так сактабаса жараат, төрөт жолундагы жаракалар, эмчек үрпүнүн жарылган жери аркылуу инфекция кирип, төрөттөн кийинки ооруларды пайда кылат. Төрөттөн кийинки кабылдоолорду болтурбоо үчүн төрөгөн аял сырткы жыныс органын марганцовканын мала кызыл эритмеси менен күнүнө 2 жолу жууп, астыга коюлуучу чүпүрөктү убагы менен которуп, ич кийим, шейшептерди күнүнө алмаштыруу керек. Төрөгөн аял өздүк гигиенаны жакшы сактоого тийиш. Алар тырмагын өстүрбөй алып, баланы эмизерде жана тамак ичерде колун самындап жууп турушу зарыл. Эмчектин үрпү жарылып кетүүдөн сактоо үчүн баланы эмизгенден кийин эмчекти нашатырь спиртинин 0,5%түү эритмеси же жылуу суу менен самындап 2 маал жууп, тегерегин 1 %түү бор кислотасынын эритмеси менен сүртүп, кебез менен аарчуу сунуш кылынат. Баланы туура эмизүү да чоң мааниге ээ (Эмчектеги бала). Эмизгенден кийин эмчекте сүт калса, саап салган жакшы.

Сүрөт

Туура тамактануу

Төрөгөндөн кийин сиз эмне жесеңиз балага ошол сүт аркылуу барат. Андыктан тамакты мүнөздөп, ылгап жейсиз. Гамбургер, бутерброд, кукси сыяктуу тез даярдалуучу азыктардан, ачуу тамактардан, сүрсүгөн, ышталган, консерва азыктарынан баш тартыңыз. Териңиздин жакшы абалга келүүсү үчүн сүт азыктарын жана витаминдүү жашылча- жемиштерди көбүрөөк колдонуңуз. Сүт, быштак, каймак май, салаттарга зайтун майын аралаштырып жеңиз. Сууга бышырылып, бууга дымдалган тамактарды кабыл алган жакшы болот. Чай жана кофени көп ичпеңиз.

Сүрөт

Айрым аялзаты кош бойлуу кезде жүзү тунук тартып, жылмакай болуп калса, кээ бириникине кара тактар түшүп жагымсыз маанай жаратат. Мындан чочулоонун кажети жок. Себеби, бул организмдеги меланинди чыгарууга жооптуу болгон гормондордун чектен тышкары жигердүү иштелип чыгышынан улам пайда болот. Кош бойлуу учурда бетке түшкөн кара тактарды жок кылууга аракет жасабай эле коюңуз. Анткени аракетиңиз оң жыйынтыгын көрсөтпөйт. Төрөттөн соң 2-3 айдан кийин ал тактар өзү эле жок болуп кетет. Андыктан төрөгөндөн кийин алгачкы бир аптада өзүңуздүн сүтүңуздү таза жуулган бетиңизге 30 саатка сүртүп жууп салсаңыз болот.

Мындан сырткары, кам каймакка петрушка кошуп маска жасап колдонгонуңуз бетиңиздин терисине да, теридеги кара тактарды жок кылууга да оң таасирин тийгизет.

Так кетирүүчү маскалар:

Шекери аз йогуртту бетке тегиз сүйкөп, 10-15 мүнөттөн кийин лимнодун ширеси менен аарчып, 2-3 мүүнөттөн соң жылуу суу менен чайкап коёсуз. Муну жумасына 2 жолу жасаса болот.

Кулпунайдын жана карагаттын суюк боткосун бетке сүүйкөп 20-25 мүнөт коёсуз же болбосо кадимки бадыраңды аарчып суусу чыккан соң ошол суулуу жагын беттин терисине коюп 20-25 мүнөттөн кийин жууп саласыз.

200 мл кайнатылган сууга 2 чай кашык майдаланган петрушканы кошуп 2-3 саат демдеп коюңуз. Даяр болгон суюктукту бетиңизге күүнүүнө 2 маал: эртең менен кечинде аарчып туруңуз.

