Кайып “меймандарга” буйрук бере, Апакайды көздөй басты. Апакайга атасынан мурун жеткен Нурбек, жылкынын чылбырынан ала, бошотууга аракет кылып шашып кетти. Апакайын минип алып, көз көргүз жактарга кеткиси келип, жакындап келе жаткан ажалдан арачалап алгысы, колунан келсе бүт өмүр коштоп, жанынан чыгаргысы келбей турду... Бирок колунан эч нерсе келбей, атасынын колунан Апакайын бошотуп кете албай, “чү,чү, жаныбарым...
”-деген сөздү улам кайталап, жүрөгү сыздап ыйлап турду... Ары-бери шымалана киришкен касапчылар Апакайдын бутун байлап, жыгышты да:
-Оомийин!-
деп бата кылышып, жүрөк тушка бычак урушту. Апакай: “Менин курсагымда кулундарым бар,”-деп айта албай, супсулуу көздөрү жашка толуп, бычак сайган адамдарга жалооруй карап, бул жашоо менен кош айтышып, буттарын тыбырчылаткан боюнча жан берди. Курсагынан козудай болуп чоңойуп калган бир эле эмес эки кулундун чыгышы касапчылар үчүн да, Кайып үчүн да күтүүсүз болду.. Ар ким өзүнчө кобурап, жылкы баласынын эки кулун тууганы жамандыкка деп жоорушуп, эртерээк сойгондоруна шүгүр дегендей каңкуулашты.
Буйруса, жылкынын союлуп калганы жакшылыкка дегендей ар ким өзүн-өзүн жооткотуп турушту.
-Айланайын Апакайым!
Кечирип кой мени! – деп муңкана боздоп, жер тепкилей ыйлаган Нурбек менен кошо, аалам да кайгыргандай,
жаркырап тийип турган күндүн көзү булутка жашырынды...
аягы....автор:
Шаршенбаева Н. А. 2012-ж.
Нурайым Шаршенбаева эженин калемине таандык чыгармалар. ырлар жана чыгармалар.топтому.
#62 12 December 2015 - 20:12
“ҮБӨЛҮК”
(аңгеме)
-Ай, мунуң өлүп калат го... Тымтырс эле болуп калды. Тез жардам чакырсаңчы!
Айнур күйөө баласын ары-бери түрткүлөп көрдү да Айкызга суроолуу карады.
-Өлбөйт!..- Айкыз эжесине зиркилдей жооп берди:
-Буларга сооп жок... Алкаштардын жаны катуу болоорун билбейсизби? ! Мындайлардан ажал айланып качат...
Көптөн бери көрүшө элек эже-сиңди бир далайга чейин сырдашып отурушту да, эч нерсе менен иштери жок бал уйкуда жаткан балдардын жанына кыйшая жатып, уйкуга кетишти.
Таңында уйкудан ойгонгон экөө, Керимдин дагы эле түндөкү боюнча кыймылсыз жатканын көрүшүп, чоочуп кетишти. Өңдөрү бузула, Керимди ийинден тартып ойготконго аракет кылып көрүшүп, бири-бирин: “Эми, эмне кылабыз?!”- дегендей суроолуу карашты.
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Бир сутка тынымсыз, райондун ар точкасына чабыттаган тез жардамдын кызматкерлери: “Смен тапшыруу мезгил да келди, буюрса эми эс алабыз,”- деп турган мезгилде, дагы бир кабар келип түштү.
. -Алло! Алло!-шашкалактаган аялдын үнү:
-Тез жардамбы?! Менин жолдошума жаман болуп жатат! Батыраак келгилечи! - деди.
-Эмне болуп жатат?.. Туурасын айтпайсызбы?
Телефондон жооп берип жаткан тез жардамдын кызматкери жолдошунун кайсы жери ооруп турганын сурады.
-Билбейм... - Шашып турган аялдын үнү апкаарый түштү:
-Кечинде мас болуп келген... Анан... Башына катуу нерсе тийген көрүнөт... Кулаганбы?.. Айтор... Билбейм... Башын көрүп... Ошондо эле силерди чакырайын дегем... Көнбөй койбодубу...
-Башында жаракаты бар бекен?
-Ооба... Азыр өлгөн кишидей тынып калды... Мен коркуп жатам... Батыраак келгилечи?!
-Биз барып калабыз. Сиз милицияга да кабарлап коюңуз.
Милицияны укканда аялдын үнү дирилдеп кетти:
-Милицияга?. . Алардын кереги эмне?..
-Керек! Башында жаракат болсо, аны алар териштирет да...
-Териштирбей эле койсо болбойбу?.. Өзү эле... Мас болуп алып кулады окшойт да...
-Мас болуп куладыбы, же бирөөнүн “жардамы” менен жаракат алдыбы, аны сен экөөбүз эмес, ошолор карайт.
Аялдын үнү бир саамга тынчый түштү. Жанындагы бирөө менен шыбыраша түшкөндөй болду.
-02ге чаламбы, - деди акырын.
-102ге...Коркуп турсаңыз... Биз деле кабарлап коёбуз.
Адресин тактап сурап алган тез жардам кызматкерлери, Айкыздын үйүн карай шашылыш жөнөп калы ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Керимдин туугандары сөөктү экпертизадан өткөрүүдөн баш тартышты. Баардыгы, мастык менен кырсыкка кабылган деген божомолдоого толук ишенишип, ыйлай-сыктай ээсине тапшырышты да, жай-жайына тарап кете беришти.

