Коптогон жакшы кундорду откордук. Майрамдарда дайыма биргебиз. Мурункудай сулууларды коргондо назарыма да илбей калдым. Берметтен башкасына журок жылыбайт эле. Мен Берметти туулган кундорго, шеринелерге ала барат элем. А озун жалгыз эч жака жонотпойт элем. Жада калса курбу кыздарынын тоюна да. Бир эки таарынып журду , эч жака жонотпойсун деп. Анан кээде тойлорго жонотуп кайра озум тосуп , уйуно жеткирип келчуумун. Ушундай жакшыы кундордун биринде Бермет мага жаман кабар айтып калды. Эдил мен москвага барып келейин деп жатам- деп. Эмнеге барасын? Окуунчу? Ата энен ынадыбы?- дедим. Менин ата энем Москвада, аларды сагындым. Апам жакында 1 айга келет экен. Ошондо чогуу апам менен Москвага барып келсемби деп атам. Бат эле келип калам- деди. Сен жок мен кантем, кетпей эле койчу- дедим. Билбеейм, бул тууралуу дагы суйлошобузго деп созду башка нукка буруп кетти. Берметтин апасы келип айылда коп журуп калды. Ошондо билдим, Берметсиз жашоом сууз, убакыт отпой калганын. Келишин чыдамсыздык менен куттум. 1 жумадан сон келди. Кату сагынган экем кучагыма бекем кысып, сагынычымды таратып алдым. Чогуу киного кирдик. Ал куну мени менен кал, чогуу бололу десем ынабай койду. Домунун алдында машинада тунку бир убака чейин суйлошуп отурдук. Экообуз тен чарчаган экенбиз, отурган местабызда уктап калыпбыз. Берметтин суйлогонунон улам ойгонуп кеттим. Эдил туур, карачы тан атып калыптыр, элдер окууга кетип жатат. Менда окууга барышым керек. Аии кантип эле уктап калдык озу- деди. Мен да билбейм, ушуп калган чыгаарсын, аркадагы орундуктагы тошокту устуно жаап албапсын жок дегенде- десем. Бетимден ооп, жакшы кал, мен парага жетишишим керек деп жугуруп кирип кетти
Менин сүйүүм сага гана, Бермет!
#22 15 December 2015 - 20:29
Мен ага жипсиз байландым. Ансыз кунум кун эмес, тунум тун эмес болуп калды. Ушундай кундордун биринде ал билет алганын айтты. Менчи? Мен сен жок кантем? Сага конуп калыпмын- дедим. Менда сени сагынаам, буйруса бат эле келип калам-деди..
. Бугун танкы саат 6да Бермет учат. Анын кетип жатканы такыр жаккан жок. Москвадан башка жигит таап алсачы деп мээмди жаман ойлор курчап алды. Ошко кел, акыркы кунду чогуу откоролу десем апам жонотпой жатат, айылыма эле келчи - деди. Кечке жуук айылына бардым. Бермет экообуз айылынын башында бак бар экен. Ошол жерде копко суйлошуп отурдук. Бермет кеч кирип баратат, мен кетпейм ошко, же мени менен чогуу ошко барасын же ушул жерден кетпей суйлошуп отурасын- дедим. Ошко барганга апам ынабай жатат. Уйдо таэнем тагам да бар. Андыктан бара албайм деди. Эмне анда ушинтип эле кетип каласынбы деп айтканымда ага звонок келип калды.
#26 15 December 2015 - 21:22
#27 15 December 2015 - 22:09
Ало, ии азыр барып калам, ооба дедимго, мына баратам- деп очурду. Эдил мен кетишим керек, апамдар мени издеп жатышат экен, синдим чалды - деди. Бермееет сен тушунсон, бугун танга жуук сен учуп кетесин, качан корушобуз белгисиз, сен ушуну тушунуп атасынбы?- дедим. Ооба жаным тушунуп турам, мени да тушунчу- деди. Азыр уйуно кирип апанан сурап чык, озум кайра алып келип коем- дедим. Аии апам ынабайт, анан да кеч болуп жатса- деди. Дагы звонок келди. Мына уйго кирип кетип жатам - деп очуруп койду. Мен кетишим керек, уйго киргенден сон чалып жообун айтам- деди. Бермет мен билбейм, кыскасы апандан сурап чык- дедим. Машинаны уйунон бир аз отуп токтоттум. Бермет жугуруп кирип кетти. Жарым саат куттум. Анан тынбай чала бердим. Бир убакта трубканы алып: таенем сени уйго кирсин дейт- деди. Жинди болдунбу? Мен кантип кирем- дедим. Кир дегенде кире бербейсинби эми - деди. Кызыксынго,
ынгайсыз абалга калтырып жатасын- десем. Кирбесен анда кете бер! Мен чыкпайм- деди. Макул азыр анда, сен бери чыгып тур- дедим. Ал кулуп : машинан менен келе бер, дарбазаны ачып турам- деди. Мына сага! Жети уктап тушумо кирген эмес, Берметтин уй-булоосу менен ушинтип таанышыш. Айткандай эле Бермет дарбазаны ачып туруптур. Мен ичкери кириши кирип алып, уялып уйго киралбай турдум. Бермет колумдан кармап : бол эми кутуп калышты- деп уйун коздой басты. Уйго кирсем бары мени эле кутуп тургандай, ордунан туруп : кел балам деп учураша баштады. Бетим чымырап, денем кызып бир топ эле жаман боло туштум. Акырын учурашып торго оттум. Таятасы, таенеси, тагасы, апасы, синдиси, кичине 2 иниси бар экен.
#28 15 December 2015 - 22:40
Бермет тамакты салгыла- деп таенеси мен жакты карап: атын ким балам?- деди. Эдил- деп эле тим болдум. Тамак салынып, бары отурду. бирок Бермет жок. корсо синдиси экоо башка болмого тамактанганы кетишиптир.
же тамак жей албай, же алар менен кошулуп суйлошо албай шайым кетип отурдум. тагасы аны муну сураганча, тамака кара деп отурду. оюмда эртерээк тамактанып,
Берметти сурап алып кетиш болчу. бир кезде таенеси : Бермет кызым калпак алып кел,куйоо баланы алып калалы, таятан деле ушинтип келген, мына бактылуу эле жашап жатпайбызбы!
таш тушкон жеринде оор- деп тамашалай кулду. бетим ого бетер кызарып, тер басып чыкты. тамактанып буткучо убакыт бир убака барып калды. эже уруксат берсениз, мен Берметти алып кетейин, ошто кече уюштуруп жаткан элек. 2,3 саатта озум алып келип коем - дедим
#29 15 December 2015 - 23:28
Кой балам, кечинде бир кырсыка кабылып журбогуло- деди апасы. Ал созго таенеси да кошумчалай кетти: карангы тундо машинан менен жол журбойле койчу айланайын- деди. Озундон чондор суйлогондо же жок дей албай же кайра кайра суйлой албай тайсалдап калат экенсин. Берметке сыртка чыкчы деп смс жазып жибердим да озум чыгып машинада отуруп турдум. Бермет келген сон, жур жок дегенде центр жагыраак тушолу, кафе бардыр, кенири суйлошуп отуруп келели- дедим. Жоок апам да таенем да ынашпайт- деди. Ошентип машинада суйлошуп отуруп мен эми кетейин десем Бермет уйдогулорго кетип жатам деп кой деди. Уйго кирип: эже мен эми барайын, саат 4то келем. Озум сиздерди узатып коем - десем такыр ынашпай койду жатып эле кал саат 1 болду - деп тагасы экообузго бир болмого тошок салып берди. Берметке: бары уктаган сон машинага чык суйлошуп отурабыз деп смс жаздым. Макул деген жооп келди. Аны кутуп жатып уктап кетипмин. Ойгонуп саатты карасам 4 болуп калыптыр. Сыртка чыксам бары уйдо отурушуптур.
Ошентип тамактанып Бермет , анын апасы жана мен болуп жолго чыктык.
#33 16 December 2015 - 02:10
Жолго чыгаарда таенеси бата берип, оз ырым жырымын жасады. бары менен сылык коштошуп жолго чыктык. ар кимибиз оз оюбуз менен алекпиз. Берметтин апасы арткы орундукта отурган. а Бермет менин жанымда. Суйлошкончо баралы дейин десем апасынан тартындым. Рульду бир кол менен башкарып, экинчи колум менен Берметтин колун кармап бараттым. бат эле зуулдап аэропортко жетип келдик. жукторун машинадан тушуруп жатып, Берметке : аэропортко кирген сон кайра сыртка чык дедим. кантип чыгам, кызыксынго?
