Ошол сүйүнүчтүү кабардан кийин канча күндөр, айлар, жылдар өтпөдү дейсиң! Жийде үмүтүн үзбөй күтө берди. “Баланча келиптир,”-
дегенди угаар менен Колхозбегин ээрчитип алып, жүгүрүп жөнөйт. “Сапарды көрдүңбү?” Биринчи эле суроосу Сапар болот. “Жок... Көргөн жокмун,”-дейт кай бири. Кээси суроосун жоопсуз калтырышат.
Бул кандуу согушта жабыр тартпаган үй-бүлө деле калган жок. Атасыз өскөн жетимдер, күйөөсүз калган жесирлер, эмчеги сыздап, зар какшаган канчалаган энелер калды. Согуштан кийинки жылдары элдин жашоосу оор болду. Бир канча айылда бир гана мектеп боло турган. Колхозбек да өзү теңдүү балдар менен кошуна айылга барып окуду. Жаздын күнү ылайга батып, кыштын кыраан чилдесинде кар жиреп эмне деген азаптарды көрүп окуду. Бирок ошол кездеги адамдардын пейили азыркы жыргал жашоонун шорпосун таткандардан бир кыйла айырмаланып турчу. Келечекке болгон үмүт, бири-бирине бир туугандай мамиле, карыларды сыйлоо...
Колхозбек мектепте да жакшы окуп, үйдүн жалгыз эркеги катары көп түйшүктү мойнуна алды. Ал кездин идеологиясынын күчтүүлүгү!
! Жалпы эл келечекке болгон үмүтү менен жашады. “Эл үчүн, Ата-Мекен үчүн”- деген ураан ар бир инсандын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган эле. “Биз келечекте Коммунизм курабыз!”-
дегенге чын ниеттери менен ишенишчү. А, азырчы?!
ХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Сексенинчи жылдардын аягында:”Коммунизм курабыз!”-
деген ураандын чындыгына эл ишенбей калды. Көпчүлүк коммунисттер партбилеттерин ыргытып, Коммунисттик идеология ичтен жеген диндин бир түрү деп чыгышты. Бир кезде карапайым элди дин менен башкарып келген болсо, ошол кез Коммунисттик идеология менен баш ийдирип турган. Колхозбек да, өмүр бою ишенип, туу тутуп келген нерселердин баары жөн гана утопия экенине көзү жеткенде, упчусун тарттырып жиберген жаш баладай томсоро түштү. Совет мезгили ыдырап, эл алапайын таппай карайлап калды.
Канча жылдап Москванын буйругу менен жашап келген он беш республиканын арасында Кыргызстан да бар эмес беле... Ансыз кандай болоор экен дегендей, жаңы гана өз алдынчалыкка жеткен жаш мамлекеттин келечегине ишенип-ишенбей,
карапайым калк мүңкүрөй түштү. Бир заматта колхоз-совхоздор жоюлуп, завод-фабрикалар жабыла баштады. Элдин көбү жумушсуз калышты. Базар экономикасы күч алды... Эптеп жан багыштын айласы менен көпчүлүк шаарга агыла баштаган кез.
Нурайым Шаршенбаева эженин калемине таандык чыгармалар. ырлар жана чыгармалар.топтому.
#22 12 December 2015 - 18:01
. Совет кездеги көзгө көрүнбөгөн,
болсо да жаап-жашырылып,
“биз - совет эли, капиталист эмеспиз”-деп көмүскөдө болгон,байлык,
мансап талашуу ачыкка чыкты. Көпчүлүк эл мал-жанын сатып, кедейленип бара жатса, базар экономикасын туура түшүнгөн кээ бири мал көбөйтүп, жеке чарбачылыкка өтүштү. Мамлекеттик мүлк деген түшүнүк жоголуп, жеке менчикке, башкача айтканда колдорунда барлардын, же көзү жеттиктердин карамагына өтүп кетти. Бай, кедей деген ачык эле билине баштады. Бир кезде жашыруун, элге жок нерселер катары көрүнгөн сойкулук, паракорлук,
көчө таптамай, алып-жутмай деген терс көрүнүштөр жаандан кийинки козу карындай жайнап чыкты. Демократия десе эле, ажылдап сүйлөгөндөрдүн заманы болуп, чыгармачыл чөйрөдө да цензуранын күнү бүтүп, кыскача айтканда өз билемчелик катуу күчкө кирди...
Колхозбек калың катмардын ортосу болду. Бай болуп кетпесе да, мал-жанын сактап кала алды. Жер иштетип, мал багып, үй-бүлөөсүн жер караткан жок.

#23 12 December 2015 - 18:02
Колхозбек жалгыз уулун бөтөнчө эркелетип өстүрдү. “Мен атасыз өсүп, кандай гана кыйынчылыктарды башыман өткөрбөдүм.
Эми уулум эч нерседен кем болбосо экен,”- деп жатса-турса уулунун келечегин ойлоор эле.Билинбей жылдар учуп, уулу эрезеге жеткен кезде гана туура эмес тарбия бергенин, эми кеч болуп калганын түшүндү да: “Аттиң!”-
деп ээрдин тиштеп отуруп калды. Колунан эч нерсе келбесе да, корсулдап катуу сүйлөп, көкүрөк көтөрүп мактанган уулу Колхозбектин сөзүн сөз дебей калган... Уулунун мерез мүнөзү кемпиринин көзү барында көп билинбеген.
.. Баарын шаарга алар менен чогуу келгенден кийин билди...
Өмүр бою айылда жашаган Колхозбекке шаарда оор болду. Кылаарга иш таппай кайсалап, кайда басып, кандай кылыштын амалын билбей,күндөр кылымдардай созулду. Айылда жүргөндөгүдөй, таң кылайып атканда көзү умачтай ачылат да, дубал тиктеп жата берет. Кемпирин бөтөнчө сагынчу болду... Таң атпай уйларын сааган кемпири Колхозбекти аярлап ойготчу.

#24 12 December 2015 - 18:03
-Абышка,-деп эркелете кайрылчу:
-Тур, уйлар бададан кеч калат. Койлордун да жаактары талымай болду, маарай беришип... Күн ушундай башталаар эле. Өмүр бою бири-биринин көңүлдөрүн калтырбай, сыйлашып өтүштү. Андан калса кемпири бөтөнчө адам эле го... Карыганча Колхозбекке өйдө караган эмес. Колунан көөрү төгүлгөн уз да эле... Колхозбек өмүрүнүндө бир гана нерсеге ичи ачышчу. Жашынан көп балалуу болом деген кыялы орундалбай калды. “Кудай берген ушул эки балам аман болсун,”-деп өзүн жооткотуп коёр эле. “Бак артса ушул эки баламдан сый көрөм,”-деген ою да жомоктогудай болуп кала берди...
-Ай, балам, карандай чайыңа ашказан карыгып кете турган болду... Эт-май алсаңар болбойбу?! Этсиз кантип тамак жейсиңер билбейм...
Колхозбек айылдан келээринде ала келген бир койдун эти түгөнгөнүнө он күндөн ашты. Эптеп-септеп сууга бышкан, тамак аттуларды жей берип көөнү калган.
-Кайдагы эт?! Бул жер айыл эмес... Каалаган күнү кой союп, этти тойгончо жегендей... Баары сатык...