#63 12 December 2015 - 20:20
Бул өлүмдүн себебине Айкыз менен Айнурдан башка, ошол түн гана күбө болуп кала бермек... Бирок...
Ошондогу окуя Айкыздын эс-учунан кетпей, бүт көңүлүн ээлеп, тынчтык бербей койду. Эжесине: “Эмне кылам?.. Чындыгын айтып, милицияга өзүм барсамбы?! ”- деп кеңеш салып да көрдү. Айнур: “Өлөөр күйөөң өлдү... Чындыкты айтсаң эле тирилип келе калмак беле?! Аныңды коюп, балдарыңдын келечегин ойло. Ансыз да кыйналып турушат,”- деп жооткотуп койгон.
Оокат, балдар деп жүгүрүп жүрүп, бара-бара ал түндү эсинен чыгаргандай болгону менен, бош боло калса эле Керимдин элеси көз алдына тартыла, жүрөгү зырп деп алат. Ошондой күндөрдүн биринде, түшүндө келди Керим... Татынакай, жапжаш... Арактын даамын тата элек, күлгүндөй кези..
.-Кандайсың, жаным?.. Менин азабымды тартып жүрүп карып кеткениңди сезбептирмин. .. Кечирип кой...-деди, Айкыздын чачынан сылай.
Айкыз да ага күлмүңдөй карады:
-Сен ушинтип эле арак ичпей жүрсөң... Татынакай болуп, өңүңө кирип калыптырсың го... Балдарыңды карачы, мойтойуп бейкапар уктап жатышканын. ..
Айкыз уктап жаткан балдарын Керимге көрсөтө жайнай түштү.
-Ооба... Ооба, жаным, экинчи ушул аракты оозума алсам... Силердин баркыңарды билбей жүргөн турбаймынбы. .. Сени, балдарымды кайдагы бир арам сууга неге алмаштырганымды азыр түшүнө албай турам...
Бир заматта жакшынакай сүйлөп отурган Керимдин денеси боштукка айланып баратты:
-Кечир, Айкыз! Кечир, жаным! Балдарды кор кылбай кара... Сага азаптан башка эч нерсе тартуулай албай калганым үчүн... Балдарымдын маңдайында жаркылдап жүрө албай калганым үчүн... Мени кечир!
Керим көздөн кайым болуп бара жатты. Айкыз Керимге кучагын жайган боюнча, көздөрүнөн мончоктоп аккан жашын тыя албай: -Керим кайда?! Калчы биздин жаныбызга! Балдар сени сагынышты... . Мен кургурду кечирчи- деп кыйкырып жатып ойгонуп кетти. Түшүндө эле эмес, өңүндө да ыйлап алыптыр. Денеси бир башкача калчылдап, кол-шал тердеп турганына карабай чыйрыгып чыкты. Муздак тер мончоктоп аккан жашына кошулуп жаздыгына сиңип жатты.
Таң эрте Айкыз балдарын ээрчитип, эжесиникине жөнөду. Жолду катар ар ойдун башын бир ойлоп кыйналып чыкты. "Күнөөмдү мойнума алып барсам? Мурда неге жашырдың дешээр... Кандайча болгонун айтсам, түшүнүшөттүр. ... Түшүнүшсө эле туура кылыптырсың деп кое берип жиберишмек беле?... Балдардын көргөн күнү не болот? Бул жашоого жаралгандарына кийин өкүнүп жүрүшөөр... "Кыңыр иш кырк жылда билинет". Балдарына көрсөтпөйүн десе да болбой, көз жашы мончоктоп куюлуп жатты. Жашын улам аарчып, "шуу" эттире мурдун тартып, балдарына жалооруй карап келе жатты. Үч бала ээрчитип, жолду катар ыйлап бара жаткан аялга таңыркай караган көчөдөгү элди да этибар алган жок. Эжесинин: “Кайда барасың?”-деген суроосуна: “Бат эле келем, балдарга көз болуп туруңуз”-деп, кайда бараарын жашырып, балдарын улам бирин өпкүлөп, ичинен коштошту. Көз алдына ошол түнкү окуяга тиешелүү нерсенин баарын элестеп, милиция бөлүмүнө бара жатты...
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ ХХХХХХХХХХХ
Айкыз керелден-кечке майда-чүйдө сатып соода кылып, тапкан акчасына тамак-аш көтөрүп, үйүнө кеч кайтат. Бутун тарта албай чарчап келгенине карабай, үй оокаттарын жасайт да, балдарынын жанына кыйшая кетет. Уктады деген аты эле болбосо, башы жаздыкка тийип-тийбей таң заардан кайрадан көнгөн соодасына жөнөйт. Керим ичкиликке берилип кеткенден бери, үйдөн ырыскы качып калгандай... Жалгыздап тапканы тамак-ашка өп-чап араң жетет.
Керим анда-санда гана соолуга түшпөсө, мас болуп төрөлүп, мас болуп өлөөрдөй... Айкызды жөндөн-жөн сабап, көгөла кылып койгон күндөрү, базарга чыга албай, балдары ачка калган күндөр да аз эмес. Катар-катар төрөлгөн балдарынын улуусу онго чыгып, кичүүсү мектепке барайын деген куракка келип калды. Мектеп демекчи... Балдары жыргатып деле билим алышкан жок. Бир күн барышса беш күн калышат... Мүгалимдер деле булардын мындай акыбалдарына көнүп калгандай мамиле жасашып, эптеп класстан-класска көчүрүп коюшат. Улуусу кичүүсүн карап, наристе кездеринен оокатка тың өсүштү. “Керимдин аракка берилип, көчөлөп калаарын билгенде, катат-катар төрөп, балдарды да, өзүмдү да кыйнабайт элем,”- деп кээде өкүнүп калмайы да бар. Дагы да болсо келечектен үмүт үзбөй жүргөнүндө, түшкө кирбес иштин болуп кеткенине бирде өзүн күнөөлөсө, бирде Керимди, бирде маңдайына жазылган тагдырын күнөөлөйт...