- деди. билбейм анысын, кыскасы созсуз чык-дедим. ал созубузду апасы уккан жок. анткени шыбырашып суйлошкон элек. ичкери кирсек регистрация буткону калыптыр. жукторду таразага тартып жатканда, капысынан Бермет: ии мен телефонумду машинада унутуп калтырыпмын-
деп чууркап жоноду. артынан: машинаны кулпулап койгом, ачып берейин - деп менда жонодум. чыксам Бермет кыткылыктап кулуп атыптыр: и бол , аран шылтоо таптым, эмнеге чык дедин?- деди. Бемаа, сени жакшы кором. сени сагынам, эртерээк келгин ээ? башка балдар коз артса карабагын-деп адамдарга конул бурбай эле анын эрининен ооп койдум. ошентип жаным,жашоомдун жарыгын узатып кала бердим.
#34 16 December 2015 - 02:43
Уйго барып жуунуп жатып алдым. Универге баргым келбеди. Дагы да ишенгим келбеди Берметти узатып келгениме. Кыялымда азыр уктап, туруп кеч ага жоолуга тургандай боло бердим. Мына ушундай биринин артынан бири ээрчишип, зеригичтуу кундор ото баштады. Бермет жетээри менен чалган. Номерин сактап коюп озум да кундо кечинде чалып жаттым. Кадимкидей анын жогу билинип, суйлошкум келип, сагынып баштаганда дароо чалчуумун. Телефонумдагы бирдигиме карабай. 1,2 айда кайра келем деген Берметтин кеткенине мына 3 айдан отуп жатат. Келбейсинби ?- десем ата -энемдин жанында бир аз жургум келип жатат- деди. Кийинчээрек ишке да кирип алды. Одноклассникидеги почтасына Москвадагы суротторун киргизе баштады. Класс, комментарии жайнайт эле. Аябай жиним келип, кызганып журдум. Берметке сурот киргизбе !- десем макул- деп барын очуруп койду. Суйушкондор учун алыстык жаман экен. Ортодо тушунбостукторду пайда кылып, кызгандырып,
уруштурат экен. Сагынуу, таарынуу, урушуу бары ортобузда болуп отту.
#35 16 December 2015 - 02:45
Группалаш досум уйлонуп калды. Загска чыкпай калдым. Оштон алыс айылда болгону учун кечкисине Иляз экобуз менин машинамда бардык. Иляз суйлошкон кызын кошо алып алды. Анысы курбусун ээрчитип алды. Курбусу аябай келишимдуу , сулуу кыз экен. Тортообуз ресторанга кирип бардык. Ойнодук, бийледик, жыргадык дегендей... Курбу кызы Динара эмнегедир жанымдан чыкпай , мени менен гана отурду. Барыбир эркек эмеспизби. Менда ага коз кырымды салып койдум. Убактылуу суйлошуп турам дедим. Ошол тойдон кийин ал менен телефондо суйлошуп журдум. Озу мага коп чалып, жакшы короорун билдирип койчу. Ал жонундо Бемага айтпадым. Бир куну соц.тармактардын бирине кирсем Бермет бир бала менен тушкон суротун киргизип коюптур. Аябай ачуум келип, кызгандым. Чалсам очук. Досум менен кочого чыгып аябай ичтим. Ошол суротту шылтоо кылып ичип аткан элем. Ал бала ким балким коллективидир балким тууганыдыр ал жагы менен ишим жок эле. Досум щустрыйлык кылып Динараны чакыра коюптур. Мен ага суйлошкон кызым жок дегем. Кафеде тортобуз отуруп, андан чыгып уйго жонодук. Бир болмосуно досум кызы менен кирип кетти. Бир болмосундо Динара экообуз отурдук. Мен коп ичип койгон экем, бутума туралбай мас болуп калыпмын.
#36 16 December 2015 - 04:27
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!

Супер-Инфо
super.kg
видео
