#25 12 December 2015 - 18:04
-Сатык экенин сен айтпасаң да билем. Чычкак улагың жок экененин көрүп туруп, эмнеңди сой дейин?! Сатып келбейсиңби.
..
-Э-эй, ата! Этке эмес... Батирге төлөгөнгө акча таппай отурам. Пенсияңды качан аласың?
-Пенсиямды?. . Менин пенсиямды аңдый баштадыңбы? .. Жок, пенсиям! Шаарга биз менен барсаң жыргатам деп кыйратып жатпадың беле, атаңдын оозун урайындын баласы десе! Кана, карандай чайдан башка...
-Ишимен акчамды төлөбөй кармап жатса,өзүмдү сатайынбы?! Пенсияңды берип тур, берем да кайра эле...
-Сенин иштеп жүргөнүңө деле ишенбей калдым. Кечке уктайт экенсиң... Ырыскыңдан кур калып... Кечинде кетет экенсиң. Түнүндө, деги, эмне иш кыласың?!
-Ошондой жумуш... Жаш баладай такый бербей... Бересиңби, пенсияңды?
-Жок! Менин пенсиямды сурагандан уялбайсыңбы? ! Апаң, эмнеге эле, ай өткөрбөй шаарга жөнөп калчу десем?.. Сенин курсагыңды ойлоп жүгүрчү турбайбы, кургур... Карыганча бактым, жетет... Мени бага албасаң, айылга жеткирип кой! Ушинтип көрүнгөндүн көзүн карап батирлеп жүргүчөктү. .. Сен деле айылга барып, оокат кыл! Уулуң эрезеге жетип турат... Чет жагыңан келип, үйлөнөм деп калса, эмне кылаар экенсиң?!
-Э-эк! Ушу сенин акыл үйрөткөнүң өтүп кетет! Уулумдун маселесин өзүм чечип алам...
Эшикти тарс жаап чыгып кеткен уулун карап, Колхозбек оор күрсүнүп алды...
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Колхозбек кир болуп өңдөн кеткен көйнөгүн чечип, алмаштыраарга кийим таппай карайлап калды. “Келгени келиндин кир жууп жүргөнүн деле көзүм чалган жок. Мурунку чечкен кийимимди кайда койду экен?” Эскилиги жетип, араң турган кийим койчу текчени бир сыйра аңтарып чыкты. Өзүнүнө тийешелүү эч нерсе колуна илинбей, шаабайы сууй түштү.

#26 12 December 2015 - 18:06
. “Келин келгенде сурайын... Жуунбай, биттеп кете турган болдум го... Буларың кайда жуунушат болду экен? Жуунгандарын деле көрбөй койдум. Бири таңында кетсе, бири кечинде кетип... Деги ушулар, бир үй-бүлөдөй эмес...” Өзүнчө кобурап, шыпшынып койду.
Чечкен көйнөгүн кайра кийип, сыртка чыкты. Короонун сыртына чыгып, ары-бери өткөндөрдү узата карап, ойлуу отурду. “Шаар деген эле аты болбосо... Акыр-чикирге толуп, курт-кумурсканын эле ордосу окшойт...” Тегерегиндеги жер жайнап чачылган калдыктарды карап желкесин кашып койду. “Ушуну да тазалап койгонго жарашпайт, атасынын оозун урайындар десе... Эптеп эле курсак тойсо болду деп калышканбы, бул шаарыңдын эли.” Короого кирип, эзели иштетилбегендей куурап турган огородду айлана басты. Короонун четинде өсүп турган бадалды карап: “Шыпыргыга жарачудай экен,”-деп кобурап, андан тутамдап сындырды да шашпай отуруп шыпыргы жасады. Короонун ичин мизилдетип тазалап койду да, сыртка жөнөдү.. Көчөдө чачылып жаткан акыр-чикирди да тазалап шыпыра баштады. Өткөн-кеткендер бейтааныш абышканын көчө тазалап жүргөнүн, күнүмдүк болуп жүргөн нерседей кабыл алышканы, Колхозбекке жакпай турду. “Буларың... Учурашканга деле жарашпай окшойт... Айылым болсо... “Иш илгери болсун, ата,”-дешип, көргөн жаштар колуман талаша жардам беришмек. Шаарың аман болсун... Бири-бирине баары чоочун...” Бир аз жерди тазалап койгон маалда келини келип калды.
-Ата! Сиз эмне кылып жүрөсүз? Бул көчөгө жер шыпыргыч болуп алдыңызбы? Көргөндөр эмне дейт?!
-Эмне дешмек эле... Бир абышка көчө тазалап жүрөт дешет да...
Колхозбек келининин жанына келип калганын байкабаганына кабатыр боло түштү.
-Бизди уят кылып жатпайсызбы!
-Кимге? Тааныбаган бирөөлөрдүн мени менен иштери канча?
-Тааныбаган. .. Кошуналардын баары эле таанышат да... Үйдө эле отура бербейсизби!

#27 12 December 2015 - 18:07
-Отурбайм-этпейм.
.. Өзүңөр жашаган тегеректи тазалай албагандан кийин... Кандай жансыңар? Тамагыңардан эптеп ысык суу кирсе ыраазы болуп калган окшойсуңар.
..
-Уулуңуздун жиниме тийгени аз келгенсип... Сиз калдыңыз эле... Эмне кылсаңыз өзүңүз билиңиз... Бирок бул жерде эмес...
Келини зиркилдей, Колхозбектин шагын сындыра сүйлөп, үйгө кирип кетти.
Колхозбек ээгин бүлкүлдөтүп, жаш баладай көзүнө жаш алды. “Ушинтип, карыганда балдарыман кагуу жеп каламбы?.. Түбү түшкөн дүнүйө ай! Жөн отурбай, бир керектерине жарайын десем да... Куураган гана кемпирим ай, менден биринчи кетип... Мени азапка салып койбодуңбу. ..” “Кудайга жакпасаң, кемпириңдин артында каласың,”- деген бир кездеги теңтушунун сөзү эсине түшүп: “Сага кай жеримен жаздым экен?!”- деп Кудайга нааразы боло күбүрөндү.Сыртта күнөстөп көпкө чейин отуруп, Колхозбектин курсагы курулдап, ачка болуп чыкты. Бала кездеги,апасынан катып, талканды сугуна жеген мезгилин эстеп, жылмайып алды. Айылдын сыдырым соккон желине, шаркырап аккан, туптунук суусуна болгон сагынычы артып, алыста көрүнгөн тоону кусалуу карады. Кеч киргени мал тосууга барып, өзүндөй болгон карылар менен маектешип отурган мезгилдин кайрадан келбесине ичи ачышып, оор күрсүнүп алды.
Келинин качан тамакка чакырат деп, үмүттүү үй жакты карады. Уулу бүгүн кечке үйдөн чыкпай, жууркан оронуп, уктаган-уктабаганы белгисиз жатат. Анын мындай жоругуна Колхозбек карыя да кайдыгер карап, эмне болгонун сурабай түнөрдү. “Чакырганын күтө берсем, ооз карыга турган болду... Атаңдын көрү дүнүйө, карыганда бирөөнүн көзүн каратып койгону азап турбайбы?! ” Колхозбек карыя үйгө бет алды. Сырткы бөлмөнү ачаар менен келининин чаңкылдаган үнү угулду.
-Сени бакканым аз келгенсип, атаң калды эле?! Кетир айылына...
Уулу күңкүлдөп араң жооп айтты:
-Кайдагы айыл?.. Үйдү саттырттып коюп, билбеген кишидей сүйлөйсүң да...
Колхозбек карыя бул сөздү укканда, жүрөгү жарылчудай түрсүлдөп, денеси калчылдап, тердеп чыкты. Башы зыңылдап,көздөрү караңгылап, буттары шилтөөгө жарабай, дубалга араң жөлөндү...
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Колхозбек карыя керебетке таянып, калчылдап жатып, араң, ордунан турду. Терезеден сыртты ойлуу тиктеп турду да, оор күрсүнүп алды. Бул жерде канча күндөн бери жатат белгисиз. Сыртта өзүнө курбалаш карылар ары-бери басышып, кээ бирлери кобурашып сүйлөшүп скамейкаларда отурушат. Ооруканадан түз эле, уулу ушул жерге алып келип баса берген. Анда-санда кабатырланымыш этип, келгени болбосо, чоочун адамдай мамиле кылды.Келгенде да карыянын жарыбаган пенсиясын сурайт. Кээде Колхозбек карыя уулу экенине ишене албай кетчү болду. “Атаң көрү, дүнүйө! Өз каныман жаралган бир ит экен го... Ушундай тагдырга туш келем деп, миң уктасам түшүмө кирди беле?!. Бир кезде жамандыктын баары менден айланып каччудай ойлочу эмес белем...

