. Сүйүүсү ашып-ташпаса да, кандайдыр бир өчөшкөн, көрө албастык, менден аны жогору койгон деген ызалуу сезими кээде жүрөгүн куйкалап кетет. Акылдын золобосу көтөрүлүп, ишинде да, ошол эле мезгилде бизнесте да жолдуу болгонун негедир Жыпарага байланыштыра берет. Жыпарасыз ал эч ким эместей...
Ташы өйдө кулап, байлыкка манчыркап турган Жолчу, бир мезгилде банкрот болду да калды. Уучтап жүргөн акчасын бирөө соруп кеткендей, эсебин таппай карайлап, бизнести башкача улантууга күчү жетпей калган кезде, Акыл жардамга келди. Болгондо да көп суммадагы акча менен... Акылдын ар бир ийгилиги, жадагалса жардамы да Жолчу үчүн, аны тебелеп, табалап жаткандай туюлду. “Акча болгондо бересиң... Азыр шаштырбайм.
”-деген Акылдын сөзү : “Мага жетиш кайдан... Башынан эле менден кем элең, азыр деле ошосуң да,”-дегендей угулду. Ошол күндөн баштап, Акылдан кутулуунун жолун издеп жүрдү.
Издеген жолун да тапты... Акылдан да оңой-олтоң кутулду... Бирок...
Нурайым Шаршенбаева эженин калемине таандык чыгармалар. ырлар жана чыгармалар.топтому.
#82 12 December 2015 - 22:49
-Өөх!- Жолчу оор үшкүрүп алды. Өткөн өмүрүнүн кичинекей үзүмдөрү көз алдына
тартыла, кинотасма көргөндөй отура берип, үч күндүн кандай өтүп кеткенин да байкабай калган экен.
-Ээй!- үшкүрүктүн артынан өкүнүчтүү улуттунуп алды. “Өмүрүмдөгү болгон анча-мынча кыйчалыштарды да бирөөдөн көрчү турбаймынбы? ! Бул бир келген өмүр биз үчүн чоң сыноо окшойт. Сыноодон башты бийик көтөрүп, адам болуп жаралган соң, адам боюнча өтүш, ар бирибиздин эле колубуздан келе бербейт көрүнөт. Аттиң десең! Кайрадан жаралсам не?! Бүт өмүрүмдү түп-тамырынан бери өзгөртүп жашабайт белем?! Ичи тарлыкты, көрө албастыкты, ырайымсыздыкты, дегеле адамдагы терс сапаттардын баарын, Кудай атайын, адам баласын сыноо үчүн, жаратып койгон бейм... Ошол эле терс сапаттардын жанында, өмүр бою коштоп, жакшынакай сезимдер кошо жүрбөйбү?! ... Аларды өгөйсүнтүп, чыркыратып тебелеп-тепсеп жатканыбызды этибар албай, “сага ошондой жарашат”- дегендей мамиле кылат турбайлыбы! ”
Жолчу өткөн өмүрүнө өкүнө оор үшкүрдү.

#83 12 December 2015 - 22:50
. Тирүүлүктө үч күн көп эле мезгилдей болсо, бул мейкиндикте зымырык куштай көзгө илээшпей өтүп кетти.
Жолчу сөөгүнун жанына келди. Бүгүн коштошо турган күн. Жаткан ордунан алышты да, бирөө суу куюп берип, үч киши үч жагынан жуундура башташты. Жолчу ушунча жашка келип, бир да жолу өлүк жуундуруу салтына катышып көрбөгөнүнүн эстеди. Жуундурган денени ак кепинге орошту да, боз үйдөн алып чыгышты. Жолчу денесин акыркы ирет көрүп алууга жанталаша шашып кетти. “Мен мындамын! Карагыла бери!”-деп кыйкыргысы, баягыдай тирүү кези болгондо, денесин ак кепинге ороп жаткандарды жакалап, сыртка сүйрөп чыккысы келип турду. Бирок, колунан азыр эч нерсе келбешине баш ийип, аргасыздан ак кепинди айлана каалгый учту. Окулган жаназадан кийин, денесин мүрзөгө алып жөнөштү. Чыркырап ыйлаган уул-кызы менен, өмүр бою чогуу түтүн булаткан аялы менен, туугандары менен шыбырай коштошту да: “Кечиргиле! ”-деди. Акыркы мүнөттөрү калганын сезген Жолчу айла таппай каалгый учуп, кайсы тарабынан ким келет дегендей кылчактай карады.

