Суперстан: "Кан коё бербейт" чыгармасы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Кан коё бербейт" чыгармасы Кенжебай Нукоштун детектив- повести

#41 Пользователь офлайн   airada   08 Декабрь 2015 - 03:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Ушунун баары болуп атканда экинчи кароолчу жардам чакырганы ары чуркап кетиптир. Айдоочу эки колун которгон бойдон тура бериптир. Ал жардамга келсе, беркиниси чуркап кетпегенде учоолоп кылмышкерлерди колго тушурмок экен. Тилекке каршы Аргынбаев озу жалгыз учоо менен кармашыптыр. Эки бандит жерде оонап жатканда машинедеги бандит куралчан экенине карабай Аргынбаев аны коздой чуркайт. Анын колунда атканда жууса да кеткис бойогу бар пистолет бар экен. Ошону менен атып калат, а тиги бандит болсо Сыргабекти так чекеге атыптыр. Бандиттин усту-башынын баары когала бойок болуп калды дейт айдоочу. Андан ары эмне болгонун билбейт, эси ооп жыгылыптыр. Сиздин эр журок досунуз мына ушинтип карман болду. Ага Данк орденин ыйгарса да жарашат.
Мен туйулгон муштумумду карап тунжурап отурдум.
- Сыргабекти аткан кылмышкердин суроттолушу барбы сиздерде?
- Бою узун, кара спорттук курмочон, башында ак кепка. Аргынбаевге рахмат айтыш керекпиз, эми аны табыш Алда канча оной болот. Талант!! !
- Биздин божолубуз боюнча, - деп созун улады Алапаев, - кылмыштуу топ казинодон чыккан акча кайсы убакта, кандайча ташылаары жонундо же маалымат алып турушкан же коз салып журушкон. Акыркы убакта ошол чолкомдо шектуу кишилер же машинелер жургонун байкаган эмес белениз?
- Эч кимди байкаганым жок. Эми Ал туштан машина да, эл да узулбойт.
- А, мумкун ок аткан кылмышкерге окшош бироо жарымды коргондурсуз? Узун бойлуу, олбурлуу.
- Жок, корсом да элес албасам керек.
- Болуптур. Анда эмесе Ат- Башыдан болгон телефон чалуу туурасында айтсаныз. Тан калыштуу, бирок андай телефон чалуу болгону эч жерде катталбаптыр.
- Чын элеби?
- Ооба, Бактыяр. Мумкун телефонистка бирдеме дегендир, эмнеден улам Нарындан чалып атышат деп ойлодунуз дейм да?
- Башка жактан чалып атышат деген ой келген жок мага. Чалган киши айылдык дарыгермин деди, фамилиясы ким эле? Матраимов, ооба ошондой деген. Ат-Башыдан чалып Атам десе эле ишенгем.
- Тушунуктуу. Кимдир бироо Аргынбаевди иштен четтетууго аракет жасаган экен. Бирок эмнеге Антти? Шопурдун жанында башка кароолчу болгондо эмне болот эле?
- Сыргабек аскерде жургондо бокс боюнча чемпион болчу, - дедим мен. - Бандиттер ошону билип калып, андан башка алсызыраак кароолчу болсун дешкендир.
- Балким, - Алапаев башын ийкеди. - Бирок анын кыйын мушкер экенин алар кайдан билсин? Сиз кандай деп ойлойсуз?
- Билбейм.
Экообуз тен унчукпай отуруп калдык.
- Ат-Башыдан келген телефон чалуу боюнча кошумчаныз барбы?
Мен Алапаевди алая карадым. Ал мага калпын чыгып калды, чынынды айт деп айткандай сезилди.
- Жок башка эч нерсе билбейм. Баса, Сыргабекти батыш автобекетине алпарып автобуска озум салгам. Кайра келип калганы тан калыштуу.
- Автобустагылар Боомдон тамак ичкени токтогондо Аргынбаев Матраимовго кезигип калат. Ал уулунун машинеси менен Бишкекке келаткан экен. Эс алып, тамактанып алалы деп алар да дал ошол кафеге токтошуптур. Ата-энен сопсоо, мен эртен менен эле учурашып келгем дегенин укканда иштен калбай артка кете берейин деп ошолордун машинесине отуруп келе бериптир. Тамашалап коюшкан тура деп ойлоптур.
Каап, кайра келгенин билбей калганымды карачы. Фургонго тушконун коруп калсам эмне, дароо милицияга барып, Таланттын айыбын ачмакмын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   airada   08 Декабрь 2015 - 11:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

- Жумадан ишембиге караган туну сизди казинонун короосуна кирген деп айтышты. Тологонов деген кызматкерге чай алып барганыныз чынбы?
Мына сага! Сыртымдан беймарал корунгонум менен Алапаевдин тике коз карашына аран туруштук бердим.
- Чай берип койойун десем корунбоду.
Алапаев устолдун кырын таяна алдыга жуткунду:
- Анан андан ары эмне болду эле, айта бериниз?
- Эчтеке. Эмне болгону эсимде жок, ошончолук эле маанилуубу?
Алапаев жылмайды, кой коздору кулундоп жаш баланыкындай жайнай тушту. Мен да кайраттангансып калдым.
- Киши олтуруу кылмышы тергелип жатканда баары маанилуу. Жакшылап эстенизчи, андан аркысын.
- Мен кечке иштедим.
- Канчага чейин?
- Тун ортосуна чейин.
- Дайыма ошентип кечке чейин иштейсизби?
- Жок. Срочный заказ болуп калган.
- Эмне болгон заказ?
Мен аны кайрадан жалт карадым. Баштагыдай эле жайдары жылмайуу, кызыкдар коз караш.
- Кардарларымдын бироо машинесинин тормузу жакшы иштебей атат деп калтырып кеткен. Эртеси отпускага Колго кетмекмин дегенинен тун ортосуна чейин ошону жасадым.
- Кардарыныздын фамилиясын же атын айтсаныз?
Алапаев калпымды кармап Алды. Муну да Жанылдай коруп даяр калпымды айта салганымды карасан. Милиция баарын текшерээрин, текшергенде да ийне-жибинен бери текшерээрин келесоо жаным ойлогон эмес экенмин. Мээм иштебей калды. Алапаев суроосун улам кайталай берди, мен болсо козумду ирмегилеп айтаар жообумду таппай кайсалактадым.
- Эстей албай атам. Токтосунов беле же Токтобеков беле, атын очкур. Алапаев жылмая башын ийкеди:
- А машиненин маркасы кандай эле?
- " Фольксваген пассат".
- А номурчу?
- Анысын эстей албайм го, - дедим мен чымыркана. - Анын ишке кандай тиешеси бар. Жон эле убакыт коротуп атат окшойбуз.
Мен бир кулкулуу бирдеме дегенсип Алапаев корсулдап кулуп жиберди.
- Болуптур эми, Бактыяр мырза, сизден жашырбай эле койойун, фургондогу сигнализация иштебей калыптыр. Мурдагуну кундуз текшеришкенде иштеп аткан экен. Демек, аны кимдир бироо кечээ атайылап бузуп салган. Ошол ким экенин азыр аныктап табабыз. Казинонун озуно мин турлуу киши келгени менен кенсеси менен складына чоочун киши чанда гана кирет. Акыркы убакта киргендердин тизмеси такталды. Сигнализацияны жарактан чыгарган адамды тапсак эле тундогу кылмыштын бети ачылганы турат.
Кебетем бир кызык болуп кетти корунот.
- Менин колумдан келди деп турасызбы? - деп сурадым.