Сүрөт

Денеге кам көрүү

Көнүгүүлөр төрөгөндөн бир жарым ай өткөндөн кийин баштоо керек.

Түз жерге жатып, бутуңузду улам өйдө көтөрүп, ылдый түшүрүп көнүгүү жасасаңыз, бул ичиңиздин тартылып, жатыныңыздын да жыйрылып өз калыбына келишине жардам берет. Алгач, 10дон баштап отуруп 100гө чейин жеткирсеңиз эң мыкты жыйынтыкка жетесиз.

Эртең менен музыка коюп алып бир бийлесеңиз да ашыктык кылбайт.

Эгер мүмкүнчүлүк болсо кечинде же эртең менен жарым сааттан баштап велосипед тепсеңиз болот. Ичиңизди киргизип, бардык булчуң эттериңизди чыйралтат. Андан тышкары толук кандуу эс алууга шарт түзөт.

Мындан сырткары, обруч айлантып, секиртме ойносоңуз болот.
Сүрөт


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 19:56

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#246 Пользователь офлайн   Mediziner   10 Июнь 2015 - 00:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Төрөгөн соң үйдө отурган айымдар кантип депрессияга кабылбай койсо болот?

Негизинен көпчүлүк учурда ымыркайдын жарык дүйнөгө келиши жана жаңы "эне"- деген макамга ээ болуу бактылуулукка бөлөйт. Бирок, айрым учурда төрөттөн кийин депрессияга кабылып жабыркагандар да кездешпей койбойт. Буга себептер абдан көп. Маселен, төрөттөн кийин бой- келбеттин өзгөрүшү, ашыкча салмактуулук жана башка ушул сыяктуу себептер. Ал эми төмөндөгү кеп- кеңештер сизди депрессияга кабылууга жол бербейт.

Сүрөт

1- Дене-тарбия жана сейилдөө

Бой- келбетти калыпка салып жана өзүн баалоону жогорулатуу үчүн өзүңүзгө кайсы бир спорттун түрүн тандап алыңыз. Бирок, ал машыгуу сизге ырахат алып келгендей болсун. Муну менен катар эле сейилдөөнү да унутпаңыз. Үйдөгү көр- тиричиликтен алысыраак эс алуу бактарында же аллеяларда чүрпөңүз менен сейилдеңиз. Таза аба жана үйдөн тышкаркы абал сиздин маанайыңызды көтөрөт.

Сүрөт

2- Баарлашуу

Балаңызга тиешелүү деңгээлде көңүл буруңуз, бирок ошол эле учурда жолдошуңузга да көңүл бура билиңиз. Ал сиздин жашооңуздагы маанилүү адамдардын бири эмеспи. Андыктан аны менен кандай гана темада болбосун сүйлөшө бериңиз. Жумушунда кандай жаңылыктар болуп жаткандыгына кызыгып сураңыз, бирок өзүңүз орду жок нерселер үчүн даттана бербеңиз.

Сүрөт

3- Китеп жана музыка

Сулуулук же балдарга кам корүүгө арналган китептерди окуңуз. Ошондой эле ымыркайды уктатып жатканда сөзсүз ага жомок окуп бериңиз. Эненин үнүн уккан бала тез уйкуга кетет жана тынч уктоосуна өбөлгө түзүлөт. Табитиңзге жаккан ошол эле учурда маанай көтөргөн музыкаларды тыңдаңыз. Бул ыкма дагы сизди депрессияга кабылууга жол бербейт.

Сүрөт

4- Бала үчүн убакыт

Балаңыз менен эркелешип сүйлөшүңүз. Анын кылык- жоруктары жана күлкүсү эсеп жеткис терс ойлорду алыска айдайт.

Сүрөт

5- Түгөйүңүз үчүн убакыт

Аялдык милдет бир гана бала багуу жана үй жумуштарын аткарып тамак жасоо менен эле чектелбеши керек. Андыктан чогуу тамак жасаңыздар, бирге сыналгы көрүңүздөр жана сейилдеңиздер.

