НАРИСТЕМ
(аңгеме)
Асман булутсуз. Күн чайыттай ачык. Кол кармаша ээрчише басышкан жубайлар шаардын кооз бурчтарын кыдыра эс алып жүрүшөт. Айлананын кооздугуна чөмүлүп баратышкан экөө чымчыктын чырк эткенине улам кулак салышат. Бул кереметке чөмүлгөн:
- Талгат – деди келинчеги аны токтоткондой.
- Угуп жатам.
- Экөөбүз жашаган убакыттын ичинде эң бактылуу деп кайсыл күндү эсептейсиң?
- Сенин жаныңда ар бир мүнөт мен үчүн бакыт!
- Чын айтсаң эми.
- Чын.
- А мен үчүн… Сен эң биринчи мага сүйүүңдү айткан күн. Эсиңдеби? Сен мени «мага турмушка чык» дегенде, мен сени «көпүрөнүн четиндеги тосмого көтөрүлүп: «мен сени сүйөм!» деп айтсаң чыгам дегем.
-Ооба, жинди экенмин мен да.
-Аа-а-а, өкүнөсүңбү?
- Өкүнбөйм!
Кокус кулап кетсемчи сен кимге турмушка чыгат элең?
- Мен сенин артыңан секирип, сени жээке чыгарып, анан сага тийип алат элем.
- Мен ойлосом, сен башкага чыгып кутулат экенмин деп.
- Кутула албай жүрөм дечи! – деп Айтумар чуркаган Талгаттын артынан кубалай түштү.
Көңүлдөрү көтөрүңкү, бака-шака болуп үйгө кирип келишкен Талгат менен Айтумар кабагын түйүп отурган апасын көргөндө дым болушту. Айтор, келиндин кайненеси серп эткен кашы менен катуу жини келгенин билдирдиби,
үндөбөстөн көз карашын чекчейте аркы бөлмөгө кирди. «Чай ичиңиздер» деген Айтумарга кайнене сыналгыдан көзүн албай, керектүү нерсе көрүп жаткандай, «ары бар» дегенсип колун шилтеп койду. Анын жанында олтурган чал:
- Ичтик, кызым – деп жооп кылды.
Көңүлү зып түшкөн Айтумарды көргөн Талгат:
- Эмне болду сага? – деди.
- Билесиңби, Талгат? Биз жакында балалуу болот окшойбуз. Түшүмдө эгиз уулдарыбыз бар экен. Бирин сен, экинчисин мен көтөрүп алыпмын. Анан экөө менен сүрөткө түшүп жатыптырмын.
Сүрөтчү болсо сен экенсиң – деп айтып берип жаткан Айтумардын сөзүн ар жактан кирип келген кайненеси бөлдү:
- Түшүңдөгү бала бул капа жана кайгы. Алдыда сени ошол кайгы күтүп турат. Чай куй! Ким айтты мени ичти деп? Анан сен дагы түшүңдө эмес, баланы өңүңдө көтөр. Түшүңдөгү баланын эмне кереги бар?
- Апа эмне болуп жатасыз? – деди чыдабаган Талгат кабак-кашы түйүлө. Чай куюп жаткан Айтумар билгизбей ары карап жашын сүртүп койду.
- Эмне, чын эмеспи? Жүрө бергиле анда, түшүңөрдө бала көтөрүп, өңүңөрдө түшүңөрдү айтып. Мына, сегиз жыл болду үйүбүздө бала жок, суусуз кургап калган чөлдөй жашап келебиз.
Денеси чымырап кеткен Айтумар ордунан тура, бөлмөсүнө чуркап кетти.
- Апа сиз чайды да жөн ичирбей калдыңыз го! – деп айткан уулуна энеси акырая карап:
- Чайың менен жерге кир! – дей чыныны ыргытып жиберди.
Ыйлап отурган Айтумардын артынан келген жолдошу кучактады:
- Ыйлаба, бери карачы – деп жашын сүртөт, - бала багып алалычы.