- Кенсеге ушул жумада беш чоочун адам баш баккан. Бироо сизсиз. Ошол бешоо куноосуз экенин далилдемейинче баарынан кумон санайбыз. Сиз кантип далилдей аласыз?
Мен былк этпей анын козуно тике карап отура бердим:
- Кантип далилдемек элем? Албетте мен Ал сигнализацияны коргон да эмесмин.
- Дароо эле мойнунузга алсаныз абдан тан калыштуу болмок. Пассат жонундо суйлошолучу, ону кандай эле?
- Боз.
- Сиз айткан Токтобеков сиздин СТОнузга жакын жерде жашайбы?
- Кайдан билейин кайда жашаганын. Ошондо биринчи жолу коргом, машинесин айдап кеткенден бери коро элекмин.
- Аны издеп тапсаныз жакшы болмок, корсотмолорунуздун чын-жалганын текшерет элек.
- Эми аны кайдан таптым, ишене бербейсинерби, силерди алдап мага эмне шам?
- Милиция эч кимге жондон жон эле ишене бербейт. Ар бир кенедей корсотмону да жадабай текшеруу биздин ишибиз. Токтобековду деле табыш оппоной. Издесек табылат. Кечке чейин иштедим дединиз, андан кийин эмне болду?
Тамагым кургап суусап чыктым, бирок суу сурасам нерв болгонум билинип калабы деп чочуладым.
- Тунку саат он экилерде чай кайнатып ичтим, анан Доорон да суусап отурса керек деп бир кружка чай куюп алып баргам.
- Чай алып бардыныз, - Алапаев чонток дептерине белгилеп койду.
- Ооба. Жолдон отуп, кенсеге баш бактым. Бирок Доорон корунбоду. Кыйкырсам жооп жок. Анан кой деп кайра гаражыма баса бердим.
- Куркого кирдинизби?
- Босогону бир бутум менен гана аттап, ичин карадым, андан ары отконум жок.
Алапаев кайрадан башын ийкеп, чонток дептерине бирдемелерди жазып атты.
- Анан эмне кылдыныз?
- Уйго кирип, кемпиримдин жанына жатып калдым.
Ал кой коздору менен мени баштан-аяк сыдыра карады да:
- Болуптур, Бактыяр Кабылович. Коп маселени тактап алдык. Тологонов кузотто турганда уктап калчумун деп озу мойнуна Алды. Сиз чай которуп барганда да адатынча уктап атса керек.
Мен женилдей туштум. Алапаев кулумсурой карады, мага ишенип калгандай туру бар. Мен кол саатымды карап:
- Майор, суроолорунуз бутсо мен бара берейин. Уйдо аялым жалгыз.
- Дагы бир-эки сурового жооп берип койсонуз. Кенсеге ошондон башка барган эмес белениз?
- Билбейм, - деп жооп бердим мен, далымдан чыпылдап тер кетти. - Мумкун, Сыргабек менен баргандырмын, бирок эстей албай атам, качан, канча жолу экенин.
- Бейшемби куну эртен менен барганыныз эсиниздеби? Аргынбаевди сурап барган экенсиз, ал жумушта жок деп айтышыптыр. Ошол чынбы?
Мен кеберсий тушкон эриндеримди жаландым:
- Ооба, баргам, ал таптакыр эсте жок.
- Ошондо Аргынбаевдин фургону кайсы деп сурагансыз, анан Доорон сизге аны корсоткон.
Капкандын оозу карс этип жабылганы калганын сездим да, дароо озумду колго алдым.
- Фургон жонундо жанатан бери суйлошподукбу?
Алапаев капыстан фургонду унутуп салып, кепти башка жакка бурду.
- Ишиниз кандай журуп жатат, Бактыяр мырза? Бул суроо мен учун кутуусуз болду.
- Акырын-акырындан эл катары журуп жатат, жакшы да эмес, жаман да эмес, кудайга шугур.
Алапаев кайрадан башын ийкеди.
- Эми кечээги тунго кайтып келсек. Тологоновго чайды кружкага куюп алып бардыныз беле?
Атайын мени адаштырмакка бир суроону турлоп берип атканын билдим, башында айткан жообумдан кайтпай:
- Ооба, кружкага, - деп кайталадым.
Алапаев энкейип, устолунун астынан бирдемени алды.
- Бул сиздин термосунузбу, Бактыяр мырза? - деп мен фургонго унутуп койгон ак гулдору бар когуш термосту алдыма койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   airada   08 Декабрь 2015 - 12:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

15-болум.
Сержант Суракматов менин гаражымдын тушуна жеткенде тормузду басты.
- Эгер керек болуп калсаныз, - деди ал коштошоордо, - дагы келем. Эки-уч кун уйунуздон алыс кетпесениз, макулбу?
- Болуптур, эч жакка кетпейм. Кардарларымдын чакыруусу менен кетсем, аялыма айтып кетем.
Суракматов мени жакшылап карап алды да:
- Ошентиниз. Жакында керек болуп калышыныз ыктымал, - деп жоноп кетти.
- Ушуну бекер кылдын, дос, - деп кубуронуп алдым мен гаражга кирип баратып. - Бир мумкунчулукту койо бердин. Эмкиде мени таппай калаар бекенсин.
Алапаевдин мени койо бергени озунчо кызык болду. Камайм десе шылтоо табылат эле да. Анын калп жылмайганына, сержант экоо отпечаток алмакка манжаларымды сыяга малып атып жалпандап кечирим сурамыш болгонуна ишенген жокмун.
- Термосту кылмышкерлер калтырып кетсе керек деп божомолдоп атабыз, манжалардан отпечаток алып текшеребиз, - дегенде бул термосту Сыргабек менден бир жума мурун сурап алган дедим. Айтканыма муюп ишенип калгандай эле болгон, корсо ошенткендей тур корсоткон тура. Мени менен мышык-чычкан ойногусу келген тура. Анысын кийин билдим: ойлонуп отуруп менден шек алдырбай ширенке сурап алганын эстедим. Айтам да бир балээси бар деп! Дал ошол ширенкеден бир чий алып, Сыргабектин машинесинен кескен зымды эки башына орободум беле. Аарчыганыма карабай машиненин ичинде колумдун тактары калышы мумкун. Эгер калса булар арыдан-бери таба койот дечи. Анда эмнеге дароо камап салышпады? Мен аркылуу кылмыштуу топтун калганына чыгалы дешсе керек. Ансайын эркиндикте журо турган саналуу гана убактым калганын сезип шаштым кетти. Олсом да, тирилсем да Талантты табышым керек. Андан кийин камалмактан олсом да арманым жок.
Ангыраган ээн кордой карангы гаражга кирип келатып, Жанылдын шашыла басып келаткан кадамдарын уктум. Жетип келип кабатырлана сурады:
- Барсынбы деги? Сен келгенче ар кайсыны ойлоно берип чачым агарып кетейин деди.
- Журу уйго кирип суйлошолучу.
Экообуз кол кармаша уйго кирдик. Креслого отура калып, оор ушкурсом, Жаныл купкуу болуп мандайымда турат.
- Иш жаман, кемпир.
Ал менин жаныма чоголой отура калып:
- Эмне дешти? Мага баарын башынан айтып берчи, - дегенде ага баарын токпой-чачпай айтып бердим. Эч нерсесин жашырбадым: Сыргабектин кантип каза болгонун, оюман чыгарылган "фольксваген пассатты" да, термосту фургонго унутуп койгонумду, жадагалса Алапаев кантип мени алдап ширенкемди сурап алганын да калтырбадым.
- Алар фургондон термосту таап алышыптыр, - дедим мен ангемемди аяктап жатып. - Аны менден Сыргабек сурап алган дегениме ишенгенсип калышты. Бирок ошону шылтоолоп колумдан отпечаток алып калышты. Жаныл шуу ушкурду:
- Аны эмнеге алышты?
- Баарынан да фургондо колумдун тактары калганбы деп турам. Сени коркуткум келбейт, бирок абалым начар. Журогум бир жамандык болоорун сезип турат. Эртен-бурсугуну келип, кармап кетишчудой эле болуп атам.
- Кантип ушундай ыплас ишке аралаштын? Эми эмне болот? Сенин... сенин ушуга барганына канча аракет кылсам да ишене албай атам. Чын эле ушунун баары биз менен болуп жатабы? Бир жаман туш коруп аткансыйм. Кудай ай, тезирээк эле ойгонуп кетсем экен!
- Бул туш эмес, Жаныл. Эми окунгондон пайда жок. Баарына мен куноолуумун, мен! Эми мындай кылыш керек...
- Токто. Бул абалдан чыгыш учун билесинби эмне кылыш керек. Милицияга барып, болгонун болгондой айтып бергенден отоору жок. Мына азыр барыш керек.
- Кеч болуп калды, адамдын омуру кыйылды. Алар мени кармаган сон куноонун баарын менин мойнума илип коюшат, ал эми жанагы Талант кармалган кундо да акча берип суудан кургак чыгып кетет. Милицияларын эмне акча албайт дейсинби? Алганда да кандай алышат. Мен ошо бойдон турмодо чирийм, а сенчи, сен эмне болосун? Талант ооз ачып кын десен аялындын бетине кислота чачып кетебиз дешкен. Ал айтканын кылбай койбойт. Андыктан милицияга бар деген созунду кой.
- Мени эмне ошо Талантындан коркуп калды дейсинби? Коркпойм этпейм. Андан коро тилди алчы, милицияга барып, баарын айтып берсен алар азыр илинчек таба албай кайсалап турганда сенин жардамынды кийин эске алышат. Баарын оздору изилдеп, тергеп, оздору таап алган сон сени да башкалар менен кошо соттоп ийиши мумкун. Билип туруп кылмышкерлерди жаап-жашырган деген кине коюшат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   airada   08 Декабрь 2015 - 13:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

- Кеч болуп калды. Дароо эле айтсам болмок. Эми барсам коркуп келди дешет.
- Созсуз барышын керек, - Жаныл менин колумду кыса кармады. - Сен барбасан озум барып, баарын айтып берем.
- Жок, Жаныл!
- Анан эмне кылганы жатасын?
- Качып кетейин деп атам.
- Кайда качасын?! Качпа! Качсан тигилер менен бир экен дешет, кайда барсан да баары бир таап алышат. Же элдикиндей пачка-пачка акчан болбосо чет олкого качып кеткидей.
- Мен азыр коздон далдоо боло турушум керек, Жаныл. Бир иш бар озум жалгыз бутуро турган.
- Иш? Эмне болгон иш?
- Талантты таппасам болбойт.
Жаныл мени акылынан айныган немени карагандай карады:
- Койсончу, болбогон кепти айтпай. Аны сен жалгыз кантип тапмак Элен? Тапкан кундо да эч нерсе кыла албайсын. Аны милиция издей берсин. Сен аралашпа, качып кетсен...
- Сен апамдыкына бара турчу. Ошол жакта болгонун дурус болот. Талант апандын уйун билбейт да. Бугундон калбай ошол жакка кет, уктунбу?!
- Жок, Бактыяр, мен сени жалгыз калтырбайм. Дагы бир балээнин ичинен чыгасын.
- Мени менен талашпай калчы. Созду кобойтпой айтканды угуп бара турсан. Жаныл бышактап ыйлай баштады:
- Суранам сенден, мени кубалабачы! Мен баары бир кетпейм. Акыл калчап иш кылалы да. Экообуз чогуу болгонубуз жакшы го.
Убакыт отуп атат, Жанылдын кетейин деген ою жок. Аялдардын бир коктугу кармаса эшектен бетер кежирленип, озунукун бербей калышат эмеспи. Башкача алдабасам болбойт, антпесе мунун коз жашы тыйылганча мени абакка тыгып салышмак болду.
- Болуптур, мен ойлонуп коройунчу, Жаныл, - мен ордумдан турдум. - Мага жарым саат убакыт бер. Озумчо отуруп баарын ойлонуштурайын.
Ал мага ишене бербей сууланышкан кирпиктерин ирмегилей карады.
- Талантты эмнеге табам деп атасын?
- Анын мындан аркы пландарын бузам. Анын устуно Сыргабектин олумуно жооп беришин каалайм. Ушунун баарын сотко чейин бутуруш керек. Сеники да туура, аны милициянын колуна салып бериш керек.
- Макул, Бакы, ойлонсон ойлонуп кор. Мен тамак жасай берейин. Аны кучактап бетинен оптум.
Кенсеге келип, устолдун тартмасынан журналды алып чыктым, анын ичиндеги акчаны санасам уч мин сомдой акча бар экен. Капчыгымды кагып, эки мин, беш жуз алтымыш алты сом элуу тыйын таптым. Актай барак алып:
" Жаныл, жаным менин!
Сага тушундуруп отурууга убакыт жок. Талантты Сыргабектин олуму учун кечире албайм, ал жузу караны жерден чукуп болсо да табам, андан оч алмайынча жаным жай алчудай эмес. Сыргабек экообузду байланыштырган сен билгенден да коп нерсе бар болчу. Ал Ооганда кан кечип жургон кезибизде мени далай жолу олумдон сактап калган. Ошол алааматтан аман-эсен келип, менин шалаакылыгымдын айынан коз жумганы учун озумду кечире албайм. Мени эртенки куну эмне болоорум жонундо сарсанаа болбо. Дене кумарына азгырылып сенин козуно чоп салдым. Кудай буйруса, бир нече жылдан кийин турмодон чыгам, бирок сен билген Бактыяр эмес, башка адам болуп калат болушум керек. Гаражды, машинелерди. баарын сат да, апандыкына кетип кал. Суранам сенден бул жерде калдын дегиче алар сени таап алышат. Кечире алсан кечир мени. Азыр коштошконубуз дурус болот. Мен сени омурум откучо суйуп журуп отом. Бул ишти созсуз жасашым керек, антпесе мындан ары кантип эркекмин деп жер устундо басып журо алам?
Код, жаным, мени кечир!
Бактыяр."
деп жаздым, катымдын акырында: " Баары буткондон кийин озум кабарлашам" деп кыстырма жасап койдум.
Баракты торт буктоп конвертке акча менен кошо салдым. Бироо ийне менен таманга сайып аткансып, бир ордумда тура албай алдастайм. Ушинтип кат калтырып, айтпай-дебей кетип калыш канчалык оор болуп турса да, башка аргам жок болчу. Милиция кирип келсе иштин буткону. Кийим-кече алсамбы деген ой кетти, бирок кочодогу милиционерлер колумдагы баштыгымды коргондо качып баратканымды дароо билип калышып, ошол жерден байлап-матап кетишпейби.
Саатты карасам кенсеге киргениме жети мунот болуптур. Кой, жонойун. Гараждын ичин сыдыра карадым, жалтылдап турган "ягуарга" минип зымыраган бойдон кетсемби, жок, мындай машине менен тез эле кармалып калам.
Гараждын эшигин ачып жибердим эле чакчая тийген кундон козум уяла тушту. Эки жакты карамыш болуп бир аз турдум. Казинонун дарбазасында турган милиционер мени байкамаксан боло ары басты, тушунуктуу - демек Алапаев андып атканынды билдирбе деп катуу буйруган экен.