Сүрөт

6- Ар бир күнду пландаңыз

Өзүңүзгө милдеттүү болгон бардык жумуштарды жасоого жетишүүнү кааласаңыз, анда күн сайын план түзүңүз. Ирети менен аткарылган иш тез бүтөт жана мунун арты менен сизге өзүңүзгө кам көрүүгө убакыт артып калат.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#247 Пользователь офлайн   Mediziner   10 Июнь 2015 - 01:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кош бойлуу болгондон баштап аялзатынын организминде түрдүү өзгөрүүлөр болот. Айрыкча таксикоз учурунда эмнени кааласаңыз ошол тамакты жебей коё албайсыз. Салмак кошулат жана дене- мүчө өзгөрөт. Мындай учурда көпчүлүк аялзаты күзгүдөн өзүн караган сайын баштапкы келбетине кайтууну каалайт. Көп буйшайман болбоңуз, баарын калыбына келтирсе болот.

Чачыңыз көп түшүп жатса:

Төрөттөн кийин аялдын чачынын түшүшү – табигый көрүнүштөрдүн бири. Боюнда бар кезде аялдын организминде эстроген гормону бөлүнүп чыгат. Дал ушул гормондун таасири астында чач бекемделет жана өмүрү узарып турат. Ал эми төрөттөн кийин гормондор өз калыбына келе баштаганда гормондун жардамы менен кармалып турган чачтар түшө баштайт. Мындай көрүнүш 3-6 айга созулушу мүмкүн. Эгер чачтын түшүүсү андан узакка созулуп кетсе, атайын адистерге кайрылыңыз. Эгер анчалык коркунучтуулук жок болсо үй шартында маска жасап турсаңыз болот.

2 жумуртканын сарысы, 2 аш кашык бал, 2 аш кашык сарымсак ширесин бир идишке салып аралаштыруу керек. Чачты суулап алган соң масканы шыбап, желим баштык менен ороп, 20 мүнөт кармайсыз. Андан кийин кадимки колдонуп жүргөн шампунуңуз менен жакшылап жууп саласыз. Бул масканы жумасына эки ирет жасасаңыз жакшы натыйжа берет.

Бетиңизге так түштүбү?

100 грамм бадам (миндаль) данегин кайнак сууга салып жумшартасыз. Андан кийин данды жанчып майдалап, ага лимон ширесин жана бир аз суу тамызып, анан аралаштырасыз. Даяр болгон масканы бетке жаап, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

Тырмактарыңыз сынып баштаса:

Төрөттөн кийин тырмак да морт болуп калат. Бул көрүнүштү "момго чылоо" ыкмасын колдонуу абдан пайдалуу. Уктаар алдында момду тери күйбөй турган температурада ысытып алып, тырмакты малуу керек. Мом муздаганда колду алып чыгып, жука мээлей кийип жатыңыз. Эртең менен колду жууп саласыз.

Эмчек кесилбесин десеңиз:

Эмчектин үрпү кесилбеш үчүн баланы туура эмизүү шарт. Үрптү бүт бойдон баланын оозуна салынышы кажет жана эмизүү учурунда аба баланын оозуна кирбеш керек. Эмизип бүткөндө калган сүттү саап, акыркы сүттү үрпкө сыйпап, кургатуу керек. Ал эми ар кандай жумшартуучу мазь жана кремдерди сыйпабай эле койгон дурус.

Териңиз жарылдыбы?

Курсактын, төштүн жана жоон сандардын терисинин жарылышын калыбына келтирүү дээрлик мүмкүн эмес. Бирок мунун алдын алууга болот. Мисалы, кош бойлуу кезде атайын тигилген ич кийимдерди (бандаж) кийүү, душка түшүүдө суу менен массаж жасоо жана кадимки өсүмдүк майы менен терини майлап туруу. Жогоруда айтылгандар терини серпилгич кылып, жарылуудан коргойт.

