Неликтен деп,өзүмө-өзүм берип суроо,
Табалбаймын кыйналып жообун дароо.
Өзүңдү бир көрүүгө куштарланып,
Убарамын күнү-түнү издеп шылтоо.
Эмнеге деп,өзүмө-өзүм салып собол,
Билсем дагы бирикпесин биздин жолдор.
Жөргөмүштүн желесиндей чырмап алган,
Жүрөгүмдү ээлик кылган сендик ойлор.
Неликтен деп сурай берип мен өзүмдөн,
Башка жанды сүйө албаймын жүрөгүмдөн.
Тагдырыбыз бир эмесин билсем дагы,
Күнү-түнү чыкпай калдың көңүлүмдөн.
Эмнеге деп кыйнай берип мен өзүмдү,
Айыккыз оору кылдым жүрөгүмдү.
Өңүмдө жолукпасым билсем дагы,
Унуттурбай ээлеп алдың түн түшүмдү.
Нурайым Шаршенбаева эженин калемине таандык чыгармалар. ырлар жана чыгармалар.топтому.
#122 13 December 2015 - 01:00
“Ырларың абдан супсак,
Ыр жазба, салгын кулак!”
Дегенди укканымда,
Жүрөгүм турду ыйлап.
Жазба деп жаным кыйнай,
Жаш төктүм карманалбай.
Жабыркап турду денем,
Жан балам ооругандай. ..
Толтосун жүрөгүмдүн,
Түбүнөн кескен сымал.
Туңгуюк болду күнүм,
Тумандап таппай амал.
Түйшөлүп көпкө жүрдүм,
Калем сап колго албай.
Томсоро түштү көңүл,
Досунан айрылгандай. ..
Таанышкам бала күндөн,
Тааныткан дүйнө жүзүн.
Таптаза ойлор берип,
Таарынтпай сүйгөн жүзүм.
Таң күтөм ырым менен,
Туптунук ойлор терем,
Тушалбайм кечирип кой,
Тулпардай баш бербеген.
Ыр жазып сүйүү тапкам,
Ыр ырдап бала баккам.
Ыр менен төрөлгөнмүн,
Ыр менен дүйнө салам.
Ыр жазба, салгын кулак!”
Дегенди укканымда,
Жүрөгүм турду ыйлап.
Жазба деп жаным кыйнай,
Жаш төктүм карманалбай.
Жабыркап турду денем,
Жан балам ооругандай. ..
Толтосун жүрөгүмдүн,
Түбүнөн кескен сымал.
Туңгуюк болду күнүм,
Тумандап таппай амал.
Түйшөлүп көпкө жүрдүм,
Калем сап колго албай.
Томсоро түштү көңүл,
Досунан айрылгандай. ..
Таанышкам бала күндөн,
Тааныткан дүйнө жүзүн.
Таптаза ойлор берип,
Таарынтпай сүйгөн жүзүм.
Таң күтөм ырым менен,
Туптунук ойлор терем,
Тушалбайм кечирип кой,
Тулпардай баш бербеген.
Ыр жазып сүйүү тапкам,
Ыр ырдап бала баккам.
Ыр менен төрөлгөнмүн,
Ыр менен дүйнө салам.
#123 13 December 2015 - 01:01
Балкыйт денем,даамын татып махабаттын,
Ээси болдум, сен жолугуп зор бакыттын.
Өмүрүмдүн гүл жыттанган жазы өңдөнүп,
Жүрөм толкуп,ордосунда кубанычтын.
Сездирдиң таттуулугун махабаттын,
Билдим бүгүн, сен бар жашоо кызыктыгын.
Буйрук болуп жараткандан жолуктукпу?
Чыгып кетти көкүрөктө арман-муңум.
Жашоо жыргал, керемет өзүң барда,
Уксам сөзүң "сүйөм! "-деген даары жанга.
Тажабастан карап гана тургум келет,
Көздөрүңдү кумарланган махабатка....

