ЮМОРДУК ЫРЛАР
СҮЙОЛОГИЯ
(апама кат)
«Социология»,
«Биология»
илимдердин тармагы.
Филология – улуу илим
элге маалым ал жагы...
«Билим алсаң өмүрүңдө
көп тиет» дейт жардамы.
«Билим алып көкөлөйм» деп,
балаң канат байлады.
Жаңы илим ачтым апа
элге жагат ал дагы.
«СҮЙОЛОГИЯ» деген илим
сүйгөндөргө пайдалуу.
«Сүйология дейсиңби?» - деп
апа анча чоочуба!
Сүйология болот экен
күйсөң сүйүү отуна.
Сүйгөнүмдү көрүү үчүн
калбай барам окууга.
«Филология»,
«сүйология»
жан дүйнөмдө кошуна!
Эки коён бир атамын,
менден кетет бир эле ок.
Көп коёнго көп ок аткан,
мен эмесмин пулемот.
Адабият тилди үйрөнсөм
болуп чыгам «филолог»!
Сүйүүнү да кошо окуп
менден чыгат «сүйолог»!
Ал сулууга үйлөнгөндө
анан болом «КҮЙӨӨЛОГ»!
Катты сизге жаздым, апа,
кандай болот чечимиң?
Экөөбүздү үйлөнтүүгө
доллар жетет ЖЕТИ МИҢ...
Жыл айланып келиниңиз
терметкенде бешигин.
Мен ошондо окуй баштайм
«АТАЛОГИЯ» кесибин.
Катты сизге жаздым, апа,
макул болуп койсоңуз!
Келиниңиз болчу кызга
азыр жакын ортобуз.
Неберени жетелеген
ал да сиздин олжоңуз.
Куп жарашып калат сизге
«НЕБЕРОЛОГ» болсоңуз!
УУЗ СЕЗИМ
Кызыгы көп бала кезди өткөргөм,
Кылыктанган кыз кылыгын көп көргөм.
Секелек кыз, окуучулук куракта,
Сени сүйүп бир заматта өзгөргөм.
Сенден жүрөк сүрдөсө да титиреп,
Сага жетсем дечү элем күч үрөп.
Жагыш үчүн бир маал жууган тишимди,
Жолугарда жууп алчу элем үч ирет.
Ичке батпай сезимдерим жашыруун,
Ий, кокуй күн, анда аз да акылым.
Себеп болуп жагып калар бекем деп,
Себинчү элем апакемдин атырын!
Жоогазындай назик сезим тамырлап,
Жолугушчу күндү эскертсең маалымдап.
Он күндө бир араң жуучу башымды,
Ошол күнү жуучу элем самындап.
Жолугалы деп жазылган катыма,
Жооп алганда «Ай конгонсуп башыма».
Кийип жөнөйм туфилисин байкемдин,
Чүпөрөктү тыга салып башына.
Мектебиңден келээр маалың болгондо,
Мен турчу элем сени күтүп чоң жолдо.
Сүйүнчүмүн Күн көтөрүп алгандай,
Чооң сумкеңди маа көтөртүп койгондо!
БААРЫ СЕНИ КҮТҮШӨТ...
Кел экөөбүз баш кошолу дегенге,
Чок баскансып чоочуп турсуң сен эмне?
Сен күйөөгө чыкпай эле алтыным,
"Эр алайын"-дедиң беле же эмне?
Сага айткан сунушумду кабылда,
Койгун эркем жок деп сүйлөп жаңылба.
"Бакыт болуп үйгө келин келсе"-деп,
Баары сени күтүп жатат айылда.
Бара калсам жандап короо тарапты,
Үмүттөнүп мени жал-жал карашты.
"Келин алып келсең бизди сойгун"-деп,
Короодогу койлор маарап мага айтты.
Короодогу ноктосунан байлануу,
Мал да болсо барбы билбейм арманы.
"Калыңына мени берсең кантет?"-деп,
Карагерим кишенеди ал дагы.
Жанындагы тай торпогу жулкунат,
Ары жактан "мөө-мөө"
деген үн чыгат.
"Эне сүтүн бериш үчүн ал кыздын,
мени берип жиберчи"-
деп уй турат.
Тоюнууга тойго келген көп конок,
"Качан мага "борк-борк"
кайнап эт толот?"
Кара казан;-"Качан келип келинчек,
Качан мага тамак асат?"-деп коёт.
"Бизге ысык чайдан куюп турса"-деп,
Чыныларда жакшы тилек тиленди.
Шыпыргы да:"Курбум качан келет?"-деп
Менден сага салам айтып жиберди.
Үйгө кирсем төрдө турган жыйылып,
Жууркандардын бул суроосу күч болду.
Төшөк айтат;-"качан мени салынып?"
,
Жууркан айтат;-"качан мени жамынып?"
"Качан ойнойсуңар?
"-деди фудболду.
Карагерим, койлор дагы, уй дагы.
Казан, чыны шыпыргылар бул дагы.
Идиш аяк төшөктөр да күткөн соң,
Атам-апам айтпасам да өзүңдү,
Белгилүү да кандай күтүп турганы.
БААРДЫГЫНА КАЙЫЛМЫН
«Аркырап беттен алса алган жарың,
не пайда сулуулугу?» деп айтышкан.
Мен үчүн ал накыл сөз маанилүү эмес,
Алысмын ошол кепти мен айтыштан.
Чолпондой асманымда жанып турсаң,
Чөнтөктү иштен келсем кагып турсаң.
Унчукпай кыялыңа чыдай алам,
Уу тилдүү жылан өңдүү чагып турсаң...
Каруум жок сени менен кармашканга,
Каяша айтпайм тилди сайратсаң да.
Баарына чыдай берем сени сүйүп,
Башыма ышкыртып чай кайнатсаң да...
Колуңду башка жанга карматпастан,
Колуктум болуп дайым жандап бассаң.
Кызыгып ажарыңа жүрө берем,
Кыңк этпей так төбөмө жаңгак чаксаң.
Деп сени азырынча алдайын да,
Алганча алтынымсың,
оо чырагым!
«Алган соң катынымсың» дейт кыргызда,
Кош колдоп ушул сөзгө кошуламын.
Жубайыма кайрылуу
Эркеси элең атаңдын,
Эми сен келин аталдың.
Көп жашайм десең мен менен,
Көңүлүн тапкын апамдын.
Атамды сыйла атаңдай,
Апамды сыйла апаңдай.
Кокустан андай кылбасаң,
Калабыз үйгө бата албай.
Катаалдык болсо тоготпой,
Кайратты чыңа болоттой.
Жакшысы болсоң келиндин,
Жашообуз болот жомоктой.
Болсо да мал-мүлк саналуу,
Болсо да оокат чамалуу.
Бош өткөрбөстөн түндөрдү,
Бололу көп-көп балалуу.
Балдардын үнү угулса.
Бак-таалай үйгө жыйылса,
Балалуу үйлөр базар дейт,
“БАЗАРКОМ” болгун буюрса.
Редакторум
Окурмандар мен жөнүндө кеп кылат,
Ошолордон мына мындай сөз чыгат.
Көп кат келди “үйлөнгөн соң жаш акын
көп ыр неге жазбай калдың”- деп сурап.
Ооба, мурда бойдок кезде жыргапмын,
Далай кызга, далай жолу ыр жаздым.
Ар сөзүмдү аңдып турган жарым бар,
Азыр болсо ырларыма кылдатмын.
Жаш акындын ырын көрсөң баштагы,
Жалаң сулуу кыздар эле жазганы.
“Ал ырларды кимге жаздың”- деп күндө,
Азыр жарым суракка ала баштады.
Сулууларга ыр жаза албай каламым,
Суктансамда билмексенге саламын.
Ырларыма катуу салып тартипти,
Редакторум болуп алган аялым.
ИЗДЕЙМ СЕНИ
Издейм сени аска-зоодон,
тоолордон,
Издейм сени адыр, кыя жолдордон.
Изин суутуп издеттирген адамым,
Билбейм деги, кайда житип жоголгон?
Издейм сени дабандардан,
белдерден,
Издейм сени топ жыйылган элдерден.
Күндү санап, жолду карап көп улам,
Тажадым эх, күндө күтө бергенден!
Күттүргөнүң жанга баткан күч болду,
Жол кароодон эки көзүм «үч» болду.
Зарыктырып мени кечке күттүрбөй,
Таштап кетчи карызга алган ЖҮЗ СОМДУ!
БОЁКСУЗ ЭЛЕ СУЛУУСУҢ
Чымырканып көп кыздар,
Чырай менен күрөшөт.
Бетке сүйкөп бир айда,
Беш «кил» упа түгөтөт.
Жактырбай өз тырмагын,
Жасалмасын тагышат.
Аңкып турсун жытым деп,
Атыр «ичип» алышат.
Кыркып узун чачтарын,
Кызыл-тазыл боёшот.
Көрктүү сулуу болууга,
Көп убакыт коротот.
А сен селки боёксуз,
Өзүң эле сулуусуң.
Жоосун алып көздөрдүн,
Жоогазындай турушуң.
Жөпжөнөкөй болсоң да,
Жарык шамсың өчпөйсүң.
Кыздар шаарда көрктөнсө,
А сен, шаарды көрктөйсүң!
"Суйология" Мирлан Алтымыш уулунун ырлары
#3 27 January 2016 - 16:35
Сөз жок. Твдан көргөндө таң калдым эле. "Сүйологиясы"
өзгөчө.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#7 30 January 2016 - 12:03
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!

Супер-Инфо
super.kg
видео