#64 12 December 2015 - 20:24
Ошол күнү соодасы жакшы жүрүп, тамак-аштан ашкан акчасына үйүнө идиш-аяк алайын деп, кичинекей магазинге баш багып калган. Анча-мынча керектүү оокаттарын алып жатып, көзү үбөлүккө түштү. “Рас эле... Үбөлүгүм да жок эмес беле... Камыр жасаган сайын кошуна келинден ала берип тажатып бүтүрдүм. Муну да алайын...”
-Тиги үбөлүктү да берип коюңузчу.
Айкыз сатуучу келинге үбөлүктүн эң чоңун көрсөттү.
-Далдыйып дегеле чоң... Мен өткөндө ушундайдан алып, өкүнүп калдым. Мындан кичирээгин эле албайсызбы? !
Сатуучу келин Айкызды жакшы тааныгандыктан кеңешин айтты.
-Жок. Мага чоңу керек. Көнгөнүм ушундай да...
-Аа, мейлиңиз... Башынан көнсөңүз, жакшы экен.Өткөндө бир келин ушундай үбөлүк менен күйөөсүн жаткыра чааптыр. Ошондон кийин ичпей калды деп, сүйүнүп жүрөт. Сиз да... Жолдошуңуз мас болуп келип, жиниңизге тийе баштаганда, бул менен бир чапсаңыз, соолуга түшөт.Сатуучу келин, жактырса-жактырбаса да, бардык кардарларына тамашалап сүйлөй бермей адаты бар. Айкызга да, көнгөн адатындай, шайырланды. Айкыз бул келиндин күйөөсү жөнүндө айтып турганына ызалана түштү. “ Керимдин ичип жүргөнүн бул кайдан билет? Демек, канчалык жашырсам да, кебетем үйдөгү чыр-чатакты айтып коёт окшобойбу... ” Ичиндеги ызасын жашыра, каткырып күлдү:
-Рас айтпадыңбы! Анда-санда ичип келгенинде коркутуп коёюн.
“Анда-санда, ”-деп, күйөөсүнүн күнүгө мас болуп, көчө таптап жүргөнүн жашыра жымсалдай сүйлөдү.
Үйүндө жок нерселерди алганына жетине албай сүйүнүп, балдарына да таттуудан сатып алды. “Күчүктөрүм. .. Кубанып калышсын... Таттуу эмне экенин деле унутуп калышты ...”
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Үйүнө күндөгүдөн эртерээк келди. “Балдарым жакшы тамак көрө электерине канча болду? Жок дегенде оромо жасап берейин.” Шаша, кечки тамактын камын көрүп, ашканада күйпөлөктөп жүрдү.. Балдары айланчыктап, апасын сагынып калгандарын жобурашып, улам бири мойнуна асылып өөп кетишет. Жакшы тамак болоорун түшүнүшкөндөй, Айкызга жардам беришип, кудуңдашып, ала келген таттуудан бири-бирине мактана көрсөтүшүп жеп жатышты. Аңгыча кошуна айылда жашаган эжеси күлүп-жайнап кирип келди. Үй ичи шаңга бөлөнүп, майрамдагыдай бапырап калышты.
-Сизди күткөндөй,бүгүн күндөгүдөн эрте келген турбаймынбы! Тамак да дайын болуп калды.
Айкыз көптөн бери көрө элек эжесинин күтүүсүздөн келип калганына кубанып турду. Берээрге ашын таппай кайсалап жүгүрүп, эжесине өткөн-кеткенди кеп кылып, чери жазыла түштү.
Балдарын жаңы эле жаткырышып, сырдашып отургандарында, темселеп араң баскан Керим кирип келди. Босогого жөлөнүп ыргалып көпкө турду да, кайнежесин карап:
-Сен да бул жердесиңби? ! Биз жыргап жаткансып сен эмне келдиң?!- деди.
Айкыз эмне кылыштын айласын таппай, жалооруй эжесин карады.
-Тим кой... Маска теңелбе! Андан көрө алдап-салдап төркү бөлмөгө жаткырып кой...- деп
Айнур Айкызга шыбырай сүйлөдү.
-Алдабайм! Мен мундан тажап бүттүм! Ушинтип темселеп жүрбөй өлүп калса не!
Айкыз албуутана кыйкырып кирди.
-Ай! Болду эми! Мен кеткенден кийин деле уруша бер! Термелип араң турат, жерге кир... Көп ичип кетти деп угуп калганым менен ишенбей жүрбөймүнбү! Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдамак беле...
Айнур шыпшына сүйлөп, Керимди жек көрө карады.
-Силер... Мен жөнүндө ушакташып отурасыңарбы? ! Э-эй! Эже!
! Мен ушу келесоо катынды алып, кор болуп жүрөм! Силер билбейсиңер! Мен күйүтүмөн ичип жүрөм! Жыргап жүрөт дейсиңерби? !
Керим булдуруктап, Айкызга тап берди. Айкыз колуна үбөлүктү кандайча алып, кандайча Керимди көздөй шилтегенин өзү да аңдабай калды.
Булдуруктап сүйлөп турган Керим, кыйкырганга да дарманы келбей жерге кулап түштү..
аягы... автор: Шаршенбаева Нурайым.

#65 12 December 2015 - 20:25
ТОЗОКТУ КАРАЙ ЖОЛДО,,,(АК-КАРА).
Колдорун тарбалаңдатып, оозунан кан агып, көздөрү чанагынан чыкчудай тостоюп... Артынан кууп келе жатты. Качканга дарманы жок, буттары шилтөөгө жарабай, канчалык качууга далбастаса да бир ордунан жылбагандай. .. “Жардамга! ”- деген өзүнүн кыйкырганынан ойгонуп кетти. Көл-шал тердеп, денеси калчылдап калган.
-Ай, эмне болду сага?! Түнү-күнү эле алдастап, кишинин тынчын алчу болдуң да.
Жанында жаткан аялы жарыкты күйгүздү да: “Өх! Ушу сеники өттү, түндөсү кыйкыра берип, менин да үшүмдү алып бүттүң!”- деди.
-Ажылдай бербей жатчы нары!
Жолчу аялына кыйкырымыш этип, бетин басып көпкө отурду да, сыртка жөнөдү. Сырткы эшикти ачканга даабай, коркуп турду. Аялына сыр билгизбей, жөтөлүмүш этип, бирөөнү көргөндөй тегерегин жалжылдай карады. Эшикти аяр ачып, сыртка чыкты да, калчылдаган колдору менен тамеки күйгүзүп, өчү бардай дембе-дем соруп алды. Ашканадагы муздаткычтан коньяк алып, чоң стаканга толтура куйду да, суусап турган немедей көңтөрө тартып жиберди. Коньяктын күчү бир заматта денесин жибитип, көңүлү көтөрүлө түштү.