#124 13 December 2015 - 01:02
Бул өмүрдөн кимдер гана өтпөгөн,
Жүздү жаш жууп, канча жүрөк өрттөнгөн.
Ушул бойдон тура берээр бул дүйнө,
Күз,кыш кетип, жаз да келээр көрктөнгөн. ..
Ушул өмүр болгон сындуу айлампа,
Бири келсе, бири "кош!" -деп жалганга.
Тура берээр дүйнө чиркин кебелбей,
Күбө болуп кайгы менен жыргалга...
Ар башта бар бир жаралуу, бир өлүм,
Баркын билгин, кордобогун өмүрүң.
Жашап өткөн ар бир саат, күнүңдөн,
Сыйлуу болсун сапар тартаар мүнөтүң...

#125 13 December 2015 - 01:03
Кайда калдың кумарланткан жаш чагым?
Жазым кетип, күз күнүндө турамын.
Кечээ эле ойноок, тентек кыз элем,
Бүгүн минтип тайне болгон убагым.
Кармалбастан кайда шаштың жаш чагым?
Шай кетирип тайгак жолго таштадың...
Кечээ күнү шайдоот, шайыр,курч элем,
Бүгүн неге шай оогондой чарчадым...
Мейли өткүн өтө бергин жаш чагым,
Кош дебеске амалым жок турамын.
Улгайган кез мүмкүн сендей керемет,
Мезгил болоор... Үмүт этип турамын.
Жазым кетип, күз күнүндө турамын.
Кечээ эле ойноок, тентек кыз элем,
Бүгүн минтип тайне болгон убагым.
Кармалбастан кайда шаштың жаш чагым?
Шай кетирип тайгак жолго таштадың...
Кечээ күнү шайдоот, шайыр,курч элем,
Бүгүн неге шай оогондой чарчадым...
Мейли өткүн өтө бергин жаш чагым,
Кош дебеске амалым жок турамын.
Улгайган кез мүмкүн сендей керемет,
Мезгил болоор... Үмүт этип турамын.
#126 13 December 2015 - 01:04
Башыман аста сылап,
Бактымдай күлмүң этти.
Далымдан канжар уруп,
Жүрөккө дартын септи.
Бактысыз көз жаш төгүп,
Баш ийип берет дебе,
Бактымды байласаң да,
Жан дүйнөм эркиндикте.
Жүзүмдөн аста сүйүп,
Жылуулук бергенсиди.
Жаш төгүп курганымда,
Жалт берип кекээрсинди.
Жат жаман өздөн чыккан,
Өзгөрүп далы салган,
Өрттөнүп кетет дебе,
Өжөрмүн багынбаган.
Бактымдай күлмүң этти.
Далымдан канжар уруп,
Жүрөккө дартын септи.
Бактысыз көз жаш төгүп,
Баш ийип берет дебе,
Бактымды байласаң да,
Жан дүйнөм эркиндикте.
Жүзүмдөн аста сүйүп,
Жылуулук бергенсиди.
Жаш төгүп курганымда,
Жалт берип кекээрсинди.
Жат жаман өздөн чыккан,
Өзгөрүп далы салган,
Өрттөнүп кетет дебе,
Өжөрмүн багынбаган.
#127 13 December 2015 - 01:06
Бул чыгармасына ат коё элек экен.
Адатымча кагаз-калемимди колума алып, балдар ойноочу аянтчанын четиндеги скамейкалардын биринде ойлуу отургам. Бирдеме жаза калчудай болуп, калем кармап алмай көптөн берки көнүмүшүмө айланып калган. Нарыраакта бир келин тамеки чегип отурду. Көчөдө бейкапар гана тамеки чегип отурган кыргыз келинин биринчи жолу көрүшүм. Таң кала карап койдум. Ал да менин карап отурганымды байкадыбы, айтор тамекисин өчүрдү да, жаныма басып келип, эски таанышындай:
-Кандайсың?- деп учурашып калды.
-Жакшы-дедим таң калганымды жашыра:-Өзүңүз жакшысызбы?
-Менби?!.. Мен да жакшы... Жакшы болбосо да жакшы деп коюш биздин адат да-деди да жылмайып койду. Ууртунда жылмаюу болгону менен көздөрүнүн тереңинде кандайдыр бир кайгы жашынып тургансыды.
-Отуруңуз.
Жанымды көрсөттүм.
-Рахмат-деп жаныма отурду да:-Тамеки тарткандарды жаман көрөсүңбү?- деп сурап, туурулган колдорун ушалап койду.
-Жок, ар кимдин өзүнүн иши да...-дедим жылмайып:
-Таң калганым, адатта жашынып чегишчү эле, сиз ачык эле го...
-Жашынгандай эч кимим жок. Жашынсам, жашынбасам да бирөөгө эмес өзүмө да...
Эски таанышымдай ал-акыбалымды сурап отурду да, акырында:
-Эмне жазасыңбы?-деди колумдагы калем-кагазды карап.
-Ооба, анча-мынча жаза калмайым бар...
-Жазгандарыңды жарыкка чыгарасыңбы?
-Кээде болот. Кээде кагаз беттеринде кала берет... Айтор ойго келгендерди жаза койгон жазмакерлердин биримин да- дедим күлүп.
Сөз айтпастан көпкө чейин ойлуу отурду да, эсине бир нерсе түшкөндөй мени жалт карап: -Мен сага бир окуямды айтып берейин, жазбайсыңбы? !-деди да, мени сындан өткөрө тиктеди.
Мен берген суроосуна жооп бере албай таңыркай карадым.
-Жазбасаң да мейли... Бирок мен сага айтып бергим келип турат. Угуп койсоң мүмкүн жеңилдеп калаармын...
Мейли дегендей баш ийкедим. Көпкө чейин үн-сөзсүз отуруп калдык. Бир маалда оор үшкүрдү да аңгемесин баштады:

#128 13 December 2015 - 01:07
-Кыргызстанга 90-жылдардын башында келгем.
-Кайдан?
Жаңы эле баштаган аңгемесин суроо берип бузганыма капа боло түшкөндөй болду да:
-Таджикистанда туулуп өскөм. Бирок улутум кыргыз эле.. Ал жерде кыргыз улутундагылар көп. Бир айыл бүт эле кыргыз болчубуз. Бирок сөздөрүбүздө кадимкидей эле айырма бар... Мен көп жылдар бою бул жакта жашап калганга так сүйлөп калбадымбы. .. Кыргызстанга окуйм деп келгем. Анда эмне жапжаш кезим. Чачым уппузун, өзүм супсулуу.
Жаш кези көз алдына келди бейм, жылмайып койду. Чындап бир кезде сулуу болгонун айгинелеп, көздөрү балбылдап күйүп турду.
-Азыр деле сулуу боюнча экенсиз-дедим көңүлүн көтөрө.
-Антип көңүлүмдү көтөрөм десең өз эркиң го, бирок жаш кездегидей сулуулук жок... Сен мага тоскоол болбой, сөзүмдү бузбай уксаң.
Негедир мага буйрук бере сүйлөдү.
Көңүлү калбасын деп:-Ии-деп койдум.
-Ошоол... Анда Бишкек эмес, Фрунзе эмес беле. Окуйм деп келип иштеп калдым. Жигит сүйдүм. Абдан жароокер, сүйкүмдүу эле... Сүйлөшүп жүрүп, бир жыл дегенде баш кошуп алдык. Ата-энелери мени таптакыр жактырышкан жок. Колдорунда бар, жакшы жашашкан немелер болчу.
-Сиз неге эле “өткөн чак” менен сүйлөп жатасыз?
Мени “тоскоол болбо”-дебедим беле дегендей акшыя карап койду. Бул бейтааныш аялдын менден эмне күтүп, мага неге өмүр таржымалын айтып отурганына бир чети таңыркасам, бир чети жиним келе түштү. Бирок да: “мейличи, айтаарга киши таппай жүргөн неме го”-деп унчукпай отура бердим.
-Кыргызга тиешелүү ырым-жырымдарды жасашкан жок, башыма гана ак жоолук салып койгондору болбосо... Куда болуп ата-энелерибиз бири-бирине катташмак түгүл, таанышышкан да жок. А бизге болсо баары бир болчу. Чындап бири-бирибизди сүйдүк. Кол кармашып, ойноп-күлүп гана жүрө бердик.

#129 13 December 2015 - 01:08
. Жолдошум заводдо, мен фабрикада иштейбиз. Өкмөт берген жатаканын биринде жашайбыз. Ошол кез бир сонун кез экен го... Эч кимден жардам албай, өзүбүзчө кичинекей свадьба да өткөргөнбүз.
Ошол кездеги бактым... кубанычым...
Эх! Кайра келсечи! Арманым!..
Көздөрү жашылдана түштү. Өткөн өмүрү көз алдына тартылдыбы бейм... Мен унчукпай жер тиктеп отура бердим. Чөнтөгүнөн кайрадан чылымын алып чыкты да, күйгүзүп дембе-дем соруп, “өх!”-деп үшкүрүп алды. Көпкө унчукпай отурду да, ордунан туруп кетүүгө камынды.
-Эже... Кеткени турасызбы? Аңгемеңизди аягына чыгарбайсызбы? -дедим шашып.
Жашылданган, ыза толгон көзүн жашыра:
-Мен кетейин, кечирип кой, сенин да убактыңды алдым окшойт. Сага эмне, ушунун баары кызык болуп турат дейсиңби?! Мени да жаман көрүп турат окшойсуң.

#130 13 December 2015 - 01:09
Менин жообумду күтпөй, бутун араң шилтеп, “кош” дебестен кете берди бейтааныш эже. Аркасынан узата карап: “Ичинде муңу, жүрөгүндө арманы толтура жан го”-деп аянычтуу кала бердим.
Ошол окуядан көп күндөр өтсө да, баягы эженин элеси көз алдыман кетпей койду. Көчөгө чыксам эле көрүнө калчудай тегерегимди карай берем.
Бир далай мезгил өтүп, андагы окуя бара-бара унутулуп калган кез. Кеч курун адатымча, баягы скамейкада өзүмчө кыялданып, эс алып отургам. Нарыда бирөөнүн карааны көрүндү. Баягы эже... Негедир сүйүнүп кеттим. Алыстан эле:
-Эже, саламатсызбы? !-дедим кыйкыра.
-Ии, кандайсың?! Ким экен десем, сен белең.
Бүгүн кабагы көтөрүңкү. Жакшынакай боло түшкөндөй... Кийимди да дурустап кийип алыптыр.
-Оо-уу! Эже! Жашарып алгансыз го,-дедим тийише.
-Ооба да...-күлүп койду.
-Келиңиз, отуруңуз,-жанымды көрсөттүм
-Өткөндө окуяңыздын аягына жетпей кетип калдыңыз го.. Ошондон бери көрүнбөй да калдыңыз.
-Эмне, издедиңби?
-Издебесем да... Издедим да..
Экөөбүз тең күлүп жибердик.
-Эмне жөнүндө уккуң келип жатат?
Өткөндө өзү сүйлөшкүсү келип турса, бүгүн менин эмне уккум келип турганын сураганына таң калдым.
-Билбейм,-дедим, ийнимди куушуруп:
- Өткөндө бир нерсе айтып берем деп коюп, аягына чыкпай кетип калдыңыз го... Азыр улантпайсызбы? !

#131 13 December 2015 - 01:11
Эженин кабагы кайрадан бүркөлө түштү. “Аттиң! Бекер эле эстеткен окшойм.” Өзүмдү өзүм жемелей, ыңгайсыз боло түштүм. Оюмду байкагандай:
-Сен кабатыр болбо, сенде эмне күнөө...- деди да, ичинен ойлорун топтогондой үнсүз көпкө отурду.
-Ошентип бир жылдан соң уулдуу болдук.
Ошол күнү аңгемесинин кайсы жеринен бүтүргөнү али эсинде экенине таң калдым.
-Көп өтпөй союз ыдырап, көбүбүз жумушсуз калдык. Жолдошум көпчүлүк эркектердей үйдө отуруп албай, шуулдап, кайсы жерде жумуш болсо, ошол жерде жүрөт. Эмгекчил жан эле го байкушум. Эркектен бөтөнчө жаралган, ыймандуу, сылык да, баарынан жылдызы жайнап турчу. Казакстанга каттай баштады... Ал жакта эмне кылчу, кантип акча тапчу, ишим да жок эле. Мага эмне “мейли” деп отура берчүмүн. Акча алып келсе болду. Курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн... Ичпегенди ичип, кийбегенди кийчүмүн...

#132 13 December 2015 - 01:12
Тегеректегилердин аялдары базарда, эркектери ичип көчөдө, же үйдө... Мага көз арткан аялдар толтура... “Күйөөң кыйын, сени куурчактай кылып койгон,”-дешип ачык эле суктанышыт.
Элдин көзү эле тийип кетти көрүнөт. Айтор, билбейм... Бир күнү кайрадан Казакстанга барууга даярданып калды. Ошол күнү экөөбүз болбогон жерден уруша кеттик. Аңкылдап мен сөз бербейм да... Ошондо биринчи жолу мага колу тийди.
-Эмне, сабадыбы?!
-Жок, бир чаап жиберди да... Мага ошол эле жетиштүү болчу. Көк бет элем. Тултуюп, ыйлап, отуруп алдым. Эртең менен кеткен жатып, уулунун бетинен өптү да, мага да тийишип: “Кел эми, жаным, сени да өөп коеюнчу,”-десе, баш чайкап басып кеткем. Ошондогу жоругума ушул күнгө чейин өкүнөм. Ошол күн экөөбүздүн чогуу өткөргөн жыргал жашообуздун акыркы мүнөттөрү экен.
Эже кайрадан көзүнө жаш ала, оор үшкүрүп алды.
-Ошол боюнча Казакстандан кайткан жок. Бир жумадан соң: “Бүгүн, эртең барып калам,”-деп телефон чалган.

#133 13 December 2015 - 01:13
. Андан кийин кабары чыккан жок. Азыркыдай сотка деген болсо не! Күнү күттүм, түнү күттүм... Айлар өттү, жылдар учту... Дайыны билинген жок.
-Анан эмне, издөөгө берген жоксуңарбы?
-Кантип бербей коймок элек! Кыргызстан эле эмес, Казакстан, Россия телеканалдарына чейин издөө бердик. Казакстан, Россия органдарына чейин кайрылдык. Айтор, тагдыр экен, табылбай калды... Изилдөөлөр боюнча, Казакстандын чек арасынан бери өткөн имиш... Өзүбүздөн эле жоголгон болуп чыкты. Жанында сом, тенге, рубль менен көп суммадагы акча бар имиш... Ошол акчанын айынан эле өлтүрүп коюштубу дейм...
-Үйүндөгүлөр эмне дешти?
Ойлуу отуруп калган эжени сөзгө тартыштын амалы кылып, оюма келген биринчи суроомду бери койдум.
-Эмне дешмек эле?! Менден көрүштү...

#134 13 December 2015 - 01:14
... Көрбөгөн азапты көрсөтүштү.
.. каяктагы тентип келген бирөөнү алып, ушуну көрмөк беле деген да сөздөрдү айтышты го... Мени билет деп ойлошту көрүнөт. Суракка да беришти... Айылга балам менен алып кетишти... Нансыз, суусуз, ачка сарайга камак койгон күндөрү да болду... Кайсы бирин айтайын?.. Курсактын ачына деле кайыл болуп калгам... Балам байкушум, энесинен катып нан алып келип берет, суу берет... Көздөрүн жалдыратып.
.. Байкушум... Күчүгүм ай... Азыр эстегенде өзүмө эмес, уулума жаным ачып кетет...
-Сиз ушунун баарына чыдап жүрө бердиңизби? Милицияга арыз жазбайт белеңиз!
Эже менин сөздөрүмө шылдың кыла карап, күлүп койду.
-Кайдагы арыз?! Менин датымды ким укмак эле? Ошол жердин милициясы деле, эли деле бул окуя тууралуу билишчү болуш керек. Билишкен күндө да мен байкушка ким жардам бермек эле? Мен бир жүргөн селсаякмын да!..
-Коюңузчу, каяктагыны айтпай...Туугандарыңыз бардыр... Алар эмне угушкан жок беле?
-Алар күйөөмдүн жоголгонун угушканы менен, менин кыйналганым жөнүндө, дегеле көп нерсе жөнүндө угушкан жок... Айтканда не?! Апам байкуштун эле жүрөгү оорумак...
Эже кайрадан ыйлап жиберди.