- Апам макул болбойт.
- Көндүрөбүз,
багып алсак, баланы көрүп эрип кетер.
Башын ийкеген Айтумар макул болгондой Талгатка сөйкөндү. Бир жагынан бул тилек Айтумарга такыр ишке ашпас түш сыяктанды. Бирок, баланы эңсеген Талгат дагы тилегин аткарууга тырышты.
Убакыт өтө жубайлар сүйүнүчтүү кабарды ата-энесине айтууга даярданышты.
- Ата, апа – деп баштады Талгат, - биз документтерди камдап, жакында бала багып алган жатабыз. Көрүп келдик алакандай болгон ымыркайыбызды,
эки ай толуптур – деди ал кубанычтуу күлүмсүрөп.
Бул Талгаттын сөзүнөн кийин бир топко чейин эч ким үндөбөдү. Айтумардын гана колдорун ушалап манжаларын тырсылдатканы угулду. Кайненесинин кабагын караган келиндин эриндери титирей, көзүнө жаш толо түштү. Бир убакта кайнатасынын:
- Ооба туура кыласыңар, бала деген жакшыда – деген сөзүнөн Айтумар эс алгандай болду эле…
- Ай, чал – деди тарс жарылган кемпир кыжырлана, - ойлонуп сүйлөсөң, каяктагы жетим баланы үйгө алып келгени жатса, туура деп отурасың. Сен багасыңбы? Аның кийин жыргатпайт да, жарытпайт да!
- Биз багабыз, апа. Көрөсүз го алып келгенде жүрөгүңүздүн эрип кетерин, кийин «чоң апа» деп чуркап калгандачы… - деп жаткан Талгаттын сөзүн бөлгөн кемпир:
- Эрибейт. Ай, уйуткусу бөлөк баланы алып келип эмне кыласың? Эки кабат үйдү акчаңдын барын жумшап кимге куруп жатасың? Ошол таштандыга калтырыш үчүнбү? Өз каныңдан жаралган бала керек сага! Төрөбөйбү бул, кетир! Муну сегиз жыл жакшы эле ойсолоңдоттуң!
– деп кемпир чыгып кетти. Чал ордунан тура, келининин чекесинен өбүп, ары басты. Мелтилдеп жашы аккан Айтумар башын жерге салат. Иреңи бозоро, ага ушу менен күнү бүткөндөй сезилди. Талгат алдына олтура, Айтумардын колун өзүнө тартып келинчегин сооротту. Алар жакында жаңы үйүнө көчүшсө бир кыз, бир уул багып алышарын айтып Айтумардын нымдашкан жүзүн сүрттү. Талгаттын көкүрөгүнө башын жөлөгөн келинчеги дагы деле үмүт үзбөгөндөй кучагына бекинди.
Наристем Айдана Эрмекбаеванын чыгармасы
#2 16 December 2015 - 09:58
Бир нече күндөр өттү. Бүгүн Айтумар жумуштан келгенде, Талгат менен энеси урушуп жатканын сыртка кескин угулган сөздөрүнөн билди. «Айт!» деп жатты кайненеси улам көзүн жерге салган уулуна карап.
- Айтам апа, кийлигишпей туруңузчу? – деди Талгат ошол бойдон карегин өйдө көтөрбөстөн.