Эгер жарылган терини калыпка келтирем десеңиз, анда атайын косметикалык салондорго кайрылуу зарыл.

Чоюлган курсак үчүн кабатырланбаңыз:

Чоюлган курсакты калыбына келтирүү үчүн сөзсүз эле атайын машыгуучу жайларга же салондорго баруунун кажети жок. Аны үй шартында эле калыбына келтирсеңиз болот.

1) Отургучка отурган бойдон колуңуз созулганча өйдө көтөрүңүз. Андан соң ылдый эңкейип, ичиңизге күч келтирип, кайра ордуңузга отурасыз. Чалкаңыздан түшүп, тизеңизди чекеңизге тийгизиңиз. Анан таманыңыз жана далыңыз менен жер таянып, белиңизди жогору көтөрүңүз. Муну бир нече ирет кайталайсыз.

2) Дем алганда ичиңизди киргизе тартасыз, ал эми дем чыгарган маалда ичиңизди болушунча сыртка үйлөп чыгарасыз. Мындай көнүгүүнү балаңыз менен сейилдеп жүргөндө же дүкөндө кезек күтүп турганда деле аткара аласыз.

Жеке тажрыйбадан:

Төрөт үйүнөн келген соң 4 метрдей марли кездемесин курсагыңызды ыңгайлуу байлагандай абалда бүктөп ага үй жумурткасынан 4 даананы куюп дароо курсагыңызга тартып байлап аласыз. Муну 4-5 күнгө чейин чечпейсиз. 5 күн өткөн соң чечип курсагыңызды жылуу суу менен жууп кайрадан жогоруда айткандай кайталайсыз. Ишене бериңиз, курсагыңыздын чоюлганы аз аздан калыбына келип бир айда баштапкы абалына келип калат. Бул ыкманы мен өзүм колдонуп көрдүм жана жакшы натыйжа берди.

Туур тамактаныңыз:

В, С, А витаминдери жана кальцийге бай тамактарды (жашылча-жемиштерди, сүт азыктарын, малдын таза боорун, балыкты) колдонуу менен денени калыбына келтирүүнү тездетүүгө болот. Башка түркүн тамактарды жегиңиз келсе, анда алар балага терс таасирин тийгизбей турган болушу керек. Андыктан алдын ала дарыгер менен кеңешип алганыңыз туура. Анткени сизге жаккан тамак балаңызды ар кандай аллергияга же ич өткөккө алып келиши ыктымал.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#248 Пользователь офлайн   UsenovaAizada   16 Июнь 2015 - 19:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 320
  • Катталган: 06 Июнь 15
  • Соңку аракети: 19 Авг 2019 10:55

Салам.Эжелер сиздер торогондон кийин 40 чыккыча торкунго барасыздарбы же барбайсыздарбы. Барбасаныздар кайнене кайнатанын козунчо кенен кесири жата аласыздарбы, мен биринчимди торогондо торкунго баргам, экинчимде кайненем жибербей жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#249 Пользователь офлайн   i_see_you   17 Июнь 2015 - 14:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2018 03:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:токтогул

салам баарына! торогондон кийин беттеги дак кетиш учун канча жолу бетти сут менен жуш керек ушу жонундо билгендер болсо жаза кеткилечи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#250 Пользователь офлайн   DaRhaN.   17 Июнь 2015 - 15:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения UsenovaAizada (16 Июнь 2015 - 19:49) жазган:

Салам.Эжелер сиздер торогондон кийин 40 чыккыча торкунго барасыздарбы же барбайсыздарбы. Барбасаныздар кайнене кайнатанын козунчо кенен кесири жата аласыздарбы, мен биринчимди торогондо торкунго баргам, экинчимде кайненем жибербей жатат.