#84 12 December 2015 - 22:50
Аппак кийинген үч караан көрүндү. “Мага келгендер окшойт!” Жолчу сүйүнүп кетти. “Кара эмес, ак...” Жок... Алар Жолчуга эмес Акылга келишкен эле.
-Кош!- деди Акыл кол жаңсай.
-Кош!- деди Жолчу да.
Бир заматта ачык күн бүркөлө түшкөнсүдү. Акылдар кеткен тараптан үч караан көрүндү. “Капкара...” Жолчу өзүнчө кобурап койду. – Булар мага окшойт...
Бардыгына кайдыгер боло түштү. Тирүүнүн тозогунан өлүүнүн тозогу күчтүү экенин сезбей турду...
-Кошкула...-деди кайра кобурап.
-Кечиргиле.. .Кечиргиле... Кечиргиле...
Кайра-кайра кайталап, үчөөнүн ортосунда, тааныш эмес туңгуюкту көздөй учуп бара жатты...
аягы.... Автор: Шаршенбаева Н.А.

#85 12 December 2015 - 22:54
CЫР
(аңгеме)
Жумушта, бош убакытым боло калса, колума тийген китепти окуп отура бермейим бар. Адатымча китеп окуп отурсам, чогуу иштеген жигит:
-Эже, дагы эле китеп окуп отурасызбы? Китептен тажай элексизби?.. ”-деп жылмайды.
- Жакшы китеп тажатпайт... Улам бир окуяга сүңгүп кирип кетесиң да, - дедим, китептен көзүмдү албай.
-Мен да бир кезде китеп окуганды аябай жакшы көрчүмүн... Бир окуядан кийин, окугум келбей калды, - деп, жаныма отурду.
- Эмне окуя, анчалык эле китепти жаман көрсөткөн?
Окуп отурган китебимди жаптым да, ага таң калычтуу карадым. Суроомо жооп бербестен, кайра мага суроо берди:
-Сиз, ушул чыгармалардын авторлорун кандай адамдар деп ойлойсуз?
-Кандай болмок эле?.. Сен экөөбүздөй эле, эки колу, эки буту бар, баштары бирөө... Суроосуна тамашалай жооп бердим.
-Жо-ок... Мен аны сурап жаткан жерим жок... Мисалы, ырлары бир сонун, окусаң жан эргиген... Дүйнө жүзүндөгү болгон сулуулукка суктанган, ар бир жаман нерсеге күйүп-бышкан ырларды жараткан адамдын ич-дүйнөсү да ошондой деп ойлойсузбу?
Мени сынай тиктеди.

#86 12 December 2015 - 22:54
-Анан кандай болмок эле?.. Жүрөктө болуп жаткан нерселерди жазышса керек да... Же, эмне, бирөөнүн калоосун кагаз беттерине түшүрүшмөк беле?
-Сизге ар кайсы суроолорду берип башыңызды ооруткандан көрө, мен сизге, башыман өткөн бир нерсени айтып берейин... Анан сизге баары дайын болот...-деди да, мени угасызбы дегендей суроолуу карады.
-Айта бер, - дедим, баш ийкеп.
-Анда аңгемем башынан болсун: ХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
-Чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойдум. Кичинемде эле ата-энем ажырашып кетишиптир. .. Атам армиядан катуу таяк жеген көрүнөт. Келгенде “башым ооруйт” дегени менен догдурга көрүнбөй жүрө берип, үйлөнүп-жайлангандан соң оорусу күчөп, жин ооруга айланган имиш. Оорусу кармаганда айылды түрө кыдырып, кыйкырып-өкүрүп, жолунан кезиккен адамды таш-бараңга алып, өзүнчө сөгүнүп-сагынып, айтор аябай жаман болчу экен. Апам анысына чыдабай, мени көтөрүп алып, төркүнүнө кетип калган экен. Ошондо, байкуш чоң атамдар апама ыйлап барышып, мени, жалдырап жатып, өздөрүнө алып келишкен турбайбы. Ошону менен апам бир кайрылбаптыр. .. Менин бар экенимди деле унутуп калган көрүнөт. Ким билет?.

#87 12 December 2015 - 23:21
Маектешим оор улуттунуп алды...
- Атам жин оорудан арыла албай жүрүп, эрте эле кайтыш болуп кетти... Оорусу кармабаган мезгилде абдан шайыр, жароокер адам эле. Менин ар бир айтканымды чын көңүлү менен аткарууга даяр болчу. Үйдүн алды алма-бак... Көп убактыбызды ошол жерде өткөрчүбүз. Атамдын күтүүсүз кармаган оорусунан корккон чоң апам айыл-апага да чыкпай калган. Чоң атам пенсияда экенине карабай иштөөчү...
Аңгемесин токтотуп, бир чекитти көпкө тигиле карап бир саам отурду да:
-Мунун баарын айтып отурганымдын себеби, айтайын деген окуямдын ошо кездерге да байланышы бар... –деди.
Сөзүнө тоскоол болбоюн деген ойдо, унчукпастан, “айта бер, кулак сенде” дегендей, баш ийкедим.
-Чоң-атам, чоң энемдин көздөрү тирүүсүндө, ата-энемдин бары-жогу билинген эмес. Алды болбосок да, элдин артында эмес элек. Менин көзүм менен тең айланып, бар-жок эмне экенин билгизбей өстүрүштү. Мектепти аяктаар жылы, экөө бири-биринин аркасынан кайрылгыз сапарга узап кете беришти. Ыйлай-ыйлай жайларына узаттык.

#88 12 December 2015 - 23:22
. Эл жалгыздыгымды билгизбей, болгон жардамдарын көрсөтүштү.
Бирок... Жай-жайларына бергенден кийин, бир үйдө ээнсиреп жалгыз калдым. Атам жалгыз бала болчу. Жакын тууган таба албай кыйналдым...
Элдин да өз түйшүгү, өз жашоосу бар эмеспи... Айтор, менин жалгыздыгымды тең бөлүшкөн, үйдөгү итим... Ич-бугумду ошого айткан күндөрүм арбын эле болду.
Мектепти бүтөөр менен жогорку окуу жайга сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, ишке орношуп алдым. Айылым шаардын четинде. Жумушка барам, келем, китеп окугандан башка кылаарга иш жок. Чоң атамдын өздүк китепканасы боло турган...Үйдө турган китептин бирин калтырбай окуп чыктым...
Билинбей жазгы сессиям башталып калды. Кышкы сессияда группалаштарды деле көргөндөй болгон эмесмин. Бирин-экин келип кетишчү. Мында көп келишиптир. Арасынан бир кызга имерилип калдым. Кызга болгон сүйүүдөй эмес... Башкача сезим... Өзүмө таң калам... Ал келбей калды дегиче, көңүлүм бир нерсени жоготкондой кайсалай берет. Сабакка көңүлүм чаппай, ойго түшүп кетем. Эмнегедир бирөөлөрдөн кызганган күндөрүм да болду. Менин ушундай карындашым же эжем болсо деп кыялданам. Бир күнү аудиторияда экөөбүз гана калыптырбыз.

#89 12 December 2015 - 23:23
. Бир пара жогунан баары каяккадыр чыгып кетишкен сыяктуу. Улам бир теманы сүйлөшүп отуруп, китеп окуганды жакшы көрөөрүмдү айттым. Эртеси бир китеп көтөрүп келиптир. “Муну сага алып келдим,”-деп,
мага сунду. “Рахмат,”-деп,
китепти колума алдым да, көнгөн адатымча, биринчи бетин ачып эле, автору менен тааныша баштадым. “Автору-атам,
”-деди сыймыктанып.
“Ырлары сонун... Окуп, кайра бересиң да... Атамда калганы ушул эле болсо керек... Жок экенин көрсө, урушат,”-деди жылмайып. “Атаң ыр жазабы?” “Ооба,”-дегендей баш ийкеди. “Мен канча аракет кылсам да, ыр эмес, жакшылап кат да жаза албайм. Ырды жөн киши жазбайт... Ал да Кудайдын берген белеги болсо керек,”-дедим.
Үйгө бараар менен китепти окууга кириштим. Чын эле, абдан жакшы жазылыптыр. А, мүмкүн мага ошондой сезилгендир. .. Айтор, чын ыкласым менен, берилип окудум. Сүйүү ырлары, Мекенди, туулган жерди сагынуу, жаратылыштын ажайып кооздугу, эне-бала жөнүндөгү ырлар... “Ушинтип, куюлуштуруп кантип жазышат,”-деп, акындын калемине суктандым.. Эртеси китепти берип жатып: “Кандай бактылуусуң. .. Ушундай кишинин кызы болуш өзүнчө эле сыймык болсо керек,”-деп, чын ниетим менен айттым. “Ооба да,”-деди кыткылыктай күлүп: “Каалайсыңбы, атам менен тааныштырайын, ” Ойдо жок сунушту айтканына шашып кеттим. “Кой, уят эмеспи... Эмне деп таанышмак элем,”-дедим, кайсалактап. “Эмне демек эле? “Группалашым болот... Келечектеги күйөө балаң...”-деп тааныштырам. Калганын ошондо көрө жатаарбыз да,”-деп, мени сынай карап, кыткылыктап күлүп турду. Күлкүсүнүн жагымдуусу, ай! Ушундай бир керемет, сөз менен айта алгыз... Канча күлсө, ошончо уккандан тажабас элем... Азыр да, ошол күлкүнү сагынып жүрөм...
Билинбей, сессия да аяктады. Эмки окууну күн санап күттүм. Сессиядан сессияга ошо кыз үчүн барып жүргөндөй элем. Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйүшкөн жокпуз... Ээрчише басып сырдашкан да жокпуз... Бирок, кандайдыр бир күч аны көздөй жетелейт да, турат. Кадимкидей сагынам... Эң жакын кишимдей... Анын ар бир сүйлөгөнүнөн, күлкүсүнөн, дегеле турган-турпатынан дем-күч алгандай болом... Анын бул жашоодо бар экенине чын ниетим менен ыраазы болуп кетем.

#90 12 December 2015 - 23:24
Ошентип жүрүп, билинбей окууну бүтөөр мезгил да келип жетти... Ой-боюма койбой, үйүнө чакырат. Анын сезимин билбейм, кандай экенин... Мени жакшы көрсө керек деп кээде чоочуп кетчү болдум. Анда мындай сезимдин болуп калаарына неге кыжаалат болом, өзүм да түшүнбөйм. Экөөбүздү сырттан карагандарга кыз-жигиттей көрүнүшүбүз толук мүмкүн. Жадагалса группалаштар да ошондой ойлошсо керек. Бирок мендеги сезимдин кызга болгон сүйүүдөн айырмаланып турганына толук ишенем...
Бир күнү анын сунушуна макул болдум. Экөөбүз ээрчише анын ата-энеси менен таанышууга жөнөп калдык. Ошол 4-5 жылдын ичинде атасынын далай ырларын окуп, аны таанып калгандай болгом. Ошентсе да, акынды бир көрүүгө негедир куштарланып, өзүмдү бактылуу сезип, эки бетим алоолоп жанып, кызды ээрчип бара жаттым. Үйлөрү окуу жайдан өтө алыс эмес райондордун биринде экен. Бат эле кирип бардык... Ата-энеси күлө-жайнап тосуп алышты. Баарынан да, апасынын берээрге ашын таппай карбаластап жүгүргөнүнө ыраазы болуп турдум. Тамактанууга чогуубуз менен отурдук.

#91 12 December 2015 - 23:25
. Негедир апасынын көзү жылуу учурайт. Кайдан көрдүм эле дегендей астыртан карап коём. Ал да мени башкача карап жатты. Кыргыздарга тиешелүү, ата-тегимди сүрүштүрүү башталып калды. “Кай жерлик болосуң? Ким дегендин баласысың? Ууруң ким?” Атасынын ар бир суроосуна экзамен тапшырып жаткандай калчылдап, араң жооп берип жаттым. Улам бир суроосуна жооп берген сайын, өңү негедир кумсарып кете берди. Апасы бетин басып чыгып кетти. Атасы зиркилдеп: “Жүрү жигит, экөөбүз мындай сүйлөшөлү,”-
деп сыртка жөнөдү. Артынан илкий бастым. Неге сөзүбүздүн аягы мындай нукка бурулуп кеткенине түшүнө алган жокмун. “Ата, силерге эмне болду?” Кызы аркабыздан чыкты эле, “Сен кир нары жакка!”-деп атасы кыйкырды. Сыртка чыктык. Мени акшыя карап: “Сен биздикине ушундай жол менен келейин дедиң беле?!”-деди.
Дагы эле эч нерсе түшүнгөн жокмун. Эмне деп жооп айтышты билбей жалдырап туруп калыптырмын.
Дагы бирдеме дей электе бул жерден кетип калайын деген ой менен нары бастым. “Мен буларга эмне жамандык кылдым,”-деген ой башымда айланып туруп алды.
.. Кайрылдым да: “Айтыңызчы, мени неге мынча жаман көрдүңүз,”- дедим да, суроомо жооп күтүп, көздөрүнө тигиле карадым. “Калп эле, билмексенге салба! Энеңди издеп жүрүп, акыры таптыңбы?! Менин көзүмдүн тирүүсүндө бутуң кирбейт бул үйгө!”-деп кыйкырды. Сөзүнүн төркүнүн түшүнө албай,келесоо немедей жалдырадым. Ар бир сөзү бир заматта, мээмде айлана түштү... Көрсө, менин “апакай апакем”, бул адамдын жубайы турбайбы! Мына сага укмуш! Өмүр бою бир кайрылып келбеген апакемди байкоостон өзүм таап алган турбаймынбы! Кызыгың түшкүр... Качаңкы, бир кезде таштап кеткен баласы экенимди билгенде, “байкуш апакем” бетин басып, чыга качкан экен да!..
“Таштаган эмес да,”- дээрсиз... Таштабаса, бир кайрылып ал-акыбалымды билет эле го... Менин жалгыз калганымды, атамдын жалгыз бала экенин деле билсе керек деп ойлойм. Баарынан кызыгы, укмуштай сонун ырларды жараткан, сыртынан сыйлап, таанышууга куштар болуп жүргөн ал адамдын ушунчалык пастыгына таң калдым. Бирөөнү сынап, бирөөнү күнөөлөөдөн алысмын... Бирок... Айтор көп нерсеге азыркыга чейин башым жетпейт...

#92 12 December 2015 - 23:29
... “Эптеп үйлүү-жайлуу болоюн деген ниет менен келди,”-деп ойлошту дейин десем, чоң атамдын колунда бар, берекелүү адам экенин кантип эле билишпесин?
“Бизге карасанатайлык кылайын деп, кызыбыз менен таанышып жүргөн тура...”-деп ойлошту дейин десем,анда аларга чындыкты айтып эмне кылат элем?! Айтор... Билбейм... Ал кишинин мени көргүсү келбегенин түшүнсөм да, өз апамдын мага кылган мамилесине таң калам. Аларды жек көрбөйм... Таарынгым да келбейт... Тек гана, кээде жалгыз отуруп, бир туугандарымдын жогуна ыза болом. “Бир тууганым” деген сөздү укканда, ичим туз куйгандай ачышып кетет. “Атадан алтоо болгончо, энеден экөө болсун” деген сөздүн чындыгына да ишенбейм. Жок дегенде атамдын бир туугандары болсо...
Аңгемесин токтотуп ордунан турду да, ачык турган терезени көздөй басты.
Бул жигиттин башынан өткөн окуясын таң калуу менен угуп отурдум. Башка бирөөдөн уксам ишенбейт белем, ким билет?..

#93 12 December 2015 - 23:30
Биз билбеген дагы канчалаган адам тагдырлары сыр болуп, ар адамдын ичинде сакталуу жүрсө керек... Билбесең... Бүт эле адам баласын жакшы деп жүрө беребиз да... Кеп ыр жазган-жазбаганда эмес, чыгармачыл экениңде да эмес, чыныгы адам болууңда экени айдан ачык го... Бирок адам дүйнөсүн кагаз беттерине түшүргөн айрым бир “жазмакерлердин” деңгээлинин төмөндүгүнө ичиң ачышат экен. “Бир кумалак бир карын майды чиритет”- дегендей, кээ бир түркөйлөрдүн айынан көпчүлүккө сөз тийип калганын карабайсыңбы.
Дегеле ким болсок да, ич-дүйнөбүз таза болсунчу... Кандай иште болсок да, адам баласына, дегеле жан-жаныбар,
жаратылышка аяр мамиледе бололучу!
Адам көңүлү аялуу гүлдөй болот эмеспи...
аягы. авт:Ш.Н.А.
аягы. авт:Ш.Н.А.
#94 12 December 2015 - 23:31
КОРКОМ! (эсселер түрмөгүнөн)
ОРТ телеканалындагы күнүгө кечинде болуучу “Пусть говорят” көрсөтүүсүнөн бир көйгөйдү талашып жатышты... Мектеп окуучулары эки жаатка бөлүнүп алышып, бири-бирине “согуш” жарыялашат экен.(“байлар”, “кедейлер” болуп) “Мунун себеби эмнеде?”- деген суроонун тегерегинде “чоңдор” бирине бири сөз бербей, балдардын кылыктарын көпкө талкуулашты. Карап отуруп, күнөөнүн баары балдарда эмес, ата-энеде, мугалимдерде, тарбия берип жаткан чөйрөдө экенин түшүнүп турдум. Ал көйгөй ал жакта гана эмес, бизде да бар экени талашсыз... Бир окуя эсиме түштү...
Балдар ойноочу аянтчада, балдарыма көз салып, эс алып отургам
. Менден бир аз окчунураак үч-төрт жаш келин “ушак” куруп, балдарынын жандарына турушту... Бир маалда бирөөсү мага карап: “Эже, сиз уккан жоксузбу, тиги балдар бакчасы госс болот имиш го, сиздин балдар да барышабы?”- деп сурап калды. “Укканым жок... Батыраак эле, ошондой болсо экен. Азыркы акчасына чыдай алчудай эмесмин. Жеке садиктин баасындай эле экен го,”-дедим мен. “Госс. болбой эле койсо экен,”-деп, бирөөсү сөзүмдү жула качты. “Эмнеге?”-мен таңыркай, суроо бердим. “Каяктагы “колхоздун” баары келет да... Азыр жакшы... Колунда барлардын гана балдары барат. Салбырап-албырап, тоодон түшкөндөрдүн балдарына кошулмак беле ,менин балдарым...”.

#95 12 December 2015 - 23:32
Сырты жалтырап, ичи калтыраган бул келинге таң калдым. Ушунчалык оюнунун тайкылыгына,
өзүн башкалардан өйдө коюп керсейген турпатына, кыргызча билбегенсип,
орусча сүйлөп, “шаардык” болуп көрүнгүсү келген мүнөзүнө... (орусча акцент менен сүйлөп жаткан.) “Ата-энесинин колунда бар-жогуна балдары күнөөлүү бекен? Анын үстүнө, адамды ал сапаттары менен эмес, башка сапаттары менен баалаш керек. Азыртан балдарды байлыкка карап бөлүнгөнгө үйрөтсөңөр,
чоңойгондо кандай адам болушаар экен?”-дедим.
Унчукпай, мени карап жалдырап калышты. (улуулугумду сыйлашты көрүнөт, буга да шүгүр...) “Тээтигил бала сеникиби?” Нарыда такылдап орусча сүйлөп, балдардын “атаманы” болуп жаткан баланы көрсөттүм. “Ооба... Эмне болду?” “Өткөндө, менин балам менен үйгө келиптир. “Атың ким? Канчадасың?
”-деп таанышкандан кийин, “улутуң ким?”-деп сурасам, “кореецмин,
”-деди го, атаңар кореец го?”-деп сынай карадым. (кыргыз экенин билчүмүн.) “Жо-ок. Кыргыз элебиз. Жалаң кореецкий кийимдерден алып берем да... Ошого эле “кореецмин” дей берет,”
#96 12 December 2015 - 23:33
,” Баласынын өнөрүн сыймыктануу менен айтып,акчаларынын көбүнөн жалаң гана корей кийимдерин кийишээрин,
жүдөп-какагандар кытайдын арзан буюмдарын колдонушаарын айтып мактанып турду...
Бала тарбиялоону көптөгөн ата-энелер жаңылыш түшүнүшөт. “ Жан дүйнөсүнүн таза болушуна, адамдарга, жаратылышка аяр мамиле кылууга төрөлгөн күндөн баштап үйрөтүү керек,”-десең, “чоңойгондо өзү түшүнүп алат,” деп кейрейип койгондор четтен чыгат. Убакыт өтүп кеткенден кийин, “Аттиң!”- деп өкүнүп калгандар толтура. Антейин десең, көптөгөн ата-эне балага туура тарбия бергенди эмес, өздөрүнүн ким экенин, өмүр бою түшүнө албай өтүп кетишет эмеспи... Туура эмес тарбия берип, балдарыбызды маңкурт, түркөй кылып коебузбу деп корком! КОРКОМ!
Аягы.автору; Н.Шаршенбаева.

#97 12 December 2015 - 23:34
КОРКОМ (эсселер түрмөгүнөн)
“Түндө жатып түш көрдүм, түшүмдө сонун иш көрдүм,”- дечү беле?! Мен да түндө түш көрдүм. Түшүмдө короздор чогулуп алышып, адамча сүйлөшүп, бир нерсени катуу талкуулап жатышыптыр. Оозумду аңырдай ачып, таңыркай жандарына барып, создөрүнө кулак төшөдүм.
-Ку-ка-ре-куу! - деп бир короз кыйкырды да, соз баштады:
-Жолдоштор! Биз да адамдардан кем калбай, бир эле мезгилде көп тоокко кожоюндук кылалы! Антпесек болбой баратат...-деп аягында мылжыйды. Аны калган короздор:
-Ооба, ооба, туура айтасыз! Биз эмне алардан кем белек?!-деп колдоп кетишти. Анда короздордун арасына аярлай баш баккан бир тоок:
-Силер бизге мыйзамсыз эле, кожоюн эмессиңерби? -деди.
-Жок,-деди анда кыйкырып жаткан короз:
-Силердин оюңарга койсок, башка короого оттоп кетесиңер темселеп, ошондуктан бир корозго баланча тоок деп мыйзамдаштырып койсок, накта кожоюн болот элек да!
Анда тоок кылыктанып:
-Сиз кызганычтан, тоокторуңуз башка корозго көз артып кетпесин деп, коркуп турасыз го. Жер тээп, курт-кумурска таап берип, балапандарыбызды мышыкка алдырып жибербей, көз болуп турсаңыз, тоокторуңуз сиздикки эмеспи?!-деди.
-Ой тобоо!-дедим мен жакамды кармап: “Биздин эркектер неге эле эки-үчтөн аял алабыз дешип кыйкырып калышат десем, эркек аттуунун баарынын кандарында бар окшобойбу?! Бирок да, эң акылдуу, сулуу падыша жаныбарларыбыздын бирден эле бүлөсү болчу беле?!”
Ошентип жатып, ойгонуп кеттим. Көл-шал тердеп, коркунуч көргөндөй калчылдап калыптырмын. Түшүм экенине сүйүнүп:
-Өөх!-деп жеңилдеп алдым.
Заман кайда баратат? Жадакалса түшүмөн да коркчу болдум. КОРКОМ!
Автору;Н.Шаршенбаева

