тер агызып, ысык жүрөктү күйгүзөт. Жан-жаныбар-
дын баары көлөкө издеп, азыраак дем алгысы келет. Та-мак кургап, ооз кеберсип, чаңкайт.
Закым жыбырап электенип, желе тартьгп толкунда-нат.
ЧөпГөр, гүлдөр, эгиндер жалбырактарын салбыратып,
соолуйт. Баштарын бүгүн күндөн жашыргандай бо-лушат.
Чөп чабылып, эгиндер сары-ала болуп бышып келе жаткан чак. Жумурай журттун билек күчү—эмгекчилер кызуу иш үстүндө. Жакадагы жатакчылар,
тоодон—жай-
лоодон келген жумушчулар кызуу аракетте. Апийим кескен, арпа оргон эл талаадан таалай издешет. Күндүн ысыктыгына,
күйдүргөнүнө моюн бербестен кара жан-дын камы үчүн алп урушат. Созолонуп-еозолонуп ырда-ган жигиттердин үнү закымды толкундатып,
талааны жаңыртат. Жаркылдаган орок, булактаган чалгы жердин түрүн өзгөртөт. Теңселген көк шибердүү жерлер та-кырайып, машактары ийилген, дандары ырсайып, тышы-на чыгып турган жерлерде боолонгон эгин, чөмөлө пайда болот.
Ойдогу, тоодогу элдин баарын шумдуктуу аңырт кап- гады. Эл кулагын түрүп, улуу-кичүү дебей, эртели-кеч аңыртка кулак салды. Ары өткөн, бери өткөндөрдү токтотуп маани-жайды сурашты. Ар ким ар кандайча коркунучтуу кабар келтирет.
— Падыша жаштардын баарын солдатка алмай бо- луптур. Кермен урушуна жиберет экен...
— Жок, андай эмес... уруштагы солдаттар жатычу чуңкур каздырат,— дешет.
— Бир дубандын жакшыларынын баарын уезд чакы- рыптыр, падышанын барманын угузуп, солдат бересиң,— дептир.
— Жакшылар «биз беребиз» деп убада кыла албайбыз, эл эмне дээр экен, анан кийин жооп берели,—дешип таралыптыр.
— Ооба, жакшылар букарага кеңешмек беле!.. Ал калп эле өздөрүнүн баркын көтөрүшкөнү.
Өзүбүздүн бала-бакыра
"Эрксиз күндөрдө" чыгармасы Повест
#62 09 December 2015 - 01:19
калса башкалардыкыи алса, ала берсин, деп кеңешип жаткандарын биздин .Курман__угуп келиптир.
Бир бирине жуушпаган,бирок негизинде чын сөзү эл-дин баарына таралды. Ой-тоодо, талаа түздө жаткандын баары убайымга түштү. Аңырт күчөгөндөн күчөдү. Укпаган жан калбады. «Солдат» дегенде ордунан тура кача турган элдин үрөйлөрү учту.
— Солдатка алып кетсе, оокат эмне болот?..
— Силер кетсеңер, биз кантип жан сактайбыз?! .. Кол күчү, маңдан тери менен оокат кылгандар күн
мурун асан кайгы болушту. Кабар бекерче кабар эмес, чын болуп чыкты. Далай эмгекчилер «эмне болду экен» деп жүрүп, оокаттарынан калышты. Анча-мынча укканга ишенбегендер калаага карай сапырылышты. Калаадан аныгын, чындыгын угуп, элдин ортосуна келип аңгеме согушту.
— Чын эле алат экен... алганда да өз атың, өз ээр гокумуң, кийим-кечегиң, азык-түлүгүңдү ала барат экенсиң, уруш катуу болсо керек. Ак падышадан батыраак алгыла деген буйрук келиптир.
