Карлыгач суу жээгинде отурду. Анда-санда таш алып, агын сууга ыргытып коёт. Бала кези эсине түштү. Кээде ушинтип, айыл четиндеги арыктын жээгинде, суу шилеп койгон кум менен үй жасап, өзүнчө кыялданып, кеч киргенин сезбей ойноп отура берээр эле. Тайнеси артынан издеп келип: “Карлыгач!
Кайда жүрөсүң? Бас, кеч кирип кетти. Дэ-эги ушул жерге келгениңди токтотпой койдуң го?!”- деген үнүн укканда гана, шаша үйгө чуркачу. Тайнесинин белинен кучактап, кечирим сурагандай,
жалооруган көздөрү менен карап, күлүп коёр эле.
Суу жээктеп өйдө көздөй басты. Негедир тоо этегинен Мырза айткан үңкүрдү издеди. Ал жигиттин үңкүрдө жашаарына ишенбесе да, “А мүмкүн, чын эле үйү ушул тараптадыр”-
деген үмүткө алданып, тоо этектеринен көзүн албай турду. “Аны неге издедим?” Жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан кыйкырык: “Ал сага керек. Аны сен сүйүп калдың,”- дегендей... “Жок, жок... Мага баладан башка эч кимдин кереги жок. Кудай! Чын эле бар болгон болсоң, мага бир эле перзент берчи. Калган жашоомо ыраазымын...
” Чын эле тилегин Кудай угуп тургандай, өзоюнан өзү чоочуй: “Бир эле деп коём. Бирөө болбойт... Мага окшоп жалгыз калуусун каалабайм...
Мага көп бала бер. Бешти... Жок... Онду...” Кудай менен соодалашып жаткандай кобурап койду.
Мырзабек тууралуу ойду көңүлүнөн алып салууга канчалык аракет кылбасын, көкүрөгүн башкача бир сезим кытыгылап, жүрөгүндө ага болгон арзуу тынчтык бербей, кыялы чабыттап алып-учуп, жалындап бара жатты... “Ушундай белең, махабат?! Күтүүсүздөн,
чакыртпастан жүрөгүмдү ээлеп, туткунуңдан чыгарбай эсимди эки кылып эзесиңби?!
Мага сенин керегиң бар беле? Сенсиз, күнүм күндөй, түнүм түндөй, жашоом майрам болуп турбады беле?Күлсөм күлүп, ыйласам сооротуп, канча жылдан бери маңдайымдан сылап, эркелетип турган жолдошума неге арналган жоксуң? Аны да бир кезде сүйгөм деп ойлоп, жаңылыштымбы?
Же... Мүмкүн, азыр да жөн гана азгырып турган жоксуңбу?!
Ушунун баары, бекер жүрөк оорутуу... Ал ким мага?! А менчи?”
-Жамийла!!
!
Алыстан үн угулду. Ойдун кучагынан чыга албай, бир жерди теше тиктеп, нес болгон немедей катып турган Карлыгач селт эте түштү. Тегерегине көз жүгүртүп, алыстан атчанды көрдү.
-Жамийла!!
!
Атчан кайра кыйкырды. “Бул жакта менден башка да бирөө барбы?” Карлыгач тегерегин карады. Тиги атчандан, анан өзүнөн башка эч ким көрүнбөйт.
Нурайым Шаршенбаева эженин калемине таандык чыгармалар. ырлар жана чыгармалар.топтому.
#42 12 December 2015 - 18:37
“Мени Жамийла дегенге окшоштуруп жатса керек,”- деп, атчанды көздөй утурлай басты. “Баягы жигит окшойт...” Жүрөгү алып учуп,жүзү тамылжый түштү. Айткандай, атчан жигит, Мырзабек эле. Көңүлүн тымызын ээлеп, жан-дүйнөсүн кытыгылаган жигиттин карааны жакындаган сайын, Карлыгач өзүн коёрго жер таппай кайсалап, денеси бир башкача дирилдеп, беттери албырып, өзүн бир саамга унута түштү...
Мырзабек Карлыгачка жакындай келип:
-Жамийла... Асел... Толганай... Ой, Толганай эмес... Ким элеңиз?!- деди күлүп.
-Саламатсызбы? Сиз эмне, мени чакырып жаттыңыз беле?! – деди Карлыгач Мырзабекке суроолуу.
-Ооба, анан кимди?! Бул жакта сизден башка ким бар дейсиз?
-Мен Жамийла бекенмин?
Карлыгач наздана күлүп, жанатан ойлоп турган адамдын,маңдайына издетпей келгенине кубанып турду.
-Атыңызды билбесем... Жактырган ысымдарды айтам да...
Мырзабек аттан секире түшүп, Карлыгачка кол сунду:

#43 12 December 2015 - 18:39
-Менин атым Мырзабек. Сиздики ким болду экен? Канча күндөн бери тааныштай болуп калганыбыз менен, атыбызды сурашбаптырбыз го - деди жылмайып.
-Атымды сурап эмне кыласыз? Сиз менен таанышкым келип туратдейсизби? - деди Карлыгач кылыктана.
-Мейли анда, айтпасаңыз айтпаңыз. Мен сизге Жамийла деген жаңы ысым берейин. Же, Асел болгуңуз келеби?- деди, Мырза да тийише.
-Сизге Айтматовдун каармандары абдан жагат окшойт?
-Ооба... Аларды жактырбагандар жок болсо керек деп ойлойм. Же, сизге жакпайбы?
-Жагат...
Карлыгач ойлуу жылмайды. Мектепте окуп жүргөн кезинде анча-мынча гана чыгармалары менен таанышканы болбосо, дегеле китеп сүйүп окубаптыр.
-Чыңгыздын чыгармалары сонун да... Окуган сайын, улам бир окуяга кызыгып, каармандары менен чогуу жашап калам. Баарынан да “Жамийланы” жазданып жатып окугам. Андагы окуяларды сиз кандай деп ойлойсуз? Жамийланын образы сизге жагабы?- деди Мырзабек Карлыгачка суроолуу.
-Билбейм... Бала кезде, согушта жүргөн күйөөсүн неге таштап кетти деп, көп жактырган эмесмин. Азыр ойлонбопмун деле...
-Мен да бир кезде ошентип ойлогом... Бирок, сүйгөн адамың үчүн эмнеге гана барбайсың?! -деди Мырза күлүп:
-Кел, мен Данияр болоюн, сиз Жамийла болуңуз. Экөөбүз тоо аралап качып кетебиз...
-Кимден? Эмнеге?
Карлыгач чоочуй, суроо артынан суроо бере, Мырзаны таң калычтуу карады. Экөө бири-бирине түшүнбөгөндөй, бир саамга тиктеше түшүштү да,негедир каткыра күлүп жиберишти.
-Сиз менен кол кармаша, эл көзүнөн алысыраак качып кетким келип жүрөт.
-Мени мененби?.. Экөөбүз сүйүшүп жүргөндөй сүйлөйсүз да.
Карлыгач бул жигитти тымызын жактырып, караанын көрүүгө куштарланып, жанында тура беришин каалап турганын билип койгондой, уяла түштү.
-Сизди билбейм, атын айтпаган сулуу... Менин ойлосом оюман, уктасам түшүмөн кетпей калдыңыз. Арсыз жүрөгүм сиз деп согуп, акылыма баш бербей, кыйнап жибергенинен аны аяп, сиздин жаныңызда турам. Жүрөгүмдүн жалгыз сиз деп согуп калганына түшүнүп, мени менен тоо аралап качып кетүүгө көнөт бекен деп, алдыңызга тизе бүгүп келип калдым...
Карлыгачбетин басып, каткырып күлүп жиберди:
-Сиз театрда оюн коюп жаткандай эле, сүйлөдүңүз го... Артист эмес белеңиз?!
Мырзабектин айткандарын тамаша катары кабыл алганы менен жүзү тамылжып, кыялы көкөлөп учуп турду. Мырзабек Карлыгачтын күлгөнүнө көңүл бурбай,суроосун жоопсуз калтырып, жаттап алгандай сөздөрүн уланта берди:
-Баардыгына кайыл болуп мени менен кол кармашып, дүйнө кезип кетүүгө макулдугуңузду берсеңиз, бүгүн эле жолго чыгууга даярмын. Ааламды айлантып чыгууга чамам жетпесе да, кыялым менен, сизге болгон арзуум, акактай тунук махабатым менен, эч кимдин буту баса элек, буту эле эмес акылы жете элек, өзүмө гана тааныш сезимдердин туу чокусуна чыгарууга кудуретим жетет. Өмү бою алаканыма салып алпештеп өтөм...
Карлыгач күлкүсүн токтотуп, Мырзабектин сахнада ойноп жаткан артисттердей берилип сүйлөгөн сөздөрүнө муюп, кумарлуу көздөрүнөн көздөрүн алалбай азгырылып баратты. “Үнүнүн жагымдуулугу. .. Бул тоого эс алганы келген артисттерден го... Анда... Кылдырап араң жүргөн машинаны кайдан таап алды экен?”

#44 12 December 2015 - 18:40
?” Күлүк ойлор чабыттап, бир заматта Карлыгачтын мээсине айланып, суроолоруна жооп издеп, ошол эле мезгилде Мырзабектин айткандарын талдап жатты...
-Менин сунушумду кабыл албай койсоңуз, бир жигиттин убалына калдым деп эсептей берсеңиз болот... Анда эле... Жапжалгыз, көзүм көргөн жакка тентип кете берем...
Мырзабек Карлыгачтан жообун күткөндөй, “кандай дейсиз?”-дегендей кадала карады.
-Кайдагы кепти айтпаңыз, чоң жигит... Атыңызды ким дедиңиз?.. Мырзабек беле?.. Менин жолдошум бар... Анан да, сизге жаксам эле, мен да сизди жактырып турат дейсизби?
-Жактырмак түгүл, сүйүп калдым деп көздөрүңүз айтып турат го.
-Көздөрүм?... .
Карлыгач көздөрүн жашыра, кыткылыктап күлүп жиберди:
-Жооштон жоон чыгат... Сизди момун экен десем, абдан эле ачык көрүнөсүз. Же артисттик өнөрүңүздү көрсөтүп турасызбы?
-Кайдагы артисттик өнөр?.. Сезимди ачык айтыш керек. Жашырып коюп, арманда калайынбы?
-Өткөндө, күндүн батканын көрө элек белеңиз деп, мени шылдыңдап турдуңуз эле... А сиз тоодо жүрүп, мендей сулуууну көрө элек окшойсуз?- деди Карлыгач Мырзабекке тийише.
-Көргөм... Далайын көргөм. Бирок,сизди жактыргандай жактырган эмесмин.
Азыр эле, жайдары турган Мырзабектин өңү өзгөрүп, кабагы бүркөлө түштү.
-Мейли, чоң кыз... Сиздей шаардык сулууларга мендей тоолук бирөө жакмак беле... Жакшы эс алыңыз...- деди да, атына секире минип, Карлыгачка карап:
-Сурабай, жалгыз таштаганамын туура эмес болот го, ылдый түшөсүзбү, учкаштыра кетейин,- деди.
-Рахмат... Азыр кетпейм. Өзүңүз бара бериңиз.
Карлыгач Мырзанын артынан көпкө карап турду. Жүгүрө жетип: “Кетпеңизчи, сиз да мага жагып калдыңыз,”- деп айткысы, “Мен сүйүүмдү таптым!”- деп, ааламга жар салып... Тоо жаңырта кыйкыргысы келип турду...
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Бүгүн кечке майда жаан себелеп, күндүн көзү ачылбай койду. “Тайнем айтчу ак жаан окшойт.” Карлыгач боз үйдө отура берип , тажап чыкты. Бала кезиндегидей, чачтарын жая салып: “Жаан, жаан дагы жаа, чачтарымды өстүрүүгө жардам бер,”- деп, колдорун көкөлөтө, көкүрөгүн жаанга тоскусу келип турду. Жамгыр майдалап себелеп турганы менен, шамал удургуп, боз үйдүн эшигин улам черткилеп, сыртта бир укмуш бороон болуп жаткандай таасир берет. Карлыгач калчылдап, үшүп чыкты. Оронгон жуурканынын жылуулугу жоктой... Мындайда убакыт да бир ордунан жылбагандай...

#45 12 December 2015 - 18:42
... “Карачы, мага өчөшкөндөй жамгырдын токтобой куюп турганын... Күн ачык болсо... Сыртка чыксам... Ага жолугат белем?” Негедир Мырзабекти сагынып чыкты. “Эми жолуксам, башкача сүйлөшөм... Ал да мага жагып калганын айтам,”- деп, бир ою турса: “Жок... Таптакыр сүйлөшпөй эле коюш керек. Жөн гана жүрөк оорутуунун кандай кажети бар,”- деп, экинчи ою каршы турду.
Жамгырдын дыбырт үнүнө аралаш, ырдын обондуу кайрыгы угулду. Көпкө тыңшады да, жакын эле жерде жагымдуу коңур үндүү эркектин ырдап жатканын туйду. “Мырзабек окшойт!” Карлыгач сүйүнүп, ордунан тура калды. Өз оюнан негедир уялып кетти. “Ал эмне, жаанда, ушул жерде турат дейсиңби, мага серенада ырдап... Кошуна үйдө ырдап жатышса керек да,”- деп, кайра ордуна отура кетти. “Жок... Жакын эле жерде ырдап жатат...” Бирөө укчудай, бутунун учу менен басып, боз үйдүн эшигин акырын ачты да, сыртты шыкаалады. Боз үйгө жанаша салынган тапчанда Мырзабектин ырдап отурганын көрүп, жүрөгү бир башкача дүкүлдөп чыкты. Мырзабек Карлыгачтын аңдып турганын көрмөксөнгө салып, уккулуктуу коңур үнүн созуп, Карлыгачка тааныш эмес, сүйүү ырын созолонтуп жатты. Кандайдыр бир күч Карлыгачты Мырзабекти көздөй жетелеп бара жатты..
... Мырза да көздөрүн Карлыгачтан албай, обон менен кошо термелип, сыйкырдуу дүйнөдө жүргөндөй сезим бийлеп,акырын гана Карлыгачтын жанына басып келди да, колдорунан кармады. Карлыгач Мырзабектин көздөрүнө тигилип, сүйүү обонуна азгырылып бара жатты....
-Ай, Карлыгач! Үйдөсүңбү?- деп, боз үйгө кирип келген Салкынды экөө жалжылдай карап, чоң ууруларын карматкандай калдастап, орундарынан тура калышты. Кечтин кандай киргенин, сүт ичээр маалдын өтүп бара жатканын да капарларына албай, сүйлөшүп сөзгө тойбой отура беришкен тура.
-Апээй! Сен да бул жерде белең?! Бул кыздын, эмне эле дымы чыкпай калды десе... Демейде сыртта эле жүрчү эле, дейм да...
Мырзабектин бул жерде отурганын жактырбай, Салкын кабагын чытый сүйлөндү.
-Сыртта жаан да...- деди Мырзабек ыңгайсыздана.
-Кайдагы жаан?.. Жаан небак эле токтогон...
Салкын эттектерин желп эттире сыртка чыгып кетти. Экөө бири-бирин үн-сөзсүз тиктеп турушту да, каткыра күлүп жиберишти. Жаан эчак эле токтоп, күн уясына кыпкызыл болуп батып бара жаткан.

