БОЛДУМ КУСА...
Чыкпаган тор капастан,
Булбулдай тили каткан.
Үн-сөзсүз телмиремин,
Күн тосуп тээ чыгыштан.
Бактылуу өмүр болбойт,
Бактылуу көз ирмем бар.
Эртеңге кылып үмүт,
Жүрөгүм бакытка зар.
Жаралдым бул өмүргө,
Эмнеге түшүнбөймүн.
Жаралуу жүрөгүмө,
Жол таппай түйшөлөмүн.
Жаздагы нөшөр сымал,
Буулугуп ыйлай берем.
Көөдөнүм болуп шамал,
Көксөөмдү таппай келем.
Жылт эткен жылдыз сымал,
Кармалбай жаштык кетти.
Карекке жаш толтуруп,
Карылык күчүн септи.
Канткенде толот көңүл,
Биле албай болом ыза,
Жаз күткөн теребелдей,
Жакшы ойго болдум куса...
Нурайым Шаршенбаева эженин калемине таандык чыгармалар. ырлар жана чыгармалар.топтому.
#102 13 December 2015 - 00:35
ЖОЛДОР ТАЙГАК...
Жолдор тайгак, чуркап жүрүп энтелеп,
Күчтөн тайып, чарчадымбы эртелеп.
Бурганактуу күндөрүңдү көрсөтпө,
Балдарым жаш,турган кези эркелеп.
Балапандар канат кагып учса деп,
Балырларды кечтим далай жем издеп.
Бетке бырыш түшкөн сайын толгоном,
Бороондуу күн калган өңдүү берилеп.
Чырпыктарым айланса деп чынарга,
Түйшүк тартып болдум далай убара.
Акыбетин эмгегимдин көрөөрмүн,
Катарлашып чынарларым бой салса.
Максаттарга жеттим бекен,жетээрмин. ..
Май-көл,сүт- көл кечтим бекен,кечээрмин. ..
Дагы канча сыноолор бар ким билет,
Тагдыр сага жеңилээрмин, жеңээрмин...

#103 13 December 2015 - 00:36
БАЛАЛЫГЫМА
Сагынамын жүрөк жибим сөгүлүп,
Түшкө кирдиң саамай чачың төгүлүп.
Эстегенде болом ойдун туткуну,
Шайыр күлкүм сенде калган өңдөнүп.
Тыз-тыз этип жүрөк кетет сайышып,
Сөзүм качып, сүйлөй албай аптыгып.
Каректерге мөлтүр жашым чогулат,
Кетүүчүдөй дайра сымал агылып.
Эстен кеткис бир керемет кез белең?!
Таттуу күндөр калган белем сен менен...
Эркелетип жүрүп азыр баламды,
Кыялымда өзүм бала өңдөнөм.
Сагынамын жүрөк жибим сөгүлүп,
Түшкө кирдиң саамай чачың төгүлүп.
Эстегенде болом ойдун туткуну,
Шайыр күлкүм сенде калган өңдөнүп.
Тыз-тыз этип жүрөк кетет сайышып,
Сөзүм качып, сүйлөй албай аптыгып.
Каректерге мөлтүр жашым чогулат,
Кетүүчүдөй дайра сымал агылып.
Эстен кеткис бир керемет кез белең?!
Таттуу күндөр калган белем сен менен...
Эркелетип жүрүп азыр баламды,
Кыялымда өзүм бала өңдөнөм.
#104 13 December 2015 - 00:37
Жылдызы жанып көздүн,
Жылмайсаң жан эргиген.
Жанымды жай алдырбай,
Жашыруун жүрөк сүйгөн.
Жалооруй күлө карап,
Жазгырба түз жолумдан.
Жылгалар күзгө айланып,
Жаз кеткен коюнуман.
Алдыртан көзүң кысып,
Азгырып чакырбагын.
Ансыз да жүрөм ооруп,
Агызып көздүн жашын.
Алдаба куру бекер,
Аялуу жүрөк кылым,
Ай сымал булут жапкан,
Арманда жүргөн чагым.
Жылмайсаң жан эргиген.
Жанымды жай алдырбай,
Жашыруун жүрөк сүйгөн.