Деген сез жеке чоңдор змес, жаш балдардын кулактарына да коргошундай куюлду. Үрөйү учкан, дагдыра-ган эл ары толкуду, бери толкуду, ой-тоо, талаа-түздө жайнаган, кайнаган элдин эсеби жок. Бардык жерде бака-шака... кызуу, жандуу аракет. Айылдан айылга, ойдон тоого, тоодон ойго чапкылаган, кулагын түргөн жан. Эл-дин мүнөзү, түрү өзгөрдү, түндүр-күндүр дебей алда кандай эмнеге камданып, даярданып жатты. Катуу тол-кундан кийин көпкө дейре токтоно албаган көлдөй болуп эл чайкалды... Толкунданды. .. минер унаа, ээр-токум камдоого киришти. Талаадан таппаганы—калаага, ка-лаадан таппаганы—талаага жабалактады. Алынган апи-йим, бастырылган эгин, мал базарды каптады.
Эл кулагын түрдү, эмнегедир жашырыкча күттү...
— Пишкек, Токмокту кыргыздар, Алматыны казактар алыптыр. Байсоорунду кечээ камап, калааны өрттөй

#63 09 December 2015 - 01:21
баштаптыр,— деген коркунучтуу аңырт дагы таралды. Талаа дагы жайнады, эл баштагыдан беш бетер толкун-данды.
Бакандар учталды, союлдар камдалды. Темир айрылар бакандын башына минип, айза милдетин аткар-мак болду. Араң турган эл дыгдырылып,
ат коюуга даяр болду.
Балкыган күн батып, күүгүм кучагын жайды. Жерди коюу жым-мырт каптады... Ысык-Көлдүн күнгөй жагы асман мелжиген кызыл өрт менен балбылдады. .. Бүткүл көл бетин жарык кылып, түндү күндүзгүдөй кылып жатты. Өрт көбөйгөндөн көбөйдү. Барган сайын балбылдап,
жалыны асманды жалмагандай көрүндү... Жер дүнүйөнүн баары улуган иттердин шумдуу үндөрүнө кошулган, маараган, мөөреген малдын ызы-чуусу менен толду, Катын- кыздардын кудайлаганы, жаш балдардын ыйлаганы менен шумдуу түн, ого бетер шумдуу түргө кирди...
Таң күндөгүдөн кызарып атты... далайга дейре күн көтөрүлбөй кейигенсип, нааразылык кылган өңдөндү... Күндүн нуру күндөгүдөн ачуураак, күндөгүдөн каардуу-раак кайнады...
Ак желек көтөрүп, айыл-айылды аралап, чабармандар жар салды:
— Оой, улуу казатка... улуу казатка, аттангыла! Ак-сарбашыл союлду. Үй сайын көкөлөп түтүн көтө- рүлдү. Темир айры, ачтама айза көтөрүп, жарак көтөрө ала тургандардын баары жалпы атка миништи. Топ-топ болуп чогулуп, алда кайда кетип жатышты. Маңдайдагы тасманын жону ак туу көтөрүшкөн, айзалары кылкылдаган эл менен толду. Бир аз аялдап туруп, эки бөлүнүп аттарынын оозун коё берип, пасолкөнү карай качырышты. Ана, пасолкөгө алды кире берди. Аттардын туяктарынан чыккан чаң ашыгып, ашыгып жерден качып көктү көздөй көтөрүлдү.
Тарсылдаган мылтык, кыйкырык, өкүрүк менен жер-дин асты, үстүнө, көмкөрүлгөндөй болду, онтогон адам, корккон

#64 09 December 2015 - 01:23
малдын үнү тынччылыкты бузду. Аккан канды тойбос кара жер ийменбестен соруп жатты.
Кече гана ага-тууган өңдөнүп аралашып, сүйлөшүп жүргөн эки уруу эл — эмгекчилери бүгүн бир-бирине душман... бүгүн бирин-бири жулкуп, тытышып, кыйрашып жатты. Эмне себептен экенин өздөрү да билбестен бири- бирин тааныбай бычакташты. ..
Алда кимдердин кесепети, алда кимдердин кутуртканы, бузуктугу аркасында далай күнөөсүз кандар акты... Далай баш, далай дене себеби эмне экенине көзү жетпей, курман болду... ата баласынан, бала атасынан, үй-бүлөлөрүнөн түбөлүк айрылды. Алда кайдагы канкорлордун кан ичерлердин кесепетинен эчен миңдеген айыпсыз жан үйсүз, жайсыз калды...
Ээленген, күүлөнгөн өрт, бардык жерден көрүндү, тү- түндөр булут болуп, кызгылт тартып тоо-тоонун башына барып уюду.
Узак турган жок. Калың кыргыз үркүп жөнөлдү... Тууган-өскөн жерин, даяр оокат-тиричилигин таштап, гааныбаган, билбеген белгисиз жакка жол таргты. Унаа- луулар элден мурун, андан кийин көрпө-төшөгүн көтөрүп, оору-сыркоосуна карабай, жөө-жалаңдап качышты. Элдин кебү эмнеден качканды, эмнеден үрккөнүн сезген жок. «Кач, кач»тын капшабы менен кете беришти...
Ак кар, көк музду жиреп, тар кечүү, тайгак ашууну ашып, тоо-таш басып алда кайда житишти. Бир нече күн жол азабын тартып, жаан-чачында үйсүз, ашсыз калып, өлдүм- талдым дегенде сырттагы Сары-Жазыга жетишти. Жабыла конуп, бир топ күнү зс алышты.
Сырт... баары жер жылаңач. Аттын тушоолоруна кел- беген бетегеден башка, түк жок. Сейрек, бириндзэк аба. Ак селдеге оронгон үнсүз, жансыз тоолор. Кайда кара-саң анда тоо, көктө көгөргөн асман, андан башка эчте-меге көзүң түшлөйт. Ар кай жерде чочуган өңдөнүп чыга калган кулжалар. Баары муң... баары жылаңач...

#65 09 December 2015 - 01:24
Жыпар челегин көтөрүп суунун боюна келди. Шаркы-- рап, ак көбүк чачыратып, таштан ташка секирип агып жаткан суу, суунун ичинде бүлбүлдөп, жымылдаган жылдыздардын шооласы ага жакын, тааныш көрүндү. Эсине жайлоо, оюн, ыр, суу боюнда Жунуш менен сыр-дашып олтурганы түштү. Жунуштун коңур үнү, маңда-йынан сылап эркелеткени көз алдына келип жатты. Ажырашардагы айткан ыры, өбүшүп, көзүн жалдыра-тып,
таштап кете албай муңайганы оюна келди. Ал убактагы кызыкчылык,
убайымеыздыкты ойлоп, эриксиз кө-зүнүн жашы акты. Суунун боюнда олтуруп, бетин эки колу менен басып алып, солкулдап, өксүп-өксүп жаш балдарча ыйлады... моокуму, өз өзүнөн табасы канганча көзүнүн ысык жашы менен бетин жууду.
— Дагы жүзүңдү көрө алар бекемин... жүзүңдү бир көрүп, көксөгөн көңүлүм тойгончо бир карап өлсөм, ар-маным калбас эле. Ичтеги дартымды, жалынсыз отко сен үчүн куйгөнүмдү айтып, анан өлсөм, мен бактылуу болор элем... сенин бактыңа мен каргаша болдум... бүт-күл турмушуңду бузуп, дубана катардуу кылып кеттим. Неге келдиң?.. Неге ырдадың?.. Сааттуу түндө сааттуу оюнга мен кайдан бардым?!.. Кайдан сени менен тааныштым?! .. Карагат көзүңдү жалдыратып, канатынан айрылган каздай кылып, сени таштап м.ен кайда кет-тим?.. Мен ким элем, сен ким элең?!.. Баары айып мен-де!.. Учурашып, дидарыбызды көрүшө албастан адаш-тык. Сен мени кечир, Жунуш!.. Ташка башын сөөп баштагыдан да беш бетер өксүдү. Караңгы түндө үңгүрөгөн шумдуу үн ушул. Бул канат бутагынан айрылган, сүйгөнүнөн ажырап, душмандын колуна түшкөн армандуунун үнү...
— Жеңе, жеңетай маа караңызчы! ..
Жыпар жеңи менен көл болгон жашын сүртүп, өйдө турду. Алдында көзүнө жашы мелт-калт толгон Жуман турат. Бирөөнү аяган, бирөөге кейиген өңдүү.
— Мен сизди эмне болду экен деп жаным калбады. Издеп, издеп таппай чарчадым... Суу жактан карайынчы деп келип сизди таптым. Кечинде кой жайып келе жат-сам,

#66 09 December 2015 - 01:26
жаныма бир кара тору жигит келип, Мамырбайдын айлын сурады. Мен аныч койчусу экенимди билдирдим. эле, атынан ыргып түшүп, кучактап колумду кысты. Анан сизди сурады. Мен баары жогун айтып бердим эле, көзүнө жаш алып барып, кайта тыйылды. Мына бул кат-ты сизге берип кой, андан аркысын өзү билет, деп көп суранып, аттанып кетти.
Колундагы катты Жыпарга сунду. Жыпар чыдай ал-бады. Катты көкүрөгүнө кысып-кысып чуркап, өңгүрөп ыйлап жиберди.
Бир аздан кийин оюна келип, эч ким жокто ашыгып катты ачты.
«Сүйгөнүм Жыпар!
Колуңду кысып, ысык саламымды жиберем. Сенден ажырагандан кийин ит көрбөгөн кордукту көрдүм. 5 ай түрмөдө жатып, араң кутулдум. Түрмөден чыккандан бери келесоо кишидей жүрөм. Канчалык амал кылсам да ак жүзүңдү көрө албадым. Кыйналдым... кысталдым... менин бар үмүтүм: ак жүзүңдү көрүү, көрбөсөм жинди болуп кетемби?...»
...Деп ичтеги арманын, дартын айтып келип:
«Биздин эл Сары-Жазыдан туура Турпанга кетмек болушту. Эртең көчөбүз. Эгерде көңүлүң баштагыдай эле менде болсо, мени менен кач! Бирге бололу! Силер-дин айыл түн жарымынан кийин Текести карай көчөт экен. Мени күт... эгерде кечигип калсам, Ала-Айгыр-Сай- калдын ашуусунан күт. Мен ошондо болом...
Кекүрөгү күйүттүү, жаны жаралуу: Жунушуң».
Катты окуп, эс-учун билбей жыгылды. Эл кечөр-көч- көнчө ыйлай берип эки көзү муштумдай болду. Бир жыл-дан бери ичине чогулган бугунун баарын көз жашы ме-нен жууду. Катын кайта-кайта алып жыттады... өптү... азыраакзс алгандай болду...
Мамырбайдын айлы жапырт көчүп жөнелдү.
Сырттын кабагына кар жааган, менменсинген тоо-лорунун аркасынан мунарланып ай калкып чыкты. Ай нуру менен, баштатан муңдуу сырт, ого бетер мундуу кө-рүндү.

#67 09 December 2015 - 01:27
Салаңдаган көлөкөлөр кыскарып, жер жүзу күмүш нурга чөмүлдү, сырттын муңдуу жымжырт тынччы-лыгын бузбаска тырышып, көч жылжып, узун желе тар-тып чубалды. Ашууну такай келип конгон эл дароо жо-гору көтөрүлө баштады.
Сырттагы ашуулардын эң катаалы, эң опуртмалуу- су — Ала-Айгыр-Сайкал. Муну ашкан көч өтө чебердик менен ашат. Муздан сойголоп, далай жерге дейре жылгаяктап барып, анан оңолот. Жалгыз бир чубама гана жол. Андан кылт зткендин дайыны табылбайт.
Көч ашуунун белине чыккан убакта Жыпар, зэр-токумун оңдоп, басмайылын тартымыш болуп көчтөн калып калды. Жунуштун убадасы ушул жер.
Жыпардын жүрөгү алда кайда алып учат. Кыял чиркин миң түрдүү ойго кетти. Көңүл алда немеге кубанып, көтөрүлдү. Жаштык эпкини дагы жанданды. Башкача жан кирди. Сүйгөнү айлап-жылдап күткөн Жунушун күтүп Жыпар жымылдады. Денеси балкып, көзү чолпон жылдыздай болуп балбылдады.
