-Алдееей, алдей ак бобок. Ак бешике жат бобок...
Апакай жоолукту улбурото салынган арыкчырай, назик, жузу жылдыздуу келин торку болмодо созолонто "алдейлеп"
кооз жасалгаланган бешикти терметип олтурат. Бул сулуу келиндин аты Нестан. Озу шаарда бардар уй-булоодо торолуп оскон. Алты уулдан кийин торолуп, ата-энесинин мандайы жарылган кубанычынын себепкери болгон. Эн кенжеси, жалгыз эрке кызы болуп оскону менен мунозу токтоо, сабырдуу, акылдуу, жонокой кыз болуп жетилди. Атасы милициянын начальниги,
кадырлуу киши. Агалары да катарынан жогорку окуу-жайларын бутургон, "атанын уулу" дегенчелик татыктуу журушкон жакшы балдар. Ал эми апасы ото мээримдуу, боорукер жана аябай сулуу аял. Мына ушундай жакшы уй-булоонун кызы Нестан куйоосу Эрмек менен ооруканадан таанышкан. Кыз анда окуп жургон, курбу кызы ооруканада практикада эле, ошого жолукканы барып кутуп турганда Эрмек оорукчан эжесине тамак алып келип коридордон экоо капысынан бет-мандай келип калышкан. Жалындуу журоктор дароо эле сезгенби, кагышы катуулай, жуздору албырып, бири-бирин бир корушто жактырышкан.
..
Эрмектин ошол оорулуу эжеси, эки агасы анан карындашы бар. Ото бай эмес, орто жашаган уй-булоонун кенжеси. Атасы каза болуп калган. Апасы оорулуу кызын карап уйдо кобунчо. Эки агасы иштеп бутундой уй-булоону багышат. Эрмекти да, карындашы Айсулууну да окутушат. Андан сырткары оорулуу эжесинин дары-дармегин бут алып беришип кам корушот. Агалары экоо тен уй-булоолуу.
Аялдары менен башка-башка жашашканы менен тынбай келип кемин толуктап турушат. Ал эми келиндердин кыялдары чатак чыккан. Оорулуу кайын эжеден тажап болунуп чыгып кетишкен. Оорулуу демекчи Жамалды жаштайында машина коюп кетип кышында оз учурунда чара корулбой буттары жараксыз болуп дарыгерлер кесип салышкан. Бул жагымсыз окуяны кыздын журогу которо албай журок оорулуу болуп калган. Эки буту тубунон жок болсо дагы жан таттуу экен, жылына бир жолу 1 айга ооруканага жатып дарыланат. Калган убакытта уйдо дары-дармек ичип кун корот... Апасы Зарипа байкуштун тилегени эле ушул кенже уулуна акылдуу келин келиши. Басса-турса тилеп журуп Эрмек ыймандуу келиндуу кылды. Ото зангыратраса да чакан той берип элдин батасын алышып экоо баш кошту. Мындай жонокой уй-булоого кызын ыраа корбогон ата-эне канчалык кыйылса да кызынын конулунон чыга алышпады. Колдорунан келишинче сеп даярдашып, кыздын турмуш-шартын тузук эле тузуп беришти. Айылда эчкимде кир жуучу машине жок, Нестанга болбой алып беришти. Уктоочу болмого диван-шкаф, кухнясына бут керектуулор,
корпо-тошок тим эле коп, сандык, телевизор, тамак жылытуучусунан бери бут калтырбай алып беришти. Зарипа берген калынына уялып калды. Ал эми абысындарынын коздору куйуп эле шыпшынып-шыбырашып жатып калышты... Нестан болсо мунун баарына маани деле берген жок, суйуктуусунун туболуктуу жары болуп жатканына чексиз бактылуу эле...
Каргыш Ото сабырдуулар гана окугулачы, шаштырбай...
#2 11 December 2015 - 21:53
Эрмектин карындашы Элмира-кыялы ото оор кыз. Аба-ырайындай озгоруп турат. Бир караган адамга тим эле суйкумдуу корунот. Суйлошо келгенде эле чоркок экени байкалып калат. Ичи тар, сабырсыз, коро албас, жалкоо анан аябай тилдуу кыз. Зарипаны коп какшаткан да ушул кызы. Же апасы укпайт, же агаларын угуп кыйратпайт.
.. Тойдон 3 кун отуп салт-санаасы менен Нестанды сыртка чыгарышкан кун эле. Эми эле элдин аягы суюлуп коноктор азайган. Кыпкызыл халат кийген Нестан ботон уйго бир аз коно албай жай кыймылдап идиш жууп олтурган. Уйдон коп идиштерди топтоп чыккан Элмира:
-атаныз биржолу идиш жуучу машине деле алып бербептир да? деп куйшундай суйлоп калды. Жылмайып гана тим болгон Нестан создун маанисине анча тушуно берген жок.
-Тоготпогонунузбу же ошончолук кыргызча тушунбойсузбу? Элмира кашын серпе колун кайчылаштырып туруп карап калды.
-эмнени? Нестан эми гана кайын синдисинин маанайын байкап башын которду.
-соз дароо жетпейт окшойт, шаарда оскон кыздар ушундай болот деп уккан элем. Шаарынарда ошончо жигит бар, айылга темселеп неге келет кыздарынар? Элмира орду жок эле эптеп урушкусу келип турганын билдирип койду. Сынап жатат го деген ойдо Нестан кулуп эле идишин жууганды улантты. Андан бетер туутуккан кыз женесинин кенебегенине ызалана туштубу, идиштерди тарактата тээп уйго кирип кетти. Мындай кыялдагы адамды биринчи ирет коруп жаткан Нестан тан калып эле олтуруп калды...
-атаныз биржолу идиш жуучу машине деле алып бербептир да? деп куйшундай суйлоп калды. Жылмайып гана тим болгон Нестан создун маанисине анча тушуно берген жок.
-Тоготпогонунузбу же ошончолук кыргызча тушунбойсузбу? Элмира кашын серпе колун кайчылаштырып туруп карап калды.
-эмнени? Нестан эми гана кайын синдисинин маанайын байкап башын которду.
-соз дароо жетпейт окшойт, шаарда оскон кыздар ушундай болот деп уккан элем. Шаарынарда ошончо жигит бар, айылга темселеп неге келет кыздарынар? Элмира орду жок эле эптеп урушкусу келип турганын билдирип койду. Сынап жатат го деген ойдо Нестан кулуп эле идишин жууганды улантты. Андан бетер туутуккан кыз женесинин кенебегенине ызалана туштубу, идиштерди тарактата тээп уйго кирип кетти. Мындай кыялдагы адамды биринчи ирет коруп жаткан Нестан тан калып эле олтуруп калды...
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#3 11 December 2015 - 22:01
Ошол кундон баштап эле Элмира женесине кундоштон бетер ар бир кылган ишине киришип, чыр салып туруп алды. Ал аз келгенсип абысындары ар келгенде кубулуп куулугун кылып бири кулсо экинчиси суук тилин агытып конулун оорутуп кетишет. Нестан аларга эмне жамандык кылып, эмне очу бар экенине тушунбойт. Бирок озунун оор басырыктуулугу,
сабырдуулугу менен баарын женип келет. Кайын эжесин аяйт, дарыдарын оз убагында берип жакшы карайт. Кайын энеси жоош, жакшы болгондуктан апалап сыйлап турат. Эрмек да агаларынын жардамы менен окуусун буткон, кайын атасынын жардамы менен жакшы жумушка орношуп иштеп уй-булоосун багып калган. Бир куну жумуштан ото кеч келди. Чарчап кирип диванга жолонуп олтуруп уктап жаткан келинчегин коруп озун кутуп олтуруп уктап калганына ичи жылый жылмайып алды. Акырын жузунон суйуп ойготту. Уйкулуу коздорун ушалап алып келин чонтогун сыйпалап эки сызыктуу тестти куйоосуно сунуп суйунчусун сурады. Эрмек коргон козуно ишенбей Нестанды так которуп айлантып аябай кубанып алды. Ошондон баштап келинчегинин кабагын карап, карындашын тыйып, кээде кагып-силкип аялына кадимкидей жан тартчу болду. Женелери келсе да каттуу айтып келинчегине соз тийгизбей коргоп калды. Нестан башында ынгайсыз болуп журсо, бара-бара куйоосунун кам коргону жагып, кадимкидей эркелеп алды...