Жалооруй күлө карап,
Жазгырба түз жолумдан.
Жылгалар күзгө айланып,
Жаз кеткен коюнуман.
Алдыртан көзүң кысып,
Азгырып чакырбагын.
Ансыз да жүрөм ооруп,
Агызып көздүн жашын.
Алдаба куру бекер,
Аялуу жүрөк кылым,
Ай сымал булут жапкан,
Арманда жүргөн чагым.
#105 13 December 2015 - 00:39
Жабыркап таппай түнөк,
Жай албай курган жүрөк.
Жүдөттү жаш баладай,
Жөн кылбай ойлор күлүк.
Кыялдар кытыгылап,
Кыр-кырдан кол булгалап.
Азгырат кайда билбейм,
Качсам да жан далбастап.
Сезимим эмне болгон,
Секирип качты колдон.
Сан ойго жетеленип,
Сай-сайлап чыкты жолдон.
Жаз келип жоогазындар.
Жылына көрктөнгөндөй,
Жашаргым келип турат,
Жүрөгүм көксөөгөндөй.
Жай албай курган жүрөк.
Жүдөттү жаш баладай,
Жөн кылбай ойлор күлүк.
Кыялдар кытыгылап,
Кыр-кырдан кол булгалап.
Азгырат кайда билбейм,
Качсам да жан далбастап.
Сезимим эмне болгон,
Секирип качты колдон.
Сан ойго жетеленип,
Сай-сайлап чыкты жолдон.
Жаз келип жоогазындар.
Жылына көрктөнгөндөй,
Жашаргым келип турат,
Жүрөгүм көксөөгөндөй.
#106 13 December 2015 - 00:39
Жабыркап таппай түнөк,
Жай албай курган жүрөк.
Жүдөттү жаш баладай,
Жөн кылбай ойлор күлүк.
Кыялдар кытыгылап,
Кыр-кырдан кол булгалап.
Азгырат кайда билбейм,
Качсам да жан далбастап.
Сезимим эмне болгон,
Секирип качты колдон.
Сан ойго жетеленип,
Сай-сайлап чыкты жолдон.
Жаз келип жоогазындар.
Жылына көрктөнгөндөй,
Жашаргым келип турат,
Жүрөгүм көксөөгөндөй.
Жай албай курган жүрөк.
Жүдөттү жаш баладай,
Жөн кылбай ойлор күлүк.
Кыялдар кытыгылап,
Кыр-кырдан кол булгалап.
Азгырат кайда билбейм,
Качсам да жан далбастап.
Сезимим эмне болгон,
Секирип качты колдон.
Сан ойго жетеленип,
Сай-сайлап чыкты жолдон.
Жаз келип жоогазындар.
Жылына көрктөнгөндөй,
Жашаргым келип турат,
Жүрөгүм көксөөгөндөй.
#107 13 December 2015 - 00:42
Кечиресиздер бир ыры эки жоолу еетип калыптыр.админ мүмкүн болсо бирин өчүрүп коюнузчу
#108 13 December 2015 - 00:42
Бакта булбул,
Сайрап турган,
Келишимдүү жаз эле...
Махабатка
Биз мас болгон,
Бир ажайып кез эле...
Чогуу жүргөн
Ал күндөрүм,
Али эстен кетелек.
Сыр чечишкен,
Ант беришкен,
Ошол түндөр керемет
Андан бери
Акты далай,
Дайра сымал мезгилдер,
Бирок дале
Жашап келет,
Жалгыз сендик сезимдер...
Сайрап турган,
Келишимдүү жаз эле...
Махабатка
Биз мас болгон,
Бир ажайып кез эле...
Чогуу жүргөн
Ал күндөрүм,
Али эстен кетелек.
Сыр чечишкен,
Ант беришкен,
Ошол түндөр керемет
Андан бери
Акты далай,
Дайра сымал мезгилдер,
Бирок дале
Жашап келет,
Жалгыз сендик сезимдер...
#109 13 December 2015 - 00:44
От чачып жүрөктөргө,
Жамгырлуу айсыз түндө,
Жолукпай койсок болмок,
Жаштык кез өткөнүндө.
Байкалбай күн киргенде,
Батыштан ай тийгенде,
Баш ийбей койсок болмок,
Бактысыз сүйүүбүзгө.
Тымызын талып көздөр,
Табалбай таттуу сөздөр,
Табышпай койсок болмок,
Төккөндө күзгү нөшөр.
Капилет жолуктукпу,
Кечигип оолуктукпу,
Күзгү күн жаз сезилип,
Күтүүсүз ойгондукпу.
Суктанып келбетиңе,
Сук артып карегиңе,
Сүйүүгө башым ийип,
Сыр каттым жүрөгүмө.
Жамгырга кубандыкпы,
Жиби жок тушалдыкпы,
Жашарт деп койнубузга,
Жаз күндү чакырдыкпы.
Кызарып күн батканда,
Кош дедиң колуң суна,
Кылчактап артым карап,
Кыйылдым көз жаш ага.
Кырчын кез өткөн маалда,
Кызыгы тараганда.
Кездешпей койсок болмок,
Каректер талыганда...
Жамгырлуу айсыз түндө,
Жолукпай койсок болмок,
Жаштык кез өткөнүндө.
Байкалбай күн киргенде,
Батыштан ай тийгенде,
Баш ийбей койсок болмок,
Бактысыз сүйүүбүзгө.
Тымызын талып көздөр,
Табалбай таттуу сөздөр,
Табышпай койсок болмок,
Төккөндө күзгү нөшөр.
Капилет жолуктукпу,
Кечигип оолуктукпу,
Күзгү күн жаз сезилип,
Күтүүсүз ойгондукпу.
Суктанып келбетиңе,
Сук артып карегиңе,
Сүйүүгө башым ийип,
Сыр каттым жүрөгүмө.
Жамгырга кубандыкпы,
Жиби жок тушалдыкпы,
Жашарт деп койнубузга,
Жаз күндү чакырдыкпы.
Кызарып күн батканда,
Кош дедиң колуң суна,
Кылчактап артым карап,
Кыйылдым көз жаш ага.
Кырчын кез өткөн маалда,
Кызыгы тараганда.
Кездешпей койсок болмок,
Каректер талыганда...
#110 13 December 2015 - 00:46
Жаккым келди эмнегедир өзүңө,
Жарашыктуу көйнөк кийип көйкөлө.
Өз оюман өзүм кеттим уялып,
Карай калып сыр билгендей көзүңө.
Болбой эле жаккым келип негедир,
Сага арнап айткым келди сүйүү ыр.
Табышмактуу карашыңдан аптыгып,
Жалдырадым күрмөлүүгө келбей тил.
Жагынууга кылып далай далалат,
Канча сулуу жүрдү экен жабыркап.
Кыялымды жүрөгүмө сыр кылып,
Алып жашайм элесиңден канагат...
Жарашыктуу көйнөк кийип көйкөлө.
Өз оюман өзүм кеттим уялып,
Карай калып сыр билгендей көзүңө.
Болбой эле жаккым келип негедир,
Сага арнап айткым келди сүйүү ыр.
Табышмактуу карашыңдан аптыгып,
Жалдырадым күрмөлүүгө келбей тил.
Жагынууга кылып далай далалат,
Канча сулуу жүрдү экен жабыркап.
Кыялымды жүрөгүмө сыр кылып,
Алып жашайм элесиңден канагат...
#111 13 December 2015 - 00:48
Колум кысып кадалып карегиме,
Жолугуунун соңу келип кетээриңде.
Жанымда дагы бир аз турса экен деп,
Сагынып, куса болуп кетем неге?
Ээрдиме ээриниңе тийгизгенде,
Жоготуп эс-учумду балкып дене.
Заматта өткүн сымал мөлт-мөлт этип,
Карегиме жаш айланат айтчы неге?
Тамаша сөз ыргытып кээ бир кезде,
Жылмайып күлүп койсоң кыз-келинге.
Сыртыман сыр билгизбей турган менен,
Жүрөгүм тыз дей түшөт айтчы неге?
Жолугуунун соңу келип кетээриңде.
Жанымда дагы бир аз турса экен деп,
Сагынып, куса болуп кетем неге?
Ээрдиме ээриниңе тийгизгенде,
Жоготуп эс-учумду балкып дене.
Заматта өткүн сымал мөлт-мөлт этип,
Карегиме жаш айланат айтчы неге?
Тамаша сөз ыргытып кээ бир кезде,
Жылмайып күлүп койсоң кыз-келинге.
Сыртыман сыр билгизбей турган менен,
Жүрөгүм тыз дей түшөт айтчы неге?
#112 13 December 2015 - 00:49
Нур жүзүңдөн сүйүүнүн оту жанып,
Тайсалдайсың көздөрүңдү ала качып.
Сезимдерим сенек болуп тоңуп калган,
Көп эле кыйнабачы ойго салып.
Сүйүү эмне билемин баштан өткөн,
Жаз да болгон өмүрүмдө, жайнап көктөм.
Сүйүүнүн ууландырган даамын татып,
Жүрөгүм бырчаланып, көңүл чөккөн...
Махабатка жүрөгүм туткундалбай,
Учкум келет асмандап эркин куштай.
Кечирип кой, көңүлкошмун сезимиңе,
Сүйүүгө жана албаймын баштагыдай. ..
Тайсалдайсың көздөрүңдү ала качып.
Сезимдерим сенек болуп тоңуп калган,
Көп эле кыйнабачы ойго салып.
Сүйүү эмне билемин баштан өткөн,
Жаз да болгон өмүрүмдө, жайнап көктөм.
Сүйүүнүн ууландырган даамын татып,
Жүрөгүм бырчаланып, көңүл чөккөн...
Махабатка жүрөгүм туткундалбай,
Учкум келет асмандап эркин куштай.
Кечирип кой, көңүлкошмун сезимиңе,
Сүйүүгө жана албаймын баштагыдай. ..
#113 13 December 2015 - 00:50
Жеңеме арнап жазылган ыр.
Эстейсизби, бизге жеңе болгон күндү,
Айыл ичи жарык өчкөн ошол күнү...
Таң аткыча чырак күйүп биздин үйдө,
Эртең менен көргөм көө жүзүңүздү.
Жоолук салып башыңызга үлбүрөгөн,
Анда жапжаш кезиңиз, мөлтүрөгөн.
Байкем менен кыналышып бир басканда,
Көргөн адам суктанышып, ичтер күйгөн.
Шаардык келин аталып, бизге көнбөй,
Нан жаптыңыз, эсимде түтүн үйлөй.
Тегеренип күйгүзө албай өчкөн отту,
Эстегенде азыр дале калбайм күлбөй.
Андан бери канча мезгил калды артта,
Жапжаш жеңем болгон азыр барктуу апа.
Бирок дале сыр аяктын сыны кетпей,
Суктанамын, тык-тык басып баратканда.
Өздөштүрүп барган сайын айыл тилин,
Болдуңуз го иштерманы келиндердин.
Тилегеним чоң-апа, тайне болуп,
Толуктаңыз катарын байбиченин...
Эстейсизби, бизге жеңе болгон күндү,
Айыл ичи жарык өчкөн ошол күнү...
Таң аткыча чырак күйүп биздин үйдө,
Эртең менен көргөм көө жүзүңүздү.
Жоолук салып башыңызга үлбүрөгөн,
Анда жапжаш кезиңиз, мөлтүрөгөн.
Байкем менен кыналышып бир басканда,
Көргөн адам суктанышып, ичтер күйгөн.
Шаардык келин аталып, бизге көнбөй,
Нан жаптыңыз, эсимде түтүн үйлөй.
Тегеренип күйгүзө албай өчкөн отту,
Эстегенде азыр дале калбайм күлбөй.
Андан бери канча мезгил калды артта,
Жапжаш жеңем болгон азыр барктуу апа.
Бирок дале сыр аяктын сыны кетпей,
Суктанамын, тык-тык басып баратканда.
Өздөштүрүп барган сайын айыл тилин,
Болдуңуз го иштерманы келиндердин.
Тилегеним чоң-апа, тайне болуп,
Толуктаңыз катарын байбиченин...
#114 13 December 2015 - 00:51
Кошунанын баяны.
Эс алуу күнү, үйдө, телевизор көрүп, жалгыз отургам. Эшиктин коңгуроосу басылып калды. Сыртта ойноп жүргөн, балдарым болсо керек деген ой менен ача калсам, кошуна подъезде жашаган эже экен. Бул районго жакында эле көчүп келгендиктен, кошуналарымдын көбү менен тааныша элек элем. Сыртынан гана көрүп калганым болбосо, бул эже менен аласа-бересем жок болчу. “Эмне болду?”-дегенчелик, карап туруп калыптырмын. Оюмду түшүнгөндөй:
-Кирсем болобу?-деди жылмайып. Тайсалдай түштүм. Күтүлбөгөн конокко таңыркадым.
-Кириңиз,-дедим да, жол бошотуп, конок бөлмөгө өткөрдүм. Дивандан орун көрсөтүп, жанына отурдум.
-Мага таң калып турсаң керек?
Мен унчукпай, ийин куушуруп койдум. Эже келген жайын түшүндүрө баштады:

#115 13 December 2015 - 00:52
-Силер бул жакка көчүп келгени, сыртыңан карап, эски курбумду эстөөчү болдум. Аябай окшошпосоң да, кээ бирде баскан-турганыңды,
мүнөзүңдү окшоштура берем. Ал курбум менен көптөн бери катышпай калгам. Бирок, сагынам... Көп эстейм... Азыр кайда экенин деле билбейм. Мени эстейби, эстебейби...
Ким билет?!-деп үшкүрүнүп койду.
-Сени менен сүйлөшкүм келгени да ошондон, - деди да, менден жооп күткөндөй, карады.
Мен эмне деп жооп айтышты билбей:
-Мен, чай кое калайын... Анан шашпай сүйлөшөлү, - деп ашканага жөнөдүм. Бул эже, көбүнесе сыртта жалгыз отурчу. Колунда ар дайым мышык... Аны орустардай жакшы көрүп, эркелетсе, таң калчумун. “Мышыкты баладай эркелеткен орустар эле го десем, кыргыздарда деле бар экен,”-деп курбума айтып калаар элем.
Чай үстүндө сүйлөшүп отуруп, эже, курбусу тууралуу көп нерселерди айтып берип жатты.
-Курбумдун кыялы-ойноок баладай эле. Чогуу отурган кечелердин көркүн аччу. Бийлеп, ырдап, көздөрү ойноктоп, жигиттерибиздин эсин эки кылчу. Анда эмне, жашпыз... Күйөөмдү кызганам. Анын жолдошунун мүнөзү оор, мен андан кем калбайм. Экөөбүз тултуйуп отура беребиз. А менин күйөм курбумдай болуп, тамашөкөй, шайыр. Ыр десе ырдын, бий десе бийдин катыгын берет. Экөө тамашалашып, күлүп калышса, мен да, анын жолдошу да кызганабыз. .. Ээх! Сонун күндөр артта калыптыр да...
Эженин көздөрүнө жаш тегеренип, улуттунуп койду. Мени байкабасын дегенчелик кылдыбы, айтор, жеңинин учу менен көзүн укаламыш этти да, ойлуу отуруп калды.
-Курбум катар-катар уул-кыз төрөдү. Кээде анын уул-кызына көз артчу да болдум. Канча күтсөк да, бизге бала буйурбады. Жолдошум ичкен күнү мени жемелейт: “Ана, курбуң төрөдү... Сен анчалык жоксуңбү?! ”-деп, ичимдеги күйүтүмдү ого бетер күчөтөт. Жатып алып, ыйлайм.

#116 13 December 2015 - 00:53
. Кудайга жалбарып: “Жок дегенде, бир бала берчи,”-дейм.
