Форумчулар бул мага тиешелуу окуя эмес.
Мен эс тарткандан бери ата энемди корбогом. Алар кандай адамдар экени мага кызык болчу. Мени 2 жашымда авам менен женеме таштап, кор тиргилик деп орусияга кетишкен экен. 6 жылдан сон келишти. Анда мен 8 ге чыгып калгам. Авам менен женем оз кызындай коруп, бапестеп багышты. Бирок барыбир ата эненин орду башка экен. Ата апа деген созду айткым келчу. Мына ошентип мен 2-класста окуп жатканда ата энем келди. Ал куну менден откон бактылуу кыз жок эле. Элде жок кукла) койнок, чачка тага турган заколкаларды алып келиптир. Ал мезгилде андай нерселер жокко эсе болчу. Бар эле бирок самапалыраак болчу. Бирок канча буюм тайын алып келип берседа , мен аларга эркелеп, ата апа деп боор берген жокмун. Озубуздун уйго кочуп кеткен элек. Алгач козумду карап, карегим менен тен айланып журушту. Бир нече жылдан сон, тилдеп кээде сабачу болду. Андай кундордо женемкине качып кетчуумун. Барып женемди : эрке кылып чонойтупсунар!
- деп урушуп мени алып кетчу. Кээде ойлончуумун огой окшоймун деп. Андай дейин десем ата энеме аябай эле окшошмун. Эч кимден уруш укпаган жаным , тултуюп эч кимге суйлобой кок беттик адат таап алдым. Озгочо апамдын жини бат келчу, анан эле колу иштеп кетип бир жериме " шапак" этирип бир салчу. Атам башта кичине болушуп журду. Кийинчерээк "кок беттерди"
жаман кором деп ал да урушчу болду. Агам бар эле. Аны жалкоосун деп урушчу. Кудайдан тиленет элем кайра орусияга кетип калышса экен деп.
- (2 )
-
- 1
- 2
Табышмактуу жашоом
#2 10 December 2015 - 14:53
Элдер айтат эле " атан апан келип суйунуп калдынбы?"
деп. Сыртымдан ооба дегеним менен ичимден аларды эстесем ичиркенип кетчуумун. Канча урушуп тилдесе да бирок эмне десек ошону алып берчу. Элдин алдында журчуубуз. Апамдар бир жака кеткенде , уйлорду тапптаза кылып жыйнап, тамак даярдабасам кирип кирбей жатып тилдечу. Ошон учун бир жака кеткенде, келгиче коркчуумун эмнени туура эмес жасап койдумкен деп. Чоноюп, ак караны ылгап калганда, апама мындай дедим: силер бизге ата эне боло албадынар, мээрим бербединер,
барын акча менен эсептешип, кийиндирип-
ичирсек болду дединер. Жоок бизге жылуу созунор керек болчу- деп ыйладым. Апам келип жаактан ары бир чапты: эне болбой сага не кылдым. Айтканынды кийесин, жейсин сага дагы не керек? Ошону биз кыйналып таап журдукго ботон жерде, балээни тушуносунорбу силер?!- деп суйлонду. Унчукпадым.
Ошондон кийин апама каяша айтмак турсун, кату суйлобочумун.
Апам менен сырдашпайт да элем. Коп сырларымды женем менен болушчумун.
Жакын курбум бар эле. Алар апасы экоо курбулардай сырдаш, ынак болчу. Ичим куйот эле аларды коруп. Менде такыр мээрим жок болчу ата энеге деген. Эне уйдун куту, эненин ою балада деген макалдарды окуп алып, неге ушул макалдардай эмес менин апам дечумун.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#3 10 December 2015 - 14:56
Эсимде бир жолу жаны жыл майрамы болуп калды эле. Классташ балам кечке маал келип , жолдо суйлошуп туруп калдык. Аны аяш энем коргон болчу. Биз ото жакын деле турган эмеспиз. Ошондон коп отпой ата энемдер олтурушубуз бар деп бир аяш энемкине кетишти. Агам да кочого чыгып кетти. Мени женемкине таштап коюшту. Анда 10- класста окуучумун. Женемдин уйундо синдиси мен болуп отурсак, атам келип эле чачымдан тартып суйроп, наркы болмого алып кирип кетти. Ай-айлап, чаачым, ооруп атат десемда болбой жулкуп барып , жаагыма "тарс" эттире бир чапты. Артымдан женем чуркап келип: эсинизге келин аке, бул не кылганыныз?
- деп ыйлап менин чачымды жыйнап , оордумдан тургузганга жардам берип жатканда, атам дагы келип муштап жиберди. Сулайып эле жатып калдым. Атам: канчык ,#####, сен кыз эмессин- деп согунуп кетти. Женем дароо ордунан туруп: уялбайспы ошентип оз кызынызды айткандан, бул менин да кызым, болгондо да акылдуу кызым-деп атамы жулкуп жиберди. Атам : кач! Сени нары тур- деди да, мени карап: мен сени олтуром!- деп чыгып кетти. Козумду аран ачтым. Жанымда кошуналар, кичине кезимде чогуу ойногон кыздар турат. Уялганымдан жерге кирип кете жаздадым. Женем дароо которуп, бети колуму жууп, диванга жаткырды да кошуналарды чыгарып салды. Кичине уктап ал. Бугун ушу жерде каласын, коркпо деп чыгып кетти.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#6 10 December 2015 - 15:25
Жатып алып болушунча ыйладым. Атамдын карышкырга окшоп , мага атырылып келатканын,
керексиз буюмдай чачыман тартып суйрогонун,
айткан создорун эстеп аябай ыйладым. Ушундан коро жетим болгонум жакшы эле. Ата эненин мага кереги жок экен. Качан мени бир тыншап, кызым деп суйлогонун кордум. Деги эмнеге андай мамиле жасашат? Огоймунбу? Бул чечилбес сыр го. Атам мени олтуром деген. Демек эртен уйго барсам дагы урат. Эмнеге урду? Канч*к, кыз эмессин дедиби? Эмнеге? Ушу убака чейин бир жигит менен суйлошпосом.
.. Оо кудай кандай гана табышмактуу жашоодо жашап жатам деп ыйлап жата бердим. Жууркандан башымды чыгарып карасам, кузгу бар экен. Туруп барып озумду коруп, желмогузду коргондой коркуп кеттим. Бакыракай козум ого бетер бакыракай болуп шишип, узуун кирпиктерим жашка суу болуп , алсыз болуп калыптыр. Бетим болсо кок ала. Бул кебетемди коруп дагы жатып алып ыйладым.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#7 10 December 2015 - 15:28
Кызык апам неге келбеди? Эмнеге келмек эле, оз кызындай корбосо деп ар кайсыны суйлоп жатып уктап кетипмин. Туну коркунучтуу туштон улам чынырып ордумдан чоочуп турдум. Жанымда женем жатыптыр. Дароо мени кучактап , коркпо мен жанындамын дегенде женеми кучактап алып дагы ыйладым. Ошентип эртеси жакшына болуп апам келип , сылык суйлоп мени алып кетти. Чынында оз уйумо баргым келбеди, корктум. Апам : кочодо балдар менен туруп балеени башына уйдун, озуно тиешелуу келтекти жедин- деди. Кайсы балдар?- деп сурайын деп ундободум. Дагы бир чаппасын деп. Уйго барсас атам тордо кардуу жузу менен отуруптур. Мени туурале ажаатканага кетип калдым. Копко отурдум. Азыр кирсем дагы урсачы деп. Кадимкидей калтырайм. Бир маалда Муроок, э Муроок олуп калдынбы ажаатканада деген созун укканда атып чыктым.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#8 10 December 2015 - 16:42
Атам жанына чакрып алып, сыгалгыны караган боюнча суроо берип жатты: откондо кочодо ким менен турдун? Айбек менен, классташым.
Мм канча саат турдун? 10 муноттой эле. колундан кармап, каяка тартты? Тушунбодум ата? Мага суроо бербей, жооп бер кан**к! эч жака тарткан жок, колумдан да кармаган эмес, кааласаныз Гулзат эжеден суран, суйлошуп турганда алда бар болчу дедим козум жылтырай. Бар кирип жат! - деп кыйкырды. Корсо Айбек менен турганымды аяш энем атама жеткирип барыптыр. Кызын ойсолондоп,
балдар менен кочодо турат. Алар да жон турса мейли эле. Тиги Алмандын жаман, буто элек уйун коздой суйрошту - деп кошумчасын кошуп, келиштирип айтып бериптир. Аябай жиним келди. Барып урушуп келем дедим. Бирок ата энемден дагы корктум. Мектепте жакшы окуучумун. 11- классты аяктап жатканда мен окуйм десем, атам кааласан окуй бер. Бирок мен бир тыйын бербейм. Оз кучун менен отосун, болбосо айылда кетмен чабасын деди. Мына сага деп мектептен эн жогорку баллды мен алыпмын. Суйунуп келип апама айтсам: жеп буто турган болдун, кантип окутабыз сени- деп жини келди. Агам болсо орусия кеткен эле. Ошентип, окуу жайга озум барып, озум документ даярдап, озум тапшырдым. Копчулук абутуриенттер ата энеси менен келишиптир.
А мен соксоюп озум жалгыз. Эптеп окууга тапшырып, ата энемден алыс журсом деген тилегим эле. Бул тилегим да орундалып, шаарда жатаканада жашап журдум. Эч ким менен суйлошпой, достошпой журдум. Анткени тунт болуп, биро кату суйлосоле коркуп кетчуумун. Бул корунушум адамдарды тан калтырчу. Ошого эч кимге коргозбоюн деп жалгыз журчуумун.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#9 10 December 2015 - 16:44
Унивенден чыгып баратсам, артымдан бироо келип желкемен тарттыле, чынырып бетими жаап жерге отура калдым. Коркутайын деген оюм жок эле, кечиресин- деди. Мен дагы эле ордуман турбай отура бердим. Ал дагы : чон кыз жакшы элесизби? Мына паспортунуз тушуп калды мен ошону берейин деп эле токтотком - деди. Анан ордуман секин турдум да, рахмат деп басып кеттим. Ошол кундон кийин ал баланы универден коп корчу болдум. Корсо бизде окуйт экен. Коргон жерде учураша турган адат таап алды. Бир куну жатаканадан мусор токкону чыксам ары жакта отуруптур. Мени коруп дароо жетип келди. Жур суйлошуп отуралы да деди. Макул болуп бир скамейкада отурдук. Эмне мынча бул сулуу коздордун ичинде муундуу бир нерсе бар? Билсем болобу? - деди. Акыркы жолу женем менен кенири суйлошкон экем. Эмнегедир ушул жигитке , сырымды дасторкон кылып жайгым келди . Ата энемдин мамилесин, тилдегенин барын айтып берсем тан кала ишенбей мени карап калды
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#11 10 December 2015 - 16:47
Ошол кундон тарта ал менен жакын болуп кеттим. Ал мени тушунот эле, угат эле, эркелетип жылуу соз айтат эле. Женемдин ордун басып , жолок болуп журчу. Бир кун айылга келсем, апам : сага жуучу келди, биз ыраазы болуп койдук-деди.
Эмнеге? Мен окуп атамго?- десем ал созуну атана айт, коп башымды оорутпай- деди. Атамдан коркуп калгам, батынып сурай албадым. Ошол боюнча окуума да жонотпой койду. Тойдон кийин куйоон, кайненен болуп барып, кичине тыйын берип алдынан отуп коесунар деп. Сим картамды да сындырып, жаны симкарта алперишти. Бир окунгон жерим Алмаздын номерин эстеп калбапмын. Байкушум мени кутуп атса керек. ошентип ой- боюма койбой , турмуш жолуна тез арада узатып салышты. Барганда жакшы эле кабыл алышты. Кайненем оз апамдан отуп куйполоктоп,
жанымда журду. Куйоом болсо ашыкчале кызганчаак.
Аяштарым келсе чай коюп берейин десем, чыгарбайт. Бир комнатага камап коет. Кеткичекти чыкпа деп. Дарбазадан ары чыкпа, биро чакырса кире берин деп ичкериден суйлош, кочого такыр чыкпа, кошунадан бир нерсе керек болсо карындашымы жонот - деп мага эскертчу. Барына кондум. Дос кыздарым менен такыр суйлошпойм.
Бир гана уй булоом менен гана телефондо суйлошом. Интернетке кирем. Сайттагы атым эримдин фамилия аты жазылган. Жон эле зеериккенде кирип чыгып коем. тороп уйумдо кырк ичи журуп калдым. Саат тунку 3,4то чалып уйдосунбу? Чындапбы? Баламдын уну угулбайтго?
- дей берчу. Трубканы кеч алсам да , каякта ким мн журосун не кеч алдын деп урушат. Ата энемдин мамилеси озгорбоду. Мен ушу 8 жашымдан баштап 21жашыма чейин ата энемдин неге мындай мамиле кылганына тушунбой, жооп таба албай койдум. Ата энемден канча кордукту кордум , анын барын жазганга чамам жетпеди. Оз уйумо келсем жаным жай албайт же кайын журтумкунда жай албайт. Эмнеге мындай мамиле кылат деп ойлойсуздар?
Балким мен жаштык кылып, акылым жетпей жаткандыр? Азыр да мага табышмак боюнча журот. Ата энемден сурайын деп бир эки аракет кылдым. Апам дароо бакырып берди. Жон жашай бербейсинби?