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#7 12 December 2015 - 20:05
Ушу кутуп эле тажадым го эч бир автор аягына чыгарбай баштап коюп артын карабай качат.
#12 14 December 2015 - 23:01
Кутуу жана кутуу башталдыы
[font="
Comic Sans [font="Comic Sans MS"][/font]][/font][font="
Georgia"][/font]
#15 15 December 2015 - 22:19
Иии кокуй жоксунго дагы деле ....
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#16 16 December 2015 - 09:29
Эркелебегенде кантсин байкуш, кайын энеден мурда кайын синдинин азабы соогуно отуп эле кетти Нестандын...
Кырсык каш-кабактын орстосунда демекчи, кээде арачаралап келинине жан тартып кызын какыс-кукус кылып коючу кайын энеси Зарипа да капысынан буту тайып кара куш мээси ташка барып тийип жапжакшынакай басып журуп эле о дуйно салып кете берди... Бир туугандардын башын бириктирип туруучу апасынан ажырашканда аябай куйушту. Элмира озунун чачын жулуп, кийимин тытып болбой эле калды. Аза кутушуп баары кок кийишип, Нестанга да кок жоолук салып коюшту... Кыркы чыгып, боз уй да чечилди... Турмуш-тиргилик дегенин карап турбайт экен, жашоо оз нугу менен уланып жатты... Мурда апасынын тыйганы учун бир аз озун кармаган Элмира Нестанга таза кайын энелигин эми баштады го... "апамды сен эле жедин, кара ниетсин, кара муртозсун"
деп нары отуп бери отуп карганып отчу болду. Атугул чырактай болгон женесине "кара жолтой" деген "наам" ыйгарып салды. Башкаларга айтканда да Нестандын атын "кара жолтой" деп атап калды. Нестан байкуш анысына деле коз жумуп, куйоосу учун, анын конулу учун чыдап журду. Ичи челектей болуп, аран басып-туруп ай кунуно жетип калган келин бир куну уйдо суу тугонуп калганын коруп эмне кылаарын билбей калды. Суу ташуучу дарыя кыйла алыс эле. Барып келсе даана кыйналып калаары анык. Эрмек да уйдо жок эле. Элмира болсо берилуу менен бир роман китебин окуп жаткан болмосундо.
Нестан акырын кыздын эшигин каккылап:
-кыз журунуз сууга барып келеличи камыр жууруйун дедим эле? деп тайсалдай суранып калды.
-Мен нан жебейм билесизго, барып келе берин, нанды эн коп жеген сиз го бул уйдо! деп тантырады.
-Ичим бир аз ооруп турат, которушуп барып келсениз жакшы болмок?
-Иииий ушу сен куйгуздун! Манас торой тургансып эле ичини айтып, шылтоолоп! Коп болсо озуно окшогон бир кара-жолтойду алып келесин да бизге... деп суйлонуп чыгып женесинин артынан ээрчиди.
-кыз журунуз сууга барып келеличи камыр жууруйун дедим эле? деп тайсалдай суранып калды.
-Мен нан жебейм билесизго, барып келе берин, нанды эн коп жеген сиз го бул уйдо! деп тантырады.
-Ичим бир аз ооруп турат, которушуп барып келсениз жакшы болмок?
-Иииий ушу сен куйгуздун! Манас торой тургансып эле ичини айтып, шылтоолоп! Коп болсо озуно окшогон бир кара-жолтойду алып келесин да бизге... деп суйлонуп чыгып женесинин артынан ээрчиди.
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.

Супер-Инфо
super.kg
видео

