#67 12 December 2015 - 22:31
“Атаңдын оозун урайын... Кандай айла табам?.. Андан кантип кутулсам экен?..”- деп кобурады. Өчү бардай коньяктан дагы бир стакан толтура куюп, аны да калтырбай ичип ийди. Ичкилик башына тээп, азыр эле коркуп турган жаны жай ала: “Өх!”-деп эс ала түштү. “Кайдагы бир өлгөн кишиден коркчу болдум да, мени тирилип келип, муунтуп өлтүрчүдөй болуп...” Өзүн өзү жооткотуп көпкө отурду да, жатаар бөлмөсүнө кирип: “Эй, катын, нары жатчы, төшөктүн баарын ээлебей,”- деп аялына буюра сүйлөп, кыйшая кетти. Көзүн жумаар менен Акылдын элеси көзүнө көрүнө түштү. Баягыдай эле канжалаган кебетеси... Маңдайында теше тиктеп тургандай...
“Өх!”- деп Жолчу төшөктөн тура калды.
-Деги сен, адамга тынчтык бересиңби?! Түнү-күнү иче берип алкаш болуп кете турган болдуң го?!
Аялы жиндене күңкүлдөдү.
-Эй, катын, көп эле жиниме тийе бербесеңчи! Азыр муунтуп салам... Тимелеби...
Жолчу аялына кол шилтеди.
-Аай!- аялы бакыра төшөктөн тура качты.
-Сен акмак, канча кишинин убалына калдың экен?! Ушу сен алдагы кейпиң менен киши өлтүргөндөн деле кайра тартпайсың! Сага кор болгон кайран мен...
Жолчу аялынын сөзүнөн селт эте түштү. “Карасаң айтып турганын... Баарын билип алгандай сүйлөйт да...” Аялын заар чачкан көздөрү менен карады.
-Сен эмнени айтып былжырап турасың?! Киши өлтүргөнүмдү көрдүң беле?! Же эмне?... Канталап, кыпкызыл болуп турган көздөрү бир шумдуктуу кубулуп, булчуң эттери “дирт-дирт” эте, аялын чындап муунтуп өлтүрчүдөй калчылдап чыкты.
-Болду эми, жөн эле сүйлөп койдум да...
Аялы Жолчунун кебетесинен коркуп кетти.
-Жатчы деги, бай болгур... Балдарың үнүбүздү угушса, кирип келишет эми...
Жолчуну жооткото сүйлөп, колунан алып, төшөккө тартты. Жолчу аялынын колун силке, муштуму менен тап бере токтоду.
. “Энеңди гана урайын, катыны десе... Өлтүрүп гана салчудайсың, ээ! Мышыктай болуп... Мени жооткотумуш этип коёт...”
Жолчуну көздөрүн алайта тиктеген аялы, каткан немедей үн-сөз жок карап турду да, төшөгүнө кирип, жуурканын башына чейин чүмкөп, жатып алды.
ХХ ХХ ХХ
Жолчу төшөгүнөн түш оой араң турду. Түнү менен чабалактап уктай албай жатып, күндүзү түшкө чейин көзү ачылбай жата бермей, көптөн бери адатына айланган. Иши кандай жүрүп жатканы көптөн бери кызыктырбай калган. Шакирттеринин айтымында, бардыгы ойдогудай... Төшөгүнөн илең-салаң араң турду да, сыртка чыгып, колун кенен жая керилип алды.”Ээх! Жашоо...”-деп койду, төбөдөн тийген күндү карап.
-Турдуңбу?...
Нарыда тапчанда отурган аялынын сөзүнөн селт эте түштү.
-Ооба, турдум...Эмне болду? Турбай калат деп ойлодуң беле?!
Жолчу душманын көргөндөй кумсара түштү.
-Ай, сен, эмне эле болуп калгансың?! “Турдуңбу?”- деп сураганга да болбой калды беле? Баарыбызды каарый берип өлтүрө турган болдуң го!
-Эй, ажылдабай тамагыңды даярда! Барбы бирдемең?
- Бар... Келип отурсаң салып берем да тамагыңды.
Жолчу мончого кирип, чоң күзгүдөн өзүн карап, коркуп кетти. Көп күндөн бери алына элек сакал-муруту сапсайып, көзү кыпкызыл болуп, кебетеси бир шумдук. “Ээй, ушуну көрөт белем, байлык деп жүрүп...” Өзүнчө кобуранып, бети-башын жууп, сакал-мурутун кырып, кайрадан күзгүдөн өзүн карап, чедирейген курсагын сылап койду. Мончосу эле бир укмуш мунун... Анча-мынча сауналар бери жакта эле калат. Бассейни, пары, билъярд ойноочу столу... Дегеле, эс алуу үчүн баары жасалган. Жаңы салынып бүткөн кезде жоро-жолдоштору менен күн алыс ушул жерде эс алышчу. Азыр башка жерлерде серүүндөгүсү келет. Аялынан алысыраак...
Кериле басып, дасторкондун четине көчүк басты.
-Келе тамагыңды!
Аялына буюра сүйлөдү. Аялы шыпылдай басып, дасторконду түрлөнтө салды. Булардын дасторконунда дайыма чучук-карта, чүйгүн тамактар, анан сөзсүз конъяк...

#68 12 December 2015 - 22:32
-Куйбайсыңбы?
!
Жолчу стаканды көрсөттү.
-Эми, ичпей эле койбойсуңбу? ! Күнүгө кичинеден деп жүрүп, ичкениң көбөйүп кетти го!
Аялы буркулдай сүйлөп, конъяктан стакандын түбүнөн куюп берди.
-Эй, катын, сен мени үйрөтүп калдың беле?! Cурап келгенсибей куйбайсыңбы толтура! Ууй, энеңди...
-Сенин ушунуң өтүп кетти... Элдей болуп күлүп-жайнап отурбай калдык го...
Аялы бышактай конъяктан толтура куюп, Жолчуга сунду.
-Бышактаба! Сага эмне жетпейт?... Жеп-ичем десең тамагың, кийем десең кийимиң, үстүңдө үйүң, колу-мойнуң толтура алтын... Кааласаң ана, машинаң деги турат... Бышактабай оокатыңды жакшынакай кылып, жүрө бер...Тамакка жетпей канчалар жүрөт... Сага окшогон канча аял жүрөт эрге жетпей... Ууй, энеңди... Бактыңды көтөрө албай көөп баратасың ээ?!
-Урдум мен ушундай бактыңды... Сүйлөгөнгө да болбойт мага... Сенин гана көзүңдү карап жүрүп картайып кеттим го... Үү-! Үйгө байланган кандектей болуп... Тажадым...Үүү!
Аялы уңулдап ыйлай баштады.
-Тур , жогол уңулдабай! Сени бирөө кармап турабы бул жерде? Тажасаң көзүмө көрүнбө!
Жолчу столду бир муштап, ичип жаткан стаканын жерге бир чаап, туруп кетти.
ХХ ХХ ХХ ХХ ХХ
Машинаны зуулдата айдап, тоону көздөй бара жатты. Даңылдаган музыкадан кулак тунат. Тикирейе алдын карап, бул жашоодо түптүз кеткен чоң жолдон башка эч нерсе жоктой, ою туман... “Кайда качам?... Мээме сиңип, жүрөгүмө толуп алган коркунучтан кайда качам?...”Жолчу рулду эки колу менен мыкчый кармап, жолдун өңгүл-дөңгүлүнө да карабай, зуулдаган боюнча, шаардын, элдин сүрүнөн алысыраак качкысы келгендей, өз оюнан өзү качып бара жатты. Түнү түшүнөн, күнү оюнан кетпей, Акылдын коркунучтуу элеси Жолчуну биротоло ээрчип алган. Үн чыкса селт этип, баскан –турганы да олдоксон тартып, жоро-жолдош, ага-тууган тургай, аялы менен, өз балдары менен да сүйлөшө албай калган. “Киши өлтүрүштү оюнчуктай көрдүмбү? Кайсы шайтан азгырды?.. Жаны чыгаарда көзүмө көзүнүн кадала түшкөнүчү... Көзүн карабай койсом болмок экен...” Өз кылганына бирде жок шайтанды күнөөлөп, бирде Акылдын көздөрүн күнөөлөп, өзүнө бир кир жугузчудай эмес.