Жай басып Совет кочосу тарапка бараттым. Артымды караган жокмун. Коркконум эле Жаныл катты окуй калып артымдан чуркабаса экен. Кызыл жарыкка токтой калган маршрутканы коро коюп, чуркап барып тушуп алдым. Арткы бош орундукка отуруп, артымды карадым, кууп келаткан эч ким корунбойт. Бирок бир аздан кийин милициянын машинеси окчунураакта маршрутканын артынан келатканын байкадым. Булардан оной кутула албайм го. Мени таппай калышса деле, бардык МАИ постторуна кабарлап коюшса, бат эле колго тушоорум анык. Менин тулку-боюмду, кебете-кешпиримди, алтургай кийген кийимимден бери эчак кабарлап коюшкандыр. Ооба, булар менден оною менен калышпайт. Анткен менен согушта мындан да жаман кысталыш учурларда караанымды корсотпой качып кеткенимди алар кайдан билсин. Куйругумду карматпай кетээриме козум жетип турду.
Маршруткадан тушуп, темир жол бекетинин жанындагы гезит саткан курконун капталына туруп калдым. Мен тушуп кетээрим менен машинеден бир же балким эки кызыл шапкечен чуркап тушуп, кыжылдаган элдин арасынан мени издеп калышкандыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   aiturgasha   08 Декабрь 2015 - 14:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Барынан дагы сиз аябай кызыгып окуп атас окшойт Лейлектик эжее?
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   airada   08 Декабрь 2015 - 16:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Куркодон колума тийген гезитти сатып алып, белет саткан кассага бардым. Кара-Балтага чейин билет алдым да, поездге отурдум. Платформада эл аз. Вагондун артына отуп, орун алдым. Платформада милиционерлер корунбойт, же мен корбой жаттымбы?
Гезитти ача салсам биринчи эле бетинде:
" Бугун тан эрте банкка бараткан жук ташуучу машинеге кол салуу болгон. Кара чумботчон уч кылмышкер 300000 доллар суммасындагы акча жана андан тышкары баалуу таштар чогорулуп жасалган зер буюмдарды алып, окуя болгон жерден изин сутуп кетишкен. Кылмышкерлерге каршылык корсоткон кароолчулардын бири курман болду. Бул жонундо билген-уккандар болсо, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына кабарлап коюунуздарды отунобуз." деп андан ары телефон номурлары жазылыптыр.
300000 доллар! Эмне деген акча! Таланттын сары майды андыган мышыктан бетер кун-тун дебей андыганы ушул экен да. Зер буюмдардын баасы да оной акча эместир. Эми аны жашыруун чет олкого жонотсо чириген байлар акчанын козуно карабай сатып алганга ашыгышат да. Болбогон эле буюм-тайымдарды, картиналарды чурулдашып, тоорук откоруп сатып алышканын телевизордон корсоткон. Талант эми эмне кылат болду экен? Эмгиче учакка отуруп, Европага же Америкага учуп кетти бекен? Анда эле ит жеди. Адегенде эмнеден баштасам? Таланттын артынан тушоордон мурда артыман сая тушкон милициядан кутулушум зарыл. Эми колуна тийсем Алапаев мени койо бербейт. Кармады дегиче камайт, ошону менен баары бутот. Таанылгыс болуп кебетемди, кийимимди озгортушум керек. Эсиме Асхат кылт дей тушту. Сыргабек экообузду конокко чакырганда Пишпекте батирим бар, кааласанар келгиле деп дарегин айткан. Ал азыр беркилер менен бир жерде бекинип жаткандыр. Бою да меники менен тен, бир аз олбурлуу гана болбосо кийимдери чак эле келет болуш керек. Анын батирине кирип алсам сонун болгону турат.
Поезд Пишпек станциясына жакындап жайлай баштаганда гезитти буктоп, ордумдан турдум. Мен чыга беришке жакындаганда кара коз айнек тагынган, ак койнокчон жигит козумо урунду. Жука койноктун астынан бултуйган булчундары, туптуз отурушу, ылдам коз карашы башкалардай кийингенине карабай анын милицияда иштегенин бмлдирип койду. Мени байкамаксан боло терезени тиктеп отуруп калды. Мен да байкап калганымды билдирбей эле акырын коздон кайым болоюн деп чечтим. Платформаны карасам ээн, бирин-серин кишиден башка жан корунбойт. Каап, эл аз жерден качып кетиш да кыйын. Ондой сала берди болуп, ошол маалда ары жактан шарак-шарак этип келип бышш деп дагы бир поезд токтоду. Капталында Новокузнецк- Бишкек деген жазуусу бар, ары жакта колоколоп турган эл калдайган чаар баштыктарын, чемодан, пакеттерин которо чурулдашып, поездге умтулушту. Шып туштум да, алардын шарына аралаша темир жолдон аттап отуп, жолдун ары жагындагы кабат-кабат уйлорду аралап кирип кеттим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   airada   08 Декабрь 2015 - 16:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Телефондон жазып жатам оло майда иш экен, ошого жай жазылып жатат. Кыскартып жазганга да болбой калды. Бир аз сабыр кылып куто турунуздар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   airada   08 Декабрь 2015 - 18:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Шыпылдай басып кетип баратам, улам артымдан келаткан кадамдар угулбайбы деп тыншап койом. Дагы бир аз бассам жеткени калдым. Буйруса тиги далдайган немеден кутулдум окшойт. Мени таппай делдиреп ары чуркап бери чуркап кала бергендир деп кудундай чонтогумдон тамеки алып чыгып эми жандырайын дегенде артымдан талп-талп эткен дабыштарды кулагым чалды. Жарым жартылай кылчайып арткы бурчта бышылдап чуркап келип демин басып турган коз айнекчен жигитти байкадым. Баштагы басыгымдан жазбай кийинки косого тушуп, тамеки тутото кетип бараттым. Ал да менден калбай элуу кадамдай артта келатат. Машинени откоруп, жолду кесип оттум да, аялдаманын тушундагы дуконго кирдим. Жигит дароо токтоп, витриналарды карамыш болуп улам дукондун эшигин козунун кыйыгы менен карап койот. Анын баары мага дукондун ичинен даана корунду. Бир убакта витринадагы жарым жыланач манекенди унуло карап атканда шарт чыктым да, бутум бутума тийбей чуркап жонодум. Тогуз кабат уйдун бурчуна жетип, биринчи подьездге кире качтым. Экинчи кабатка чуркап чыктым да, терезеден шыкаалай баштадым. Эки мунотко жетпей тиги байкуш калдандап чуркап келип дал мен кирген подьездге кирсе болобу. Жон эле болду болбоду ушу уйго кирди деп боолгоп келди окшойт чамасы. Лифтке тушпой тепкич менен которулгонум ырас болгон тура. Болбосо лифттин курулдогун угуп накта билип калмак экен. Тепкич менен ойдо келаткан дабыштар угулганда мусор токкон трубага жашынып калдым. Чыгып келсе тумшукка бир коюп уктатайын деп турсам, жок, кадамдар жакындабай эле алыстап барып, угулбай калды. Кайра терезеден шыкааладым. Менин бактыма терезенин сыртында чырмалышкан чырмоок гул осот экен. Мени андыган жигит сыртка чыгып, кире бериште кежигесин кашый терин аарчып турганын коруп аттым. Ал канча каркаса да ылдый жактан мени кормок эмес. Калган уч подьездге да кирип бат эле кайра чыкты.