- Кантип кийлигишпейм? Сай-сөөгүмдү сыздаткан сен болсоң! Өткөндө ал келин эки жолу чалганда, «Айтумарга айтпаңыз, биринчи анализ жасаш керек» дегенсиң. Мына анализ кылдың, өзүңдүн уулуң болуп чыктыбы ыя? Бешке толгончокту атасын көрбөптүр – дегенде Айтумардын башы тегерене, денеси муздай түшүп, Талгатты жалт карады. Жанына: «Айтумар мен… азыр… түш…» - деп эси чыга келе жаткан жолдошуна:
- Жакындаба, жакындаба мага! – деп бая отура кеткен Айтумар акырын туруп эшикти ачты. – Жок, артыман барба – деди ал дагы жакындай келген Талгатты. «Баласы… Талгаттын баласы… Жалган… Баары жалган, ишене албайм!» – деди чыгып бара жаткан Айтумар ичинен, көзүнөн тегеренген жашты сүртүп. – Ушунчалык алыс…, алыс жакка кетип калсам… Демек, күнөөнүн бары менде! Мурун эле мен Талгатты, апамды алып алыскы өлкөгө барып жашасам болмок. Же азыр дагы кеч эмеспи? Кайненемдин жемелегенин укпай бала да багып алмакпыз… Жок, мен эмне деп жатам? Кыялга батып…, кыйынчылыктан кутулуунун оңой жолун издеп… Кичине балада эмне күнөө бар? Аны да ойлош керек, ага да «ата» керек! Чын эле Талгаттын уулу барбы??? Бирок, аны менен эмне ишим? Талгат мени алдады… Кайсы? Кайсы арым менен таарынам? Таарынганды ким коюптур мага?! Өзүм бала төрөп бере албасам, ким күнөөлү? – деген Айтумардын бирине-бири чырмалышкан оюн, ымыркайын колго алган жаш келин бөлдү:
- Кечиресиз эжеке! Бул турган имаратка кирип чыгышым керек. Баламды беш мүнөткө ала туруңузчу суранам. Бала менен уруксат бербейт. Үйгө да жалгыз калтыргандан корктум. Мен тез чыгам – деди. Айланасын каранган Айтумар кантип ушул жерге келип калганын байкабады. Башын ийкей ал баланы колго алды. Жаш келин тезден басты. Айтумар бейкут уктап жаткан, сүттүн жыты тарай элек наристени карап:
- Эмнеге, эмнеге кудай ушундай бир бала берип койгон жок. Бала, биздин толук бактыбыз үчүн бала жетишсиз болду. Мүмкүн..., дал ушул баланы мага бергендир?! А балким, бул наристе жаш кызга керек эместир. Ооба, ошондой! Мен барайын, үйгө барайын – деп ал ордунан тура жөнөдү. Жүзүндө жылмаю пайда болуп, басымын ылдамдатты. – Ооба дал ошондой, жаш экен, таштайын десе керек. Ооба, бул бала меники! – деп наристени өптү, кучактады… - Меники… - деди ал кайрадан мурдунун учу менен баланын жытына кумарланып. Бирок, - мен эмне кылып жатам? деген суроо аны дароо токтотту. Кайрадан ал ойдун чынжырына тутулуп, биринен-бири ала чаап жатты. Денеси титиреп, башы айланды. - Уурдабашым керек, энеси кантет? Эмне кылып жатам? Мен ууруга барамбы? - дейт ал жашын куйулта артка кайтып. Жаңыдан баягы отургучка жеткенде, ымыркайдын энеси келди. Ал рахматын айтып, кармалып калганына кечирим сурагыча Айтумар чуркап кетти. Титиреген жаны менен үйүнө эптеп жеткен Айтумар эшикти ачкан Талгаттын мойнуна асылды.
- Мени кечирчи… - деди Талгат аны кучактап, - кечирчи. Сенин алдыңда мен күнөөлүмүн, өзүң жазала. Бирок, суранам кетпечи! Издеп таба албадым, кайда жүрдүң? Таштаба мени… Сенин келгениңе сүйүнүп турам, келбейт деп корктум. Сезип жатасыңбы жүрөгүмдүн сокконун, кубанганын? !

#3 17 December 2015 - 12:14
Убакыт өтүп, күн өзүнүн огунда айлана берди. Талгат уулуна тез-тез барган соң, ал дагы атасына көнө түштү. Бирок, чоң апасы да небересин көрүүнү талап кылды. Уулу менен бир келген Мадина, бат-бат келүүнү адат кылып алды. «Мейли, - деди Айтумар, - бөлөк-бөтөн бала эмес, ал Талгаттын уулу» дейт өзүн өзү көндүргөндөй.
Билинбей жүргөн чалдын да небереси келип ойношкондо,
каткырган үнү чыгып калат. Бир гана Айтумар аларды босогодон карагансыйт.
Улам барган сайын, ал өзүн бул үйдө билинер-билинбес «көлөкө» сезчү болду. Кайненеси да келинин көзгө илбегендей ары басып бир түртүп, бери келип жөлөп өтүп жүрдү. Бул күнү да Айтумар жумуштан келгенде чоң бөлмөнү караса мурдатан үйдү караңгы тутуп, эми гана күндүн нуру түшкөндөй бардыгы кубанышат. Чоң атасын ат кылып минген бала үнү кулакка жагымдуу жаңырып турду. Айтумар аларды карай ашканага кирди. Артынан кичине бала келип:
- Сиз атамдын чоң кызысызбы? – дегенде Айтумар жылмайды.
- Келчи мага - деп ал баланы алдына алды.
- Сизге да бербей коюштубу? Мен дагы кече шоколад алып бербей койгондо ыйлагам – дейт ал Айтумардын жашка толгон көзүн көрүп. - Бирок меники бат эле ылдый түшүп кетет, сиздики тура берет экен. А мына-мына чуркап баратат - дейт кайра, көздөн аккан тамчыны көргөзө. Айтумар күлүп аны катуу кучагына кысып өөп алды. - Апам айткан, таттуу көп жесең чоң атаңа окшоп тиши жок каласың деп. Чоң атамдын канча тиши жок билесизби?
- Билбейм.
- Мен билем, жана санагам. Эч кимге айтпайсызбы? – дейт ал кулагына шыбырай, - чоң атамдын жүз эки тиши жок.
- Аии, анан чоң атаңа тишиңден бересиңби?
- Ооба, түшкөндө берем - деп кайра «чоң эжесин» күлдүрдү. Аңгыча «Одику, Одику!» деп чакырган Мадинанын үнү угулду. Ал кирип эле баласын атасына жибере, Айтумарга кайрылып сөз баштады:
- Сени кантип келгениңди да байкабай калганбыз го! Качан келдиң?
- Мен сага отчёт беришим керекпи?
- Жок, сени менен сүйлөшүп алайын деп күтүп жаткам.
- Сүйлөшсөң кел отур, босогого турса болбойт. Анан, айта бер…
- Ар бир бала өзүнүн ата-энесинин жанында өссө жакшы. Менин Одикумдун беш жылдан бери атасын көргөнү ушул. Кийин бир аз чоңоюп, эсине киргенде, «эмнеге биз атамдын үйүнө конок болуп келип-кетип жүрөбүз?» - деп сураса эмне деп жооп берем?
- Эмне, сен айткандай «кийин» бул суроого мага жооп беришиме туура келеби?
- Айтумар башка сөзгө бурбачы, түшүнбөгөн адам сыяктанып.
- Анда жакшылап түшүндүрбөйсүңбү? Мага бир нерсе кызык болуп жатат. Ушул беш жылга чейин балаңдын дайнын айтпай кайда жүрдүң?
- Мен Талгаттын үй-бүлөсү бар болсо керек деп ойлогом, бала-чака дегендей. Баласы жок экенин жакында гана билдим. Андыктан, акыбалды оордотпой, баланы да, Талгатты да кыйнабай бул үйдөн кетишиң керек. Мени туура түшүн…
- Сен кимсиң? Сен – деди дагы бир жолу ушул сөзгө басмырлай Мадинанын сөзүн бөлгөн Айтумар, - кимсиң мени бул үйдөн кетиргендей?