#135 13 December 2015 - 01:15
-Ыйлабаңызчы,
эже! Эми мындан кийинкиңиз жакшы болоор!
Кантип сооротушту, эмне деп айтышты билбей, кайсалай түштүм.
-Ким билет?..
Ойго батып көпкө отурдук... Баягы адатын карматып тамекисин алып чыккан жок. Тек гана жеңинин учу менен көз жашын аарчып коюп отура берди. Бир маалда мурдун шуу тарта:
-Күйөөм түшүмөн кетпей койду,-деди алысты ойлуу тиктеп.
-Кээде, жатсам маңдайымда жылмайып туруп калат. “Кандайсың, жаным? Кыйналдың го. Мени кечирчи?!”- дейт. Кээде кадимкидей сүйлөшөм. Жинди болуп баратамбы деп өзүмдөн өзүм коркуп кетчү болдум. Айлам жок... Көнүп да бүттүм... Көнбөскө айлам да жок! Өлүп өлүгүн көрбөй, тирүү болсо өзүн көрбөй... Сөөгү да көмүлбөй калгандыр... Ит-кушка жем болуп... Иий! Кудайым ай! Каяктагы сөздөрдү айтып, сенин да мазеңди алып бүттүм окшойт... Кечирип кой, суранам!
Эже бетин эки колу менен жаап алып соолуктап ыйлай баштады. Эмне деп, кантип сооротуштун айласын таппай, аны карап отура бердим. Менин да көзүмө жаш тегеренип, “Эх, жашоо!”-деп үшкүрүп койдум.

#136 13 December 2015 - 01:16
. Бир маалда ыйлап отурган эже, көздөрүнүн жашын аарчый, мага тигиле карады да:
-Менин айтайын дегеним таптакыр башка,-деди. Таптакыр эсим эки болуп, эжени үн-сөзсүз жалдырадым. Оюма ар кандай нерселер келе түштү: “Жин оорусу бар неме го...”-деп да ойлоп жибердим.
-Оюңда эмне турат, билип эле турам. Сенин ордуңда мен болсом деле ошентип ойломокмун, ”-деди мени сынай карап. “Шумдугуң кур, менин эмне ойлоп турганымды биле койдубу?!” Таң калыштуу карадым.
-Таң калба,- деди эже:
-Менин тегерегимде бир сырдуу нерсе пайда болду. “Айта берейинби?”- дегендей суроолуу карады.
-Айта бериңиз, мынча болду окуяңыздын аягына чейин угайын!
Өзүмдү токтоо кармап, эжени дагы эмнесин айтып жиберет дегендей отурдум.

#137 13 December 2015 - 01:17
-Эки айча болуп калды... Жаз жаңы келип, күн жылып калган убак. Азыр жашап турган батирге жаңы эле көчүп келгем. Үйдү актап, тазалап, терезелеримди ачып коюп, ойлонуп туруп калыптырмын.
Терезе алма-бакты карап турат... Апаппак болуп гүлдөп, сонун жыт каңылжырды жарат. Бир маалда терезеге жакын бакка бир чымчык келип конду... Мурда мындай чымчык көрбөптүрмүн.
Сага жалган мага чын... Укмуштай кооз экен. Безеленип көпкө сайрады... Мен көзүмдү албай тура бериптирмин.
Мени карап, мен үчүн сайрап жаткандай туюлду. Кадимки обондой... Менин жашоомду ырдап жаткандай...
Көзүмдөн жаш токтобой, муунум бошоп көпкө ыйладым. Ал да мени менен тең жарышып сайрай берди. Бир маалда түптүз эле ачык турган терезенин кырына учуп келип конуп калды. Ишенсең койсоң өзүң бил... Анын көздөрү мени карап тургандай...
Экөөбүздүн көздөрүбүз арбашып жаткандай көпкө тиктешип турдук... Негедир ал менен тиктешип туруп, өткөн өмүрүмдү көз алдыман өткөрүп алдым.
#138 13 December 2015 - 01:18
. Тагыраак айтканда жолдошум менен өткөргөн өмүрүмдү... Ошондон бери ошол чымчык айланып, үйдүн жанынан алыс кетпейт. Жумуштан үйгө кадимкидей шашчу болдум. Тереземди ача салып, жем-суу коюп коем. Коркпой учуп келет да, жем-суусун ичип-жеп алып, мени менен сүйлөшөт... Бири-бирибиздин тилибизди түшүнбөсөк да, жан-дүйнөбүз менен түшүнүп турганыбызды сезем.
Эже сөзүн токтото жерди тиктеп көпкө отурду да:
-Бул эмнеси?! Сен кандай ойлойсуң?-деди мага сырдуу карап... Мен эмне дешти билбей ийинимди куушурдум.
-Сен мени соо эмес деп турасың го?! .. Эмнеси болсо да, ушул чымчык пайда болгону жашоого болгон кызыгуум ойгонду... Өткөндө сага биринчи жолу жолукканда ушул окуяга көнө албай кыйналып жүргөн кезим болчу. Азыр кадимкидей көнүп калдым. Көнмөк түгүл чымчыкты өзүм издейм. Аны көргөндө көңүлүм көтөрүлө түшөт. Ал сайраса ыйлачумун... Азыр ал менен кошо обон созом... Билесиңби?! Аны жолдошум жибергендей боло берем.