Салам кандайсынар ,эсен аман чоноюп атасынарбы? Эми сурооно келсек.Мен 3 баламда тен (чилде качты кылып) барган эмесмин .Мен кайра торкунумдо озумду ынгайсыз сезем(кенири отуруп туралбайм)3 оодо тен 4айдан кийин баргам.Барбасанда боло берет.Барышын шарт эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#251 Пользователь офлайн   madina.87   22 Июнь 2015 - 08:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Бирок уй кенири болсо баруу эле туураго дейм.Себеби мен кыйналып тородумда,кайненем 10кун карады.Калганына 3 балам м чилдеде уйдоболдумле. Азыр тиштерим какшап муздак эчнерсе жей албай калдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#252 Пользователь офлайн   DaRhaN.   22 Июнь 2015 - 10:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Ар ким ар кандайда.Мисалы мен торкунумо барсам кыйналып,жудоп кетем.Ата энемдин алдыда жатып туралбайм.Айрыкча атамдын алдыда баламды эмизалбайм. А эми бул жакта озум баш,озум дош деп калаймбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#253 Пользователь офлайн   Gulumkanbu   21 Ноябрь 2015 - 22:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 222
  • Катталган: 02 Июнь 13
  • Соңку аракети: 08 Фев 2020 00:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Бала эмизип атып кантип арыктаса болот? Мен кундон кунго толуп баратам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#254 Пользователь офлайн   Alinur.96   23 Ноябрь 2015 - 20:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 213
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 10:50

Салам менин боюмда бар учурда оозумдун астына майда будурлор чыгып кеткен торогондон кийин жоголуп кайра пайда болуп калды эмне кылсн болот.
А
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#255 Пользователь офлайн   Medina9384   08 Декабрь 2015 - 12:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 126
  • Катталган: 15 Июль 15
  • Соңку аракети: 14 Июл 2017 00:56
  • Жынысы:Аялзаты

Салам эжелер кандайсыздар. Мен жакында тородум разрыв болуп, разрыв болуп тиккен жеримин жиби тушуп калды го ачылып, врачка барып кайра тиктиремби же озу ошондой болуп буттуп кетеби? Билсениздер жардам берип коюнуздарчы биринчи торогон учун коркуп жатам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#256 Пользователь офлайн   aiturgasha   08 Декабрь 2015 - 13:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

озу жиби тушотго бир канча кундон кийин?
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#257 Пользователь офлайн   aiturgasha   08 Декабрь 2015 - 13:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

бирок менде да жиби тушкондон кийин кайра ачылып калган/ больницага барып коруноюн десем кайненеме айтыш керек. айткандан уялып атам...
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#258 Пользователь офлайн   Medina9384   08 Декабрь 2015 - 13:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 126
  • Катталган: 15 Июль 15
  • Соңку аракети: 14 Июл 2017 00:56
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения aiturgasha (08 Декабрь 2015 - 13:18) жазган:

бирок менде да жиби тушкондон кийин кайра ачылып калган/ больницага барып коруноюн десем кайненеме айтыш керек. айткандан уялып атам...

Азыр кандай болуп калды же коруно элексизби
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#259 Пользователь офлайн   aiturgasha   08 Декабрь 2015 - 14:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Просмотр сообщения Medina9384 (08 Декабрь 2015 - 13:23) жазган:

Азыр кандай болуп калды же коруно элексизби


бала мн болуп атып унутуп деле калдым. баралекмин больницага.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#260 Пользователь офлайн   Гука   17 Декабрь 2015 - 15:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 008
  • Катталган: 09 Апрель 08
  • Соңку аракети: 04 Мар 2018 02:35
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Medina9384 (08 Декабрь 2015 - 12:54) жазган:

Салам эжелер кандайсыздар. Мен жакында тородум разрыв болуп, разрыв болуп тиккен жеримин жиби тушуп калды го ачылып, врачка барып кайра тиктиремби же озу ошондой болуп буттуп кетеби? Билсениздер жардам берип коюнуздарчы биринчи торогон учун коркуп жатам.
Жиби тушкондон кийин озу бутуп кетет. Бирок,врачка барып корунуп койуу зарыл
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (39 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 16:21

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: