Жакын адамын суйгонун, досун,омурлук жарын деги ким болбосун, сен ардактаган адамдан, кобунчо кандай учурда конул калат?
Жакын адамыңды көп көрбөй же суук мамиле болсо, сүйбөй калуу мүмкүнбү? Ой болушкуло
#2 08 December 2015 - 21:01
Кобунчо ортодо уруш кобойгондо конул калат. Эгер ал омурлук жарын болуп суйуп тийсен (же алган) болсон дагы коп чыр чатак чыга берсе, себепсиз кызганса бара -бара ушунчалык конулун калат. Суймок тугул даже суйлогун келбейт
#3 08 December 2015 - 21:36
Конул калуу олумдон да кучтуроок , деген кыскача суйломдун ичинде коп нерсе катылганын эми тушуно баштадым...
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#4 08 December 2015 - 22:37
эгерде сенин жакшы көргөн адамыңдын сага көңүлү калган болсо албетте сага суук мамиле жасайт ошондо сенин да көңүлүң калат. ошол үчүн бирөөнүн көңулүн калтырбаганга аракет кыл.
ЛЮБОВЬ ЗЛА ПОЛЮБИШЬ И КОЗЛА!
#5 08 December 2015 - 22:41
Узак убакыт корушпой калуудан да ортодогу аралык кыйла алыстайт, зв этсе да не деп суйлошушту билбей каласын.
#6 08 December 2015 - 22:50
men dostorumdan bat ele konulum kalat.Ozuncho kerseigender m.n daroo mamileni uzom
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#8 09 December 2015 - 10:56
Суйуп, куйуп, алоолонуп, орттонуп атып тийген болсон да турмушта сага жолок боло албаса, конул жылытаарлык бир соз суйлогонго жарабаса, озун ааламдагы жалгыз акылдуу, сулуу сезип, сенин кызыкчылыктарынды эсепке албаса, сени жон гана бала торогуч жана уй кызматчы катары коргон болсо кыз жигит кезиндеги суйуунун С тамгасы да калбай, суйуу деген нерсе чон тамгалар менен баса белгиленген ЖЕК КОРУУГО айланат, конулун кок таштай калат. Бул менин практикамдан алынган жеке оюм!
#9 09 December 2015 - 11:13

жеке оюна 200 пайыз кошулам, кээде ойлонуп да калам ушундаи мамилеге кантип чыдап жашап жатат экем?!
#10 09 December 2015 - 12:26
Тушунбостук,
кайдыгерлик,
муздактыктан конул калат го.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#11 09 December 2015 - 14:18
kyzgana berse konul kalat suilogun kelbei al az kelgensip nervini jeit bezip kalgamgo uwu kyzganychtan
#12 29 December 2015 - 23:01
Мен 4 жыл бир жигит суйлошком обу жок кызгана береер эле анын айынан коп урушуп талашчубуз акыркы кундору конулум да сууп бара жаткан азыр аябай суйуном ошо адамга турмушка чыкпаганыма
#13 30 December 2015 - 01:05
Мен суйгон кызым м.н жургонубузго жакында 5жыл болот ушул убактын аралыгында канча жолу уруштук конул калтырайын десем да калтыра албай койдумго аны издей берем сагынам 5айдан бери корушпойбуз сагынычым суйуум мурункудан да кучоп кетти
#14 30 December 2015 - 01:23
Эн биринчи, көнүл калуудан же көнүл калтыруудан кудай эле сактасын!
Адам өзү жашоосунда аз эле өмүр болсо,анын 40% (болжол менен, так билбей жатамын
) эле уйку м.н өткөрөбүз. Андан көрө айланага көз чаптырсак, кандай гана кубаныч, бакыт курчап турат. Мага келсек, кичинемде тез эле катуу сөз айтып, кээ бир адамдарды капа кылып алчумун. Бирок, кудайга шугур азыр акыл-эс тарткандан баштап эле, айланамдагыларга жакшы мамиле эле кылганга аракет кылам! СЕБЕБИ "Жашоо - кыска". Эртен жакындарынды,
сыйпалап деле таппай кала турган убак келип калганга чейин, түшүнүп эле жашаганыбыз он деймин. Ал эми эки адамдын арасындагы аралык, мамиленин суутушуна себеп боло албайт го. Азыр мен, жакындарымдан алыс жактамын (Америкада).
Тескерисинче алар менен мамилем бекемделип барат! Эки адамдын арасындагы алыстык - бири-бирине канчалык керек экенин билдирип коёт эмеспи. Ошол сынары, менин бактым - Менин жакындарым!
( суйуктуу ата-энем, аска-зоом бир туугандарыи,
дайыма колдоглн досторум)
Сен ушундай күл, адамдар сени ыйлатуудан уялсын.
#18 13 January 2016 - 03:11
Уйлонгондон кийин озгоргондор бар .жеттим уйлондум болду деп . Конул бурбай каалаган жагына басып .анан достору да коп роль ойнойт.
#19 13 January 2016 - 09:16
Ошого айтылат да мехр көздө деп. Ал дегени көзүндүн алдында жүрсө ар дайым мээрим түшүп турат. Ошого сүйүктүү жарын ар дайым жанында болсо көзүндөн мээрим төгүлүп турат да ортодо сүйүү мухабат сакталып турат. Бири биринден алыстасаң кыйналып дегендей.
Ошон үчүн баланы да шарият толук эмизсин дейт, эмне үчүн?
Эне баланы ар бир эмизгенде балага мээрим төгөт көзүнүн кареги менен.
Анткени ошол бала энеден толук мээрим алып,сүйкүмдүү болот. Энеге күйүмдүү жана боорукер болот,жана акыл эси толук жетилет.
А толук эмизбесе баланы, балага зулум кылат. Баланын да акыл эси толук жетилбей калат да, кийин жашоосунда бала кыйналат.
Азыркы энелер баласын төрөп эле башка бирөөгө таштап кетип жатат. Бирок кийин ошол бала энеге күйүмдүү болбойт,себеби энеден толук мээрим акысын алган жок.
Кыскасы ар бир жакын адамдарыңдын жанында жүрүүсүнө эмне жетсин.

#20 13 January 2016 - 09:24
Албетте узак убакыт корбой суук мамиле болгондо конул да калат, алыстайсын дагы. Ошондой эле мамиленин начардыгы да конул калууга туртку болсо керек.

Супер-Инфо
super.kg
видео