#46 12 December 2015 - 18:44
Түн... Асманда жылдыздар табигаттын сулуулугун арттырып жымыңдашат.
Түнкү жымжырттыкты бузуп, анда-санда иттин үргөнү менен, жылкылардын кишенегени угулат. Тээ ылдыйта бирөөлөр алоолонто от жагып, тегерене ырдап-бийлеп жатышкандай.
Үндөрү бирде угула калып, кайра тоо койнуна сиңип кеткендей тынчый түшөт.
Карлыгач эс алып жаткан боз үйгө жакын машина келип токтоду да, бир караан түшүп:
-Ким бар?!- деп кыйкырды. Карлыгач уйкудан чоочуй ойгонуп: “Түн катып жүргөн кандай жүргүнчү... Эс алууга келгендерден го...”- деп ойлоно, башка капталына оодарылып, көзүн жумду. Сыртта кобур-собур үн чыгып, Салкындын: “Бул жакка келгиле,”- деген тааныш үнү угулду. Боз үйдүн уугуна акырын урулган дабыш чыкты да: “Карлыгач! Уктай элексиңби? Сага келишиптир. ..”-деген Салкындын үнүнөн Карлыгачтын уйкусу умачтай ачылып, ордунан ыргып турду: “Азыр, эже, азыр чыгам,”- деп жооп бере, халатын кийе калып, сыртка чыкты.
-Карлыгач! Кандайсың, жаным?!
Сагынычтан көздөрү жайнап, кучак жая жолдошу турган. Карлыгач көздөрүн ушалай:
-Сооронсуңбу? .. Сен кайдан түн катып?- деди жолдошун карап.
-Ооба, мен... Эң алды учурашсаң боло?! Анан сурайсың да, неге түн катып жүргөнүмдү. ..
Соорон Карлыгачты имере тартып, бетинен өөп койду.
-Үйүңө кирсек болобу?
Соорон тамашалай, Карлыгачка тийише сүйлөдү.
-Кир... Кир... Мен уктап кеттиптирмин. ..
Соорон машинасынан базарлыктарын алып, боз үйгө кирди.
-Эже!-деди Карлыгач, нарыда баарына көз салып карап турган Салкынга: -Мүмкүн болсо, чай алып келип бериңизчи.
Күйөөсүнүн алып келген базарлыгын жайната салып, Карлыгач Сооронду жылмая карады. Жүзү жылмайып турганы менен көздөрүнүн тереңинде: “Сени күткөн жок элем... Ушул мезгилде сенин келишиң мага кубаныч эмес, кабатырланууну жаратып турганын сездиң бекен?.. Менин жан-дүйнөм жараланып, сага болгон сезимдерим сенек болуп, жүрөгүм башка адам деп согуп калганын кечирээр бекенсиң?.. Келечек мен үчүн туңгуюк тартып, эми кандай болоор экен деп кыйналып турганымды түшүнө аласыңбы?..

#47 12 December 2015 - 18:45
?.. “Караңгыда” жол таппай кайсалап турганымда,
келечектин жарык шооласын көрсөтүп, жолума бөгөт болбой,ачык жол каалап, мени капастан учурган булбулдай эркиндикке коё берүүгө кудуретиң жетээр бекен?.. Мындайды атайын, каалап жүрүп, издеп жүрүп таппаганымды,
тагдырыма ушундай махабатты жазып койгонуна менин да, сенин да, күтүүсүз жолуктурган Мырзабектин да күнөөсү жогуна ишене алаар бекенсиң?...”-
деген, дагы далай-далай өзү да жооп бере албаган суроолор жазылып турду...
-Сагындыңбы? -деди Соорон Карлыгачтын мөлтүрөгөн көздөрүнө тигилип. Карлыгач эмне деп жооп беришти билбей тайсалдай түштү. “Сагындым,”- деп калп да болсо Соорондун көңүлүн көтөрүүгө даабай турду. Сооронду сагынмак түгүл, унутуп баратпайбы. ..
-Кандай келдиң?- деди Соорондун суроосун жоопсуз калтырып.
-Жакшы... Эртең дем алыш эмеспи... Бир күн болсо да, жаныңда болоюн деп чечтим. Бүгүн да жумуштар кеч бүтүп, кармалып калдым. Эртерээк эле келейин дедим эле...
-Аа... –деди Карлыгач суз гана Соорондун айткандарына макул боло. Мурункудай жайнабай, негедир көздөрүн ала качкан Карлыгачты Соорон сынай карады.
-Карлыгач... Чайыңды коё турчу... Ток элемин... Кучагыма келчи, сагындым... Моокум кана өөп-жыттап алайын.
Карлыгачтын белинен тарта кучагына алып, өпкүлөй баштады.
-Койчу, Соорон! Азыр эже келип калса, уят эмеспи.
Соорондун кучагынан суурула чыккан Карлыгач, жолдошунун каалоосуна каршы боло, кабак бүркөдү.
-Келе берсин! Өз аялыма тийишсем болбойт бекен?
-Өз аялың экенимди билип коюптурбу?!
-Билбесе койсун! Ал бизге ким болуп кетиптир?
-Койчу эми, Соорон! Жаш баладай боло бербечи! Менин азыр эч нерсеге көңүлүм чаппай турат!
Жубайынан мындай мамилени күтпөгөн Соорон, өңү бузула Карлыгачты сынай карады. Өзүнө кадалган мылтыктын сүрүнөн корккон кийиктей,Соорондун сынай караган көздөрүнөн жүзүн ала качкан Карлыгач жер тиктеди. Денесин майда калтырак басып, чыйрыккан адамдай эриндери титиреп чыкты.
-Карлыгач! Бери карачы! Сага эмне болгон?! Мени, таптакыр чоочун адамдай кабыл алып турганыңды кандай түшүнсө болот?
-Соорон... Түшүнсөң... Менин азыр эч нерсеге көңүлүм жок...
Карлыгач мукактанып араң гана оозун кыбыратты.