Сени кочого чыгарып салбадыкго деп. А атама суйлобойм. Озу суйлосо жооп берип коем. Жакшы мамиле жасаган кундору да болгон. Бирок кобунчо кагып силкип салчу суйлотпой. Окуумда калып кетти. Ой болушуп, кенеш бересиздер деген умуттомун.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#12 10 December 2015 - 17:52
Бир дем менен окуп чыктым.Бирок кенеш бере албайм...
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#13 10 December 2015 - 19:01
Ата энендин мунозу ошондой болсо керекда. Баардык балдарына ушундайбы же сага эле каардана беришеби? Кичиненден байкендин колунда журсон, алар бироонун баласы деп сага каттуу айтпай чонойтушса керек. Сен ошондой жумшак мамилеге конуп калсан керек деп ойлойм мен.
#14 10 December 2015 - 19:02
Ата-эненден алыс оскон учун, сага алардын урушканы оор тиет. Мен да тайлардын колунда оском. Такыр апам менен сыр болушуп, эркелеген эмесмин.Куйоомо эркелеп алам азыр. АПА деп да айталбайм, абже дейм. Анан бизде эркектер ошондой кызганчаак болушат. Менин куйоом да жаны уйлонгондо иштебе деп урушат эле. Бара-бара калбаса да азаят бул адаты. Окуунду эптеп улантсан жакшы болмок. Элдер окууга ото албай атса, сен таштап койбой.Куйоонду алдап кондур. Озуно гана ишен. Мен да окууга озум тапшырып, ачка калып, киерге кийимим жок, жоо барып окуйт элем колдогон Адам жок. Мен диплом алгандан кийин туугандарым кобойуп кеткен. Чыдамкай бол, иштен Адам олбойт. Баары эле балдарын урушат. Атан кызуу кандуу Адам экен да. Мен атасы жок оскомун, бирок кайнатам кыздарын ошентип согот эле. Турмушта баары боло берет. Сен ушул турмушундан сабак алып, балдарынды таштабай, мээрим тогуп остур. Сага ийгилик!
#17 10 December 2015 - 22:03
Мындай корунушту бир чыгармадан окугам. Бирок апасы карып озу жалгыз калганда гана кызына жакшы мамиле жасап калат.кеебир адамдарда журогундо Меерим болбойт,оздору мееримдуу болушка аракет кылсада.анан аягы бир аз тушунуксуз болуп жазылган.сиздин ак никелуу куйонуз,балдан ширин баланыз бар екен.бир жагы ошонун озу деле чоон бакыт.барктаган адамга.а сизге болсо сабырдуу болууну сунуш кылам.бир кун келсе ата-енениз баарын тушунуп жетет деген ойдомун.
#18 10 December 2015 - 23:09
Окуп жатып козумо жаш келди,кээ бир ата апалар сыртына билдирбейт ичинен жакшы корушот,менин дагы апам ,мени жакшы корот ,бирок сыртына бир дагы билдирбеген,
кыязы кыз бала эрке болуп калат десе керек.
#19 11 December 2015 - 00:26
Менин оюм,кээ бир аял заты куйоосун,кээ бири баласын биринчи орунга коет, албетте омурлук жар менен баланын орду башка,башка,
бирок бул нерсени мен кооп байкадым,озумун эле женемин уйу зангырайт,акча,
байлык толтура,куйоосу Москвада иштейт,3бала тороду женем, бирок баарын эле бироосун 5айлык кылып таштаса,бирин 1жаш кылып таштап куйоосунун артынан кетип калчу,озумчо ойлойм женеме эмне жетишпейт,балдарына мээрим берсе болотго деп жиним келчу,байкуш балдарын бирда эркелеткенин корбогонмун,
мен мындай аялдарды колдобойм,озунун кызыкчылыгын биринчи орунга койгон аял деп ойлойм,биринчи орунга баланы коюш керек,куйоону,
акчаны,озун ойлобой,ата энениз оздорун ойлогон мерез ташбоор Адам дар экен, оздорунон колу бошобой силерге конул бурбайт экен
Адилет
#20 11 December 2015 - 00:32
Мындай корунушту бир чыгармадан окугам. Бирок апасы карып озу жалгыз калганда гана кызына жакшы мамиле жасап калат.кеебир адамдарда журогундо Меерим болбойт,оздору мееримдуу болушка аракет кылсада.анан аягы бир аз тушунуксуз болуп жазылган.сиздин ак никелуу куйонуз,балдан ширин баланыз бар екен.бир жагы ошонун озу деле чоон бакыт.барктаган адамга.а сизге болсо сабырдуу болууну сунуш кылам.бир кун келсе ата-енениз баарын тушунуп жетет деген ойдомун.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео














