МУЬАЗ ИБН ЖАБАЛ МЕДРЕСЕСИ “НУР” МҮНКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАР ҮЙҮНӨ ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ
Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу Муьаз ибн Жабал медресесинин кыздар бөлүмү Баткен шаарындагы “Нур” мүнкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө жардам көрсөттү. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык Баткен шаардагы Муьаз ибн Жабал медресесинин кыздар бөлүмүнүн мугалимдери жана студенттери шаардагы “Нур” мүнкүнчүлүгү чектелген балдар үйүндөгү 24 балага жолугуп, аларга таттууларды тапшырышып,
көңүлдөрүн алышты.
“Нур мүнкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнүнү тарбиялануучуларына ислам дини, адеп-ахлак тууралуу тарбиялык сабактар өткөрүлүп, маанайларын көтөрүүгө бар күчүбүздү жумшадык»,- дейт аталган медресенин кыздар бөүмүнүн башчысы Бүзапира Исаева.
Исламий жаңылыктар...
#301 13 December 2015 - 11:50
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#302 13 December 2015 - 11:52
БИШКЕК КАЗЫЯТЫ МЕНЕН УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНЫН МЕКТЕПТЕР АРАСЫНДАГЫ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШИ КЫЗУУ УЛАНТЫЛУУДА
Бүгүн 10-декабрда Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун №60 орто мектебинде терроризм жана экстремизмдин алдын алуу максатында “Ислам терроризмге каршы”аттуу жыйын болуп өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйынга Бишкек шаардык мусулмандар казыятынан Талант ажы Темирбаев, Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Кенжетаева Наргиза Анаркуловна, Октябрь райондук РИИБдин 10-бөлүмүнүн өкүлү Акматов Адахан Маматканович катышты.
Жыйында алгач Бишкек шаардык мусулмандар казыятынын өкүлү ислам дини тынчтыктын, ынтымактын жана бири бирине жардамдашуунун дини экендигине токтолуп, “Исламда зордук деген нерсе жок. Бул тууралуу кереметтүү Куранда ачык түрдө айтылган. Учурда мусулмандарды ар кандай жолдор менен азгырып жаткан топтор ислам менен байланышы жок. Алардын максаты исламды жаман көрсөтүү”,- деди Талант ажы Темирбаев.
Муну менен катар Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы азыркы интернет аркылуу болуп жаткан чабуулдарга кенен токтолуп, жалган азгырыктарга алданып калбоого чакырды. Ал эми Октябрь райондук РИИБдин 10-бөлүмүнүн өкүлү “Ал жакта жихад жок. Болгону кээ бир кызыктар тараптардын бизнеси”,-деди өз сөзүндө.
Октябрь районунун №60 орто мектебинде өткөрүлгөн иш чара суроо-жооп менен коштолуп, окуучулар үчүн бир топ пайдалуу жана маанилүү маалыматтар берилди

#303 13 December 2015 - 12:22
СҮЛҮКТҮНҮН БАШ ИМАМ ХАТИБИ СҮЛҮКТҮ ГУМАНИТАРДЫК ИНСТИТУТУНУН СТУДЕНТЕРИ МЕНЕН ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРДҮ
БатМУнун Сүлүктү гуманитардык- экономикалык институтунда “Исламда экстремизм жана тероризмге орун жок” темасынын алкагында тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы кабарлады.
Аталган иш чарага Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Жолдошов Муса ажы жана институттун деканы Абдибайт Байгесеков жана студенттер катышышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө бүгүнкү күндө Кыргызстанда эле эмес ааламда көйгөйлүү маселеге айланган экстремизм жана тероризмге каршы күрөшүү, алдын алуу тууралуу маектешүү болду.
Дин деген эмне? жана ислам дини экстремизм, тероризм менен байланышы жок экендиги туурасында Муса ажы Жолдошов студенттерге кеңири түшүнүк берип, исламда экстремизм жана тероризмге орун жок экендигин баса белгилеп өттү. Ошондой эле туура эмес, тыюу салынган уюмдар исламды жамынып, өздөрүнүн максатын ишке ашырууга аракет кылып жатат деди тегерек столдун алкагында Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби.

#304 13 December 2015 - 12:37
МУФТИЯТ ФИТИР-САДАКАДАН КЕЛИП ТҮШКӨН АКЧА КАРАЖАТЫН ТОЛУГУ МЕНЕН КАЙРЫМДУУЛУК ИШТЕРИНЕ ЖУМШАДЫ
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкарамалыгы кайрымдуулук иштерине өзгөчө көңүл бурат жана ар дайым кайрымдуулук иш чарасын байма-бай өткөрүп келет. Мындай маалыматты бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы журналистер менен болгон жолугушуу учурунда айтып өттү.
КМДБ 2015-жылы фитир-садака боюнча берилген жардамдарды мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана кайрымдуулук мекемелерине, фонддорго, карылар, балдар үйлөрүнө жалпысы болуп 3 124 731 миң сомдук жардамын берген. Ал эми диний окуу жайларга 4,548 698 миң сомдук жардамдар берилип, быйылкы жылы орозо-фитирден муфтиятка келип түшкөн 20 % 7, 673 429 миң сом акча каражаты толугу менен таратылып берилди.

#305 30 December 2015 - 11:01
ОшМУнун студенттеринин жатаканасында «ислам дининин баалуулуктары» аттуу иш чара өтүп, жаштарга лекциялар окулду. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйынга Ош шаарынын баш имам хатиби Рыскелди уулу Кыялбек, ОшМУнун студенттер жатаканасында жашаган окуучулар катышышты.
Иш чаранын алкагында баш имам хатиб ислам динин тазалыгы, баалуулуктары жана эң негизгиси ислам тынчтыктын, мээримдүүлүктүн дини экендигин айтып, жаштарды ар кандай терс диний агымдардан оолак болууга чакырды.
Студенттер менен болгон жолугушуунун акырында окуучулар тарабынын ар кандай суроолор берилип, Рыскелди уулу Кыялбек ар бирин жоопсуз калтырган жок.
30.12.2015
Жыйынга Ош шаарынын баш имам хатиби Рыскелди уулу Кыялбек, ОшМУнун студенттер жатаканасында жашаган окуучулар катышышты.
Иш чаранын алкагында баш имам хатиб ислам динин тазалыгы, баалуулуктары жана эң негизгиси ислам тынчтыктын, мээримдүүлүктүн дини экендигин айтып, жаштарды ар кандай терс диний агымдардан оолак болууга чакырды.
Студенттер менен болгон жолугушуунун акырында окуучулар тарабынын ар кандай суроолор берилип, Рыскелди уулу Кыялбек ар бирин жоопсуз калтырган жок.
30.12.2015
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#306 30 December 2015 - 11:01
БАТКЕН РАЙОНУНУН АПКАН АЙЫЛЫНЫН ИМАМЫ АТКАРЫЛГАН ИШТЕР БОЮНЧА ЭЛГЕ МААЛЫМАТ БЕРДИ
Баткен районуна караштуу Апкан айылынын имамы Искендер Ажибаев жергиликтүү тургундарга жыл ичинде аткарган иштери тууралуу маалымат берүү үчүн Апкан мечитинде жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы билдирди.
Баткен районунун чет жагында жайгашкан алыскы Апкан айылына 2014-жылы чет жерде эмгектенген мекендештерибиздин демөөрчүлүгү менен заманбап мечит ишке берилген. Бул жылы мечиттин айланасын оңдоо, бак-дарактарды отургузу, көрктөндүрүү жаатында бир канча иштер аткарылгандыгы бүгүнкү жыйында маалым болду. Ошондой эле элге туура диний маалыматтарды берүү, муфтияттын, облустук казыяттын жана хатибияттын буйруктарын өз убагында аткарылышы туурасында жыйындын жүрүшүндө айтылды.
“Казыяттын жана хатибияттын тапшырмасына ылайык жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тыгыз иш алып баруу жана мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле туура динди жеткирүү биздин башкы максатыбыз”, - деди Искендер Ажибаев.

#307 30 December 2015 - 11:03
КАДАМЖАЙ РАЙОНДУК ХАТИБИЯТЫ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
Бүгүн Кадамжай районунун баш имам хатиби Мирзаев Аскарали аймактагы имамдарга жыйын өткөрүп, жыл жыйынтыгын чыгарды. Бул туурасында Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйында Кадамжай районунун баш имам хатиби Мирзаев Аскарали хатибияттын жетишкендиктери жана кемчиликтери туурасында айтып, ошондой эле имамдарга мындан ары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте тыгыз кызматашууну күчөөтү тапшырмасын берди.
“Мындан ары биз имамдардын кандай деңгээлде иш алып барып жаткандыгын алардын апталык жана айлык отчетторунан биле алабыз. Бүгүнкү жыйында муфтият тарабынан иштелип чыккан отчет берүүнүн жаңы формасы имамдарга таратылып берилди. Эми ар жуманын бейшемби күнү отчетторду хатибиятка тапшыруу талап кылынды”,- дейт Мирзаев Аскарали.
Белгилей кетсек, Кадамжай райондук хатибиятына караштуу 148 мечит иштеп келет. Мечиттердин имамдарынын дээрлик көпчүлүгү аттестациядан өтүп, алар билим деңгелин жогоруулатуу курсуна катышып, атайын сертификатттарга ээ болушкан.

#308 30 December 2015 - 11:05
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНЫН БОРБОРДУК МЕЧИТИНЕ 400 МИҢ СОМГО ЗАМАНБАП КИЛЕМ САЛЫНДЫ
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы “Мураталы Жуманов” атындагы борбордук мечитине 400 миң сомго заманбап жайнамаз килем салынды. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы билдирди.
Борбордук мечитке жума намазын окуу үчүн 4 миңге жакын киши келет. Килем жергиликтүү элдин демөөрчүлүгү менен аталган мечитке салынып, жарандар үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
“Намаз окуулуучу жайдын таза болуусу зарыл болуп саналат. “Тазалык ыймандын жарымы” демекчи, шаар тургундарынын көмөгү менен 400 миң сом сарпталып, аткарылган ишибиз биз үчүн чоң жетишкендик болду”,- деди Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Кожониязов Мукадас ажы.
30.12.2015
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы “Мураталы Жуманов” атындагы борбордук мечитине 400 миң сомго заманбап жайнамаз килем салынды. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы билдирди.
Борбордук мечитке жума намазын окуу үчүн 4 миңге жакын киши келет. Килем жергиликтүү элдин демөөрчүлүгү менен аталган мечитке салынып, жарандар үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
“Намаз окуулуучу жайдын таза болуусу зарыл болуп саналат. “Тазалык ыймандын жарымы” демекчи, шаар тургундарынын көмөгү менен 400 миң сом сарпталып, аткарылган ишибиз биз үчүн чоң жетишкендик болду”,- деди Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Кожониязов Мукадас ажы.
30.12.2015
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#309 30 December 2015 - 15:22
БИШКЕК КАЗЫЯТЫНЫН “ЫЙМАН” МАДАНИЙ КОМПЛЕКСИ СТУДЕНТТЕРГЕ СТИПЕНДИЯ БЕРСЕ, КЫШЫНДА МУКТАЖДАРГА КИЙИМ-КЕЧЕ БЕРҮҮДӨ
Бишкек шаардык казыятына караштуу “Ыйман” маданий комплекси кайрымдуулук иш чараларын улантып, 9 ай бою эки ирет студенттерге атайын стипендия берди. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Казыяттын “Ыйман” маданий комплекси 500 сомдон ай сайын 40 студентке жардам иретинде стипендия берип келет. Аталган комплекстин имам хатиби Ниматулла ажы Рыскуловдун айтымында мындай кайрымдуулук иш чара былтыркы жылы уюштурулуп, 6 ай катары менен окуучуларга стипендия берилген.
Ошондой эле “Ыйман” маданий комплекси эл арасында туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, эски, кийилбей калган кийимдерди топтошуп, муктаж инсандарга таратууда.
“Биз жума намазга келген жамаатка кайрылуудабыз. Кыш мезгилинин келип калгандыгына байланыштуу көптөгөн жарандарыбыз кийим алууга чамасы жетишпейт. Андыктан жаман эмес, бүтүн эски кийим-кечектерин мечитке алып келип берсеңиздер деп суранып келүүдөбүз. Топтолуп калган кийимдерди кармабастан муктаж адамдарга таратып жатабыз. Ушул жума алтынчы жолу тараттык. Муктаж инсандарыбызга кайдыгер карабаган жарандарыбызга терең ыраазычылык билдирип кетем”,- деди “Ыйман” маданий комплексинин имам хатиби Ниматулла ажы Рыскулов.

#310 30 December 2015 - 15:23
БАТКЕН ОБЛУСУНУН КАДАМЖАЙ РАЙОНУНУН БАШ ИМАМ ХАТИБДИК КЫЗМАТЫНА МИРЗАЕВ АСКАРАЛИ ДАЙЫНДАЛДЫ
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкарасынын баш имам хатибдерине конкурс өткөрүү комиссиясынын №7 протоколдук чечимине ылайык Баткен облусунун Кадамжай районунун баш имам хатибдик кызматына Мирзаев Аскарали дайындалды.
Мындан ары Баткен облусунун Кадамжай районунун баш имам хатиби Мирзаев Аскарали аймактардагы имамдар менен тыгыз кызматташып, алардын эффективдүү иштөөсүн камсыздап, Ханафий мазхабын жайылтууда жана ар кандай туура эмес диний агымдардын алдын алууда укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкарасынын баш имам хатибдерине конкурс өткөрүү комиссиясынын №7 протоколдук чечимине ылайык Баткен облусунун Кадамжай районунун баш имам хатибдик кызматына Мирзаев Аскарали дайындалды.
Мындан ары Баткен облусунун Кадамжай районунун баш имам хатиби Мирзаев Аскарали аймактардагы имамдар менен тыгыз кызматташып, алардын эффективдүү иштөөсүн камсыздап, Ханафий мазхабын жайылтууда жана ар кандай туура эмес диний агымдардын алдын алууда укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#311 30 December 2015 - 15:27
ОШ ШААРДЫК МУСУЛМАНДАР КАЗЫЯТЫНДА ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
Ош шаардык мусулмандар казыятында шаар аймагындагы жалпы имамдардын катышуусунда жыл жыйынтыгы чыгарылды. Бул туурасында шаардык казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйынга Ош шаарынын казысынын орун басары Анасхон Ташхужаев, казыяттын иш башкармалыгынын башчысы Матиев Жанарбек, Ош шаарынын баш имам хатиби Рыскелди уулу Кыялбек, казыят кызматкерлери жана шаардагы жалпы имамдар катышышты.
Жыл жыйынтыгын чыгаруу иш чарасында Ош шаарынын казысынын орун басары Анасхон Ташхужаев жыл ичинде аткарылган иш аракеттерге токтолуп, алдыдагы аткарыла турган иш план боюнча тааныштырып өттү. Казыяттын иш башкармалыгынын башчысы Матиев Жанарбек мечиттердин документтери, эсеп кысап иштери, тазалыгы жана имамдардын жоопкерчили боюнча өз оюн ортого салды.
Мындан сырткары казыяттын мечиттер бөлүмү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкаралыгы тарбынан чыгарылган буйрукка ылайык, мечиттердин жер тилкесин казыяттын жоопкерчилигине өткөрүүнү түшүндүрүп, жыйынтыгында жер тилкеси жеке адамдын атында турган мечиттер тез аранын ичинде кайрадан каттоодон өткөрүлүүсү боюнча тапшырма берилди.
Имамдардын 2015-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалымат алышкан казыят кызматкерлери 2016-жылы күжүрмөн эмгек менен мечиттин тазалыгынан тартып, эсеп кысап боюнча кылдат иш алып баруу маселеси айтылды.

#312 30 December 2015 - 15:29
ОШ ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ «АДЕП БАШАТЫ» КООМДУК ФОНДУНУН ОШ ФИЛИАЛЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ
Бүгүн Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев «Адеп Башаты» прогрессивдүү коомдук фондунун Ош филиалынын жетекчиси Даут Абы уулун кабыл алды. Жолугушууда эки тарап Ош облусунда диний иш аракеттерди алып баруудагы тажрыйба алмашуу жана биргеликте ишке ашырылуучу иш-аракеттерди талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө Куран жарыштарын өткөрүүдө райондук баскычтагы сынактарды да өзүнчө уюштуруу, медреселер аралык тажрыйба алмашууну жеринде өткөрүү, адеп-ахлакка чакырган видеороликтерди биргеликте тартуу, коомчулук үчүн Аалымдар менен диний-илимий жыйындарды өткөрүп туруу жана жума хутбаларына чыгууда өнөктөштүктө тажрыйба бөлүшүү туурасында пландарды ортого салышты.
Эскерте кетсек, аталган иш-аракеттер боюнча атайын жобонун негизинде эки тараптуу долбоорлор иштелип чыкмакчы.