#48 12 December 2015 - 18:47
-Көңүлүң?... Маанайың бир башкача болуп турат сенин... Өзүң жашырып айтпасаң да, көздөрүңдө жазылып турат... Жүрөгүм түпөйүл тартып турганы бекеринен эмес экен да!
Соорон Карлыгачтын мамилесине таарына, кол шилтеди.
-Соорон түшүнсөң... Мен.. Мен...
Карлыгач титирген эриндерин кымтып, сөз таба албай, көздөрүн ала кача, жер тиктеди.
-И-и... Эмне дегиң келип турат? Тайсалдабай айтчу сөзүң болсо, айта бер, түшүнгөнгө аракет кылып көрөйүн!
Карлыгач Соорондун өңүнүн өзгөрүп, какшыктай сүйлөгөнүнөн апкаарый түштү. Ушунча жыл жашап, жолдошун мындай абалда көргөн эмес. Карлыгачтын ар бир суроосуна макул болуп, таарынса эркелетип, ыйласа жан дили менен сооротууга даяр эле. Көптү көрүп, башынан далай сыноо өткөн Соорон, Карлыгачтын бүгүнкү мамилесинин төркүнүн ич туюму менен сезип турду бейм... Карлыгач өң-алеттен кетип, сөз айтууга дарманы жетпей, шалдырап, отура берди.
-И-и! Анчалык эмне болду? Сүйлөй албай калганыңды көргөн жок элем! Бул жердин абасы менен “даарысы” абдан жаккан го! Шаарга баргычакты менин ким экенимди деле унутуп калат окшойсуң?!
Карлыгачтын сүйлөбөй жер караганы Сооронго жага бербей, какшыктаганы күчөп бара жатты.
-Соорон... Болдучу эми... Көңүлүмдүн жогуна эле...
-Көңүлүмдүн жогуна эле...
Карлыгачтын сөзүн кайталай, кабагын чытыды:
-Шаардан бери,түн катып, сенин көңүлүңдүн жогун көрөйүн деп келди дейсиңби? Өзүңдүн эмес, менин деле көңүлүмө карап койсоң эмне болот? Качаңкыга чейин сенин гана көзүңдү карап, эмне десең аткарып жүрө берем? Сен көптөн бери башкачасың! Айтпасаң, дебесең эле, мени эч нерсени байкабаган, эч нерсе менен иши жок түркөй ойлоп жүрөсүңбү?!
Карлыгачка Соорондун ар бир сөзү канжардай тийип жатты. Анын сөзүнө жооп айтпастан, күчүн жаштан чыгарып ыйлай баштады. Ичиндеги көптөн бери чогулган арманын, кайгысын, ошол эле мезгилде Мырзабекке болгон махабатын айтып алгысы келди... Бирок... Тили күрмөлбөй, жер караган боюнча, бугун чыгара өксүп-өксүп ыйлай берди.
Карлыгачтын сөз кайрыбай, ыйлап отурганына Соорондун жүрөгү ооруп кетти бейм:
-Жаным, болду эми... Мени кечирип койчу... Катуу кеттим көрүнөт...-деп Карлыгачты соорото, жүзүнөн, мөлтүрөп жаш куюлган көздөрүнөн өпкүлөй баштады.
-Соорон... Болдучу! Кечирим сурагыдай, сен бирдеме кылдың беле?! Мен...

#49 12 December 2015 - 18:50
Карлыгач Сооронду алыстата түртүп, чоочун адамдай денесин жыйрып алды. Канча жылдан бери чогуу жаткан адамдан, негедир жатыркап турду. Сооронду да, өзүн да, дегеле бүт ааламды жек көрүп кетти... Кулак уккуз, көз көргүз, эч ким таба алгыз, алыс жактарга канат байлап учуп кеткиси келип турду...
Карлыгачтын жээригенине шагы сынганСоорон, шарт бурулуп, сыртка бет алды.
Машинасына жетип-жетпей, нарыда турган атчан жигитти көрдү. Карлыгачка айтпай, билгизбестен боз үйгө кирип барам деп, сагынычы көкүрөгүнө сыйбай келе жаткан Мырзабек, боз үйдүн жанында токтоп турган бейтааныш машинаны көрүп, “Ким болду экен?”-деген суроосуна жооп издеп туруп калган эле. Боз үйдөн чыга калган Сооронду көрүп, апкаарый түштү. Ким экенин жаземдебей билип турганы менен, же бастырып кетип калбай, же учурашууга даабай, өңү кубарып, тердеп чыкты. Үйүрүн тартырып жиберээрин сезген карт илбирстей Соорондун көздөрү жанып, Мырзабекти жеп жиберчүдөй заар чачып карады. Бири-бирин таанышпаса да, Карлыгачты экөө тең кызганып турушту. Соорон ич туйумунда Карлыгачтын мамилесинин өзгөрүп калганына ушул жигиттин тийешеси бар экенин сезип турду.

#50 12 December 2015 - 18:54
. Бир саамга көздөр менен сүйлөшүп турушту да, Соорон Мырзабекке обдулуп барып токтоду. “Эмне болуп турам?! Кайдагы бирөөдөн кызганганымды кара... Мүмкүн... Ушул тегеректе жашаган малчылардандыр.
А мүмкүн... А мүмкүн...” Кызганычтан оттой жанып, денеси калчылдап чыкты. Өзүнөн алда канча жаш, булчуңдары чытырап күчкө толуп турган Мырзабекке каршы чыгууга даабадыбы, же кандай кылса да, Карлыгачтын сүйүүсүн кайрый албасын түшүндүбү, айтор машинасын от алдырды да, Карлыгач менен кош айтышпай жөнөп кетти. Машинанын үнүнөн селт эте, көз жашын аарчый, Карлыгач сыртка жүгүрүп чыкты да, зуулдап алыстап кеткен машинанын артынан карап, улуттунуп алды. Негедир оор жүктү мойнунан алып салгандай эс ала түштү. Обочороок Мырзабектин атчан караанын көрүп, кайрадан жүрөгү туйлап чыкты. “Билди... Баарын сезди... Эми,кандай болуп кетээр экен?” Карлыгач коркунучтан өзүн жоготуп жибере жаздап араң турду. Чайнек көтөрүп келе жаткан Салкын: “Ай, Карлыгач, эмне болду? Мунуң ким эле? Жөн-жай эле келиптирби?
”-деген катар-катар суроолорун жоопсуз калтырып: “Чайыңызга рахмат. Жөн эле коюңуз,”- деди да оор улуттунуп, боз үйгө кирип кетти. Карлыгачты сагынып, көрүүгө куштар болуп келе жаткан Мырзабектин шаабайы сууп, аттын тизгинин артка бурду да, тоону көздөй алып-учуп чаап жөнөдү.
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
-Мырзабек, сен эмне эле бул келинди айланчыктап, жанынан чыкпай калдың? Күйөөсү бар немеге башың айланып калган го?.. Апаңдар укса, жаман болушпасын, - деген Салкындын сөзүнө көңүл бурбай, Мырзабек Карлыгачка келгенин токтотпой койду. Буга чейин шашпай бүтүрчү иштерин бат-бат жасай салат да, атасынын: “Кайда?!”- деген суроосуна: “Келип калам... Кичине баладай коруганыңарды токтоткулачы! Өзүмдүн да иштерим бар,”- деп, атына секире минип, жөнөп кетет. Карлыгач өзүн чындап Жамийладай сезип кетчү болду. Махабатты даңазалап обон созуп, өткөн өмүрүн артка таштап, Мырзабек менен кол кармаша дүйнө кезип кеткиси келет. Бирок... “Ал заман башка, азыр... Соорондун “колу узун”... Кааласа, жер алдынан да таап алат...Анан да... Мырзабек эле мени менен кеткиси келип турат дейсиңби?! ”- деп ойлононот.
Карлыгачтын элеси күнү-түнү тынчтык бербей, Мырзабек да сүйүүнүн туткуну болуп, ар ойго жетеленип кыйналып турган кези. Карлыгачтын атын миң кайталап: “Жамийладай күйөөңду таштап, махабат деп мен менен каалаган жагыма кетээр белең?”- дейт ичинен суроо салып. “Сен үчүн баарына даярмын... Эгерде эле мени таштап, шаарыңа баса берчү болсоң, дербиш болуп, ак уруп, махабаттын таттуусу менен ачуусун, кубанычы менен кайгысын даңазалап ырдап, жалгыз кете берем...”- дейт өзүнчө.
-Карлыгач...- деди бир күнү Мырзабек: - Мени менен кал... Үйүмө алып барам... Ата-энеме татынакай келин болосуң...
-Кантип?-деди Карлыгач: - Сени менен калууну миң самап турсам да... Оңой эмес... Күйөөм бизди соо койбойт.
-Кандай айла табабыз дегендей, Мырзабекти жаш айланган көздөрү менен жалооруй карады.
-Чындап сүйөсүңбү мени, айтчы Карлыгач?! Бири-бирибизди сүйүп турсак ким тоскоол боло алат?
Мырза Карлыгачты имере тартып кучактады да, мөлтүрөп жаш толгон көздөрүнө тигилди:
-“Жолдошум жакшы киши”- дедиң эле го, мүмкүн бизди түшүнөөр... Ушинтип сүйбөгөн адамың менен өмүр бою жашай берем дейсиңби?! Ачык эле айталы?... Кандай дейсиң?
Мырзабек Карлыгачты үмүттүү карады. Карлыгачтын көздөрүнөн мончоктоп жаш куюлду. Үн-сөзсүз Мырзабектин көкүрөгүнө башын жөлөй, бир саамга эки ийнин бүлкүлдөтүп ыйлап турду да:
-Неге сага жолуктум экен?... – дедишыбырап.
Мырзабек Карлыгачтын ийнинен тарта, башын көкүрөгүнөн алды да:
-Сен антип айтпа...- деди: - Бул биздин тагдыр... Сен экөөбүздү табыштырган тагдырга рахмат айтышыбыз керек.
Карлыгачтын жашын аярлай аарчып:
-Ыйлабачы, жаным... Менин да жүрөгүм сыздап турат... Экөөбүз бир айла табышыбыз керек,-деди.
Карлыгач ый аралаш жылмайып койду.