Мына, өмүрдүк жан жолдошу, ширин досу жаркырап жайнап келип кол алышат. Кысып-кысып айкалышып өбүшөт. Кызык өмүр, эркин турмуш кушу кайта келип баштарына конот, бирге жыргап-куунап өмүр сүрүшөт. Жаштыктын биринчи күндөрүн кандай өткөргөн, өмүрдүн ширесин кандай татыган болушса, мындан кийин ошол калыпка кайтышат.
Кокустан, арт жагынан карышкыр улуду. Туура жактан бирөө ага жооп кайтарды. Төмөн жактагы зоо жаңырып, кошомат кылды. Жунуш жок... Жыпарды коркуу басты, Жунуштун келбегенине куй- көлөндү.
Бир жагынан коркуу, бир жагынан күтүү сабырсыз-дыгы менен Жыпарды калтыроо кармады. «Ашуунун белинде бол. Ошондо болом...» деген сөзү эсине түшүп, араак аялдоого да ойлоду. Бирок ач көз, канкор карыш-кырлар дагы улушту.

#68 09 December 2015 - 01:36
Жунушту бул жерде күнү-түнү кү-түүгө да ыраазы. Бирок бекерден-бекер ач карышкыр-ларга азык болгусу келбеди. Кандай да болсо өзүн сүй-гөнүнүн колуна аман тапшыргысы келди. Ашууну эңке-йип, көчтүн караанын чамаалап, аяндап жүрө бермекчи болуп, Сары-Жазы жакка бир карап алды. Аяңдай бас-тырып, ашууну эңкейип жолго түштү...
Жыпарды издөөгө жиберген Мамырбайдын жигиттери ашуунун белине дейре келишти. Эч кайда эчтемкенин дареги билинбеди. Чакырышып-кыйкырышып да көрүш-тү — үн жок. Тымтырс. Сары-Жазы жаккы бетке да ба-рып карашты, дайны билинбейт.
Күндүн мурду жайылгандан кийин жигиттер жолду байкап, из карашты. Бурулуштагы муздун үстүндө ат тайгаланган таканын изин көрүштү. Аттарын бирине карматып коюшуп, башкалары боортоктоп жата калы-шып, зоонун төмөн жагына көз салышты. Зоонун орто-сундагы чоң тектирче таштын үстүнөн бир ат, бир кишинин өлүгүн көрүштү.
Бечара, эрксиз турмуштун зриксиз курманы экен ээ!— деп жигиттердин бирөө терең күрсүндү. Башкала-рынын көздөрүнөн жаштары мончоктоп, тектир ташты карай тегеренди...
Эпилог
23-жылы Жунушту Фергана областында учураттым. «Сато» карамай кенинин башкармасындагы бир бөлүм-дүн башчысы экен. Квартирине барып, бир топко дейре эл- журтту, өткөн күндөрдү эскерип олтурдук. Мамырбайды Төкеске бара жатканда калмактар өлтүргвнүн, Кендирбайдын молдолукту таштап контрабанд брлуп кеткенин айтты. Өз ыңгайы келгенде Жыпарды да эскерип өттүм эле, өңү азырак өзгөрө түшүп:
— Ээй жашчылык-масчылык. .. баары чогулуп келип акмакчылык! ..— деп ары-бери басып келип,— азыр аны ойлоор чак эмес, чарбабызды жолго коюу, өнөр жайла- рыбызды күчөтүү заманы!.. Не до любви, братец мой— деп

#69 09 December 2015 - 01:39
ордуна олтурду. Мен да жаралуу жерине тийгеяим-ди билип, сүрүштүрүп,
созуп турганым жок. Амандашып, колун кысып, эшикке чыктым.
Аягы
Аягы
#70 27 December 2015 - 11:45
Не до любви деп коёт дагы...(((.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#71 27 December 2015 - 11:50
Дагы ушундай жакшы чыгармалар кимде бар?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#72 27 December 2015 - 12:02
Мектепте окуганбыз. Класста Жунуштун ушул сөзү аябай талкуу болгон эле.
Мага ушул айткан сөзү менен башканы эмес, өзүн алдап, көөдөнүндөгү күйүт отун баскысы келгендей сезилет.

Супер-Инфо
super.kg
видео