#313 30 December 2015 - 15:31
ОШ ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ ТҮРКИЯ ЭЛЧИЛИГИНИН ОШ ШААРЫНДАГЫ ДИН БАШКАРМАЛЫГЫН ЗЫЯРАТ КЫЛДЫ
Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери башкармалыгынын Ош шаарындагы жаңы ачылган өкүлчүлүгүнүн башчысы Мустафа Шанвер менен жолукту. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Эки тараптуу жолугушууда Мустафа Шанвер облус казысына диний башкармалык тарабынан аткарылып жаткан иштери менен тааныштырып, алдыдагы пландары менен ой бөлүштү. Ал эми облус казысы өкүлчүлүктүн жаңы кеңсесинин ачылышы менен куттуктап, казыяттын атынан атайын белегин тапшырып, иштерине ийгилик каалады.
Жолугушуунун соңунда Мустафа Шанвер Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уруксаты менен Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери башкармалыгынын демөөрчүлүгүндө даярдалган атайын намаз календарынын 500 даанасын Ош облустук казыяты үчүн белеке берди.

#314 30 December 2015 - 15:32
ТАЛАС ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ АТТЕСТАЦИЯГА БАРА ТУРГАН ИМАМДАРДЫН ДОКУМЕНТТЕРИН ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТКӨРДҮ
Бүгүн Талас облусунун казысы Бапиев Таалайбек ажы аттестацияга бара турган имамдардын документтерин карап чыгып, кээ бирөөлөрүн кабыл алды. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Облус казысы аттестациянын жол жоболорун көргөзүп, мыкты даярдыкта болууларын эскертти. Ошондой эле облус казысы «Али ибн Абу Толиб» ислам медресесинин жарым жылдык экзаменине катышып, студенттердин билим дэңгээли менен жеринде таанышып чыкты. Медресенин 1-2-3 курсунун студентери жалпысынан өздөрүнүн окуган предметтик Куран, хадис, фикх сабактарынан экзамен тапшырышты. Облус казысы Бапиев Таалайбек ажы «Али ибн Абу Толиб» ислам медресесинин мүдүрү Сагынбаев Медер ажыга балдарга жакшы билим берилип жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

#315 30 December 2015 - 15:38
ОШ ОБЛУСУНДА ДИН ӨКҮЛДӨРҮ СПОРТ ТАЛААСЫНДА БЕТТЕШИШТИ
Кечээ Ош шаарындагы “Нур-Спорт” спорт аянтчасында Ош облусунун мусулмандар казыяты менен КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери футбол мелдешинде беттешишти. Ош облустук казыятынын командасын казы Самидин кары Атабаев, ал эми 2-команданы КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков жетектеп, оюн кызуу жүрдү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Мелдештин жыйынтыгында жолдоштук беттеш тең чыгуу менен аяктады. Мындай иш-чараны тынымсыз өткөрүүнү пландаштырган жетекчилер, жакынкы күндөрү кышкы спорт оюндарынын түрү менен “Алай-Чыйырчык” лыжа базасында да мелдештерди уюштурууну пландашууда. Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев спорт бул-ден-соолукту чыңдоодо жана ынтымак, биримдикти бекемдөөдө аянча болуп бере алат жана Пайгамбарыбыздын (САВ) хадисинде: “Жүрөктөрүңөрдү кез-кези менен эс алдыргыла” –деп айткан. Спорт менен алек болуп туруу бул адамдын бардык кыймыл аракети н жөнгө салып, физиологиялык жактан да эс алдырат деп баса белгиледи.

#316 30 December 2015 - 15:45
ЖАЙЫЛ РАЙОНУНУН ИМАМДАРЫ МАРКУМДУ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТУУ БОЮНЧА ИШ ЖҮЗҮНДӨ КӨРСӨТҮШТҮ
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкарасы тарабынан уюштурулуп жаткан имамдардын практикалык сабагынын үчүнчү тайпасынын катышуучулары жаназа намазын окуу, маркумду кепинге алуу жана узатуу боюнча ар бири иш жүзүндө КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Кадырбердиев Абибилла ажыга көрсөтүп беришти.
КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы маркумдарды узатууда шариат көрсөткөн тартипте Жайыл районунун имамдарына дыкат түшүндүрүп, имамдар үчүн бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Сабактын катышуучулары бул иш боюнча имамдарга жакшы маалымат берилип, мындай иш чараларды бат-баттан өткөрүп туруу маанилүү экендигин айтышты.
«Кемчиликтерибиз болсо оңдойлу. Ар бирибиз туура маалыматка ээ болуп, шариат көрсөткөн тартипте аткаруубуз зарыл»,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы.