#51 12 December 2015 - 18:58
-Мына... Сен жылмайсаң бүт дүйнө жаркый түшөт... Өмүр бою сенин жылмаюуңду көрүп жүрүп өтсөм, менден өткөн бактылуу жан болбойт эле... – деди Мырзабек.
Карлыгачты кучагынан бошотпой, акырын гана кулагына шыбырады:
-Биз балалуу болобуз... Көрөсүң го, Кудай бизге көп бала берет... Сен каалагандай. .. Бешөө эркек, бешөө кыз...
Карлыгач Мырзабектин айтканына чын ниетинен макул боло:
-Ошол күндөр эртерээк эле келсе экен...-деди да, кыялында бала көтөрүп, Мырзабек менен көчө бойлой кетип бара жатканын элестете бактылуу жылмайып койду.
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Желп эткен жел жок, шаар ичи үп тартып, дем кыстыктырат. Демейдегиден, бүгүн бөтөнчө ысык. Терезе калтырбай ачып коюп, оор дем ала Карлыгач телевизор тиктеп отурду. Телевизорго көздөрү тигилгени менен, ою таптакыр башкада эле... “Аркаңан барам, күт... Сенсиз жашоом, караңгы түндөй... Өмүр бою сени гана сүйүп өтөм...” – деген Мырзабектен дайын жок.
. “Неге алдадың?! Же... Ата-энеңди көндүрө албай койдуң бекен? “Алар каршы болсо да, сенден айрылбайм,”- деген сөздөрүң төгүн беле?” Карлыгач тоодо өткөргөн бактылуу күндөрүн сагына, түнү-күнү жол карап, Мырзабекти жашыруун күттү. “Эмне болсо да, сени жолуктурган тагдырыма ырахмат! “Өмүр бою сүйбөгөн адамыңдын жанында алтын капаста болгучакты, сүйгөнүң менен алачыкта өткөргөн он күнүң артык,”- деген сөздүн төркүнүн эми түшүнүп отурам. Кайда болбо, мени унут-унутпа, менин жүрөгүм жалгыз сен деп согуп калды. Жараткандан бир суранычым аткарылса, менден өткөн бактылуу жан болбостур... ” Карлыгач Кудайдан үмүт кыла курсагын сылап койду. Бир заматта ачык турган терезелер калдырттап, пардалар желпилдеп, Карлыгачтын оюн бузуп жиберди. Карлыгач отурган ордунан селт эте чоочуп тура калды. Азыр эле желп эткен жел жок, дымып турган шаар ичине чакалап бирөө суу куйгандай, жаан нөшөрлөп төгүп кирди. Терезелерди шаша жаба салып, балконго чыгып, кере дем алды. “Өх! Бая эле ушинтпейт белең?!” Карлыгач кимгедир ыраазы боло шыбырап, колун кенен жая керилип алды.Күтүүсүздөн жааган жаан бейкапар жүргөн элдин шаштысын кетирип, бир заматта көчө ээндей түштү.Жалгыз караан жаандын төгүп турганын этибар албай, улам бир үйдүн номерин карап, Карлыгач жашаган көчөдө келе жатты... “Мына! Буйруса таптым... Карлыгачым менин, күтүп жаттың бекен?!” Карлыгач караанды алыстан тааный, жүрөгү опкоолжуй, качантан бери жашыруун даярдап каткан чемоданын колуна алды...
Столдо Карлыгачтын Сооронго жазган биринчи жана акыркы каты калды...
“Салам, Соорон! Өзүңө жолугуп, ачыкка чыгайын дедим эле. Бирок, мен келгени бир кайрылган жоксуң. “Тузума түкүрүп кетти. Жакшылыгымды билген жок,”-дээрсиң. Кандай айтсаң да, мени жек көрсөң да жарашат. Бирок мен, бул кадамга, сага кыянаттык кылуу үчүн барганым жок. Канча жылдап перзент жытына зар болуп, Кудайдан миң сурансам да, экөөбүзгө бала буюрбады. Анын үстүнө, бири-бирибизге жат болуп калганыбызга көп болгонун мен да, сен да сезип турганыбыз менен, моюнга алгыбыз келбеди. . Эртеби-кечпи балдарыңа кайтып кетээриң айдан ачык болчу. Бирок мунун баары менин кетип калганымдын себеби эмес... Себебин өзүң деле түшүнүп тургандырсың. Тагдырыма жазылган махабатымдан баш тарта албайм. Кайда жүрбөйүн, мага жасаган ар бир жакшылыгыңды унутпайм. Кош бол
аягы... автор: Шаршенбаева Н. А.