#28 12 December 2015 - 18:08
... Өлүп калуудан да, тирүүлөй эч кимге керегиң жок болуп, башка жанга эле эмес, өз балаңа да батпай калат деген тозоктон өткөн нерсе жок сыяктуу... Дегеле, ата-энени балдары керексиз буюмдай таштап коёт деген, эмне деген шумдук! Ушундайларды,
өкмөт дегениң бир жазалап койсо, коркуп калышаар беле дейм... А-а! Жашоо! Сыртынан коркумуш этип... Жүрөгүнөн жек көрүп... Колунан келээр болсо, өлтүрүп коюштан деле тартынбагандар бар экен да... Өз кан-жүрөгүнөн бузулуп турганды, өкмөтүң деле, тазалап коёруна көзү жетпей турса керек да!.. Жалган дүйнө десең!.. Мага окшогон шордуулар көп экен го... Башыңа түшкөнчө, билбейт экенбиз да... Биз жашаган дүйнөдөн башка да, өзүнчө бир дүйнө бар экенин... Карыганда тагдырдын ушундай жазмышын душманыма да каалабас элем...” Уулунун үйдү суроо-сопкуту жок сатып жибергенине ичи бир ачышса, андан түшкөн акчанын дайыны жок, кумарга алдырып жибергенине эки күйчү болду. “Бул барбаса да, неберем барып жашаар деген үмүтүмдүн таш-талканы чыкты го... “Ичтен чыккан ийри жылан...” Кандай болбосун, эмне гана кылбасын, балам экен да... Сагынып, куса болуп турганымды карабайсыңбы.
..” Ар ойду ойлоп, уулуна туура эмес тарбия бергенине кабыргасы кайышып турду.
#29 12 December 2015 - 18:10
. “Дөлдүр күйөөгө-сөлдүр катын... Келинчеги да бир байкуш экен да... Менин оокатыма тирүүмдө көз артышканын карабайсыңбы.
Баштары иштесе, небереме калтырышат эле го. Ал да... Неге чет жакта иштеп жүрөт десе? Ата-энесинин сырын жакшы билсе керек да... Жок дегенде ошонум акыл-эстүү чыкса экен...” Бактардын саргайып турган жалбырактарын карап: “ Күз да өтүп баратат... Эрте жазда келдим эле... Өз баламдын үйүнө бир ай да батбапмын...
Бул жерде жашаганыма.
..” Айларынды санап: “Аа, жашоо!.. Ушундай экенсиң го...”-деп кобурап койду. “Жаш кезде карыбачудай болот экенбиз да... Кемпиримдин кадырын билбей... Байкушум... Канча кылганыңды жактырбай кагынып койгонумду кантейин... А-а! Куураган гана жашоо ай! Кайра баштан жаралсаң не?!” Улам бир ойду ойлоп, кемшеңдеп, көзүнө жаш алды. Калчылдап жатып, керебетке араң көчүк басты.
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Таң куланөөк атып, жерге жаңы гана жарык түшө баштаган кез. Көнгөн адатынча, Колхозбек карыянын көзү умачтай ачылды. Денеси оорлошуп, жаны жер тартса да, таң кандай атты, ойгонуп алмайы бар.. Түнү деле жарытылып уктабай калганына көп болду. Караган кишиге көөшүлүп таттуу уйкуда жаткандай көрүнгөнү менен, жан-дүйнөсү уйкудан безип, мээсине ар кандай ойлор уюп алгандай тынчтык бербейт. Өз ою менен өзү алпурушуп, кыйналгандан башка пайдасы жок. “Карыганда, башыма жазган тагдырдан кайда качып кутулам дейсиң?.. Мага окшогондор көп экен го бул жерде. Жазмыштарына баш ийип калышкан көрүнөт... Бири-бирин өмүр бою тааныган курбулардай сырдашып, бул жерди өз үйлөрүндөй көрүп калышкан турбайбы, жарыктыктар. ..” Колхозбек карыя гана тагдырына баш ийгиси келбегендей. .. Ким билет? Көптүн арасында да Колхозбек карыядай ичтен сызып жүргөндөрү канча дейсиң? Ар адамдын жан-дүйнөсү ичте эмеспи... Бири-бирине билгизбей, армандарын ичте катып, жан адамга айтпай, жашыруун жол карап, төрүнөн көрү жакын калган аз өмүрлөрүндө балдарынын төрүндө ысык чай ичип отуурууну Кудайдан күнү-түнү тилебеген кары жок болсо керек бул жерде... “Карысы бардын ырысы бар”- деген, эзелтеден эл оозунда айтылып келе жаткан улуу сөздүн чындыгы, таптакыр эле жүйөөлүү эместей бул жерде... Төрөлгөнү ырыскысыз өмүр сүрүп келишкендей, бул жерде... Алар да бир кезде жаш болушканы төгүн эместир... Карылыкты ушундайынан бер деп тилеп алышпагандыр да.... Өмүрүндө бала жытына зар болуп, карыганда багаар-көрөөрү жогунан айласыз ушул жерге келип калгандардан да, өз балдарына батпай куугунтукталып калгандардын саны арбыныраактай. ..
“Күткөндөрү жоктордон да,мендей болуп уул-кызын зарыга күтүп, үмүттөнүп жүргөндөргө оорураакпы дейм...” Колхозбек карыянын үшкүрүгү басылбачудай. “Ушул жерде өлүп калсам... Арманда гана кетем го, чиркин! Кандай да болбосун балдарым экен да! Бир көрүп, керээзимди айтып... Кыз деген ата-энеге боорукер болот дешчү эле? Кызым укпай жүргөн чыгаар... Укса кантип бир басып келбесин... Неберелеримдин саамайларынан жыттап, эркелетип отураар мезгилимде. .. А-а! Кайран гана өмүрүм! Балдарга жакшы тарбия бере албагандан кийин... Кайсы гана арманымды айтайын... Өмүрүм текке гана кетиптир да!”
Колхозбек карыя ойлонуп ойдон чыга албай турган кезде, эшик акырын ачылды да, медайымдын мээримдүү жүзү көрүндү.
-Ата,- деди акырын: - Сизге бир жигит келиптир... Мурда көрбөгөм... Небересимин дейт... Киргизе берейинби?.Колхозбектин мууну калчылдап, көзүнө жаш тегерене түштү:
-Каралдым, эмне дейсиң?..
Медайымдын айтып турганына ишене албай, ордунан тура жүткүндү.
-Ата! Абайлаңыз! Жаңы эле жакшы болдуңуз го! Отура бериңизчи!
Колхозбек карыяны колтуктан ала, сүйөп керебетке оңдоп отургузду.
-Азыр киргизем... Өзүңүздү этияттаңыз!
Шыпылдай басып сыртка чыгып кетти.
“Мунун баары түшүм болбосун...” Өз оюнан өзү чоочуп кетти. “Каралдым,карааныңдан кагылайын берекем... Менин бул жерде экенимди угаар менен жөнөдүң бекен? Же... Эптеп бир учурашып коёюн деп, араң гана келдиң бекен?” Медайым чыгып кеткенден кийин убакыт токтоп калгандай...