#69 12 December 2015 - 22:34
Машинасын жолдон чыгара токтотуп, күрүлдөп аккан суу жээгине жөнөдү. Бирде сууну, бирде тоону карап, бир аз да болсо эс ала түшкөндөй болду. Акыл угуп тургандай, акырын шыбырады: “ Кечирчи мени, Акыл, айбан болдум, көрө албастык жеңип кетти, Сенден ылдый экенимди, ошол кезде моюнума алгым келген эмес... А, чынында сенден бир канча пас экенимди азыр толук түшүндүм. Анын үстүнө ичимдеги ичкилик да ойноп кетпедиби...
Ошол мезгил мени кайсы шайтан азгырды... Азыр өкүнөм... Өкүнмөк түгүл...”
Албууттана күркүрөгөн тоо суусу бир заматта мелмилдеп, өзүнө чакырып тургандай сезилди. Суудан бирде чыгып, бирде жок боло түшкөн Акылдын денеси көзүнө көрүнө, жүрөгү селт эте түштү. Ушул сууга, ушул жээктен Акылдын жансыз денесин ыргытып салып, артын карабай басып кетпеди беле! Аттиң десең! Ошол мүнөт, ошол көз ирмем Жолчунун жан-дүйнөсү башкача эмес беле! Өзүн Кудайдан улуу сезип турбады беле! Жолчу отурган жеринен ыргып тура, тоо жаңырта :”Ааа!”-деп бакырды да, башын мыңчый жерге отура калып, туш келди жерди ургулап, бакырып ыйлап жатты.
-Кандай, Жолчу?!
Акылдын үнү... Жолчу, жүрөгү баягыдай калчылдабай, тегерегин карады. Эч кимди көрө албай:
-Акыл, кайдасың?-деди үнүн бийик чыгара.
-Менби?... Маңдайыңда элемин. Көрбөй турасыңбы?
Жолчу маңдайында, мурункудай жадырап күлүп турган Акылды көрдү. Уппузун аппак кийимчен... Же оронуп алганбы?... Каалгый учуп, буттары жерге тийээр-тиймексен. ..
-Мен сени көрүп турамбы, Акыл?
Жолчу таң кала сурады.
-Ооба, мен. Таң калба... Сен да мендей арбак экениңди түшүнбөй турасың го?...
-Арбак?!
Жолчу чоочуп кетти:
-Кандайча?
Акыл унчукпай, төмөн карасаң дегендей белги берди. Жолчу төмөн карай калып, өзүнүн да Акыл сыяктуу каалгый учуп турганын көрдү. Алдында шаркырап аккан чоң суу... Жолчу кайсалай, буттарын шилтөөгө аракет кылды. Денеси өзүнүкү эмес... Бир боштуктай...
Колдорун ары-бери жаңсай, эмне болуп жатканын түшүнбөй, денесин кармагысы келе карбаластады. Жолчунун айла таппай карбаластап турганына Акыл каткыра күлдү:
-Биздин дене өзүнчө бөлүнүп, жаныбыз асманга учкан. Биз жөн гана сезим менен калдык. Ха-ха-ха!
-Акыл, айтчы, бул жөн гана түшүм да, ээ?! Түшүмө кирип, коркута берчү болдуң го.
-Ээй, Жолчу, бул түшүң эмес.Тээтигил жакты карачы! Тез жардамдын ичиндеги канга боёлгон, жансыз дене сеники.
-Канга боёлгон?... Жансыз?...Кандайча? Менден өчүңдү алдыңбы?...
-Мен өч алганым жок. Өзүңдөн өзүң өч алганыңды билбей калдыңбы?
Акылдын сөздөрү кулагына угулбай, Жолчу кетип бара жаткан тез жардамды карады. Ичинде болуп жаткандын баары жанындагыдай көрүнүп турду. Чын эле өзү жатат окшойт... Үч ак халатчан денесинин жанында, өздөрүнчө сүйлөшүп бара жатышты:
-Байкуш, жолго неге жүгүрүп чыга калды экен? Ажалы да, машина анда-санда бир каттаган жерден да кырсыкка кабылганын карабайсыңбы? !
-Ошону айтсаң... Бекеринен “ажал кайдан” деп коёт турбайбы...
-Бул го, байкуш, өлдү. Тиги коюп алган жигитке да аябай жаман болду. Байкуш, жапжаш жигит экен.Күнөөсүз күнөөлүү болот го эми.
-Ооба десең... Сурактан суракка... Тергөө... Ээк! Анын бетин нары кылсын! Тьфу! Тьфу!...
Жолчу ак шейшеп жабылган денесинин жанында турду. Ачып, көргүсү келди, чын эле өзү экенине ишене албай, жанында үн-сөзсүз турган Акылды “Эми кантем,”-дегендей жалооруй карады.
-Жолчу!- деди Акыл:- Тирүүңдө эле эмес, өлсөң да бирөөгө жамандык кылып кеттиң ээ?!
-Менби?... Мен атайын эмес... Билбейм эмне болгонун. Көзүмө сен көрүнүп...
Жолчу болуп өткөн окуяны элестетип жатты. Жер муштап, бакырып, ыйлап жаткан кезде Акыл келип туруп калбадыбы жанында... Жүрөгү оозуна кептеле, тура калып, машинасына да карабай качып жөнөгөн болчу. Кайдан-жайдан зуулдаган машина чыга калды... Калганын билбейт...
Жолчу менен Акыл каалгый учушуп, Жолчунун денеси жаткан боз үйдө турушту.Боз үйдүн ичи ыйга толгон. Ана аялы, кызы, кайненеси да отурат...