#52 12 December 2015 - 19:01
АПАКАЙ
Жол бойлой өскөн гүлдөрдү улам терип коюп, кыңылдап ичинен обон созо Нурбек тоо этектей жайгашкан айылына жөө келе жатты. Шаардын аптабына чыдабай айылын сагынган. Тоодон соккон сыдырым желге көкүрөк тосо кенен дем алып, “Өх!”-деп абышкачасынан үшкүрүп, жол жээгиндеги ташка көчүк басып, батып бара жаткан күндү суктана карады. “Кандай гана керемет”- деди ичинен ойлоно. Быйыл мектепти аяктап, чоң окуу жайына тапшырып, өзүнчө курсант болуп турган кези. Шаарга кетсем эле айылга анда-санда гана каттайм деген ою жомоктой. Айылын тез эле сагынып, шаардын сүрүнө, элине көнө алдай турган убагы. Баарынан да сагынычы ата-энесинен мурун, айылда калган Апакайында эле. Апакай демекчи... Ал сүйгөн кызы эмес, бөбөгү да эмес. Кулун кезинен багып өстүргөн жаныбары. Энеси кадимки күрөң бээ экенине карабай, кулуну өзү айткандай аппапак болуп туулган. Туулганы апакай деп жүрүп атын да Апакай деп атап алган.. Ал атка кулуну да бат көнүп, алыстан эле “Апакай”-деген үнгө кулак салып, жүгүрүп келет да, кожоюнунун колундагы кантты илгиртпей алып, айлана жүгүрөт...
Үйүнө жакындай, тегерете көз жүгүрткөн Нурбек Апакайын издеди. Негедир көрүнбөйт.
“Талаада жайытта го,”-деди ичинен. Үйүнө кирип бараар менен, ата-энеси менен учурашпай туруп, Апакайын сурады.
-Апа, Апакай кайда? Тегеректе көрүнбөйт го.
Уулунун келгенине жетине албай карбаластап жүгүргөнапасы Нурбектин суроосун жоопсуз калтырып, уулуна жалбара, эркелеткен сөздөрдү кайталай берди.
-Балакеттиңди алайын! Каралдым... Күчүгүм менин! Келип калдыңбы? Амансыңбы деги?!
Төрдө жамбаштап гезит окуп жаткан атасы, очкисин чекесине түшүрө, уулун карады да:-Уу, атаңдын оозун урайын десе, бизди сурабай, кайдагы бир жылкысын сурайт да,- деди барбалактай күлүп:
-Бизди сагынбай эле, Апакайын сагынган го бул. Мурдуңду урайын десе... Бери кел, бетиңден өөп коеюн.
-Коюңузчу ата, дагы эле кичине баладай көрөсүңөр да,-деди Нурбек атасына кол сунуп.
-Ай энеси, уулуңдун айтканын уктуңбу? Студент болуп эле, өзүн чоң кишидей сезип калган го бул...
Нурбектин атасы-Кайып жашынан абдан шайыр, тамашөкөй. Улгайып калганына карабай, жаш жигиттердей чапчаң, шайдоот.
Атасы менен учурашкан Нурбек суроосун кайталады:
-Апакай кайда? Талаадабы?
-Жок, - деди атасы:
-Эртең дем алыш эмеспи, базарга алып барсамбы дедим эле. Тиги жогорку сарайга камап койгом.
-Базарга?!
Нурбек чоочуп кетти.
-Кайдагы базар?! Аны эмне сатканы турасыңарбы? !-деди кабагын чытый.
-Ооба! Сатпаганда эмне кылалы?! Быйыл да кысыр калды. Жылда эле бекер багып жүрө берелиби?!
-Эмнеге бекер?! Сөзсүз эле быйыл тууш керек беле?! Быйыл болбосо эмдиги жылы деле тууйттур да!
- Эмдиги жылы... Эмдиги жылы... Жылда эле ошол! Аны эмне койкойтуп минсең эле болдубу?!
-Ата, кайдагы кепти айтпаңызчы! Сатпайбыз!
-Ай, бала! Уу, атаңдын оозун урайын десе! “Сатпайбыз! ”- деп койгонун. Эмне, сен чечип калдың беле, менин эмне кылыш керектигимди? !
Нурбек өң-алеттен кете түштү. Эмне деп жооп айтышты билбей, жалооруй апасына карады.
-Апа! Сиз айтыңызчы, сатпай эле коелу да, ээ?
Баятан ата-баланын сөздөрүнө аралашпаган апасы уулуна эмне деп актанышты билбей:
-Балам, сенин да окууңа төлөш керек болуп жатпайбы. Апакайыңды сатпасак акча да жок эле да... Эми, окууңдун баасы эле бир жылкынын баасы экен го,- деди.
-Эмне, Апакайдан башка малыңар калбай калдыбы?! Анча болду, мен окубай эле койдум! Андан көрө иштейм!-деди Нурбек буркулдай.
-Сен, бала! Көп эле буркулдай бербесең! Тур, андан көрө чайыңды ич!-деп атасы буюра сүйлөдү.
Нурбек көздөрүн жашылданта, сөз кайрыбай, кол шилтеп, сырткы эшикти тарс эттире жаап, сыртка чыгып кетти. Үйдөн чыккан Нурбек шыр эле, Апакай камалып турган сарайга бет алды. Нурбектин келе жатканын сезгендей, Апакайы сарай ичинен кишенеди.

#53 12 December 2015 - 19:01

#54 12 December 2015 - 19:08
-Жаныбарым, Апакайым...
Нурбек көзүнө жаш ала кобурап, сарайды ачты да, Апакайынын моюнунан кучактап, жалынынан сылай эркелетип турду. Сагынган адамын көргөн Апакай да эркелегендей, “мени ушинтип камап коюшту,”-дегендей окуранып койду.
-По! По! Жаныбарым!
Нурбек чөнтөгүнөн кант алып Апакайдын оозуна жакындатты. Шаардан келе жатып, Апакайыма деп унутпай кант алып алган эле. Ээсинин колунан кант жеп көнүп калган Апакай шып эте эрини менен кантты илип алды да, дагы дегендей баштарын ийкегилеп, эркелеп турду.
Жылкынын эң акылдуусу да, сулуусу да Апакай деп билет Нурбек. Көздөрүнүн жайнап турганычы! Мүчөсүнүн супсулуу болуп келишкеничи! Буттары уппузун, моюну койкоет! Ушунча болуп кыздарга да мынча көз артпаган, мынча суктанбаган. Кыздар менен сүйлөшө келгенде эле, Апакайы жөнүндө айта бермей адаты. Канча кыздан: “Сен кыз сүйбөй эле, жылкы сүйөсүң!”- деген кептерди уккан.
Нарыда турган ат таракты алып, Апакайын тарай баштады. Улам алаканы менен эркелете таптап, тарап коюп Апакайын сүйүп турду:
-Апакайым менин! Жаныбарым! Сени сатабыз дешет! Саттырбайм мен! Сени эч кимге бербейм! Окубай эле койдум! Эми эч жакка кетпейм!..
ХХХ ХХХХ ХХХ
Таң ата элек, Нурбекти атасынын үнү ойготту.
-Чү, чү! Эмне эле жулкунат бул! Карасаң ай, айбан болсо да бирдемени сезет!
Нурбек сыртка жүгүрүп чыкты. Окураңдап, жулунуп турган Апакайдын чылбырына жармаша калган Нурбек:
-Ата! Ата дейм! Сатпай эле койгулачы! – деп жалбарып жиберди.
-Тур нары! Жинди болгон го бул?!
-Ата дейм!
Нурбек чылбырды таштай сала, атасынын бутун кучактай калды.
-Ата, суранам! Апакайымды сатпагылачы! Мен окубайм! Иштейм, акча табам!
Нурбектин көзүнөн жаш мончоктой түштү.
-Атаңдын оозун урайындын баласы! Тур нары!
Бутуна жармашып, ыйлап турган Нурбекти бутунан ала, нары түртүп жиберди. Экөөнүн ыр-чырын укккан энеси нарыдан келе калды:
-Атасы, көп эле баланды уруша бербесеңчи. .. Мүмкүн, чын эле сатпай эле коеттурбуз? Башка малыңды көрөөрсүң?-деди экөөнү алма-термей карап.
-Баары бүтүп, сен калдың эле?! Тур, киргиле үйгө! Силерден эмне кылышты сурайынбы эми?! Же эмне, силер акча таап койдуңарбы? ! Окшошкон гана...
Кайып жиндене сөгүнүп, Апакайга жаш жигиттердей секире минди да, жөнөп кетти.
ХХХХ ХХХХХХ
Кабагы ачылбай, ызага муунган Нурбек эч ким менен сүйлөшкүсү келбей, дубал тиктеп жата берди. Телефонунун жаагы тынбай шыңгырай бергенинен өчүрүп салган. Атасы Апакайын сатам деп кетээр менен, апасынын: “Шаарыңа шашпай эле кетсеңчи? Атаңды күтсөң боло!”- дегенине көнбөй, таң заардан шаарды көздөй жөнөп кеткен. Окуу жайдын жатаканасында 4 бала болуп чогуу турушат.
. Үйлөрүнөн көңүлдүү кайтып келип жатышкан бөлмөлөштөрүнө көңүл бөлбөй, өзү менен өзү болуп, түнөрүп жата берди.
-Нурбек, сага эмне болгон? Тур, тамактанып ал! –деген Кайратка:
-Жок! Өзүңөр иче бергилечи! -деп, нары оодарылды.
-Эй,дос! Сага эмне болгон? Айылдагы сүйгөнүңдү бирөө уурдап кетиптирби? .. Андай сүйгөндөрдүн далайын уурдатасың, -деп тийише кетти. Нурбек үн катпай, нары караган боюнча, дегеле кеп укпагандай мелтирейт.
-Ой-атаа! Сүйгөнүң деп коем да! Сенде сүйгөн кыз деген жок да?! Эмне ата-энеңде проблемабы? Же бир жериң ооруп турабы?
Нурбектен сөз чыкпасына көзү жеткен Кайрат кол шилтеп сыртка чыгып кетти. Нурбектин ою Апакайында. Апакайдын кулун кезин, ал менен кууша ойногон, койкоңдото ар кимге мактана минип жүргөн күндөрүн элестетип, көзүнө мөлтүлдөп жаш толуп чыкты...
ХХХХХХХХХХ