Бир күнү, таң эрте, курбум үйгө жүгүрүп келиптир. “Сүйүнчү! Сонун түш көрдүм!”- деп, кубанып алыптыр. Жолдошум: “Ии, болсун, болсун...”-деп калды. “Түшүмдө апам сөйкө алып келиптир. Мага береби десем, сага берди,”-деп мени карап жылмайды. “Сөйкөнү мага бербей, сага бергени, кыз төрөйсүң го. Анын үстүнө, апам мага: “Сеники бар эмеспи,”-деп койду. Анысы, менин кызым бар эмеспи, ошону айтты окшойт,”-деп кудуңдап алыптыр. Негедир ошол маалда ал мени табалап тургандай сезилди... “Менин уул-кызым бар, а сеникичи?! ”-дегендей туюлду. Жолдошумдун: “Ырым кылып, түшүн сатып алалы, жок дегенде, мойнуна жоолук салып кой,”-дегенине көнбөй, мелтиреп отуруп алдым. Жооп да берген жокмун. Курбум, эч нерсе болбогондой чыгып кетти. Ал кеткенден кийин, ызалынып ыйлаганымчы! Аны жек көргөнүмчү! Ээх! Кийин аябай өкүндүм! Неге ошондо, курбумдун кубанычын кабыл албадым экен, ырымдап түшүн сатып алсам не?! Караниеттенип, аны неге жактырбай койдум! Бирок... Ким билет?! Тагдырым ушундай го?! Балалуу боло алган жокпуз... Жолдошум башка бүлө күтүп кетти... Азыр минтип, бир үйдү жалгыз ээлеп... Мышык кучактап отурганымды көрүп, таң калып жүрсөң керек?! Ушинтип мышык кучактабай, бала багып албайт белеңиз деерсиң....

#117 13 December 2015 - 00:54
Канча аракет кылбадым. Ал да буйруган жок. Жалгыздыкка көнгөн жаман дешет... А мен көнүп калдым. Көнбөскө чарам да жок...
Качанкы курбусун эстеп, мага келип сырын айтып отурган эжеге боорум ооруду. Кетип бара жатып, босогодон кайрылды да:
-Сенин бактың тоодой! Балдарың чоңоюп, кол арага жарап калышкан турбайбы! Бул жашоодо, баладан артык бакыт, байлык жок экенин мендейлер түшүнбөсө, көптөр сезбейт окшойт... –деди.
-Ии,-дедим, мен да, анын сөзүн улай.
-Келип туруңуз,-деп, эшикти жаптым да, негедир, бактыма көз тийбесин дегенчелик кылып, столду үч муштап, үч түкүрүп койдум....
(АЯГЫ).АВ;Н.ШАРШЕНБАЕВА

#118 13 December 2015 - 00:55
Балалыгым алыс калган курактамын,
Бала жыттап, кумарланган убактамын.
Аздыр-көптүр, жаман-жакшы жөнүн билип,
Көпөлөк кууп, жүгүргөндү унутканмын. ..
Бирок дале жүрөк бала боюнчабы?
Жылаңайлак, топ кубалап чуркасамбы?
Чачтарыма кызыл-тазыл бантик байлап,
Балам менен бакчасына бир барсамбы?
Жашырбастан бар жашымды айтып койгон,
Жүзүм бырыш, а жүрөгүм жапжаш бойдон...
Аттиң ай! Тең жарышкан мезгил менен,
Балалыгым артка кайрыш келбейт колдон.
Бала жыттап, кумарланган убактамын.
Аздыр-көптүр, жаман-жакшы жөнүн билип,
Көпөлөк кууп, жүгүргөндү унутканмын. ..
Бирок дале жүрөк бала боюнчабы?
Жылаңайлак, топ кубалап чуркасамбы?
Чачтарыма кызыл-тазыл бантик байлап,
Балам менен бакчасына бир барсамбы?
Жашырбастан бар жашымды айтып койгон,
Жүзүм бырыш, а жүрөгүм жапжаш бойдон...
Аттиң ай! Тең жарышкан мезгил менен,
Балалыгым артка кайрыш келбейт колдон.
#119 13 December 2015 - 00:56
Салам,Нооруз!
Кут ала кел жериме,
Бейкут турмуш,бакыт бергин элиме.
Аянбастан жылуулугун ырооло,
Кышы менен үшүдү го Жер Эне.
Салам,Нооруз! Аруулуктун майрамы,
Жаз күнүнүн булгалаган байрагы.