- Өзүң билесиң, төрөй албай жатып, башкаларга эмне жол бошотпойсуң? – дегенде, Айтумар жаактан ары бир чапты аны. Бул көрүнүштүн үстүнөн чыккан кайненеси:
- Акмак! – деп бакырды, - эмне кылганың?
Бетин кармап турган Мадина, Талгаттын киргенин байкап, андан дагы күчөй ызы-чуу түшүрө калп деле тамчы жашы көзүнөн айлана баласын дикилдете жетелеп кетип калды.
- Мадинаны көрө албай жатасыңбы? О куруп калгыр! Же өзү төрөбөйт, же элге жашоо бербейт, капкаяктан чыккан немесиң? О тентиген каракчы! – дейт кемпир тилдене келинине.
- Болдуңузчу апа! – деген Талгат Айтумарга үстүндөгүсүн кийгизип, сыртка алып кетти. Анын колун алаканына кыскан Талгат үндөбөстөн ойлуу баратты. Айтумар да оюнда «ушул жол бүтпөсө экен!» деди экөө бараткан узун жолду карап. Талгат экөө ушинтип жетелешип кете беришсе... Бир туруп Айтумар баарынан жашынгысы келди, качкысы келди, кыйкырып алгысы келди… Ким билет? Айтумар ансыз дагы ичинен кыйкырып бараткандыр, бирок, аны эмнегедир эч ким укпады…
Эртеси келинчегинин көңүлүн көтөрүүгө аракет кылган Талгат жумуштан чыгып келе жаткан Айтумарды тосуп алды. Жаңы үйлөнгөн жубайлардай алар бири-бирин сүйкүмдүү карап колтукташа басышты. Көчөдө бала көтөрүп бараткан аялдарды Айтумар мойну бурула карайт. Аңгыча анын бутуна тоголонуп туруп калган топтун артынан эки жашар кыз тамтаңдап келди. Ылдый боло Айтумар ага топту карматты. Кичинекей кыз жылмайып тобун кучактай апасына чуркагандай болду.

#4 17 December 2015 - 12:21
- Жүр, эмерек салонуна барып диван-кресло заказ кылып келели. Жаңы үйүбүзгө эртең көчөбүз, угуп жатасыңбы? – деди Талгат, баланын жылмаюусун дагы көргүсү келип кичине кыз тарапты кылчайып карап турган келинчегине.
- А? Ии…, макул – деп Айтумар башын ийкей жылмайгансынды. Эки саат өткөн соң, алар үйүнө келишти. Айтумар менен Талгаттын артынан Мадина да уулу менен жете келди. Бала адатынча атасынын мойнуна асылды. Мадина Айтумарга карап:
- Кечеги кылыгыма кечирип койгула, айрыкча сенден кечирим сурайм Айтумар. Уулум экөөбүз бул үйгө сени жүдөтүп келе бергендигибиз үчүн мени бетиме бир чапканың туура болду, башка келип сени кыйнабайм – деди кууланып, уусун чача.
- Жок, менин да кылганым туура эмес. Сени чабып колумду булгабашым керек эле – деп жооп кылган Айтумарды кайненеси:
- Сен куруп кал, кечирим сурап келген адамды ушинтип тососуңбу?
- Эч нерсе эмес апа, өзүм күнөөлүмүн - дейт андан бетер өзүнүн жасалма тээрисине кирген Мадина.
- Одику чоң атаңа бара турчу – деп баласын Талгат колунан түшүрдү. – Мадина өзүң туура чечим кабыл алыпсың, бул үйгө башка келбе. Мен эч качан баламды таштабайм, өзүм силерге барып турам. Эч нерседен кем болбой жашайсыңар, кийинчирээк балама үй алып берем. Бирок, сен башка келбе!
- Менчи? – деди Талгаттын апасы, - мен неберемди качан көрөт экенмин?
- Сиз мени менен бирге барып турасыз.
- Мен неберемдин жанымда өсүшүн каалайм.
- Болду чечим кабыл алынды.

#5 22 December 2015 - 11:26
Кутконду да,куттургонду да жаман корчу элем ушундай болуп калды ,кечирим сурайм.
- Менчи? – деди Талгаттын апасы, - мен неберемди качан көрөт экенмин?
- Сиз мени менен бирге барып турасыз.
- Мен неберемдин жанымда өсүшүн каалайм.
- Болду чечим кабыл алынды.
- Мына бардыгы сен үчүн болуп жатат, - деди кемпир Айтумарга, – алып кел чай! Тууп кыйратпасаң да, жок дегенде чайыңды берип кызмат кыл! – деген кайненесинин сөзү Айтумардын жүрөгүн барып тепти да, чимирилте салды. Кулагы түйүлүп, денеси ысып чыкты. Мадинанын гана көздөрү жандана күлүмсүрөп турду. Үйдү бир нече мүнөт жымжырт бастыбы же айланадагы ызы-чуу үнүн жоготтубу Айтумарга эчтеке угулбады. Жашы тамагына кысыла Айтумар бөлмөсүнө кирип, жакында жаңы үйгө көчөбүз деп чогултуп койгон кийимдерин ала чыгып бара жатканда, Талгат алдына отура калды:
- Айтумар, асылым менин, туура эмес ишти кылбачы, суранам. Апамдын сөзүнө көңүл бурбачы. Бүгүн-эртең өзүбүздүн үйүбүзгө көчөбүз деп турганда… Сен мени таштабайсың.
- Кечир мени Талгат, башка чыдашка алым жок, өзүм күнөөлүмүн, билем аны.
- Өтүнөм, Айтумар…
- Кыйнабачы мени Талгат! Кыйнабачы суранам. Эч качан сени менен ушунча жыл турмуш курганыма, өмүрүмдү сени менен өткөргөндүгүмө эч качан өкүнбөйм. Тескерисинче, эң бактылуу күндөрүм сени менен өттү, сенин жаныңда. Бизге бир гана бала жетишкен жок, күнөө менде. Сен дагы, мен дагы балаңдын убалына калбайлы. Мени кармаба!
- Жок, мен сени коё бере албайм. Чын эле бактылуу күндөрүң мени менен өткөн болсо, сен кетпейсиң.

#6 22 December 2015 - 11:29
Талгат, экөөбүз тең балага зар болуп келдик. Жолдошторубуз менен чогулгандачы,
бардыгы балдарын ээрчитип келишчү. А биз мемиреп, өзүбүз жоголуп калган жетим балдардай отурчубуз. Азырчы, сенин уулуң келгенде, көздөрүңдөгү кубанычты көрбөй жатат дейсиңби? «Ата» деп жүрөгүңдү элжиреткен бала сени бакытка бөлөп жатпайбы. Мен бул үйдө ашык адаммын.
- Кетпечи, Айтумар. Түшүнсөң мен сенсиз жашай албайм! – деди көзүнө жашы толгон Талгат.
- Кыйнабачы суранам… Жакшы кал… – деп эшикти ачарда Айтумарга Талгат:
- Мен сени сүйөм! – деп айтканда томолок жаштары кубалашкандай жүзүнөн ылдый акты. Айтумар ошол сүйүүдө дагы бир аз сүзгүсү келгендей карап турду. Бирок, кылгыр этип агып бараткан жаш ылдый түшкөндө бардыгы бүтө тургандай сезилип, жүрөгү буйдала түштү.
***
Жакында эле ийнин тийиштире өткөн убакыт Айтумарга оор болдубу, бир нече күн өткөн соң ал эсин жогото жыгыла кетти. Кармаганга жетише калган апасы дарыгер чакыртып, бейтапканага жеткиришти. Бул жерден дарыгер Айтумардын боюнда бар экендигин сүйүнчүлөдү. Уккан кулагына ишене албаган Айтумар бир ак халатчанды, бир апасын карап, карегинен кубанычтын жашын мелтилдетти.