#139 13 December 2015 - 01:20
А мүмкүн өзүдүр?! Өлгөндөн кийин жаны чымчыкка айлангандыр ээ? А мүмкүн чымчык жакшы кабар алып келген жарчыдыр... Жолдошум мурункудай жадырап келип калаар?!.
Эже мени табышмактуу карап жылмайды. Мен: “Коюңузчу эже, каяктагыны айтпай!”- деп баратып токтодум. Бул сөзүм менен эженин үмүтүн, жан-дүйнөсүн талкалап алмбы деп коркуп кеттим. Неси болсо да бул бейтааныш эженин жашоого болгон сүйүүсү ойгонуп, үмүтү артып турганына чын ниетим менен сүйүнүп турдум.
-Кой, - деди бир маалда: - Мен кетейин. Сенин да убактыңды алып койдум окшойт. Жакшы тур! – деди да келген тарабын көздөй бет алып жөнөп калды.
- Жакшы барыңыз, - дедим мен да артынан кыйкыра.
Эженин карааны көрүнбөй калгычакты артынан карап турдум. “Жакшы барыңыз!”- дедим ичимден дагы кайталай...
Көз алдымда чымчык менен сүйлөшүп турган эженин элеси тартыла көпкө отурдум. Чын дилимден эжеге ак жол каалап, үмүтсүз жашоо адам баласы үчүн эң кыйын экенине дагы бир ирет ишендим.
(АЯГЫ).автору; Н.Шаршенбаева

#140 13 December 2015 - 01:21
Апа-ата кечиргиле.
Кечиргиле апа-ата кызыңарды,
Убагында билбептирмин баркыңарды,
Турмуштун түйшүгүндө жүрө берип,
Туталанып өзүңөрсүз калаарымды.
Алгылыктуу бир да эмгек жаратпапмын,
Жадагалса арнап бир ыр жазбаптырмын,
Силер мени күтсөңөр жолум карап,
Жанталаштым күнүн ойлоп балдарымдын.
Күндөр болду кубанычтуу өмүрүмдө,
Түндөр өттү ый толгон жүрөгүмө,
Ыйласам да, кубансам да эң биринчи,
Силер менен сүйлөшөмүн көңүлүмдө.
Өзүңөрсүз бир бөйрөгүм бөксөргөнсүйт,
Жүзүм күлүп, а жүрөгүм түнөргөнсүйт,
Силер барда бала болгом, жаш өтсө да,
Силер менен балалыгым бир өткөнсүйт...
Автор;Н.Шаршенбаева
Кечиргиле апа-ата кызыңарды,
Убагында билбептирмин баркыңарды,
Турмуштун түйшүгүндө жүрө берип,
Туталанып өзүңөрсүз калаарымды.
Алгылыктуу бир да эмгек жаратпапмын,
Жадагалса арнап бир ыр жазбаптырмын,
Силер мени күтсөңөр жолум карап,
Жанталаштым күнүн ойлоп балдарымдын.
Күндөр болду кубанычтуу өмүрүмдө,
Түндөр өттү ый толгон жүрөгүмө,
Ыйласам да, кубансам да эң биринчи,
Силер менен сүйлөшөмүн көңүлүмдө.
Өзүңөрсүз бир бөйрөгүм бөксөргөнсүйт,
Жүзүм күлүп, а жүрөгүм түнөргөнсүйт,
Силер барда бала болгом, жаш өтсө да,
Силер менен балалыгым бир өткөнсүйт...
Автор;Н.Шаршенбаева

Супер-Инфо
super.kg
видео