#70 12 December 2015 - 22:35
... Эзели катышпай калган таэжеси да ыйлап алган. Боз үйдүн сыртында жоро-жолдоштору,
туугандары.
.. Таптакыр тааныбагандар да... Жалгыз уулу таяк таянып, улам келгендер менен кошо өкүрүп турат. Жолчу: “Мен мындамын, ыйлабагылачы!
”-деди үнү кыргылданып.
-Азыр сени эч ким укпайт. Сен алардын ыйлагандарына жүрөгүңдү оорутпай эле кой! Сен үчүн чындап кайгырып турушкандарына ишенип турасыңбы? Тирүү кезиңде алардын көңүлүн көтөрөөрлүк эмне кылып койдуң эле?!
Акыл Жолчуга карап каткыра күлдү.
-Ха! Ха! Ха! Алар сени ашып кетсе үч күн эстешет, үч күндөн кийин байлыгыңды талашышат. Көрүңө алып кетчүдөй болуп жанталашып жыйган байлыгыңды. ..
-Акыл, болдучу, алчу өчүңдү алдың го. Көп эле кыжырыма тийе бербесеңчи!
-Анда эмне... Экинчи жолу өлтүрөм деген турасыңбы?! Бул жактын законун билбейсиң! Бул жакта акча эч нерсени чечпейт...
Жолчу унчукпай, боз үйдөн сыртка учуп жөнөдү. Акыл да андан калбай артынан учту.
-Жолчу,- деди Акыл:- Өзүң ойлочу, алар сени сүйүп эстей тургандай эмне кылдың?
-Болду эми, Акыл, азыр колдон эч нерсе келбейт...
-Ооба десең! Колдон келип турган кезде, бир берилген өмүрдү барктап өтүш керек болчу. Бирөөлөрдүн жетишкендиктерине ичиң тарып жүрүп... Байлыгыңа чиренип... Балдарыңа да жакшы тарбия бере алган жоксуң. Алар да өзүңө окшоп байлыктын кулу болуп калышкан, жүрөктөрү таш болуп калган. Аялыңды, жок дегенде, жылуу сөзүң менен бактылуу кыла алдыңбы? Байлык менен баарын бактылуу кылам деп ойлодуң. Андай эмес, “досум”. Байлык колдун кири... Жан дүйнө... Сезим...Сүйүү. .. Достук... Алардын баары сага бир тыйынчалык баркы жок экенин кезинде түшүнбөптүрмүн. Сенден эртерээк кол үзбөгөнүмө өкүнөм. Дегеле, сен менен тааныш болгонума армандамын. ..
Жолчу Акылга каяша айта албай, жер тиктеди.
-Менин денемди сууга ыргытып салып, артыңды карабай кеткениңде. .. Апамдын зар какшап ыйлаганы... Үй бүлөм, же өлүүмдү, же тирүүмдү билбей... Каректери талып жол карап, Кудайга жалбарышып, үмүттөрүн үзбөй...

#71 12 December 2015 - 22:37
... Жок дегенде сөөгүмдү көрсөк деп... Күндөп-түндөп,
айлап-жылдап издөө салышып... Сага канча жолу түшүңө кирип, жок дегенде,”Сөөгүмдүн кайсы жерде калганын көрсөтүп кой,” - деп жалдыраган мезгилим эсиңдедир?..
. Сурандым... Жалдырадым.
.. Көз жашым көл-дайра болуп агылып, тизе бүгүп түшүңө канча кирбедим? Жүрөгүң таштан бүтсө керек! Таштан деле үн чыгат экен. А сен...
-Кечирчи, Акыл. Кечирчи, суранам. Мен деле мына сенин катарыңда турам го...
-Жок...Жок... Сен менин катарыма кошула албайсың. Жаның учуп, ушинтип сейилдеп жүрө берем деп ойлоп турсыңбы?! Үч күн... Үч күндөн кийин, денеңди жерге беришкен соң, жаның суракка кетет. Сурактан тозокко...
-Тозокко?... А сен эмне кылып жүрөсүң? Канча мезгил өттү. Сен суракты, тозокту билбейсиңби?
-Мен суракта болгом. Мага бул дүйнөдөн уруксаат беришкен... Сени тосуп албадымбы... Менин барчу жерим бейиш... Мен сага окшоп, тирүүмдө айбан болгон эмесмин.
Жолчу өң-алеттен кете, тирүүсүндөгүдөй калчылдап кетти.
-Үч күн... Үч күн...
Кайра-кайра кайталай, башка сөз оозуна келбей турду.
-Ай, баланын атасы!
Апасынын үнү... Тигине өзүн жетелеп, улам башынан сылап, эркелетип коюп, апасы турат.
-Оов! Эмне болду!
Нарыраакта малга чөп салып жүргөн атасы буларды карап, барбалактай күлдү.
-Карачы, балаң бутун шилтеп калыптыр,- деди апасы, кубанычтуу,
Экөөнүн жанына басып келген атасы Жолчуну таптак өйдө көтөрүп, бетинен өпкүлөп, эркелетип жатты.
-Жокинтайым менин! Балапаным... Басайын деп калган окшойт...
Жолчуну жерге койду да: “Кана, тай-тай-тай. Мени көздөй басчы,”-деп, экөө улам бири чакырып, Жолчунун улам бирин көздөй, колдорун жая, там-туң басканына көңүлдөрү көтөрүлүп, дүйнөлөрү түгөл болуп турду.
Кинотасмадай Жолчунун көз алдына өткөн өмүрүнүн үзүмдөрү тартылып жатты...

#72 12 December 2015 - 22:38
Кыпкызыл роза гүлдөрүн көтөрүп, апасынын колунан кармап, татынакай кийинип, бир жакка шашылып бара жатышат. Ойлоно түштү... “Аа!”-деп койду бир нерсени эстегендей.
Биринчи класска жаңыдан бара жаткан кези окшойт. Эки бети алоолоп жанып, апасына карап, улам бир нерсени сүйлөп коюп, бара жатат. “Ээх! Бактылуу көз ирмемдер...”
Жолчунун көзүнө жаш айлана түштү. Жанында турган Акыл: “Эй, сен да ыйлайсыңбы? !”-деди тийише. Акылдын сөздөрүнө назар салмак түгүл, жанында анын турганын да сезген жоок.
-Жолчу,- капкара костюм кийген Акыл Жолчунун жанында кубанычын жашыра албай толкунданып турду:
-Мен окууга өттүм...
Жолчу Акылга ичи күйө карады. Экөө бирдей борборго келип, тандаган окуу жайларына тапшырышкан. Жолчу биринчи эле сынактан кулаган. Акыл минтип чоң окуу жайына өтүп, кубанычы койнуна батпай турду.
-Жолчу,-деди Акыл, үн-сөзү жок, кабагы салыңкы отурган Жолчуну карап:
-Эми эмне кылайын деген оюң бар?
Жолчуга ошол саам, Акыл аны табалап тургандай сезилди. Ичи туз куйгандай ачышып, Акылдын, качан болсо, андан өйдөрөөк тепкичте жүргөнүнө ызалана түштү. “Мындан эмнем кем? Качан болсо ал каалаганына оңой-олтоң жетет , мен орто жолдо калам. Жадагалса бул ата-энеден да жолдуу... “
Өзүнүн ата-энесин Акылдыкынан ылдый санап турду. “Атам да бир байкуш , малдан башканы билбеген... Анан мен кайда бармак элем?.. Барып-келип Акылдан кем болгонума да алар күнөөлүү...”
Акылдын суроосуна жооп бергиси келбей, тунжурап ойго батып отура берди. Бир топтон кийин ооз учунан:
-Билбейм... Сен студент болдуң! Мен кантип, кайра айылга барам? “ Досуңчалык жоксуңбу?”- деп, эми мени шылдыңдашат да...- деди, куңкүлдөп.
-Ким шылдыңдамак эле? Быйыл өтпөсөң, эмдиги жылы сөзсүз өтөсүң. Ага чейин жакшылап даярдан,-деди Акыл Жолчунун көңүлүн көтөрө.
-Ооба... Сага айтканга оңой... Тигине Жыпара да өтүптүр окууга. Ал да шаарда калат... А мен... Айылга кайсы бетим менен барам?.
Жыпаранын атын укканда Акылдын өңү тамылжый түштү. “Демек, ал да өтүптүр да. Шаарда чогуу калат турбайбызбы! ”- деп сүйүнгөндөн кыйкырып жибере жаздады.
-Анда иш издеп көрөлү. Бизге окшогон жаштар шаарда эле иштеп жүрүшөт... Заводдордун бирине орношуп алсаң, жатакана да беришет. Анан бо-олду... Шаардык болосуң да каласың...
Акыл жүрөгү уйгу-туйгу болуп, Жыпара үчүн кубанып турганын жашыра,Жолчуга тийише сүйлөдү. Жолчу үңкүйүп өз ою менен алпурушуп көпкө отурду да, Акылды сынай карап:
-Сен да Жыпараны сүйүп жүрөсүң ээ?!-деди.
-Жыпараны?...
Акыл күнөөсүн карматкан кишидей тайсалдай түштү.
-Жок...Жок...
Негедир актана кетти. Көптөн берки, эч ким билбеген, жүрөгүнө аздектеп каткан сүйүүсүн кимдир бирөө билип койсо, жоготуп алчудай коркуп кетти.
-Эмне, анча секирдиң?! ... Мени эмне, эч нерсе билбеген келесоо деп ойлойсуңбу? ! Жыпараны көргөндө өң-алеттен кетип, сүйлөй албай калганыңды эч ким байкабайт деп жүрөсүңбү? Айтып коёюн... Ал меники...