#7 22 December 2015 - 11:42
Күндөр өтүүдө. Тегерек ай дагы караңгы түндөгү асманды жарык кылып, нурун чачты. Айтумардын көздөрү да, ошол ай сыяктуу. Апасы кызынын жанына отурду да:
- Сени түшүнбөйм кызым, канча айтпадым, сөзүмө көнбөдүң. Ар бир адам өзүнүн бактысы үчүн күрөшүп жашаса, сен өз колуң менен сунуп бердиң. Эмнеге Талгатка боюңда бар экендигин айтпайсың?
- Апа балада эмне күнөө? Жаңыдан атасын тапкан Одикуну, кантип Талгаттан ажыратам?
- А сенинчи, сенин балаң атасыз калган жакшыбы?
- Кантем? Мүмкүн, кудай жолдошуман алыстатып, көптөн бери самап жүргөн баланы бергендир.
- Антип кесир сүйлөбө! Турмуш бул деңизде сүзгөн кайык. Ошол адамдардын турмуш кайыгы бир жакка ооп калганда эле кудайды күнөөлөшөт. Бир кыйынчылыкты жеңсең, албетте анын артын кубаныч жолдойт.
- Мен оюмду өзгөртпөйм апа. Бул мурда эле чечилген.
- Кече сен жокто Талгат келип кеткен – деди апасы башка сөзгө өтүп, бары бир кызын көндүрө албасын билип. - Машинеңерди сатыптыр, акчасын сага таштап кетти. «Ордуна башка машина сатып алсын. Мен тандаганымды жактырбайбы дедим. Эгерде ала турган болсо, мен кошо барып жардам берейин» дейт. Байкуштун өңү кумсарып, жүдөмүш көрүндү. Сени күткөндөй көпкө отурду.
- Коюңузчу, сизге ошентип көрүнсө керек. Сиз анан, акчаны алдыңызбы?
- Албетте, алдым. Сенин кежирлене турганыңды билип, барып банкка өзүмдүн эсебиме кошуп койдум. Кийин кереги жарар. Сага болбосо, балаңа – деди апасы кайгылуу үшкүрүнө.
***
Сааттын жебелери бири-бири менен жарышкандай жылып, убакыт өтөт. Барынан дагы ийнеликтей эң ичке жебеси өзүнүн жоонурак жебелерди шаштырып алдыга тарткансыйт. Айтумардын да төрөр убактысы келип, толгоосу башталып, улам катуулады. Төрөтү оорурак келип, ал кечке жакын кыздуу болду. Бул күнү Айтумардын апасы жакын таанышы, башкы врач менен сүйлөшүп төрөт үйүнө түнөдү. Кызынын жанынан алыстагысы келбей, ал кире бериштеги диванда отурду. Бир убакта кубанычы көккө жетип сүйүнүп уктай албай жаткан апасынын жанына ак халатчан келип, аны башка кабинетке ээрчитип кетти. Эшикте болсо жаан нөшөрлөп жаап жаткан эле.
- Отуруңуз эже, сизге бир нерсе айтышым керек – деди нөөмөтчү врач көңүлсүз.

#8 22 December 2015 - 11:44
- Кызымдын акыбалы жакшыбы?- деп коркуп кеткен эненин жүрөгү тынчсыздана түшө, чекеси нымшыды.
- Кызыңыз жакшы. Бирок наристеси чарчап калды.
- Эмне… дейсиз..? – деди Айтумардын апасы чуркай келген жашты тамагына кыса. – Сиз адашып жаткандырсыз…
- Анчалык кайгырбасаңыз, кызыңыз жаш экен, дагы төрөп алат.