#30 12 December 2015 - 18:11
... Небереси кирбей кетип калчудай, коркуп турду. Эшик тарапты жал-жал карап, жаш баладай мурдун “шуу” тартып, жеңинин учу менен куюлуп турган көз-жашын аарчып жатты...
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Жайдын толуп турган убагы. Колхозбек карыя жан-жагын карап коюп, бир жаккадыр шашып баратат. “Басыгым курусун... Канчалык аракет кылбайын, жаш кездегидей шайдоот боло албайт турбайсыңбы! .. Ушуга да шүгүр!” Кичине дем алып турду да, кайрадан жолун улады. “Балекетиңди алайын, каралдым, менин кетип бара жатканымды көрүп калса, дагы урушумуш этет... Курдаштар менен кичине болсо да маектешип отурсам, көңүлүм көтөрүлүп калаарын билбейт да...” Алыстан, өзүнө тааныш дөңсөөдө кобурашып отурушкан абышкаларды көрүп жылмайып койду. “Карыганда, небереңдин колунан чай ичип, анда-санда ушинтип, мал тосууга шылтоолоп,курдаштар менен жолугуп турууга эмне жетсин... Небере баладан да ысык тура...Сенин барың, мен үчүн бакыт экен го! Сен болбосоң, баягы жерде, какчыйып жатып, көзүм өтүп кетет беле, ким билет?..”

#31 12 December 2015 - 18:12
Небересине жалынып-жалбарып,
өзүнчө тагдырына ыраазы боло кубанып турду. Дөңсөөгө жакындай берип, абышкаларга кол булгалады. Колхозбек карыяны көргөндөр, күлө тосуп алышты.
-Дегеле, кол булгалап... Күндөн-күнгө жашарып баратасың го... Жигиттерден ашып кетчүдөй... Басыгың эле бир шумдук!
Арасынан бирөөсү тамашалай сүйлөп, карс-карс күлүп калды.
-Жашарбаганда. .. Неберемен өтүп, келиним, көзүмдүн агы менен айланып турса, секеттерим. .. Мен жашарбаганда, ким?.. Ушул үйүмдөн кол жууп калып, кайгынын кучагынан канткенде кутулам деп зарлап турганымда, каралдым, баарын кайрып берди го! Эми ушуларыма нысап берсин. “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерлейт” болуп, баламдын кылыгын калың журт билип калбадыбы... Уулдун үч түрү болот дечү беле? Ошо жарыбаган уулумдан неберем өтүп, адам экенин далилдеп койбодубу... Ушуга да шүгүр!
-Ооба десең!.. Дагы да болсо, үйүңдү сатып алгандардын жүрөктөрү бар экен го! Акчасын бергениңерде, макул болушуп, чыгып кетишкенине тобо дедик да!! Кара мүртөз бирөө болгондо, эки эселесеңер да көнбөй коёт беле?
-Ооба, ооба... Анын да чындыгы бар... Айланайындар, алар мага өз балам кылбаган ишти жасагандарын кантип унутайын... Кудайдан аларга өмүр сурап отурбаймынбы. ..
Колхозбек карыя курдаштары менен узак сөзгө кирип, чечиле сырдашып отурганына кубанып турду. Туулган жеринин топурагы буйруп, кайрадан айылына келгенине Кудайга миң мертебе рахматын айтып, небересине ыраазы болуп, өмүр тилеп турган убагы...
аягы. автор: Шаршенбаева Н. А. 2013-ж.

#32 12 December 2015 - 18:18
АЛТЫН КАПАС - МАХАБАТ.
Көздөгөн жерине жетпей, ушинтип орто жолдо каламбы деп, бушаймандана, анда-санда бир өткөн машиналарга кол көтөрүп,Карлыгач жол жээгинде турду. Айлана күүгүм тартып,көк тиреген тоолор айбаттуу көрүнө баштаган кез. Бул жолдон анда-санда гана машина жүрбөсө, айлана тыптынч.Жаратылыштын ажайып сулуулугуна суктана карап, жолду катар кыңылдай обон созуп келе жаткан Карлыгач, эми минтип өң-алеттен кетип, бирөө көрүнө калчудай тегерегин жалжылдай карап турду. Алыстан дагы бир машина көрүндү.Кылдырап араң келе жаткандай... Эмнеси болсо да, ичинде жардамы тийчүдөй бирөөболсо экен деп, келе жаткан машинага үмүттүү карады. Жалтыраган капкара машинанын жанындагы сулуу бийкечтин кол көтөрүп турганын көрүп, Мырзабек машинасын өтө барып токтотту. Карлыгач сүйүнүчүн жашыра албай күлмүңдөп, машинадан түшкөн жигитке:
-Саламатсызбы? -деди каш серпий.
-Салам-деди Мырза кайдыгер,-Машинаңыз бузулуп калдыбы?
-Ооба...
Карлыгач ийинин куушура, эмнеден билбейм дегенчелик кылып:
-Карап бере аласызбы?-деди.
Мырзабек унчукпай, машинанын сырт турпатын текшергендей, айлана басып, чылым күйгүздү.
-Мен мындай машинаны оңдоп көрбөгөм-деди өзүнчө.

#33 12 December 2015 - 18:21
. Көпкө дейре ойлуу, машинаны карап турду да:-Кана ачып көрөлү,-деп,
машинанын капотун ачты.Машинанын тетиктери жөнүндө эч түшүнүгү жок болсо да, Карлыгач Мырзабекке кошулуп капоттун ичин карап турду. Мырзабек бат эле капотту жапты да:
-Кана, машинаңызга отуруңуз да, от алдырып көрүңүз,-деди.
Карлыгач шашкалактай машинага отуруп ачкыч бурады.Бир аз эле мурун “дүрт,дүрт” этип кыйналып турган машина, жан киргендей, от алып кетти. Машинадан түшө калып:
-Рахмат...-деди жигитке колун сунуп.
-Эч нерсе эмес,жардам керек болсо кайрылып туруңуз,-деди Мырза кызга тамашалай жооп кылып:
-Жалгыздап,кеч курун кайда бара жаттыңыз эле?
-Аа...-Карлыгач тайсалдай түштү,-Ушул жакта, кымыз ичип даарылана турган жер бар экен го,ошол жакка бара жаттым эле.
-Кымыз ичип...
Мырза ойлонгондой токтоло калды.
-Ооба,бул жердин өзү эле көп ооруга даары... Жалгыздабай жолдошуңуз менен же курбуларыңыз менен келсеңиз жакшы болмок да. Эми жалгызсырайсыз го,-деди Карлыгачка сырдуу карап.
-Жалгызсырабайм. .. Жалгыз болгум келип..-Аа,мейли анда бийкеч,жолуңуз болсун. Сиздей сулуунун жалгыздап жүргөнү...Анан да тоо жеринде...
Мырза кыскасүйлөп, машинасына бет алды.
-Бул жакта сулуу жегичтер барбы?- Карлыгач тамашалай, жигиттин артынан кыйкыра сүйлөдү. Мырза Карлыгачтын сөзүн укпагандай, эскилиги жеттип, кылдырап араң жүргөн машинасын от алдырды да, Карлыгачка кол булгап койду.Бул жигит кетип калса эле кайрадан машинасы жүрбөй калчудай шашкалактаган Карлыгач, машинасынын ачкычын бурады...
ХХ ХХ ХХ ХХ ХХ ХХ ХХ
Чоң кыз,туруңуз, күн шашке болоюн деп калды,-деген үндөн ойгонгон Карлыгач,колункенен жая керилип алды.Кыргызча оймо түшүрүлгөн чепкен кийген,эки бети анардай жанган толмоч аял тигиле карап:
-Кандай уктадыңыз?Кечээ жол жүрүп чарчады го деп, эрте ойготконум жок.Бээнин сүтү муздап калды го...-деп,Карлыгачтын жообун күтпөй,эттектерин жерп эттире сыртка чыгып кетти.
-Рахмат эже,жакшы эс алдым,-деген Карлыгач бул аялдын акыркы сөздөрүнө түшүнө албай: “Бээ сүтүнүн муздап калганы эмнеси?”- деди ичинен ойлоно.
Канча жылдап догдурдан догдурга,табыптан табыпка барып,дартына дабаа таппай айласы кетип, ушундан бир натыйжа болоор деген үмүт менен тоого келген.Жолдошунун арты менен курорттордон да калган жок.Догдуру деле,табыбы деле ден соолугуң ордунда,төрөйсүң дешет. Канчасы, боюңда болгонго жардам берем деп акчасын алып,эч кандай жардам бере алышкан эмес. Турмушка чыккан сегиз жылдын ичинде сексен жолу көрүндү го. Бирок бир майнап чыкпай койду.Жолдошу “сен да көрүнсөңчү”- деген сөзүнө кулак салбай койгон. “Мен жакшы элемин.Балдарым жок болсо бир жөн эле. Тигине үчөө эрезеге жетип турат го,”-деп жинденип койгону да бар. Мындай жооптон соң, жолдошун балалуу болгонго кайдыгер караганына Карлыгач ызаланып кала берген. “Менин бала төрөп бербегениме, негедир капа болгонун деле байкабадым. .. Кантсе да балдары бар эмеспи... Мага үйлөнүп алганына, мүмкүн, азыр өкүнөттүр... Эки үй-бүлө күтүү деле оңой эмес чыгаар. Кээ бир эркектердей болуп, биринчи жашоосунан таптакыр кол үзүп кете алган жок. Билгизип-билгизбей балдарына күн алыс каттап, алар үчүн жанын берүүгө даяр экенин айтпаса да түшүнүп турам... Балдары эрезеге жетип, өз алдынча турмуш курууга жакындаган сайын, алардан кызганчу болдум. Ушинтип, балалуу боло албай калсам, качандыр бир кезде аларга кайтып кетишине күмөн жок... Качанкыга чейин жалгыз мени кастарлап, алаканына салып жүрө берет дейсиң?! Балалуу аял канчалык бактылуу! .! Күйөө жокто, жаныңда арка-бел болуп, кубанычың бөлүшкөн, ыйласаң жашың аарчыр, кыйналсаң жардам берээр, сүйлөсөң сөзүң угаар бала эмеспи... А менин Соорондон башка кимим бар да, эмнем бар?! Кудай бир туугандан айтпаса да, жок дегенде бала берсе кана! Бир тилегим, перзентүү болсом... Эркелетип, саамайынан жыттап, эч ким бере алгыз мээримиме бөлөсөм... Арманым жок эле!”
Карлыгачтын жан-дүйнөсүн, жалгыз гана, балалуу болсом деген тилек ээлеп, перзентүү болууга бардык күч-аракетин жумшап, кандай тоскоолдук болсо да жеңүүгө даяр кези...
Карлыгач сыртка чыгып, теребелдин сулуулугуна суктана карап, кенен дем ала, колун жая керилип алды. Нарыда карап турган аял жанына басып келди да: “ Көп эле кериле бербесеңчи, кыз кишинин эл көзүнчө керилгени жакшы эмес,”-деди. Карлыгач “кайсы кишинин”- дегенчелик, тегерегин карап койду. Бул аялдын кичине кызга айткандай кептерин жактырбагандай карады.
-Жүрү, сүттөн ичип ал.
Аял нарыда жайгашкан тапчанды көздөй басты. Артынан илең-салаң араң баскан Карлыгач негедир улуттунуп койду. Чынынын түбүнөнкуюлган сүттү колуна алды да, жактырбагандай чүрмүйө жыттады.-Тамакты жыттабайт. Жөн ич,-деди аял Карлыгачтын сүттү жыттап турганын жактырбай. Карлыгач сүттү көзүн жуумп араң ичип, чыныны аялга сунду:
-Рахмат!
Аялга, дагы эмне дейсиз дегенчелик, тигиле карады.
-Сүттү ичээрде “оорума дабаа болсун,”- деп тилек кылып, сүйүп ичсең, дабаасы көбүрөөк тийет. Ырбыйбай мына мендей болуп күчкө толосуң, - деп аял чыныны алып, чөгүндөгү суудан куюп, чайкап ордуна койду. Бул аялдын улам бир кеңешин уккусу келбеген Карлыгач боз үйдү көздөй басты.
-Ай, кыз... Атың ким эле?
Аял кыйкыра,атын сурады.Артынкылчая караган Карлыгач:
-Менинби? – деди, суроонун өзүнө каратаайтылганын билсе да.
-“Ии,”- дегендей аял баш ийкеди.
-Карлыгач...
-Аа, Карлыгач... Сонун атың бар экен. Мени Салкын эже десең болот. Ар бир эки саатта унутпай, мага келип, сүт ичип тур. Өзүм чени менен берип турам. Ашык эч нерсе жебе. Бүгүн-эртең кыйналасың, анан көнүп кетесиң. Ичиңди да алып кетиши мүмкүн, шалдырап алың да кетет... Коркпой эле кой... Макулбу?... Азыр жатып эс алсаң болот. “Жок”- десең, карачы күн сонун болуп турат, тоого чык, гүл тер... Суу жээкте... Шаардан мындай эс ала албасаң керек,- деди.

#34 12 December 2015 - 18:21
-Ии, макул эже,- деген Карлыгач ичинен “ишиңиз канча”- дегиси келип турду. Оюн билдиргиси келбегендей жылмайып койду да, боз үйгө кирип кетти.
ХХ ХХ ХХ ХХ ХХ ХХ
Чокусунан эзели ак кар,көк музу кетпеген асман тиреген тоолор, канча кылымдар канча элдин тарыхын сыр кылып ичине катып мелтирейт. Андан ылдый колот-колотко бөлүнгөн жапыз тоолор жапжашыл арча-кайың, ар түрдүү өсүмдүктөрдөн кийим кийип, табигаттын көркүн ачат. Тоо койнунан суурулуп чыгып, алда-кайда шашкандай күрпүлдөгөн чоң суу... Безелене сайраган түркүн куштун, анда-санда бытбылдык деп үн салган бөдөнөнүн үнү бир керемет.
Карлыгач шаарда кийип жүрчү, жука, этеги кыска ак көйнөгүн кийип, суу жээгинде отурду. Айланасын суктана карап, жалгыздыктын да өзүнчө бир сонун жактарын сезип турду. Шаарда,бир аз гана жалгыз калса тумчугуп, бук болуп кетээр эле. А азырчы?... Эч кимдин кереги жоктой. Ичинен кыңылдайобон сала,үнүн улам бийиктетип, өз үнүнө өзү куштар боло, тоо койнунда үндүн да өзүнчө бир ажайып сулуулугун эшиткендей болду. Аңгыча эле ачык турган күндүн көзүн булуттар тосуп, жамгыр анда-санда “тып-тып” этип тамчылагандай болду да, көз ачып- жумганча нөшөрлөп жиберди. Карлыгач төмөндөгү боз үйлөрдү көздөй жүгүрдү.

#35 12 December 2015 - 18:22
. Өзү турчу боз үйгө жетээр менен, азыр эле нөшөрлөп куюп турган жамгыр токтоп, күн жылмайып булуттардан чыга калды. Мындай аба-ырайын Карлыгач эзели көрбөптүр. Эмне деген сыйкыр!
Башынан ылдый чакалап суу куйгансып, көйнөгү сымбаттуу мүчөсүнө жармашып, чачтары ылдый суу агып, көзгө, асмандан түшкөн перидей кубулуп турду. Карлыгачтын мындай турпатына тапчанда жаандан корголоп турган Мырза: “Кандай гана сулуулук,”- деп кумардуу,көз арта тигилди. Карлыгач өзүнө тигилген көз карашты сезгендей, жоон санына жармашкан көйнөгүнүн этегин силкий, боз үйгө шып эте кирип кетти.
ХХХХ ХХХХ ХХХХ хХХХ ХХХХХ ХХХХ
-Саламатсызбы, чоң кыз?
Көздөрүн жүлжүйтө, батып бара жаткан күнгө суктанып караган Карлыгач, жанына келип калган Мырзабекти байкаган эмес.
-Ой!- деди кылыктана чоочуп:
-Саламатсызбы? Сиз каяктан?...
Ордунан тура калды.
-Отура бериңиз,- деди Мырза жылмайып:
-Катуу чочудуңуз го. Шаарда, күндүн уясына батып бара жаткан мезгилин көргөн эмессиз го?...- деп тамашалай, Карлыгачка тийише сүйлөдү.

#36 12 December 2015 - 18:24
-Шаарда... Мен эмне, өмүр бою шаарда жашаптырмынбы.
.. Айылда эле өсүп чоңойгом.
-Кайсы жерден болосуз?
-Кайсы жерден экенимдин сизге кандай кызыгы бар?
-Кыргыз сураша келсе тууган чыгат дешет го... Мүмкүн экөөбүз да тууган болуп калабызбы дейм да...
Мырзанын тамаша сөзүн кабыл алгысы келбегендей, Карлыгач ойлуу, тоону тиктеди.
-Айтпасаңыз өзүңүз билиңиз. Бирок кайсы жерлик болсоңуз да биздикиндей сулуу жерди таппайсыз го...
-Шумдук... Баарына эле өзүнүн жери сулуу да...
Мырза “таарынбачы, ”-дегендей:
-Өзүмдүн дегеним жок го. Биздин жер дебедимби... -деди жылмая карап.
Карлыгач үн-сөз жок, тээ алысты тиктеп, кыялында бала болуп, улам бир адырдан кол булгалап, жүгүрүп бара жатты. “Чын эле... Кандай гана ажайып жер... Абанын тазалыгы көңүл сергитет... Көйкөлгөн көк шиберде жылаңайлак жүгүрүп, улам бир гүлдү искеп, арча-кайыңга жашынып жашынмак ойногон бала кезим болсо эмне?!”
-Эрке окшойсуз ээ?
Тынчтыкты Мырзанын суроосу бузду.Карлыгач Мырзанын суроосун укпагандай мелтиреп күндү тиктеп отурду да:
-Чындап эле жериңер абдан кооз экен,- деп Мырзага күлө карады.
-Даарыланганыңыз кандай болуп жатат? Таасири билинчүдөйбү?
Мырза сөз уланткысы келип, Карлыгачтын ден соолугуна кызыкдар боло суроо узатты.
-Аны эми шаарга барганда билем да...
-Шаарга?... Эмне бул жерден билинбейби?
-Кантип?
Карлыгач кыткылыктай күлүп, дагы бир нерсе айтчудай болуп токтоду.
-Бул жерден болбо-о-ойт. ..-деп өзүнчө кобураган Карлыгач, узун бойлуу,кер мурут, мүчөсү келишкен алп жигитти биринчи жолу көрүп тургандай карады. Көздөр-көзгө чагылыша түштү... Бир саамга, убакыт токтоп, бул дүйнөдө жалгыз экөө калгандай, теребел тынчый түштү. Жаңы эле, кыткылыктай күлүп, эч нерседен бейкапар отурган Карлыгачтын көздөрү бир башкача жайнап, жүрөгү жарылып кетчүдөй катуулап согуп, денесин билинээр-билинбес майда калтырак басып кетти. “Бул эмнеси?! Жигит көрбөгөндөй, апкаарыйм да!” Өзүн-өзү тыйып, уйкудан ойгонгондой силкинип алды.
. “Капырай...Көздөрүндө кумарланткан сыйкыр барбы?! Тигилип караганы дене-бойду дүргүтүп... Жан-дүйнөмдү аңтарып жибергендей. .. Ойлорум бир заматта тумандап, мас кишидей дендароо боло түшкөнүмдү кара...” Бүлүнүп кеткен жан-дүйнөсүн жашыра, көздөрүн ала качкан Карлыгач сөз улагысы келген кишидей, оюна келген биринчи суроосун узатты:
-Сиз... Бул жерде жашайсызбы?
-Ооба... Тиги өйдөрөөктө, тоонун этегинде үңкүр бар. Ошол жерде...- деди Мырза суроого жооп кылып, тамашалай. Сөздөрүндө тамаша болгону менен,анын да жүрөгү туйлап, Карлыгачты көптөн бери сагынып, күтүп жүргөн периштесиндей сүйүп турду...
-Жөн сүйлөбөйт окшойсуз ээ? Өткөндө, аябай момун жигиттей көрүндүңүз эле...
-Момун элемин... Сизди көргөнгө көңүлүм алып-учуп, өзүмөн-өзүм шайырланып, сүйлөгүм эле келет.Сиздин да көңүлдү көтөрүп дегендей...Жалгыз жүрүп да тажасаңыз керек. Кошуна боз үйдөгү коноктор менен таанышып албайсызбы? Алар да сиздей даарыланганы келишкендер, -деп Мырза, Карлыгачтын жанына көк чөпкө отура кетти.
-Таанышкым келген жок. Жалгыздыктан тажай элекмин. Бул жерде жалгыз болгон жакшы экен. Эч ким оюңа тоскоол болбой...
-Мен тоскоол болгон жокмунбу?
-Сизби?...
Мырзанын суроосуна ойлоно калды. Эмнегедир, бул жигиттин жанында эле отура беришин каалап: “Сиз менен сүйлөшүп отуруу, жалгыздыкка караганда алда-канча жагымдуу”-дегиси келип турганы менен:
-Тоскоол болбосоңуз да, менин жанымда көп отура бербесеңизчи, ушак болобуз- деди кабатырланып.
-Ким көрүп, ким ушак кылмак эле...Жөн гана сүйлөшүп койгондон эле корко бермей адатыңар бар аялдардын. Же эмне туура эмес иш жасап жатабызбы?
-Ошентсе да...
Карлыгач сөзүнүн аягына жетпей ордунан туруп, боз үйдү көздөй басты.
-Жакшы калыңыз,- деди Мырзага.
-Жакшы туруңуз.
Мырза улуттуна Карлыгачтын артынан узата карап:
-Чоң кыз, бүгүн ырас жылуу кийинип алыптырсыз. Бул жер тоо...Абайлаңыз. ..Өткөндөгүдөй жука кийим менен дагы жаанда калсаңыз ооруп калышыңыз мүмкүн,- деп кыйкыра сүйлөдү.

#37 12 December 2015 - 18:26
Шөмтүрөп, үстүнөн ылдый суу болуп, боз үйгө чуркап келгенинде өзүн суктана карап турган көз караштын кимдики экенин билген Карлыгач, унчукпай жылмайып, боз үйгө кирип кетти.
ХХХ ХХ
Карлыгач түнү менен чабалактап, бирде, тээ алыста калган балалыгы эске түшсө,бирде, бул жарык дүйнө менен эртелеп кош айтышкан апасы менен тайнесинин элестери көз алдына тартылып, бирде кечээ эле болуп өткөн окуялар менен алпурушуп жатты. Тоого келгенине үч күн болду. Үч күндө денеси жай ала, кабагы көтөрүлүп, өткөн өмүрүн дегеле эстебей, бүгүнкү күндүн жыргалы менен жүргөн. Бүгүнкү күн караманча тескеринен болду. Күнү ар ойдон чыга албаганы аз келгенсип, түнү да уктай албай кыйналды. Бул жердин аалам жаңылыктарынан алыс экенине, жадагалса телефондун антенасы тартпай, кулак-мурун кескендей тынчтыгына да кайдыгер эле. Жалгыздык жанына жагып,өзүн болуп көрбөгөндөй бактылуу сезип жүргөн.
Түнкү тынчтыкты бузуп, тоо жаңырта кыйкыргысы келип чыкты. Өзүнөн өзү буулугуп, көзүнөн мончоктоп аккан жаш жаздыгына сиңип жатты.”Эмне болуп турам?! Кээде өзүмдү өзүм түшүнбөй, жан-дүйнөм эмнени каалап, эмнени эңсеп турганын биле албай кыйналсам, мени ким түшүнүп, ким жардам бере алат?! Эртелеп, ажал энеден айрып койбогондо, мүмкүн тагдырым башкача болоор беле?... Тагдырым дейм... Бардыгы суктанышат. . “Күйөөң табышкер... Экинчи аялы болсоң эмне экен. Колунда жок жаш неме менен жашаганча... Улуу болсо да, сый... Сүйүү бар ортоңордо... Кудай бала эле бербей койду. Жок дегенде бирди төрөп берсең, өмүр бою бөпөлөп алат...”-дешет. А менин ич дүйнөм менен ким эсептешет?! ” Карлыгач тагдырына таарына, кимдир бирөөдөн күнөө издеп толгонду.
“Улуу кишиге... Атам менен тең кишиге... Ага башымды байлаганга ким күнөөлүү эле?! Өзүм да... Жалаң гана жокчулуктан арылалбай жүргөнүмдө, бирөөнүн мээримине, камкордугуна муктаж болуп турганымда, белек-бечкек берип, жылуу сүйлөп, маңдайыман сылап эркелетип турганында, мен да ага ашык болдум, сүйүү деген ушул экен дебедимби... Ошол кезде аны атамдай жакшы көрүп турганымды, анын камкор мамилеси гана керек экенин билбедим го...”
Үстүнө жылуу халатын желбегей жамынып, сыртка чыкты. Бул жер чындап эле бейиштин төрүндөй экен... Асманда ай толуп, жылдыздар жымыңдаша, өздөрүнө чакырышат. “Сыйкырдуу дүйнө бизде гана”- дегендей, азгырышат. Тоонун сыдырым жели ичиркентип, азыр эле чабыттап турган ойлору баш ийгендей, эс ала түштү. Көкүрөк кере кенен дем алып, бээлер байланып турчу желени көздөй басты. Арсылдап үргөн иттин үнүнөн селт эте, кайрадан боз үйдү көздөй кайрылды да, дөңгөчтөн жасап койгон отургучтарга көчүк басты.
Көз алдына Мырзанын элеси тартыла түштү.

#38 12 December 2015 - 18:27
. “Татынакай,
келбеттүү экен,”- деди ичинен: “Жакшы жигит көрүнөт.” Негедир өз оюнан өзү чоочуп кетти. “Аны неге ойлоп турам... Тоо койнунда өсүп-чоңойгон бир жигиттир...Өзү тамашалагандай,
тоо этегиндеги үңкүрдө таттуу уйкуда жатса керек.” Күндүзгү аны менен сүйлөшүп отурган кезди элестетип, жылмайып койду.
“Кой, Карлыгач,кой. .. Эсиңди жый, аны ойлоого эч акың жок”-деди ичинен өзүн өзү тыя. Бир саамга, тоо тарапты теше тиктеп отурду да: “Ө-өх!”-деп кемпирчесинен үшкүрүп, боз үйгө кирип кетти.
ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
Карлыгач апасын сүрөттөрдөн эле көргөн. Кичинесинде тайнесине таарынганда, апасынын сүрөттөрүн алып, төркү бөлмөгө жашынчу да, далайга чейин сүрөттөр менен сүйлөшүп отура бере турган. Кээде апасынын жапжаш, татынакай сүрөттөрүнө суктанып, кимгедир мактана, сыймыктанса, кээде эки көзү кыпкызыл болгончо жаш төгүп алчу. Тайнесинин айтымында төрөттөн каза болгон имиш. Ымыркайынан тайнесинин колунда калыптыр. Чаң жугузбай бөпөлөп, кызымдан калган белек деп, эркелетип өстүрдү. Кээ күндөрү тайнесинин ыйлап отурганын көрчү.

#39 12 December 2015 - 18:30
“Тайне, эмнеге ыйлап жатасыз? Ыйлабаңызчы,
”- деп, жанына отура калып , бытыйган колдору менен тайнесинин көз жашын аарчып, беттеринен алмак-салмак өөп коё турган. “Жөн эле...”-дечү анда тайнеси чачынан сылап. “Секет кетейин, каралдым, кызымдан калган белегим,”-деп эркелетип, саамайынан “шуу”эттире жыттап коёр эле.Кээде өзүнөн өзу жинденип, албууттанып,
идиш-аяктарды калдырата, сыртка бир чыгып, үйгө бир кирип, бирөөлөр менен уруша берчү. Андай күндөрү Карлыгач тайнесин таң калычтуу карап, бурчта бүрүшүп отура берээр эле. Бир жолу: “Тайне, кимди урушуп жатасыз?”- деп сураса: “Ишиң канча?!Баладай эмессиң ээ! Энеңди сен эле жуттуң...”- деген эле. Анда бул сөздүн төркүнүнө түшүнө албаптыр. Бирок,кийин эс тартканда түшүнгөн... Тайнесинин кабагы бүркөлүп турган мезгилдерде,
суроо бербей, жалдырап, тайнесинин албууттанган түрү оңолмоюнча отура берчү болгон. Бир маалда эч нерсе болбогондой,
күлүп-жайнаган тайнеси: “Келе гой, ананайын, курсагың ачтыбы?”- деп, тамагын бапестеп берээр эле...
Апа мээриминен ажал ажыратса, атасынан тирүүлөй ажыраган. . Атасы анда-санда гана учурашып кеткени болбосо, атадай камкордукка бөлөй алган эмес. Кийинчерээк таптакыр каттабай да кеткен. Тайнеси каза болуп калгандан кийин, атасынын дареги менен издеп барып, алардын да жашоосу жарытылуу эмес экенин көрүп, өгөй энесинин: “Баары бүтүп, ушул кызың калды эле! Бизди жыргатып жаткансып... Эми мунуңду да бак... Бир каргага да бок керек,”-деген сөздөрүн угуп, кайрадан тайларынын колунуна кете берген.Орто мектепти бүтөөр менен, борборго келип, тай жагынын алысыраак туугандарынын биринин үйүнө баш калкалады.Үйдүн кожейкеси жакшы киши экен. Бат эле Карлыгач экөө тил табышып, бир тууган эже-сиңдидей ынак болуп кетишти. Карлыгачка бир кафеден иш таап берди. Кафенинин полун жууйт, терезе-эшиктерин тазалап, гүлдөрүнө суу куюп, бапестеп карайт. Кандай жумуш болбосун, шыпылдап таза, өз убагында бүтүрөт. Бир күнү кафенини кожоюну Карлыгачтын кыңылдап ырдап, гүлдөргө суу куюп жүргөнүн көрүп, өзүнө чакырып: “Сен официант болуп иштеп көрдүң беле?” - деп сурады. “Жок,”- деди Карлыгач уялыңкы. “Анда,эртеңден баштап официант болуп иштөөгө үйрөтүшөт. Мен администраторго айтып коём,”- деди да, аягында : “Ушундай татынакай өң, сымбаттуу мүчөң менен... У-ух! Кийимиң гана жупуну болуп турат да,”- деп, карсылдап күлүп, басып кетти. Баардыгы ошондо башталды...
Кафеге кандай гана адамдар келбейт. Жөнөкөй, карапайым адамдардан баштап, бир креслону ээлеп отургандар да... Той-топур дегендин баары кафеде өтөт турбайбы, шаарда... Келген адамдардын арасында соосу да, масы да, жакшысы да, жаманы да... Карлыгач башында, тийишкендерге көнө албай, канча жолу стол тейлебей, качкан күндөрү болду. Бара-бара ага да көнгөн.Жолдошун биринчи жолу ошол кафеден көргөн. Көп келет экен. Кээде жоро-жолдоштору менен, кээде жалгыз... Тамактанат да, акысын столго таштап, унчукпай чыгып кетет. Бакылдап көп сүйлөгөнүн, ичкенин, шапар тээп бийлеп-ырдаганын да көргөн жок Карлыгач.“Абдан жакшы киши болсо керек,”-деп суктанып койчу. “Бир калыбынан жазбайт... Кийими да дайыма тыкан...”
Ошондой күндөрдүн биринде таанышышкан экөө. Анан баары бат эле болуп кетти... Ошентип Соорондун экинчи аялы болду да калды. Кээде Сооронго жолуктурган тагдырына ыраазы болуп кетет да, кээде бардыгына кайыл болуп басып кеткиси келет. Соорондун сүйүүсүнө катуу ишенет. Сүйбөсө, ага башка кыз жок беле? Өзүнүн даражасы бул болсо, Соорон ал үчүн кол жеткистей сезилчү... Бирок, жетпедиби... Сулуулугу менен, кол менен жасап койгондой сымбаттуу мүчөсү менен... Анан да уялыңкы мүнөзү, ичинде арамдыгы жок бала кыялы... Бардыгы Сооронго жаккан. Эч нерсеси, эч кимиси жогуна кайыл болуп, жоро-жолдошторунун, ага-туугандарынын, дегеле эч кимдин сөздөрүнө караган эмес.
. Бирок... Жыл өткөн сайын сонундары тарап, ортодо перзенттин жоктугунанбы, айтор, бири-бирине суук тартып калышкандай. ..Балдарына шылтоолоп, биринчи үй-бүлөөсүнө көп каттоочу болду. Улам бирин чогуу ала келип, алардын оюндагыларын аткарууга жан-дили менен макул болот. Балдары жанында болгон күндөрү көңүлү көтөрүлүп, тамаша аралаштыра сүйлөп, Карлыгачтын бар-жогун элес албагандай мамиле кылганында, Карлыгач өзүн артык баш адамдай сезип кетет.
Карлыгачта баары бар азыр... Кааласа үйү, кааласа машина... Акчаны каалаганындай колдонот. Бирок... Булардын баардыгы ал үчүн эч нерсеге татыбай кетчү болду... Соорону жанында болсо да, жүрөгү жалгыздыктан эзилип, жанын коёрго жер таппай, кайсалап калган күндөрү канча.Жүрөгү капаска түшкөн чымчыктай туйлап,кайдадыр көкөлөп учуп кеткиси келет. Энесиз калган чаарчыктай жол таппай кайсалап, эртеңки күндөн үмүт кыла үшкүрүп алат. Өзүнө тааныш эмес бир сезим көкүрөгүн өйүтүп келет.Жайдарыланып жүргөнү менен, жүрөгү ыйлай берчү болду... Эмнени эңсеп, эмнени каалап ыйлайт?... Өзүнө да табышмак...

#40 12 December 2015 - 18:34
Карлыгач эртең менен илең-салаң араң турду. Денеси талыкшып, түнү менен уйку бетин көрбөгөнүн айгинелеп,көздөрү шишиген. Сергийин деп, муздак сууга бетин чайыды да, көнгөн адатындай бээ сүтүнөн ичти. Алда кимди издегендей тегерегин карап көпкө турду. Адатынча жылуулап сүт берген Салкын эже, шыпылдай басып кулундар байланып турчу желени көздөй жөнөдү.
-Эже, -деди Карлыгач,- Мен бир нерсе сурайын дедим эле.
Эки-үч күндөн бери дегеле сүйлөгүсү келбеген эжеге, өзү суроо менен кайрылды.
-Ии, сурай кой...
Салкын Карлыгачка суроолуу карады. Карлыгач буйдала түштү. Сөздү эмнеден баштаарын билбей, үн-сөзсүз Салкынды тигиле карап турду да: “Кечирип коюңуз, жөн эле...”- деп, суроосун жашыра, шашып кетти. Салкын Карлыгачка таң калычтуу карап:
-Сен бүгүн шишип калыптырсың. Эмне, бир жериң ооруп турабы? Сүт жакпай калган жокпу? – деди.
-Жок, оорубай эле...
-Сенден сурабапмын. .. Жашыруун болбосо... Эмне дарт менен келдиң эле? Бизге эмне, баары бир да, догдур болбогондон кийин...
-Эч жерим деле оорубайт...
-Оорубасаң.. .
Салкын суроосун толук бербей, Карлыгачка тигиле карады. Карлыгач келген себебин айтсамбы, айтпасамбы дегендей ойлонуп турду да:
-Эже, бээнин сүтү боюмда болгонго жардам береби? – деди уялыңкы.
-Бойдо болгонгобу? ..
Салкын ойлоно түштү.Чынында мындайды дегеле угуп көрбөптүр. Бирок,Карлыгачтын көңүлүн көтөрө:
-Жардам берет... Сен жөн ичпей, ниеттиңди коюп ич... Кудайдан сура... Жашсың да, бала да болот,- деди да, Карлыгачтын татынакай, мөлтүрөгөн көздөрүнө суктана карап:
-Жапжаш эле экенсиң го...Бала эле бойдон... Канча жыл болду турмушка чыкканыңа?- деп сурады.
-Беш...
Карлыгач чындыгын жашыра, дагы суроо берсе, көп сырын билип койчудай оңтойсузданып:
-Мейли эже, рахмат. Сизге тоскоол болдум окшойт, - деп, боз үйгө кирип кетти. Артынан ойлуу тиктеген, Салкын: “Беш жыл дейби... Бала эле бойдон го... Бала туруп, бала дейт да...” – деп, ишенбегендей кейиптенди. “Шаарда жашаса... Кылаарга иши жок, кылактап, жалгыз өзүн карап жасанып жүрсө... Ыйлаган баласы жок... Жолдошу да жакшы киши окшойт, муну сереңдетип жалгыз тоого жиберип койгон. Анан, бул мөлтүрөп жапжаш болбогондо, тоодо таңдан-кечке тыным албай жүгүргөн, шамалга бетибиз туурулуп капкара болгон биз жаш көрүнмөк белек...” Өзүнөн алда-канча жаш, кызындай болгон келиндин сулуулугуна, аялдык ичи тарлыгы ойгонуп кетти.

Супер-Инфо
super.kg
видео