#98 13 December 2015 - 00:24
CАГЫНЫЧ
(эссе)
Айылыма каттайм араң, айда-жылда,
Кусаланып, жүрөк толуп сагынычка...
Утурлай алдым тоскон каралдым деп,
Өзүңөр жок... Толуп турат көзүм жашка.
Айылымды көздөй жол тартып бара жаттым. Көз алдымда бала кезим ... “Ыңа-а!”- деп жарык дүйнөгө келгени ушул айылда өсүп-чоңойуп, ушул айылдан билим алгам. Турмуш жолуна ушул айылдан узагам... Ушул айылдын таптаза абасы, туптунук, тиш какшаткан тоо суусу, көк тиреген тоолору ата-энемдин бөпөлөгөн мээримине кошулуп мага өмүр бою дем-күч берип келген... Азыр болсо... Баягы, мен өсүп-чоңойгон, мен сагынган айылым, күн санап өсүп, адатынча жайдары тосуп алат... Бирок... Аттиң! Мени сагынган, менин келээр жолумду тоскон, карааныма кагылып, саат санаган силер жоксуңар... Арманым...
Айылга келе жатканымда, көбүнесе бир окуя эсиме түшө берет... Анда, силерден бөлүнүп, шаарга, өз алдымча турмуш куруп кеткен убагым. Далай убакыт өтүп, силерди көрүүгө ашыксам да, сагынычым көкүрөктү эзип турса да, айылга анда-санда гана каттап калгам. Адатымча, анча-мынча бирдемелерди көтөрүмүш этип, силерди көздөй жөнөп калдым. Автобустан түшүп, үйдү көздөй шашпай келе жаткам. Алыстан карааныңарды көрдүм. Үй алдындагы кичинекей огороддо бириң күрөк кармап, бириң чака кармап, картошка чогултуп жүрүптүрсүңөр. Негедир ошондо, жүрөгүм зырп этип алды. Колдорум өзүнөн-өзү баш ийбегендей шалдырап, буттарым тушалгандай баспай калды. Тамагым буулуп, көзүмө жаш тегерене түштү. Мени көрөөрүңөр менен жадырай түштүңөр. Жаныңарга жеткенче, көз жашымды ичиме жутуп, көзүмдөгү кусалыкты, ыза болуп турганымды жашыра мен да силерге карап жылмайдым. Өзүмдү токтоо кармап, учураштым да, үйгө кирип кеттим. Төркү бөлмөгө жашынып, бугум чыкканча өксүп-өксүп ыйлап алдым.. “Он баланы ата-эне бөпөлөп баккандай, он бала биригип ата-энени бага албайт” деген сөздүн маанисин ошондо түшүнгөм. Бизди алпештеп, чаң жугузбай багып-өстүрүп, турмуштун даңгыр жолуна узатып коюп, экөөңөр эриш-аркак болуп бизсиз калыптырсыңар. Ар кимибиз жашоо үчүн күрөш жолунда... Ар кимибиздин, эми өз балдарыбыз бар... Ар кимибиздин милдетибиз башка жолдо... Жашоо чиркин, ошондой жаралса керек...
Андан бери канча мезгил өттү... Силердин бул өмүрдө жок экениңерди билсем да, үйгө жакындай бергенимде карааныңарды издей берем. Баягыдай күлө карап, алдыман чыга калчудай, тегерек четти акмалай берем... Карааныңарды сагынып келем... Бириң күрөк кармап, бириң чака кармап, мени карап жылмайып турганыңарды...

#100 13 December 2015 - 00:33
Өмүр чиркин карматпаган азоо аттай,
Кайда шашат ала качып камчылатпай.
Кайдан келдик табышмак, кай тараптан,
Өмүр өчөт жалп эткен шам чырактай.
Өмүр эмне?токтобогон айлампабы?
Көз ирмемге аярлабай кайда шашты?
Не себептен бул өмүргө келдик дагы,
Неге кайра кетебиз жообу барбы?
Бул өмүрүң жалган болсо чыны кайда?
Неге анда кыйналабыз жалган жайда?
Бир келген биз конокпуз жер үстүнө,
Колдон келсе ойноп-күлүп алгын анда.
Жалган айтып жүрөктөрдү оорутпагын,
Ылдыйсынтып өзгө жанды басынтпагын.
Байлык,мансап ажал келсе тирөөч болбойт,
Жыпжылаңач кетээриңди унутпагын...

Супер-Инфо
super.kg
видео