#73 12 December 2015 - 22:39
Сөз айтып, тийишкениңди көрсөм, таарынба!
- деди Акылды душманындай карап. Экөө бирдей, айылдаш кызды жактырып жүргөндөрү,
Акылдан Жыпараны тымызын кызганган Жолчунун ою ошондо билинген.
-Жыпаранын ою сени кызыктырбайбы? Сен экөөбүз ал жөнүндө талашып-тартышканыбыз, достуктан кечип кажылдашканыбыз туура эмес го деп ойлойм.
-Сенин оюңду уруп ойногум келбейт. Мен сага айтымбы, болду!
Акыл Жолчуну таң калычтуу карап, унчукпай басып кетти.
Ошол күндөн Акыл Жыпараны канчалык жакшы көрсө да билгизбей, ичине сыр кылып катты. Жолчу шаарда калып, жумушка орношту да, ошол кездеги көпчүлүк жаштардай жатаканада жашай баштады. Экөө анда-санда гана көрүшпөшсө, баягы бала кездегидей күнүгө жолугуу, ойлорунан бери чогуу ойлонуу артта калды...
Билинбей, мектепти бүткөндөрүнө беш жыл болуп, классташтар айылда жолугушмай болуп сүйлөшүштү. Ошол кеч! Акылдын да, Жолчунун да эсинен кеткис күн болду. Татынакай кийинип, койкоңдой баскан Жыпараны көргөндө экөө тең эстеринен тана жалдырашты го...

#74 12 December 2015 - 22:40
. Жыпара мурункудан да суйкайып, көлдөгү ак куудай мойну койкоюп, көргөн адамды суктандырган периге айланыптыр.
А балким, экөөнүн көзүнө гана ушундай көрүнгөндүр?
! Беш жыл ичинде Акыл Жыпарага жөн гана классташындай жолукканы болбосо, ага болгон сезимин сыртка чыгарып, анын оюн билүүгө даай албай койгон. Ошол мүнөт Жолчунун качанкы айткан сөзү эсине түшүп кетти. Жолчунун сөзү үчүн, сүйүүсүн ушунча жылдан бери, жүрөгүндө жашыруун сактап жүргөнүнө, жини келе түштү. “Бүгүн айтам... Бүгүн... Бала кезден бери сүйөрүмдү, башканы аны сүйгөндөй сүйө албасымды...
“
Ал эми Жолчунун ою ошол мүнөттөрдө башкача эле. “Бүгүн ала качып кетпесемби! Артыңан далай жүгүрсөм да, каалаганың кылууга даяр экенимди билсең да тоготпой койдуң эле. Бүгүндөн калбай мендик болосуң”-деп ойлоно, Жыпараны кытмыр карап коёт. Кеченин аягында, Жолчу, оюна жетүү үчүн, даярдап койгон машинага Жыпараны, жеткирип коём деп алдап отургузду да, үйүн көздөй зуулдата айдатып жөнөдү. Баарынан кызыгы Жыпараны ала качып кетүү жөнүндөгү оюн бир да классташы билген эмес. Жанындагы санаалаш кыз-жигит эч нерсе болбогондой, ырдап бара жатышты.

#75 12 December 2015 - 22:41
Машина Жыпаранын үйүнөн тескери тарапка бурулганда,
Жыпаранын жүрөгү алда-немени сезгендей туйлап, көздөрүн алайта Жолчуну карады.
-Жолчу, кайда баратабыз? –деди шаша.
-Эч кайда...-деп Жолчу Жыпараны жооткото сүйлөп, белинен имере тартты.
-Э-эй, сага эмне болду? Мас болуп калгансыңбы?
Жолчунун колун түртө, Жыпара оңтойсуздана түштү.
-Мас?... Кайдагы масты айтып жатасың? Мен ичкен жокмун... Мен сенин жытыңа, сенин сулуулугуңа мас болуп жатам.
Жолчу жалжалактай каткырып күлдү.
-Көп эле ырсаңдабачы! Түшүр мени машинадан! Өзүм эле жетип алам.
-Каякка түшөсүң? Сен бүгүндөн баштап менин жарым болосуң. Канча жалдырасам да тоготпой койдуң эле. Бүгүн, татынакай ак жоолук салынып, көшөгөгө киресиң. Үйдөгүлөр күтүп жатышат.
-Жолчу! Койчу обужок тамашаңды! Мен менен эсептешпей, өзүңдүн каалаганыңа жетем деп турасыңбы? Мени күчкө салып сүйгүзүп алам деп ойлосоң, анда таптакыр жаңылышасың!