#55 12 December 2015 - 19:10
Түн ортолой ата-энесинин кобур-собур үндөрүнөн ойгонгон Нурбек, күрөң бээнин тууганын, кулуну бир башкача боз экенин эшитти. Көзү умачтай ачылып, сырткы бөлмөгө жүгүрүп чыкты.
-Ата! Бээ туудубу?- деди кубана.
-Ооба!- деди атасы да кубанганын жашыра албай барбалактап:
-Тимеле бир башкача экен кулуну... Жүрү көрөсүңбү?!
Нурбек шаша кийинип, сыртка чыкты. Короодо байланып турган бээнин жанында, буттарын талталаңдатып араң турган кулунду көрдү. Нурбектин көздөрү жайнап, жүрөгү бир башкача дүкүлдөп чыкты.
-Ата, кулуну меники болот, ээ?- деди атасына эркелей.
-Ооба балам, сеники болбогондо. .. Жакшылап өзүң кара! Чоңойгондо өзүң минесиң. Көрчү сулуулугун! Убагы келгенде келишкен жылкы болот!
-Ата, карасаң турганын. Калчылдайт го...

#56 12 December 2015 - 19:58
Нурбек кудуңдап сүйүнүп, айтаарга сөз таппай кулундуу бээнин ар жак-бер жагына өтүп, өзүнүн биринчи жолу кулундуу болушуна эдиреңдеп, төбөсү көккө жете сүйүнүп жатты.
-Ата! Кулун апакай экен да! Атын да Апакай деп коелубу?-деген Нурбектин суроосуна атасы:
-Апакай десең, Апакай де... Бирок жылкы баласынын өңүн ак дебей боз дейт, - деди Нурбектин башынан сылап.
-Мен ак эле дейм,-деди Нурбек сөз бербей.
Ошол күндөн Нурбектин ою жалгыз Апакай. Мектептен келээри менен, сумкасын босогого кое салат да, тамак жебестен Апакайына жүгүрөт. Курсагынын ач-тогуна да кайыл. Кечке кудуңдап, айланып, кулунунун жанынан чыккысы келбейт. Апасынын: “Курсагыңды тойгузуп алып деле барсаң боло, кулунуңа?! ”-деген сөзүн укканча жүрө берет. Тай кезинен мингенге да үйрөттү. Күндө тарап, күндө таптап, досторуна мактанып минип жүрдү. Анан калса Апакайынын өңү эле эмес, турган турпаты да аябагандай сулуу жаныбар. Басыгычы! Жорголойт! Минсең чайпалып, көңүлүң ачылат. Көргөндүн көзүн суктантып, сугун арттырат.
. Апакайдын бир күнөөсү эле- бир жолу гана тукум берип, кийинки жылдары кысыр калды. Атасынын: “Жакшы мал-жакшы тукум берчү эле... Мунуңдун сулуулугу эле бар!”-деп наалыганы да ошондон...
ХХХХХХХХХХХ ХХХХХХХХХХХХХХХХх
Нурбек телефонун күйгүзөор менен апасынан звонок келди. Жооп бергиси келбей жатып, Нурбек телефонун араң алды.
-Алло,-деди акырын.
-Ай, Нурбек! Телефонуң неге өчүк?! Кайра-кайра чала берип эсим ооду!
Апасынын өкүм, ошол маалда жалооругандай үнү угулду.
-Эмне болду?..-деди Нурбек күңкүлдөп.
-Эмне болмок эле?! Атаң базардан келип, сенин кетип калганыңды билгенден бери жини таркабай жатат. Неге айтпай-дебей кетип калат деп...
-Анан эмне кылышым керек эле? Апакайымды сатаарда мага айтып койдуңарбы? Менин ой-пикирим кызыктырбаса. ..
-Ай бала! – апасы ачылуу сүйлөдү:
-Көп эле күңкүлдөй бербечи! Сар-санаа болуп жатабыз да биз! Сага эмне, Апакайың эле керек беле?!
-Ооба, Апакайым эле керек болчу! Барбайм эми, айылыңарга!
-Ал эмнеси экен, барбайм деп... Андан көрө кубан, Апакайыңды сатпай келиптир. Кудай да ыйыңды уккан го...
Нурбек укканына ишене албай кетти. Кубанганынан көздөрүнө жаш айлана түштү.
-Апа! Эмне дейсиз? Апакайымды сатпаптырбы?
-Ооба, сатпаптыр... Кымбат сураган окшойт да...
-Ошондой экен да! Баасы чыкса сатып жибересиңер! Мени жаш баладай алдай бербегилечи!
-Билбейм...-апасы жалооруй сүйлөдү:
-Атаң менен дагы бир сүйлөшүп көрөйүн... Апакайыңа тийбей, башка малды сат дейин...
-Апа, ошенкилечи! Мен окубай эле коеюн. Иштейм, акчаны өзүм табам. Көрөсүз го, ал эмки жылы өзүндөй болгон супсулуу кулун тууйт.
-Балакетиңди алайын, каралдым! Шаарда жүрүп, Апакайыңды эмне кыласың дейм да? Эми сен иштегенди коюп, окууңду уланта бер. Иштеп да жетишесиң... Шаарыңа Апакайыңды кошо ала кетесиңби дейм да...
Апасы тамашалай сүйлөп, уулунун кабагы ачылганына сүйүнүп турду.
ХХХХХ ХХХХХХХХХХХ
-Нурбек!
Жатаканадан чыгып келе жаткан Нурбекти тааныш үн токтотту. “Шашканда баарына керек болуп калам да!”- деп ойлонгон Нурбек сыр билгизбей, алыстан кол булгалап турган Айназикке жооп кылып, кол булгалап койду. Шаша жанына барып:
-Кандай, Айназик?! Мен айылга кетип баратым эле... Эмне, иштер барбы?-деди кайсалай.
-Сенин айылың эле бүтпөй койду. Өткөн жумада эле барып келбедиң беле?! Бүгүн, эртең чогуу эс алат экенбиз десем... Группалаштар “вечер” уюштурушат экен. Дагы эле, баягы сен жок!
-Айназик, түшүнсөң... Мен айылга сөзсүз барышым керек. Апамдар чакырып жатышат,-деген Нурбек, көздөрүн Айназиктен ала качып, апасынын чакырып турбаганын билгизип койчудай тайсалдап кетти.
-Айылың жакын болсо эле, болду экен да! Мейли, өзүң билесиң! Сен апаңдарга шашпай эле, Апакайыңа шашып турганыңды билбейт дейсиңби? Же, эмне, айылда сүйгөн кызың барбы? “Жок,”-деп мага жалган айтып жүрөсүң го...
-Жок, жок... Чын эле апамдар чакырып жатышат. Жаман көрбө, мен кетишим керек. Автобустан кечигип жөө калбайын. Буйурса, эртең эрте эле келип калам,-деген Нурбек Айназиктин колунан аярлай кармады.
-Кете берчи!-деди Айназик колун тарта:
-Сени эле күтүп жүрө берет дейсиңби? Жигит деген толтура...
Айназик Нурбекке таарынып, көздөрүн жашылданта басып кетти. Нурбек Айназиктин таарынып турганына кабатыр да болгон жок. Анын эс-дарты айылына эртерээк жетип, Апакайын көрүү эле...
ХХХХХХ