#317 30 December 2015 - 15:46
ТҮП РАЙОНУНУН МАЯК АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕЧИТ ИШКЕ БЕРИЛДИ
Кечээ Түп районуна караштуу Маяк айылында «Ихсан Хойрия» фонду тарабынан салынган жаңы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземине Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков, Каракол шаардык баш имам хатиби Талант ажы Сабриков, райондук акимчилик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышышты. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Мечиттин ачылышы айыл тургундары үчүн эң жогорку жетишкендик. Мындан кийин кары-жаш дебей мечитке байма-бай каттап, жаштарыбыз адептүүлүккө тартылып, жүрөктөрүн, жүздөрүн ыйман нуру менен нурлап, коомчулуктагы терс диний агымдардан оолак болууга чоң өбөлгө болуусуна көптөн-көп тилектешпиз, - дешет айыл аксакалдары.
Ал эми облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков экстремизм, терроризм, зордук- зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мечиттин ачылышына келишкен жергиликтүү жашоочуларды терс диний агымдардын азгырыктарынан алыс болууга чакырды.
Ал эми мечиттин ачылыш аземине келишкен жалпы коноктор өздөрүнүн куттуктоолорун айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

#318 30 December 2015 - 15:52
ЖАЛАЛ-АБАДДА ТЫЮУ САЛЫНГАН УЮМДАР БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕР ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасындагы “Имам-Махди” жума мечитинде жана Курманбек аймактык башкаруусунда жайгашкан “Эргеш ажы” мечитинде Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Мадалиев Аллаяр ажы мечит жааматына Кыргыз Республикасындагы тыюу салынып, экстремистик деп табылган 19 уюм жөнүндө маалымат берип, алардын жүргүзгөн иш аракеттери жана максаттары туура эмес экендигин эл менен болгон жолугушууларда баса белгиледи.
Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби мусулмандар бири-бири менен бир тууган экендигин айтып, улуттар арасында ынтымакты сактоого жана бири-бирине болгон кайрымдуулукту бекемдөөгө чакырды.
Маалымат: Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

#319 01 January 2016 - 19:30
БАТКЕН ОБЛУСУНДА МАВЛИД КЕЧЕСИ ӨТТҮ
Бүгүн мусулмандардын ыйык жума күнү Баткен шаарындагы “Нуьмани” атындагы борбордук мечиттинде облус казысы Султанмуратов Пазыл ажынын катышуусунда пайгамбарыбыздын (ﷺ) туулаган айына карата анын жалпы мусулман үммөтү үчүн жасагын эбегейсиз эмгектерин элге таанытуу максатында мавлид кечеси өткөрүлдү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Мавлид кечесинин катышуучуларына дин кызматкерлери пайгамбарыбыздын (ﷺ) өмүр баяны, анын жашоосундагы өзгөчөлүктөр туурасында баяндап, жарандарга пайдалуу маалыматтарды беришти.
Иш чаранын жүрүшүндө облус казысы элибизге тынчтыкты, биримдүүлүктү, ынтымакты каалап, пайгамбарыбызды (ﷺ) үлгү тутуп жашоого, ошондой эле бүгүнкү мавлид кечесинде айтылган маалыматтарды үй-бүлө, бир туугандарга жеткирип барууларын аманат кылды.
Мавлид кечесине келишкен жарандар жергиликтү жеке ишкерлер жана демөөрчүлөр тарабынан алынып келиген таттууларга ээ болушту.
Эскерте кетсек, мавлид кечеси буга чейин Баткен, Кызыл-Кыя шаарында жана облустагы диний окуу жайларда өткөрүлгөн.
01.01.2016

#320 01 January 2016 - 19:31
АБДИШҮКҮР АЖЫ НАРМАТОВ НООКАТТЫН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Бүгүн аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов Ош облусунун Ноокат районунун жергиликтүү жашоочулар менен борбордук «Тирмизи» мечитинде жолугушту.
Аталган жолугушуунун алкагында аалымдар кеңешинин төрагасы жергиликтүү жашоочуларга пайгамбарыбыздын (ﷺ) дүйнөдөн кайтышы боюнча маселе айтып, анын өрнөктүү өмүрүнөн бир катар мисалдарды келтирди. Ошондой эле улуттар аралык ынтымак, биримдик жана мамлекетибиздин тынчтыгы менен бейкуттугу үчүн көбүрөөк дуба кылып, ар кандай терс диний агымдардан оолак бололу деген пикирин билдирди.
Ал эми аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Байтейитов Тажадин ажы Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук мечитке жума окуу үчүн чогулган жамаатка коомубуздун тынчытыгы жана биримдиги, пайгамбарыбыздын (ﷺ) өмүр жолунан маселе айтып, жума намазын окуду.

Супер-Инфо
super.kg
видео