Кыргызыма ырыскыңдан чача түш,
Алгаласын келечекке кадамы.
Салам,Нооруз! Жаратылыш жандансын,
Дем-кубат бер,элим күчтөн тайбасын.
Ак эмгектин даамын татсын кубанып,
Толтура көр багбан-дыйкан кампасын.
Салам,Нооруз! Жолуң болсун байсалдуу,
Талаа-түзгө кийим кийгиз саймалуу.
Ар үй-бүлө батсын бийик бактыга,
Күткөндөргө бала бергин ыймандуу.
Салам,Нооруз! Күчтүү чыксын дабышың,
Алгалай бер токтобосун арышың.
Аруу бийик махабаттын дартын сеп,
Издешкендер журөк менен табышсын.
Салам,Нооруз! Ырлар ырдап,бий бийлеп,
Күттүк сени түндө жасап сүмөлөк.
Сагынычтуу койнубузду ачалы,
Сен да бизди чачтан сылап эркелет.
Бейкут турмуш,бакыт бергин элиме.
Аянбастан жылуулугун ырооло,
Кышы менен үшүдү го Жер Эне.
Салам,Нооруз! Аруулуктун майрамы,
Жаз күнүнүн булгалаган байрагы.
Кыргызыма ырыскыңдан чача түш,
Алгаласын келечекке кадамы.
Салам,Нооруз! Жаратылыш жандансын,
Дем-кубат бер,элим күчтөн тайбасын.
Ак эмгектин даамын татсын кубанып,
Толтура көр багбан-дыйкан кампасын.
Салам,Нооруз! Жолуң болсун байсалдуу,
Талаа-түзгө кийим кийгиз саймалуу.
Ар үй-бүлө батсын бийик бактыга,
Күткөндөргө бала бергин ыймандуу.
Салам,Нооруз! Күчтүү чыксын дабышың,
Алгалай бер токтобосун арышың.
Аруу бийик махабаттын дартын сеп,
Издешкендер журөк менен табышсын.
Салам,Нооруз! Ырлар ырдап,бий бийлеп,
Күттүк сени түндө жасап сүмөлөк.
Сагынычтуу койнубузду ачалы,
Сен да бизди чачтан сылап эркелет.
#120 13 December 2015 - 00:58
Чындык жашоо тигил дуйнө, бул өмүр-
Жалган деген ойлорубуз төгүндүр...
Чиеленген суроолорго жооп издеп,
Түйшүктөнүп, улам ойго чөмүлдүм...
Башка дене, бөлөк жүздү жамынып,
Төрөлөөрбүз балким кайра жаңырып...
Өткөн өмүр мүмкүн калып унутта,
Жер үстүнө келеттирбиз кайрылып...
Жарыкчылык жалган болсо, эмнеге,
Жалгыз басып кеткен жокпуз темселе?
Жанталашып, жанды үрөп кыйналбай,
"Өлүм ак,"-деп, кетпейбиз ал дүйнөгө?
Бул өмүрдү жалгансың деп таарынтпайм,
Ажал келсе, сен аксың деп жалынбайм.
Ыйлап келип, жүрөктөрдү ыйлатып,
Кетээрибиз айдан ачык талашпайм...
Жалган деген ойлорубуз төгүндүр...
Чиеленген суроолорго жооп издеп,
Түйшүктөнүп, улам ойго чөмүлдүм...
Башка дене, бөлөк жүздү жамынып,
Төрөлөөрбүз балким кайра жаңырып...
Өткөн өмүр мүмкүн калып унутта,
Жер үстүнө келеттирбиз кайрылып...
Жарыкчылык жалган болсо, эмнеге,
Жалгыз басып кеткен жокпуз темселе?
Жанталашып, жанды үрөп кыйналбай,
"Өлүм ак,"-деп, кетпейбиз ал дүйнөгө?
Бул өмүрдү жалгансың деп таарынтпайм,
Ажал келсе, сен аксың деп жалынбайм.
Ыйлап келип, жүрөктөрдү ыйлатып,
Кетээрибиз айдан ачык талашпайм...

Супер-Инфо
super.kg
видео