#57 12 December 2015 - 20:01
Алыстан Апакайын көрөөрү менен жүрөгү элеп-желеп болуп толкунданып чыкты. “Ураа, Апакайым!
Кайрадан көрүшкөнүбүзгө кубанычтамын,
”-деп кыйкырып жибербей, өзүн араң кармады. Акырында жем-чөбү жок, байланып турган Апакайын эркелете, учурашып, чөнтөгүнөн адатынча кант алып чыгып, тумшугуна жакындатты.
-По, по! Жаныбарым! Сени кайрадан көрбөй каламбы деп корктум эле. Ырас эле, сага кардар чыкпай калган турбайбы...-деп Апакайы түшүнүп тургандай сүйлөшүп койду. Нурбек үчүн Апакай баарын түшүнүп, баарын сезип тургандай туюлчу. “Тили эле жок да, тили болсо силерден өтмөк,”-деп тамашалап досторуна тийишээр эле. Кээде бирдемелерди айтып, Апакайы менен сүйлөшсө, ал да башын ийкегилеп, сулуу көздөрүн ирмеп, кээде окуранып, кээде кишенеп, айтор Нурбекке жооп айтып тургандай болчу. Анан да бала кезинен бир болгонго, ар бир нерсесин айтырбай түшүнгөндөй эле. Алыстан көрөөр менен жылкылардын арасында жүрсө да, жүгүрүп келе турган.
Айры менен чөп сузуп келип, Апакайынын акырына салды да, жалынан сылап:
-Мен азыр келем. Апамдар менен учурашайын. .. Курсак да ачка... Бир нерсе шам-шум этип алып чыгам,- деп, эркелетип койду.
Үй ичинен чоочун үндөрдүн, атасынын кобур-собур үндөрү угулат. “Үйдө конок бар окшойт,”-деп ойлонуп, сырткы эшикти ачаар менен, кошуна жашаган жеңесин көрдү.
-Саламатсызбы, жеңе?
Нурбек күлмүңдөй, жеңеси менен учурашып:
-Үйдө ким бар,-деди шыбырай.
-Кандайсың, бала? Кандай келдиң?
Жеңеси Нурбектин атынан айтпай, “бала”-деп тергейт. Нурбектин: “Атыман эле айтыңызчы,”- дегенине караманча көнбөй койгон.Нурбектин үнүн угуп апасы төркү бөлмөдөн чыгып келди да, адатынча эркелете Нурбектин маңдайынан өөп, учурашты:
-Атасы! Уулуң келди!
Төркү бөлмөдө бакылдап, сөздүн кызуусунда отурган Кайыпка кайрылды.
Кайып:-Ии, уулум келе кой...-деди да, жанындагыларды уулу менен тааныштыра кетти:
-Көкүрөк күчүгүм... Шаарда жүрөт, окуйм деп. Мал-жанымдын ээси ушу да...
Нурбек баары менен учурашып, сырткы бөлмөгө чыкты да, апасына:
-Булар кимдер? – деди шыбырай...
Апасы Нурбектин суроосун жоопсуз калтырып, нарыда кызмат кылып жүргөн келинге кайрылып:
-Сен барып чай куюп берип турчу...-деди да сыртка чыгып кетти.
Апасынын аркасынан кошо чыккан Нурбек, кайрадан суроосун берди:
-Апа, булар кимдер? Мен тааныбайм го?!
-Аны атаңан сурачы...-деди апасы.
-А сиз эмне, тааныбайсызбы?
-Тааныбайм.. .
Нурбек апасын таң калычтуу карады. Апасы негедир андан бир нерсени жашырып жаткандай... Кабагы да бүркөө... Көздөрүн ала качып, бир сырын Нурбек билип койчудай тайсалдап жатты.

#58 12 December 2015 - 20:03
. Нарыда жаткан таарды алып, күүмүш этип басып кеткен апасын Нурбек үн-сөз жок карап турду да, Апакайына жөнөдү. Апакайдын чылбырын бошотуп жатып, буту да кишенделип турганын байкады.
-Апа!
Өзүнчө күйпөлөктөп жүргөн апасына кайрылды:
-Апоов, дейм!
-Ии...
-Апакайды жем-чөпсүз калтырып... Буту да тушалуу... Деги мунуңарды кандай түшүнсө болот? Байкушту жакшылап эле карап койбойсуңарбы? Мен жок болсом эле, Апакайым кор болуп калат окшойт да ээ?!
-Карап эле жатабыз...
-Ушубу караганыңар? !
Апасы Нурбектин акыркы суроосун жоопсуз калтырып, үйгө кирип кетти. Көздөрүн чакчаңдатып, кишенеп, окуранып турган Апакайынын жалынынан сылап:
-Сени кайрадан сатканы турушат окшойт...-деди да, жүрөгү алда-нени сезгендей түрсүлдөп чыкты.

#59 12 December 2015 - 20:04
. “Сатканы жатышса, неге ачка коюшкан?! Булар...” Түшүнө албай, өз оюнан өзү коркуп кетти.
Аңгыча атасы бейтааныш меймандар менен сыртка чыгышты да, Апакайды тегерене карап, сынап жатышты.
-Ата, - деди Нурбек:
-Силер кайрадан Апакайды сатканы жатасыңарбы?
-Өткөндө баасы чыкпай койбодубу! Сойуп сатсаң баасы жакшы болот деп жатышат...
Нурбек уккан кулагына ишенбей атасын жалжылдай карады. “Атам эмне деп турат?! Тирүүлөй сатабыз дегенинде ичим эңшерилип кыйналсам... Эми соебуз дейби?!” Нурбек атасын нес болгон немедей жалдырады. Эриндери титиреп чыкты. Көздөрү караңгылап, башы деңгиреп, бир саамга өзүн жоготуп жибергендей болду. Титиреген эриндерин араң кыбыратты:
-Союп?.. Союп дейсизби?..
-Ай бала, сага деги эмне болду

#60 12 December 2015 - 20:05
?! Апакайың менен жаның бир болуп калган бейм?!
Атасынын акыркы сөздөрү кулагына кирип-кирбей, Нурбек кыйкырып жиберди:
-Сатпагыла десем! Силер эмне, мага эрегишип турасыңарбы? ! Анчалык эмне болдуңар?! Мени кошо жок кылгыла!
Нурбектин үнүнүн катуу чыкканына Кайыптын жини келе түштү.
-Сен ким болуп кеттиң, сага эрегишкидей? ! Үнүңдү чыгарба! Тур кир үйгө!
Нурбек өң-алеттен кетип, калчылдап чыкты. Көзүнө мөлтүлдөп жаш толуп, апкаарыган үнү менен атасына жалооруй сүйлөдү:
-Ата... Суранам... Сойбой эле койгулачы... Сатсаңар мейли... Сойбой эле... Апакайдын курсагында кулуну бар...
-Эмне деп эле дөөрүп турасың? Бар дедим го үйгө. Курсагында кулуну бар деп... Эмне көзүң ачылды беле?
Ата-баланын кер-мур айтышып тургандарына эмне деп кошулушту билбей Апакайды айлана сынап тургандар жалдырашты.
-Жүргүлө, жүргүлө... Эмне турасыңар...

Супер-Инфо
super.kg
видео