#76 12 December 2015 - 22:42
! Эгер билсең, менин сүйүүм башка адамга арналган.
-Башка адамыңды урганым жок. Мен сени сүйөм... Ошол жетет экөөбүзгө.
Жыпара эмне кылыштын айласын таппай кетти. Жолчуга жалооруй карап, көздөрүнө жаш алды.
-Жолчу,- деди акырын: - Мен кимди сүйүп жүргөнүмдү уксаң... Сен өзүң эле мени менен жашагың келбей калат.
Жолчу көздөрүн алайта Жыпараны карады.
-Кимди айткан турасың?
-Мен... Мен...
Жыпара, чоң күнөөнү мойнуна алуучудай мукактана, Жолчуну карады.
-Айтпайсыңбы? Ким ал... Менден анын эмнеси артык болуп кетти экен?
-Кеп артык, кемде эмес. Муну сүй, муну сүйбө деп жүрөктү башкара албайт экенбиз да. Менин деле башка кыздардан эмнем артык болуп кетиптир?!
-Сен башка сөзгө бөлбөй, айтпайсыңбы, кимди сүйүп жүргөнүңдү? !.Мен уксам жашагым келбей калчудай...
-Айтсам коё бересиңби?
-Көрөбүз...

#77 12 December 2015 - 22:43
Жолчу каадаланымыш этип койгону менен, негедир бирөөнүн атын укчудай калчылдап кетти. “Дагы эле ал... Качан болсо, менин алдымда жүрөт... Баардыгы ойлогондой дос эмес ал мага.” Кимди айтып, менин сүйүүмө суу себээр экенсиң дегендей, акшыя карап, Жыпарадан жооп күттү.
-Акылды... - деди Жыпара, эч ким укпасын дегенчелик, шыбырай сүйлөп.
-Акылды?!.
Жолчу эзелки душманынын атын уккандай, өңү кубарып, Жыпараны заар чачкан көздөрү менен теше карады. Жаңы эле күлүп, өз ишине өзү курсант болуп келе жаткан Жолчунун көздөрү жемин көргөн жырткычтай күйүп турду.
-Токтот машинаны!
Машинаны жол жээктете барып токтоткон айдоочу, таң калычтуу Жолчуну карады:
-Эй, бала, эмне кыйкырасың? ! Кулагы дүлөй деп ойлоп жаттың беле?
Айдоочунун ага кайрылып сүйлөгөнүнө Жолчу көңүл да бурган жок. Эшикти шарт ачты да, өзү менен кошо Жыпараны сүйрөй түштү.

#78 12 December 2015 - 22:44
-Э-эй,э-эй, эмне болуп кетти силерге? Эрди-катын боло элек жатып, жакалашып калдыңарбы?
!
Жанатан бейкапар, өздөрүнчө обон созуп келе жаткан кыз-жигит машинадан түшө калышып, Жолчунун өң-алеттен кетип калчылдап турганына таң калыштуу карашты.
-Жогол! – деди Жолчу Жыпарага кыйкыра: - Экинчи көзүмө көрүнчү болбо!
-Эй, Жолчу! Сага эмне жин тийип жатабы?! Ала элек жатып, аялыңа кыйкыргандай кыйкырасың да!
Жолчунун оюна макул болуп, Жыпараны ала качууга жардам берип, чогуу-чаран бакылдап келе жаткан жигит, Жолчуну жакадан ала силкип жиберди.
-Сен таза айбансың го?! Сага макул болуп келе жаткан мен да келесоомун. .. Жүрү кеттик! Жанындагы кызды колтуктан ала, жөнөп калды. Жыпара түш көрүп жаткандай дендароо болуп катып турду да, Жолчуга карап:
-Мен сени түшүнүктүү, жакшы жигит деп жүргөм...- деди, көздөрүнө жаш ала: - Акыл сенин досуң го, аны жакшы көрөөрүмдү билсең, түшүнөт экен дебедимби?

#79 12 December 2015 - 22:45
- Досум?... Дос эмес ал мага... Силер ошентип чечсеңер эле дос болуп калат экенбиз да ээ?!
Акыл жин урган немедей кыйкырып, башын кармап жерге отура калды.
-Жоголгула! Баарыңар, жоголгула! Мени табалап турасыңарбы, бул жерде?!
Бардыгы кол шилтей, өз-өзүнчө жолдоруна түшүштү да, кош айтышпай жөнөп кетишти.
ХХ ХХ ХХ ХХ
Кеченин аягында Жыпарага жолугуп, сүйүүсүн билдирем деп кыялданган Акыл, Жыпаранын Жолчу менен бир машинага отуруп жөнөп жатканын көрүп, ичинен ызаланып кала берген. Жалгыздап көчө бойлоп келе жатып, алыстан караан көрүп, токтой калды. “Кыздын сөлөкөтүндөй. .. Түн катып жалгыз баскан кандай кыз болду экен?” Акыл таң кала, караан жакындаганча карап турду. “Жыпара го?... Кандайча болуп кетти? Жолчу менен чогуу кетип жатпады беле?...” Акыл ойлоно, караанды утурлай басты. Жыпара да Акылды алыстан тааный, жүрөөгү опкоолжуп, апкаарый түштү.

#80 12 December 2015 - 22:46
. Сүйүшкөн эки жүрөк күтүүсүз жолугууну тымызын күтүп жүрүшкөндөй,
ары кубанып, ары уялып турушту.
Ошол кеч... Жолчу үчүн дагы бир утулуш болсо, Акыл үчүн өмүрүнүн эң бир бактылуу мүнөттөрү болду. Бала кезден аруу сүйүүсүн арнап, айтууга тили күрмөлбөй, кыйналып жүргөн жаш жигитке Кудай өзү жардамга келди көрүнөт. Ошол бактылуу мүнөттөрдөн баштап, Акыл менен Жыпара антташкан жуптардан болушту. Жолчу көп мезгилге чейин ызасын жеңе албай, Акылды бир кездеги досундай эмес, касташкан жоосундай көрүп, жолуккан жерлерде учурашкысы да келбей жүрдү.
ХХ ХХ ХХ ХХ ХХ
Жолчу да өзүнчө түтүн булатып, бара-бара эски ызасын унуткаргандай, Акылдын үй-бүлөсү менен катышып калган кез. Экөө тең бизнес ишине аралашып, шаар жергесинде үйдөн-үй, машинадан машина которушуп, бапырап калган убактары. Үй бүлөлөр чогуу отуруп калган кездерде, өткөн күндөрдү эске салышып, жаш кездеги жоруктарына каткыра күлүп калышат. Сыртынан билгизбегени менен, Жыпарага болгон ашыктык сезимин Жолчу унута албачудай.

Супер-Инфо
super.kg
видео