- Жок, бул кабарды кызым көтөрө албайт…
- Эже мындай учурлар боло берет. Суу жутуп алыңызчы, өңүңүздөн кетип баратасыз – деди врач стаканды сунуп. - Кийинкисин төрөсө эле унутулуп калат – дегенин да укпастан, өңү бозоруп аркы-терке басып, тынч ала албай, бир шундук ойлорду заматта элестете, көзү алаңдайт. Бир убакта:
- Суранам сизден – деди Айтумардын апасы ак халатчандын алдына тизелей отура калып. – Менин акыркы үмүтүм сизде, башка бир жаңы төрөгөн жаш келиндин ымыркайы менен биздин өчкөн жылдызыбызды алмаштырып…, алмаштырып коюңузчу… - дегенде сырттагы шамал жаанга аралаша катууладыбы, терезе даңк эттире экиге бөлүнө ачыла түштү. Жүрөгү зирилдеген врач барып терезени бекем жапты. Кадам шилтегенге алы келбеген Айтумардын апасы сүйрөлө врачка жетти: - Ө-тү-нөм… сизден, эмне десеңиз да аткарам, суранам сизден…
- Жок, жок. Андай мүмкүн эмес – деп ак халатчан көзүн алайта, ары жылды.
- Менин кызым көпкө чейин балалуу болбой күйөөсүнөн ажырап калды. Эми…, жок, жок… Кызым жашоодон үмүт үзүп коюшу мүмкүн… Кызым… - деп сүйлөмдөрү аягына чыкпай калтырайт.
- Антпеңиз эже, бул кылмышка жатат.
- Эч ким билбейт, сиз айтпасаңыз, эчким билбейт.
- Мен буга бара албайм…
- Анда кызым өмүрүн берсе, мен бул жерде…
- Жаман ойдо болбоңуз – деди врач сөзүн бөлө, башка нерсени угуудан коркуп. Анын үстүнө шамал дагы көз жашын төккөн асман менен жарышкандай терезени баягыдан катуу түрткөнсүйт…

#9 22 December 2015 - 11:45
Күн өтүп үйүнө колундагы наристеси менен келишкен Айтумардын башынан арча айлантып апасы ырым-жырымын жасады. Ушул убакытты Айтумар өмүр бою күткөн. Үйгө наристе кучактап киргенин канча жолу элестеткен эле…
-Билесизби апа? – деди Айтумар креслого жөлөнө отуруп, - Мен ушунчалык бактылуумун. Ушул кичинемди көрүп бакытка чөмүлүп турам, сезип жатасызбы апа?
- Ооба, кызым.
- Байкуш мени менен бирге жаткан жаш келиндин баласы чарчап калыптыр. Күйөөсү келгенде экөө бирин-бири кучактай ыйлап жиберишти. Ушунчалык жүрөгүм аларды көрүп сыгылып кетти, апа. Кокус, менин… Жок. Менин наристем, менин жанымда… Карасаңыз апа, кандай таттуу уктап жатат. Көздөрү, мурду Талгаттыкына окшош экен – деп кучагына кызын катуурак кыскансыды.
- Оо, кудай! Кечир! Кечир мени! – деп ичинен сыздаган апасы майда жаандын тамчысындай жашын ээгинен ылдый кулатты.
- Сизге эмне болду? Эмнеге ыйлап жатасыз?
- Бул бакыттын жашы кызым. Сен, кичинебиз, барыбыз биргебиз, андан артык эмне бар?!
- Ооба, биз бактылуубуз! – деп Айтумар наристени ортого ала апасын кучактады…
Аягы

#10 22 December 2015 - 18:30
Автор Талгаттын тагдыры эмне болду ошондо
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#11 22 December 2015 - 22:47
уландысын дагы жазса жакшы болмок. Жакшы чыгарма экен эле
Шамалга каршы барууга мүмкүн, бирок бакытка эмес. Шамал көп жолу кайталанып келет, бирок бул жашоодо бакыт бир гана жолу берилет
#15 27 December 2015 - 22:47
Аллахым баардык пендене перзент бере кор! Кыска нуска жакшы чыгарма экен. Калеминиз курчуй берсин

Супер-Инфо
super.kg
видео