Бир аз буйдалып турду да, короодо кумдан уй жасап ойноп аткан балдардын жанына барды. Алардан сурап ончулуктуу жооп ала албады окшойт, баары эле баштарын чайкап атышты. Ошол бойдон дуконду коздой басып, корунбой калды. Мен дагы эле сыртка чыккандан чочулап турдум. Артынан анды деп атайын жонотушкон сон ушул теребелди айланчыктап бир топко журоору бышык. Же рациясы менен жардам чакыраар, анда эле эки же уч машине болуп келишет да, бул районду тинтип киришет.
Жыйырма муноттой туруп, анан эки жагыма элендей жашырынган жайымдан чыктым. Шектуу эч ким корунбойт. Балким кара коз айнек бир буйткага жашынып алып, мени акмалап тургандыр. Ылдамдай басып, мага керектуу кочого туштум.
Тааныш кара коз айнекти дароо байкадым! Ал менден жыйырма кадамдай алдыда кетип баратты. Артына кылчайса эле мени кормок. Мен ошол замат тушумдагы уйдун номурун карадым: номер 7 деп турат. Мага кийинки уй керек. Кыбырай басып артынан келатам. Коркконумдан тим эле калтырайм. Ошентип акыры мага керектуу подьездге да жеттим. Лып эле кирип кеттим. Кушулдой учунчу кабатына которулуп, адатымча терезеге унулдум. Кирип кеткеним ырас болгон тура, элуу метрдей арыга милициянын машинеси токтоду. Кара коз айнек эдирендей ага жетип барды.
Мен эшиктердин номурларын карап, бешинчи кабатка келдим. 32-батир дал тепкичтен чыга бериште экен. Каалгасына кулагымды тыншасам тымтырс. Ылдый жактан бироо которулуп келаткансыйт. Эшиктин кармагычын силкилдеттим, анан шашкалактай бурап жиберсем ачылып кетти. Ичкери кирип, былк этпей туруп калдым. Кире бериште эки чон чемодан турат, устуно плащ арта салынган. Уйдун кожоюну уйдо го. Каап, бир да куралым жогун карачы, эч болбоду дегенде бычагым болсо эмне.
Мен сырткы эшикти акырын жаап, бутумдун учу менен баса кийинкисине жакындадым. Кайрадан кулак тошодум: дагы эле баары жымжырт. Кармагычын бурай ары турттум эле кичине кынкая ачылды. Болмо кенен жана жарык экен. Тордо кызыл диван, эки кресло, алардын устулорундо жаздыктар корунду. Терезе тушта ботолколор салынган шкаф турат. Ууга чыккан илбирстен бетер аярлай кадам таштап, болмого баш бактым. Эч ким жок экенине козум жеткенде шырп алдырбай аркы болмонун каалгасына жеттим. Уктоочу болмо болсо керек, кулагымды такап, тыншадым да, акырын ачып, баш бактым. Далдайган чон керебетте Асхат уктап жатат. Кийимин да чечпептир. Бети каралжын тартып, коздору жумулуу. Дем алган албаганы билинбейт. Жанында тапанчасы жатат, колун сунса эле жетчудой...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   airada   08 Декабрь 2015 - 22:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

16-болум.
Мен дабыш чыгарбай басып, дивандын тубуно жетип калганда Асхат козун ача коюп, тапанчага жуткунду бирок мен андан озуп ала калдым. Ал кармагычынан кармаганда мен дурмотуно чап жабыштым. Тапанчаны жулуп ала коюп, артка кетенчиктедим.
- Салам, Асхатбай. Мени сагындынбы?
Ал мени жеп жиберчудой акырая карады. Ал жаткан жердеги жаздык бозала чан болуп калыптыр. Жакшылап карасам кийим-кечеси суу, кара терге тушуп алган.
- Бактыяр, - деди ал каргылдана, - сен белен, жанагы жан алгыч менттер келип калган экен деп коркуп кетсемчи.
- Азырынча мен элемин, бирок жакында алар да келет. Туро кыдырып шимшилеп журушот.
- Келгенин жакшы болду. Бироо жарым келсе экен деп кудайдан тилеп жаттым эле. Суу берчи. Каным катып, олойун деп жатам.
- Сага эмне болгон? - деп сурадым креслого отуруп жатып.
- Омурткам сынган окшойт. Локуйгон шумшук бир койгондо онкомон сайылдым.
- Болду Эми, ызырынба. Сен айткан локуйгон шумшукту Талант чекеге атып салыптыр.
Асхат жан кейиткен ооруга чыдабай кунгуроно онтоп алды.
- Анын олуу-тируусун урганым жок. А сен эмне кылып журосун бул жерде?
- Мени милиция издеп атат. Алар мени карактоого катышкан деп шек санашууда. Шериктерин 300000 долларды чонтокко салып алып, компоюп жатышат, а мен милициядан качып журом. Кармаса эле турмого тыгышаары турган иш.
- Анте алышпайт, - деп шыбырады Асхат. - Мени да камаганга акылары жок, анткени тиги жигитти мен олтургон эмесмин.
- Шериктерин сени сызга отургузуп кетишкен го, ыя, Асхат?
- Мени жайыма койчу. Андан коро ичкенге бирдеме алып келчи, догдур чакырчы. Эмне элейесин? Ооба, догдур чакыр. Мен бу жерде жата берип олуп калмай болдум. - Анын уну аран чыкты. - Эки бутумдун бары-жогу билинбейт, эч нерсе сезбей жатам.
- А Сыргабек силердин айынардан эми таптакыр эчтеке сезбей турган болду.
- Эмне деп атасын? Мага суу берчи, бай болгур. Ашканага барып, бир стаканга суу алып келсен бир жерин кемип калабы?
- Керекпи озун барып ич, эмне кыймылдай албай калдынбы?
Асхат жооп ордуна аянычтуу онтоду:
- А мен сага жанатан бери эмне деп какшап атам? Кыр аркама доо кетсе керек, эки бутум жансыз! Кекейбей догдур чакырчы, суранам, адамсынбы же эмнесин?
- Досторун догдур чакырганга да жараган жокпу?
- Жаныбек чакырам деп аткан. Таппай койгон го... ошентсе да... догдур чакырып койчу...
- Таппай калып эле эмне болуптур, Бишкекте догдурлар кырылып калыптырбы? Жомок айтасын да!
- Эмне дегени турасын?
- Алар сени олсо олуп калсын деп таштап кетишкен тура.
- Жок, андай эмес. Жок! - деп бышактады Ал. - Антишмек эмес, алар сендей ташбоор эмес. Балким менттерге кабылып, качып кетишке аргасыз болушкандыр. Эми сен барсын го. Тез жардам чакырчы. Тигине телефон.
- Турмого тушуп калаарына да кайылсынбы?
- Былжырабачы. Фургон тоногон деп чекеме жазып коюптурбу? Талдан же чатырдан куладым деп койом. Эне-енди, чаласынбы же жокпу?!
- Талант кайда?
Асхат эриндерин аран кыбыратты:
- Аны итим билеби. Суранам сенден, мындан ары Бактыяр байке деп журойун догдур чакырчы? Мен чонтогумдон тамеки алып чыгып, куйгуздум, тиги болсо ыйлактап атат:
- Ай кудай ай! Кыйналып атканымды корбой турасынбы? Ооз чайкап алганга бирдеме берчи! Тиги барда жарым ботолко арак бар эле, ошону ичсем эле онолгону турам. Алып келип берчи!
- Талант кайда?
Асхаттын коздору капканга тушкон жырткычтыкынан бетер жылтырайт.
- Бактыяр, азыр догдур чакырбасан коргулукту корсотом сага. Айжамал экоондун апакай денелеринер тартылган сурот менде да бар... ошону аялына...
Энкейип Асхатты тумшукка бир соктум. Башы жаздыкка шалак эте кулап тушту. Ал бакырып ийди да, коздору антарыла эси ооп жатып калды. Билегин кармасам кан тамыры алсыз согуп атат. Чын эле абалы оор окшойт. Таланттын кайда экенин билип алганча узулуп кетпесе экен. Билбесе канттим.
Барга келип, стаканга арактан куйдум да, терезеден ылдый жакты карадым. Милициянын машинеси кетип калыптыр, кочодо эч ким корунбойт.
Кайта уктоочу болмого кирип, Асхаттын жагын карыштыра кармай аракты оозуна куюп жибердим. Ал дароо жандана тушуп, тунарган коздорун ачты.
- Ич! Ич, какшанып аттын эле, жут!
Ал баарын аптыга жутуп, коздорун жуумп жатып калды. Узул-кесил оор дем алат. Ага азырынча тийбей койо турайын дедим да, тордогу шифонерге бардым. Ичинде илинип турган курмолордун арасынан агыш шым костюм тандап алдым. Курмосу бир аз чонураак келет экен, бирок эч нерсе эмес. Анча-мынча чон болсо эмне болмок эле. Анан ак койноктун устунон буларды кийдим да, кузгуго карандым. Эми коркпой эле койсом болот, бир коргон киши дароо тааныбайт. Кычырай кийинип, кенседе иштеген кызматкерге окшоп калдым. Алапаев озу алдымдан чыкса да эми таанып корсун. Тартмаларды тинтип атып, кара коз айнек таап алдым. Аны да тагынып, чий калпакты тобомо кондуруп, озумду суктана карадым. Адамдын корку чупурок деген ушу да, кычырап кийинип алсам эле, карала май болуп машине ондоп иштейт деп мени ким айтат.
- Талант кайда? - деп суроомду кайталадым. Асхат коздорун жумган бойдон:
- Аман калам десен айт, болбосо догдур эмес бок да жок сага.
- Билбесем эмнени айтам.
- Кантип эле билбей каласын? Кай жерден жолугабыз деп макулдаштынар эле?
Асхаттын коздору жандана тушту:
- Ушу жерден.
- Жанынды жебе. Биерге Талант олуп баратса да келмек эмес. Жакадан тырыштыра кармадым: - Анын кайда экенин баары бир айтасын. Же азыр керебеттен конторуп жиберем.
- Жок, жок! Анте корбо суранам! - деп жалдырап жиберди.
- Талант кайда деп атам?
Асхат менин жениме ач кенедей жабышты, тырмактарын териме матыра ченгээлимден бошонууга далбастады. Бир аз кыйшайта бир капталына оодарымыш эттим... Коздору чанагынан чыгып кетчудой чакчайып, союп аткан чочкочо чынырды.
- Токто-от!. . Жан соога... мен баарын айтам... деп бакырганда колумду бошоттум:
- Кана, Талант кайда жашынып жатат?
- Токмок жакта бир сарайда.
- Токмокко жетпей онго бурулгандабы?
- Ооба.
- Айт, андан аркысын да айт, Асхат! Кордун го, алар сени эмне болсо Ошо болсун деп таштап кетишти. Оздору болсо чет олкого качып кетишет. Кайрылып келет экен деп ойлобо. Эми аларга керегин жок. Арабасы суудан откондон кийин артык баш болуп калдын да. Кайда кетебиз деп жатышты эле?
Асхат андан ары каршылык корсотпой калды:
- Карангы кирээри менен вертолет келет. Сарайдын артында ээн талаа бар. Алар Парижге учуп кетебиз деп атышкан.
- Айжамал экообуздун суротторубуз кайда?
- Догдур чакыр... - деп Асхат аран эле онтой шыбырады. Мен аны кайра жакадан алып силкилдете:
- Кайда деп атам? - деп бакырдым.
- Тийбе мага, шумшук! Тиги болмодо, столдун тартмасында. Кандай жан кечтисин, тез жардам чакыр деп атам!
- Жинди болбочу, мени милиция издеп атканын унутуп калдынбы? Тез жардам чакырып келесоо белем. Куто тур, кетип баратып чалып койом.
Ал айткан столдун тартмаларын конторуп атып, суротторду, пленкасы менен таап алдым. Карагым да келбей тутамдап алып барып, ашканадан темир табакка салып орт коюп жибердим. Алар бырышып-тырышып орттонгон сайын бир абдан кир, ыплас нерседен арылгансып, женилдеп бараттым. Ушу алоолонгон орт баарын жууп кетсинчи, жан дуйном тазарып, экинчи мындай арам ишке барбай журойунчу. Канчалаган адамдар бир жолу жаза басып, омур бою жууса кеткис уятка калышкан. Болгону ушу болду бекен, калса дагы келээрмин. Аялыма баарын ачык айтканым менен бул кир суротторду колуна кармашын же корушун каалабайм. Жерде чачылып жаткан майда-бараттын арасынан эки жуз сомго жакын тыйын-тыпыр таптым. Аны да ойлонбостон чонтогумо шыкадым. Андан тышкары биркасында гараж 64 деген жазуусу бар ачкыч менен машиненин ачкычын таптым. Ашкананын терезесинен катар-катар тизилген гараждар корунду. Уктоочу болмого келип, шылкыйып жаткан Асхаттан:
- Машинен гараждабы? - деп сурадым.
- Мени калтырбайсын да ээ? - Асхат энтиге сурады. - Мага жардам бересинби?
- Машинан гараждабы дейм?
- Ооба. Кетип баратып созсуз догдур чакырасын ээ? Мени таштап кетпе, суранам!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Urmat-1989   08 Декабрь 2015 - 22:39

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 421
  • Катталган: 10 Июль 13
  • Соңку аракети: 30 Дек 2020 00:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол

анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   airada   08 Декабрь 2015 - 23:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

17-болум.
Каамарабай машинени жай айдап Толстой кочосу менен бараттым. Кочонун этегинде милициянын ак машинеси туруптур. Баягы менин артымдан акмалаган кара коз айнекчен жигит ошол жерде турат. Милиционерди шынаарлап, бирдеме деп бежиреп атат. Менин машинем алардын тушунан отуп баратканда экоо тен акыйып карап калышты. Чий калпакты козумо тушуро кийип алгам, шек алдырбай рулду бурап баратам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   mega777   09 Декабрь 2015 - 00:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Теманы жөнү жок флудга толтурбагыла! Силерден башкалар да окугудай болсун.

medina.,окурмандар жөнүндө маалымат калтыруунун зарылчылыгы жок темага.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   airada   09 Декабрь 2015 - 01:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Айткандай эле жол боюнда чакан кафе бар экен. Токтоорум менен сары жоолук салынган улгайган аял чыкты сыртка:
- Кел, айланайын, колго баратасынбы? Тамак ичип Ал.
- Амансызбы, Эже? Ушу жерге машинемди кое турсам болобу? Мобу жакка бир аз сейилдеп келейин дедим эле. Ал жылмая мени карап:
- Ал жактын эмнесине сейилдейсин? Же токою, же бак-шагы болбосо. Бут эле эгин талаа, дунгандар коон-дарбыз айдашат.
- Бишкектен чыкпаган мен байкушка талаа деле боло берет, Эже, - мен кууш жолду жансай. - Бу жол кайда барат? - деп сурадым.
- Бир ээн сарай бар, мурда ошого трактор-практор отуп калчу, азыр арабадан башка эчтеке каттабайт.
- Рахмат, - мен чонтогумдон жыйырма сом алып чыктым. - Машинеге коз сала турунуз, ээ? - деп аялга сундум.
- Коз салбай анан. Сейилин буткондо кирип тамак ич, суу-пуу албайт Белен?
Мен жок дегендей башымды чайкадым да, жолго туштум. Бурулуштан бир топ узап кеткенде койнумдагы тапанчаны алып, текшерип кордум. Он алты заряддуу, 33-калибрдеги тапанча экен. Предохранителин алып, шымымдын куруна кыстардым. Жарым сааттай жоо баскан сон эски узатасынан салынган сарайга келдим, жанында жепирейген уй турат. Уй сокмо дубал менен курчата королонуптур. Ага тырмышып чыгып, короого коз салдым. Уч же торт болмолуу болсо керек, сол жагындагы бак да коптон бери каралбай чоп-чар басып турат. Жашынганга ынгайлуу жер экен.
Дубалдан ашып тулуп, уйго жылып жонодум. Шырп эткен дабыш чыкса токтой калып, айланама коз жугуртом. Акыры жарым-жартылай сыры кеткен кок эшиги да корунду. Согушка барганымдын пайдасы дагы тийип, жормологон бойдон тапчанга жеттим. Анын астына сойлоп кирип, полго урулган тактайлардын жылчыктарынан шыкааламак болдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   airada   09 Декабрь 2015 - 02:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Ошо жерде чалкаман тушо жарым саатка жакын жаттым, кыбыр эткен жан корунбойт. Асхат имени алдап койгон тура деген ой кетти. Балким Талант пландарын кескин озгортуп, башка жакка кетип калгандыр. Сарайдын артында чын эле вертолёт кого турган ээн талаа бар экен. А балким ал учуп келип, Таланттар эбак ошону менен кетип калышкандыр? Жок, кундуз андай болушу мумкун эмес. Милиция издеп атканын билип туруп, чакалайын чак тушундо килтейген вертолёт чакырып жинди болушуптурбу. Уйго жакыныраак барып, терезелеринен андысам болмок экен. Мен жаны тапчандын астынан чыгайын деп камынып калганда эшик кы-ыйч этип ачыла Жаныбек чыкты.
Журогум туйлап-туйлап кетти. Жаныбек курон спорттук курмо кийип алыптыр. Он ийининде автоматы саландайт.Ал ынгырана басып барып, дарбазаны ачып, сыртка баш бакты. Анан кол саатын карап, кежигеси кашый кайра жол жакка унулду. Кимдир бироону кутуп аткандай. Кимди кутуп атты экен? Анан кайра уйго келатканда Юра чыгып калды. Анын да жайкы койногунун колтугунда мултуюп тапанчасы байкалат.
- Корунбойбу? - деп сурады, кунго уялган козун жулжуйто.
- Жок. Алардын тияктан эмне болгонун ит билеби, - Жаныбек бушайман боло чыйт тукурду. Теребел жымжырт болгондуктан, алардын ар бир созу мага даана угулуп турду.
- Кармалып калышты дейсинби? - Юра урпойо суроолу карады.
- Мен кайдан билейин? - Жаныбек аны кагып койду. - Бир саат мурун эле келишмек, кыйынсынып атышып кайда журушот десен?
- Тамак иче бербейлиби, муздап калмай болду, - деп экоо уйго кирип кетишти.Мен тапчандын астынан сойлоп чыгып, ордумдан турдум. Демек уйдо бул эки эргулдан башка киши жок, Талант менен Асхатты кутуп атышкан экен. Тизеден бурала оскон чоптун арасы менен жормолоп тамдын тубуно жеттим. Арт жагында бир терезе ачык экен. Эшик тараптан байкалбай отуп, ошол терезеге жетишим керек. Энкейип отуп баратып, тамак жеп отурган Жаныбек менен Юраны кордум. Болмонун ичинде эчтеке жок, пол боппоз чан, дубалдарда желе саландайт. Тамактан ашыга сугунган немелер мени байкабай калганына ичимден кудундай тамдын артына отуп, ачык терезеден ашып ичкери кирдим. Ээн болмонун каалгасын кыйчылдап кетпесе экен деп акырын ачтым. Ортодо узун коридор бар экен. Каалганын артында тиги экоонун ундору чала-була угулганы менен эмне деп суйлошуп атканы белгисиз. Чатырга кетчу тепкичти байкап калып, ошол жакка чыгып алганым он го деген ойдо бутумдун учу менен которулуп бараттым. Ортосуна жеткенде бир тепкичи кырч эте тушту эле заара кылып аткан иттен бетер бир бутумду которуп катып калдым. Эки тепкичти бир аттай шыпка жетип калганда томон жактан эшик шарт ачылды.
- Бирдеме уктунбу? - деп Юранын калтыраган уну угулду. - Уйдо дагы бироо жургондой сезилип атат мага...
- Калчылдаба эми, штанына сийип аласын. Бок журок десе. Килейген келемиштер жойлоп журот Эмеле бироону коргом.
- Ооба сага, озун келемишсин!
- Жаагынды бас! Ишенбесен карап келбейсинби.
- Улам эле Асхатты ойлоп кетем.
- Эмне ошонун арбагы келди дейсинби? Ойду-тоону келжиребей жон отурчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Urmat-1989   09 Декабрь 2015 - 02:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 421
  • Катталган: 10 Июль 13
  • Соңку аракети: 30 Дек 2020 00:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол

анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   airada   09 Декабрь 2015 - 06:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

- Жаныбек, аны таштабай эле койсок болмок. Жалдырап жалгыздыкта азап тартып олгон жаман да.
- Мен сени кой дедимби? Жаны чыкканча жанында отурбайт Белен. Баарыбыздан мурда атып чыгып артынды карабай качтын го.
- Биякка ала келсек болмок.
- Анын омурткасы сынган, кантип алып келет элек. Ошо жерден атып салалы десе, бышактап болбой койдун. Омурткасы сынгандан кийин иштин буткону, ошон учун жаман коргон адамын омурткан сынгыр деп каргашат. Талант болсо ит аткандай атып таштамак, а сен тим эле боорукер болуп, энненди. Эми отура бер, калчылдап. Таланттан калып калбаганда азыр чогуу болмокпуз.
- Талант келбесе кандай кылабыз?
- Баары бир учуп кетебиз. келсе да, келбесе да. Антпесе эртен эле кармап кетишет.
- А Боха бизди алабы? Талантты сураса эмне дейбиз?
- Аны мага кой, - туноро жооп берди Жаныбек. - Албай эле корсунчу.
- Эмне эле зиркилдеп калгансын?
- Болду, жаагынды бас. Жур, бирден бастырып алалы. Эшик тарс жабылып, кайрадан ундор угулаар-угулмаксан болуп калды. Менин тушунугумо караганда булар кечки ондо вертолёт менен учуп кеткени жатышат. Бир жерде кармалып калган Талантты чыдамсыздык менен кутушуудо. Анын бети-башынын баары боек болсо бул жакка кантип келет? Жолдо МАИ деген толтура. Ал Бишкекте эле бир жерде жашынып жатса керек. Мен чатырга чыгып, шыйпырдын жылчыктарынын кирген жарыктан ал жерде эски-уску эмеректер бар экенин байкадым. Бир чон шкафты таап, бирдеме болсо ичине жашына калайын деп эшигин ачып койдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   airada   09 Декабрь 2015 - 07:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

- Жаныбек, аны таштабай эле койсок болмок. Жалдырап жалгыздыкта азап тартып олгон жаман да.
- Мен сени кой дедимби? Жаны чыкканча жанында отурбайт Белен. Баарыбыздан мурда атып чыгып артынды карабай качтын го.
- Биякка ала келсек болмок.
- Анын омурткасы сынган, кантип алып келет элек. Ошо жерден атып салалы десе, бышактап болбой койдун. Омурткасы сынгандан кийин иштин буткону, ошон учун жаман коргон адамын омурткан сынгыр деп каргашат. Талант болсо ит аткандай атып таштамак, а сен тим эле боорукер болуп, энненди. Эми отура бер, калчылдап. Таланттан калып калбаганда азыр чогуу болмокпуз.
- Талант келбесе кандай кылабыз?
- Баары бир учуп кетебиз. келсе да, келбесе да. Антпесе эртен эле кармап кетишет.
- А Боха бизди алабы? Талантты сураса эмне дейбиз?
- Аны мага кой, - туноро жооп берди Жаныбек. - Албай эле корсунчу.
- Эмне эле зиркилдеп калгансын?
- Болду, жаагынды бас. Жур, бирден бастырып алалы. Эшик тарс жабылып, кайрадан ундор угулаар-угулмаксан болуп калды. Менин тушунугумо караганда булар кечки ондо вертолёт менен учуп кеткени жатышат. Бир жерде кармалып калган Талантты чыдамсыздык менен кутушуудо. Анын бети-башынын баары боек болсо бул жакка кантип келет? Жолдо МАИ деген толтура. Ал Бишкекте эле бир жерде жашынып жатса керек. Мен чатырга чыгып, шыйпырдын жылчыктарынын кирген жарыктан ал жерде эски-уску эмеректер бар экенин байкадым. Бир чон шкафты таап, бирдеме болсо ичине жашына калайын деп эшигин ачып койдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   airada   09 Декабрь 2015 - 10:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Терезеден карасам Жаныбек менен Юра дарбаза жакка баратышыптыр. Козумо аркы бурчта жаткан чемодан чалдыкты. Анын жанындагы дагы бир чемоданда акча бар экен. Кулпулары оной эле ачылды. Ичинен чупурокко оролгон бирдеме корунгонунон ачсам жылт-жулт этип моюнга тагынган чынжыр, сойко-шакектер жана да билериктер жатат. Каптарда акча бар экенин ачпай эле билдим. Чемоданды жаап, эмне кылсам деп ойлонуп турсам сырткы эшик кыйч этип ачылды, дароо дымып тыншап калдым.
- Трассага чыгып гезит алып келиш керек болуп атат, - деп корулдады Жаныбек. - Шаарда эмне болуп атканын укпасак, ушинтип отура беребизби?
- Анда сен барып кел, - деп чыйылдады Юра. - Вертолёт келмейинче мен бул жерден карыш жылбайм.
- Мумкун Талант жонундо жазышкандыр? - кайрадан Жаныбектин жоон уну угулду.
- Оозуна таш, гезитке озун бар. Мени алдайм деп ойлобо. Акча-пакчанын баарын таштап коюп кетип калгыдай келесоо эмесмин.
- Жинди го мобу! Мен кайда бармак элем?!
- Мага баары бир, мага десен олтурун сал, бирок сени жалгыз калтырып кетпейм.
- Былжырабай оозунду жапчы.
- Сен эмне кылсан ошо кыл, а мен акчаларды карап келейин. Сен айткан келемиштер кемирип салышпасын.
Мен дароо шкафка жашынып калдым. Коп отпой тепкичти кырчылдата басып келаткан дабыштар угулду. Шкафтын эшигин тартып жаап, курума кыстарылган тапанчаны колума алдым.
- А Талант экообузду ушу жерге таштап салган болсочу? Асыл таштардын кобу, акчалар ошондо да. Боха менен башка жерден жолугуп, учуп кеткен болсо эмне кылабыз? - деп тебиреди Юра.
- Ага кантип жолукмак эле, акмак? Коп келжиребе дедим го! - эшикти шарак эткизе ачып кирип келишти.
- Эмне карайсын? - деп сурады Жаныбек.
- Жон эле текшерип койбойлубу, акчалар аман-эсен бекен, - деген Юра шыпылдай терезеге барды.
- Жур, эй, кеттик. Ох, уп экен, думугуп кеттим. Бакка барып отуралы.
- Жур, - Юра жаш балача анын айтканына макул болду.
Шкафтын ичин карап ийишпесе экен деп менде жан жок, бирок кудай жалгап экоо ылдый тулуп кетишти.
Терезеден карасам кайрандар талдын тубундо колокодо отурушат. Пиводон дембе-дем ууртап, кочо жакты улам-улам карап умсунуп коюшат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   airada   09 Декабрь 2015 - 10:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Бир аз ойлондум да, ишке кириштим. Уйдун арт жагындагы терезеден карасам ылдый жагында шыйпыр жапыз жабылыптыр. Терезени ачып, шыйпырга бутумду койдум. Тамдын артына эч ким барбагандыктан, чобу узун жана кою экен. Анын устуно чемодандарды ыргытсам тиги экоо укпайт болуш керек.
Кайра болмого кирип, чемоданды сыртка ыргыттым. Андан сон озум чыгып терезени жаптым. Шыйпырдан чопко секирип туштум да, жерде жаткан чемодандарды алдым. Тигилер угуп калган жокпу деп уурдана басып барып, бурчтан андып карасам колоколоп отурушат. Кайра артка келип, бет аарчым менен теримди аарчый чемодандарды бадалдын арасына каттым. Аны бул чоп жыш оскон жерден капыстан чалынып эле таап алышпаса эч ким корбойт. Мен кайрадан уйду айланып жойлоп жонодум, Жаныбек менен Юрага байкоо салып турбасам болбойт.
Юра кок чопко жатып алыптыр, бетине гезит жабылуу. Уктап калса керек. Жаныбек болсо дарбазаны карап, чылым чегип отурат.
Экоо ээрчише чатырга чыгып, чемодандарды таппай кайсалап калышканын элестете жылмайып алдым. Мен чоптун арасына жатып алып, экоону андып аттым. Кун ысык, тамагып кургап суусап чыктым, атандын кору пиво болгондо эмне деп колокодо турган ботолколорду карап, шилекейимди кылк жуттум.
Эки сааттан ашык жаттым. Кун ысыгандан ысып баратат, акактап суусаганымды айтпа.
Саат тортторго жакын машиненин дурулдогон уну угулду. Жаныбек да укту бейм, уктап аткан Юраны капталга турткулоп ойготту. Алар тапанчаларын кармалашып, косо тарапка элейе карашты. Мен да мойнумду созо ким келатканын коруп калууга ашыктым.
Машине жакын келип, уч ирет сигнал басты. Жаныбек менен Юра жанталаша дарбазага чуркашты. Мен да чуркап барып, бир ботолко пивону жерден илип алып, даракка жашынып калдым. Ал жерден мага баары алаканга салгандай корунот экен. Жаныбек дарбазаны ачты эле короого "Ауди"кирди. Рулда Айжамал отурат, бирок жанында эч ким жок.
- Талант кана? - Юра алая сурады. Жаныбек да Айжамалды жалдырап суроолуу тиктейт.
Айжамал машиненин эшигин ачып, жерге тушту. Ошол маалда ачык эшиктен машиненин полунда килемге оролуп жаткан кишинин ийиндерин, башын байкап калдым. Ал Талант эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   zina29   09 Декабрь 2015 - 11:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 306
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Май 2019 08:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Кызыктуу жеринен токтотуп койдунузбу? Кутуп атам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 03:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: